АҢГЕМЕ
Кыз мени болгон-бүткөн ынтаасы менен карап турду, а мен мындан мурда аны кай жерден жолуктурганымды эстей албадым. Анын жашылданган, кандайдыр бир коркунуч уялаган көз карашы кересин чырактын үлбүлдөгөн, күңүрт жарыгына чагылыша түштү, мен ошондо эстедим бул бөлмөнү, мобул чыракты ар качандан бир качан түшүмдө көрөм. Анан ушул жерден көздөрү алаңдаган кызды ар түнү кезиктирем. Ооба, ишене бергиле, куш уйку салып, түш менен соонун ортосунда олку-солку абалда жатканымда дал ушул кызды көрөм.
Тамекимди таап күйгүздүм, оозумдан чыккан ачуу көк түтүн уюлгуй буркурады. Мен отурган отургучтун жөлөнгүчүнө чалкалай берип, артка чирендим. Эки бутуна салмагымды салдым. Үн-сөзсүз отурдук. Мен отургучта алга-артка күүлөнүп, кыз болсо чийдей ичке, апакай бармактарын кармагылап, чырактын айнек калпагынын астына жылытып атты. Көлөкө анын бешенесинде дирилдеп турду. Бир нерсе деп айтышым керектигин сездим, анан капысынан оюма келген эле сөздү коё бердим: «Куба иттин көздөрү». Ал муңайым үнү менен: «Ооба. Биз эми аны эч качан унутпайбыз», - деди. Ал чырактын үлбүлдөгөн жарыгынан четке чыга берип кайталады: «Куба иттин көздөрү. Мен муну баардык жерге жазып койдум».
Ал ордунан туруп, кичинекей үстөлгө келди. Тегерек күзгүнүн бетинен анын жүзү көрүндү, бул анын оптикалык элеси, чагылышы эле. Ал чырактын үлүңдөгөн жарыгына сиңип кетчүдөй сезилди. Качаңкы бир каардын өчкөн элеси жылт эткен муңайым көздөр мени кейиштүү карады да, төмөн түштү, ал седептүү упа кутучасын ачып, андан кебез алып, мурду менен бетин сүрттү. «Бул бөлмө дагы бирөөлөрдүн түшүнө кирип, мындагылардын баардыгын чаташтырып алабы деп абдан корком», - деди. Кутучанын капкагын тырс жапты, ордунан туруп, чыракка жакын келди. «Сен үшүбөдүңбү?» - деп сурады. «Кээде үшүйм...» - дедим. Ал сенейип калган колдорун чыракка сунду, колдун көлөкөсү жүзүн калкалады. «Балким, суукка урунуп калаармын, - даттана кетти. - Сен муз баскан калаада турат экенсиң».
Чырактын жарыгы аны сары-кызыл көрсөтүп, жылтыратып турду. «Сенин жүзүң коло сымал көрүнөт, - дедим. - Чыныгы жашооңдо сени колодон жасалган айкел сымал элестетип, кээде кайсы бир ажайыпкананын бурчунда тургандай сезем». - «Жок, - деди ал. - Бирок сол капталым менен жатканымда көкүрөгүм ушунчалык дүкүлдөп, жүрөгүм согуп жатканын угам, ошондо темирден бүтсөм керек деп ойлочу болдум, кээ бирде». - «Жүрөгүң кантип сокконун дайыма уккум келет». - «Эгер биз өңүбүздө кезигер болсок, кулагыңды төшүмө жөлөп угасың».
Куба иттин көздөрү. Ушул сөздөрдүн аркасы менен ал мени чыныгы турмуштан тапкысы келип жатты. Бул сөздөр бизди түшүбүздөн эмес, өңүбүздөн бири-бирибизди табыштырар сыр сөздөр болчу. Көчөлөрдө кетип баратып да, байкамаксан болуп: «Куба иттин көздөрү», - деп кайталай берди. Ашканада тамакка буйрутма берип атып, жаш официанттарга: «Куба иттин көздөрү», - деп шыбырайт. Мейманкана менен вокзалдардын буу баскан терезелерине сөөмөйү менен: «Куба иттин көздөрү», - деп чиймелейт. Айланадагы адамдар эч нерсеге түшүнбөй, ийиндерин куушурат, а официанттар жымыйган боюнча кайдыгер гана баш ийкешет. Бир сапар ал дарыканага кирип калды, анан түшүндөгү тааныш жытты сезгенсиди. Ал дары саткан кишиге: «Мен түшүмдө көрүп жүргөн жигит бар. Ал дайыма: «Куба иттин көздөрү», - деп кайталай берет. Мүмкүн сиз аны билеттирсиз?». Тигил киши жактырбаган тейде күлдү да, тактайчанын тигил тарабына өттү. Кыз дарыкананын жаңы кафель төшөлгөн полун карап, аны тааныш жыт жанын жай алдырбай кыйнады. Ага чыдай албаган кыз тизелеп отура калып, апакай тактага эрин боёгучу менен: «Куба иттин көздөрү. Көгүш иттин көздөрү», - деп жазды. Дарыкана ээси чуркап келип: «Мырзайым, бул эмне кылганыңыз, полду булгадыңыз. Чүпүрөк алып, токтоосуз жууп чыгыңыз!» Кечке ал тизелеп жүрүп тамгаларды жышыды, көз жашына аралаш: «Куба иттин көздөрү. Куба иттин көздөрү», - деп кайталай берди. Эшик алдында бекерпоздор чогулуп, жиндини көргөндөй шаракташты.
Ал унчукпай калды, мен отургучту кыйчылдатып, күүлөнүп отурдум. «Дамамат эртең менен бизди табыштырар сүйлөмдү эстөөгө тырышам. Түшүмдө аны жакшы эле жаттап алгандай болом, бирок кашайып, ойгонгондо бир да сөзүн эстей албайм», - дедим. - «Кызык экен, аларды өзүң ойлоп таппадың беле!» - «Ооба. Сенин бозоргон көздөрүңдү көргөнүмдө ошол сүйлөм көңүлүмө тык эткен. Бирок күндүз сенин жүзүңдү да эстей албайм». Ал аргасы куругандай бармактарын кубарта кысты: «Эх, жок дегенде мен жашаган шаардын атын билсек эмне!»
Кыздын эриндерине ачуу нерсе тийгенсип бүрүшүп, кубарып чыкты. «Сени кармалагым келип турат», - дедим. Ал жалт карады, каректеринен жылт эткен учкундарды көрдүм. - «Сен эч убакта минтип айткан жок элең го», - деп жооп берди ал. - «Эми айтып жатпайымбы». Ал төмөн карап, тамеки сурады. - «Эмне үчүн өзүм жашаган шаардын атын такыр эстей албайм?», - деп кайра сурады. А мен: «Өзүбүздүн асыл сөздү», - дедим. Ал муңайым жылмайды: «Ушул бөлмө сага көрүнгөндөй эле, түшүмдө мага да көрүнөт». Мен ордумдан туруп, чырак жакка бастым, кыз коркконунан артка жалт берди, ортобузду бөлгөн көрүнбөс тосмодон өтүп кетет деди окшойт. Мен сунган тамекини алып, чырактын отуна эңкейди. «Канткен менен да дүйнөнүн кайсы бир шаарынын баардык дубалдарына «куба иттин көздөрү» деп жазылган, - дедим. - Эгер эртең менен бул сөздү эстеген болсом, анда сени дүйнөнү түгөл кыдырып издегени чыгам». Тамекинин чогунан улам анын жүзү кызгылтым көрүндү, ал тамекини терең соруп, анан ичке манжалары менен айландыра кармап: «Кудайга шүгүр. Мен жылынып калдым окшойм», - калем менен жазылган сөздөрдү кайталагандай шаша сүйлөдү: «Мен... жылына... - мен жазылган сөздөрдү окуп бүтүп, көрүнбөгөн баракты түтүктөй бүктөп жаткансыды, - баштадым...» - кагаз күйүп, бүрүшүп, бир чымчым күлгө айланып, полго түштү. «Анда жакшы, - дедим. - Сен үшүгөн сайын мен корко берем».
Бул кыз экөөбүз бир канча жылдан бери ушинтип жолугуп жүрөбүз. Түштөрдүн баш чаташкан лабиринтинен бири-бирибизди эми тапкан учурда, кээде тигил жактан кимдир-бирөө кашыкты шарак эттире түшүрүп жиберет, ошондо биз ойгонуп кетебиз. Болгону кандайдыр бир кашык таңкы шоокумда экөөбүздүн азганакай жолугушуубузду бузуп жибергени армандуу чындык. Арга канча, бара-бара буга да көндүк.
Ал чырактын ары жагынан мени карайт. Кудум адеп жолуккандагыдай. Анда да түшүмдө көргөм, бир кызыктай бөлмөдө жүрөм, чырак менен күзгү бар экен, анан бет алдымдан көздөрү бозоргон кызды көрдүм. Мен: «Сиз кимсиз?», - деп сурадым. Ал: «Эсимде жок...», - деп жооп берди. - «Бирок биз мурда кезиксек керек эле?» - «Балким. Сиз дал ушул бөлмөдө түшүмдө көрүнүшүңүз мүмкүн эле». - «Туура! - дедим мен. - Сизди түшүмдө көргөм». - «Кызык экен, - деди ал жылмайып. - Демек, биз түшүбүздө жолугуп жүрүппүз да?»
Ал тамекини кере соруп, жылтыраган чогуна үңүлө карап турду. Ушу саамда мага кайрадан бул кыз муздак жана катуу эмес, а жылуу, ийилчээк жезден бүткөндөй сезилди. «Сени кармалагым келип жатат», - деп кайталадым. «Анда баардыгын бүлүндүрүп таштайсың, - деп коркуп кетти. - Колуң тийсе биз ойгонуп кетебиз, мындан кийин жолугуша албайбыз». - «Андай эмес, - дедим. - Башыбызды жаздыкка коюп, уктап кетишибиз керек, ошентип, кайрадан көрүшөбүз». Мен ага кол сундум, бирок ал былк этпеди. «Сен баардыгын бүлүндүрөсүң, - шыбырады ал. - Эгер чийинден чыгып, чырактан бери өтсөң биз ойгонуп кетип, дүйнөнүн эки башка тарабында калабыз». - «Ошентсе деле...» - Мен өз оюмдан кайткым келбеди. Бирок ал башын төмөн салды: «Бул жолугушуу - биздин акыркы мүмкүнчүлүгүбүз. Эртең менен бары бир сен эч нерсе эстей албайсың». Мен отуруп калдым. Ал колун чыракка кактап, аянычтуу унчукту: «Экөөбүз жолуккандан кийин такыр уктай албайм. Түн жарымында ойгонуп, кирпигим ирмелбейт, жаздыгым таштай катып калат. Анан: «Куба иттин көздөрү. Куба иттин көздөрү», - деп кайталай берем, кайталай берем.
«Таң атып келатат, - деп эскерттим. - Акыркы жолу эки саат мурда ойгонгомун, андан бери көп убакыт өттү». Мен эшикке барып, туткасын кармадым. «Абайла, - деп эскертти ал, - Эшиктин артында оор түштөр бар». - «Аны кайдан билесиң?» - «Жакында эле ал жакка чыгып, кайра араңдан-зорго кайткам. Ойгонсом жүрөгүмдү кысып жатып алыптырмын». Бирок эшикти түрттүм. Оңой ачылды, сырттан берекелүү жер-жемиштин, айдалган жердин жытын алып келген желаргы саамай сылады. Мен кызга кылчайып: «Бул жерде коридор жок экен. Талаа жытын сезип атам», - дедим. «Эшиктин ары жагында, - деди ал, - түшүндө талааны көргөн аял уктап жатат. Ал дайыма айылда жашоону самачу, бирок шаардан эч качан чыга албады». Эшиктин ары жагы жарык болуп келатты, баардык жерде адамдар ойгоно башташты. «Мүмкүн, мени эртең мененки тамакка күтүп жатышкандыр», - дедим.
Талаадан соккон желаргы басаңдап барып, анан токтоп калды. Анын ордуна уктап жаткан адамдын бир калыпта дем алганы угулду, дал ушул учурда ал төшөгүндө бир капталынан экинчи капталына оодарылды. Желаргы токтоду, аны менен кошо жыт да жоголду.
«Эртең биз бири-бирибизди сөзсүз тааныйбыз, - дедим. - Мен дубалдарга: «Куба иттин көздөрү» деп жазган аялды издейм». Ал муңайым жылмайып койду да, чырактын муздап бараткан калпагына колун койду: «Сен күндүз эч нерсени эстей албайсың». Ал кайгылуу эле. Анын бүкчүйгөн карааны таңкы шоолага акырындап сиңип баратты. «Сен керемет кишисиң, - деди ал. - Өз түшүңдү эч качан эстей албайсың».
Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ