Кубатбек Жусубалиев: Жижи үчүн жызылган жомоктор

  • 04.04.2020
  • 4580

Агып жаткан мүрөктөй
Аткан таң бүгүн көк кашка.
Атылбай калган бугудай
Аксакал чыккан көп жашка.
(Рамис Рыскулов)

КҮЗ

Биз кызыл кыштан салынган беш кабат тамдын эң түпкү бир бурчунда жашайбыз. Тезге салып койгондой кууш, узун бөлмөбүздө үчөөбүз кадимки чымчыктарга окшойбуз. Мен, биздин урматтуу апабыз, Жижи. Жижи биздин жети айлык ымыркай кызыбыздын аты.

Биз ушундай божураган үч жанбыз.

Бир бурчка билинбей жылып кирип, билинбей жылып чыгып жашаганыбыз өзүбүзгө абдан жагат. Биз жашаган бөлмө бул эбегейсиз заңкайган келишимдүү имараттын түбүндөгү эч кимге белгисиз жашыруун уяга окшойт. Жашыруун, караңгы уяга окшойт. Гагариндин айткан сөздөрү кандай эле? Унутуп калдым... «Аалам укмуштай түнт, караңгы, капкара экен». Анан жер уя болбой эмне болот? Бири учса, бири конгон уя экен да. Биздин бечара апабыз да ушундай дейт. Бир жакка карыш жылса эле «кирели», «сагындым» деп туруп алат. Анан тез эле кайра уябызга киребиз. Жакшы, бардык нерседен оолакпыз, алыспыз. Бардык жаман нерселерден тосулуубуз. Жаман, жакшы бир тууган, бирге жүрөт дечи, биринчи эле адамдардын заарынан: суук, жаман көздөрдөн, калп эле жылмайып салам бергендерден, өзүбүздүн, Жижинин ден соолугун демеп-демеп сурагандарынан (эч качан оруган-оорубаганыбызды билишпесе деле жөн эле сурай беришет, «оозуңа таш» деп биз турабыз, чындыгында Жижи көп ооруйт, көпчүлүк убактарда ага шылтайбыз. Эми муну угушса да жаман көрүшөт, айла жок, айла жок...), болбогур эле жөө сөздөрдү жакшы көргөндөрдөн тосулуубуз. («...шумдук ай, не деген кыйынчылыктар. Жалаң эле «жакын», «санаалаш», «дос» дегендер тымызын азап көрсөтүштү». Көптү көргөн бир аял киши ушинтип айтты эле). Жакабызды эки колдоп карманып, ушунчалыгына да шүгүр деп калабыз. Минтип ойлогонубузду бул имаратта жашагандардын ичинен бир жан билбейт же билишеби, бизди көрүшкөндө, акыркы күндөрү саламга да келишпейт, унчугушпайт, жаныбыздан дөңгөчтөрдөй дуңкуюшуп өтүп кетишет. Адегенде буга таң калып жүрдүк. Таң калаарлык иш да. Ойлогонубуз пешенебизде жазылуу болбосо, эми антпей калдык. Пешенебизде жазылуу окшойт. Пешенебизде жазылганын көрөбүз да.

Мага чынында ушерде жашаган аябай жагат. Эшигибиз итке да, кушка да ачык. Кулпулабайбыз. Кире бериште эле чоң бөлмө бар. Бул чоң бөлмөдө сулайган үч жигит жашашат. Бирөө мединституттун даярдоо курсунда окуйт. Сөлдөйгөн, жөө желимге окшош, уялчаак, жаагына жабалактап бойдок жара чыккан бала. Бирөө сүрөтчү. Чачы белине түшөт. Абстракционист. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Дагы бирөөнү билбейм. Көрө элекмин. Качан келип, качан кеткени белгисиз. Ушундай көрүнбөгөн кишилер да болот экен. Үчөө үч бурчта жашашат. Жаткан жерлерин кашаалап алышкан. Үчөө маңдай-тескей сүзүшүп бир бөлмөдө жашашса да, кобурап сүйлөшкөндөрүн уга элекмин, көрө элекмин.

Эми карап тургула, ошол үч кашаанын ортосунан жалгыз аяк кууш жол кетет. Кашаанын бойлору менин көкүрөгүмөн келет. Дайыма ары-бери өткөндө кашаалардын ичине карагым келет. Көзүм кычышат. Карагандан корком, уялам, өзүмдү араң көндүрдүм. Карабаганга өзүмү араң көндүрдүм. Өзүңдү ушундай жөнөкөй нерселерге көндүргөндөн кыйыны болбойт экен. Араң көндүрдүм. Жолдун ичи караңгы. Сол жактагы эки кашаа терезени тосуп турушат. Караңгы жол эки эшикке алпарат. Сол жагындагы эшикте эрди-катын жашашат. Экөө тең үн режиссёр болуп иштешет.

Оң жагындагы эшикте биз жашайбыз. Ашканабыз, дааратканабыз баарыбыздыкы бир. (Жакында ошол жактан бир шакек таап алдым. Эски күмүш шакек экен. Тапкандын аты улук. Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл толо элек. Шакеги жок болчу. Аялыма тартуу кылдым. Каерден тапканымы жашырып айткан жокмун. Таптым деп да айткан жокмун. Тапкандын аты улук. Үйлөнгөндө бир шакек салган эмесмин. Шакеги жок болчу. Аябай сүйүндү. Чоң энем берди, укумдан-тукумга өтүп, калып келаткан шакек дедим...) Буерде жашаган апабызга да жагат. «Ар кимдин уясы өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» деп калат.

Жакында бир казак тааныш жигит издеп жүрүп үйүбүздү араң тааптыр, уябыздын эң төрүндө жалгыз отургам. Жижи менен апасы дагы ооруканада жатышкан. Бул аңгыраган, заңгыраган жарык дүйнөгө келгенден бери Жижи тез-тез ооруп шаштыбызды алды. Жакпай калган окшойт. Көбүнчө суук тийип ооруйт. Буга дайыма ичинде шамал ойногон, шамал Ак коргондон келет, уябыз күнөөлүү экендигин билсек да, муну өзүбүзгө да айтпайбыз, унчукпайбыз... Эми «ичинде Ак коргондон келген шамал ойнойт» дегенди укса, апабыз капа болот. Айла жок, айла жок... Тиричиликте баары бир жаңсыл болбойт экен... Айтса, уячабыздын эң төрүндө жалгыз отургам. Баягы тааныш казак жигитим эшиктен чалынып-мүдүрүлүп (жалгыз аяк кууш, караңгы жол менен келатып, кашааларга чалынды окшойт деп калдым), шап кирди да, ояк-буякты бир карап алып, минтип айтты:

«Какая грустная комната!» Эсимде, орусча ушинтип айтты. Дагы бир пешенеси жок макулукту көргөндөй ушинтип айтты. А мен уябыздын төрүндө оонап китеп окуп жаткам. Дантени окуп башым маң болуп жаткам. (Китеп окушту менден көргүлө. Бир окусам күнүн-түнүн карабай окуй берем. Жатып окуйм, туруп окуйм, отуруп окуйм, уктап жатып да окуйм. Тыш да калат, иш да калат. Кадалып отурганым отурган. Дааратканада да окуйм. Көчөдө басып баратып да окуйм, дарактарды, кишилерди сүзүп алам. Китептердин ичине уябыздын ичине киргендей качып кирип кетем. Анан чыгышы тозок... Дантенин тозоктору мунун алдында оюнчук, тозок эмес. Ушундай оору бар окшойт. Айрыкча, жазуучу болом деген киши үчүн жаман оору окшойт. Алганын алып, уурдаганын уурдап дегеним, убагында ичинен чыгып кетпесең, ичинде өлүп каласың, ичинде катырылган гүлдөй өлүп каласың.

Дантенин ичинде өлүп каламбы деп корком. Эми ушунча китептерди окуп эмне таптым? Мурдагы эле көрүп, билип, кармалап, сыйпалап, уйпалап жүргөндөрүмдү кайрадан көрүп, кайрадан уга баштадым. Көзүм көрчү эле, кулагым укчу эле, бутум басчу эле, эми көзүм да ойлойт, кулагым да ойлойт, бутум да ойлойт. Асманың ачылат экен, жериң ачылат экен... Ошол. Мындайды күтсөм, күтпөй калайын, муну ойлоп өзүм таң калдым), айтса, эшиктин оозунда турган казак жигитим мага өтө алыс, ат чабым, тай чабым көрүндү. Эмне үчүн экенин билбейм, экөөбүздүн ортобуздагы жүрөк түшүргөн алыстыкты көрүп көкүрөгүмдү куса басты. Көкүрөгүмдү куса мыкчыды. Бул алыстыкка эч дабаа жок эле.

- Ой, бери баспайсыңбы? - деп кыйкырып жибериптирмин.

Кийин казак жигитим «сени ооруп жаткан экен деп ойлоптурмун, чаяндай кыйкырдың» дейт... Же бөлмөбүздүн эпсиз узундугунанбы, билбейм. Өтө эле алыс көрүндү... Уябыз бир гана Жижиге жакпайт. Жалайактан башы чыкпай жатып, бөлмөнүн дубалдарын жаман көрөт. Муздак дубалдын бетинде апасынын жапжаңы камыш шляпасы (сатып алгандан бери бир да кийген жок), Леонардо да Винчинин семиз баласын эмизген чырайлуу Мадоннасы, эчкинин терисинен жасалган супура (бул супураны менин чоң энем келинине тартуу кылган) илинип тургандары турган. Жижи ушуларды көргөндө эле терезеден сыртка карап ыйлай баштайт. Туулгандан бери эле ушуларды көрүп жүрүп жадаган окшойт.

Бир айтасызбы, эки айтасызбы (айтса, жазында мага Адин гавариш, дува гавариш таякем келип кетти. Бул аты. Айылдагылардын баары аны ушинтип аташат. Келиндери зор кубанышып, «эми бизге оңой, жакшы болбодубу» дешип, ушинтип тергешет. Орусча сүйлөгөндө эле ушинтип баштайт. «Адин гавариш, дува гавариш»), бир айтасызбы, эки айтасызбы, жалгыз терезебиз жакшы жакка чыгат. Терезенин так түбүнөн эле көк гүлдүү чатыраш куурай өскөн тепкедей талаа башталат. Кичинекей талаабыз белгисиз жакка качып кетпесин деп коргон уруп койгонбуз. Ак коргондун ичинде... айтпай ак коёюн, кийин өзүңөр деле барасыңар, көрөсүңөр...

Баарынан да жайында жакшы көрүнөт. Терезе толгон көкмөк талаа. Тызылдап учуп жүрүшкөн аппак көпөлөктөр. (Айылдан качкан-бозгон көпөлөктөр ушерге келишет). Аппак коргон. Коргондун үстүнөн, дарактардын ичинен алыстагы Ала-Тоонун чокулары... Жакшы көрүнөт!

Азыр болсо күз. Чатыраш куурайлар көк гүлдөрүн күбүшүп, эбак куурап калышкан. Көпөлөктөр да жок. Кичинекей талаабыз ээн. Аппак коргон гана кадимки калыбында мисирейип тынч турат. Ушул көрүнүшү да шүгүрчүлүк, жаман эмес. Бир гана Аппак коргонубуз улам бизге жакындап келаткансып көрүнөт. Шекспирдин Бирнам токоюндай басып келаткансыйт. Түн бою жылып, күнү токтоп дем алгандай... Бул жөнүндө аялыма айткан жокмун, коркуп өлүп калат, кокуй. Жижи экөөбүз күндө талаага сейилге чыгабыз. Бул биздин тоо тарапка болгон сейилибиз. Бул экөөбүздүн менчик талаабыз. Бизден өлсө да бир жакка кетпейт. Ак коргон бекеринен урулду дейсизби. Биз өлсөк да эч жакка кетпейбиз. Көнүп калдык. Болор иш болгон, ботосу канган. Адин гавариш, дува гавариш...

Мына, бүгүн да сейилге чыктык. Бүгүн оодук. Жижи экөөбүз чарчап суй жыгылганча сейил курабыз. Экөөбүз тең курсактарыбызды чың тойгузуп чыктык. Жижи болсо эки мамасын тең кактап ээмп, аз келгенсип кырча тиштеп, ырсайып тиши чыгып калды, апасын ыйлатып анан чыкты. Аба ырайы да бүгүн бир башкача жакшы. Өлүмсаңги күн тийип турду. Табияттын түрү ушунчалык таза, март деңиз, каалгып учуп түшүп жаткан дарактардын жалбырактарын, сапсары майдай жалбырактарды жерден бирден терип жегиң келет. Жижи өзүнчө кулдурап жатып чарчадыбы, чылымын соргончо уктап калды. «Чылымын» деп упчусун айтабыз. Дагы өзүм жалгыз калдым. Жижи уктагандан кийин жалгыз калам. Буга чейин ою менен болом. Жижи көңүл бурганды жакшы көрөт. Апасы экөөбүз өзүнө окшогон кичинекей өзүмчүлдүгүнө, аялдык өзүмчүлдүгүнө баа беребиз.

Кембагал кызым түндө уктабай чыкты. (Ак коргондун жакындаганын угуп, билип жүрбөсүн? Муну кантип сурайсың киши, тили жок). Апасын да уктаткан жок. Мен ушул жөнүндө ойлодум да, купкуу кичинекей талаа менен басып жөнөдүм. Кейпи, көпкө чейин эле ушинтип ойлоп жүрө берген окшойм, бир оомдон кийин өзүмдү карасам, дале ошол жөнүндө ойлоп турупмун. Же башканы ойлодум бекен? Таң-ай... Билбейм... Билсем ушинтип жүрөт белем. Кудайдын чунак күнү биздин тепкедей талаага тийгенсийт.

Талаанын үстүндө өлүмсаңги күндүн нуруна каухардай (каухардай деп коём. Жөн эле айтып койдум, каухар ташты өмүрүмдө көргөн эмесмин. Түшүмдө да көргөн эмесмин. Жомоктордон, кыргыздын акындарынын ырларынан гана окугам) жылт-жулт этишип чубалжып учуп жүрүшкөн мийзамдарды көргөнүмдө бала чагымдагы жан бирге досуму көргөндөй кубанып кеттим. Шарп (оорунун аты) болгон буканын, уйдун шилекейиндей чубалжып учуп жүрүшөт. Мийзам күздүн сапары карыгандыгынын эң биринчи күбөсү экендигин бала кезимден билем. Бирок «мийзам» деген атын анда билчү эмесмин. (Кийин билди. Сөзгө, адамдарга чындап назар сала баштаганда билди. Кайсы жерде, кайсыл убакта, кимдер менен турушканда укканын эстеди. Бир гана ошол айткан баланын аты эсинде жок эле, жүзү эсинде. Батып бараткан күндүн нуру тийген жүзү эсинде. Университетте окучу. Сабактан өзөгү үзө тартып чыкты. Жатакананын оозунда сабактан кайтышкан бир топ студенттер турушуптур. Бир нерсени карап турушуптур. Ал да караса, жатакананын алдындагы бактын ичинде шарп болгон өгүздүн, уйдун шилекейиндей чубалжып учуп жүрүптүр. «Мийзам! Мийзам!» дешти. Атын укканда эле кулагына жакты. Ал кезде кулагы менен ойлочу эмес. Батып бараткан күндүн нуру бактын ичинде жылаңач китеп окуп турган калай сыр менен сырдалган, бордон жасалган кыздын китебине, далысына, мийзамды карашкан бир топ студенттердин жүзүнө, жатакананын дубалына тийип турду. Жатаканага кирип баратканда күн соргон дубалдын лап эткен ысыгын сезди. Коңшу бөлмөгө кирсе, эч ким жок экен. Алар тышта мийзамды карап турушкан эле. Шкафтарын ачса, бир бөлкө нан туруптур. Нанды уурдап барып чай кайнатып ичип кайра тышка чыкса, дагы эле мийзамды карап турушуптур).

Бала кезде «жөргөмүштүн торлору учуп жүрүшөт» деп, кубалап жүрүп кармай турганбыз. Анан кээде эч нерсе оюмда жок уй айдап, тезек терип же куурай терип жүрүп шамал айдаган жөргөмүштүн торлоруна түшкөндө азоо кулундай туйлап, дирт этип чочуп кетчүмүн да, бирөө думуктуруп жаткандай бетимди чапчылап, тезирээк бошонууга аракет кылчумун.

Азыр алар кичинекей талаанын үстүндө келеп-келеп жибек жиптей болуп учуп жүрүшөт. Дагы кайдан-жайдан шамал айдап келген таптаза, көкмөк түтүндөр талаанын бетинде жуушаган жылкылардай тыптынч уюп турушат. Бир караганда кыймылдагансып, көк жылтыр мунарыктан Ак коргон ого бетер алыс, ого бетер чырайлуу, ого бетер сырдуу, купуялуу көрүндү. (Көр сезим, көр акыл мага окшогон адам өлгөнчө жылчык таба албай өлөт экен. «Сыр», «купуя» сыяктуу тарпы чыккан, же ысыгы жок, же суугу жок сөздөргө жамынып өтөт экен. Кейпи бүгүн түнү ордунан жылган эмес окшойт, же алыстап кеткенби? Түшүнүп болбойт, эч түшүнүп болбойт. Түшүнсөм ушинтип жүрөмбү... Ушундай миң кубулган чырайлуу Ак коргонубуз барына да миң мертебе шүгүр, бул болбосо, жердеги күнүбүз эмне болмок дедим да, ичимен келме келтирип, жакамы карманып басып жөнөдүм.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз