
НОВЕЛЛА
Австриялык белгилүү жазуучу Франц Кафканын чыгармачылыгын айырмалап турган бир өзгөчөлүк – Европа окурмандары анча кабыл ала бербеген темада жазылганында. Чыгармаларынын көпчүлүгүндө турмуш чындыгына анча коошпогон, абсурд десек да болот, окуялар, көрүнүштөр аркылуу окурмандардын жан дүйнөсүндө тынчсыздануу, кооптонуу сезимин жаратат.
Анын каармандары өзүнүн үй-бүлөсү, коом, ал аркылуу бүтүндөй адамзатка карата жаман ниеттери жок болсо да, сырткы кебетелери аркылуу адамдар коомунан алыстап, аларга жат көрүнөт. Бул адам жалгыздыгынын жеткен чеги деп койсом жаңылбайм. Айрыкча бул жазуучунун «Кубулуу» аттуу новелласындагы Грегордун тагдырынан көрүнөт. Ошондой эле анын «Процесс» жана «Сепил» деген белгилүү романдары да ушул багытта жазылган. Бирок бул чыгармаларда адам, анын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүргөн ойлор, максаттар, адам жашоосунан обочолонгон жалгыздык, анын жан кыйнаган азап-тозогу жетишерлик даражада берилген. Аларды окуп отурган зирек окурмандын азыркы ар ким өз арабасын гана кылдыратып калган заман көз алдына жылт этип, биз кайда баратабыз, Грегор сыяктанып, бир жандыкка айланып, кубулуп кеткен жокпузбу деген ойдон улам бир селт этип алаары шексиз.
Менин билишимче, Кафканын чыгармалары кыргыз тилине көп деле которулган эмес. «Кубулуу» чыгармасын мен өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында орусчасын окуп алып, ошол кездеги менин тагдырым менен Грегордун тагдырынын кандайдыр бир даражада окшош экенине таң калып, бир нече күн өзүмчө түйшөлүп жүргөнүм эсимде.
Жакында бул чыгарма капысынан колума тийип калды да, дароо которууга кириштим. Жарымдап калганымда анын эчак которулуп, 1992-жылы кайсы бир журналга басылганын угуп калдым, бирок аны таба алган жокмун, ким которгонун билбейм. Бир жазуучунун чыгармасын бир нече адам которо берсе болорун эске алып, акыры которуп бүттүм. Чыгарманын кандай деңгээлде которулганын окурмандардын элегине койдум.
Мусакун САТЫБАЛДИЕВ
Бул түнү Грегор Замза ушаланып, тыңгылыктуу уктай албады. Эртең менен төшөгүндө жатып, көзүн ачкан кезде өзүнүн жүрөк үшүн алган бир тирукмуш жандыкка айланып, кубулуп калганын көрдү. Чалкасынан жаткан боюнча аркасы ташбаканын кабыгындай калдайып, катып калган экен, башын саал көтөрүп, жерге биротоло шыпырылып түшө жаздап, араң илинип турган төшөгүнүн четинен өзүнүн кара-күрөң тарткан, догодой ийиле кабырчык болгон бөрсөйгөн курсагын көрдү. Денесине коошпогон, жайнаган, үрөй учурган кичинекей, майда буттар анын көз алдында аргасыз тыбырап жатышты.
«Балекет баскырдыкы, бул эмнеси, мен эмне болуп калгам?» - деп ойлоду. Жок, бул түшү эмес болучу. Анын кадимки эле ашкере чакандыгы гана болбосо, демейдеги көзүнө кандим болуп сиңип калган өзүнүн төрт дубал бөлмөсүндө магдырап жаткан. Ал бир ишканада буюм-тайымдарды кыдырып сатуу боюнча агент болуп иштөөчү. Жакында эле түстүү журналдан кесип алып, жалтыраган кооз рамкага салып койгон сүрөт ирети менен жыйылып турган кездеменин үлгүсү коюлган үстөл үстүндө илинип турат. Анда шляпа кийип, шарф менен мойнун орогон аял тартылган, ал какайып, түптүз отурган боюнча салмактуу мех жеңине катылып, көрүнбөгөн колун бери карай сунуп турат.
Анан Грегор терезе тарапты жалт карады, түнөргөн асман, терезе түбүнө орнотулган калай тунукени дыбырата черткилеген жамгыр дабышы анын көңүлүн ого бетер чөгөрүп жиберди. «Дагы бир аз уктап, бул балекетти биротоло унутуп койсом жакшы болот эле», - деп ойлоду. Бирок бул эзели ишке ашпаган нерсе эле, ал оң жак капталы менен жатып уктачу, ушуга көнгөн. Эми ал азыркы кейпи менен кырынан жатуу эч мүмкүн эмес эле. Болгон күч-кубатын үрөп, оң капталына оодарылганы менен, кайра эле чалкасынан түшүп калганычы. Дармансыз буттарынын өзүнөн өзү тыбырап жатканын көргүсү жок, көзүн жумуп алып, оодарыла берди. Мунусун жүз жолудай кайталады окшойт, качан гана буга чейин сезилбеген, кандайдыр бир уюган оору капталын сыздата баштаганда токтоду.
«О, Жараткан, мен кандай гана түйшүгү түмөн кесипти тандап алдым экен! Кудайдын куттумуш күнү сапардамын. Соода үйүндөгү иш ордума караганда ишкер мамиле түзүү алда канча оор, анысы аз келгенсип, жол азабы-көр азабына чыда, поёзддердин каттамы жөнүндө ойло, ач калганыңа, колуңа тийген тамак менен шам-шум эткениңе кайыл бол, көрүнгөн адам менен эч качан узакка созулбаган, эч качан чыныгы мамилеге айланбаган байланыш түз. Мунун баардыгын шайтан алсын!» - деп ойлоду. Ал курсагынын жогору жагынын кычышып жатканын сезди; башын көтөрүүгө ыңгайлуу болсун деген ниетте, чалкалап жаткан тейде керебеттин темирин кармап, акырын жогору жылды; башын көтөрүп, курсагын карады, ал бүтүн бойдон кандайдыр бир түшүнүксүз темгил ала нокоттор менен капталып калган экен, кычышкан жерин таап, буттарынын бири менен ошол жерин сыйпап койгусу келди. Бирок дароо тартып алды, анткени кичинекей эле нерсе тийсе, Грегор калтырап, титиреп кетти.
Ал жылып, мурунку жаткан калыбына келди. «Таң ата электе туруп атып, - деп ойлоду ал, - биротоло жинди болуп кетүүгө болот. Адамдын уйкусу канышы керек. Башка соода агенттери шапар тепкендей жашайт. Маселен, мен кабыл алган буйрутмаларды көчүрүп жазуу үчүн түш жарымда мейманканага келгенимде ал мырзалар эртең мененки тамакка отурушат. Эгерде мен ошенткен болсом, кожоюнум иштен дароо кубалап чыкмак. Ким билет, дегинкиси ошондой болгон күндө мага жакшы болот беле. Эгерде мен ата-энем үчүн чыдап жүрбөгөнүмдө, кожоюнга барып ал жөнүндө эмне ойлоп жүргөнүмдүн чыпчыргасын коротпой бетине айтып, эчак эле кетүү тууралуу арызымды жазмакмын. Ошондо ал отурган жеринде жыгылмак! Анын мүнөзү да кызык - бийик отургучка чокчоюп отуруп алып, кызматкерлер менен сүйлөшмөй адаты бар, анысы аз келгенсип кулагы катуу болгондуктан, тигилер өтө жакын келүүгө мажбур болушат. Бирок үмүт биротоло үзүлүп кала элек, ата-энемдин карызынан кутулткудай акча чогултсам - буга дагы беш-алты жыл убакыт кетет, анан так ошондой кылам. Биз ошентип биротоло коштошобуз. Азыр болсо турушум керек, поёзд саат беште жөнөйт».
Ал сандыктын үстүндө чыкылдаган коңгуроолуу саатка көз чаптырды. «Оо, Жараткан!» - деп күңгүрөндү ичинен. Алты жарым болгон экен, саат жебелери андан ары акырын жылып, мына, ал тургай жетиге он беш мүнөт калды. Кантип эле шыңгырабасын? Жаткан жеринен саат жебеси төрткө коюлганын көрүп турат, демек, сөзсүз шыңгырады. Бирок үйдү үч көтөргөн шыңгыракты укпай, кантип уктап калсын? Ооба, дегинкисинде тынч алып уктай албады, антсе да бир саам катуу куш уйку салган окшойт. Кашайгырдыкы, эми эмне кылуу керек? Кийинки поёзд жетиде кетет; ага жетип баруу үчүн жаналакетке түшүп, шашылуу керек. А кездемелердин үлгүлөрү али таңгактала элек, анын үстүнө өзү да кош көңүл болуп тургусу келбей, жаны жер тартат. Поёздге үлгүргөн күндө да, баары бир кожоюндун заардуу жеме-жукасынан кутула албайт - саат бештеги поёзди күтүп аткан соода үйүнүн чабарманы Грегордун кечигип калганын эчак жар салбадыбы. Ал чалагайым, оома кожоюндун узун кулак кишиси эле. А эгерде ооруп калдым десе эмне болот? Бирок бул абдан жагымсыз жана шойкомдуу болуп калмак, анткени Грегор өзү иштеген беш жыл ичинде бир да жолу ооруган эмес. Албетте, кожоюн дарыгерди чакырмак, анан дарыгердин айткандарынын бардыгына кол шилтеп, жалкоо баласы үчүн ата-энесине доомат артмак, дүйнөдөгү бардык адамдар куландан соо, бир гана иштегенди каалашпайт деген өз пикирин таңууламак. Мындай учурда ал туура айтпаганда, ким туура айтмак? Уйкусураганы болбосо, чынында мындай таң калыштуу, узакка созулган түндөн кийин Грегор чын эле өзүн эң сонун абалда сезди, ал тургай курсагы ачып, өзөгү карарып турду.
Төшөгүнөн турууга мойну жар бербей, ушулар жөнүндө чала-чарпыт ой жоруп жаткан маалда саат жебелери туура жетиге он беш мүнөт калганда, анын баш жагындагы эшик акырын тыкылдады.
- Грегор, - деген үндү укту (бул анын апасы эле), - саат жетиге он беш мүнөт калды. Сен кетүүгө камданып атасыңбы?
Кандай мээримдүү үн! Грегор өз көөдөнүнөн чыккан үндү угуп, коркуп кетти. Жок, бул сөзсүз түрдө, бул анык, мурдагы өзүнүн эле үнү болучу, бирок ага кандайдыр бир муунткандай кысылган, өжөрлүк менен чыңкылдаган, чыйылдаган үн кошулуп чыкты, ошондуктан алгачкы сөзү даана угулду, анан калган сөздөрү ушунчалык күңгүрөнө угулгандыктан, ажыратууга мүмкүн эмес эле. Грегор ачык жооп берип, баардыгын түшүндүргүсү келди, бирок ушул себептен улам:
- Ооба, ооба, апа, ыракмат, мен туруп атам, - деп гана жооп берди.
Балким, жыгач эшиктин калыңдыгынан улам сырт жактагылар анын үнүнүн өзгөрүп калганын баамдашпадыбы, анткени ушул сөздөн соң апасынын көңүлү тынгандай, тапичкесин шарпылдата басып, ары кетти. Бирок кантсе да ушул кыска сүйлөшүү үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду - Грегор адаттан тыш дале үйдө. Акыры мына, капталдагы эшиктин бирин атасы акырын, бирок муштум менен салмактуу какты.
- Грегор! Грегор! - деп кыйкырды ал. - Сага эмне болгон? - Анан бир нече көз ирмемден кийин үнүн пас чыгарды: - Грегор! Грегор!
А тигил капталдагы эшиктен карындашынын акырын жана аянычтуу үнү чыкты:
- Грегор, эшикти ачсаң, суранам.
Бирок ал эшикти ачууну ойлоп да койгон жок, жанына сеп алдырбаган сапарларда, үйүндө жүргөндө деле түнү бардык эшикти бекитип алмай адат таап алган, эми ошонусуна көңүлү кушубак боло түштү.
Ал адегенде жайбаракат, тоскоолдуксуз туруп кийинип, анан баарыдан мурда тамак ичип, андан кийин эмне кылуу керектигин ойлонгусу келген, төшөктө оонап жатып, башына тыңгылыктуу ой келбесин түшүндү. Төшөгүндө жатып, балким, ыңгайсыз абалда жатып алгандыр, кандайдыр бир анча жан кейитпеген ооруну сезгенин, туруп кетери менен шамал учурган каакымдай жок болорун бир нече жолу эстеди, ошо сыяктуу эле бүгүнкү эс талдырган каргашанын кантип жок болуп кетерине кызыкты. Үнүнүн өзгөрүп калгандыгы - талаалап жүргөн кызматкер агенттердин катуу суук тийген кесиптик оорусунун башталышы, мындан ал эч кандай шек санабады.
Үстүндөгү төшөктү алып таштоо оңой болду; курсагын болор-болбос көтөрүп койгону жетиштүү эле, төшөк өзү шыпырылып түштү. Бирок андан ары иш чатагына айланды, анын негизги себеби - ал абдан чоң, кенен эле.
Ордунан туруу үчүн ага кол керек эле; алардын ордунда жайнаган буттар жыбырап, өзүнөн-өзү туш келди тыбырап жатышты, анын үстүнө аларды ал башкара албайт эле. Эгерде ал кайсыдыр бир бутун бүккүсү келсе, адегенде анысы сунулуп; ал эми дагы бир буту менен каалаган кыймылын аткарууга акыры мүмкүн болсо, ошол эле учурда башкалары эркиндикке жапырт чыккандай жин ургандай тыбырашат. «Төшөктө курулай эле оонап жата бербешим керек», - деди Грегор өзүнө өзү.
Адегенде ал өз денесинин төмөнкү жагын төшөктөн жерге түшүргүсү келди, бирок баса, али көрмөк тургай көз алдына элестете албаган денесинин ал бөлүгү араң жан кыймылдайт экен. Аракетинен майнап чыкпад. Акыры жаны кашая жинденген Грегор туура эмес багыт алып, болгон күчү менен өжөрлөнө алга жүткүнүп, керебеттин темирлерине катуу урунду. Көздөн от чачыраткан оору денесинин төмөнкү бөлүгүнүн эң сезимтал экендигин туюнтту.
Ошондуктан ал эми адегенде денесинин жогору жагы менен түшүүгө аракет кылып, башын керебеттин чет жагына акырын бура баштады. Бул кыйла оңой болду, өз денесинин жайыктыгына, оордугуна карабастан, акыры кичинеден болсо да башы оогон тарапка ооду. Бирок башы керебеттин кырына келип салаңдап калган кезде, мындай кыймыл менен мындан ары ордунан жылуу коркунучтуу экенин билди. Эгерде ушинтип акыры кулап түшсө башын жарып алчу иш дечи. Дал ушул учурда эсинен танып, жатып калууга эч кандай болбойт эле, андан көрө төшөгүндө жатканы оң.
Жан алекетке түшкөн аракеттен кийин кичине жанын сеп алдырды, мурунку жаткан калыбына түштү, баамда, буттарынын мурдагыдан да алда канча күчөп, тыбырап, аларды тынчытып, бир тартипке келтире албаганын көргөндө мындан ары керебетте калууга эч болбостугу, болгон-бүткөн акыл-эстүү аракет бул – керебеттен өзүн өзү куткарууга тырмактын агындай үмүт үчүн да тобокел кылууга бел байлап, өзүнө өзү сөз берди. Бирок ошону менен эле үмүтсүздүк сазына баткандан көрө, акыл токтотуп ой жүгүртүү алда канча пайдалуу экенин унутпай, өзүнө өзү эскертти. Ушул көз ирмемде ал терезеге кунт коё карады. Тилекке каршы, таңкы туман баскан бет маңдайдагы кууш көчөдөгү суз көрүнүштөн көңүл көтөрөрлүк сергектикти, ишенимди алууга эч болбойт эле. «Мына, саат жети болду, - деди ал өзүнө өзү сааттын коңгуроосу кайрадан шыңгыраганда, жети болду, туман дале каптап жатат». Кулак тунжураткан тынчтыктан чыныгы, табигый абал кайра айланып келишин күткөндөй, бир нече көз ирмемге чейин жай дем алып, мемиреп жатты.
Анан өзүнө өзү кобурады: «Жетиден он беш мүнөт өткөнгө чейин эмнеси болсо да керебеттен биротоло турушум керек. Айтмакчы, ага дейре мекемеден мени издеп келишет, анткени ал саат жетиден мурда ачылат эмеспи». Ошентип ал бүткүл денесин бир калыпта кыймылдатып, керебеттен түртүндү. Эгер минтип атып керебеттен куласа, анда мүмкүн жыгылып баратканда башын кескин көтөрүп, катуу уруп албайт эле. Эми далысы абдан катуу болучу, жердеги таарга тийсе балким, эч нерсе болмок эмес. Баарыдан мурда денеси жерге күп этип тийип, муну уккан эшик артындагылар дүрбөп, антпесе да тынчсызданышат чыгар деген ой жай бербеди. Ошентсе да чымырканып, бир чечимге келиши керек эле.
Грегор бардык күчү менен кескин кыймылдап, денесин калчады, керебеттин кырынын жарымына келип, асылып калган кезде бул жаңы ыкма жанбүдөө азап эмес, кайра оюн сыяктуу сезилди. Эгерде жардам беришсе бир кыйла жеңил болмок деп ойлоду ал. Каруу-күчтүү эки адам – ал атасы менен үй кызматчысы жөнүндө ойлоду - толук жетмек. Алар анын жондонгон аркасына колдорун сойлотуп, керебеттен көтөрүп алышмак, анан колдорундагы нерсе жерге карай ичи менен акырын оодарылып, буттары, мүмкүн, кандайдыр бир керекке жараганча күтүшмөк. Бирок эшик ичинен бекилбеген учурда кимдир-бирөөнү чындап жардамга чакырат беле? Ушул ойдон улам ал белчесинен шорго малынганына карабастан жылмайып алды.
Денесин катуу калчап, керебеттин кырынан өзүнүн тең салмагын араңдан зорго кармады, эми кылт этсе кулап түшөрүнө жакындаган маалда сырткы эшиктин коңгуроосу чырылдады. «Мекемеден кимдир-бирөө келди», - деди ал өзүнө өзү, анан сенектей катты. Буттары ого бетер тыбырады. Бир нече көз ирмемге жымжырттык өкүм сүрдү. «Эшикти ачпай атышат», - деди Грегор өзүнчө, кандайдыр бир болбогон үмүткө жетеленип. Бирок албетте, үй кызматчысы демейдегидей катуу басып барып сырткы эшикти ачты. Грегорго келген кишинин ким экенин билүү үчүн анын саламдашкан биринчи сөзүн угуу гана жетиштүү болучу: ал башкаруучунун өзү эле. Кымындай кемтик кетирген адамга да дароо оор шектенүү жараткан мекемеде иштөө бешенесине энчиленгенин карасаң. Мында иштеген адамдардын баардыгы бирдей наадан бекен, алардын арасынан иштин кызыкчылыгы үчүн таңкы бир нече саат убактысын ал сарп кылбаса деле ишенимдүү жана берилген, намыстанганынан биротоло акыл-эсинен ажырап, жөн гана төшөгүнөн турууга дарманы жок жаткан бирөө чыкпады бекен? Бул ишке кантип эле шакиртти жиберүү - эгерде мындай сурамжылоо деги эле зарыл болсо, жетиштүү болбосун, сөзсүз эле башкаруучунун өзү келип, мындай шектүү жагдайды териштирүү өз колунан келерин эч кандай айыбы жок үй-бүлөгө көрсөтүшү керекпи? Ушундай ойлор ансыз да араң турган Грегорду ого бетер жаалдантып, ал баардык күчү менен чайпалып, керебеттен кулап түштү. Дүп эткен добуш кулакты жарбаса да, бир кыйла катуу чыкты. Таар салынганы да жакшы болду, анын үстүнө Грегор ойлогондой болбой, аркасы биртоп жумшак экен, ушундан улам үн кескин угулган жок. Ал башын жетишерлик абалда сактай албады, жерге катуу тийди. Ооруганына кейип, ошо жерин таарга басты.
- Тигил жакта бир нерсе кулап түштү, - деди башкаруучу сол жактагы коңшу бөлмөдөн.
Грегор бүгүн өзү туш болгон сыяктуу абалга башкаруучу да туш болушу мүмкүн экенин көз алдына элестетүүгө аракет кылды. Дегинкиси мындай болуп калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып болбойт. Бирок бул суроону четке каккандай, башкаруучунун лакталган өтүгүн кычыратып, коңшу бөлмөдө катуу-катуу басканы угулду. Оң жактагы бөлмөдөн карындашы шыбырады:
- Грегор, башкаруучу келди.
- Билем, - деди ал акырын; үнүн карындашы уккудай катуу чыгарууга батынбады.
- Грегор, - деди сол жактагы бөлмөдөн атасы, - башкаруучу мырза келди. Ал сенин эмне үчүн таңкы поёзд менен кетпегениңди сурап жатат. Ага эмне деп жооп берерибизди билбейбиз. Баса, ал сени менен жекече сүйлөшөм дейт. Ошондуктан, суранам, эшикти ач. Ал бөлмөдөгү апырык менен сапырыкты ак пейилинен кечирет.
- Кутман таңыңыз менен, Замзам мырза, - деди ал башкаруучу кичи пейилдик менен.
- Анын табы жок, - деди апасы башкаруучуга, атасынын эшик алдында сүйлөп жатканынан улам. - Ишенип коюңуз мага, анын табы айнып турат. Болбосо Грегор поёздге кечикмек беле! Анын ойлогон-эткени бир гана өзү иштеген мекеме. Кечинде эч кайда чыкпайт, мунусуна кичине сыймыктанып да кетем. Ал шаарда жети күн болду, бир да жолу кечинде үйдөн чыккан жок. Үстөлүндө унчукпай отуруп гезит окуйт же поёзддердин жүрүү мөөнөтүн үйрөнөт. Мындан башка жалгыз кызыккан нерсеси - жыгаччылык. Болгону эки-үч кечте эле сонун рамка жасап койду. Ушундай кооз рамка, тим эле көз тайгылат. Ал тигил бөлмөдө илинүү, азыр Грегор эшикти ачканда көрөсүз. Чынында сиздин келгениңизге кубанып турам, башкаруучу мырза! Сиз болбосоңуз биз Грегорго эшикти ачтыра алмак эмеспиз. Ал ушунчалык өжөр, эртең менен жакшы элемин дегенине карабастан, чынында ал ооруп калды окшойт.
- Азыр чыгам, - деди Грегор жай, салмак менен сүйлөп. Бирок тигилердин бир да сөзүн кулак сыртынан кетирбөөгө тырышып, былк этпей жатты.
- Башка себепти, айым, мен көрбөй турам, - деди башкаруучу. - Анын дартынын кооптуу эместигине ишенип туралы. Баса, бир четинен эскертип коюшум керек, биз - соодагерлер бактыга жарашабы же каргашагабы, айтор иштин кызыкчылыгы деп жүрүп, жеңил-желпи ооруларга көп туш болобуз.
- Демек, башкаруучу мырза сенин бөлмөңө кире берсе болобу, - деди чыдамы кеткен атасы эшикти кайра кагып.
- Жок, - деди Грегор. Сол жактагы бөлмөдө жүрөк үшүн алган жымжырттык пайда болду, оң жактагы бөлмөдөн карындашынын уңулдап ыйлап жибергенин укту.
Эмне үчүн ал башкаларга кошулбады экен? Балким, төшөгүнөн эми тургандыр, ал түгүл кийине электир. А эмне үчүн ыйлап жатат? Анткени Грегор турган жок, башкаруучуну киргизбеди. Анткени ал жумуш ордун жоготуу коркунучунда, анда кожоюн ата-энесине мурунку талаптарды кайрадан коюп, бучкактай баштайт. Бирок булар азырынча жөн гана куру бекер божомол. Грегор дале бул жерде, өз үй-бүлөсүн таштап кетейин деген эч ниети жок эле. Ырас, ал азыр жерде, таарда жатты, анын кандай абалга туш болгонун билгенде, эч кимиси аны эшик ачып, башкаруучуну киргиз деп кыйнамак эмес. Бирок Грегордун болор-болбос бу жосуну үчүн дароо жумушунан кубалашы керекпи, балким, буга анын эң жүйөөлүү себеби бар! Азыркы тапта аны өтүнүч, талап жана ый менен кыйноодон көрө, өз жайына тынч коюшса алда канча акыл-эстүүлүк кылышмак. Грегордун көңүлүндө ушул ой уялады. Канткен менен алардын мунусун кечирүүгө себеп болгон нерсе - дал ушул белгисиздик.
- Замза мырза, - деди башкаруучу эми үнүн бийик чыгарып, - бул эмне кылганыңыз? Бөлмөңүзгө бекинип алып, «ооба» же «жок» деп жооп берип гана ата-энеңизди оор ойго салып, бөөдө жеринен кабатыр кылып, анысы аз келгенсип, бул жөнүндө кыйыр түрдө эскерте кетейин - кызматтык милдетти аткаруудан баш тартып жатасыз, бул акылга сыяр жорук эмес. Мен азыр үй-бүлөңүздүн, кожоюндун атынан өтүнүп жатам, дароо түшүндүрүп бериңиз. Жоругуңузга акылым айран! Сизди оор-басырыктуу, зирек адам дечүмүн, а кылганыңыз бул. Ырасында, бүгүн эртең менен кожоюн мага сиздин жумушка чыкпаганыңыз - бул өткөндө сизге тапшырылган кассалык иштерге байланыштуу, бул жөнүндө түшүнүк берип калышыңыз ыктымал экенин кыйытты. Бирок ачыгын айтсам, ал чындыкка дал келбестигин убада кылсам дегем. Тилекке каршы, сиздин бул кежирдигиңизди көрүп, өз оюмдан айнып турам. Мунуңуз болбогон нерсе. Муну адеп көзүңүзгө айтайын дегем, эми бул жерде убактымды текке кетирип жатканыңыздан улам урматтуу ата-энеңизден жашыруумдун кажаты жок болду. Кийинки убактарда, айта турган болсом, ишиңиздин майнабы биртоп төмөндөп калган; туура, азыр көп келишимдерди кабыл алчу мезгил эмес, муну моюнга алабыз. Бирок эч кандай келишим кабыл албаган жыл мезгили болбойт, эч качан болбойт, мырза Замзам, болбойт.
- Башкаруучу мырза, - кыйкырып жиберди Грегор өзүн өзү кармана албай, толкунданганынан баардык нерсени унутуп койду, - азыр, токтоосуз ачам. Кичине табым айнып, башым айланып, тура албай, жатам. Азыр түзүк болуп калдым, туруп атам. Бир мүнөт чыдаңыз! Өзүм ойлогондой, дале жакшы эмесмин. Кантсе да түзүк болуп келатам. Балекет баскырдыкы, бул эмне каргаша! Кечээ кечинде эле куландай соо элем, муну ата-энем айтып берет, жок, чынында кечинде эле кандайдыр бир жамандыктын жышаанын сезгем. Бул башкаларга да сезилгендир дейм. Эмне үчүн мекемеге бул тууралуу билдирбедим экен! Басып кетсең ооруну унутасың деп дайыма ойлойт эмеспизби. Башкаруучу мырза! Ата-энемди аяп коюңуз! Мени жемелөөгө эч негиз жок. Мага ал жөнүндө эч нерсе айтышкан эмес. Сиз, балким, мен жиберген акыркы буйрутмаларды көрбөй калгансыз го. Саат сегиздеги поёзд менен деле кете берем, бир нече саат ашыкча уктап алганым күчүмө күч кошту. Мында кармалбай кете бериңиз, башкаруучу мырза, мекемеге азыр өзүм барам, кам санабаңыз, кожоюнга ушуну билдирип коюңуз!
Эмне айтып жатканын өзү да билбей, оозунан көбүк чача былдырап жатып, Грегор оңой гана - балким, керебетте маш болуп калса керек, сандыкка жакындап, ага таянып, тикесинен турууга аракет кылды. Ниетинде эшикти ачып, сыртка чыккысы, башкаруучу менен сүйлөшкүсү келди. Эгер аны ушунчалык күтүп жаткан кишилер аны көрсө эмне болорун, эмне деп айтышаарын абдан билгиси келди. Эгерде алар коркуп кетишсе, демек, Грегор жоопкерчиликтен арылат, анда жаны жай болгону. А эгер алар анын кубулушун сабырдуулук менен кабыл алышса, анда демек, тынчсызданууга негиз жок, анда шашылуу керек, чынында саат сегизде вокзалда болот. Адегенде ал жалтыраган жылмакай сандыктан бир нече жолу тайып кетти, бирок акырында эң соңку күчүн жумшап, бүт кудурети менен жүткүнүп, тикесинен турду. Денесинин төмөнкү бөлүгү жанын көзүнө көрсөтө ооруганына көңүл да бурган жок. Жакын турган отургучтун жөлөнгүчүнө сүйөнүп, буттары менен анын кырына жармашты. Эми ал өз денесин башкара алат эле. Ал башкаруучу эмне деп жооп берерин күтүп, тымып калды.
- Силер анын жок дегенде бир сөзүнө түшүндүңөрбү? - деп сурады ал ата-энесинен. - Бул өзү бизди келекелеп жаткандан сообу?
- О, Жараткан, антпеңиз, - деп кыйкырып жиберди апасы көз жашына чакап, - балким, ал катуу ооруп калгандыр, биз аны бөөдө кыйнап жаткандырбыз. Грета! Грета! - деп кыйкырды анан.
- Апа, эмне болду? - Карындашы башка тараптан үн катты.
- Дароо дарыгерге жөнө. Грегор ооруп калыптыр. Тез жөнө. Грегордун кандай сүйлөгөнүн уктуң го?
- Бул жаныбардын үнү, - деди башкаруучу, апасынын кыйкырыгына салыштырмалуу абдан акырын айтты.
- Анна! Анна! - атасы кыйкырды кире бериштен, анан алаканын чапкылады. - Токтоосуз слесарды ээрчитип кел!
Мына, эки кыз көйнөктөрүн шуударатып - карындашы мынчалык тез кантип кийинди экен? Алдыңкы бөлмөдөн чуркап өтүштү да, сырткы эшикти шарт ачышты. Кайра жабылганы угулган жок. Балким, ачык бойдон ташташты окшойт, кырсык болгон үйлөрдө мындайлар боло берет эмеспи.
Грегордун көңүлү кыйла тынчыгансыды. Ырас, анын сөзүнө, баса, өзүнө жетишерлик даана, ал тургай мурдагыдан да ачык сезилгени менен балким, анын кулагы бул үнгө көнө түшкөнүнөн уламдыр, эми түшүнүшпөйт эле. Бирок ага бир нерсе болгонуна эми ынанышты, ага каралашууга даяр болушту. Атасынын кыздарына берген биринчи тапшырмаларынын ишенимдүү, бекем чыгышы анын чырагына май тамызгандай болду. Ал кайрадан өзүн адамдардын катарына кошулгандай, анан дарыгер менен слесарь экөөнү бирдей күтүп, ошо экөө бир керемет жасачудай сезди. Чукулдап келаткан тагдыр чечүүчү сүйлөшүүнүн алдында айтар өз сөзүн болушунча тактоо үчүн бар аракети менен тамагын кырына жөтөлдү. Анысы адамдын жөтөлгөн добушуна окшободу, балким, сүйлөгөнү деле башкача болуп калгандыр, бул жөнүндө азыр ойлонууга дити даабады. Бул кезде коңшу бөлмөдө жымжырт болуп турду. Мүмкүн, ата-энеси башкаруучу менен үстөлдө шыбырашып отургандыр, а балким, баардыгы эшикке кулак төшөп тыңшоодо.
Грегор отургуч менен кошо акырын жылып, эшикке жакындады, анан аны коё берип, эшикке жөлөнүп, ага тикесинен - анын бут сымактарынын тамандарында кандайдыр бир жабышкак зат бар эле, ошол жармашты, бул да көп күч-кубатын алды, бир саамга демин басты. Ушундан соң эшиктин ачкычын оозу менен буроого киришти. Кашайгырдыкы, өз тиштери да жок окшойт - эми ачкычты эмне менен бурайт? Анткен менен жаак сөөктөрү абдан чың эле, ачкычты бүйлөсү менен бекем кыпчып, сөзсүз өз ден соолугуна зыян келтирип жатканына карабады, анткени оозунан кандайдыр бир күрөң суюктук чыгып, ал ачкыч аркылуу жерге тамчылады, ага көңүл бурбай, ачкычты буроого тырышты.
- Уксаңар, - катардагы бөлмөдөн башкаруучунун үнү угулду, - ал ачкычты бурап жатат.
Бул Грегорду абдан шыктандырды, бирок андан көрө баардыгы, атасы да, апасы да: «Грегор! Катуу бура! Кана, чымыркан, кана, ачкычты бекем карма!» - деп баары бирдей кыйкырышса жакшы болмок. Баардыгы анын аракетин толкундануу менен байкап турушканын көз алдына келтирип, чын дити, болгон күчү менен ачкычка жармашты.
Ачкыч айланган сайын Грегор да бир бутунан экинчи бутуна салмагын сала оодарылды. Эми ал тикесинен турган боюнча жалгыз гана оозунун жардамына ишенди. Ачкычтын буралышына жараша бирде ачкычка илинип, бирде бар салмагы менен эшикке сүйөнүп атты. Акыры кулпунун шырк этип ачылган үнү аны катуу уйкудан ойготуп жибергенсиди. Дем ала түшүп, өзүнө өзү: «Демек, акыры мен слесарсыз эле ачтым», - деди да, эшикти ачуу үчүн туткага башын жөлөдү.
Ушундай азап менен ачылган эшик артты көздөй болушунча чоң ачылганы менен, өзү али көрүнгөн жок. Адегенде эшиктин экинчи жарымын акырын айланып өтүшү керек эле, бөлмөнүн дал кире беришине чалкасынан жыгылып түшпөө үчүн этияттык менен жылышы керек болучу. Ал ушундай азаптанган кыймылы менен алек болуп, бир четинен ашыгып жатты, мындан ары эч нерсеге көңүл бурбады. Анан күтүлбөгөн жерден башкаруучунун: «Оо!», - деп катуу кыйкырганын укту - ал шамалдын ышкырганындай угулду. Анан анын өзүн көрдү; ал эшикке баарынан жакын турган экен, араандай ачылган оозун алаканы менен жаап, кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн, баш бербеген күч кубалап жаткандай, акырын артка жылды. Апасы бул жерде башкаруучунун бар экенине карабастан, түндөгү уйпаланган чачы менен туруптур, адегенде өз колун өзү кармалап, анан күйөөсүн карап, ушундан кийин Грегорго эки кадам таштап, башын көкүрөгүн көздөй шылк таштап, көйнөгүнүн этегин жайылта берип, кулап түштү. Атасы Грегорду бөлмөсүнө карай түртүп жиберчүдөй жаактарын карыштырып, муштумдарын кычырата түйдү, анан ыргылжың тарта жатуучу бөлмөнү карап койду, колдору менен бетин басып ыйлап жиберди, анын кенен көкүрөгү титиреп жатты.
Грегор чоң бөлмөгө чыккан жок, ачылбаган эшиктин экинчи жарымынын ички жагына сүйөндү, андыктан денесинин жарымы жана бөлмө тарапты мойнун созо карап турган башы гана көрүндү. Бул кезде бир кыйла жарык болчу, көчөнүн маңдайкы жагындагы узатасынан кеткен бозомтук-кара имарат – оорукана эле, бир калыпта жана түз кесилген терезелүү фасады даана көрүнөт. Чоң тамчыларын шыбыргактатып жаан дале жаап атат. Үстөл үстүндө эртең мененки тамакты ичүүгө даярдалган идиш-аяктар жайнайт, анткени атасы эртең мененки тамакты ичип отуруп, гезит окуганды жакшы көрөт, мунусу кээде көпкө созулат. Карама-каршы дубал боорунда Грегордун аскерде кызмат кылып жүргөндө түшкөн сүрөтү илинип турат, анда шпаганын сабына колун коюп, жайдары жылмайган лейтенант тартылган. Өзүнө куп жарашкан мундири, чыкыйган келбети сүйкүмдүү көрүнөт. Кире бериштеги жана сырткы эшиктер ачылган, тепкич аянтчасы менен төмөн кеткен тепкичтин башталышы көрүнүп турат.
- Мына ушу, - деди Грегор жалгыз өзү сабырдуулук менен турганын эң сонун сезип, - азыр кийип, кездеменин үлгүлөрүн алып жөнөйм. Ишке барышымды каалайсыңарбы, силер каалайсыңарбы? Мына, башкаруучу мырза, менин кежир эместигимди көрдүңүз го, мен чын дилим менен иштейм. Кыдырып жүрүү кыйын, бирок ансыз жашай албас элем. Сиз кайда, башкаруучу мырза? Кеңсеге барасызбы? Ыя? Мында көргөнүңүздүн баардыгын айтып коёсузбу? Кээде адамдын иштөө мүмкүнчүлүгү жок болот, бирок андай учурда жаза баскан кадамдарыңды түздөп, андан ары этияттык менен көңүлдөнүп иштөөгө үмүт жараткан өзүңдүн мурдагы ийгиликтериң жөнүндө эстеп, ой жорууга сонун учур табылат. Мен кожоюнга абдан милдеттүү экенимди сиз эң сонун билесиз. Бир чети ата-энем, карындашым жөнүндө кам көрүү милдети мойнумда. Мен каргашага кабылдым, бирок мындан чыгып кетем. Бир гана суранарым, ансыз да арга таппай турган абалымды ого бетер зилдетпеңиз. Мекемеде мени колдоп коюңуз! Билем, мен сыяктуу кызматкерлерди жактыра беришпейт. Анткени бизди эбегейсиз көп акча таап, шапар тээп жашайт деп ойлошот. Мындай жарамсыз пикир жөнүндө эч кимдин ойлогусу да жок. Бирок сиз, башкаруучу мырза, башка кызматкерлерден көрө иштин ал-акыбалын жакшы билесиз, ал тургай ылым санап өзүбүзчө айтканда, кожоюндан да дурус билесиз, ал киши жетекчи-ишкер катары тигил же бул кызматкерге оңой эле жаңылыш баа бериши мүмкүн. Сиз мекемеге дээрлик жыл бою баш бакпай иштеген соода агенттери күтүүсүз, негизсиз айыптоолордун, ушак-айыңдын оңой эле курмандыгы болуп калышы мүмкүн, мындай кезде көпчүлүк учурда бул жөнүндө эч нерсе билбейт, качан иш машагына чыкканда, алыскы сапардан өлбө жаным өлбө деп араң келгенден кийин гана арам, себепсиз жаман аттынын залалын өз жон териси менен тартат. Мындай учурда андан суурулуп, тазаланып чыгууга мүмкүн эмес. Токтоңуз, башкаруучу мырза, айткандарымдын жок дегенде бир бөлүгү чындык экенин моюнга аларыңызды айтсаңыз! Мага бир ооз сөз гана айтып койсоңуз!
Грегор сөзүн бүтүп, тынымсыз диртилдеп турган ийнинен ашыра карады. Бирок башкаруучу терс бурулду, ал Грегор сүйлөп жаткан маалда андан көз албай, ошол эле учурда кандайдыр бир сырдуу күч бөлмөдөн шарт чыгып кетүүгө мүмкүндүк бербеген кейипте, эшикти көздөй аркасы менен өтө акырын жылып жөнөгөн. Кире беришке жакындаганда, анын чоң бөлмөдөн күтүлбөгөн жерден атып чыкканын көргөндөр чоң басып алды го деп ойлошот эле. Ал кире бериштеги тепкичтин кармагычына кереметтүү жыргал күтүп тургандай сезим менен кол сунду.
Эгер мекемедеги ишине кедергисин тийгизүүнү каалабаса, анда Грегор башкаруучуну ушундай абалда коё берүүгө тап-такыр болбостугун түшүнгөн. Ата-энеси мунун баардыгын ачык-айкын түшүнүшпөдү, алар бул мекемеде Грегор өмүр бою иштейт деген ойго жыл өткөн сайын ишенип калышкан, азыр башка түшкөн бул каргашаны көргөндө, далдырап, акыл-эстерин жоготкондой болушту. Бирок Грегор андай эмес эле. Башкаруучуну мындай абалда коё бербей, тынчтандырып, анан акырында өзүн колдоого ынандырышы керек; анткени Грегордун жана анын үй-бүлөсүнүн келечеги ушуга байланыштуу! Каап, эгер карындашы кетип калбаганда! Ал акыл-эстүү кыз, ал Грегор ичкериде чалкасынан жаткан кезде эле ыйлап баштаган. Албетте, аял дегенде жантыгынан жата калган башкаруучу ага жок дей алмак эмес; ал сыртка чыгуучу эшикти бекитип, ары айтып, бери айтып аны жүрөгү түшкөн абалдан алып чыкмак. Бирок ал кетип калбадыбы, эми Грегор өзү аракеттениши керек. Ал азыркы кыймыл-аракетинин мүмкүнчүлүгү жөнүндө эч нерсе билбестигин, сүйлөгөн сөздөрү, балким, бул чындыкка жакынырак болсо керек, кайрадан түшүнүксүз болгонун эч ойлобой эле эшикти коё берди. Ачык жерге чыкты, аянтчага жетип, периланы эки колу менен кишинин күлкүсүн келтиргендей кейипте кармап турган башкаруучуга жөнөмөкчү болгондо, жөлөнөр эч нерсе жок акырын кыйкырып барып, көмкөрөсүнөн кулады. Биринчи жолу денесинин ыңгайлуу жайгашканын сезди: тамандары жерге тийип турган; алар, өзү кубануу менен байкагандай, анын каалаганындай баш ийип жатышты. Ал тургай ойлогон жагына жеткирүүгө өздөрү умтулуп, ушундан улам бир аздан кийин баардык азап-тозогу биротоло бүтөт деген бүтүмгө келди. Апасынан анча алыс эмес, туп-туура бет маңдайында полдо жатып, тамандары менен кыймылдоого аракет кылып, дал чайпалып аткан көз ирмемде биротоло сенейип калгандай сезилген апасы күтүлбөгөн жерден ыргып туруп, колдорун эки жакка кенен жая, кыйкырып жиберди: «Жардам! Жардам бергиле! Кудай үчүн жардам бергиле!». Грегорду жакшылап көрүп алгысы келгендей, ылдый эңкейип келатып, бирок кайра артты көздөй максатыз чуркады. Аркасында турган таак ичүүчү үстөлдү да унутту. Ага жетип, эмне кылып жатканын эсинен чыгарып жибергендей анын четине шашыла отурду. Балким, чоң идишти жыгып алып, андан таарга кочкул кофенин куюлуп жатканын да байкабады.
- Апа, апа, - Грегор үнүн акырын чыгарып, аны карады.
Көз ирмем убакытка башкаруучу жөнүндө тап-такыр унутту. Бирок төгүлүп жаткан кофени көрүп, бир нече сапар аптыга аба жутуп, тамшанып алды. Муну көргөн апасы кайрадан кыйкырып, отургучтан ыргып туруп, аны көздөй шашып келаткан күйөөсүнүн көкүрөгүнө боюн таштай жыгылды. Аларга көңүл бурууга азыр Грегордун чамасы жок эле, башкаруучу эми тепкичке жетип, перилага ээгин такап тура калды. Арка жагына акыркы жолу көз чаптырды. Грегор аны көздөй чуркап жөнөмөкчү, туурасын айтканда, аны кубалап жетмекчи болду, бирок башкаруу анын оюн, балким, билди окшойт, бир нече тепкичтен секирип түшүп, көздөн кайым болду. Ал болгону: «Фу!», - деп кыйрып алды.
Тилекке каршы, буга чейин башкаларга караганда өзүн сабырдуу кармаган атасын, кыязы, башкаруучунун качып кетиши ындынын өчүрдү, анткени, башкаруучунун артынан өзү чуркаштын, эч болбогондо Грегордун ага жетишине тооскоолдук кылбаштын ордуна ал үстөлгө шляпасы менен пальтосун таштай качкан башкаруучунун таягын оң колдой кармап, а сол колу менен үстөлдөн чоң гезитанын бүктөмүн ала коюп жер тепкилеп, таяк жана гезита менен жазгап, Грегорду өз бөлмөсүнө кубалап киргизе баштады. Грегордун суранып, өтүнгөнү эч майнап бербеди, анын үстүнө атасы эч бир сөзүнө түшүнгөн жок. Грегор канчалык моюн суна башын чайкабасын, ошончолук катуу-катуу жер тепкиледи. Күндүн суугуна карабай, апасы терезелерди аңырайта ачып, андан башын чыгара колдору менен бетин жаап алды. Терезе менен кире бериштин ачык эшигинен аркыраган шамал кирди, терезе пардолор желбиреп, үстөлдөгү гезиттер шуудурап, бир нече жалбырак жерде учуп жүрдү. Атасы жапайы жанча ачуу, чыйылдаган үн чыгарып, тынымсыз кубалай берди. А Грегор али жалт берип качып кетишти үйрөнө элек эле, андыктан аркасына эң акырын жылып баратты. Эгер ал бурулуп койсо эле дароо өз бөлмөсүндө болуп калмак, бирок ал өзүнүн ушунчалык жай бурулушу аркылуу атасынын кыжырын ого бетер күчөтүп алуудан коркту. Ал эми атасынын колундагы таяк кайсы учурда болбосун жонуна же башына катуу тийип, өлтүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок акыры Грегор эч нерсе кыла албайт болучу, анан да артты көздөй сойлоп качып баратып, белгилүү бир багытты мелжеп, ошону кармоого да жөндөмсүз экенин билди, буга жүрөгү сыздап; коркунуч уялаган көздөрүн атасынан тартып келе албай, мүмкүн болушунча тез, а чынында абдан, өтө акырын бурула баштады. Атасы, кыязы, анын эркине баш ийгенине көңүлү жибиди окшойт, анын кайрылышына тоскоолдук кылмак турсун, кайра кыймылын таягынын учу менен багыттап кирди. Эгерде анын итиркей келтирген чыйылдаган үнү болбогондо! Ошо үндөн Грегордун кулагы тунуп, башы ооруп чыкты. Аны угуп баратып, бурулуп бүтүп калганда, бир аз арт жагына кылчайды. Акыры оңдой берди болуп бурулуп алды да, башы менен ачык турган эшикти карай жылды, башы батып, калган денеси кыпчылып, батпай калды, денеси бир кыйла чоң экен. Азыр өзүн-өзү жоготуп турган абалдагы атасы, албетте, эшиктин экинчи жарымын ачып, Грегорду ичкери киргизүүнү аңдабады. Анын болгон бүткөн ой-максаты - Грегорду өз бөлмөсүнө тезинен кубалап киргизүү болду. Эшиктен киргизүү үчүн балким, атайылап даярдап, тикесинен тургузуу керектир. Бирок атасы буга эч кандай чыдабайт болучу. Алдыда эч кандай тоскоолдук жок сыяктуу Грегорду эми башкача ызы-чуу менен кубалады. Грегордун аркасынан чыккан үн азыр жалгыз гана атасыныкы эмес эле; бул жерде өлгөнүңдө күлүп кал дегендей кеп болду, Грегор эмне болсо ошо болсун дедиби, эшикке кыпчылып калды. Денесинин бир тарабы көтөрүлүп, ооздо кыйгачынан жатты, экинчи капталы каалгага сүрүлүп, абдан жараланды, апакай эшикте кызарган тактар калды. Бир аздан кийин ал тап-такыр кыпчылып, өз алдынча кыймылдай албады, бир жак капталындагы тамандары жогору асылып, калтырап; тиги капталы жерге катуу кысылып оорутту. Атасы баардык күчү менен аркасынан катуу тээп, бул аны айтып бүткүс азаптан куткаргансыды. Грегор денесинен кан жайылтып, өз бөлмөсүнө шарт кирип кетти. Эшик таяк менен карс жабылды, эми көптөн күткөн жымжырттык өкүм сүрдү.
2
Күүгүм кирип, көз байланганда гана Грегор эс-мас болгон уйкудан көзүн ачты. Эгерде анын тынчын албаган учурда деле баары бир аз убакыттан кийин ойгонмок, анткени жакшы эс алып, уйкусу канган адамдай өзүн кыйла сергек сезип калган. Бирок ага кимдир-бирөөнүн жеңил баскан кадамы, кире бериш эшиктин акырын бекилген үнү угулгансыды. Шыпка жана эмеректердин баш жагына көчөдө күйгөн электр шамынын жарыгы тийип турат, бирок Грегор жаткан төмөн жак караңгы. Эми-эми кыбыратып, өзү каалагандай кыймылга келтирип баа бере баштаган, али ийге жакшы келбеген бут сымактары менен эпсиз, акырын жылып, тигил жакта эмне болуп жатканын көргүсү келди. Эшикке жакындады. Сол капталына бүтүндөй узун, ыраңы суук тырыктар түшүптүр, ушундан улам баардык тамандары менен эки жакка чайпалып, кадимкидей аксаңдады. Эртең мененки окуяда бир буту - кереметти кара, болгону бир буту - катуу жаракат алыптыр, анысы жерде жансыз сүйрөлүп жүрдү.
Эшиктин алдына жеткенде гана аны бул жакка эмне умтултканын түшүндү; ал кандайдыр бир жегиликтүү нерсенин араанды ачкан жыты эле. Ал жакта ак нандын майда кесимдери үстүндө калкыган таттуу сүт куюлган мискей турган экен. Ал кубанганынан каткырып жибере жаздады, ушунчалык ачка болгонун эми анык сезди, сүткө башын көзүнө чейин малууга аз калды. Бирок көп өтпөй эле өкүнүп, башын тартып алды. Сол капталынын жаралуу жерлери катуу ооруганынын кесепетинен тамак ичүү оор болду, ал азыр тамакты оозун болушунча чоң ачып, анан бүткүл денеси менен кыймылдап иче алат эле. Сүт анын эң жакшы көргөн тамактарынан, муну карындашы жакшы билчү, андыктан муну албетте, ошол алып келди. Эми сүт ага такыр даамсыздай сезилди; жийиркенген адамдай мискейден башын тартып алды да артка, бөлмөнүн ортосуна жылды.
Эшиктин жылчыгынан чоң бөлмөнүн жарыгы күйгөнүн көрдү Грегор, демейде бул маалда атасы апасына бир нерселерди, а кээде карындашына кечки гезитти катуу окуп бере турган, азыр жымжырт. Карындашы дайыма ага айтып, жазып турган бул окуу, кыязы, акыркы мезгилде дегеле унутулуп бараткандай. Кантсе да үйдө адамдар бар экени анык, бирок туш-тарап жымжырт. «Баса, менин үй-бүлөм эмне үчүн ушунчалык тынч жашайт», - деп алды өзүнө өзү караңгылыкка үңүлө карап. Грегор ата-энеси, карындашы үчүн ушундай сонун үйдө жашаганга шарт түзүп бергенине ичинде кубанып, сыймыктанды. А эгер ушул тынч жашоо, жыргалчылык, бардарчылык балекет басып жок болуп кетсе кантет? Мындай суук ойго төөбасты болбоюн деген ниетте дене-бой жазып, бөлмө ичинде сойлоп кирди.
Учу узарган кеч бою бир гана сапар капталдагы эшиктердин бири кыңай ачылып, бирок ошол замат кайра тарс жабылды, дагы бир жолу тигил эшик ошентти. Кыязы, кимдир-бирөө кирейин деп, коркту окшойт. Грегор чоң бөлмөнүн эшигинин дал түбүнө барып, ошо кирүүгө батынбаган немени кандайдыр бир жол менен чакырып же эч болбоду дегенде ким экенин билгиси келди. Бирок эшик ошол тейден ачылган жок, бекерден бекер күттү. Эртең менен эшик ачыла электе, баардыгы анын бөлмөсүнө киргилери келди, эми качан гана бир эшикти өзү ачкан кезде, а калгандары, сөзсүз түрдө, күнү бою ачык турганда эч ким баш бакпады, ачкыч болсо эшиктин сырт жагында илинип турду.
Чоң бөлмөнүн жарыгын түн жарымында өчүрүштү, ошол замат ата-энеси менен карындашы дале ойгоо жүрүшкөнүн билди, анткени алар буттарынын учу менен басканы ага даана угулду. Эми албетте, Грегор жаткан бөлмөгө эч ким кирбейт, демек, мындан аркы жашоосун кантип жөндөп кетүү жөнүндө ойлонууга эч ким тоскоолдук кылбайт, убакыт жетиштүү. Бирок бийик, бош бөлмөдө жерде суналып жатууга аргасыз болгону коркутту, дегинкиси бул коркунуч себебин өзү деле түшүнгөн жок, бул бөлмөдө жашаганына беш жыл болгон, кайра бурулуп, уялбай-этпей эле дивандын астына сойлоду, диван аркасын бир аз кысып, эми баш көтөрүүгө болбоду, бул жер өзүнө абдан ыңгайлуу экенин сезди, бир гана өкүнгөнү – денеси жайылып, өтө чоңоюп, дивандын алдына батпай калганы болду.
Уйку-соо ортосунда алпурушуп, бирде ачка калам деген ойдон коркуп, бирде өзүн ким көрөрү жөнүндөгү үзүл-кесил үмүткө тытмаланып, таң атканча ошо жерде жатты, анан ары ойлоп, бери ойлоп, азырынча өзүн сабырдуу, тынч мүнөздө кармап, азыр туш болгон балекеттүү кырсык менен үй-бүлөсүнө жараткан каргашаны чыдамкайлык менен жеңилдетип туруу керек деген бүтүмгө келди.
Таң куланөөк салган маалда дале дээрлик түн болучу, эми эле кабыл алган бүтүмү бекемдигин сынай турган шарт келип калганын карасаң, кийинип алган карындашы кире бериш эшикти ачты да, этияттык менен Грегордун бөлмөсүнө баш бакты. Ал аны дароо көргөн жок, айланага бир сыйра көз чаптырды. Кайда кеткен, о Жараткан, бул жерде жатышы керек эмес беле, учуп кетти дейсиңби! - анан дивандын алдынан көрө коюп коркуп кетти, шарт эттире эшикти сыртынан жаба салды. Бирок бул жоругуна өкүнгөн немедей, ошол замат эшикти кайра ачып, катуу кеселдеп жаткан адамга, ал тургай чоочун кишиге келаткан сымал бут учу менен басып бөлмөгө кирди. Грегор дивандын кырына чейин башын созуп, карындашын карап турду. Ал сүттү - жок, курсагынын токтугунан эмес, ичпегенин байкайт болду бекен, ага ылайыктуу кандайдыр бир башка тамак алып келер бекен? Эгер ал муну өзү билип алып келбесе, буга анын көңүлүн бурдурганча ачкадан өзөрүп өлүшү да мүмкүн, ал дивандын алдынан сойлоп чыгып, карындашынын бутунан кучактап, кандайдыр бир жакшы тамак алып келишин сурангысы келди. Кыз бир аз жерге чачырап, дале толтура турган мискейдеги сүттү таң кала карап, анан ошол замат аны көтөрүп, чынында, колу менен эмес, чүпүрөк менен ороп алып чыгып кетти. Грегор анын ордуна эмне алып келерине кызыкты, ар нерсени болжолдой берди. Бирок карындашынын боорукердик кылып, чынында эмне жасап келерин эч качан билмек эмес. Өзүнө жагып, каалаганын жесин деген ниетте тамактын бир нече түрүн алып келип, эски гезиттин бетине жайып койду. Бул жерде көгөрөйүн деген жер-жемиш, муздак, ак соус кошулган кечки тамактан калган сөөк, бир аз кургатылган жүзүм, эки күн мурда Грегор жегенге болбойт деп жылдырып койгон бир кесим быштак, бир кесим кургак нан, май сыйпалып, туз себилген бир кесим нан бар эле. Буларга кошумча кыязы, эми биротоло Грегорго арнап коюшкан го, жанагы мискейдин өзүнө суу куюп алып келди. Анын көзүнчө тамак жебесин билген кыз, кичи пейилдигин көрсөтүп, чыгып кетүүгө ашыкты, ал тургай Грегордун өзүнө кандай ыңгайлуу болсо, ошондой түрдө жайгашып алсын деген ойдо эшикти жаап, ачкычты бурап койду. Кыздын оюн түшүндү. Ал тамакты көздөй умтулганда, тамандары биринен бири өтүп, тыбырашты. Анын үстүнө алган жаракаты абдан айыгып калгансыды, эми эч кандай тоскоолдукту сезген жок, буга таң калып, бир айдан ашыгыраак мурда бычак менен бармагын бир аз кесип алып, көпкө чейин айыкпай, ооруп жүргөнүн эстеди. «Мен эми ооруну көп сезбей калгамынбы?» - деп ойлоду, кандайдыр бир башка тамактардан көрө быштакка сугула умтулду. Өзүнчө бир ыракаттан көздөрү жашылданды. Быштак, жашыла-жемиш, соусту заматта мойсоду, жаңы тамактар ага кайра жакпай, а түгүл жытына чыдабай, жечү нерселерин четке чыгарып койду. Тамактанып бүткөндөн кийин ошол эле жерде ыкшоолонуп, уйку-соо ортосунда жаткан маалда карындашы өз ордуңа кирүүгө убакыт келди дегендей белги берип, ачкычты абдан жай бурай баштады. Бул аны чочутуп, дароо дивандын алдына сойлоду. Карындашы бөлмөдөн чыкканча, болор-болбос убакытка чейин араң чыдады, анткени тамакты көп жеп алган денеси бир кыйла чоңоюп, тар жерден дем ала албай кыйналды. Эрдин кесе тиштеп, думукканына карабай карындашынын эч нерсе баамдабагандай, шыпыргы менен тамактын калдыктары менен кошо Грегор дегеле тийбеген тамакты мындан ары кенедей да пайдасы жок сыяктуу шыпырып, бир жерге чогултуп, калак менен алып чакага шаша-буша салып, көтөрүп чыгып кеткенин алайган көздөрү менен карап турду. Ал ары жакка бурулар замат дивандын алдынан чыгып, дене-боюн жазып, терең дем алды.
Мына ушундай тартип менен Грегор күн сайын тамак алат, биринчи жолкусун эртең менен, ата-энеси, үй кызматчысы али уктап жаткан маалда, экинчи жолкусун түшкү тамактан кийин ата-энеси кайрадан эс алганы жатып, а үй кызматчысын карындашы кандайдыр бир тапшырма берип, үйдөн чыгарып жибергенде. Алар деле албетте, Грегордун ачкадан өлүшүн каалашкан жок, бирок анын тамак ичип-жегени жөнүндө төкпөй-чачпай билүү, кыязы, алар үчүн жан чыдагыс оор экенин билген карындашы балким, аларды ошол нерседен кичине алыстатууга аракет кылып жаткандыр, анткени чынында эле алар Грегордун тагдырына кейип, жетиштүү эле азап тартып жатышкан.
Каргаша башталган биринчи күнү чакырып келген дарыгер менен слесарды үйдөн кайра кантип узатып коюшканын Грегор билген жок. Эмнеге дегенде аны түшүнүшкөн жок, анткен менен ал башкаларды түшүнөт деген ой эч кимисинин, ал түгүл карындашынын да башына келбеди, ошондуктан ал бөлмөсүнө киргенде оор үшкүрүгүн, анан ыйыктарга жалынганын гана угуп жүрдү. Кийин, кыз мунун баардыгына кичине көнүп калган маалда гана, ал эми башкалардын буга көнүшү жөнүндө, албетте, сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Грегор кээде өзүнө карата айтылган кандайдыр бир жагымдуу сөздөрдү илип калчу болду. «Бүгүнкү тамак ага абдан жакты», - дечү болду ал Грегор берген нерсенин баардыгын жеген кезде, антпеген күндө акырындык менен адатка айланып, улам кайгылуу түрдө: «Дагы эч нерсе жеген жок», - деп кайталай берет.
Бирок бир да жаңылыкты түздөн-түз укпаган Грегор, катардагы бөлмөлөрдөн чыккан кобур-собурга кулак төшөп, кайсы тараптан үн угулса ошол эшикке жетип, баардык денеси менен ага жабышат. Айрыкча биринчи күндөрү кандай болсо да, өзүнө байланышкан сөздөрдү, эч болбоду дегенде сырдуу шыбырды да уга албады. Тамак ичип отурган маалда эки күн бою эми мындан ары эмне кылуу керек деп өз ара кеңешишти; тамактан кийин деле бул сөздөн алыстай алышпады, эми үйдө дайыма эки киши калчу болду, кыязы, үйдө эч кимдин жалгыз калгысы келбеди, а үйдү ээн таштап, баары бир учурда кетип калууга болбойт эле. Баса, үй кызматчысы - болгон нерсе жөнүндө ал эмнелерди билгени тууралуу да белгисиз болучу. Биринчи эле күнү чөгөлөп отуруп, апасынан токтоосуз коё беришин өтүнгөн, ушундан он беш мүнөт өтпөй коштошкону келип, көзүнөн жашын мончоктоп, кетүүгө уруксат бергенин чоң жакшылыктай санап, андан талап кылышпаса деле бул каргашалуу кубулуу жөнүндө жан адамга ооз ачпоого жүрөк үшүн алган сөздөр менен ант берген.
Кыз апасы экөө тамак жасап киришти. Негизи бул анча деле оор иш эмес эле, анткени дээрлик эч кимисинин кекиртегинен оңчулуктуу тамак өтпөдү. Бири-бирин тамак ичүүгө майнапсыз эле көндүрүүгө аракет кылышканын, анан кимиси болсо да: «Ыракмат, курсагым ток», - дегенин, болбосо ушуга окшогон жооп берерин Грегор анда-санда угуп калат. Кыязы, ичкилик да токтотушту окшойт. Карындашы атасынан тез-тез пиво ичер-ичпесин сурачу, ичкиси келсе алып келүүгө кудуңдаган бойдон чуркачу, ичкиси келбегенде унчукпай коючу. Андайда кандайдыр бир кыжаалат ойлордон алаксыткысы келип, короо караган аялды жиберейинби деп сурайт, бирок атасынын «жок», деген кескин жообун уккандан кийин унчукпай калчу.
Окуя болгон күнү биринчи эле атасы апасы менен карындашына үй-бүлөнүн мүлктүк абалы, келечектеги түрү жөнүндө түшүндүрмө берген. Ал отурган үстөлүнөн байма-бай тура калып, мындан беш жыл мурда өрттөнүп кеткен мекемесинен сакталып калган кичинекей кутучадан кандайдыр бир кагаздарды, бирде жазуу дептерин алып чыгат. Кутучандан издеген нерсесин алгандан кийин атасы ачкычын бурап, кайра бекитип жатканын угат. Анын бул түшүндүрмөсү Грегордун «орго түшкөнүнөн» берки уккан биринчи көңүл жубатарлык жаңылык эле. Атасынын муруңку кыял-тилектеринен кымындай да эч нерсе калбады деген пикирге келди, кандай болгон күндө атасы ал тууралуу ооз ачпады, а Грегор андан сурабады.
Грегордун ал кездеги жападан жалгыз мүдөөсү үй-бүлөсүнүн баарынын ындынын өчүрүп, үмүттөрүн үзүп койгон банкрот деген балээден болушунча тез арада алып чыгуу болчу. Ошо себептен анда жанын таштап иштеп, аз жерден катардагы кызматчыдан, албетте, маянасы да такыр башка, кызматтагы ийгилиги дароо шуудураган акчага айланып, анысын тутамдап барып үстөл үстүнө таштап, үй-бүлөсүн таң калтырып, кубанычтан жадыраткан вояжер (тери өндүрүшү өнүгүп турган кезде терини ташуу менен алпурушкан адам) да боло жаздаган. Ал кез сонун мезгил эле, андан кийин андай учур шамал айдап кеткендей кайталанбады. Анткен менен Грегор кийин деле үй-бүлөсүн багууга жетер каражат таап турду, чынында ошону менен кийинтип-ичинтти. Ушуга баардыгы - үй-бүлөсү да, Грегордун өзү да көнүп калышкан. Берген акчасын ыраазы болуу менен алышчу, ал ушуга кубанып, канагаттана турган. Бирок ортодо өзгөчө бир жылуулук пайда болгон жок. Канча кылган менен карындашы гана ага боор тартып, жакын эле. Кыз андан айырмаланып, музыканы жанындай жакшы көрүп, анан да скрипканы сезимди дирилдете ойной алгандыктан, эмдиги жылы аны консерваторияга киргизсем деген жан адамга айтпаган аздек тилеги бар эле, буга көп каражат кетерин билген, аны кандайдыр бир башка нерселерге кетер каражаттан үнөмдөп турмак. Ал иши боюнча шаарда кармалган карындашы экөө консерватория жөнүндө көп сүйлөшүшчү, бирок ал эң сонун, кол жетпеген кыял катары кабыл алынчу, сөз арасында кыпчыла кеткен айыпсыз бул тилекке ата-энеси нааразы. Ага карабай Грегор оюнда бекем турду, рождество майрамынын алдында салтанаттуу түрдө билдирүүнү чечти.
Үн угулар бекен деп эшиктин жылчыгына жармашкан чакта азыркы абалдагы Грегордун башына ушундай, эми бир тыйынча пайдасы болбой калган ойлор келди. Чарчап, эч нерсе уккусу келбей, башын байкоосуздан катуу тартып алып, эшикке уруп алат. Бирок ошол замат кайра түздөнүп, тынчый түшөт, анткени бул жактан чыккан тырс эткен үн да эшик артындагыларга угулуп, баардыгы дымып калат. «Ал дагы эмненин ичинен чыгып жатат?» - дейт атасы бир аз тынчып калганда, анын эшик жакты карап турганын көрбөсө да сезет, ушундан соң акырындык менен үзүлгөн сөз кайра башталат.
Ошентип, акырындык менен (анткени атасы өз оюнда жүргөн сөзүн бир нече кайталады. Бир четинен бул иштен ал эчак алыстап, экинчи четинен, биринчи жолу айтканда апасы буга түшүнбөй калгандыктан) Грегор баардык кырсыкка, ыгым-чыгымга карабастан, бир топ мезгилден бери чогулткан анча-мынча каражат бар экенин, ал тургай анын процентине тийбегендиктен бул жылдардын ичинде кайра көбөйүп калганын толук билип алды. Мындан тышкары, Грегор ай сайын үйгө алып келген акча - ал өзүнө болгону бир нече гана гульден[1] алып кала турган. Анысы бүтүн бойдон коробой, аздан болсо да чогулуп калыптыр. Эшиктин артында туруп, мындай күтүлбөгөн жерден көрө билгендей сарамжалдык кылганына кубанып, башын ийкеңдете берди. Дегинкисинде бул топтолгон акча менен атасынын карызынын бир бөлүгүнөн кутултуп, өз эрки менен кызматынан кетүүчү күндү жакындатса болот эле. Бирок эми каражатты атасынын ушундай сарптап жатканы, сөзсүз түрдө жакшы иш.
Кептин чынында, үй-бүлөнүн жашоо-тиричилиги үчүн бул акчанын проценти абдан аз; балким, бир жылга, ашып кетсе эки жылга жетмек, андан көп эмес. Ошентип алар негизинен сарп кылар акчаны эмес, эң акыркы зарылдык үчүн чогулткан акча санын эсептеп жатышты. Ал эми тиричиликке акчаны иштеп табуу керек. Атасынын ден соолугу чың болгону менен, карыды. Иштебегенине беш жыл болгон, өзүнө өзү да ишене алчу эмес. Анын түйшүктүү, жолу анча шыдыр, жемиштүү боло бербеген өмүрүндөгү биринчи дем алуусу ушул беш жыл ичинде абдан толуп, баскан-турганы оорлошту. Деми кыстыгып, эшик турсун үй ичинде араң басып, күн алыс ачык терезенин түбүндөгү тапчанда жатып калчу карыган апасы иштеп, акча табышы керекпи? Же балким, он жети жашка келип, али балалыктын доорун сүрүп, ушул кезге келгенге чейинкидей жашап, жарашыктуу кийинүүгө, түш жарымга чейин уктоого, үй ичине кол кабыш кылууга, кандайдыр бир чакан көңүл ачууларга катышууга, биринчи кезекте скрипкада ойноого толук укугу бар карындашы иштеши керекпи? Каражат табуу зарылдыгы жөнүндө сөз жүрө баштаганда эле Грегор эшикти коё берип, ага жакын турган муздак тери диванга жөнөйт, анткени уялганынан, башына үйүлгөн шордон улам чекесинен тер шорголоп кетет.
Ал учу узарган түнү бою көз ирмемге кирпиги илинбей, дивандын териден жасалган кырына бир нече саат сөйкөнүп жаткан кездери көп, же күч-кубатын аябай креслону терезеге жакын жылдырып, анын ортосуна тырмышып, таянып атып терезенин тактайына жармашат, сыртты карайт, ошондо мурда терезеден карагандагыдай эркиндик жөнүндөгү сезимге батып, көңүлү удургуйт. Чындап келгенде алыстагы кандайдыр бир нерселер күн өткөн сайын бүлбүлдөп, начар көрүнөт. Мурда жакын жолобой жаман көргөн бет маңдайдагы оорукана үрүл-бүрүлдөп, дегеле ажырата албады, шаардын тынч Шарлоттенштрассе көчөсүндө жашаганын анык билбесе, өз терезесинен бозоргон асман, бозоргон жер биригип кеткен чөлдү көргөндөй ойлоого болот. Бөлмөнү иреттеп тазалаганы келген карындашы креслонун эки жолу терезеге жакын жылып калганына көңүл буруп, ордуна койбой, атүгүл терзенин ички жапкычтарын ачык бойдон калтырган.
Эгер Грегор карындашы менен сүйлөшө алган күндө анын өзү үчүн жасаган иш-аракетине ыраазылыгын билдирмек, ошондо анын жардамын кабыл алуу да жеңил болмок. Анте албаганына ичинен эзилип, азап жейт.
Ырас, карындашы анын шорго малынган тозоку абалын колунан келишинче жеңилдетүүгө умтулат, убакыт өткөн сайын албетте, ага көнүп, иши илгери жылат. Бирок мезгил өткөн сайын Грегорго баардыгы бир кыйла ачык көрүнө баштады. Адеп кыздын келиши ага абдан оор болду. Дегеле ал Грегордун бөлмөсүн башкалардан коргоп жүрдү, эми болсо киргенден кийин эшикти жаап отурбайт, аба жетпей думукчудан бетер түз эле терезени көздөй чуркап, кенен ачып таштайт. Анан канчалык суук болсо да, анын алдында туруп терең дем алат. Ушинтип тарак-турак эттирип, күнүнө эки жолу Грегорду чочутат. Ал дайыма дивандын алдында калтырап жатат, эгерде карындашы терезени ачпай бир бөлмөдө болгондо, сөзсүз аны мындай коркунучтан арылта алмак.
Бир жолу, анда Грегордун ушундай жандыкка кубулуп калганына бир айдан өтүп калган, ошондуктан анын түрүнө таң калар карындашында бөтөнчө себеп деле жок болчу, демейдегиден эртерек келип, Грегордун терезеге сүйөнүп, сыртты карап былк этпей турганын көрдү, анын бул көрүнүшү жүрөгүн дирт эттирип алды. Эгерде кыз бөлмөгө жөн гана кирбегенде Грегор үчүн эч кандай күтүүсүз нерсе болмок эмес, терезенин алдында тургандыктан аны ачууга мүмкүндүк бермек эмес. Бирок ал кайра жөн гана чыгып кеткен жок, жылан көргөнсүп артка жалт берди, эшикти беките салды. Муну көргөн бирөө Грегор кызды тиштеп алдыбы деп ойломок, албетте, дароо дивандын алдына жашынды, кыздын кайра келишин түшкө чейин күтүп жатты. Ал келгенде кандайдыр бир кооптонгондой, корккондой көрүндү. Ушундан улам анын көрүнүшүнө дале көнө электигин, эч качан көнө албасын, ал турсун дивандын алдынан чыккан денесинин кичине бөлүгүн көргөндө качып кетпес үчүн канча күч-аракет жумшаганын түшүндү. Карындашын ушул кыйындыктан куткаруу үчүн шейшепти жонуна салды. Бул ишти жасоого төрт саат убара болду, диванга алып барды да, анын алдын бүтүндөй жапкандай жайып койду, карындашы эңкейген учурда да аны көрө алмак эмес. Кыз алып деле таштай алмак, Грегор аны жашынмак ойноо үчүн жасаган жок да, бул айтпаса деле түшүнүктүү. Кыз аны ошол бойдон ордунда калтырды, бул жаңы табылгасы ага кандай таасир берип, кандай кабыл аларын билгиси келип, шейшептин четин акырын көтөргөндө, кыздын көзүнөн ыраазылыктын жылт экен учкунун байкагандай болду.
Каргаша болгон күндөн тарта эки жумага чейин ата-энеси ага кирүүгө даай алышпады, карындашынын азыркы кылган аракети жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып жатышканын байма-бай угуп атты, мурда болсо аны колунан эч нерсе келбеген шайкелең катары сезишип, жемелей беришчү. Эми алар кыз Грегордун бөлмөсүн жыйнап бүткөнчө эшиктин алдында турушат да, ал жактан чыгары менен бөлмө кандай абалда экенин, тамак ичкен-ичпегенин, бул жолу өзүн кандай кармаганын, кичине болсо да жакшы жагына өзгөрүү байкаладыбы, жокпу дегендей суроолорду берип, ийне-жибине чейин жооп алгылары келишет. Кантсе да эне да, көп өтпөй ал бөлмөгө киргиси келди, бирок атасы менен карындашы жүйөөлүү себептерди айтып, кармап калышты, абдан кунт коюп тыңшап турган Грегор муну туура көрүп, өзүнчө канагаттанды. Кийин аны кармап калуу кыйындады. «Мени коё бергиле, ал менин шордуу балам! Ага барышым керектигин кантип түшүнбөйсүңөр!» - деп кыйкыра баштаганда Грегор, балким, чынында эле апасы келип, албетте, күн сайын эмес, балким, бир жумада бир өз көзү менен көрүп турган учурда жакшы болот беле деп ойлоду. Анткени карындашына караганда ал жакшы түшүнөт эмеспи, кыз болсо канча эр жүрөктүк кылып, акыр аягында балким, балалык кыялга азгырылып, мындай жүктү өз мойнуна алганы менен али жаш да.
Грегордун апасын көрсөм деген тилеги көп өтпөй кабыл болду. Ата-энесин ойлоп, эми ал күндүз терезеден көрүнбөй турган болду, бир нече чарчы метр жерде кыйлага чейин сойлоп жүрө албады, түнү бою кыймылсыз жатуу оор эле, кандайдыр бир нерсе көңүлүнө жакпаса, дубал бооруна, шыпка чейин жабышып, чыгып кетүүчү адат тапты, ушуну менен алаксыйт. Айрыкча шыпта асылуу жагат. Бул жерде жатканга караганда такыр башкача эле; эркин дем алып, денеси жеңил термелет, өзүнчө бир жан жыргаган абалда туруп, буга өзү да таң калат, кээде жерге күп этип түшөт. Бирок эми ал мурдагыдай эмес, албетте, өз денесин кадимкидей башкара алат. Кызыгы, канчалык бийиктен куласа да эч кандай жаракат албайт. Анын жаңы эрмек таап алганын карындашы дароо байкады, ал сойлогон баардык жерде жабышкак калып калат, бул үчүн дагы көбүрөк орун бошотуп берейин деген ниетте бөлмөдөгү тоскоол болгон ашыкча нерселерди, биринчи кезекте сандык менен жазуу үстөлүн алып чыккысы келди. Бирок аларды жалгыз көтөрө албайт, жардам берүүгө атасын чакырууга батынбады, үй кызматчысы болсо сөзсүз кол кабыш кылмак эмес, мурдагы ашпоз аял кетип калгандан кийин бул он алты жаштагы кыз анын ордуна иштөөгө келген, ал ашкананы бекитип, керектүү учурда гана ачып турууга уруксат сураган. Ошондуктан бир жолу атасы үйдө жокто кыз апасын ээрчитип келүүгө аргасыз болду. Ал кубангандан толкунданып, жалынып-жалбара Грегорду көздөй жөнөдү. Бирок анын эшигинин алдына келгенде унчукпай калды. Кыз, албетте, адегенде бөлмөдө баардыгы жайындабы, жокпу - текшерди, ушундан кийин гана апасын ичкери киргизди. Грегор жан талаша шейшепти тугуруктап, болушунча ары тартты. Ал дивандын үстүнө жөн гана ыргытып койгонсуду. Бул жолу Грегор шейшептин бурчунан шыкаалап, бул сапар аны көрүү мүмкүндүгүнөн баш тартты. Бирок акыры апасынын келгенине кубанды.
- Кире бер, ал көрүнбөйт, - деди кыз аны колунан жетелеп.
Каруу-күчү чакталуу аялдар оор, эски сандыкты ордунан жылдырууга аракет кылып күшүлдөп-бышылдап жатканын угушту, айрыкча карындашы иштин оор жагына качырып, апасынын абайла, бир жериңди мертинтип алба дегенине көңүл бурбай, улам эле өзү көтөрөт, ушундан улам апасын аяп, бели-башын оорутуп албаса дегенин туят. Бул көпкө созулду. Он беш мүнөттөй алек болушкан соң, апасы сандыкты турган жеринде калтыруу оң болорун айтты. Бир себептен, ал абдан оор болчу, бөлмөнүн ортосунда Грегордун жолун бөгөп, экинчи себептен, аларды алып чыгуу Грегорго жагабы, жакпайбы – белгисиз болучу. Апасынын айтуусунда, кыязы, ага жагымсыз болот, апасы үчүн, мисалы, бөлмөнүн каңгырап бош турушу көңүл чөгөрөт. Андыктан эмне үчүн анын көңүлүн чөгөрбөсүн, бул эмеректерге көнгөн да, анан аларды чыгарганда өзүн такыр таштап салгандай сезиши мүмкүн.
- Биз буларды чыгарып салуу менен бирге, ансыз деле акырын, шыбырап сүйлөгөн апасы Грегор анын бирди-жарым сөзүн угуп калбаса деген ойдо ого бетер акырын шыбыраганга аракеттенди. Анын кайда жатканын деле билген жок, ал эми анын айтылган сөзгө түшүнбөсүнө бөркүндөй ишенди. Анын бул абалдан кандайдыр бир оңолуп кетет деген үмүттү үзүп, ташбоордук кылып, өзү менен өзү кала берсин дегениби? Менимче, бөлмө мурда кандай болсо, дал ошондой калтырыш керек, Грегор бул балекеттен арылып, өз калыбына келгенден кийин эч канадай өзгөрүү болбогонун көрүп, бул учурду тезинен унутушу зарыл.
Апасынын сөздөрүн угуп жатып, адамдар менен арай көз чарай баарлашпаган үй-бүлө ичиндеги бир жактуу тажатма турмуш, кыязы, ушул эки айда акыл-эсин тумандатып бараткан жокпу деген ойго чарпылды. Болбосо күтпөгөн жерден аңгыраган ээн бөлмөдө калгысы келгени эмнеси, муну өзүнө өзү түшүндүрө албады. Өзүнүн жылуу, мураска калган эмеректер менен абдан жайлуу, ыңгайлуу кылып алган бөлмөсүн үңкүргө айландырып, чынында баардык тарапка ээн-эркин сойлоп, бирок учурда өзүнүн өткөн кезде адам болгонун, чынында эле биротоло унутуп койгусу келеби, кантип? Негизи бул учурда ал ушуга чукулдап калган, көптөн бери уга элек апасынын үнү эсине келтиргенсиди. Эч нерсени алып кетпеш керек эле; баардык нерсе өз ордунда турушу керек. Анын абалына жакшы таасир берүү үчүн эмеректер зарыл. Эгерде анын максатсыз эле ары-бери сойлошуна тоскоол болсо, анда ага зыян эмес, чоң пайда.
Тилекке каршы, карындашы башкача ойдо эле; ата-энесине караганда Грегор жагдайындагы иштерди жакшы жасап көнүп, мунун да өз негизи бар. Калганы азыр да апасынын кеңешине моюн толгоп, сандыкты гана эмес, дивандан башка ага тийүүгө такыр болбойт эле. Баардык эмеректерди чыгарып салуу керек деген пикирге көшөрүп туруп алды. Мындай талап карындашынын, албетте, балалык гана тээжиктигинен, кийинки учурда күтпөгөн жерден кыйындык менен тапкан өзүнө болгон ишенимден келип чыккан жок. Жок, ал Грегордун кыймыл-аракети үчүн кенен орун керектигин чынында көрдү, а мындайынан караганда, ал эмеректерди такыр пайдаланбайт. Балким, кыязы, бул жерде ушул курактагы кыздарга мүнөздүү жалындаган кыялдын жемиши сыяктанды, учуру келе калганда дайыма өз эркиндегини жасоого кубанган Грета эми Грегордун абалын дагы бир топ кыйындатып, буга чейин жасап келген ишин көбөйтүп, ага көбүрөк жардам бергиси келди. Анткени жылаңач бөлмөдө жалгыз жаткан Грегорго Гретадан башка кимдир-бирөө кирүүгө кантип эле батына калсын.
Ошондуктан карындашы бул бөлмөдөн кандайдыр бир ыргылжыңдыкты, кооптонууну сезген апасынын кеңешине макул болбоду. Аздан соң апасы унчукпай калды, сандыкты эшиктен чыгарууга аракет кылган кызына колунан келишинче кармалашты. Грегорго, эгерде чынын айтканда, сандыктын анча деле кереги жок, бирок жазуу үстөлү ордунда калышы керек. Сандыкты болгон күч менен онтоп-сонтоп түртүп, экөө бөлмөдөн чыгып кетери менен үстөлдү алып чыгууга акырын, мүмкүн болушунча сылыктык менен каршылык кылуунун ыгын келтирмекке дивандын алдынан башын созду. Тилекке каршы, Грета коңшу бөлмөдө жалгыз калып, албетте, ордунан козголто албаган сандыкты эки колдоп кучактап, жылдырууга тырышкан кезде, апасы кирип келди. Ал Грегордун кебете-кешпирине көнө элек болчу, аны көрүп, ооруп калышы да ыктымал эле, ошондуктан Грегор чочуган бойдон дивандын башка кырына култ койду, ага жабылган шейшептин чети баары бир делбиреп кетти. Апасынын көңүлүн бурууга ушул жетиштүү эле. Ал токтоп калды, бир аз тургандан кийин Гретага кетти.
Бул мезгилде өзгөчө деле эч нерсе болгон жок, бөлмө ичиндеги эмеректерди орун которуштуруп жатат деп Грегор өзүн өзү ынандырууга аракет кылганы менен, аялдардын тынымсыз кадамдары, анча катуу эмес кобур-собурлары, эмеректердин жерге сүрүлүп кыйчылдаганы - булардын баары көп өтпөй эле ага эбегейсиз зор, чакчелекей түшкөн будуң-чаңдай көрүндү. Буттарын денесине бүрүштүрүп, денеси менен жерге болушунча жабышып, башын катты, мындай нерсени көтөрүүгө чыдай албайм деди өзүнө өзү. Анын кескичтери, башка толгон-токой аспаптары салынган сандыкты алып чыгышты; эми жердеги паркетти чийдирип, жазуу үстөлүн жылдырышты. Ал үстөлгө отуруп мектепте, соода окуу жайында, ал турсун элдик жогорку окуу жайында окуп жүргөн кезинде сабактарын даярдачу, эми бул аялдардын, баса, алардын барын да дээрлик унутуп койду, анткени алар чаалыгып, чарчагандыктан үн-сөзсүз кыбырап, ага каалаган ак тилектерин түшүүнүүгө чамасы жок эле, алардын оор кадамдарынын дабышын тыңшап жата берди. Алар бөлмөнү аңырайта бошотушту, ал үчүн кымбат сезилген нерселердин баардыгын ташып кетишти.
Ошондуктан ал дивандын алдынан чыга калды, аялдар бул кезде катардагы бөлмөдө, жазуу үстөлгө жөлөнүп, дем алып турушкан. Биринчи кезекте эмнени сактап калууну билбей кайсалап, төрт сапар тыяк-быякка бурулду, анан бош дубалдын боорунда илинип, көзгө дароо урунган тери кийимчен аялдын сүрөтүн көрдү. Ага шашыла жармашып чыгып барды да, бооруна кысты, ал курсагын жагымдуу серүүндөттү. Жок дегенде ушул Грегор өз тулку-бою менен бүтүндөй жаап турган сүрөттү эми эч ким тартып кете албайт. Аялдар кирип келгенде аларды көрүш үчүн башын тиги бөлмөнүн эшиги тарапка бурду.
Алар көпкө деле дем алышпады, кайра бөлмөгө баш багышты. Грета бир колу менен кучактай кармап, апасын жетелеп алган.
- Эми эмнени алсак? - Грета айланага карады. Ушул маалда көздөрү дубал боорунда жармашкан Грегордун көздөрүнө чагылыша түштү. Кыязы, жанында апасынын турганынан окшойт, өзүн колго алып, аны арка жагына кылчайтпоо аракетинде эриндери калтырай түшүп, шашкалактап: - Бир мүнөткө чыга туралычы, - деп жиберди. Анын оюн Грегор жакшы түшүндү, апасын коопсуз жерге алып барып, анан Грегорду дубалдан кубалап түшүү. Кана, ошентип көрсүнчү! Ал сүрөткө бекем жармашып, аны бергиси келбеди. Андан көрө кыздын бетине жармашам деген ниетте болду.
Бирок Гретанын ушул сөздөрү апасын кайра кооптондуруп, ал бир аз артка чегинди, анан гүлдүү кагаз чапталган дубалдын боорунан эбегейсиз чоң күрөң жандыкты көрдү. Бул Грегор экени аң-сезимине чындан жеткенче чыйылдаган ачуу үнү менен кыйкырды: «Ай, кудай ай, кудайым!» – шалдыраган колдорун туш тарапка жайып, диванга кулап, дымыды.
- Эй, Грегор! - Карындашы кыйкырып, муштум түйдү, учкун чачкан көздөрү акырайды.
Бул анын кубулуп калгандан берки түздөн-түз биринчи жолку кайрылганы. Ал апасын эсине келтирүүгө дабасы тиер кандайдыр бир дарыларды алып келүү үчүн берки бөлмөгө чуркап кетти. Бирок Грегор деле апасына жардам бергиси келди, сүрөттү сактап калууга убакыт бар; сүрөттүн айнегине бекем чапталып калган экен, өзүн күч менен ажыратты. Анан мурдагыдай эле карындашына кандайдыр бир кеп-кеңеш берчүдөй, берки бөлмөгө алы-жаны калбай жөрмөлөдү. Бирок жакындаганда эмне кыларын билбей, кыздын арка жагына туруп калды. Кандайдыр бир ар кандай майда бөтөлкөлөрдү аралаштыра карап жаткан кыз артына кылчайып, коркуп кетти. Колунан кайсы бир бөтөлкө жерге түшүп, чачырап сынды. Сыныктардын бири Грегордун бетине тийип, учу сайыла түштү, бүт тулкусуна кандайдыр бир сасык жыттуу дары жабыла берди. Кыз колуна батышынча майда бөтөлкөлөрдү уучтап, апасына чуркап, эшикти буту менен тарс жапты. Эми Грегор балким, анын айынан өлүм алдында жаткан апасына баруучу жол тосулуп калды. Эгерде карындашын кубалап жибергиси келбегенде, ал эшикти ачпайт эле, анда кыз апасы менен болмок. Эми күткөндөн башка эч аргасы калбады, өкүнүү жана коркунуч менен өзүн өзү кыйнап, өйдө-төмөн дубалдарга, эмеректерге, шыпка чейин из калтырды, бөлмө бүтүн бойдон ишпалдасы чыкканда, көңүлү чөгүп, чоң үстөлдүн үстүнө кулады.
Бир нече көз ирмем өттү. Ал үстөл үстүндө ырп этерге дарманы жок жатты, айлана жымжырт, балким, бул жакшылыктын жышааны. Күтүүсүздөн коңгуроо чырылдады. Үй кызматчысы, албетте, ашканага бекинип алган, андыктан эшикти Грета ачууга мажбур болду. Атасы келген экен.
- Эмне болуп кетти? - Бул анын оозуна келген биринчи сөзү, Гретанын ырайынан баарын түшүндү окшойт. Кыз атасынын көкүрөгүнө башын катып, муунган үнү менен жооп берди:
- Апам эсинен танып жыгылды, бирок азыр жакшы. Грегор чыгып кетти.
- Мен ушуну күтүп жүрбөдүм беле, - деди атасы, - силерге дайыма ушул жөнүндө какшап жүрдүм го. Бирок силер, аялдар, эч кимди укпайсыңар.
Гретанын болгону бир-эки ооз айтканы сөзүнөн улам атасы Грегор аларга карата күч колдонгон экен деп, туура эмес түшүнгөнүн ачык билди. Ошондуктан ал атасын кандайдыр бир жол менен тынчытууга аракет кылышы керек, ага түшүндүрүүгө убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок. Өз бөлмөсүнүн эшиги алдына жөрмөлөп, тиги бөлмөдөн чыккан атасы Грегордун өз бөлмөсүнө кирүүгө даяр турганын, демек, аны кайра кубалап киргизүүнүн кажаты жогун, эшикти ачаары менен ошол замат кирип, жок болорун дароо көрсүн деген ниетте эшикке жармашты.
Бирок атасы анын мындай жөн-жай адам түшүнө бербеген оюн аңдоого көөнү чаппады.
- Аа! - деп кыйкырып жиберди ал бери кирер замат, ушул добушу менен ачуусун да, кубанычын да билгизгендей. Грегор эшиктен башын тартып алып, атасын карады. Атасын азыр көргөнсүдү, муну эч качан көз алдына элестеткен эмес. Ырас, кийинки мезгилде баардык бөлмөлөрдө сойлоп, Грегор баштагыдай үйдө эмнелер болуп жатканына көз салбай калган, ушундан улам мында кандай өзгөрүүлөр болсо да таң калууга тийиш эмес эле. Ошентсе деле, чын эле бул киши атасыбы? Грегор мурда иш сапарына аттанганда чаалыккан түрдө төшөгүнө чүмкөнүп жатчу, сапардан кайтканда халатын кийип, креслодон турууга дарманы келбей, кубанычын билдирип, колун гана көтөрүп коё турган. Кандайдыр дем алыш же чоң майрам күндөрүндө анда-мында чогуу сейилдөөгө чыгып, эски пальтосунун баардык топчусун топчулап алып, Грегор менен аялынын ортосунда таягын акырын шилтеп, ансыз да жайбаракат экөөнөн да акырын баскан, эгер бир нерсе айткысы келсе ордунда токтоп, тигилерге жакын келишин күткөн киши ушулбу?
Азыр ал бир кыйла карыды; үстүндө банк чабармандары кийгендей алтын топчулуу кара-көк мундир, кысылып турган катуу жакасында кош кат майлуу богок салаңдайт, кара көздөрү коюу кирпигинин астынан үңүлө, жандуу карайт. Демейде уйпаланып жүрчү чачы жакшы таралып, майланган. Кандайдыр бир, балким, банктыкыдыр, маңдайында алтын жалатылган тамгалары бар шапкесин бөлмөнүн бүтүндөй эки бурчун ээлеген чоң диванга ыргытты да, эки колун шымынын чөнтөгүнө салды, мундиринин узун этеги артка жапырылып, кыжыры келгендиктен ырай-жорою бузулуп, Грегор жакка басты. Ал кыязы, эмне кыларын өзү деле билбедит, бирок ал бутун адаттан тыш бийик көтөрдү, Грегорго бут кийиминин таманы эбегейсиз чоңдой көрүндү, таң калды. Бирок бул эмне менен бүтөрүн күтүп отурбады, анткени жаңы турмушу башталган биринчи эле күнү атасы ага эң катуу мамиле кылуу керек деген бүтүмгө келгенин билген. Ошондуктан андан оолактоого ашыгып жөрмөлөдү, атасы токтоп калса ал да токтоп, басса алдыга жөнөйт. Ушинтип экөө эч кандай өзгөчө окуяга кабылбай, бөлмөнү бир нече жолу айланып чыгышты, экөө тең абдан жай кыймылдагандыктан, бул дегеле кубалашууга окшободу. Эгер дубал бооруна же бөлмөнүн төбөсүнө жөрмөлөп кетсе атасына жасаган кара ниеттиктин жеткен чеги болорунан корккон Грегор жерде жөрмөлөп жүрдү. Антсе да мындай качууга көпкө чыдай албасын сезди; анткени атасы бир кадам таштаганда, ага ошол замат сансыз кыймыл жасоого туура келди. Барган сайын деми кыстыгып, оорлошту, анткени өпкөсүнүн мурда деле анча жакшы абалда эместиги байкалган. Мына, бут сымактарын эптеп жылдырып, көздөрүн араң ачып, аргасы куругандыктан кутулуп кетүүнүн башка айласын ойлогонго шаасы жетпей, бул жерде, ырас, ар түрдүү кесилген оюмдар түшүрүлгөн курч кырлары, тишчелери бар көптөгөн эмеректер менен жасалгаланган бөлмөнүн дубалын бооруна да чыгып кете алаарын унутуп, болгон-бүткөн күч-кубатын жыйноого аракет кылып атканда, күтүлбөгөн жерден жогору жактан бир нерсе жанына түшүп, алдыга тоголонду. Бул алма эле, анын артынан ошол замат дагы бири учту. Грегордун үрөйү учуп, токтоп калды, мындан ары качуунун кажаты жок эле, анткени атасы алма менен койгулап кирди. Ал ашканада жер-жемиш салынган табактагы алмадан чөнтөгүнө толтуруп, эми аларды биринин артынан экинчисин тийсе-тийбесе деле ыргыта берди. Кичинекей кызыл алмалар жерге түшүп, бири менен бирине тийишип калышты. Ыргытылган бир алма Грегордун далысына тийди, бирок этин анча оорутпай тоголонуп кетти. Артынан дароо ыргытылган экинчи алма аркасына катуу тийип, бекем жабышып калды. Грегор башка жерге жылып кетсе эле күтпөгөн жерден пайда болгон жанды көзгө көргөзгөн оорудан арылчудай сезип, ары жылгысы келди. Бирок жерге бекем кадап салгандай былк эте албай, созулуп барып, эсинен танды. Көздөрү тумандаган маалда өз бөлмөсүнүн эшиги кантип ачылганын, карындашынын бир нерселерди айтып кыйкырганына карабай ич көйнөкчөн апасынын, аны жана эсинен танып жыгылганда Грета дем алууга жеңил болсун деген ойдо чечинткен; чоң бөлмөгө атып кирип, атасынын жанына чуркап барганын; анан байланган белдемчиси, дагы бир нерселери биринин артынан бири шыпырылып, жерге түшүп, аларга чалынып, тигинин бооруна өзүн таштай кучактап, колдору менен мойнуна артылып, Грегордун өмүрүн кыя көрбө деп өксүп жибергенин; ушундан кийин аны менен биригип, бир караанга айланып баратканын көрүүгө үлгүрдү. Ушундан соң көзү көрбөй, туңгуюкка кулап кетти.
3
Бир ай мурган алган оор жаракатынан - аркасына тийип, этине жабыша кирген алманы алып таштоого эч кимиси даабады, ал денесинде көрсөтмө так бойдон калды. Кыйналып жүрдү, бул оор жаракат Грегордун азыркы шорго малынган, жүрөк түшүрөр кебете-кешпирине карабастан, баары бир ал үй-бүлө мүчөсү экенин, ага душмандык мамиле жасоо болбостугун, үй-бүлөлүк милдеттин негизинде ага болгон жек көрүү, жийиркенүүнү басып, чыдоо, бир гана чыдоо керектигин, ал түгүл атасына да эскертип турду.
Алган жаракатынан улам Грегор мурдагы кыймылынан, кыязы, биротоло ажырап, эми бөлмөнүн бир четинен экинчи четине жетиш үчүн ага картаң майып адам сымал, узак, узакка созулган бир нече мүнөт кетет. Ал эми жогору жактарга жөрмөлөө жөнүндө ойлоп да болбойт, абалы мынчалык начарлашына, өзүнүн пикири боюнча, өзү себепкер. Дайыма күүгүм ченде чоң бөлмөнүн эшиги ачылчу, буга чейин эки саат мурда бул жерден көрүнбөгөн өзүнүн караңгы бөлмөсүндө жатып, аңдый баштоочу эшик, жарык бөлмөдөгү үстөлдө тегерете олтурган ата-энесин, карындашын көрүп турчу, алардын сөздөрүн, мындайча айтканда, жалпы уруксат берилген, мындан да тактап айтканда, мурдагыга караганда таптакыр башкача чыккан сөздөрүн укчу, бул үчүн алган белеги ушул.
Бул эми чынында, муруңку кездегидей Грегор иштен чарчап келип, чоң бөлмөнүн катарындагы кичинекей чуландагы серүүн төшөккө кулап, бажылдашканын угуп жатчу. Көңүлдүү баарлашуу эмес эле, ал кезди сагынуу менен дайыма эстейт. Көп учурда жымжырттык өкүм сүрөт. Кечки тамактан кийин атасы олтурган креслосунда уйкуга кетет; апасы менен карындашы ашыкча каңгыр-куңгур дабыш чыгарбоого тырышат. Апасы жарыкка ыктап, болушунча бүкүрөйүп, даяр көйнөктөр дүкөнү үчүн жука кийимдерди тигет, дүкөнгө сатуучу болуп орношкон карындашы кийин, балким, кандайдыр бир жакшы кызматка орношормун деген үмүттө кечкисин стенографияны, француз тилин үйрөнөт. Кээде атасы ойгонуп, уктап кеткенин байкабаган адам сыяктанып апасына кайрылып: «Бүгүн да абдан узакка тиктиң го!» - дейт да, ошол замат кайрадан уйкуга кирет, а апасы менен карындашы бири-бирин карап, чарчаңкы жылмайып коюшат.
Атасы үйдө отурса да кандайдыр бир кежирлик менен кызматтык атайын кийимин чечкиси келчү эмес; илгичте халатына кол тийбей илинип турган маалда да, атасы кызматка шарт жөнөп кетүүгө даяр, болгону жетекчисинин гана үнүн күткөндөй өз ордунда толук кийимчен үргүлөп отурчу. Ушундан улам ансыз деле мурда көөнөргөн атайын кийими апасы менен карындашынын сылап-сыйпаганына карабастан, кебетеси кете баштаган, мына ошол ар кандай тактарга толгон, бирок дайыма тазалап, жалтыратып койгон топчулары бар кийимди Грегор кеч сайын карап отургандан тажачу эмес, абышка бир топ ыңгайсыз жатса деле, мемиреп уктай берчү.
Саат он болгондо апасы аны акырын ойготуп, төшөккө жатууга көндүрүүгө аракеттенет, анткени креслодо жакшы уктай албайт эле, анын кызматы саат эртең мененки алтыда башталгандыктан, уйкусун кандырышы керек. Бирок чабармандык кызматка киргенден тартып кежирликти адат кылган атасы дайыма үстөлдө отуруп, адаттагысындай кайрадан уктап, ошондон кийин аны креслодон туруп, төшөккө жатуусуна араңдан зорго көндүрөт. Апасы менен карындашы андан канчалык өтүнбөсүн, он беш мүнөттөн кем эмес убакытка чейин көзүн ачпастан, башын чайкап отура берчү. Апасы жеңинен тартып, кулагына эңкейип эркелеткен сөздөрдү айтып, карындашы ага жардамдашуу үчүн жасаган ишин таштап келчү. Бирок атасына бул да таасир этчү эмес. Креслого кайра тереңдеп отуруп алчу. Экөө качан гана колтугунан алып, көтөрө баштаганда көзүн ачып, бирде аялына, анан кызына көз чаптырып сүйлөнөт: «Мына, жашоо деген. Карыган кезде тапкан тынчтыгым ушул». Анан өз денесинин салмагын көтөрө албаган адамдай экөөнө салмагын арта эшикке жетип, ошо жерден эми кете бергиле дегендей баш ийкеп, андан ары өзү жөнөчү. Бирок апасы тигип жаткан кийимди, а карындашы колундагы калемди таштап, атасынын төшөккө жатышына жардам берүү үчүн чуркашчу.
Тиричиликтин көйгөйүнөн чарчап, жан кыйналган бул үй-бүлөдө Грегорго ашыкча жан тартып, зарыл болгондон көбүрөк көңүл бурганга кимдин эле убактысы болсун? Барган сайын болгон каражат улам азайып; акыры үй кызматчысын да бошотууга тура келди. Эми баардык оор жумуштарды жасаганга эртең менен кечинде сөөк-саактуу, удургуган ак чачтуу аял келчү болду. Калган жумуштун баардыгын өзүнүн тигүү ишинен тышкары, апасы жасайт. Ал түгүл мурда апасы менен карындашы салтанаттуу учурларда сыймыктанып, кубанып тагынышкан үй-бүлөлүк кымбат баалуу жасалгаларын да сатып жиберүүгө мажбур болушту. Грегор бул жөнүндө андан түшкөн акча жагдайында кечинде сүйлөшүп жатышкан сөздөрдөн билди. Аларды баарынан көп түйшөлтүп, капа кылган нерсе, азыркы абалга караганда бул ашкере чоңдук кылган үйдү таштап кетүүгө болбой турганы эле, анткени Грегорду башка жайга кантип алып баруу керектигин билишпеди. Грегор башка жакка көчүүгө өзү гана тоскоолдук кылбаганын түшүндү, аны дем алууга тешиктери бар кандайдыр бир жашикке салып, оңой эле алып кетишсе болот. Үй-бүлөнү мындай өзгөрүүдөн кармаган эң негизги нерсе, түбү тешилген үмүтсүздүк, анан да алардын тааныш, жакындарынын бири да кабылбаган мындай кырсыкка малынган себеби эмнеде деген суроодо турду. Үй-бүлө бул дүйнө жакыр адамдардан талап кылган нерселердин дээрлик баардыгын жасады, атасы банктагы майда-барат кызматкерлерге эртең мененки тамак ташыды, апасы башка адамдардын кийимин тигип жан талашты, карындашы кардарлардын жоруктарына чыдап, дүкөндө иштеп, мындан башкага алы да келбеди. Атасын жаткырып, апасы менен карындашы кайра чоң бөлмөгө келишет, бирок таштап койгон ишин улантышпайт, бири-бирине бетин тийгизип жакын отурушат. Апасы Грегордун эшигин көздөй башын ийкеп: «Грета, тиги эшикти жаап койчу», - дейт, ошондо Грегор кайрадан караңгыда калат, аялдар дубалдын аркы жагында көз жаштарын төгөт, болбосо бир нокотко тигилип, мелтиреп отурушат, муну Грегор көрбөсө да сезип турат, ошондо анын аркасындагы жарат кайра сыздап, жанын көзүнө көрсөтөт.
Күн менен түндү Грегор тап-такыр көз ирмебей өткөрөт. Кээде кыял дүйнөсүнө бой таштайт: мына, азыр эшик ачылат, ошондо баардыгы мурдагы калыбындай болот, үй-бүлөнүн түйшүгүн өз колуна алат. Көптөн бери каттабай калган кожоюн жана башкаруучу, башка кызматкерлер, шакирт балдар, короо шыпырган делбе, бөлөк ишканада иштеген эки-үч жолдошу, даражалуу мейманкалардын биринде иштеген кыз жылт этип бир көрүнүп жок болгон элес, чын ниети менен, бирок ашкере көпкө чейин шынаарлап, кам көрүп жүргөн баш кийим сатуучу дүкөндүн сатуучу кызы – булардын баардыгы бейтааныш, же эчак унутулган адамдар менен аралашат. Бирок алар анын үй-бүлөсүнө жардам берүүнүн ордуна баардыгы бир кишидей, былк этишпейт, алар качан көздөн кайып кеткенде, кубанышат. Анан үй-бүлөсү жөнүндө кайрадан такыр кам көрүгүсү келбей, өзүн жаман багып жатышканы үчүн кыжырланат, эмнени каалап, кандай тамак жегиси келгенин өзү да билбей, курсагы ач болбосо деле ашканага кирип эмне болсо ошонун баардыгын алууну ойлойт. Карындашы эми анын көңүлүнө өзгөчө эмне жагат деп баш катырбай, дүкөнүнө чуркап кетерден мурда эшигин кыңайта ачып, кандайдыр бир тамак-ашты буту менен түртүп киргизет, аны жейби, болбосо, көп учурда адат болуп калгандай, кол тийгизбей коёбу, ага баары бир, кечинде шыпыргысын алып келет да, бир шилтем менен шыпырып кетет. Эми ал бөлмөнү дайыма кечинде көз ачып-жумганча тазалайт. Дубалдарда кирдүү издер калат, баардык жерде ыпыр-сыпыр. Карындашы келген алгачкы күндөрү Грегор бөлмөнүн өзгөчө каралбай калган бурчуна барып, ушуга нааразы экенин билдиргендей, бүрүшүп жатчу. Бирок ал жерде жумалап жаткан күндө да, карындашы баары бир оңолуп кетмек эмес; ал өзү деле булганыч жерлерди ансыз деле көрөт, жөн гана ошондой калтырууну чечкен. Анын үстүнө муруңку убактарда анда таарынуу мүнөзү такыр, эч качан болгон эмес, эми Грегорго карап, бөлмөсүн тазалоо бир гана анын иши болуп калганына дегеле баардык үй-бүлөгө таарына турган болуп алды. Бир жолу апасы бул бөлмөнү жууп-тазалоону чечти, бир нече чака суу алып кирип, суунун мынчалык көп болушу, баса, Грегорго абдан жагымсыз эле, буга таарынып, диванга сундуйуп жатып алды, бирок бул үчүн апасы өз жазасын алды. Кыз кечинде келери менен Грегордун бөлмөсүндө өзгөрүү болгонун байкаар замат, бирөө ызалап койгон сымал чоң бөлмөгө чуркап кирди, апасынын колдорун ушалап, жалынып-жалбарганына карабай, бакырып ыйлады. Атасы, албетте, чочуганынан креслосунан ыргып турду, адегенде буга апасы экөө таң калып, эмне кылышты билбешпеди. Анан атасы бул ишти кызына бербегени үчүн апасын жемелеп, карындашы болсо тескерисинче, мындан ары ал бөлмөнү тазалоого эч качан мага бербейсиңер деп кыйкырып, ошол учурда апасы толкунданганынан өзүн-өзү биротоло кармана албаган атасын уктоочу бөлмөгө алып кирүүгө аракет кылд. Солкулдап ыйлаган кыз кичинекей муштумдары менен үстөлду койгулап, а Грегор жини келип, катуу кышылдады, анткени эшикти жаап, аны мындай жагымсыз көрүнүштөн, ызы-чуудан куткаруу эч кимисинин капарына кирбеди.
Бирок карындашы ишинен чарчап, мурдагыдай Грегорго кам көрүү көңүлүнө көк таштай тийген учурда деле апасы анын ишин жеңилдете алган жок, бирок канткен күндө да Грегор кароосуз калбады. Эмки кезек үй кызматындагы аялга келди. Өзүнүн узак өмүрүндө, кыязы, жашоонун далай ысык-суугун башынан өткөрүп, ошого жедеп бышкан жесир кемпир чындап келгенде Грегорго эч кандай жийиркенүү сезим менен караган жок. Ал бир жолу күтүлбөгөн жерден ал жашаган бөлмөнүн эшигин ачып, эч ким кубалабаса деле чочуп кеткендиктен жерде жорголоп качып жөнөгөн Грегорду көрүп, эки колун бооруна алып, таң кала карап турду. Ошондон тартып эртең менен кечинде өтүп баратып, дайыма эшикти ачып, Грегорду карайт. Ал түгүл адегенде аны өзүнө чакырып, кыялында, ага жакшы сөз катары сезилген: «Кана, бери келчи, кык чокуган коңуз!» же: «Биздин коңузчабыз кайда?» дегендей сөздөрдү айтчу. Грегор ага жооп бермек түгүл эшик дегеле ачылбагандай, ордунан козголбойт. Каалаган учурда келип, куру-бекер эле анын тынчын алууга мүмкүндүк бергенден көрө, бул кемпирге бөлмөнү күндө тазалоого буйрук беришсе сонун болмок! Бир жолу таң эрте терезени нөшөр черткилеп жаткан, демек, бул келаткан жаздын белгиси, кызматчы кемпир адаттагы келжирегин баштаган кезде, Грегордун кыжыры ушунчалык келди, ал кол салууга даярданган кишиге окшоп, жай, анын үстүнө бошоң тарта, кемпирге бурулду. Бирок ал корккондун ордуна эшиктин алдында турган отургучту алды, ошол эле учурда оозун аңырдай ачып, колундагы отургуч Грегордун жонуна тиймейинче жабылбасы ачык болуп калды.
- Демек, бери сойлобойбузбу? - деп сурады ал, Грегор кайра бурулуп кеткенде, анан колундагы отургучту бурчтагы муруңку ордуна койду.
Грегор эми такыр эле тамак жебес болду. Ага коюлган тамактын жанынан кокусунан жөрмөлөп өтүп баратканда гана эрмек үчүн андан бир чымчым оозуна салып, анан көп учурда кыйла убакыттан кийин кайра түкүрүп салат. Адегенде тамакка болгон табитинин жоктугу бөлмөсүнүн көрүнүшүнөн го деп ойлогон, бирок бөлмө мындай өзгөрүшүнө абдан тез көнгөн эле. Башка бөлмөлөргө батпаган буйум-тайымдарды ташып келүү адатка айланды. Андай нерселер көп эле, анткени бир бөлмөнү үч кишиге батирге беришкен. Алар - үчөөнүн тең бапсыйган сакалдары бар, аны Грегор жылчыктан шыкаалап көрдү - катуу кишилер эле, ошондуктан өздөрү жашаган бөлмөдө гана эмес, бул жерде жашоого келгенден кийин демек, бүтүндөй үйдө тартип, тазалык болушун талап кылышты. Таштандыларды, айрыкча ар кай жерде жаткан ыпыр-сыпырларга чыдабай кетишчү. Эмеректердин көпчүлүгүн да өздөрү алып келишкен. Ушундан улам үйдө сатылбаган же бир ыргытып жиберүүгө кыйбаган ашыкча буйумдар көп болуп кетти.
Алардын баардыгы Грегордун бөлмөсүнө жыйыла берди. Күл салган жашик, ашканадагы таштанды төккөн жашик - ушул сыяктуулар. Убактылуу пайдаланылбагандарды деле кызматчы кемпир шашып баратып анын бөлмөсүнө ыргытып кетет; бактыга жараша, адатта ыргытылган нерселер мурда анын колу тийген буюмдар эле. Мүмкүн кемпир буларды учуру келгенде өз-өз ордуна коймоктур, болбосо баардыгын чогултуп, бир жолу ыргытып келүүнү ойлогондур, бирок алар мурда ыргыткан жерде мына ушул таштандылардын арасынан өтүп, жөрмөлөп жүргөн Грегор жылдырбаганга чейин дагы деле былк этпей жаткан, жөрмөлөгөнгө орун калбаганда эрксизден ордунан жылдырды. Анан бул ишти чын дилинен, күчүркөнүп жасап жүрдү, албетте, мындай саякаттан кийин ал өлөрчө чарчап, кусадан бир нече саат бою кыймылдай албай жатып калат.
Кээде тургундар кечкисин чоң бөлмөдө отуруп тамак ичишет, андай учурларда эшикти бекитип коюшат, бирок буга да тез көндү, анын үстүнө ачык калган күндө деле көп учурда көңүл бурчуу эмес, а бөлмөнүн эң караңгы, үй-бүлө байкабаган бурчунда жатчу. Бир жолу үй кызматчысы ал эшикти ачык калтырды; кечке чейин жабылган жок, тургундар кирип жарыкты жандырышты. Мурда ата-энеси, Грегор отуруп, тамак ичүүчү үстөл четине отурушту. Ошол замат эт салынган табак көтөргөн апасы анын артынан толтура картөшкө салынган табак менен карындашы кирип келишти. Тамактан буркураган буу көтөрүлүп турду. Тургундар жегенден мурда текшерип көрөлү дешкендей, табактарга үңүлүп, тигил экөөнүн ортосунда отурган, кыязы, ошол экөөнө өзгөчө кадыр-барктуу киши бычакты алып, эт жумшакпы, аны кайра артка кайтарып жиберүүгө болобу-болбойбу, ушуну аныктагылары келгендей, табактан бир кесим этти кесип алды. Ага жакты, анын кыймылын алда-кандай болуп кетет деген кыязда карап турган экөө жеңилдегендей, бири-бирин карап жылмайышты.
Үй ээлери ашканада тамактанышты. Бирок атасы ал жакка барардан мурда чоң бөлмөгө кирип, баш кийимин алып, саламдашуу иретинде ийилип, үстөлдү айлана басты. Тургундар орундарынан тура калып, сакал экчеп бир нерсе деген болушту. Атасы чыгып кеткенден кийин унчукпай отуруп, тамагын жешти. Идишке тийген кашыктардын, үстөлгө ташталган бычактардын гана үнү угулат. Түрдүү үндөрдүн арасынан тамак жеш үчүн тиш, ошону менен бирге эң сонун азуу керек, ансыз болбой турганын Грегорго көрсөтүү керек дегенсип, кычырата эт чайнаган тиштин үнү айрымаланып атты. «Мен деле бир нерсе жейм, - деди ал өзүнө өзү кайгылуу. - Бирок тигилер жеп жатканы үчүн гана эмес. Бул адамдар кандай көп жейт, а мен өлүп баратам!»
Дал ошо кечте Грегор ушул балекет баскан убакыттан бери карындашынын ойногонун бир да жолу уккан эмес, ашканадан скрипканын кубулжуган үнү чыкты. Тургундар тамактанып бүтүшкөн, бирөө гезит алып, барагын ажыратып экөөнө карматты, чалкалай отуруп окуп киришти. Скрипка үнү угулганда тыңшап калышты да, орундарынан туруп, буттарынын учу менен акырын басып, эшик алдына топтолушту. Кыязы, ичкериден байкады окшойт, атасы үнүн бийик чыгарды:
- Балким, музыка мырзаларга жакпагандыр? Дароо токтотуу керек.
- Абдан жагат, - деди алардын бири, - жаш айым биздин бөлмөдө, чындыгын айтканда, ал бир кыйла жагымдуу да, ыңгайлуу да эмеспи, ойноп берсе болобу?
- О, албетте! - деди атасы скрипканы өзү ойноп жаткандай кубана.
Тургундар бөлмөгө кайтып келип, күтүп калышты. Бир аздан кийин атасы пюпитрли, апасы нотаны, карындашы скрипканы көтөрүп киришти. Ал шашпай, ойногонго даярданды; мурда башка бирөөлөргө эч качан батир бербеген ата-энеси тургундар менен ашкере сый мамиле жасашчу, өздөрүнүн отургучтарына отурууга да батынышчу эмес. Атасы чапанынын бооруна, эки топчунун ортосуна оң колун катып, эшикке жөлөнүп калды, апасына болсо тургундардын бири отургуч бере койду, ал четке, бурчка барып отурду.
Карындашы ойной баштады. Атасы менен апасы, ар кимиси өз ордунда отуруп, анын колунун кыймылына кунт коюп турушту. Грегор музыканын кызыгына батып, адаттагыдан көбүрөк бери жөрмөлөдү, башы чоң бөлмөгө кирип калды. Акыркы кездерде ал башкаларга анча көңүл бурбаганына таң калбай деле калды; мурда ал абдан сезимтал, сылык эле, ушунусуна сыймыктанчу. Эми качандыр бир кездегиге караганда жашынууга негиз көп, анткени анын бөлмөсү чаңга толуп, кичине кыймылдан буртулдап чаң көтөрүлүп, өзү да чаңга көмүлгөн. Аркасыны, капталдарына жип-шуу, чач, тамактын калдыктары жабышып, мурда күнүнө бир нече жолу аркасы менен таарга сөйкөнүп, тазаланып алчу, эми баарына кол шилтеп, кайдыгерликке белчесинен батты. Бирок азыр ушундай кебетеси менен чоң бөлмөнүн жалтырак полуна жөрмөлөп киргенден коркподу.
Анын үстүнө ага эч ким көңүл бурбады. Жакындары музыка ыргагына термелип отурушкан, а тургундар адегенде колдорун шымдарынын чөнтөгүнө салып, пюпитрдин жанына келип, албетте, карындашына тоскоол болуп, нотаны шыкаалашты, бир аздан соң өз ара шыбырашып, четтей беришти. Анан атасы тынчсыздана карап отурган терезеге баштарын ийе карап калышты. Скрипкада ойнолгон кызыктуу музыка угабыз деген үмүттөрү чынында таш капкан сыяктанып, тажап кетишти, үй ээлерине болгон сый гана тынч отурууга мажбурлады. Тажашканын таноолорунан, ооздорунан бурулдап чыккан тамекинин коюу түтүнү менен өзгөчө билдирип отурушту. А карындашы ушунчалык сонун ойноду десең! Жүзү бир капталына карап, нотадагы белгилерге кунт коюп, муңайым үңүлөт. Грегор дагы бир аз алга жылып, башын жерге төшөдү, анын көзүн көргүсү келди. Эгерде аны музыка ушунчалык толкундатса, анда аны жаныбар дешке болобу? Анын алдында өзү каалаган, али белгисиз бир тамакка жол ачылып жаткансыды. Карындашына барып этегинен тартып, өз бөлмөсүнөн ойноп беришин, анткени бул жерде анын музыкасын өзү баалагандай эч ким баалабасын түшүндүрүүгө чечкиндүү турду. Аны өз бөлмөсүнөн мындан ары такыр, эч болбоду дегенде, өзү тирүү турганда чыгарбайм деген ойго бекиди, мейли, кебете-кешпири желмогуздай болсо да, ага кызмат кылат. Бир учурда баардык бөлмөлөрдө бирдей пайда болуп, ким кызга жакындаса, кышылдаган үнү менен чочуткусу келди, бирок карындашы мажбурланбай, өз каалоосу менен калышы керек. Ал диванда анын жанына отуруп кулагын ага тосот, ошондо мындай шорго малынбаганында консерваторияга өткөн роджество майрамында эле ал майрам балким, өтүп кеткендир? Ушундай ойго бекигенин ар кимдин жок дегенине, ар кандай каршылыкка карабастан чечкиндүү жарыя кылмак болгонун билдирет. Ушул сөздөрдөн кийин карындашы капаланып, ыйлап жибермек, а Грегор анын ийнине көтөрүлүп, ишке киргенден бери жакасы менен да, лента менен да жаппай калган анын мойнунан өпмөк.
- Замзам мырза! - деп кыйкырып жиберди тургундардын бири атасына, анан андан ары үн-сөзсүз сөөмөйүн акырын жылып келаткан Грегор тарапка жаңсады. Скрипка токтоп калды, жанагы киши адегенде беркилерге башы менен белги берип, жылмайды, анан кайрадан Грегорду карады. Атасы кыязы, Грегорду кубалап чыгуудан мурда, тургундардын көңүлүн жайгаруу зарыл деп чечтиби, дегинкисинде алар тынчсызданган деле жок, скрипкага караганда аларга Грегор кызык сезилди. Атасы кере жайган колдору менен тургундарды өз бөлмөсүнө сүрүп киргизүүгө, ошол эле учурда алардан Грегорду өз денеси менен калкалоого шашылды. Же атасынын ушундай жоругунабы, же Грегор сыяктанган кошунасы бар экенинен кабарсыз жашап, эми гана билишкенинеби - ачуулана башташты. Атасына бул боюнча түшүндүрүп беришин талап кылышты, кезеги менен колдорун көтөрүп, сакалдарын сербеңдете сүйлөштү, анан акырын өз бөлмөсүнө чыгып кетишти. Бул учурда карындашы ойноп жатканын минтип күтүүсүз жерден токтотуп коюшканына делдейип, эми өзүнө келип калган, ал бир нече көз ирмем убакытка чейин алсыраган колдору менен скрипканы жерге жакын кармап, дале ойноп жаткан сымал, мурдагыдай эле нотаны карап, анан чочуп кеткендей дирт этип алып, аспапты апасынын - ал дагы эле муунгандай кыйкылдап, терең дем алып, өзүнүн ордунда отурган - тизесине коё коюп, тургундарды атасы түртмөлөп киргизип жаткан катардагы бөлмөгө чуркады. Анын жедеп маш болгон колдору керебетке төшөктөрдү кантип салып жатканы көрүнүп турду. Тигилер киргенче төшөк салып бүткөн кыз шып этип чыга калды. Кыязы, атасынын баягы кежирдиги кайра кармады, кандай болгон күндө да тургундарга карата жасоого тийиш сый-урматты унутуп койду. Аларды күчкө салып, эшиктин алдына жеткенде алардын бири жерди катуу тээп токтотконго чейин, түртмөлөп келе берди.
- Токтоңуз, сөзүмдү угуңуз, - деди ал кол көтөрүп, анан туш тарапты карап, аял менен кызды издеди, - бул үйдө жана үй-бүлөдө ушул жерге келгенде ачуусу менен жерге түкүрдү, - акылга сыйбаган нерселер болуп жаткандыктан, батирден баш тартам. Албетте, мында жашаган күндөрүм үчүн чака тыйын бербейм, ал турсун кайра сизге, анын негиздүү экенине ишенип коюңуз, кандайдыр бир талаптарды койсомбу деп турам.
Ал унчукпай, бир нерсени күткөндөй, алды жакты үңүлө карады. Чынында ошол замат тигил экөө да үн катты:
- Биз дагы караманча баш тартабыз.
Ушундан кийин ал эшиктин туткасын кармап, ичинен тарс жапты.
Атасы өзүнүн креслосуна сүйрөлүп араң барды да, өз боюн күп таштады; адеп караганда адатынча үргүлөп жатуу үчүн ыңгайланды деп ойлоого болот эле, бирок анын башы катуу, чыдатпаган абалда айланып, көңүлү караңгылагандыктан, дегеле көзү ирмелген жок. Грегор жанагы ордунан карыш жылбай, жабышып жатты. Кыялындагы жакшы ойдун минтип талкаланып калганына капаланып, а балким, көптөн бери ачка жүргөндүктөн алсырап, такыр жыла албагандыр. Ал азыр өзүнө карата багышталган жемелер, ачуу сөздөр айтыла баштаарын күттү, буга ишенип турду. Апасынын калтыраган колдорунан жылмышып, тизесинен жерге түшкөн скрипканын үнү да чочута алган жок.
- Менин асылдарым, - деди карындашы ата-энесинин көңүлүн буруу үчүн үстөлдү алаканы менен чаап, - мындан ары мындай жашоого болбойт. Эгер силер муну, балким, түшүнбөсөңөр, анда мен түшүнөм. Муну менен агамдын желмогуз атын атагым келбейт, айтаарым бирөө гана: биз андан арылууга аракет кылышыбыз керек. Биз баардыгын, адамдын колунан келер нерсенин баардыгын жасадык, ага кам көрүп, бактык, ага чыдадык, ошондуктан бизди, менин оюмча, эч ким жемелей албайт.
- Кызым абдан туура айтат, - атасы үнүн араң чыгарды. Дале жакшы дем ала албай кышылдап, демиккен апасынын көздөрү бир башкача алайып, ыкшып жөтөлө баштады.
Кыз чуркап барып анын башын алаканы менен жөлөдү. Кызынын сөздөрү, кыязы, кандайдыр бир илинчектүү ойго түрттүбү, атасы креслого оңдоно отурду; ал тамак ичкенден кийинки жыйнала элек үстөл үстүнө жаткан кызматка кийүүчү шапкесин ойноп аткандай тегеретип, анда-санда былк этпей дымып жаткан Грегор тарапты карап коёт.
- Биз андан арылууга аракет кылууга тийишпиз, - деди карындашы атасына кайрылып, анткени жөтөлүп аткан апасы эч нерсе укпады, - ал экөөңдүн тең түбүңөргө жетет, көрөсүңөр го. Баарыбыз ушунчалык оор жумуштарда иштесек, ал аздык кылгансып үйдөгү түбөлүк азапты тартсак. Мындан ары мен чыдай албайм.
Ал боздоп, өксүп ыйлады, көз жашы апасынын бетинен төмөн куюлду, кыз бетарчы албай, колу менен сүрүп жатты.
- Алтын кызым менин, - деди атасы каргылданган үн менен, абалды эң сонун түшүнүп турду, - Бирок биз эмне кылышыбыз керек?
Карындашы билбейм дегендей белги берип, ийнин куушурду, азыркы эле чечкиндүүлүгүн көз жашы жууп кеткенсиди, ал солуктап, басыла албады.
- Эгерде ал бизди түшүнгөндө... - деди атасы өзүнө өзү айткансып, - анда балким, сүйлөшүп отуруп мунасага келет белек. А азыр...
- Үйдөн чыгып, жоголсун! - Кыз кыйкырды. - Бул жападан жалгыз жол, ата. Бир гана бул Грегор деген ойдон арылышың керек. Биздин шорубуз ушул ойдон көптөн бери арылбай келатканыбызда. Бирок бул Грегор эмес. Эгер ал болгондо мындай жаныбар менен адамдар бирге жашай албасын эчак түшүнүп, өзү кетип калмак. Анда силердин балаңар, менин агам жок болмок, бирок биз мурдагыдай эле жашай бермекпиз, аны эскерип турмакпыз. Болбосо бул жаныбар кууратат, тургундарды кубалап чыгат, ал бүтүндөй үйдү ээлеп, бизди талаага таштагысы келип жүргөнү анык. Карасаң, ата, - ал күтпөгөн жерден кыйкырып жиберди, - ал азыр да өз билгенин жасап кирди!
Анан Грегорго тап-такыр түшүнүксүз, үрөй учурган кыймыл менен карындашы атып турду, апасын отургучтан түртүп жыга жаздады, Грегордун жанында калгандан көрө апасын курмандыкка чалгысы келгендей сезилди, анын бул жоругуна кабатырлана түшүп, ордунан тура калды. Кызын кандайдыр бир коркунучтан сактап калууга умтулгандай, колдорун сунуп келаткан атасына чуркады.
Бирок карындашы гана эмес, бир да жанды чочутайын деген Грегордун ою жок болучу. Ал жөн гана өз бөлмөсүнө жөрмөлөп кетүү үчүн кайрылган, ал өзүнүн тулку-бою ооруп, алсыраганынан улам тар жерден бурула албай, башы менен жер таяна, денесинин жылышына жардам берген. Ошентип башын улам көтөрүп, кайра жерге таштайт, дал ушул кыймылы кыздын көзүнө бир башкача урунду окшойт. Ал токтоп, артына кылчайды. Анын жакшы ниетин, кыязы, түшүнүштү окшойт, тынчып калышты. Эми баардыгы тунжурап, аны муңайым карап турушту. Апасы буттарын сунуп, отургучта кыңайды, чарчагандан көздөрүн жуумп алган; атасы менен кызы жанаша отурушту, кыз атасын мойнунан кучактады.
«Балким, эми менин бурулушум керектир», - деп ойлоду Грегор, анан кайра өз ишин улантты. Ал кыйналгандан кышылдап, байма-бай дем алууга аргасыз болду. Баса, аны эч ким шаштырган деле жок, өз эркине коюшкан. Бурулуп алып, дароо түз жөрмөлөдү. Өз бөлмөсү менен бул жердин узак аралыгына таң калды, ушунчалык алсыраган абалы менен бул аралыкты сезбей, кантип жөрмөлөп өткөнүнө түшүнбөдү. Болушунча тез жөрмөлөп, ордуна жетүүнү ойлогон неме, эми эч кандай ачуу сөздөр, ата-энесинин кыйкырыгы жолтоо боло албаганын да байкабады. Эшикке жеткенде гана башын арт жакка жарым-жартылай бурду, анткени, мойнунун кожоюп, катып баратканын сезди, бирок артта эч нерсе өзгөрбөгөнүн, карындашынын гана ордунан турганын көрүүгө жетиштүү эле. Акыркы жолу көргөнү апасынын биротоло уктап калганы болду.
Өз бөлмөсүнө кирери менен эшикти шарт жабышты, жылдыргыч темирин илди, анан эшиктин кулпусуна ачкыч салынды. Арт жактан күтүлбөгөн жерден чыккан добуштан Грегор чочуп кетти, ал түгүл тамандары да секирди. Бул карындашы эле. Эшиктин жабылышын күтүп, даяр турган. Жабылар замат Грегор кыздын кантип келип калганын укпай калды. Учуп жетип, ата-энесине кыйкырды: «Акыры ушундай болмок!» - шырк эттире кулпуну бекитти.
«Эми эмне болот!» - деди Грегор өзүнөн өзү, караңгылыкка телмирип. Көп өтпөй өзүнүн дегеле кыймылдай албаганын билди. Буга таң калган да жок, кайра ушундай ичке, майда бутчалары менен ушул кезге чейин кыймылдап, жөрмөлөп жүргөнүнө ишенбей, бул болбогон жоруктай сезилди. Калган нерселерге кабатырланган жок. Бүтүндөй денеси, чынында сыздап чыкты, бирок бул бир аздан кийин өтчүдөй, акырындап биротоло басылчудай сезилди. Аркасына матырылган алма чирип, айланасын ириңге айлантып, ал жерин коюу чаң каптап калганы анын капарына да келбеди. Үй-бүлөсү жөнүндө мээрим менен, сүйүү менен ойлоду. Үйдөн чыгып, жоголуп кетиши керектигин туура көрдү, ал азыр карындашына караганда алда канча чечкиндүү эле. Мына ушундай таза, мелмилдеген ойлор менен алпурушуп, мунарадагы саат түнкү үч болгонун жар салып, коңгуроо какканча былк этпеди. Терезеден жарык кирген кезде ал тирүү болучу. Анан башы эркинен тышкары шылк этти, акыркы жолу араң дем алып, тынчып калды.
Эртең менен эрте келген кызматчы шашып, бул очойгон аялдан акырын жүр, тарак-турак эткен үн чыгарба деп канча айтышканы менен баары бир, эшиктерди каңкылдатып ачып-жабат, ал келгенде үйдөгү таттуу уйкунун күнү бүтөт. Демейки адатынча Грегордун бөлмөсүнө баш бакты, адегенде өзгөчө эч нерсе байкаган жок. Таарынган түр көрсөтүп, ал ушинтип былк этпей жатып алса керек деп ойлоду. Анын акыл-эси барына кемпир ишенчү, мындан шектенчү эмес. Эшиктин адында туруп, капысынан көтөрүп алган узун шыпыргынын учу менен Грегорду чукулап көрдү. Бирок ал күткөндөй тигил кыймылдабады, ачуусу менен катуураак түрттү, каршылык кылбай, былк этпей жата берди, ушундан улам кабатырлана түштү, аны ордунан козгоду. Эмне болгонун түшүнүп, көздөрү алайып, тиш арасынан ышкырды. Бирок буйдалбай дароо чоң бөлмөгө чуркады, эшикти шарт ачып, караңгылыкка карай үнүнүн болушунча кыйкырды:
- Карагылачы, ал өлүп калыптыр, ал өлүп жатат!
Кызматчы кемпирдин кирип келип кыйкырганынан чочуган жубайлар төшөктөн баш көтөрүп, жүрөктөрүн араң басышты, анан барып сөз маанисин түшүнүштү. Замза мырза менен Замза айым, ар бири дивандын өз тарабынан шашыла турушту, Замза мырза ийнине одеялды жаба салып, Замза айым болсо бир гана ич көйнөкчөн жөнөдү. Ошентип алар Грегордун бөлмөсүнө келишти. Ошол учурда чоң бөлмөнүн эшиги ачылып, тургундар келгенден бери ошол жакта жатып жүргөн Грета чыкты, ал кийимчен болучу, кубарган жүзү анын уктабай чыкканын билдирди.
- Өлдү дейсиңби? - Замза айым кызматчыга суроолуу карап, ансыз деле муну өз көзү менен көрүп, айтканына ынанса болмок.
- Ошону айтып жатпаймынбы, - деди кемпир, анан сөзүн далилдегиси келгендей Грегордун денесин шыпыргы менен дагы арылатып, бурчка түрттү. Замза айым шыпыргыны кармай калчудай обдулуп барып, кайра мелтейип туруп калды.
- Мына, - деди Замза мырза, - эми биз кудайга ырааазы болсок болот.
Ал колун эки ийнине, анан чекесине тийгизип, чокунду. Үч аял аны кайталашты. Көзүн өлгөн жандан албай турган Грета:
- Карасаңар, ал өлөрчө арыктаптыр. Көптөн бери тамак ичпегени да. Кандай тамак алып келсем да, тийчү эмес.
Чынында анын денеси абдан кургак, жалпак болуп калыптыр, муну эми гана, качан бут сымактары көтөрө албай калганда гана чындап көрүштү, мындан башка алардын көңүлүн эч нерсе бурган жок.
- Бир мүнөткө бул жакка кирчи, Грета, - деди Замза айым муңайым жылмайып, өлүктөн дагы деле көзүн тартып кете албаган кыз ата-энесинин артынан чоң бөлмөгө карай басты. Кызматчы эшикти жаап, терезени чоң ачып койду. Али эрте болгонуна карабастан, таза аба бир аз жылуу эле. Март айы бүтүп бараткан.
Үч тургун өз бөлмөсүнөн чыгып, эртең мененки тамак жогуна таң калып, туруп калышты: аларды унутуп коюшкан эле.
- Эртең мененки тамак кана? - деди ортончу тургун. Жооп берүүнүн ордуна кемпир сөөмөйүн эрдине такап, Грегордун бөлмөсүнө киргиле дегендей белги берип, башын тез-тез ийкеңдетти. Алар жарык бөлмөгө кирип, түлөп калган кемселдеринин чөнтөгүнө колдорун салган бойдон, Грегордун өлүгүн карап турушту.
Бул учурда чоң бөлмөнүн эшиги ачылып, андан кызматтык кийимин кийген Замза мырза чыкты, аны бир жагынан аялы, экинчи жагынан кызы колтуктап алган. Баарынын көздөрүнөн жаш мөлтүрөйт; Грета бети менен атасынын ийнине жабышып алган.
- Үйүмдөн токтоосуз чыгып кеткиле! - деди Замза мырза колу менен эшикти көрсөтүп, бирок аялдарды колунан чыгарбады.
- Бул эмне дегениңиз? - деп сурады ортончу тургун бир аз тартынгандай, анан кайра шылдыңдагансып ыржая күлүп койду. Берки экөө эки колун аркасына алып, кандайдыр бир чоң талаш-тартышты кубанып күткөндөй, акыры жеңиш өздөрү тарапта болорун билгендей, аркадагы колдорун тынымсыз укалай беришти.
- Эмне айтсам, дал ошондой дедим, - Замза мырза жооп берди да, жанындагы аялдардын коштоосу менен тургундарга жакындады. Тигил бир нече көз ирмемге чейин чачылган ойлорун терип жаткан сымал, жерди карап унчукпай турду.
- Болуптур анда, биз кетебиз, - деди анан ал күтпөгөн жерден моюн сунгандай Замза мырзага карап, ушундай кыйчалыш учурда да мырзанын макулдугун күтүп турган. Замза мырза аны акырая карап, бир нече жолу баш ийкеп гана койду. Ушундан кийин тиги киши чынында эле ошол замат кенен арыштап, кире беришке жөнөдү. Сөзгө кулак салган берки экөө эми колдорун ушалабай, Замза мырза эшикке алардан мурда жетип, жолду тосуп койчудан бетер ашыгып, тигинин аркасынан салып-уруп жөнөштү. Алар илгичтен шляпаларын, жашиктен ар нерселерин алып, үн-сөзсүз баштарын ийишти да, үйдөн чыгып кетишти. Эч кандай шектенүүгө негиз болбосо деле, кандайдыр бир ишенбестик менен Замзам мырза эки аядын коштоосунда тепкич аянтчасына чыкты. Тепкичтин кармагычына сүйөнүп, тургундар узун тепкичте абдан жай, чынында олдоксон түшүп, кабат үйлөрдүн арасынан бирде жок болуп, бир нече көз ирмемден кийин бурулуштан кайра көрүнө калып, кетип баратышканын карап турушту. Алар улам төмөндөп, алыстаган сайын Замзанын үй-бүлөсү өздөрүн кенен сезип, качан гана көчөнүн наркы тарабындагы чоң имаратты айланып, көздөн кайым болуп кеткенде, Замза жана аялдар кандайдыр бир жүктөн арылган адамдай биротоло жеңилдеп, аянтчадан бурулуп, үйлөрүнө кайтышты.
Бул күнү алар эс алып, сейилдеп келмей болушту; алар буга жумуштан чарчагандыктан гана татыктуу болушкан жок, жөн гана буга муктаж эле. Ошондуктан үстөлгө келип отурган үчөө: Замза мырза - өз дирекциясына, Замза айым - өз иш берүүчүсүнө, ал эми Грета өзүнүн чоңуна түшүнүк кат жазышты. Бул арада кызматчы кемпир кирип эртең мененки жумуштардын баарын бүткөрүп, кетип баратканын айтты. Тигилер жазуусун токтотпой, адегенде карабай эле баш ийкешти, бирок кемпир кетип калбай, ордунда турганына нааразы боло карап калышты.
- Эмне болду? - деп сурады Замза мырза.
Кызматчы кемпир бул үй-бүлөгө айта турган кандайдыр бир кубанычтуу кабары бардай, анысын абдан суранып, өтүнгөндөн кийин гана айтчудай түр менен эшиктин алдында турду. Замза мырзанын дайыма итиркейин келтирген аялдын шляпасындагы төөкуштун канаты тик туруп, баардык тарап дирилдеп жатты.
- Кана, деги сизге эмне керек? - деди Замза айым, кызматчы кемпир баары бир ага кыйла урматтоо менен мамиле кылчу.
- Ооба, - ак ниетинен чыккан күлкүсүн тыюуга аракет кылып, жооп берди кызматчы, - тигини, ошону кантип... эмне кылабыз деп кабатыр болбоңуздар. Баардыгын эчак жайгарып койдум.
Замза айым менен Грета жазып жаткандарын андан ары улантуу ниетинде кагаз беттине үңүлүштү. Замза мырза эмне жасаганынын ийне-жибине чейин айткысы келип турган кызматчы кемпирге колун кескин көтөрүп токтотту. Оозундагы сөзүн жулдуруп жибергенде гана ал абдан шашып атканын эстеди, таарынып калганын ачык билдире: «Жакшы калыңыздар!» - деп бурк этип, шарт бурулду да, эшиктерди күч менен карс-карс эттире жаап, үйдөн чыгып кетти.
- Кечинде аны кетирем, - деди Замза мырза, анткени ал эми эле калыбына түшкөн тынчтыкты кайра бузбадыбы. Бирок аялынан да, кызынан да эч кандай жооп болбоду. Алар туруп, терезеге келип, бирин-бири кучактап туруп калышты. Замза мырза кайра үстөлгө барып, бир нече көз ирмемге аларды карап турду. Анан үнүн бийик чыгарды:
- Бери келгиле! Акыры өтүп кеткендин баарын унуткула. Мен жөнүндө деле кичине ойлоп койгула.
Ошол замат аялдар ага жакын келип, эркелетип, жазып жаткан каттарын заматта бүткөрүштү.
Анан алар үйдөн чогуу чыгып, мындай болбой калганына жылга чукулдап калган эле, трамвайга түшүп, шаар четише жөнөштү. Вагондун терезесинен күндүн жылуу нуру тийип турду. Ар кими өз ордуна ыңгайлуу, чалкалай отуруп, эртеңки күн, алдыда эмне кылуу керек деген сөзгө киришти, аларга келечек жакшы жүз, жакшы ырай менен келе тургандай сезилди, анткени, чынын айтканда, бири-биринен ушул кезге чейин бир да жолу сурашпаган иштери ар кимисине абдан ыңгайлуу эле, а эң негизгиси - мындан ары көп нерсе колго жакын көрүнүп турду. Азыр алардын абалын эң жакшы жолго салууга оңой болуп турган нерсе, албетте, үйдү алмаштыруу; азыркы, тээ эчак Грегор тандап алган үйдүн ордуна кичирээк, кыйла арзан, бирок ыңгайлуу, дегеле көңүлдөгүдөй үй алууну көздөштү. Баарлашып отурган маалда улам барган сайын көңүлү ачыла сүйлөгөн кызына көз чаптырып, жүзүн кубарткан баардык азап-тозокторго карабастан, акыркы кездери бажырайган гүлдөй ачылып, кадимки сулуу кызга айланганын эрди-катын экөө бир учурда сезишти. Тунжурап, көз караштарга кезек берип, ага жакшы күйөө болор адамды издөөгө убакыт жеткенин ойлоп отурушту. Поёзд токтогондо алардын жакшынакай ой-тилектерине, эң сонун үмүт-каалоолоруна кол сунгандай, кызы ордунан биринчи туруп, тал чыбыктай созулган жаш денесин түздөдү.
Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ
[1] Күмүш тыйын