Михаил Булгаков: Короз саймалуу сүлгү

  • 06.12.2021
  • 3329

АҢГЕМЕ

Эгерде адам арабада түпкүрдөгү айылдын жолу менен жүрбөгөн болсо, ал жөнүндө кеп кылуу бекер: баары бир түшүнбөйт. А кимдер андайды башынан өткөрсө, аны эскертким да келбейт.

Кыска эле айтайын, уездик шаар Грачевкадан Мурьев ооруканасына чейинки кырк чакырым жолду биз, арабакеч экөөбүз туура эле бир суткада бастык. Ал тургай таптак болгонун айтпайсыңбы: 1917-жылдын 16-сентябрында, күндүзгү саат экиде ошол көрктүү шаар Грачевка чегинде жайгашкан акыркы лабазда[1] болдук, а ошол эле унутулгус 17-жылдын 17-сентябрында, күндүзгү саат экиден беш мүнөт өткөндө, шибер чөбү соолуп тапталган, сентябрдын жамгырына эзилген Муравьев ооруканасынын короосунда турдум. Тургандагы кебетем: буттарым карышып, ушунчалык какшайт, ошол короого турган боюнча оюмда, медицина окуу китебин барактап кирдим, кечээ Грабилов кыштагында түшүмдө көргөн, адам булчуңдарынын катып калышы деген оору барбы же мага жөн эле ошондой сезилип жатабы? Ал каргыш алган оорунун латынча аталышы кандай? Ар бир булчуңум сыздайт, ооруганы да тиш ооругандай зыркырайт.

Бутумдун манжаларын айтпай эле койгон оң – алар кыймылдабай калды, өтүктүн ичинде жатат тынч, жыгачтын кесиндисиндей катып. Чыдабай тажап кеткенде медицинаны да, мындан беш жыл мурда ошол университеттин ректоруна окууга арыз берген өзүмдү да сөктүм. Асмандан жамгыр электеп куюп жатат. Суу сиңген пальтом көөп, колдоёт. Оң колумдун манжалары менен чемоданды арчындалган боосунан кармап, арабадан алганга аракет кылам. Болбойт. Манжаларым баш ийсечи. Медицина тууралуу ар кандай маалыматтарга медициналык китептерден кабардар мен байкушка, - шал болуу деген оору эсиме түшөт. “Парализис” деп эмнеге айтканымды шайтан билеби, айлам кетип күбүрөнүп койом.

- С... силердин жол менен жол жүргөнгө, - деп көгөргөн эриндеримди араң кыймылдатам, - көн... көнүш керек экен.

Андай жолго чынында эч күнөөсү болбосо да, эмнегедир арабекечти жек көрө тиктеп калдым.

- Эх... жолдош доктор, - деди ал саргылт мурутунун астында көгөргөн эриндерин араң кыбыратып, - он беш жылдай ушул жолдо жүрөм, такыр көнө албадым.

Айлам кетип шыбагы сыйрыла баштаган эки кабаттуу ак имаратты, фельдшерлер үйүнүн акталбаган, жыгачтан тургузулган дубалын, менин келечектеги турагым – эки кабат, абдан таза, сырдуу түнөргөн терезелерин карап, үшкүрүп ийдим. Башыма латын сөздөрүнүн ордуна сууктан жана арабанын калдыртынан тажаганда мээде пайда болгон толук, сандары бултуйган тенордун:

“... Салам сага... ыйык түнө-өк...[2]” ырдаганы чагылышып туруп алды.

Кош, эми көпкө көрүшпөйбүз жаркыраган Москва, Чоң театр, витриналар... эх, кош болгула.

“Эмкиде тон кийип алам... - деп кыжырдана ойлоп, кымтууга келбеген колдорум менен чемоданды арабадан алганга аракет кылдым. Мен... бирок эмки жолу октябрь болуп калат ко... эки тон кийсең да аздык кылат. Эми Грачевкага бир айдан кийин гана бара алам, ага чейин бара албайм, бара албайт экемин го! Өзүңөр ойлоп көргүлөчү... ал эмес орто жолдо түнөбөдүкпү! Жыйырма чакырым жүргөндөн кийин капкараңы... түн... Грабиловкада түнөгөнгө аргасыз болбодукпу, дагы жакшы, мугалимдикинде түнөдүк... А бүгүн эртең менен саат жетиде жолго чыгып... келатасың.. атаны кудай ай... жөө жүргөндөн да жай, үлүл жылыш. Бир дөңгөлөк аңга кирип кетет, экинчиси асманга сырайып калат, чемодан бутуңа – бух... анан капталга, анан экинчи капталга, анан мурдуң менен бир нерсени сүзөсүң, анан көк желкеңе бир нерсе урат. Асмандан жамгыр көнөктөп, сууктан сөөк сыздайт. Ушул түнөргөн, ортолоп калган сентябрь айында, талаада калган адам кыштын кыраан чилдесиндегидей үшүйт дегенге ким ишенет?! А мына, үшүйт экен көрсө. Азабыңды жеп баратып, көзүңдү токтотуп карагандай деле эч нере байкабайсың. Оң тарапта дүмүрөйгөн, тоноло мүлжүнгөн талаа, сол тарапта кунары качкан, сейрек дарактуу токойчо, анын этегинде бозоргон, бүкүрөйгөн беш-алты кепе. Мага ал кепелерде дегеле тирүү жандык жоктой сезилет. Жымжырт, айлана-тегерек... жымжырт...”

Чемодан акыры колго тийди. Арабекеч жата кетип мен жакка түртүп жылдырды. Боосунан кармайын дегем, колум камтууга келбей, суу болуп көөп, көкөйгө тийген жандоочум ичиндеги китептер, ар түрдүү майда-барат көрөн-шөрөн менен кошо жердеги чөпкө түшүп, бутума катуу урунду.

- Ой, кудай колдо... – арабакеч чочуп кетти, бирок мен ага нааразы болгонум жок, – буттарым баары бир эч нерсе сезбей калган, маа десең кесип ыргытып сал.

- Эй, ким бар? Эй! – деп кыйкырып, короз канаттарын каккандай, колдорун чапты арабакеч. – Эй, докторду алып келдим!

Фельдшердик үйдүн карарган терезесинен бирөөлөрдүн өңдөрү көрүнүп, айнекке жабышып калышты, эшик ачылып мен тарапка бүжүрөп жамаачы пальточон, жыртык өтүкчөн бирөө келатат. Картузун шашыла, ызаат көрсөтө алып, мага эки кадам жетпей токтоп, эмнегедир уяң жылмайып, киркиреген добуш менен учурашты:

- Саламатсызбы, жолдош доктор.

- Сиз кимсиз?

- Мен Егорычмын, - деди тигил, - ушул жердин кароолчусумун. Сизди күттүк, күтүп аттык...

Ошол замат чемоданды алып, ийинине салды да көтөрүп жөнөдү. Мен капчык алайын деп, колумду шымымдын чөнтөгүнө сала албай, артынан аксаңдап келатам.

Дегинкиси адамга көп деле нерсенин кереги жок. Бардыгынан мурда от керек. Түпкүрдөгү Мурьевге кетер алдында Москвада, өз сөөлөтүмдү бузбай, токтоо кармайм деген убадам эсимде. Турмуштагы биринчи кадамымда жаш келбетим биртоп кедергесин тийгизди. Кимге болбосун:

- Доктор баланча, - деп өзүмдү тааныштырам.

Ал болсо таң калгандай кашын керип:

- Ошондойбу? Мен сизди студент деп ойлоптурмун.

- Жок, окууну бүтүргөм, - дейм кабагым чытылып. Анан ойлоп койом: “Көз айнек тагыныш керек, ошондо салабатту көрүнсөм керек”. Бирок көз айнекке муктаж эмес элем, көздөрүм соо, турмуштук тажрыйбалардан убайым тартып күңүрттөнүп кете элек, нурдуу. Көз айнектин жардамы менен басынткан, эркелеткендей мээримдүү жылмаюулардан кутула албагандан кийин, коргонуш үчүн атайын урматтоо сезимин туудурчу жүрүм-турумга басым жасадым. Сүйлөгөндө шашпай, салмактуу сүйлөп, кыймыл аракетте да токтоо кыймылдап, басканда жыйырма үч жаштагы университетти бүтүргөн жаштардай чуркап кетпей, салмак менен жер ныгыра басып... дегендей. Бир топ жыл өткөндөн кийин түшүндүм, анткеним деле бекер убара экен.

Азыр ошол өзүмдүн жазылбаган эрежелеримди бузуп атам. Отурам бүрүшүп, жылаң бут, байпакчан, болгондо да кабинетте эмес, ашканада, отко сыйынган адамча меште жалбырттаган кайың чүркөлөргө кол созуп. Сол тарабымда көмкөрүлгөн челек, үстүндө батинкем, жанында жүнү жулунган, моюну кан, жылаңач короз, тегерегинде түрдүү түстөгү короздун жулунган жүнү. Эми мындай болду да. Ошол калчылдап үшүгөн бойдон турмуш өзү талап кылган биртоп иш аракеттерди жасадым. Егорычтын аялы, шиш мурун Аксиньяны өзүмө ашпозчу кылып бекиттим. Анын натыйжасында Аксинья корозду “садага чапты”. Аны мен жеп коюшум керек экен. Бардыгы менен таанышып чыктым. Фельдшер – Демьян Лукич, акушеркалар – Пелагея Ивановна, Анна Николаевна. Оорукананы кыдырганга үлгүрүп, медициналык аспаптар менен абдан жакшы жабдылгандыгына ынандым. Ошону менен жалтылдаган аспаптардын көпчүлүгү эмнеге колдонуларын билбегендигимди да мойнума алдым (билгизбей, ичимден албетте). Аларды колума кармамак турсун, чынын айтсам, көргөн да эмесмин.

- Гм, - баарын билген кишиче компоюп койом, - аспаптарыңар сонун экен. Гм...

- Ооба, - деп сыймыктана жооп берди Демьян Лукич, - булардын бардыгы сизден мурунку Леопольд Леопольдовичтин аракети. Ал киши эртеден кечке операция жасап жүрбөдүбү.

Денемди муздак тер басып, күзгүдөй жалтыраган шкафчаларды санаа тарта тиктедим.

Андан кийин эч ким жок палаталарды кыдырдык, мен кыркка жакын оорулууларды кенен-кесир жаткырса болоруна ишендим.

- Леопольд Леопольдовичтин убагында, кээде элүү адамга чейин жаткыруучу, - деп мени жооткотту Демьян Лукич, а Анна Николаевна, таажы сымал ак чачтуу аял эмнегедир:

- Сиз, доктор ушунчалык жаш көрүнөсүз, жапжаш... Таң каласың. Сиз кадимки эле студентке окшошсуз.

“Туй ата, - дедим ичимден, - сүйлөшүп алышкандай го тим эле!”

Тиш арасынан маани бербеген адамча:

- Гм... жок, мен... жөн эле... жаш көрүнөм да...

Андан кийин аптекага түштүк, аптекада куштун сүтүнөн башка бардык дары-дармек бар экенин көрдүм. Караңгылатылган эки бөлмөдө дары чөптөрдүн жыты аңкыйт, текчелерде эмне десең бардыгы турат. Ал эмес чет өлкөдө патенттелген каражаттар да бар экен, алар тууралуу эч нерсе билбесимди айтканда не, айтпаганда не.

- Леопольд Леопольдович алдырган, - деди сыймык менен Пелагея Ивановна.

“Бул Леопольд дегениң бир гениалдуу адам экен го” – деп ойлонуп, ушул тынч Мурьени таштап кеткен белгисиз Леопольдду урматтоо сезими пайда болду.

Адамга оттон башка да, жашаган жерин билип, көнүү керек. Короз эчак желген, төшөгүмдү Егорыч тууралап, шейшеп жабылган, жашаган жеримдеги кабинетте лампа күйүлүү. Мен легендарлуу Леопольддун үчүнчү жетишкендигине оозум ачылып, бир чети суктанып отурам: шкаф толтура китеп. Хирургия боюнча көрсөтмөлөр орус, немис тилдеринде, бир караганда отуз томго жакын. А терапиячы! Адам денесинин керемет атластары!

Кечкирейин деп калды. Мен жашоо шартымды билип, үйрөнгөнгө аракеттенгеним.

“Менин күнөөм жок, - деп кыйноо тартып, тырышып ойлоп койом, - он беш сабактан беш коюлган дипломдун ээсимин. Тигил чоң шаардагыларга экинчи эле врач болоюнчу деп суранбадым беле. Жок. Алар күлүп: “Үйрөнүп кетесиң” - дешет. Мына сага үйрөнүп кетесиң. А эгер грыжа алып келишсечи? Аны кантип үйрөнүп кетеримди түшүндүргүлөчү? Айрыкча грыжа менен ооруган адам кол алдымда кандай абалда болорун. Ал тигил дүйнөгө кетет эмеспи (аркам муздай түштү)...

А ириңдеп кеткен сокур ичеги? Га! А айылдын балдарынын дем ала албаган, трахеотомия көрүнгөн дифтерия оорусучу? Трахеотомиясыз деле мага кыйын болот... А... а... төрөтчү! Төрөттү унуткан турбаймынбы! Бала жатында туура эмес жайгашса, мен эмне кыла алам? Я? Кандай жеңил ойлуу адам элең! Бул участоктон баш тартышың керек эле. Ошол туура болмок. Дагы бир Леопольду табышат эле да”.

Күүгүмдө айлам кетип кабинетте ары-бери бастым. Лампа менен катарлаша түшүп, чексиз караңы талаада лампанын жанындагы кубарган өңүмдү терезенин айнегинен көрдүм.

“Мен нак эле Лжедмитрий[3] болдум” деген келесоо ой кетип, столго олтура кеттим.

Жалгыздыкта эки сааттай ойго батып, өзүмдү өзүм кыйнап, акыры өзүм жараткан коркунучтардан нервим чыдабай турган абалга жеттим. Кайра тынчтанып, өзүмдү жооткотуп, ал эмес келечекке план да түзө баштадым.

Такс-с... Азыр ооруканага каттагандар аз деп жатышат. Айылдарда булас чыгарганга зыгыр жанчып атышат, жол жок... “Мына эми, сага грыжа менен ооруганды алып келишет, - деди мээмде бир катаал үн, анткени жаман жол менен чүчкүрүп калгандар келбейт (жеңил оору), а грыжаны, урматтуу коллега, доктор, бөркүңүздөй көрүңүз, айла жок алып келишет”.

Үн макоо эмес көрүнөт, чынбы? Мен селт эте түштүм.

“Унчукпа, - дедим үнгө, - сөзсүз эле грыжа болуш керек бекен. Эмне эле чырылдайсың? Көз – коркок, кол – баатыр, – дейт элде”.

“Ойлобой жасалган иш, өз башыңа муш”- дегенди унутпа, - дейт үн эликтеп.

Так-с... маалымдагычтан ажырабашым керек экен. Дары жазар астында колуңдуу жууп, ойлонуп жазып берем. Маалымдагыч оорулууларды каттаган китептин жанында ачык болушу керек. Пайдалуу, анча кымбат эмес рецептерди жазам. Эми мисалы, натри салицилица 0,5 бирден күнүнө үч маал...

“Соданы да жазып ал!” – деп ачык эле шылдыңдайт ички үнүм.

Бул жерде соданын кандай тиешеси бар? Инекакуана деле алса болот, инфузум... 180ге. Же эки жүзгө. Мына.

Лампа жанында жалгыз олтурган менден эч ким инекакуанка сурабаса деле беймазаланып рецептердин маалымдагычын барактап чыктым, инекакуанка тууралуу маалыматты текшердим, ага кошуп күүм менен бул дүйнөдө кандайдыр бир “инсипин” барын окуп калдым. Ал дегенибиз “хининдигликолдук эфирдин сульфаты” экен... Көрсө хининдин даамы билинбейт тура! Ал эмнеге керек! Аны кантип жазасың! Ал эмне, порошокпу? Шайтан билеби!

“Инсипини го инсипин, а грыжаны кандай кыласың”? – коркуп жатканым ички добуш болуп, болбой эле жабышып алды.

“Ваннага отургузам, албууттана коргоном, - ваннага. Анан түзөткөнгө аракет кылам”.

“Кысылып калган грыжа, периштем! Кайдагы ванна! Кысылып калган, коркуу желмогуздун үнү менен ырдап атат. Кесиш керек...”

Ошондо ыйлап жибере жаздап, багынып бердим. Терезе сыртындагы караңылыкка карап сыйынып коём: эмне болсо ошо болсун, кысылган грыжа болбосо экен.

Чарчоо ырдайт:

“Жатып укта, кешиги жок эскулап. Уктап алсаң эртең билинет. Тынчтан, жашабай жатып тажаалданган байкуш. Карачы, терезенин артындагы түн тынч, муздак талаалар уктап атышат, эч кандай грыжа жок. А эртең кудайдын жазганын көрөрбүз. Үйрөнүп кетесиң... Укта... Ташта атласты... Баары бир эч нерсе башыңа кирбейт. Грыжа шакекчеси...”

Ал кандай кирип келгенин байкабай да калдым. Эсимде калганы эле эшиктеги болт калдырттап калды. Аксинья чыйылдайт. Анан да тышта арабанын калдыраган добушу.

Ал жылаңбаш, тону жакжайып, сакалдары бириндеп, көзү чакчаят.

Чокунуп туруп тизелей жыгылып, чекеси менен полду уруп калды. Ал мага жүгүнгөнүн “курудум” деп ойлоп койдум муңкана.

- Бул эмнеңиз, эмнеңиз, коюңуз! – деп жеңинен тарттым.

Өңү бузулуп, сөзүнө чакап, үзүл-кесил сүйлөдү:

- Мырза доктор... мырза... жалгыз, жалгыз... жалгыз! – деп жаш өспүрүмдүкүндөй ачуу чаңырып, лампанын абажуру да титиреп кетти. Ой кудай ай... Ох... – Колдорун коёрго жер таппай, полду сындырчудай чекеси менен кайрадан дүңкүлдөтө баштады. –Эмне кылганым үчүн? Бул эмне жазаң кудай?.. Эмне күнөө кылдык эле?!

- Эмне? Эмне болду?! – деп кыйкырдым. Бетим муздап кеткенин сездим.

Ал тура калып, серпиле түшүп күбүрөндү:

- Айланайын доктор... эмне кааласаңыз... акча берем... Канча сурасаңыз да берем. Тамак-аш алып келебиз... Аман калса эле болду. Майып болсо да мейли. Мейли! - кыйкырып жатты шыпка карай. - Багып алам. Эмне болсо да багып алам!

Аксиньянын кубарган өңү каалганын карарган квадратында илинип тургандай. Көкүрөгүм муздап кетти.

- Эмне... Эмне деп атасыз? - кыйкырып ийдим жүрөгүм титиреп.

Ал басыла калып, көздөрү туна, кандайдыр жашыруун нерсени айткансып шыбырады:

- Жанчкычка түшүп калды...

- Жанчкыч... жанчкычка?.. – кайталадым. – Ал эмне?

- Зыгыр, зыгыр жанчып жатышкан го... доктор мырза, – деп Аксинья шыбырап түшүндүрө кетти, - жанчкыч деген... ал... ошондой машина... зыгыр жанчат...

“Мына башталышы. Мына. О, эмнеге келдим экен!” – деп ойлодум жүрөгүм түшүп.

- Кимиңиз болот?

- Кызым, жалгыз чүрпөм - деп күбүрөп, анан чаңырып жиберди: - Жардам бериңиз! – кайрадан жыгылып, мойнуна түшүрүлө тегизделген чачтары көзүн жаап калды.

*     *     *

Кыйшайган калай абажурлуу лампа –“молния” эки билиги тең күйүп, жакшы жарык берип турду. Жаңы, жыты чыга элек ак клеенка жабылган операция столунда жаткан аны көргөнүмдө грыжа эсимден чыгып кетти.

Бир аз кызгылт тарткан сары чачтары батташып столдо салаңдайт. Узун өрүлгөн чачынын учу полдо жатат. Чыттан тигилген юбкасы айрылган, андагы кан да кызгылтым так, ачык кызыл так болуп - ар түстүү. “Молниянын” жарыгы саргыч, мага жашоо жарыгындай сезилсе, анын өңү кагаздай купкуу, мурду кыпчылып, узарып кеткендей.

Гипске окшоп катыган, кубарган өңүндө чындыгында сейрек кезигүүчү сулуулук сакталып калган. Мындай өң сейрек жолугат, дайым эле көрө бербейсиң.

Операция бөлмөсүндө он секунттай жымжырт болуп турду, жабык эшиктин артында гана бирөөнүн кыйкырганы, башы менен полду койгулап жатканы туюк угулат.

“Акылын жоготуп койду, - деп ойлодум, - аялдар суу берсе керек... Эмнеге мынча сулуу? Бет түзүлүшү да туура... Энеси сулуу болсо керек... Атасы жесил...”

- Атасы жесилби? – өзүм да байкабай шыбырадым.

- Жесил, - деди акырын Пелагея Ивановна.

Демьян Лукич ачуусу келгендей, катаал кыймыл менен юбкасын этегинен үстүнө чейин айрып ийип жылаңачтап салды. Көргөнүм күткөндөн да жаман экен. Сол бут такыр эле жок десе да болот. Бычыраган тизеден ылдый кансыраган айрыктар, жанчылган, кызарган булчуңдар, былжырап, бардык тарабына чачырап кеткен кашкайган сөөктөр. Оң бутунун тизеси сынып, эки сөөгү терисин тешип тышка чыгып калыптыр. Ошондон улам жансыз таманы капталына кыйшайып өзүнчө жатат.

- Да, - деди фельдшер акырын, башка эч нерсе кошкон жок.

Эсиме келип, тамырын кармадым. Муздак колдо тамыр билинбейт. Бир нече секунддан кийин араң билинген толкунду байкадым. Ал өтүп кетип... тынчып калды, мен көгөрүп бараткан мурундун таноолорун, бозоргон эриндерин байкаганга үлгүрдүм... Бүттү деп айтып жибере жаздап, бактыга жараша, күрмөлүп калдым... Тамыр дагы бүлкүлдөп калды.

“Жанчылган адам ушинтип өчөт турбайбы, - деп ойлодум, - эч нерсе кыла албайсың...”

Бирок өз үнүмдү өзүм тааныбай, катаал гана:

- Камфара! – дедим.

Анна Николаевна эңкейип, кулагыма шыбырады:

- Доктор, эмне кереги бар? Кыйнабаңыз. Сайып эмне? Азыр үзүлөт... Сактай албайсыз.

Мен кабагымды бүркөп, ачуулана карап:

- Камфара деп атам!

Анна Николаевна ошол замат кызарып, таарынгандай өң менен столго жетип, ампуланы сындырды.

Фельдшер да, менимче, камфараны жактырган жок. Ошентсе да шприцти эпчил, шамдагай алып, саргарган май ийин терисинин астына кетти.

“Өлсөң өл эми. Тезирээк өл, - деп ойлоп атам, - өлүп кал, болбосо мен эмне кыла алам?”

- Азыр үзүлөт, - оюмду сезип жаткандай, фельдшер шыбырады. Ал шейшепти карап койду, бирок оюнан кайтты. Шейшепти кан кылгысы келген жок ко. Ошентсе да бир нече секунддан кийин шейшеп менен жаптык. Ал өлгөн адамдай жатат, бирок өлө элек. Башыма биздин анатомиялык театрдын айнектелген шыбынан түшкөн жарыктай жаркын ойлор түшө баштады.

- Дагы камфара, – дедим киркиреген үн менен.

Фельдшер баш ийип дагы май сайды.

“Өлбөй калабы? – деп айлам куруп ойлоном, - Эмне... эми мен...”

Мээм ачылгандан ачылып барат, китепсиз эле, кеңеш берген бирөөсүз эле, эч кимден жардам албай эле эмне кылыш керектигин түшүндүм. Түшүнгөнүмө ишенгеним темирдей бекем эле, азыр өмүрүмдө биринчи жолу өлүп бараткан адамга ампутация жасайм. Ал адам бычак алдында өлөт. Ах! Бычак алдында. Анда кан да жок да! Он чакырым жолдо талкаланган буттарынан баары агып калган, азыр бир нерсе сезеби, угуп атабы, ал да белгисиз. Ал унчукпайт. Ах, эмнеге эмдигиче өлбөйт? Акылынан тайган атасы мага эмне дээр экен?

- Ампутацияга даярдагыла, - дедим фельдшерге чоочун үн менен.

Акушерка мени акшыя карап, бирок фельдшердин көзүндө мени жактырган учкун жылт дей түшүп, жабдыктардын жанында күйпөлөктөп калды. Анын кол алдында примус күрүлдөйт...

Чейрек саат өттү. Ишенип ишенбей, муздак кабагын ачып, өчүп бараткан көздөрүнө тигилем. Эч нерсе түшүнөйм. Эмнеге өлбөй атат? Ак баш кийимдин астынан чекемден тер шорголоп, Пелагея Ивновна марля менен туздуу терди улам аарчып койот. Кыздын денесинде калган кан менен эми тамырында кофеин жүрөт. Аны куюш керек беле же жокпу? Анна Николаевна аяр кол тийгизип, кыздын санындагы физиологиялык эритмеден көөп калган бүртүкчөлөрдү сылап жоготууда. А кыз дагы эле тирүү.

Мен бирөөлөрдү туурап (өмүрүмдө бир жолу университетте экенде ампутация көргөн элем) бычакты алдым... Дагы жарым сааттай өлбөй турушун суранып жалынам... “Операция бүткөндөн кийин, палатада өлсүнчү...”

Кырдаал түрткүлөгөн ички сезим гана иштеп атты. Тажрыйбалуу касапчы сыяктуу курч бычак менен санды тегерете тилдим, бир да тамчы кан чыкпай тери ачылып калды. “Тамырларынан кан кетсе эмне кылам? – деп ойлоп карышкырча торзиондук кыпчуурлар жаткан жерди карайм. Кыздын этинен чоң кесип, агарган кан тамырды көрдүм, бирок андан кан чыккан жок. Аны торзиондук кыпчуур менен кыпчып дагы уланттым. Торзиондук кыпчуурлар менен кан тамыр бар деп болжогон бардык жерлерди бекитип атам... “Arteria… arteria… аны кантип?..” Операция столу клиникага окшоп калды. Торзиондук кыпчуурлар үймөлөктөшүп салаңдайт. Аларды эти менен кошо марля менен түртүп, жалтыраган майда тиштүү араа менен сөөктү араалап кирдим. “Эмнеге өлбөй атат?.. Тобо кылдым... адам деген чыдайт экен го!

Сөөк ажырады. Демьян Лукичтин колунда кыздын буту болгон калдык турат. Эттин үзүктөрү, сөөктүн сыныктары! Алардын бардыгын четке алып, столдо үч бөлүккө кыскарган, буттун ордунда дүмүрчөк калган кыз жатты. “Дагы, дагы бир азга... Өлбө деп ойлоп жатам, палатага чейин чыдай тур, өмүрүмдөгү ушул оор окуядан жаман аттуу болбой чыкканга мүмкүндүк бер”.

  •  

Бүтүрдүм. Сандагы дүмүрчөнү, купкуу өңдү тиктеп:

- Тирүүбү? – деп сурадым.

- Тирүү, – дешти жаңырык сыяктуу экөө бирдей фельдшер менен Анна Николаевна.

- Дагы бир мүнөттөй жашайт, - деп кулагыма үн чыгарбай акырын шыбырады фельдшер. Анан күймөнө түшүп, кысыла кеңеш берди: - Экинчи бутун, балким, тийбей эле койгонубуз оңдур, доктор. Марля менен эле ороп коёлу, болбосо... палатага чейин жеткидей эмес... А? Операция учурунда үзүлбөгөнү да жакшы болбодубу.

- Гипс алып келгиле, - дедим үнүм кысылып, белгисиз бир күч түрткүлөп.

Полдун бети ак тактарга толуп кетти. Бардыгыбыздан тер куюлат. Жарым өлүк кыймылсыз жатат. Оң буту гипс менен курчалып, буттун сынган жеринде мен калтырган тешик бар.

- Тирүү...- деп киркиреди фельдшер таң калгандай.

Анан аны столдон ала баштадык, шейшептин астында килейген боштук, кыздын денесинин үчтөн бири операция столунда калды.

Анан коридордо теңселген көлөкөлөр, ооруларды караган аялдардын бышактаганы, дубалды кармалап мен тарапты карап өкүрүп ийген, саксайган эркектин фигурасын көрдүм. Аны алып кетишти. Тынчып калды.

Операция бөлмөсүндө чыканагыма чейин кан болгон колдорумду жууп атам.

- Сиз доктор, көп жолу ампутация жасаган көрүнөсүз? – деп сурап калды Анна Николаевна. – Абдан, абдан жакшы... Леопольттон кем эмес...

Анын оозунан чыккан “Леопольд” деген сөз “Дуайен”[5] дегендей эле угулду.

Кабак астынан аларды карайм. Бардыгынын өңүндө – Демьян Лукичтин да, Пелагея Ивановнанын өңүндө да – көздөрүндө урматтоо жана таң калуу бар.

- Кхм... мен... Мен эки эле жолу жасаган элем, мындай да...

Эмнеге калп айттым? Азыр да түшүнбөйм.

Оорукана тынчып калды. Жымжырт.

- Үзүлүп кетери менен сөзсүз мага билдиргиле, - фельдшерге акырын буюрдум, ал эмнегедир “макул” дегендин ордуна ызаат менен:

- Куп болот, – деп койду.

Бир нече мүнөттөн кийин доктордун квартирасындагы жашыл лампанын жанында турдум. Үй жымжырт.

Кубарган өң, капкара айнектен чагылышат.

“Жок, мен Дмитрий алдамчыга окшош эмесмин, мен... мына... карый түштүм окшойт... чекемде бырыш пайда... Азыр эшик чертилип... айтышат: “Өлдү...”

“Ооба, барып акыркы жолу карап коёюн... азыр эшик чертилет...”

*     *     *

Эшик чертилди. Бул эки жарым айдан кийин болду. Терезеден кыштын алгачкы күндөрүнүн бири жаркырайт.

Ал кирип келди. Мен ошондо гана аны толук баамдадым. Чындыгында эле түсү ийги адам экен. Кырк беш жаштарда. Көздөрү нурлуу.

Анан шуудураган үн... Этеги кызыл тасма менен бастырылган кең юбкачан, сыңар бут татынакай кыз эки балдак менен секирип кирип келди.

Кыз мени тиктеп, кызара түштү.

- Москвада... Москвада... – Мен дарегин жаза баштадым. Ал жакта протез, жасалма бут жазап беришет.

- Колунан өп, - деди күтүлбөгөн жерден атасы.

Мен айлам кетип, эмне кыларымды билбей эрининин ордуна мурдунан өөп алдым.

Кыз балдагына таянып, колундагы түйүнчөктү жазып, кызыл короз саймаланган узун аппак сүлгү түшүп кетти. А-а көрсө мен көргөнү барганда жаздыгынын астына ката койгон ушул турбайбы. Ошо да, столдо жиптер жатканы эсимде...

- Албайм,- дедим катаал, ал эмес башымды да чайкап ийдим. А бирок анын өңү, көздөрү ушунчалык өзгөрүлө түшкөнүн көрүп... Алдым...

Узак жылдар Мурьевде уктоочу бөлмөмдө илинип турду, анан мен кайда жүрсөм да өзүм менен кошо болду. Акыры эскирип, өңү өчүп, жыртылып, эскерүүлөр эстен чыгып унутулган сыяктуу, ал да жок болду.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Лабаз – буудай, ун сакталган кампа.

[2] Шарль Гунонун “Фауст” операсынан ария.

[3] Лжедмитрий – Иван Грозныйдын уулунун каза болгон кичүү баласынын атын сатып, орус падышачылыгынын тактысында 1605-1606-жылдары отурган адам.

[4] Лигатур – медицинада кан тамырларды бууган жип.

[5] Дуайен – бул жерде аксакал маанисинде.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз