Кубантай Эрназаров: Сабыр

  • 05.02.2022
  • 4066

АҢГЕМЕ

Буркандын короосуна кой өңөргөн чоочун жигит атын омуроолотуп кирип келди да, атын ары-бери ойдолотуп туруп калды. Арыда устаканада адатынча көйрөңдөнүп темир ийлеп олтурса керек, үстү-башы көө Буркан чыгып алик алды. Чоочун жигит келген себебин айтты окшойт, экөө көпкө сүйлөштү. Сөз арасында Буркан утур кол шилтеп коёт.

- Манапка текинден дагы бирдеме келди.

- Ошондой го.

- Бул атчан «Элүү бирден»[1] келдиби же Чайчыданбы?

- Ой, ит билсинби?

- Кыскасы, биздин балдардан эмес. Ат да башка.

Буркандын үйүнөн эки үй арыда арак менен тамеки саткан үйдүн малканасында Эмил базек, Ибиш чолок, Малик үчөө аларга көз салып карап калышты. Үндөр кобур-собур угулуп, чоочундун келген жайын аңдоого болбоду. Акырында атчан чоочун шашып жаткандай кол шилтей салып, алдындагы койдун буттарын үзөңгүдөн бошотуп, койду Буркандын алдына таштады да, үчөө турган тарапты көздөй жөнөп калды. Жакындай келгенде карашса, үстүнө тон, көрпө тебетей кийип чоң кишидей көрүнгөн чоочун жапжаш эле жашы он бештин тегерегинде өспүрүм экен.

- Кайдан келдиң, үка? – Эмил базек атын ылдам бастырып бараткан өспүрүмгө карады.

- Ыя? – деди атчан өспүрүм укпай калгандай үн чыккан тарапка бурулуп. – Менби? Бек-Жарлык болом.

- Бери тие кетчи, үкам, – Эмил жумшара сүйлөдү.

- Эмнеге? – өспүрүм ат тизгинин тарта суроолуу карады. – Шашып бараттым эле.

- Келсең, сөз бар сенде, – Эмил базек ордунан туруп, артын кагынып, атчан тарапка жөнөй берди. – «Элүү бирге» бирөөгө муну бере кетчи.

- «Элүү бир» тарапка барбайм, Көк-Көйнөктүн белин ашам, – өспүрүм Эмилдин чоо-жайын турган кебетесинен эле түшүндү окшойт, тизгинди кагып жөнөп калды. – Капа болбоңуз, ака, - деди артын карабай баратып.

Өспүрүм атын дыргаяктата артын карабай чаап жөнөдү.

- Эй, жетим! Токтосоң сөз бар сенде! – артынан Эмил базек кыйкырган бойдон калды. – Энеңдурайын, токто дедим!

Бир топко узап кеткен өспүрүм муну уккан да жок. Буларды алдыртан Буркан да карап турган. Эмил бери бурулар замат ага кол жаңсап чакырды. Буркан жашы алтымышка келип калган жолборс кабак, олбурлуу киши. Бул айылга 60-жылдары беш жашында апасын ээрчип келген. Мунун өз ата-тегин чөл[2] тараптан деп калышат. Бирок өзү да түзүк билбейт. Айылда өгөй атасы – Жусуптун колунда чоңойду. Ыраматылык Жусуп аксакал тиргиликке деле анча жок, баласаак киши эле. Бул алган аялынан бала көрбөдү. Өгөй баласын өз баладай жакшы тарбия берип кастарлап чоңойтту. Буркандын кенедейинен темир-тезекке жакындыгын айылдыктар анын өз ата-теги ушундай устачылык жайы бар адамдар болсо керек деп жоромолдошчу. Буркандын энеси анын атасы тууралуу бир ооз сөз айтпады. Ал тургай ким экенин да. Айылдын айрым оозуна алы жетпегендери мунун келгин экенин чукуп, бирок Буркандын өзүнө айта алышчу эмес. Анткени бул жарыктык кишиге айылдын көп күнү түшө турган. Анан да мүнөзү жумшак болгону менен былжырактын кебин көтөрө албаган ачуусу бир аз чукул, сөөгү чоң сүрдүү киши. Ашыкча кыды-быды сөз айтпасаң, суу менен чөптөн башка эч кимге зыяны жок момундук жайы бар.

Союз таркаган мезгилде ФАПтын УАЗын айдап иштеди. Жокчулук мезгилде бир күнү Ошко, кээ бирде райборборго УАЗ менен эл ташып жүрдү. Анан да темир уста: айылга кош жасайт, унаа оңдойт, айылдын бүт сынык кетмен-күрөк, айры, чалгысы бүт ушунун колуна келет. Кыш чилдеде кычап айылдын ишенген жалгыз трансформатору күйүп кетсе да, Буркан барып оңдобосо, айыл ичи жумалап жарыксыз калчу.

Кийин эл бир аз ирденип, айылдын айрым мигрант жаштары аталарына авто-унаа сатып берип, Ош менен райборборго каттаган машиналардын аягы тыйылбаганда гана эски УАЗга эч кимдин күнү түшпөй калды. Сотка чыгып, мурдагыдай саарлап төрт көчөнүн тоомунда авто-унаа күтүп шаарга жөнөгөн адам жок. Азыркы шоопурлар телефон чалып, кардарларды үйүнөн алып кетишчү болгон.

Көздүү мончок жерде калбайт. Элде мал көбөйгөндө, сыртта карышкыр тобу менен пайда болуп, талаада кыштаган жылкыларды четинен кырып, ал тургай түнкүсүн айылга кирип келе баштаганда, Буркан айылдын мергенчи жаштарынан топ түзүп аңчылыкка ооп кетти. Жайкысын дары чөп кургатып, чөп менен дарылаган табыпчылык сырын да үйрөнүп алды.

Үч ай бою Бек-Жардагы кары кемпирди чөп менен дарылап жүргөн. Акыркы барганында караса, кемпир мурдагыдан бир топ түзүк. Жанагы өспүрүм – кемпирдин небересинен бир койду кемпир тартууга берип жибериптир. Буркан буга ичтен бир аз уялды; кемпирди атайын барып деле караган эмес. Оштон кайтканда жол боюндагы айылга бурулуп, кемпирге керектүү чөп дарыларды таштап, ичиштин жол-жобосун көрсөтүп кайтар эле. Тартууга келген койду союп, этин келе жаткан жума намазында айылдык мечитке агылып келген элге кемпирдин ден-соолугу үчүн сооп катары таркатып жибергиси келди. Эмил базекти көрө калып чакырганы ошондон. «Баш жазган менен көр казгандын сообу чоң» –  деп калышат. Койду союп даярдаган соң, тиги тамдын улагасында сагалап олтурган үчөөнү – Эмил базек, Ибиш чолок, Маликти да үйгө киргизип, койдун шыралгасы, ичеги-кардын салып казан астырып, агынан биртке куюп берүүнү чечти. Ичсе да, тамда сагаалабай, адамга окшоп эттүү тамак менен дасторкон үстүндө ичишсин. Бул деле сооп.

- Ассалом-алейкум, Буркан ака, – үчөө жетип келер замат жарыша салам берди.

- Алейкум салам, – Буркан озунуп кол берди, – Келгиле жигиттер.

- Э, кандай, манап ака, – Эмил базек келип өзгөчө салам берип учурашты, - Ой, бул жандык кайдан?

- Муну жиликтеп союп, майдалап бербесең болбойт, үкам, – Буркан иштин чоо-жайын түшүндүрдү. – Жума намазда таркатып жиберейин. Үчөөлөп муну бирдеме кылгыла эми.

- Бирдеме кылышты бизге кой, ака, – арыдан Малик сөзгө кыпчылды. – Бирдеме кылгандан кийин бизге да бирдеме болобу?

- Албетте, үкам.

- Болду анда, – Малик алакандарын ушалап ишке киришкени калды, – Менде курч бычак анан эт чапкан дөңгөч бар. Апкеле калайын, – шыпылдап үйүн көздөй жөнөп калды, – Тамеки жок беле, Буркан ака?

Анын тамеки тартпасын билсе да ушинтип сурады. Эки адамдын башы бириккен жерге бара калып, ичи-койнуна кирип баса калып жеп көнгөн эргулдун минтип сураганы – «Тамекиге акча бересизби?» дегени эле. Буркан муну айттырбай түшүндү.

- Мурдуңду чек, мурдуңду... Бул киши тамеки эмес насвай тартат, – Эмил экөөнү бирдей чымчып өттү. Бир аз курсагы тоюп калса керек. Курсагы токто ушинтип ар кимге мурду менен бир тийип калат.

- Жок, – деди Буркан. Чөнтөгүнөн эки жүз сомдук сууруп, ага сунду. –  Мэ, буга тамеки ал.

- Ой, ыракмат, ушуну жакшы кылдыңыз, – Малик кудум ыргытылган бир кесим нанды жерге түшүрбөй тиштеп калган иттей сунулган акчаны лып илип, көлөч кийген буту жерге тийип-тийбей чуркап жөнөдү.

- «Кул коён тааптыр, коёрго жер таппаптыр» – деп илгери ыраматылык энем айткандай, учу сынык күрөк менен жер казып кирген Ибиш чолок үн катты. – Койду соёр алдын, күрөктү оңдоп койбодуңузбу, уста ака?

- Оңдойм деп жатып эле унутуп калам.

Эмил базек койдун жибин чечти. Арткы бутунан көтөрүп салмактады да, жерге жыгып бутун тушады.

- Мынакей бычак, – арыдан Малик жетип келди. Колунда бычак, эт чапкан дөңгөч менен кайрак кармап алган.

- Келе бери, – Эмил базек бычакты колунан сууруп алып, койдун так маңдайына туруп курчутуп кирди.

- Бул жакка өтүп курчут, – Ибиш чолок бычак курчутуп жаткан Эмилге кайрылды, – Мал көзүнчө бычак курчутпайт, тууган.

- Сенден сурап жатамбы, – Эмил буга ичинен ынанса да, ага ороң этип жерде буттары тушалып жаткан койдун артына өттү.

- Муну сообу баарыбызга тийсин, үкам, –  ичинен ооруп айыккан кемпирге, өзүнө жана албетте, тиги үчөөнө кошуп сооп тилеп жаткан Буркан негизги ишти колуна алган Эмилге жайдары карады. – Эл-журт, тууган-урук баары…

- Туура айтасың, манап, – бычак кайраган Эмил сөздү жыра тартты. – Текиндикин пекинге де?

- Кандайча текин? – Буркандын үстүнө муздак суу куюп жибергендей болду. Аңырайып Эмилди карады. – Адал жол менен эле келди.

- Билем адал экенин, манап. Сенден бул арамбы же адалбы деп сурадымбы. Дагы кимди сындырдың, манап? Ошону гана билип коёюн дегеним.

- Эгер арам болсо, сойбой эле кой анда.

- Кой, манап, анттип «дерзский» сүйлөбө. Арамбы, адалбы, мага мунун айырмасы канча.

- Эй, үкам, манап дегениңди токтот.

- Токтотпосочу? – Эмил базек ишин токтото Бурганга тигиле карады. – Беш атар менен кумайык итти аткандай кылып таштайм дебейсиңби, ыя!?

Манап, кумайык ит… Бул сөз Буркандын жүрөгүн тилип кетти. Ачуусунан бети кумсарып, муруту дирт-дирт эте ага жакын басып келди. Бешилик менен кашек көтөрүп келген Ибиш чолок очок боюнда аларга карап унчукпай туруп калды. Арыда мамынын жака белин тарап, тазалап жаткан Малик бешиликке таянган бойдон селейди.

- Манап дегениңди токтот дедим! – Эмилдин так маңдайына жакын келип кыйкырды.

- Эй, манап, мен кой дедим сени.

Эмил курчутуп жаткан бычагын оң колуна кармаган бойдон Бурканга керсейе тиктеди. Аны менен чындап мушташкысы келди. Жок шылтоо менен уруп-сабап баятан берки ичинде кайнаган ич күйдүлүгүн чыгарып алгысы бар. Буркан ага заарын чачып карап турду да, бирок бирдеме дешке даабады. Артка бурулуп, жерде тушалган койдун бутун чечип, ичте кайнаган ачуунун күчү менен кашардын ичине ыргытып жиберди.

- Кереги жок, ыракмат, үкам. Бара бергиле, – дей салып үйүн көздөй басты. – Текинден имиш.

Үчөө турган жеринде катыды. Баары жым. Бир маалда бул жымжырттыкты Эмил базектин сөзү бузду:

- Кой, жүр кеттик. Баралы да тиги Сейит нокотектин[3] көңүн чабалы.

Сейит ата-бабасы ушул айылдык киши, аны нокотек деп эч ким айтпайт, айткан да эмес. Бул сөз какшык менен Бурканга айтылып, анын жүрөгүнө тикенектей кадалды.

Эмил бир сөз менен айтканда ушул айылдык тиричилигин эптеп кылбаган газанда[4]. Үч катын кетирди, ага карабай айылдагы келин-кесек аттуунун баарына сын тагып, анын оюнда айылдагы аял аттуунун баары соо эмес. Удулу келгенде бүт эле ала жипти аттап эринин көзүн ойгондор. Курсак тойгузуш амалында Буркандын майда-чүйдө ишин кылышып, анысына биртке акча алып, курсагын тойгузуп акелеп-жакелеп келип-кетип эле жүрчү. Бурканда ашык акча боло калганда, мурдунда жыты бар немедей келип карыз сурай калганын айт. Бирок төрт эркектин башы биригип ичип калышканда муну келгинге чыгарып, уруусун сүрүштүрүп, бул тексиз неме айылда манап сыңар тиричилик кылып жүргөнүн көп айтат. Муну айылдан кетириш керек дейт. Нокотек өз уруусун, өз ата-журтун таап, биздин айылдан көчүп кетиши керек дейт. Бул тексиз кумайыкты ыңгайы келсе, атып салса да сооп болот дейт. Эмил базек жаш туруп бир аз ичи тар. Мунун кулдай иштеп, байдай жашаганын анча жактыра бербейт.     

Үчөө короо тараптан чыгып баратканда Эмил базек короонун сырткы эшигин жыга тээп чыгып кетти. Артынан Малик чыкты. Ибиш чолок жыгылган элгинчекти тургузуп, жибин байлап, андан соң узай түшкөн экөөнүн артынан итеңдей чуркады. Үчөө кечээтен бери Узун-Жылганын тоомундагы Сейиттин кашарында көңүн чаап иштеп жатышкан.

Буркан үйдүн жертөлөсүндө беш атарын октоп жатты. Анын жертөлөдө күдүңдөп олтурганын байкаган аялы кире бериш бөлмөдө жертөлө тарапка кулак төшөп калды. Короо жактан бирөөлөрдүн кер-мур айтышканы угулуп жаткан маалда бешим намазын окуп бүтүп, жайнамаз үстүндө теспе тартып, хадис китептерди барактап олтурган.

- Эмнени талашып түбүнө жетпей жаттыңар, байым? – жайнамазда көз айнекчен жүзүн китептен албай жертөлө жакка үн катты. – Эмил менен уруштуңбу?

- Урушкан жокмун! – байбичесинин «байым» деп кайрылганы Эмилдин «манап, кумайык» – деп айтканындай жагымсыз угулду.  – Өзү кычады мага.

- Кой, теңелбе. Көрбөй-билбей жүргөн Эмил беле. Ачуусун жеңе билген өзү жалгыз түмөн жоону жеңген менен барабар[5]. Сен энесинин кырк ашында берген бордокуну ушинтип кайтарып жатса керек да.

Эмил апасын көмгөндө кыркылык ашына чычкак улак табылбай калганда, Буркан көөнү түтпөй байлоодо турган койдон батага келген элге бирди сойгон. Байбичеси азыр ушуну эске салды. Кантсе да баары бир аял да.

- Ошону айтпайсыңбы. Андан бери деле менден канча ирет акча алып, кайтарбады, – беш атарды октоп жатып көзүнөн салаалап жаш акты. – Дооласам бир жөн, каралашкан үчүн демек мен макоо экенмин да ага.

- Муну эми билдиңби? – байбичеси үстүнөн чыга чымчып сүйлөдү. – «Мал баккандын оозу-башы май болот, адам баккандын бети-башы кан болот» деп илгертен калган. Ар кимге өпкө-жүрөгүңдү садага чаап басып жүргөн сенде да бар.

- Мен жаман экенмин да! – керзо өтүгүн кийип, октолгон беш атарды асынып сыртка жөнөдү. – Унчукпай койсо, баса калып ургусу бар мени энеңдурайын...

- Эч ким жаман деген жок сени. Болгону кыраакы бол бир аз, – кире бериш бөлмөдөгү байбичеси дале хадис китепти окуп олтурган. – Кайда жөнөдүң?

- Ууга.

- Кеч эмеспи? Келатып Сабырды таба келчи. Ойноок бала: «Азыр келем, эне» – деп кеткен барабар жок.

Байбичесинин акыркы сөзү кулагына кирбеди. Өтүп баратып терезеден өзгөрө түшкөн кебетесин көрүп калды. Короо тараптан Сейиттин малканасы жайгашкан жылгага бет алды. Айылдан узай бергенде малкана ичинде көң чаап жаткан үчөөнүн карааны көрүндү. Түз малкана тарапка ылдам басып баратты.

Малканага жакындап калган. Бир маалда мойнок тараптан калпагын алып кол булгалаган чалдын карааны көрүнгөндө, ага улай сегиз-тогуз жаштагы жеткинчек Буркан тарапка учуп-күйүп чуркап жөнөдү. Буркан элейип турду да, анан ошол тарапка ыргылжың басып жөнөдү. Ага жете келген бала тили күрмөөгө келбей, сүйлөшкө дарманы жок чал тарапты колу менен кезеп көрсөткөндө, Буркандын жүрөгү шуу дей түштү, желип-жортуп чуркаган бойдон мойнокту ашты.

Мойноктун кырын ашып түшөр замат карышкыр алкымдап турган торпокту көзү чалды. Карбаластаган чал не кылыштын айласын билбей калпагын алып, торпокту алкымдап, куйругун булактатып турган карышкырды чапкылап жүрөт. Аларды тиктеп бериде турган эки-уч жеткинчектин не кылышын билбегени же тамашага батып карап турушканы билинбейт. Жакындап караса, карышкыр дегени чоң ит экен. Баягы ачуусу менен чөгөлөй олтуруп, куйругун булактаткан итти ичке мээлеп калганда, аны көрө калган чал алаканы менен кулагын жапкан бойдон четке чыга качты.

- Ой, ат бачым! Эмне турасың!? – качып баратып чалынып жыгылган чал жаткан жеринен башын көтөрө кыйкырды. – Өлтүрөт экен, кокуй!

Тарс! Ит салмоор менен ыргыта койгондой ыргып барып, беш-алты кадам узап жерге сулады. Алкымы канга боёлгон торпок жерге тизелеген бойдон нес. Буркан жерге оонап жаткан итке жакындап келди. Арыдан кагынып-силкингенче чал да басып келди.

- Ой, келе калганың ырас болбодубу, – деди чал энтиге. – Болбосо мени кошуп жеп салмак бул каңгыган ит.

- Кимдин ити бул?

- Ой, ким билет, – деди чал демин баса албай кырылдап. – Ылдыйкы айылдан келсе керек. Өткөндө да бир козуну баса калып, чайнап салыптыр деп жатышкан. Ушул ит тура, атаңгөрү. Бул баарыбызды жеп түгөтмөк экен, ырас кылдың.

Иттин ок жеген каптал тарабы канга чыланып, ырылдашка алы келбей, кере-кере дем алып жатты. Дем алган сайын териси этине жабышып, кабыргалары каркаят. Буга көөнү чыдабаган Буркан беш атарды иттин башына мээлегенде, чал адатынча кулагын жапкан бойдон тескери бурулду. Аны туурап арыда турган балдар да кулактарын жаап тескери карашты. Тарс! Иттин буттары жыйрылып, кайрадан суналды.

Жанатан карышкыр сымал тажаалданган ит жерде тым жатты. Муну карап турган Буркан тажаалдык деле күнү келгенде эчтекеге арзыбасын түшүндү.

Бир маалда тээ арыдан чуркап келаткан алты жашар небереси – Сабыр көрүндү. Мылтыктын атылган үнүн укса керек. Чуркап келер замат алгач чоң атасын колдон алып, болуп өткөн ишке түшүнбөй бирде чоң атасын, бирде жерде суналып канжалап жаткан итти алмак-салмак тиктеп:

- Чоң ата, итти эмнеге атып салдың? – суроолуу карады.

Чоң атасы үндөгөн жок. Небереси иттин жанына барды да, өлүүбү же тирүүбү дегендей акырын иттин буттарын тепкилеп көрдү.

- Ий, ата, атпай койсоң деле болмок. Итке теңелип ит болуп…

Итке теңелип ит болуп, хе-хе-хе… Бул сөздү чоң энесинен укса керек. Ошону туурап сүйлөдү. Небереси муну жерде азуусун аркайтып былк этпей жаткан итке жан тартып, ага боору ооруп аяп айтты.

Небересин жетелеген бойдон үйгө бет алды. Небересинин оозунан чыга калган сөз жанатан бери ичинде муздай катып, оттой алоолонгон ачуусуна суу сээп жибиткенсиди.

Итке теңелип ит болуп… Небереси ушинтип айтканын эстеп, ичинен бир алдын күлкүсү келет десең. Же керектүү жерде таамай айтылган сөз чыгар бул. Бир топ узаган соң небереси:

- Ата?

- Ов, кубатым.

- Ит атканы атайын келдиңби?

- Жок, итке теңелгим келбеди.

- А сен аттың го?

- Иттин кесепети итке көрүндү.

- Ата?

- Ии.

- Кесепет деген эмне?

- Кы-кыый бок деген. Кийин түшүнөсүң, чырагым.

- Кийин мен да сендей мерген болом, –  небереси чоң атасын жубаткысы келди. – Анан сендей уста болуп, элге машина жасап берем. Эл ыракмат айтат сага.

Буркан ичинен бүлк-бүлк ыйлады. Жооп берген жок. Эс тартканы бир ирет көрбөй кеткен атасы мынтип алты жашар балага айланып кайрылып келип, Бурканды колдон жетелеп бараткансыды.

- Сага окшоп дары берип адамдарды карайм. Сендей доктур болуп элди сакайтам.

Буркан жооп берген жок. Муну укканда, ички ой-санаасы жашка айланып сыртка сызылды. Небереси чоң атасынын көңүлүн дагы алгысы келди:

- Сендей акчасы көп киши болом. Элге акча берем, үй салып берем.

Буркан үндөгөн жок. Өтмүшүнө ичинен түтөдү.

Бир караса, жетелешкен чоң ата менен небере үйгө омуроолоп келип калышыптыр. Эшик алдында эрбеңдеп иш кылып жүргөн чоң энесин көргөн Сабыр чоң атасын таштай салып:

- Эне, мен келдим! – деп кыйкырган бойдон дикилдеп чуркап кетти.

Буркан там аркасынан аккан жол боюндагы билектей жоон шылдырап аккан арыктагы сууга көз жашын жууп, жүз аарчысына бетин аарчыган соң, үйгө кирип кетти.

Ошол окуядан көп узабай Эмил базек Сейиттин көңүн чаап бүтүп, кол акысын алган күнү түнкүсүн аракка өлөрчө тойгон неме үй артындагы тик жантыктан кулап, өйдөлөнүп жаткан жеринде каза болуптур деген суук кабар айылга желдей тарады. Муну таң азанда мал караганы чыккан коңшусу көрөт. Мас неме кулап калса керек, үйүнө алып кирип жаткызып коёюн деген жакшы ойдо жанына барып колдон тартса, денеси эбак муздап, катып калыптыр.

Кулап баратып чалынса керек да, бир бутуна ит байлаган чынжыр оролуп жүрүптүр. Ким билет, мүмкүн ошол ит байлаган чынжыр бутуна оролуп калганда, чалынып жыгылган чыгар.

[1] «Элүү бир» Ош облусунун Кара-Суу районундагы Талдык айылы. Ош-Иркештам жолунун элүү биринчи километринде жайгашкандыктан айыл ушундай аталат.

[2] Чөл тарап – түштүктөгү тоолуу райондун эли Ош шаарынын жака белинде жайгашкан Кара-Суу районуна караштуу айылдарды жалпы ушундайча аташат.

[3] Нокотек – түштүк диалектинде никесиз төрөлгөн тексиз деген мааниде айтылган орой сөз.

[4] Газанда – түштүктө бекерпоз жалкоо, урушчаак тентек дегенди билдирет.

[5] Ачуусун жеңе билген өзү жалгыз түмөн жоону жеңген менен барабар – хадистен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз