Абдыкерим Муратов журналист жана публицист катары өткөн кылымдын аягында жана жаңы кылым башында Кыргызстандын Түштүк чөлкөмүндөгү жана Фергана өрөөнүндөгү геосаясый кырдаал, кошуналык мамилелердин оош-кыйышы тууралуу ондогон макаларды жазган. Алар «Түштүгүм түгөнбөс чырга бай, же Ош-талаш-1» (Асаба. – 1999. – 28-сент.), «Тоодон топ түштү, же Ош-талаш-2» (Асаба. – 1999. – 12-окт., 15-окт.), «Суубуз бир, чуубузчу?.. же Ош-талаш-3» (“Асаба”. – 1999. – 22-окт.), «Кыргызстан канчага ыдырайт: Экигеби? Үчкөбү?» (Асаба. – 1999. – 21-май), «Ырысын учурган «...стандар» (Асаба. – 2000. – 24-март), «Кылым өтүп, куюн уюлу кайрадан Борбор Азиядан көтөрүлөбү?..» (Асаба. – 2000. – 21-апр.), «Жаңы согуш коркунучу барбы?» (Zaman Кыргызстан. – 2001. – 11-май), «Боордоштор боорго тептиби?» (Zaman Кыргызстан. – 2001. – 28-сен.), «Өрт» Өзбекстан жактан чыгабы?..» (Ордо. – 2001. – 1-фев), «Ооган согушу кайда оойт?» (Ордо. – 2001. – 28-сент.), «Суу сактагычтарга бомба көмүлгөнбү? Өзбекстан сапары. 1-макала (Zaman Кыргызстан. – 2002. – 22-фев.), «Суу сактагычтарга бомба көмүлгөнбү? Өзбекстан сапары. 2-макала» (Zaman Кыргызстан. – 2002. – 1-март.), «Фергана: көрктүү өрөөнбү же өрттүү өрөнбүү» (Zaman Кыргызстан –2003 –24 – янв.). «Борбор Азияны боорго тарткандар акыр аны боорго теппейби?» (Замандаш. – 2003. - №1 (июль), «Жер талаштын эмки «жеми» ким?» (Замандаш. – 2003. - №2.), «Анжиан суу амбары ажал болуп келатыр...» (Замандаш. – 2003. - №3), «Фергана таң атар алдында...бы?» (Замандаш. – 2003. - №3.), «Фергана: көрктүү өрөөнбү, өрттүү өрөөнбү: Анжиан көтөрүлүшү» (Замандаш. – 2005. - №6.) ж.б.
Азыр да ошол макалалардын айрымдарын кайра жарыялоонун учуру келип тургансыйт.
* * *
СССРдин жер үстүнөн жексен болушу жана ордуна он беш республиканынын он беш мамлекет болуп чыга келиши мындай караганда жөнөкөй гана бир ал өйүздөн бул өйүзгө өтүү сыяктуу көрүнсө, чындыгы андай эмес экен. Бир катарлары буга психологиялык даярдык менен жүрүп, эңсеп келген болсо, алар шыр эле бутуна туруп кетти. Ал эми калган жерлерде адам каны төгүлгөн «оттуу жерлер» оголе көп болду, мына ушул тизмелердин ичинде Тажикстандын өз орду, өзгөчө драмалуу трагедиясы бар…
Бизди, кыргыздарды, ошол жолдон кудай бир сактаган, эми да кудай сактаса экен…
Улуттар ынтымагына коюлган «бомбалар»
Азыркы Борбор Азия деген аймакта басмачыларды жеңген большевиктер «кандуу кылычын» маал-маал жалаңдатып, күч менен бийликти кармап турган. Ага карабай каны кызуу чыгыштыктар орустарды эчен жолу эчен кыйынчылыктарга кабылткан. Ушундан улам лениндик-сталиндик улут саясаты чыгыш элдерин тымтыракай кылып чачып, бөлүп-жарып, анан аларды камчынын күчү менен гана эмес, бирине бирин тукуруу жолу менен башкаруу керек дешкен.
1991-жылы 9-сентябрда эгемендүү Тажикстан Республикасы түзүлүп, СССР бөлүп койгон башка республикалардын катарында ал да бөлүнүп калды. Өзүнчө түтүн булатуу Тажикстан үчүн кандуу жана каргашалуу болорун ал кезде эч ким капарына да алган эмес эле.
Өлкө калкы 1994-жылы 5,8 млн. болгон. 1989-жылдагы эл каттоо боюнча тажиктер калктын 62,29%ын түзгөн. Мен азырга чейин ушул СССР кезиндеги эл каттоолорго ишенбеймин, анткени бул улуу держава жашаган 70 жылдай мезгил ичинде анын ичинен ондогон улуттардын аты өчүп кетти. Алар кайда житти? Мисалы, Өзбекстандагы барлас, лакай деген сыяктуулар өзбек болуп калган. Анын сыңары Памирдеги жашаган 110 миңдей киши өздөрүн тажикпиз деп эсептебейт, алардын тажиктерден тилдик жана салтык чоң айрымасы бар, ага карабай ыраматылык СССРдин соңку эл каттоосу аларды тажик деп жазып коюшкан. Мунун бир себеби союздук республика болуш үчүн түпкү улуттун өкүлдөрү көп болуш керек эле. Мындай караганда Тажикстанда тажиктер менен өзбектер эле көп көрүнгөнү менен ал жерлерде жүз элүүдөй түрдүү улут бар, тажиктер өздөрү да эчен түргө бөлүнүп кетет. Дагы кызык нерсе – тажиктердин тең жарымынан көбү Тажикстанда эмес, Ооганстандын аймагында жашайт, дагы 20,5% тажиктер Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда. Карап көрсөңүз, бир жагынан чачылуу, бөлүнүү, бир жагынан жоголуу, бөксөрүү.
Эми дагы бир бөлүнүүнү көрүңүз: өлкө Ленинабад, Хотлон вилайттарынан (облус), Тоолуу-Бадахшан автоном областынан жана түздөн түз Дүйшөмбүгө баш ийген райондордон (Гарм, Жергетал, Комсомолабад, Гиссар, Ленин, Кафирнихон, Турсунзада, Файзабад) куралган да, булардын ортосунда ар кандай жактан алып караганда жакындык менен бирге алыстык да баш багып турган. Лениндик идеалдар, компартиялык жетекчилик талкалангандан кийин жакындыктар азайып, алыстыктар алдыга чыкты. Жеринин 93%ы тоолуу келген, республикада 18 шаар, 3360 кыштак, 49 шаар тибиндеги поселка орун алган.
СССРдин жаны кетерде үч миллиондон ашык тажик, бир миллиондон ашык өзбек, 64 миңдей кыргыз ж.б. болуп, алардын ортосунда чыр-чатактарды орус бийликтери басып турган, ал кезде негизинен улуттарды жоюп, бара-бара советтик элди түзүү аракетинде болгон эмес белек.
Ленинабад облусунда (азыркы Согди) тажиктер Матча (99,2%), Фальгар, Фан, Ягноб (92,2%), Пенджикент, Кштут, Магиано-Фараб, Афтобруя (62,47% тажик, 37,24% өзбек) жашаган. Өзбектердин арасынан туяклы, кальтата, түрк жана алардын ичинен барластар, жүздөр, кыпчактар, карапчалар ж.б. болгон. Ал эми Тоолуу-Бадахшан автоном областында памирликтербиз деген чыгыш-иран тилинде сүйлөгөн шугнан ("хугни") жана алардын майда уруулары баджуйлар; язгулемдер ("згамик"); бартангдар ("бартангидж"), алардан хуфцалар ("хуфитдж"); ишкашимдер ("ишкошуми"); вахандар ("хик") ж.б. жашаган жана булардын так саны аныкталбаган, 1880-жылдары 35 миңдей болгон деген маалымат бар. Ал эми Каратегинде кыргыздар турак кылат. Памирде түрк тилдүү уруулар: лакай, катаган, могол, түрк, карлук, меришкор, мангыт, ал гана эмес арабдар, оогандар, белуддар, суджанийлер, хазарлар ж.б. толгон-токой топтор, уруулар жашайт.
Жогорудагыдай көп түрдүүлүк бир уруу ичинде ынтымакты жаратканы менен аларды экинчи бир урууларга каршы койгон учурлар болгон, ошон үчүн Тажикстандын граждандык согушунда бул фактор чечүүчү мааниге ээ эле.
«Тажик» деген сөз «калча» («тоолук») дегенден келип чыкса да, алар аймактарга карап да (матчои, кулоби, ромити ж.б.), түпкү жерлерине карап да (каратегинчилер, ягнобилер, хугнилер ж.б.), өрөөнгө келгенине карап да (сарттар) бөлүнүп турган, согуш оту күйгөндө алардын ушул бөлүнүүлөрү саясатчылардын үгүттөрү үчүн өлө чоң кызмат кылган.
Граждандык согуш алдынан: кимди ким күнөөлөдү?
Тажикстанга азаттык келгенде капаста жаткан тоо кушундай элдер эркин дем ала баштады, Нурек суусундай алкынган адамдар пайда болду, жогорудагыдай тилдик, салттык, уруулук, аймактык айырмачылыктар саясатчыларды ар кандай топторго бөлүп, бийлик талашууга ар ким өз «кочкорун» салып жатты. Анан калса бул аймактарда мурда орустар атеизм менен элди коркутуп келсе, эми ислам идеялары жалын болуп жанып күйдү.
1991-жылы Москвада путч болуп, танкалар тебелеп жүргөн кезде ошол окуяларга шыктанган тажиктердин арасынан «Растохез» («Кайра жаралуу») кыймылы, «Демократиялык партия», «Кайра жаралуу ислам партиясы» дегендер чыгып, алар коммунисттерди жок кылуу үчүн көчөдө катуу кыйкырып, ар түрдүү баракчаларды чыгарып, макалаларды жазып жатты. Булар тажиктердин улуттук сезимине тийип, тажик канын ойготуу менен шугурланды.
Ушул кезде Тажикстан КП БКнын биринчи катчысы болуп турган К.Махкамов өтө аяр, Москванын көзүн караган киши чыгып, ал тажиктердин улуттук маселесин чече албады, анын бийлигине каршы нааразылыктар арбып, акыры бийлигин мурдагы 1-катчы Р.Набиевге өткөрүп берүүгө мажбур болду. Ошентип оппозиция биз аз басаңдады, а түгүл 1991-жылы 2-декабрда Р.Набиев президенттик антын берип, антына кошо оппозицияны кодулабайм, аларга тийбейм деген келишим түздү.
Муну менен оппозиция отуруп калбады, алар конституциялык эмес жолдорду тандады. Тажикстан Демократиялык партиясы (ТДП) Шадман Юсуптун жетекчилиги жана Муфтийлик Хожа Акбар Тураджонзаданын туусу астында бийликке каршы активдүү күрөшкө өттү.
1992-жылы 6-мартта борбор шаардын аткаруу комитетинин башчысы, таанымал демократ жана депутат Максуд Икрамов парламенттин санкциясы менен камакка алынды. Президент оппозицияны кугунтуктоо менен антынан кайтты дешти бийликтин каршылаштары. 11-мартта «Растохеза» уюмунун лидери Мирбобо Миррахимов «Жогорку Советтин (ЖС) төрагасы Сафарали Кенжаевди мазактады» деген айып менен эки жылга кесилди. Бул дагы элдин кыжырын келтирди. 22-мартта Дүйшөмбүдө миңдеген киши катышкан митинг башталды. 25-мартта ЖС төрагасы телевидениеде С.Кенжаев ички иштер министри, түбү памирлик Мамадаёз Навжувановду өз кызматынан пайдаланып жатат деп айыптап чыкты эле, бул сөз милиция башчысынын жердештерине – памирликтерге катуу тийди, алар эрегишке чыкты. Эртеси эле Шохидон майданына жарым миңдей памирликтер келип нааразылык акциясын уюштурду. Аянттагы эл улам көбөйүп жатты, буларга башка аймактардын өкүлдөрү да келип кошулду. Негизги талаптары: парламенттин төрагасы менен кошо отставкага кетиши; жаңы конституция кабыл алуу, парламентке көп партиялуулук боюнча шайлоо өткөрүү; оппозицияны кугунтуктоону токтотуу.
1-апрелде митингчилерге каршы митинг Озоди аянтында башталды. 4-апрелде Шохидон аянтында митингге чыккандардын саны 50 миңге барып, көбү айыл жерлеринен алынып келинди. Милиция арасат абалда туруп берип, президент парламентти тараткысы келбеди жана башка жолго өттү: оппозициялык журналисттер сабалды; штаб-квартиралар тонолду; бийликке каршылардын машиналары аткыланды ж.б.
10-апрелде Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун сессиясы бул аймакты өзүнчө автоном республика деп жарыялап жиберди. Бийлик эч нерсени чече албай, спикер отставкага кетпей, аянтта эл көбөйүп, орустарга каршы да сөздөр айтылып, Тажикстан казанда кайнап жатты. Эми кайнап жаткан казандын оозун эле ача коюу же күйүп жаткан отту басаңдатуу керек эле.
Казан жана от
20-апрелде ЖС жыйын өткөрүп, Р.Набиевге башкы командачы статусун берип, генерал-полковник наамы ыйгарылды. Муну менен бийлик митингчилерди үркүтөбүз деген. Оппозиция кайра от алып С.Кенжаев 21-апрелдин 14.00 убактысында кызматтан кетсин деген ультуматум койду, андан кийин дагы 22 саатка узартты. ЖС иштеп жатты, бирок жыйынтык жок. Ошол эле түнү ЖСнын 16 депутатын, премьер-министрдин эки орунбасарын барымтага алышты. Ошондо гана ойлонуп, 22-апрелде С.Кенжаев отставкага кеткендиги жарыяланды. Бийлик эми элди жөндөп алып, кризисти токтосо болот эле. Аттиң, бирок…
24-апрелде С.Кенжаев УКК төрагасы болуп дайындалды. Бул жаңы толкундоолорду алып келди. 29-апрелде эки аянттагы митингчилерге үчүнчү С.Айни аянтындагылар кошулду. Криминалдык топтор, жаштар аянттарга батпай кетти. С.Кенжаев кайра парламент спикери болуп дайындалды.
1-майда Р.Набиев «улуттук гвардия» түзүп, өкмөттүк митингчилерге 2 миңдей автомат таратылып берилди. 5-майдан Дүйшөмбүгө коменданттык саат киргизилип, ар кандай жүрүштөргө, митингдерге тыюу салынды. Ушул күнү өкмөттүк аскерлер менен оппозиция өкүлдөрү кагылышып, өлгөндөр жана жарадарлар болду. Бийлик каршылары аэропортту, темир жол вокзалын, президент сарайын күч менен ээлеп алды, 3 БТР, 200 автомат алардын карамагына алынды.
Ошентип бийлик алсырады, алсырамак түгүл элге сөзү өтпөй калды. 6-7-майда эки тарап болуп кадимкидей согуш жүрдү. Оппозициянын талаптары: коалициялык өкмөт түзүү; спикер С.Кенжаевдин жана вице-президент Н.Дустовдун, башкы прокурордун, телерадио комитетинин, коргоо комитетинин төрагаларынын отставкасы. Бул талаптарды аткаруу үчүн президент макулдугун билдирип 7-майда келишимге кол койду, маселе жумшарды, кулябдыктар жыйылап, кете баштаган.
Ушул чакта дагы бир чыр чыкты. Оппозиция жоокерлери президентти издеп аткан, ал УКК имаратына жашырылган деп ошол жакка жөнөшүп, жолдо аскер күчтөрү менен кагылышып, дагы 8 адамдын өмүрү кыйылган. Орусиянын 201-мото-аткычтар дивизиясы (мад) полковник В.Заболотныйдын жетекчилиги менен бийлик адамдарын коргоого алган. Шахидон аянтына кайрылып келген оппозиция эми УКК менен орус аскерлерин ашата сөктү, 201-мадды баскынчылар деп, башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишип жатат деди. А түгүл Ш.Юсуп кечинде телекайрылуу жасап, эгер КМШ аскерлери кирише берсе Иран менен Ооганстанга кайрылабыз, ушул мүнөттөн тартып Дүйшөмбүдөгү орустар барымтага алдынды деп жиберди.
Кырдаал 11-майда дагы курчуду, эми оппозиция президенттин өзүн кетсин, ЖС жоюлуп, ордуна Улуттук кеңеш (межилис) келсин, орус аскер гарнизондору улуттук болсун, 201-мад чыгарылсын деген талап койду. Ушундай талаптардан улам оппозиция эң негизги кызмат орундарынын үчтөн бирине ээ болду, бул алардын чоң жеңиши эле, ошентип, 16-майда алар жеңиш менен жерлерине кайтты.
Кайрадан оттун тутанышы
Бийлик менен оппозициянын, динчилердин күрөшү муну менен эле бүтпөптүр. Орустар агылып кетип атты. Кулябдан оппозицияга киргендер сүрүлө баштады, кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына кудай берди, бийлик алсыз, өтө алсыз болуп, бары-жоктун ортосунда турду. А түгүл Ленинабад облкеңеши Р.Набиевди бизге келип президент болсун деген токтом токуп ийди. Ленинабад борбордун сөзүн укпай, мыйзамдарды аткарбай, эки Кореядай Түндүк жана Түштүк толук экиге ажырап калды.
28-июнда ислам жоочулары менен кулябдыктар атыша кетти, 201-мады өзгөчө объектилерди коргоого алды. Оогандан можахеддер, тажик жоочулары, курал-жарак, баңгизаттар тынымсыз жана тоскоолдуксуз өтүп жатты. Ооган лидерлери Б.Раббани жана А.Шах Масуд менен сүйлөшүүлөр натыйжа бербеди.
26-27-июлда жакшы кадам болду. Ар түрдүү көз караштагы лидерлер, карама-каршы тараптар Хорог шаарында уй мүйүз тарта отуруп, жарышуу маселесин талкуулады. 28-июнда саат 10.00дөн тартып Тажикстандын аймагында атышуу токтотулсун деген чечим чыкты. Барымтадагылар бошотулуп, жолдор ачылыш керек эле. Бирок кулябдык талаа командири С.Сафаров да, Ш.Юсуп да куралдарын тапшыруудан кооптонгонун билдирип, келишимдин шарттарын аткарбады. 27синде эле Курган-Төбөнүн Куйбышев районунда куралдуу кагылышуу катталды. 9-11-августта ЖСнын сессиясында президент дегенди жоёбуз деген да пикирлер болду. Ислам жоочулары террорчулукка өтүп, 24-августта башкы прокурор Нурулла Хувайдуллоев атып өлтүрүлдү. Ага нараазы болгон Ленинабад облусунун Пангаз кыштагындагы жердештери бүт мечиттерди жаап, алардын килем-силемдерин өрттөп, динчилерди ур-токмокко алды.
31-августта Дүйшөмбүдө жаштар курган-төбөлүк жана кулябдык качкындар менен бирге президенттин резиденциясына кирүүнү жана анын иштен кетишин талап кылды. Ушул эле учурда ленинабаддыктар 2 миң аскер топтоп ийди. 2-сентябрда министрлер кабинети президентке ишеним артпоо тууралуу кат жолдошту. Буга ленинабаддык депутаттар да кошулду. Ушул күндөрдө Кургантөбөдө катуу согуш жүрдү. 3-сентябрда президент аппараты ислам кыймылдары мамлекеттик төңкөрүш жасоого далалат кылууда деп, аларды кылмышкер атады. Ал эми Курган-Төбөдө 1380 киши «улуттук өзүн өзү коргоо» полкун түздү, аларга аскер комиссарлыгынан миңдей автомат берилди. 7-сентябрда түш оой президент Р.Набиев аэропортко жашыруун Кожентке учуу үчүн кетип жатканда оппозиция жана криминалдык топтор билип калып, курчоого алат, өкмөттүк аскерлер да келет. Ушул жерге ЖС өкүлдөрү да чогулуп, бир катар сүйлөшүүлөрдөн соң президент отставкага макул болот. Маселе муну менен чечилген жок. Бир жактан С.Сафаров, бир жактан Л.Лангариев башчылык кылган отряддар күн сайын жаңы өлүмдөрдү жаратса, дыйканчылык үзгүлүккө учурап, талап-тоноо күчөдү, качкындар арбыгандан арбыды. Бир үй-бүлөдөн бирине бири каршы болгондор чыкты.
Ошентип октябрга келгенде эки тараптан өлгөндөрдүн саны 15-20 миңге жетип, он миңдегени жарадар болуп, жүз миңдеген жарандар качкын катары мекенин таштап чыгып кетти. 90 миңдей орус тилдүү калк бул өлкө менен түбөлүк кош айтышууга мажбур болду. Алты айдагы материалдык жоготуу ошол кездеги эсеп боюнча 30 млрд. рублди түздү.
Бир эл бир нечеге бөлүнүп алып, саясат талашкан, бийлик талашкан максатсыз согуш уланып жатты… Али алдына көп курмандыктар, көп жоготуулар бар эле…
Абдыкерим МУРАТОВ