* * *
Сүйүү – деңиз, кол кармашып экөөбүз,
Ал деңиздин суусун бойлоп кечебиз.
Бирок, аттиң! Күн кызарып батканда,
Эки жээкти бойлоп, бөлөк кетебиз.
* * *
Айтышат: "Жабылса бир эшик,
Башкасы ачылат. Кайгырба".
Сезимди акылым жүдөтүп,
Баратам суу болуп жамгырда.
Себелейт күзгү жаан, чачым суу,
Корголойм астында бекеттин.
Жүрөгүм – сыр сандык, жашырчу,
Өрттөнөт ичинде эки өрттүн.
* * *
Артында үмүтү өчкөн каректин
Изи бар сагынычтуу кусанын.
Туш-тушта көзүрлөрү валеттин —
Жутамын үшкүрүгүн. Ызамын.
Какшаган карт тарыхты эстедим —
Кадимки Спартактын кулдарын.
Жыгыта турган болду, эх, сени,
Өзүңдүн калпак кийген уулдарың.
Бералбайм ырдан башка ырысты,
"Алы жок акыретчил", Мекеним.
Ак карлуу тооңду токол кылышты,
Бир кезде балбан, азыр бечелим.
* * *
Тагдырга жазылып талаа-түз,
Тентидик, чачылдык талашсыз.
Жарыткан билим жок мээбизде,
Жоокербиз майданда жараксыз.
Даңк күтпөй, барк күтпөй жалгандан
Улут бол намысты карманган.
Ууруга урпакты тоногон:
Ар бириң Манас бол жаалданган!
* * *
Алыстатып мамиленин арасын,
Тарайт тура достуктун да ысыгы.
Өзүң менен өзүң жалгыз каласың,
Балким шунда бул дүйнөнүн кызыгы.
* * *
Унут болуп көкүрөктөн чын Кудай,
Заман түрү улкумай да, жулкумай.
Багалекти башыбызга кийгизип,
Улук болду, ыйык болду пул-кудай.
* * *
Кар да жаады, мезгил кышка өзгөрүп,
Бирок мага борбордогу кыш жакпайт.
Кыргызстандын келечеги өңдөнүп,
Жатат Бишкек кара түтүн, ыш каптап.