Ата-бала тоо аралап барат. Уулу ташка мүдүрүлүп жыгылат. Катуу жыгылат. Эти ооруйт:
– А-а-а-й!!!
Ошол замат кайдан-жайдан аны кайталаган үн жаңырат тоо арасынан:
– А-а-а-й!!!
Балада коркунуч коштогон кызыгуу жаралат:
– Ким бул?
Жооп да алат:
– Ким бул?
Бала ачуулуу кыйкырат:
– Коркок десе!
Жооп жаңырат:
– Коркок десе!
Бала атасынан сурайт:
– Ата, бул эмне?
Атасынын күлкүсү келет буга:
– Балам, зээндүү бол, – деген атасы үн салат: – Тоолорду сүйөм!
Жооп угулат:
– Тоолорду сүйөм!
Дагы кыйкырат:
– Сен – кереметсиң!
Жооп угулат:
– Сен – кереметсиң!
Бала аң-таң калат. Түшүнсө буюрбасын. Атасы кобурайт ошондо:
– Уулум, муну жаңырык дейт, чынында эле бул турмуштун дал өзүндөй. Баары өзүңө кайтат. Эмне дебе, эмне кылба – баары кайтарык дүйнө.
Жашоо бул – биздин кылган, эткенибиз. Агер айлана чөйрөңдү канчалык сүйсөң, жашоо сени ошончолук сүйүүгө чулгайт. Бак-таалайлуу болгуң келсе – айланаңдагыларды бактылуу кыл. Чын дилиңден күлгүң келсе – айланаңдагыларга күлүп-жайнап жүр. Жашоого өзүбүз эмнени берсек, анын кайтарымы бар. Биздин жашоо – кокустук эмес, кайтарым. Сенин оозуңан эмне кеп чыкса, тоолор аны жаңыртып угузгандай кеп бул, – деген экен.
Которгон О`Шакир