Кыргыз ССРинин Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик, Социалисттик эмгектин Баатыры Аалы Токомбаев (1904–1988) адабияттын ар түрдүү жанрында талыкпай эмгектенип, элине баа жектис руханий мурасты калтырды. Анын ырлары, поэмалары, дастандары, аңгеме, повесть, романдары, драмалары кыргыз тилинде, орус тилинде жарык көргөн жана башка чет тилдерине которулган.
А.Токомбаев чыгармачылык өмүрүндө көптөгөн макалаларды, публицистикаларды жазган жана маектерди берген. Анын өзү мезгил, доор жана чыгармачылык жөнүндө айткан ойлору бүгүнкү окурманга, айрыкча адабиятка, маданиятка жана жазуучулуктун сырларына, чеберчилигине кызыккан жаш таланттарга кызыктуу, пайдалуу болот деген ойдо устаттын маегин жарыяладык.
Тагдырдын тайгак кечүүсүн далай кечип өткөм
О. Т.: – Аалыке, сиз карылыктын байсалдуу ай, жылдарын башыңыздан кечирип жаткан учуруңуз. Жылдардын, аны менен катар өмүрлөрдүн бийиктеп бара жатканына моюн сунбай, жакшына ырлар жазуудасыз. Ана бүгүн артыңызга серп салсаңыз далай-далай белелестер, аларга катарлаш кызык-кызык окуялар көз алдыңызга таасын тартылат. Элибизде: «Касыңды жыргалда сына, кашыктап уу береби?! Досуңду тозокто сына, кайрылып суу береби?» дегендей нечен дос, нечен кас күтүп келүүдөсүз? Акын адамдын жөнөкөй киши эместиги сизге да белгилүү. Ал өз доорунун күбөсү жана түздөн-түз жарчысы экенин эске түшүрсөк, эң алгач кандай окуялар, күн-айлар эске түшөт?
Т. А.: – Бул сурооң биздей карыялар үчүн бир чети анчалык кымбат деле эмес. Мына бүгүнкү күндө мен 75ке толуп отурган чагымда бул өңдүү суроолорго бир эсе өткөндү эске салуу экендигин жакшы билем. Биздин көргөн күнүбүз көп, бирок ошонун баарын терип-тепчип айтуу кыйын. Ошондой болсо да башыман өткөн айрым окуяларды, алардын ичинен өзгөчө эсте калгандарын айтып берейин. Тагдырым совет бийлигинин тагдыры менен тагдырлаш деп айтсам жаңылбаймын. Эгер чындыгымды айтсам, совет бийлигинин кандай экендигин түшүнүү мага кечирээк келди. Анткени мен кыргыздын 1916-жылы падышага каршы козголоңунда түндүктөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытайга үркүшкөн кезде мага дагы ошол жакка барууга туура келди. Биз барган жер качып барган бизди бакмак турсун, өздөрүнүн турмуштары өтө начар экен. Көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Качып баргандардын ичинен мен Аксуу деген жеринде болуп калдым. Ачарчылык биз жеткенде эле башталды. Сиздер драматург жана акын Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасындагы Зулайканын ариясын көп эле уккан чыгарсыздар. Ошол ариядагы Зулайканын муңу ошол кездеги Кытай жерине качып барышкан кыргыз элинин муңу деп айтсак болот.
Ага чейин эле элибиздин башына түшкөн карантүн Кытайга барганда ого бетер карантүн болду. Ал жерге барышкан кыргыздар турмуштун айынан бир чейрек жүгөрү унуна эле кыздарын сата башташты. Биз ошол жерден падыша тактан түштү деген кабарды уктук. Бул кабар элди кубандырды. Биз ал жердеги турмуш оорчулугуна чыдай албай Ысык-Көлгө, Чүйгө карай бет алып кайра жөнөдүк. Бул жерге келсек туруктуу эл жок, бардыгы качып кетишкен. Бирин-серин эле бар экен, мынабу Чүйдө, Кочкордо. Алар дагы ач-жылаңач турушкан экен, биздей качкындарды тойдурмак кайда. Ошо кезде бир жагынан каракелте деген оору каптап, экинчи жагынан ачарчылык болуп көп адамдар кырылып калышты. Сиздер тарыхты окусаңыздар, 1912-жыл менен 1937-жылдын ортосунда кыргыздардын саны 18%га чейин төмөндөп кеткендигин билесиздер. Ошол ачарчылык менин ата-энемди, бир туугандарымды да кошо алып кетти. Биз, үй-бөлөбүздө сегиз баш киши элек, алардан жалгыз мен тирүү калдым. Биз ал кезде тилемчилик кылып күн көрүп жүрдүк. Тилемчилик кылган да кыйын экен. Кээ бир кишилер же кээ бир балдар жаратылышынан намыстуу болобу дейм. «Нан берчи?» – деп кол созгонду мен жаман көрчүмүн. Үлдүрөп жылаңайлак, жылаңбаш болуп алып кайыр сурап жүрчүбүз. Ал эми арабыздан кээ бир балдар ыйлап колун созуп: «Кайыр бере көр» – деп айтышчу эле. Мен эмнегедир алардай кылып ошол сөздөрдү айта албайм. Биздин элде ошол кезде Ысак Шайбеков деген акын болгон. Аны сиз дагы жакшы билесиз. Ал киши биздин алыс туугандар эле. Ал «Кайран эл» деген поэма жазган. Бул поэма 1916-жылдагы чоң кайгыны ачык көрсөткөн өлбөс чыгарма. Ушул поэмадан анчалык чоң эмес үзүндүнү жаттап алган элем. Анын үстүнө мен бала кезде ыр-жомокторду абдан жакшы көрчүмүн. Энем жомокторду айтып берер эле. Ал эми атам болсо айрым учурларда жолдошторун шылдыңдап бир-эки куплеттен ыр чыгара коймою да бар эле. Шайбековдун поэмасын ошол кезде көпчүлүк адамдар билишчү. Анткени биз экинчиден кайыр сурап эшиктин алдына келген кезибизде аны шаркыратып төгүп, анан ыйлап жиберер элек. Анткени ошол кездеги эл дагы муңдуу эле. Ырыбызды уккан кемпир-кесектер дагы: «Кандай эл элек, эмне болдук? – деп биз менен кошо ыйлашкан учурлар аз болбогондур. Ошондо:
«Айгыр ат менен атан төө,
Арык кылды кайран эл,
Өлгөн элдин терисин,
Чарык кылды кайран эл.
Антпегенде кантишет,
Акыл-эси айран эл.
Таяк алса колуна,
Аттай жүрөт кайран эл.
Почто менен жиберген,
Каттай жүрөт кайран эл».
Мына ушул ыр менен мен он жашымда Чүйдүн далай жерлерин – Ысык-Көлдү, Кочкорду жылаңач, жылаңбаш кыдырып көнгөмүн.
О. Т.: – Үркүндөн келгенден кийинки тагдырыңызды айтсаңыз? Ал жактан келип, кайырчылык кылып жүрүп туугандарыңызды таптыңыз? Ата-энеңиз Кытай жеринен кайтыш болдубу? 1919-жылдан баштап азыноолак окуй баштапсыз да?
Т. А.: – Үркүп келгенден кийин туугандарым ар кайсы жакка чилдей тарап кетип, мени менен байланыша албай калышты. Мен 1917-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн бир жездемди таап алдым. Ал кезде жогоруда айтып өткөндөй эл өтө жарды, үстүлөрүнө тиккендери сайма алачык. Ошол кезде илгери Николай заманда бир билим алып калышкан адамдарды чогултуп алышып өкмөт окууга жиберген экен. Ошол курсту бүтүп, айылга Төлөгөн Жумабаев деген киши келип, бала окутуп турган экен. Аны кийин түшүнүп жүрөм. Ал кезде мектеп жок, сайма алачык. Ар кимиси эптеп-септеп, бирөө талпак алып келип, бирөө саман алып келип жатып бир алачыкка бизди чогултуп окута баштады. Анда кагаз жок, карандаш жок, көпчүлүгү оозу менен айтып окутат. Болгону бир кара тактайды сырдап, ошого эптеп жазып, тамга таанууга аракет кылабыз. Ошол эле жылы Сарыгул деген киши ушул жактан барып калды. Аны биринчи көргөнүмдө кулагы салпылдаган узун бирдеме кийген бала болчу. Ал бизден эки-үч жаш улуураак эле. Ал азыркыча айтканда согуш ишинен сабак берген мугалим экен. Ал бизге бир топ нерселерди үйрөтүп жана революциялык ырлардан ырдатты. Ошол кездеги мугалимдерге өкмөт азыркыдай айлык төлөчү эмес экен. Айлыкты балдардын ата-энелери колунда эмне болсо, ошону берип мугалимдерден кутулушчу экен. Жездем колунда эч нерсеси жок киши болгондуктан, мени окутууга бирдеме бере албады. Муну билген жанагы айткан Төлөгөн Жумабаев деген мугалим:
– Эчтеме төлөбөй окуй бер, – деп койду. Ошондо эптеп-септеп жазганды жана онго чейин цифраларды үйрөндүм. Ушул учурда Кочкордон бир жездем келип калды. Ал киши ата-энеси, бир туугандары өлүп, жалгыз калыптыр. Дагы бир эжемдикинде экен деген мен жөнүндө кабарды угуп, атайылап келиптир.
О. Т.: – Жездеңиз сизди Кочкорго алып кеттиби?
Т. А.: – Ооба, ал сени алып кетем деди. Менин дагы оюмча, катты таанып окуса, эсепти жүзгө чейин билсе эле ошону менен бүтөт го дечүмүн. Жездем алып кетем дегенине макул болгум келбеди. Анткени окуу калып калат деген ойдо болдум. Мага сабак берген молдокемдей болуп тыңыраак тамга таанып алайын деп кыйылдым. Аныма болбой жатып алып кетти, бир кунан жетелеп келген экен. Балыкчыга жетип кондук. Ал жерден: «Окууну бүтүп кетсем болот эле» – деп таң атканча ойлонуп чыктым. Таң атканча ойлонуп жатып, таң заары менен кайра качып жөнөдүм. Балыкчынын баш жагына келгенде алдыман мага тааныш Ысман деген уй кайтарган киши бар эле, ага жолугуп калдым. Ал: «Каякка кетип бара жатасың?» – деп сурады. Мен качып бара жатканымды айттым. Ал киши: «Тиги жездең менен эле барбайсыңбы», – деди. Мен: «Жок, тиги окууну бүтүрүп, анан баргым келет – дедим. Ал киши мага: «Кой, мындай кылганың болбойт, эжең сени күтүп жатса, сагынып өлүп калат» – деди. Бир жагынан окууну кыйбай, экинчиден, тиги киши айткандай эжемди кыйбайм. Эки анжы болуп атып кайра жездем конгон үйгө келдим. Эртең менен Кочкорго жөнөдүк. Мен жогоруда онго чейин санаганды жана цифраларды үйрөндүм дебедимби. Ондон кийин он бир, он эки болуп жазылып кете берет деген мугалимдин сөзүн эстедим. Ал дагы Балыкчыдан ары карата бир, эки деп аралык ар бир карагайда жазылган. Мен ошол аралыктагы жүзгө чейин жазылган сандарды көчүрүп, билип алайын деген ойго келдим. Оюмда жүзгө чейин эле билсем болду, андан ары сан жок деп жүрбөймүнбү. Чыны менен эле Балыкчыдан чыккан зым карагайга карасам бир, эки, үч деген жазуулар катары менен турган экен. Ал онго жетип токтогондо мен оңой турбайбы деп кубанып кеттим. Онунчу карагай бүтүп, он биринчисине барсам, таптакыр башка, ондон кийин эле бир, бир турат. Эмне себептен катары менен эки бирди жазып койгонуна таң калдым. Анткени он бирдин ушундай жазылаарын билбейм да. Андан соң дагы басып барсам, эки бирдин ордуна бир, эки жазылып туруптур. Буга да түшүнбөй, айран таң калдым. Көрсө, 11–12 деген цифралар такыр башкача жазылса керек деп ойлоп жүрбөймүнбү. Мисалга 12 деген санды жазыш үчүн 1 жана 2 деген цифраны катар жазат деп такыр ойлогон эмесмин. Акыры ойлоп отуруп, ар биринин сүрөтүн тартып отуруп, бир топ цифралардын жазылышын билип алдым. Ушундан соң атайын окууну бүткөндөй болдум. Жанагы миң деген сандар ооз менен эле айтылып, жазууда жок болсо керек деп ойлоп жүрбөймүнбү. Ошону менен эки күндө жездемдикине бардык. Ал бечара дагы Кытайдан жаңы келген. Ал челек жасаган уста эле. Анын жасаган челектери азыр биз жолуктуруп жүргөн челектерге такыр окшош эмес. Илгери кыргыздын челектери карагайды кесип алып эле ортосун оюп жасашчу. Ал эми жездем азыркыдай жараңка-жараңкаларды кураштырып, орус челегин жасоону үйрөнүп алган экен. Ал даярдаган жараңкаларын мындай тизип коёт. Мен ойлонуп отуруп жана цифраларды жазганды үйрөнүп алдым дебедимби. Ошол тактайчаларга жанагы сандарды катары менен жазып коюп, кийин ошо боюнча кураштырса болбойбу деген жыйынтыкка келдим. Бул оюмду жездеме айтсам менин айтканыма түшүнбөй да, анын чындыгына ишенбей да койбоспу. Ары айтып, бери айтып кайра-кайра түшүндүрө берем. Мен жездеме ар бир тактайга цифраларды жазам, анан сиз каалашыңызча чачып коюңуз, мен ошол цифралар боюнча орду-орду менен тез эле чогултуп коём, буга ишенесиз дедим. Мен оюмду далилдеш үчүн ал киши жокто бир-эки ирет кайталап дагы чыктым. Ошол цифралар боюнча жездем келгенче салыштырып, бир нече ирет чогултуп, кайра чачып койдум. Ал киши:
– Кокуй, ушундай да кыласыңбы, – деп ачууланган болучу. Мен анда кайра катары менен коюп берем десем, дагы эле ишенбей турду. Бул өзүнчө кызык көрүнүш эле. Мен кайрадан сиз тактайларыңызды алмаштырып коюп көрүңүзчү, мен эшикке чыгып кетейин, кайра келип өз ордун таап, коюп берем десем буга макул болду. Мына ушундан кийин гана «менин өнөрүмө» ишенип калды. Бул болсо менин молдо болгондогу эң биринчи кубанычым эле. Кыскасы, ушинтип атып жездемдикинде жайлата жүрүп, бир топ сандарды жазганды жана челек жасаганды үйрөнүп алдым.
О. Т.: – Аалыке, андан кийинки окууга бет алуу сапарыңыз, Ташкентке жетүү сапарыңыз жөнүндө кеп кылсаңыз? «Жол азабы – көр азабы» дегендей ал кезде азыркылардын бирөө жок, сөзгө алса бир жомок.
Т. А.: – Чоң-кеминдиктер Ташкентте окуп жүрүшөт экен. Рыскул, Төлөнбай дегендер окуп атышыптыр. Ал жакта жетимдерди бекер окутушат экен деген сөздү угуп, жездеме өлөрмандыкты артып атып, Чоң-кеминге келдим. Кыскасы, айтып отурса бул өзү өзүнчө бир сөз, анын баарын айтып отурбайын. Атамдын иниси мени Ташкентке жөнөөрдө эптеп атып бир жоор ат таап берди. Ал бечара эптеп эле аракет кылган экен. Ал ат менен бул Пишпекке келгенде баспай калды. Мен жогоруда атын атап өткөн агабыз Базаркул Данияров ал атты саттыбы, эмне кылды так билбейм, иши кылып жок кылды. Ошо кезде бул жерден Ташкентке мал айдаар эле. Ошол жакка беш миңдей кой, алты жүз, жети жүзчө уйду беш-алты киши айдап жөнөгөн жатышкан экен. Мени ошолорго кошуп беришти. Ошентип Ташкентке бардым. Чындыгында, менде эч кандай билим жок болгондуктан, атайын мектептерге кабыл алуу мүмкүн эмес эле. Экинчиден, атайын документим да болбогон. Ал жерде азыркыдай интернат сыяктуу мектеп болсо керек эле.
Мен сыяктуу сандалып жүргөндөр ал жерде да аз эмес экен. Мени ошондой мектептердин бирине орноштуруп коюшту. Мен 16га чыгып, жашым жогору болсо да өзүм кичинекей, ичим чоң бала элем. Алардын ичинде менден көп кичүү балдар да жүрүшөт. Алардын ичинен бизди өзүнчө бөлүп, партиялык мектеп деген жерге алып барып, окута баштады. Ушул сөздөрдү мен эмнеге айтып жатамын. Бул сыяктуу кыйынчылык мен жана мен сыяктуу кыргыз жаштарынын баштарынан өтүп жатышы өзүнчө бир тарыхый шарттын күбөсү эле. Ырас, анда оокаттуу адамдардын балдары да окушчу. Алар көбүнчө билимдери жогору болуп, ошондо Ташкент шаарында казак-кыргыз институтунда окушкан. Ал кезде окуй турган эч кандай китептер жок, болгону казак тилинде жарык көргөн казакча Николайдын заманында эле чыккан «Таргын», «Куланды», «Кыз Жибек» деген эпосторун окуп, пайдаланып жүрдүк. Алар дагы оңой-олтоң колго тие койбойт. Бизди окутуп жатканда атайы түзүлгөн программа деле жок. Көбүнчө казак-кыргыз институтунан келип, Букарбаев деген сабак берет. Ал болбой калса, Данияров келип окутат. Кийинки жылы биз САКУ дегенге кирип калдык. Аны азыркы университеттин деңгээли менен салыштырууга болбойт. Анда окуган окуучулар үч түргө бөлүнүшчү. Биринчисин орус группасы деп коюшчу. Анда көпчүлүгү орус тилин билген адамдар окушчу. Экинчиси, «интернационалдык группа» деп койчу. Алар орус тилин билет жана жергиликтүү элдердин тилинде да окушкандар. Ал эми үчүнчүсү болсо азыркы күндө айтылбай турган «Туземная группа» деген группа. Анда окушкандар такыр эч нерсе билбегендер, аларды эптеп эле сабаттуу кылуу. Мен ошол үчүнчү группадан окудум. Анткени анда эптеп эле Кеңеш өкмөтү дегенди жакшы көрүп, эски падышачылыкты жаман көрсөтүү деген гана идея менен окутушчу. Биз орусча окуганыбыз жок. Ошондой эле кыргыз тилинде да окубадык. Анткени ал мезгилде жалпыбызга белгилүү кыргыз алфавити да түзүлө элек кез эле. Мына ошол кезде САКУда «Интернационал» деген дубал газета чыкчу. Кандайча болгонун билбейм, ошол газетаны чыгарууга мени да тартышкан эле. Мен ага кабарчы болуп, машинка жок болгондуктан көчүрүп жазып, жардамдашып жүрдүм. Адабиятка эң биринчи кадам таштаган кезим ошол газета болду. Кат тааныган күндөн баштап эле мен ага аралаштым. Анда атайын адабият сабагы да болчу эмес. Ошол кезде бизди окуткан Сарыбаев деген казак жигитинин таасири мага өзгөчө көп болду. Анткени чыгармаларды орус тилинен которуп, бизге айтып берчү. Адабиятты адеп түшүндүргөн ошол киши болду. Ал жерден казак, кыргыз жигиттери адабият кружокторун уюштура башташты. Ошол кезде казак адабиятынын тарыхы чыгыптыр. Ага менин ошол кездеги Ташкенттеги кружокко катышканымды да жазып коюшуптур. 1924-жылга чейин Орто Азиядагы республикалар бир республика болуп турган. Анда ар бир өзүнчө автономиялык республика болуп бөлүнүп башташкан. Ал кезде казак тилинде «Ак жол» деген гезит чыкчу. Ал казак-кыргыздын органы болгондуктан, мен жалпыбызга белгилүү «Октябрдын келген кези» деген ырымды алып барып берген элем. Ал ыр жогортон мен сөз кылып жаткан «Интернационал» деген газетадан да жарык көргөн. Ошол «Ак жол» газетасына барып түшкөн менин ырымды улуттар өз ара бөлүшкөн кезде менин ырым дагы кошо табылып калат. Натыйжада, аны «Эркин Тоонун» биринчи санына басышат. «Эркин Тоо» газетасында секретарь болуп Карачев Сыдык деген киши иштөөчү.
Кечээ кийин өлгөнгө чейин секретарь болуп жүрдү. Мен ал киши менен дагы чогуу иштешип калдым. Ал киши биринчи жолу мага келип: – Токомбаев ким? – деп сурады. – Мен, – деп жооп кайтардым. Ал узун бойлуу, ак саргыл адам экен. Сенин бир ырың бар экен, ал жакшы ыр экен, ошону кыргыздын тунгуч газетине басалы деп жатабыз, – деди. Бул сөзгө бир чети мен: – Кантип эле менин ырым чыгып кетсин – деп уялып аттым. Ал кезде мен акын деген сөздү кудайдай деп ойлочумун. Анын үстүнө Карачев Сыдык деген: – Сен акын экенсиң, жакшы ырың бар экен, – деп жатпайбы. Мен ушу сөзгө ымшып тердеп, кантип мен акын болоюн деп жатпаймынбы. Ошол кезде казактын газеталарынан акындардын ырларын окучубуз. Буга ырды кантип чыгарат болду экен – деп таң калчубуз. Ал киши илгертен татарча ыр жазып келгендиктен, экинчиден, улуу киши мени акын деп аташы ого бетер таңданткан эле. Мен ал кишиге: «Мейлиңер» дегенден башка эч жооп айта алган жокмун. Ал кезде гезитти көтөрүп сатышчу. Майрам күнү: «Кара кыргыз гезити «Эркин Тоо», кара кыргыз гезити «Эркин Тоо!» – деп кыйкырып жүрүштү. Аны кетип бара жаткан балдар чуркап барып алышты. Карасам ичинде менин ырым жүрөт. Алар:
– Мына, сенин ырың басылыптыр, – деп чуркап мага алып келишти. Ошондогу өзүбүздүн турмушубузду дагы кыскача айта кетейин. Эптеп эле бирдемени кийип жүрчүбүз. Менин ошол кездеги ботинкамдын таманы бөлүнүп түшүп калгандыктан, зым менен байлап алгам. Ошол күнү жер шалбырап, жамгыр жаап турган эле, мен баскан сайын таманым шалп-шалп этип, оозун ачкан балыктай болуп көрүнүп турчу. Мына ушундай учурда менин жогоркудай ырым чыгып калды. Муну ойлоп көрсөк, чындыгында, эч бир башка туура келбейт. Азыркы кездеги биздин жаш жазуучулар татынакай кийинип жүрүп, иштеп жатышпайбы. Ал кезде биз жылаңайлак шалпылдап жүрөбүз, ал эми ырлар жанагынтип чыга баштады. Кыскасы, ал кездеги негизги максатыбыз окуу жана окуу. Аздыр-көптүр караңгы элибизди жарыкка, кенен дүйнөгө сүйрөп чыгуу эле. Ошол кезде казакта Муратбек деген чоң билимдүү киши бар болчу. Ал бизге көп келип, патриоттук темадагы көптөгөн лекцияларды окуучу. Ал киши элдин караңгылыгы жөнүндө кеп кылып келип:
– Мына силер жаркыраган чыракты кармап, элге бара жатасыңар, – деп далай кеңештерди айтчу. Биз дагы колубуздан келишинче аракет кылып, айрым учурларда эл, жерибиз жарыкчылыкка чыкса экен деп ыйлаган күндөрүбүз да болгон. Көбүн эсе чыгармачылыгыбызды турмуштун өзүнөн, практикадан алып баштадык деп айтсак туура болоор эле. Анткени адабият теориясын мындай коёлу, өзүбүз чыгарма жазган эне тилибизде адабий тил дагы жарала элек эле. Ошол убактарда биздин милдетибиз, өзгөчө жайкы каникул мезгилинде, бирден-экиден болсо дагы балдарды окууга тартыш, үгүттөп мектептерге кийириш болгон. Анда элибиз жогоруда мен айткандай караңгы болгондуктан, балдарын окууга, илим-билимге жолотушчу эмес. Биз бир жайда бир-эки бала алып барсак, чоң жеңиш катары эсептелчү. Ошол мезгилдеги акындардын ырларынын бардыгы үгүт-насаат мазмунун көбүрөөк алып калышы так ушундай кырдаалдан улам болгон көрүнүш. Ошол убактарда кыргыз элине кийинчерээк белгилүү болуп чыгышкан акындар Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Жума Жамгырчиновдор мага чейин эле бул жерде окушкан, бир топ билимдүү адамдар экен.
О. Т.: – Аалыке, Ташкентте төрт жылча жүрүп, 1924-жылы Бишкекке келдиңиз, ошол учурда бу жердеги өзүңүз сыңары чыгармачыл жаштар жөнүндө да кеп кура кетсеңиз? Келериңиз менен кандай чөйрөгө туш келип, кимдер менен таанышып, чыгармачылык карым-катнаш андан ары кандай жүрдү?
Т. А.: – Ошентип, Ташкенттен Бишкекке келдим. Жогоруда аттарын санап өткөн балдар педагогикалык техникумда окуп жүрүшкөн экен. Менин билимим анчалык чоң болбосо дагы, бактым – ырымдын биринчи чыгып калышы. Жаңыдан калем кармашкан кыргыз жаштардын ичинде жогоруда аттарын атап өткөндөрдөн тышкары Молдогазы Токобаев, Ташым Байжиевдер бир кыйла билимдүү жаштар болушкан. Ал кездеги биздин чыгармачылыгыбыз сабатсыз элде жаңыдан гана телчиге баштагандыктан көбүнчө үгүт, элдин караңгылыгын жоюу, өткөн падышачылык өкмөттү жаман көргөзүү чакырыгындагы ырлар болгон. Ошол кезде менин жазган ырларым азыр жаңыдан жазышкандардан эч айырмаланбайт. Жана өзүбүз айтып өткөн «Октябрдын келген кези» деген ырымдан бир куплет окуп берейин. Ырдын мазмунун, негизинен үгүт, насаатчылык түзөрүнө дагы бир ишенесиң.
Октябрдын күлүңдөп келген кези,
Энчисин өз-өзүнө берген кези.
Мурунку чынжыр курган душмандарды,
Ичинен момундарды терген кези.
Так бүгүн кедей орун алган кези,
Дилдешип кайратташып калган кези.
Ак сөөк капиталдын уругуна
Айыкпас кара дары салган кези, –
деп башталат. Ошол кезде биз жумушчу табы менен дыйкан табын бири-биринен көп ажырата албай, бардыгын кедей табы деп атачубуз. Ошол ырдын аягы мындайча бүтөт.
Кедей тап Лениндин айткан сөзүн,
Үйрөнүп эзилгендин ачкын көзүн.
Сүйөнүп Ленинизм тирегине
Ачылсын кең көкүрөк, жайык төшүң.
Жашасын Ленинизм түзгөн жолу,
Жоголсун караңгыны нурган тору.
Жолуна Октябрдын кедей түшүп,
Жетишсин максатына созгон колу.
О. Т.: – Аалыке, сиз баятан бери өзүңүздүн чыгармачылыгыңыздын башталышы жөнүндө жакшынакай кылып токтоло кеттиңиз. Каякта жана кандайча болуп окуп калгандыгыңызга да токтолдуңуз. Сизге чыгармачыл адам, анын үстүнө акын катарында дагы бир суроо менен кайрылалы. Мына сиз 60 жылдан бери кагаз кармап, ыр жазып келе жаткан адамсыз. Ушул жылдардын ичинде сиз жүздөгөн ырларды, ондогон поэмаларды жана «Таң алдында» аттуу ыр менен жазылган романды окуучуларыңызга тартуу кылдыңыз. Сиз ушул чыгармаларыңыздын узун сапарында, акындардагы эң башкы сапаттар жөнүндө айта кетсеңиз? Оюңузча кандай сапаттарды эң башкысы деп ойлойсуз?
Т. А.: – Акындардагы сапатты теориялык жактан да, практикалык жактан дагы алганыбызда эң башкысы гумандуулук го деп ойлоймун. Мисалы, элдик акындарды эле алалы, бардыгынын максаты элдин таламын көздөө болгон жана алар ырларында да ошолор жөнүндө сөз болот. Эгер акын адамгерчиликтүү, боорукер болуп, өзүнүн заманындагы прогрессивдүү нерселерди чагылдырып бере алса, бул анын талантынын таза жана тубасалыгы. Буларды ошол коомдун, ошол элдин чоң акыны деп айта алабыз. Биздин азыркы советтик акындарыбыздын көпчүлүгү элибиздин таламын талашкан акындар болгондуктан, алардын ичинде да мыктылар көп. Талант деген сөзгө келе турган болсок – бул табияттын ошол адамга берген белеги. Мындан көп жыл илгери талантты табигаттыкы деп айтсак, айрымдар жок, бул туура эмес дешчү. Эмгек кылган бардык киши акын боло алат деген теория чалышты чыгарышкан. Ырас, эмгек эң сонун нерсе. Аракеттенген адамды ал далай жерге жеткизет. Баары бир нукура талант болбосо, кандай гана аракет болбосун, чоң, чыныгы нерсени жарата албасын турмуш бир канча ирет далилдеди. Ал жүрөктү жылыта албайт, сезимди толкута албайт. Ким табигаттан чоң белек алса жана аны чыныгы саяпкерче асырай билсе, андай чыгармачыл адам сөзсүз бирдеме жарата алат. Маселен, биз адамдарбыз, басып жүрөбүз, бирибиздин күчүбүз көбүрөөк, экинчибиздики азыраак. Талант дагы дал ушундай нерсе деп айтаар элем. Белинскийдин заманында: «Таланты жок киши жазуучу боло алабы?» деген суроо болгон. Ал киши мындай деп айткан: «Эгер сабаттуу адам болсо жазуучу болушу мүмкүн. Ал гана эмес бир топ роман, повесттерди жарыялашы мүмкүн. Бирок алардыкы өлүү төрөлгөн баладай же жармач оору сыяктуу өмүрү кыска болот. Муну мезгил, доор талап кылышы мүмкүн. Ал эми зор таланттар болсо, өмүрлүк болуп кылымдардан кылымдарга, замандан замандарга кала берет. Эгер жазуучу таланттуу болсо, ал кандай турмушту жазса, ал сөзсүз окуучусун алымсындырышы абзел. Ал кайгырта да, кубанта да алат. Таланты аз жазуучу канчалык кайгыртам, күлдүрөм деп аракет кылганы менен баары бир күлдүрө да, кайгырта да албайт. Мына таланттуулук менен талантсыздыктын айырмасы так ошондо».
О. Т.: – Аалыке, адамдардын жакшы да, кемчилик жагы да болот эмеспи. Акын дагы ошо сыяктуу. Сиз ондогон жылдардан бери чыгармачылыктын артында келе жатасыз. Сиз бала кезиңизде кыргыз элинин башына түшкөн оор жылдарга дагы туш келген экенсиз. Мына ушул кезден тарта бүгүнкү жаш бийиктөөсүнө келген учурга чейин сиз өзүңүздүн жеке кемчилигиңизди чыгармачылык эргүү аркылуу койгон учурларыңыз болобу, ушул жөнүндө эмне дээр элеңиз?
Т. А.: – Бул өзүнчө кызык маселе. Адам кандай гана болбосун өзүндөгү кемчиликти туюшу жана кечириши өтө кымбат. Эгер адам өз башындагы кемчиликти дароо эле сезип турса жана аны жоё алса, анда абдан жакшы болоор эле. Өтө сейрек адамдар гана өз кемчилигин билбесе, көпчүлүгү биле албайт, бул бир чети табигый көрүнүшпү деп ойлойм. Менин оюмча, өзүнүн кемчилиги өзүнө сабак боло албайт. Ал муну тескерисинче, кемчиликти бирөөнөн көрүп, бирөөдөн байкап же тил угуп, сокку жесе ошонун чагылышы сабак болушу мүмкүн. Дүйнөдө физикалык жактан болсун, акыл жагынан болсун жүз пайыз кемчиликсиз адам болууга мүмкүн эмес. Кемчиликсиз жалгыз гана кудай. Анткени кудайдын өзү жок. Мүмкүн, акылман адамдар өздөрүнүн кемчиликтерин эртерээк сезишээр. Бул жагынан мен так айта албайм. Бирок биз сыяктуу жөнөкөй адамдар өз кемчиликтерин оңой-олтоң эле сезе коюшат деп жыйынтык чыгарбас элем. Бир топ өмүр өткөндөн кийин артыңа ой жүгүртүп отуруп, өткөндөн кандай кемчиликтер кетиргениңди баамдашың мүмкүн. Мына ушунун өзү бир топ өкүнүчтүү нерсе. Мен жогоруда болгону төрт жылдык гана билимим бар деп кетпедимби. Чындап келсе бул менин өмүрүмдөгү, менин билимиме байланыштуу ири эле кемчилик. Бул жеке менин кемчилигим эмес. Ошол кездеги тарыхый абалдын убактылуу шарты. Бул кемчиликти мен, биринчиден, коомдук шарт деп сезсем, экинчиден, өзүмдөгү жетишсиздик деп эсептейм.
Мен көрсө, кийин кызматкер болуп жүргөн учурумда аны таштап атып, окууну дагы улантууга умтулган эмес экенмин. Анын үстүнө ошол учурда биз кетсек эле жумуштун баары токтоп калчудай сезилчү. Эгер менин алдымда экинчи ирет жашай турган өмүр боло турган болсо, мен эң алгач өмүрдү окуудан баштаар элем. Мына биздин мамлекеттик тил болуп эсептелген орус жана кыргыз тилин эле алалы. Мен эң алгач ушу эки тилди дасыга өздөштүрүүдөн баштаар элем. Буга кошумча дагы эки-үч тилди үйрөнгөн болоор элем. Мына ушул сөздү азыркы жаштарга кайрылып айтамын. Алардын айрымдары сабактарын начар окуп жатышканын кулагым чалып жүрөт. Мен жаш кезимде эске тутуум дагы абдан жакшы эле. «Манас» жана башка элдик дастандардан көптөгөн үзүндүлөрдү жатка айтчумун. Азыр жаштардын бардыгынын тең эске тутуулары меникиндей эле болсо керек го деп ойлоймун. Чындыгында эле, жаш мээ жазыла элек аппак кагаз сыяктуу нерсе. Кылт эткен нерсе жанагы фото сыяктуу ага жугуп калат. Мен азыркы жаштардын ата-энелерине мындай деп айтаар элем: – Балдарыңарды жаш кезинен тарбиялагыла, окуткула, көптү үйрөткүлө дээр элем. Баланы өтө жаш кезинен тартып мээсин иштетүүгө көнүктүрсө, жогоруда мен айтып өткөн фото кагазы сыяктуу бардык нерсени кабыл ала берет. Адамдын мээсиндеги лента ченемсиз. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда бир адамдын мээсинде кырк миллиарддан ашык клетка бар экен. Эми анын баарын биз иштеткен жерибиз жок. Бул кемчилик баарыбыздын эле башыбызда бар. Анын үстүнө кыргыз эли айрым тарыхый формациядан секирип өткөнү дагы өзүнчө тоскоолдук туудурат. Тарыхтын узак жолунда кыргыз эли феодалдык доорду айтпаганда да капиталисттик доорду таптакыр басып өтпөгөнүн жакшы билебиз. Бирок ошол ортодо аттап кеткен нерсе адамдардын жашоосунда өзүнүн өзгөчө алакасын тийгизбей койбойт экен. Мына ушул кемчиликти күч менен жоюшубуз керек. Чындыгында, биз азыр бардык улуттар менен тепетеңбиз. Кандай гана жетишкендик башка элде болсо, ал бизде да бар. Бирок ошого карабастан жана илгертен келе жаткан патриархалдык, жердешчилик, уруучулдук өңдүү көрүнүштөр алигиче биздин арабыздан жоюла элек. Максат алдыбызда – мына ушул өңдөнгөн кемчиликтерди жоюуда турат.
О. Т.: – Аалыке, мына ушул сиздин сөздөн улам, мен дагы бир суроого түртүлүп жатам. Сиз айрым кемчиликтер жөнүндө жакшы токтолуп өттүңүз. Ошол сыяктуу, кемчиликтердин бири жалкоолук деп ойлойм. Бул өзгөчө жаштарыбыздын арасында жана жалпы элибизде көбүрөөк таркаган өкүнүчтүү көрүнүш. Мына ушул туурасында сиз эмне деген пикирлерди ортого салаар элеңиз.
Т. А.: – Бул суроого мен дагы негизинен кошулам. Кээ бирөөлөр айтышат, кыргыз жалкоо деп, бул сөз теориялык жагынан салмактап көрсөк анча туура сөз эмес. Эгер чындап эле кыргыз жалкоо боло турган болсо, бир тууган союздук республикалардын катарында теңтайлаш жашай албайт элек. Мен кыргыз элин жалкоо эл деп айтпас элем. Ошондой болсо да анын бир жагдайына токтолуп өтөйүн. Бул сапатты шарттаган, негизинен, элибиздин бир кездеги көчмөн турмушу саналат. Биз мисалга Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн алалы. Түндүктөгүлөргө караганда түштүктөгүлөр эмгекчилирээк эл келет. Бул күндөрдө деле Тянь-Шань тараптагылар бир топ жалкоо. Анткени мал баккандан башка кылаар иштери жок. Мына ушуну бүткүл элге таандык кылып айтканга болбойт. Демек, эмгек кай жерде мыкты уюштурулса, кай жерде жакшы жыйынтык берип турса, ал жердегилер жалкоо болушпайт.
О. Т.: – Аалыке, эртеден бери сиз чыгармачылык жөнүндө бир топ айтып өттүңүз. Сиз чыгармачылык узак жолуңузда өзүңүзгө айрыкча жаккан эки-үч ырыңыз жөнүндө айта кетсеңиз. Ал кандай шартта, кандай учурда жаралган, аны жазууга сизге кандай себептер түрткү болду эле? Ошол чыгармаларыңыздын жаралуу тарыхына кыскача токтолуу менен айрым саптарын окуп да берсеңиз.
А. Т.: – Маркум Жусуп Турусбеков бир кезекте чыгармачылык жөнүндө бирөө сурап калса, мындай деп жооп бергени али эсимде: – Мергендин бардык огу бири-бирине окшош болот. Анын баары тең эле жакшы. Аны атса кээ бирөө тиет, кээ бирөө тийбей калат дечү. Ушул сөз менимче эң так жана таамай айтылган. Чындыгында, мергенчи үчүн ок атыла электе баары тең эле бирдей жана жакшы. Ал эми аткан кезде кемчилик мергендин өзүнөн кеттиби, октун салмагынан кеттиби, аны билиш белгисиз. Мына ушундан улам менин айтаарым бул: – Менин жазганым дурус го, элге жетет го деп жанагы атыша элек ок сыяктуу эсептейбиз. Бирок чыгарманын чыныгы таразакечи эл болот. Кээ бирөөлөр айтышат, чыгарманын калысы сынчы болот деп. Ооба, сынчы болушу да мүмкүн, бирок кандай сынчы болсо да элдин сынынан ашып кете албайт. Ал эми чыгарма жазган кишинин көпчүлүгү, жогоруда Жусуп айткандай, начар болуп калды деп ойлошпойт. Аны сынчылар, андан бийигирээк эл сынынан өткөрөт. Артыкча поэзия бөтөнчө чеберчиликти талап кылат. Ошондуктан поэзия ырдын ыры деген атка конушу да ушундан улам чыккан. Демек, ыр деген жөн гана чыгарма эмес, анын ар бир сабы укмуш болушу керек.
Поэзия – ал өзү атайын чоң чебер уста тарабынан чыгарылган көркөм буюм сыяктуу нерсе. Ал ага канчалык көптөгөн эмгек жумшалса, ошончолук сувенир-буюм баа болгон сыяктуу, бирдей калыпка салууну талап кылбайт. Ар бир эң сонун сувенирлерди ошол чебер кол менен жасайт. Ошон үчүн анын ар бири кымбатка турат.
Ушундан улам көп нерсе менин эсиме түшөт. Мен ушул учурдагы котормо маселесине да кичине токтолуп өтөйүн. Орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармаларын кыргыз тилине которуу кырк жылдан ашуун убакыттан бери улантылып келе жатса да, көпчүлүк котормолор ойдогудай чыкпай жатат. Анткени кыргыз тилине которулган Пушкиндин ырларынан цитаталар жокко эсе. Демек, ошол акындын деңгээлинде чыккан котормолордун болбой жатканынан улам ушул көрүнүш көбүрөөк кайталанууда. Котормочулукка дагы чыныгы жана чоң талант керек. Айрым учурларда айыл-кыштактардан: – Пушкин, Пушкин эле дейсиңер, анын ырларынан Малжаңбайдын ырлары дурус го, – деген анекдот чалыш сөздү да угуп жүрөбүз. Демек, биздин талантыбыз, чеберчилигибиз, которуу деңгээлибиз Пушкиндин акындык дараметине тең келбей жатат деген ойдомун.
О. Т.: – Аалыке, сиз бир аз сурообуздан четтеп бара жаткандайсыз. Жана өзүңүз жакшы көргөн айрым ырларыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
А. Т.: – Мен өзүмдүн оюм боюнча баарыңарга белгилүү «Таң алдында» аттуу ыр менен жазылган романымдын үстүндө көп эмгек сиңирдим. Бир кезде аны сынчыларыбыз талкалап да таштаган. Кийинчерээк ал романымдагы кемчилик деген нерсе кайра калыбына келтирилди. Көрсө, сынчылар дагы сындашканы менен өздөрү да кемчиликтен куру эмес экен. Кийинчерээк менин чыгармама коюлган доо көбүн эсе ашыкча экендиги далилденди. Мен эски вариантым боюнча иштелген романымдын айрым жерлерин кайра киргизип иштеп чыгууга тийишмин. Бул романдын үстүндө 30 жылга жакын өмүрүм кетти. Мен бул романдын үстүндө иштегенимде тээ балалык кезимден баштап эле көргөн-билгендерим жардамга келди. Өзгөчө, чыгармачылыгым башталган жылдан тарта эле кириштим десем болот. Эгер чыгарманы жазуудан мурун башыңа мыкты бышырып алсаң, бат жазууга мүмкүн. Жогоруда айттым го, 30 жыл башымда жүрдү деп. Кайсы жылы экени анчалык эсимде жок. Маликовдор болуп «Арашанга» бардык. Ошондо жаздым. Айрым персонаждарды, өлгөн адамдарды элестеткенимде чочулап, Маликовдун жанына барып түнөгөн күндөрүм да болду. Бул биринчиден, мурунтадан башка бышып калган материал болгондуктан, экинчиден, өз башыман өткөн окуялар. Башыма абдан бышкан болуу керек, килейген романды үч айдын ичинде жазып бүттүм. Мен бул чыгарманы көбүрөөк башыма бышырып жазгандыгымдан жана өз башымдан өткөндүктөн бир топ кызыктуу чыкты го деп ойлойм. Ушул чыгармам дагы өмүрлүү болот го деген тилектемин. Мен жаш кезде балдарга арнап жазган бир топ ырларым бар. Булар дагы, менимче, бир кыйла дурус чыккан. Айрымдары басылып чыккан. Бүгүнкү күндө да окулуп жүрөт. Бул болсо басма органдарынын иши. Менин мындай бир жаман адатым бар. Илгертеден эле бул чыгармамды чыгаргыла деп китеп чыгаруунун артынан кубалаган адам эмесмин. Мен ушу күнгө чейин планга бекитилгенден кийин терүүгө кеткенден кийин, ал гана эмес көпчүлүк учурларда китебим жарыкка чыккандан кийин келишим түзөмүн. Мен драма жанрына да катышып жүрөм. Мүмкүн, силер «Өлбөстүн үрөнү» аттуу тарыхый драмамды кыргыз драма театрынан көргөн чыгарсыздар. Бул чыгарманы ойдогудай коюша албай жүрүшөт. Менимче, бир топ жакшы чыккан чыгарма деп айтаар элем. Ушунум өмүрлүү болушу мүмкүн. Мен бул чыгарманы дагы тарыхты көбүрөөк изилдеп, ары сүйүп жаздым. Менде ошондой эле бир топ философиялык ырларым бар. Мен ага «шилтемдер» деп өзүмчө термин чыгарып, ат коюп алгам. Мен ушуларды жакшы көрөм, өмүрлүү болчулар ушулар. Мен жогоруда адамзаттык деген ой жөнүндө токтолуп өтпөдүмбү. Эгер чыгарма бир эле улутка же бир эле коомго тиешелүү болбостон бардык учурга бирдей таасир бере алса, ал улуу. Мындайлар турмушта анчалык аз эмес. Азыркы учурда биздин көпчүлүк жазуучулар чыгарманын үстүндө иштеп жаткан убакта адамгерчилик деп эле бирдеме жазган болобуз. Бул али эстетиканын жогорку талабына шайкеш келген чыгарма боло албайт. Кыскартып айтканда, талант болбой ой менен эле жогорулукту тилеп жазышкан чыгарма али чыгарма эмес.
О. Т.: – Аалыке, чыгармачылык деген өзүнчө бир түйшүк экенин жакшы билесиз. Чындыгында эле түйшүктөнбөсө жакшы чыгарма жаралбашы бышык. Сиз чыгармаларды кандай шарттарда, кайсы убактарда жазасыз? Жылдын кайсы мезгилинде, сутканын кайсы убагында көбүрөөк жана жемиштүү иштейсиз?
Т. А.: – Бул өзүнчө бир кызык. Менин чыгармачылык жолумдун кичинекей өзүнчө бир тарыхы бар. Кээ бир жазуучулар күндүз жазат, күндө жазат. Бул ыкманын тууралыгына мен күмөн санабайм. Муну теоретиктер да айтышат. Мен буга теориялык жактан толук кошулам. Бирок мен ушундай жаза албайм, жогоруда ушунун өзүнчө тарыхы бар деп айтпадымбы. Ал мындай:
– Мен Ташкентке барып окуй баштаганымда эле китепти көбүрөөк окууга аракет кылчумун. Бирок ойдогудай шарт кайда. Арабызда окууга анча тырышпаган, бир чети шайкелең балдар дагы көп эле. Мен анда көп нерсени билбеген, бир чети аябай момун баламын. Айрым учурларда мен окуп отурган китебимди жула качып кетүүчүлөр да болду. Мен бир чети алардан качып, балдар уктап калган кезде түнкүсүн окуйм, окуган боюнча таңды атырып, эртең менен сабакка жөнөйм. Ошол жылдарда көнгөн адатым боюнча жалаң түнкүсүн иштеп келе жатам.
Эреже боюнча күндүз иштеп, түнкүсүн укташым керек эле. Мен бул табигаттын закон ченемин бузуп койдум го деген ойдомун. Экинчиден, күндө иштөө мезгилине келе турган болсок, ал мындайча. Күндө иштебейм. Менин чыгармачылыгымдын башталышы кандай чаржайыт болсо, буга чейинки иштөөмдүн бардыгы чаржайыт. Бир теманы алып, ушуну бүтүрөйүнчү деген адат менде аз болот. Мен башынан өзүмдү жазуучу деп эсептебей жүрүп, ушундай адатка кабылганымды жакында гана түшүндүм. Айрым учурларда көчөдө жүргөн кезимде бир нерселер оюма түшөт. Аны эстеп коём да түн ичинде отуруп иштей баштайм. Мен тигил же бул чыгарманын үстүндө былк этпей отуруп иштеген учурларым болгон жок. Так ушуну өзүмдөгү эң чоң кемчилик катары эсептейм. Мен көбүнчө жыл мезгилин ала турган болсом, күз жана кеч күз, кыш айларында көбүрөөк иштейм. Менин системалуу түрдө иштебей калышымдын дагы бир орчундуу себеби ушул го деп ойлоймун. Биз ушуга байланыштуу көпчүлүк убактарыбызды коомдук иштерге бөлүп келдик. Көп жылдар Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеп келдим. Жазуучулар союзу уюштурула элегинде эле мен адабий кружогун жандандырган элем. Биз иштегенде убактыбыздын бардыгын ушундай жумуштарга бөлчүбүз. Ал гана эмес Жазуучулар союзу боло элегинде өз күчүбүз менен адабий журналды чыгарган элек. Аны чыгарууга өзүбүз демилге көтөргөнбүз. Тиешелүү органдарга кайрылып:
– Журнал чыгарганы жатабыз, жардам бергиле – десек, алар: – Кантип чыгарасыңар, тиешелүү каражаттарды кайдан табасыңар, жазуучуларыңар болгону үч-төрт киши, – деген сөздөрдү укканбыз. Мен ал кезде мамлекеттик басмада башкы редактор болуп иштечүмүн.
Кеп мына ушул жагында. Кыргыз жазуучулардын ичинен жаштардан жогорку билимдүү жазуучулар жок эле. Жалгыз гана Касымалы Баялинов болгон. Ошондуктан орус жана дүйнөлүк классиктерди окуп чыгуучулар биздин арабыздан чанда учуроочу. Биздин традициябыз жомок, элдик чыгармалардын эң башкысы «Манас» болду. Ошентип элдик оозеки чыгармачылык бардыгыбызга тең таасирин тийгизе алды. Мына менин өзүмө да таасир кылды. Мен бир катар жылдар мурда жазган чыгармамды окуп көрсөңөр, жомоктун таасири көп экендигин баамдай аласыздар. Бөтөнчө чоң таасир проза боюнча Жантөшев болду. Анын «Каныбек» аттуу чыгармасын окуп көрсөңүздөр жомок менен көркөм адабияттын ортосундагы эң сонун карым-катнашты байкаар элеңиздер. Бир кезде бул чыгарманы жомок дешип, согуп чыгышкан учурлары да болгон. Эпос, менин оюмча, сонун чыгарма. Эмне себептен дегенде, ал элибиздин башынан өткөргөн кайгы-муңун, элибиздин ой-пикирин, философиясын жана эң башкысы элин коргоо болгондуктан, анын баасы теңдешсиз. Эпостун эң башкы касиети ушул.
О. Т.: – Эми Аалыке, жогоруда эскерте кеткен үч кыл комузга токтоло кетсеңиз?
Т. А.: – Бул үч кыл комуз – кыргыздын жүрөгүнүн кылы. Биздин муңубуз дагы, кубанычыбыз дагы ошондо. Эпоско караганда комуздун күүлөрү, алардын ичинен арман күүлөрү эң эле демократиялуу. Анткени бул тилсиз, жүрөк менен ойнолот. Ал күүлөр кандай талант тарабынан жаралбасын, элибиз менен кошо жаралган, элибиз менен кошо кетет.
О. Т.: – Аалыке, эмесе дагы бир сурообузду берсек? Жогоруда замандаш кыргыз акын, жазуучулардын ичинен Жусуп, Жоомарт, Мукай жөнүндө сөз кылдыңыз. Мына ошолордун айрымдарынын чыгармалары жөнүндө эмне деген пикирди айтаар элеңиз?
Т. А.: – Бул жакшы суроо болду. Буга жооп бериш бир чети кыйын. Анткени баланча жазуучу жакшы, түкүнчө жазуучу мындайыраак деп айтыш эң эле кыйын болот. Ар кимге өзүнүн замандашы эле жакшы көрүнөт. Мисалга алып айтсак, мага Осмонов, Турусбеков, Элебаев, Маликов, Алыбаев, Үмөталиевдер жакын көрүнөт. Булардын ичинен менден дагы эки жашча улуураагыбыз Мукай Элебаев эле. Аларды мен эмне себептен жакшы көрөм. Көрсө, сөздүн төркүнү мындайча экен. Ушулардын бардыгы бирге адабиятка талпынып аттанып чыктык. Бирге иштеп, бирге жүргөндөн да болсо керек. Адабиятыбыздын башталышынын эң уюткусу ушулар болушту. Булардын бардыгы чоң жазуучулар. Ошол кездеги көпчүлүк акындардын ырлары дээрлик саясий лирика болгон. Аны учур талап кылып турган. Биз ал мезгилдерде да сүйүү ырларын жазчубуз, бирок бастырчу эмеспиз. Эмнегедир аны бастырууну уят иш катары көрчүбүз. Бул болсо биздин кемчилигибиз экен. Мен орус акындарынын ичинен өзгөчө Пушкинди, Лермонтовду жактырганым талашсыз. Бирок ошондой болсо дагы советтик улуу акын Владимир Маяковскийдин чыгармачылыгына чоң баа берем. Ал өзүнүн саясий лирикалары менен өзгөчө толкундантат. Мен жогорудагы кыргыз акын, жазуучулары жөнүндө айрым-айрым сын бере албайм. Мен өзгөчө жакын көргөндөр жогоруда саналып өткөндөр, алар адабияттын ветерандары, бардыгы тең мага бир уядан учуп чыккандай сезилет. Бүгүнкү күндө да көптөгөн акындар бар. Алар жакшы ырларды жазып жатышат. Бирок мен тиги тигиндей, бул мындай деп айта албайм. Бул сынчылардын иши.
О. Т.: – Аалыке, эмесе сизге чоң ырахмат. Эртеден бери бир топ убактыңызды бөлүп, чарчадым-чаалыктым дебестен бир катар суроолорго жооп бергениңиз үчүн. Дагы көп жашаңыз, дагы-дагы жакшы чыгармаларды бере бериңиз.
А. Т.: – Биздин милдет – сиздердин алдыңарга өткөн-кеткендерибиз, билгендерибиз жөнүндө айтып берүү. Биз айтып жүрөбүз го: «Атаң 60ка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал» – деп. Эми 70ке да чыгып калдык. Ошондуктан бизди жетелеп жүрүп, күчүбүздү алсаңар болот. Биз колдон келишинче бардыгын ортого салып, айтып берүүгө милдеттүүбүз. Биз силер үчүн, жаштар үчүн, келечек үчүн бардыгын иштөөгө тийишпиз.
О. Т.: – Аалыке, дагы бир жолу чоң ырахмат.
1979
Маектешкен Тенти ОРОКЧИЕВ
Ала-Тоо, июнь, 2016