“Өйдө менен төмөнгө,
бөлбөй турган жакшылык.
Өлүмгө да баш ийбей,
өлбөй турган жакшылык”.
Күн ысыды. Дарак гүлдөдү. Кышы бою күткөн күн келсе да сүйүнө албадык. Жан кашайып, жүрөк эзилет. Телефон карагандан, жаңылык уккандан зыркырайсың.
Орозонун улуу күнү алда кимге жаман да айткың келбейт. Калыс, Даанышман, Кудуреттүү, жалгыз Жаратканга гана тизе бүгүп суранбаска, жалбарбаска аргаң жок. Эл башчыларына ыйман, ынсап бере көр! Алысты көрө билген акылгөйлүк бере көр! Элибизге тынчтык, эл четиндеги уулдарыбызга өмүр бере көр, Жараткан! Энелер ыйлабасын!
Биз энелер тилегибиз, жүрөгүбүз менен жаныңардабыз дайыма. Кыргызым, айланайын, дилиң да ак, диниң да ак. Актын өмүрү узак. Узак-узак, бакубат күн кечире көр. Улуу журтубузга, уулдарыбызга болгон биздин сүйүү жамандыкта калкан, караңгылыкта жарык... Биргебиз...
* * *
Түн. Кылдыраган эски компьютерде иштеп отурам. Көңүл тынч эмес. Уйку жок. Жеңиш күнүнө карата жазгандарым бар эле, ошолорду “РухЭшке” жөнөткөнү отурам. Негизи, бул чиймелерим тээ кар бурганактап жаап турган мезгилде жазылган. Ошондон бери бир да соцсеттерге кирбедим. Көнүп да калдым. Убакыттан уттурбай эмгектенет экенсиң. Кыймылдайт экенсиң ден-соолугуңду чыңдап.
Ошол январь, февраль айларында Талас өрөөнүн кыдырдык. Ошондогу улуу-кичүү менен болгон маектердин айрымдарын назарыңыздарга сунуштадык, окуп коюңуз.
* * *
Жаш кезинде согушка аттанып, а дегенде эле немистерге колго түшүп калган, адам чыдагыс азап менен курчалган концлагерден эсен чыгып, тагдырдын тамашасы менен немистердин унтер офицерлигине чейин көтөрүлгөн, ошол бир келген мүмкүнчүлүктү жөн коё бербей, ар бир күнүн жакшылык ишке жумшап, ар бир күнү жердештерин өлүмдөн куткарган аралдык айылдаш атабыз Кожоке Мамбеталиев жөнүндө эскергенибиз бар. Убагында ал киши менен учкай эле сүйлөшүп калгам. Дагы бир курдай маектешкенге мүмкүнчүлүк болгон жок, ооруп жатып дүйнө сала берди. Ушул барышымда Кожоке атанын балдарына, ошол куткарылган адамдардын балдарына жолуксам деген элем. Алар көп экен. Айрымдарына гана жолуга алдык (Каракол, Ак-Жар, Чат-Базар айылдарына да бар экен, ордуларынан таба албадык. Эми деле болсо жазабыз, окуп калсаңыз кайрылсаңыз болот. Д. Б)
Бул эскерүүм мекен үчүн курман болгон аталарыбызга койгон гүлдестем болуп калсын. Казак боордоштор Кожоке Мамбеталиев атабыз менен бирге жүргөн Мустафа Чокайды элдик баатыр кылып, ардактап алышты. А биздикилерден жылуу сөз жок. Атка минерлер айтпаган жылуу сөздү аман калгандардын урпактары айтышат...
Руслан Мамбеталиев: Атам көп кишилерди өлүмдөн сактап калган экен
Согуш ардагери Кожоке Мамбеталиевдин уулу Руслан мырза менин агайым. Бизге математикадан сабак берчү. Агай атасы жөнүндө төмөндөгүлөрдү эскерди.
- Атам 1939-жылы фин согушуна чыкырылыптыр. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, генерал Власовдун армиясы жалпы курчоодо калганда туткунга түшүптүр. “Канча киши туткунга түштү, эмне болуп түштүк, билбейм, 75 миң киши курчоодо калыптырбыз” дечү. Власов бүт армиясын немистерге өткөрүп жибериптир да. Атам сыяктуу катардагы жоокерлер эмес, командирлер деле билбей калган го эмне болгонун.
Ачкадан, оорудан көптөр кырылды дейт. Немистер концлагерден тирикарак туткундарды тандап-тандап алышптыр. Алардын ичинде атам да бар. Атамды бир немис помещик аял алып кетиптир. Анын үйүндө эки украин кыз, бир поляк бар болчу дейт. Кыздар уй саайт, менин кылган жумушум минген аттарды багам дейт. Ошол жерде 1943-жылга чейин болдум, немис тилин үйрөндүм. Кемпирдин Берлинде кызмат кылган бир офицер баласы бар эле, бир күнү келди дейт. Аны менен кошо бир түрк келип, атамдын мусулман экенин билген соң Берлинге алып кетип, кенже офицерлердин курсуна окутуп, алты айдан кийин унтер офицер наамын беришиптир. Ошол кезде Мустафа Чокаев жетектеген “Түркестан легиону” уюшулуп жаткан экен. Атам ошол кызматта жүргөндө көп кишилерди өлүмдөн сактап калган тура. Биздин айылдык Ашым, Сыягул, караколдук Орозбай деген кишилер атама жыл сайын 9-майда келишчү.
Мустафа Чокаевдин Вали аттуу бир жардамчысы бар экен өзбек. Чокаев өлгөндөн кийин легионго ошол жетекчи болуп калат. Адегенде аты “Вали хан” болчу. Кийин “Вали хан ата” дегиле дей баштады дейт. 1944-жылы съезд өткөрүп, “мен Россияга согуш жарыялайм”- дептир Вали хан. “Эми эмне кылабыз? Өз мекенибизге чыккынчылык кылабызбы?”- деп кейишет. Үч-Эмчектик Төрөгелди аттуу бир жигит бар болчу. Мен төртүнчү эле классты бүткөм, ал билимдүү эле. Бир күнү экөөбүз отуруп сүйлөштүк. Мен өзүбүздүкүлөргө кетем дедим. “Барганда атып салышат, же Сибирге алпарып карагай кестирет”- дейт тиги. “Карагай кестирсе кестирсин, апам жалгыз, үч карындашым калды. Сенин деле апаң жалгыз калды. Өлүп калса эмне болот?” дейт атам. ”Өлсө туугандарым көөмп коёт” дептир. Атамдын Үч-Эмчектик дагы бир жардамчысы бар экен, аны анан айдоочу болуп иштеген оштук бир жигити бар экен, аны алып, үчөө Польшанын чек арасынан өтүп кетишиптир. Кантип өтүшкөндөрү да кызык. “Майёр аттуу бир улгайган комендант бар болчу. Шаардан чыкканга уруксат кагаз сурасам, “эмнеге?” деп сурады дейт. Кошуна концлагерде иним туткунга түшүп калыптыр. Ошону алып келишим керек десем, бир карап алып, “эми чын айтып атасыңбы, калп айтып атасыңбы билбейм, бирок, жазып берейин”- деп жазып берген экен. Канчалык өмүрүм калды, бир жакшылык кылайын деген го.
Шаардан чыгып, токойдун арасынан немис формаларын чечип, өздөрү менен ала келген туткундардын кийими менен жүрөбүз дейт. Бир күнү карасак эле виллис келип токтоп, ичинен алтын погондуу киши түштү дейт. Атам 1941-жылы туткунга түшүп, советтик аскерлердин погону алмашылганын билбейт экен да. Көрсө, ал маршал Рокосовский экен. Үчөөбүз тең барып, аскерлерге кошулдук. Ар бирибизди бирден сурак кылышып, сен тияка, сен бияка деп бөлүштүрдү. Мен туткунга түшкөнгө чейин артилерист болчумун. Рокосовскийдин армиясында да артилерист болуп кызмат кыла баштадым дечү. Бир жылдын ичинде, 1945-жылдын май айына чейин эки “За отвагу”, “Берлинди алганы үчүн” медалын алыптыр. Ошол бойдон кайра айылына келип, финагент болуп иштеп жүргөндө элүүнчү жылы камака алыныптыр.
- Кожеке атабыз өзү мен туткундан качууга жардам берген кишилердин көрсөтмөсү жардам берген дечү.
- Ооба. Бизге көп жолу жардам берген деп жазышкан экен. Биздин айылдан бирөө немис менен мушташып, атууга кеткенде алып калыптыр. Осмонов Төлө аттуу киши “такай бизге нан таштап кетчү” деп айтчу. Жаңы туткунга түшкөндө ачкалыктан каакым-кукум жегендерин айтчу. Самын жегендер болду. Кавказдыктар чоң болгону менен ачкалыкка чыдашпайт экен. Азиялыктар чыдамдуу келет экен дечү.
Кийин советтик лагерде жүргөндө Үркүн маалында кочкорлуктарды жетектеп жүргөн Канат ажынын уулу Карыпбай аксакал менен бирге болгон экен. Сибирде карагай деле кыйбаптыр. Бригадири таластык немис экен. Атам немис тилин жакшы билгендиктен, экөө дос болуп кетишиптир. Атамды ашканага, тамак бөлүштүргөн ишке орноштуруп койгон экен. Апам байкуш атамды көргөнү Сибирге чейин барып келген. “Мени менен чогуу согушка кеткендердин көбүнүн өзү эмес, өтүгү да келген жок. Мен болсо кайра келдим, менден бактылуу киши жок” - деп калчу атам. Өзүнүн түрмөдө жаткан мезгилин элестетеби, Дюманын “Граф Монто Кристосун” кайра-кайра окуй берчү.
- Кожоке атадан канча бала калдыңыздар?
- Алты эркек, бир кыз. Мен экинчисимин. Мен силерге сабак бергенден кийин шаарда да иштеп калдым. №5 гимназияда, 74-мектепте иштедим. Биздин бир туугандардын баары математик. Мен кичинекей кезимен математикалык логика деген сабакка кызыкчумун. Көрсө, атам математик экен. Аябай татаал эсептерди оозеки эле чечип койчу. Сөзүнөн жаңылчу эмес. Бектур Исаков агай “он жыл мурдагы сөздөрүн эч жаңылбай айтып жатат, бир да сөзүн кемиткен жок, бир жерине да кошкон жок” деп таң кала берчү.
- Кожоке атанын арманы болгонбу?
- Чоң апам чоң атабыздан отуз беш жашында калыптыр. Аксакалдар келип, башка бирөөгө никелеп коёлу десе, атам “биринчи ошол кишини өлтүрүп, анан өзүм өлөм” деп койгон экен. Кийин бала экем да. Ошондо макул болгондо инилүү болуп калат белем деп арман кылып калчу.
Айылда Темирлан деген иним бар. Атамдын жанында дайыма болгондуктанбы, көптү билет.
- Мен жакында айылга барам, агай.
- Аа, жакшы экен, барсаң сүйлөшө кел.
- Маегиңиз үчүн ырахмат.
Темирлан Мамбеталиев: Атам Ракосовский менен Жуковду көрүптүр
- Атам армияга 1938-жылы кеткен экен. Ал кезде аскердик мөөнөт деңиз флотунда төрт жыл, кургактагы аскерлердики 3 жыл болгон. Атам фин согушуна катышып, 1941-жылы мына күзүндө үйгө кетебиз деп турганда согуш башталат. Булар генерал Власовдун армиясында болуп, согуштун алгачкы жылы эле туткунга түшүп калышкан.
- Кантип туткунга түшүп калганы тууралуу эмнелерди айтчу эле?
- Атам артиллерия полкунда болгон. Замбирек тарткан аттар бар эле, кыргыз болгондон кийин атка жакын да. Аттарды замбиректери менен кошо салга жүктөп, дарыядан кечип өтүп атканда бомба түштү дейт. Жакшы көргөн бир атым бар эле, эмне болсо көрө жатармын деп ошонун куйругуна колумду бекем байладым. Ат сууга секиргенде ошону менен кошо кеттим. Бир суу жутканымды билем, андан кийинкиси эсимде жок. Бир эсиме келсем күрт-күрт деген үн чыгат. Карасам, колум дале аттын куйругунда экен. Ат жээкке сүзүп чыгып, мени кошо сүйрөп чыгыптыр. Камышка келип токтоп, камыштын башын жеп аткан экен дейт.
Ат жаныбар мени мойнун буруп улам карап коёт. Колумду чечип, атты мойнунан кучактадым. Аңгыча эле арт жактан “хенде хох!” деген үн чыкты. Немистин солдаттары келип, жарданып карап турушкан экен дейт. Ошо менен атамды айдап жөнөйт. Бир-эки тебет. Мушташканга колунда куралы жок байкуш, алдыга түшөт. Концлагерде биринчи бир жуманын ичинде эле ачкадан миңдеген киши өлөт. Бир кесим нан, бир ууртам суу беришпейт. Бир маал түштө сыртка чыгарып, малды жайгансып талаага коё берет.
Адам ачка болгондо чөптү да жейт экен. Бир тутам каакым-кукумду жулуп алып, ошону жеп жан сактадым. Калгандар колуна урунганды жешти. Ошондон көбү кырылды. Бир күнү немистин офицери лагерди аралап, “сен чык, сен чык” деп туткундарды тандап чыгарды. Азияттардан бир эле мен экем. Калганы бүт орустар, беларустар, украиндер. Станциядан поюзга салып, Германияга алып барышты. Бир айылга алып барып түшүрдү. Улам араба менен, машина менен кишилер келип, экиден-үчтөн алып кетип атышат. Бир убакта балпаңдаган семиз кемпир келди. Мени карап, колундагы таягы менен түртүп, “татарсыңбы, монголсуңбу” деди. Кыргызмын дедим дейт.
Айран жасаганда
Ошентип, ал кемпирдин үйүндө иштеп калат. Чаар уйлары бар экен. Бир сааганда 15-20 литр сүт берет. Украин кыздар уй саашат. Арабекечи поляк экен. Ал сүттү арабага жүктөп алып, тапшырып келет. Каз-өрдөктөрүнүн, чочколорунун көптүгүн айтпа! Мончого алпарып, аябай жуунтуп, бир сыйра жаңы кийим берди. Ал күнү эс алдырып, эртеси төрт атты көрсөтүп, “ушуларды багасың” деди. Жыргап эле калдым. Өзүбүзчө тамак ичебиз. Жегенибиз эт, сало. Алар айран жасаганды билишпейт экен. Сүттү майын калпып алып, төгүп салышат. Мен кантип айран кылам деп жүрүп поляктын күмүш шакеги менен сүттү ириттим. Ага дагы бирдемелерди кошуп атып, он чакты күндөн кийин таптаза айран уюду. Поляк экөөбүз ичебиз, кыздарга да бере баштадык. Бир күнү ичип атсак кемпир көрүп калды. “Бул эмне?” дейт. Айран десем ичип көрүп, аябай тамшанды. “Сен, кара, кыйынсың”- деп койду мага. Анан алар да айран уютуп иче башташты. Мени бүт жакшы көрүп калышты. “Николай, Николай” болуп эле жатып калдым. Кылган эле жумушум - аттарга жем-чөп берип, сугарып, астыларын тазалап коём. Бош убактарда көчөгө чыгып басам. Немистин жаш балдары артыман ээрчип алышат. Аларга кызык көрүнсөм керек да.
Берлинге жол
Кемпирдин офицер уулу эс алууга келет. Кемпирдин төрт аты бар болчу. Экөө арабага чегилген, экөө минилчү күлүк аттар. Мени менен чогуу иштеген поляк кемпирдин уулу аттарын аябай жакшы көрөт. Эртең менен сөзсүз текшерет, жакшылап жуу деди. Агын сууга алпарып алып, туягынын учуна чейин жылтырата жуудум дээр эле атам. Эртең менен шишип-көөп турушуп, шыр эле атканага киришти. Чөнтөгүнөн апаппак бетаарчысын сууруп чыгып, атынын көкүлүнөн куйругуна чейин сыдырды. Анан бетаарчысын карап туруп, “во” деди да чөнтөгүнөн 50 марка алып, мага сунду. Нары жакта көз айнек тагынып бирөө турган. Мага жакын басып келип, “сен кимдурсуң?”- деди. Мусулманмын десем, “кумандармын” деди. Кудай кандай оозума сала берди билбейм, ла иллаху иллалах деп келме келтирип жибердим эле, “ассалому алейкум” деп колун сунду дейт. Жарымын түркчө, жарымын немисче аралаштырып, “мусулман баласы экенсиң, бул жерде бок кечип, кор болуп жүрбө. Берлинге алып кетем, барасыңбы?”- деди. Барам дедим. Ошону менен кетип калды. Бир күн эле кемпир “Николай” деп чакырып калды. Барсам, үч немистин офицери машина менен туруптур. “Булар сени Берлинге алып кетебиз деп жатышат. Жибербейм” деди. Тигилер “кааласаңыз сизге лагерден он туткун алып келип берели дешсе, жок, мага онунун да, жүзүнүн да кереги жок. Николай керек” деп ыйлап атат дейт. Бирок мыйзам деген мыйзам да, алып кете турган болушту. Байкуш кемпир үйүнө алып кирип, бир сыйра кийим, жолго тамак, анан 200 марка акча берди. Ошол бойдон Берлинге барып, түз эле “Түркестан легионуна” түштүм. Офицердик курска жиберишти. Андан кийин кенже офицер наамын беришти.
Кылган кызматым эмне? Астымда жеңил машина, артымда жүк ташыган машина бар. Аскер туткандары жашаган лагерлерге барам. Баарын аянтка тизип беришет. Миңдеген кишилер турушат, алардын алдына туруп мусулман дининдегилер алдыга чыккыла дейм. Ошончо көп кишинин арасынан он-жыйырма чактысы чыгат. Ошолорду жүктөп алып, легионго алып келем дечү.
Үч таластыкты “кыйнаганда”
- Кожоке ата ошол машинеси менен лагерде өлгөндөрдү да ташып чыгып, сыртка апарып көмчү тура. Бир жигит: Атабызды ошол өлүктөрдүн ичинен таап, качырып жиберген экен деди эле. Көмсө да, качырса да чоң сооп иш жасачу экен.
- Ооба. Бир жолу дагы бир лагерге барып, мусулмандар чыккыла десем, Орозобай, Акимбай анан дагы бир жигит чыкты дейт. Мен аларды көрүп эле тааныдым, айылдаштарым. Үстүлөрүндө туткундардын чаар көйнөгү, буттарында жыгач кепич. Кабинетиме келген соң солдаттарга жанагы үчөөнү алып келгиле дедим. Алар жулкулдатып үстүмө киргизишти. Өлтүрүп салабы деп байкуштар өйдө карашпайт, турушат шылкыйышып. Орусча каяктан болосуңар, улутуңар ким деп сурап жатырым. Кыргызбыз деп коюшат. Кыргызстандын кай жеринен болосуңар дейм. Талас деп коюшат. Өтүктүн такасын тарсылдатып нары басам, бери басам. Тигилер тимеле коркуп атышат. Бир убакта тамеки чегип кирдим.
- Кимсиңер деп атам, айткыла деп кыйкырдым.
Тигилер бүжүрөшүп, унчугушпай калышты.
Бир кезде чыдабай кеттим:
- Эмне, мени тааныган жоксуңарбы? - деп көз айнегимди чечтим эле, Кожоке деп эле үчөө үч жактан басып калышты. Атасын көргөндөй ыйлап жүрүшөт. Деги коё беришпейт.
-Болду-болду, битиңер жугат дейм күлүп.
- Кожоке, энди өлбөйбүзбү дешет.
- Мен өлүп эле калбасам, өлбөйсүңөр. Айлыбызга аман алып барам дейм.
Акимбайды араба менен азык-түлүк ташыганга, Орозбайды кийим, дагы бирөөн аспап таратчу жумуштарга койдум. Дагы бир күнү атчан кетип баратсам бирөө Кожоке деп кыйкырат. Карасам кадимки эле аралдык Төлө турат. Немис офицерлер менен жүргөм. Бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Улам-улам кыйкырат. Жиним келип, “Жаагың сын”- деп кыргызча кыйкырдым эле жанымдагы офицерлер түшүнбөй эле карап калышты.
- Ай бир келесоо окшойт, - деп койдум аларга.
Кечинде чакыртып алып, мынабул уйду бак, эмчегин эмсең да өлбөйсүң. Бир жерге такай нан, колбаса коюп кетем, алып жейсиң дедим. Баягы итирейген, биттеген үчөө жок, оңолушкан зыңгырашып. Бир күнү эле бир жактан келсем Акимбайды даргага аскан жатышат. Өлөрчө сабалыптыр. Аларды карап немистин солдаттары жүрчү да жандарында. Бирөөсү Акимбайдын жинине тийген го, сенден келгенди көрдүм деп бир согуп, тумшугун канжалата койгон экен. Комендант менен жакшы болчумун, менин жердешим эле деп атып куткарып калгам.
Үймөк чөптүн үстүндө
Алар жайгашкан лагерь Польшанын чек арасына жакын болгондуктан, польшалык партизандар менен байланышып турушкан. Колго түшкөн туткундарды аларга тымызын качырып, өткөрүп берип турушкан. Атам өзү болсо 1945-жылы февралда, Польша бошотулган кезде алты киши менен качкан. Үч-Эмчектеги Акимбай, караколдук Орозбай, оштук Калдарбек, анан дагы эки киши, аты-жөнүн билбейт экем. Немистердин акыркы постунан өтүп, Польшанын токоюн аралап баратканда машина тыгылып калып, андан ары жөө жөнөшөт.
Чыксак талаада чөп үйүлүп туруптур. Үймөк чөптүн башына чыгып кеттик. Бир убакта эле техниканын күрүлдөгөн үнү угулду. Карасак, немистин солдаттары чегинип баратышыптыр. Жатып калдык. Өтүп атышат, өтүп атышат. Тынбай эки сааттай өттү. Бир аз тынчып калып, кайрадан күрүлдөгөн үн угулду. Карасак, эми советтик аскерлер өтө баштады. Жанымдагылар жүргүлө, кошулуп алалы дешет. Эй, акмактар, силерди ким таанымак эле? Атып салышпайбы дедим. Аскерлер өтүп бүткөндөн кийин чөптүн үстүнөн түшүп, өйдө көздөй жөнөдүк. Кетип баратсак бир жүк тарткан машина өтүп, анын артынан жеңил машина өттү. Тоссок эле токтоп калды. Чуркап барып честь берсем, ичинде отурган кишинин погону тим эле жылтырайт (“көрсө, Ракосовский экен. Погонду ошондо биринчи жолу көрдүм” дечү). Тиги киши да чочуп кетип, “откуда вы, кто такие?” деп сурады. Концлагерде болгонубузду айтсак, азыр артыбыздан бир машина келет, ошого түшкүлө деди. Ал машинанын ичи бизге окшоп туткундан качкандарга толтура экен.
Баарыбызды апкелип, чоң бир сарайга тыкты. Миңдеген киши бар экен. Баарыбызды бирден сурап чыгышты. Анан иргеп-иргеп, бизди штарфбатка айдады. Март айынан баштап кайра согушка кирип, Берлинге чейин бардык. Баягы немистин офицери болуп тургандагы жүргөн жерлер, өзүм жүргөн тааныш көчөлөр. Ошол жерден Жуковду да көрдүм. Талтаңдап баскан, бою чаканыраак киши экен. Анан бизди Чыгышка, япон согушуна айдады. Биз баргандан кийин эле бир айдан соң Япония жеңилди. Бирок биз дагы эки жылдай кызмат кылып, 1947-жылы гана үйгө кайтып келдим. Үйлөнүп-жайланып, бир жылдан кийин кыздуу болдум.
Аялга ачылган сыр
1949-жылга чейин жакшы эле иштеп жүргөм. Бир күнү эле шыпылдаган жаш жигит келип, биз менен иштеп калды. Чогулуп алып карта ойнойбуз. Биз ойноп жатканда баякы неме дайыма менин так маңдайыма отурат. Картаны карайт, мени карайт. Бир күнү эле шап колума кишен салды. Молдовановкадагы түрмөгө алып барып, бир кишилик камерага тыгышты. Ал жерде алты ай жаттым. “Немистердин чалгындоо мектебинде окуган турбайсыңбы, офицер болуп кызмат кылганыңды мойнуңа ал” дешет, мен албайм. Бир күнү эле эшик ачылып, оштук Калдарбек салам айтып кирип келсе болобу. Тергөөчү “Энди мойнуңа аласыңбы?”- деди эле алам дедим. Болгонун болгондой жазып бердим.
- Немистин офицери эле деп жанагы Калдарбек айтып койгон бекен?
- Бу жагы кызык. Турмуш да. Атам айтат офицер кезимде дегеле көз айнегимди чеччү эмесмин деп. Эмне болду билбейм, бир жолу Берлинде жүргөндө ресторанда отуруп немистин эки офицери менен көз айнексиз сүрөткө түшүп коюптурмун. Аны Калдарбек каяктан алганын да билбейм, катып жүрүптүр. Ошончо текшерүүдөн кантип көрсөтпөй алып өткөнүнө таң калам. Анан бир жолу аялы менен жакшы сүйлөшүп калган го, сырын ачат. Анан чемодандын түбүнөн баягы сүрөттү алып чыгып, “Таластык жигит. Ушул экөөбүз немистер менен ушундай жерде болгонбуз. Мен анын кол алдында шоопур болуп жүргөм. Алтыным, сен эч кимге айтпайсың да”- дейт. Аялы “айтпайм” дейт. Анан ошол сүрөт боюнча мага издөө жарыялашып, кирпик-кашыма чейин толук окшоштугуна ынанышкан соң кармап кетип жатышпайбы.
- Аялы сатып коюптурбу?
- Ооба (күлдү). Бир күнү Калдарбек аялын жаман иш кылып жаткан жеринен кармап алып, уруп таштабайбы. Жөн урбай чачын кыркып туруп, төркүнүнө жеткизип таштайт. Аялдын амалы шумдук да, эбин таап баякыл сүрөттү өзү менен кошо ала кеткен экен. Барып эле КГБга тапшырып салат.
Атамды бир жума эле суракка алып, атууга өкүм кылынат. Бирок Акимбай аба, көлдөн бир-эки орус жигит “бизге жардам берип, куткарган” деп көрсөтмө беришет. Башкалар да барышат. Качан гана орустар “Бизди да куткарган” дешкенин угуп, ийге келишет. Жанагы концлагерде туткундарды атыш керек болгондо көбүнчө биздин мусулман калктарынын өкүлдөрүн жумшашчу экен. Атам өзү баштап барып, партизандарга өткөрүп берип турчу экен орус, кыргыз дебей. “Токойго киргенде автоматты талаага атып коюп эле келе берчүмүн. Ошончо жыл согушта жүрүп, бир да киши аткан жокмун” дечү. Польшанын партизандарына чейин запрос жиберишкен. Алар биз менен кызматташкан деген документ жөнөтүшөт. Натыйжада атуу өкүмүн жокко чыгарып, 25 жылга кесишет.
Дагы бир кызык. Бир жолу атам өмүрүндө биринчи жолу президенттик стипендия алат. Аны уккан согуш ардагерлери “Кызматты биз кылсак, силер болсо колго түшкөн туткунга сыйлык бересиңерби?” деп воёнкоматка келишет. Алар архивди баракташып, “Бул ачык айтыла бербей турган маселе. Бирок билип алгыла, Мамбеталиев немистердин арасында жүрүп, атайын тапшырма аткарган адам” деген жоопту айтышат. Мындайча айтканда, биздин чалгынчы болгон дейт.
- Сибирде анан карагай кыйган бекен?
- Ооба. 1953-жылы Сталин өлгөн соң мунапыс берилип, атам 4 жыл алты ай дегенде Аралга кайтып келет.
- Туткундан бошоткон кишилер менен кийин катташып жүрдүбү?
- Атам бары менен катташчу. Сабира (Сажида. Д. Б.) деген эжебиз бар болчу. Акимбайдын кызы. Ал биздин колдо чоңойду. Атам баккан. Мектепти ушул жерден бүтүп, турмушка чыгып кетти. Караколдук Орозбай абанын балдары бүт Бишкекте турушат. Аралдык Төлө абанын балдары бар. Кушубеги Төлө аба согушка кете электе төрөлгөн баласы экен. Экинчи аялынан Омо, Каныбек деген үч-төрт баласы бар. Ак-Жарда Касым аттуу киши жашайт. “Манас ордосунун” директорунун орун басары болуп иштесе керек эле. Анын атасы Кыялбек атам экөө согушта бир болуп, туткунга чогуу түшүп, түрмөдө да бир болушкан. Ал киши түрмөдө өлүп калган экен. Атам алардын үйүнө көп барчу. Азырга чейин катташыбыз бар. Оштук Зунду деген да досу болгон. Атам аны да лагерден качырган экен. Кийин атам түрмөдөн бошогондо келип жолуккан. Эгер, эркек балалуу болсом атын Кожеке деп коём деп ниет кылган экен. Мен теңдүү Кожоке аттуу уулу бар. Балдары менен атайын келип, атамдын батасын алып кетишкен. Анан кадимки Шаршенбаев Бакирди тааныйсың да. Колу чолок почточу бар эмес беле? Ошол киши баса албай калганда атам артына көтөрүп алып, отуз чакырымдай, дээрлик Арал менен Таластай жердеги госпиталга көтөрүп барган экен. Атам алыбеттүү киши болчу да. Бакир аба өмүрү өткөнчө атама келип турду. Күнбү-түнбү атын минип алып келип калчу. Кой сойсо да эки жилигин атама көтөрүп келер эле. Атамды аябай жакшы көрчү. “Сен болбосоң мен өлүп калмакмын” дечү эле.
Камакта
- Камакта жатканда Карыпбай деген аксакал менен жолуккан турбайбы?
- Атуу өкүмү бузулган соң 25 жылга кесилет да. Бир адамдык камерада жатат. Бир күнү чыкса эле элдин баары бир жерге үйүлүп калышыптыр. Атамдын бою бир токсон болчу да, “минтип карасам ортодо жетимиштен өтүп калган, кичинекей чокчо сакалы бар киши сүйлөп отуруптур. Саясаттан да, эски сөздөрдөн, санжырадан да айтып атыры. Бир убакта “Эй балдар, тетиги жигит камерадан жаңы чыкса керек ак күп болуп, коё бергилечи”- деди дейт. “Эл жолду ачып берди эле, салам айтып жанына бардым”- дейт. Каяктан экенимди сурады. Таластанмын десем, “Манас атанын тукумдарынан турбайсыңбы, срогуң канча?”- деди. “25 жыл эле” деп күлүп койдум.
Балам, куйма кулак болсоң куюп калаарсың, акма кулак болсоң агып калар. Мен сага бир тамсил айтып берейин. Илгери бир апенди болгон экен. Эртеден кечке эшегин минип эл кыдырып жүрө берчү экен. Үйүндө тогуз баласы бар экен. Өзү кечке курсагын тойгузуп, үйүнө келсе балдары ачка. Аялы “сендей да киши болобу. Үйдө бир сындырым наның, бир жалам талканың жок. Балдарың ачка олтуру. Өзүң болсо курсагыңды тойгузуп келесиң. Ушунуңду койбойсуңбу” дейт. “Ошол элеби? Эртең эле тамак таап келип берем” дейт. Эртеси эшегин минип алып падышага барат. “Эй падышам, - дептир. - Мобул эшегимди жыйырма жылда адамча сүйлөтүп берем” дейт. Падыша: “Эй, апенди, сен даана келесоосуң го. Эшек да адамча сүйлөчү беле? Сүйлөй албасачы?” – “Сүйлөй албаса менин башымды кесип сал”. – “Макул анда. Акыңа эмне сурайсың?” - “Эшегим көтөрө турган алтын бер”.
Экөө макулдашып, эшеги көтөрө алчу салмактагы алтын жүктөтүп берет. Үйүнө келсе аялы “ойлонуп иш кылбайсыңбы. Эшек качан адамча сүйлөчү эле? Башың кетпедиби?” -деп ыйлайт. Анда апенди “жыйырма жылда же эшек өлөт, же мен өлөм, же хан өлөт. Ага чейин жыргап жашай бер да” деген экен. Анын сыңарындай, 25 жылга чейин ким бар, ким жок. Сен нары жагы беш, бери жагы төрт эле жылда бошойсуң” деди. Ушундай көзү ачык, олуя киши экен. Айткандай эле төрт жыл алты ай дегенде бошоп чыктым. Бир жолу атам түшүмө кирди. “Ата, акча бериңизчи” - десем, 3 сөлкөбай берди. “Ата мунуң аз” - десем, дагы бир сом берди. “Мунуңуз да аз” десем, 60 тыйын берди. “Мунуңуз да аз”... “Ой, чунак бала, жетет” деди. Ошол түшүм төп келип, төрт жыл алты ай отурдум. Эгер үч сом бергенде эле унчукпай калсам үч эле жыл отурмак экем”,- деп айтчу.
- Карыпбай аксакалдын өзүнүн тагдыры кандай болду экен?
- Ал аксакал Кочкордон чыккан кадимки Канат ажынын баласы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө Канат ажы жигиттерге кол башчылык кылган. Андан Кытайга качып, Карыпбай 1930-жылдары Кыргызстанга кайтып келет. Бир ашканада тамак ичип отурса, аны тааныган кишилер бар да, эки жигит келип аксакал ушуга чай ичип коюңуз дешип 25 сом беришет. Карыпбай ойлонуп отуруп, менин кадыр-баркым 25 сом болуп калдыбы деп акчаны айрыйт да, таманын алдына таштап, буту менен басып коёт. Ошол замат бул кабар НКВДга жетип, кармап кетишет. Сот болуп, өмүр боюга кесип салышкан экен. Атам менен сүйлөшүп отурганда “өзүмдүн кесирлигимден болду, акчаны тебелебей эле койсом болмок экен” – деп айткан экен. Мени Сибирге айдады, ал түрмөдө калды. Ошол бойдон байланышпай калдык дечү атам.
- Кожоке атанын Германияда кызы болгон деп укту элем?
- Ооба, Руча. 1944-жылы Германияда жүргөндө Анни аттуу немис кызга үйлөнүптүр да. Мен кетип атканда төрөлүп калган кыз болчу. Берлинге барганда издеп барсам бомба түшүп, аялым менен кызым турган үй орду менен жок. Өлүү-тирүүсүн билбейм дечү. Ал тууралуу көп айтчу эмес.
- Эч ким издеп келген жок да?
-- Жок. Бир немис бала менен немис кыз келип, атам менен немисче сүйлөшүп жүрүштү. Бирок алар волонтер болуп келген немистер болчу. Атам немис тилин суудай билчү. Немис тили орусчага караганда оңой дечү эле.
- Кожоке ата жүз жашка чыгып, көз жумбадыбы. Арманы жок жашагандай сезилет. Бирок пенде армансыз жашабайт ко?
- Арманы кантип болбосун! Арманы болду да. Үч жыл мурда апам өтүп кетти. Кемпиримдин астында кетсем болот эле деп кейиди. Арслан байкем өтүп кетти. Төлбашыман топурак буйруса болот эле деп анда бир арман кылды.
Биз жети бир тууганбыз. Атам баарыбызды окутту. Улуу агам Арслан мединститту, Курсан байкем физматты, Лайли эжем экономфакты бүттү. Мен да армиядан кийин политехте бир жыл окугам. Бирок апам ооруп калып, окууну таштаганга туура келди. 1991-жылы гана тоокен техникумуна тапшырып, өткөөлчү кесибине ээ болдум. Жер-Үй кенинде иштедим. Иним Тельман, Райкан да тоокен окуу жайын бүтүшкөн.
Мен эртең Бишкекке кетем деп жатканда Темирлан байке менен телефондон байланышып калдым. Тоодо жашайт экен. Мен барайын десем, “Карындашым, бул жакка машинең чыга албайт. Андан көрө мен өзүм барам” деди. Аны угуп сүйүнүп калдым. Келиним казан асты. Ичинде кири жок, жаркылдаган, бажаңдаган, жакшы адам экен, дасторкон үстүндө көпкө аркы-беркиден кеп салып отурдук. Эртеси Бишкекке келе бердим. Бир жумадан кийин келиним телефон чалат. “Апче, баякыл биздин үйгө келип, сизге интервью берген киши каза болуп калды” деп. Жаман болдум.
Темирлан ага, жакшы атанын уулу элеңиз, жакшы уул элеңиз, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Кудайым Бейишинен орун берсин!..
Cажида Мураталиева: Атам менен апам шахтадан табышкан экен
Айылда мал жоголсо да, жан жоголсо да бат эле табылмагы бар. Телефондон “айыл тургундары” деген группа ачышыптыр. “Ассоолом алекум, күрөң уй жоголду, көрүп калсаңыздар айтып коюңуздарчы”... “Ал уй кечээ көчөнүн башында жүргөн, оозунан шилекейи куюлуп”, “Оозунан шилекейи куюлса, оозун ачып карагыла, тилин зым менен байлап салышкан го”, “Ырахмат, табылды. Чын эле тилин зым менен чырмап, түбүнөн кыркып коюшуптур. Билбегенде, ооруду деп дарылай бермек экем. Малга убал кылбагыла”,”Шаарга ким кетет?”,” Саат ондо Узакбай кетет”, “Ассолом алекум, Төлөндү ким көрдү? Аялы толготуп жатат, айтып койгулачы?”,”Ал төмөнкү айылда ордо ойноп жүргөн, айтып койдум”.
Түнкүсүн жылдызы кол созсоң жетчүдөй балбылдаган, күкүктөгөн дарыясы кулак курчун кандырган, лепилдеген таза абасы көңүл көтөрүп, жашагыңды келтирген бул - айыл. Адамдары да бир сонун. Алардын ар кыймылы көңүлгө төп. Дарыядай мөл. Ошол группадан бир паста эле үч-эмчектик мага керектүү кишини таап беришти. Ал көптөн бери Талас шаарында жашаарын да аныкташты.
Эртеси саат 11де жолугушмак болдук. Биздин машинени бир ак жуумал жигит жолдон тосуп алды. Үйүнө кирсек дасторкону жайылган, сүйлөп берет деп эжесин да алып келип, күтүп отурушкан экен. Сөздү Асылбек мырзанын эжеси Сажида айым баштады.
-Мен Уфада төрөлүп, бул жакка бир жашымда келген экем. Акимбай атабыз согуш учурунда туткунга түшүп, концлагерде калат. “Тамак берчү эмес. Таптакыр өлө турган болгондо өтүктү кесип, сорчубуз. Суу да берчү эмес” дээр эле. Кожоке атабыз ошондо немистердин унтер офицери экен. Атамды ошондо куткарат.
Оокат жебеген, ок тийген, ит менен талатылган, арык үч аскерди куткарат экен. Кийин анан кача турган болуп, качышат. Госпиталда дарылагандан кийин атам, дагы экөөнү шахтага салышыптыр. Ошол шахтада иштеп жүргөндө менин апам менен таанышып калат. Баш кошушат. Анда апам да шахтада иштечү экен. Кожокени ошол бойдон көрбөптүр. Кыргызстанга согуш басылгандан көптөн кийин, 1952-жылы келишет. Мен бир жашта экем. Жанагы үчөө тең таластыктар экен. Бирөө лениполдук, бирөө чат-базарлык болчу. Кийин бир туугандай катташып жүрүштү. Мен да кошо ээрчип баргам көп жолу.
Үч-Эмчекте 9-10-класс жок болгондуктан, Кожоке атам “менин үйүмдө жатып окусун” деп мени алып келип алган (Үч-Эмчек менен Арал негизинен бир эле айыл. Д. Б.) Эки жыл алардын үйүндө жашадым. Жакшы киши эле. Айылдагылардын баары чогулуп келип, анын айткандарын угуп эле отурчу. “Ой, Кожоке, башта баяныңды” дешчү. Анда мен баламын, эси-дартым кино. Сөздөрүн кирип-чыгып гана угуп калчумун. Айтып отурса Таластын өзүнөн эле өтө көп кишини куткарыптыр. Аскерлердин көпчүлүгү согуш башталганда эле колго түшүп кеткен көрүнөт.
Кожоке атам балдарынын баарын окутту. Бир баласы мектепте директор, мугалим болуп жүрдү. Дагы бир баласы Бишкектин бир жеринде чоң болуп иштеди. Алар келгенде мени да чакырчу эле да. Мен ал кишини ата дечүмүн.
- Ата-энеңиз канча жыл чогуу жашашты?
- Апам он жетисинде тийген экен. Жыйырма жылдай жашашты го. Атам согуштун запкысынан ден соолугу начарлап, ошондон өлдү. Кан түкүрүп атып кайтыш болду. Өпкөсүнө ок тийген экен. Мен төртүнчү класста окуп жатканда Чат-Базарда операция жасап, өпкөсүнүн жарымын алып салышкан. Өзү айтчу, “Кожоке болбосо биз ошо жерде өлүп калмакпыз” деп. Жүзүң курган немистер адамдарды итке да жегизчү экен...
Кожоке атам баянын элге айтып атканда мен да угуп калам. Немистер бир тоонун ичиндеги туннелге миңдеген туткундарды камаган экен. Кожеке атам партизандарга кабар берип, алар эшигин жардырып, бошотуп кетишиптир. Алардын арасында аралдык да бирөө болгон. “Сен болбосоң бизге газ коё берилмек” - деген экен.
Асылбек Мураталиев: Атамда немистердин тазалыгы бар элеАсылбек мырза ыйбаа менен эжеси сүйлөп бүткөндөн кийин гана сөзгө аралашты. -- Атам “туткундан качкандан кийин жети күн, жети түн жол жүрүп, өзүбүздүкүлөргө кошулдук” деп айтчу эле. Күндүзү жашынып жатып, түнкүсүн жол жүрүшчү экен. Биз атабызды чанда эле көрчүбүз. Бир базар үйдө болсо, бир базар ооруканада жатчу. Колхоз убагында колхоздун атын багып жүрдү. Кийин МТФда торпок багып калды. Мен атам баскан жерлерди көрүп келдим да. Немистердин тартибин, тазалыгын ошол жактан байкадым. Атам да таза жүргөн киши болчу. Мал сарайга кирсе да өтүгү таптаза чыкчу. Карап таң калчумун. Көрсө, көргөн нерселер акылында, эсинде калат экен да. Эл менен көп сүйлөшчү эмес. Ат менен тоого барып, карагат терип кайра келчү. Келип эле кайра ооруканага жатчу. Эртең менен күн чыга электе молдого барып, куран окутчу.
- Кимге багыштачу эле?
- Жанындагы каза болгондорго да. Өзү окуй алчу эмес. Эсимде, бизге чогойнодон чоор жасап берчү. Момуну жесеңер деп тикенектин түбүн, какым-кукум берчү. Тикениктин түбү чындап эле аябай даамдуу. Туткунда жүргөндө жеп, билген экен да.
Асылбек унчукпай калды. Чай куюп берип отурган келини чыны кармалап, сыртка чыгып кетти. Жигит жашын сүртүп, бир топтон кийин сүйлөдү.
- Атамдын оорубаган бир да күнү болгон эмес. Согуштун азабын өлөр өлгүчө тартты. Атадан жаш калып, биз да тарттык. Бирок өмүр токтобойт экен, жашоо өзгөрөт экен. Азыр бизде баары жакшы. Ушул күндөр үчүн Кожокедей аталарга ырахмат...
Биз атадан үч эркек, төрт кызбыз. Негизи биздин фамилиябыз Сатыбалдиев. Бирок атабызды агасы багып алган экен. Ошон үчүн Мураталиев болуп калганбыз. Апабыз Анна Васильевна Фокина. Аябай татынакай аял эле. Ата-энеси бай жашаган, оокаттуу кишилер болуптур. Эсимде, атам кайтыш болгондо бир туугандары алып кетебиз деп келишкен. Бирок апам “менин жерим Талас”- деп барбай койгон. Эми ойлосом, даанышман аял болгон экен. Өлөр өлгөнчө эне тили - татарчаны унуткан жок. Бирок мен, апа сен орус кызы болушуң керек деп тамашалап койчумун. Фокина деген орустардын фамияласын көп кездештирем. Апам жакшы ырдаар эле. Атама арналган мындай бир ыры бар болчу:
“Түймө түймө, түймөлөмө,
Тултуйма молоко, тултуйма.
Сен маники, мен саники,
Манден башка яр сүймө.
Атам да сулуу киши болгон.
Асылбек мырза, “Сиз отуруп туруңуз, мен эжемди жеткизип эле келе калам” деп сыртка чыкты. Биз анын келини экөөбүз калдык.
- Сиз баатырларды жазып жүрөсүзбү?- деди жаш келин илбериңки жүзү менен мени уялыңкы тиктей. Жанында эки кичинекей уулу жүрөт. Экөө тең ак жүздүү, бир башкача сүйкүмдүү балдар экен.
- Ооба, - дедим.
- Атам атасы жөнүндө эч айтчу эмес да, азыр уктум баарын. Бизге айтса билип алмак экенбиз. Эми мен балдарыма силердин чоң чоң атаңар эли-жерин коргогон деп айтам. Кожокедей, Акимбай атадай аталардын болгондугу үчүн силер барсыңар, балдарым деп айтам. Булар зээндүү, бир айтканымды жаттап алышат.
- Ооба, кызым, айта жүр, биздин аталарыбыз мыкты болгон...
Кожоке Мамбеталиев: Көп адамды куткаргам, ошолордун батасы тийди окшойт
Кожоке атанын көзү тирүүсүндөгү сухбат. Балдары сүйлөп жатканда өзүнүн маегин койбой койсок, бир нерсе жетишпей калгандай болот экен. Окуйм дегендерге кайталап, кыстарып койдук.
“Сталин өлүп, Берия атылып, биз акталдык”
– Мен 1918-жылы туулгам. Өзүм 1916-жылкы экем, бирок документте он сегиз болуп жазылып калган. Окусам дегенде эки көзүм төрт эле, бирок окуй албадым. Атамдан өтө эле жаш калдым да. Эгер окуганымда чоң адам болот элем го деп коём. Аскерге кетерде комсомолго катчы кылып коюшкан. Какшап сүйлөчүмүн жыйналыштарда. Токтом, справкаларды жазчумун. Айылдагылар айтышчу, кайран бала окубай калды да деп.
1939-жылы армияга кеттим. Анан 41-жылы согуш чыгып кетпедиби. Г.Жуков жетектеген 9-армияда кызмат кылдым. Офицердик мектепте окудум. Үнүм бийик, мүчөм таза эле. Армияга ошондой кишилер керек турбайбы. Командир болуп согушуп жүрүп, туткунга түшүп калдым. Адегенде биздин аскерлер качпадыбы. Куураган Власов бизди сатып жибериптир, курчоодо калып, бир айдай жылкынын этин чийки жедик, көрбөгөндү көрдүк. Анан туткунга түштүм. Туткунда эки жыл жүрдүм, окоп казып, немистин кыл деген ишин кылып. 1944-жылы качып келип, кайра өзүбүздүн аскерлерге кошулдук. Ошондон согуш басылганча, 1946-жылга чейин майданда болдум. Анан элге келдим. Аял алып, балалуу боло электе сен туткунга түшкөнсүң деп, кайта 25 жылга кесип жиберишти. Төрт жыл, сегиз ай карагай кестим. 1953-жылы Сталин өлүп, Берия атылып, анан бизге эркиндик берди. Элге келип, ошондон бери ушул жерде жашап жатам. Кудайга шүгүр, турмушум эл катары. Колхоздон чоң актив болгон жокмун. Райфинотделде иштедим. Он бир келиним, элүүдөн ашык небере-чеберем бар.
Шкафтын ичиндеги эки немис
– Далай эле иштерди көрдүм. Биз коргонууда турган кезибиз. Кечинде эки офицер, бир солдат болуп, үчөөбүз украиндердин үйүндө конуп калдык. Үй ээси эки жаш келин экен. Эркек киши жок. Жүгүрүп жүргөн төрт жашарбы, беш жашарбы - эркек баласы бар. Тиги экөө чай кайнатып, биз чай ичип отурабыз. Жанагы бала менин тиземе чыгып, төшүмдөгү ордендеримди кармалап, мен да аны чекесинен сылап отургам. Бир маалда, “байке, биздин үйдө эки немис бар. Алар чайды канты жок ичет, а силер кант менен ичет экенсиңер” десе болобу! Эки немис кайда десем, “тетиги чоң шкафты көрдүңүзбү, ошонун ичинде жатат”, – дейт. Шериктериме акырын шыбырасам, алар ыргып туруп эле эшикти тосуп калышты. Анан эки аялды колунан кармап, шкафты ачкыла десек ачпады. Балтаны алып келип ачсак немистин ышкындай эки жаш солдаты жатат. Жанына рацияны коюп койгон. Тамдын боорун тешип коюптур. Ошол жерден сүйлөшүп, орустар мобул жерге келди, мынча күчү бар деп маалымат берип турушат экен. Эки аялга акча береби, билбейм. Эки немистин колун байлап, жанагы эки аял менен баланы кошо машинага салып, штабга алып бардык. Үчөөбүзгө орден тапшырды. Эки аялды камакка, баланы болсо Москвага алып кетишти.
Торопойго тойгондо
– Немистер бизге дээрлик тамак берчү эмес. Орустар чырмоок, ачкыл-кычкыл чөп болсо баарын жей берет экен, көбү ошондон боо-боо түшүп өлүп жатышты. Каза болгондорду мал жүктөгөндөй эле ыргытып, машинеге жүктөп кетишет. Мен күнүгө бир тутам каакым терип алам. Ошону жейм да ошого канаат кылам. Анан бир күнү немистин чоң машинасы келип, он чакты кишини тандап, машинага салып кетти. Мен да бармын. Германияны көздөй алып кетти. Ал учурда биз Батыш Украинада болчубуз.
Жолдо баратканда орустар айтышты: “Эми бизди концлагерге алпарып, самын кылат. Бизден ак самын чыгат, сенден кара самын чыгат”, – дешти.
Бир жерге алпарып камап койду. Бир кашка баш немис келди, жанында котормочусу бар. Анан бүт эле аялдар чогулуп калды.
– “Господин туткундар, силерди азыр бирден-бирден үйгө бөлүп кетет, алардын айтканын кыласыңар. Өйдө карап каяша айтпайсыңар, согуш бүткөнчө иштейсиңер. Оокат-аш, кийим-кечеңерди ушулар берет. Лагерде жатсаңар ачкадан кырылып каласыңар. Андыктан, жакшылап иштегиле”, – деди жанагы кашка баш.
Аялдар келип, кол коюп берип эле бирден жетелеп кетип атты. Анан бир кызыл бет кемпир келди таягын таянып. “Аты-жөнүң ким?” – деди эле, Байсеркеев Николай деп койдум оозума кирген атты айтып.
Кырк саан ую, трактири бар экен. Дагы бир коңкойгон бирөө жүрөт. 1939-жылы Польшаны немистер басып албады беле. Ошондон бери немистин колунда иштеген поляк экен. Кемпирдин өзүнүн эки уулу, бир кызы бар экен. Поляк экөөбүз бир тамда жашап калдык.
Бир күнү поляк айтып калды, “Кемпирдин баласы отпускеге келет, аракка, этке тоёбуз” – деп. Торопой куйкаладык, тоок сойдук. Баласы капитан экен, бир кара офицер экөө келди. Үч күн эшикке чыкпай арак ичип, кыйкырып атты. Тиги эки кыз тооктун чала-була желген эттерин, бөтөлкөнүн түбүндө калган коньяк, арактарды алып келип бизге берет. Биз ичип, жыргап жатабыз. Төртүнчү күн дегенде сыртка чыкты. Ага аттарды жалтылдата жуугам. Кемпир уулун, кызын ээрчитип алып сүйлөп келатат. Алардын тилин кадимкидей түшүнүп калгам. “Ушул кара келгени сарайым таза болуп, малым жакшы багылып калды”, – деди. “Мунун курсагын тойгузуп, жакшы баккыла, эртең согуш бүтсө бизге өмүр бою кул болуп калат”, – дейт анда уулу. Мага беш марка акча, бир пачка тамеки берди. Жанындагы мурутчан кара жигиттин кийими немистикиндей эмес, сары. Жакасында айдын сүрөтү бар. Кемпир балдарын ээрчитип аткана жакка кеткенде жанагы жигит жаныма басып келип, “Сен кимдурсуң?” – деп сурады. Мусулманмын десем, “Ассолому алейкум”, – деп колун сунду. Көрсө, түрк экен. Немистин офицери менен дос экен да. Анан үйүнө отпускеге келатканда кошо ээрчите келиптир. Билимимди сурады эле, орто деп койдум. “Берлинге чакыртып алып кетсем барасыңбы?” – деди. “Барам” дедим. Аты-жөнүмдү жазып, сүрөткө тартып алды. Экөө он күн эс алышкан соң кайра кетишти.
Бир күнү кемпир “эртең менен аттарды арабага кош, экөөбүз бир жерге барабыз”, – деди. Ал түнү поляк экөөбүз бир бөтөлкө самогонду бөлүп ичтик. Тиги байкуш үйлөнгөнүн айтып, аялын сагынганын айтып түн ортосуна чейин уктабай анан эртең менен көзүм илинип кетиптир. Кемпир “Никола эле, Никола” деп кыйкырып атат. Атканага чуркап баратсам бир узун көк тал жатыптыр. Ошону алып чапканда секирип кеттим. Узун кемпир көк тал менен кошо жыгылбадыбы балээ болуп. Аюудай гана бакырды го! Тилдеп атат. Кызына айтты: “Атканага камап, эч жакка чыгарба. Келерим менен дарга астырам”, – деп. Өзү болсо полякка арабаны коштуруп алып кетти.
Жалгыз апамды, үч карындашымды көрбөй өлөт экем го деп, акырдын кырында үңкүйүп отурдум. Кемпирдин кызы эки украин кызга кир-пир берип жуугула деп дарыяга жиберди. Анан мага келди. Мен башымды жерге салып отурам. Келип, чачыман тартты. Ыргып турдум. “Жүр, кофе ич” - деди. Жөнөдүм. Ашканага алып келип, эки ыстаканга акталган кофе куюп койду. Эки сындырым нанга май сыйпап берди. Мен жеп атам, ал карап отурат. Орусчаны бир аз, бир аз билет экен. Менден эл кандай жашайт деп кызыгып сурады. Баарын айтып бердим. “Поляк эки жылдан бери биздин үйдө жүрөт, бирок ага орусча билем деп бир ооз айткан эмесмин. Оозуңду бекем карма, эч кимге айтпа”, – деди. Он сегиз бөлмө тамы бар экен. Бирин ачса, бүт бут кийим. Эми айланайын, не деген гана кийимдер бар! Бир бөлмөсү жатакана, бирөөсү китеп окуй турган жери. “Мынабу байлыкты көрдүңбү? Эки бир тууганымдын бирөө учкуч, бирөөн өзүң көрдүң, ал да офицер. Мен болсо Берлинде окуйм. Маркс, Энгельсти окуп атам. Арак ичесиңби?” – деди. Ичем десем бир бөтөлкө коньяк алып чыгып, стакан берди. Болбойт деп суу ичкен чоң, “Сейитказы стаканды” көргөздүм. Толтура куюп туруп, тартып жибердим да, стаканды көтөрүп, түбүн өөп койдум. Тигил каткырып, өлүп кала жаздады. Көзүнөн жаш аккыча күлдү. “Коркпо, мен сени өлтүртпөй алып калам. Только бүгүнкү көргөнүңдү эч кимге айтпа. Эми бар да, сарайды тазала”, – деди.
Кырк ую бар дебедимби. Баары байланат. Сууну, чөптү ошерден бересиң. Ар бир уйдун өзүнчө бөлмөсү бар. Богунун баарын арыкка тартасың, суу келип тазалап кетет. Жанагы коньяктын күчүбү, сарайды күзгүдөй кылып тазалап салдым. Бешим ченде кемпир келди. Келип эле, “Мен муну иштетпе, камап кой дебедим беле?” – деп кыйкырды. Кызы аны колтуктап алып, үйүнө алып кирип кетти. “Бул эми сени даргага астырат, кош!”, – деп поляк байкуш ыйлап жүрөт. Ал түн өттү, дагы эки күн өттү. Жымжырт. “Сени барганча тилдеп барды. “Өкмөткө ушунча май берем. Бир капкара кыргыз мени тим эле келекелеп чыкты. Барарым менен дарга астырам”, - деп келди эле, унчукпайт ко?” – дейт поляк. Мен кайдан билейин деп ийнимди куушурам. Эки-үч күндөн кийин кемпирдин туулган күнү болуп, өлтүрөм деген неме мага кыпкызыл шайы көйнөк кийгизди. Өз колу менен жүз грамм арак куюп берди.
Бир айдай убакыт өткөн соң бир аскер машинеси келип, эки зыңкыйган офицер түштү. Кызы: “Никола!” - деп кыйкырганынан барсам кемпир көз жашын аарчып отуруптур. “Сени Берлинге чакырып жатат, азыр алып кетебиз”, – деди жанагы эки офицердин бири. Кемпир болсо: “Жибербейм. Мен өкүмөткө ушунча май төгөм, эт төгөм, эки балам согушта, анан ушу бир караны мага ыраа көрбөйсүңөрбү?” – дейт. Кызы көпкө түшүндүрдү: “Кой апа, бул мамлекетке, Гитлерге керектүү киши экен”, – деди. Байкуш кемпир эки байпак, бир сыйра ич кийим берип жөнөттү.
Мустафа ЧОКАЕВ
Берлинге жеттик. Жанагы кара жигит тосуп алып, бир мекемеге алып барды. Барсам, бир карасур, зыңкыйган адам отуруптур. Мустафа Чокаев деген казак экен. Казактар ал жөнүндө кино тартып, эстелигин тургузуптур го. “Отур, уулум”, – деди. Отурдум. “Сени окутабыз, офицер болуп чыгасың. Согуш бүткөндөн кийин Кыргызстандын бир жерин чоёсуң”, – деп койду. Анан: “Вали!” - деп кыйкырды эле бир өзбек жигит кирип келди, - Мектепке алып бар”, – деди.
Ошол жерде 12 мусулман бала окуйт экен, мени менен 13 болуп, окуп калдык. Офицер деген наам берди. Иштеп жүрүп, далай жердештеримди качырдым. Советтер Союзуна кылган жардамым ошол болду. Мага немистер эркиндикти берди да. Кушубак деген бала бар, Төлөндүн баласы. Ошол колго түшүп калып, уй кайтарат экен. Адегенде ошону качырдым. Орустун партизан чалдары менен таанышып, баланча күнү баланча жерде болгула, мен туткундарды чогултуп алып барам дейм. Немистер түк токойго кирбейт, коркот. Анткени, партизандар токойдо болот да. Мен балдарды алып барып, партизандарга кошуп берем, алар алып кетишет. Ушул биздин Арал айлынан эле көп баланы куткардым. Норузбаев Жумалы, Шерматов Раимкул, Алиев Бекиш дегендер бар болчу. Чат-Базар, Каракол, Конезаводдон көп балдарды токойго жеткирдим. Кийин соттолгондо ошолордун баары протоколго жазылды да. Баялиев Жолдошаалы, Садыралиев Качыке, Караколдон Осмоналиев Орозбай, Чокоев Кыязбек, Мураталиев Акимбай, Осмонов Орусбай – баары тирүү экен. Мен келгенде ыйлап тосуп алышпадыбы. Малын союп, костюмдарын кийгизишти.
КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН небереси
Бир жолу туткундагы колоннаны жөө айдап баратабыз. Бир жерде карасам эле эки немис бир кыргыз кишини тепкилеп атыптыр.
– Эй, эмне кылып атасыңар? – десем экөө какайып тура калышты (Менин офицердик наамым бар да). Көрсө, жыгач кепич кийип жүргөн экен, бутун өйкөп, басалбай калыптыр. Сары чийкил киши экен, отур машинага дедим. Ал отурган соң шопур жигитке лагерге жеткирип кайра кел, мен жөө эле басам дедим. Бир аздан кийин эле машина токтоп, жанагы киши, “Ай иним, бери келчи”, – деди. Басып барсам, “Мен Курманжан датканын небереси элем, кат тааныбайм. Армияга келип, ушинтип калдым. Сен болбосоң тигилер мени өлтүрүп коёт эле. Алаканыңды жай, бата берейин”, – деди. “Элге аман-эсен бар, балалуу-чакалуу бол, өмүрүң узун болсун, жамандык көрбө”, – деп батасын берди. Башымды ийкедим, айтканыңыз келсин деп деле айтпаптырмын. Жыйырманын тегерегиндеги болуп-толуп турган жаштык кез го, көзгө эч нерсе көрүнбөгөн. Азыр эми бирөө ошентсе, колунан өппөйт белем. Кийин токойго качырып ийейин деп издеп таппай калдым. Кийинки тагдыры кандай болгонун билбейм. Аты-жөнүн да билбейм.
Ошончо жүрүп, бир кишини атканым жок. Өзүмдүн да бир жериме ок тийбеди. Берлиндин көчөсүндө жыйырма күнчө согуштук. Колумда наган, мойнумда автомат. Бул деле адам баласы го деп бирөөнү да аталбай койдум.
Немиске да, оруска да, поляктарга да иштедим
– Мен үч гана нерсеге ишенем. Алланын бардыгына, экинчи Мухаммед пайгамбардын шариятына, үчүнчү Манастын болгондугуна. Мен орустун офицери болуп, оруска да кызмат кылдым. Немистин офицери болуп, немиске да кызмат кылдым. Поляктарга да иштедим. Анан 25 жылга кесилип да кеттим. Бирок элге кайра келгенден кийин намаз окуп жүрдүм. Ооруга байланыштуу окуй албай калдым азыр. Ошондуктан, теспе тартып, эй, Кудай, күнөөмдү кечир, бала-чакамды аман кыл, эли-журтум тынч болсун деп отурам.
Эл сыйлаган - элдин сөзүн айтат
Мен өмүрүмдө ыйлаган бала эмесмин. Өлүмдөн да коркчу эмесмин. Бирок адам баласы болгондон кийин бөөдө өлүм болуп, атып ташташпаса экен, өз ажалым менен, элге барып, элден топурак буюруп өлсөм деп тилек кылгам. Кудай бардык тилегимди берди, кызым. Апамды колум менен койсом, карындаштарымды көрсөм дечүмүн. Апамды колум менен койдум. Өлгөндө бээ сойдум, ашына бээ сойдум. Апамды канча жыл бактым. Ал киши отуз алтысында жесир калган экен. Мен деп турмушка чыккан жок.
Казактын Абай деген акылманы айткан экен:
Жаксы адам эч нерседен кем болмайды,
Кедей байга тең болмайды.
Жашың токсон беске жеткен соң,
Эч бир дары эм болмайды деп.
Мына, менин да жашым 97ге келди. Киропто, Ленинполдо мени менен тең балдар бар эле, азыр барбы-жокпу, билбейм. Биздин Буденов зонасында мен теңдүүлөрдүн бирөө да калган жок. Мага эми эч кандай дары эм болбойт.
Жакшы адамдар менен көп жүрдүм, китепти көп окудум, кызым. Александр Дюманын, Стендалдын не бир сонун китептерин окудум. Анан сөзгө үйүр болуп кеттим. Сөз билген, сөз кадырлаган жакшы болот. “Сөз атасы – кулак, жол атасы – туяк” дейт. Сөздү укканга айтсаң, кумарың таркап калат. Эл сыйлаган - элдин сөзүн айтат. Кыргыздын не бир алтындай сөздөрү бар. “Жакшыдан кедей болсоң элиң тентийт, аялдан кедей болсоң үйүң тентийт” дейт. Мына, биз Сталиндин убагында кандай эл элек? Чек ара бекем эле, мышык кире алчу эмес. Сталин өттү, не бир жакшылардын баары кетти. Кийинки падышалар өздөрүнчө, эгемендүү болом деп отуруп, элди да бузду, жакшыдан кедей болдук. Кедей болгонубуз ушул да, жакшы балдарыбыздын баары тентип жүрбөйбү. Кыргыздын не деген билимдүү балдары кетип калды.
Ай жарык
Өйдө менен төмөнгө бөлбөй турган жакшылык.
Өкчөмүнө дүйнөнүн көнбөй турган жакшылык.
Өлүмгө да баш ийбей, өлбөй турган жакшылык.
Сыртта түн. Ай тереземден шыкаалайт. А менин көкүрөгүмө качанкы бир жазган ыр сабым кайталанат. “Алтын таажы” жыйнагымдагы ушул ырдын, ушул үч сабы көкүрөк көзөп тур.
Ооба, жакшылык өлбөйт. Жер каймактагандагы жакшылыктын кыямат кайым күнү да жашап турары бар...
Тайгак ашуу, тар белдерди тоготпогон көч барат... Аталар салып кеткен жакшылыктын жарык шооласында барат...