Перс окумуштуусу, эмирлер менен султандардын дарыгери, ислам дүйнөсүнүн философу улуу Ибн Сина оорулар тууралуу билбегени жок эле. Бир жолу ал окуучулары менен олтурганда оорунун чыгуу себептери жөнүндө сөз болду.
Шакирттери андан өнөкөт оорулардын чыгышына эмне себептер түрткү деп калышты.
– Адамдардын ою, ниеттери. Дал ушул нерселер гана оорулардын чыгышына алып келет! – деп жооп берди Устат.
– А эмне үчүн адамдар оорулар тууралуу ойлонушат? – таң калышты окуучулары.
– Бардыгы эң жөнөкөй. Анткени аларга оору керек. Адамдар өздөрүнүн азап-тозокторуна көнүшкөн. Алар ооруга байланып алышкан: “кан басымым”, “баш оорум” бар деп эркелетип, энчилеп алышат. Антишпесе тытынып иштеген жумуштарынан, тажаткан убаракерчиликтен эс ала алышпайт. Ошондуктан жасайм деген иштерин да жасагылары келбейт.
Келечектеги дарыгерлер ойлонуп калышты:
– Бирок Устат, оорулуу адамдар дарыгерлерге кайрылып жатышпайбы, демек, алар ооруларынан сакайгылары келет да?
– Кесиптештер, эгерде көйгөйгө кунт коюп көрсөңөр, оорулуулар оорунун өзүнөн эмес, анын белгилеринен кутулгулары келгенин байкайсыңар, а ооруну алар өздөрүнөн да жашырат.
– Анда эмне, чынында эле оорудан биротоло кутулуунун жолу жокпу?
– Бар. Бирок бул өтө татаал жол – жашоого болгон көз карашты өзгөртүү керек...
Эгерде оорунун келип чыккан себептерин туура таап, жакпаган нерселерден каалаган нерселерди карай кыймыл-аракет жасай баштаса, оорунун күчү кайтып, акырындан айыгат, анткени дарттын жардамчы катары кереги жок болуп калат.
Адам жашоого деген эң кубаттуу шыктануу алып, денесинин ар бир бөлүкчөлөрү жаңырып жана чың ден-соолукка ээ болот.
– Биз ишсиз калбайт экенбиз да, – дешти жаш дарыгерлер. Анткени тапталган жол менен жүрүү оңой эмеспи! Дарыгердин көмөгү менен оорусун убактылуу басаңдатып, жүйөлүү себептер менен эс алганга шылтоо таап алышса жакшы да.
– Канчалаган алтын беришсе да, оорунун залакаларын дарылайбыз деп азгырылбагыла! Эртеби, кечпи мындай иш тажатпай койбойт. Адамдарды өзгөрүүлөргө барууга үйрөткүлө, адамдардын денесин гана эмес, анын жан-дүйнөсүнүн дарыгерлери болгула! – дептир улуу дарыгер.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ