Молдо Кылыч: Кыз-жигит[1]

  • 14.10.2021
  • 5188

Кыз жетиге келгенде,
Энесин кошот жергеге.
Ойногону курчак,
Кызыгып турат кылчактап
Кызыл-тазыл нерсеге...
Сегизинде секелек,
Ыркын башка бөлгөнү.
Тогузунда толгонот,
Ойго түшүп ар неме.
Дебилгелеп[2] сермелеп,
Жакындашат күзгүгө.
Он жашында обозго[3]
Оюн жакка умтулуп,
Көңүл коёт комузга.
Он биринде оолугуп,
Көңүлдөнөт абыдан
Оюн менен күлкүгө.
Кыял күтө баштаган,
Он экиге келгенде
Кыз-келинге жакындап,
Эртели кеч өргөөдө.
Он үч жашта ойлонбойт,
Теңтушунан өңгөнү.
Буладай болуп булайып,
Ай тамагы кылайып,
Он төрт жашта кыз бала,
Тоту куштай булактайт.
Толукшуган тууган ай,
Он беш жашка келгендө
Ой тилеги сүйгөндө.
Чолпондой жүзү жаркырап
Кызгалдактай кылактап,
Кызыл алма анардай.
Жигит ынтык[4] зарланып,
Жетпедим деп арданып.
Ашык болчу ар качан
Күндүз-түнү какшаган,
Кызыл өңү самандай.
Он алтыга келгенде
Тирүү эмес өлгөндөр,
Жүзүн көрүн талгандай.
Жигит түгүл кары да,
Жытына чаңкап баргандай.
Он жетиге келгенде
Жанган жарык панардай.
Оюндун күлү болгондо,
Короздонуп койкойгон,
Теректей болуп теңселип,
Чырпыгы алтын чынардай.
Ыргайдай болуп ыргалып,
Көркүн көрсө таңданып,
Буластай басып буралып,
Эптелишип кыналып,
Сүйлөгөндө жоодурап,
Сөөлөтү туйган тынардай,
Жатса, турса оюнан,
Сүйгөн жарын чыгарбай.
Тазалыгы жанда жок,
Ар ким көрсө кумардай.
Бети кызыл, эти ак,
Көзү жанган шам чырак.
Күлүк аттын мойнуна
Тагып койгон тумардай.
Көрбөсө жигит эңгиреп,
Мас сыяктуу зеңгиреп,
Бир мүнөткө туралбай
Эрксиз кетет күйөөгө.
Ыктыяры суралбай.
Күйөөсүнө келгенде,
Тааныбаган жат элде
Бенде болуп жалдырап,
Үйдөн карыш чыгалбай,
Эске түшүп кыз чагы
Эстен кетпей баштагы.
Эл билет деп калтырап,
Эриккенин жазалбай,
Торго түшкөн кушка окшоп,
Жетим калган кызга окшоп.
Бутка кишен түшкөнсүп,
Карыш жерден басалбай,
Күн тундуруп түн болуп,
Үйдөн чыкпай дым болуп,
Бир да көөнүн ачалбай.
Жакшы болсо күйөөсү,
Жалпы баары бүлөсү,
Эл шатырап үйүндө
Эртели-кеч базардай,
Жаман болсо тийгени
Өрттөй ичи күйгөнү,
Кайгыдан жүрөк чер болуп,
Өпкө көөп казандай.
Улутунуп, үшкүрүп,
Көздөн жашын басалбай,
Оюн, күлкү жоголуп,
Зарланган үнү азандай,
Кыздын көбү жалгама
Кыз сыягы тышындай.
Жүздөн бири чалдан жуук,
Өмүрү өткөн кысылбай.
Ким күнөкөр текшерсең,
Кыздар калбайт жышылбай.
Азгырмайын койбогон
Кызды жигит тушундай.
Алып түшөт асмандан
Ак карчыга кушундай.
Жүздөн бири эсен соо
Эрге кетет бузулбай.
Бузулбастын өмүрү
Өткөн алтын буусундай.
Алдангандын өмүрү
Өтөр согуш чуусундай.
Кыз жигитке тең кесир
Арампоздук[5] кызылдай.
Оодарылбас жаш болбос,
Устаранын мизиндей.
Арампоздук, алдамчы
Азезилдин[6] туусундай.
Ажырашып кеткен соң
Кышкы чилде суусундай,
Алданбаган кыз-жигит,
Адам жеңгис жосундай.
Жылдызы жарык өмүрү
Жаркыраган ай, күндөй.
Тазалыкта кыз жигит
Адам жеңгис жоосундай.
Жылдызы жарык өмүрү
Жаркыраган ай, күндөй.
Тазалыкта кыз-жигит
Айдың көлдүн өзөндөй.
Башканын бейли кандайча
Менин оюм ушундай.
Кыз, жигитке бирдей иш
Жашчылыктын барында,
Он жети менен он беш жаш
Кыян-селдин шарындай.
Куласа тоодон аска таш
Ким токтотот кымындай?
Кулаган ташты сезбестен,
Тийгенде калбас жарылбай.
Шол сыяктуу көйгөй жаш.
Көйгө[7] салат ар кандай.
Кулаган таш, жүргөн сел
Адамдын көпкөн жашындай.
Ойлосоңуз ушул иш,
Ар адамдын башындай.
Мейли жигит, мейли кыз,
Токтотсо боюн көпкөн кез.
Мүрөктүн өлбөс дарысы
Адамзатка табылгыс.
Айткан менен ал ишти
Кылалбадык өзүбүз.
Ак чатырдай ак үйдүн
Аныгында керек жок.
Куба төбөл үй болсун
Тышы бозум, ичи ак.
Антташканың, алганың
Болсун ичи шам чырак.
Көрсө копол сыртынан
Ыгы болсун сизге бап.
Ичи ириң ылайдын
Сырты болор апаппак.
Тандап жүрүп алганың
Антташканың сынап бак.
Сыры сизге эп келсе
Жандан кечип, сылап бак.
Талпак болсо тандамал
Бет кызарып, сынар шак.
Жүрөгүңө чер болуп,
Көкүрөккө калар так.
Көрүнгөндөй күзгүдөн,
Жанашалап бой кынап,
Ыкымына келгенде
Тартсаң качат нарылап.
Карматпаган закымдай
Жалт беришет чын ыңак.
Колдон түшкөн сымаптай
Коргошундай думалап.
Дили сенде, тили жат
Алдап, арбап, сөз улап.
Эзилишип, эришип
Күлүмсүрөп гүл бурап.
Тоту куштай керилип
Жандай басып шоодурап,
Жанын жанга кошконсуп,
Кыйгач карап жоодурап.
Чырайланып сырт берсе
Кимдер калбас жалдырап.
Таразага тартканда
Акыйкатын кубалап,
Күн чыгыштык, күн батыш
Баарын текшеп абайлап.
Эркек, аял баарында
Бирдей экен бул сынак.

[1] “Кыз-жигит” – Мурда жарык көргөн эмес. Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда кол тамгада же машинкага басылган варианттары, көбөйтүлгөн нускалары сакталып турат. 1927-жылы жазып алган Наалкан Бекчоро уулу. Арап арибинде кол тамгада).

[2] Дебилгелеп — демилгелеп.

[3] Обоз — абаз, үн, овон.

[4] Ынтык — ашык, ашыктык, сүйүү, жакшы керүү.

[5] Арампоздук — арамдык, тескерилик, бузуктук, ыпыластык.

[6] Азезил — азгыруучу, жолдон чыгаруучу, шайтан, ибилис.

[7] Көй — көйгө салуу, азапка салуу, убаралантуу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз