Үсөн Касыбеков: Фольклорго жаңыча мамиле же көркөм ойлоодогу көнүмүштөр[1]
- 18.08.2021
- 3916
Конкрет сөзгө киришерден оболу адабий көркөм ой жүгүртүүнүн азыркы учуру үчүн илимий-теориялык, адабий-практикалык жагынан эриш-аркак, өз ара тутумдаша келген төмөнкү үч жагдайга кыскача токтоло кетүүнүн жөнү бар.
Кыргыз адабий илими менен сынынын өнүгүү жолунда элдик оозеки чыгарма менен жазма адабияттын ортосундагы тарыхый-көркөм карым-катыш проблемасы борбордук орунда туруп келгендиги жалпыбызга маалым. Асыресе, задисинде кыйла татаал, аяр диалектикалык мамилени талап эткен бул маселеге болгон көз караштар, тилекке каршы, бир беткей эки уюлга ажырап, кез-кези менен элдешпес кызуу кандүу талаш-тартыш жосунун алып, айрым учурларда дискуссиянын маданиятынын нормасынан, парламентардык мамилелердин алкагынан кыйла четтеп кеткен «кара чабуул» кагылышты элестеткен учурларга өсүп жеткендери али да жадымыбыздан өчө элек. Андыктан мындай диалектикалык мамиледен тукулжураган карама-каршы позициялардын илимий чоо-жайын чечмелеп, ажатын ачып алуу максатка ылайык.
Ал эми психологиянын жагдайлары болсо ар бир сынчынын инсанына, темпераментине жараша болот эмеспи. Сөзгө төтө, айта кетели деги эле кыргыз адабий сыны буга чейин, азыр деле, сылыктыгы, сыпайкерчилиги менен анча өзгөчөлөнбөстүгүнө баарыбыз күбөбүз го. Талаштар көбүн эсе идеялардын ички кагылышы болбой, сынчылардын жеке тартышы болуп калууда.
Баамыбызда жогоруда көрсөтүлгөн абалдын түзүлүш себеби барып-келип эле иликтөөнүн ачык, так илимий методологиялык принциптеринин жеткиликтүү түрдө иштелип чыкпагандыгына такалат. Талаштын жүрүшүндө фольклор менен адабияттын карым-катышындагы мына бул зарыл диалектикалык учурлар: фольклор менен адабияттын ар кандай эстетикалык көркөм дөөлөттөр экени, ар башка тарыхый учурлардын көркөм туундулары катары улуттук көркөм аң-сезимдин эки түрдүү тарыхый абалын туюндуруп турары, ошону менен эле бирге көркөм ой жүгүртүүнүн жалпы сомосунан алганда бирдиктүү жана тектеш асыл нарктар системасына кирери дайыма эле көңүлгө алынбай келди да, ошол эле тапта бири бирине бетме-бет карама-каршы же бирин биринен көтөрмөлөп жогору койбоо зарылдыгы дайыма эле аңдала бербеди.
Натыйжада, кыргыз адабий сынында бир тараптуулукка жол ачылып, акыры келип фольклор менен адабияттын карым-катышы жөнүндөгү кызуу талаштын тамызгысы болуп берди. Бул айтылган пикирлер фольклор менен жазма адабияттын карым-катыш проблемасына мамиле этүүнүн жалпы принциптерине тиешелүү.
Эми экинчи маселеге өтөлү. Айта турганыбыз айрым чекене маселелерге байланыштуудай көрүнүшү ыктымал. Бирок негизинде дале болсо жогоруда эскерген жагдайлар менен танапташ. 80-жылдардын ичинде кыргыз прозасында, тактап айтканда, роман жанрынын өнүгүшүндө айгине байкалган бир тенденция баамга урунат. Ал кыргыз романистикасында элдин өткөн тарыхына кызыгуу арта баштаганына тиешелүү. XIX кылымдын орто чени менен экинчи жарымында болуп өткөн тарыхый окуяларды көркөм иликке алуу аракети азыр кыйла өскөндүгүнө Т.Касымбековдун «Кел-кел», Ө.Даникеевдин «Көз ирмемдеги өмүр», Э.Медербековдун «Кызыл жалын», К.Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы», «Ыйык жер» өңдөнгөн тарыхый проблема аркалаган бир катар романдары буга күбө.
Көңүл бурар маанилүү бир учур - бул чыгармалардын көркөм концепциясынын жаралышында, эстетикасы менен поэтикасынын түзүлүшүндө фольклордун көркөм өбөлгөлөрүнүн өтөлгөлүү кызмат эткени. А түгүл айрымдарында - Э.Медербеков мекен К. Осмоналиевдин романдарында элдик санжыралар тарыхый окуяларды көркөм аңдап билүүнүн негизги «материалдык таянычы» болуп берет. Фольклордук жанрлар менен формалар «Кызыл жалын», «Көчмөндөр кагылышы», «Ыйык жер» романдарынын поэтикасынын айрым өзгөчөлүгүн аныктап турган компоненттерден. Демек, бул романдар жөнүндө сөз козгоп жаткан тапта фольклор менен адабияттын алака катыш маселелерине кайрылбай коюуга мүмкүн эмес экендиги өзүнөн өзү айгине.
Үчүнчү жагдай. Ал адабияттагы програсске байланыштуу, тагыраак айтканда, көркөм аң-сезим ар дайым кыймылда болуп өнүгүп, өзгөрүүнү тынымсыз башынан кечирип, мүмкүндүктөрүн кеңейтип, тереңдетип турарына тиешелүү. Көркөм аң-сезимдеги жаңыруунун, толукталуунун белгилери чапчаң эле аңдала коюшу кыйын. Ошентсе да, көркөм ойдун доордук таламына, мезгил сурагына жараша адамзат ой жоруусунун концептуалдуу багыттары менен ирегелеш жашап дайыма өнүгүп, өзгөрүп турушу мыйзамдуу көрүнүш экендиги талаш туудурбайт. Бул эчак эле теориялык жана практикалык далилдерге ээ болгон. Көркөм аң-сезим бирде дымып калат, бирде тездеп жүргөн өрөлөгөн «ренессанстары» да болот.
Канетсе да, барып келип эле ал радикалдуу болобу, салт журүшүндө болобу тынымсыз өзгөрүү, жаңылануу, өнүгүү процесстерин башынан кечирбей койбойт. Прогресс көбүнчө адабияттагы жаңылануу, жаңы белгилер, жаңы жаралган жышаналуу көрүнүштөр менен баюу эсебинен жүрөт, идеялык-структуралык мүмкүндүктөрүн кеңейтип турушу менен анын тагдыры өтөт. Кыскача айтканда, өнүгүү, өзгөрүү көркөм сөз өнөрүнүн түпкүлүктүү мыйзамдарын туюндуруп турган адабияттын негизги категорияларынан.
Көркөм прогресс болгондо да чыгаан таланттардын аракеттеринен гана жаралбайт. Академик Д. С. Лихачевдин пикири боюнча ал «адабяяттын көркөм маңызын жаңыртуунун, кеңейтүүнүн, татаалдаштыруунун кадыресе эле орто өбөлгөлөрүн алып жүргөндөрдүн үлүшүнө туура келет». (Прошлое - будущему, - М.: Наука, 1987, 168 - 6.). Ал эми көркөм прогресс кандайча жүрөт, эмненин эсебинен кыймылга келет, аны кантип аңдайбыз, илинчектүү белгилери барбы деги, - деген суроолордун жаралышы закон ченемдүү.
Д. С. Лихачевдин пикирине дагы кайрылалы. Ал ушул эле эмгегинде адабияттагы көркөм прогресске тете болуп берүүчү, аны аңдап билүүгө өбөлгө түзүүчү бир канча көркөм-структуралык, көркөм-идеялык белгилерди көрсөтөт. Окумуштуунун ою боюнча адабияттагы жышаналуу көрүнүштөргө өбөлгө болгон жагдайлар: көнүмүш матрица, канондордун сейректей бериши, азтордун адабияттагы индивидуалдуулугунун өсүшү, ички уюмдашкандыктын жогорулашы, «эркиндик секторунун» кеңейиши, социалдык учурларга басым коюу, гуманисттик касиеттердин өсүшү ж. б. у. с. кубулуштар саналат. Мындан өнүгүү көбүнесе көркөм сөз өнөрүнүн структура сферасында басымдуу жүрөрү аныкталып турат. Прогресс, эскерте кетели, бир эле көркөм системада, айталы, бир эле адабияттын же фольклордун чегинде жүрүүчү кубулуш эмес, ал элдик оозеки чыгармачылык менен адабияттын тарыхый биримдигинде жаралган көркөм ойдун кыймылы да. Ошентип акырында ушу айткандардан улам келип бири-бири менен терең байланышкан, аз ара шартталышкан үч жагдайга келип такалабыз. Мына ушул - оозеки чыгармачылык менен жазма адабияттын карым-катышындагы диалектикалык учурлар, тактап айтканда, тарыхый романдын структурасындагы (поэтикасындагы) оозеки чыгармачылыктын ролу көркөм ойлоонун тынымсыз жаңыланып турушу өңдөнгөн кубулуштар биз алдыда сөз кылмакчы болгон К. Осмоналиевдин жанатан аталган «Көчмөндөр кагылышы» (1982) менен «Ыйык жер” (1985) эки китебине карата болгон мамилени түрпөйүнөн аныктап, аларды чечмелөөнүн конкреттүү мүмкүндүгүн түзүп, көркөм-структуралык чоо жайын талдоого алуунун методологиялык өбөлгөлөрүнөн болмокчу. Ошентип, эки тарыхый чыгарманын жаралыш изине түшүп, көркөм булактарына көз чаптырып көрөлү.
К.Осмоналиевдин экилтиги (биз эки китептин идеялык тематикалык биримдиги, образдар системасынын жалпылыгы, сюжеттик-композициялык жагынан бири бирин улантып турары, баяндоо типтеринин тектештиги өңдөнгөн белгилерден улам ушундай деп жатабыз) азыркы тарыхый романдардын ичинен адабий журтчулуктун арасында ар түрдүү, бири бири менен коошпогон ар кыл пикирлерди жаратып, ар кандай «окулуп», ар кандай түшүнүлдү. Эске албай койбой турган факты жарык көрөр замат тез эле эл арасына кеңири тарап (айрыкча «Көчмөндөр кыгылышы»), окурман журт ичинде кенен сөзгө арзыган чыгармалардан болду. Демек мындан окурмандардын талабын кайсы бир жагынан канааттандырган чыгарма боло алды деген корутундуга келүүгө болот. Ошентсе да, чорт бүтүм чыгарууга ашыкпай коё туралы. Минтүүнүн өзүнчө жөнү бар.
Албетте, романдын элдин калың катмарына тарап кетиши бекер жеринен болгон жок. Ал көптөгөн рухий-тарыхый, улуттук-атуулдук, башкысы, эстетикалык себептер менен учташат. Окурман менен чыгарманын ортосундагы байланышты ушу ыңгайдан туюнтуп турган философиялык-психологиялык өбөлгөнү камтыган өзүнчө омоктуу проблемага биз бул жерде атайы кенен-кесири токтолуп отурбайбыз. Бир гана сөз учугун улантуу алдында козголгон маселеге түздөн түз байланыштуу коомдук рухий, тарыхый эстетикалык мааниге эгедер айрым бир жагдайларды белгилеп өтүү ылайыктуудай.
Кийинки кездерде улуттук аң-сезим кыйла жандануу процессин башынан кечирип жатканы анык. А бул болсо тарыхый илимде тарыхка ат үстүнөн бир беткей мамиле өтүүдөн улам өткөндүн, анын ичинде XIX кылымдын экинчи жарымындагы бир далай окуялардын ажаты ачылбай калганын иликтөөдө көптөгөн «ак тактардын» жаралышына, ошондон улам турмуш койгон талаптарга жараша алардын ички саясий, экономикалык, рухий мазмундары иликтенбей, бир кыйла илимий кенемтелерди пайда кылганын айгинеледи.
Мына ошол өксүктөрдү, рухий ваакумдарды «толтуруунун» айрым аракеттери биз айткан тарыхый чыгармалардын жаралышына өбөлгө, а тургай түрткү болду десек эп. Тагыраак айтканда, көп жылдардан бери көңүлдө бугуп, көкөйдү өйүп келген тарыхый окуя-даректерди көркөм «каналдар» менен болсо да журчулукка жеткирүү, эл арасындагы тарыхый маалымат каатчылыгын көркөм чыгармалар аркылуу канаттандыруунун объективдүү зарылдыгы кыргыз адабиятындагы көрсөтүлөн тарыхый чыгармалардын жаралышына алып келди. Бул биринчиден. Экинчиден, кыргыз элинин бай жана көп түрдүү фольклорун изилдеген окумуштуулар көбүн эсе «фундаменталдуу» формаларга - элдик эпостор, поэмалар, бери болгондо элдик ырлар, жомоктор менен гана алпурушуп, ал эми оозеки аңгеме - болумуш, даректүү аңыз, санжыра-баян өңдөнгөн элдик тарыхый прозалар тиешелүү маани берилбей, көз жаздымда калтырылып келгендиги кандай болсо да элдин аң-сезиминдеги тарыхый «боштуктарын» жаратпай койбоду.
Аңыз, болумуш, санжыра фольклордо турмуш чындыгы менен көркөм жалпылоонун синтездик чегинде туруп, өзүнө тарыхый даректердин өзөгүн камтып турган жанрлардан экени талашсыз. Так ушунусу - алардын турмуш фактысы менен түздөн түз байланыштуу - кыргыз, деги эле жалпы советтик фольклористика илиминде көп мезгилдерде толук кандуу фольклордук «рангага» киргизип изилдөөгө алууга, алардын ички маңыздарын ачып берүүгө болгон ниет, аракеттерден тарткынчактаткан кедергилерден болду десек жаңылбайбыз. Бирок кантсе бул себеп ар кандай эле илимий изилдөөгө татыктуу көркөм нарктар бери эле болгондо иликтөөнүн алгачкы ырасмысы делинген иштерди материалдарды чогултууну (Кыргыз академиясынын кол жазмалар фондусунда андайлар ырасында абдан көп), аларды системалаштыруу, иретке салуу, басмадан чыгарып, илимий таржымалын (коментарийин) берүү сыяктанган иштерди (бул жагынан тектеш элдер казак, өзүбектерде иш дурус жолго коюлуп, алгылыктуу натыйжаларга ээ), текстологиялык зарыл жумуштарды аткаруу милдетинен бошотпосу талашсыз.
Ырас, тарых илими сыяктуу эле бул жерде да XIX кылымга тиешелүү саясий-социалдык айрым окуя; кубулуштарды, ага байланышкан тарыхый ысымдарды чагылдырган болумуш, санжыра, элдик баяндарды жарыялап, иликке алууга болгон тыйуу салуулардын терс таасири эл тарыхына байланышкан айрым маалыматтарды кажетсиз түрдө көркөм аң-сезимдин түпкүрүнө түртүп» таштоого мажбурланган. Асыресе, бул терс жосундардын түпкүлүгү көпчүлүк окурман үчүн кейиштүү болгондугун, элдин руханий дүйнөсүндөгү кенемтелерге дуушар гана кылбастан, көркөм маданияттын табигый ырасмылуу өнүгүш жолуна бир топ кесепетин тийгизгенин эскербей коё албайбыз. Тилекке жараша, эл мурасы калк арасында оозеки формасында болсо да өмүрүн үзбөй келди, а бул өз кезегинде Т. Касымбеков, Ө.Даникеев, Э. Медербеков, К. Осмоналиев сыяктуу жазуучулардын романдарынын жаралышына рухий эстетикалык өбөлгө болуп берди.
Алардын романдарынын структурасында эл чыгармасы кадыресе көркөм функциялык милдет өтөдү, окурмандардын ички муктаждыктарын кандырып, кызыгуусун жандырып, жактыруусуна, кубаттоосуна ээ болду. Мына ушул жагдайлар К.Осмоналиевдин экилтигин да окурмандар арасына кенен таралышында белгилүү даражада өз милдетин аткарды десек жаңылышпайбыз. «Көчмөндөр кагылышы» менен «Ыйык жердин» өзүнө тартып турган касиети өткөн мезгил жөнүндөгү оозеки чыгармалардын көмөгү аркылуу эл дилинде сакталып, жарыя айтылбаган тарыхый даректерди берип турушу менен көп жагынан байланыштуу десек болот.
Айта турган дагы бир нерсе, К.Осмоналиев эки илтигинде башка романчылардан айырмаланып, тарыхый адамдардын ысымдарын өз аталышы менен эмес, өзгөртүп берет. Бул да болсо командалык-административдик учурдун пейилин алып жүргөн «көрөнчөк көздөрдү» жазгырып кетүүгө болгон жазуучунун - «амалы» экендиги белгилүү. Чыгармалардагы каармандар Казаттын тарыхый ысымы Ормон, Жанкечти болсо Үмөталы, Опол - Төрөкелди, Баскынхан - Кенесары, Тайбаскул - Балбай, Олойкан - Боромбай, Эсил төрө - Тезек султан, Тикбай - Байтик, Жылматай - Жантай, Баккоргон - Шабдан ж.б. болуп берилет. Болгондо да алардын - «кличкалары» автордун эмоционалдык - субъективдүү мамилесине, түшүнүктөрүнө, жеке маанай темпераментине баш ийдирилип, каармандардын кулк мүнөз, иш жоруктарынын сырткы белгилерине байланыштырылып (Казат, Опол, Баскын хан ж.б) же жөнөкөй инверциянын законуна ылайык (Тикбай - Байтик, Эсил - Тезек, ж. б.) коюлат. Ат которуштуруу көнүмүшү буга чейин ачык айтылып жүргөн ысымдарды деле «тергеп» кетмейге чейин алып барат.
Айтсак, Курмарбек - Болот, Акнаар – Ак Мөөр, Тополоң - Куйручук Саякатчы (кээде Кыдырмачы) - П. П Семенов-Тянь-Шанский ж. б. Неси болсо да окурман алардын тарыхтагы социалдык, саясий ордун иштеген иштеринен, кулк мүнөздөрүнөн болгоолоп, кимдин ким экендигин таанып окуй алат. Бирок романдагы чагылдырылган тарыхый окуялар, эл оозундагы санжыралар менен анча кабары жок адам кыйла чайналып чаташпай койбойт. Бир караганда эч кандай «айыбы» жок өңдөнгөн автордун «жоосундарында» айрым терс натыйжалар да катылган. Окурманды чыгарманын жанрдык табиятын тактап, тарыхый фактылар менен көркөм дүйнөнүн, фольклор менен адабияттын ортосундагы карым-катнаштын деңгээлин так ажырымдап алуусуна жолтоолук жасап, чаташтырууга алып келет да, эки илтиктин көркөм дүйнөсүнө сүңгүүгө кыйла кедергилик этери бышык.
«Көчмөндөр кагылышы» менен - «Ыйык жердин» берки тарыхый романдардан (Э.Медербековдун «Кызыл жалынынан» башкасы) дагы бир өзгөчөлүгү фольклордун - «платформасына» дүңүнөн таянгандыгы. Элдик оозеки баяндын (болумуш, аңыз, санжыралардын) калыптанган жанрдык композициялык, сюжеттик-стилдик принциптери экилтиктин стуктуралык табиятын аныктап турган семантикалык касиет десек да болот. Психологдордун тили менен айтканда, элдик оозеки баяндагы калыптанган генетикалык код К.Осмоналиевдин ушул чыгармаларынын өзгөчөлүгүн жалпы жонунан аныктаган касиеттерден.
Эми элдик тарыхый оозеки баян жогоруда экерген тарыхый чыгармалардын көркөм структурасында кандай функционалдык милдет аркалайт деген соболго жооп берүүгө аракеттенели. Фольклор Т. Касымбеков менен Ө. Даникеевдин чыгармаларында тарыхый проблемалардын коюлуп, көркөм иликтенишинде көмөкчү элементтер гана катары катышат. К.Осмоналиевдин экилтигинде болсо, элдик оозеки баянга болгон мамиле тигилерден бир топ айырмалуу - бул жерде биз фольклор адабияттын поэтикасындагы составдын элементи же адабиятка фольклордун айрым мотивдеринин катышы жөнүндө гана сөз козгой албайбыз. Фольклор, тактап айтканда, элдик оозеки тарыхый баян формалары эки илтике жонунан көркөм-эстетикалык, көркөм структуралык жалпы ориентир болуп кызмат аткарат. Бир сөз менен айтканда, эки чыгарманын көркөм дүйнөсү фольклордун эстетикасы менен поэтикасынын кыртышына таянылып курулган.
«Көчмөндөр кагылышы» менен «Ыйык жер» баяндоонун фольклордук эпикалык формасына, б. а. наррация (аңгемелөө) ыгына негизделген, мында туюнтуу сүрөттөө ыкмаларына эмес, түрпүнөн баяндап берүүгө багындырылган. Ошондуктан полифониялык сүрөттөөлөргө, психологиялык талдоолорго кыйла эле чукак. Эки илтикке тарыхый окуя, адамдарды туюндурууга, конкреттүү сүрөттөөгө караганда дүңүнөн баяндап берүү, сюжеттик кыймылга (аракет, жоруктардын ички жана сырткы касиеттерин өз ара биримдиктен алып чагылдыруу) караганда фабуланын жүрүнгү (окуянын жалпы өнүгүшү) басымдуу.
Айтып жаткакандарыбыз чаргытма эссеизм сыпатында көрүнүп, субъективдүү эмоционалдык пикир «ыраңында» болуп калбасын үчүн конкреттүү мисалдарга кайрылалы. Ан үчүн эки илтикте типтүү көрүнүш болгон баяндоонун төмөнкүдөй түрмөктөрүнөн алып көрсөк эле жетиштүү.
«Эл таанып кыйкырса да, түпөйүл кыйкырды. Анткени, бет келчү чыкпай күткөнү көп болгон төө балбандын жыгылуусу ушунчалык тез болду. Коной ошондон баштап, нечен дубан баш кошкон аш тойго барып күрөшкөн. Бир да жолу жер таянып, айры төштүн алдында калбаган. Кийин бир тууган жээни Шыгай күчтүү чыгат. Ал таякесинин кайкы тумшук бийик такалуу өтүгүнүн такасынан кармайт. Коной илинбей төргө барып отурат, така жээнинин колунда калат. Ошол жээни улгайган таякесинин ой-боюна койбой ээн коктуда күч сынашып атып жыгат». «Ате болбостур! Жыгылган күлгөнү өлөм» - деген шертим бар эле, деген Коной үйүнө барып, төшөк тартып, жума турбай көз жумган». (Көчмөндөр кагылышы»177-бет).
«Кудай бетин салбасын! Күн чымылдап ысып, түш чен болчу. Төө чепкенин желбегейлеп малакай кийген Эдиге ажы эки небересин ээрчитип саздан кемирчек казып жүрөт».(Ыйык жер», 225-бет).
Элдик оозеки баяндын романдагы рудименттериби булар? Же алардын адабиятка трансплантацияланышыбы? Фольклордун беллетризацияланышыбы? Тигиниси да, мунусу да оош-кыйыш дегендей.
Асыресе, мисал катары келтирилген түрмөктөрдө өзгөчө бөлүнүп турган нерсе эпикалык элдик оозеки аңгемелөөнүн принциптери эки илтиктин баяндоо формасын жалпысынан аныктап турганында.
Симптомдору мына бул кубулуштардан оңой эле байкалат: баяндоодо кубулуштардын ички динамикасына эмес жонунан алынган окуяларга, сюжеттик өнүгүүдө жана адамды сүрөттөөдө окуянын, каармандын жан дүйнөсүнүн психологиялык мотивдерине эмес, анын сырткы аракет-жоруктарына, ага байланышкан жалпы жагдайларга басым коюудан көрүнөт. Бул жагдай болсо эки илтиктин сюжеттик-композициялык өзгөчөлүгүнө кадимкидей таасир эткени анык.
Эки илтик композициялык жактан бир бүтүмдүккө жетише да албаган: анын жалпы структурасын өзүнө биримдештирип турган, негизги бир концептуалдуу ойду сүймөлөгөн бирдиктүү сюжеттик өнүгүү жок деп кесе айтсак да болот. «Көчмөндөр кагылышы» менен “Ыйык жердин» структурасы фольклордун поэтикасында калыптанган локалдуу окуяларды баядоонун ченемдеринин негизинде түзүлүп, аларды бири менен бирин эркин туташтыруу аракетине баш ийдирилип каралган. Ар бир жаңы окуя түрмөгү жаңы каарман жөнүндө баян этип, анын өткөн-кеткени же учурдагы кылык-жоруктары, тек жалпы эле мүнөз сапаттарын өз-өзүнчө алып аңгемелөөнүн эсебинен романдын пайдубалы тургузулгандыгы айканыбызга далил.
Автор бир түрмөктүү окуядан экинчисине өтүүдө эзелтеден көнүмүш болгон элдик баяндын поэтикасындагы эркин жалгаштыруу жолдоруна көбүрөк жол берип, окуялар жүрүшүн ушул ыкка салып чубалжытып жүрүп олтурат. Мүнөздүү мисал: «...Ачыгып калган неме сасыгына караган жок. Алдыга коюлар замат умтулуп каржиликти алды... Каржилик деген каржилик... Каржилик тууралуу мындай деген уламыш бар: мыкты ат минген жигит чоң базар чыккан имиш». («Көчмөндөр кагылышы», 223-224-6. Алдын сызган биз бул жерде, кийин да - Ү.К). Же болбосо – “Канкор демекчи... Тоскон Тогуз-Торого келсе...» - Кочкор демекчи. Акмактык деги эмнеден келет болду экен?» «Анысы мындайча экен: Тоо арасында малдын сүйүктүүсү - жылкы ж.б. ушул өңдөнгөн туруктуу түрмөк сөз - шылтоолор» менен андан ары табылган «темага» өтүп уланып бутташып жүрө берет. А түгүл бир инсанга байланышкан эпизоддон экинчисинин таржымалына өтүүнүн ыктары да жогорку айткан ыкмаларга коёндой окшош. Анын схемалык турпаты негизинен мындайча: «Качыкенин экинчи аялынан Эралы мырза... Беш күн мурда досу Оёнбек келген...» («Көчмөндөр кагылышы», 23-б,).Ушундан соң андан ары Оёнбек жөнүндө узун кеп улантып кете берет. Логикалык ички байланышы көпшөк, келки келки эпизоддор романдын негизги сюжеттик-композициялык керегесин түзөт десек болот. Ошентип элдик оозеки баяндарга калыптанган аңгеме ыгы турган турушу менен романда пайдаланылат да, ал эми ийгиликтин романдык баяндоосун аныктап турган өзгөчө камертону болуп кирет.
Окуяларды ички көркөм структуралык биримдигине карабай, сырткы «темалык» жактары боюнча жалгаштыруу оозеки баяндарга, узун сабак этнографиялык мүнөздүү аңгемелерине да мүнөздүү. «Жоолук таштамай», “Ак чөлмөк», «Дүмпүлдөк» өңдөнгөн улуттук оюндарды сүрөттөө, Соорунун ашына байланыштуу «төө чечмей», «таз чабыш» баяндары эки илтиктин жалпы сюжеттик-композициялык уңгусу менен тутумдаша романдарда функционалдык көркөм милдет көтөрбөгөн өз алдынча сүрөттөмөлөр болуп калышы да бири-бири менен элдик оозеки чыгармалардын жалгаштыруу ыгына механикалык түрдө которулгандыгын каңкуулап турат. Мындай абал пейзаждык, портреттик сүрөттөмөлөрдө да көрүнөт. Алар көбүнесе учурдун өзгөчөлүгүн, жердин шартын кабарлоого баш ийдирилип, адам менен окуянын жалпы турпатынан дарек айтуу менен чектелет. Мындан улам аларда роман үчүн мүнөздүү болгон адамдын психологиялык сапат, мүнөз касиеттерин, жагдайдын психологиялык өзгөчөлүгүн изилдөө зарылдыгы келип чыкпагандыгы түшүнүктүү.
Чыгармалардын жалпы сомосунда атайын көркөм функция көтөрмөлөбөгөн, турмуштун жөн жай айрым учурларынын конкрет анилизге айланып кете албаган абалдары кыйла.
«Тэриси сыйрылган бээнин этин, тиги эки жигиттин колундагы бычак ары шалап, бери шалап күү-күү эттире колу, санын сөгүп, берки жайылган тери үстүнө тыштайт. Төш кемирчегине бычак уруп, куш эте жел чыгып сол колун сойлото көкүрөк этти көтөрүп, төмөн чандырга чейин түз тартат. Быржыйган казы түйрүлө берсе, союп аткан кубанат - эки эли. Бышканда үч, Он бештен отуз чучук». («Көчмөндөр кагылышы», 47-6.). Соорунун ашына карата болгон камылгаларды чагылдырган бул эпизоддор романдын жалпы концепциялык-сюжеттик контекстинде орчундуу идеялык, психологиялык мааниге ээ эмес, алар болгону жалпы фон гана катары колдонулган, турмуштун демейдеги жайынча сүрөтү катары кала берген. Аларды жалпы контекстен эч зыянсыз алып таштоого оңой. Ал эми бир бүтүн көркөм туундунун «имаратынан» бир кирпичти да «сууруп» таштай албайсың, анткени, «дубал» урап калышы этимал эмеспи.
Деги эле «Эл ичинде алтынга айырбаштагыс төрт сап ыр бар. Муну айтыштын себеби... Тикбай демекчи... Сынчы айткандай эле Көл башында элден Сологой аттуу ырчы чыгат... » ж. б. у. с. оозеки баяндын табиятына мүнөздүү формулалары, шыгырата коюлган көп чекит белгилери эки илтикте камтылган окуялар себептик-натыйжалык байланышка муктаж экендигин айгинелеп келип, алар өз-өзүнчө турган түрмөктөрдөн «куралгандыгын» дааналап турат. Б. а. эки илтик ар кандай фольклордук чакан жанрдык формадагы (аңыз, аңгеме-баян, санжыра, болумуш) окуя түрмөктөрүнүн конгломератынан тургузулгандыгынан улам сюжеттин логикалык биримдигин табуу кыйын.
Мындай болгондо окурман эклектикалык токойдон кандайча адашпай чыгып, окуялардын биримдиги жөнүндө жалпы түшүнүк ала алат деген суроо берилиши шексиз. Тилекке жараша, жардамга бир жагынан окурмандын аң-сезиминде мурдатан өз алдынча калыптанган XIX кылымдагы окуялар жөнүндөгү элдик тарыхый баяндардан калпып алынган реалдуу аңыты, экинчи жагынан ошол эле оозеки баяндарда узак мөөнөттөр аралыгында иштелип чыгып калыптанган композициялык структурасынын ырааты келет. Бул факторлор окурмандын эки илтик менен таанышуу процессинде чагылдырылып жаткан окуяларды иретке келтирип, «маанилик жагынан» тартипке салып турган башкы «конститутивдик» күч.
Романдардагы сюжеттик эклектиканын жаралышынын түпкү себептери эмнеде жана ал кантип, кайдан келип чыкты? Деги эле чулу бир ойду концептуалдуу бир ыраатта өнүктүрүп, бирдиктүү идеяны төтөлөгөн сюжеттик-композициялык структуранын кем-карчтыгы эмне менен түшүндүрүлөт? Бул суроолордун жооптору барып келип эле фольклордук туундуларды (анын ичинде элдик тарыхый прозаны) адабиятта өздөштүрүүнүн ар түрдүү принциптери менен байланышкан. Фольклор адабиятта беллетризациялоого гана өбөлгө болучу баштапкы же «чийки» материал эмес. Биринчи кезекте фольклорго болгон адабияттын мамилеси элдик оозеки чыгармаларда жаралган эстетикалык дөөлөттөрдү андан ары чыгармачылык менен улантууга жана тереңдетүүгө мүмкүндүк түзүп турган көркөм ойлоонун белгилүү этабы катары кабылдоону шартташы керек.
Фольклордук жанрларга болгон мамиле экинчи жагынан учурдагы адабияттык көркөм-идеялык талаптарына, дүйнөнү көркөм кабылдоонун негиздүү көз караштарына ылайык кайрадан иштеп чыгуунун өбөлгөлөрүн туюндурат. Демек, алардын өз ара катышы көркөм өнүгүү процессинин кан жолунан алганда бир жагынан фольклорду чыгармачылык менен өздөштүрүү, экинчи жагынан, жаралган көркөм майнаптарды тереңдетүү жана ушулардын негизинде көркөм ырасмыларды жаратуу талаптарына баш ийдирилет. Ушунун өзү фольклордун баштапкы негиздери К. Осмоналиевдин эки илтигинде кандайча жана кандай деңгээлде өздөштүрүлүп, адабияттын кандай формаларында трансформацияланып жүзөгө ашырылып жатат деген соболго жооп издөөгө алып келет.
Фольклор менен адабияттын өз ара мамилеси туруктуубу же өзгөрүлүп турабы? Чынында бул суроого «ооба» же «жок» деп кесе жооп берүү кыйын. Анын тарыхый-эстетикалык жөнү бар. Улуттук адабияттын жаралыш кезегинде элдик оозеки чыгарманын ролу кыйла зор - эгер аныктоочу дебесек - ал адабияттын жаралып, телчигип карууга киришине көмөк берет, канат кагып учуп чыгуусуна старт болгон өзгөчө аянтча катары кызмат этет, андан ары өнүгүүсү үчүн огожо болот. Бул жагынан алганда алардын өз ара мамилеси туруктуу. Ал эми улуттук адабият калыптанган, тактап айтканда, адабият адабият деген накта атына эгедер болгон маалында, өздүк эстетикасы манен поэтикасын иштеп чыккан кезеңде фольклордун түз таасири сээлдей баштайт, тактап айтканда, адабиятка тийгизген таасири башкача сапатка өтөт.
Элдик оозеки чыгармачылыктын көркөм образдык, структуралык жалпы принциптери эмес, фольклордун тереңдеги социалдык-нравалык, философиялык угуттарына кызыгуу артат. Бул жагынан караганда ал өзгөрмөлүү.
Мындай диалектикалык биримдикке эгедер эки тараптуу күчтөрдүн өз ара тогошкон жолдору улуттук адабияттардын жаралышында типтүү нерсе экендигин байкоо кыйын деле эмес.
Элдик чыгармачылык менен адабияттын арасындагы алака-катнаштын кийинки биз жогоруда айткан экинчи этаптагы жаңы бийиктиги, тереңдиги жана сапаттык өнүмдөрү Ч. Айтматовдун чыгармачылыгында таамай чагылды. Ч. Айтматовдун эстетикалык сабактары элдик казынага болгон мамиленин инерттүүлүгү, дүңүнөн жалпы принциптерин гана кабылдоо азыр алда кайда үлбүлдөп калган анахронизм болуп калгандыгын айгинелеп, эки көркөм дүйнөнүн өз ара карым-катнашы жөнүндө сөз козгоп жатканда адабияттагы фольклор, анын табылгаларын адабиятка пайдалануу менен чектелүү адабияттын тарыхый ой жоруунун кербен жолунан өксүп калуу дегендикти билдирерин туюндурган өзгөчө бир рухий-психологиялык жагдай түздү. Ошентип, жазуучунун тажрыйбасы азыркы кезде эстетикалык жаңы талап, фольклорго көркөм аң-сезимдин өнүккөн жаңы бийиктигинен мамиле этүүнү кабыргасынан койду.
К. Осмоналиевдин эки илтигинде, тактап айтканда, бир гана «Ыйык жердин» биринчи бөлүгүндө, белгилүү орус саякатчысы географ П. П. Семенов-Тяншанскийге байланышкан учурларды эске албаганда, тарыхый документ даректер жокко эсе. Албетте, мындан тарыхый роман эл жашоосун көркөм изилдөэге алууда жалаң гана даректүү документтарге таянышы керек деген пикир жаралбашы керек.
К. Осмоналиевдин тарыхый романынын тибиндеги чыгармалар совет романистикасында кыйла эле бар (каракалпак романчысы Т.Каипбергеновдун «Каракалпактар дастаны» училтигин эске алалы). Ошондуктан конкреттүү көркөм идеялык максаттарга ылайык тарыхый принциптердин таламдарына жараша элдик оозеки баяндарды да тарыхый романдар да кадыресе негиз кылып алуусу толук ыктымал. Элдик тарыхый прозанын жанрлары улуттук адабиятта элдин өткөндөгү жашоосундагы күндөлүк тиричилиги, өзгөчөлүгү, адат-салттары рухий чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү, социалдык-саясий умтулууларын өзүнө камтыган кадимкидей толук кандуу тарыхый булак болуп берерин да эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан, тарыхый роман да фольклордук ички тарыхый ресурстарын, тарыхый өбөлгөлөрүн пайдалана алышы, а түгүл К. Осмоналиевдин чыгармаларында көрүнгөндөй, аны көркөм ориентир кылып алышы мыйзамдуу эле көрүнүштөрдөн десек апырткандык эмес. Демек, мындай типтеги романдарды дүңүнөн жеришибиз натуура болор.
Ырас, бул жерде адабий аң-сезимдин жалпы өнүгүшүнөн алганда, адабиятта элдик тарыхый прозага (жалпы эле элдик оозеки чыгармалардын комплексине) дүңүнөн ориентир жасоо улут адабиятынын алгачкы учурунда күчтүү болуп, непада көркөм ой жүгүртүүнүн кийинки этаптарында аңдалып-тергеле бергенин, анан эстетикалык жана тарыхый ырааттуу даректерине жол бошото баштаганын эстен чыгарбашыбыз жөндүү. Ошону менен эле бирге ошол элдин көркөм аң-сезиминде жашаган тарыхый өбөлгөлөрдү өнүккөн тарыхый аң-сезимдин талаптарына, көркөм ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнүн дооматтарына ылайык аңдап билип, көркөм ийге жеткире билүү чеберчилигине да терең байланышкандыгы кийинки көркөм адабий чыгармачылыкта башкы талаптардан болуп кала берери да күмөнсүз.
К. Осмоналиевдин тарыхый эки илтигиндеги фольклорго мамиле - бизге белгилүү болгондой - адабий ой жоруунун алгачкы этаптарына мүнөздүү ыктарында жүргүзүлөт. «Көчмөндөр кагылышы» менен «Ыйык жерде» фольклор сомосунан кабылданып, ал адабиятта беллетризациялоо принцибине баш ийдирилет да, мындан адабият жанрынын катарында турган тарыхый романдын көркөм структуралык таламдарына, эстетикалык мыйзамына анын (фольклордук тарыхый баяндын) өң-түспөлү, маани-мазмуну терең өзгөрүлбөй, ылайыктанбай, сулпунан сомдолгонун байкоого болот. Ушул учурда биз фольклордун адабиятка айрым өзгөртүүлөр менен трансплантацияланышынын айрым бир кубулушуна гана күбө болуп жатабыз десек аша чапкандык эмес. Байыркы элдик тарыхый прозалардын: болумуш, уламыш, санжыралардын баштапкы калыптанган жанрдык-стилдик өзгөчөлүгү, сюжет куруу ыктары, композициясы эки илтиктин жалпы структурасын аныктаган негизги, айтар элек, жетектөөчү өбөлгөлөрү болуп жаткандыгы да мына ушуну айкындап турат.
Эки илтиктин сюжеттик-композициялык курулушу идеялык бир бүтүндүккө эгедер окуяларды көркөм жалпылоо максатына баш ийдирилбеген. Ал - фрагментардуу. Композициясы санжыра, болумуш, аңыз өңдөнгөн фольклордун жанрларынын алкагы менен аныкталып тургандыгы буга айкын далил. Оозеки жанрлардын көптөгөн калдыктары калыбын өзгөртпөй романда сакталганы, окуяны сүрөттөө элдик оозеки аңгеменин ыктарында жүргүзүлөрү, а түгүл автордук адабий баянга караганда фольклордук аңгемечинин баяндоо манерасы, салты сюжеттин негизги кыймылдаткыч күчү болуп катышары бир жагынан романдагы фольклордуулукту (фольклоризм) көрсөтүп турса, экинчи жагынан кыйыр түрдө чыгарманын композициялык сюжеттик түзүлүшү ич ара биримдикке эгедер эместигин айгинелеп турат.
Ошентип, К. Осмоналиев фольклорду чыгармачыл өздөштүрүүнүн ордуна анын стихиясына алдырып жибериши, албетте, бул романдары үчүн терс таасирин тийгизбей койбогон. Өткөндүк көркөм тажрыйбасына чыгармачылык менен жаңыча мамиле этүүнү, адабияттын учурдагы бийиктигине чыгып, аны трансформациялоону, кыскасы, салт менен жаңычылдыктык диалектикалык биримдигинде чыгарма жаратууну иш процессинде көңүлдөн чыгаруу, албетте, көркөм ой жүгүртүүнүн көнүмүштөрүнө жол берери, жаңыча ой жорууну өнүктүрүүгө кедерги болору талашсыз. Бул бир жагынан. Экинчиден, салт мекен жаңычылдыктык диалектикалык карым-катышынын эки илтикте «тең салмактуулугунун» сакталбашы же кыргыз сынчылары айтып жүрүшкөндөй анын «фольклордун туткунунда» калышы «Көчмөндөр кагылышы» менен «Ыйык жердин» поэтикасындагы эклектиканын көрүнүштөрүнүн жаралышына алып келген.
Романдагы композициялык ыраатсыздыктын дагы бир себебин, тагыраак айтканда, анын өбөлгөлөрүн кыйыр түрдө төмөнкү мисалдар аркылуу көрсөтсөк болот. Биз роман ар түрдүү элдик тарыхый чакан жанрлардын базасында жаралган дедик. Чындыгынды мындай атоо шарттуу түрдө гана, иш жүзүндө элдик тарыхый баяндар сөздүн түз маанисинде жанрдык касиетке эгедер эмес экени маалым, тактап айтканда, жанрдык белгилер алар да эмбрионалдык абалда гана жашайт. Аларды фольклордун чакан баян формаларына ыйгарганыбыз жөн. Ошондуктан элдик тарыхый баяндар романдын көп катмарлуу, татаал, ошону менен эле бирге бузулуп-жарылбаган бир бүтүн жанрдык табиятына кайчы келип жатканы анык. Элдик тарыхый баяндар: уламыш, санжыра, болмуштардын бир бүтүн жанрлык-структуралык көркөм касиетке өнүгүп жетиши үчүн, айталы, бери болгондо эпос башынан кечиргендей тарыхый өнүгүш жолун басып өтүп, калыптануу процесстин чыпкасынан элениши талап кылынат.
Эпостун калыптанышын, мисалы, дүйнөлүк маданияттын чыгаан изилдөөчүлөрү болгон окумуштуулар А. Н. Веселовский аңыз болумуштардын циклизацияланышынан көрсө, Т. Хайслер бир же бир нече болумуш-аңгемелердин мезгилдин жүрүшү менен акырындап бири-бирин толуктап, барсайып, (разбухание) кетишинен, ал эми А. Лорд менен М. Парри байыркы сюжеттердин фольклордун тарыхый жашоо процессинде татаал модификацияга дуушар болушунан деп түшүндүрүшөт. Бул жерде кимдин көз карашы чындыкка канчалык жакындыгын аныктоо максатыбыз эмес. Зарылдыгы деле жок. Талашсыз бир нерсе - элдик тарыхый чакан баяндар экинчи бир жаңы сапаттык жанрдык касиетке (эпоско) өсүп өтүшү ички көркөм структуралык, көркөм идеялык биримдикке ээ болуусу аркылуу гана мүмкүн экендигинде. Мына ушул талап жүзөгө ашканда гана концептуалдуу бир бүтүн идеяга, жанрдык-стилдик, сюжеттик биримдикке эгедер көркөм туунду жаралат.
Тилекке каршы, К. Осмоналиевдин эки илтигинен фольклорду өздөштүрүүнүн кыймылында жаралган мындай касиет-белгилерди көрө албайбыз. «Көчмөндөр кагылышы» менен «Ыйык жерде» форма менен функциянын өз ара бири-бирин шартташы» (Ф. Энгельс) ийгиликтүү жүзөгө ашканына кепил боло албайбыз. Романдын функциясы адабияттын табиятына ылайык тарыхый окуяларды көркөм аңдап билүү максатын коюп, тарыхый проблема көтөрсө, формасы фольклордун, тактап айтканда, болумуш, уламыш, санжыра өңдөнгөн элдик тарыхый баяндардын поэтикасы менен эстетикасына байланышат. Натыйжада, биз адабият менен фольклордун өзгөчө бир таң калычтуу симбиозуна туш болуп отурабыз.
Эскергендей, роман бири менен бири таптакыр эле коошпогон, биримдигин аңдап билүүгө мүмкүн болбогон ыраатсыз окуялардын конгломератынан турат деп так кесер жыйынтык чыгарышыбыз да болбос. Анда канетсе да фольклордун табиятынан чыпкаланып алынган автордун эркинен тыш турган өзгөчө логика бар. Чыгарма менен таанышып жаткан окурманды окуялардын лабиринтинен адаштырбай куткарып чыгар жипче эки илтикте канетсе да жашайт. Асыресе, буга өбөлгө болуп турган нерсе романдын жазуучу түзгөн структурасынын ички ырааттуулугу эмес, ал оболу элдик баяндардагы андан кийин эки илтикке «көчүрүлгөн» тарыхый чындыктын логикасы, XIX кылымдын экинчи жарымындагы тарыхый окуялардын, элдин аң-сезиминде жашап келген окуялардын логикасы, башкача айтканда, элдин тарыхый жадында (историческая память) «тизмектелип» калыптанган жалпы хронологиялык фонд окурман эки илтикти бүтүндүккө бириктире алышына негизги көмөкчү десек жаңылыштык эмес. Эки илтиктин поэтикасын кабылдоого башкы үлүш кошкон бул жагдайды эске албаганда алардын композициялык биримдиги жөнүндө сөз айтуу өтө эле кыйын.
Эки илтиктин көркөм структурасы элдик тарыхый баяндардын ар түрдүү жанрлар формасынын келкилеринен гана турбайт. Аларда, тактап айтканда, «Ыйык жер» романында, жогоруда эскерилгендей, жазма түрүндөгү тарыхый даректер жолугат. Сөз байкалып тургандыр, андагы «Саякатчы» бөлүмү жөнүндө баратат. Саякатчынын окуясы - окумуштуу-географ П. П. Семенов Тяншанскийдин Европа илимий чөйрөсүнөн алгачкылардан болуп Ысык-Көлгө жасаган 1856-1857-жылдагы экспедициясы жөнүндө.
Айтмакчы, жаш сынчы С.Тиллебаев «Тарых так мамилеге муктаж» (Кырг. мад., 9-июль, 1987) деген макаласында ушул жагдайды эскере келип, Саякатчынын образынын документтик тек жайы А. И. Алдан-Семеновдун «Семенов-Тянь-Шанский» (М.; Молодая гвардия, 1965) деген китебине барып такаларын белгилейт. Непада ал Саякатчынын образынын тек жайы ушу китепте жатканын далилдөө үчүн кыйла логикалык чымырканууну баштан кемирип, бир топ эле «силлогизм убаракерчилигин» тартыптыр. Макалада текстологиялык талдоолор жүргүзүлөт: деталдарды, ысымдарды тактоо, диалог куруу ыктарынын сюжеттик-композициялык окшоштуктары, алардын биринен бирине (А. И. Алдан-Семеновдон К, Осмоналиевге) көчүрүлүп келиш жосундары жөнүндө узун сабак сөздөр айтылат. Арийне, С. Тиллебаев «Ыйык жердеги» «Саякатчы» менен байланыштырып жаткан «түпкү варианттын» да өзүнчө туп нускасы бар экендигин айтуубуз зарыл. Ал П. П. Семенов-Тяншанскийдин бир нече ирет басылып чыккан «Тянь-Шанга саякат» жана «Мемуарлар» деген эмгегине барып тутумдашарын эске алуу акыйкаттуу болмокчу. Ошондуктан К. Осмоналиев А. И. Алдан-Семеновдун китебине (кыргызча котормосуна) кайрылып жаткан тапта да (чынында эле ушундай экенине рецензенттин далалаттуу далилдеринен улам ишенбей коюшка мүмкүн эмес) түпкү нускага сынчынын көз жумду кылып коюшун бир жактуулук катары гана мүнөздөөгө туура келет. Адабий сындын илимий маданиятынын талаптары изилденүүчү предметтин эң баштапкы булактарына таянуу зарылдыгын көздөйт.
[1] Үсөн Касыбеков. Фольклорго жаңыча мамиле же көркөм ойлоодогу көнүмүштөр. Адабий сын. Адабият таануу //... 153-159-беттер.