Төлөгөн Касымбеков: Жазуучу деген ким?

  • 13.10.2021
  • 5957

(Сөз эркиндиги калыстыктан эркин эмес)

I

Ырас, адам коомунда ар жердин, ар элдин өсүш, өнүгүш жолу, деңгээли элдин же жамандыгынан, же мыктылыгынан эмес, жашоо шартына жараша ар башка болгон соң, бу «адеби», адеп түшүнүгү да ар башка болуп келгени ырас.

Демекчи, көп тайпанын ичинде өзүнчө тили пайда болгон, жүрүмү, мүнөзү, турмуш ыгынан алган үйүтү өзгөлөнгөн бир тайпанын «кыргыз» деген атын ушул күнгө дейре өзүнө тутунуп жүргөн элдин аз болсо да өзүнө жараша адеби, акыл нускалары боло келгени да ырас.

Көп кедерги күнгө дуушар болуп, нечен ирет чайпалып, нечен ирет чабылып, нечен ирет кыйылган дарактын дүмүрүнөн кайра көктөгөн чырпык сыяктуу кайра эл катарына кошулуп жүргөнү да ырас. Өткөн күнү үңүлө иликтенбей, нары да кийинки бир кылым ичинде өкүм сүргөн үстөмдүк атайын жашырын, жабык кылганынан улам жакында гана «кыргыз өз алдынча мамлекет» делинген жылдардын башында гана Кытайдын байыркы ХАНЗУ династиясынын өкүмдарлары менен элчи алмашкан мамилеси болгонуна 2207 жыл өткөнү араң белгилүү болуп отурат.

Мына ушундай узун өмүр кечирген өтө байыркы эл болбосо, анын дүңгүрөгөн руху болбосо, жок жерден улуу «Манас» дастаны жаралмакпы?! Бу улуу рух эң акыры киргин дайранын саркындысы сыяктанып калган, көптүн алдында тебеленген, күчтүн алдында басынган биртке элдин көкүрөгүнөн өчпөй кошо жүрүп отуруп, дагы нечендеген акыл нускаларынын бийиктигин байкаткан накыл, айтым сөздөр, маанилер куюлушуп, адептүү адам аттап кете албай турган рухий таалим, мыйзам ченемдери, жалгыз Жараткан Теңирге сыйынган диний дастүрү, кийинки Кулкожо Акмат, Баласагун, Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Жеңижок, Токтогул сыяктуу акылмандардын өмүргө, заман түрүнө, Теңирге болгон терең да, кенен да ой санаттары, кийинки Аалынын, Жусуптун, Алыкулдун теги көрөңгөлүү адабий көркөм байманалары бүгүнкү кыргыз элинин акыл казынасын айгинелеп турат.

Улук журтчул, ырайымсыз, колониячыл орус падышасын көңтөргөн революция курган Кеңеш өкүмияты алгачкы Теңирге жаккан теңчил, адилет башталышы, өңүтү улук журтчулдар «майда» деген элдердин жарык дүйнөдө башкалар катары эле жашоого Теңир өзү берген акысын ачык белгилеп, өз ичинде кененчилик берип, жанагы алаамат жылы кырылган, чачылган кыргыздын өлгөндөн калганын жыйып-терип, өзүнчө автономия тартуу кылып: «Эми өз элчилигиңи аныкта, акыл мурасыңы жыйна, кат тааны, жазма өнөрүңү өнүктүр» - деп, биртке эле арабиде кат билгенин чогултуп, айлык акы берип багып, өз тилинде гезит ачтырып, унутулгус камкорлук кылды. Ушу мезгилде «Манас» кагазга түшүрүлгөн, ушул убакта Аалы Токомбаев, Касым Тыныстанов, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков өрттөнгөн дарактын түбүнөн көктөгөн көктөй кылайып көзгө көрүндү. «Жамандыктын ичинде жакшылык катылып турат, жакшылыктын койнунда жамандык да быгып турат» деген ушул – кечеги канкор бийлик кулап, ордуна камкор бийлик келип, бечараны, азды, алсызды аңгектен көтөрүп алгандай эле болду.

Ушул жакшылыктын койнунан көп өтпөй жамандык да сойлоп чыкты – азыр биз оозго алган көркөм сөздүн ойчулдарына катар эле чала акыл, чала жазмакер да чырмооктой чылбыр таштап көбөйүп, «идеология кызматчысы», «кедейчил акын, жазуучу, сынчы, адабиятчы» атандырылып, өзүнчө бир күтүрөгөн дымактуу топ пайда болду. Жүрүп отуруп, жазуу өнөрүнө шыктуу адамдардын башын кошо турган уюм күндүз парткомитетке эсеп берген, түндө ОГПУ тескеген, жазуучудан күнөө издеген өзгөчө бир коркунучтуу департаментке окшоп кеткен.

Кийинки эле жылдарында өткөн күнгө, күндөлүк турмуштагы терс көрүнүштөргө, адамдын жеке ой туйгуларына кененирээк көңүл бөлө калган жазуучуларын жакалап, «эскини көксөп атат», «биздин бактылуу турмушту жамандап атат», «улутчулдук сезилет», «пантюркизм жыттанат» деп айыптап берип турганын өз көзүбүз менен көрүп, өз башыбыздан өткөрүп да калдык.

Өмүр өтөт экен, мезгил өзгөрөт экен, адамдын пикири башкаланат экен, бир кездеги кынтыксыз делинген ойлор, принциптер эскирип, бир убак өткөн соң кайра темселеп кандайдыр бир деңгээлде кошумчаланып, өзөгү калып, өңү өзгөрүп, айлан-көчөктөнүп имериле берет окшойт.

«Түп тамыры жулунуп ташталды» деген улук журтчул дымак, эл ортолук мамиледе боло келген өйдөсүнүү, шовинизм кайра көгөрүп, КПССтин эшигиндеги жазуусун өзгөртпөй эле өзүнүн, бир улуттун партиясы кылып, башка элге, башка акылга үстөмдүк кылуунун жаңы тепкичине чыгып алды го.

Мына ушинтип, «эл достугу», «эл биримдиги», «эл теңчилиги», «адамдардын бирдей укугу» деген идеалы оозго көп алынбай, анын ордуна «старший брат», «младший брат» деген категорияларга жиктелип, мурдагы боло келген «эзилген улуттарды көтөрмөлөө» акырындап токтолуп, Кавказ, Орто Азия республикалары «тең укуктуу» дегенинен экономикалык регионго айландырылып, өз тилинде адабиятын өнүктүрүшүнө көмөк кылмай ордуна орусчалап жазуу «пайдалуу» экенине үндөп, алардын ичинен «тез пайда» издеген эптекейлерине айрыкча жол ачып, ачыктан ачык орусташтыруу жолоюна өтүлгөн, көбүнүн улуттук тилинин «мамлекеттик» деген аброй статусу жоюлган.

Мына, таза башатынан бери чыга булганып, жүрө-жүрө коммунистче болбой калган, мурдатан улук журтчул дымагы күчтүү жааты өз нугуна буруп алган мамлекеттик система тышкы дүйнөнү ядролук согуш коркунучуна кептеп турган империя ар бири өзүнүн «улуу мамлекетин кайра курмакчы» славяндардын аракетине байланышып, бир киши күйбөй, бир аял кошок айтпай өзүнөн өзү урап калганына, мына, баарыбыз күбө болдук.

Кантмекчи?! Баарыбыздын көз алдыбызда мурунку «майда» делген укуксуз «республикалар, башка барар жолу да жок, ар бири өзүлөрүнчө улуттук мамлекеттерин курап алышты. Мына, мурунку идеологияга, көрсөтмөлөргө негизделген «Жазуучулар союзу» деген уюм, аты сакталса да, жаңы багытка, жаңы мүдөөгө коошо бере албай көз көрүнөө мааниси, коомго таасири өзүнөн өзү пастабай коё алган жок. «Мезгилдин кап алдынан чыгалы» дешти окшойт, бир чогулушунда баягы бир кездеги «жетимден жетилгенбиз», «кедей табынан партия өзү көтөргөн» дегендер, бирөөнү «улутчул» деп ярлык таккычтар, партиядан чыгаргычтар чөптүн өңүнө жараша өзгөргөн маглуктай тез кубулуп, кыйкырык салып, кечеги эмчегин эмген мезгилине түкүрүп, көргөндүн, уккандын оозун ачырып, өзүлөрү «ыйык» деп жүргөн партбилеттерин столго таштап, чанып салышты. Муну мурун кылса «эрдик» десе болор эле, бу заман көчү өтүп кеткен убакта эрдик эмес, задиси кошомат, руху кул болгон соң кожоюндун ким экенинин айырмасы жок экени гана сезилди.

II

Жаңылануу зарылдыгы сезилген соң «Жазуучулар уюмун» кайра уюштурду бир оор топ мүчөлөрү «Эркин Жазуучулар Бирлиги» деп каттоодон өткөрүлгөн. Кыргыз адабиятынын күзгүсү болуп келген «Ала Тоо», Орус секциясы, Шыктуу жаштар ийрими ушул Бирликке бириккен.

Өткөндү кайра экчеп, кайсы жосун ийкемдүү, кайсы жорук зыяндуу экенин болжоп, андан соң акыл өнөрүнө, чыгармачылык нускага карама-каршы келер терс «теориялык» жана «иш жүзүндөгү» кылгылыктарды кайра карап чыгып, ортого коюп, акылдашып, жаңы Бирликтин мындан наркы чыгармачылык, коомдук, керек болсо саясий, улуттук нускоолорун тактап алыш алдында отурабыз.

1. Башы «пролетарчыл жазуучулар» делинип, Жазуучулар Уюму Бүткүл союзда уюшулган. Ошол эле «пролетарчыл» деген маанисинде республикаларда чыгармачыл адабий ийримдер пайда болгон. Сөз зергерлеринин күчүн, адабияттын таасирин коммунисттик идеологиянын нугуна баш ийдирип пайдаланыш үчүн дүйнө адабиятында боло келген «реализм», «сынчыл реализм» ыкмаларынын ордуна жаңы «соцреализм» деген ыкма ойлонулуп табылган. Ырас, «соцреализм» болгон соң курула турган социализм мүдөөсүн мактап аң-сезимге сиңирмек, социалисттик турмушту көтөрө көрсөтмөй, ак жүрөк күрөшчүлөрдүн оң образдарын жазмай. Турмуш кыйынчылыгын, кемчилигин, кетирилип жаткан каталарды биртке да болсо калыс сынга алып, оңдоого жол берилбеген. Буга кошумча «тап күрөшү», «таптык көз караш» деген теория үстөмдүк кылган. Бу теория боюнча жазыла турган коом «эзген», «эзилген» делинип, адамдын керт башы да «бай», «кедей»делинип бөлүнүп каралган.

Өткөн коом атпай жаман, а соцкоом жакшы, бай терс, кедей оң кылынып мүнөздөлгөн. Тап күрөшү Россиянын ичинде алда канча жумшак, улуттук мүдөөсүнө каршы келтирилбей жүргүзүлгөн. А Украина, Кавказ, Орто Азия үчүн өзгөчө өтө катаал, алардын улуттук биримдигин бузууга чейин жеткен, кыйшаюусуз ишке ашырылар талап болуп кирген. Мына ушул «теориялык» ыкмалар иш жүзүндө жазуучуларга өз көзү менен көрүп турган турмуш чындыгын, өткөн тарыхый болмуштарын кеңири анализдеп жазууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ырас, «майда» эсептелген улут өкүлдөрү, өзгөчө кыргыздын эптүүлөрү эптешип, бир жагынан жалпы сабаты тайыз чала ой жооруп, чала сүрөттөп, жоктон баатыр тапкан болумуш этип, көбүн эсе саясий ордого жакын орус жазуучулар колдонгон идеяга, турмуш катнаштарына, кейипкерлерине толук окшоштуруп, өз жергилик, өз улуттук турмуш-жайын, шартын, ой-санааларын аңдабай, эске албай түзмө-түз көчүрмө жасап, «социалисттик кыргыз адабиятын негиздешке» далалат кылышкан.

Демекчи, көркөм адабиятка баса көктөлө таңууланган бу «теориялар» ар кандай өткөн заман түрүн, ар кандай элдин улуттук өзгөчөлүктөрүн, турмуш жагдайын, ар кандай жеке адамдын өмүрүн жекече кароого, жекече деңгээлине жараша анализдөөгө, жекече не «оң», не «терс» салаватын жазууга мүмкүнчүлүк берип көрмөк түгүл, кескин тыйым болгон, көркөм адабияттын Кудай акы капыс, адеп, аяш, күйүш маңызынан ажыраткан.

Ал эми күндөлүк практикасында «адабиятка партиялык жетекчилик» дегенинде көркем чыгармачылык, анын салты, мааниси жөнүндө түшүнүгү жокко эсе жергилик партия уюмунун бир чоңу арам ойлуу бирөө чагым жеткирсе, ошого ишенип, бир бурк этсе дүрт этип адабияттын үйүндө өрт кетип, эч ким, эч неме аралжы түшө албаган кыйын күндөр көп өткөн.

«Теорияларды», парткөрсөтмөлөрдү» жол-жобосуна кашкайта жазып, көркөм сөз өнөрүнүн чеберлеринин мойнуна баса жүктөп, «окутуп», «сындап», шай келе бербегенин «кыйратма талкууга» алып турган уюм бизде Жазуучулар союзу болгон.

2. Ушул уюм аркалуу өз убагында чыгармачылыгында аздыр-көптүр улуттук жышаналар бар жазуучулар сындалып, чыгармачылык нугунан тайдырылган, нары акын, нары окумуштуу тилчи Касым Тыныстанов «улутчул» делинип атылып кеткен, Аалы Токомбаев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин камалып чыгышкан.

3. Ушул Союз аркалуу өткөн кылымдагы Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Жеңижоктун ысмы кагаз бетинен өчүрүлгөн, алардын терең да, кенен да акыл нускаларынан кыргыз эли ажыратылган.

4. Ушул Союз аркылуу он алтынчы жылдагы кыргыз элинин жер үчүн, Ата Журт үчүн көтөрүлгөн күрөшү «реакциячыл», «оруска каршыгуу» деп жаманатты кылынып, өтө ырайымсыз орус колониализмин актоого барылган. Өз көзү менен кыргын көргөн жаш Аалы Токомбаев энтигип ыйлап отуруп жазган «Кандуу жылдар» ыр романы өрттөлүп, Кубанычбек Маликовдун «Балбай» поэмасы окулуудан алынып ташталган.

5. Ушул Союз аркалуу ошол эле Аалы Токомбаевдин шыңгыраган лирика «Белегим» жыйнагын, окумуштуу Тазабек Саманчиндин Молдо Кылыч чыгармачылыгын изилдеген китеби да отко салынган.

6. Ушул Союз аркалуу улуу «Манас» дастаны «байчыл», «эзүүчү таптын ыры», «баскынчы» деген сын тагылып, кыргыз элинин бир нече миң жылдык рухий казынасын жок кылуу коркунучу түзүлгөн.

7. Ушул Союз аркалуу, тегин жерден өрт чыкпайт, ушул Союздун айрым чоң жер менен байланышы бар кишилеринин аракети боюнча го, ошо кездеги КПСС БКнын секретарынын «Против антиисторизма» деген бүткүл союздук адабият чөйрөсүнө жаңы чуулган салган макаласына «кыргыз мамлекетчилиги болгондугуна шек» саналган «формулировка» атайын максат менен киргизилген. Бу өз кезиндеги саясий көрсөтмө макаланын практикалык иши катары ошол эле «шекчилдердин» дуулдап катышуусу астында али толук жарык көрө элек кыргыз адабиятында жаңы гана колго алына башталган тарых темасынан жазылган «Көк асаба», «Сынган кылыч», «Өзөктөгү өрт» адабий көркөм саамалыктарына катуу чапкын уюштурулган.

«Сынган кылычка» болгон чапкын токтолбой, КПСС БК кожоюндарына ушул союздун «кадырлуу» кишилеринин ачык аракети боюнча дагы баягы көркөм адабиятка зыяндуу изин калтырган «Против антиисторизма» деген, саясий көрсөтмө кайра жаңыртылып «мамлекет болгон деп атат», «жужний кыргыз пиадалдарын мактап атат» деп, үстүнө өткөн кылымдагы жазалоочу аскердин башчысы боло көптөгөн кандуу окуяларды уюштурган генерал Скобелевге байланыштуу «улуу орус элинин улуттук баатырын жамандап атат», «бу антирусскийлик» а өткөн кылымдагы ханга каршы, ошондой эле тыштан баскынчыларга туруштук кылган Исхакка байланыштуу «мына, кайдагы бир селсаякты мактап атат, ал кан болгон», «бу улутчулдук» деген «айып» кошуп, Кыргызстан КП БКнын пленумуна көтөрүп чыгууга жетишилген.

Союзда «Сынган кылычтын» темалык уландысы болгон «Келкел» басмадан алынып, талкууга түшүрүлгөн. «Жүжний пиадал Курманжан макталган», «басмачы Мадамин макталган», «атабыз Лейлиндин саратчысы Фрунзе агабыз, акыныбыз Токтогул макталбай калган», «улутчулдук көрүнөт», «пантюркизм жыттанат» деген баягы эле эскиче «айыптар» коюлган, кол жазма сейфке камалган, авторун каматуу иши даярдалган.

8. Ушул эле Союз ичинде өз убагында биринчи адабий ийрим уюштурулган, ал ийримдин атынан «Манас» дастанын чогултуу жана кагазга түшүрүү зарылдыгы жөнүндө Өкмөткө кат жолдогон, кийин дастанды чогултууга, көп кол жазмадан иргелген вариант жасоо ишине көп мейнет кошкон Аалы Токомбаев элдик дастандын тазалыгы үчүн Сагымбайдын айтымындагы эл наамына кине болуп кала турган бир түрмөк сапты алып коюу жөнүндөгү кеңешин этнос

Максат эмне? Атайы уюштурулган талаштын тамырын билбеген чет чөйрөгө «о-о, өз эпосун баалоочу», «өз улутунун рухий дүйнөсүнүн байманасын сактоочу жана коргоочу», «өз улутунун дилин, тилин өнүктүрүүчү» оңойдон табылган туубашысы катары бой салыш, оңой олжо, жалган даңк таба коюш көздөлгөн.

Эстен чыга элек, Аалы Токомбаев айтылган жалааны алаканын улам бир кулагына калкан кыла тыңшап, эң акырында: «Жолдоштор, мен өзүм жыйнаган, кагазга түшүргөн, а түгүл сводный вариантын жазган киши болсом, айткылачы, мен кантип «Манаска» каршы киши болуп калам?! Мен кыргызчадан башка тилде жазбасам, ыя, кандайча кыргыз тилине каршы болуп калам?!» — деп айткан көп маанилүү сөзү таназарга алынган эмес.

9. Ушул Союз ичинде адам баласынын адебине, ыйманына байланышкан өзгөчө кесир, өтө өкүнткөн «кайра таалим» окуялары жүргүзүлүп турган. Ырас, коммунизм теориясынын негизгилеринин бири материализм, андан атеизм өнүктүрүлгөн. Демек, «Кудай жок» делген соң, «Кудайдан коркуу, коомчулуктан уялуу» деген жок, топ болсо эле, күч болсо эле басмырлап, бирөөнүн үйүн, мүлкүн менчиктеп ала бермей революция аталып кеткен. «Теориядан» улам эң жогорку чоңдору «материалистпиз», «атеистпиз» дегенден чыга алышкан эмес, ал тигил районго отургузулуп коюлган функционери да «биз деген кудайсызбыз» деп ормоюп дымак күтүнүп жүргөн. Ал эми чала жазмакер, чала маани, чала уйкаш сөз токуган «партиянын солдаттары», «идеология сакчылары» жогору жагынан алган тапшырма боюнча динге карата да баягы адилетсиз жамагын оттоп, адам адебинин, адам маданиятынын баш булагына түкүрүп, дин тутунган кишилерди жасалма, жалган «окуя» жазмалап, шылдыңга алып, карапайым жай элдин астейдил азиз ыйманына шек келтирип турушкан.

10. А «Ленин», «партия» адабиятка өзүнчө тема кылынып, шек саналбай сыйынылар ишеним катары көтөрүлгөн. Бу боюнча Россияда өз көзү менен төңкөрүштү көргөн В.Маяковский «крепостное право» деген өзү кетирилсе а психологиясы али кетип бүтпөгөн Россияга, элине жалпы боштондук берилгени үчүн астейдил восхищениесин жазган. А бизде кыргыз элинин башынан өткөн кыргын учурун башынан өткөргөн А.Токомбаевдин чачынган элди чогултуп сактап калган мезгилге, анын жолбашчысына арналган нечен түрмөк саясий лирикасы өлгөндөн тирилген кыргыз баласынын «миң мерте» деп айтарлык ыраазылыгы болгон. Келе-келе бу тема кыйшаңдоосуз аткарыла турган милдеттенме катары жазуучу атпайдын мойнуна салынып, кимдин гана болбосун ыр жыйнагынын башына бирдеме жазылып коюлбаса жыйнак басмадан чыгарылбай жүрүп, ар ким «эптеп жазып» талаптан кутула берип, өзүлөрү «ыйык» көргөн экөбүн тең «атам», «атабыз» деген калпынан башка эч жеткилең айтары жок, ой толгоосуз, мазмунсуз, көрксүз чала уйкаш сөз үймөгү эле болуп, элдин жандүйнөсүнөн көз көрүнөө теманын кадырын түшүрүп алышкан.

11. Ар кандай адабий ыкмалардын, айлантылган чийиндердин, ар кандай саясий түшүнүктөрдүн рамкасынын ичинде жүрүп деле талант деген өзүнүн ой чабытына, өз деңгээлине жараша ар кандай теманы көтөрүп, бийик чечмелеп, рухий дүйнөнүн байманасы кылып коё алат. Буга соцреализм ыкмасынын башталышында болушкан орустан М.Шолоховдун, бизден А.Токомбаевдин, М.Элебаевдин чыгармачылыгы бир мисал. Ал эми «колдо» десе, «макта» десе ойлонулбай, жети өлчөнүп бир кесилбей, өз алына каралбай аша чамынылып, турмуш чындыгынан ашкере терс кетип, жок «бар», көз боёгон «баатыр» делинип, узундан узун өндүрүш, чарба иштери тизмеленген жазмайлар бадырактай жайнатылып турган. Ушундан соцреализм да, деги эле көркөм адабият өнөрү да нормасынан, формасынан ажырап, ашмалта кылынган.

Те баягы колхоздошкон убакта шүдүгер жер, жайыт, төрт түлүк мал, иштөөгө жараган жан «ортого» түшкөн. Түздөгү эл жабыла ортого иштеген, тапканы жобосунда жок «план» деген кошумча салыкка сыйпалып төгүлүп, нечен жүз «эмгек күнү» үчүн алганы биртке шыпырынды алып, албаган куру алаканын кагынып, жыл сайын жалгыз уюнун торпогун тирилей «эт планга төгүп» берип, жан сактоосу бир уйдун сүтүнө, базарланган бир кулундун пулуна, эшигиндеги он же он беш сотук арык жердин «огороддун» болор болос өнүмүнө такалган убактар болгон. Тентиреп кетишпесин үчүн элет элине паспорт деген берилбеген. Жерсиз, малсыз, эрксиз, укуксуз, ындыны өчкөн эл демилгесиз, каяшасыз, иштеп чеке тердетпей, көңүл дегдетпей илең-салаң, ыргылжың, суз абалга түшкөн. Эч ким сураган эмес ал-абалын, өзү айтканга эч ким ооз ачтырган эмес.

А бирок адабиятта бул турмуш «күтүрөгөн бирикме чарба», «дуулдаган эркин эл» делинип, күтүрөлүп, дуулдатылып көрсөтүлүп турган. Чоюлган, супсак уланып жүрүп отурган сюжет, издегени той, зоок, сындаганы Кудай, ичкени арак, сыйынганы «жогору жагы», сүйлөсө эле оозунан жалаң ураан чыккан «ак жүрөк», «баары бирдей бактылуу», «баары бирдей пикирлеш» идиллия турмуш болунуп жазылып турулган.

Мына, «бириккен социалисттик чарбасын» ушундайча өстүрүп жүрүп отурушуп, кийинки жылдарда «жүз тубар койдон эки жүз, кааласа эки жүз элүү козу алган старший чабан, «жүз тубар бээни жүз беш, кааласа андан да ашырып туудурган» жылкычы, бу гана түгүл койду бир жылда эки жолу төлдөткөндөр «чыгарылган».

Бу жасалма «баатырлар» өздөрүнүн жасалма экенин билишкенби же жокпу, кокус билген болсо каралынан уялган, күнөө сезген капилет сезим келип көргөнбү жокпу, эске алынбай көзү ирмелбей «көкөлөтүлгөн», ордендерин өзгөчө шүйшүнүп айга, жылдызга окшоштуруп, өтө тамшанып сүрөттөгөн жазмакер адабият чалыштан издетпей өзү табылып турган.

Оор, жеңил өнөр жай керекпи? Куп жакшы, республиканын эли көп эки шаарына бир нече завод, фабрика курулган. Бирок курулушка да, кийин иштешке да жергилик элден ишке тартылган эмес. Ортолук Россиядан, анык орустардан эл көчүрүлүп келинген, аларга атайы үйлөр салынып, бири калтырылбай жашоо жайы камсыз кылынган, иче турган арагы, жей турган эти, наны, кие турган кийими ишканалардын короосунда атайын дүкөндөрүндө жетерлик болуп турган. Жергилик жаштар адистештирилип окутулган эмес, ырас «адис» болбогон соң «короо шыпыргыч», «мусор ташыр» деген «кара жумуштан» башкага иштетилген эмес. Кече жакынкы жылдарда гана башка шаарлардан окуп келген бирин-серин жергилик жаштар цехке киргенге мүмкүн болгон. Өзүнчө, жашоо шартына карап, иш издеп келген элге бир шарт түзмөк гана түгүл карысына да, жашына да эч качан «прописка» деген берилген эмес.

Ушу болгону, бу дагы «кыргыз улуттук жумушчу табы» делинип, адабиятта ооз көптүрүлө жазылган.

Окуу тарбия-таалим тартиби коммунисттик идеологияга ылайык алды-артын каранбай жабыла «коммунизм кура турган», улутсуз, жабыла орусча сүйлөгөн «совет эли» деген жаңы этносту жаратмакчы болгон максатына жараша жаңы нукка коюлган. Улут «өнүккөн» дегени да, «артта» дегени да, өзүлөрүнүн нечен миңдеген узак өмүрүндө ар биринин өзүнө гана тиешелүү диний түшүнүгү, турмуштан алган өз үйүтү, адаты, акылдан алган адеби менен улут экени, «жаңылыкка» баштаганда бу өзгөчөлүктөрү өсүшүнө негиз кылыныш ордуна атайы чийткелсе, көз көрүнөө өзүнө жамандалып жокко чыгарылып отурса улут бузулуп, улуттук мүнөзүнөн ажырап, же шартына ылайык орусташып, же адам эч нерседен уялбаган, эч кимден ийменбеген, эч нерседен коркпогон, эч нерсени аябаган динсиз, ыймансыз коом келип чыгары эске, эсепке алынбай уюштурулган.

Мушташ, зорлук айрыкча «сүрөттөлүп» жүргөн. Кокустанбы?! Жо, бу авторлордун ою, муну менен «кыргыз кыр-кырда жүргөн уруулар эле», «кыргыздын азыркы күндө эл катарына кошулуп отурганы социализм системасынын гана пайдасы» деген кемсинткен аныктамаларга «мисал», «негиз» берилип турулган эмеспи?

Мына ушунетип, эл турмушу, улут мүнөзү бир башка, адабиятта бир башка баяндалган.

12. Ушул Союздун кийинки мезгилинде башчы болушка Чыңгыз Айтматов тандалган. Бирок көп деле убакыт өтпөй бул жолбашчынын кылар кызматы, жашаган жери өзгөрүп кеткен соң, бу союзга баш-көз болор башчы коюлбай, өзү «почетный» болунуп калтырылып, анын убагындагы секретарлары болуп жүрүшкөн жаш адабиятчылар башчылык милдетине киришерин киришип, бирак иш жүзүндө чыгармачылык уюмга нарктуу да, барктуу да нускоочулук кыла алышпай, алыстагы почетныйдын ысмына корголонушуп эле жүрүп калышкан.

Ырас, СССР кулаган соң, ар бир республика өз алдынча мамлекетчилигин негиздей баштаган мезгилде, негиздеп алышкан мезгилде бу Союзга да ошого жараша жаңыча багыт, көркөм сөз өнөрүнө жаңыча талап, жаңыча ыкма зарылдыгы келип чакпай койгон эмес. «Почетный» дегендин жоопкерчилиги болбосу ырас. Союз ичинде, жазуучулар арасында биримдик кеткен, адабий таалим, деңгээл өзүнөн өзү жоюлган. Союз айрым күжүрмөндүн, ыкчылдын, соодагерчалыштын үйүнө айланган.

Ишине айтылган пикирден, өзүнө айтылган сындан «почетныйдан» кадиксиз колдоо алып турган ишмерлер Союзуна да, өзүнө да ийкемдүү жыйынтык чыгарып алуу ордуна өзүнө элетче жаат куроого өтүшүп, «жактоочу» көбөйтүп, али жазуу өнөрүнүн талабын, милдетин анча түшүнө да элек, көңүлгө аларлык бирдеме жаза да элек жай жарандардан тоодон да, чөлдөн да дүүлүктүрүп жазуучунун белетин жазып бере берип, мүчө атыккандардын саны 600 чамаланып кеткен.

Те элүүнчү жылдардын акыры ченинде аз гана анык көркөм сөздүн чеберлери болуп, көбүн эсе «идеологиянын сакчылары» да болуп, адабий сынчылары, адабий окумуштуулары болуп, баары отуз гана чакты мүчөлөр болгон. Ал кезде мүчөлүккө алчу атайын Комиссия иштеген, акы албай Кубанычбек Маликов сыяктуу талабы катуу, аар-жүзгө карабаган, туура сөз кишилер башчылык кылган. А эки жазуучунун кепилдиги боюнча документ кабыл алып, андан соң жарык көргөн чыгармаларын комиссия мүчөлөрү окуп, колдогу чыгармаларын гана түгүл, эртеңки мүмкүнчүлүгү канчалык экенине чейин ой жүгүртүлүп талдалып, андан соң тандалып, комиссия Союздун Аалы Токомбаев, Касымалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков отурган Президиумунун кароосуна тапшырып, ал Президиумда да жети өлчөп бир кескен талкуу жүрүп, мүчөлүккө арзыган алынган, али арзый элек делинген алынбай калган. Себеби алар «бу уюм сабаты бийик, көркөм ой жүгүртө, аны окугулук окуя, көңүлдө калар маани, көзгө тартылар көрк, адам бейнесин сөз керемети менен кагазга түшүрө ала турган өзгөчө шыгы барлардын уюму» деп көнүшкөн. Ошон үчүн чыгарып үлгүргөн китеби бештен, ондон ашкан жазмакерлер бу «өзгөчө шыгы барлардын уюмуна» кире албай кеткени, ал эми өзгөчө шыгы журналга чыккан эле бир повестинен, же бир цикл ырларынан эле көрүнгөн жаштар дароо кабыл алынган учурлар көп болгон.

А бүгүн ошо өзүнө жараша өзү билемдиктен улам мүчөлүк күбөлүгү барлар артыкча көбөйүп, а бирок акылга чүргөлө калган не ырдан, не кара сөздөн көркөм чыгарма аз, жокко эсе болгонунан «жазуучу» дегендин, ага кошо адабияттын эл ичиндеги кадыры калыс окурмандын көз алдында да, мурда эле жазуучу атпайды «арызчы», «чукума», «жалаңач мырза» деп өзүнчө жек көргөн дили түндөйдүн көз алдында да аны сайын кадыры тепселип, «о-о, азыр көзүңү жумуп таш ыргытсаң жазуучунун башына тиет» деген шылдыңга айланып калганына, мына, өзүбүз күбө болуп отурабыз.

III

Мына, ушу саналган коркунучтуу да, кейиштүү да болуштар бир кишинин башына түшүп өткөн иш болсо, «мейличи, өткөн иш өттү эми» деп коймок кечиримдүү киши. Бирок бу бүтүндөй бир улуттун адабиятына салакасы көп өкүм зорлук болгон соң бул «өткөн иш» деп оңой эстен чыгарылар нерсе эмес, анткени бирөө астейдил ишенген, бирөө «айтканын» кылып, асилин көргөн, а бирөө ой туюм канаты кыркылып капесине түшкөн демекчи, мунун жетеңе туздай сиңирилген таалим-таасиринен атайы арылмайынча, өзүңө анча байкала бербей жүргөн, «үйүт» «көнүмүш», «чийинден чыгарбаган», «ойлонбой тапшырма аткарма», «өзүңдөн өзүң шектенме», «өзүңдү өзүң тескеме» кулдугуңан атайы өзүңдү куткарып алмайынча дилиңе элкин ой толгоо келе коёру күмөн.

Белгилүү, адабият деген сөздүн уңгусу араптан, «адеб» деген рухий түшүнүгүнөн түрки дилине «адеп» болуп сыйышкан, демек, адамдын адеби жөнүндө калетсиз айтым сөз, бир сүйлөм маани, же кыска жомок, узун сабак казал, же кеңири жазылган окуялуу икая, баян, адабий акыл нуска кеңири таралып, адам коомунда адам Теңирин таануусунан баштап күндөлүк жашоо тирилигин, кыял-жоругун камтыган, жандүйнөсүн кеңиткен, адалат адамгерчилик табиятына ийгерген калыстык болуп, аны адамдын өзүнө эскертмелик Кудай акы милдет өтөп келген. Адабият адам жандүйнөсүн экчеген илим, өрнөк.

Бу өрнөк элдин башкалыгына карабай элден элге жылып өтүп, сиңип кирип, ошол элдин улуттук өзгөчөлүгүнө жараша жаңыланып, жалпы адамзатка тиешелүү түр алып, «өз» болуп кете берген экен го?! Те илгерки өнүккөн арап, фарсы адабий таасирлери тиги эле акыркы батышынан баштап бүткүл Европа адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө өбөлгө болуп, ал элдерде көркөм сөз өнөрүнүн нечендеген гүл мыкчегерлери, жалпы адамзат көркөм дөөлөтүнүн нечендеген бийиктиги, тереңдиги пайда болгон. Өткөн XIX кылымда бу акыл өткүнү өнүгө баштаган Россия мейкинине жетип, орус адабиятынын алтын кылымы болду дешет ко?!

Мына, орустар түзгөн эки башкача башкаруу оңутунун, айрыкча социализм убагында адабият күнүмдүк саясат жаатына өткөрүлүп, «советтик адабият үчүн күрөшүлүп» жатканына катар эле эски орус адабиятынын алтын кылымынын үзүрлүү өрнөгү бу Түркстан адабиятына да акырындап жугушкан, астелеп өздөй алынган. Убагында өзүбек Чолпон, Жулкунбай, казак Магжан, Мухтар менен өнөрлөш курбал болушкан кыргыз ичинде Касымдын, Мукайдын, Аалынын чыгармачылыктары буга орундуу мисал.

Касым менен Мукай мезгил бороонунан ачылар гүлү толук ачылбай кетсе да, алгачкы эле азгантай чыгармалары, өзүн өзү биротоло аныктай алган Аалынын проза чыгармалары жана ар түркүн ой туйгу, кубаныч, касирет толгон күү ыргак ашыглык лирикалары, айталы, өз өзөктөн өнүктүрүлгөн, өзгөдөн иреңге кирген, жандүйнөгө кошулган жаңы чийкил кан сымал жаңы кубат, жаңы өрнөк кошо өрүлө шөкөттөлгөн, каниги пушкинче, лермонтовчо күүлөнгөн адабий көркөм эриш-аркак синтез. Не эскиден арап, фарсы, не учурда үстөмдүк кылган орус тилдеринен сөзмө-сөз котормолонбой, эзелки сөз ыгы, маани бузулбай, эл сөзүнүн эски деген түшүнүктөрү тирилип, жаңы нарк, көрк алып, ашыкча апыртыла айтыла жүргөн салыштырма сөз, туюм жазма адабиятка сыйымына ылайык алда канча такталып, улуттук адабий тилдин ошол мезгилиндеги калыбы негизделген.

Бу үзүрлүү адабий өрнөк, улуттук жаңы адабий тил кийинки муундардын таланттуу өкүлдөрүнүн чыгармачылыгында аны сайын кеңитилип, кылдат ой тереңдеп, кылайган көрк, көз кубанткан сүрөт көңүлгө толумдуу болуп, ички дүйнө ачылып, бүгүнкү ар тарабынан жеткилең окурмандын чыргоо табитин канагат алдырып келе жатат.

Адабияттагы «жакшы үлгү», «үзүрлүү өрнөк» дегенди ар бир жазуучу өзү окуп, өзү түшүнүп, өзүнчө ал үлгүнү, ал өрнөктү өздөштүрө алары да пайдалуу. Бул иште котормо адабияты айрыкча зарыл көпүрө. Дүйнө, орус классиктеринин чыгармалары мурдатан көп которулуп келген. Жазууга таалиминен башка да жай окурмандын деги эле көркөм адабият дегенди түшүнүү, баалоо табитин көтөргөн, адабияттын тигил же бул үлгүлөрүн салмактоого, өзүнчө баа берүүгө көмөк берген. «Өздөштүрөт» деген ошолордун тилинде жазып кетүү деген сөз эмес. Башка тилде көркөм чыгарма жазуу үчүн ошол элдин рухий дүйнөсүндө болмок керек. Ал үчүн ошол элдин маданиятынын, рухунун баш башаты болгон динин туткан энеден туулуп, ал рухту, жүзөгө ашыра турган тилди ошол эненин сүтү менен кошо алышы керек. Орустун бийик адабий чөйрөсүндө да, жай окурмандар арасында да башка улуттун өкүлдөрү «орусча» жазган чыгармаларды орус адабиятына кошпойт, болбосо эң жакшысын котормо катары гана кабыл алышат. Демекчи, улуттун рухий дүйнөсү ошол улуттун тилинде гана жазылат дейт, улуттун адабияты өз улутунун тилинде гана жаралат дейт, өз улуттук тилинде ой жүгүртүү, сүрөттөө мүмкүнчүлүгү байыйт дейт, өз адабий тилинин жайыты кеңитилет дейт.

Үйрөнүлгөн орус менен жазылган андай чыгармага орус ичинде «средне грамматический язык» деген термин жаңылыштыктан эмес, канааттанбагандыктан айтылган го дейбиз.

Кыргызстанда орустар жашайт, демек, орусча адабият өнүгүп жатат. Орус жазуучулары мурда да, бүгүнкү күндө да кыргыз жазуучулары кандай авалда болсо, ошондой авалда. Байкасак, орус жазуучу, өзү орустун таасын сүйлөм тизмегин, образдарын, фалсафалык, динге байланышкан терең түшүнүктөрүн кештелеп, ага күндөлүк турмуштан «акыл жугушат» дегендей асте жугушуп, жергилик тилдин кайсы бир деңгээлде түркүн бай образдуулугунан өз боёкторун байыткансып жүрүшөт. Ал эми кыргыз адабиятынан которсо каниги орус тилинин мүмкүнчүлүгү менен оригиналдан кем түшүрбөй, көп учурда тактап, көтөрүп да коёт. Мына «чанып» эмес, «кемсинтип» эмес, адабияттын биринен бирине таасири, бирин бири байытканы.

Буга Светлана Суслованын эле чыгармачылык ийгиликтери күбө.

IV

«Кыргыз адабияты», «кыргыз жазуучулары» дегендердин бүгүнкү абалы:

·         биринчиден, турмуш базар экономикасына багытталган соң жазуучулар уюму элге да, мамлекетке да өзгөчө керектүү маданият мекемеси катары каражат жумшала турган, кам көрүлө турган санга кошулбай, «базарга бар, багыңан көр» дегенчелик жеке чарбанын, жеке сооданын, аттерчинин арасына коюлуп калган;

·       экинчиден, бүгүн баягы өз мүдөөсүнө ылайыктатып жаздырган, китебин арзан тараткан, жакшылап акы төлөгөн, баккан, мактаган, сынга алган, керек болсо камаган кожоюн жок, бирөө жарымы гана азыркы бийликке аралашып, анын сөзүнөн да, көзүнөн да түшпөй турганы болбосо, көпчүлүк жазуучу атпай ушул күндө кароосуз, ишсиз;

·       үчүнчүдөн, кай бир каниги көркөм адабият табитине шайкеш, жакын келген өз чыйыры бары гана ой токтотуп жүргөнү болбосо көпчүлүгү же өткөн «бактылуу совет адамын» жазма көнүмүшүнөн ой үзө албай, же бүгүнкү «эркин» деген күндүн күнүмдүк, түбөлүк маанисине жеткилең боло албай, чыгармачылык да, жарандык да демилге жокко эсе, арасаттата калып турган убагы;

·   төртүнчүдөн, өткөн режим өзүнүн алгачкы жылдарындагы көп оң жактары менен да, кийинки көп терс жактары менен да, бүгүнкү коомдо калыс да, толук да түшүнүлө элек, мейли, кыргыз тукумун жок болуу жолунан кайрып калган Ленинге сын жок турсун анын сөөлөтү, режимдин а жөн эле «курган», «күрөшкөн» деген оозго аларлык көркөм наркы деле жок «эстелик» сөрөйлөрү, аттары шаарларда эсен бойдон, бу түгүл райондук, шаарлык, областтык совпарт функционерлеринин аттары аларга эч тиешесиз мекемелерге, көчөлөргө, айыл мектептерине кийинки убакта жамыратылып коюлууда, мындан келди бүгүнкү «жаңы» делген мамлекетчилик өткөн режимдин же менчиктелген уландысы, же мурасчысы окшонот, а бирок ушунун фонунда эле өлкө «өзүнчө мамлекет» аталып, «өз конституциясы», «өзүнчө башкаруу системасы» бар болуп, «эркиндиги» жарыяланган, мал, мүлк, жер менчикке, бийлик бир колго өткөрүлгөн, демекчи, бүгүнкү коомдо эски менен жаңынын, көзкарандылык менен эгеменчиликтин принциптүү бөлөктүгү ачык жиктелип бүтпөгөн;

·   бешинчиден, өз алдынчалыктын алгачкы жылдарында «өз эркибизче болдук» деген «өз оюнча жүрмөй», демократия деген «оюна келгенин оттомой» болуп түшүнүлсө, а идеология деген мурдагы катаал талаптан жалкыган кишилердин арасында «идеология дегендин баары ошондой, эркин кишиге, эркин мамлекетке идеология дегендин эч кереги жок» деген «теория» пайда болду го, бирок ар кимдин, ар мезгилдин идеологиясы өзү үчүн, өткөндөгү өткөндөгүнүн өзүнө рухий жандүйнөсүнөн адашкан, улуттук өзгөчөлүгүнөн кол жууган, үстөмдүк кылган бир тилде кайлашкан «совет адамын» жаратмакчы мүдөөсүнө керек болгон, а бүгүн улуттук эркиндигине эми ээ болгон, мамлекетчилигин эми курап отурган биздей элге өз улутунун ар тарабынан ырааттуу өсүшү үчүн, мамлекети өркүндөшү үчүн өз, жамыга бирдей кымбат мүдөө, идеология керектин кереги экенин түшүнүү, моюнга алуу өтө кыйын илим эмес; мүдөөгө карама-каршы, бир ууч элдин жалгыз Ата Журту «общий дом» болуп жарыяланып, илгери «эшиги ачык, төрү кең» деп меймандостугу айтылып келсе, бул күндө «оозу ачык, түбү тешик» делине шылдың, мурдагы турук кылган элдерден башка да, дүйнөнүн төрт тарабынан бири «бизнесчи», бири «качкын», бири «тыңчы», бири «тилемчи» түрүндө жылып киргендерге эшик кеңири ачылып, эшик тескелбей, ушул күндө ак калпак сыңары биртке тоолуу өлкө те илгертен боло жүргөн, келген жердин да, элинин да акыры атын өчүргөн «тымызын экспанцияга» кабылып, «теңпоз» көрүнгүсү келген «общийдом» идеологиясынын салакасынан бечара кыргыз элинин өнүгүшүнүн бардык түрүнө негиз болор жалгыз укугу те совет заманынын акыркы жылында мүмкүн боло калганында кабыл алынган тилинин мамлекеттик статусу унуткарылып, бул маселе тапшырылган аяр кишилердин иш билбестигинен ушул он жыл ичинде ишке киргизилбей, кыргыз эли өз Ата Журтунда көптүн бири катары эсептелип, көп узабай баш терисинен башка эчтемеси калбай турган ассимиляция нугуна көз көрүнөө түртүлүп калган;

·   - алтынчыдан, мына ушу иш жүрүшө калса бирибиз « эгеменчилик» деп мактанган, жүрүшпөсө бирибиз «өткөөл мезгил» деп актанган чалкеш учурда карапайым элдин күндөлүк турмушунда да, коомдук ой-санаада да өткөн Совет, орустун үстөм таасири, бүгүнкү эркиндик, мамлекетчилик дымак аралашып турган соң «жол үч айыр болсо, жолоочунун башы маң» деген эмеспи, жазуучулар деле ар бири өз деңгээлине тете абалды сезип, чактап, ар бири өз алдынча болуп турган кези, сыягы. Бири «мамлекет, коом эркин болбосо эл эркин боло албайт, адам акылы да, анын чыгармачылык шыгы да эркин боло албайт, эркиндик эркин ой жүгүрткөнгө өтө муктаж ойчулга, жазуучуга өзгөчө керек» деп түшүнсө, бири: «Өткөн убакта китебим чыкчу эле, курсагым ток болчу эле, мага бу тартыш эркиндик дегендин кереги жок эле» - деп ачык сөгүнүп жүргөн убагы.

Тарбиясы да, кошоматы да кечеги, өзү бүгүнкү прозачылар бүгүнкү тарыхый мезгилдин оң-тескери окуясын, саясий, психология жүзүн, турманын жеткилең көркөм анализден өткөргөнгө азырынча шык кайраты даяр эместей, али көп пландуу, көркөм деңгээли бийик, көлөмдүү чыгарма көзгө түшө элек. А уйкашы эски, айтары мажирөө, баягыча «сүйүү» деп коюп, ойноштук ой-кыялдан аша албаган шапалактай майда «жыйнак» арбын. Илгери десек болот, совет убагында талабына жараша көркөм деңгээли жокко эсе идеологиялык «күжүрмөн» халтура жамырап турса, азыр ар ким каражатын өзү берген соң ар кандай колжазма мыңк этилбей чыгарыла берип, халтуранын жаңы түрү пайда болгон. «Э, мейли, окурман өзү тандап алат, албаса кала берет өзүнөн өзү» дейсиң арга жоктон, а бирок ал базарда ичкен оокат ич өткөргөн сыяктуу эле ыйык көркөм адабият жөнүндөгү элдин, жаш өспүрүмдөрдүн өзгөчө табитин бузуп, ченемин, кызыгуусун төмөндөтөрү айгине, демекчи түбү зыян.

Мына, биздин «адабият» дегенибиздин бүгүнкү абалы ушу.

Y

Сөз жыйынтыгы, сунуш:

1. Кыргыз адабияты чын эле улуттук адабият катары өнүктүрүлө турган болсо, эң оболу өткөндөгү «соцреализм» делинип өзгөчөлөнгөн идеологиялык адабиятчалыштын бардык «теориясынан», «практикасынан», терс жосундарынан расмий түрдө баш тартып, акыл нусканын эзелки элчил нугуна кайра кайтмагы, жазылар инсан кайсы сословияда болсо да, изилденер заман кандай абалда болсо да калыс көркөм анализден өткөргөн, маани чыгарган, багыт көрсөткөн каниги дүйнөлүк адабий салтты өздөштүрмөгү ылазым.

2. Көркөм адабият дегендин башынан боло келген гуманисттик негизин, маңызын сактоо, өнүктүрүү али жаш кыргыз адабиятынын эми жаңы чыгармачылык демге кирер ушул убагында өзгөчө маанилүү;

- насилие, секс, экзотика, ополитичность, садизм көрүнүштөрүнөн куралган адабий тажрыйба түбүндө көркөм адабияттагы гуманисттик маңызга балта чабат, ар кандай диний адепке, адамгерчиликке терс, кейипкер болунган элди төмөн урган, айбансынткан, жырткычтан нары көрсөткөн маани чыгарып, бөлөк окурманга же тегинде ошондой кем жаралган, же өнбөй чириген урук катары түшүнүшкө ишеним берет;

- мындай терс түшүнүк, терс жорук гана жуктура турган адабий «тажирийбадан» чыгармачыл инсан да, коом да азыртан таза болмогу адабияттын, коомдун келечеги үчүн абзел.

3. Уюм өзүн өзү кайра тескеп, санынан сапат жагына өтүш зарыл.

4. Ушу күнгө чейин мурдагы «партиянын үгүтчү солдаттары», «коомдук уюм» делинген статус азыр ылайык эмес, анын ордуна өз ишинин устаты гана боло турган саны аз, сапаты бийик ойчулдардын элитарлык бирикме өрнөгүнө өтмөгү уюмдун өз ишине, өз парасатына ылайык.

5. Чыгармачыл адам ар бири патриот, ар бири личность, демек, элдин ырааттуу өнүп-өсүшүн көздөө, мамлекетин, эгемендигин кимден гана болбосун коргоо, улуттук идеологияны, улуттук биримдикти бийик көтөрүш ар бирине инсандык да, жарандык да ыйык милдет экенин түшүнмөк, күч бермек бүгүн зарылдын зарылы.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз