Осмонакун ИБРАИМОВ: Хемингуэй жана биз

  • 22.06.2021
  • 5004

Кээ бир түшүнүктөрдү күндөлүк турмушта көп эле колдонсок да, анын тереңде катылып, бирок барып-келип бир гана кашкайган нокотко такалган адепки, түпкү маанисине анча маани бербеген учурларыбыз көп болот. Маселен, «спорт» деген сөз азыркы учурда коомдук, интернационалдык резонансы кең түшүнүк болгону менен, акыры келип барабар мүмкүнчүлүктөргө таянып өз ара күч сынашуу, дене-тарбиясын өстүрүү дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошол сыңары «жазуучу», «сүрөткер» деген сөз да көп кырдуу синоним-ассоциациялык маанилеринен тышкары тикелей, өзгөрбөс өзгөчөлүгү, коомдук милдети бар бир түшүнүккө келип такалат.

Башкаларды айтпайлы, бирок жазуучунун коом, калайык калк алдындагы бирден бир милдетин, миссиясын Эрнест Хемингуэй дайыма ап-ачык, тап-так түшүнүп келген: «Жазуучунун милдети бирөө гана. Өзү өзгөрүлүшү мүмкүн, бирок милдети ошол эле бойдон калат. Ал милдет ири алдыда чындыкты жазууда турат». Муну Хемингуэй 1937-жылы америкалык жазуучулардын II конгрессинде айткан. Ушул эле формуланы ал «Адамдар кан Майданда» антологиясына жазган кириш сөзүндө дагы конкретизациялаган: «Жазуучу кудай жолунда жашаган динчил адам сыңары пакиза болуш керек. Ал үчүн пакизалык, адалдык аялзаты адал же адал эмес жашаганындай эле кеп, андыктан жазуучу бир эле жолу калпты шыпыртып таштаса, эч качан баштагысындай өзүн бейкапар сезе албайт. Жазуучунун милдети чындыкты жазуу».

Кыскасы, Хемингуэй үчүн жазуучу талбай изилдеп, өз көзү менен көрүп, анан төкпөй-чачпай окуучулардын көз алдына алып бара турган башкы предмет — чындык. Мейли ал ачуу, ийкемсиз, кооз фразеологияга көнүп калган мажирөө аң-сезим үчүн канчалык одоно болсун, бирок так өзүндөй шөкөттөө. Ырас, Хемингуэйде дагы бир өзгөчөлүк бар, ал да азыр айтылган жазуучулук милдет жөнүндөгү катаал эстетикалык позиция менен байланыштуу: баарын сөзсүз түрдө өз көзү менен көрүү, турмуштун азап-тозогун баштан кечирүү, окуялардын тарыхый, имандык маңызын абийир соту менен соттой билүү, акыл таразасынан өткөрүү. Караниеттик менен жалгыздап болсо да күрөшүү. Мынакей, анын ушул жазуучулук принципиалдуу позициясын элестүү иллюстрациялаган кыскача хроника: он сегиз жаштагы «тененте Эрнесто» 1918-жылы Италия-Австрия фронтунда «Стар» газетасынын репортёру... Оор жарадар Хемингуэй Миланда үч ай госпиталда... Жыл айланбай ал кайрадан Кошмо Штаттарда.

Эки жыл чамасында жергиликтүү газеталарга кабарчы болуп иштеп, 1921-жылы кайрадан Европада. Парижде. Тарыхта белгилүү Генуя, Лозанна конференцияларында болот. Жакынкы Чыгыштагы грек-түрк согушунда фронтту кыдырат. Өз мекенине кайткандан кийин балык уулайт, илбээсинге, жапайы жырткычтарга аңчылык кылууга көп убактысын арнайт. Аң уулоо ал үчүн эр жүрөктүүлүктүн «мектеби», деле Хемингуэй өзүн эр көкүрөк, эч нерседен коркпогон адам кылып тарбиялаш үчүн көп кам көрөт. Бокска катышат, Африкада арстанга, буйволго мергенчилик кылат. Атлантикада балык уулайт, Испанияда корридаларды көрөт, ал түгүл өзү да букалар менен кармашка түшөт.

Деги Хемингуэй турмуштук тажрыйбага эрте ээ болот. Ырас, кийинки жылдары деле бир жерге туруп калбай, качан болсо жер-жерлерди кыдырып, «көчмөндүү» жашайт. Ковбойлук романтика, жентельмендик курчтук ачык байкалган турмуштук эпизоддор ошол жылдары жаралган «Жеңилбес», «Ээ болуу, ээлик болбоо», «Аялсыз эркектер», «Жашыл дөңсөөлүү Африка», «Өз ордунан күн кайра чыга бергей» (Фиеста)» романдарында, чыгармалар жыйнактарында көп жолугат.

Германдык фашизмдин алгачкы курманы — Испания республикасы, андан кийин дүйнөлүк экинчи согуш, кайрадан Африка, Париж, Куба, Финка-Вихия... Кыскасы, жазуучунун өмүр жолун карап отуруп, кылымыбыздын дээрлик бардык трагедиялык кагылышуулары, бирде мында, бирде тигинде дүрт эткен «талуун» жерлери дайыма Хемингуэйдин тике же кыйыр байкоосунда болуп, же өзү колунда жарагы менен адилеттик үчүн кан төккөнүн, кан кечкенин көрөбүз.

Чыныгы жазуучу дайыма өз заманынын туусу, туундусу, анын тигил же бул нравалык, философиялык табылгаларынын татаал конгломераты го. Арийне, Хемингуэйди да өнүккөн империализм доорундагы буржуазиялык интеллигенттердин идеялык адашуулары, жемиштүү же жемишсиз рухий изденүүлөрү түк да айланып өтпөдү. Тескерисинче, декаденттик искусство, модернизм, Фрейддин психоаналитикалык конструкциялары, коррида ойнунун үрөй учурган кыйкырык-чуусу Хемингуэйди да алакан чаптырат, ойлонтот...

Албетте, бул үчүн аны күнөөлөөгө биздин эч акыбыз жок, анткени алардын баарына рухий-социалдык «туюктан» кол сермеп чыгуу, өзүн өзү аңдап-таануу аракеттеринин тамгасы басылган, коомдук өнүгүүнүн белгилүү закон ченемдери менен шартталган.

Бул жерде Хемингуэй тууралуу «Ал сөздүн толук маанисинде адам болгон» деген Гамлеттин айтылуу репликасын колдонсок куп ылайык келээр эле. XX кылымдагы адам идеалы, анын адеп-этикалык табылгалары, жоготуулары Хемингуэйдин жеке турмушуна болсун, эң сонун прозаларына болсун, өз тамгасын салбай койбогон. Америкалык жазуучунун качан болсо адамзаттын тынчын алып жаткан калаймандуу окуяларга өзү катышканы, ак иш үчүн жоокерче кан төккөнү, пикирин тартынбай ачык айтканы анын репортёрдук, журналистикалык же кандайдыр бир накта профессионалдык кызыкчылыктарынан улам эмес, зор моралдык, адамдык эрдикти ичине камтыган бир бүтүн турмуштук концепциядан келип чыкканбы деп ойлойбуз.

Ушул жагынан алып караганда бу кишинин турмушу Эйнштейн менен А.Швейцердин, Драйзер менен Казальстын, Томас Манн менен Сент-Экзюперинин өмүрүнө окшош. Индивидуалдуу күрөштүн романтикасы менен трагедиясы Хемингуэйдин турмушунда айрыкча рельсфтүү.

«Бул турмушта адал жашап өтүү үчүн дайыма жамандык-жакшылыкка даяр турууң керек. Ошондуктан биздин адамдык милдетибиз жалгыз эле бактылуу болууда эмес. Адамдын милдети адамзат үчүн кандайдыр бир улуу нерсени ачуу». Ренандын ушул сөздөрү так эле Эрнест Хемингуэйдин өмүрүнө, анын чыгармаларына карата айтылгандай. Мисалы, жазуучунун чыгармачылыгындагы түпкүлүктүү идея — социалдык терс көрүнүштөргө, зордук-зомбулукка каршы коюлган индивидуалдык күрөш темасы көңүлдү бурат.

Бул үчүн Хемингуэй адам турмушунун ар кыл учурларын: жанын оозуна тиштеп, өмүр үчүн күрөшүп жаткан кезин, акыркы мүмкүнчүлүктөр калганга чейин жеңишке жетишүү аракетин, жеңилип калса да зор моралдык канагат алып келген өзүн өзү жеңүү учурун, адамдар алдындагы ыйык парыздарды сезүү жана аны аткаруу мотивин көп чыгармаларына негиз кылып алган. Хемингуэйдин эң мыкты романдарындагы, аңгемелериндеги ачык байкалган этикалык норма, жазуучу үчүн маанилүү жыйынтык мындай: адам өз милдетин так, абийирдүү аткаруусу зарыл. Мисалы, жазуучунун соңку романы — «Мухиттеги аралдарда» башкы каарман Томас Хадсон тарткан кыйынчылыктарына, чеккен абыгерчилигине карабай өзү үчүн (демек, Хемингуэйдин көз караштары үчүн) эң маанилүү жыйынтыкты минтип тастыктайт: «Кана, ойлонуп көрөлүчү. Уулуңдан болсо айрылдың. Сүйүүдөн да кол жууган кезиң. Атак-даңктан башынан эле кайт болгонсуң. Демек, сенде бир гана пенделик парыз калат, аткарууң керек ошону». Бир караганда эч кимге жаңылык болуп туюлбаган бул сөздөр атактуу «Чал жана деңиз» баянында, «Жеңилбес» аттуу матадорлор жөнүндөгү новеллада негизги идеялык доминанта. «Адам жеңилүү үчүн жаралган эмес,— дейт көптөн бери жолу болбогон Сантьяго «Чал жана деңиз» баянында.— Адамды жок кылууга болот, бирок жеңүү эч мүмкүн эмес». Ал эми «Ээ болуу, ээлик болбоо» романында зомбулукка, адилетсиздикке каршы коюлган индивидуалдык протест-күрөш Гарри Моргандын төмөнкү сөздөрү аркылуу минтип жалпыланат: «Адам жалгыз өзү эч нерсеге алы жетпейт. Азыр адам жапа-жалгыз болушу түк жарабайт,— ал токтоп калды. — Баары бир адам жалгыз өзү балакетке да алы жетпейт.

Ал көзүн жумду. Ушуну айтуу үчүн канча өмүрү өттү, ушуну түшүнүүгө бүт өмүрү сарп болду го!» Бул сөздөр Гарри Моргандын гана эмес, Хемингуэйдин өзүнүн да айрым көз караштарына чыгарылган өкүм деп түшүнсөк аша кетпейбиз.

Америкалык жазуучунун алтымышынчы жылдардын башынан баштап кыргыз китеп окуучуларына айрыкча белгилүү болуп баратканы түк кокусунан эместей. Адабиятыбыздагы кээ бир стилдик жактан жаңылануу далалаты, көркөм туюнтуу арсеналындагы айрым сапаттык жылыштар, д. у. с. имманенттик кубулуштар Эрнест Хемингуэй, Пабло Неруда, Бертольд Брехт сыяктуу мастерлердин чыгармачылыгына кызыгууну күчөттү.

Хемингуэйдин көркөм ачуулары, адамдык облиги, замана импульстарын өзүнө сиңирген залкар адам экени андан сабак алууга, адабий мурастарын тирмие отуруп үйрөнүп чыгууга үндөп турат. Мисалы, 40—50-жылдардагы биздин адабиятта диалог менен портрет канчалык жасалма, узун, а нерселерди сүрөттөөдөгү сызык-штрихтер кандай бүдөмүк эле. Каармандардын китеп беттериндеги психологиялык турмушу демейде бир жактуу келип, карама-каршылык, динамикалык өсүп-өнүгүү б. а. психологиялык интерьер жок болуп, натыйжада жалгыз гана автордун эрки менен кыймылга келген, бажырап татаал синтаксистик структуралар менен сүйлөгөн кейипкерлерди көрчүбүз. Мындай эстетикалык оргу-баргылыктан, айрыкча, көңүлгө тийген көп сөздүүлүктөн, «кызыл тилди» чектен тыш сайраткан көркөм сымактыктан кутулуп чыгуу үчүн Хемингуэй сыяктуу жазуучулардын сабагы издесе табылгыс дабаа го...

Анын диалогу, сөзгө сараң, бирок терең баяндамалык подтекстке эгедер «айсбергдик» стили кыргыз жазуучуларын көп нерсеге үйрөтө алат деп ойлойбуз.

*      *      *

Жазуучунун адабий мурастарынын ичинен «Чал жана деңиз» баяны, «Жеңилбес» новелласы, «Кош, түбөлүк куралым», «Мухиттеги аралдар» романдары окуучуларыбыздын колуна тийди.

1977-жылы жарыкка чыккан «Мухиттеги аралдар» романын К.Өгөбаев таржымалды. Ырасын айтканда, адегенде «Коңгуроолор кимди жоктойт» романы которулса дурус болмок, анткени Хемингуэйдин көлөмдүү чыгармасын которуу мүмкүнчүлүгү дайыма эле боло бербеси түшүнүктүү. А «Мухиттеги аралдар» бүтпөй калган, автор тарабынан тыкан редакциядан өтпөй калган чыгарма, а «Коңгуроолор» ... («По ком звонит колокол») Б. Грибанов («Хемингуэй» деген эң сонун китептин автору) белгилегендей, жазуучунун «эң эле кынтыксыз, терең, сюжеттик жактан эң мыкты уюшулган шедеври».

«Мухиттеги аралдар» («Острова в океане») Эрнест Хемингуэйдин акыркы, чоң романы. Жазуучу бул чыгармасында батыштын прогрессивдүү художниги Томас Хадсондун образы аркылуу жалпыланган художник жана согуш, художник жана фашизм сыяктуу маселелер козголот. Бул романды кайсы бир деңгээлде фашизмге каршы индивидуалдуу күрөштүн эпопеясы десек жаңылышпайбыз. Көп изилдөөчүлөр белгилегендей, Хадсондун турмушу, анын чыгармачылык, согуш жөнүндөгү ойлору Хемингуэйдин өз тагдырынын бөлүкчөсү. Хадсондун тагдыры көп жагынан автордун тагдырына үндөш.

К.Өгөбаевдин таржымасында «Мухиттеги аралдар», мисалы, «Кош бол, куралга» караганда (которгон Ш.Келгенбаев) алда канча тагыраак; бурмалоолор, тескери котормойлор азыраактай. Ошентсе да, окуй келгенде котормо кандайдыр чайналгансып, диалогдор жасалма өңдөнүп туюлат; тумандуу фразалар, мазмуну ачылбай калган сүйлөмдөр көп учурайт. Мисалы, котормонун 19-бетинде мындай сүйлөм турат. Менимче, Хемингуэйдип стилинен, лаконизминин анча-мынча кабары бар киши мына бул тексттен жазуучунун айтылуу прозасын, жазуучулук манерасын көрө албайт: «Томас Хадсон тааныган аялдардын ичинен мындай берметке бир гана королева Мария Английская кубанар эле. Томас Хадсондун королева Марияны өзүнүн таанышы катары эсептөөгө деле жөнү жок — ал анын сүрөтүн гана жана кинолордон, анан дагы «Ньо-Йоркерден» анын профилин көп көрсөтүшө турган: бирок анын үлүл берметтерин жакшы көрөрүн билгендиктен улам Мария өзүнүн көптөн берки тааныштарынан да жакын көрүнгөнсүп кетти». Же болбосо мына бу диалогду алалы:

- «Мырзанын айымы ыйлады, Мистер Том. Ал аябай эчкирип ыйлады. Ошол жерден мен Ройго барып, үлүл берметтерин алып келейин, көрүп алаксысын деп сунуш кылдым.

— Эгер ал үлүл берметин чындап эле жакшы көрсө,— деди Томас Хадсон,—бул белегиңди (?) көргөндө аябай сүйүнөт го» ж. б. (19-бет).

Котормонун тили өтө эле оор, супсак болуп, окуганга кыйын болуп жатканын, сүйлөмдүн негизги маанисин ачык, так кылып берүүнүн ордуна, текст создугуп, баш-аягы жок болуп кеткени көрүнүп турат. Евг. Калашникованын орусча котормосунда ушул үзүндү кандай экенин көрөлү:

«Ни один из знакомых Томасу Хадсону женщин, кроме королевы Марии Английской, не позарилась бы на такой жемчуг. Не то чтобы Томас Хадсон мог считать королеву Марию своей знакомой — он ее видел только на картинах и кино, да еще в «Нью-Йоркере», где часто мелькал ее профил; но оттого, что она любила ракушечный жемчуг, ему казалось, что ее знает лучше многих своих знакомых». А диалог болсо мындай:

- «Это его дама плакала, мистер Том. Она плакала горькими слезами. Тут и я предложил, что схожу к Рою и принесу ей ракушечного жемчуга, пусть посмотрит.

— Наверно, это ее очень порадует,— сказал Томас Хадсон,— Если она любит ракушечный жемчуг».

Кыргызча текст орусча оригиналга өтө эле көз каранды. Кыргыз тили менен орус тилинин синтаксистик өзгөчөлүктөрү дайым эле окшош чыкпасы белгилүү, демек, Хемингуэйди дурусураак которуу үчүн орус синтаксисин бир үтүрдөн экинчи үтүргө чейин окшош кылып эмес, баарынан мурун кыргыз тилинин табиятына ылайыктап, эстетикалык статусту сактап, индивидуалдуу стилди окшош которууга аракеттенсе болмок. Кыскасы, «Мухиттеги аралдар» — Хемингуэйдин эне тилибиздеги көлөмдүү чыгармасы — негизинен ортозаар элес калтырат. Мунун себебин котормочунун профессионалдык даярдыгынан, интуициясынан, стилдик артистизминен Хемингуэйди кыргыз тилинде сыякташ, окшош кылып берүүнүн оордугунан издесек да болот. Албетте, бул Америка жазуучусунун практика жүзүндө канааттандырарлык абалда которуу мүмкүн эместигин түшүндүрбөйт, тескерисинче, бул иш бара-бара чыныгы күйөрмандарын таап жаткандыгын турмуш ачыктоодо. «Ала-Тоо» журналынын 1979-жылкы № 1 санында жарыяланган «Жеңилбес» (Которгон Т.Ахметов) хемингуэйлик диалогду, сыртынан караганда жөн салды сезилгени менен, сүрөттөмө — каражаттык өзгөчөлүктөрү такыр башкача баяндоо ыкмаларын бере билүү боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын көрсөттү. Новелла дурус котормочулук маданиятты кабарлап турат.

*      *      *

«Түштөн кийин жеткен ажалда» Хемингуэй минтип жазган экен: «жазуучу иштеп жатып дайыма чыгарманын түбөлүктүүлүгү жөнүндө, убакыт мына азыр өтүп кетип жаткандыгы туурасында такай ойлонуп турушу керек». Бул тексттин тереңдеги мааниси эмнеде экенин чечмелеп отуруштун кажаты жок ко, бирок негизги ойду саал конкреттештирип айтсак, мындай жыйынтык келип чыкмак: адабий чыгарманын узак жашашынын негизги шарты — турмуштун күргүштөгөн агымын сергек художниктик угум, баам менен көрө билүү, мезгилдер тутумун айныксыз сезүү, адабиятты айрымдардай угилитардуу түшүнбөө, күнүбүгүндүк прогматизмден качуу.

Көп сөздүү, үстүрт, сырты кооз беллетризмден конкреттүү, сыйымдуу прозага өтүү процессинде Хемингуэйдин стилин, сүрөттөө ыкмаларын үйрөнүү эң сонун түрткү болушу мүмкүн, анткени подтекст, «айсберг» стили дал ошол жөө чечендиктен, кооз фразеологизмди жерүү процессинде жаралган. Деле кыскалыкка умтулуу XX кылымдын адабиятынын ашкере тенденциясы. Хемингуэйдин пикири боюнча, «чабал жазуучулардын баары эпосту жакшы көрөт».

Жыйынтыктап айтканда, америкалык улуу жазуучунун романдары, повесттери, аңгемелери биз үчүн улуу мектеп, чоң таалим. Жазуучунун мыкты чыгармалары жалпы элге али жете элек. Демек, Хемингуэй менен чындап таанышуу кыргыз окурмандары үчүн али алдыда, анткени окурмандарыбыз кооз беллетризм менен караша-кылдак версификацияны куп айырмалап калышкан кез. Катаал, чынчыл адабият, заман духуна үндөш проза кыргыз адабиятында да улам алгалап бараткан объективдүү көрүнүш. Мындай моментте Хемингуэй сыяктуу устаттардын эстетикалык таалими өзүнүн прогрессивдүү жактары менен улам ачыла бермекчи.

1978

P.S. О.Ибраимовдун “Адабий классиканын азыркы өмүрү” аттуу китебинен алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз