Каныбек Иманалиев: Айтыш – жети кырлуу өнөр

  • 10.03.2021
  • 4307

Деги бу... торгойдой сайрап, ...бүркүттөй шаңшып, ...нөшөрдөй төккөн, ...ак бороондой удургуп, ...чагылгандай тике сайылган, ...күндөй тез ачылган, ...шаркыратмадай шар төгүлгөн төкмөлүк өнөрдү ойлоп тапкан ата-бабаларга миң мертебе алкыш. Тегин жерден бул өнөрдү ЮНЕСКО маданий “шедевр” деп тааныбаса керек.

Ыр менен оозанып, ыр менен жашап, анан бу дүйнөдөн көзү өткөндө  кошок кошуп кош айтышкан бу ааламда кыргыз элиндей ыр жандуу калк өтө сейрек. Ыр менен бата берген (“Балага бата”, “Келинге бата”, “Дасторконго бата”, “Малга бата”),  ...ыр менен дарылаган, (“Шишиктерди дарылоо”, “Учуктоо”, “Алас-алас”, “Көз үндөө”, “Күрдү”) сыяктуу дарым ырлары, ...же (“Сагызган сайраганда, “Көч суу кечкенде”, “Жайы таш” ыры, “Дамбыр Таш”) ырым-жырым ырлары, ...терме, санат, кошок, жоктоо, керээз, ант ырларынан эпикалык эпосторго чейин не деген керемет руханий казына.

Эң биринчи айтыш качан, кай жерде жаралганы белгисиз. Балким, дүйнөдө кыргыз, казак элинде гана эң алгач ирээт пайда болгон чыгар.

Тээ Энесайдын сайында кас душманды талкалап, эгемендиктин туусун желбирегенинде, ...же сан миң күлүк кошулган ат чабышта тулпары озуп келгенде, ...келкели келип, кемелине толуп турган кезинде, ...же тескерисинче эгемендиктен айрылып, бармагын жара тиштеп өкүнүп, бүркүтү оболоп учпай калганда, ...аттиң деп армандап турган күндө боздогон чыгар. Себеби, кыргыз баласы бир  төбөсү көккө жете сүйүнүп кубанганда, ...же башына булут айланып, түндүгүнө түн түшкөндө чындыгын айтат эмеспи. Эмнеси болсо да айтыш өнөрүн башка чыгармачылыктан айырмалап турган жети өзгөчөлүгүн айтайын дедим.

I

Руханий эрөөл

(“Дуэль”)

Төкмө айтыш – бул, эң ириде чыгармачылык эрөөл, орусча айтканда “дуэль!” Көбүнесе экөө гана чыгат. Бүт эл үңүлүп карап турат. Дайым жакын аралыкта (“ближний бой”) кармашууга туура келет. “Өлөсүң” же “өлтүрөсүң”. Мында тең чыгуу сейрек. Бир жаңылсаң “ок” (сөздүн огу) жүрөгүңө кагылат. Сөздүн, ойдун, тилдин, үндүн, обондун эрөөлү. Жаза тайсаң, тилден жаңылсаң, бүттү, жеңилдиң. Кылычтын жаратынан сөз жараты жаман. Калп айтып, кошомат кылсаң эл назарынан каласың. Качып кутулганга да болбойт.

Калыстарга акча берип, жеңүүчү боло албайсың. Коррупция жок. Адилет оюн. Аруу таймаш. Эрөөлгө өз  талантына ишенген төкмө гана чыга алат. Демек, төкмө акын болуп, эл алдына чыгууда эр жүрөктүүлүк керек. Жеңижок, Арстанбек, Калмырза, Барпы, Коргол, Токтогул ж.б. залкарлар ошондой эр жүрөк өнөрдүн ээси болгон.

II

Мурас

Төкмөлүк ата-бабалардан келаткан улуу мурас. Кичүү муун айтышып улам улуу муунду эскерип отурган. Демек, бул санжыра, тарых. Ата-бабадан келаткан насыйкат өнөр.

Төкмөлүктү улоо демек, эң ириде ата-бабалардын керээзин аткаруу. Устатты көрбөй шакирт өспөйт. Маселен, төкмөлүк, Балыктан улуу Найманбайга, Токтогулдан Калык менен Алымкулга, Калыктан Осмонкулга, Осмонкулдан Ашыраалыга, Алымкулдан Эстебеске, Корголдон Тууганбайга, Актанга өтүп, алардан азыркы муунга келаткан улуу мурас. Өткөн менен кеткенди айтып берүү устат-шакирт мектеби болот. Ошондон болсо керек, төкмөлөр көз жумганда аны төкмөлөр ырга кошуп узаткан. Маселен, Алыкул Үсөнбаев көз жумганда Ысмайыл Борончиевдин ыры не деген шедевр.

Адатта Арстанбек менен Чоңдунун, Калмырза менен Барпынын, Арстанбек менен Сүйүмбайдын, Жеңижок менен Корголдун, Коргол менен Токтогулдун, Нурмолдо менен Токтогулдун, Эсенаман менен Жеңижоктун, Эшмамбет менен Калмырзанын, Токтогул менен Алымкулдун, Токтогул, Эшмамбет, Коргол, Бекназар, Кулукенин, Осмонкул менен Алымкулдун, Совет заманында болсо Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Тууганбай, Замирбектин, акыркы күндөрү атаганат Элмирбектин, азыркы күндөр болсо Абдылда, Рахматулла, Амантай, Аалы, Жеңишбек, Азамат, Асылбектин айтыштары классикалык үлгү айтыштар десек болот.

Алар бири-бирин көкөлөтүп ырдаган.

Калмырза Барпыны:

Көзүн алып, сөз берген,
Көкүрөккө көз берген, – десе

Барпы Калмырзаны:

Кара жаак Калмырза
Кайкы тили дал мырза, – деп мактайт.

Ал эми казак акын Жамбыл Сүйүнбайды минтип ардактап ырдайт:

Менин  кирим – Сүйүнбай
Сөз сүйлөбөйм сыйынбай
Сырлуу сырдуу издери
Мага тарткан сыйындай.

Ысмайылдын бул ыры классикалык жоктоо.

Карамолдо өлгөндө
Кайышып турдук көмгөндө,
Комузчу Атай өлгөндө
Кордугу кыйып шум ажал.
Кол барбай турду көмгөнгө.

...Чиркин не деген сөз, не деген саптар.

III

Театр

Мен кээде таң калам. Кредитин  төлөй албай, мектепке барчу баласына бүт кийим ала албай жүргөн кээ бир кыргыз үй-бүлөсү да эгер төкмөлөрдүн айтышын көрсө өзүн бактылуу сезет. Бүт түйшүгүн унутуп коёт. Эки төкмө айтышып атса өзүн укмуш театрда отургандай сезет. Бирөөсү таамай сөз айтса, Месси же Роналду гол киригизгендей алакан чаап сүйүнөт. Аалы, Амантай, Азамат, Асылбек, же Жеңишбек утуп чыкса кыргыздар дүйнөлүк чемпионатта биринчи орунду алгандай залда уу-дуу кылышат. Кубанычына чек жок. Демек, кыргыз баласы бактылуу. Ушундай керемет сезим туртуулаган төкмөлүк, демек, касиети бар өнөр шекилдүү. Жарпы жазылат... Кээ бир таамай саптарын, кимиси эмне деп ырдады, тамшанып жаттап да алышат, эки-үч күн кеп кылышат. Төкмөлөр салабаттуу саламдашат, бири-бирине сөз ыргытышат, суроо-жооп болот, кызыйт, тамашалайт, тийишип ырдайт, элди күлдүрөт, төгүшөт, атаандашат. Анан соңунда коштошот. Кудум бир нече көшөгөдөн турган спектакль сыяктуу.

Демек, илгери театр, цирк, филармония жок кезде эле көк чөптүн үстү болсо деле эки төкмө акын отурган жердин өзү ажайып бир театр болгон.

Айрыкча, алым-сабак ырларында (мисалы, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”) тез ойлонуп, туура жооп таап, кайра чукуп суроо узатуу керек.

Абу Али ибн Сина “Ыр, күүнүн дарылык касиети бар” деп айтмакчы, айтыш өнөрү элди арбап алат. Көңүлүн сергитет. Көкүрөгүн аруулайт.

IV

Эркиндик ыры

Эркин куш, эркин бүркүт гана ободо айгай салып уча алат. Жалаң бийликти бир беткей мактап ырдаган төкмөлөр эл алкышына ээ боло алган эмес (Совет доорун эске албаганда). Алар көбүнесе калыс сын көз карашта болгон. Былтыр эле, Аалы Туткучевдин мурдагы өлкө башчысын астында чындыкты айтып ырдаганы не деген өнөр, не деген каармандык. Ушундай окуя башка өлкөлөрдө болушун элестетүү кыйын. Элдин муңун ырдабаган төкмө эл эсинде калган эмес. Бизде соттор бир канча ирээт оппозициялык саясатчыларды адилетсиз соттоп, калысттыктан, адилеттиктен тайды. Аны актап коюш үчүн, кыязы төкмөлөрдүн эл астындагы эле эки сап ыры өтө маанилүү. Демек, бүгүн сот адилеттигине караганда төкмө акындардын акыйкат сөзүнө эл көбүрөк ишенет. Илгери, немис кеменгери И.Гёте “Саясат поэзиянын предмети боло албайт” деп айткан экен. Жок, кыргыз төкмөлөрү ага баш ийбеди. Мен саясаттын ичинде жүргөн адам катары айтаарым: Президент, Премьер-министр, министр, депутаттар, бүт атка минерлер төкмө акындардан өтө чочуп турушат. Демек, сөз бийлиги, айрыкча төкмө акындын ыры өтө таасирдүү. Алар илгери төбөлдөрдүн жүрүш-туруш эрежесин аныктаган.

Төкмө акын, адатта жалпы улуттук көйгөйүн, кубанычын, мүдөөсүн, тарыхын, эртеңкисин ырдайт. Канча таамай, адилет жеткизе алса ошончо эсе эл колдоосуна ээ болот. Солтобай ырчы канча кордоп ырдаса да Шабдан Баатыр өнөрүн сыйлап ага кийин баалуу белек тартуулаган. Демек, төкмөлүк – жалпы улуттук өнөр. Төкмө акын – улут байлыгы. Ал элдик киши. Төкмө – улуттун энчиси. Төкмө акындарды сыйлап алуу – жалпы ар бир казак, кыргыздын парзы. Илгери, төкмө акындар эл кыдырып, айылдарга келсе, ар бир айыл малын союп, ардактап тосуп алып, ат миңгизип, чепкен жаап, кастарлап узаткан.

V

Поэзия

Төкмөлүк – бул эң ириде поэзия. Саптары, сөздөрү, ойлору, уйкаш, образдуу болуусу керек. Демек, ал сүрөткер. Поэзияда эки сап ыр жазуу үчүн кээде эки саат, кээде эки күн ойлонууга туура келет. Ал эми төкмөлүктү көз ирмемде уйкаштырып, сөз төгүү абзел. Атаандаш эмне айтып, эмне жооп, эмне суроо берет али табышмак. Спортто боксёр кай жерге муштайт аны да билбейсиң. Төкмөлүк деле ошондой. Болгону муш ордуна сөз. Талуу жерге тийсе “нокаут” кетишиң мүмкүн. Демек, чукул ойлоп, чапчаң жооп берип, шамдагайлык керек. Ал, дасыккан акын курч, сезими учкул, ою жетик, сөзү чечендин гана колунан келет.  Бир эле айтыштын бир канча түрү болгон. “Алым сабак”, “табышмак”, “санат”, “чечен”, “кордоо” жана “тамашалуу айтыш”.

Азыркы күндө “креативдүү”, “стартап” деген сөздөр модага айланды. Илгери эле, өзгөчө, шар, шамдагай, күтүлбөгөн ой таап келген – бул, албетте, төкмө акындар. Эл-журт аларды көкөлөтүп “ак таңдай”, “жез таңдай”, “булбул”, “дулдул”, “кара жаак”, анан төкмө деп баа беришкен.

Мына бу Барпы акын айтмакчы, не деген саптар:

Ырчы болсоң – төкмө бол
Ак жаандай себелеп,
Сөздү сөзгө кынай бил
Маш зергердей чебелеп.

Арстанбектин бул поэзиясы ар бир сабы бир өмүргө тете, атаганат.

Бул дүнүйө жалганда,
Өлбөй тирүү ким калар.
Айры-айры жол калар,
Айрылбаган бөз калар,
Айтылбаган сөз калар,
Ай караңгы түн калар,
Касиеттүү көл калар
Түбөлүктүү жер калар
А дүйнөгө кеткенде
Менин сөзүм ким табар?
Комузумду ким чалар?
Көңүлүмдү ким табар?

Сөзүн улап, комузун черткенге төкмөлөр калып атпайбы.

VI

Музыкалуу өнөр

Төкмө өнөрүнүн ошондой эле, тышкы келбет, кийингени, үнү, комуздун коштоосу өтө маанилүү. Кээде созуп, ...кээде нөшөрдөй төгүп, ... кай бирде булуттай каалгып, ...анан сөзсүз комузда кол ойнотуп ырдашат. Маселен, мага Ы.Борончиев, З.Үсөнбаев, Э.Иманалиев, А.Болгонбаев, казак кызы А.Турсынбаеванын ыргагы жагат. Төкмөлүктө казактардын да бир керемет обондору бар. Коргол, Жеңижок, Кара жаак Калмырза, Барпы акын сөздөрү менен күчтүү болсо, Ы.Борончиев, А.Үсөнбаев обондору менен укмуштуу болгон дешет. “Автоматтай” шар төккөн Жеңишбектин, комузун токтото коюп, жаандай жамактаткан Аалынын, же качан болсо салабатынан жазбаган Азаматтын өз ыргагы бар. Таанымал тарыхчы жана этногроф С.М.Абрамзон: “Кыргыз акыны бир гана ырчы эмес, ал баарынан мурда музыкант жана композитор” деп таасын баасын берген.

Демек, төкмөлүк бул музыкалык да өнөр. Адатта, комуз же домбра коштоп, ого бетер көрктөндүрүп турат.

Жакында бир футуролог жазыптыр: “XXI кылымда үч гана өнөр жашап кете алат деп, алар: шоу маданият, коммерциялык өнөр, анан IT технологияга тез ылайыкташкан исскуство” деп. Мен ишенем, дүйнөдө кыргыз, казак эли барда улуу төкмөлүк өлбөйт, өчпөйт. Өркүндөй берет.

VII

Казак-кыргызга орток өнөр

Бул казак-кыргыздын улуу төкмөлөрүнөн калган орток өнөр. Муну бизге мураска калтыргандар Арстанбек, Жөжө, Чоңду, Сүйүнбай, Эсенаман, Каңтарбай, Калмырза, Жеңижок, Нурмолдо, Жамбыл, Токтогул, Эшмамбет, Калык, Барпы, Кулманбет, Майкөт ж.б.

Голландия менен Германия теги бир эл. Бирок футболдо бири утулуп калса фанаттары оюндун аягында мушташа кетишет.

Андан айырмаланып, казак-кыргыз айтышында, кимиси таамай сөз айтса, жаасы бутага тийгендей жалпы сүйүнүп, кыргыз менен казак Шорабек Айдаров, Баянгалы Алимжанов, Балгынбек Имаш, Даулет Керей, Мухтар Ниязов, Айбек Калиев, Айнур Турсынбаева, Жандарбек Булгаков, Бөрүбай Орозымбетов, Серик Калиев, Рустөм Кайыртай ырына канча кубанса, Замирбек, Абдылда, Рахматулла, Элмирбек, Аалы, Азамат, Амантай, Асылбек, Жеңишбек, Акмат, Шекербек, Идрис, Сапар, Баян, Кубат, Болот, Жылдызбекке ошончо кубанат. Майра Керим кызы өзүнчө феномен эле. Ушундай кыргыз менен казак элинин руханияттагы бийиктигине таң калам жана сыймыктанам.

Айтыш өнөрү кыргыз, казак тилинин эбегейсиз бай, уйкаш поэтикалуу экенин далилдеген өнөр. Мен, Байронду жараткан англис элинин, Гёте, Гейнени жараткан немистердин, же Пушкин, Лермонтовду орус элинин экөөсү чыгып алып, ыр төгүп айтышып атканын эч бир элестете албайм. Бул өнөрдү, Жараткан кыргыз казакка гана ыраа көрсө керек.

Казак акыны Каңтарбай менен кыргыздын алпы Арстанбектин беттешүүсү Каркырада өтөт. Арстанбек:

Кандай күнгө жолуктуң
Казактан чыккан Каңтарбай?
Көөнө кандай, калк кандай?
Саана кандай, салт кандай?
Ажың кандай, ал кандай?
Диниң кандай, дил кандай? - деп ырдап бүткөндө Каңтарбай обдула калып,

– Мен жауп бербей ак жеңилдим, – деп, – эки ыйыгында эки периштеси отыр, солордын айт дегенин айтып отыр, – деп таң берген экен. Бу, не деген сый.

Арстанбек менен Сүйүмбайдын айтышы болсо 1850-жылдары көл жээгинде өтүп, көпчүлүккө даңаза болот.

Ал эми Эсенгул Жакыпбеков деген казак акыны Ашыраалы Айталиевге айткан жообу али эсибизде:

Жетимишке жеткен кезде убагыңыз,
Сиз мени кемпир тап деп сурадыңыз.
Жыргаткан кемпир сизге тиймек беле
Жыгылып жаткан кезде жыланыңыз.

Керемет тамаша го. Эл дуу кол чапканы али да эсимде.

*     *     *

Мына ушул нускалуу өнөрдү эгемендик доорунда жаңы деңгээлге көтөргөн Садык Шер-Нияз досума миң мертебе ыракмат айтмакчымын.

“Көк-Бөрү” улуттук өнөрүн жалпы эл аралык деңгээлге көтөргөн агасы Болот Шер не бир эбегейсиз эмгек кылып кетти. Мекенчил, акыйкатты сүйгөн, эр жүрөк инсан эле.

Иниси Садык Шер-Нияз болсо “Айтыш” коому аркылуу төкмө айтышты, кинону көтөрүүдө ат көтөргүс иш кылды. Быйыл “Айтыш” коомуна 20 жыл. Бул аралыкта анын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз өзүнүн санаалаштары менен опол тоодой эмгек жаратканына жалпы элибиз күбө. “Кыргыз кереметин” жараткан кыргыз тасмалары кайрадан дүйнөлүк фестивалдарда баш байге алып баштады. Жыл сайын Кыргызстанда жана Лос-Анжелесте өзү уюштурган кинофестивал өтө бийик деңгээлде өтүп жатат. Төкмө акындардын, айрыкча кыргыз жана казак акындары менен айтышын сагынып күткөн саамалык болуп калды. Айтмакчы, “Айтыш” өнөрүн ЮНЕСКОго “шедевр” деп тааныткан Кыргыз Республикасынын Баатыры Б.Жакиев менен Садык Шер-Нияз болчу.

Демек, Садык Шер-Нияз сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өзүнүн мекенчил уул экендигин далилдей алды. Мындай уулу менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанууга татыктуу. Ал аңгыча,  атайын жер бөлдүрүп, а жерде суу чыгарып, жол салдырып, эрежесин аныктап, 21-кылымга шайкеш келген “Ачекей” ордосун салды.

Бар бол, Саке! Айкөл Манастын урпагы, Эр Эшимдин тукуму, Колпоч Баатырдын чөбөрөсү, Болот Шердин иниси, кыргыз элинин үмүтү – Садык Шер-Нияз досумдун  “Кыргыз” деп соккон жүрөгүң миң жыл талыбасын. “Айтыш” коомунун мааракеси мартабалуу болсун. Албан ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз, казак элине бактылуу сезим ыроологон төкмөлүк өнөр түбөлүктүү болсун!

Каныбек Иманалиев,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз