Акын күндөлүк өмүрдүн чытырман токоюнан чыгып, тиричиликтин жалган кызыкчылыктарынан эрте кутулуп, бүткүл адамзатты аруу сезим, зор мээримдүүлүк менен ашыктыкка чакырат. Абайдын түшүнүгүндө кумарлыктан таза нагыз ашыктык, мээримдүүлүктөн жаралат. Бул Будда негиздеген: “Урпактарды азаптан куткаруу үчүн баласы үчүн жанын аябаган эне сыяктуу өзгөлөрдү сүйгүлө! Өзгөнүн кайгысын өз кайгысындай сезе билип, мээримдүүлүк кылгандардын аң-сезими толук жетилет. Бардык адамзатты чексиз махабат менен сүйүп, ааламды жалаң жакшылыктар менен толтургула?” — дегенине үндөшүп турат. “Дулба лун” деген китептеги башкы ишеним дагы “МА, НИ, БАД, МЕ” деген түшүнүктүн чечмелениши да дал ушундай.
Ислам негизин түзгөн “би-исми-л-лахи-р-рахман р-рахим” деген айтылыш Буддада “ма ни”— намаз амалы, же мээримдүүлүк ишеними “бад ме”, жалган касиетти толук түшүнүү, же аң-сезимдин алдын ала көрө билүүсү, “Ма ни, бад, ме”— амал менен аң-сезимди бириктирүү аркылуу аалам сырларына көз жүгүртүү болуп саналат. Дүйнөдөгү өзгө заттарды сүйө билүү аркылуу адам дене кумарынан арылып, напсисин тыйып, көкүрөгүндө тек гана мээримдүүлүктү уялатмак. Кимдин көкүрөгү таза, мээримдүүлүгү бийик болсо, ал адам эки дүйнөнүн жакшылыктарын көрүп, түбөлүктүүлүккө жакындайт.
Аң-сезими, көкүрөгү тазарган адамдар периште сыяктуу. Адамдын руху биринен бирине өтүп тургандыктан адамдын көкүрөгү күнөөлөрдөн таза болушу кажет. Ал эми кумарпоздук, напси деген аруулукка таптакыр каршы нерселер. “Ириген сүт куюлган идишке таза сүт куйсаң ал дагы ирип кетет. Ошол себептүү көкүрөгү булганыч адамга жаман сөз айтсаң да, жакшы сөз айтсаң да баары бир”, – дейт Будда.
Бул тирликте напсисин тыя албагандар жөнүндө көп мисалдар келтирилген. “Дары-дармектер менен оокат кылган бир ламаны Жараткан суракка алат, Лама:
– Адамдардын арасында белгилүү дарыгер болдум. Алтын тамга менен жаназасын жаздырып, аны үнү эң бийик, таза чыккан ламага миң ирет окутуп, акысына топоздун ургаачысынан бирди, эки музоолуу уй, таза жүндөн жасалган эки кийиз, эки кап буудай алдым. Жана да далай-далай кедей-кембагалдарга, чарчап чаалыккан жолоочуларга сооп иштерди жасадым, ошондо менин күнөөм кайсы, жараткан эгем? – деди.
Ошондо Жараткан:
– Мээримдүүлүгүңдүн бар экени дурус. Бирок сен кумарланууңду тыя алган эмессиң. Ошого көп күнөөлөр жазылган. Маселен, бир байдын жалгыз баласы ооруп сени чакыртканда, сен байдын байлыгына кызыгып, сегиз ай бою дарыламыш болуп, алчууңду алып бүткөндө гана аны жакшылап дарылап бутуна тургуздуң. Мына ушул кылганың күнөө иш болгон. Муну мээримдүүлүк дебейт, муну напсисин тыя албагандык, көр дүйнөгө кумарланган ач көздүк, – деди Жараткан. (Чойжид дагини тууж).
“Адатта, мээримдүүлүк энеден балага, баладан энеге өтөт. Мээримдүүлүк бар жерде түбөлүктүүлүк бар”, – дейт Будда. Биз али да болсо “Адам таануу түз сызылган жол эмес, ал айлана менен буралган спираль сыяктуу өйдөлөп кеткен жол. Бул спиралдын ар бир кез келген бурулуш бөлүгүн өз алдынча жолго айландырса болот деген эски түшүнүк менен жүрөбүз. Кол менен кармап, көз менен көрбөгөн түшүнүктөрдү сөз менен гана калыптандырса болсо керек.
Абай Будданы кырк жаштан өткөн соң окуптур. Андай болсо акындын чыгармачылыгына Будданын тийгизген таасири бар деп айтканга толук акыбыз бар. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү чектен чыгып кенен ойлонууга, мурда катуу тыюу салынып, айтылбай келген маселелер жөнүндө ой толгоп, пикир алышууга эркиндик берилди. Ошондуктан акындын дүйнө таанымын таптык көз караш менен карабай, ааламдык дүйнө таанымдын алкагында баалап, дүйнөлүк акыл-ой менен караганыбыз оң.
“Өлсө өлөр табийгат, адам өлбөс,
Ал бирок кайтып келип ойноп күлбөс...”
Абайдын түшүнүгүндө тирүүлүктүн айланасын курчап турган табигый нерселер өлсө да, адам өлбөйт. Будда бул дүйнөгө жаралып келген соң, “көзгө көрүнгөн бардык нерсе өлөт, – дейт (түбөлүктүү эмес). – Дүйнөнүн миң кырлуу сырлары тууралуу ойлоп, сезүүгө мүмкүнчүлүгү барлар гана, өлчөмсүз аң-сезимдин түбөлүктүү агымына айланышат”. Жана да ошол агымдарды жараткан, көзгө көрүнгөн бөлүктөрүн Китеп деп атады. Жараткан алты себеп айтат: (жаратылыш тууралуу себептерди алтыга бөлүп, жеке-жеке далилдеп, аны бириктирип) жыйнаган мүлк түгөнүп, курулган заттар бузулары, кезиккен соң коштошуп, өлүмдөн кийин кайгы-капанын келери чындык. Кайгы-муң эч качан түгөнбөйт. Ага-ини, тууган-туушкан, тааныш жек-жаат... баары өлөт. Жыйган-терген байлыгың түгөнөт. Ошондуктан төрт зор мухиттин суусунан кайгы-муңдан аккан көз жаш мол деп түшүндүрүп, алардан кутулуунун жолун төрт чындык менен далилдеп берет:
Биринчи чындык: Дүйнөдөгү тиричиликти кайгы-муң деп түшүнүү.
Экинчи чындык: Кайгы-муңдун жолуна ишенүү. Мунун мааниси: Адам боюндагы напсисин тыя албагандыктан чексиз кайгы-муңга кабылат. Адамдын кумары канбайт, напсиси тыйылбайт. Кумар өзү кайдан жаралат? Ал адамдын акылынын аздыгынан жаралат. Дүйнөнүн маанисине көзү толук жетпеген адам, жалган дүйнөгө баш ийип, анын бийлигинен чыга албагандыктан кайгы-капа анын эң башкы азабы болот.
Үчүнчү чындык: Кайгы-муңдан кутулса болот. Түбөлүктүү оош-кыйыш дүйнөдө жүрөк менен аң-сезимди тыңшай билип, кумарлыкты тыюу башкы милдет болуп саналат. Адам кумарды жеңе билсе, кайгы-муң да азаят.
Төртүнчү чындык: Кайгы-муңдан кутулуунун жолдору же негиздери. Муну сегиз чындык менен далилдеп, андан кутулуу жолдору адамдын аң-сезиминде деп түшүндүрүлөт. Кең ааламды көзгө көрүнгөн мейкиндиктеги жашоо жана жан дүйнө, аң-сезим (кайып дүйнө) деп экиге бөлүп, адамдын ааламдагы жашоосу түбөлүктүү эмес жалгандардын мекени, ал эми жан дүйнө, аң-сезим (кайып дүйнө) түбөлүккө өлбөйт” –деп түшүндүрөт.
Мейкиндиктеги аалам жашоосунда адамдар бул дүйнөнүн кайгы-муңун, анын чыныгы себептерин чечип билүүгө милдеттүү. Бул жашоо убакыт ченеп берген токтобогон кайгы-муңдун айлампасы же ааламдын аталышы. Анын ичиндегилердин бардыгы алдамчы элес сыяктуу жалган дүйнөлөр.
Адам “дене” жана “аң-сезим” деген эки нерседен турат. “Дене” өлөт. “Аң-сезим” түбөлүктүү, ал өлбөйт. Дененин жаралышы – өлүмдүн башталышы. Өлүм кайгы-муңдун уругу, – дейт Будда.
Абайдын “Өлсө өлөр табийгат, адам өлбөйт” дегени, Будданын “энх амиржахын орон” же мынабу дүйнөнүн сыртында аң-сезимдин эч качан кемибей бийик турары – нирван (тазарган рух) мекени, нирванга жете алган адал жандар мекени – бодисатва (бейиш төрү) болот дегени менен үндөшүп турат. Адам нирванга жеткенде убакыт өлчөмү деген жок болуп, адам өзү убакыт, өзү өлчөм, өзү чексиз аалам болуп бардык дүйнөнүн касиеттерине ээ болуп, сезип, андан өтсө бурханга (будда ишениминин эң жогорку өлчөмү) жүзүн буруп, турмуштун бул жерде же ал жерде, алыс же жакын, ысык жана суук, ошондой эле туулду, өлдү, дос же душман, жок же бар деген сыяктуу түшүнүктөрдөн арылып, бейкут жашап, жаны рахатка батат” –деген ишеними негиздерине дал келет.
“Адам өлбөс, бирок кайтып келип ойноп күлбөс” дегени жайбаракаттыкка же аң-сезимдин түбөлүктүүлүккө жеткенинин белгиси. Абайдын сезими менен толгонсок, акын чынында эле өлбөгөндөй, анын тазарган руху ар бир казак атуулунун көкүрөгүндө кирип, кээ бирлерине өлбөстүктү тартуулап, а кээ бирилеринен татыктуу орун таппай, кайта ушул адамдарды улуулардын мекенине чакырып жаткансыйт. Эң алгач ал менин сезимимди ойготуп, ушул сөздөрдү айттырып жаткансыйт. Абай “Хоосан чанар” же болбосо жалган касиет деп аталган ишеним негиздерин окушу мүмкүн. Бул китепти “Винайн аймагы” же Тибетче “Дулба лун” деп аташат. Жараткандан Будда (биздин доорго чейинки 6-кылым же 624-544 жылдар аралыгы) аркылуу берилген бул китеп тибет тилинде 9-кылымда, инди тилинде б.д.ч. 5-кылымда, монгол тилинде 1578-жылдан баштап жазылган (көлөмү 104 том. 1084 бөлүмдөн, 33212 барактан турган бул китепти жалпылай “Ганжуур” деп аташат. Биз Абай окуду болуш керек деп божомолдоп жаткан ушул китептин “Винайн аймагынын” (дулба лун) 13 тому, 8 бөлүмү, 4069 барагы жана “Билаг баримдин аймагынын” 21 том, 37 бөлүм, 7706 барагы. Бул китепте сөз болгон маселелердин бардыгын айтып берүү мүмкүн эмес. Жана да аны өмүр бою изилдесе да түгөнбөй турган улуу мурас жана чоң эмгек. Биз эми ат башын ошол тарапка бурганга жараша ошол топтомдо айтылган негиздердин айрым темаларын талдай кетелик.
Винайн аймаг (дулба):
1. Ар бир адамдын өзүн жана айлана-чөйрөсүн таза сактоосу.
2. Адам туулганда маңдайына жазылган бакыт жана кайгы-муң.
3. Арак жана башка денеге зыяны тие турган даамдар тууралуу.
4. Токой, суу, табийгатты кадырлоо, коргоо.
Маселен: арактын чөптүн бетиндеги шүүдүрүмдүн бир тамчысындай болсо да оозго алууга болбосун эскертип, андан кутулуунун жолдорун түшүндүрөт.
Билэг баримад:
Өтө күрдөөлдүү терең ойлонуу менен айтылат.
1. Эмгегиңди башкаларга арноо.
2. Тартиптүүлүк, сый-урмат көрсөтүүнү сактоо (Цултим).
3. Сабырдуу болуу (Содов).
4. Жалкоолукка берилбөө (Зундай).
5. Билимди жакшы пайдалануу (Самдан).
6. Билимди башкаларга үйрөтүү (Ширав).
Ушуларды “Бармид” түшүнүгүнүн 6 негизи деп коюшат. Жалпы Будданын окуусун үчкө бөлүшөт. Биринчиси: көкүрөгү таза, жаңыдан көз ачкандар (сабилер), экинчи: китеп жолунда изденгендер (орточо деңгээлдеги көз караштагылар), үчүнчү: китептин (сезим) бийигине көтөрүлүп, ааламды толук түшүнгөндөр деп бөлүп, ушул үч бөлүмдүн өзгөчөлүктөрүнө жараша ой толгошот.
Абай ушул өлчөмдөрдүн эң бийик сересине көтөрүлгөн. Калкынын ой толгоолору менен ааламдын күрөшүн өз боюна сиңире билген акын күрдөөлдүү агымдын бийиктигине эркин чыгып, ал Будданын терең ойлорун жөн гана кайталап туураган эмес. Ошонун деңгээлиндеги көркөм ойлорду жаратып, адам боюндагы руханий күчтүн эмне экендигин талаа акындарынын (мүмкүн өз заманындагы дүйнөлүк акындардын) ичинен алгачкылардан болуп түшүнгөн сыяктуу. Бул жашоодогу карама-каршылыктар менен аң-сезимдерди алга жылдырган толкундуу түшүнүктөргө улашкан жалпы адамзаттык түбөлүктүү агымдардын бириккен көрүнүшү.
Абайдын чыгармаларында азыркы күнгө чейин аян берген агымдардын (изм) дээрлик баардык белгилери бар. Ашкан бай, атактуу падыша, мейли кедей болсун, аларды Абай жөн гана көкүрөгүндөгү мээримдүүлүгүнө карата баалайт. Себеби Жараткан аялдан адамдарды ар кандай кылып жиктеп туудурган эмес, жашоодогу зордук-зомбулуктун баардыгы көкүрөктүн иши. Акын ушул маанилүү түшүнүктү таяныч кылып алат.
Биз бир учурларда “кудай жок” деп чыктык. Ушул сыяктуу коомдогу туура эмес түшүнүктөр эскирет, өчүп жок болот. Бирок адам сезиминдеги ишеним эч качан жоголуп кетпейт. Будда ошол ишенимдин бөлүктөрүн “китеп” деп атаган. Улуу акын Абай ошол түйүндүн маанисин толук ачып, адам жашы чектелүү болгондуктан, сезим бийиктигинде кудайды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпесине бекем ишенген. Биз ишенимди таптарга бөлүп, нагыз ишенимден адашып, “кудай жок” деп тумагыбызды көккө ыргытып жүргөндө, акын бийиктиктен биздей шордууларга карап, наадандыгыбызга айран-таң калып таңыркап турушу да мүмкүн-ов.
Жана да ишенимдердин арасындагы ар кандай кубулуштардын байланыштарын (диалектикалык) толук түшүнүп, ажырата билгендиктен, заман агымынын айлампасында дүйнөнүн туруктуу түрлөрү гана айланып келерине ишенип, ар дайым бизди андан күтүүдө. Тагыраак айтсак, улуу акын бизден озуп алдыда жүрөт, а биз ага барчу түз жолду таба албай адашып жүрөбүз. Абайдын мындай бийик бейнесин Будда “нирван” деп сыпаттаган. Бул сөз казактын кулагына жат угулса да улуу акындын өлбөс бейнесин Будданын сезим улуулугу менен теңей алабыз. Эми жогоруда айтылып кеткен өлөңдү толугу менен келтире кетелик:
Өлсө өлөр табийгат, адам өлбөс,
Ал бирок кайтып келип ойноп күлбөс.
“Мен” менен “Меникинин” ажырымын,
“Өлдү” деп ат коюптур өңчөй билбес.
Адам көп көр дүйнөгө азгырылган,
Байлыкка аягынан көп чалдырган.
Өлдү десе болобу ойлоп көрчү,
Өлбөй турган артына сөз калтырган.
Ким жүрсө тирчиликке көңүл бөлбөй,
Кам көрбөйт билимдин жогун көрбөй.
Билим кайда экенин биле албассың,
Терең ойго телмирип, сүңгүп кирбей.
Дүйнөдөгү дос, акыретте бирдей болбос,
Экөө тең бирдей болуп орун албас.
Дүнүйөгө мас, махшарга амалсыздын
Ыйманы түгөл дешке оозум барбас.
Эмки сөз “мени” менен “меники” жана анын ажырымы (айырмасы) деп эмнени айтып жатканы тууралуу болсун.
Абай менен Будда тууралуу макала жазууга эң негизги түрткү болгон себеп – айрыкча белгиленип, тырмакчага алынган эки сөз – “мени” менен “меники” эле.
Будда ишениминин негизи – кайра туулуу, кайгы-муң, кайгы-муңдан арылуу же тозокту көрбөө болуп саналат. Андай болсо кайра туулуу дегенибиз арбакка түз байланыштуу. Арбак биздин тиричилигибиз менен аң-сезимибиздин башталыш булагы болсо дагы, биз наадандык, напсини тыя албагандык, көрө албастык жана сабырсыздык, ызакордук жана башка жаман адаттардан арыла албагандыктан, абдан тазарган көкүрөк, сезим гана сезе ала турган түбөлүктүү белгини – арбакты түшүнбөйбүз. Эң алгач арбактын өзүн үркүтүп алабыз.
Анын себеби: дене, аң-сезим, айткан сөзүбүз түзөлгөн же оңолгон сайын касиетибиз көбөйүп, арбагыбыз да түбөлүктүүлүккө жакындай түшмөк. Маселен, биздин кыймыл-аракетибиз менен айткан сөзүбүз ички жан-дүйнөбүздүн өзөгү болгондуктан, сөзүбүз унтулуп калса дагы, аң-сезимде (көкүрөктө) кандайдыр бир белгилер калгандыктан, биз жакшы өмүр сүрсөк арбагыбыз тазарып нирванга же түбөлүктүүлүккө айланабыз. Түбөлүктүүлүк дегенибиз – тазарган арбактардын мекени.
“Дарыянын аркы жээгине жыгач кайык менен өткөн адам, андан ары кайыгын көтөрүп кетеби же ошол жерге таштайбы? Ошол сыяктуу чындыкты толук түшүнгөн адам “меники” деген түшүнүктөн кутулуп, түбөлүктүүлүккө жетет”, – дептир Будда. (Еум билэг).
Андай болсо, улуу Абайдын “меники” дегени – дене, “мен” дегени аң-сезимди айтканы экен. Бул адам меники деп жүргөн денесинин бул убактылуу, жалган нерсе экенин толук түшүнүп, жашоодо напсисин тыйып, аалам сырларына каныгып, көкүрөгү тазарган сайын түбөлүктүү “мен” деген аң-сезим рухуна көтөрүлөт деген Будданын сөздөрүнө дал келгени даана байкалат.
Будданын негиздери боюнча адамдын өмүргө келүү болумушу – бейнелердин биригүү менен ыдырашынын белгиси. Демек, өмүр ар түрдүү бейнелердин көрүнүшү болуп таанылат. Ошондуктан бул ишенимде жашоого кайра келүү чечими бул жалганда кандай жашаганына жараша аныкталат. Ушундай жаратуунун себебин Бурхандын буйругу же КАРМА деп аталат.
Будданын көз карашы боюнча бул ишенимде адамдардын туруксуз өмүрүнүн себепкери жана ал жалганда кандай бейне менен жаратыларынын көрүнүшү болот. Анткени адам бул дүйнөдө кандай өмүр сүрсө ошого шайкеш (карышкыр мүнөздүүсү карышкыр, доңуз мүнөздүүсү доңуз, балким курт-кумурска) кейипте, азбы-көппү кайта жаралып, кыйынчылык менен жашоосун өткөзөт. Будданын максаты адамдарды ошол азаптан куткаруу. Адам бул өмүрдүн жалган экенин түшүнүп, аң-сезимин арттырып, напсисин тыйган сайын кайта жаралып, азап көрүүсү азаят.
Андай болсо Абайдын биз жогоруда көрсөткөн ыр саптары ушул ойго алып барып, бул жашоодогу жасаган ишиңдин натыйжасын, о дүйнөдө барганда көрөсүң деген ишенимди далилдейт. Бул түшүнүк исламда да бар. Ошентсе да акындын ааламынын ички сыры Будданын негиздери менен көбүрөк байланышып жатат. Будда “жан-дүйнөнүн тазалыгына көп көңүл буруп, көкүрөгү таза, аң-сезими толук жетилген адам күнөөгө себеп болор “меники” деген денеден алыстап, түбөлүктүү “Нирван” бейнесине айланат” дейт.
Ал эми акындын өз сезими менен айтсак, терең ойлуу “меники” деген аң-сезим, саргайган ашык нерседей “мен” деген денесин таштап түбөлүктүүлүктөн орун алмак. Ошондой болгондо акындын: “Өлдү десе болобу ойлоп көрчү, \ Өлбөй турган артына сөз калтырган” –деген терең ою аркылуу ар нерсенин түбөлүктүүлүккө жөндөмдүүлүгүн түшүнүп, көрө билген улуулугун тааныйбыз.
Көк туман – алдыдагы келер заман,
Үмүттүн нуру тийип көз кадалган.
Көп жылдар, көп күндөрдү айдап келет,
Сыпат да, сүрөт да жок көз талдырган.
Ал күндөр – өткөн күндөн башкача эмес,
Келер, кетер артында из калтырбас.
Анын бири – арналуу кадимки күн,
Ар жагын бирок Алла билет ырас.
Акыл менен, жан – мен өзүм, дене – меники.
“Мени” – мен, “меникинин” мааниси – эки.
“Мен” өлүүгө тагдырым буюрбаган,
“Меники” өлсө өлсүн, ага мейли.
Чырактар, ынтааларың “меникинде”,
Дене кумарын издейсиң күндө, түндө.
Адилеттик, аруулук, махабатың –
Ал жолдошуң, кабырдан ары өткөндө.
Адам арам дүнүйөнү “меники” дээр,
“Меники” деп жүргөнүң – баары аныкы.
Денең калып, мал калып, жан кеткенде,
Ойлоп көрчү ошондо не сеники?
Бечарага жаның ачып, ичиң күйүп,
Аракет кыл, пайдасы көпкө тийсин.
Көптүн камын эң алгач теңир ойлойт,
Мен сүйгөндү сүйдү деп сени сүйсүн.
Көптүн баарын көп дебе, көп да белек,
Көп ит жеңип көк итти күндө жемек.
Адилеттик, сылыктык – көп азыгы,
Кайдан көрсөң көрсөткүн ага көмөк.
Ар кимдин өз максаты өз керегинде,
Биле албадым бышыгын, зирегин да.
Эки жүздүү түлкүлөр таң калышар,
Акыйкат да, дин дагы тереңинде.
Акимдиги менен аалымга таанымал болгон “экинчи Будда” аталган инди ойчулу Нагаржуна аалам кубулуштары жөнүндө Будданын айткандарын чечмелеп келип, “бурхан аалам себебин көздөшү мүмкүн, чындыгында – анын себеби эмес” дептир. Аны чечмелесек: Адамдын көзүнө көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык кубулуштар, чындыгында туруктуу турбагандыктан алардын атоо да чындык эмес. Көзгө көрүнгөн бардык нерселер бузулат, өзгөрөт, жалгандагы касиеттер – көзгө көрүнбөйт да, бузулбайт. Ушул өзгөрбөс касиеттер – чындык, же аң-сезимдин эң жогорку өлчөмү” деп аталат. Жана ал “Дундаж узел” деп аталган китебинде: “Сабилер жаш балдар сыяктуу көзгө көрүнгөн нерселерге гана кызыгышат, орто деңгээлде ойлонгондор талашып-тартышып жатып ажырашышат, ал эми терең ойлуу улуулар бейнелердин кыйынчылыктарына көздөрү жеткендиктен алыска аттанат” —деп чечмелеген.
Абайдын жогоруда келтирилген ырлары Будданын да Нагаржунанын да айткандарына төп келет. Ошондуктан, Абай таанууда “Будда менен Абай” бир агымда болгон деп айтуу мыйзам ченемдүү деп ойлойбуз.
Адамзат рухунун алдынкы үлгүлөрүнө аябай сугарылып, убакыт өлчөмүн жеңе билген улуу Абай, тарыхта эки миң жылдан ашык өмүр сүргөн жана күн сайын жаңылана бере турган ишеним ээси Будданын дүнүйө таанымын түшүнүп гана калбастан, ошол деңгээлде күндүр-түндүр ой-пикирлерин жаратты.
Абайды Будда ааламынын терезеси менен эмес, Будданы Абайдын көз карашы менен кароо орундуу болот дейбиз.
Улан-Батор.
Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев