О`Шакир: Эстен кеткис эссе

  • 21.08.2021
  • 6304

О`Шакир: Эстен кеткис эссе

(Мамбетасан Ибраев досума арнайм)

Түшкө не гана кирбейт. Эң жакшы түш – өз балалыгыңды көргөнүң. Капкайда калган балалык күндөрүм, алыста калган элестер... Жыл өткөн сайын жүрөктү сыйрыган элестер балалыгың менен эле жаштык кезиң экен. Анан балдарыңдын бала кездегиси түшүңө киргендеби – ушундай таттуу десең. Балдарыңдын бойтоңдоп жүргөн кезин түшүңдөн көрсөң да эбедей эзилет ко. Шириндигин айт. А бойсунуп чоңоюп алышкандан кийин, баягысындай өптүрбөйт, баягысындай оңкочук-тоңкочук атып чогуу ойногулары келбей, түртүп коюшат...

Ошондон уламбы, кээде түшүмдө балдарымдын кенедейдегисин көрөм. Бир убакта таттуу түшүңдөн ойгонуп кеткендеби – көздү чылк жумуп алып кайрадан уланса дейсиң жатып алып. Бирок уланбай калсын түшүң. Кусалыгыңа, сагынычыңа кезиктирген түшүңдөн да ажырайсың, арман. Эмне болуп балалык кез түшүңө киргенине таңгаласың анан. Атайы чымырканып кыялдансаң да, ойлонсоң да балалык кезиң түшүңдө кайталанбайт. Жөн гана бейкапар жүргөн күндөрүңдүн биринде балалык жөнүндө түш көрөсүң. Бул эмнеден – жообун ким табат?

*      *     *

Өмүрдө кээде жылдарга тете күн бар. Кээде жылдарга тете мүнөттөр, сааттар да болот. Жакында бир түшүмдөгүдөй күнгө кабылдым. Үй-бүлөмдү алып, киндик каным тамган Ат-Башы жергесине өргүүгө жол тарттык. Жолдон чоң кырсык тооруп турганбы: аман калдык. Машинеде алты киши элек. Колуктум мени башкаргандай руль башкарат дайыма. Өзүм айдаганды билбейм. Объез жолдо элек, Токмокко жакындап калганбыз. Ал жер колуктумдун төркүнү. Төркүндөрүнө жакындаганда эле машинебиз жаргылчак ташындай чимирилип, кайра Бишкекти карап калсак болобу)))))

Түшүнбөй калдык. Адегенде машинебиз жолдун тиягына бир, биягына бир чайпалып, бир жагыбызда бардюр, бир жагыбызда жарышка түшкөнсүп чубалжыган машинелер. Зымырыктай каршы-терши зуу-зуу... Баары эле куйкаланган Бишкектен качып, Ысык-Көлдү карай, тоо-ташты карай зуу коюшса керек.

Үй-бүлөбүз менен эс алууга баратканыбызга толкунданып алганбы дедим адегенде. Колуктумдун жалжаңкеси кармаса, рулда баратып бийлеп жибермейи бар. Шайыр мүнөз неме эки ийнин күйшөп бийлеп бараткандай көрүндү мага. “Йе, коюң-коюң” деп коём ага. Ангыча болбой машинебиз бели үзүлгөн кескелдириктей соймоңдой баштады. Артта отурган кызым чаңырды. Көз ирмесем – түтүнү булаган Бишкек ТЭЦти карап калыптырбыз! Машинебиз кан жолдун так ортосуна токтоптур. Түшсөм, мен отурган тараптын арткы дөңгөлөгү камыры калың мантыдай быржыйат. Теңшеригим өң-алеттен кеткен. Колу-буту калтырап, тулку боюндагы бийди ошондо көрдүм...

*      *     *

Жашоодо мындайды көрүп койгон да ийги – өмүрдүн баркы өсө түшөт адамга. “Кырсык каш-кабак ортосунда” экенин эске салып койду ал окуя. Дөңгөлөк алмаштырган соң Ат-Башыга барып келгиче абайлап айдоону эскертип койду ак жолтой машинебиз...

*      *     *

Эртеси Нарындын мурдагы казысы Мамбетасан досум (Ибраев) Босогого алып жөнөдү баарыбызды. Ошондо бир балалык изиң баскан жерлерди кыдыргандын өзү бакыт турбайбы дедим. Балалык күндөрдү эскерип баян жазуу оюма ошондо келди. Дидарымда элирип турганымды туйду белем, Мамбетасан досум да капкайдагы балалыктын изи калган жактарды көрсөтүп кол жаңсайт. Ансайын ичим тызылдап, түрмөк-түрмөк элестер көз алдыма тартылат.

Бала күнүмдөн мал айдап, мал кайтарып жүрүп, мал артынан мал болуп кала жаздаган күндөрүм болгон... Көкөйүмө тийген бала кездеги мал кайтарган жайлоолорго эми минтип эр ортону элүү жаштан ооп калган кезде кайра бир барганымда көөдөнүм ушундай бир туйлады. Көөдөнүмдү жарган үшкүрүк, кусалык, сагыныч мени 9-10 жашымдан берки өмүрүмдү кино тасмадай көз алдыма элестетти...

Бала күнүмдө көөнүм калып, жамгырына, бороонуна канча кабылдым эле бул жерлерде... Колхоздун ак койлорун ээрчип жүрүп өзүм да мал сыяктуу бала элем анда. Ак койлордун ата-жотосун калтырбай сөкчүмүн. "Ушул мал жайган жерлеримди кежигемдин чуңкуру көрсүн" деп ызырынчумун. Эмнеге ызырынганымдын себеби бар. Кепти ошондон улайын...

*      *     * 

Бейбаштыгым үйдөгүлөрдүн жанына батты окшойт. Бир күнү Жаңыл эжем Кара-Булак деген жерде дододой үйүлгөн кир-когубузду жуумак болду. Суу ташып келгиле дегенине моюн толгоп тоотподум. Ойноп кеттим. Бир далайдан кийин келдим. Эжем ультиматум койду:

– Мунун кирлерин жуубайм!

– Суу ташып келе гой эми. Жууп берсин... – апам алдап-сооламыш этти мени.

– Апкелбейм! – кежирлигим башталды. Кер-мур айтыш күчөдү эжем менен.

Эжем күжүлдөп кир жууп отурат. Менин кирлеримди болсо четке бөлүп салыптыр атайы. Жан кашайды. Бир убакта куру таштекти тээп жиберсем, эжемдин башына кийилип калды. Тызылдатып сабамак болушту. Бездим. Кечке үйдү сагаалап жүрдүм. Үйгө киргизбей калышсын. Кесээрип курсагым ачканын айт. Ачка өл дешти окшойт. Ырайым кылар бирөө чыкпады.

Бир убакта атам келип, көргүлүктү көргөздү. Атына минип алып Кара-Булактын талаасында кубалап жүрөт. Камчысын керилип-керилип туруп жонума басат улам. Чимирик атып буйтайм. Жонумдан тамтык калган жок. Анык жазаны эртеси күнү тарттым. Ызырынган атам ачуусун менден чыгарып эле тынса кана, апамды да төпөштөдү...

*      *     *

Эсимде ошондо: Касылаң, Асейин акелерим бекерпоздуктан урунуп-беринип жүрүшсө керек. Аскерден келгенден кийин Касылаң акемди үйлөнтүштү, көп өтпөй ажырашып тынды. Дайынсыз жүрдү көпкө. Асейин акем болсо чачын кежигесине чейин өстүрүп, кийгени клёш шым. Колунан гитара түшпөй, Нарындын көчөлөрүндө колоктоп жүргөн жеринен атам бир күнү кармап келиптир. Баса калып чачын кыркты:

– Атаңдын оозун урайын, катынсыңбы эмне? Эркек киши чач өстүрөт бекен?! – ошентип аны малчы кылып салды.

Ага кошуп Касылаң акемдин да сазайын берип, экөөнө колхоздун эки короо коюн алдына салып, Аксайга “сүргүнгө” айдамак болду. Апамды, мени Касылаң акеме кошуп жөнөттү. Адегенде бизди Босогого жеткиртип, алдыбызга бир короо козу салып берди да, Кынданын кырындагы кудай урган өтөккө кондуруп коюп, атам өзү кетип калды.

Мына, шорлогон күндөрдү ошондо көрдүм. Кынданын кырындагы эң айдарым жерге биз конгон экенбиз, шамал тигиндей өтсө да, мындай өтсө да биздин көк чатырды жулкулдатат. Борошолоп жамгыр төксө да биздин көк чатырдын кургак жери калбайт.

Касылаң акем башынан эле колдоюп турмушка ыгы жок болчу. Ал экөөбүз чым казып келип, чатырды кыдырата тизгенибизге болбойт. Бир ишти эптей албай атса да мен күнөөлүүмүн баарына. Күчүн менден чыгарат. Апам момун киши болчу. Мага болушат жакшы эле, бирок Касылаң акеме атамдай айбат көрсөтө алса кана...

Кургак тезек таңсык. Жаңы көчүп келген жапжашыл өтөктө кайдагы кургак тезек. Арча-карагайлардын арасынан кургак отун терип келем күнүгө. “Козу бычакка жараса, кой аман калат” дегендей, тезек менен отун терип келген бышыктыгым өз башыма үйүлгөн балээ болду. Кой кайтарган да мен, отун-суу терип келген да мен. Касылаң акем корс мүнөз неме. Киши менен кишидей тил табыша албайт. Айтканын аткарбасаң, жаткыра коймой адаты бар. Ичимден ызырынып, ага каршы күч көрсөтөр чамам жок, ыйлап-сыктап күн өткөрмөй.

Касылаң акем бала күнүнөн эле караңгыда эшикке чыккандан өлгөндөй коркчу. Биздин үйдөгүлөрдө ал жөнүндө күлкүлүү кеп бар: Караңгы киргенде эле бирөө-жарым аны сыртка жумшаса, “караңгыга ишенчилик жок” деген шылтоосу күч. Түн оокумда табарсыгы толуп калса да, мени ойготуп эшикке чыгабыз. Күндүз кечке тырп этерге алым калбай, бут сүйрөп келип, таттуу уйкуда жатканымда кычагырдын табарсыгы толгону – жинимди гана кайнатат да...

*      *     *

Минген атыбыз жооруп, баспай калган. Бир короо козуну күнүгө Кынданын кырында жөө кайтарам. Аксайды көргөндөр жакшы билет: ал жак жалаң көк-жашыл бадал, карагаты укмуш, арча-карагайлар жыш өскөн жерлер экенин. Анан калса жайыттары тик боордо.

Бир мерте бадалдын арасында жайылган бир короо козу азабымды гана берди. Алар бөлүнүп-бөлүнүп оттойт. Улам чогултсам болбой, те-тетиги таманда 30-40тай козу бөлүнүп жайылып жүрөт. Ансыз да ылдыйда оттогондорун жаңы эле өйдөгө айдап чыгып, бутум тартпай калган. Эмне кылыш керек? Күүгүм кирип баратат...

Макулуктар угабы – кыйкырам, өкүрөм. Былк этсечи. Мүмкүн таш тоголотуп үркүтсөм, ордуларынан козголобу дедим да, жаргылчактай таштарды ылдыйга тоголото баштадым. Жарышкан таштар коктуну карай дүпүлдөп кулаган кезде, макулуктар үрктү. Боорду карай жүгүрүп, үйгө карай чубай турган болушту. “Өх” дедим, баяле таш тоголотсом эмне. Ангыча болбой таштар ташка урунганы жаман экен: мен тоголото албас казандай, түндүктөй болгон чоң-чоң таштар коктуга тоголонуп кетип атат. Таштар бири-бирин ордунан козгоп, чаңызгып эле жатып калды коктунун ичи. Баягы мен айдап келгенден эринген козулардын он чактысы тоголонгон таштардын астында калды. “Сооп болот силерге, сооп болот!” деп аткамын адегенде.

Бир убакта эле коктунун ичинде төрт аягы тыбырап жатканы бар, сулк жатканы бар. Не кылышты билбейм. Касылаң акем өлтүрөт эми деп жан жок менде. Бирок куулугум башымдан ашкан бала экемин ошондо эле: үйгө эч нерсе болбогондой, эч сыр билгизбей бир короо козуну жыйып айдап келдим. Касылаң акем козуларды чубатып санап атат. Ичимден кыпылыктаганымды сыртымдан билгизбей, колумда сороңдогон чыбык менен алекмин.  

Мал санак бүттү. Сурак башталды.

– Билбейм, – деп коём ийин куушуруп. – Керелдин кечке көзүмдү албай кайтардым, – деп коём анткорлонуп.

Мына анан апам үчөөбүз жоголгон малды издеп жөнөдүк. Баягы таш тоголоткон жактан кылыгым билинип калбаса экен дейм ичимден.

– Каякта жайдың эле? – дешет.

Кокту-колоттун баарын көрсөттүм. Бир гана кырсыктуу жер – таш тоголоткон кокту жакка мал жайбаганымды айттым.

Өлүктөр эртеси табылды. Жарадар болуп жатканы андан көп. Башка чабандар да жардамдашып, экиден-үчтөн өңөрүп келишти. Менин кылыгымдан эч кимиси шек алган да жок...

*      *     *

Муну баары Мамбетасан досум Кындага кеткен жердеги Беш-Белчир жайлоосуна чейин алып баргандан улам көз алдыман чубурду. Бала күнүмдө тозоктой көрүнгөн жерлердин баары бейиштей керемет болуп, кетким келбеди көпкө...

Бир кезде мал менен мал болуп жүргөн балалык күндөрүмө кезигип, балалык изим калган жайлоолордун көк шиберине килемге оонагандай оонадым. Кутургандай чуркагым келди... Малга окшоп көк шибер чөптү кууп оттогум келди менин да. Ооба, көк-жашыл чөбүнөн өйдө жегим келди. Ар бир ташын өпкүлөгүм келгеничи. Бирок эч кимге көрсөтпөй балалык изим калган топурагын, чөбүн өөп-өөп алдым... абасынан кере жуттум. Ыйлагым келди, бирок катын-балдарымдан уялып, тек гана жапайы кишидей теребелди жаңырта кыйкырып-кыйкырып алдым. Балалыгым менен амандык сураштым канча жылдардан кийин... Балалык изим калган бул жерлер менен түшүмдө гана кезигишип келдим эле, бул мерте өңүмдө болду баары.

Көрсө, киндик каның тамып, кириң чайкалган жердин касиетин жаш улгайган кезде гана баалайт экенсиң, түгөт. Андан бери Кындага каттаган жолду көрө элегиме кырк жылдай убакыт билинбей өтүп кетиптир!

*      *     *

Атам мени дайыма сүргүнгө айдагансып, Асейин акеме кошуп берип, Ак-Сайдын мен көрбөгөн жери калган эмес. Ак-Сай мага көргүлүктү көрсөттү далай. Катаал жаратылышы мага анда тозоктой көрүнөр эле. Эмнеге тозоктой көрүнчү эле – баянымды улайын эми.

Касылаң акем менен көргөндөгү кордугум эч нерсе эмес, анык кордукту Асейин акем менен мал айдашкан күндөрдө көрдүм...

Торугарт жакка бараткандагы жолдун оң тарабында Кара-Булак деген кыштоо бар атактуу. Биздин айылдыктар май айынан тартып, жылыга Аксайга көчөт. Жер жайнаган колхоздун малы чубуруп, талаа чаңызгыйт. 3-4 күн тынбай мал айдап отуруп, Аксайдын жайлоолоруна өлүп-талганда жетер элек. Жолдо катар корукчулар кордукту гана көрсөтөт. Казыбек айылынын сайынан тартып айтылуу Босогого чейинки аралыкка жалаң сай менен мал айдап жүрөсүң. Эмне деген гана айылдар жок. Сайдын оң жак, сол жагы жалаң эле Ат-Башы районуна караштуу колхоздордун эгин талаасы.

Сай ташынан туягы жешилген малың майпаңдап баспай калганы анык кордук. Ташыркаган мал жайкалган эгин талааларга качырат. Ал жакка малың каптап кетчү болсо, жар кырында күнү-түнү акмалаган корукчулар бар, “башыңды жарам” деп опузалап турган. Себеби сенин алдыңда мал айдап өткөндүн кээси алардын эгинин майкандап кеткен болот. Алар үчүн артта келаткан чабандар көргүлүктү көрөт. Ызырынган корукчулар кайсы колхоздун малчысы экениңди тактап отурбайт, алдыңдан омуроолоп, ата-жотоңду ызырылтып, алыстан эле кыйкырат.

– Биздин сайдан өтпөгүлө деп канча айтам?!

– Эми башка жол болбосо кантели?..

Чынында совет заманындагы башаламандык экен ошол деле. Бир колхоздун корукчусу менен экинчи колхоздун чабанын кырылыштырбай турган; Ат-Башынын же бир башка жолу болсочу – Аксайга мал айдап өтөр. Асман менен учуп өтөр жол болсо го башка кеп эле... Азыркыча айтканда, Кыргызстан-Тажикстан чегарасынын ортосундагы чоң чыр сыяктуу кеп болчу бул деле. Тек, бир райондун эли бирине бири жол тилкесин тебелеткиси келчү эмес. Ал эмес далай чабандын башын жара чапкан кызуу кандуу корукчулары болгон. Кээси бирин-экин малын өңөрүп кетип ыйлаткандарычы...

“Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт” болуп, айтор, жолдо катар дүйнөңдү гана тарыткан корукчулардан бала күнүмдөн ушунчалык көңүлүм калган үчүн Мамбетасан досум эстен кеткис эссе жазуума себеп болду...

*      *     *

Беш-Белчирге чейин сейилдетип барганы өткөндүн баарын эсиме салып, Макем "бийик ойлор, бийик идеялар, бийик көкөлөгөн саптар тоолордун бийигинен жаралат", – деп атпайбы. А мен өмүрүмдүн башатына бир барып келгендей болбодумбу...

Баса, Макемдин айтымында Беш-Белчирдин аты “Беш фельдшер” болгон экен илгери. Кыргыздын тилин сындырган бул сөз кийин эл оозунда Беш-Белчир болуп тарап кетиптир...

*      *     *

Жаштыгым өткөн жерлер көзүмө ысык көрүндү ушунчалык. Айрыкча Беш-Белчирдин жанына токтоп сүрөткө түшкөнүбүздө – мен көз чаптырган боорлордон канча ирет карагат терип, канча ирет өтөктөрүн аралап ышкынын үзүп жебедим экен. Жылкы айдап келип, туйлаган кулундарды жебеге тизип байлаар элек. Мал жоголсо, тикенегине тилинген денем ачышып, бадалын сөккөн күндөрүм өткөн.

2-3 күн катар Кара-Булактан Босогого чейин мал айдап келгенге чейинки көргөн күнүмчү: түндөсү малды жар түбүнө кептей камап, сайдын таштак жерине ээр-токумдарыбызга жазданып, үстүбүзгө көрпөчө жамынып уктамай. Муштумдай таштар кабыргаңды кайыштырса да таттуу уйкудан баш көтөрбөй, үрүл таң атканда чойт-чойт кыйкырып, сапар уламай.

Үйдөгүдөй ысык чайды оозуңа ким кармап турат эле. Кымыз, жарма, айран, чалап менен кургак нанды күйшөп, куржун түбүндө боорсок менен эт калган болсо – талаа жеринде андан өткөн бактың жок. Ошону менен Босогого кирип келгенде гана жолдо катар камчысын кезеп опузалаган корукчулардан кулагың тынгандай болосуң. Көзүмдү күйгүзүп, Босогодогу пионер лагеринде чурулдап ойноп жүргөн мектеп окуучуларын көргөндө ойлочу элем: “Ушул пионер лагеринде кандай гана бактылуу балдар эс алат болду экен?”

Ташыркаган малды айдап, баспай калган чабырларын алдыңа өңөрүп аласың. Алар алдыңа сийет, чычат. Төбөгө урасың. Ызаланасың. Сасыйсың үйгө жеткенче. Бирок жайлоодо мончо бар дейсиңби, сага бирөө ысык суу камдап турат бекен – кокту-колоттун муздак суусуна чамынып жуунган болосуң...

*      *     *

Босого туштан Мамбетасан досум ичимди күйгүзүп атпайбы минтип: “Мен да ушул лагерде үч жолу эс алгамын” деп. А мага андай бактылуу пионер болуш кайда? Өмүрүмдө 1-сентябрдагы салтанат кандай болорун 1-класска киргенимде гана көргөмүн. Бүттү. Калган жылдары Асейин акемдин малын кайтарышып, көчүп-конуп жүрүп эле сентябрдын аяк чендеринде мектеп босогосун аттачумун шылкыйып... Анысы ал, 12 күндүк кышкы каникулда да атам мени жылыга Аксайдын кыштоосундагы Асейин акемдикине “сүргүнгө” айдап жибермей адаты бар болчу. Эл 12 күндөн кийин, а мен 1-1,5 айдан кийин мектеп босогосун аттап, дагы шылкыйып, дагы шылтоом бүтпөгөн окуучулардан элем. Анан менден Мамбетасанга окшогон отличник кайдан чыксын... Босогодогу пионер лагеринен эс ала турган...

*      *     *

Макем экөөбүз бир өзөндүн суусун чогуу ичкен коңшулаш айылда чоңойдук. Анын айылы – Жаңы-Күч, менин айылым – Калинин. Мен бала күнүмдө үн-сөзү жок, жалдырама бала болгондуктан, мектепке бир жыл кеч беришиптир. Анан да эки көзүм чалыр экен. Кийин түзөлүп кеткенде гана мектепке жөнөтүшкөн. 1-сентябрь кандай салтанаттуу майрам экенин ошондо бир көргөмүн...

Мамбетасан досум менен Босогодо эс алып жатып, ушуларды эстедим. Балдарыма айтып бердим балалык күндөрүмдү. Алар аяш атасына алкыш жаадырып жыргап келишти...

Эстен кеткис эссем ошол, азиз окурман!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз