1946-жылы «Манас» эпосунун юбилейин өткөрүүгө камылга көрүп жаткан кезибизде, «Манас» жөнүндө жазылган илимий изилдөө макалаларга редактор болсун жана «Манас» эпосунун томдорун басмага даярдоодо «Манастын» редколлегиясына консультант болсун деп, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, атактуу «Абай» романынын автору, Казак илимдер академиясынын академиги, казак элинин атактуу жазуучусу Мухтар Оморханович Ауэзовду Фрунзеге чакырган элек, анткени ал 1920-жылдардын экинчи жарымында, өзү Ленинград университетинин аспиранты болуп жүргөн кезинде, жайкы дем алыштарында, 1928–1929-жылдарда эки жылы удаа Фрунзеге келип, биз окуп жаткан борбордук педтехникумдун мурдагы завучу, кийинки директору Базаркул Данияровдун үйүндө үч айдай жатып, Кыргызстандын акцентринен «Манастын» Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жазылган вариантын изилдеп жүрдү да, 1930-жылы «Манас» эпосу боюнча кандидаттык диссертация жактаган эле.
Биз Фрунзенин борбордук педтехникумунда окуп жүргөн 1925-1930-жылдарда Базакем бизге казак тилинин грамматикасынан, казак адабиятынан сабак берчү. Ал учур кыргыз тилинин жана адабиятынын орто мектептерге жазылган окуу китептеринен дайын жок кез. Ал кезде Касым Тыныстановдун башталгыч класстарга жазылган «Окуу китеби», сабатсыздарга жазган алип-бээси, Ишеналы Арабаевдин «Кыргыз алип-бээси», Арабаев менен Кусейин Карасаевдин «Жаңылыгы» жана Касымдын «Эне тилинен» башка окуу куралдарыбыз жок эле.
Жалпы эле көркөм адабиятка биздин көзүбүздү биринчи ачып, көркөм искусствого биздин аягыбызды биринчи шилтеткен, казак элинин Абай, Ахмет Байтурсунов, Магжан Жумабаев, Жусупбек Аймаутов, Мухтар Ауэзов, Майлын Байымбеттердин адабияттары менен бизди тааныштырган биздин завучубуз жана директорубуз Базаркул Данияров болгон эле.
Абайдын:
Сулуунун колуң тийсе билегине,
Дүпүлдөп кан согады жүрөгүңө.
Бетиңди тамагына таяп барсаң,
Чыпылдап буу инеди сүйегиңе, – деген саптары, Магжандын:
Бото кыз, сыйлы сөз жаным гүлсүң,
Көктөгү күн күлмөсүн, Гүлсүн күлсүн.
Гүлсүн күн көктө акын жүзө билет,
Сүйдүрүп, күйдүргөнүн кайдан билсин, – деген саптары, Ахмед Байтурсуновдун «Кырк мисалы»:
Казагым – элим,
кайкайып белиң,
сынууга тур таянып.
Канган жокпу али уйкуң,
Уктайтын не бар сыйкың,
Ач көзүңдү оянып, – деген ыр саптары менен ошондо таанышкан элек.
Мухтар Оморхановичтин «Эңлик-Кебек», «Айман чолпаны», «Окуган азаматы, «Караш-карашы», «Кыйлы заманы», «Каракөз» пьесасы менен ошол жыйырманчы жылдардын ичинде бала кезибизде, орто мектепте окуп жүргөн чакта таанышканбыз. Ал кездеги казак адабиятынын Габбас Тогжанов сыяктуу сынчылары Мухтар Ауэзовду: «Совет доорундагы казак элинин турмушунан чыгарма жазбайт. Мухтардын жазгандарынын баары өткөн заман жөнүндө, өткөн замандын бий, болуштарын, акылман-чечендерин, ашкан сулууларын мактайт. Мухтар бизге орто жолдон кошулган байчыл жазуучу», – деп Мухтарды көп жактырчу эмес.
1920-жылдардын орто ченинде Ташкент шаарында пьесаларга жарыяланган конкурста Мухтар «Каракөз» аттуу пьеса жазып, конкурстун байгесине татыктуу болду. Мухтардын ошол байге алган «Каракөзүн» казак «сынчылары» көп жактырбай, аны ар түрдүү сындап жүрүштү. Казактын, Ормонов беле же Ормонбаев беле, бир сынчысы казак газетасына: «Бир мал көрбөгөн татар интеллигент казак айылына келип, төөнү биринчи көргөндө:
– Бу нендей хайбан? – деп сурайт.
– Бу төө деген айбан, – деп жооп беришет.
Ал интеллигент казактын дагы бир айылына барса, боз үйдүн көлөкөсүндө бир боточук чөгүп жаткан экен. Аны баягы интеллигент астына бир чыгып карап, артына бир чыгып карап, ага аябай боору ачып, башын чайкап:
– Ай, ай, бичара! Түе болам деп боло алмаган бит! – деген экен. Анын сыңарындай, Мухтардын «Каракөзү» «Гамлет» боломун деп боло албай калган», – деп сын жазганы али эсимде.
1928-1929-жылдардын жай айларында Мухтар Оморханович Ауэзов Фрунзеге эки курдай келип, ар дайым Базаркул Данияровдун үйүнө токтоп, үч-төрт ай Фрунзеде иштеп кетип жүрдү. Мухтар биринчи келген жылы Базакемдин үйүндө жатып, эртеликеч серүүндөп Дзержин көчөсү менен өйдө-ылдый басканда: «Казак элинин белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзов деген ушул киши экен да! Көзү бакырайган, тармал чач, жапалдаш жигит турбайбы?» – деп, биз артынан таңыркап бир топ жерге чейин ээрчип басып калар элек.
Алгачкы мезгилдерде Мухтардын Фрунзеге эмне максат менен келгенине түшүнбөй да жүрдүк. Кээ бирөөлөр: «Мухтар Базакемдин бойго жеткен балдызын алганы жүрүптүр», – десе, кайсы бирөөлөр: «Жок, андай эмес, Наркомпрос аны бир иш менен чакырган экен. Ал ошону иштеп жүрүптүр», – дешчү. Кээде Мухтар, Базакем, аялы жана балдызы менен киного ээрчишип барышар эле. Анда биз да аларды ээрчий басып, аркасынан таңыркап карай турганбыз. Көрсө, ошол мезгилде Мухтар Ленинград университетинин аспиранты экен да, анын кандидаттык диссертациясынын темасы «Кыргыз элинин баатырдык эпосу – «Манас» экен. Ошондуктан эки жыл удаасы менен Фрунзеге келип, кыргыздын академиялык борборуна барып, андан «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жазылган вариантын алып окуп, аны изилдеп жүргөн кези экен.
Мухтар ошол келишинде жаш балдарга арнап «Көк серек» («Көк жал») аттуу повесть жазып, аны Кыргызмамбас ошол эле жылы басып чыгарган болчу. Мухтар Оморхановичтин кыргыз эли менен илимий жана адабий байланышы биринчи иретте ушундайча башталган эле. 1934-жылы Москва шаарында казак искусствосунун он күндүгү өткөрүлүп, эл ырчысы Жамбыл Жабаевдин чыгармалары жогору бааланып, анын ырлары орус тилинде «Правда» жана «Известия» газеталарына жарыялана баштады.
1935-жылы кыргыз эли революциядан мурда айдоодо жүрүп, Сибирде бир нече жыл өмүр өткөргөн Токтогул Сатылгановду көтөрүп, анын чыгармаларын эл оозунан жыйноо иши колго алынды. Ошол эле жылдын жай айында «Манасты» орус тилине которуу жөнүндө Фрунзеде чоң илимий кеңешме чакырылып, ал кеңешмеге катышуу үчүн «Манас» жөнүндө кошумча докладчы катарында Алма-Атадан Мухтар Ауэзов да чакырылып калды. Ал кеңешмеге үч жүздөн ашык киши катышып, үч доклад угулду.
1. «Кыргыз эли үчүн «Манас» эпосунун мааниси» деген темада биринчи докладды Касым Тыныстанов жасады.
2. «Манас» эпосу жөнүндө» деген кошумча докладды Мухтар Ауэзов жасады.
3. «Манасты» орус тилине которуунун негизги принциби» деген темада докладды отуз эки тилдин теориясын жана он сегиз тилди өз эне тилиндей билген, «Орусча-кытайча сөздүктүн» жана «Орусча-япончо сөздүктүн» автору, атактуу окумуштуу, профессор Евгений Дмитриевич Поливанов жасады.
«Манас» эпосу жөнүндө кошумча докладды жасоо үчүн казак элинин филолог-окумуштуусу жана белгилүү жазуучусу Мухтар Оморханович Ауэзовго сөз берилет дегенде, залда отурган калың эл дүркүрөтө кол чабышты. Мухтар жай баскан, шашпай сүйлөгөн өтө токтоо, терең ойчул, залкар окумуштуу эмес беле. Ал кафедрага жай басып, акырын чыкты да: «Жеке гана кыргыз элинин фольклору менен эпостору эмес, бүт түрк элдеринин фольклору менен адабиятын жана тарыхын мыкты билген окумуштуу Касым Тыныстановдун «Манас» жөнүндө жасаган эң сонун докладынан кийин, ага мен кошумчалай турган сөздүн өзү да аз калды го», – деп сөзүн баштаса да, Мухтар «Манас» эпосу жөнүндө докладды илимий жактан терең, өтө кызыктуу жасап, ал
сөзүн аяктаганда, залда угуп отурган эл аябай ыраазы болуп, колду дуулдата чабышкан эле.
Ошого чейин мен Мухтардын жазган көркөм чыгармалары менен жакшы тааныш болсом да, анын сүйлөгөн сөзүн жана илимий докладын биринчи жолу уккан болчумун. Мухтардын бир тууган казак элинин чыгаан жазуучусу гана эмес, дүйнөлүк эпосторду мыкты билген залкар илимпоз экенине биз ошол кеңешмеде жакшы түшүнгөн элек. Ошентип, 1935-жылдагы илимий кеңешмеде көрүшкөндөн кийин Мухтар Оморханович менен дагы 11–12 жылча көрүшпөй калган элек.
1946–1947-жылдарда, мен Советтик Армиядан кайтып келип, СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалында фольклор жана «Манас» секторунда иштеп турганымда Мухтар Оморхановичти «Манастын» юбилейлик комитетине, «Манас» жөнүндө жазылган илимий макалаларга редактор болуп берүүгө чакырганыбызда, Мухтар Оморханович бир тууган казак элинин атактуу жазуучусу, дүйнөнү дүңгүрөткөн «Абай» романынын автору, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казак илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп калган эле.
Мухтар Оморханович биздин чакырыгыбызга жазгы отпускасынын мезгилинде келет да, Фрунзеде эки айча жүрөт. «Манас» жөнүндө жазылган илимий макалаларды редакциялайт. Эки-үч күндө «Манас» секторуна бир келип, биз менен ар түрдүү маселелер боюнча аңгемелешип, биздин берген суроолорубузга жооп берет. Ташым Байжиевдин кандидаттык диссертациясынын темасы «Семетей», анын илимий жетекчиси Мухтар Оморханович эле. Көп учурда, секторго келген кезинде жана өзү жаткан конок үйүндө Мукаң Ташым Байжиев менен көп аңгемелеше турган. «Манастын» юбилейине карата анын өз тексттеринен 15 томду басмага даярдоо пландаштырылып, ал ишке Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов, Ташым Байжиев, мен, Өмүркул Жакишев, Керим Сооронбаев, Мукамбет Дөгдүров, Кусейин Көлбаев редакторлору болуп жана Мухтар Ауэзов, Кусейин Карасаев, Константин Юдахин, Виктор Жирмунский, Александр Бернштам консультант болушуп, бардыгы он беш киши иштечүбүз.
«Манастын» редколлегиясында иштегендер дем алыш күндөрүндө Мухтарды конокко чакырышат. Конокко чакырууну эң биринчи болуп Жапар Шүкүров, Кусейин Карасаев башташты. Мухтарды ким конокко чакырса, редколлегияда иштегендер бүт жана консультанттардан да кээси кошо барышат. Конокто отурганда кандай сөздөрдүн сүйлөнөрү белгилүү да. Лакаптар, апыртма сөздөр, анекдот, күлкү-шыкактардын күнү тууйт.
Жапар Шүкүров менен Кусейин Карасаевич казактар жана кыргыздар жөнүндө ар түрдүү күлкүлүү анекдотторду биринен сала бири жарыша сүйлөшүп, отургандарды кыраан-каткы күлдүрүшөт. Андай күлкүлүү сөздөрдү Мухтар Оморханович өтө жакшы көрө турган.
Анда сүйлөгөн көп күлкүлүү сөздөрдүн ичинен Мухтар Оморхановичке Кусейин Карасаевич айткан «Казакка намаз үйрөткөн кожо жөнүндөгү анекдот» эмнегедир айрыкча жагып калды. Кусейин Карасаевич ал анекдотту айта баштаганда, капталдан Аалы Токомбаев сөзгө аралашып:
– Эй, Кусейин, байкап сүйлө! Арабызда кожо тукумунан киши отурат, – дейт. Көрсө, Мухтардын чоң аталары кожо тукумунан экен. Ал сөзгө Мукаң ууртунан гана жылмайып коёт, ызаланбайт. Кимдин гана үйүнө конокко барбайлык, бир аз отургандан кийин Мухтар Оморханович Кусейин Карасаевичке кайрылат да:
– Эй, Кусейин, осы үйгө бир аз дем алып, көңүл ачканы жыйналып отурабыз го. Бир аз күлүп отуралык. Алиги казакка намаз үйрөткөн кожо жөнүндөгү анекдотуңду айта отурсаңчы! – дейт. Мухтардын бул сөзүнөн кийин Кусейин Карасаевич күлкүлүү сөзүн дагы баштайт:
– Илгерки заманда бир кожо казак айылына барып, бир казакка намаз үйрөтүп, акысына казактын торала бээсин алып кетет. Ошол жылы кыш катуу болуп, биринчи эле кар жааганда, казактын кыяда оттоп турган төөсү учуп өлөт. Кышкы катуу суукта алтымыш кою кырылат. Жазга жуук казактын кемпири чатак баштайт:
– Даарат, даарат деп жүрүп дамбалыңдын баун чириттиң, кыйгалат салаа, кыйгалат салаа деп жүрүп, кыядагы түйөмди учуруп жибердиң. Аллоу акбар, аллоу акбар деп жүрүп, алпыс коюмду кырып салдың. Энди: «Ассалому алейкум, Рахматулла!» – деп, алак-жулак жан жагыңды карай бересиң, какбас! Жалгыз баламдан аулак өз басыңа көрүнсүн! Осы намазың жок да биздин исимиз өтө жакшы эди. Намазың үйгө киргенден бастап, исимиз керисинен кетти. Мынау намазыңды жогот да, биемди акел, - дейт.
Кемпирдин чатагы күндөн-күнгө күчөй берет. Айласы кеткенде чал районго барып, издеп жүрүп кожону таап алат да:
– Кожоке, сиздин намазыңыз бизге жакпады. Даарат, даарат деп жүрүп дамбалымдын бау чирип кетти. Кыйгалат салаа, кыйгалат салаа деп жүрүп, кыядагы төөм учуп өлдү. Аллоу акбар, аллоу акбар деп жүрүп, алпыс коюм кырылып калды. Сөздүн кыскасы, сиздин намазыңыз бизге жакпады. Намазыңызды кайтарып алыңыз да, торала биемди бериңиз, – дейт.
Анда кожо:
– Эй, алжыган чал, сен кет ары. Үйрөнүп алган намазыңды сен кайтып мага бермексиң? Мен сенин торала биеңди алда качан сатып, жеп койгомун, – дейт.
Экөө эки-үч саат чатакташкандан кийин, кожо торала бээсин бербесине казактын көзү жеткенде:
– Торала биемди бермесең, бермей ак кой. Мен дагы сенин намазыңды жыргатып окуп жүргөн жерим жок. Бирде даарат алып окусам, бирде дааратсыз окуп жүрмүн, – дептир казак чал.
Бул анекдотко конокто отургандардын баары кыраан-каткы күлөт. Анда Мухтар:
– Мына, осы күлкиден кийин карын бир аз бөксөрдү. Кана, энди тамакка караңдар! – деп ал да күлөт.
Мухтар Оморханович кыргыздын фольклоруна, анын ичинен айрыкча «Манас» жомогуна, аны эл алдында аткарган манасчы-жомокчуларга жана алардын өмүр баяндарына, алар кыргыздын кайсы жери, кайсы районунан экендигине абдан кызыгаар эле. Бир күнү Мукаң «Манас» жана фольклор секторуна келип, ар кыл маселелерден аңгемелешип отурганыбызда, революциянын алгачкы жылдарында жашап, тез көздөрү өтүп кеткен чоң жомокчулар жөнүндө сөз козгоп калды.
«1922–1923-жылдарда: «Манас» жомогунун үч бөлүмүн бүт билген кыргыз арасында үч жомокчу чал бар. Тез аранын ичинде алардын ооздорунан билген манастарын жазып калбасак, кокус алар каза болуп кетишсе, «Манас» жомогу ошол карыялар менен көргө кошо кетет», – деп Ташкенттеги кыргыз, казак илимий комиссиясы сөз кылып жүргөнүн кулагым чалган эле. Жаңылбасам, ал чалдар жөнүндө «Ак-Жол» газетасына Магжан Жумабаев тарабынан да жазылган болсо керек эле. Ошол чалдын бирөө Сагымбай Орозбак уулу дейлик. Ал эми калган эки манасчы чал кимдер эле?» – деп Мухтар Оморханович Ыбрай Абдрахмановдон сурап калды. Ыбрай Абдрахманов революцияга чейинки чоң манасчылардын көбүн өз көзү менен көрүп, алардын аткарган манастарын өз кулагы менен уккан жана Сагымбай Орозбак уулунун оозунан «Манастын» биринчи бөлүгүн бүт жазган киши эле.
– Сиз туура айтасыз, Мухтар Оморханович. Ал үч чалдын бири – Сагымбай Орозбак уулу. Экинчиси – Көл башындагы Чоюке манасчы. Үчүнчүсү дагы көлдүк атактуу Дыйканбай манасчы эле. Дыйканбай 1923-жылда, Чоюке 1925-жылда каза болуп калышкандыктан, алардын ооздорунан эч кандай «Манас» жазылбай калды, – деди Ыбрай.
Бир күнү Мухтар Оморханович «Манас» секторуна келип: «Мен Казакстан мамлекеттик университетинде СССР элдеринин адабиятынан лекция окуп жүрөмүн. Сиздерде үч эл ырчысы бар экен. Мүмкүн болсо, ошол ырчыларды бир ээн кабинетке киргизип, бир аз айтыштырып берсеңиздер жакшы болор эле», – деп калды. Эртеси Мухтар Оморхановичтин ал суроосун Жапар Шүкүровго айттык эле, ал: «Сөзсүз уюштуруп, айтыштырып берелик. Жыйырма кишиге стол даярдагыла», – деп геология институтунун экспедицияга деген азыгынан бир аз тамак-аш жазып берди. Анткени ал кезде дүкөндөрдө тамак-аш сатылчу эмес, заборный книжканын мезгили болучу.
КИРФАНдын залына эл ырчылары: Калык, Осмонкул, Алымкул үчөөнү чакырып келип, сахнага чыгардык. Мухтар Оморханович баш болуп, жыйырма чакты киши залга чогулуп, үч ырчыга «Согуш» деген темада айтышкыла деп, капысынан тема берилди. Калык, Осмонкул жана Алымкул кезектешип ырдап киришти. Оң жагында – Калык, ортосунда – Осмонкул, сол жагында – Алымкул. Ырды Калык баштап, кезекти Осмонкулга узатты. Осмонкул жооп берип, кезекти Алымкулга жөнөттү. Калык ошол кезде жашы жетимишке таяп калса да, токтолбой ырдап, кезекти тез эле Осокеңе берет. Осмонкул буйдалбай жооп берип, кезекти Алымкулга жөнөтөт. Алар бир жарым саатча айтышып калган кезде, Алымкул комузунун кулагын көбүрөөк бурап, ыкшоо тарта баштады. Бир кезде Мухтар Оморханович: «Аксакалдар тердеп кетти го. Чарчашкан чыгар. Айтышты токтотсок кантет?» – деп жанында отурган Жапар Шүкүровичке шыбырады.
– Жок, болбойт. Сиз эки саат айтышсын деп заказ бергенсиз. Дагы бир аз айтыша түшсүн, – деди Жапар Шүкүров.
Үч ырчы тынбай, бир саат элүү мүнөтчө ырдашты. Ошол учурда Калык аксакал кары сокмокко салып чарчаганын билгизбеди. Айрыкча Осмонкул эти жаңы кызыган күлүктөй алкынып, ажылдай берди. Ал эми Алымкул болсо, комузунун кулагын көп бурап, эмнегедир абдан ыкшоо тартып калды. Ошондо: «Энди жетти го!» – деп Мухтар Оморханович айтышты токтоттурду. Аксакалдар айтышын аяктап, сахнадан түшүп келе жатканда, Мухтар Оморханович алардын астынан утурлай басып:
– Кадырлуу аксакалдар, күндүн ысыгында узагыраак айтыштырып, сиздерди бир аз кыйнап койдук көрүнөт. Кечиресиздер, сиздерге үлкөн ыракмат. Мындан мурда сиздердин бирге отуруп айтышканыңарды уккан эмес элем. Өтө мазмундуу айтыштарыңыздар менен сиздер бүгүн бизди аябай ыракаттандырдыңыздар! Өз атымдан мен сиздерге үлкөн ыракмат айтайын! – деп алардын колдорун кысты.
Дасторкондо отуруп, бир аз тамак ичкенден кийин Кубанычбек Маликов:
– Мухтар Оморханович, казак менен кыргыздын фольклорун сиз жакшы билесиз го. Казак эли акын келеби же кыргыз эли акын келеби? – деди.
Мухтар Оморханович Маликовдун бул суроосуна көп ойлонуп отурбастан, жай гана түрдө:
– Кыргыз эли акын келет, – деди.
Анан Кубанычбек:
– Мухтар Оморханович, сиз туура айтпай жатасыз, казак эли акын келет, – деди.
– Эй, Кубанычбек, нени айтып, бас оорутуп отурсуң! Казак элинин акындарынын айтыштары көп болсо эки сааттык эле убакытка созулган. Ал энди «Манастын» миллионго жакын ыр сабын жалгыз басына сыйгызып отурган Саякбай Каралаевдин улуту акындык кылат ко, – деди.
Ошондо капталдан чыгып, мен сөзгө аралашып:
– Мухтар Оморханович, Кубанычбек туура айтат. Сиз туура айтпай жатасыз, – дедим. – 1920-жылдардын башында Казакстандын Түндүк областындагы бир казак кемпирдин эки уулу, бир кызы болуп, анын үлкөн уулу аулнай экен. Ал сельсоветтин иш кагаздарын (черновоюн) куржунга салып, атына артынып жүрчү экен. Ал аулнай бир күнү бир кишинин үйүнө барып, конок болуп отурса, аттын үстүндө турган куржунун черновою менен уурдап кетет. Аулнай үйүнө келип, иштин жайын айтып, карындашы менен шешеси үчөө чай ичип отурса, эшиктен иниси кирип келип:
– Ассалому алейкум, аулнайым, – дейт.
Анда чай куюп отурган карындашы:
– Аулнай жоготты гой черновайын, – дептир.
Анда аулнайдын өзү:
– Боту менен сотунда өзүм болом, басыма сала берме сары убайым, – дейт.
Ошондо оозунда тиши жок, нан чайнап отурган сексен жаштагы шешеси:
– Баракелде, балдарым, найым, найым! – деген экен. – Көрдүңүзбү, Мухтар Оморханович, бир казак кемпирдин үйүндө төрт адам болсо, алардын төртөө тең түгөл акын болуптур. Кыргыздын бир үйбүлөсүнөн мындай акындар чыккан эмес. Кубанычбек туура айтат. Кыргызга караганда казак эли чечен да, акын да келет, – дедим.
Мухтар күлүп, мага кайрылып:
– Апырмай, Зияш, мен казак фольклорун көп жылдан бери зерттеп жүрдүм эле, бирок мына бул сиз айтып жаткан фольклорду эч жерден кезиктирген жок элем. Сиз муну казактын кай жеринен угуп эдиңиз? – деди.
– Мухтар Оморханович, менин шешем казак, акем кыргыз. Казак эли менен менин көп катнашым бар, – дедим.
Мухтар күлүп:
– Баса, сиз казакка жиен экенсиз гой! Ой-бай, мен онуңду типти билген жок эдим. Казактын бир жиени таякесине келип: «Нагач, нагач, мен сизден бир ичик чыга турган түлкү сурап келдим», – деген экен. Анда таякеси: «Карагым жиен, «Жиен келгенче, жети бөрү келсин», – деген. Жиенден аяй турган менин эч нерсем жок. Түлкүлөрүм талаада жайылып жүрөт. Короомдо үч тазым (тайганым) турат. Тайгандарымды ээрчитип чыккын да, түлкүлөрүмдүн канчасын кармасаң, ошончосун алып кете бер деген экен», – деп күлдү.
Мухтар Оморханович «Манас» эпосунун мен кара сөз менен жазган сюжетин окуп отуруп, «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы» деген темасын көргөндө: «Кыргыздын мына «төрөдү» деген сөзү кандай көркөм сөз!? Бул сөздү казакта «тууду», «уул тапты» дейт. Бул сөздөргө караганда мынау «төрөдү» деген сөз не курлум көркөм эмеспи! Ушу «төрөдү» деген сөздү казактын адабий тилине киргизсе, кандай адеми болор эди», – деди.
– Мухтар Оморханович, сиз казакча бир кызыктуу аңгеме жазып, «төрөдү» деген сөздү ошол аңгемеңизге киргизип койсоңуз, бул сөз казактын адабий тилине кирет да, калат! – деди Ташым Байжиев күлүп.
Мухтар Оморханович өзүнүн эртели-кеч сүйлөгөн сөздөрүндө кыргыздын «Манас» жомогу, анын аткарган жомокчулары, назданган сулуудай мелтиреген Ысык-Көлү жана казак, кыргызга орток атактуу Каркыра жайлоосу жөнүндө көп сөз кылып, алар жөнүндө кимдир бирөө аңгеме сүйлөп берсе, аны аябай кунт коюу менен тыңшап отурар эле. Көздөрү өтүп кеткен кыргыздын атактуу жомокчулары: Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Акылбек, Дыйканбай, Сагымбайдын өмүр баяндары, алардын «Манасты» аткаруудагы өзгөчө ыкмалары, бөтөнчөлүктөрү жөнүндө алардын айткан манастарын өз кулагы менен уккан манасчы Ыбырай Абдрахмановдон көп сурап, ал сүйлөп жатканда, ага кошумча суроолор берип, анын айткан сөздөрүнүн кээ бир жерлерин жазып отурар эле.
– Башка манасчыларды көрбөгөнүм жана алардын аткарганын өз кулагым менен укпагандыгым кечиримдүү го. Бирок Сагымбай Орозбак уулу 1930-жылы гана каза болгон экен. Мен Фрунзеге 1928-1929-жылдарда жылыга эки-үч айлап келип, Базаркул Данияровдун үйүндө жатып жүрүп, Сагымбайдын өзүнө бир жолу жолугуп, анын аткарган «Манасын» өз кулагым менен укпай калганыма катуу өкүнүчтөмүн, – дээр эле Мухтар Оморханович.
Бир күнү Мухтар Оморханович жана Саякбай Каралаев болуп бир үйдө конок болуп отурганыбызда, Мухтардын суроосу боюнча Сакем «Манастын» Каныкейдин Тайторусун чапкан жеринен жарым саат айтты да, Каныкейдин ролун аткарып жатып, ал кадимкидей ыйлады. Саякбайдын анысы Мухтар Оморхановичке аябай таасир этти. Мухтар Оморханович: «Апырмау, осы Сакемдин көзү өтүп кетсе, «Манасты» Саякбайдын дал өзүндөй аткара турган шакирттери артында калар бекен?» – деди. Кыргыз фольклорунун түрдүү жанрларынан ага айттырып коюп же «Манастан» үзүндү айттырып угуп отурганды жакшы көрөр эле да: «Бул адам түрк элинен сейрек кездеше турган талант, тамаша акын, Сакеме теңештиргенде, гректердин Аэддери, Гомери тушарына тең келбейт!» – деп Сакемдин талантын аябай жогору баалай турган.
1949–1952-жылдарда элдин артта калган катмарларынан чыккан, улуттук сыймыктын маанисине түшүнбөгөн дээри жок салпаяк ушакчылар кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манасты» элдик эмес, бай, манаптык, феодалдык эпос деп, ага каршы чыгып, суук колдорун сала баштаганда, Фрунзе шаарында чакырылган илимий конференцияда, окумуштуулардын алдында чоң доклад менен чыгып, ушакчыларга катуу сокку уруп, «Манасты» арачалап калган окумуштуулардын өтө ириси Мухтар Оморханович болгон эле.
Мухтар кыргыздын Ысык-Көлүн айрыкча жакшы көрүп: «Касиеттүү Ысык-Көлгө көркөмдүгү, абасынын тазалыгы, айланасындагы табигаттын сулуулугу жагынан дүйнөдө эч бир жер тең келбейт ко!» – деп аябай суктана турган. 1950-жылдардын акырында Кыргыз Өкмөтү Мухтар Оморхановичке Чолпон-Ата шаарынын аймагынан жер берип, ал жерге Мухтар дача салдырып, ар жылы анда келип, жай мезгилинде эс алып кетип жүрдү. Мухтар Оморханович Көл жээгине жайгашкандан кийин, ар жылы Саякбай менен көп кезигишип, аны менен маек куруп, кээде машинасына отургузуп, Сакемди Ысык-Көлгө алып кетип да жүрдү.
«Кыш бою көп иштеп, чарчап, жаз чыгып, күн жылыганда ЫсыкКөлдөгү дачама келсем, эркин дем алып, эс ала түшөм», – деп Мукаң ар дайым Ысык-Көлгө суктанып отурар эле. 1958-жылы бир күнү Кусейин Карасаевич мага телефон чалып:
– Зияш, сен азыр биздикине басып келчи. Алма-Ата шаарынан менин эки досум, казак элинин эки академиги – Исмет Кенесбаев менен Ахмет Жубанов Кыргыз Декадасынын тыянактоочу концертин көргөнү келиптир, анткени Ахмет казактардын Декадасынын көркөм жетекчиси экен, – деди.
Мен Карасаевичтин үйүнө барсам, анда конокторунан башка Аалы Токомбаев, Константин Юдахин, Жапар Шүкүров жана Болот Юнусалиев отурушкан экен. Тамак ичип, тамаша сөздөр сүйлөшүп отурганыбызда Ахмет Жубанов Мухтар Ауэзов жөнүндө бир топ күлкүлүү сөздөрдү сүйлөп калды.
– Мухтардын бир пьесасы театрга коюлуп, анда Замзамгүл деген бир сулуу келин аялдын ролун жакшы аткарат. Коюлган оюнду талкуулаган кезде, Мухтар сүйлөп: «Карагым, Замзамгүл, ролду өтө жакшы аткардыңыз. Сизге Замзамгүл деп аке-шешеңиз начар ат койгон экен. «Замзам» деген Арабия дагы бир нарзан суу гой. Сиздин атыңызды Каусаргүл деп өзгөртүп койсо жакшы болотун экен. Аткарган ролуңуздун сизге түсүндүретин бир жери бар. Валентина жеңгейиң эртең үйдө болмайды, эртең сен биздин үйгө келип кетчи. Ошо жерин түсүндүрөйүн» – дептир да, эртеси келин үйүнө барса, аны менен эки-үч саат отуруп, Мухтар ал келинге эч нерсе түшүндүрө албаптыр. Мухтар өзү өтө ызакор, кызык адам. «Победа» машина жаңыдан чыккан кезде, бир күнү Мухтардын машинасына түшүп, далага барып көңүл ачып, кайтып Алма-Атага келе жаткан элек. Шаардын четине келгенде, Мухтар машинасын токтотуп, бир аз бой жазып турганыбызда, мен ага: «Машинаңыздын арт жагынан «тырт, тырт» эткен үн чыгат. Анысы эмнеси?» – дедим эле, Мухтар: «Олай болсо, сен тырсылдабаган машина менен келерсиң», – деди да, машинасынын эшигин шарт жаап, мени таштап кеткен эле, – деди Ахмет.
Алдыга эт келгенде, мен устукандап, башты Исметке берейин десем, менден Ахмет улуу дегенинен башты Ахметке берип, Исметке жамбашты койсом, «Бул аялдын устуканы, муну жебеймин. Асыкты жилиги бар бекен?» – деди Исмет.
Болот Юнусалиев экөөбүз эт туурап, элдин алдына койгон соң мен:
– Исмет агай, мага сөз тиеби? – дедим эле:
– Эй, Кусейин, Жапар, сөздөрүңөрдү токтотуңдар. Энди Зияш сүйлөйт, – деди Исмет.
– 1930-жылы Казактын борбору Алма-Атага көчүп келгенде, ошол жылы дароо шаарга трамвай курулат. Аны Чыгыш-Казакстандан келген бир казак жигит көрүп барып: «Мен кечээ Алма-Атадан трамбай деген бир кереметти көрүп келдим», – десе, анда бир казак: «Ой, сорлуу, анын несине мактанасың? Трамбайды өзүмүз столовойдон далай ирет жегенбиз го» деген экен, – дедим эле, Исмет:
– Ой, Зияш, биз мынабу этти жейбизби же жокпу? Сен нени сүйлөп отурсуң? Трамвай менен котлетти айырбай турган ал кандай казак? – деди күлүп.
Ошол күнү Кусейин Карасаевичтин үйүнөн чыгып, кечинде биз баарыбыз барып, Кыргыз Декадасынын тыянактоочу концертин көрдүк. Концерттен тарай берерде, Ахмет:
– Кыргыз Декадасынын концертинде бизде жок эки жакшы номур бар экен. Алардын бирөө – Бүбүсара Бейшеналиеванын керемет бийи. Мындай келишкен бийчи биздин Орто Азия элинде жок. Бүбүсаранын бийи Уланованын бийинен кем эмес. Экинчи номур – Артык Мырзабаевдин үнү. Мунун үнү биздин Эрмек Серкебаевдин үнүнөн бийик экен. Ушул эки номур Кыргыз Декадасынын зоболосун бийик көтөрөт ко, – деди.
Ахмет Жубанов да, Исмет Кенесбаев да өздөрүнүн жаңы сатып алган «Волгаларын» минип келген экен. Жапар Шүкүровдун отпускада жүргөн кези эле. Исмет: «Жүр, Жапар, Нагыйма экөөңөр Алма-Атага барып, бир жума жүрүп, көңүл ачып келгиле!» – деп, экөөнү машинасына отургузуп, Алма-Атага алып кетти.
Үйүнө түшөрү менен Исмет телефонду алып:
– Мука, бармысың? Кыргыз туугандардан салам, мен Фрунзеден келдим азыр. Казакта «Т» буквасы менен башталган кандай тамак бар? – деп Мухтардан сурайт.
Мухтар:
– Таруу менен талкандан башка тамакты билбейт экемин. Тамакты Сабит түзүк көрчү эле, ошондон сурачы, – дейт.
– О, Сабике, саламатсызбы? Кыргыз туускандардан салам сизге. Мен азыр Фрунзеден келдим. Казакта «Т» буквасы менен башталган кандай тамак бар? – дейт. Сабит да: – Таруу менен талкандан башка тамакты билбейм, Деликатес тамактарды Габит жакшы билет, ошондон сурачы, – дейт.
Исмет:
– Ой, Габике, мен азыр кыргыз туускандардан келдим. Кыргыз агайындардан сизге салам! Казакта трамбайга жакын кай тамак бар, – дейт.
– Гурьевде «тран балык» деген балык бар. Ал кайырмак сууга жетелегинде, секирип келип, кайырмактын этин жулуп кетет. Өзү тыраңдап мөңкүп жүрөт. Бу куу кыргыз тран балыкты трамвайга оодара салган го, – дептир Габит.
– Ой, Зияш, сенин Ахмет менен Исметке айткан баягы «трамбайың» казактын жазуучуларынын арасында бүлүк түшүрдү, – деп күлгөн эле Жапар Алма-Атадан келгенде.
Мухтар Оморханович Ысык-Көлдүн жээгинде дача салгандан кийин нары өтүп, бери өткөндө Фрунзеге кайрылып, көбүнчө Түгөлбайдын үйүндө болор эле. Бир жолу Түгөлбайдын үйүндө отуруп:
– Түгөлбай, сен ушул үйүңдү салганда, канча акча жумшадың эле? Менин Алма-Атадагы үйүмө 220 миң сом акча кетти. Ысык-Көлдөгү дачамды салууга 95 миң сом акча кетти, – деди Мухтар.
– Мука, сиз үйүңүздү менин үйүмдүн планын алып салдырбадыңызбы. Мен бул үйдү курганда өзүм кошо катышып, кирпичтерин, растворлорун өзүм кошо табышып куруштум. Бул үйгө бардыгы 145 миң сом акчам чыкты. Сиз болсоңуз чоң жазуучусуз, сизде акча көп, үй курууга өзүңүз катышпай, инженерлерге салдырыпсыз. Сиз мага караганда 75 миң сом ашык төлөгөнсүз, – деди Түгөлбай күлүп.
Бирок бир гана өкүнүчтүү нерсе – өзү чын жүрөгү менен сүйгөн Ысык-Көлдүн жээгине салдырган дачасында көпкө жашап, ойдогудай чыгармаларды жазып, өмүр сүрө албай, өкүнүчтө арабыздан эртелеп кетип калды, кайран киши!
Мухтар Оморхановичтин кыргыз эли үчүн иштеген камкордугун биз эч качан унутпайбыз. Кыргыз элинин таланттуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун талантын биринчи байкап, анын «Жамийласын» эң жогору баалаган. Бир кезде «Абай» романы менен Мухтар Оморханович казак элин дүйнө элине кандай таанытса, Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн таланттуу чыгармалары менен кыргыз элин дүйнөгө таанытып жатат жана «Манас» эпосу да кыргыз элин дүйнө элине дал ошондой таанытып жатат. Чыңгыздын баш сөзү менен «Манастын» төрт тому кыргызча басылды жана орусчасы да Чыңгыздын баш сөзү менен басылганы жатат.
Мухтар Оморханович казак менен кыргыз бирге жайлай турган Каркыра жайлоосун да жакшы көрө турган. Ал жайлоонун дал ортосун жарып, Каркыра өзөнүнүн суусу агат. Өзөндүн күн чыгышын – казактар, күн батышын кыргыздар жайлайт. Бул жайлоо туштарабы карагайлуу тоо менен курчалган, бетегеси белден буралган, кол менен жасап койгондой мелтиреген түз талаа. «Манас» эпосунда Каркырага Көкөтөйдүн ашы берилип, мында миңдеген эл чакырылып, ат чабыш, эр сайыштар болуп, ар түрдүү тамашалар өткөрүлгөн атактуу тарыхый жайлоо. Бул жайлоого 1920-жылдардын биринчи жарымында, жарманкеси кызып турган мезгилде Мухтар Оморханович өзүнүн «Кыйлы заман» аттуу чыгармасын жазардын алдында жана «Манас» эпосун изилдеп жүргөн кезинде да бир гана эмес, бир нече жолу келип жүргөн экен.
Мукаң Каркыра жайлоосуна абдан суктанып: «Манас Көкөтөйгө аш бериш үчүн бекеринен Каркыраны тандаган эмес экен. Бул эки элдин достугун чыңдай турган казак менен кыргыздын орто жайлоосу турбайбы! Чиркин, жери не деген көркөм! Бул жердин суусу – күмүш, абасы – алтын!» – деп мактаар эле.
Кыргыздын казакка жээн бир жигити көпкө чейин көрбөй жүрүп Каркырага келгенде:
Атыңдан айланайын, кең Каркыра,
Жайлаган казак, кыргыз эл бар тура!
Жашардым он беш жашка кайра келип,
Өзүңдө энем берген дем бар тура.
Таркатып каткан черди гүл бураган,
Желиндей Каркыранын жел бар бекен?
Кой союп, коногуна кол куушурган,
Казак менен кыргыздай эл бар бекен? – деп ырдаган экен десем: «Баса, солай гой!» – деп Мукаң жылмайып койгон эле.
Мухтар Оморханович ар дайым өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө кыргыз жергесин, Ысык-Көлдү, «Манас» эпосун жана аны аткаруучу жомокчуларын, бөтөнчө Саякбай Каралаевди мактап сүйлөр эле. Мухтардын анысын – анын кеменгерлик сапаты деп гана түшүнчүбүз. Каркыра жайлоосу казак менен кыргызга кандай орток жайлоо болсо, Мухтар Оморханович Ауэзов да казак менен кыргыздын сыймыгы, алардын орток жазуучусу жана окумуштуусу болучу.
«Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» аттуу «Турар» басмасынан жарыкка чыккан китептен алынды.
Жыйнактын түзүүчүсү Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ