Расул Гамзатов: Күчтүүлөр эч качан көз карашын сатпайт

  • 04.08.2021
  • 5126

Жазуучу менен чыгармачылыктын ортосунда сүйүүсүз нике болушу мүмкүн эмес. Турмушта жеңе-желписинин жетеги менен үйлөнгөн күндө деле тирүү балдар төрөлүшөт. Жазуучуда сүйүүсү жок никеден жалаң өлүк китептер жаралат. Жазуучу өз темасы менен байланышардан мурун жүрөгүнө акыл салыш керек.

*     *     *

Аттиң, бирдей эле себеп менен бир эле нерсени биринен сала бири кайталаган жазуучулардын сазайын окутар киши жок.

*     *     *

Акмак токмогу менен ыйлатат, акылдуу кеби менен сооротот.

*     *     *

Ооба, биз баарыбыз акынбыз. Айырма эле ушунда: бирөөлөр ыр жазат, анткени жазуу колунан келет. Экинчилери ыр жазат, анткени алар өз оюнда ыр жазуу колуман келет деп ойлойт. Ал эми үчүнчүлөрү таптакыр эле ыр жазбайт. Мүмкүн, так ошолор чыныгы акын болуп жүрбөсүн.

*     *     *

Ата журтуңда тоолор да сага калканч-бел.

*     *     *

Акын үчүн өзүнүн почерки, өзүнүн стили – иштин жармысы деген сөз. Ыр кандай гана шумдук ойду камтып турбасын, ал сөзсүз төгөрөгү төп келишкен көркөм болууга тийиш. Жөн эле көркөм эмес, кадимки жаратылышында көркөм болсун. Акын үчүн өзүнүн стилин, өзүн табуу – бул акын болду дегендикке жатат.

*     *     *

Акын өз ырлары үчүн өзү квартира. Акындын ырларынын турак-жайы – акындын жүрөгү эмеспи.

*     *     *

Маданият, цивилизация, кесипти аки-чүкүсүнөн өйдө өздөштүрүү – булар кол менен жасап алчу нерселер. Өзүңдө жок болсо, башкалардан өздөштүрүп аласың. А улуттук сезим деген, элдик сезим деген туулганда адам менен кошо түшчү нерселер.

*     *     *

Ичинде автору көрүнүп турбаган адабий чыгарма, үстүндө киши жок кетип бараткан атка окшош.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Жазуучу деген көзүнө эмне көрүнсө, ошонун баарын жаза бербейт, ошолордон өзүнө керектүүсүн гана иргеп алат. Бир сүйлөм бир залкар ойду сыйдырып алышы мүмкүн. Бир залкар сезим бир сөзгө батып кетиши бар. Бүткүл окуяны бир эпизод баяндап салуусу ажеп.

*     *     *

Жарык болсун үчүн күйүш керек.

*     *     *

Талантты аркасынан түртүп алыштын да, колунан жетелеп жүрүштүн да кереги жок. Ал өзүнө жолду өзү табат, өзү баарынан озуп чыгат.

*     *     *

Жарашыктуу сүйүш үчүн да талант керек. Мүмкүн, талантка керек болгон сүйүүгө караганда, сүйүү үчүн көбүрөк талант керектир. Талантка сүйүү түрткү болорунда кеп жок, бирок аны алмаштыра албайт. Сүйүү эмес жек көрүү жөнүндө деле ушуну айтар элем.

*     *     *

Таланттуу азиз адам зээнсиз көздүүгө караганда алысты көрөт.

*     *     *

Карылык менен жаштык ар убак ич ара салгылашат, алардын уруш талаасы – менин жандүйнөм.

*     *     *

Адам өмүрү чектелүү, ал кыска, а кыял чексиз.

*     *     *

Жазуучунун сындан өтчү “дөбөсү” – өзүнүн туулган жери.

*     *     *

Ак эмгек жумшалган нерсе гана адил баага арзыйт.

*     *     *

Жеген балыгың таттуу болсун десең көлгө барып, өзүң карма.

*     *     *

Ыр суудан коркот деген сөз бар. Ыр деген от, а акындын чыгармачылыгы – чатырап күйүү. Ал ырас, ылайым ырлар суу болбосун.

*     *     *

Колукту койнун ачып турганда столго олтуруп алган адам, лазаттуу аял жанында турганда кагаз, каламын тиктеп үңкүйгөн адам – ал тимеле сопусунган бир шордуу. Токсон тогуз жазган күндө да анын сөзүнө жылаңач наристе чындык түнөбөйт.

*     *     *

Таланттан да мурун акынга керек бир нерсе ушул – ал бүткүл адамдар алдында да, өзүнүн алдында да калп айтпаган ак болушу керек.

*     *     *

– Дүйнөдөгү түрү суук нерсе эмне?

– Коркконунан калтыраган эркектер.

– А андан дагы түрү суук нерсе эмне?

– Коркконунан калтыраган эркектер.

*     *     *

Чыныгы ырды сууга ыргытып жибере алмак белең, ал эл жүрөгүнөн түнөк таап кетет. Эгер ырдын баасы өзү жазылган кагазчалык эле болсо, анда анын сууга акканы оң.

*     *     *

Жалган айтуу – жаңылуу эмес, бул кулк-мүнөздүн бир белгиси. Анын тамыр алып кетүүсү мүмкүн. Бул сенин ички дүйнөңдөгү бир балээ чырмоок. Эгер аны учурунда  тамыры менен жулуп таштабасаң, ал бүткүл ич дүйнөңдүн талаасын каптап алып, жакшылык үрөнүнө өнүм бербей кууратат. Бул жакырчылыкта жалгандыктан ашкан коркунучтуу эчтеме жок.

*     *     *

Жалгандык – бул бетсиздик, ыпластык – бул жугунду. Чындык – бул аруу, тунук тазалык, бул – кирсиз асман. Жалгандык – жүрөксүздүк, чындык – эрдик. Же мунусу, же тигиниси, бул жерде экөөнүн ортосу болуусу мүмкүн эмес.

*     *     *

Күчтүүлөр эч качан көз карашын сатпайт. Алар жердин жер экенине ишенет.

*     *     *

Көз менен көргөнүң чын, кулак менен укканың – калп.

*     *     *

Акыл болбосо, билим болбосо – адам өз көзүнө да ишене албайт.

*     *     *

Талант – жалын. Акыл аны тескейт. Акыл, дасыккан жылкычы азоого ээр салгандай, сулуулукту да жүгөндөп алат.

*     *     *

Сапма сап котормо – көчүрүп кетиш үчүн бүгүп койгон үй сыңары.

Сапма сап котормо – бул көз  нуру өчүп, жүрөгү согуудан калган адам.

Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” китебиндеги учкул ойлор. Китепти кыргыз тилине которгон Аман Токтогулов Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” китебиндеги учкул ойлор. Китепти кыргыз тилине которгон Аман Токтогулов

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз