«Ак кеме» повести – салттуу баалуулуктардын, тээ атамзамандан бери түптөлүп келген элдик философиянын тамыры небак үзүлгөн, татаал тарыхый кырдаал-шартка дуушар болгон ХХ кылымдагы «кичинекей адамдын» жан дүйнө чаңырыгы.
Ч.Айтматовдун чыгармачылык эволюциясында ХХ кылымдагы жалпы адамзаттык көйгөйлөрдүн түйүнүн көркөм-философиялык иликтөөгө багыт алуу дал ушул «Ак кеме» повестинен башталат десек болот. Себеби, бул повестте коюлган проблема, көркөм-философиялык чечмелөөгө алынган ХХ кылымдын нравалык-этикалык катастрофасы, руханий дүйнө кептелген кризистик оор абал жазуучунун кийинки чыгармаларында улам тереңдетилип улантылып олтурат. Алсак, жазуучу «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» романдарында дал ушул «Ак кемеде» козголгон көйгөйлөрдү улам тереңдете саресепке алуу менен, улам бир башка жаңы кырынан көркөм иликтеп, дүйнөлүк философиялык ойломдо нечен ирет калчанган маселелерди өз алдынча чечмелөөгө умтулган. Алтургай, “Ак кемеден” башат алган руханий, нравалык-этикалык катастрофа акыры барып маӊкуртчулукка алып келерин көсөм жазуучу “Кылым карытар бир күн” романында айкын көрсөткөн.
Белгилей кете турган нерсе, ХХ кылымда адамзат кабыл болгон тарыхый-социалдык, нравалык кризистердин түйүнү, себеп-натыйжалары тууралуу ойлору менен Ч. Айтматов экзистенциалдык багытка идеялык жактан жакын чыгармаларды жаратууга жетишкен. Анын жогорудагы чыгармалары буга ачык далил. Мунун өзү совет мезгилинде чет элдик модернисттик багытта жазылган айрым чыгармаларды окууга тыюу салынганы менен, ошол эле советтик адабияттын кыртышында андай чыгармалар жаралбай койбогондугун күбөлөйт. Албетте, доордун трагедиялык добушун, ХХ кылым адамынынын трагедиялык дүйнө туюмун көркөм чагылдырууга кайрылган жазуучулардын чыгармачылыгында мындай көрүнүштөрдүн жаралышынын өз мыйзам ченеми да бар эле. «Ак кеме» повестинин жаралуу мезгили 70-жылдарга, кризистин алдындагы, советтик чыгармачыл интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү советтик коомдун көптөгөн баалуулуктарынан күмөн санай баштаган жылдарга, адабий диссиденсттик бүт дүйнөгө таанылган фактыга айланып, нравалык-этикалык проблематика советтик жазуучулардын акыл-эсин ээлеген жылдар [Ибраимов, 2012: 248] учуруна туш келет.
А эми чыгармада сүрөттөлгөн учур – сталиндик репрессиялар элдин социалдык аң сезимине кеткис так салган, экинчи дүйнөлүк согуш ар бир үй-бүлөнүн, ар бир адамдын тагдырына олуттуу сокку урган эң оор мезгил. Андыктан чындыгында эле, «Ак кеме» жарык көргөн учурда адабий чөйрөдө көңүл чөгөт чыгарма катары кабыл алынгандай, турмуш чындыгын өтө пессимистик маанайда трагедиялуу маңызда чагылдырат. Ал эми ошол учурда повесттин өзөгүндө жаткан трагедиялуу маңызды түшүнүү, канткен менен, карапайым окурман түгүл, чоң адабиятчы окумуштуулар үчүн деле кыйын болгону талашсыз. Советтик коомдо трагедия болушу мүмкүн эмес, ал эми искусстводо болсо оптимисттик трагедия гана болушу ыктымал деген пикир күчүндө турганда бул мыйзамченемдүү эле көрүнүш болчу. Андыктан трагедиялуу курч нравалык кризисти жүрөк титиреткен трагизмде сүрөттөгөн повестти совет мезгилинде жазылган кадыресе чыгармалардын бири катары кабылдоо мүмкүн эмес эле.
Повестте дээрлик бардык каармандардын таалайы тайкы тагдырлары, социалдык-экономикалык оор шарт-жагдайлары, кыйчалыш турмуштары жашоонун нак өзүнөн алынып сүрөттөлүп берилет. Ушул кадыресе күнүмдүк түйшүккө чөмүлгөн карапайым адамдардын ич-ара мамилелери, үч күндүк жашоо-тиричилиги аркылуу жазуучу бүтүндөй адамзаттын көйгөйлөрүн жана ал көйгөйлөрдү жараткан себеп-натыйжаларды көркөм иликтөөгө алат.
Повесть жогоруда айтып өткөндөй, ХХ кылымдагы адамзат дуушар болгон руханий-нравалык кризистин түйүнүн чечмелөөгө арналган. Белгилүү болгондой, ХХ кылым Кудайга болгон ишенимдердин, каада-салттын тамыры биротоло үзүлгөн, асыресе, адамдын акылына гана таянган илимий-техникалык прогресс бийлеп калган модерн-жаңы доордун уландысы катары тарыхка кирген. Чындыгында ХХ кылымдын тарыхы адамзат тарыхындагы эң оор доор болду. Дал ушул доордун ичинде бүтүндөй адамзатты кайгы-касеретке алып келген эки дүйнөлүк согуш болуп өттү. Миллиондогон күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйган репрессиялардын, тоталитардык режимдердин мезгили болду. Ошол тоталитардык режим ХХ кылымдын адамын жарга такады. Бул айрыкча, совет адамынын тагдыр тарткысы катары тарыхтан орун ээледи.
Ушул тири укмуш окуялардын баары адамзат келечегин прогресске карай сүрөйт делген Агартуучулук идеяларын таш каптырганы, илимдин жетишкендиктери, жалпы дүйнөлүк “өнүгүүлөрдүн” арты нравалык кризистердин жарына алып келип такагандыгы адамзат басып өткөн тарыхый процессти, анын философиясын кайрадан калчап көрүүгө түрттү. Бүгүнкү күндө Агартуучулук доорунун цивилизациянын кийинки доорлордогу өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу, т.а., андагы бийик пафостуу башталмалар барып-келип кандуу ХХ кылым менен аякташы тууралуу философияда ар түрдүү сынчыл көз караштар кездешет. Аларда агартуучулуктун идеологдору тарабынан жайылтылган идеал жана принциптер кайрадан саресепке салынып, аңдалганын көрөбүз. Айрыкча, агартуучулуктун идеялары Франкфурт мектебинин[1] эмгектеринде кескин сынга алынат. Франкфурт мектебинин ири өкүлдөрү Т.Адорно жана М.Хоркхаймер өздөрүнүн «Агартуучулуктун диалектикасы: Философиялык фрагменттер»(1997) аттуу эмгегинде рационализация процесси коомдун жана адамдын жеке сферасынын кыйрашына алып келди деп белгилешет. Ал эми постмодернисттик философиянын өкүлдөрү агартуучулуктун тарыхый процессте ишке ашкан принцип-идеалдарынын натыйжаларын калчап келип, тиешелүү деңгээлде сынга алган пикирлеринде акылдын культу азыркы дүйнөнүн зулумдугунун булагы болгондугун белгилешип, ал тургай Агартуучулук долбоорунун доору бүттү деп бүтүм чыгарышат [Фуко, 2002]. Албетте, азыркы философияда цивилизациянын өнүгүүсүндөгү агартуучулуктун тарыхый, саясий жана маданий мааниси биротоло четке кагылбайт. Ошентсе да, XVIII кылымдын аягынан XX кылымдын аягына чейинки мезгил аралыгын камтып, ушул тарыхый учурда болуп өткөн окуяларга чоң таасирин тийгизген Агартуучулук долбооруна карата сын пикирлер көңүлдү бурдурбай койбойт.
Ырас, мында ХХ кылымдагы оор катастрофалардын, репрессиялардын, дүйнөлүк согуштардын чыгуу себеби адамзаттын нравалык кыйроосунун натыйжасы болгондугу тегин жерден белгиленбейт. Салттуу баалуулуктардан, дегеле табигый руханий азыктануудан, сырт калган жаңы замандын адамы илимий-техникалык прогресс орун алган, түрдүү жаңы саясий-социалдык түзүлүштөрдүн мыйзамы иштеген жаңы заманда болуп көрбөгөндөй курчуган көйгөйлөргө туштукту. Натыйжада, өзүнө жат болгон коомго жана дүйнөгө сыйбаган адам өзүн алсыз бир макулук катары сезе баштаганын жогорудагы окумуштуулар, айрыкча, постмодернисттер баса белгилешет. Албетте, бул окумуштуулардын айткандарында айрым бир аша чабуулар да бар. Бирок, адам акылынан жаралган илимдин культуна жол салынышы менен салттуу баалуулуктардын доору бүткөн жер жүзүнүн басымдуу бөлүгүндө, айрыкча, Европа өлкөлөрүндө жаңы цивилизациянын башталганын танууга болбос.
Хоркхаймер менен Адорнонун көз карашында урбанисттик техногендик цивилизацияда дүйнөгө рационалдуу мамиле жасоо, б.а. адам менен табияттын ортосундагы эмпатиялык мамиле жоюлду, натыйжада адамдын табиятка жасаган кор мамилеси бүтүндөй жер жүзүн кооптуу абалга алып келип такады делет.
«Ак кеме» повестинин негизги идеясы дал ушул маселенин негизинде өөрчүгөн десек болот. «Ак кеме» бардык алака-мамилелер акчага, коомдук макамга жараша жүргүзүлүү менен боордоштук жана адамгерчилик бийик сапаттарга угут боло турган жана табиятты кастарлоо, таазим этүү менен аны сактоого үндөгөн элдик рухий маданияттын баалуулуктары эске алынбай калган модернисттик заман орногон дүйнөдө аң сезимине нагыз салттуу баалуулуктар сиңирилип тарбияланган балапан баланын жашап кете албагандыгы тууралуу идеяны көтөрөт. Повестте жазуучу элдик рухий маданияттын, анын өзөгүндөгү нравалык-этикалык принциптердин угуту модернисттик замандын доорунда өнүп кете албастыгын жана мунун өзү канчалык кооптуу жана коркунучтуу натыйжаларга алып барарлыгына көңүл бурдургусу келет. Дегеле повестте Ч.Айтматов доордун трагедиясынын философиясын көркөм аңдоого умтулат десек болот. Чыгармада негизги сюжеттик линия Бугу-Эне тууралуу жомоктун негизинде өнүгүп, элдик рухий маданияттын принциптери да негизинен ушул жомоктун өзөгүнөн орун алганын көрөбүз.
Повестте Момун чалдын бүтүндөй турмушка, адамдарга карата жасаган мамилеси да элдик руханий баалуулуктардын принциптеринин негизинде ишке ашат. Арийне, Момун чал «эски, ураган» рухий баалулуктардын жападан-жалгыз жактоочусу, жөн гана жактоочусу эмес, жан дүйнөсүнүн азыгы, жашоосунун багыты катары алып жүргөн адам. Повестте Момун чалдын, андан соӊ баланын жаңы замандагы коомдон сырт калышы – бул элдик руханий маданий баалуулуктардын жаңы замандын рухий катастрофасы менен кагылышы катары көрүнөт. Повестте казак шопурдун балага таятасы сиңирген салттуу баалуулуктар учур үчүн эскирген, күнү бүткөн түшүнүктөр экендигин айтканына күбө болобуз. Мында шопурдун пикири советтик учурдун аксиомасы катары айтылат. Ошондой эле Сейдакматтын Момунду советтик идеологияга жат болгон «эскинин жомогун айтканың үчүн жазчу жерге жазам» деп коркутканы – чыгарманын кульминациялык чегин жаратат. Бул көрүнүштөр бала менен Момун чалдын алар жашаган коомдон канчалык сырт калганын көрсөткөн фактылар болгонунун кашкайган далили.
Повесть дүйнөдө ушундай абсурддук орун алган кезде адамдын бактылуу болушу мүмкүн эмес экендигин айкын көрсөтөт. Андыктан чыгармадагы ар бир каарман психологиялык оор кырдаал-шартка аргасыз моюн сунуп жашайт, ар биринин таалайы тайкы. Алсак, Момун чал да, Бекей да, кемпир да, жада калса, Орозкулдун өзү да жеке турмушунда бактысыз жандар катары көз алдыга тартылат. Ар биринин башында тагдыр салган күйүт-арманды көрөбүз. Бирок, бири да ал тагдырдан башын алып качып кете албайт. Ар бири өз тагдырынын жипсиз байланган туткуну. Момун чал канчалык адилеттүүлүктү көкүрөгүндө жактап турса да, Орозкулдун итчилигине каршылык көрсөтө албайт. Эки кызынын турмушунан көңүлү тынчыбаган Момун чалдын тагдыр тарткысы оор, ал тургай чыгарманын финалында ал бүтүндөй психологиялык жактан өтө татаал сыноого кептелип, өзүнүн нравалык принциптеринен да таят. Бул Момун чалдын тирүүлөй өлүмү менен барабар нравалык жана руханий жактан кыйроосу эле. Момун чалдын трагедиясын, бир жагынан, өзүнүн мүнөзүнүн элпектиги, мажирөөлүгү жаратса, экинчи жагынан, бул кудайдын момуну болгон карапайым карыяга доордун катаалдыгынын запкысы тийгендигин көрөбүз. Буга Сейдакматтын коркутуш үчүн «эскинин жомогун айтып өкмөттүн саясатына каршы экенин билдирчү жерге билдирип коём» деген сөзүнөн жүрөгү өлгөн Момун чал өзү өмүр бою туу тутуп келген принциптерине каршы ок атууга, б.а., өзүн өзү жок кылууга аргасыз болот. Бул албетте, адамдардын жүрөгүн репрессиялар менен, саясий басымдын ар түрдүү жолдору менен өлтүргөн ХХ кылымдын ачуу чындыгы жана трагедиясы экени белгилүү. Өз кезегинде «Ак кеме» повестиндеги экология, адеп-ахлак проблемасынан тышкары, адам эркиндигине карата коомдук кысымдын катышы сүрөттөлгөнүн кыргыз адабиятчылары да белгилешкен. [Акматалиев, 2008: 74-75].
Чыгармада Момун чал ар дайым балага Мүйүздүү Бугу эненин жомогунан баштап элдик казынанын бай мурасын дилгирленип айтып бергени сүрөттөлөт. Бирок, бала менен болгон акыркы диалогунда Момундун мурдагыдай дилгирлигин байкай албайбыз:
« -Ата, жанагы маралдардын ичиндеги Мүйүздүү Бугу Эне өзү да ээ? Жанагы сүттөй аппак, көзү балбылдап адамча тиктегеничи, ошолбу?..
- Акмагым аа, - деп таятасы эңкейип бешенесинен жыттады. Анан каргылдана сүйлөдү. – сага ошондой көрүндүбү? Болсо болор… касиеттүү ыйык эне ошол өзү чыгар, ким билет… Мен сага муну айтайын дедим эле…
Эшиктен кемпир алактап шашып кирип Момун чал сөзүн бүтпөй калды» [Айтматов, 2014:150]. Мында таята небересине эмнени айткысы келди, эмне тууралуу айтууга же эмнени эскертип коюуга үлгүрбөй калды деген суроо туулбай койбойт. Демейде Бугу-Эне тууралуу узун кеп кылып, уккан кулактын кычуурун кандырган Момун чалдын бул диалогдо үзүл-кесил сүйлөгөнү сүрөттөлөт. Ырас, буга Орозкул менен болгон курч конфликтиси да себеп болуп турган. Бирок Момун карыянын балага башка бир нерсени айтайын деп үлгүрбөй калганын автор жөн жерден берген эмес. Мында бүтүндөй аң сезимин ээлеп алган Мүйүздүү Бугу эне тууралуу жомокко бекем ишенген, элдик рухий маданият баалуулуктарын сиңирген бала үчүн алар жашаган коом канчалык карама-каршы турарын Момун чал кеч аңдап, балага аны түшүндүрүүгө үлгүрбөй калганы тууралуу автор кыйытып жаткандай.
Ал эми Орозкулдун образына токтоло турган болсок, адабий сындарда бул каарман тууралуу бир беткей ой-пикирлер айтылып келгенин белгилеп кеткибиз келет. Чыгармада Орозкул канчалык зөөкүр, каалаганын калчаган, оюндагысын жасаган киши болгону менен согончогу канабаган аялы Бекейди, жада калса, ушул байкуш Момунду кыйып, басып кетүүгө даай албаган адам. Орозкулдун агрессиясынын бирден бир себебин да ушул кырдаал аркылуу түшүнүү керек. Эмне үчүн балалуу болууну жашоосундагы эң негизги максаты катары көргөн Орозкул аялы менен ажырашып кете албайт деген суроону өзүбүзгө бербей коё албайбыз. Тагдырынын тайкылыгын эстеген сайын ичиндеги күйүтүн арак менен басып, аялы Бекейди сабоо менен жинин чыгарган Орозкулдун жеке трагедиясы да анын өз тагдырына аргасыз баш ийгендигинде. Повесттин негизинде “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Ак кеме» көркөм тасмасында (1975) Орозкулдун көзү тирүү туруп, өзүнө күмбөз салдырганы көрсөтүлөт. Мында күмбөз аркылуу режиссер Болот Шамшиев Орозкулдун тукумсуз өткөн тагдырына биротоло моюн сунганын туура белгилеп көрсөткөн. Кыргыз элинде күмбөздү көзү өткөн кишиге анын артынан калган баласы тургузат, ал эми Орозкулдун артында калар туягы жок, андыктан тасмада ал өз өлүмү тууралуу өзү кам көрүп олтурат. Тукумсуз өтүп кетерин эстегенде заманасы куурулган Орозкулдун психологиялык абалын жазуучу өтө чебер сүрөттөйт.
"Ысыктан башы ооруган го", - деп ойлоду бала. Орозкул ыйын токтото албай ошентип жатканын бала билген жок. Орозкул болсо алигинтип алдынан өз уулу чуркап чыкпаганына, китеп кабына сүйүнүп жүргөн бу балага кишиче эки ооз жылуу сөз таап айта албаганына ыйлап отурган» [Айтматов, 2014:28]. Мында Орозкулдун мас болсо да жүрөгүндөгү ыймандай сыры, нукура жүзү айкын көрүнүп турат. Анын башындагы кайгысы, эки дүйнөлүк арманы балага кишиче эки ооз сөз айтууга чамасын келтирбегенин көрөбүз. Бүтүндөй өмүрүн «текке кеткенине» жаны кейиген Орозкулдун агрессиясына жазуучу кылдат психологиялык көркөм анализ жасаган.
Орозкулдуку сыяктуу агрессияга туштуккан каармандар – Момун чалдын кемпири жана кызы Бекей. Повестте, айрыкча, Бекейдин көргөн күнү, тарткан тарткысы оор экенине күбө болобуз. Орозкулга кол шилтеп, өз бетинче басып кетип, тагдырын сынап көрүү, күйөөсүнүн ачуу тили менен таягына ууккан Бекейдин оюна түк келбейт. Ушундай жыргалынан азабы көп турмушуна туткун болуп, башын ийип жашап келет. Ал эми Момундун кемпиринин тагдыры тууралуу өзүнүн оозунан буларды угабыз: «Кудай минтип кууратпаганда мен ким элем! Балканактай беш баламды биринен сала бирин жерге бербесем, он сегизге жеткенде кырчындай болгон жалгыз уулум согушта окко учпаса, байкуш Тайгара кой артынан жүрүп, бороонго буюкпаса, ошолордун баары азыр маңдайымда турса мен силердей токойдун жаман дөдөйлөрүнө кор болот белем? Мен сага окшоп согончогу канабаган куу жатын белем, ыя? Кудай минтип шорлотпогондо карыганда жанагы кеңкелес атаңы багып отурмакмынбы? Кайсы күнөөмө минтип кууратып койдуң, оңбогон кудай көзү жок!».
Повестте акыл-эси аз Сейдакмат гана «жыргап-куунап» жүргөндөй элес калтырат. Себеби ал тигилердей өз турмушу тууралуу бир саам да ойлонуп койбогон бир макулук, ага кечээгиси, учуру жана келечеги да баары бир сыяктуу. Андыктан өзүнүн тагдырына кайдыгер, жалкоо Сейдакмат үчүн башканын тагдыры да түккө арзыбайт. Ушул себептен, учуру келгенде Момун чалды өзү ыйык туткан маралдарды атууга аргасыз кылган да дал ушул акылсыз макулук болгонун көрөбүз. Демек, ал Орозкулдан да коркунучтуу, маңкурттун маңкурту десек болот.
Мына ушундай чоңдордун дүйнөсүндө ата-энесинен тирүүлөй жетим калган баланын тагдыры чыгарманын аягында трагедиялуу чечилишке ээ болот. Чоңдордун жасаган ишинен психологиялык жактан өтө оор жаракат алган баланын мындан башка аргасы калбайт. Бала бул окуяны же рационалдуу түрдө анализдеп жыйынтык чыгарып, адилетсиздик менен күрөшүүнүн башка жолдорун издеши керек эле (буга баланын жаш курагы мүмкүнчүлүк бербеди), же бул адилетсиздикке баш-оту менен баткан дүйнөнү кечип, өмүрүн кыйышы керек эле. Ал бул жолдордун экинчисин тандады, б.а., өзүнүн идеалы болгон Бугу-Эненин кор болуп, тебеленгенин көргөн бала ата мээримин, ата сыймыгын эңсөөдөн улам кыялында өзү жаратып алган экинчи идеалы Ак кемеге балык болуп сүзүп кетүүнү жападан жалгыз жол катары тандап алды. «Көктүн ыры атылып-өлтүрүлгөндө, «керемет ырлардын добушу кайра жангыс болуп өчкөндө», ата-бабанын ырына ишеним таптакыр калбайт, дагы башкача айта турган болсок, адамдан «жараткандын бейнеси» өчүп жок болуп кеткен чакта – анын (баланын – Г.С.) күн кечирүүсүнүн мааниси да калбайт», - дейт бул тууралуу белгилүү адабиятчы, жазуучунун чыгармачылыгын тыкыр изилдеген орус окумуштуусу Г.Гачев.
Чыгармада Ак кеме тууралуу бала өзү ойлоп таап алган жомоктун мааниси Бугу эне жомогунан кем калышпайт. Белгилүү адабиятчы Л.Укүбаева автор “Ак кеме” аркылуу «советтик мезгилдеги элдин жашоо-турмушунун социалдык маселелери, бир түстүү кунарсыздык, адамдардын ортосундагы пайда болуп, биротоло калыптанып калган бири-бирине карата кайдыгерлиги подтексттер менен өтө чебер берилгенин» туура белгилейт [Укүбаева, 2012: 173].
Мында окуя жаңы замандын мыйзамдары өкүм сүргөн тээ Европанын аймагында, же болбосо, урбанисттик турмуш шарты бекем орногон, адам батпай кыжылдаган чоң шаарларда эмес, а али цивилизациянын толук кандуу мыйзамы ишке аша элек жапайы токой кордонунун тургундары болгон, кадыресе карапайым кыргыз кишилеринин турмушунда болуп жатканы өзгөчө көңүл бурдурат. Демек, мына ушундай чоң дүйнөдөн обочо калган токой кордонундагы үч түтүн үйдүн тургундарынын аң сезиминде, турмушунда элдик рухий маданияттын угуту жоюлган болсо, табият менен адамдын ортосундагы мамиледе чоң ажырым жаралган болсо, дүйнө-адам гармониясы түп тамырынан бери бузулуп отурса, анда башкасы тууралуу сөз кылуу мүмкүн да эмес. Айтматов дүйнөдөн обочо жайгашкан кордонду жөн жерден тандап албаса керек. Ал эми кордондогулардын таалайсыз тагдыр тарткылары бүтүндөй жер жүзүндөгү адамдардын тагдыр тарткысы катары чагылдырылып жаткандай. Себеби, эзелтеден бери келе жаткан элдик маданий мурастар тепселенген жана унутулган, илимий-техниканын «муздак» дүйнөсүндө табият менен таттуу мамиле, гармония жоголот, пайда, материалдык өнүмдүүлүк алдыңкы планга чыгып, гуманисттик принциптер артка сүрүлөт. Гуманисттик принциптер артка сүрүлгөн дүйнөдө адам бак-таалайга жетүүсү түк мүмкүн эмес.
Чындыгында ХХ кылымдын күрөө тамырын кармап, ага өзүнүн “диагнозун” койгон социалдык психолог жана психоаналитик, философ жана социолог, Франкфурт мектебинин ири өкүлү Э.Фроммдун сөзү менен айтканда, Батыштын “ээ болуу модусу” мамилесинин дүйнөгө үстөмдүк кылышы адамдын ички инсандык табиятына таптакыр туура келбейт. Ал эми Чыгыш элдерине мүнөздүү адамдын аалам менен гармонияга умтулган, өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары эсептеген “бар болуу модусу” мамилеси Батыш таӊуулаган дүйнөнү өнүктүрүү жол-жобосунун өзүмчүлдүк табиятына туура келбейт. Совет мезгилинде, тагыраак айтсак, 1970-жылдарда жазганына карабай, «Ак кеме» повестинде Ч.Айтматов адамзат тарыхындагы ушундай татаал карама-каршылыкты тереӊден аӊдап, ХХ кылымдагы турмуштун ачуу чындыгы менен элдик философиянын нравалык принциптеринин трагедиялык кагылышын чагылдырып берген.
Адабияттар:
Акматалиев А. Чыӊгыз Айтматов. – Б.: Бийиктик, 2008. – 580 с.
Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагы. – 8 томдук. – Б. – т. . – 2014.
Гачев Г. Чингиз Айтматов (в свете мировой литературы) / Послесл. Е.К.Озмителя; Худож. К.Сейталиев. – Фрунзе: “Адабият”, 1989. – 448 с.
Ибраимов О. История кыргызской литературы ХХ века. – Бишкек: 2012. – Т.2. – с. 248.
Үкүбаева Л. Чыңгыз Айтматов жана фольклор. – Б.: 2000. – 74-б.
Фромм Э. «Иметь или быть». – Киев: "Ника-Центр" "Вист-С", 1998 http://lib.ru/PSIHO/FROMM/haveorbe2.txt_with-big-pictures.html
Фуко М. Что такое Просвещение? // Интеллектуалы и власть: Избранные политические статьи, выступления и интервью / Пер. с франц. С. Ч. Офертаса под общей ред. В. П. Визгина и Б. М. Скуратова. – М.: Праксис, 2002. - 384 с. – (Серия "Новая наука политики").
Хоркхаймер М., Адорно Т.В. Диалектика Просвещения. Философские фрагменты. – М.- СПб.: Медиум, Ювента,1997. – 312 с.
[1]Франкфурт мектеби (нем. Frankfurter Schule) — азыркы индустриалдык коомду сынга алган теория, неомарксизмдин бир түрү. Негизги өкүлдөрү: Теодор Адорно, Макс Хоркхаймер, Герберт Маркузе, Эрих Фромм, Вальтер Беньямин, Лео Лёвенталь, Франц Леопольд Нейман, Фридрих Поллок, «экинчи мууну»: —Юрген Хабермас, Оскар Негт. «Франкфурт мектеби» термини Франкфурттагы Коомдук изилдөөлөр институтунун тегерегине топтошкон ойчулдарга карата айтылган.