Бексултан Жакиев: Гомер XX кылымдын Саякбайы боло алабы?

  • 02.03.2021
  • 3665

Кыргыз эли өзүнүн жашоо тагдырында Александр Македонскийдин, хунндардын, араб, татар-монголдордун жортуулдары сыяктуу тарыхый зор окуяларды да, сандаган майда кагылыштарды да башынан тынымсыз кечирди. Өзү менен өзү чабышып, бытырап да, бириккен да учурлары болду. Бизге жеткен азыноолак маалыматтарга караганда кыргыздар мурдагы эранын экинчи кылымынан баштап, Ыраакы Чыгыш менен Энесайдан тарта Алтай, Тянь-Шань, Памир, Урал тоолоруна чейинки ой-кырларда өөдө-төмөн оошуп жүрүп, акыры азыркы Кыргызстанды жердеп калган.

Батыш менен Чыгышты, элдер менен элдерди, тилдер менен тилдерди, диндер менен диндерди бир жарым миң жыл бою үзбөй байланыштырып келген Улуу Жибек Жолунун чордонунда Кыргызстан да турган.

Кезинде кыргыз жери бүткүл эле Борбор Азия өлкөлөрү сымал зоростризм менен буддизмдин, христианство менен манихейизмдин, шаманизм менен жерге-сууга сыйынуучулук сыяктуу ар түркүн диндердин бири-биринен орун талашкан аренасы да болгон. Бара-бара исламды жеңил-желпи кабыл алуу менен бирге кыргыздар жер-сууга сыйынган мурдагы адаттарынан, шаманизм, буддизм, конфуцианизм жосундарынан да анча-мынчаларын сактап калып, мусулман элдеринин ичиндеги динге бош, мындайча айтканда, диний фанатизмден таза калган калк.

Жашоо-шартта эл башына түшкөн ысык-суук, ачуу-таттуунун бардыгы тилдин өнүгүшүнө, диний түшүнүктөр менен көз-караштарга, кулк-мүнөз, көркөм-өнөр, маданий жагдайга таасир этери шексиз. Ошондой эле башка элдердин, айрыкча коңшулаш жана боордош элдердин тагдыры да зор таасирин тийгизет. Кыргыздарда фольклордук маданияттын, оозеки поэзиясынын, ырчылык, зергерчилик өнөрлөрүнүн байыртан мыкты өнүгүшү да, ошо таасирлердин күчтүүлүгүнөн болгондур?.. Таасир болбосо сапаттын баары эле ойгоно бербес. Кыргыз маданияты өзүнүн узак жол баскан тарыхында, албетте, дайыма эле бир калыпта боло бербегени белгилүү, айталык, Караханид доорундагыдай көркөм өнөрдүн гүлдөп өскөн  учуру боду.

Тарых кыргыз тагдырындагы оор абалдарга да көп күбө. Тарых кандай доор, кандай абалдарды башынан өткөрбөсүн, кыргыздар, анын маданияты эч качан “өз казанында эле өзүнчө кайнап”, башка элдер менен таасирлешпей бөлүнүп калган учуру болгон эмес.

Кыргыз элинин тагдырында Совет бийлигинин доору өзгөчө доор. Аны бир эле сөз менен “жакшы” же “жаман” дей салыш мүмкүн эмес. Бул доордо саясый коомдук түзүлүш да, маданият да, 1917-жылга чейинкидей тушкелди эмес, атайы системага салынып, белгилүү багытта, өз тартиби менен план боюнча өнүктүрүлдү. Адеп баштаганда Совет бийлиги баардык улуттардын маданияты, ыр-күүлөрү, көркөм өнөрлөрүнүн өсүп өнүгүшүнө шартты жакшы түзүп, жазууларды киргизип, гезит, китептерин чыгарып, элди ыраазы кылып салды да, анан коммунисттик идеологиянын максатына ылайыктап четинен укуктарын чектеп, жылаңачтай баштады. Айталык, адегенде ислам дининдеги элдердин жигин ажыратыш максатында жыйырманчы жылдары эле киргизилген араб тамгасын отузунчу жылдары жоё салып, латынчаны киргизишти да көп өтпөй түрк элдеринин биримдигин үзүү үчүн латынчадан кириллицага көчүрүштү.

Тилекке каршы, бул “реформалардын” төркүнүндө кандай саясат жатканын учурунда карапайым калк түгүл, интеллигенциянын да түшүнүгү жете берген эмес. Совет доорунда көптөгөн мектептер, окуу жайлар ачылып, маданият мекемелери, китепканалар, театрлар, киностудиялар, сүрөт музейлери курулгандыгы чындык. Бирок ошонун баарына идеологиялык зыяндуу селекция жүргүзүлгөндүгү, тагыраак айтканда, бүткүл совет элдеринин маданияттарын бир маданиятка, социалисттик орток мадинятка бириктирүү же баш ийдирүү саясатынын үстөмдүк кылып келгендиги да чындык.

Натыйжада, улуттук үрп-адатыбыз, каада-салттарыбыз, тилибиз, дилибиз, динибиз өсүп-өнүгүүдөн кала баштаган. “Мазмуну - социалисттик, формасы - улуттук” деген “орток” маданият куруунун принциби оюн-зооктордо гана ар улутка өз-өз кийимин кийгизген болуп коюп, бирок бардыгын бирдей бийлетип, бирдей ырдатып, бирдей тойлотуп, эң негизгиси – бирдей ойлонтуп, бирдей жыйын өткөртүп дегендей, жүрө-жүрө бир тилде сүйлөөгө көндүрүү багытында болгон. Балет, опера, драма театрларынын европалык моделин да Совет доорунда үйрөнүп, өздөштүрүп алдык. Биз үчүн бул чоң ийгилик, мурда ата-бабабыз билбеген жаңы көркөм өнөр. Бирок театрдын европалык модели менен катар чыгыш театрынын моделин да эриш-аркак кошо өздөштүргөнүбүздө көптү утмакпыз, театр өнөрүбүздүн көркөм каражаты, сахналык мүмкүнчүлүктөрү, синтези өтө бай болорунда шек жок эле.

Тилекке каршы, кытай, жапан, индиянын классикалык театрлары биз үчүн белгисиз бир туюк, түшүнүксүз нерсе болуп келди. Ал эми өз улутубуздагы, байыртан коңшулаш тажик, түбүбүз бирге боордош казак, өзбек, уйгур, түркмөн сыяктуу жанаша элдердин маданий турмушундагы, айталык “аянт” театрларынын эле элементтерин өздөштүрүүгө жол берилбей, алардан “эскинин калдыгын”, идеологиялык илдетти, мындайча айтканда, пантуркизм вирустарын көрүп, совет адамдарын андай идеологиялык балээден “кайтарып” келишкен. Коммунисттик идеологдор бүткүл совет улуттарына орток ассимилиацияланган Социалисттик маданияттын уюткусун, албетте, орус маданияты түзүүгө тийиш деп эсептешкен.

Мында орус элин күнөөлөшкө болбойт. Деги эле орус элин советтик башка элдерден жогору койгондук - большевиктик бийликтин учурундагы эң зыяндуу, “улуу” орус элине көшөкөрлөнүү, башка элдерди кемсинтүү саясаты болгон. Совет түзүлүшүн уратууга жеткирген негизги себептердин бири да ушунда. Ал эми орус маданияты чынында эле үйрөнүүгө татыктуу улуу маданият. Ал бештен белгилүү. Бирок алиги коммунисттик идеологиянын фориссейлери, орус шовинисттери менен улуттук кошоматчылардын жүргүзгөн зордукчул саясатынын кесепетинен же өзүбүздүн нукура маданиятыбызды сактап кала албай, же “улуу аганын” салт-санаасын боюбузга сиңирип кете албай, - көркөм адабиятта, театрда, кинодо, музыкада айрым бир жакшы, таланттуу чыгармалардын жаралып келгендигине карабастан, - эт менен челдин ортосунда арабөк келгенибиз да жалган эмес. Эл болуудан кала баштаганбыз. Мисалга, кайра куруунун алдында өлүк көмүүнүн кыргызча улуттук салтына катуу кысым көрсөтө башталганын, ошондой эле Кыргызстандын борбору болгон Фрунзе шаарында бир гана кыргыз мектеби болгондугун эскертсек жетиштүү болор.

Социалисттик орток маданият куруу саясаты орус маданиятын да оңдурган жок. Жетимиш жыл мурда кандай болсо, ошол калыбынан өөдө көтөрүлбөй токтоп калганы аздык кылгансып, улуттук орус маданияты, салты да жоголо баштаганын турмуш көрсөттү. Башкача болушу мүмкүн эмес эле, анткени идеологиялык кысым “улуу улутка да, “кенже” улуттарга да бирдей кысым кылган. Айтор, жалпыга келген идеологиялык селекциянын кесепети эч кимди аяшы мүмкүн эмес эле.

Көркөм өнөр менен маданияттагы идеологиялык селекция айрыкча большевиктер партиясынын 1946-жылдагы адабият менен искусство боюнча кабыл алган токтомдорунан кийин өтө активдүү жүргүзүлүп, улуттук маданияттын тамыры болуп эсептелген тарыхый жана эпикалык чыгармаларга, эң алды “Манас” эпосуна балта чабыла баштаган. Мунун логикасы терең болчу, ачык айтканда, улуттук аң сезимди, улуттук ар-намысты ойготпос үчүн өткөндөгү мурастарды, үрп-адат, ата-салттарды, тарыхты, мамлекеттүүлүк, эркиндик жана эгемендүүлүк жөнүндөгү ой-тилектерди калктын калың катмары билбеши керек эле. Чынында да ошондой болду.

Анын залакасы улуттар аралык карым-катнаштарга да, өз тагдырыбызга да бирдей оор тийди. Натыйжада, өзүбүз менен кошо өңгө боордошторубуздун да өткөн тарыхын жакшы билбей жашап келдик. Алар да биз жөнүндө ушундай эле бүдөмүк кабарда  болду. Көп тереңдебей фольклорубузду эле айтайын. Алсак, кыргыздарда “Курманбек”, “Кожожаш”, “Жаныш-Байыш”, “Эр-Табылды”, “Эр-Төштүк”, “Зарлык-Мундук”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл Мырза” дегендей отуздан ашуун эпос бар. Кыргыздардан башка аларды билген эл жокко эсе, анткени, бул эпостордун далайы жогоруда айтылган токтомдордон кийин көп жылдар бою идеясы бузук чыгармалар катары тыюу салынып, тыюу салынбагандарын мактатпай, тарта айттырып койгонго айбыктыкпы, айтор, аларды биз “кенже” эпостор деп, кемсинткендей атап алганбыз. Албетте, улуу “Манас” эпосунун жанында алар чынында да кенже. Бирок көлөмү, мазмуну, мааниси, көркөмдүк кудурети жагынан алардын ар бири башка элдерде болгондо, “улуу эпос” аталмак.

Кептин ылайыгы келип тургандыктан айта өтөйүн; бизде атактуу Саякбай манасчыны “20-кылымдын Гомери” деп окумуштуулар атады. Саякбай Каралаев ошондой салыштырууга толук татыктуу гений болгон. Эгерде Гомер Саякбайдан кийин жашаган болсо, окумуштуулар Гомерди “20 же кайсы бир кылымдын Саякбайы” деп атаса мен эч таңыркамак эмесмин.

Эми мен – “Манас” эпосуна атайлап токтолбоско эч акым жок. Учурунда социалисттик ассимилияцияланышкан орток маданияттын идеологиялык концепциясынан саал эле четтеп, улуттук кызыкчылыкты козгоп койгон адамдар куугунттукка алынып, “улутчул” деген коркунучтуу жалаа жабылчу. “Манас” эпосунун тегерегинде да далай саясый драмалар, катуу кармаштар өттү. XX кылымдын 50-жылдарында “Манас” эпосуна каршы аёосуз салгылаш башталды, анткени, эл-жерин чет-душмандардан коргогону үчүн Манас баатырга баскынчыл, улутчул деген айып тагылып, намаз окуп, ислам динин тутканы үчүн атеизмге каршы деп, коммунисттик идеологияга жат чыгарма катары эпосту жок кылып жиберүү коркунучу туулду. Мына ошондо “Манасты” коргоп калгандар кимдер болду? Албетте, Кыргыз эли, кыргыз интеллигенциясынын патриот жазуучулары, окумуштуулары. Бирок алар менен бир катар казак Мухтар Ауэзов (“Манас” боюнча конференциядагы М.Ауэзовдун доклады>>>>) кармашпаса, Жирмунский, Абрамзон сыяктуу Москва, Ленинграддын окумуштуулары, окумуштуу башкыр кызы Медина Богданова, өзбек Миртемир, дагы башка улуттардын жүрөктүү өкүлдөрү турбаса, жалгыз кыргызстандыктаргa кыйын болмок. Ансыз да кыргыз окумуштуулары Tашым Байжиев менен Зияш Бектенов (З.Бектенов Ауэзов жөнүндө>>>>>) Сибирге сүргүнгө айдалып, Байжиев ошоякта өлдү. Хусеин Карасаев менен Болот Юнусалиев иштеринен куулуп, бөлөк республикаларда илимий иштерин улантууга аргасыз болушту. Орус адамы Константин Юдахинге “кыргыз улутчулу” деген күлкү келтирээрлик, бирок оор айып тагылды. “Манас” эпосунун маанисин түшүнүп, анын баркын көтөргөндөрү үчүн 1937-жылы кыргыз окумуштуусу, лингвист-тилчи, таланттуу акын Касым Тыныстанов, орус тилчиси лингвист Евгений Поливанов атууга кеткен.

Мындай трагедиялуу жагдайлар менен катар “Манас” эпосун элге жек көрдүрүп, андан үркүтүп, аны пропагандалатпоонун ар кандай, а түгүл, адамдын түшүнө кирбей турган айла-амалдарды, имиш сөздөрдү калк арасына таратышкан. Маселен, “Манасты” изилдеген адам, аны кино, спектакль кылып чыгарам деп далалаттангандар оңбойт, кырсыкка кабылат, эң эле болбогондо, оозу-мурду кыйшайып калат деп коркутушкан.

Кыянатчылыктарга дуушар болбогондо, “Манас” эпосунун абалы ушу бүгүн таптакыр башкача болмок деген ойдомун. Эмдигиче дүйнөдөгү көптөгөн тилдерге которулуп, “Иллиада” жана “Одиссея” менен жанаша жүрөт эле го! Тилекке каршы, иш жүзүндө анча-мынча гана жылыштар болбосо, “Манас” эпосу сөз жүзүндө гана аты аталып, чыгарма түрүндө дүйнө элдерине жете элек. Мааниси, көркөм сапаты, окуяларынын кызыктуулугу, композициялык түзүлүшү, абстрактуу жана турмуштук философияны камтыганы жагынан да белгилүү эпостордун эч биринен калышпайт.

“Манас” эпосунда кыргыз элинин тарыхы, байыртан берки тагдыр жолу, башка элдер менен мамилелери, санаа салты, ырым-жырым, үрп-адаты, күнүмдүк жашоо-тиричилиги, кайгысы менен кубанычы, жакшысы менен жаманы, согушу менен тынчтыгы, көсөмчүлдүгү менен маңыроолугу, күлкүсү менен ыйы, үмүтү менен өксүүлөрү библиялык мааниге көтөрүлүп, “Иллиада” менен “Одиссеядан” кем калышпаган морфологиялык жана реалисттик сүрөттөөлөрү бай, “Махабкарата” менен “Рамаянадагыдай” мистикалык философиясы терең, бүткүл адамзат рухуна таандык чыгарма. Бирок дүйнө элдери “Манас” эпосун азырынча  “Иллиада” менен “Одиссеядай” өздөрүнө энчилеп ала элек. А түгүл, Түркияда түрк тилине которулуп, жакшынакай китеп болуп чыккан “Манас” - эпостун начар варианттарынын бири. Мында түрк туугандардын эч күнөөсү жок, жогоруда айтылган идеологиялык блокаданын доорунда боордош түрк илимпоздоруна Радловдун XIX кылымда кыргыздар арасындагы ортодон төмөнкү манасчыдан жазып кеткен “Манасы” гана тааныш болгон. Тилекке каршы, ошол вариант түрк тилине которулуп кетти. Академик Радловго кыргыздар чексиз ыраазы, ал Чокон Валихановго удаалаш кыргыз жерине келип, “Манас” эпосун жазып алып, кыргыз жана немис тилдеринде XIX кылымда басып чыгарган. Бирок Радловдун варианты башка тилдерге которулбаганы оң, деги эле анын кеңири таркалганын каалабас элек. Бул вариант изилдөө объектиси катарында гана, “Манас” эпосунун көп вариантынын бир варианты катары, фольклор изилдөөчү адистер үчүн кызык болушу мүмкүн.

“Манас” эпосунун бир нече варианттан бириктирилген, кысылган (кыскартылган эмес) кошмо вариантын түзүп бүттүк. Мында эпостун композициясы  тыкандалды, драматургиясы, окуялардын, образдардын өсүш динамикасы окурмандар үчүн кызыктуу болушун көздөдүк, кайталоолордон, узак баяндоолордон тазаланды. Антпегенде жарым миллиондон ашык ыр саптарынан турган эпосту чет тилдерге которууну мындай коёлу, анын баарын окуп чыгуу да көрүнгөндүн колунан келе бербейт.

Мурда Совет бийлигинин карамагында болгон Союздук Республикалардын эгемендик алганын он жылдагы үзүрү ойдогудай болбой жатат, өткөөл учурдагы экономикалык кризис, ар кандай башаламандыктар мурдагы маданий байланыштарыбыздын  бардыгын үзүп салгандай болду. Фестивалдар, чыгармачылык декадалар, жумалыктар, күндөр өткөрүлүп турчу эле. Алар кандайдыр бир деңгээлде жымсалдоо, мактанчылык болгону менен, андай окуяларга карата жакшы чыгармалар которулуп, фестивалдарга жакшы спектаклдер менен жакшы фильмдер алпарып, ар улуттун таланттуу өкүлдөрү издешип табышып, таанышуу, достошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Азыр ошондойлорду, айталык, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн театр ишмерлеринин башын бириктирип келген “Нооруз” театр фестивалын кайра жандандырып, бүткүл эле түрк боордоштордун фестивалына айландырып алсак, келечек биримдигибиз үчүн жакшы өбөлгө болору шексиз.

Эгемендүүлүк Совет бийлигинин карамагындагы  түрк тилдүү калктарды Анатолдук түрк боордошторубуз менен табыштырды, эзелтен эңсеген тилегибизди кошту. Кыргыз мамлекетин биринчи тааныган Туркия болду. Өңгөсүн айтпаганда да “Манас” эпосунун миң жылдык мааракесине түрк туугандарыбыз өз маданиятынын зор майрамына мамиле жасагандай чараларды көрдү. Совет доорунда ойго кирбеген байланыштарыбыз түзүлдү. Бирок дале болсо түрк тилдүү боордош элдер маданий жакындашуу жагынан, мыкты көркөм чыгармаларыбызды, пьесаларыбызды бири бирибизге жеткирип, рух сырын тартышуу жагынан, тилибиз, дилибиз боюнча анатолдук түрк боордоштор менен дале алыспыз. Боордош түрк элдери үчүн биримдиктин кандай зарылчылыгы бар? Биримдик бизге башкаларды коркутуш үчүн эмес, башкалардан коркпош үчүн керек. Биримдик бизге боордош маданиятыбыздын бири-бири менен жакындашып, бири-биринен таасир алып, жалпы рух дүйнөбүздүн байышы үчүн керек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз