
Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” китебиндеги учкул ойлор. Китепти кыргыз тилине которгон Аман Токтогулов
* * *
Эгер өткөндү тапанча менен ата турган болсоң, келечек сени замбирек менен атат.
Абуталиб Гафуров
* * *
Сөз деген кекечтин эле тилинде буйдалат бекен, ал аздыр-көптүр ылайыктуу, аздыр-көптүр экимет сөздү издегендин оозунда да кармала түшөт.
* * *
Адамга тил чыгып, сүйлөгөндү үйрөнүш үчүн эки жыл керек, ал эми ошол тилди дайыма тарта жүрүштү үйрөнүү үчүн алтымыш жыл керек.
* * *
Башка кишинин кол жазмасын аңтарып жатканың – бөлөк бирөөнүн чөнтөгүнө кол салганга тең.
* * *
Жарык дүйнөгө келген наристе шыр эле сүйлөп кирбейт. Оболу балдырап бирдемени айткан болот. А тургай кээде бир жери ооруп ыйласа, каери ооруп жатканын өз энеси айрып биле албайт.
Же акындын жан дүйнөсү жаш баланыкындай эмеспи?
* * *
Кырдан бери ашып келаткан койлорду күтүп турган кишилерге элден мурун эркечтин мүйүзү, анан эркечтин өзү, анан барып койлор көрүнөт.
Тойдон же бир катуу сыркоо адамдан кабар күтүп турган кезде, элдин көзүнө эң мурун чабарман көрүнөт.
Чабарманды күтүп турган кезде, эл адегенде бозоруп көтөрүлгөн чаңды, анан атты, анан барып чабармандын өзүн көрүшөт.
Уудан кайткан мергенчини күтүп турган кишилерге элден мурун анын тайганы көрүнөт.
Гамзат Цадаса
* * *
Жаш балдар да чоң түштөрдү көрүшөт.
Бешиктеги жазуу
* * *
Өмүр бою кайталап жүрөр ыр бир демде жазылат.
* * *
Эркек дегениң эки гана учурда тизелеп бүгүлүшү мүмкүн: башаттан суу ичкенде бир, гүлдү үзүү үчүн бир.
* * *
Ойлор менен сезим оту тоолук конокторго окшоп, чакыртпай да, күттүрбөй да кирип келет. Коноктон качпагандай эле бул жан дүйнө кереметинен эч жакка бекинип кала албайсың, эч жакка кача албайсың.
* * *
Эң жаш конок эң улуу үй ээсинен да сыйлуу деп эсептелет.
* * *
Тоолук адам бек сактай турган эки нерсе бар: өзүнүн ысмы жана бапагы. Бапагынын алдында башы бар киши, бапагын сактап жүрөр. Ал эми ысымын жүрөгүндө оту бар киши сактайт.
* * *
Ар бир киши бу дүйнөгө өз элинин өкүлү болуш үчүн келгенин, дал ошол парзын аткарууга ал ар качан даяр турууга тийиш экенин каргадайынан билиши керек.
* * *
Жашырба ойлоруңду. Жашырсаң бир учурда каерде калганын билбей, жанагы сараңдар акча каткан жерин билбей калып, сараңдыгынын айынан баарын жоготуп алганга окшоп, унутуп калышың бар.
Жана да өз ойлоруңду эч кимге бербе. Кымбат буюмду жаш балага оюнчук кылып карматпайт. Бала же сындырып алат, же жоготуп иет, болбосо бир жерин тилдирип алат.
* * *
Алдыңдагы атыңдын кыялын өзүңдөн башка ким билет?
* * *
Ой кылганың – кош бойлуу болуп калганга барабар. Бала төрөлөрү төрөлөт, аны он ай көтөрүп, омуртка сыздап, анан барып көл-шал түшүп тер басып, азап менен тозокто төрөө гана керек. Китеп жазуу деген ошого тете нерсе.
* * *
Идея деген кургак сөздө эмес, иштин көзүндө болуш керек. Ал мукабасынан эле кыйкырып турбай, китептин өзүндө болууга тийиш. Сөз аягында айтылчу кепти, быссымылда дегенде эле айтып таштаганда болбойт.
* * *
Идея – бул туу, аны көздөн далдаа жашырууга болбойт. Аны адамдар көрүп, аркасынан ээрчип жүрүү үчүн жогору көтөрүп, алып жүрүү керек.
* * *
Улуттук форма кээ бир акындардын ырларында да жоголуп баратат. А алар болсо ошонусуна сыймыктанып жүрүшөт.
* * *
Ырлардын жашоосу башка. Алардын туулар, өлөр мөөнөтү өзүнчө. Мен өзүмдүн ырларым туурасында эч нерсе дебейм, мүмкүн, алар менден көп жашабас.
* * *
Канчалык жасалгаланбасын, жаман китеп жаман эле бойдон калат. Аны туура баалоо үчүн, бетиндеги чүмбөтүн сыйрып таштап, анан кароо керек.
* * *
Таланттан, жигердүүлүктөн кур калган, өз сыймыгын унуткан айрым сүрөткерлер товарларын өткөрүү үчүн жаркырап көрүнгөн форманын ары жагына жарым-жарты ойлорун жашырып калам деген кыязда бөлөк бир кийимдер менен жасанып алышат. Бирок курсагыңда эч нерсе жок туруп, тебетейиңди алчыланта кийгенден эмне чыгат?
Канчалык кооз болбосун, жыгачтан жасалган канжар жамгырды эле кеспесе, эмнеге жарайт?
* * *
Жеңил-желпи жазылган ырды кыйналып жатып зорго окуган учур бар. Кыйналып жатып зорго жазган ырды жеңил-желпи окуган учур бар. Форма менен мазмун – адам менен анын кийимине окшош. Эгер адам акылдуу, ак ниет, жакшы болсо, эмне үчүн өзүнө ылайык кийинип жүрүүгө болбосун. Эгер адамдын өңү-түсү жакшы болсо, эмне үчүн жакшынакай ойлор менен жашабайт.
* * *
Аялдардан өңү сулуу болгону менен акылы бөксө, акылдуу болгону менен иреңи серттер көп чыгат. Бирок акыл-эси да, ырай-бешенеси да келишкен бактылуу аялдар бар.
* * *
Алтын менен күмүштө эмненин кеби. Кеп зергердин колу алтынбы, жокпу, ошондо.
Кубачилик бирөөнүн айтканы
* * *
Бирөөнүн ойлоруна ээр салам деп далбастаганча өз ойлоруңдун тизгинин бек кармаганың ийги.
* * *
Акын башаты – туулган жер, тууган эл, эне тили. Бирок бүгүнкү күндө ар бир чыныгы жазуучунун аң-сезими улуттук алкакка батпай калды. Анын жүрөгүн жалпы адамзаттык, жалпы дүйнөлүк нерселер тынчсыздандырып, мээсине орноп отурат.
* * *
Эгер жазуучуну дарыгерге салыштырсак, анда ал элдин илгертен келаткан дарыларын да, дүйнөлүк илимдин эң акыркы жетишкендиктерин да пайдалана билиши керек.
Эгер жазуучуну жөө кыдырып сапарга чыккан адамга окшотсок, анда бөлөк элде конок болгонунда анын жүрөгүндө өзүнүн канындагы ырлары болуусу керек. Ошону менен катар ал жүрөгүнөн ошол чоочун жердин ырларына да орун таба алгандай болсун.
Бир эл аны узатат, бир эл тосуп алат, а ырлар бардык жерде болот.
Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН