Жунай Мавлянов: Алачык

  • 17.02.2021
  • 4330

АҢГЕМЕ

Айлыбыз тоо алкымындагы узун-туурасы эки ат чабымдай келген тегиздикте жатканы менен анын да өйдө-ылдыйы бар эле. Андай болбосо: «Узун кыр», «Ит эмген жар», «Көтөрмө-шак» деген аттар кайдан чыкмак эле. Ошол асты үстү бир жылы данга толгондо сөөмдөй баштары жерди карап ийилген таруу, конокко, экинчи жылы ичине аттуу араласа көрүнбөй калчу ак чачыктуу, жаш карагай сымал шамал жүрсө шуулдап турчу жүгөрү айдалчу кең талаанын орто ченинде күн батыштан күн чыгышка көздөй октой түз кеткен чоң арык – «Көтөрмө-шак» деп аталчу. Күздө, биердин эгин-тегини жыйылган кезде жайлоодон көчүп түшкөн айлыбыз ушул «Көтөрмө-шактын» алды-үстүнө конор эле. Ошентип, бир жылы таруу, конок, дагы бир жылы дүмбүл жыттанган бу жерге келип айыл конгондо биздин балдардын кубанычын айтпа. Көчүп баргандан кийин бир-эки айга чейин жашыл түсүнөн жанбаган жайлоонун чөбү саргайып, эл ылдый көчкөнү камынып, суутуш үчүн эки аптача мурун жай бою жайлоонун май жалбырагын жеп, өркөчтөрү жыгадай тикеленген төөлөр казыкка байланып калган кезде ушул күзгү конуш көздөн уча баштаар эле.

Ал убак мөмө-чөмөлөрдүн төгүлүп-чачылып бышкан маалы эмеспи. Коон, дарбыз, жүзүм, шабдаалы, алма, дагы-дагы дүйүм жемиш. Жай бою жайлоодо айранга, сүткө, кымызга, этке карк болгонубуз менен мөмө-чөмөгө өч балалык бышыкчылыкты алда кайдан сезип, каңылжаарыбызга тааныш жыттар өрдөп туруп алчу да. Козу-улак кайтарып, тоо-таштын арасында жүрсөк да, чөлдүн жемиши эсибизге түшкөндө аңчы иттей мурдубузду көтөрө абага тосуп (чөл жакты карап): «Ах! анделектин жыты келип атат» «Ах! Менин мурдума шабдаалынын жыты келип атат!», «Ах, жүзүмдүн жыты келип атат!» – деп катар туруп алып бирибизден сала бирибиз жок жытты барга айландырчыбыз да балалык кыял менен. Айлыбыздын адамдары андай мөмө-чөмөлүү бак күтүшпөгөнү менен, коон-дарбыз эгишпегени менен, күздө коңшу өзбек кыштактарынан, арабага, эшектерге, аттарга жүктөп, андай жемиштерин ташыгандардын изи суучу эмес да. Данга сатышат; пулга сатышат; кээлери курут, майга деле алмаштыра беришчү. Ошентип, алардын бири кетсе, экинчиси келип, айылыбыздын бир четинен: «Коон, дарбуз келди-и!» десе, анын экинчи четинен дагы бирөө: «Шабдаалы, жүзүм келди-и!» – деп үн сала бере турган.

Мына ушуларды эңсеп, сагынгандыктан жайлоонун акыркы күндөрү биз, балдар үчүн өтө көпкө созулуп кеткендей туюлчу. Чыдабай: «Качан көчөбүз? Төөлөр сууп калбады- бы? Тигине ичтери кыңкайып арыктап да кетишти», – деп чыйпылыктап, төөлөрдүн эмне үчүн суутарын өздөрүнөн билип алгандыктан чоңдорду шаштырчубуз. Ошондуктан бир жылы ата-энебиз жайлоого чыкпай, бирин-эки малын инисиникине кошуп жөнөтүп жиберип, өздөрү коон, дарбыз эгишип, чөлдө калгандагы сүйүнчүбүз түшүнүктүү го дейм. Курсактарыбыз үйлөнгөн табарсыктай тарсая чыгып, кулагыбызга чейин шакмарга малынсак да такыр тойбогондой ачпейил жүрчү биздин эми өзүбүздүн коонубуз, дарбызыбыз болоруна гана кубанбастан, мурда «өзбек» аттуу кишилерден башканын колунан келбечүдөй жесең тилиңди жарган жемиштерди өстүрүү биздин ата-быздын да колунан келерине да сыймыктанып жаттык.

Оңойбу, башка үйдүн, башка айылдын балдарынын көзүн кызарткан коон, дарбызды өз үйүбүздүн жанына өстүрүп алсак. Ары-бери өтүшкөндө, сөзсүз, көрүшөт да. Демек суктанышат. Балектеринен бөлүнүп сай ташындай болуп жаткан коон, дарбыздарга гана эмес, аларды качан кааласа, анан канча кааласа өз колу менен үзүп жечү бизге да суктанышат да. Көз артышат. Ичтери күйөт. Өздөрүнүн аталарынын колунан келбегенге өкүнүшөт. Уурулукка келип көрүшсүнчү. Алачык тигилет да андайда байкелдин бир четине. Өзбек кыштактарынан көрүп жүргөнбүз да. Аерде кезектешип кароол болобуз. Жерди өгүз кош менен айдап, кетмен менен жөөк чыгарганын атабыз, апабыз, чоң агаларыбыз, эжелерибиз өздөрү аткарышты. Атабыздын өзбек ашынасы кетмен мизи менен жөөктөрдүн изин сызып берди эле, үч-төрт күндө беркилер арыгын чыгарып коюшту. Аларга суу коюлган соң, али ичи ылай жөөк ичинде жүрүп, күн мурунтан жибитиш үчүн сууга салынып коюлган ар түрдүү коондун, дарбыздын уругун али нымы кете элек жөөк четине сөөмөй менен ортоңку колду бириктире, чуңкур жасап, ага үч-төрттөн урук таштап, кайра топуракка көмгөнүнө биз деле катышып калдык.

Кийин алар өнүп, жер бетине төрт-бештен көк жалбырактар пайда болгондо улууларды карап, нары ээрчип жүрүп жегенелегенге, чапканга да көмөк көрсөттүк. Кышын-жайын жыты мурдубуздан кетпеген коон, дарбызды тез эле жетилтип, тез эле бышырып жибере тургансып, ал жумуштарды берилүү менен аткарып жүрдүк. Коон, дарбыздар түйүп, алды томпойдой болгондон тартып байкелди кайтарууга өттүк. «Жалпак-Кырдын» үстүнө алачык жасалды. Талдын жоон бутактарынын башы ийилип, бириктирилген соң, ноода чыбыктарынан, арабанын четинине окшотуп, токуп жасалган алачыктын эки жагынан эшик калтырылды. Анткени, аерге эки кароол отурушу керек экен. Бири кырдын ары жагын, экинчиси бери жагын карап отурушу керек экен. Ары жагында жарым гектарча жерге жүгөрү эгилген эле. Бери жагында андан азыраак жерде биздин коон, дарбыз байкели.

Ал жүгөрү мындан үч-төрт жыл мурда башка жактан көчүп келген Айткул деген кишиники. Бул айылга жээн экен. Анын алды бойго жетип калган үч уулу, жалгыз кызы бар. Кызынын аты – Саадат. Ошол кыз келгенден бери биздин үркөрдөй айлыбызга да, ал окуп калган мектептеги биздин класска да алда кандай жарашык кошулуп, көркү тарта түшкөнсүгөн. Он үчкө эми караган ал бойго жеткен немедей акылдуу, оорбасырык, мөлтүрөгөн көздөрү сырдуу эле. Күлгөндө эки уурту чуңкурая түшчү токтоо мүнөз бу кызды алгачкы күндөн тартып эле бу айылдын, анан үч жүзгө жакын окуучулары бар мектептин мугалимдерине чейин жакшы көрүп калгансыды. Баарыдан мурда алардын көңүлүн өзүнө бурган кыздын сырткы чырайы болгонсуду. Айрыкча аны менен айылдаш биздин, анан мектепте ал бирге окуган класстын окуучуларынын сыймыктануу сезими алоолонуп чыкты. Ал сүйлөшпөсе деле, жылмая тиктеп каштарын кагып койсо, гүлдесте сунгансып, кубанчу болдук. Аны менен күн сайын төрт чакырымча жердеги мектепте жөө барып, жөө кайра бирге келип жүрсөк да, бирибизден-бирибиз тымызын кызгана мамиле кылгангабы, анын дидаарына тойчу эмеспиз.

Мурдагы узак көрүнчү жол эми кыска көрүнүп калды. Ал көңүл бурабы-жокпу, жактырабы-жокпу, айылдан чогуу барчу кыздар деле, балдар деле ага тийише беришчү. Бир нерсе деп сүйлөсө, жок дегенде жылмайып койсо деп ошентишчү. Мен болсом, (жок, башка балдар деле ошондой ойлорун көздөрүнөн байкачумун) ал жалгыз мени менен сүйлөшүп, мени гана карап жылмайса деп тилечүмүн. Ошону каалар элем. Кээ бир бейбаш балдар орой азилдешип, жөнү жок тамашага чалынганын көргөнүмдө туталанып, андайлардын кээлери менен өзүмөн чоң экенине карабастан шымаланып урушка киргим келип кетээр эле. Эмне үчүн экенин билбейм. «Биздин айылдын кызы; биз менен гана болуш керек. Анын сулуулугу менен, акылы менен биз гана сыймыктанышыбыз керек» – деп ойлогонмун го.

Мен жөнүндө кандай ойдо экени менен жумушум жок. Сөздөрүн, мамилесин, а түгүл караңгы түндө булуттан чети көрүнгөн айдай бажырая жылмайганына дейре аңдыйм, бирок аларын башкаларга деле жасап жүрөт. Мага өзгөчөлөнгөн көз карашын байкай албай кыйналам. Ошентип, сарсанаа тартып жүргөнүмдө жанагыдай коон, дарбыздын эгилиши, андан алыс эмес жерге Саадаттын атасынын жүгөрү айдашы ал экөөбүздү дагы жакындатып таштаары кимдин оюна келиптир дейсиң. Он төрткө карап калган курагым. Ата-энемдин кол арага кирип, айткандарын аткарууга жарап калган кезим. Коон, дарбыз өстүрүүнүн бардык жумуштарына катышам. Иштеп жүрүп да эки көзүм Саадаттын үйү жакта болду. Мектепке чогуу барып, төрт-беш саат бирге отурганга алымсынчу эмесмин.

...Эми болсо жанаша отуруп калбадыкпы. Бир жолу коон байгели менен жүгөрү аянтын алиги кыр үстүндөгү алачыкка олтуруп кайтаруу кезеги экөөбүзгө тийип калыптыр. Анын аңырайган эки жагындагы эки эшиктен эки жакты карап отурушубуз керек экен. «Жалпак-Кырдын» бир жагында коон байкели, экинчи тарабында жүгөрү эмеспи. Эки алачыктын эмне кереги бар. Аталарыбыз акылдашып отурушуп, ушу бир эле алачыкты жасашып, бизге «шарт» түзгөнүн ойлошту дейсиңерби. Саадат экөөбүз ошентип, алиги «Жалпак-Кырда» кароолдук милдетин аткарып калдык. Ал жүгөрүсүн малдан, дүмбүлкор иттерден, балдардан сакташы керек. Мен коон, дарбызды уурулардан сакташым керек. Саадат тиги үйдүн, мен бул үйдүн кенжесимин.

Улуу агаларыбыз башка жумуштарда. Аталарыбыз талаадагы иштер менен алек. Энелерибиз үйдөгү жумуштардан бошобойт. Саадатты билбейм, менин көктөн тилегеним жерден табылгансыды. «Кудайдан астейдил тилесеңер, ал жаштардын тилегин чоңдордукуна караганда тез берет. Анткени жаштар чоңдорго окшоп али күнөөгө бата элек. Наристе, таза бойдонсуңар. Бирөөнүн акын жей элексиңер. Жалган сүйлөгөндү билбейсиңер. Чоң-кичинени акаарат кылып сөкпөгөнсүңөр. Алдым-жуттумга барбагансыңар. Ыплас иштер али түшүңөрге да кире элек. Энеден туулган бойдон жүрөсүңөр. Ошондуктан жараткан силерден эч нерсесин аябайт. Сурагандарыңардын баарын берет» – деген атамдын эртели-кеч айткан акыл-насааты чын экен. Менин тилегеним ушул эмес беле. Каникул маалы, ошондуктан күндө отурчу болдук алиги алачыкта. Эч ким, эч-нерсе көрүнбөсө деле ара-тороз «Айт-үйт» – деп үн салган болуп коёбуз. Буга чейин коон, дарбыз эгип көрбөгөн бу айылдын балдары андай нерселерге жут. Кимдин алма, өрүгү болсо, ал чигиттей болуп корологондон тартып арыктан-арыкка түшүп, дубалдарга далдаланып, узун чөптөрдүн арасы менен боортоктоп жылып уурулукка барышчу. Ошентип, көнгөн немелер жыты алда кайдан келген коон, дарбыз дегенди коюшмак беле...

Күндүз Саадат экөөбүз, түндө чоңдор – ата-энелерибиз отурмак болушту алиги «Жалпак-Кырдагы» алачыкка.

...Камегинде эле үзө башташты балдар коонду. Менин атам менен Саадаттын атасы антип-минтип алиги цыгандын арабасындагы саябандай алачыкты жасашканча коон байкелинин жөөктөрүнөн, жака белинен үзүлүп жаткан (качканда түшүп калган же жарып жегенде али ачуу экенинен ыргытып таштагандары да) камектер табыла баштады. Үйүң күйгүрлөрдү карабайсыңбы (атабыз ачууланганда дайыма ушинтип сөгүнөр эле) камегинде үзүшүп, убал кылып ташташканын. Бышканда уурдашпайбы. Мен сатмак белем өзбек туугандарча бир жакка алып барып. Ушу айылдын балдары жесин деп эгип-тигип отурбайымбы. Өзүбүздүн балдар жесе, бир жөөгүндөгүнү же эки жөөгүндөгүнү жээр. Калганы силердики да. Башың өскүрлөр десе. Мына, жебептир деле го. Четинен бир-эки кемирип таштап кете беришиптир, – деп кейигенин эки-үч курдай уктум.

Саадаттын катиңки атасы да эми гана ит тиши болгон жүгөрүнүн сотолорун эки-үч курдай этегине салып келип уюна салганын көрдүм. Малбы, иттердин кылганыбы, билбейм. Алачык жасоо, кароол коюу ою да аларда ошондон кийин пайда болду окшойт. Наристенин жытындай анделектин жыты да бир жыттаган кишини кайра-кайра жыттоого кумарлантып коёрун чоңдор эмес, биз, балдар, деле жакшы билчүбүз. Эс тарткандан бери жыттап, анан жеп келатпайбызбы. Аталарыбыз апта сайын базарга барышчу да. Анделек бышканда бала-бакырасынын санына карап, ар бирине бирден алып келишчү да. Андан тышкары жанагыдай өзбек туугандардын өздөрү да алып келип, сатыша турган. Бирок анделекке такыр тойчу эмеспиз. Капчыгыбыз чыгып, анделек жебесек керек. Аптасына бир анделек же бир үй-бүлө топтонуп отуруп, эки-үч тилимден коон жегенде, киши коймок беле. Сатып жеген менен өзүң эгип алгандын айырмасы болуш керек да.

«Аттын көтөргөнү ушу болду, балдарым, – дечү атабыз, тоюнкурабаган биздин көзүбүзгө карап туруп. – Коон-дарбыз, мөмө-чөмөдөн башка да керек экен бу үй дегенге. Баары базардан алынат, балдарым», – дечү ал биздин шыпшынып тойбой калганга айыптуудай. А балким, акчасы жетпей жүргөндүр. Аны биз а кезде кайдан билелик. Ошондуктан атабыз коон эгип, а дегенде бизди тоюндурайын деген го... Мурда такыр тойбогон «анделек», «шекер балек» «басыбалды» «кыркма» деген коондорду эгип, анан каалаганча жегени жатпайбызбы. Атабыздын өзбек ашынасы, ошондой коондордун уругун үйүнөн ала келген экен. «Бул жөөккө жалан анделек эгели, мунусуна «басыбалды» биерге «кыркма», тигинисине «шекер балек» – деп ал атабызды ээрчитип, алардын артынан калбай жүрүп, табактагы борсойгон сүйрү-сүйрү саргыч уруктарды беш-алтыдан топуракка көмүлгөнүн өз көзүбүз менен көрүп, атүгүл тигишпедик беле. Ошолордун өнүп, көгөрүп, жер бетине чыгып, анан шилидей сары гүлдөгөнүн, ал барып түктүү түйүлдүк байлап, эки-үч курдай суу ичкен соң чоңоюп сала бергенин күн сайын көрүп, колубуз менен кармалап жүрчү камектер бара-бара саргайып, өң тарта баштагандан берки кубанычты айтып берүүгө сөз жетпейт. Качан чаап, гүлдөгөнгө чейин канча жолу, гүлүн төккөн соң канча марта сугарып, анан кантип жегенелешине дейре айтып, анда-санда келип көрсөтүп кетчү атабыздын өзбек ашынасын да абдан жакшы көрүп калдык.

...Жөөктөрдү туташ жаап калган бутактары кыз чачындай чубалжыган жашыл жалбырактардан жетилген коондор, дарбыздар көрүнө баштагандан тартып кароолдук күчөдү. Аталарыбыз түндө корушкандыктан жөтөлүп-какалып, бирөөнү көрүшсө-көрүшпөсө деле: «Сениби, сени! Коё тур! Экинчи бул жакка бутуңду баспай турган кылып таштабасам!» – деп кыр башынан, кээде байкелдин бир жагынан экинчи жагына чуркамыш болуп же жүгөрүнү шатырата аралап, опузалап үн чыгарышканын угуп жүрөбүз.

Саадат экөөбүздүн кезек күндүз эмеспи. Жарыкта эч ким келбейт. Келсе-келип жүрүшкөндүр, бирок көрө элекпиз. Эшек минип, ат минип, кээде жөө-жалаң козу-улагын айдаган же уюн жетелеп, торпогун минген балдар ак чанактарын сеңселте жашылданып көйкөлгөн жүгөрүнүн, байкелдин жанынан өткөндө көз артып өтүшөт. Эки көзү, сай ташындай болуп күн нуруна жалтырап жаткан коон, дарбыздан же жеңдей дүмбүл байлаган жүгөрүдөн өтүп кеткенин көрүп жүрөбүз.

Баарынан да андай сонун нерселерди ишенип кайтартып койгон күн өтпөсүн, жамгыр өтпөсүн деп төбөбүзгө саябан жасап, баарын көрүп отурушсун деп аны бийикке коюшканын, андагы Саадат экөөбүзгө суктана карап өтүшкөнүн сезчүмүн. Алардын шилекейин чуурткан коон, дарбызды кайтарып отурганым үчүн эмес, Саадаттай баарын суктандырчу сулуу кыз менен бирге отурганыма суктанышканын туйчумун.

Улуулар эскерткендей адегенде Саадат жүгөрүсүн карап, мен коон, дарбыз жакты карап, бири-бирибизге жонубузду салып отурдук. Бир саатча отурдукпу-жокпу кудай билет, анан эле жүздөшүп отуруп калганбыз. Жылмая тиктештик сөзү жок эле. Ушундай ыңгайлуу шарт түзгөндөргө ыраазылыгыбыз – ошол жылмаюубуздан, жаркын жүзүбүздөн көрүнүп тургансыды. Бул жагдайга мен эле сүйүндүм десем, Саадат да сүйүнгөн тура. Болпойгон ак, ортосу анча-мынча эндик сүртүлгөндөй мала кызыл тартып турчу бети албырып, көздөрү моймолжуп кетиптир...

«Жакшы болду ээ, Белек!» – деди биринчи анын оозунан сөз чыгып. Мен аптыгып сүйлөй албай турганмын. Күнү-түнү элеси, турпаты көз алдыман кетпей жүргөн неменин оозунан чыккан илеби, сүйлөгөндө менин бетиме жетип турса, анан оңойбу! Кашымда жайнап турса... Мында сүйлөсөм, сөзүмдү эч ким укпайт. Колун кармасам да эч ким көрбөйт. Элдин баары жумушта – эгин оруп, суу сугарып, чөп чаап, мал багып дегендей... Биз менен эч кимдин жумушу жок. Айттым го, бул тегеректен ары-бери эрте менен, түштө, анан кечинде өткөн бала-бакыра гана болбосо, саратандын чызылдаганынан, чегирткелердин чырылдаганынан башка эч нерсе угулбайт, көрүнбөйт. Ысыкка магдырагандай бир жери саргарып, бир жери кубарып, ал эми чөлдөгү оазистердей кээ жерлери али көкмөк бойдон (биздин жүгөрү жана коон эгилген жерлер) жаткан тегиздик гана көз алдыда керилет...

– Кел, Белек, топташ ойнойбуз, – деди Саадат жеңсиз жашыл кемзолунун бир чөнтөгүнө колун салып жатып. Эмне деп сөз баштаарымды билбей дабдырап турганымда Саадат өзү ошентип, амал таап кеткенине дагы сүйүндүм.

Мен агайларга караганда, эмнегедир, Саадаттан катуу сүрдөчүмүн. Оозума сөз келбей калчу ал жылмайып тиктей бергенде. «Топташ», «кан таламай» дегей оюндарды кичине кезден билчүбүз. Кыштын узун түндөрүндө, кечки тамактан кийин эле балдардын, кыздардын эрмеги ошол оюндар болор эле да. Сандалды, же кемегени тегеректеп отуруп алып, бөзтөктүн, же шырдактын жүнүн тытып ойногонубуз эле ошол эки оюн болчу. Саадат үйүндө да ошентип ойноп жүргөнбү, же менин алдымда дагы сулуу көрүнүш үчүн ошенттиби, айтор кызыл сатин көйнөгүнүн балбыраган кең жеңдерин каруусуна жеткире түрүп таштады. Эки жаагынан ылдый төгүлгөн майда өрүм чачтарын зар допусун тегерете байлап койду. Көйнөк жакасын да эки ак седеп топчудан чыгарып таштады. Чачтарын байлап, билектерин түрүп, тамагын ачып таштаганга Саадаттын чырайы ого бетер артып чыкты. Али этке толо элек аппак билектери, сыпсыйдам тамагы, балапандыкындай билинер-билинбес түктөрү бар жаактары ачылганга ого бетер сулуу көрүнүп кетти...

...«Шарак» эткен билериктердин үнүнөн «селт» этип чоочуп алдым. Нес боло түшкөн окшоймун, кыздын алиги турпатынан. Топ таштын бирин төбөсүнөн өйдө ыргытып, калганын жерге топ бойдон койгону жатканда оң билегиндеги кош билериги кагышкан тура. Саадаттын эки колунда тең күмүш кош билерик. Кулактарында күмүш сырга... Ойноп кирдик. Байкелге бир ууру эмес, он ууру келсе да эми ал жакты карамай жок. Үч-төрт коонду үзбөстөн, бир жөөгүн бүт үзүп, төөгө же арабага жүктөп кетсе да маселен, эми мага баары бир. Маңдайымда Саадат отурат перидей болуп.

Ушул кыз, ушул кейпинен жазбай мени менен ойноп отура берсе, мага башка эч нерсенин кереги жок. Саадат өзү бардыгына татыйт. Бардыгына арзыйт. Анын деле жүгөрүсү оюнан чыгып кеткендей... Жүгөрүнүн бир жакшы жери – дүмбул уурдаганы мейли, адам кирсин, жегени мейли, ит кирсин, шуудурап-касырап билдирип коёт. Ошондо «айт-үйт» кылып, үн чыгарса болот. Ал эми коонго келгендер шоокумсуз. Эмне көп – арык көп. Эмне көп – бу тегеректе бүргөн көп. Ага мал араласа көрүнбөйт. Арыктын ичи менен эңкейип жүрүп отурса же калың бүргөндү бетке кармаса болгону, кантип коондун жөөгүнө жеткенин көрбөй каласың. Жөөккө жетсе эле, анын кырындагы жыш жаткан жашыл жалбырактар өзү ууруну далдаалап, көрсөтпөй калат. Мунун баарысын билем. Атам да нечен жолу эскерткен кароолдук милдетин жүктөп жатып.

...Мейли, ууру байкелди түбү-орду менен жулуп кетсе да кайылмын. Маңдайымда билектерин, бетин, тамагын агартып, билериктерин шарактата топташ ойноп Саадат отурса болгону... Күн сайын эртеден-кечке топташ ойночу болдук.

...Түн бою да алиги алачыкта маңдай-тескей отуруп, Саадат менен топташ ойноп чыгам... Анын ак билектери, ак тамагы, ак седептер түшүмө кирип чыгат... Ошентип, уктаган-уктабаганымы деле билбейм. Уйкусу канбаган киши күн бою ныксырап, бүткөн бою оор тартып жүрөт эмеспи. Бирок мен антпейм. Төшөктөн жеңил туруп, керели-кечке чыйрак, наары шайдоот жүрөм.

...«Белек, анделектин жыты келет да, бышып калган го», – деди бир күнү Саадат өйдө ыргытылган жалгыз таш анын кичинекей алаканындагы чогуу ташка «шарак» этип келип кошулганда, ошолорду тутамдаган калыбында татынакай мурдунун тар таноолорун дердейте, ээгин көтөрүп жыт искегендей. Биздин коондун байкели жактан жел согуп турган. Мен да жүзүмү ошол жакка буруп, Саадатты туурагандай ээгими көтөрө жыт искедим. Чын экен, анделектин тааныш жыты!.. Жаныдан бышып келаткан анделектин тааныш жыты!.. Китеп барактарынын арасында жатып куураган гүл жытындай араң жетип атат... ...«Ооба, анделектин жыты. Анделек!.. Мен ордуман тура, байкелди көздөй чуркадым. «Алгачкы бышкан анделекти Саадатка алып келип жыттатам, анан союп берип, жедирем!» – деп ичимен өзүмө-өзүм убада бере жүргөн элем. Ошого чуркадым. Издеп жүрөм жөөктөн-жөөктү кыдырып.

Кечээ суу коюлган, ошондуктан жөөктөрдүн ичи али ылай эле. Ботинкама ылай жабыштырып, улам бир жөөктүн ичи менен эңкейе басып, тегерек жалбырактары жалпайып жерди каптап жаткан ар бир түп балекти колум менен өйдө көтөрөм да, эми гана сары ала боло баштаган анделекти издейм. Мурдуму көтөрүп, жыт искейм. «Коон таза бышканда балегинен өзү үзүлүп, жөөккө түшүп калат. Акыркы жолу сугардык. Түшүм суусу бу. Ашынамын айтышына караганда эми биринин артынан бири быша берет. Сортуна карап. Камегин үзө көрбөгүлө. Ушунча күттүңөр, дагы бир аптача сабыр кылсаңар кыйгаз бышат экен. Ошондо канча жесеңер да, түгөнбөйт имиш. Колу-коңшуларга да ошондо беребиз. Баарына ооз тийгизишибиз керек. Өзбек туугандар коонсейили деп коюшат. Ошо коонсейилге биз да айылдагыларды чакырышыбыз керек. Эң алдын өзүбүз ооз тиебиз. Биринчи бышкандарын апаң экөөбүз үзүп, экөөбүз союп беришибиз керек силерге», – деп атам мурдагы күнү эле жөөктөн-жөөккө суу жылжытып жүрүп эскерткен болчу баарыбызга.

Балектердин арасынан эми даана көрүнүп жаткан коондорду эки колдоп кармап көрүп, айрымдарын жыттай берип: «Жакындап калыптыр, куда кааласа, ушулар беш-алты күнгө жетпей бышат, мант берет» – деген. Мына, анделектин алды бышып калган тура. Жыттанып атпайбы... Үч-төрт жөөктүн баш-аягына чыктым. Акыры бир жөөктөн таптым. Бейкасам чапандын гүлүндөй бир кыры саргыч, бир кыры көгүш анделек экен. Мындайдын чоң коону да болот. Аны «Басыбалды» деп коюшат. Буга чейин өзүбүз экпегенибиз менен жеп жүргөнбүз да. Жөөктүн кургак кырып тизелей калып жыттадым. «Бур» этти. Бирок алсызыраак. Эки-үч күндөн кийин мына бул саргыч түстөгү тиликтер башайыдай шаңкайып ачылып чыга келет. Ошондо балектен өзү эле атам айткандай үзүлүп, жөөккө түшүп калат. Биз ошолорду гана терип, үйгө көтөрүп келишибиз керек. Ошондойлорун гана жешибиз керек. Балектен күчтөп үзүүгө жарабайт. Ошентип, атамын айтканын мен биринчи бузганы калдым. Кантип үзбөйсүң! Жыты тиги кырга жетип, аны биринчи Саадаттай кыздын өзү сезип отурса, үзбөй көрчү. Анын үстүнө менин жүрөктө каткан купуя тилегим да ошол эмес беле. Мен сол колум менен жол-жол болуп жаткан алиги анделекти акырын басып туруп, оң колум менен башына жакын жерден балегин кармай берсем, бураганча болбой «чырт» этип ал үзүлүп кетти. Күч жумшатпай үзүлдү. Атам айткандай мант бергени ушу. Бышпаган болсо, сороюп сабактагы дүмүрчөгү калмак. Базардан андай коондорду да көргөнбүз. Акча табууга ашыккан ээси кээде камдарын да бышкандарына аралаштырып алып келе берет тура. Көрсө, андайларды деле мөмө-жемиштердин аки-чүкүсүн билбеген тоолуктар ала беришет экен. Менин анделегим мант берди. Демек, жесе болот. Жыты келгенден кийин мейли, анделек, мейли, коон болсун жегенге жараганы ошо.

Жаңыдан гана саргая баштаган немени ошентип көкүрөгүмө кыскан бойдон энтелеп, алачыкка жетип келдим. А дегенде Саадаттын татынакай мурдуна тостум. Ал учтуу татынакай мурдун акырын тийгизе жыттады. Менин колуман жыттаганга алымсынбагансып, анан өз колуна алып жыттагылады. Кош колдоп кармап жыттады. Жаш эне тунгуч баласын жыттагылап жаткандай көрүнүп кетти мунусу мага. Көпкө чейин экөөбүз алмак-салмак жыттагылап отурдук алиги анделекти. Бул мага жөргөктөгү бөбөктү колдон-колго өткөрүп, өпкүлөшкөн жаш ата менен энени элестетип жиберди.

Кумарыбыз канды окшойт: «Эми жейли» – десем, Саадат: «Мейли» – деп адатынча мени карап жылмайып койду. Бычак кайда, жерге бир урсам, анделегим эки бөлүнүп жатып калды. Ичи кыпкызыл экен. Чоңураак жагын Саадатка сундум эле, ал колу менен акырын бериге түрттү. «Силердики анделек. Силер мээнет кылгансыңар. Көбүрөөгүн сен же» – деп, дагы жылмайды мени ого бетер сүрдөнтүп...

...Ошондон тартып, мен күн сайын анделек же коон алып келип жүрдүм алачыкка. Мезгили жетип калса керек. Коондор кыйгаз быша баштады. Атам айткандай жөөккө өзү үзүлүп түшүп калгандар да көбөйүп кетти. Коон сейилине атайлап чакырбасак деле таң аткандан каш карайганга чейин биздикинен адам үзүлбөс болду. Эч кимиси коон сурап келбейт. Ар нерсени шылтоо кылып келе беришчү болду. Көгөнгө байланган козу, улактардай балектеринен бөлүнүп жаткан жыш коон, дарбыздарды арыдагы жолдон өткөндөр көрө коюп, алар деле кайрыла беришчү болду. «Суусап кеттик» – дешет. Кымызыбыз бар беле сабадан кырма аяк менен суна койгудай. Же суу сурап келди дейсиңби. Суу ичсе жолду бойлоп кеткен арыктан дайыма суу агып атат. Тиги коон менен дарбызга суусаганы. Ошондуктан үйдө мейли, чоңдор болсун, мейли биз, балдар, бололу, келген-кеткендерге коон, дарбыз союп беришибиз керек. Атабыз ошондой буюрган.

Бышылуу тамактын күйүтү күч, балдарым, ким келсе да, эмнени шылтоо кылып келсе да: «Отуруңуз, коон жеп кетиңиз деп айткыла. Отургузуп коюп, өзүңөр байкелди аралап, бышканынан үзүп чыгып, союп бергиле. Тойгудай кылып бергиле. Коон, дарбыз буюрса жетет. Жакшы болду. «Кыркмасы» кышка да калат. Куда кааласа аларды орозодо жейбиз», – деп жаңы бышкан коондон эки-экиден эки колтугуна төртөөнү көтөрүп келип (балдарын а дегенден тойгузуп коёюн деген го) союп бергенде айткан эле. Биз а кишинин айтканындай иштеп жүрдүк.

...Саадатты байкелге келтирүүгө канчалык аракеттенсем да келтире албадым. Өз колу менен ошол аймакты жагымдуу жытка толтуруп турган коондордон үзүп жешин кааладым эле – келбей койду. «Уят» деп такыр баспады ал жакка. Мен күн сайын бир анделекти, ал түгөнгөндөн кийин бирден коонду алачыкка алып келип жүрдүм. Бычак, табак кошо алып алчу болдум. Атамы туурап, аны бардык эрежеси менен союп берип жүрдүм. Тилип берем, ганч кылып берем. Кээде «кесе» жасап берсем күлчү болду: «Эмне, «кесе» кылып жегидей экөөбүз картаң белек. Жарашпайт экен, жөн эле «тилим» кылып, же «ганч» кылып сойчу», – дечү болду.

Бир күнү андан сурабай эле «шекер балек» коонду төрткө бөлдүм да, төрт «кесе» жасадым. Экөөн азыр жейбиз, калган экөөн анан. Чоңдорду туурап, бир кесимди бычактын учу менен сайып алып, Саадатка узаттым. Ширеси жерге таамп кетчүдөй мөлтүрөп турган коонду ага бу жолу өз колум менен жедиргим келип кетти. Саадат алигиге оозун жакындатпастан бычак сабына колун сунду. «Өзүмө бер, өзүм жейм» – дегени. «Жок, мен жедирем, жеп койсоң бир жолу менин колуман деле, эч нерсе болбойсуң», – дедим. Эмне үчүн минтип айтканымы деле билбейм. Саадат бул сөздөн чочугандай колун тартып ала коюп, мени жылмая тиктеп туруп калды. Ушул жылмаюусу жагат мага. Күнү-түнү көз алдыман кетпеген анын ушул жылмаюусу. Анан мойнун созо берип, алиги бычак учунда ширеси мөлтүрөп таамп кетчүдөй болуп турган кесимди тиштеп алды. Эркелеп ойногондой көрүнүп кетти мунусу мага. Оозун ак жумуру билеги менен сүртүп коюп, жадырап тиктеген бойдон: «Сен жакшы күйөө болчудайсың, Белек. Тийсем алар белең?» – десе болобу ого бетер жайдарыланып. Мен апкаарып калдым. Мындай сөздү күткөн эмесмин андан. Эрди-катын болуу али ойдо жок иш. Бар болгону аны жакшы көрөм. Жаныман да артык көрөм. Эмне үчүн деп бирөө сураса, ага жооп бере алмак эмесмин. Күн сайын көрүп жүргөнүмө эле жетине албай келем. Аердеги кыштактын бир четиндеги «Жалпак-Кырда» эмес, Саадат периге айланып көк бетинде учуп жүргөндөй, анын касиети менен мага да канат бүтүп, ага жанаша алда каякка сызып бараткандай туюлуп кетет кээде.

Мен тааныган, мен билген балдардын эч кимиси көрө элек кереметтүү булактан коочушум толо ичип жүргөндөй тиги менен бирге отуруп», «кароолдук» кылгандан берки маанайыман алоолонгон жүрөгүмөн бүткүл дүйнө нурлангансыйт.

...Оозума сөз кирбей калды... «Жесең! Дагы бирди жеп койсоң менин колуман!» – дей бердим «кеседен» экинчи кесимди бычакка сайып алып, аны көздөй жүткүнө. «Муну өзүң же», – деди дагы эле жылмаюусунан жазбаган Саадат. Менин бул жоругум ага жагып калганын ушундан билдим. «Бирин мага сунсаң – бирин өзүң же. Тең жейли да», – деди. Ошентип бир «кесени», анан экинчисин да жеп койсок болобу. Саадат кийинчерээк, дүмбүл алып келчү болду. Койдун кыйынан калган корго а дегенде көмүлүп, анан аташ күрөк менен ары-бери жагына оодарылып бышырылган дүмбүлдөр экени чаар ала өңүнөн, жагымдуу жытынан билинип турчу. Экөөнү алып келет. Менин дүмбүлдү жакшы көрөрүмү, ошондуктан берилип жегеними байкап калдыбы, кийин үч-төрттөн алып келе баштады. Таптаза жоолукка ороп келет. Ысыгы али тарабаган бойдон колго тийчү.

Дүмбүлдү да бара-бара жанагинтип кезектешип жемейге өттүк. Аны Саадат өзү баштады. Менин тартынчаактыгымы билип калды окшойт, чаарала дүмбүлдү эки учунан эки колу менен кармап туруп, орто ченинен өзү бир тиштейт да, анан: «Эми сен тиште» – дейт мени көздөй сунуп. Мен мойнуму созом. Тиштеп алам. Анан ал. Анан дагы мен. Анан дагы ал.

...Ошентип, биздин коондордун, тигилердин жүгөрүсүнүн бышышы менен Саадат экөөбүздү бөлүп турган аралык биротоло жоголгонсуду. Күндүз кашындамын. Түн бою түшүмдө мен ага коон, ал мага өз колу менен дүмбүл жедирип чыгат...

...Ошол жылы кеч күздө, Саадат мектептен келатса бир жигит аны атка өңөрө качыптыр. Мен ооруп, бир жумача үйдөн чыкпай калганмын. Мен эч качан ошондой ыйлаган эмесмин. Баягы кырга барып алып, (алачыктын шак-бутагы эчак куурап, үстүнө салынган бакалдарына чейин шамалга учуп, аңырайып ачылып калган эле) ыйладым. Үйгө келип, да өзүмү токтото албайм. Атам-апам менин ооруму күчөп калган экен деп жан-маны калышпай күйпөлөктөп жүрүшөт. Молдону чакырып, дем салдырышты. Ал жардам бербеген соң, айылдагы бүбү кемпирди да алып келишти. А киши адатынча а дегенде туурам-туурам нанды башыман тартып бутума чейин басып чыгып, анан «Ма-а, балакет-салекетин сен ал бу баламын», – деп итке ыргытып жатты. Пияз басты. Күкүрт жандырып, башыман тегеретип ыргытты. Бетиме суу чачып эмдеди. «Көзү көккө бар, ниети жаманга бар, бу баламда не акың бар! Туф! – Туф!» – деп туш-тушка түкүрүп да жатты. Кээде а кишинин мындай эм-домунан кийин ооруган башыбыз, сыздаган ичибиз чын эле басылып калчу. Бул жолу эмнегедир, таасир этпей койду. Ыйлай бердим. Түн бою ыйлап чыктым...

Чыракка тегеренишкен көпөлөктөрдөй мага тегеренишкен атам менен апамы тынчытыш үчүн «коркпогула, анчейин деле катуу ооруган жерим жок», – дегендей түр көрсөтүүгө аракеттенип көрдүм. Аныман эч нерсе чыкпай атты. Кылт этип, Саадат эсиме түшсө эле, эчкирип ыйлагым келет. Күлүп турчу көздөрүнөн жамгырдай агылган жаш аппак бетин жууп: «Белек, кайдасың? Мени куткарып албайсыңбы?» – деп жер-сууну жаңыртып ыйлап бараткансып элестеп келет...

Ат жалына аны жапма кылып таштап, (улак тарткандарды көргөм да) кайдагы бир зөөкүр неме эл жок ээн талаа менен белгисиз жакка сызып бараткандай элестейт. Саадаттын добушу өчүп бараткансыйт. Бир күн-эки күн өтсө эле бүттү – анын добушу өчөт да калат. Алиги зөөкүр, таш боор, ыймансыз неме аны каалаганындай уйпалап таштайт. Мына ушундай ойлор, элестер мени ыйлатып жатты. Эч кимге угузбай түндө да ыйлап чыктым. Эрте менен көздөрүм көнөктөй шишип калганын сездим. Апама көрсөтпөөгө тырыштым. Атам билсе да унчукпайт, жоош киши. Апамын мүнөзү чукул. Эркелеткенди да билет, «шак» эттире жаактан ары тартып жибергенди да билет.

...Уйду бадага айдап барган бойдон түшкө жакын келдим үйгө. Мектепке барганым жок. Баягы алачык тигилген «Жалпак-Кырга» чыгып отура бердим. Тегеректи карайм көз талдырып. Бир жерден карааны көрүнсөчү! Дагы ыйладым. Кечетен берки элестер андан да жаман түрү менен чубашып келип атты көз алдыма. Дагы ыйладым... Мурдума чейин жылтырап кызарып чыкса керек, кексе апам үйгө башбагарым менен байкады. «Бекиш, эми билдим сенин дартыңы. Саадатка ыйлап аткан турбайсыңбы. «Жалпак-Кырда» отурганыңан билдим эртеден бери», – деп анан «шыңк» этип күлдү. Мунусу менин кайгымы күчөттү, анткени табалагандай угулду. Дагы ыйлап кирдим. Апам эми баарын ачык түшүндү окшойт. Жаныма отура калып, башыман сылай минтти: «Балам, ал сенин теңиң эмес. Сүйлөшүп жүргөнү алып кеткен имиш укканга караганда. Кыз бала он үч-он төртүндө эле балакатка жетип калат. Мен да атаңа он төртүмдө келгенмин. Саадат ошол менин курагыма келип калган экен. Салтты бузуп алып качканы болбосо, өзүнө ылайыгына эле кетиптир. Сен али балапансың балам, андан бир жаш улуу болгонуң менен. Андай кыздар али көп кездешет жолуңан. Буюрганын аласың. Уят болот, эркек баланын кызга ыйлаганы. Муну менден бөлөк эч ким билбесин», – деди экөөбүздөн башка эч ким жок болсо деле шыбырап.

...Андан бери көп жыл өттү. Саадатты көргөнүм жок. Көрүүнү каалабадым да. Төркүлөп келди а дегенде. Кийин айылдап келип жүрдү. Бирок ал келгенде мен качып кетип жүрдүм коңшу айылдагы тууган-уруктардыкына. Менин назарымда Саадаттын карекке чөгүп калган айнектей тунук жүзүн, жумуру аппак тамагына, күмүш билериктер жарашчу жумшак, көпчөк билектерине, күмүш сыргалар жарашкан кулактарына, жарашыктуу жылмаюу уялаган көздөрүнө баягы жолдон өңөрө качкан зөөкүрдүн (апам аны мактаганына карабастан, менин элесимде ошондой бойдон кала берген эле) ыплас, нары олдоксон колдору тийип, булгап, аларды баякы өң-түсүнөн ажыратып таштаган. Ошонусун көрүп, өзүмүн жүрөгүмдө калган анын алачыктагы ажайып элесин бузгум келбегендиктен, ушул убакка чейин аны менен жүздөшпөй качып жүрөм...

«Жалпак-Кыр», андагы алачык, дөбөнүн эки тарабын дагы коон байкели менен жашыл көкүл жүгөрү аянтынын ортосунда перидей суйкайган сулуу Саадат көйнөк жакасын ачып, жеңин түрүнүп таштап, билериктерин шаркылдата топташ ойноп алиге бешенемде отургансыйт...

Өзүнө караганда мага эми ушул элес кымбат, нары ыйык көрүнүп калган...

1972


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз