Абдусамат Сарала: Натюрморт. Түн. Мен

  • 04.10.2024
  • 4242

Түн. Апрель. Жыйырма экиси.
Саат 2. А эгерде тагыраак
болсок: 2-03. Турат апельсин
стол үстүндө кызгылт-сары жылтырап.
Күңсүп өңү өчкөн, эптеп столумду
жапкан тасмал эле болмок жетиштүү,
эски обой, линолиумдун фонунда
апельсин тур андан бетер жеңиштүү.
Ай да туру тереземдин тушунда.
Санаа, санаа... ичимде да тышымда.

Шекер салгыч, пакетче чай, пиала
жана кашык жатса дагы тасмалда,
ай сунуштайт апельсинге диалог,
башкабызды теңине албай асмандан.
Кран тыпылдайт метрономдой, ритми
бир бузулуп, бирде кайра оңоло.
Ашкана бул – күңүрт, жансыз, жетим бир
планетадай, апелсин бул – НЛО.
Сыртта түн... жылдыздары жымыңдап.
Жашоо өтүп жаткан жокпу жанымдан?

Хрущевканын ашканасы, төрт жарым
метр чарчы – үкөкчөдө пил сымал
отурамын, кысылышып төрт жагым,
плюс потолок так төбөмөн тур сылап.
Сталкерлер кирип келсе эшик тээп,
ССРден калган издеп артефакт,
Балким мени дагы алып кетишмек,
Бир апельсин жалгыз калмак жаркырап
протокүндөй – жаңы гана от алган
арасынан эң алгачкы хаостун.
Түн. Натюрморт. Жана менмин отурган.
Бир бурчунда мейкиндиктин, хроностун.

Мезгил мезгил менен улам күрүлдөп
Киргизия, жанындагы газ мешим
андан анча жаңы эмес. Түрүлгөн
жашыл парда, маңдайында ак эшик –
айнеги жок, сыры калың – жабылбай
ошондуктан калган эбак. Апелсин
стол үстүндө... Акыл эсти жалындай
каптап барат акыйкаттын иниси.
Жарк деп күйүп терезеси, кошунам
тахажудка турду. Мен да кошулам.

22.04.20 – 30.12.20

БҮГҮН...ЭРТЕҢ...

1.

Ырлар кана кечээки жазылбаган?
Жадыраган кечээки жазың кана?
Ошол ырлар, ошол жаз кадырына
жетпегениң түшүнүп азыр гана
отурасың... Кечээки бүгүндөргө
кайтып баргың бар бирок Делориан (1)
күтпөйт сени гаражда... Күүгүм бөлмө...
Сыртта гана коңур күз делооруган.

2.

Бүгүн гүлдөш каяктан? Бүчүр албай
калсаң кечээ максатың унуткара...
Өмүр кантип өткөнүн түшүнө албай
күн келатат шалдайып туруп калар.
"А" чекити эчакта артта калып...
Мезгил - поезд, жүрүшү сезилбеген.
"Б" чекити да кирип келери анык -
чууруп эле жаткансып көз ирмемдер.

3.

Тонналаган бензиндин пайдасы жок -
Учкун керек дүрт этип от алганга.
Бүгүн башта... Эртеңдин айласы жок -
Эртең ысмың асмандан аталганда:
кычкылтектин сага соңку буюрган эң,
молекулу өпкөңө атып кирип,
көмүр кычкыл газына кубулган соң,
жаның менен жарыша чыгып кетет...

4.

Эчак о дүйнө салган президенттер (2)
бийлик кылып турган шул замананын
эртеңдерин түшүнүп - изилдеп, мен
аракет кылам да камаламын,
тумандуу, бүдөмүк, пессимисттик,
туңгуюк ойлордун арасына.
Күтүп турат алдыда белгисиздик,
Үмүттөрүм не үчүн жанасыңар?

5.

Ушул дүйнө чындыгында табышмак.
Табышмак өмүр дагы, өмүр дагы.
Бүгүндөрдү эртеңдерге табыштап
жашаганга жүрөгүң көнүп алды.
Ичиңдеги жалгыздык жүдөткөндө,
каңырыгың түтөгөн мүнөттөрдө,
кыялдарды кубултуп үмүттөргө
адат сага ушинтип күн өткөргөн...

6.

Өлүм бул - факт. Факт жанды
койбогон, кудум урчук таш сымал
батинкеңен таманыңды өйкөгөн -
кең дүйнөдө баратканда эскерип,
чындыгында кең дүйнөнүн тардыгын
жана да сен нагызында арналган
эместигиң, мына ушул дүйнөгө.
Өлүм бул чындыгында ойгонуу,
Таттуу түштөн, биз жашоо деп атаган. 

7.

Готем (3) болуп кетсе да бүтүн дүйнө,
(Же мейли Готемден да бетер болуп.)
Кадам ташта сенден эч күтүлбөгөн.
Дүйнөгө жооп кайтарба Джокер(4) болуп,
Адам бойдон калгын шул баскан жолдо.
Күтөт сени, балким сен түшүнбөгөн
Улуу чындык... А эгер тапкан болсоң
"...акыйкатты тиште азуу тишиң менен..."(5)

________________________________

(1) Делориан - "Артка келечекке" ("Назад в будущее") тасмасындагы убакыт машинасы болуп жасалган автомобиль.

(2) О дүйнө салган президенттер - Америка долларлары.

(3) Готем - Бэтмен тасмасындагы криминал жана коррупция өтө өөрчүп кеткен калаа.

(4) Джокер - Бэтмен тасмасындагы башкы антогонист, башкы терс каарман.

(5) " ...акыйкатты тиште азуу тишиң менен..." - Хадистен.

*      *      *

Жылдыздуу түн. Жылуу аба. Жай шамал.
О ким мында каалайт уйку келишин!
Эмнегедир айды тиктеп жылмаям,
Көргөн өңдүү айдын сулуу перисин. 

Сезимдерим көл бетиндей жайкалып,
Санаасыз да, капарсыз да олтурам. 
Кандай жакшы бул пейзажка айкалып
эске түшсө жагымдуу бир окуя...

Баркыт сындуу жылуу жумшак теребел,
Көөшүйт, айдын алтынына эзилип...
Өксүк күндөр көөдөнүмдү тиреген,
Өмүрүмдө болбогонсуйт эзели...

Мындай түндө күткүң келет тагдырдан
жалаң гана эргүү менен жакшылык —
Унутулуп, өкүт калган кыялдар,
Унутулуп, өтүп жаткан жаштыгым...

*      *      *

Мына ушул калаада – капиталистик:
календарь март дегенде эле, ыраазы
боло түшсөң тагдырыңа, кыязы –
сенин кесибиң – флорист.

Короодо март. Бороондор ак басылып,
маңдайыңан сулуу өтсө буралган,
каректериң кароого шарт ашыгып,
таңдайыңан ыргыйт астагфир Алла.

*      *      *

Мейли сен алды бол барлардын. 
Бирин да билбеген жоктордун. 
Бул өмүр акыры – трагика,
Канчалык өзүңдү жоотпогун.

Убайым башыңа келгенде,
бул дагы өтөт деп сооронуп
жатып сен, чыгарба эсиңден –
өмүрүң жатканын кошо өтүп. 

Эркинен тайылып кадамдар;
Сан жолдун туурасын басканга
зар болгон учурда, аргасыз
жүзүңдү бурасың асманга. 

Сотту сен бул жерден издебе,
Жерде эмес акыйкат астана.
Эгерде куласаң тизеңе,
Бир гана Алланын астына!

Ааламда Кудайдан башка ким
татыктуу сунууга моюнду?
Айтаарың бар балким сенин да?
О досум, угайын оюңду.

*      *      *

Кафе ичи. Отурам жай баракат
кофе ичип. Жекшембиси аптанын.
Кофе сыңар түгөнүп жай баратат.
Кофе сыңар сууп баратат аптабы.

Ызы-чуусу кудум эле Пекиндин,
эртең эле агып кирет бул жерге.
Ал эми азыр, түспөлдөшөт Бишкегим,
аз да болсо мен көрбөгөн Фрунзеге.

Көчөлөрдө бирин серин унаалар –
чалгындоого гана эрте чыккандай. 
Калгандары, марш дегенде ураалап
жөнөгөнгө, буйрук күтүп жаткандай.

Аба тунук – жаңы жуулган айнектей –
кагаз сүрсөң кетүүчүдөй кычырап. 
Таң шооласы орун алат каректен,
алгач алтын жипчелерге чачырап. 

Уяң нурлар витраждарга жуурулуп,
таңкы калаа жатат сыртта кеңири. 
Мезгилде бар башкача бир жылуулук,
Мейкиндикте кандайдыр бир жеңилдик.

Абада бар жеңил меланхолия –
айтчы андан кайда качам, аяктап
жатса август, алдыда күз олуя 
сар санаага толо кучак жаят да...

Бар беле деп бул дүйнөгө керегим,
ойлоп эле кемиңди да түгөлүң:
август бүтүп бара жатса, негедир
бүт өмүрүң бараткансыйт түгөнүп.

Анан эртең... калаа эмес сырттагы,
Сары түскө санаа дагы чулганат.
Канча жай бар тагдырымда? Да бири
артта калат жашыл жоолук булгалап.

Мына шунтип акырындан баратат
өмүрдүн да оодарылып капталы. 
Кафе ичи. Отурам жай баракат
кофе ичип. Жекшембиси аптанын.

ТАҢ

Бекеринен синоними – суктануу
эмес го деп ойго тунам: от түндүк 
горизонттон көтөрүлүп баратса,
мекениме чачыратып ууктарын.

Алгач, таңдын нурун ууртап - мөңгүлөр,
андан кийин кезекти жер бетине
узатып, бата кылып жаткандай –
"О тирүүлөр, өскүлө да өнгүлө".

О улуу таң – аруулук да сулуулук –
Ширин бөбөк жылмайгандай ууртунан. 
Түбөлүккө турсаң болду журтума
тынчтык менен бирге гана сунулуп.

Январь 2020

КЫШ... 35-КҮН.

Хроника уланууда:
ошол эле көр тирликтин менчигимин;
ага кошумча
өпкө смогко ууланууда. 

Ойлор урайт жатып эле түзүлгөнсүп...
Бара жатсаң анан карсыз жолдор менен
улам эле бир кептин үзүндүсү: 
"... кыштын кыштай, 
кыздын кыздай болгону эле..."

Кыздарды билбейм, бирок кыштын кыштай
болбогону бакыттыр өзү эле –
жашоосу жашоодой эмес ушул тушта,
адамдардын карасак көзү менен.

Бубаксыз дарактар да зымдар дагы.
Тумаксыз адамдар көп тумактуудан.
Шул кышта, жарыктык сыйкыр да аз,
маал маалы менен көктөн кулап турган.

Фейсбукту ачсаң
жалаң петициялар -
орундуудан орунсузу көбүрөөк. 
Сыртта январь турган менен, а бирок
жасап жаткан сымал жаз репетиция:
крионикадан жаңы гана ойгонгон
адам бүгүн чыга калып эшикке,
жаз кирип келгенби деп ойлонгон 
болгонсуп... дароо кайра эшитмек -
бул дүйнөдө көңүл калуу дагы да
бар экенин – өтсө дагы кылымдар:
митингге жалгыз чыккан адамдай,
кыш эле кыш деп кыйкырат календарь.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз