Баккелди Дүйшеев: Тоголото тепким келет дүйнөнү!

  • 19.03.2021
  • 4657

Он тогуз жаштагы жаш акындын ыр сабы бул: “Тоголонуп жалынганча бирөөнө, \
Тоголото тепким келет дүйнөнү!” Жарк эткен мындай саптын автору Кытай Эл Республикасындагы Текес ооданынын Көк-Терек кыргыз айылынан болот экен.

“РухЭш” сайтына келген каттардын арасынан бирөөсү жазыптыр: “Сизге жазган ырларымды көрсөтсөмбү дейм, сын пикир, агалык акыл-кеңешиңизди айта жүрсөңүз”... Бейтааныш автордун ырларына көз жүгүрткөндө эле – чоң жарышка даяр тай күлүк окшоду. Мөлтүр тунук булактын көзү эбактан ачылып калган окшоду. Эми адабияттын күргүштөгөн чоң дайрасына теминген талантка окшоду...

Кулун чагынан кула тулпар болгусу келген Баккелдидей жаштарды кыргыз дээринде бар экен дейт. Түбүндө бар экен дейт. Таланттын жарк эткен учкуну жашка карабастыгы ушул – Баккелди учурда он тогуз жашта экенине карабай ой чөгөргөн саптарды кыттай уютуп минтет:

Кулун элем нечен жолу адашкан,
Кула тулпар болсомбу деп таң ашкан:
Кулак түрүп калам дүбүрт чуу чыкса,
Куштарлантып курсант кылчу тараптан.

Баралынан эрте жетилген акын гана батынып туюнта алат мындай дымакты. Көөдөн сырыбызды баарыбыз эле ыр сабында шөкөттөп айткыбыз келет, бирок уйкаштыгын тапканыбыз менен, көбүбүз көркөм ойлуу шөкөттөй албайбыз... Ал эми Баккелдинин ыр саптары вулкан сымал өзүнөн өзү атырылып турганга окшоду.

Саяпкерим жал-куйругум тараган,
Сай күлүктөй баптап-таптап караган...
Сары-Өзөктүн ташыркабай сайына,
Саманчыңа сызсамбы деп самагам.

Ылайым ташыркабай, ылайым күлүк чыккайсың, Баккелди! Жолуң шыдыр болсун адабияттагы!

Олжобай ШАКИР

БИР САБАК
Аруулардын менмин көзсүз сүйгөнү,
Ага жетпей жүрөгүмдүн күйгөнү...
Тоголонуп жалынганча бирөөнө,
Тоголото тепким келет дүйнөнү!

Жинденбейин, эй сулуулар, силер деп,
Жүрөм жашап жан дүйнөмдү билер деп.
Өтүп эле барасыңар түшүнбөй,
Өмүрүмдүн тең жарымын силер жеп.

Мына-мына акмактыгым ашкынып,
Миң кубулат, сан өзгөрөт жашчылык.
Аңдуулашып карайт экен капчыкка,
Ашык болгон кызың бир күн пас чыгып.

Ана-мына декичекти жыл сабап,
Айлуу түнүң тереземен ырсаят.
Ашык болгон кызың чанып жектесе,
Акын жүрөк ырын арнайт бир сабак...

МАКСАТ
Жан дүйнө үчүн – көр дүйнөмө ыргылжың,
Жайдарлыкты жандай сүйгөн кыргызмын.
Акындыкта Ысык-Көлдү как жарып,
Ак кемесин айдап кеттим Чыңгыздын...

Сапар узак... Толкундарга кайрылам,
Сай күлүгүм суутуп бираз байралам.
Тилим, дилим сызат тизгин тарткызбай,
Тилек, үмүт кыл чылбырын чайнаган.

Марам үчүн мүдүрүлүп аксапмын,
Манчыркапмын, күйүгүпмүн, какшапмын.
Талантымды алып качып келүүгө;
Тай-кунанын уурдап миндим максаттын!

Болочокко керек экен ашыгуу,
Болбойт бекер көр турмушка катылуу.
Өмүр сүйгөн, өнөр сүйгөн ар адам,
Өзү үчүн күрөшүүгө акылуу!

МАГА ДҮЙНӨ КЫЗЫКТУУ
Кулун элем нечен жолу адашкан,
Кула тулпар болсомбу деп таң ашкан:
Кулак түрүп калам дүбүрт чуу чыкса,
Куштарлантып курсант кылчу тараптан.

Саяпкерим жал-куйругум тараган,
Сай күлүктөй баптап-таптап караган...
Сары-Өзөктүн ташыркабай сайына,
Саманчыңа сызсамбы деп самагам.

Ар бир улан болуу керек кайраттуу,
Адам деген бирде муздак – кайнак суу.
Түрүм менин болгон менен жупуну,
Түшүм кызык жолборстай айбаттуу.

Билгенибиз бир Көк-Терек, Кызыл-Суу,
Бир-бирине көп экен го кыйынсуу...
Марам алыс Толубайдын бозундай,
Мага дүйнө, мага аалам кызыктуу!

КАТЫП ЖҮРГӨН СҮЙҮҮМ БАР
Жаш жүрөктүн тапсаң боло аргасын,
Жаным селки, издеп жүрөм кайдасың?
Арген үндүү болбосом да Ырысбай,
А сен менин жандай сүйгөн Алмашым.

Алдас уруп эт жүрөктүн кургуру,
А сен жакка чабат ойдун дулдулу.
Элиремин Элмирбектей ыр курап,
Ээси сенсиң, ак сүйүүмдүн “булбулу”.

Ырга айлантпай таарынчымды, кайгымды,
Ырас эле айтып койчу дайныңды...
Ысык көрүп имерчиктеп жүрөйүн,
Ырга кошуп сенин туулган айлыңды...

Карегиңди көрүп жүрөк албырды,
Катып жүргөн сүйүү отум жандырды.
Качан болсо издеп сени баргым бар,
Карабастан кар-борошо жамгырды!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз