Нарсулуу Гургубай: Үйүбүз бар, айта албаган «үйүм» деп

  • 30.12.2021
  • 5382

Каңырык түтөдү; “Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап” жүргөн үчүн... “Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп, \ Жамандыкта, жакшылыкта бир барган” – үчүн... Эндекей акындын бул саптары түмөн сан мекендештерибиздин касиретин, муң-зарын кайрыганына кабырга сөгүлдү. Өнө бойду дүрт эткизген ушул саптарда кылымдын кыйрын кечип келген кыргыз урпактарынын улуу трагедиясы жаткан жокпу?! Жалгыз акындын бул үнүндө бүтүндөй бир доордун, бүтүндөй улуттун өкүттүү тагдыры өзөк өрттөп турбады бекен?..

Бул кылым кыргыз урпагын кайда гана сандалтпады... Түмөн сан мигранттарыбыз шамал күүсүнө туруштук бере албаган камгактан бетер кайда гана жүргөн жок?! “Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп” – бул сапта төнүп жаткан өксүк кандай гана оор. Киндик каны тамып, кири жуулган мекенинен алыста жүргөн улан-кыздарыбыздан келген кат сыяктуу жүрөгүмдү таарып өттү бул саптар.

Көркөм туюнтмадагы жүлүн сыздаткан метафоранын тандалганын караң:

“Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.
...Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...

Бири Орусияда, бири Турцияда жашаган эже-сиңдилердин ортосундагы бири-бирине жөнөткөн сезимдери бул. Экөө тең мыкты акын. Экөө тең үйүнө кайтып келалбай жүргөн алыстагы жантуйгулар, санаалаштар. Көптөн бери экөөнү бирдей боорума кыса-кыса кучактагым келип, сагынып жүргөн карындаштарым булар! Мекенге болгон кусалык экөөнү бирдей шамалдын айдагына салып, шамалды ээрчитип койгонун ырдаган бул экөөнүн муң-зарын туйса кана Мекен жоопкерчилигин мойнуна алган эрендерибиз!

Олжобай Шакир

*     *     *

Нуриз Өмүрбаевага

Силер жакта жамгыр... Канттиң, саргалдак?
Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?
Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,
Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.

Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.
...Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...

Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.

Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?
Ким бакыттын өңүн даана айта алат?
...Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,
Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап...

Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,
Жаңырыкпыз аскаларга урунган.
...Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз –
Жолуң арбын артты карай бурулган...

Каалаганда чертип, серпип ойногон,
Дүйнө сага – шыңгырак гүл, шыңгырак.
Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,
Эми алдыга алдап-соолап жылдырат.

Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,
Күзгү кылып күндө үч маал карандың.
Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,
Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым...

Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,
Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.
Жакшылары көкөйүмө жеткирген,
Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм.

…Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…

Ошол үйдө жашабаган үчүнбү?
Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста.
Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,
Дүңгүрөгөн даа бир өмүр карыздар.
2021-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз