Гёте: Көркөм котормо жана дүйнөлүк адабият

  • 10.01.2024
  • 5874

I.

Таанып-билүүнүн жана поэзиянын булактары

Гёте өз чыгармачылык жолунда котормо менен алектенип келген. Ырларды, кара сөздү өзү которуп, редакциялап, иштеп чыккан же башка котормолорду сындаган, айрым учурда которулган тексттерди жаӊы көркөм чыгармага айлантчу.

Чет тилдерин бала күнүнөн үйрөнгөн. Тогуз, он жашында грек, латын тамсилдерин которгон, латынча диалог курган дептерлери сакталып калган. Тогуз жашында француз тилинде эркин сүйлөп, жаза алган, он бир жашында италия тилин үйрөнүп, он үч жашында англис тилин өздөштүрүп алган, байыркы еврей тилин үйрөнүп, кийинчерээк араб, фарсы, санскрит тилдери менен таанышкан.

Сакталып калган эӊ алгачкы көркөм котормо тажрыйбасы 1765-жылга туура келет. Ал учурда он алты жаштагы Гёте грек, байыркы еврей тилиндеги библия тексттерин, француз тилинен Фенелондун “Телемахтын жоруктарынан”, Тассонун “Бошотулган Иерусалим” поэмасынан үзүндүлөрдү италия тилинен оодарган.

1768-жылы Лейпцигде студент чагында Корнелдин “Жалганчы” комедиясын толук которгон. Кийинки жылдары абдан маанилүү адабий котормолордон болгон Еврипиддин “Вакханка”, “Фаэтон”, Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасы”, Вольтердин “Магомет”, “Танкред” драмалары, Апполондун туулган күнүнө байыркы грек гимнин, Оссиананын ырлары, Бенвенуто Челлининин автобиографиясы, Дидронун “Рамо жээн”, Байрондун, Мандзонинин ырлары, жаӊы грек тилиндеги баатырдык ырлар ж.б. чыгармалар жыйнагына кирген.

Чыгармачылык жактан кайра иштелип чыккан котормолор Гётенин “Клавиго”, “Тавриддеги Ифигения”, “Тассо” жана “Фауст” драмаларында, “Батыш-Чыгыш диваны” чоӊ поэтикалык циклинде, көпчүлүк ырларында өмүр сүрүп келет.

Өзүнүн чыгармачылык күч-аракети болгон илимий изилдөөлөрүндө, поэзияда болобу Гёте өзүнө, башкаларга аӊ-сезимдүү негизде түшүндүрүп берүүгө аракет кылчу. Буулуккан, бир туруп баёо акын ырааты менен ой чүргөгөн окумуштуу болгусу келчү. Өзүнүн же башкалардын котормолору менен иштеп жатканда түп нусканын бардык өзгөчөлүгүн ачып берүүгө болобу, котормочунун чыгармачылыгындагы эстетикалык мыйзам ченемдүүлүктөр болобу, болсо эмне үчүн ырлар менен кара сөздү башка тилдерге которуу керектигин ойлоно турган.

Гётенин сын-пикирлеринен, публицистикалык эмгектеринен, каттарынан, маектеринен алынган котормо тууралуу пикирлери алгач ирет топтоштурулуп, орус тилинде жарык көрүп отурат.[1]

1774-жылдын 20-ноябрындагы Софи де ля Рошко жазган катында Гёте грек тилин үйрөнүп жаткан жолдошуна мындай кыскача насаатты камтып кеткен:

“Басымга көӊүл бурбастан “Илиаданы” оку, гекзаметрдин мукамы кандай угуларына, көӊүлүӊөн орун табарына көӊүл буруп оку. Эгер текстти түшүнсөӊ, баары жайында, түшүнбөсөӊ, котормосун оку, андан соӊ түп нускасын, кайра түп нускасын, котормосун оку, образдардын алмашуусу түрүндө маани берген Гомердин конструкциясы айкын болмоюнча 20–30 ырды окуп чык.”[2]

Көркөм котормо тууралуу сын көз караштагы жана жалпыланган ой жүгүртүүлөр биринчи жолу Гётенин веймарлык курбусу Шарлотта фон Штейнге жазган 1781-жылдын декабрындагы катында берилген:

“Мага Вертердин италия тилине которулган чыгармасын жөнөтүптүр. Жан дүйнөмө кандай чаӊ-будуӊ салганын айтпай тек коёюн. Бул италиялык киши аны жакшы түшүнүптүр, котормонун дээрлик бардыгы сүрөттөө менен кылдат курулган; бирок кайгы менен кубанычтын берилиши жок, ошондуктан каарман эмнени каалап жаткандыгы түшүнүксүз. Анын үстүнө мага жаккан ысымды (Шарлотта – Л.К.) ал “Анетта” аттуу ысымга өзгөртүп салган; эми сен өзүӊ карап чыгып, баа берерсиӊ”.

Бир күн өткөндөн кийин жазылып бүткөн каттын аягында төмөнкүдөй айтылат:

“Мен италия тилине которулган котормону дагы деле окуп жатам, мага бул котормо көбүрөк жага баштады, жада калса абдан жагымдуу боло баштады, азырынча кыпындай да түшүнбөгөн нерсесин көрө элекмин, бул көп нерседен кабар берет” (В. I, 379-380).

Жылдан жылга барган сайын ал англис, француз, италия тилине которулган өз чыгармаларын көрүп жатты, өзү да котормочулук менен алектенип, башкалар которгон веймар театрына (бул театрды 1776–1784-жылдары, 1791–1817-жылдары жетектеген) арналган пьесалар менен либреттолорду иштеп чыгарып жатты. Гёте адегенде кайсы котормо болбосун мүмкүнчүлүгү чектелген деген ишенимде болгон. 1786-жылдын 5-октябрында Италияга жасаган биринчи саякаты тууралуу жазылган күндөлүгүндө ал төмөнкүдөй чечкиндүү ойдо болгон: “...ар бир тилдин башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгү которулбайт; же бардыгы, эӊ бийик, ыйык нерседен баштап, жаман сөздөрүнө чейин, мейли улуттун мүнөзүнө, көз карашына же жашоо шартына байланыштуу болобу, улуттун маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот”[3].

Бирок он жыл өткөндөн кийин өзү Бенвенуто Челлинин мемуарларын которуп жүргөндө И.Мейерге (1796-жылдын 3-мартында) кат жазат:

“Китепти которуу сиз айткандай картинаны көчүргөндөй эле: ар бир нерсени окшоштуруп тууроодо чындап билесиӊ” (В. II, 216).

Англиялык адабиятчы жана актёр Томас Холкрофт (1745–1809) “Герман менен Доротея” поэмасын которуп, чыгарманын авторуна котормонун кол жазмасын жөнөткөн. 1801-жылдын 29-майында Гёте сылык-сыпайы кат менен жооп берген. Катында ал көркөм котормонун, поэтикалык котормонун түрдүү принциптери тууралуу оюн айткан, бул оюн кийин да бир нече ирет кайталап, түшүндүргөн.

“Менин оюмча эки максима (принцип) менен которсо болот. Биринчисинде, өз элиӊе чет өлкөлүк автор жөнүндө так түшүнүк бергиӊ келсе, чет өлкөнүн жашоо шартын ачык көрсөткүӊ келсе, чыгарманын түп нускасына таянасыӊ. Башка учурда чет өлкөлүк чыгарма чийки материал катары каралат. Котормочу түп нуска чыгарма катары кабыл алынышы үчүн өзүнүн улутунун касиеттерине жакындаштырып өзгөртүп, сезимине жана көз карашына ылайык чыгарманы иштеп чыгат.

Кыязы, сиз ушундай жол менен которгонсуз, жалпы алганда менин поэмамдын жүрүшүн сактагансыз, бирок каармандарыма болгон күчтүү мүнөздөгү, эркин ойлоруӊуз катуу, ачуу, дидактикалык түрдө берилген, ал эми мемиреген, тынч кыймыл олуттуу, салмактуу кадамга алмаштырылган.

Англис адабияты тууралуу бир чектелген түшүнүгүмө ылайык улутуӊуздун мүнөзүнө карап, жогорудагыдай баа бердиӊиз деген тыянакка келдим. Эмгегиӊизге кошуп жазыла турган баш сөз менен комментарийде тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берет деген ойдомун” (В. II, 418–419).

Гётенин сактыгы менен күмөн саноосу акталды десек болот. Холкрофтун котормосун англис сынчылары бир добуштан начар деп таанышкан. Дагы көп жыл өткөндөн кийин Гётени урматтагандар анын чыгармачылыгы начар котормого байланыштуу Англияда жетиштүү деӊгээлде белгилүү эмес экендигин белгилешкен (В. II, 642-643).

Жаӊы жүз жылдыкта Гёте котормонун принциптери (өзү айткандай “максималар”), методдору, котормочунун милдеттери жана котормо чыгармачылыгынын коомдук-маданий мааниси тууралуу көбүрөк, олуттуу жана ар тараптуу ойлоно баштаган.

Күндөлүктө (1808-жылдын 25 жана 27-ноябрындагы) “Фаустту” алгач которгон француз адабиятчысы Жан Батист Лемаркан менен болгон маеги баяндалган, 2-декабрда Гёте Коттага мындай деп жазат:

“Ушул күндөрү жогорку деӊгээлдеги көрүнүктүү киши келди. Лемаркан мырзаны керт башын ойлобогон, ак ниет, акылы курч адам катары билчүбүз. Эрфуртта француз комиссары болуп, немис тилин жакшы өздөштүрбөстөн акыркы учурда Берлинде жашаган, “Фаустка” ушунчалык байланып, колуна кармап алып, айрым үзүндүлөрүн эркин, көркөм кара сөз менен которуп берер эле. Жетик иштелбей калган жерлерин сезип, билип, сурап алчу. Айрым жерлерин ыр менен жеӊил, ийгиликтүү которуп калган. Мурун анын анча көлөмдүү эмес поэтикалык чыгармаларын билчүмүн. “Фаусттун” жалпы маанисин, айрым мүнөздөр менен кырдаалдарын толугу менен түшүнө алды. Ушундай немис окурмандары көбүрөк болсо кана?! Бул чыгарма французча канааттандыралык деӊгээлде сүйлөмөйүнчө тынч албай турганын айтат. Өз ишинин жүрүшү тууралуу биз менен жолуккусу келчү. Мындай учурда анын жыйынтыгы көрүнүктүү болот, анткени француз менен немистин руху мынчалык укмуш айкалышпаган чыгар.” (В.III, 98, 558–559).

1813-жылы Виланд өлгөндөн кийин айтылган ал тууралуу сөзүндө Гёте агартуучу акындын сиӊирген эмгеги жөнүндө айткан. Виланд антикалык, англис жана француз адабиятынын кенчтери менен немис окурмандарын тааныштырган. Германияда Шекспирди алгачкы болуп которгон. Бул сөзүндө көркөм котормонун принциптери, методдору тууралуу ой жоруган.

“Котормого болгон эки көз караш бар. Биринчисине ылайык башка авторду мекендеш катары көргүдөй кылып бизге көчүрүү зарыл, экинчисинде чет элдик авторго жөнөп, анын жашаган чөйрөсүндө, сүйлөө, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүндө жашап калышыбызды талап кылат”. (Т. 29, 2010).

Гёте ошол учурда, кийин да бул же тигил принцип тууралуу бир жактуу мааниде өз оюн айткан жок. Ал экөөнү теӊ котормочу чыгарып жаткан тилде жана которулуп жаткан тилде да адабияттын өнүгүшүнө жол ачкан табигый-мыйзам ченемдүү жана пайдалуу катары кабыл алган.

1818-жылдын март айында Леонардо да Винчинин “Сырдуу кечи” тууралуу макаласынын француз тилиндеги котормосу боюнча Цельтерге мындай деп жазат:

“Өзүӊдү башка тилде көрүп жаткан күзгү сымал. Менин чыгармаларымды кантип которуп жатышканына маани берчү эмесмин, бирок бул котормо жашоомо тикелей кирип, кызыгуумду жаратууда. Немис тилдүү, чынын айтканда эмоционалдуу мүнөздөмөм француз тилинде үн салуусун кааласам, котормочуга бул же тигил жагынан көмөк берүүгө туура келет. Балким бул кыйын деле эмес, анткени ал эмоционалдык таасирге зыян келтирбестен, тилдин логикалык ийкемдүүлүгүн колдоно алды” (В. III, 423).

Бир нече жылдан кийин Парижде Фредерик Штапфе которгон Гётенин драмалары жарык көргөн. 1822-жылдын 10-июнунда Гёте Рейнхардга мындай деп кат жазат:

“... Француздар менин чыгармаларымды которушууда, алардын ырым-жырымдан алыс экендигине, жогорку түшүнүгүнө таӊ бербей коё албайм. Немистер дээрлик түшүнүксүз болуп бараткан тилде пикир алмашып аткан учурда, француздар күндөлүк турмуштагы сөздөрдү колдонот, көптөгөн жалпак күзгүлөрдөн куралган, нурду оптикалык фокуска чогулткан ичин көздөй чуӊкурайган күзгүдөй аларды жайгаштыра алат.”

Англияда Соан аттуу мырза менин “Фаустумду” укмуштай түшүнүп, англис тилинин өзгөчөлүктөрү менен элинин талаптарына гармониялуу түрдө жуурулуштура алган. Менде котормосу түп нусканын жанына кошо басылган биринчи барактары бар. Ар кандай улуттар кайсы бир убакта бири-бирин түшүнүүнү үйрөнө алышчудай элестете берем...” (В. IV, 38).

1836-жылдын май айында ал драмалары тууралуу француздардын пикирлери чоӊ ырахат тартуулагандыгы боюнча Рейнхардга кат жазган.

“Чыгармаларымды жазган учурга караганда аларга азыр таптакыр башка мамиле кылам. Канча убакыт өтөндөн кийин, кырдаал таптакыр өзгөргөн шартта аларды башка улут кабыл алып жатканы көӊүл сүйүнтөт” (В. IV, 189).

Көп убакыт бою Гёте котормону көбүнчө билим булагы катары баалап келген. Ал ар бир жаӊы илимий ачылыш тууралуу кабарга, окурмандарга башка жактарга, башка доорго, сырдуу жана алыскы кооздуктарга жол ачып бере турган ар бир жаӊы китепке кубанган. Ошодуктан ал ар дайым адабиятчы-котормочулардын иштери тууралуу жылуу сөздөрүн айтып, урмат-сый менен мамиле кылган. “Илиада” менен “Одиссейдин” котормочусу, эки уулу менен биргеликте Аристофан, Вергилий, Гораций, Феокрит, Шескпирди которгон Иоганн Фридрих Фоссту (1751–1826) баарынан жогору баалаган.

Иоганн Генрих Фосс кичүүсү (1779–1822) жаш кезинде Веймарда жашап, Гётенин үйүнө көп барган. Ал 1821-жылдын 22-июлунда мындай деп кат жазат:

“Ыраазычылык – мен үчүн кымбат сезимдердин бири, мен бул сезимге дуушар болуп, өзүмдө сактап, андан ыракат алгым келет. Ушуга байланыштуу менин жан дүйнөм биз бардыгыбыз сиздин атаӊыз менен сизге милдеткер экенибизди көп ирет эскертип келет. Биз милдеттүү болгон өткөн мезгилдеги жазуучулар берген билимдин баалуулугун аӊ-сезим менен канчалык тереӊ түшүнгөн сайын, жашоону түшүнүп, бул түшүнүктү чындап колдонуу үчүн бүтүндөй жашоо керектигине көзүбүз жетип турат. Буга ара-чолодо жетебиз деп ойлогондору бекер. Биздин күнүмдүк жашообузга ушундай байлыкты жеткирип жаткан котормочуну биз канчалык урматташыбыз керек?! Кандайдыр бир сейрек кездешүүчү бөтөн укмуш бир нерсе сыяктуу аларга таӊ калбай калдык, аларды күнүмдүк наныбыз сыяктуу кабыл алабыз.

Менден башка эч ким жогору баалай албайт болушу керек, – дайыма түрдүү иштер менен алектенип жатып, түбүнө, мазмунуна чейин жетүүгө ар дайым шашылууга аргасызмын, ушуга байланыштуу мага таза кезинде, жагымдуу кылып берсе, чын дилимден кубанып калам” (В. III, 511).

⃰⃰       ⃰       ⃰

Бирок Гёте көркөм котормо котормочунун өлкөсүнүн адабияты менен тилин гана байытпастан, чыгарманын өзүнө жаӊы күч, жаӊы маани берерин акырындык менен түшүндү.

Штапфердин (Делакруанын иллюстрациясы менен) котормосундагы “Фауст” чыгармасынын француз тилине экинчи басылышы тууралуу ал 1827-жылдын 30-мартында Рейнхардга кубануу менен мындай деген кат жазат: “...ар кайсы наабайчынын жаӊы эмгектеринде биздин эски угутубуз дагы деле бар экен...” (В. IV, 511).

1828-жылы “Искусство жана байыркылык” аттуу өздөрү чыгарган журналга төмөнкүдөй сын жазат:  

“Менин “Фаустумдун” француз тилиндегисин колума алып, бул чыгарма тууралуу ойлонгонумду, толгонгонумду, өзгөчө бир сезимдер менен жазган өткөн мезгилди эстедим. Жакынкы жана алыскы кыйырларда ийгиликтүү кабыл алынган чыгармам, ошондой эле типографиялык шедевр катары берилгени бул чыгармада адам рухунун тиешелүү мөөнөтү түбөлүк сакталып калганы көрүнүп турат, ошону менен эле кыйналып, тынчсызданган, бүткүл адамзатын кыйнаган жана тынчын алган, адамзатын ирээнжиткен нерсе аны да кыйнайт, ага жаккан нерсе аны шыктандырат. Бул драманын бардык жагдайлары азыр эми автордон өтө алыс жана бүгүнкү күндө дүйнөдө таптакыр башка салгылашуулар болуп жатат; бирок ошентсе да адамдын абалы кубанычта, кайгыда да көп учурда мурдагыдай абалында калууда, келечекте аны күтүп жаткан окуяларга көнүү үчүн бүгүн төрөлгөн адам баласы өткөн кездеги кубанычтарга жана азаптарга кайрылуу муктаждыгын сезиши мүмкүн.

Бул драмалык поэма өзүнүн табияты боюнча караӊгыдан жаралган, ал эми чыгарманын окуясы ар түрдүүлүккө карабастан түнөргөн тынчсызданууга сиӊирилген, – бирок француз тили дүйнөдө бардык нерсеге көӊүл көтөргөн жеӊилдикти, талаптарга негиздүү түшүнүк менен жооп берет, бул поэманы бир кыйла тагыраак жана көзгө көрүнөрлүк кылып коёт. Эми мына бул китепти карап отуруп, кагазы, шрифттери, мукабасы, бардыгы мыкты жасалган, мурда бул драма мага таасирин тийгизип жүргөн болсо, азыр мага анчалык таасир этпей калды, бөтөнчөлүгү сакталып тургандыгына ишенүү үчүн узак тыныгуудан кийин кайра колума алчу элем” (32-том, 286–287).

Гётенин “Салыштыруу” деген ыры Штуттгарттагы “Эртеӊ мененки гезитте” басылып чыккандан кийин “Искусство жана байыркылык” журналынын ошол эле санында экинчи ирет жарык көргөн.

Гётенин лирикалык дүйнө таанымы ырлардын, драмалардын, прозанын жана эстетикалык ой жүгүртүүлөрдүн жандуу булагы болуп келген. Анын чыгармачылык тагдыры котормонун маанисине, ар тараптуу проблематикасынын үстүндө көптөгөн жылдар бою иштешине чоӊ таасир тийгизген. Бирок ал эч убакта жеке тажрыйбасына чектелген эмес. Ал бардык жагынан объективдүү чындыкка умтулуп, адабий замандаштарынын тагдырына көӊүл бурчу. Ушул ыры менен француз тилиндеги “Фауст” тууралуу макаласы жарыяланган альманахынын VI томунун экинчи томунда Ф.Шиллердин “Валленштейн” үчилтигинин англис тилиндеги котормосуна рецензиясы, Гердердин “Адамзат философиясы жана тарыхы жөнүндө ойлор” китебинин рецензиясы да камтылган.

Анда мындай деп жазган: “... элүү жыл мурун Германияда пайда болгон чыгарма бүткүл улутту агартуу ишине өтө чоӊ таасирин тийгизди. Ал өз милдетин аткарып, дээрлик унутулуп калган. Эми ага татыктуу түрдө жаӊы урмат тагылып туру – башка, ушунчалык билимдүү улутка таасир берип, жогорку аӊ-сезимди көздөгөн көп элге эӊ гумандуу таасир бере алат” (Т. 32, 287–288).

Автор каза болгондон кийин көп жылдан кийин жарык көргөн Шиллердин драмаларынын англисче котормолорун окуп чыгып, 1827-жылы Гёте досун эстеп, бөлөк тилде кайра жаралганына кубанган.

“Жогорудагы ыр (“Салыштыруу”)... поэтикалык эмгектерибиздин котормолору сезимимди козгоодо, албетте, “Валленштейндин” котормосу мындан да күчтүү сезимди чакырат.

Автор өтө маанилүү үчилтиктин үстүндө иштеп жатканда биз чогуу болдук. Ал өз пикиринин үстүндө иштеп жаткан учурда да достору менен ал тууралуу талкуулай алгандыгынан талантын байкасаӊыз болот. Укмуштуудай кабыл алгычтыгы, туруктуулугу таасирдүү аӊ-сезиминде, табиятында кынапталган эле жана бул анын чыгармачылыгына тоскоолдук жараткан эмес, тескерисинче бир калыпка, ирээтке салгангандыгын он жылдык кат алышуубуздан көрсөк болот.[4]

Үчилтик аяктагандан кийин аны досум менен биргеликте театрда койдум, репетициянын бардык машакатын, техникага байланыштуу кыйынчылыкты баштан өткөрүүгө туура келди. Акырында мен ойлогондой болбой калгандыгына туталандым. Көп спектаклге катышып, аларды сын көз караш менен бааладым, анын үстүнө көп учурда текстке толугу менен туура келбеген өздөрүнө мүнөздүү интонация менен айткан жатка билген мыкты ырлар кулагымда жаӊырып турду. Акырында айтыла жүргөн же мааниси аздай сезилгендигин мойнума алсам, мени кечиришерин эске алып, көп жыл бою бул драманы көргүм, окугум да келбей калды.

Мына азыр күтүүсүздөн ал Шекспирдин тилинде көз алдыма келип, поэтикалык туундулардын укмуштай айкалышы ачылды. Мурунку жаӊычыл кабыл алуу пайда болуп, аны башкача жаӊы шартта сезе алдым, анын күчү мени чырмап алып, тереӊ толкунданууну жаратты. Сөз башы абдан ийгиликтүү чыккан, бул Шиллердин чыгармачылыгын тереӊ изилдегендигин күбөлөндүрөт. Котормочу “Валленштейндин лагерин” которбостон туруп, ал тууралуу тарыхый маалыматты берет, бирок корутунду ырды которгон, биз аны көп жыл мурдагыдай болгон толкундануу менен кайра башка тилде кабыл алабыз. (Т. 32, 288–289).

Бул текст 1828-жылдын 15-июнундагы Калейлге жазган катына орундары менен сөзмө-сөз дал келет. Анда Гёте котормочу Жорж Мойрго ыраазычылык билдирип коюуну өтүнгөн. Бул катта “Елена” аталышы менен жарыяланган “Фаусттун” II бөлүгүндөгү бир канча сценасына арналган Карлейлдин макаласы тууралуу айткан.

“Еленаны” жиликтегениӊиз өзгөчө жакты. Анда сиздин укмуштай өзгөчөлүгүӊуз ачылган. Ошол эле учурда Париж менен Москвадан ошол чыгарма тууралуу макалаларды алдым, аларды көпкө чейин сактап, аздектеп жүрдүм. Ошондуктан кыскача мындай дедим: шотландиялык[5] чыгарманын ичине киришти көздөсө, француз[6] аны түшүнгүсү келет, ал эми орус[7] аны өз мүлкү катары жасагысы келет. Бири-бири менен сүйлөшпөстөн бул үч автор көркөм чыгарманын бардык түрүн көз алдыга тартат, үчөөнү теӊ бири-биринен айрып кароого болбойт, бирин бири толуктап турат...” (В. IV, 280–282).

Кат көркөм котормонун мааниси, котормочулардын ролу тууралуу Гётенин өзү кабыл алгандай “түшүнүлө элек гана эмес, мурда дээрлик айтыла элек” ойлору жалпыланган корутунду менен аяктайт:

“...Котормочу өз улутуна гана эмес, чыгарма которулуп жаткан тилдин элине да кызмат кылат, улут чыгармадан алынган шире менен күчтөн ички жашоосун бир жолу азыктандыргандан кийин андан кубаныч да, жаӊы азык да ала албайт. Бул көрүнүш өзгөчө немис элине мүнөздүү, алар берилген нерсенин бардыгын өтө тездик менен иштеп чыгып, көп ирет кайталап, ошону эле кайра түзүп, белгилүү бир деӊгээлде аны жок кылып салышат. Ошондуктан ийгиликтүү котормо аркылуу алардын өз мүлкү жаӊы жашоого ээ болуп жатканы өтө жемиштүү...” (В. IV, 282).

II.ЧЫГЫШТАГЫ БАШ КАЛКАНЧ

Түндүк, Түштүк жана Батыш бүлүндү,
Тактылар менен хандыктардын калды гүлү.
Алыскы Чыгышка аттангыныӊ
Патриарх жыттанган абадан дем алгыныӊ.

Ушул саптар менен орто кылымдагы Персия поэзиясын тереӊ изилдөөсүн жана жандуу руханий кабыл алуусун ишке ашырган Гётенин “Батыш-Чыгыш диваны” поэтикалык топтому башталат.

Напелеондун империясы талкаланып, шериктештеринин тактылары ордунан козголуп, Европанын картасы (1814–1815-жылдары) улам өзгөрүп турган чакта ал Чыгышка баш койгон. Бирок ал чыгыш өлкөлөрүнүн адабияты менен андан мурда эле тааныш болгон. Өспүрүм кезинде Эски осуяттарды, Куранды окуп, элдик даанышмандыктын нукура жемишин, адеп-ахлактык аӊ-сезимди, баарыдан мурда көркөм чыгармачылыкты, поэзияны көрө алган. 1772–1775-жылдары “Магомед” поэмасын жазган, 1775-жылы “Ырдын ырын” жана Соломондун притчаларын которгон. Кийинчерээк араб эпикалык поэмаларын редакциялаган, “Кудай жана баядер” балладасын индус жомокторунун мотиви боюнча жазган (1797-жылы).

“Батыш-Чыгыш диванына” киришип жатып, Гёте Чыгышты изилдөөдө болобу, поэтикалык котормо искусствосунда болобу, үйрөнчүк болгон эмес. Бул китепти жаратып жатып, Жакынкы Чыгыштын тарыхы, маданияты жаатында билимге ээ болуп, котормо методдорун ишенимдүү колдонгон. Ал негизинен англис тилиндеги чыгармаларды которуп, Хафиз, Руми, Саадинин чыгармаларынын түп нускасы менен салыштырган. Ал сүйүү тууралуу өзгөчө, баёо, даанышман, ашыклык, жашоо, өлүм мааниси, Чыгыш даанышмандыгын кабыл алгандыгы тууралуу ырларын жазган.

“Диванга” болгон автордук эскертүүлөр перс акындары, Библия, Куран, коомдук турмуштун жана адабияттын актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу илимий, тарыхый-философиялык, философиялык, көркөм өз алдынча чыгарманы берет.

“Котормолор” аттуу көп кырдуу автордук корутунду сөзүнүн бөлүктөрүнүн бири “Котормонун чеберчилиги. 1966” (М., “Советский писатель” 1968, 235–237-б.) чыгармалар топтомунда жарыяланган.

Перс, индус, кытай авторлорунун Батыш Европа тилдерине котормолору Гётени кызыктырып келген.

1821-жылы индус поэзиясынын ошол чыгармалары тууралуу кайра жазган, булар тууралуу англис, немис басылмалары “Сакунтала”, “Гита Говинда”, “Мегхадутти” жана У Хань-шендин пьесасы боюнча “Дивандын” эскертүүсүндө айткан:

“Бул бардык поэтикалык чыгармалар менен котормодон котормо аркылуу кандайдыр бир деӊгээлде тааныша алдык, алар баары бир түп нускадан алыстайт, андыктан биз түп нусканын белгилүү бир бөтөнчөлүгүн эмес, жалпы картинасын гана кабыл алабыз. Айырмасы асман менен жердей, бул мага санскрит тилинен профессор Козегартен түз которгон көптөгөн строфаларды окугандан кийин белгилүү болду жана ага тереӊ ыраазычылыгымды билдирем” (Т.32, 177).

1825-жылы индус-перс жомоктор цикли “Тути-намедеги” үч жомоктун немис тилиндеги котормосун рецензиялаган. XIV кылымдагы варианты менен XVII кылымда рецензияланган вариантынын ортосундагы айырмалары тууралуу айтып келип мындай деген:

“Жаӊы китеп ... чыгыш элдери эки жүз жыл ичинде кара сөзгө байыгандыгын күбөлөндүрөт жана маанисин баяндоо, жылаӊач мазмун, бардык кооздуктан кур жалак жомоктун турпатына гана канааттана алышат. Ошондой болсо да батыш элдерине мындай аӊгеме мурунку аӊгеменин бардык артыкчылыгына карабастан табити жагынан артык.

Ошондуктан биз котормочу Икен мырзага бул чыгарманы немис адабиятына киргизгендиги, ага кызыгуу жаратып, андагы асыл үлгүлөрдү, мурда белгисиз сюжеттерди немис кыртышына көчүрүү менен таланттуу жаш адабиятчыларга өз күчүн сыноо мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн абдан ыраазыбыз...

... Бул китептен алган ырахат эски вариантты кабыл алууга  даярдоо үчүн бардыгынын колуна тийсин жана жарык көргөн үч жомогунун ач кызыгууну жараткан, профессор Козегартен убадалаган толук котормосун эртерээк берсин” (Т. 32, 178–179).

1791-жылы Гёте “Сакунталаны” немис тилинде алгач окуганда төрт саптан турган ырды чүргөгөн:

Көктөмдүн гүл ачканы, күздөгү күрөш,
Көӊүл кушун көтөрүп, азыктантып, жубатат.
Көк менен жер жүзүн бир сөз менен
Кучагыма сыйдырып айта алам. “Сакунтала”.

Франциялык ориенталист Антуан Леонар де Шези (1773–1832) түп нускасы менен биргеликте 1830-жылы жарык көргөн “Сакунталанын” өз котормосуна бул саптарды эпиграф катары алган. Ал китепти Гётеге салып жибергенде, андан мындай жооп алган:

“... “Сакунталанын” котормосун жөнөтүп сиз мага кандай сонун белек кылдыӊыз.

Сөз менен жеткире алгыс туунду тууралуу алгач билгенимде менде ушундай бир энтузиазм пайда болду. Мени өзүнө тартып алганын ушундан билиӊиз, окугандан тажабайм, болбой турган нерсени жасап көрүү аракетин сездим, аны немис сценасына ылайыкташтырууга аракет кылып көрдүм. Бардык күч-аракетим жемишсиз болсо да өтө баалуу чыгарма менен жакындан тааныштым, ал өз жашоомдогу бүтүндөй доорду аныктады, англис, немис котормолорун мындан ары кайра окубай турган болдум.

Мына азыр түп нускадан илимий жактан негизделген котормоӊуз мени  кубандырып койду.

... өзгөчө таасирдин табиятын эми гана түшүнүп турам, анда акын эӊ жогорку милдетин көрсөтөт, ал барып турган нукура абалды, эӊ назик жашоо мүнөзүн, эӊ таза адеп-ахлактык мүдөөлөрдү, эӊ татыктуу улуулукту ачып көрсөтөт...

Бул укмуштуудай өнүккөн француз тили аркылуу түшүнүктүү болуп олтурат, качандыр бир убакта ушул тилде укканымдай кайра андагы бардык нерсе кубанарлык, күчтүү чыккандай сезип жатам.

... Сиздин “Сакунтала” эӊ сонун жылдыздардын катарын толуктайт, алар аркылуу өз күнүмдү барктайм” (B. IV, 401–402).

Лев КОПЕЛЕВ

Которгон Эрмек ШОРУКОВ, РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү

[1] “Вопросы литературы” журналы, 1971, №7 санындагы макаланы караӊыз.

[2] Goethe. Briefe. Hamburger Ausgabe in 4 Banden. B. I, 1962, S. 172.

[3] W/Goethe dtv. Gesarntausgabe/ Muncheien, 1961-1963, 5-том, 70-бет. Мындан ары шилтемелер текстте: (25, 70-томдор).

[4] 1829-жылы Тёте менен Шиллердин кат алышуусу алгач ирет жарык көргөн.

[5] Карлейль.

[6] Жан Жак Ампер – (1800–1864), “Глоб” журналындагы макалардын автору.

[7] С.П.Шевырев, “Еленаны” которгон, “Москва жарчысындагы” макалалардын автору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз