
Эгемендиктеги келечекке багытталган билим берүү стратегиясы тарыхтан сабак алып, бүгүнкүнү ачык серептеп, келечекти алтернативдүү элестетүүгө жөрөлгө болуш керек деп ойлойм.
ТАРЫХ: Биздин калың элде билим берүүнүн өнүгүү тарыхында Совет доорундагы убак эки уюлдук тайпаларга бөлүнүп, же өтө романтикалуу, же абдан жек көрүү менен каралат. Чынында, бул күтүлө турган ой-пикирлер. Мындай чар тарап ойлор жакшы анализ кылууга керектүү уютку. Аттын кашкасындай көрүнүп тургандай жана билгендей, бүт коомду кучагына алган, уюштурулган, акысыз жана милдеттүү билим берүү системасы Совет доорунда гана ишке ашкан. Ага дейре кыргыздардын формалдуу сабаттуулугу төмөн көрсөткүчтө болгон. Мезгилге керек формалдуу эмес үйрөнүү ар бир үй бүлөдө болуп келген. Арасынан абдан аз пайыз адамдын кат сабаты болушу мүмкүн, бирок жапырт элге ал билим жана кат-сабат тараган дагы эмес жана кереги да жок болгон.
Мугалимдердин кесиптик деңгээли жана коомдук орду Совет доорунда баса белгиленди. Мугалимдер социалисттик идеологияны коомго жайылтуу жана кармап турган мамлекеттик курал болду. Совет доорунда билим берүү мазмуну дагы абдан идеологиялык болуп, эркин жана сынчыл ойлом, креативдүү иш-аракеттер өтө деле бааланган эмес. Кээде бааланмак турсун, жазаланган. Тоо кучагындагы айылда дагы, айылдыктардын жапырт, бир этаждуу кам кыш жана саман үйлөрүнөн айырмаланып, бышык кыштан курулган эки кабаттуу мектеп өзүнүн чоң ролун, миссиясын жана маанисин даңазалап, зыңкыйып айыл ортосунда турчу.
Убагында айыл мектебинде физикалык, химиялык, тилди үйрөнүү лабораториялар болуп, ага кошуп, китеп толо китепкана, спорт зал, трактор жана кийим тигүүгө машина жана мектеп, бак чарбалары болду. Ал доордо өз тарыхыбызды аз карап, жаңы социалисттик өлкөнүн жараны катары анын жетишкендиктерин жар салып, кемчиликтерин жашырып, айтор, жаңы коомдун адамын пайда кылыш үчүн мына ушул билим берүү системасы көмөк берген. Эне тилибизде билим алууну уят көрүп, тилибиз сынгыча сүйлөп орус тилдүү билим көсөдүк.
Кылым карыткан маданиятыбызды жерип, жаңы коомдун маданияттын жана ага тиешелүү мүнөздү үйрөндүк. (Кыстырмага айта кетейин, социалисттик эле өлкөлөрдө эмес, баардык өлкөлөрдө билим берүү программалары саясий жана экономикалык идеологияга толгон).
УЧУРДА: Эми лентаны бат түрүп, көңүлүбүздү бүгүнкү күндөгү билим берүүгө бурсак. Эгемендик. 30 жылдан бери өз тагдырыбыз өз колубузда деп ооз учунда кыйкырып келебиз. Бирок дүйнөлүк деңгээлде билим берүү боюнча эмгектенип келген мен үчүн толук эгемендик дагы деле утопия болушу мүмкүн. Мурдагыдай билим берүү коомдук теңдикти алып келүүгө чамасы жетпейт. Азыркы доордун мектеби коомдук теңсиздикти кайра чыңдайт. Азыркы коомдо билим берүүдө ата-эне жана үй-бүлөнүн ролу чоң, жоопкерчилиги дагы бакандай мойнуна оор илинген. Аны көбү сезбей эле калды.
Совет доорунда билим алган азыркы коомдун көпчүлүгүн түзгөн ата-энелер азыркы билим алуунун өтө начар акыбалда экенин баса белгилешет. Ошол эле мезгилде кээ бир ата-энелер жана чоң ата, чоң энелер, мезгилдин шаңындагы диндик идеологиялык жактан басым кылып, мектепти жерип, мечитке жумшап олтурушат. Дагы бир бөлүгү, балалык сүтү оозунан кете элек балдарын тээ тынч мезгилде барбаган Маскөөгө жөнөтүп, акча алышып, шаан-шөкөттөп, тойлоп Кыргызстанда жүрүшөт. Балага доо-доомат коюп, милдет кылып, ата-эне баланы эмес, ата-энени бала баккан заманда жашап атабыз.
Башка бир бөлүк ата-энелер балдарынын азыркы замандын талабы болгон технологиялык билимине көбүрөк көңүл буруп, чет тилин үйрөтүүгө шарт түзүп, сырттан мугалим жалдап кошумча сабак алдырып, баласын эптеп Кыргызстандан сыртка жөнөтүүдө. Илгеркидей, билимдин очогу, экономика жана саясаттын ордосу болгон мектепти эгемен болгон өлкөнүн ар келген бийлиги жакшы каржылай албай убара. Карыз алып, билим берүүнүн жыртыгын жамап, же масштабдуу, ич жылытарлык иш кылбаган канча бийлик жана министрлер келди, кетти. Мамлекеттин билим берүүгө финансылык каражаты экономикалык өсүштөн көз каранды дегени менен, бул менимче, жөнөкөйлөтүп айтылган шылтоо. Азыр билим берүү өлкөнүн саясат чөлкөмүндө эң акыркы маселе болуп калган. Кээде билим берүү эч деле сөз болбойт. Жабалактап кайдагы ырчылардын өздүк ырахатын сынга алып жана үй бүлөлүк жашоосун талкуулап, акыл-эси жок коомго билим деле керек эместей. Балдарды күнөөлөп – бепбекер. Маселенин баары өзүбүздө. Орто жана улуу муунда. Учурда, көп кыргыз тилдүү мектеп жана жогорку окуу жайлары болгону менен, башка улуттун тилин желмогуз көрүп, жерип аткан кербезибиз. Жер планетасынын очогу Кыргызстан болгонсуп, башканы көзгө илбейбиз. Мурдагыдай мектеп имараты зыңкыйып турмак түгүл, түз тура албай, бели бечейип, ар жагынан таяк таянып, өлбө жаным өлбө болуп, эптеп турат.
Мектептин ордуна азыркы коомдун баалууктарынын символдору болгон зыңкыйган тойканалар жана мечиттер көп. Мугалимдердин көбүн эл көрбөйт, көрсө дагы көзгө илбейт. Алардын кийген кийимин чоң мыскыл-тамаша кылып, алган маянасы тууралуу шайлоонун астында апыртып чыккандары андан көп. Китепканалар азыр чанда кездешет. Китеп окуган жан жоктой. Көп окуучулардын, мугалимдердин мектепти көрбөй эле күбөлүк, маяна алгандары толтура. Дүйнө жүзү санариптик жашоого жана Индустрия 4.0 экономикасына багытталган билим берүү керектигин билип, колунан келгени да, келбегени да, чамасы бары да, жогу да билим берүүнүн өзгөрүшүн баса белгилеп жатканы жаткан. Арасында биздин өлкө, Кыргызстан да бар. Баары ооз учунда. Пандемияда бул маселе дүйнөлүк масштабда азыркы билим берүүнүн жетишсиздигин көрсөтө алды. Кыргызстанда теле көрсөтүү аркылуу сабак беримиш болдук. Эми аны айткым да келбейт. Айтор, кыйратып койгонсуп, кердейип, башканы теңсинбей, өзүбүздү шер көрүп олтурган кербезибиз.
КЕЛЕЧЕК: Ушул тарыхтан жана азыркы замандагы шарттан жыйынтык чыгарып, өлкөбүздүн келечектеги билим берүүсүн кантип элестете алабыз? Адамдын үмүтү эң акыры өлөт демекчи, кандай ойлоруңуз бар? Үмүттөрү бар адам калдыбы?..