Абийрбек Абыкаев: «Чалкан»

  • 06.09.2021
  • 4290

Биз окуп жүргөн өткөн кылымдын 60–70-жылдары жума сайын дежур класс дайындалып, бир апта бою ошол класстын окуучулары тартипке, тазалыкка көз салып, кечигип келгендерди тизмелеп, буттарын сүрттүрүп киргизип, коңгуроо кагып турушар эле. Дүйшөмбүдө окуучулардын аскердей тизилген жалпы жыйынында жыйынтык чыгарылып, күзөт нөөмөтү кийинки класска өткөрүлчү.

Ал жыйынтыктын негизинде калемпир, мурчу ачуу “Чалкан” аттуу дубал газета чыгарылып, кечиккен, эки алган окуучуларды “чагып”, ал окулган соң тарбия бөлүмүн жетектеген Саңсы (Сансызбай) агайыбыз баасын берип, анан бир жума көрүнүктүү жердеги атайын даярдалган ордуна илинчү. Биздин ошол кезде азыркынын алп акынын бири Нуралы Капаров, учурдагы белдүү ишкер Желдең Дөөлөтбаков (белгилүү ырчы, бизнесмен Самат Дөөлөтбаковдун атасы) жана мен болуп чыгарган “Чалканыбыз” Саңсы агайдын жакшы баасына татып, мактоо укчубуз.

Ошол кезди, көпчүлүгү көздөрү өтүп кеткен окуткан эже-агайларыбызды эскерип, Тегирменти мектебинин 2014-жылы өткөн 90 жылдык юбилейине арнап 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн атынан “Чалкандын” ушул майрамдык санын  чыгарыптырмын. Айтмакчы, ал юбилейде маркум Элмирбек Иманалиев, манасчы Рысбай Исаков катышып, өнөрлөрүн тартуулашты эле.

Бул эскерүүлөр советтик мектепке, андагы тартипке болгон ностальгия эмес, бул өз балалыгыма, азыркы учурда менден кичүү болуп калышкан маркум эже-агайларыма болгон кусалыгым деп билем. Албетте, тартип болгон деле жакшы эмеспи, тартип бар жерде тарбия бар, биз азыркы тапта балдарды эркин адам кылып тарбиялоо менен, аларды эркин коё берип ээн өөз, ээнбаш кылып өстүрүү деген түшүнүктү чаташтырып алдык окшойт.

Ушул агай-эжейлерден азыркы учурда Жаныш агай буту ооруп үйдөн чыга албайт, Эржан агай инсульт алып төшөктө. Кудайга шүгүр, Жаңыл эжейибиз ден-соолукта жакшы жүрөт, ылайым карылыкка моюн сунбай, жүзгө чыгышын каалайм. Сиз барда биз дагы алтымыштан ашсак да карыбайбыз эжей, дагы эле өзүбүздү окуучуларыңыздай сезебиз.

Бул “Чалканымдын” санын ошол заманда иштеп, Жаныш агай, Жаңыл эжей сыяктуу бүт өмүрүн балдарды тарбиялоого арнаган республиканын бардык аймактарындагы, бул дүйнөдөн өтүп кеткен, азыркы учурда көздөрү тирүү агай-эжейлерге арнайм.

Калича Чоробаева эжеге   

(Мектеп директору, химия мугалими)

Каардуу, сүрдүү көз караш,
Келбетине жарашкан.
Москванын өзүндө
Терешковага жанашкан.

Үлгүлүү мектеп аталып,
Сыйланган жогор тараптан.
Мектеп деп жатып түнүндө
Мектеп деп күндө таң аткан.

Калича эже көрүнсө,
Качып дүкөн тараптан.
Ичкилик ичкен агайлар,
Ителги тийген чилге окшоп.
Жашынып качып тарашкан.
Сыймыгы эле айылдын
Сый кылып берген жараткан.

Турганаалы Тайлаев агайга

(Окуу бөлүмүнүн башчысы, математика мугалими)

Бою бар узун сымбаттуу,
Асыл жан эле кымбаттуу.
Алгебра, геометрия
Айтканда үнү ыргактуу.

Мурунку күнү ичкенин
Сабакта эч ким билбеген.
Бир десең кокус жаңылып,
Бир менен жерге кир деген.

Нөл десең кокус жаңылып,
Нөл менен кошо өл деген.
Тилдесе дагы ошентип
Уйкашы менен тилдеген.

Сансызбай Эгинчиев агайга

(Тарбия иштери боюнча башчы, кыргыз тили, адабияты мугалими)

Саңсы агай анда жаш эле,
Тарбия жактан баш эле.
Кынаптап сүйлөп сүйлөмүн
Ар кандай сөзгө маш эле.

Ал кезде “Чалкан” жумалап,
Көтөрчү талуу маселе.
Калемпир, мурчтуу чыкканда
Күлбөгөн жандар аз эле.

Чалканга чыккан окуучу,
Уялып бою пас эле.
“Чалканчыга” дем берген,
“Чалканга” чындап баа берген,
Саңсы агай сөзү саз эле.

Бейшенбай агайга

(Кыргыз тил адабият мугалими)

Жасаткандай темир уста Турдуга,
Чоң муштумун такап туруп мурдуңа,
“Ыйлайсың”- деп басып кетчү акырын,
Тентек кылган жанымдагы курбума.

Сөзүн тизип, кыш койгондой кыначу,
Окуучусун сөз байлыктан сыначу.
Сөз гүлүнөн бакча өстүрмөк деп ойлойм,
Жерди айлантып эгер жетсе кулачы.

Анипа Койчуманова эжейге

(Биринчи мугалимибиз)

Кырдан түшүп, сыр жыттанган класска
Маң баш болуп жалдырадык бир азга.
Бири тентек, бири уялчаак, таарынчаак
Баарыбызды теске салды бир паста.

Бул жашоого алып келсе ата-энем,
Ал жашоого жарык берген ал эжем.
Бул өмүрдө алган билим башталган,
Ал үйрөткөн арибинен А деген.

Абсеит Алыбеков агайга

(тарых мугалими)

Сабак берчү эң кызыктуу тарыхтан,
Данегин тап, даанасын айт дечү анан.
Бат бат сүйлөп: “Ал!, ал!”- дечү кыя өтпөй,
Жаткан таштан, ыргытылган кагаздан.
Көк желкеге уруп өтчү, кокустан,
Ал кагазды албай тепсеп баратсаң.

Райкан Абдыкеримов агайга

(география мугалими)

Ал кездерде жер айдалып жазында,
Белден ылай, балчык кечип келчү элек.
Шаардагы асфальт менен келгенсип,
Райкан агай булганчу эмес элчилеп.

Туфлиси көргөзмөдөн келгенсип,
Ылай эмес бир чаңы жок жалтырап.
“Побробуй” деген сөзүн кайталап,
Бак-бак этип көз алдыга тартылат.

Асыл эле ичинде бир кири жок,
Айта берчү эч бир сырын жашырбай.
Аттиң чиркин жаш бербеди жараткан,
Жок дегенде карт дарактын жашындай.

Гүлүсүн Андашова эжейге

(орус тил, адабияты мугалими)

Гүлүсүн эже кирип келсе класска,
Тыптынч болуп калар элек заматта.
Ал заманда орус тилин билбесең,
Окууга өтүш, ишке туруш каякта.

Ал кезекте айылыбызда бир орус,
Сашка дагы кыргыз тилде сүйлөчү.
Үйрөнсүн тез дегени окшойт ойлосом,
Гүлүсүн эже сабак өтүп орусча,
Тилдесе да орус тилде тилдечү.

Базарбүбү эжейге

(физика мугалими)

Мугалимдин столуна жеткиче,
Эжейибиз кирип келип эшиктен,
Жарым класс суроосуна такалып,
Жарым класс эки алганга жетишкен.

Броундун кыймылындай кыймылдап,
Зымда токтой тез жүргөндү жактырган.
Омдун, Бордун мыйзамдары сыяктуу
Эмне иш кылса чала кылбай так кылган.

Үсөн агайга

(физкультура мугалими)

Жаш эле, толуп турган жигит эле,
Чыңалып булчуңуна толуп дене.
Агайдай болсок дешип тилек кылып,
Далайлар аны туурап жүрөр эле.

Эх чиркин өмүр жашы кыска экен,
Кара чымдын астында ошол дене.
Теледен Бек Борбиев чыга калса,
Агайды көргөнсүймүн азыр деле.

Аалы агайга

(математика мугалими)

Ачуусу чындап келгенде,
Этек, жеңин түрүнүп,
Күрөшөм десе балдарга
Корккондор качып жүгүрүп.
Эсебин туура чыгарсаң,
Каткырып күлүп сүйүнүп.
Көп жылы өттү мектепте
Көп эмгек элге сиңирип.

Жаныш агайга

(физика мугалими)

Так жүрүп, туура сүйлөгөн,
Ыржаңдап жөн жай күлбөгөн.
Кабыландай сүрүнөн
Калтырап балдар сүрдөгөн.

Кулак түптө чачыңдан
Өсө элек десең сүйрөгөн.
Ал кезде агай жаш жигит,
Таягың эмне билбеген.

Сайкал эжей жанында,
Кызгалдактай гүлдөгөн.
Тарбиялап чыгарды,
Окуучуну миңдеген.

Жаңыл эжейге

(биология мугалими)

Дайындалды бизге класс жетекчи,
Жаңы келип келин кезде татына.
Баш бербестен нечен ирет ыйлаттык,
Ойноок балдар анын карап жашына.

Ооба, эжебиз далай ирет ыйлады,
Бизден бышып, тажрыйба жыйнады.
“Опут” алып бизге окшогон тентектен
Окутту го бизге окшогон кыйланы.

Чүкүн эжейге

(англис тили мугалими)

Англисче окуттубу билбеймин,
Алигисче алигиче билбеймин.
Чет элдиктин чулдур тилин түшүнбөй,
Кээ бир кезде эжекемди тилдеймин.

Чындыгында күнөө барбы эжейде,
Бир жыл иштеп кетип калган кайдадыр.
Чет тилинен окуган жок деген баа,
Ал кезекте балким бизге пайдадыр.

Эржан агайга

(аскер иши боюнча мугалим)

Лейтенант форма кийип жарашкан,
Жапжаш эле, кыздар сүйө карашкан.
Эржан агай көркү эле мектептин
Күндө келчү кошуна айыл тараптан.

Үйрөтчү эле бутту шилтеп басканды,
Үйрөтүүчү мылтык мээлеп атканды.
Унута элекмин алигиче заматта,
Устукандап автоматты чачканды.

2014-жыл 25-май

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз