АҢГЕМЕ
Уфа губерниясында Ильяс аттуу башкыр жашачу. Атасы мураска көп деле байлык калтырбай, аны үйлөнтүп, ошол эле жылы өтүп кетти. Болгон чарбасы – жети жылкы, эки уй, жыйырма чакты кой. Бирок Ильяс эмгекчил болуп, оокат топтой баштады: аялы экөө тең эрте туруп, кеч жатып, таңдан кечке талбай иштеп, жыл өткөн сайын байый берди. Отуз беш жыл талбаган эмгек берекесин берип, чарбасы кеңейди.
Жылкысынын саны эки жүз, уйу жүз элүү, коюнун башы бир миң эки жүздү чапчыды дейсиң. Үйүр-үйүр жылкыларын, короо-короо койлорун, уйларын жалчыларга көздөтүп, саанчыларга бээлерин саадырып – кымыз; уй, койлорун саап – быштак, сары май жасатты. Ильястын телегейи тегиз болуп, аймактагылар анын жашоосуна суктанышат.
– Ильяс бактылуу адам экен: эмне десе бардыгы бар, кудай өмүрүн берсин, - дешчи.
Ильясты эл жакшылары таанып, Ильяс алар менен жанашып, алыстан досторду күттү. Достору шайма-шай аныкына каттап, Ильяс аларды кучак жая тосуп алып, жакшылап коноктоп узатчу. Ким келсе да кымызы, чайы, шербети даяр, койу сойулуу. Бир киши келсе кой сойот, экинчисине да атайын кой мууздалат, ардактуу конокторго арналып тай союлат.
Ильястын эки уул, бир кызы бар эле. Балдарын үйлөп, кызын күйөөгө узатты. Кедей кезинде балдары жылкы кайтарып, кой жайып, өзү менен жүрүп малын багышчу, байыгандан кийин манчыркап кетишти, бирөө ичимдикке берилди. Улуусу мушташып жүрүп өлүп тынды, экинчиси – кичүүсүнүн колуктусу оокатка жок, анын үстүнө тилдүү чыгып, уулу да атасынын сөзүн укпай, айла жок, бөлүп коюуга туура келди.
Уулуна мал, үй бөлүп, байлыгы кемий түштү. Андан көп узабай койлору ылаңдап, көпчүлүгү кырылып калды. А кийин жыл кургакчыл болуп – чөп жок: кышкысын жутта дагы бир топ малынан ажырады. Кийин эң жакшы делген жылкынын үйүрүн кыргыздар тийип кетип, Ильястын чарбасы начарлап калды. Улам барган сайын начарлагандан начарлай берди. Мурдагыдай ал-күч да жок. Жетимишке чыкпай, айла жок, асем кийимдерин, килемдерин, ээр-токум, боз үйлөрүн, анан акыркы малын сатууга аргасыз болду. Өзү да байкабай үрүп чыгар ити жок, бардык нерседен айрылып, карыганда кайыр сурап калды. Болгон оокаты кийип турган кийими, тону, калпагы, бутундагы чокойу, анан Шам-Шемаги – карыган кемпири. Бөлүп койгон баласы алыс жашайт, кызы өтүп кеткен, чал-кемпирдин карай турган эч кимиси жок.
Кошунасы Мухамедшах, кароосуз абышка-кемпирди аяп турду. Мухамедшах бай да, кедей да эмес, өзүнө жетээр оокаты бар – орто чарба, жакшы адам эле. Мурда Ильястын туз-даамын эчен таткан, ошолорду эстеп боору ооруп Ильяска: “Ильяс, - деди,- кемпириң менен мага кел. Жайында алыңдын келишинче бакчага жардам бер, кышында малга караш, а Шам-Шамаги бээ саап, кымыз ачытканга жардам берсин. Кийим кечеңер, тамагыңар менден, эмне керек болсо, айтсаңар – берем, кор кылбайм”. Ильяс ыразылыгын айтып, кемпири менен Мухамедшахка иштегенге жалданып алышты. Башында оор көрүнгөнү менен кийин көнүп, алдарынын жетишинче чарбага жардам берип, жашап калышты.
Мухамедшахка деле бул адамдардын пайдадан башка зыяны жок, мурда өздөрү чоң чарба күткөн эмелер иштин ыгын билишет, эринишпей алдарынын жетишинче иштеп жүрүштү; тек эмгекчил, иштин көзүн тааныган, бай адамдардын ушунчалык төмөн абалда болуп калгандыгына Мухамедшахтын боору ачып, түтпөй кетет.
Бир жолу Мухамедшахтыкына алыстан меймандар – кудалары келип калышты, арасында молдосу да бар. Мухамедшах кой сойгонду буюруп, Ильяс койду союп, этин бышырып, меймандарга тартылды. Эт желип, чайдан кийин кымыз келди. Меймандар кымыз үстүндө өткөн-кеткенден сөз кылып, беймарал олтурушат, Ильяс болсо ишин бүтүрүп, эшиктин алдынан өтүп бараткан. Мухамедшах аны көрүп мейманына:
- Тетиги эшиктин алдынан өткөн абышканы көрдүңбү?
- Көрдүм, - дейт мейман, - аны эмнеге сурадың, кандайдыр бир сыры барбы?
- Сыры ошол, биздин аймак боюнча эң бай адам эле. Аты – Ильяс, балким, уккандырсың?
- Угаарын уккам, - дейт мейман, - бирок жолуккан жок элем. Анын ак көрпө жайыл, жакшы адам экендиги тууралуу аңыз кеп эл ичинде айтылып эле жүрбөдүбү.
- Уксаң ошол. Азыр эми эч нерсеси жок томаяк. Менин эшик алдымда жашап, кызматымды кылат. Кемпири да мында бээ саап жүрөт.
Мейман таңдайын такылдатып таңгалып, башын чайкады:
- Атаңдын көрү э-эй, бактың башыңдан тайса шул экен да. Дөөлөт дөңгөлөк сыяктуу; бирин өйдө көтөрсө, бирин ылдый түшүрөт. Эми кандай жүрөт? Өткөнүн эстеп кейип, муңкурап жүрөбү?
- Ким билет, тынч эле жүрөт, жоош, иштегени жакшы.
- Сүйлөшүп көрбөйлүбү? Жашоо турмушу тууралуу сурап көрөлүчү?
- Мейли, – деди кожоюн, анан боз үйдү карап: - Бабай, кир, кымыз ич. Кемпириңди да чакыр.
Ильяс кемпири менен кирип, меймандар менен учурашып, бата кылып, ирегеге чөк түшүп отура кетти; кемпири көшөгө артындагы Мухамедшахтын аялына кошулду.
Ильяска кымыз сунушту. Ильяс ыраазылык билгизип кымыздан бир аз жутуп, астына койду.
- Эмне, бабай, - деди мейман, - бизди көрүп, өзүңдүн мурдагы бактылуу турмушуңду эстеп, ушундай абалга түшкөнүңө кейип жатасыңбы?
Ильяс ууртунан жылмайып:
- Мен сага бактылуу, бактысыз турмуш жөнүндө айтсам ишенбейсиң; аны кемпиримден сура. Катындардын жүрөгүндө эмне болсо - тилинде да ошол; ал бакыт, дөөлөт тууралуу чынын айтып берет, - деди.
Мейман көшөгө жакты карап:
- Мейли анда, чоң эне, мурдагы дөөлөтүң, азыркы абалың тууралуу кандай дейсиң? – деди.
Шам-Шемага көшөгө артынан:
- Эмне дейин. Чалым менен элүү жыл чогу жашадым, бакытка умтулдук – таппадык, ушул акыркы эки жылда гана, колго илинер эч нерсебиз калбай, жалданып иштеп калганыбызда, чындап бактылуу болдук деп ойлойм, башка эч нерсе тилек да кылбайм.
Мейман да, кожоюн да таң калып, ал эмес ордуларынан козголуп алышты, ушуну айтып жаткан адамды көрмөккө, көшөгөнү серпип салышты. Кемпир турат, колун бооруна алып, абышкасын тиктеп ууртунан жылмайып, абышкасы да жылмаят.
Кемпир дагы кайталады:
- Чынын айтып жатам, тамашалаган жерим жок: жарым кылым бардар жашап, бакытка умтулдук – таппадык. Эми эч нерсебиз жок, башкаларга жалданып жүрүп – өз бактыбызды таптык, башка эч нерсенин кереги да жок.
- Ошондо, ушул абалдагы тапкан бактыңар кайсы?
- Ал мындай: биз бай элек, бирок бир тынымга да абышкам экөөбүздүн көңүлүбүз жай болгон жок. Жай отуруп сүйлөшкөнгө, жан дүйнөңдү аруулап ойлонгонго, намаз окуганга убакыт таппадык. Кандай түйшүктө жүрдүк! Мейман келет – түйшүк, кепке калбагандай болуп кимди кандай тоссок, кимге эмне тартуу кылсак деп санаа тартабыз. Меймандар кетсе кызматкерлерди көзөмөлдөш керек – алар жалкоо, белен ашка тап келишет, а биз жанталашып ашыкча чыгым тартпай, көбүрөк пайда көрүүнү ойлойбуз – күнөө. Карышкыр кулунду же торпокту жарып кетпесин деп, барымтачылар жылкыбызды тийип кетпесин деп санаа тартабыз. Жатсаң – түнкүсүн козулар тебелендиде калбады бекен деп ойлоп, уйкуң тынч эмес. Туруп карап келесиң; кичине тынч ала түшсөң эле кайрадан санаа – кышкыга чөптү кайдан, качан, канча даярдаш керек. Анысы аз келгенсип абышкам экөөбүз да такай талаш үстүндө жүрдүк. Ал андай кылалы десе, мен андай болбойт, мындай дейм. Күнөөгө батып уруша кетебиз. Биз ошентип түйшүктөн түйшүккө, күнөөдөн күнөөгө батып жашап жүрдүк, көңүл тынч эмес, бактылуу турмуш көргөн жокпуз.
- Азыр эми кандай?
- Азыр эмне, тургандан кечке жакшы маанай, абышкам менен өткөн-кеткенди эстеп бабырашабыз, талаша турган эч нерсе жок, түйшүк тартып санаага баткандай себеп да жок, болгон эле түйшүгүбүз – кожоюндун кызматын ак аткаруу. Колубуздан келишинче, алыбыздын жетишинче кызмат кылып жатабыз. Чын көңүлүбүз менен, кожоюнга зыян эмес, пайда келтиргендей иштейбиз. Тамагыбыз даяр, кымыздан өксүбөйбүз. Үшүсөк – тезек бар, тонубуз үстүбүздө. Көңүлүбүз ток. Чалым экөөбүз сүйлөшкөнгө, жан дүйнөңдү тазартып ойлонгонго, намаз окуганга убакыт бар. Элүү жыл бакыт издедик, эми гана жеткендей болдук.
Меймандар күлүп калышты.
Ильяс:
- Күлбөгүлө, туугандар, адамдын өткөн турмушу тамаша эмес. Биз да мурда билбей, байлыгыбыздан айрылып калганыбызга кайгырып, ыйлап да жүрдүк, кудай көзүбүздү ачып чындыкты сездик. Муну биз силерге өзүбүздү сооротуш үчүн эмес, силер да ушуну билип алсын деп айтып жатабыз да, - деди.
Молдо:
- Бул акылдуу кеп болду, Ильяс аке туурасын айтты, Куранда да ушундай айтылган, - деди.
Меймандар күлбөй, ойлонуп калышты.
Которгон Марсел ИСАКОВ