АҢГЕМЕ
«Алдырарда – жаздырар» деп ошол күнү күйөөсү Кыдырма үйүндө ага-буга каралашып жүрчү Асадулланы да бир жакка жумшап ийген. Жумагүл музоону энесине салып, ийдирип алып, кайра жетелеп барып, ордуна байлайын десе, анысы баш бербей, кайра эмчекке качып, аялдын айласын алты кетирди да, аны менен алышып жатып, Жумагүл түркүктү сүзүп, көзүнөн от чагылышып, заматта маңдайы жаңгактай шишип кетти. Кудай жалгап, кошунанын кызы Жамал кире калган экен, экөөлөп зорго эптеди. Кыл аркан кыйган алаканы кечке ачышып, маңдайы лукулдап жүрдү. Жатарда келген эрине эмне экенин айтпай туюктай эле:
– Ай, чал, үйгө кызмат кылганга бирөө керек окшойт, - деп койду.
– Асадулла жетпей атабы? – Күйөөсү чай ичип аткан чынысын дасторкон четине коё койду.
– Эми ал эркек экен. Аялдын ишин кыла алмак беле?
Аялы өткөндө да ушундай дей бергенинен ушул Асадулла деген өзбекпи, уйгурбу, баланы Токмоктун базарынан жолуктуруп, айылыма мал айдашып барып кел деп суранып алып келип, келген соң кийиндирип, ичиндирип, эшиктеги эски тамдан жай даярдап берип, бизге бала бол деп алып калган. Малбазарда мал байлар жип сатып, кирип-чыккандардын торпок-танасын айдашып жүргөн бул бала айылга келери менен эле кимдин үйлөнүү тою болсо, кайдан-жайдан жетип барып «Келин келди, жар-жар» деп ырдап жүрө берет. Кыдырма «Кийинки күздө сага ушул жердин кыздарынан бирин алып берем» десе, анысы уялып туруп, дагы «келин келди, жар-жар» деп жаңы атасына ырдап ийген. Ошондо булар баланын акылында бир мандем бар экенин боолголошсо да, кызматына кызыгып унчугушпады. Эшик-эликтин жумуштарын жакшы эле бүтүргөнү менен үй ичине аны киргизишпейт. Ошон үчүн да төшөк жыйыш-салыш, уй сааш, сүт тартыш, камыр кылып, нан жабыш – деги койчу кыбыр эткен иштин баары Жумагүлдүн мойнунда. Алтымыштагы аялга бир үйдүн мындай бүтпөгөн оокаты кыйла эле оор эмеспи...
* * *
Бул үй-бүлө да айылда эл ортосу болуп жашап келет. Эки кыз, бир уулдуу болуп, уулу тээ союз учурунда эле Свердловск деген шаарга окуганы кетип, окуусун да бүтүп, ошол жактан орус кызга үйлөнүп, үй алып, жашап калды, андан бери ошол союз бузулса да, Свердловск деген шаары Екатеринбург болуп калса да бир-эки жолу бир тил билбеген жалгыз кызын ээрчитип келгенин эске албаганда атасы менен апасынын үйүнөн жылан чыккандай жолободу. Эки кыздын бири да алыс кетти, бир жылда келсе – бир келет, келбесе – жок. Негизи «чыккан кыз чийден тышкары» экен. Экинчи кызы бул эле өйүзгү айылга тийген, көп эле келип, өзү менен бирге иштеген мугалим күйөөсү менен ата-энесинин тапкан-ташканын көтөрүнүп кетип жүрдү. Ал кезде Кыдырма менен Жумагүл да өздөрү жаш, бүт жумуштарын экөөлөп эле кылат, кыз-күйөөсүн коноктоп, аны-муну салып бери кайра узатып коёт. Ошолордун балдары «таята-таянелеп» келип турат. Кызын багып алайын деп да көрүштү, ынагыдай эмес, анан калса балдардын баары чогуу болгону эле дурус эмеспи деп өздөрү да анча көңүлдөнбөдү.
Эми мынтип бири алтымыштын бешине, бири экисине барганда бир күнү башы ооруса, бир күнү буту ооруп, бир күнү сопсоо туруп эле кан басымы көтөрүлүп кетип «алымкандарга» айланып калышпадыбы.
Дагы Асадулла келгенден бери кыйла оңдуруп койду: малга каралашат, отун-суу алып келет. Аны базар-учарга жумшагандан коркот. Бир жолу жумшап көрдү эле жоголуп-жоголуп төрт күндөн кийин теңселип, «Келин келди, жар-жар» деп ырдап үйгө бутуна тура албай араң баш бакты. Ошондон кийин аны үйдөн чыгарбай калды.
* * *
Орозо айтка боорсок башырчу адаты бар Жумагүл бул жолу да эртелеп эле камыр ачытып койгон. Кечке маал жууруй койсомбу деп аракет кылса, колдору эпке келбей катып, камырды ары-бери тоголоктошко алы жетпейт. Тердеп-тепчип эптеп камыр кылып, Асадуллага эшикке от жактырып, боорсогун бышырды да кичине жата турайын деп кыңкая калды.
– Кемпир, тынччылыкпы? – Базардан майда-чүйдө алып кайткан Кыдырма бейубак жаткан аялын көрүп чочуп кетти.
– Тынччылык эмес.
– Эмне болду?
– Карыпмын! Бир чара камырдын боорсогун эптей албай кылыпмын.
Жумагүлдүн бул айтканында жан бар, жаңы келгенде туугандары ушул келинди чакырып чара-чара камыр кылдырчу, керээли кечке, түн жарымга чейин элдин кызматын кылып жүрө берчү. Өткөндө да бир уй саай албай өпкөлөгөн, кезинде колхоздун жыйырма уюн жалгыз өзү саап, флягаларга толтуруп, аларды эки колдоп шап көтөрүп, кара машинанын артынан кузовуна узатып берчү.
– Абышка, мен карый баштадым! – деди кечки чай үстүндө Жумагүл төрдөгү жер төшөктө малдаш токуна отурган күйөөсүнө карай.
– Баарыбыз эле ошенттик да. Анан алтымыш эки деген оңойбу?
– Сен карыбай эле аткандайсың, ал-күчүң дале ордунда тургандай.
– Аны кайдан билдиң?
– Жүрүшүңдөн. Белиң бир да бүгүлбөдү. Атка өзүң минесиң. Жатканда жанды койбой каласың...
Аялынын бул сөзүнө Кыдырма күлгөн болду. Эмнегедир анын күлкүсү калп күлкүгө окшоду.
– Сага бирөөнү табалы, - деди аялы акырын сүйлөп кыйладан берки айта албай жүргөн оюн бууп келген каптын оозунан чыгарып. - Кыдырма муну аялы сынап айтып атат же азилдеп атат деди да дагы күлкүгө алды. – Чын айтам, балдардын атасы. Мага жардам болот. Камырды ошол кылат, уйду ошол саайт.
– А сен эмне кыласың?
– Мен конокко барам. Кыздарымдыкына барам.
– Тигини, оюң эле конок.
– Чын айтам, чал. Ушундай кылалы. Элден-журттан издештирип бирөөнү табалы.
– Жинди болбочу! – Кыдырма этектерин күүнүп, желегин желбегей жамынып сыртка чыгып кетти.
* * *
Айыл башындагы абысыны тойго чакырган Жумагүлдү. Кычагандай ушул күнү кезүүнүн кезеги келип Кыдырма менен Асадулла уй кайтарып кеткен. Жумагүл төрт нанын, эки ууч таттуу-паттууларын, бир кийимдик көйнөгүн дасторконго ороп, бирөө-жарым шерик болор деп көчөгө чыга берди. Шерик чыкпады. Өлдүм-талдым деп айыл башына араң жетти. Абысыны аны бир аялдардын үстүнө киргизип койду. Эки аял – бири жашыраак, бири өзү теңдүү аялдар бир жакшына болуп, «алың, алың, сиз алың» дешип бири-бирин сыйлашып отурат.
– Силерди тааныбай атам, кимсиңер? – Жумагүл аларга бүшүркөй суроолуу тигилди.
– Биз ылдыйкы айылдагы Темирдин аялдарыбыз, - деди улуураагы иймене.
– Аа. – Жумагүл түшүнбөй калды.
– Түшүнбөй калдыңызбы? – Жашыраагы таң кала караган Жумагүлга үн катты. – Бул эжем улуу зайыбы, а мен кичүүсү.
– Аа, - деди Жумагүл, - бир жашайсыңарбы?
– Ооба.
– Бир үйдө дегеним да?
– Анан башка-башка үйдө жашамак белек, байыбыз бир болсо...
Жумагүл таңдануусун токтотподу. Кайра «Түнү бир жатасыңарбы» деп сурап жибере жаздап өзүн зорго тыйды.
Алдыларына манты келди.
– Сиз алың эже, биринчи сиз жеңиз? – Кичиги улуусуна тарелканы узатты.
– Мен бирди эле жейм, өзүң же, сиңдим. – Улуусу өзүнө берилген мантыдан бирди гана калтырып, экөөнү жашынын тарелкасына салып берди.
Кайра-кайра чай куюп, улуусуна ийиле сунган кичүүсүнө карап Жумагүл ичинен «бул согончогу канабаган бир байкуш го» деп ойлоду.
* * *
Ошол күндүн эртеси эле Жумагүл төркүн-төшкө учурашып келерин айтып, Кыдырмадан уруксат сурап таксиге түшүп, тууганчылып кетти. Жөн кетпей, тегерек-четтеги айылдардан күйөөсүнө бирөөнү алып берсемби деген ниет менен барган экен, келген-кеткенден башы бош жесир жубандарды издей берди. Бирөөнү чоттоп да койду. Өзүнүн эле эки ата өтүшкөн туугандарынан экен. Күйөөсү өлгөнүнө бир жыл болуп, жакында эле ашын берип, түшкөн айылынан биротоло келе бериптир, тууп-түшпөсө ошол да, кайын атасы менен кайын энеси кете бер деп батасын берип, анча-мынча жүгүн жүктөп төркүндөрүнө жылуу-жумшак узатып коюптур.
Жумагүл кетип жатып, бир туугандарына ошол келиндин кулагын бышыра бергиле, мен айылыма бирөөгө алып кетемин деп табыштаган болду.
* * *
Келиндин кулагы тез эле башканбы, экиби, үчпү апта өткөндөн кийин эле сиңдилеринин бири «Эже, келип кетиңиз, кийитиңиз менен» дегенде Жумагүл эмне ишти баштап ийгенин, не кылып атканын ойлоп өзүнө өзү жини келип да алды, тобокел деп да ийди. Анан төркүнү тарапка жолго чыкты.
* * *
Жумагүлдүн жанагы жактырган сиңдилеринин аты Көйкөл эле. Атына заты жарашкан жубандын согончогу канабаганы гана болбосо бир үйдүн орозгерин өз мойнуна жүктөп алып, кайда болсо кете бере турган ургаачы экен. Ал бала күнүнөн Жумагүл эжесин сыйлачу. Анын айтканын кылып, анын жолун жолдоп жүрүп, ушул жашка келди. Эми Жумагүл эжесинин кийиттерин кийип, аны ээрчип, эжесинин айылына күүгүм аралаш адамдын карааны ажыратыла албаган убакта келип түштү.
– Келин келди, жар-жар! – Асадулла колдорун чапкылай ырдап жиберди.
– Эй бала, көзүңдү кара! – Дарбазадан Жумагүлдуүн артынан кирип келе жаткан Көйкөлдөн көз албай тигиле карап ырдап турган Асадулланы Кыдырма айры менен сайып жибере жаздады – Ургаачы көрө элек белең?
Ушинткени менен ал да келинди артынан сугалактана бир тиктеп алды.
* * *
Жумагүл отур десе отуруп, тур десе туруп Көйкөл эжекесинин айтканынан чыкпады. Тери ашатып, жүн тытып, пахта аттырып келип, оо кыйладан бери кылынбаган иштер бир жумада кыйла бөксөрдү. Уй сааш, нан жабыш да Көйкөлдүн моюнунда. Эки ургаачынын кылган иштерине ыраазы болгон Кыдырма менен Асадулла да эркектер бүтүрчү жумуштарды эки эсе кайрат менен бүтүрүп калды.
Өз-өзүнчө да, бири-биринин көзүнчө да айта берип Жумагүл экөөнү нике кыйдырууга көндүрдү. Биринчи күнү бири-биринен жаа бою качкан экөө бара-бара жакшы сөзгө ийиге баштады.
Айылда кеп-сөз болбосун деп Жумагүл нике окуй турган молдону райондун чоң мечитинен таап келди. Күбөлөрдү да ошол жактан ала келип, аларды жакшы сыйлап узатып койгон соң «жат-жатка» келгенде кызык болушту. Кыдырма күндөгү ордуна – Жумагүлдүн жанына келип жатып алды. Жумагүл болсо аны улам чымчып, улагада жаткан Көйкөлгө бар десе, күйөөсүн калтырак басып ордунан тура албай кыйналат.
Эртеси Жумагүл төшөктү бир адам да кенен-чонон батпай турган кылып салдырды өзүнө. Көйкөлгө болсо кенен-чонон салынды, эки эмес үч-төрт адам бата тургандай, калыңдыгы да тизеге барат. Күйөөсүн алдап-соолап барып Көйкөлдүн төшөгүнө жаткырды. Анысы кийимдерин да чечпей аюучасынан кирип кетти төшөктүн ичине. Жумагүл тыңшап жатат. Бир убакта аны-муну кармалап, оозгу үйдө жүргөн Көйкөл кирип эле кайда жатарын билбегендей туруп калды.
– Жездеңин жанына жат, - деди Жумагүл. Анан уктамыш болду. Жумагүл көзүн жумду, тигилерден же бир шыбыш, же бир кыймыл билинбейт. «Булар эмне болду?» деди Жумагүл бир жагы ичи ачышып, бир жагы туруп барып экөөнүн ортосуна жатып алгысы келип. Кыдырма көзүн ирмебей чыкты. Келиндин деми келген сайын, жакындай албай, ары карап, жуурканын орой жаап, төрт-беш жолу эшикке чыкты.
Ушул көрүнүш эки күн кайталанды. Үчүнчү күнү шыбырашкандай угулду Жумагүлдан кулагына.
Төртүнчү күнү кеч киргенде Кыдырма Жумагүлгө:
– Сиңдиң сени башка үйгө жатсынчы деп суранып атат, уялып атыптыр, - деди өктөм сүйлөп.
Жумагүлдүн ичи тыз эте түштү. Айткандай эле төшөктөрүн оозгу бөлмөгө салдырды Көйкөлгө. Ал кубана төрт төшөктү бир кучактап чыкты.
Бир убак ички бөлмөдөн кожурашкан үндөр чыкты. «Болду, жакшы» деди Жумагүл ичинен кудуңдап.
* * *
Булардыкына киши-кара келе баштады. Жумагүл жетине албай келгендерге «Сиңдимдин чайын ичкиле, нанын жегиле» деп ысык нан, ысык чай берип сүйүнүп калат. Бара-бара айыл-апага Көйкөл Жумагүлдүн сиңдиси болгону менен Кыдырманын экинчи аялы экен дегендей сөздөр угулуп, келин көргөнү келгендер көбөйүп, Көйкөл жаш келиндей кызмат кылып, эже-сиңди ээрчишип аш-тойлорго барып бирөөлөрдүн көзүн күйгүзсө, бирөөлөрдун ачуусун келтирет. Келгендер да бул үйдөн бири суктана чыкса, бирлери дарбазадан аттай чыгып эле артына үч жолу түкүрүнүп койчу болду.
* * *
Кыдырма менен Жумагүл эрте мененки чайга отурган. Дасторконго каймак, ысык нан, сүзмө, каттама коюлуп, Көйкөл алып келген самоордун кайнап аткан кыпкызыл чайына каймактуу сүт кошуп, туз салып, адатынча чай сунду Жумагүл, чыйрыгып калганбы ичигин кумтулана отурган Кыдырмага. Колундагы дасторкон четине коё койгон ысык чайын Көйкөл ала коюп:
– Сизге чычырканактын ашын салып карандай эле коюп берейинчи, - деп Көйкөл Кыдырманын сүттүү чайын алып, башка чыныга чай куюп, чычырканак салып, аралаштырып колун көкүрөгүнө ала оң колдоп узатты. Кыдырма аны кош колдоп алды да, акырын «Ырахмат» деп койду.
Жумагүлдүн ичи дагы тыз этти. Акыры Кыдырма экөө ушинтип эрте мененки чайын бирге ичкенге, күйөөсүнө сүттөп чай бергенге кырк бир жыл болуптур. Ушунча жыл ичинде ушул күйөөсү анын чайын бир жолу да албай койгон жок, түгөтө-түгөтө ичип жүрөт. «Башка жерден чай ичсем, ичкендей дале болбойм, кемпир» деп зайыбын мактап келет. Кайдан болбосун үйгө келери менен «Чайың даярбы, кемпир» дейт.
* * *
Жумагүл уйлар мөөрөй баштаганынанбы, же Асадулланын кобур-собурунанбы – ойгонуп кетип терезеден сыртка караса күн тийип калыптыр. Шашып туруп малканага барса уйлар саалбай, бадага кошулбай туруптур. Буларга эмне болду деп Кыдырма менен Көйкөл жаткан бөлмөнү ачып:
– Көйкөл, Көкүш, тура кой, уйлар саалбай калыптыр, берекем, - десе үйдөн үн чыкпайт.
– Өзүң эле саап, малга кошуп койчу! – дейт Кыдырма кебелбей кыйладан кийин.
Ичинен жини келгени менен анысын анчалык билдирбей, Асадуллага музоолорду карматып, эптеп эки уйду саап, малга кошуп ийип, кошунасыныкына кетип калды Жумагүл.
Түш оой келсе Кыдырма көзүн алайта карап:
– Кайда жүрдүң!? – деди.
– Силерди ээн-эркин жата берсин деп басып келдим! – Жумагүл да кекээрдүү унчукту.
Бир күнү өйүздө жашаган кызы келди. Колунда же көтөргөн түйүнү жок, же ээрчиткен балдары жок, же машинасы менен алып келген күйөөсү жок. Уккан экен атасына апасы аял алып бергенин. Отура албай ары өттү, бери өттү. Чайга да карабай жөнөй берди.
Тигиниңер кетпесе, бул үйгө бутум баспайт! – деди кызы атасы менен апасы экөө гана калганда.
– Эмне болду, кызым? Жакшы эле жашап атпайбызбы? – Апасы да кызынын үтүрөйгөн түрүн жумшартууга аракет кылды.
– Аныңар сени өлтүрүп, атамдын үй-жайын, мал-алын өзүнө алганы келди да, ал эмне сизге караганы келди беле?! – Ушундай деди да экөөнүн кырктарга барып калган кызы коштошпой да, нан ооз тийбей да чыга берди.
Көйкөл үй оокатын кылса биз Кыдырма экөөбүз конокко барып, аш-тойдо ээрчишип жүрүп сөөлөт күтөбүз деген Жумагүл бул жолку шеринелештердин отурушуна бара албай калды. Ал чакырылганын укпаптыр да. Көз байланган кезде Кыдырма Көйкөлдү алып ууру мышыкчасынан үй арты менен чыгып кетиптир шеринеге.
Көкүрөгүн өксүктүн ачуу суусу басып калган Жумагүл уктай албай жаткан эле, экөө келди, кеч келди. Бир убакта кажыр-кужур болуп, күлүп да, бир-эки саптан ырдап да жатышты төшөктөрүндө. Жумагүл чыдай албады. Шырп алдырбай туруп, кыңкая ачык калган эшигинен тыңшаса экөө бир нерсени талашып атыптыр:
– Алтымыш коёбуз! – дейт Кыдырма.
– Жетимиш! – дейт Көйкөл.
– Алтымыш!
– Жетимиш!
Ушинтип атышып эле бир убак жаш балдардай жаздыктар менен бири-бирин ургулашып ойноп кетти. Анан экөө тең тым болду. Жумагүл бара калайын деп, бирок намыстанып кайра келип ордуна жатты.
– Байбиче, мен Жер-Көчкүгө кеттим! – Бир күнү таң эртең эле Кыдырма жолго камынып калыптыр.
– Эмнеге? – деп чочуп кетти Жумагүл. Анан да анын биринчи жолу «байбичем» дегенине таң калды.
Жер-Көчкүдөгү малдарын көрүүгө барарда Кыдырма канча күн даярданат эле, базардан малчыларга, койчуларга, тигиге, буга деп чай-чамек, арак-сарак алат эле. Бул жолу түшүнөн чочугандай эле жөнөп атпайбы.
Жер-Көчкүгө барды дегенчи Кыдырма бир жума жок болчу, ага бардым-буга бардым деп бир жумадай жоголуп, келгенден соң бир апта салбурундан кайткан мергендердей бутун тарта албай соолуп жата берчү.
Бул жолу эл жатарда эле бирөөнүн эски машинасына эки ирик салып жете келди.
– Ии, эмне болду, мынча тез? – Жумагүл машинадан түшүрүп жаткан койлорду көрүп сүйүнүп кетти, бирин өткөндө таарынып кеткен өйүздөгү кызыныкына алып барса, бирин өздөрү жеп ысыктанышат.
– Эртен Көйкөлдү төркүнүнө алып барып келейин!
Жумагүл буга сүйүнүп кетти. Өзүнүн дале оюнда бар эле. Көйкөлдүн төркүнү анын да төркүнү болуп атпайбы. Анан калса, азыр көлдүн убагы болуп, сууга чөмүлбөсө да, жээктеги кумуна үч-төрт күн жатып келет.
Таң атпай кечээги машина дагы келди. Колхоздун активиндей жасана кийинген Кыдырма үйгө кирип, Көйкөлдү ээрчитип чыкты. Артынан кошо чыккан Жумагүлгө Кыдырма катуу тийди:
– Сен машинага батпайсың! Үйдө отур!
Жумагүлду бирөө таяк менен башка чапкандай нес боло түштү.
Шоопур да аялын салып алыптыр. Койкоюп алдында отурат. Жүк салчу жерге эптеп эки ирикти кайра батырды Асадулла шоопур экөө.
Жумагүл өзүнө келип, булкунуп машинага отурмакчы болду эле, Кыдырма аны түртө салды. Жумагүл жерге көмкөрөсүнөн тийди. Машина ордунан козголо берди. Бул көрүнүштөн үрөйү учкан Асадулла адатынча ырдап ийди:
– Келин келди, жар-жар, келин келди!..
2020-жыл, январь