Жер кыдырып, дүйнө таанууга куштар индей жомоктору кыргыз журтуна саякаттап келишти. Сыйкырдуу жомоктордун баарын англис тилинен которуп жана бир китепке сыйдырып, Амирбек Азам уулу алып келген.
Китептин мукабасын Белгияда эмгектенген сүрөткер жердешибиз Ибрагимкожо Бакиров көркөмдөгөн. Алдагы китеп “ТҮНДҮК АМЕРИКА: индей боордошторубуздун керемет жомоктору“ деп аталып, жаңы гана “Улуу тоолор“ басмасынан чыкты.
Бүгүнкү АКШ жана Канаданын кыйырын жер каймактагандан бери байырлаган индейлердин маданияты бүгүнкү Борбор Азия элдеринен айрымаланып, дээрлик XVII кылымга чейин өз казанында өзү кайнаган. Ал чакта чөлкөмдүн түрк тилдүү элдери көчмөн турмуш жана жортуулчул табиятынан улам эзелтен коңшулаш кытай, перс, инди цивилизациялары менен карым-катнашта болушат. Жортуулдуу орто кылымдардан тартып, ислам дини менен кошо арап маданиятын да өздөштүрө баштайт.
XIX кылымдагы орус оторчулары, алардын көч башында келген ногой же татар молдолор аркылуу кыргыздар европалык, тагыраагы, славян элдеринин фольклору менен таанышат. Анын бир мисалы ирети Тоголок Молдонун калемине таандык “Абышка-кепирдин жомогун” айтсак чеки болбос. Арийне, ногой молдолор агартуучулукка катар эл арасында ислам динин ташбыйкатташып, өздөрү тейде орус букаралыгын таанууга да ичтен иш жүргүзгөнү али биздин тарыхчылар тарабынан изилдене элек дың. Бул өңүттөн алганда, Түндүк Америка индейлеринин оозеки чыгармачылыгы, анын ичинде уламыш-жомоктору европалык оторчулар басып алганча бөтөн цивилизациядан оолак болгон. Ошол себептүү алардын жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсү менен мамилеси көчмөндөрдүн теңирчилик дооруна мүнөздүү элементтерге ээ.
Алсак, кишилер айбанаттар менен кадимкидей сүйлөшүп, айбанаттарда киши сыяктуу эле сапаттары бар. Башкача айтканда, индейлер Жерге Эне, Күнгө Ата деп кайрылышса, айбанаттарды агайын-тууганы жана эже-карындашы сыңары билишет. (Берегидей киши менен жаныбарлардын байланыш катышы көөнө кыргыз жомокторунда да бар. Сагымбай Орозбаковдун вариантында, айкөл Манас “Мени дагы чоролор, \ Бейсаадат бенде дебеңер, \ Жолборстон болор жолдошум, \ Коркпостон болор колдошум. \ Жолборстон жолдош келүүчү, \ Жот дары алып берүүчү, \ Бөрүдөн бөлө келүүчү. \ Бөлөкчө дары берүүчү, \ Илбирстен ини келүүчү, \ Искеме дары берүүчү, \ Аюудан ага келүүчү, \ Ак дары казып берүүчү, \ Өлөт деп жүрсүң оюңар, \ Өкүнүчтү коюңар,”- дейт (Караңыз: https://ky.wikipedia.org/wiki/ Кайберен). “Кожожаш” Кожожаш менен Суречки сүйлөшөт).
Алардын мындай өзгөчөлүктөрүн индей жазуучусу Жозеф Бручек өз журтташтарынын конуштарын кезип жүрүп, көз мончоктой аздектеп чогулткан жомоктордон даана көрүү мүмкүн. Баса, береги жыйнактагы айрым жомоктор мурда “РухЭш“ сайтында жарыяланып, алар менен окурмандарыбыз тааныш. Эмесе, “ТҮНДҮК АМЕРИКА: индей боордошторубуздун керемет жомоктору“ жыйнагынан жана бир керемт жомокту окуп, лаззат алыңыздар.
Китепке куштар кардарлар бул телефонго кайрылыңыздар: 0772 34 70 28
Ави Узди[1], Кичинекей Бугу
(Түндүк Каролинадагы чироки индейлеринин жомогу)
Дүйнө жаш кезде адамдар жана айбанадамдар бири-бири менен сүйлөшчү. Адегенде алар ынтымактуу жашады. Адамдар тамак-аш же тери керек болгондо гана айбанаттарга аңчылык кылышчу. Бир күнү алар жааны жана жебени жасаганды үйрөнүштү. Адамдар жаңы жарак менен көптөгөн айбанаттарды тез жана оңой эле атып алчу болушту. Тамак-аш же теринин кереги жок учурда дагы айбанаттарды өлтүрө башташты. Адамдар ушу жолоюн токтотушпаса, аз убакыт ичинде дүйнөдөгү бардык айбанаттарды кырып салышы ыктымал эле. Ошондуктан түрдүү айбанаттар кеңешкени чогулушту.
Аюлар чогулуп, кишилердин эмне кылып жатканын сүйлөшүп, аларга каршы салгылашалы деп чечишти.
- Биз кантип салгылашабыз? - деп сурады жоокер аюлардын бири. - Биз кишилерге жакын барганча, алар бизге жебелерин жаадырышат да.
- Бул чындык, - деди аюлардын адыйы Аксакал Аю.- Биз адамдар колдонгон каруу жарактарды кантип пайдаланганды үйрөнүшүбүз зарыл.
Аюлар абдан кубаттуу жаа, ага ылайыктуу жебелерди жасашты. Бирок канчалык аракет кылышпасын, узун тырмактарынын айынан жааны ата алышпады.
- Мен тырмактарымды алайын,- деди жоокер аюлардын бири. Ал тырмагын алып болуп караса, колдору жаа жана жебе кармаганга эптүү болуп калыптыр. Жааны тартканда, жебелер анын мээлеген бутасына так тийип жатты.
- Бул жакшы, - деди Аксакал Аю. - Эми сен мына бул даракка чыгып көрчү?
Тырмаксыз аю канча тырмышпасын, даракка жабышып өйдө чыга албады. Муну көрүп, Аксакал Аю башын чайкады.
- Бул жарабайт. Биз тырмаксыз даракка чыга албайбыз. Тырмагыбыз жок аң уулай, же жер чукуп, азык чогулта албай калабыз. Ошон үчүн адамдар сыяктуу каруу жарак колдонолу деген мүдөөнү таштайлы.
Ушинтип аюлар адамдарга каршы адамдардын жоо жарагы менен согушуу мүдөөсүнөн баш тартышты.
Айбанттар үйүр үйүрү менен чогулуп, маселени талкуулашты. Бирок адамдарга каршы салгылашуу боюнча оңдуу бир бүтүмгө келе албай жатышты. Эң акырында масилетке бугулар жыйналды.
Алардын көсөмү Ави Узди эле. Бугулар толук келген соң, Кичинекей Бугу сөз сүйлөдү.
- Биз эмне кылуу керек экенибизди мен билем,- деди ал.- Биз адамдардын айбанаттарга мергенчилик кылуусун токтото албайбыз. Ушундай болуш керек эле! Ошентсе дагы адамдар туура эмес кылууда. Алар бизди сыйлашпаса деле бизди өтө муктаж болгондо гана өлтүрүшсө болмок. Мындан ары алар бугуларды өлтүрүүнү каалашса, атайын жөрөлгө өткөрүшү абзел. Жөрөлгө учурунда биздин арабыздан бирөөнү өлтүргөнгө уруксат сурашы лаазым. Бугуну өлтүргөндөн кийин, анын рухуна урмат көрсөтүп, кечирим сурашы шарт. Эгер мергенчилер бул жөрөлгөнү жасашпачу болсо, мен алардын түбүнө жетем. Өзүмдүн сыйкырдуу дубамды пайдаланып, алардын колу-буттарын майып кылып коём. Ошондон кийин алар басалбай же жаа-жебесин аталбай калышат.
Ави Узди өзү айтканындай кылды. Түнкүсүн уктап жаткан мергенчилердин жанына барып, алар эмне кылуусу керектигин кулактарына шыбырады. Мергенчилер эртең менен ойгонушканда, алардын кээ бирөөлөрү түш көрдүм деп ойлошту, бирок түшүндө көргөнү чын экенине, не ишенерин, не ишенбесин билишпеди.
Ал эми башка бирөөлөрү Кичинекей Бугу чындыкты айтканын түшүнүп, анын айтканын айтканындай кылышты. Алар азык-түлүк жана кийим-кече керек болгондо гана бугу жана башка айбанаттарга аңчылык кылчу болушту. Ошентип, ырым-жырымга ылайык, аң уулаганы чыккандан мурда кайсы бир айбанды өлтүрүүгө уруксат суроо, ал айбанды өлтүргөн соң, кечирим сураган салтка айланды. Бирок кээ бир мергенчилер Кичинекей Бугунун айтканын угушпады. Кереги жок болсо да, айбанаттарды өлтүрө беришти.
Ави Узди мындай мергенчилерге барып, өз сыйкырын пайдаланып, алардын буттарын кызыл жүгүрүк менен ооруй турган кылды.
Ушинтип тээ илгери заманда бардык мергенчилер Кичинекей Бугунун насыятын угуп, айбандарга сый-урмат менен мамиле жасай баштаган.
Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу
[1] Авди Узди – чироки индейлеринин тилинде кичинекей бугу дегенди билдирет.