Мээрим Сайдилкан: Балдарга жыныстык тарбия берүү...

  • 08.02.2021
  • 5028

Мазмуну:

Балдарга жыныстык тарбия берүүнүн зарылчылыгы

Жыныстык тарбия берүүнүн пайдалары

Баланын курагына жараша тарбия берүү

Наристе курактагы балдардын ата-энелерине нуска

Жаш балдардагы мастурбация

Балага жыныстык тарбия берүүдө ата-эненин орду

Балдарда сексуалдык өсүш

Жыныстык өсүүдөгү айрым түшүнүктөр

Бала төрөлгөн күндөн баштап биологиялык (бой узаруусу, эттениши), физикалык (кыймыл-аракети), эмоционалдык (сезимдери, руханий дүйнөсү) жактан күндөн күнгө өсө баштайт.  Ал  3 жашынан баштап  эркек же кыз экендигин айырмалай алат.

Балага ата-энеси тарбия бербесе,  алар досторунан, эротикалык тасмалардан, интернеттен, кыял дүйнөсүнөн үйрөнөт.

Жыныстык тарбия берүүнүн пайдалары

Жыныстык тарбияны берүүдө ата-эне баласынын жашына жараша жеткиликтүү, жөнөкөй тил менен так, ачык түшүндүрүшү абзел.

Бул тарбия балдарды жаштайынан дене мүчөлөрүндөгү, эмоционалдык сезимдериндеги өзгөчөлүктөрүн ачык айтууга үйрөтүүгө жол ачат. Алар жынысына карап кемсинбеши, өздөрүнө ишениши керектигин түшүнөт. Балдар сексуалдык зомбулук, ВИЧ/СПИД тууралуу маалыматтарды убагында алуулары зарыл. Башка бирөө денесине уруксатсыз тийүүгө болбостугун, өзүн коргой билүүнү, ар бир адам баалуу, ыйык экендигин, көз караштары дал келбей калса урмат көрсөтүүнү жаштайынан үйрөнүүсү учурдун талабы.

Балага жыныстык тарбия берүү, сүйүү, урмат, ишеним, жакшы көрүү сезимдерине, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнө, өз жынысынын өзгөчөлүгүн кабыл алууга,  өз денесин сүйүүгө, жынысына ылайыктуу сапаттарга эгедер болуусуна өбөлгө болот. Ата-энесинен ачык, айкын маалымат алган бала, досторунун же дагы башка адамдардын азгырык сөздөрүнө алданбайт. Коомубузда азыткы-маңкурт-педофил адамдардын айынан канчалаган наристелердин, өспүрүмдөрдүн жашоосу муңга айланууда. Билинбей калганы дагы канча. Ар кандай коркутуулардан улам ата-энесине айталбай күн кечирген он гүлүнүн бири ачыла элек дагы канчалаган кенже, өспүрүм, жетилген курактагы кордолгондор бар?!

Баланын  курагына жараша тарбия берүү

Белгилүү психолог Зигмунд Фрейд өспүрүм балдарды тарбиялоо боюнча изилдеп жатып, балага төрөлгөн күндөн баштап жыныстык  тарбия берүү керектигине токтолгон. Ал балага жыныстык тарбия берүүнү 5 этапка бөлгөн. Мен балдарга жыныстык тарбия берүүнү Зигмунд Фрейд менен психолог Эриксондун методдорун эске алуу менен 3 этапта кароого аракет кылдым.  

  1. Наристе  курак (0-6 жаш)

Бала төрөлгөн күндөн баштап эненин курсагына жаткырылып, эненин жылуу демин, денесин, кучагын сезет. Анын алгачкы кыймылы эненин эмчегин эмүү. Ал бир жери ооруп жаткандыгын ыйлап, кубангандыгын жылмайып билдирет. Наристе күндөн-күнгө бат өсөт.   Баланын муктаждыктары туура, жеткиликтүү берилгенде, анын ишеним сезими өнүгө баштайт.  Тиштери чыгып, туалет (тазалык) тарбиясын үйрөнүп калган наристе өзүнүн кыз же эркек экендигин дал ушул курагында билет. Кээ бир эркек балдар апасына абдан жакын болсо, кыздар атасына жакын болушат. Бул көрүнүштү  психолог Зигмунд Фрейд “Эдип комплекси жана Электр комплекси” атаган. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%AD%D0%B4%D0%B8%D0%BF%D0%BE%D0%B2_%D0%BA%D0%BE%D0%BC%D0%BF%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%81

https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%BE%D0%BC%D0%BF%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%81_%D0%AD%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%80%D1%8B

Баса, белгилей кетчү жагдай, көпчүлүк учурда наристелер өздөрүн жынысына карап айырмалай албаган кезде деле жогорку аң-сезимдин күчү аркылуу өздөрүнө ылайыктуу оюнчуктарды тандай билишет. Кыргыз коомчулугунда  машина ойногусу келген кызды  же куурчак ойногусу келген эркек баланы басым менен өз жынысына жараша оюнчук ойношу керектигин айтуудан жадашпайт. Бул баланын өз алдынча таанып билүү, чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүнүн өсүүсүнө тоскоол болот.

3-6 жаштагы бөбөктөргө жыныстык тарбияны бала суроо берген убакта гана суроосуна жеткиликтүү жооп бергенге аракет кылуу абзел. Аларды тазалыкка, өздөрүнүн жыныс мүчөлөрүнүн аталышын жана ал мүчөлөрүнүн аталышын көрүнгөн жерде айта бербөө керектигине, жынысындагы айырмачылыктарды билүүгө үйрөтүү жетиштүү.

Наристе курактагы балдардын  ата-энелерине  кеңеш

Эгер балаңыз жыныс мүчөсүн кармап ойноп жатканын баамдап калсаңыз, шылдыңдабай, урушпай, күлбөй туура мамиле кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүз. Бул курак балдардын түрдүү суроолору жамгырдай жаайт турган курак болуп эсептелет. Балаңыз алгач ата-эне мүчөлөрүнөн кимисине суроо берсе, дал ошол адам жооп бериши шарт. Атасына же апасына түртө салуу, балада көптөгөн суроолорго, түшүнбөстүктөргө жол ачат. Балаңызды эркелетип жатканда жыныстык мүчөлөрүнө тийбегенге, өппөгөнгө аракет кылыңыз. Бул жер балага гана таандык, ыйык жер экендигин билүүсү керек. Ар бир ата-эне баласы ыңгайсыз суроо берген учурда, аларды кунт коюп угуп, туура жеткиликтүү түшүндүргөнгө аракет кылуусу зарыл. Балаңызга жетиштүү жооп бере албашыңыз же жооп бербей коюшуңуз, баланын эч кимге ишенбөө сезимин ойготот.

  1. жаштагы балдардын  ата-энелери дуушар болгон суроолорго жооп издейли.

1. - Апа, эжем эмнеге олтуруп “чиш”  кылбайт?

- Уулум, сен эркексиң, эжең кыз. Экөөңдүн денең эки башка. Жараткан сени эркек, эжеңди кыз кылып жараткан. Кыздар олтуруп, эркектер туруп заара кылышат (сийишет).

- Эмне үчүн эжемдин чөчөсү жок, меники бар?

- Эжеңдин дагы өзүнө ылайыктуу  жыныс мүчөсү бар. Ал эркектерде, кыздарда  ар кандай болот.

- Жараткан деген ким?

- Жер жүзүндөгү бардык жандуу-жансыздарды жараткан Зат. Биз аны көрбөйбүз, бирок ал бизди көрөт. Силер, менин бактыма берилген эң баалуу жансыңар.

2. -  Мени кантип жараткан?

- Уулум, сен менин ичимде  абдан корголуп, чоң сүйүү менен жаралгансың.

- Ичиңизге кантип кирдим?

- Атаң экөөбүз бир бирибизди жакшы көрүп, сүйгөндө сен ичиме кирип кеткенсиң.

- Сиздин ичиңизде кантип жашадым?

- Менин ичимде сени коргогон жылуу тон  бар. Сен анын ичинде апаңдын ырдаганын, сага айткан жомогун угуп, таттуу тамактарды жеп, сени менен кошо пайда болгон таза сууда сүзүп чоңойдуң. Биз атаң экөөбүз абдан сүйүнүп,  сени абдан күттүк.

- Анда киндигиңизден кантип чыктым?

- Сен чыккан жер абдан чоюлчаак болот, сен “апаңдын ичин чыгамын деп тепкилей баштаганыңда”  сен бата тургандай чоюлат.

3. - Эмнеге атамдын “мамасы” (эмчеги) жок?

- Мен аялмын, атаң эркек. Аялдар балдарын жакшы тойгозуу үчүн эмчегинде сүтү болот.

Кенже курак (6-12 жаш )

Бул жаштагы балдарга жыныстык тарбия берип жатканда ата-эне балдарынын суроолорун күтпөөсү керек. Баласынын өсүшүнө жараша маалымат берүүгө аракет кылуу зарыл. Бул учурда балдары менен көп маектешип, алардын ойлорун, кыялдарын, коркууларын угуп, туура багыт бергенге ар бир ата-эне жоопкер. Кыздарга этек кир, балдардын түшүндө эрендиги (сперма) агып калуусу тууралуу маалымат берүү кажет. Өспүрүм куракка келгенинде денесинде көптөгөн өзгөрүүлөрдү табийгый көрүнүш катары кабылдоосуна жардам берүү ата-эненин бирден бир милдети.

Өспүрүм  (12-18 жаш)

Өспүрүм курактагы балдарга дене мүчөлөрүнүн өзгөрүүсүн туура кабыл алууга жардам берүү менен гигиеналык тазалыкты үйрөтүү абзел. Кенже курактагы балдар ар бир нерсеге кызыгып, баарысын билгиси келишет. Ал эми өспүрүм курагындагы балдар уккандарын жасаганды жактырышат. Ошондуктан, туура эмес жыныстык мамилелерден сактанышы тууралуу кеңири маалымат берүү зарыл. Бул учур чөйрөсүндөгү адамдардын же досторунун ар кандай туура эмес сунуштарынан баш тартканды үйрөнгөн, өз денесине жана башка бирөөгө урмат, сый көрсөтө билүү сыяктуу адамдык сыпаттар калыптанган учур. 

Жаш балдардагы мастурбация

Сексуалдык саламаттык тарбиясын берүү түздөн-түз ата-эненин жоопкерчилигинде. Эгер ата-эне бул тууралуу маалыматы жок болсо окугандан, изилденгенден жадабашы керек. Балдарынын суроолоруна жооп бере албаса, атайын адистен, психологдон кеңеш алгандын уяты жок.

Жаш балдарда мастурбация баланын өсүшүндөгү табийгый көрүнүш. Мастурбацияны бир гана өспүрүм курактагы балдар кылышпайт. Ал бала 4-5 жашка келип калганда күтүлбөгөн жерден пайда болгон процесс. Бул жаштарда балдарыңызды спорттук көнүгүүлөрдү жасаганга, бийлегенге, балдарга арналган коомдук иш-чараларга катыштырсаңыз, баланын ар тараптан өсүшүнө өбөлгө болосуз.

Жаш балдардагы мастурбация, кээде кандайдыр бир нерседен сезгенип кычышуу башталганда тырманып жатып өнөкөткө айландырып алуудан башталат. Ал учурда бала жаздыгын (балышын) эки бутунун ортосуна салып уктоону адатка айландырат.

Балдардын жыныс мүчөсү менен ойноону токтотуу үчүн алардын жыныс мүчөсүн тынымсыз жууп, эмне себептен кычышып жаткандыгынын себебин табуу керек. Уйкусу жок баланы кыстап уктатуунун кереги жок.

Балдарыңыздын ыңгайсыз суроолорун укмаксанга салбай, кийинкиге калтырбай, окшош суроолорду берип жатса да жеткиликтүү жооп бериңиз. Анткени, бала ар бир учурда жоопту ар түрдүү кабыл алат. 

Балага жыныстык тарбия берүүдө ата-энени орду

Ата-эне балдарынын биологиялык, физикалык, руханий өсүшүнө түздөн-түз жоопкер. Балага кандай гана тема болбосун жеткиликтүү билим берүү – ата-эненин милдети. Балдардын мээсинде үйдүн улууларынын жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам кандайдыр бир түшүнбөстүк жаралуусуна бөгөт коё билүүлөрү зарыл. Баланын кыял дүйнөсү сынбашы абзел. Балага тарбия берүүдөн мурда ата-эне өзү тарбиялуу болушу шарт. Тамак ичүү, кийинүү, сүйлөө этикаларына көңүл буруп, баланын көзүнчө терс көрүнүштөрдү жасабаңыз.

  • Эч качан үйдө жылаңач жүрбөңүз.
  • Балаңызды жакшы көргөнүңүздү айтыңыз.
  • Кучактаңыз.
  • Күнүгө убакыт бөлүңүз, сүйлөшүңүз.
  • Эмне ойлонуп жатканын, эмнеге кызыгарын сурап туруңуз. Баланын ою саат сайын өсүп турат. Ар бир саатта ар түрдүү кыялдарын айтат. Түрдүү сезимдерде жашайт.
  • Ар бир жасаган жакшы ишине (идиш жууса, оюнчугун жыйнаса) ыраазы болгонуңузду айтыңыз.
  • Жасай албаган ишине мажбурлабаңыз. Кыялын сындырып алуудан абайлаңыз.
  • Чогуу эс алууну унутпаңыздар. Тоого, таза абага чыгыңыздар.
  • Эч качан балаңызды коркутпаңыз.
  • Жамандабаңыз.
  • Балаңыз кандайдыр бир суроо берип жатса, аны баласынтпаңыз, жооп бериңиз.
  • Дайыма ата-энеси жанында болгонун сезе алган бала өзүнө ишенимдүү чоңоёт.

Кыргыз коомчулугунда балага “жыныстык тарбия берүү” темасы такыр эле уят делген темалардын бирине айланып калган. Ал тургай балдардын ата-энеси да балдарына бул темада маалымат берүүдөн уялышат. Бирок “Мен кандай ата-энемин?, Балама жеткиликтүү тарбия берип жатамынбы?” деп өздөрүнө-өздөрү суроо берип, соцтармактан баланы тарбиялоо боюнча кеңештерди сурап жазгандар, өздөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылган жаш ата-энелер жок эмес. Изилденген ата-энелер сөзсүз түрдө кетирген каталарын оңдоп,  балдарына ар тараптуу мыкты тарбия бергенге аракет кылышат.

Келечекте өз орду, өз үнү бар мыкты атуулду тарбиялоо – ата-эненин милдети.

Учурда заманбап үй-бүлөлөр бул темада балдары менен ачык сүйлөшсө, салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө каада-салтыбызга, үрп-адатыбызга туура келбейт деп, балдары менен жыныстык тарбия туралуу сөз козгошпойт. Ошондон улам бул теманы, досторунун арасында гана талкуулашууда.

Балдарда сексуалдык жашоого кызыгуу жаш кезинен башталат. Сексуалдык сезимдер жана тенденциялар баланын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Адатта, үч жаштагы балдар суроолору, жүрүм-туруму менен сексуалдык маселелерге кызыгуусун билдирет. Үч жашка келгенде кыз эркек айырмачылыгын сезип, суроо бере башташат. Дал ушул жашта балдар “айчыламаш, ата-апа”оюндарын ойной башташат. Бала оюн аркылуу дүйнөнү, башка адамдарды, айлана-чөйрөнү жана өзүн тааныйт. Өзүн таануу учурунда денесиндеги айырмачылыкты сезет. Ал оюн ойноп жаткан учурда өз денесин кабыл алганды үйрөнөт.

Кээ бир талкууларда балдарга жыныстык тарбия берүү балдардын психологиясын буза тургандыгы тууралуу ойлор айтылууда. Эгер жыныстык тарбия убагында, туура адам тарабынан берилсе, эч кандай көйгөй жаралбайт. Билимсиздиктин, маалыматсыздыктын  айынан көптөгөн алешемдиктер адам менен өмүр бою жашап жатканын көрүп эле жүрөбүз.

Ата-эненин жыныстык темаларда балдарына берген билими, тарбиясы жана  көз караштары жаштардын келечектеги жыныстык жашоолоруна, үй-бүлө мамилелерине, төрөт мамилелерине, коомдогу ордуна  түздөн-түз таасирин тийгизет.

Балдарда сексуалдык өсүш

Жыныстык өсүү адамдык сапаттардын өзгөрүүсүнө да алып келет. Жыныстык мүчөсүн кабыл алуу жыныстык өнүгүүнүн негизи болуп эсептелет. Психологдордун айтымында, бөбөк кезинде көңүл бурулбай, мээримге чукак, эмчек эмбей, ташталган же ашыкча сүйүлүп чоңойгон балдар жашоосунда көп запкы жешет. Алар өздөрүнүн жынысын кабыл алууда адашууларга барышат. Кыздар өздөрүн эркектей, балдар өздөрүн кыздай кабыл алышат. Бул чечимге алар 3-4-5 жаштарында келишет. Бирок толук түрдө өздөрүн кабыл алуу үчүн көп жылдар азап тартышат.

Жыныстык  өсүүдөгү айрым  түшүнүктөр

Атактуу психолог Э.Х.Эриксондун жыныстык өсүүдөгү айрым түшүнүктөрдү төмөнкүдөй бөлүктөргө бөлгөн.

Ал адамдын жыныстык өсүүсүнө жынысы, коомдогу орду, сексуалдык билими, жетилгендиги, гендердик иденттүүлүгү таасир берерин айткан.

Жынысы: Биологиялык өзгөчөлүгү, эркек же аял экендигин билдирет.

Коомдогу орду: Биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша коом тарабынан жоопкерчилик жүктөлгөн ролдор, жүрүм-турумдарды түшүндүрөт.

Адамдардын сексуалдуулукка көз карашы үй-бүлө, тутунган дини, мектеби, достору, социалдык, маданий жана экономикалык абалына жараша калыптанат.

Сексуалдык иденттүүлүк адам өз жынысын, өздүгүн кабыл алышын билдирет.  Баланын жынысына ата-энеси урмат көрсөткөндө бала өз жынысын эртерээк кабыл алат. Адамдын биологиялык жактан кыз, эркек деп бөлүнүшүн бала кабыл алганда гана ал өз жынысына ылайыктуу адам болуп калыптанат.  

Психоаналитик Зигмунд Фрейддин көз карашында эркек бала жыныстык абалын атасы аркылуу кабыл алат. Эркек бала атасы менен өзүнүн ортосундагы окшоштукту көрүп атасына окшош болгусу келет. Кыздар апасына окшошкусу келишет.

Кызга апасы, эркек балага атасы тарабынан жеткиликтүү көңүл бурулбай калганда  бала өз жынысын  кабыл алууда кыйынчылыкка дуушар болот. Атасыз балдар өздөрүнүн жынысын кыздарга караганда кеч кабыл алышат. Эркек бала жалаң аялдардын арасында чоңойсо жүрүм-туруму, кыял-жоругу кыздарга окшошуп калат. Сыртка көп чыкпаган, достору жок балдар өздөрүн кыз катары тез кабыл алат. Алар сыртка чыкканда эркек балдар менен ойной алышпайт. Эч нерсеге кызыкпайт. Өз жынысынан алыстаган бала психологиялык жактан жапа чегет, өзүн керексиз адамдай сезет. Мындай учурда балага тез арада көңүл бурулбаса, кызга окшош эркек болуп калышы толук мүмкүн. Ал бала өспүрүм куракка келгенде өз жынысындагыларга кызыгып, аларды сүйө баштайт.

Энесиз же апасынан аялга тиешелүү сапаттарды көрө албаган кыз дагы өз жынысын кабыл алууда бир топ кыйынчылыктардан өтөт.

Балдар үй-бүлөдө төрөлөт, үй-бүлөдө чоңоёт. Сексуалдык өнүгүү учурунда туура тарбия албай калган бала социалдык,  руханий өсүүсүндө көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болот. Бул көйгөйлөрдү жеңе албаган адамдар руханий ооруга чалдыгышат. Ал тургай ал адамдарда сексуалдык бузукулук пайда болот. Алардын  руханий өсүүсү токтоп, маңкуртташып, жаш наристелерди, жалгыз бой карыган энелерди зордуктап кеткен учурларын маалымат булактарынан окуп, угуп эле жүрөбүз. Бала кезинде жыныстык жашоо тууралуу туура эмес маалымат алган өспүрүмдөр үйлөнгөн убакта тез жинденген, эч нерсеге канааттанбаган адам катары калыптанат.

Ушундан улам “балдарга жыныстык тарбия берүү” зарылчылыгы ортого чыкты. Балага тарбияны ата-эне берет. Ал үчүн ата-энелерге билим берүү жолдорун иштеп чыгуу шарт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз