БАЙМАК
Атты алдыңкы бутунан
Атам тушап байлады.
Тушамышы турган жер
Деп аталат – БАЙМАГЫ.
Ал кишини кѳп ээрчип,
Кѳп нерсеге кѳнүктүм.
Коомайланбай, чочубай
Кулун-тайга шерикмин.
КУБААР
Унутулган сѳздѳрдүн
Сыры болот тереңде.
КУБААР деген сѳз угуп,
Түшүнбѳсѳң эгерде,
Маанилеш деп ойлой бер
Укум-тукум дегенге.
Ар бир эле ата-эне
Милдет артат балага.
Акталбаса ишеним,
Мээнет кетер талаага.
Кубаарың деп тилдетип,
Шек келтирбе бабаңа!
ТОСТУККАН
Сыр аякка – май куйду,
ТОСТУККАНГА – чай куйду.
Табын чоктой кызартып,
Дандыр мешке – нан кылды.
Дасторконун жайнатып,
Алсаңар… - деп кайрылды.
Тостукканы эмне? – деп,
Кѳрүнгѳндѳн сураба.
Илгеркилер колдонгон
Ичи жайык пияла.
АКШАМ
Айткылачы, билсеңер,
АКШАМ маалы кайсы эле?
Учур экен ал кѳрсѳ,
Үйгѳ кайтар мал-теге.
Келер мезгил болду деп,
Койчу коюн кыройлойт.
Булуттардын жүзүндѳ
Батар күндүн нуру ойнойт.
КУДУРГУ
Күлдүрѳтпѳй, козгобой
Түбүндѳгү таштарын
Бирок дароо туясың
Алдыртадан шашканын.
КУДУРГУ деп коюшат
Суу айланып акканын.
Ырас, кѳбү тең келбейт
Улуу дайра – Нарынга.
Мѳңкүп, туйлап аккан бар,
Мѳңгү эриген жайында.
Кѳлгѳ умтулган суулары –
Кудургу айлы жадымда.
ДАРЫС
Унутулуп бараткан
Сѳздѳр бизде кѳп тура.
Студенттер угуучу
ДАРЫС экен – лекция.
Залдагылар бир кезек
Тым-тырс боло калышты.
Кириш сѳзүн баштады
Профессор – дарысчы.
БАЙТАК
БАЙТАК жолдон кыйналдым, -
Десе, ичиңден жылмайгын.
А бул кептин ырасы –
Алыс жолдун бир аты.
Мактансак да канчалык,
Байтак жолдон чарчадык.
Таңашсын деп жакшылап,
Атты койдук каңтарып.
Малдан кайткан үй ээси
Чыкты бизди каршы алып.
СЫРМАК
Биздин жерге айдабайт
Кара таруу – СЫРМАКТЫ.
Демек, анча билбейбиз
Кантип эгип, жыйнашты.
Ошондуктан чакырдык
Агроном Сыргакты.
Ал – кѳп жерге жеткирди
Чыпчып буума бир капты.
Жашыл тартып, жайкалып,
Жазда тегиз кыр жапты.
Кѳѳлѳп жешип каймакка,
Күздѳ балдар жыргашты.
БАЛАКА
- А бул жаңгак жаш тура,
Кантип атайт, тапкыла!
- Эч ким койбос талаша,
Анын аты: БАЛАКА.
Мезгил ѳтѳр… Ошондо,
Жүз жаш ага – аз болор.
Миң сан түркүн кубулган
Мукам үнгѳ карк болор.
Кең жайылган канаты,
Кучак жеткис бак болор.
КѲКШҮН
Үлдүрѳсѳ күүгүмдѳй,
Кѳздѳрүнүн жарыгы,
Араң шилтеп аягын,
Алсыз тартса арымы,
КѲКШҮН дешип коюшат
Андай ѳтѳ карыны.
ЗАГАРА
Маалы болчу согуштун
Октор учуп улуган.
ЗАГАРА нан жасалчу
Жүгѳрүнүн унунан.
Ак буудайдын нанына
Жетебизби дечү элек.
Зарна кылчу адамды
Загара нан жечү элек.
Анын даамы алиге
Оозубуздан кете элек.
БѲРСѲ
Мойнун созуп баласы
Чѳнтѳгүндѳ эркелейт.
Кээ бир элде – кенгуру,
А кыргыздар – БѲРСѲ дейт.
Бѳлтүрүк деп, музоо деп,
Баласынан чаташат.
Туура болот, чынында –
Бѳрсѳлѳй деп атасак.
КАПТЕШЕР
Дүбүрѳшѳт түн бою,
Деги булар уктайбы?
Кѳрѳлекмин эгинге
КАПТЕШЕРДЕЙ душманды, -
Деп чоң атам кейисе,
Элестеттим чычканды.
Канча капты тешти деп,
Болбош үчүн сарсанаа
Коё бердик мышыкты
Кызыл турчу кампага.
Чычкандарды кѳргѳндѳ,
Кыраан неме буйдалбайт.
Бир тоголок дан дагы
Эми эч качан уурдалбайт.
ТУНЖУР
Ата салтын улантып,
Куш таптаган, куш баккан
Адамды азыр таппайсың
Чүй боорунда кыштактан.
Бирок, тоок, каз, ѳрдѳк…
Ар короодо жер жайнайт.
Бул жагынан элибиз
Бир-биринен кем калбайт.
Ошондо эске түшүрдүк
Карт мүнүшкѳр Кылжырды.
Баласындай бакчу эле
Эне кушту – ТУНЖУРДУ.
Кѳптү ѳткѳрүп башынан,
Кѳрдү дечи кѳрѳрүн…
Эч кимибиз албаппыс
Ал адамдын ѳнѳрүн.