
Кыргызчалаган Азиза СУЛАЙМАН
Text copyright Ó 1997
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Аман калган бала
Бирючин аллеясындагы № 4 үйдүн жашоочулары мистер Дарсли менен миссис Дарслилер эч нерседен кем эмес, каалагандарынын бардыгы бар жана баары жайында экенин ар убакта мактануу менен айта алышарына сыймыктанышчу. Мындай телегейи тегиз адамдардын кандайдыр бир адаттан тыш көрүнүшкө, болгондо да табышмактуу көрүнүшкө кириптер болуп каларын элестетүү мүмкүн эмес эле, өзгөчө алар "акылсыздык" саналган иштерди жек көрүшчү.
Мистер Дарсли “Груннингс” аттуу бургу-көзөөч өндүргөн фирманын директору. Көлөмдүү, эттүү-жөндүү мистер Дарслидин семиздигинен анын дээрлик моюн сөөгү билинбейт; ал эми мурдунун алдында сапсыгый муруту жыш өскөн. Миссис Дарсли болсо сары чачтуу, арык, анан да кошуналарынын эмне кылып жатканын аңдыганды жакшы көргөндүктөн алардын тосмосунан караганга атайын ылайыкталгандай эки эсе узун моюндуу аял. Дарслилердин Дадли аттуу кичинекей уулу бар. Ата-энесинин ою боюнча дүйнөдө Дадлиден өткөн ширин бала төрөлө элек.
Дарслилерде каалагандарынын бардыгы бар эле, бирок алар коркунучтуу бир сыр сакташчу, Дарслилер ал сырды бирөө-жарым ачып коёт деп абдан чочулашат. Эгерде кимдир-бирөө Поттерлер жөнүндө билип калар болсо Дарслилер үчүн бул оңой-олтоң эмес. Миссис Поттер миссис Дарслидин сиңдиси, бирок алар көп жылдан бери көрүшө элек, чынын айтканда миссис Дарсли сиңдиси барын эч кимге билдиргиси келчү эмес, себеби сиңдиси менен анын түшүнүксүз күйөөсү Дарслилерге таптакыр окшошчу эмес, алардан түп тамыры менен айырмаланып турушар эле. Дарслилер дайыма көчөсүндө Поттерлердин пайда болгонун кошуналарынан угуп калуудан сактанышат. Поттерлердин кичинекей уулу бар экени Дарслилерге маалым болгону менен алар аны бир да жолу көргөн эмес. Өзгөчө уулу үчүн Поттерлерден дагы да алыс болууга туура келди, Дадлини кайдагы бир тентекке жакын жолотуу коркунучтуу.
Бүркөлгөн күнгө туш келген шейшембиде, дал биздин окуя башталаар күнү, адаттагыдай эле мистер жана миссис Дарслилер эртең менен ойгонгон маалда, терезеден көрүнгөн бүркөк асмандан жакын арада сырдуу, табышмактуу окуя болору байкалган эмес.
Дарсли ооз учунан бир нерселерди кыңкылдап, жумушуна көзгө жагымсыз галстугун тандап тагынды. А миссис Дарсли бир жагынан жанталаша кечээки ушактарды күйөөсү Дарслиге айтып берип, бир жагынан Дадлини бийик буттуу бөбөк отургучуна отургузуп жатты. Ошол учурда терезенин түбүнөн учуп өткөн саргыч-күрөң өңдөгү үкүнү эч ким байкаган жок.
Сааттын жебеси тогуз жарымды көрсөткөндө мистер Дарсли портфелин алып миссис Дарслидин алкымынан “чоп” эттирди да, Дадлини өбөйүн деди эле, бирок өбө албады. Негизи Дадли бул үй-бүлөнүн эң ызы-чуулуу мүчөсү. Дайыма уруш-талаш чыгарып турат. Бул жолу да атасы өбөйүн дегенде буламык жеп отурган отургучуна ары-бери урунуп, буламыгын төгүп салды. “Коёнегим менин” деп куркулдаган бойдон мистер Дарсли эшикти карай жөнөдү. Авто-авто-унаа токтотуучу жайдан авто-унаасына отурду да арткы чыгыш менен айдап №4 үйдөн жөнөп кетти.
Ошол күнү эртең менен кайчы жолго жеткенде биринчи жолу кандайдыр бир өтө таң калыштуу көрүнүштү байкады. Ал жол картасын карап отурган мышыкты көрдү. Бир караганда эмнени көргөнүн түшүнгөн жок. Анан дароо жулкуна артка бурулуп карады. Бирючин аллеясынын бурчунда ала-була мышык отурган, бирок картасыз болчу. Кайдагы эле болбогон нерселер анын оюна келе берди? Бул болгону, жарыктыктын жөн гана оюну болушу керек. Мистер Дарсли көзүн жумуп кайра ачты да, мышыкты дагы бир жолу карады. Мышык да Дарслиди өжөрлөнө тиктеп калды. Андан соң мистер Дарсли мышыкты кайчы жолдон кайрылып чоң жолго чыгып баратып авто-унаасынын күзгүсүнөн карады. Бул жолкусунда тиги мышык жол багыттоочу тактайчада жазылган көчө аттарын, “Бирючин аллеясы” жазылган жазууну окуп, а жок, ал мышык окубай эле жол багыттоочуну жөн эле карап жатат, мышык деген окуганды билбейт эмеспи. Картаны дагы, жазылган жазууну дагы. Мистер Дарсли бир силкинип алды дагы чечкиндүүлүк менен мышыкты өз ойлорунан чыгарып салды. Ал шаарга жеткенче жолду карай, бир гана бүгүн алууга мерчемдеген буйрутма тууралуу ойлонду.
Шаарга кире бериште баарыбир мистер Дарслидин бургу иштери жөнүндөгү ойлорун кызыктай көрүнүштөр сүрүп чыгарды. Адаттагы эле эртең мененки авто-унаа тыгынында туруп тегеректин барын кызыктай кийинген адамдар каптап кеткенин байкабады. Жеңсиз, шалбыраган кең мантия кийимчен адамдар. Мистер Дарсли элдин кыжырын кайнаткан кийимдерди кийген адамдарды жек көрө турган, кээде жаштардын мындай нерселерди жамынып алышын ойлоо да коркунучтуу! Мистер Дарслидин оюнча "мантия" деген жиндиге окшогон акылсыз моданын акыркы кыйкырыгы. Ал авто-унаасында отурган калыбында рулду манжалары менен черткилеп тыгынды күтүп отурду, анан эле кокустан анын көзү жакын тегеректе топтошкон, кызыктай кийинген адамдарга такалды. Алар жандуу кыймыл менен бир нерселер жөнүндө шыбырашып жатышты. Мистер Дарсли алардын эки-үчөөсүн өтө жаш эмес, тескерисинче, тигине тигил эркек киши улгайып эле калган, мистер Дарслидин өзүнөн бир топ улуу, а өзү изумруд-жашыл түстүү мантия кийип алыптыр! Уяты жок десе! Ушул жерден мистер Дарслидин мээсине эми жетти, бул кезектеги бир жарнамалык ишкана же кандайдыр бир акция, ал эми тиги кишилер ачык эле кайыр чогултуп жүрүшөт... ооба дал ошондой, түшүнүктүү. Мынакей авто-унаалар да козголуп, аңгыча бир мүнөт өтпөй мистер Дарсли кайрадан башына жүктөлгөн бургу тууралуу ойлору менен “Груннингс” имаратынын конторасынын жанындагы авто-унаа коюучу жайга жөнөп кетти.
Мистер Дарсли тогузунчу кабаттагы өз иш бөлмөсүндө дайыма терезеге далысын салып отура турган. Эгерде мындай жайгашпаганда бургу иштерине бүгүнкүдөй көңүлүн бура алмак эмес. Ага чаламандын чак түшүндө терезе түбүнөн ары-бери зымырап учкан үкүлөр көрүнбөйт болчу, бирок баарыбир сыртта жүргөн, терезе тарапка карап отурган адамдар көрүштү. Алар килейген чоң көлөмдөгү токой куштарынын зуулдап учуп жүргөнүн ооздорун ачып карап калышты. Делдейе карагандардын айрымдары мурда-кийин мындай куштарды эч көргөн эмес, жадагалса түнкүсүн дагы.
Ошентсе да мистер Дарслидин эртең мененки убактысы эч кандай үкү-пүкүсү жок адаттагыдай эле өттү. Ал кол алдында иштеген бешөөнү жемелегенге да жетишти. Бир нече телефон чалууларды аткарды. Дагы бир катуу сөгүш уюштуруп жиберди. Түштөн кийин укмуштай маанай менен көчөгө чыгып бир аз жинин таркатып, жазылып келүүнү чечти, ошону менен бирге бөлкө дүкөндөн пончик сата келейин деп сыртка чыкты.
Эгер ал бөлкө дүкөнгө барчу жолдон кезектеги топтошкондорго учурабаса, эртең менен көргөн мантия кийген кишилерди эстемек эмес. Мистер Дарсли топтошкон мантиячан кишилердин жанынан өтүп баратып аларды ачуулуу көзү менен жекире карап өттү. Эмне үчүн экени белгисиз, бирок бул адамдар мистер Дарслиди тынчсызданууга мажбур кылды. Булар да тигилердей эле бир нерсе туурасында таасирленүү менен шыбырашып жатышты, анан айтмакчы, мистер Дарсли тигилердин кайыр чогултканга кайда барарын боолгологон да жок. Ал пончиктерин курсагына кысып кайра келатканда гана кайра ошол адамдардын жанынан өтө берерде алардын бир-эки ооз сөзү кулагына “шак” дей түштү:
– Поттерлер, дал ошолор, мага ушинтип айтышты...
- – ...ооба-ооба, алардын баласы, Гарри...
Мистер Дарсли чагылган тийгендей токтоп калды. Аны уйгу-туйгу сезимдер ээледи. Ал шыбыраша топтошкондорго кайрылып карады да, бир нерсе сурайын деди, бирок кайра айныды.
Коркконунан боппоз боло конторасын көздөй талпылдап жөнөдү, иш бөлмөсүнө чуркаган бойдон келди, анын тынчын эч ким албоосун катчысына эскерте “корс” этти да, бөлмөсүнө кире калып заматта үй номурун терип, кайра дароо токтой калды. Ал трубканы коюп, мурутун сылай ойлоно түштү... жок, бул жөн гана акылсыздык. Поттер деген кадимки эле катардагы фамилия эмеспи. Ал Поттер фамилиялуу, Гарри аттуу уулдуу адамдар көп экендигинен күмөн санаган жок. Анан да өз жээнинин аты Гарри беле же андай эмеспи, жакшы эстей албады. Ал жадагалса ал баланы, жээнин, таптакыр көргөн эмес. Мүмкүн ал Гавриддир. Же Гарольд. Миссис Дарслидин тынчын алуунун эч кандай кажети жок, анын үстүнө ага сиңдиси жөнүндө эскертсең эле ачууланат. Аны күнөөлөш да кыйын. Эгерде мистер Дарслидин мындай карындашы болсо... бирок барыбир мантиячан адамдар...
Түштөн кийин бургу жөнүндө ойлоо өтө кыйынга турду, андан соң кечки бештерде конторунан чыгып баратып деле өз ойлоруна алагды болуп баратты, аз жерден бир кишини сүзүп ала да жаздаганычы.
“Кечиресиз”, - Мистер Дарсли тиги шалкылдап барып аз жерден жыгыла жаздаган кенедей кишини карабай эле күңкүлдөп койду. Ал тиги кенедей киши күлгүн түстөгү мантия кийип турганын байкаган жок. Күлгүн түстөгү мантия кийген кенедей арык киши мистер Дарслидин сүзүп кеткенине деле капаланган жок. Аз жерден жыгылып кете жаздаган баткактан укмуштуудай тездик менен секирип өттү да, мистер Дарслиге жылмайып карап, өтүп бараткандардын бардыгынын көңүлүн бурар кызыктай чыйылдаган үнү менен мындай деди:
- – Кечирим суроонун кереги жок, кечирим сурабай эле коюңуз, менин ардактуу төрөм, бүгүнкү бактыма эч нерсе көлөкө түшүрө албайт! Сүйүнүңүз, “Ким Экенин-Өзүңүз-Билесиз” акыры жок болду! Бүгүн жадагалса сиздей маглдар үчүн да улуу, улуу майрам болушу керек!
Анан тиги киши мистер Дарслидин белинен бекем кучактап, зыпылдап кайра четке чыкты.
Мистер Дарсли асфальтты карай учуп чыкты. Аны азыр эле таптакыр тааныбаган киши кучактады. Анан калса аны “магл” деп да атады, бул сөз эмнени түшүндүрөрүн ойлогуң да келбейт. Ал өзүнө келе албай турду. Болуп өткөндөрдү акылына сыйдыра албай, өзүн сооротууга аракеттене калп күлгөн болуп, авто-унаасына бет алып, тезинен үйүнө барууга шашылды.
Ал үйүнө жакындаганда эле ала-була болгон эртең мененки көргөн мышыкты көрүп маанайы таптаза бузулду. Мышык өз үйүнүн бакчасында отурат. Ал, бул мышык эртең менен көргөн мышык экенине чындап ишенди, тиги мышыктын көзүнүн тегерегинде да дал эле ушундай тактар бар болчу.
- – Мыш! – мистер Дарсли өктөм үнү менен катуу айтты.
Мышык козголгон жок. Ал мистер Дарслиди олуттуу түрдө карап койду. Бул эмне мышыктардын кадимки эле көрүнүшүбү же кандай, мистер Дарсли өзүнөн өзү сурады. Үйгө кирерде болгон окуялардан өзүн-өзү болушунча сооротуп, аялын бул ишке аралаштырбоо үчүн өзүн бир калыпта алып жүрүүгө аракеттенди.
Миссис Дарсли бүгүнкү күндү адаттагыдай эле өткөрдү. Кечки тамак маалында ал мистер Дарслиге кошунанын тил укпаган кызы жөнүндө ийне-жибине чейин айтып берди. Андан тышкары миссис Дарсли Дадли “жебейм, каалабайм” деген жаңы сөз үйрөнгөнүн да айтты. Мистер Дарсли өзүн кадимкидей алып жүрүүгө болушунча аракет кылды. Качан гана Дадли уктаган маалда, мистер Дарсли кечки жаңылыктарды угуу үчүн конок бөлмөнү көздөй жөнөдү:
- – Жаңылыктардын соңунда орнитологдордун билдирүүсүндө үкүлөрдүн таң калыштуу кыймылы байкалды. Негизи үкүлөр түнкүсүн гана сыртка чышат, бирок бүгүн күндүзү пайда болгон үкүлөрдүн миңдеген учуру катталды. Алар таң аткандан баштап ар түрдүү багыттарга учуп жатышты. Эксперттер азырынча бул феноменди түшүндүрүү абалында эмес. Репортёр жылмайды:
- – Булардын баары табышмактуу. Ал эми азыр болсо Жим Макгаффин менен аба ырайы тууралуу маалыматка көңүлүңүздөрдү бурабыз. Жим, айтчы эми, бизди үкүлөр каптайбы?
- – Тед, бул тууралуу, – метеоролог жооп берип жатты, – мен эч нерсе айта албайм, бирок бүгүн бир гана үкүлөр таң калтырган жок. Кент, Йоркшир жана Данди шаарларынын телекөрүүчүлөрү күнү бою кат жөнөтүп, телефон чалып жатышты. Алардын айтымында, мен кечээ убада бергендей нөшөрлөгөн жамгырдын ордуна метеорит жамгыры жааган! Элдер Порох Дарымы күнүн майрамдап баштаган окшойт... Урматтуу телекөрүүчүлөр, азыр эртерээк, ал күн келерки аптада майрамдалат! Ал эми бүгүн кечинде сөзсүз жамгыр жаашына кепилдик берем.
Мистер Дарсли креслодо отурган бойдон катып калды. Британия боюнча метеорит жамгырыбы? Чак түштө учкан үкүлөр? Бардык жерде мантия кийген кызыктай адамдар? Анан да жанагы сөздөр, Поттерлер жөнүндөгү сөздөр...
Миссис Дарсли конок бөлмөгө эки чөйчөк чай менен кирип келди. Жок, мындай болбойт. Ага кандай болсо да айтыш керек. Ал жөтөлүп тамагын жасады.
- – Эээм... Петуния, сүйүктүүм... акыркы мезгилдерде сен сиңдиң жөнүндө эч нерсе уккан жоксуңбу?
Ал күткөндөй эле миссис Дарсли ачуулана түштү. Чындыгында алар дайыма эч кандай сиңдиси жоктой түр көрсөтүшчү.
- – Жок, – ал дароо жооп кайтарды, – а эмне болду?
- – А бул жакта жаңылыктардан болбогон бир нерселерди берип жатат, - мистер Дарсли акырын мылжыңдап койду. – Үкүлөр... метеорит жамгыры... анан да бүгүн шаарда кызыктай көп адамдар жүрүштү.
- – Андай болсо эмне болуптур? - миссис Дарсли сөзүн бөлүп жиберди.
- – Эми, эме, тиги... мен ойлоп жатам... мүмкүн... мүмкүн бул нерселердин баарынын эмелер менен байланышы болсочу... эми өзүң билесиң го... тигинин чөйрөсү менен...
Миссис Дарсли кыжыры келе кымтып алган эриндерин чөйчөктөгү чайына барып такады. Мистер Дарсли ага бүгүн көчөдөн Поттерлердин ысымын укканын айтууга эч эле эрки жетпеди. Анын ордуна өтө жек көргөн түр көрсөтө алардын баласын сурады:
- – А алардын баласы... ал биздин Дадли менен тең да э, ошол жашта болуп калабы?
- – Ошондой окшойт, - миссис Дарсли күңкүлдөдү.
- – Тигини кандай деп аташчы эле? Говард беле?
- – Гарри. Жагымсыз, кадимки элдик ысым! Эгерде менин оюм кимдир-бирөөнү кызыктырып жаткан болсо!
- – Аа, түшүнүктүү, - деди мистер Дарсли, анан анын жүрөгү болкуп курсагына түшүп кеткендей болду, – Сага толугу менен кошулам.
Мындан башка ал эч нерсе айткан жок. Андан кийин экөө уктаганга кетишти. Миссис Дарсли душка түшүп жатканда, мистер Дарсли акырын терезе тарапка жылып барып бакчасын карады. Мышык дагы деле жанагы ордунда отуруптур. Ал мышык кимдир-бирөөнү күтүп отургандай Бирючин аллеясын дыкаттык менен карап жатты.
Баарыбир мистер Дарслидин оюна түркүн нерселер келе берди. Кандай жол менен бул нерселер Поттерлерге тиешелүү болушу мүмкүн? А эгер байланыштуу болсо... эгер алар менен тууган экени ачыкка чыгып калса... жок, ал мындайды көтөрө албайт.
Жубайлар уктоого камынышты. Миссис Дарсли дароо уктап калды, а мистер Дарсли караңгылыкта умачтай ачылган көздөрү менен уйкусуз жатты, көпкө ойлоно берди, ойлоно берди... Аны тынчтандырып, уктоого камындырган эң акыркы ою эле “эгерде болуп жаткан окуяларга Поттерлердин тиешеси болсо деле, алар Дарслилерди бул ишке аралаштырбайт” деген ой жоруму болду. Поттерлер Петуния экөөнүн алар менен болгон мамилесин эң жакшы билишет... Мистер Дарсли Петуния же өзү, азыркы окуялар менен байланышта болуп каларын элестете да албады, эгер бир нерсе болсо, албетте, ал оозун ачып эстеди да капталынан жатып уйкуга кетти. Алардын баары бизге тиешелүү эмес...
Бирок ал жаңылышты.
Мистер Дарсли камырабас тынч уйкуга көшүлдү, а бакчада отурган мышыктын уктачу түрү жок. Ал эстеликтей каткан бойдон бир калыпта Бирючин аллеясынын кайрылыш тарабын карап отурду. Мышык кошуна көчөдөн катуу жабылган авто-унаа эшигинин үнүнүнөн да, жанынан чоң үкүлөр учуп өткөндө да кыймылдаган жок. Качан гана мышык эртеден бери биринчи жолу кыймылдаганда дээрлик түн жарымы болуп калган.
Мышык карап, байкап отурган көчөнүн бурулушунан бир киши пайда болду. Ал ушунчалык кокустан, күтүүсүздөн пайда болду дейсиз, тим эле жер алдынан чыга калгандай болду. Мышык куйругун булгалап көзүн жүлжүйттү.
Бирючин аллеясында мындай киши эч убакта болгон эмес. Ал адам узун бойлуу, арык анан упузун, белинен ылдый ашып түшкөн күмүштөй муруту менен сакалынан улам аябай кары киши экенин билсе болот. Ал киши үстүнө узун, жер чийген пурпур түстөгү мантия, бутуна такалуу таралгасы менен бут кийим кийип алган. Анын көгүш көздөрү узун куш мурдунун үстүндө конуп турган жарым ай формасындагы көз айнегинин алдынан ачык түстө жаркырап турду. Бул адам Альбус Дамблдор эле.
Альбус Дамблдор сырткы көрүнүшүндө, Бирючин аллеясынын жашоочулары өзүн байкабайт деп ишенимдүү тургансыйт. Ал мантиясынын бир тарабын кармалап бир нерсе издеди. Бирок ал баарыбир бирөө карап турганын сезип, дагы деле көчөнүн бурулушун тиктеп отурган мышыкка көз жүгүрттү. Эмнеге экени белгисиз, бирок мышыктын көрүнүшү аны жылмайтты.
– Мен дароо эле билишим керек эле, - деди ал жылмая.
Ал акыры мантиясынын чөнтөгүнөн издеген нерсесин тапкандай болду. Издеп тапканы күмүш түстөгү от күйгүзүүчү чакмакка окшогон нерсе болуп чыкты. Чакмакты күйгүздү да, бир аз күтө туруп кайра "чык" эттире бекитти. Жакын жердеги көчө фонары жеңил үн менен "пух" эте өчүп калды. Ал кайра дагы чакмакты күйгүзүп "чык" эттире өчүрүп койду эле, кийинки фонар жалп өчтү. Көчөдөгү фонарлардын баары өчкөнчө чакмак он эки жолу күйүп жанды. Бир гана көчөнүн алыскы аягында эки лампа өчкөн жок. Караңгылык бүт жерди каптап, мышыктын көздөрү гана жанып турду. Бул караңгылыкта эч ким эч кимди көрө алмак эмес, жадагалса курч көздүү миссис Дарсли дагы. Дамблдор чакмагын кайра мантиясынын чөнтөгүнө салып, № 4 үй тарапты карай жөнөдү. Үйгө жакын келип, мышык отурган бакчадагы таш текчеге отурду, мышык тарапты карабастан эле аны менен сүйлөшө баштады.
- – Сиз менен бул жерде жолугушуу аябай эле кызыктай болду, профессор Макгонагалл.
Дамблдор ала-була мышыкка жылмайайын деп башын бурду эле, бирок ал мышыктын ордунда пайда болгон каардуу, төрт бурчтуу көз айнекчен, жанагындай эле мышыктын көздөрүнүн алдындагы тактардай тагы бар, курч көздүү аялга жылмаюуга туура келди. Ал аял дагы изумруд түстөгү мантия кийимчен болчу. Анын капкара чачтары бир жерге чогултулуп тыкыя түйүлгөн. Ошол эле учурда ал бир нерсеге кабатырланып жаткан.
- – Сиз мен экенимди кайдан билдиңиз? - деп сурады аял.
- – Алтыным, мен мышыктардын бир жерден жылбай отурганын көргөн эмесмин.
- – Керээли кечке муздак кирпичтин үстүндө отурсаң тоңгонуңан кыймылдабай каласың да, - профессор Макгонагол күңкүлдөп койду.
- – Кэрээли кечкеби? Бир күн боюбу? Сиз эмне майрамдаган жоксузбу? Бул жакка келе жатып жолдон майрамдагандардын бери эле жагы дегенде он чактысын көрдүм.
Профессор Макгонагалл нааразы боло бышкырды.
- – Мм, түшүнүктүү, баары майрамдап жатышат, - нааразы боло айтты. – Абайлашат экен десе, жок, бары көз көрүнөө майрамдап, жадагалса маглдар да бир нерсе болуп жатканын байкап калышты. Таң калыштуу өзгөрүүлөр жөнүндө алардын жаңылыктарынан да беришти. – Ал Дарслилердин караңгы конок үйүнүн терезесин башы менен шилтей көргөздү. – Мен уктум. Үкүлөр, метеорит жамгыры... А сиз эмнени кааладыңыз эле, алардын баардыгы жинди эмес да. Алар баарын байкашты. Кенттеги метеорит жамгыры! Мына мени айтты дээрсиз, бул Дедал Дигглдин колунан келген иш. Дөдөй десе!
- – Сиз ачууланбашыңыз керек, – Дамблдор акырын зекиди. – Акыркы он бир жылдан бери бизде мындай кубаныч боло элек.
- – Түшүнүп турам , - профессор Макгонагалл кыжырдана айтты. – Бирок бул акылдан азып кетүү керек дегендик эмес да. Бардыгы оңой-олтоң эле сак болууну унутуп, кыраакылыкты жоготушту! Чак түштө шаарга мантиячан чыгышып, маглдардай кийингенди да унутушуптур. Ушак-айыңдар айтылып жатпайбы!
Профессор Макгонагалл Дамблдорду каршы сөз айтат деген ой менен карады, бирок ал эч нерсе деген жок, анан профессор Макгонагол кайра сөзүн улантты:
– Мындан артыгын ойлоп таба албайсың! “Ким экендигин – Өзүңүз Билесиз” жок болгон күнү маглдар биз жөнүндө билишкени эмне шумдук! Ал чынында эле жок болуп кеттиби? Сиз кандай ойлойсуз, Дамблдор?
– Ошондой окшойт, - деди Дамблдор. – Биздин ыраазы болор нерсебиз бар. Лимон набатын жейсизби?
– Эмне?
– Лимон набаты. Бул маглдардын таттуусу, мага аябай жагат.
– Жок, ыракмат, - профессор Макгонагалл азыр лимон набатын сүйлөшөр маал эместигин билдиргендей нааразы боло айтты. – Мен жана дагы айткандай, ким экенин – Өзүңүз-Билесиз жок болуп кеткенине карабастан...
– Менин урматтуу профессорум, сиздей акылдуу айымдар анын атынан эле айта алат деп ишенем. “Ким экендигин – Өзүңүз Билесиз”... булардын баары болбогон нерсе. Мен он бир жыл бою адамдарды өз атынан, Волдеморт деп атоолору үчүн мажбурлоого аракет кылып келем.
Профессор Макгоногалл селт этип кетти, бирок ошол учурда набаттын сырткы кагазын ачып жаткан Дамблдор аны байкаган жок.
- – Биз аны “Ким экендигин – Өзүңүз Билесиз” деп атаганда тескерисинче баары чаташып жатат. Мен аны өзүнүн эле атынан Волдеморт деп эмне үчүн атай албай жатканыбыздын бир да себебин көрө алган жокмун.
- – Түшүнүп турам, - профессор Макгонагалл бир эле учурда коркуп да, Дамблдордун эр жүрөктүүлүгүнө суктанып да кетти. – Бирок сиз башкалардан айырмаланып турасыз. Бардыгына эле белгилүү го, ким экендигин – Өзүңүз... ии макул, Волдеморт, бир гана сизден коркот.
- – Сиз мага суктанбай эле коюңуз, - Дамблдор жай гана айтты, – Волдеморттун менде эч качан болбой турган мүмкүнчүлүктөрү бар.
- – Болгону сиз абдан эле, ммм, айкөл, кең пейилсиз, ошон үчүн андай мүмкүнчүлүктөрдү колдонбойсуз.
- – Караңгы болгону жакшы болбодубу. Мадам Помфри менин чөнчөлөрүмдү жактырарын айтканын уккандан бери мынчалык кызара элек болчумун.
Профессор Макгонагалл Дамблдорду курч көздөрү менен бир карап алды:
- – Үкүлөр, айтылып жаткан ушактардын жанында эч нерсеге татыбайт. Сиз билесизби, кандай ушак-айыңдар айтылууда? Ал эмне себептен жок болуп кетти? Аны акыры эмне токтотту? Мына ушул суроолор байма-бай талкууланып жатат.
Акыры профессор Макгонагалл бир күн бою муздак таш төшөмөдө отурганынын чыныгы себебин жана өзүн катуу тынчсыздандырган жагдайга өтүп айтып баштаганы байкалып турду, ал бир да жолу мышыктын сөлөкөтүндө да, аялдын сөлөкөтүндө да мынчалык Дамблдорду теше тиктеп караган эмес. Бардыгы ар нерсени айта бергени менен, ал өзү Дамблдордон тастыктама укмайынча эч нерсеге ишенбейт болчу. Дамблдор болсо унчукпастан кийинки набаттын сыртын аарчый баштады.
- – Мурунку түнү, - дегенин койбой эле профессор Макгонагалл сөзүн улантты, – Волдеморттун Лощин Годрикте пайда болгонун айтып жатышат. Ал Поттерлерге келиптир. Айтылган ушактарда, Лили менен Жеймс Поттер каза болушуптур.
Дамблдор башын ийкегиледи. Профессор Макгонагалл эмне дээрин билбеди.
- – Лили менен Жеймс... ишене албай турам... мен буга ишенгим келчү эмес... О, Альбус...
Дамблдор, профессор Макгонагаллдун далысынан таптап койду.
- – Мен түшүнүп турам... түшүнүп турам... - жеңилгендей үн менен айтты.
Профессор Макгонагалл сөзүн улантты, бирок үнү титиреп чыкты:
- – Анан да ал Поттерлердин уулу Гаррини өлтүрөйүн дептир. Бирок оюн ишке ашыра алган эмес. Кичинекей баланы өлтүрө алган эмес. Эмне үчүн өлтүрө албай калганын эч ким билбейт, бирок кимдир-бирөөлөрдүн айтымында, Волдеморт Гаррини өлтүрөйүн дегенде анын сыйкыры тарап кетип ал ошондон улам жок болуптур.
Дамблдор көңүлсүз башын ийкеди.
- – Бул... чынбы? - профессор Макгонагалл үнү титиреп сурады. – Ал мунун баарын жасап... мынча адамды өлтүрүп... анан кичинекей баланы өлтүрө албай койдубу? Бул таптакыр мүмкүн эмес... кантип эле анын сыйкыры баланы өлтүрөйүн дегенде жок болуп кетсин... Бирок Гарри кантип аман калды?
- – Биз жоромолдой гана алабыз, - деди Дамблдор. – Биз мунун себебин эч качан биле албайбыз.
Профессор Макгонагалл тордолгон жүз аарчысын алып чыкты да, көз айнегин өйдө көтөрүп көзүнүн жашын сүрттү. Дамблдор катуу үшкүрүп, чөнтөгүнөн алтын саатын алып чыгып карады. Анын сааты аябай эле кызыктай саат болчу. Ал саатта бир дагы сан жок, болгону он эки жебечеси бар. Сандардын ордунда кичинекей планеталардын сүрөттөлүштөрү тегерене айланып жылып турат. Ошентсе да Дамблдор саатын эң мыкты билет көрүнөт, анткени саатын бир карап эле чөнтөгүнө кайра салып күбүрөндү:
– Хагрид кечигип жатат. Сизге менин бул жерге келеримди Хагрид айткан экен да?
- – Ооба, - деди профессор Макгонагалл, – Сиздин бул жерге келгениңиз табышмактуу... Эмне үчүн так ушул жер?
- – Мен Гаррини тайжездеси менен таяжесине берейин деп келдим. Алар Гарринин жападан жалгыз туугандары.
- – Бирок алар тиги... Алар мына бул үйдө жашагандарбы?! - профессор Макгонагалл № 4 үйдү көрсөтө ыргып туруп кыйкырып жиберди. – Дамблдор... сиз мындай кыла албайсыз! Мен аларды бир күн бою көрүп турдум. Бизге кичине болсо да окшогон кишилерди табууга мүмкүн эмес беле. Анан да алардын баласычы!.. Алардын баласы жолдон үйүнө келгенче таттуу жейм деп апасын буту менен тепкилеп келди. Гарри Поттер булар менен кантип жашайт?!
- – Гарри үчүн бул жер эң эле ылайыктуу, - Дамблдор сөзүн бөлдү. – Анын тайжездеси менен таяжеси Гарри чоңойгондо ага баарын өздөрү айтып беришет. Мен аларга кат жазып койдум.
- – Кат? - профессор Макгонагалл кайталап сурап, шалдая кайра тосмого отуруп калды. – Дамблдор, сиз эмне бардыгын кат менен түшүндүрүп коюуга мүмкүн деп ойлойсузбу? Бул адамдар эч качан түшүнбөйт! Ал атактуу болот, уламышка айланат, эгерде келечекте бүгүнкү күндү Гарри Поттер күнү аташса мен таң калбайм, Гарри жөнүндө китептер жазылат, анын ысымын ар бир кичинекей бөбөк билип калат!
- – Туптуура, - Дамблдор көз айнегинин үстүнөн олуттуу карады. – Мына, ким болбосун башын айлантканга ушул эле жетиштүүлүк кылат. Басууга, сүйлөөгө үйрөнгөнгө чейин эле атактуу болуу! Эмне үчүн атактуу экениңди өзүң да эстей албаган атактуулук! Анын тынч, ушак-айыңдан алыс жерде чоңоюп, эс тартканда баарын өзү чечип калган кезде чындыкты билгени өзүнө эле жакшы болорун түшүнбөй турасызбы?
Профессор Макгонагалл дагы бир нерсе айтайын деп, бирок унчуккан жок. Анан акырын:
- – Ооба-ооба, сиз туура айтасыз, Дамблдор. Бирок бала ал жерге кантип барат?
Профессор Макгонагалл Дамблдордун мантиясын кичинекей бала катылгандай шектүү карады.
- – Аны Хагрид алып келет.
- – Хагридге мындай маанилүү ишти тапшыруу ылайыктуу деп эсептейсизби?
- – Мен Хагридге бүтүндөй өз өмүрүмдү да ишенип тапшырмакмын, - деди Дамблдор.
- – Мен анын жүрөгү жок дебейм, - профессор Макгонагалл актанды, – Бирок сиз анын олдоксондугуна көз жумбашыңыз керек. Ал дайыма аракеттенип... А бул дагы эмне шумдук?
Дырылдаган жай үн көчөнүн тынчтыгын бузду. Дамблдор менен профессор Макгонагалл фаранын жарыгын көрүп четке чыгышты, үн уламдан-улам жакындай берди, бир аздан соң таптаза эле күрүлдөп баштаганда экөө тең көктү карашты, асмандын дал ортосунан өздөрүн карай кадимки мотоцикл түшүп келе жатканын көрүштү.
Мотоцикл аябай чоң көрүнгөнү менен ичиндеги кишиге салыштырганда кенедей бир нерсе экен. Мотоциклдин ичиндеги киши кадимки кишиден эки эсе узун жана беш эсе көлөмдүү келет. Ал бир караган кишиге узун кара чачтары, дээрлик бетинин баарын каптаган саксайган сакалдары, таштанды салчу кутунун ооз көлөмүндөй колдору менен жырткычка окшоп көрүнөт, булгаары өтүкчөн буттары дельфиндин чоңоюп кеткен келбетин элестетчү. Ал көлөмдүү, күчтүү колдоруна оромолго оролгон кичинекей нерсени көтөрүп келе жатты.
- – Хагрид, - деди Дамблдор, ал зор жүктөн бошонгондой көкүрөгүн кере дем ала айтты.– Келдиңби?! А мотоциклди кайдан алдың?
- – Сурап алдым, профессор Дамблдор, сэр, - килейген киши мотоциклден абайлай түшүп жатып жооп берди. – Жаш Сириус Блэк берди, сэр.
- – Жолдон жакшы эле келдиңби? Эч кандай көйгөй жаралган жокпу?
- – Жакшы эле. Көйгөй жаралган жок, сэр. Үй дээрлик талкаланыптыр, бөбөктү маглдар ары-бери жүгүрүп жүргөндө чыгарып кеттим. Баары жайында! Ал Бриүстөлго жеткенде уктап калды.
Дамблдор менен профессор Макгонагалл оромолго ийиле эңкейе карашты. Ичинде көзгө эптеп эле көрүнгөн кичинекей бөбөк таттуу уйкуда уктап жатыптыр. Көмүрдөй кара чачтуу, чекесинде чагылгандын зигзаг формасындай болгон тырык калыптыр.
- – Бул жакка... - профессор Макгонагалл шыбырады.
- – Ооба, - деди Дамблдор. – Бул тырык анын чекесинде өмүр бою калат.
- – Муну жок кылса болбойбу, Дамблдор?
- – Мүмкүн болсо да жок кылбайт болчумун. Тырыктар пайдасын тийгизет. Мисалы, менин сол тиземде Лондондун жер өтмөгүнүн схемасын элестеткен тырык бар. Кана эми, Хагрид, аны бул жакка алып кел, ишти аягына чыгаралы.
Дамблдор Гаррини колуна алып Дарслилердин үйүн карай бурулду.
- – Аны менен... аны менен коштошуп алса болобу, сэр? - деп суранды Хагрид.
- Ал үрпөйгөн чачтуу башын Гарринин жүзүнө эңкейте, кичине виски жыттанган сайгылаган түктөрү менен акырын өптү. Анан күтүүсүздөн эле Хагрид жарадар иттей өңгүрөп кирди.
- – Чүшшш! - профессор Макгонагалл шыбырады. – Маглдарды ойготосуң!
- – Ке-ке-чирим сурайм, - Хагрид жайылган кир жүз аарчысы менен көзү-башын жаап бышактады. – Мен чыдай алба-а-айм! Лили менен Жеймс өлүп калышты... Кичинекей Гарри маглдарга кетип жатат...
- – Албетте, албетте, аябай эле кайгылуу дечи, бирок өзүңдү колго ал, Хагрид, антпесе азыр бизди маглдар байкап калат, - профессор Макгонагалл Хагриддин колун таптап жубата шыбырады. Дамблдор болсо бакчаны курчаган тосмонун пасыраак жеринен өтүп үйдүн киреберишин көздөй жөнөдү. Ал Гаррини абайлай босогого жаткырып, мантиясынын чөнтөгүнөн кат алып чыгып, Гарринин оромолуна кыстарды да өзүн күтүп тургандарга карай артка кайтып келди. Алар бир мүнөт бою үн-сөзсүз кичинекей оромолду карап турушту. Хагриддин ийиндери бышактаганынан дагы деле солкулдап, профессор Макгонагалл көзүн ирмегилеп жиберди, дайыма көзүнүн ичинен жаркырап жанып турган Дамблдордун көзүнүн өңү болсо өчүп калгандай.
- – Иш болсо аткарылды, - деди Дамблдор. – Кана эмесе кетели, бул жерде калуунун эми кажети жок. Эң жакшысы майрамга барып кошулганыбыз оң.
- – Макул, - Хагриддин үнүнөн аябай ыйлаганы билинип турду. – Мен тиги мотоциклди Сириуска жеткирип берейин. Жакшы калыңыздар, профессор Макгонагалл, профессор Дамблдор, сэр.
Хагрид булгаары күрмөсүнүн жеңи менен көзүнүн жашын дагы бир сүртүп, мотоциклге отуруп от алдырды да, караңгы түнгө сиңип кетти.
- – Бир аздан кийин көрүшөбүз деп үмүттөнөм, профессор Макгонагалл, - деди Дамблдор кичине ийиле. Профессор Макгонагалл жооп ордуна жүз аарчысына бышкыра мурдун тазалады.
Дамблдор артка бурулуп көчө тарапка кетти. Көчөнүн бурулушуна жеткенде токтоду да чөнтөгүнөн күмүш чакмакты алып чыкты. Ал аны бир эле жолу басканда өчүк турган он эки көчө фонары бир көз ирмемде дароо жанды. Заматта Бирючин аллеясы саргыч түстө жаркырады, ошол учурда Дамблдор аркы көчөнүн бурчунан башка көчөнү көздөй секирип өткөн ала-була мышыкты көрдү. № 4 үйдүн босогосунан кичинекей оромол болор-болбос эле көрүнүп турду.
Үнсүз, таза көк асмандын астындагы, Бирючин аллеясынын дыкаттык менен кыркылган түптөрүн, жай жүргөн жел теңселтип турду. Башка жерде болсо да мейли, бирок так ушул жерден мындай табышмактуу да, таң калыштуу да окуяны эч ким күткөн эмес. Гарри Поттер оромолунда оролуп уктап жатат. Кичинекей алаканы менен кыстарылган катты бекем кысып, ал өзү өзгөчө бир бала экенин билбестен, атактуу экенинен шек санабастан, бир нече сааттан кийин сүттүн бөтөлкөлөрүн алуу үчүн эшикке чыкчу миссис Дарслидин бакырыгынан ойгонууга туура келерин, кийинки жумаларда ал керээли кечке Дадлинин түртүп, чукуп жүдөтөрүн элестете албастан, таттуу уйкуда жатты. Дал ушул учурда дүйнөнүн төрт тарабынан чогулган белгисиз адамдар сырдуу майрамда бокалдарын “Аман калган бала, Гарри Поттер үчүн!” деп көтөрүп жатышканын билген жок.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Жоголгон айнек
Жубайлар Дарслилер, эртең менен эрте өздөрүнүн босогосунан өздөрүнүн жээнин таап алгандан бери дээрлик он жыл өттүп, а Бирючин аллеясы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз. Эртең менен чыккан күн шооласы мурдагыдай эле дыкат жасалган бакчага тийди, андан соң Дарслилердин үйүнүн киреберишинде илинген тактайчадагы № 4 санын көрсөтө жарык кылды, анан көп деле өзгөрбөгөн мистер Дарсли үкүлөр туурасында жаңылыктарды телевизордон көрүп, конок бөлмөгө уурданып кирди. Бир гана текчеде коюлган сүрөттөр убакыттын өткөнүн айгинелеп турат. Он жыл мурда бул текчелерде чепчик кийген, түркүн түстүү шар кармагандардын сүрөттөрү турар эле. Бирок азыр Дадли Дарсли "ляля" эмес. Эми сүрөттөрдө биринчи жолу велосипедге отуруп жатканы, селкинчек тепкени, атасы менен компьютерде ойноп отурганы, апасы өөп, кучактаган сүрөттөрдөгү томпойгон сары чачтуу бала карап турат. Бул үй-бүлөдө дагы бир бала бар экени бул бөлмөдө байкалбайт.
Баарыбир Гарри Поттер ушул жерде жашап жатты. Азыркы учурда ал уктап атат, бирок ал бир аздан кийин эле ойгонот. Ал аңгыча Петуния тайже ойгонуп туруп калды, анын биринчи кыйкырыгы Гарринин таңкы коңгуроосу:
- – Тур! Тур дейм эрте! Тезирээк бол!
Тайжеси эшикти калдырата такылдатты. Гарри төшөгүнөн ыргып турду.
- – Тур! - ал чыңыра айтты.
- Гарри тайжесинин ашканага кирип көмөч казанды плитанын үстүнө таштаганын укту. Ал чалкасынан түшө жаңы эле көргөн түшүн эстегенге аракет кылды. Жакшы түш. Түшүндө ал мотоциклде зуулдап бараткан. Мурда да бир жолу ушундай түш көрсө керек эле.
Тайже кайрадан эшиктин жанында пайда болду.
- – Кана, турдуңбу? - бакыра сүйлөдү.
- – Туруп атам, - деди Гарри.
- – Эрте, эртеден кыймылда да ашканага келип бекондорду карап тур. Күйгүзбөгүн! Дадлинин туулган күнүндө бардыгы идеалдуу болуш керек.
Гарри даана угулбаган сөздөр менен күңкүлдөдү.
- – Эмне дедиң? – эшик сыртынан Петуния тайже ачуу үнү менен чукул сурады.
- Эч нерсе, эч нерсе.
"Дадлинин туулган күнү" ал аны кантип унутуп калды экен? Гарри уйкулуу көздөрү менен байпагын издей баштады. Байпагын керебетинин алдынан таап, кошо жабышкан жөргөмүштү силкий түшүрүп кийди. Ал жөргөмүштөрдөн коркпой калган, аларга көнүп бүттү, тепкич алдындагы буфетте жөргөмүштөн көп неме жок, дал ошол буфет бөлмөдө Гарри уктайт.
Кийинип алып холл аркылуу ашканага жөнөдү. Холлдогу үстөл үстү дээрлик белектерге толуптур. Дадли өзү каалагандай жаңы компьютер белекке келиптир, экинчи телевизор менен жарыш велосипедди кошпогондо. Дадлиге жарыш велосипеддин эмне кереги бар – Гарри үчүн бул табышмак, Дадли деген аябай семиз анан спортту жаман көрөт да, ар кимге ар нерсени шыбап качып кеткенин эске албаганда. Дадли сүйүктүү бокстук грушасы катары Гаррини тандап алган, болгондо да аны биринчи кууп жетип кармаш керек. Сырткы көрүнүшүнөн айта албайсың, бирок Гарри чынында мыкты чуркачу.
Эмне үчүн экени белгисиз, мүмкүн караңгы буфетте жашаганынан уламдыр, Гарри өз жашынан аябай эле кичинекей сыяктуу. Ал Дадлинин чоң, эски кийимдеринен улам аябай арык анан кичине көрүнөт. А Дадли барган сайын ар тарабынан чоңойгондон чоңоюп барат. Гарри чап жаак, буттары тарбалаңдаган, кара чачтуу, ачык жашыл көздүү бала. Ал тоголок формадагы, ортосу дайыма изолента менен оролгон көз айнек тагынат. Анын көз айнегинин тегереги бат-бат эле сына берчү, анткени Дадли дайыма кежирленип Гаррини мурдуна койгулай берет. Гарриге өзүнүн сырткы келбетинен бир гана жери жагат, ал чекесиндеги чагылгандын зигзаг формасындагыдай тырыгы. Бул тырык өзүн таанып билгенден бери бар, Петуния тайжесине берген биринчи суроосу да ушул тырыкка байланыштуу эле, бул тырык кандайча пайда болгон?
- – Бул тырык сенин ата-энең каза болгон жол кырсыгынан, - дейт Петуния тайже, – Болду ашыкча суроо бербе.
“Ашыкча суроо бербе” - Дарслилер үйүнүн негизги эрежеси.
Гарри бекондордун беттерин алмаштырып жатканда, Вернон тайжездеси кирип келди.
- – Чачыңды тара! - эртең мененки учурашуу катарында корс этти.
Вернон тайжездеси болжол менен жумасына бир ирет окуп жаткан гезитинен төбөсү менен Гарриге карап, чачын кырктырыш керектигин айтып кыйкырат. Гарринин чачын өзү менен чогуу окуган балдардан да тез-тез кырктырышат, бирок эч кандай натыйжа жок, анын чачтары бардык тарапка үксүйүп өсө берет.
Дадли апасы менен ашканага киргенде, Гарри жумуртка кууруй баштады. Дадли атасы Вернондун эле көчүрмөсү: бети чоң, кыпкызыл, дээрлик моюну жок, кичинекей сумсайган көгүш көздүү, чоң, семиз башына чапчак отурган коюу ачык сары чачы бар. Петуния тайже Дадлини "периштем" деп чакырат, а Гарри аны “чач кийип алган чочко майы” атайт.
Гарри куурулган жумуртка салынган тарелкасын белектерге жыкжыйма толгон үстөлгө араң батырды. Ошол эле маалда Дадли белектерин санап, анын кебетеси өзгөрө түштү.
- – Отуз алты, - кимдир-бирөөнү күнөөлөгөндөй ата-энесин карады. – Өткөн жылдагыдан экөө кем.
- – Сүйкүмдүүм, сен Маржа эжеңдин белегин эсептебей калдың, ал тигине, мына бул атакең менен апакең белек кылган чоң кутунун алдында турат.
- – И макул, демек, отуз жети, - Дадли түрүн бузуп баштады. Чатак жакындаганын түшүнгөн Гарри, Дадли үстөлдү коңторуп сала электе тарелкадагы жумурткасын карышкырча чоң-чоң ашап жеп алууга ашыкты.
Петуния тайже да коркунучту алдын ала сезип, жүбүттөнө баштады:
- – Биз сага дагы эки белек сатып беребиз, сыртка сейилдегени чыкканыбызда сага дагы эки даана белек, ошондой кылабыз, макулбу, пончигим?
– Дадли ойлоно түштү. Аябай катуу ойлонду. Анан акыры жай үн чыгарды:
- – Ошондо менде отуз... отуз...
- – Отуз тогуз, менин таттуум, - деди Петуния тайже.
– Дадли отургучтан жерге түшүп колуна тийген кутуну ачып баштады.
– Анда мейли.
Вернон тайжезде ыкшыңдай кыт-кыт күлдү.
– Кичинекей кашкулагым өз баасын билет, атасын тарткан да. Азаматсың, Дадли! - деп чачынан сылап койду.
Ошол учурда телефон шыңгырап калды. Петуния тайже телефонго жооп бергени кетти, а Гарри менен Вернон тайжезде Дадлинин белектери: жарыш велосипед, видеомагнитафон, видеокамера, он алты жаңы компютердик оюндун башкаруучулары менен кутудан чыгарып жатканын карап отурушту. Ал алтын кол саатты чыгарып жатканда Петуния тайже ачуулуу түрү менен кирип келди.
- – Вернон, жаман кабарым бар - деди ал. – Миссис Фигг бутун сындырып алыптыр.
- Жыл сайын ата-энеси Дадлиге майрам уюштуруп, аны достору менен кошо паркка алып барып, атракциондорго түшүрүп, гамбургер алып берип, киного барышчу. Анан жыл сайын Гарри ушул маалда Дарслилерден эки көчө алыс жашаган, акылсыз, картаң кемпир миссис Фигг менен калчу. Гарри миссис Фиггдин үйүндө калганды жек көрөт. Анын үйү ачыган капуста жыттанып турат, анан да Гаррини, өзүнүн өмүрү бою багып келген, көп сандаган мышыктардын сүрөтү бар альбомду көрүүгө мажбурлайт.
- – Эми эмне кылабыз? - Петуния тайже миссис Фиггдин бутунун сынганына Гарри күнөөлүүдөй ага кабак түйө карады.
- Гарри миссис Фигге боору ооруш керектигин түшүнүп турса да, кайрадан Снежинканы, Пуфикти, Лапка менен Туфтини эми бир жыл бою көрбөй турганына кубанып, өзүн миссис Фигг үчүн кайгырууга мажбурлай албады.
- – Маржага чалбайлыбы, - деди Вернон тайжезде.
- – Ал Майоркто, эмгек өргүүсүндө - деди сөзүн бөлүп Петуния тайже.
- – Сиздер мени үйдө деле калтырсаңыздар болот, - Гарри жалгыз калсам деген үмүт менен сөзгө аралашты (ал жалгыз калса телевизордон каалаганын көрөт, компьютер ойноп калуусу ыктымал).
Петуния тайже лимон тиштеп алгандай ачуурканды.
- – И анан келип үйдүн жарылып кеткенин көрүппү? - деди ал ыркырап.
- – Мен үйдү жардырбайм, - Гарри убада берди, бирок тигилер уккан жок.
- – Аны өзүбүз менен эле зоопаркка ала кетебиз, - Петуния тайже акырын, жай айтты, - ... анан ал жерден авто-унаага калтырып коёбуз...
- – Авто-унаа, эскертип коёюн, жапжаңы, мен муну авто-унаага жалгыз таштабайм...
Дадли катуу ыйлап баштады. Мындайча айтканда, албетте, чындап эмес. Ал жүз жылдан бери чындап ыйлай элек. Эгер оозун ача бырбыйтып, чырылдай өкүрүп баштаса, апасы бардыгын жасаарын билет.
- – Динки-дуди-дум, ыйлаба, апакең сенин майрамыңдын бузулушуна жол бербейт! - баласынын желкесинен сылай сооротту Петуния тайже.
- – Анын... биз... менен... барышын... каалабайм! - анткорлонгон ыйы менен кекечтене кыйкырды. –Ал д-дайыма б-баарын бузат! - анан акырын апасынын кучактаган колдорунун кычыгынан Гарриге мыйыгынан кытмыр жылмайып койду.
Ошол эле секундда эшиктин коңгуроосу кагылды. “Оо кудай, алар келип калышты!” Петуния тайже кыйкырып жөнөдү. Босогодо Дадлинин эң жакын досу Пьерс Полукис апасынын коштоосунда пайда болду. Пьерс келемишке окшогон түрү бар бала. Мына ушул бала Дадлиге “шыбаш үчүн” балдардын колун кайрып кармап берет.
Дадли ыйын дароо токтотту.
Жарым сааттан кийин дагы деле өз бактысына ишенбеген Дадли менен Пьерстин жанында отуруп келаткан Гарри өмүрүндө биринчи жолу зоопаркка баратты. Тайжездеси менен тайжеси аны каякка таштай коёрлорун дагы деле билбей ойлонуп келатышты. Үйдөн чыгып баратып Вернон тайжезде Гаррини четке алып кеткен.
- – Эскертип коёюн, - татырандай кыпкызыл алоолонгон жүзү менен Гарринин бет маңдайына келип шыбырады, – Эй бала, сага эскертүү, эгер кандайдыр фокус, кандайдыр бирдемелериңди көрчү болсомбу... Рождествого чейин буфеттен чыкпайсың!
- – Ооба, эч нерсе кылайын деген деле жокмун, - деди Гарри, – Чын айтам...
Бирок Вернон тайжезде ага ишенген жок. Эч ким эч качан ишенчү эмес ага.
Кептин баары Гарри менен болгон ызы-чуулу окуяларда. Көп учурда Гарри менен таң калыштуу нерселер болот, а Гарри буга өзүнүн тиешеси жок экенин айткандан эч майнап чыкчу эмес. Мисалы, бир жолу Гарри чач тарачтан чачын кыскарпагандай эле түр менен үйгө кирип келгенде, Петуния тайже жини келип ашкана кайчысы менен Гарринин дээрлик бүт чачын, жийиркеничтүү тырыгын жабуу үчүн калтырган көкүлүн эсептебегенде, таз кылып кыркып салса болобу... Дадли боору эзилгенче күлүп жатып аз жерден сийип коё жаздаган, а Гарри болсо ансыз деле каптай болгон чоң кийимдери, сынык, чапталган көз айнегинен баардыгы шылдыңдап, кыжырын келтирип жүргөнү аз келгенсип, эми таз болгон башы менен кантип мектепке барарын элестете албай уйкусуз жаткан. Бирок эртеси эртең менен анын чачтары кайра Петуния тайженин чач тарачтык эксперименттерине чейинки абалына келип калыптыр. Бул үчүн да Гаррини, ал бул таң калыштуу нерсени түшүндүрө албай жатканын жеткирүүгө аракет кылганына карабастан буфетке бир жума камашкан.
Дагы бир жолу Петуния тайже түрү суук свитерди, албетте, Дадлинин күрөң сары өңдөгү эски свитерин кийгизейин деген. Гарринин башына свитерди канчалык кыйнап кийгизбесин, ал ошончолук кичирейип, Гарриге гана эмес куурчакка да батпай турган болуп калыптыр. Петуния тайже свитер жуулганда кичирейип калган го деп ойлоп, Кудай жалгап Гарри жазаланбай калган.
А дагы бир жолу кокустан мектеп ашканасынын чатырында пайда болгондо Гарри болгон окуяны түшүндүрүп берүүдө аябай кыйын абалга туш болгон. Дадли адаттагыдай эле өзүнүн "бандасы" менен Гаррини кууп жөнөшкөн, аңгыча Гарри суу түтүктүн үстүндө отуруп калган, бул нерсе Гарри үчүн да башкалардай эле таң калыштуу сюрприз болгон. Дарслилер, мектептин чатырына чыгуудагы жогорку деңгээлдеги акылсыз иш аракетин билдирген Гарринин класс жетекчисинен нааразычылык катын алышкан. Ал бала (буфетке камалган абалында, эшиктин артынан Вернон жездесине окуяны жеткиргенге аракеттенген) ашкананын жанындагы таштанды челекке эле секирейин дегенин айткан. Гарри катуу шамалдан абага учуп, анан түтүктүн үстүндө отуруп калдым деп ойлогон.
Бирок бүгүн эч кандай жаман окуя болбошу керек. Дадли менен Пьерстин жанында болуу, мектепте, буфетте же Фиггтин капуста жыттанган конок үйүндө отургандан көрө кыйла эле жогору.
Вернон тайжезде авто-унаа башкарып баратып Петуния тайжеге даттанды. Ал дегеле даттанганды жакшы көрөт. Кол алдындагылар, Гарри, жергиликтүү кеңеш, Гарри, банк, Гарри - мына булардын баардыгы Вернон тайжезденин сүйүктүү темалары. Бүгүн даттануучу тема мотоцикл болуп чыкты.
- – ...желмогуздай айдашат, бейбаш акмактар, - жанынан зуу этип өткөн байкерге күңкүлдөдү.
- – А мен бүгүн түшүмдө мотоцикл көрдүм, - Гарри эстеп кетти, – Ал учуп баратыптыр.
Вернон тайжезде алдыда бараткан авто-унааны аз жерден сүзүп ала жаздады. Ал дароо ачуулуу, барпайган муруттуу кызылчаны элестеткен жүзү менен Гарриге бурула карады:
- – МОТОЦИКЛДАР УЧПАЙТ!
Дадли менен Пьерс ыкшыңдап күлүп жиберишти.
- – Ооба билем, алар учпайт, - Гарри макул болду. – Ал деген түш болчу да.
Бул жөнүндө ал айтканына өкүндү кайра. Бул дүйнөдө анын туугандары үчүн суроолорунан да, жөн гана түшүндө болсун же мультфильмден айтылган сөздөр болсун, айтор анын айткандары жагымсыз анан коркунучтуу болчу. Аларга Гарри коркунучтуу ойлорду ойлоп баштагандай туюлат.
Ишемби күн салкын тартып, зоопаркта эл көп экен. Дадли менен Пьерске чоң-чоң шоколад балмуздагынан сатып беришти, сатуучу Гарриден да эмне кааларын сураганга жетишти, Дарслилер аны ары алып кеткенге үлгүрбөй калгандыктан арзан лимон набатын сатып бергенге туура келди. Бул деле жаман эмес деп ойлоду Гарри, лимон набатын жалап, башын тырмап отурган Дадлиге аябай окшош горилланы карап отуруп.
Бул, Гарринин өмүрүндөгү эң сонун таң болду. Ал түшкө жакын зоопарк Дадли менен Пьерсти тажатып баштаганын байкап, алар кокустан сүйүктүү кесибин эстеп, аны түртүп, чукуп баштабасын деп башкалардан алысыраак болуш керектигин баардык учурда эсинен чыгарган жок. Алар зоопарктагы ресторандан тамактанууну чечишти. Бир аздан соң Дадли “Ала-була байпак” деген жазуусу бар дессерттин ичиндеги балмуздак аябай эле аз салынганын айтып чатак салды. Вернон тайжезде ага башкасын сатып берди, а Гарриге болсо Дадлинин биринчи дессертин жегенге уруксат беришти.
Гарри, баардыгы өз нугу менен жакшы баратканына ишенбей, бул көпкө созулбасын туйду.
Түштөн кийин алар террариумга бет алышты. Ал жер аябай салкын, караңгы экен, дубалдары жарыктандырылган айнектер менен тосулуптур. Таш дубал менен айнек тосмонун ортосунда түрдүү кескелдириктер, жыландар сойлоп жүрүштү. Дадли менен Пьерс адамды муунтуп өлтүрө алган көлөмдүү кобра, питондорду көрүүгө кызыкты. Дадли эң чоң жыланды тез эле тапты. Ал жылан Вернон тайжезденин авто-унаасын эки жолу айланганда лепешка кылып коймок, бирок азыр маанайы жок болчу анын, ал уктап жаткан.
Дадли айнекке мурдун такап жаркыраган күрөң шакекти карап турду.
- – Ал сойлосунчу, - Дадли бырбыңдады. Вернон тайжезде айнекти черткиледи, бирок жылан козголуп да койгон жок.
- – Дагы такылдат, - Дадли буйрук берди. Вернон тайжезде айнекти жоон манжалары менен катуу тарсылдатты. Жылан уктай берди.
- – Кызыксы-ы-ыз,- деп Дадли кыңкыстады. Анан буттары менен айнекти тепкилеп, – Кет, жогол ары! – деп кыйкырды.
– Гарри витринага келди да жыландан көзүн албай тиктеди. Эгер ал бул жыландын, аны ойготуу үчүн күнү бою айнекти черткилеген акылсыз адамдардан зериккенден өлүп калганын билсе таң калмак деле эмес. Буфетте уктагандан да жаман, буфеттен жок дегенде Петуния тайже ойготуп турат, анан үйдө ары-бери кыймылдап жүргөнгө да болот.
Кокустан эле жылан тоголок көздөрүн ачты. Жай, аябай жай гана Гарри менен көздөрү көзмө-көз келгенче башын көтөрдү.
Ал көзүн кысты.
Алгач Гарри көзүн ала алган жок. Анан көзүн тартып алып тездик менен эки жагын эч ким жокпу деп карай салды. Эч ким караган жок. Ошондо ал жыланды карады да ал дагы жыланга көзүн кысты.
Жылан Вернон тайжезде менен Дадли тарапка башын чайкап, көзү менен төбөнү көрсөттү. Ал даана түшүнүктүү “Дайыма ушундай” деген көз менен карап койду.
- – Түшүнөм, - Гарри күбүрөндү, тиги айнектин артындагы жылан сөзүн угаар укпасына ишенимсиз, – Жаман тажатат, – деди.
Жылан макул болгондой башын ийкегиледи.
- – А сен өзүң кайдан болосуң? - Гарри кызыга кетти.
Жылан айнек капаста илинген тактайчадан бир чекитти куйругу менен такылдата көрсөттү. Гарри көрсөтүлгөн чекитти окуду: “Боа-констриктор, Бразилия”.
- – Ал жак жакшыбы Бразилияда?
Боа-констриктор кайрадан тактайчаны такылдатты, анан Гарри андан ары окуду: “Бул экземпляр зоопарктан алынып келинди”.
- – Аа ошондойбу? Демек, сен Бразилияда эч качан болгон эмессиңби?
Жылан баш чайкады, ошол эле учурда Гарринин артынан чыккан үндөн улам экөө тең секирип чочуду. “ДАДЛИ! МИСТЕР ДАРСЛИ! БУЛ ЖАККА КЕЛГИЛЕ! МЫНА БУЛ ЖЫЛАНДЫ КАРАСАҢАР, ЭМНЕ КЫЛГАНЫН!”
Дадли чайпала жүгүрүп келди.
- – Каччы жолдон, - Гаррини кабыргадан түртө кыйкырды.
- Күтүүсүздүктөн Гарри бетон полдун үстүнө жыгылды. Андан кийин баардыгы көз ачып жумганча болду, эмне болуп кеткенин эч ким байкабай калды, азыр эле айнекке мурдун такап жармашкан Дадли менен Пьерс корккондорунан титиреп эки жакка чыга качышты.
Гарри полдо отурган калыбында көргөн көзүнө ишенбей энтиге дем алды; боа-констриктор камалган айнек кайдадыр жок болду. Килейген жылан шакекчеден жылбышып айлана түштү да, полду көздөй соймолоду. Террариумдун ичиндеги кишилердин баардыгы ызы-чууга түшүп сыртты карай жүгүрүштү.
Ошол учурда жылан акырын, тынч гана Гарринин жанынан соймолоп баратканда, Гарри ышкырык коштогон жыландын үнүн укту: “Бразилияга... р-р-рахма-а-ат...”.
Террариумдун күзөтчүсү дендароо болуп туруп калды.
- – Айнек, - ал улам-улам кайталап жатты. – Айнек кайда кетти?
Зоопарктын директору Петуния тайжеге өз колу менен ысык чай даярдап келип кайра-кайра кечирим сурады. Дадли менен Пьерстин эриндери титиреп, араң эле ооз ачып сүйлөдү. Гарринин көргөнү боюнча боа-констриктор акырын эле алардын жанынан өтүп баратып куйругунун учу тигилердин согончогуна эле тийип кеткенин; бирок бардыгы авто-унаага отурушканда Дадли тиги питон аз жерден бутун жеп коё жаздаганын; а Пьерс болсо тиги жылан аз жерден муунтуп сала жаздаганын көбүртүп-жабыртып айтып башташты. Бирок мындан да жаманы, болгондо да Гарри үчүн, Пьерс эс алып өзүнө келгенде ушактай баштаганы болду. “А Гарри тиги жылан менен сүйлөштү, өзүң айтасыңбы же жокпу, а Гарри?”
Вернон тайжезде Пьерсини үйүнө алып кеткенче күттү да, Пьерси кетер замат Гарриге каарын төктү. Тайжезде ушунчалык ачуулуу дейсиз, жинденгенинен карышып, кымтып алган эриндеринен араң сүйлөдү. Анын оозунан: “Жогол, буфетке-тамак ичпей-отурасың!” деген сөздү гана чыгара алды. Анан креслого "талп" отуруп калды. Петуния тайжеси күйпөлөктөй жүгүрүп барып чоң стакан бренди алып келди.
Гарри буфетте убакытты билүүгө куштар болуп кечке жатты. Саат жок, Дарслилер уктап уктабаганын биле албай кыйналды. Алар уктамайынча буфеттен чыгууга болбойт, укташса ашканадан эмне болсо да жеш керек.
Ал Дарслилердин үй-бүлөсүндө ата-энеси жол кырсыгынан каза болгондон кийин, дээрлик он жылдай жашады, бактысыз он жыл-ай. Ал өзүн ошол ата-энеси каза болгон авто-унаада болгонун эстей албайт. Кээде ал эстутумун зордоп бир нерсе эстөөгө аракет кылганда, ага таң калыштуу көрүнүштөр тартыла калчу; жашыл түстөгү жарыктар, анан да чекеси оттой ысып катуу ооруучу. Жашыл түстөгү эмне болгон жарык экенин билбесе да эсинде калган бул көрүнүштөрдүн бардыгы ошол жол кырсыгынан калган элестер го деп божомолдойт. Ал ата-энесин таптакыр эстей албайт. Тайжезде менен тайже алар жөнүндө эч нерсе айтчу эмес, анын үстүнө Гарриге ашыкча суроо берүүгө болбойт эмеспи. Үйдө алардын сүрөттөрү да жок.
Гарри кичинесинде белгисиз эле туугандары пайда болуп, аны өздөрү менен кошо бул жерден алып кетишсе деп кыялданчу, бирок мындай болушу мүмкүн эмес да. Анткени анын тайжездеси менен тайжесинен башка эч кимиси жок. Бирок ага баарыбир да, (же өзү ушундай болушун каалайт) көчөдөн тааныбаган эле адамдар аны таанычудай сезилчү. Айтмакчы, таң калыштуу бейтааныш адамдар. Бир жолу Петуния тайже Дадли менен дүкөнгө баратканда сыя түстөгү узун, чапан сымал кийимчен, кенедей киши Гарриге ийиле саламдашкан. Бул кишини кайдан тааныйсың деген Петуния тайженин ачуулуу сурагынан кийин тайжеси Гаррилерди дүкөндөн эч нерсе сатып бербестен сүйрөп чыгып кеткен. Дагы бир жолу автобустан жашыл түстүү мантиячан картаң аял кубанычтуу жылмая Гарриге кол булгалаган. А кечээ жакында эле узун пурпур түстөгү мантия кийген таз баш киши Гарринин колун кармап учурашып, эч сөз айтпастан эле кетип калды. Эң кызыгы, бул адамдар Гарри жакшылап карап алайын дегенде эле жок болуп кетишет.
Мектепте Гарринин достору жок болчу. Мектептин баардыгы, Дадли жана анын бандасы, каптай чоң кийимчен, сынык көз айнектүү акылсыз Поттерди жек көрөрүн жакшы билишчү, ошондуктан эч ким Дадли менен анын бандасына каршы чыгууну каалашчу эмес.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Кайдан келгени белгисиз кат
Боа-констриктордун капастан кутулушу Гарри үчүн кымбатка турду. Аны буфеттен коё беришкенде жайкы каникул башталып калган эле, Дадли ал учурда жаңы видеокамерасын, планерин талкалап, жарыш велосипедине биринчи отурганда Бирючин аллеясында басып жүргөн балдакчан картаң Фиггди кошо мүдүрүлтө басып жыгылган.
Каникулга чыкканына Гарри аябай сүйүндү, бирок үйгө, Дадлиге келе берген досторунан кутулуу мүмкүн эмес. Пьерс, Деннис, Малькольм жана Гордон килейген чоң анан да атайын тандап алып кошкондой төртөө тең жеткен макоо болчу, бирок алардан өткөн семиз, эң эле акылсызы Дадли болгондуктан алардын башчысы болчу. Дадлинин достору анын сүйүктүү спорту менен машыкканга жан деп эле мыкты тайпалаш болуп беришчү. Дадлинин сүйүктүү спорту: Гаррини кубалоо.
Гарри мүмкүн болгон бош убактысын үйдөн алыс жерде өткөрүүгө аракет кылат; ары-бери тентиген болот, анан кичинекей үмүттүн шооласы менен окуу жылынын жакшы башталышы жөнүндө ойлонот. Эми Гарри биринчи сентябрда башталгыч класска эмес, орто мектепке барат, анан да өмүрүндө алгачкы жолу Дадлисиз. Дадлини качандыр бир кезде Вернон тайжезде барган “Смылтингс” аттуу жеке мектепке которушкан. Пьерс дагы ошол жакка кетет. А Гаррини “Бетон дубалдары” атындагы райондук жалпы билим берүү мектебине каттатышты. Дадли муну аябай күлкүлүү деп эсептейт.
- “Бетон дубалдары” мектебинде биринчи күнү бардыгынын башын унитазга малышат, бир жолу ал Гарриге ушинтип айткан:
- – Жүрү, экинчи кабатка барып кичине машыгып койбойлубу?
- – Жок, ыракмат, - деди Гарри, – Биздин байкуш унитазга сенин башыңдан жаман эч нерсе түшө элек, булганып калбасын, - деп, сөз маанисин Дадли аңдап түшүнгөнчө жүгүрүп кетти.
Бир күнү Петуния тайже Дадли экөө, “Смылтингс” мектебинин окуучулары киер форма сатып келүү үчүн Лондонго кетишти. Гарри болсо миссис Фиггдин үйүндө калды. Анын үйү мурдагыдай жийиркеничтүү болбой калыптыр. Миссис Фигг мышыктарынын бирине чалынып бутун сындырып алгандан бери ал жандыктарга болгон сүйүүсү сууй түшүптүр. Ал Гарриге телевизор көрүүгө уруксат берди, анан плитканын үстүнөн, даамы эски, көп жылдык плитка экенин кабарлаган шоколаддан бир сындырым берди.
Ошол эле күнү кечинде конок бөлмөдө Дадли жаңы формасын көргөзмөгө алып чыкты. “Смылтингста” окуучу балдар кочкул кызыл күрмө, саргыч узун байпак жана “канотье” делген саман түстөгү жалпак шляпа кийишчү. Мындан тышкары аларга мугалим ары караганда бири-бири чукуп туруш үчүн шуштуйган учтуу таякчаларды беришчү. Бул нерсе келечек турмуштарына пайда алып келет деп эсептелинет.
Вернон тайжезде уулунун жаңы узун байпактарын көрүп, бул анын өмүрүндөгү эң салтанаттуу көз ирмем экенин жар сала кыйкырды. Петуния тайже көзүнөн жашын чыгарып, сүйкүмдүү Мамалак-Дадли ушунчалык чоңоюп, келишимдүү болуп калганына таптакыр ишене албаганын жаш аралаш үнү менен айтты. Гарри эмне айтаарын билген жок. Ал ансыз деле каткырыгын зорго кармап, кабыргасын сындырып алуудан коркуп отурган. Күлкүсүн тыям деп кабыргасын сындырып алгандай да болуп кетти.
Эртеси Гарри эртең мененки тамактанууга келгенде ашканадан жагымсыз жыт буркурап турду. Жагымсыз жыт раковина ичиндеги калай тепшиден чыгып жатканын көрдү. Ал эмне экенин көрөйүн деп жакын барды. Бозоргон сууда кир болгон полго салгыч шалчадай бир нерсе салынып туруптур.
- – Бул эмне? - Петуния тайжеден сурады. Гарри суроо берсе эле адаттагыдай бузулуп кетчү түрү менен эриндерин кымтып, – Сенин жаңы мектеп формаң, - деди.
Гарри тепшини кайра карады.
- – Ой, - деди ал, – мен жаңы форма мындай суу болот экенин билген эмесмин.
- – Жинди болбо, - Петуния тайженин жини келди. – Сен окуй турган мектептин формасына окшош болсун деп, мен сага Дадлинин эски кийимдерин боз өңгө боёп берип жатам.
Гарри алардын формасына окшошооруна ишенбесе да тынччылык үчүн талашып-тартышкысы келбеди. Ал үстөлго барып отуруп, биринчи сентябрда “Бетон дубалдарына” пилдин терисин жамынып алгансып кирип баратканын ойлобоого аракеттенди.
Ашканага Вернон тайжезде менен Дадли Гарринин жаңы мектеп формасынан чыккан сасыган жыттан мурдуларын чүйрүп кирип келишти. Вернон тайжезде адаттагыдай эле гезитин жая көтөрдү, Дадли эми ар кай жерде көтөрүп жүрүүгө өткөн смылтингс таякчасы менен үстөлүн тарсылдатып баштады.
Кире бериштеги эшиктин кат ташталчу тешигинен "шырп" эте жерге түшкөн каттын үнү угулду.
- – Дадли, почтаны алып келчи, - деди Вернон тайжезде гезит караган бойдон.
- – Гарри алып келсин.
- – Гарри, почтаны алып кел.
- – Дадли алып келсин.
- – Дадли, таякчаң менен чуку.
Гарри таякчадан коргоно почтаны көздөй жөнөдү. Полдо үч нерсе жатыптыр: Вернон тайжезденин Уайт аралында эс алып жүргөн карындашы Маржадан келген открытка, күрөң өңдөгү конверт, эсеп дүмүрчөк болсо керек, анан Гарриге кат.
Гарри колундагы каттан көзүн албады, анын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөдү. Ага өмүрүндө эч ким эч качан кат жазган эмес. Ким жазмак эле? Анын достору да, туугандары да жок, жадагалса убактысы өтүп кеткен китептерди алып келип берүүсүн эскерткен орой каттарды жөнөткөн китепканада да катталган эмес да. Ошентсе да мына эч кандай катасыз дарегин көрсөткөн кат колунда турат:
Сюррей
Литл Уингинг,
Бирючин аллеясы, № 4 үй,
Тепкич алдындагы буфет,
Мистер Г.Поттерге
Конверт сары тыштуу, калың жана оор экен, а дареги изумруд-жашыл түстөгү калем сап менен жазылыптыр. Маркасы жок. Гарри титиреген колдору менен конверттин арткы бетинен чоң “X” тамгасын тегеректеген: арстан, бүркүт, суур жана жыландын көрүнүшү бар герб менен басылган мөөрдү көрдү.
- – Кайда жоголуп кеттиң? - Вернон тайжезденин үнү угулду. – Эмне, бомба жокпу деп текшерип жатасыңбы? - ал өз тамашасына өзү күлдү.
Гарри катты караган бойдон ашканага кирип барды. Ал эсеп дүмүрчөк менен открытканы Вернон тайжездеге берди да, өзү сары конвертти акырын ачып баштады.
Вернон тайжезде эсеп дүмүрчөктүн конвертин шарт ачып жиберип карады да, кабак түйө бышкырып, открытканы окуганга өттү.
- – Маржа ооруп калыптыр, - Петуния тайжеге кабарлады, – Болбогон бир нерселерди жеп...
- – Ата! - кокустан Дадли кыйкырып жиберди. – Ата, карасаң Гарринин колундагысын.
Гарри катуу пергамент кагазга жазылган катты конверттен чыгарып эми эле окуюн дегенде Вернон тайжезде одонолук менен колунан жулуп алды.
- – Ал меники! - Гарри катты кайра алууга аракеттене кыйкырды.
- – Сага ким кат жазмак эле? - Вернон тайжезде шылдыңдай айтты да катты бир колу менен өйдө көтөрүп, бүктөлгөнү ачылгандай кылып силкий, жазууларга көз жүгүрттү.
- Анын кыпкызыл бети жол чырагынан да тез ылдамдыкта жашыл өңгө өзгөрдү. Бирок иштин баары жашыл өң менен токтоп калган жок. Бир секунд өтүп өтпөй Вернон тайжезденин жүзү сулу акшагына какаган немедей бозорду.
- – П-п-петуния! - тумчуга унчукту.
- Дадли катты алып окуюн деди эле, бирок Вернон тайжезде жогору кармап тургандыктан жете алган жок. Петуния тайже өтө кызыгуу менен тайжезденин колунан пергаментти алып биринчи сабын окуду. Теңселе турган абалынан эсин жоготуп жыгылчудай көрүндү. Андан соң кекиртегин кармалап, буулган үнүн араң чыгарды:
- – Вернон! О кудайым! Вернон!
- Алар Гарри менен Дадлини унутта калтыргандай бири-бирин оозун ача тиктеп калышты. Дадли өзүн жокко чыгаргандарга көнгөн эмес.
- – Катты мен да окуйм! - катуу кыйкырды.
- – Аны мен окушум керек, - ачууланган Гарри алардын сөзүн бөлдү, – Ал меники!
- – Бул жерден жоголгула, экөөң тең! – Вернон тайжезде катты конвертке тыгып жатып каардуу айтты. Гарри кыймылдаган жок.
- – МАГА КАТТЫ БЕРИҢИЗ! - деп кыйкырды.
- – Катты мага бергиле! - Дадли талап кылды.
- – ЖОГОЛ! - Вернон тайжезде бакыра, экөөнү тең желкесинен илип алып холлго чыгарып, ашкананын эшигин тарс жапты. Ошол замат Дадли менен Гарри мушташа кетишти, Дадли жеңди, Гарри болсо жерге жыгылган боюнча полго өпкөсүнөн жата бир кулагын ашкананын эшигине такап тигилерди тыңшай баштады.
- – Вернон, - деди Петуния тайже титиреген үнү менен, – Мына бул дарегин карачы, алар анын кайда уктаарын кайдан билишет? Алар бизди аңдып жүрөт деп ойлобойсуңбу?
- – Аңдып жүрүшөт, каракчылык кылып жүрүшөт, мүмкүн карап да отурушкандыр, - жиндене күбүрөндү Вернон тайжезде.
- – Биз эми эмне кылалы, Вернон? Аларга кат жазалыбы? Биз каалабайбыз деп кат жазалыбы?
Вернон тайжезденин жалтырак кара туфлиси ашканада ары-бери басып жүргөнүн көрдү.
- – Жок, - акыры Вернон тайжезде бир чечимге келди, – Биз бул нерсеге көңүл бурбайбыз. Эгер аларга жооп барбаса... Ооба, ушундай кылган туура... Биз эч нерсе кылбайбыз... Бирок... Петуния, менин үйүмдөгү мындай нерселердин мага кереги жок! Аны биз бул жерге калтырганда, бул кооптуу сандырактарды кызыган темирдей басып салууга ант бербедик беле?
Кечке жуук Вернон тайжезде жумуштан келип өмүрүндө жасабаган иш жасады; ал Гаррини көрүү үчүн буфетке келди.
- – Менин катым кана? - Гарри чалынып жыгылды, Вернон тайжезде кетенчиктеп барып эшике жабышып калды. – Мага кат жазган ким?
- – Эч ким. Ал кат сага жаңылыш жөнөтүлүптүр, – Вернон тайжезде кыска сүйлөдү. –Аны өрттөп салдым.
- – Эч кандай жаңылыш эмес, - Гарри кыжырдана күңкүлдөдү, – Ал жерде менин буфетим жазылып турган.
- – АКЫРЫН! - үтүрөңдөп корс этти, анан дубал үстүнөн бир жөргөмүш түшүп кеткенин көрдү. Тайжезде бир нече ирет терең дем алып, жөргөмүштөн коркуп кеткенине ыңгайсыздана, өзүн жылмаюуга зордоду.
- – Айтмакчы, Гарри... Буфет боюнча... Биз тайжең экөөбүз ойлоп жатабыз... Сен эми чоңойдуң... Сага бул жер ыңгайсыз да... Ошондуктан мындан ары Дадлинин экинчи уктоочу бөлмөсүндө уктай турган болдуң.
- – Эмнеге? - деди Гарри.
- – Ашыкча суроо бербе! - тайжезде бакырды. –Тезирээк буюмдарыңды жыйна!
- Үйдө төрт уктоочу бөлмө бар: бирөөсү Вернон тайжезде менен Петуния тайжеге тиешелүү, экинчиси конокторго кызмат кылчу (ал бөлмөдө Вернон тайжезденин карындашы Маржа келгенде көбүрөк уктайт), үчүнчүсүндө Дадли уктайт, а төртүнчүсүндө Дадлинин буюмдары, оюнчуктары сакталчу. Гарри экинчи кабатка көчүү үчүн бүтүндөй байлыгы катары бир гана жалгыз башы менен чыгууга туура келди. Ал керебетке отуруп эки жагын тегерете карады. Бөлмөдөгү буюмдардын дээрлик баардыгы сыныптыр же талкаланыптыр. Болгону бир ай мурда сатылып алынган видеокамера Дадли кошунанын итинен өтчү оюнчук танканын үстүндө жатат, а тиги бурчта Дадлинин сүйүктүү телеберүүсүн коюп бербеген күнү ал бир тээп сындырган биринчи телевизору чаң басып жатат, ошол эле жерде качандыр бир кезде жашаган тотукуштун капасы, Дадли ал тотукушту кадимки помпа мылтыгына бирөөгө алмаштырып салган, помпа мылтыгы болсо үстүнө ылайыксыз отурган Дадлинин оор салмагынан майышып, бырбыйып үстүңкү текчеде жатат. Калган текчелер жапжаңы, кол тийбеген китептерге толо.
Ылдый жакта Дадлинин өкүрүгү угулуп жатты: “Ал тиги жакта жашабасын... мага ал бөлмө керек... аны кууп чыккыла...”
Гарри терең дем алып керебетке сулады. Ал кечээ эле бул бөлмөнү алыш үчүн баардыгын жасоого даяр болчу. А бүгүн бул жерде катсыз отургандан көрө буфетте кечээ алган каты менен отурууну каалады.
Кийинки күнү баардыгы адаттан тыш тынчтыкта отурушту. Бир гана Дадли бакырып, өкүрүп, атасын таякчасы менен чукуп, жадагалса ташбака турган парниктин айнегин да сындырды, бирок баарыбир бөлмөсүн кайтарып ала алган жок. Гарри кечээки күндү эстеп, катты холлдон эле окуп албаганына өзүн жемеледи. Вернон тайжезде менен Петуния тайже бири-бирин мостойгон суук көздөрү менен карап отурушту.
Почта келген кезде Вернон тайжезде атайын Дадлини жиберди. Алар кат алып келаткан Дадли көзүнө көрүнгөндүн баарын колундагы смылтингс таякчасы менен калдыратып келатканын угуп турушту. Анан эле кыйкырык чыкты: “Дагы келиптир! Бирючин аллеясы, №4 үй, Кичи уктоочу бөлмө, Мистер Г.Поттерге...”
Вернон тайжезде буулган үнү менен күңкүлдөгөн бойдон холлго жөнөдү, аркасынан Гарри ээрчип алды.
Вернон тайжезде Дадлини полго түртүп жиберип, колунан катты жулуп алууга туура келди, ошол эле учурда Гарри да тайжездесинин моюнуна асылып катты кошо талашты. Бир нече мүнөткө созулган, таякчанын соккусу көбүрөк өкүм сүргөн, башаламан мушташтан кийин Вернон тайжезде колуна катты мыкчый кармап жеңишти багынткандай боюн түзөй өйдө болду.
- – Буфетиңе баргының, тагыраагы, өзүңдүн бөлмөңө, - кышылдаган үнү менен Гарриге буйрук берди. – Дадли-кет-бар дейм, нары.
Гарри өзүнүн жаңы бөлмөсүндө ары-бери басып жүрдү. Кимдир-бирөө анын жаңы бөлмөсү туурасында гана эмес, биринчи катты албаганын да билет экен. Мүмкүн алар дагы бир жолу жазып көрүшөр? Анан бул жолкусунда ал сөзсүз катты алат. Ал план түзө баштады.
Кийинки күнү эртең менен ойготуучу саат таңкы алтыда чырылдады. Гарри саатты дароо өчүрүп, үн чыгарбастан кийинди. Эң негизгиси, эч кимди ойготпош керек. Жарыкты күйгүзбөстөн экинчи кабаттан ылдый түштү.
Ал почточуну Бирючин аллеясынын № 4 үй бурчунан күтүүнү чечти. Ал караңгы холл менен кетип баратты, анан бир убакта эле жүрөгү оозуна келе түштү...
- – АААААААААААА!
Гарри коркконунан секирип барып жерде жаткан чоң, жумшак, сыймалак жандыктын үстүнө кулап түштү.
Өйдө жактан жарык күйдү, анан Гарри чоң, сыймалак болгон коркунучтуу нерсе тайжездесинин бети экенин түшүндү. Вернон тайжезде Гарринин планын алдын ала билгендей кайтарып, кире бериштеги эшиктин алдына уктоочу мүшөккө жатып алган экен. Тайжезде болжол менен жарым саатча Гарриге бакырды, анан аны чай алып келүүгө жумшады. Гарри шалдая ашкананы карай жөнөдү, кайра келгенде изумруд сыя менен жазылган үч конверт алда качан келип, тайжезденин тизесинде жатканын көрдү.
- – Алар меники... - Гарри баштаганда эле Вернон тайжезде көз көрүнөө катты майдалап тытып салды.
Ошол күнү Вернон тайжезде жумушка барбады. Эшиктин кат келчү тешигин бүтөдү.
- – Мына көрөсүң, - деди тешикке мык кагып жатып Петуния тайжеге, – Алар катты ээсине жеткире алышпаган соң, кат жөнөткөнүн токтотушат.
- – Мен буга ишене албайм, Вернон.
- – О, сен алардын мээси экөөбүздүкүнөн алда канча айырмаланарын элестете да албайсың, алар бизге таптакыр окшошпойт, алар бат эле тажашат, - деди Вернон тайжезде Петуния тайже сунган торттун кесимине кошо мык кагып жиберип.
Жума күнү он эки даанадан кем эмес кат келди. Каттар эшиктин почтасы бек болгондуктан каалганын алдынан, каптал тешиктерден жана жуунучу бөлмөнүн кичине терезесинен ташталды.
Вернон тайжезде жумушка барбай дагы үйдө калды. Ал каттын баарын жок кылгандан кийин мык жана балка менен куралданды. Көзүнө көрүнгөн тешиктин барын мык кагып бекитти, сыртка эми эч ким чыкпас болду. Ал иш учурунда шыбырап кыңылдайт “душман чуркап келатат, чуркап келатат, чуркап келатат” дейт дагы, кичине шыбырттан селт этет.
Ишемби күнү абал көзөмөлдөн чыгып кетти. Ар бир жумуртка кутусуна бирден салынган жыйырма төрт даана Гарриге жазылган кат, таңыркай караган сүтчү көтөрүп келген жумуртка кутусу менен кошо Петуния тайженин колуна тийип, үйгө кирди. Вернон тайжезде кыжырдана күнөөлүүнү табууга аракеттенип, почта түйүнү менен сүт жөнөтүүчү дүкөнгө телефон чалды, Петуния тайже ошол маалда каттарды эт тарткычтан өткөрүп жатты.
- – Сени менен ким мынчалык сүйлөшүүгө куштар? - Дадли таң кала сурады.
Жекшемби күнү эртең менен Вернон тайжезде тамактанууга чарчаңкы, анан да ооруп тургандай түр менен келди, бирок ал баарыбир бактылуу болчу.
- – Жекшемби күнү почта келбейт, - мармеладды нанга сүйкөп жатып кубануу менен айтты, – Андыктан бул кудай урган каттарды...
– Тайжезденин бул сөзү аягына чыга электе эле мештин түтүгүнөн бир балээ ышкырык менен учуп келип тайжезденин желкесине келип бир тийди. Артынан эле октой учкан отуздай, балким кырк даанадай кат учуп келип түштү. Бардыгы секирип турушту, жалгыз гана Гарри жок дегенде бирөөсүн кармап калууга жүткүндү...
- – ЖОГОЛ! ЖОГОЛ!
Вернон тайжезде Гаррини желкесинен алды да холлду көздөй көтөрүп жөнөдү. Каттар түтүктөн дагы деле шатырата агылып киргени угулуп жатты.
- – Демек, мындай, - деди Вернон тайжезде, өзүн карманууга аракет кылып, бирок ошол эле учурда мурутунун быт-чытын чыгара жула сылады, – Беш мүнөттөн кийин баарыңар жыйналып даяр болгула! Биз кетебиз. Керектүүңөрдү алгыла. Эч кандай каршылык болбосун!
Тайжезде тамтыгы чыккан мурутунан улам ушунчалык коркунучтуу көрүндү дейсиз, эч ким каршылык көрсөтүүгө батынган жок. Алар он мүнөттөн кийин мык кагылган эшикти талкалай сыртка чыгып, авто-унаага отуруп чоң жолду карай бет алышты. Арткы орундукта Дадли бышактап келатты, анткени үйдөн чыгарда жон баштыгына телевизор, видеомагнитафон, компьютерин батыра албай убакытты алганы үчүн атасынан кежигеге жеген.
Алар кете беришти, кете беришти. Жадагалса Петуния тайже каякка бараткандарын сурай албады. Вернон тайжезде улам-улам артка айдап, кайра жолун улантып келатты.
- – Куугундан арылалы... куйруктардан...- кайра артка айдаган учурда күбүрөп коёт.
Күнү бою токтобой жол жүрүп келатышты, жадагалса тамак да ичишкен жок. Кечке маал Дадлинин чыдамы түгөндү. Бул анын жашоосундагы эң азаптуу күн болду. Анын курсагы ачты, бүтүндөй беш телеберүүсүн көрбөй калды, анан да ал бир да жолу мынчалык көп убакыт компьютердик жырткычтарды жардырбай отуруп көргөн эмес.
Акыры Вернон тайжезде чоң шаардын четиндеги томсоргон мейманканалардын бирине токтоду. Дадли менен Гарри, тыштары көк жыттанган жууркандар салынган, жанаша коюлган эки керебеттүү бир бөлмөгө жайгашышты. Дадли коңурук тартты, а Гарри терезе текчесинде жолдон өткөн авто-унаалардын жарыктарын карап, катуу ойлонуп отурду...
Эртең мененки тамакта жүгөрү хлопьясы жана маринаддалган помидорлуу бутерброд менен тамактанууга туура келди. Алар жеп бүткөнчө бөлмөгө мейманкана ээси келди.
- – Кечиресиздер, мистер Г.Поттер ким? Бул жакка жүздөгөн мындай нерселер келип түштү... Анан ал бардыгына көрүнүктүү изумруд түстө жазылган даректүү катты көрсөттү:
Коксворт
“Өлүктөй тынчтык” мейманканасы
17 Номер
Мистер Г.Поттерге
Гарри туруп катты алайын деди эле, Вернон тайжезде колу менен итерди. Аял бери жакта катты кармап карап турду.
- – Аларды мага бериңиз, - Вернон тайжезде тездик менен өйдө болуп ашканадан кожоюнду ээрчий чыкты.
- – Мүмкүн, үйгө эле кетебиз? - Петуния тайже бир нече сааттан соң акырын сурады, бирок Вернон тайжезде укмаксанга салды.
- Ал эмнени каалаганын эч ким түшүнгөн жок. Токойго кирип чыкты, тегерегин карап бир аз турду, баш чайкап кайрадан авто-унаага отурду, анан жолун улантышты. Бул нерсе эгин талаасынан, асма көпүрөдөн, көп кабаттуу токтоочу жайдын чатырынан да кайталанды.
- – Атам акылынан айнып калган го, э? - Дадли апасынан ошол күнү кечинде кайгыра сурады.
- Вернон тайжезде аларды көлдүн жээгине алып келип авто-унаанын ичине кулптап, өзү кайдадыр жоголуп кетти.
- Жамгыр жаап баштады. Авто-унаадан тапыраган жаандын үнү угулуп турду. Дадли мурдун шыр тартты да наалый баштады.
- – Бүгүн күнгө дүйшөмбү, - деп эскертти Петуния тайжеге, – Бүгүн “Улуу Умбертто”. Мен мейманканада телевизор болушун каалайм.
Дүйшөмбү. Гарринин эсине бир нерсени түшүрдү. Апта күндөрүн Дадли жатка билчү, болбосо ал телевизорду, андагы телеберүүлөрдү кантип билип, көрмөк эле, бүгүн дүйшөмбү болсо, демек, эртең шейшемби, Гарри он бир жашка толот. Албетте, Гарринин туулган күнү өзгөчө деле эске алынып, жакшылап белгиленчү эмес. Мисалы, былтыркы туулган күнүндө кийим илчү илгич жана Вернон тайжезденин эски байпагын беришкен. Бирок ошентсе да эртең өзгөчө күн, күнүгө эле он бир жашка чыга бербейсиң да.
Вернон тайжезде жылмайган жүзү менен кайтып келди. Ал колуна жалпак баштык көтөрүп алыптыр, бирок ал эмне сатып келгенин Петуния тайже сураганда жооп берген жок.
- – Мен эң сонун жер таптым! - кубануу менен жарыялады. – Түшкүлө! Баскыла мени менен!
Эшик аябай суук болчу. Вернон тайжезде тээ алыста, көл тараптан көрүнгөн аска сымал бир нерсени көрсөттү. Аска башында эски, тамтыгы чыккан кичинекей кепе көрүндү. Ал жакта телевизордун жок экенин ишенимдүү айтса болот.
- – Бүгүн түнү катуу бороон болот! - мыйыгынан жылмая эки алаканын шак койду. – А бул жигит чын ниети менен бизге кайыгын берип турууга макул болду!
Аларга тиши жок ыржая жылмайган картаң бирөө жакындап, эски кайыкты көрсөтүп, аны киргил тарткан сууга түрттү.
- – Мен шам-шум эткенге бир нерселерди сатып алдым, ачка болбойсуңар, андыктан тезирээк кемеге отургула!
Кайыкта тоңуп өлчүдөй суук болчу. Көлдүн муздак илеби жандан өтүп, тыпыраган жамгыр желкеден шорголоп, суук шамал бетке согуп турду. Вернон тайжезде тайгаланып, чалынып-чулунуп отуруп тигилерге аскадагы баш калкалоочу үңкүр сымал үйгө карай жол көрсөтүп жеткенче бир нече саат өткөндөй болду.
Үйдөгү баардык буюмдар жийиркеничтүү көрүндү. Чириген балыр жыттанып, тактай дубалдардын ортосунан шамал арылдап, меш болсо көк жыттанып бош турат. Бул үңкүр сымал үйдө эки гана бөлмө бар экен.
Вернон тайжезденин курсак тойгузуучу тамак-ашы төрт банан болуп чыкты, анан ар бирине бир-бирден чипсы тийди. Тайжезде үйдү жылытуу үчүн бошогон чипсынын кагаздарын мешке жакты эле, алар түтөп жок болду.
- – Каттар болгондо эң сонун болмок! - тайжезде какшыктай тамашалады.
Ал мындай алыстыкка, болгондо да катуу бороондо эч кандай кат жете албайт деген ишенич менен маанайы көтөрүлүп, жаны жай ала отуруп калды. Гарри тайжездесинин айтканына кубанбаса дагы, ичинен эми чындап эч ким келе албайт деп ойлоду.
Түн кирип, айтылгандай эле катуу бороон башталды. Шарпылдаган толкундар кепенин дубалдарын ургулап, уюлгуган шамал кепенин шалкылдаган терезе жыгачтарын кошо калдыратып, таш талканын чыгарчудай албууттанды. Петуния тайже аркы бөлмөдөн көк жыттанган жамынгы таап келип Дадлини күбө түшкөн керебетке жаткырып үстүн жапты. Өзү Вернон тайжезде экөө кошуна бөлмөдө тамтыгы чыккан керебетте уктамай болушту, а Гарри пол тактайынан катуурак, кургагыраак жер таап, тигилерден калган аябай ным, таптакыр тамтыгы чыккан жамынгыны үстүнө жамынуудан башка айла таппады.
Бороон чапкын күчөгөндөн күчөдү. Гарри таптакыр уктай албады. Ал титиреп, улам бир капталына оодарылып ыңгайланышууга аракеттенди. Курсагы да ачка. Дадлинин коңуругу түн ортолоп калганда шарпылдаган толкун менен бороон үнөн да катуу чыкты. Дадлинин семиз билегиндеги чыкылдаган саат жебеси он мүнөттөн кийин Гарри он жашка толорун көрсөтүп турду. Бала чыкылдаган саат жүрүшү менен туулган күндүн жакындап калганын карап жатты, анын туулган күнүн тайжезде менен тайже эстейт болду бекен, а каттын белгисиз автору кайда жүрөт деген ойлор анын оюнда турду.
Дагы беш мүнөт. Төбөдөн чытыр-чутур үндөр чыкты. Гарри чатыр түшүп кетпесе деп ойлоду, бирок түшүп кетсе андан жакшы болмок, азыркыдан караганда бөлмө жылуурак болот эле. Төрт мүнөт. Кокустан кайра, Бирючин аллеясына кайтып барышканда, үй катка толот болуш керек, анан жок дегенде бир катты алып окууга болот.
Үч мүнөт. Кызык, бул суунун ташкындары таштарга ушунчалык ташыйбы? Эки мүнөт калды. Бир нерсе күбүлүп түшүп жаткандай чыккан таң калыштуу эмненин үнү? А мүмкүн аска урап, суу менен агып баратсачы?
Дагы бир мүнөт, анан ал он бир жашка чыгат. Отуз секунд... жыйырма... он... тогуз... - ойготсомбу, Дадли жинденсе жинденсин, – Үч... эки... бир...
– БУМ!!!
Кепе титирей баштады, Гарри каалганы карап түптүз отурду. Кимдир-бирөө киргиси келгендей каалганы каккылады.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Күзөтчү
БУМ! Дагы бир жолу тарсылдады. Дадли чочуп турду.
- – Ким атты? - акылсыз суроо салды.
Арткы бөлмөдөн да үндөр чыкты. Вернон тайжезде ыксыз чайпала бөлмөгө кирип келди. Анын колунда мылтык бар эле, бул жакка келердеги узун, жалпак баштыктагы эмне экени эми түшүнүктүү болду.
- – Ким бул? - деп кыйкырды. – Мен куралчанмын!
Бир аз тынчый калды. Анан эле...
ШАРАК!
Каалга ушунчалык кыйратуучу катуу сокку менен ачылгандыктан, илгичи менен жулунуп чыгып, полдун үстүнө учуп түштү.
Босогодо дөө турду. Зор көлөмдүү түзүлүштү дээрлик бүтүн бойдон коюу, тармалдашкан, кара чачтар, саксайган башаламан өскөн сакал-муруттар каптаптыр, бирок ошентсе да көзүн көрүүгө болот, анын саксайган жүндөрүнүн арасынан эки чоң кара курттай көздөрү жайнап турду. Дөө эңкейе кепеге кирип келди, бирок башын аябай эле эңкейте киргени менен баарыбир далысы менен төбөдөгү желени кошо шыпырып өттү. Ал ылдый болуп жерде жаткан каалганы өйдө көтөрүп, ордуна оңой эле тагып койду. Каалга жабылган соң уңулдаган бороон үнү басаңдай түштү. Дөө өзүн карап тургандарга тегерете көз салды.
- – Чай барбы, ыя? - деди. – Иттей чарчадым.
Ал, өзүн жоготуп койчудай болуп керебетте отурган Дадлинин жанына отурду.
- – Жылчы, семиз, - деди бейтааныш.
Дадли чыңырган бойдон качты. Ал атасынын аркасына жашынган апасынын артына корголоду.
- – Ааа Гарри мына! - деди дөө.
Гарри анын сүрдүү, каардуу, кара жүзүнө карады. Тигинин кара курттай күлүмсүгөн көзүнүн тегерегиндеги бырыштарды көрдү.
- – Мен сенин мында-а-а-ай кезиңде билем, - дөө колу менен көрсөттү. – Атаңа эле куюп койгондойсуң, а көздөрүң апаңдыкы.
Вернон тайжезде тишин кычырата дем алды.
- – Мен сиздин токтоосуз түрдө бул үйдөн чыгып кетишиңизди талап кылам, сэр! - ал талап кылды. – Сиз талкалап кирдиңиз... уруксатсыз кирдиңиз...
- – Ары барчы, топоз, - дөө кол шилтеп койду да, керебеттин башынан ашып түшүп Вернон тайжезденин колундагы мылтыкты жулуп алды. Оңой эле жип менен ары-бери чырмап туруп үйдүн бир бурчуна ыргытып салды.
Вернон тайжезде кудум эле чычкандай чыйпылдап турду.
- – Кыскасы, Гарри, туулган күнүң менен куттуктайм! - деди дөө Дарслилерге сыртын сала, Гарриге бурула карап. – Мына сага бир нерсе ала келдим, жолдон ооз тийип көрдүм, жакшыле, даамдуу экен.
Ички чөнтөгүнөн кичине бырыша түшкөн кагаз куту алып чыкты. Гарри титиреген колдору менен кутуну ачты, анан кутунун ичинен “Туулган күнүң кут болсун, Гарри” деп жашыл глазурь менен жазылуу былкылдаган шоколад тортту көрдү.
Гарри башын көтөрүп зор кишинин жүзүн карады. Ал “ыракмат” дегиси келди, бирок ал сөз тамагында буулуп калды, анын ордуна акырын шыбырады:
- – Сиз кимсиз?
Дөө каткыра күлдү.
- – Дал өзү, чынында биз тааныша элек эмеспизби. Мен Хагрид Рубеус, “Хогвартстын” күзөтчүсү жана короо шыпыргычы болом.
Ал лапыйган алакандуу колун Гарриге сунуп бекем кысты.
- – Чай ичелиби эми? - деди колун ушалап. – Ысыгыраак болсо да жакшы болмок.
Ал күйүп, чүрүшүп каткан чипсынын кагаздары жаткан мешти бышкыра нааразы боло карады. Дөө мешке жакындай барып эңкейди, ошол учурда ал эмне кылып жибергенин эч ким байкабады, ал өйдө болгондо гана мештен алоолонгон от күйдү. Сумсайган суук бөлмөнү дароо жылуулук каптап, жайлуу жайга айланды, а Гарри өзүн жыпар жыттуу ысык ваннада жаткандай сезди.
Алп киши керебетке барып отурду, анын отурганынан керебеттин асты ийилип майышты, ал узун күрмөсүнүн чөнтөгүнөн толгон токой нерселерди чыгара баштады: бал салынчу чөйчөк, оромолдонгон сосиска, көсөө, чай демдөөчү чөгүн, бир нече чыны, суюктук куюлган янтардай бөтөлкө, мына бул кечки тамактын алдында ал баарын жакшылап даярдады. Кепенин ичи бат эле отко какталган сосисканын жытына толду. Ал күпшөлө эмгектенип бүткөнчө баардыгы үн-сөзсүз карап турушту, качан гана көсөөгө көзөлүп, отко жеңил кактала бышырылган табитти ачуучу сосискаларды оттон алып чыкканда, Дадлинин кыймылдай баштаганы байкалды. Вернон тайжезде шашыла эскертти:
- – Дадли, андан эч нерсе алба.
Дөө мурдун чүйрүй бышкырды.
- – Дарсли, сенин пончигиң ансыз деле май басып, семирип бүтүптүр, андыктан кыймылдабай тургула.
Ал сосискаларды Гарриге сунду. Гарри аябай ачка болгондуктан, өмүрүндө мынчалык даамдуу тамак жеп көрбөгөндөй апылдатты. Ал сосискаларды жеп жатып, дөөдөн көзүн албады. Ага эч ким эч нерсе түшүндүрүп бербегендиктен, өзү сурады:
- – Кечиресиз, мен дагы деле сиздин ким экениңизди түшүнгөн жокмун?
Дөө чыныдагы чайынан бир ууртап, оозун колунун сырты менен аарчыды.
- – Мени Хагрид дей бер, - деди ал, – Баардыгы ушинтип аташат. Мен жана айткандай “Хогвартстын” күзөтчүсүмүн, “Хогвартсты” билесиң да.
- – Эмм... жок, - Гарри чынын айтып мойнуна алды.
Хагрид таңыркай түштү.
- – Кечиресиз, - Гарри дароо кошумчалай салды.
- – Кечиресиз, - Хагрид тезинен бул жерден жоголууну эңсеген Дарслилерди жаман көзү менен карап күңкүлдөдү.
- – Кечиримди тетигилер сурасын! Мейли, кат сага жеткен жок дейли, бирок бала кантип эле “Хогвартсты” билбесин! Кыйкырсаң да жетиш керек ко! А сен эмне, өз ата-тегиң кайдан билим алганын сураган жок белең?
- – Кайдан билим алышкан? - деди Гарри.
- – КАЙДАН БИЛИМ АЛЫШКАН?! - буркан-шаркан түшө кайталады Хагрид. – Азыр, токтой турчу!
- Ал ордунан турду. Ал каардуу көрүнүшү менен бөлмөнүн баарын ээлеп алгандай болду. Дарслилер дубалга жабыша түшүштү.
- – Муну кандай түшүнсө болот?! - Хагрид кыйкырды. – Бул балакай, мына бул баланын өзү эч нерсе билбейби?!
- Гарри бул өтө эле аша чапкандык деп чечти. Ал дайыма мектепке барчу, алган баалары да жаман эмес.
- – Мен бир аз билем, - ал сөзгө аралашты. – Мен санаганды, окуганды жана ушул сыяктуу бир нерселерди билем.
- Хагрид колун шилтеди:
- – Мен өзүбүздүн дүйнөбүз жөнүндө айтам. Сенин дүйнөң. Менин дүйнөм. Ата-энеңдин дүйнөсү.
- – Кандай дүйнө?
- Хагриддин жарылчудай болуп кеткени байкалды.
- – Сениби шашпа, Дарсли! - ал Дарслилерге бакырды.
- Вернон тайжезде боппоз болуп “тыры-пыры” бир нерселерди күбүрөдү. Хагрид таң калган көз карашы менен Гарриге карады.
- – Сен атаң-апаң тууралуу кантип билбейсиң? - деп кыйкырды. – Алар деген атактуулар го! Сен дагы атактуусуң!
- – Эмне? Эмне менин... менин атам-апам атактуу болгонбу?
- – Билбейт... билбейт турбайбы... – шалдайган Хагрид Гарриге муңайып карады.
- – Сенин ким экениңди айтышкан жок да э? - ал узак тынымдан кийин сурады.
- Вернон тайжездеде кокустан эле эр жүрөктүүлүк пайда боло калды.
- – Унчукпаңыз! - буйрук кылды. – Унчукпаңыз, сэр! Мен балага эмне болбосун айтууга тыюу салам!
- Вернон Дарслиден алда канча эр жүрөк Хагриддин үнү дирилдеп, ачуулануу, кыжырдануу менен чыкты.
- – Сен ага айткан жоксуңбу? Дамблдордун катын окуган жоксуңбу? Мен ошол жерде болгом! Дамблдордун кат жазганын көргөм! Дарсли, түшүнүп жатасыңбы? Анан ушунун баарын билип туруп жашырдыңбы?
- – Эмнени жашырды? - Гарри тынчсызданып сурап жиберди.
- – Унчукпа! Тыюу салам! - Вернон тайжезде дүрбөлөң сала бакырды. Петуния тайже коркунучтан тумчугуп баратты.
- – Ооба, мен азыр тим эле унчукпай калам, макоолор, - Хагрид жеп жиберчүдөй тигилди. – Гарри! Сен, сыйкырчысың!
- Кепеде жымжырттык өкүм сүрдү. Бир гана шамалдын уңулдаганы, деңиздин шарпылдаган үнү угулуп турду.
- – Мен – киммин? – Гарри оозун ачып туруп калды.
- – Сыйкырчы, - Хагрид кайталады да, керебетти майыштыра кайра барып отурду, – Болгондо да эң мыкты сыйкырчысың, албетте, эгерде машыксаң. Мындай ата-тегиң менен башка ким болмок элең? Эми мына муну окууга убакыт келди.
- Гарри “Деңиз, аскадагы кепе, мистер Г.Поттерге” деген дарек жазылуу, суктандырган сары конвертке кол сунду. Ал конвертти ачып окуй баштады:
- “ХОГВАРТС” СЫЙКЫРЧЫЛЫК жана КӨЗ БОЁМОЧУЛУК ЧЕБЕРЧИЛИК МЕКТЕБИ
- Мүдүр: Альбус Дамблдор
- (Бүткүл дүйнөлүк Сыйкырчылык Конференциясынын негизги мүчөсү, биринчи даражадагы Мерлин орденинин лауреаты, улуу сыйкырчы, башкы көз боёмочу)
- Урматтуу мистер Поттер!
- Сиз “Хогвартс” сыйкырчылык жана көз боёмочулук чеберчиликтери мектебине кабыл алынганыңызды кубануу менен билдиребиз. Керектүү окуу куралдар менен жабдыктар кошо тиркелди. Окуу жылдын башталышы 1-сентябрь. 31-июлга чейин үкү жообун күтөбүз.
- Урматым менен,
- Минерва Макгонагалл
- Минерва Макгонагалл,
- Мүдүрдүн орун басары.
- Гарринин оюна түрдүү суроолор топтолду, кайсынысынан баштаарын билбеди. Бир аз ойлонуп, булдурады:
- – А “үкү жообун күтөбүз” дегенди кандай түшүнсө болот?
- – Унутчаак десе, аз жерден эсимден чыга жаздаганын карачы! - деди Хагрид чекесин алаканы менен “шак” коюп. Анан чөнтөгүнөн кадимки тирүү, тыбырчылаган үкүнү, узун калем сап, пергамент кагазын алып чыкты. Ал жазылган кагаздын бөлүгүн тишинин жардамы менен айрыды, турган ордунда Гарри жазууларды окуганга жетишти:
- Урматтуу профессор Дамблдор!
- Гарриге катты тапшырдым.
- Эртең окуу куралдарын сатып алууга барабыз.
- Аба ырайы өтө начар.
- Сиз саламаттасыз деп ойлойм.
- Хагрид.
- Хагрид катты ороп үкүгө берди. Тиги тумшугуна кыпчып алды. Анан Хагрид үкүнү алып каалганы ачты да, бороонду карай учуруп жиберди. Андан соң Хагрид кадимки эле ишти жасагандай, мисалы, телефон менен сүйлөшүп келгендей керебетке келип отурду.
- Гарри жанатан бери оозун ачып турганын эми байкап, оозун алаканы менен жаба салды.
- – Мен эмне деп жаттым эле?- сөзүн уланткан Хагридден коркконунан боппоз болгон Вернон тайжезде мештин жанына жарыкты тосо жакындай келди.
- – Ал барбайт, - деди Вернон тайжезде үнүн өктөм чыгарып.
- Хагрид тилдегенге өттү.
- – Ага ким болсо да тоскоол болсун, бир гана сага окшогон магл эмес, - көңүлкош күбүрөндү.
- – Сага окшогон ким? - Гарри кызыгуу менен сурады.
- – Магл, - деди Хагрид, – Биз сыйкырсыз адамдарды ушинтип айтабыз. Сага ушундай маглдардын маглдары менен чоңоюуга туура келди.
- – Биз муну багып алганда бул болбогон сандырактын баарына чекит коёбуз деп ант бергенбиз, - деди Вернон тайжезде, – Биз анын да сандырактарын жок кылабыз деп ант бергенбиз! Сыйкырчы, түшүнүп жатасыңбы!
- – Силер билчү белеңер? - Гарри таң кала сурады. – Менин сыйкырчы экенимди билчү белеңер?
- – Билчү белек?! - кокустан Петуния тайже аралашты. – Кантип билбейбиз! Албетте, билчүбүз! Менин шайтан алгыр сиңдим, апаң бар туруп анан сен ким болмок элең! Ал дагы өз учурунда ушундай катка ээ болуп, жанагы... жанагы мектепке окууга кеткен, анан каникулда гана үйгө келчү. Ар дайым чөнтөктөрдө бакалардын икрасы! Дайыма чынылардын келемишке айлануусу! Бир гана мен көрчүмүн анын кандай... акылынан азганын! А ата-энем кубанып, ага дайыма суктанышчу, ах, Лили мындай, ах, Лили тигиндей... Алар үй-бүлөсүндө мындай көзбоёмочу туулганына чексиз бактылуу болушчу.
Ал оор дем алып кайра сүйлөп баштады. Ал көптөн бери, бир нече жылдан бери сүйлөгүсү келгени көрүнүп турду.
- – Андан соң ал жанагы үрөй учурган Поттер менен мектептен таанышты, анан алар качып кетип, үйлөнүп алышты. Сен туулдуң, анан мен сенин да ошондой болуп төрөлгөнүңдөн шегим жок болчу... ошолордой эле кызыктай... акылынан азган, андан кийин, аны жайлап салышты, анан эле ме с-с-сага, биздин колубузда сыйкырчы!
- Гарри бозоруп кетти. Кыйынчылык менен өзүн колго алып анан сурады:
- – Жайлап салышты? Сиздер мага алар жол кырсыгынан каза болду дебедиңер беле?
- – ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН?! - Хагриддин чыдамы түгөндү.
- Анын каардуу, ачуулуу жүзү, ансыз деле коркуп турган Дарслилердин үй-бүлөсүн дагы алысыраак бурчка барып такалууга мажбур кылды.
- – Лили менен Жеймстин ажалына кайсы жол кырсыгы себеп болгонун көрсөм болмок! Ачуу келер иш! Болбогон жомок! Гарри Поттер өзү, өзү жөнүндө билбейт деген эмне шумдук! Ал жөнүндө кимден сураба, баары жатка айтат!
- – Кандайча? Кайдан? Эмне үчүн? - Гарри такып сурады.
- Хагриддин жүзүндөгү каардуу жек көрүү жоголуп, тынчсыздануу пайда болду.
- – Мен мындайды күткөн эмесмин, - деди ал кабатырланган, жай үн менен. – Дамблдор сени менен жолугушуу бир аз кыйынчылыктарды туудураарын айткан, бирок мынчалык болорун билген эмесмин, сен таптаза эч нерседен кабарың жок, эч нерсени билбейт турбайсыңбы... Ай, Гарри, Гарри... билбей турам, сага баарын айтканым туурабы же, бирок бир жагынан сага кимдир-бирөө чындыкты айтышы керек, сен “Хогвартска” мындай эч нерсени билбеген абалың менен барбайсың да.
- Ал Дарслилерди жаман көзү менен бир карап алды.
- – Укканыңар силерге да зыянын тийгизбейт, чынын айтсам, өзүм да толугу менен билбейм, бул окуянын түбү чечиле элек...
- Ал отту карап бир нече убакыт отурду да, сөзүн баштады:
- – Ошондон баштайт окшойм... аны... жок, шайтан алгыр десе! Силер мындай ысымды уккан эмессиңер да, а бизде аны баары билишет...
- – Кимди?
- – Эми... анын атын эскергенди жаман көрөм. Баардыгы жаман көрүшөт.
- – Эмне үчүн?
- – Коркушат, ошон үчүн! Азыркыга чейин коркушат! Шайтан алгырдыкы, мунун баары кандай оор.
- – Билесиңби, Гарри, бир сыйкырчы болгон, ал кийин жаман сыйкырчыга айланды. Анын аты... - Хагрид шилекейин жутту, тили күрмөөгө келбей жатты.
- – Мүмкүн кагазга жазып берерсиз? - Гарри сунуш кылды.
- – Жазыш андан да жаман. Макул, анын аты Волдеморт. – Хагрид ордунан козголду, – Мени кайталоого мажбурлаба. Анан ошол сыйкырчы, жыйырма жыл мурда окуучуларды издей баштайт. Белгилүү болгондой, ал өзүнөн корккондорду, бийликти сүйгөндөрдү, анын колунда бийлик бар болчу да, табат. Эч ким кимге ишенерин билбей, жат кишилер менен мамиле курууга батына алышпай... ар түрдүү коркунучтуу нерселер болду. Ал аздыр-көптүр жеңишке ээ болду. Кимдир-бирөөлөр ага каршы чыгышты, бирок ал андайларды өлтүрүп салчу. Эң коркунучтуу өлүм менен. Бир гана коопсуз жер калган, ал – “Хогвартс” эле. Ким Экенин Өзүң билесиң, бир гана Дамблдордон коркчу. Ал ошондо мектепти басып алууга эрки жеткен жок. Мына... Сенин атаң-апаң мен билген сыйкырчылардын эң мыктылары. “Хогвартстагы” мыкты окуучулар! Ким Экенин Өзүң билесиң, бир эмес бир нече жолу аларды өз тарабына өткөрүүгө аракет жасады. Алар эч качан кара күчтөр менен алектенмек эмес, алар Дамблдор менен бирге болчу, түшүнүп жатасыңарбы?! Мүмкүн ошол жолу аларды көндүрүүнү чечкен... балким четтетүүнү...Ким билет... Бир гана он жыл мурда, Хэллоуинде, ал силер жашаган айылда пайда болду. Сен кичинекей алдей болчусуң, болгону бир жашта. Ал силердин үйүңөргө келип анан...анан...
- Хагрид капыстан эле оозун жаба калып, чөнтөгүнөн кирдеген жүз аарчысын алып, бырылдай чимкирди.
- – Кечирим сурайм, - деди киңкилдеген үн менен. – Бул аябай кайгылуу окуя, мен сенин ата-энеңди аябай жакшы көрчүмүн, алардан мыкты адам жок эле, а тиги, тиги Ким Экенин Өзүң Билесиң аларды өлтүрүп салды. Андан соң ал сени да жок кылууга аракеттенди. Ал күбөлөрдү жок кылам дедиби, же өлтүргөндү жакшы көрчүбү, айтор билбейм. Бирок жок кыла алган жок. Сенин чекеңдеги тырык эмнеден калганын билесиңби? Бул тырык болбогон бир кесиктен калган тырык эмес. А мындай тырыктар күчтүү, каардуу сыйкырдын кичине эле учкунунун тийишинен улам пайда болот, а ал сыйкыр болсо сенин ата-энеңди жана силердин үйүңөрдү кошо алып кетти, бирок сага күчү жеткен жок, мына ошондуктан сен атактуусуң, Гарри. Ал кимди жок кылууну чечсе, эч кимиси аман калчу эмес, эч ким, сенден башка, ал ошондо эң мыкты сыйкырчыларды курутту, Маккиннонов, Боунсов, Преветтов. А сен балакай, аман калдың.
- Гарри эсине кандайдыр бир оор, жан сыздаткан эскерүүнү түшүрдү. Хагрид өз окуясын айтып бүткөндө, бала кокустан жаркыраган жашыл жарыкты көрдү, мурдагыдан алда канча дапдаана, анан да бир нерсе эсине түштү, өмүрүндө биринчи жолу ичиркенткен, чарылдаган ачуу каткырык.
- Хагрид Гаррини муңайымдуу карады.
- – Мен жеке өзүм сени окуя болгон жерден алып чыккам. Дамблдор буйрук берген. Анан сени мына буларга алып келгем.
- – Баардыгы болбогон окуя! – деди Вернон тайжезде.
- Гарри селт эте түштү. Ал Дарслилерди таптакыр эсинен чыгарып койгон экен. Вернон тайжезденин жүзүндө кадимки өзүнө ишенимдүүлүк пайда болду. Ал Хагридди муштумдарын түйүп жини менен тиктеди.
- – А азыр мени уккунуң, балакай, – Вернон тайжезде кыжырдана айтты, – Ооба, макул дейли, сенин кызыктай бир адаттарың бар, аныңа кошулам, мен билип эле турам, жакшы бир балак сени тез эле айыктырмак, ал эми сенин ата-энеңе келе турган болсок, алар накта акылынынан айныган немелер болчу, аны айтпаса да белгилүү, анан менимче, ошондойлордун азайганынан дүйнө кененирек дем алат, алар кылган ишине жараша жазасын алышты, жанагы өздөрү аралашкан сыйкырчылардан эмнени күтсө болот, мен башында эле эскерткем ушундай болорун, алар эртеби-кечпи жаман окуяга кириптер болорун билгем...
- Ал сөзүн аягына чыгарганча Хагрид чыдабай ордунан туруп, чалдыбары чыккан күлгүн кол чатырын алып чыкты. Кол чатырды Вернон тайжездеге карай кылычтай кезеди да:
- – Эскертип коёюн, Дарсли, мен сага эскертем, оозуңдан дагы бир сөз чыкса...
- Вернон тайжезде Хагриддин кезеген учтуу курч кол чатырынын курмандыгы болуп калуу коркунучу менен бетме-бет келгенде, баштагы эр жүрөктүүлүгүнөн тайып, дубалга кетенчиктей унчукпай жабышып калды.
- Хагрид оор дем ала кайра керебетке отурду, жанатан бери Хагрид отурган сайын жерге майыша түшкөн керебет бул жолу полдун үстүнө толук бойдон тийип майышып калды.
- Ошол эле маалда Гарриде улам жаңы суроолор пайда боло баштады.
- – А Воль... тиги, Ким Экенин Өзүңүз Билесизге эмне болду?
- – Жакшы суроо, Гарри. Билбейм. Жоголуп кетти. Көздөн кайым болду. Сени өлтүрөйүн деген түнү жок болду. Ошондон да сенин атактуулугуң артты. Бул, билесиңби, табышмактардын табышмагы... Анткени ал ошол учурда бийликти, күчтү да жетишинче жыйнаган, ага жок болуп кетүүнүн эмне себеби бар эле, белгисиз. Өлүп калды деген болбогон нерсе! Мен мындайча айтмакмын: өлүп калыш үчүн анда адамдык эч кандай сапат калбайт. Аны менен жүргөн кишилер кайра бизге кайтып келишкен. Алар транста жүргөндөй эрксиз азгырыкта болгонун айтышты. Эгер алар анын кайтып келерин билишсе, бизге кошулууга эрктери жетмек эмес. Мен өзүмчө ойлойм, ал тирүү эле бир жерде отурат, бирок сыйкыр күчүн жоготту. Азыр анын кайрадан күрөшүүгө алы жок. Гарри сенде бир нерсе бар, мына ошол аны жок кылды. Ошол түнү ал күтпөгөн бир нерсеге дуушар болду, ал эмне экенин эч ким билбейт, бир гана сенин сыйкырың аны токтото алды, бул чындык.
- Хагрид Гаррини өзгөчө жылуулук жана урматтоо менен карады, бирок Гарри өзүнө канааттана кубангандын ордуна, болуп өткөндөрдүн баардыгы жаңылыштык деп ишенди. Сыйкырчы? Албы? Кантип ушундай болсун? Өмүр бою аны Дадли жүдөтүп, Вернон тайжезде менен Петуния тайже эзип келишти. Эгер ал чынында сыйкырчы болсо, анда эмнеге Дарслилер аны буфетке камашкан, алар бакага айланып кетишкен жок? Эгер ал качандыр бир кезде дүйнөдөгү эң күчтүү сыйкырчыны жеңсе, анда эмне үчүн Дадли аны топтой тоголотуп тепчү?
- – Хагрид, - деди ал акырын, – Менимче, сиз жаңылышасыз. Мен сыйкырчы болорума көзүм жетпейт.
- Анын таң калганына Хагрид жөн гана күлүп койду.
- – Демек, сыйкырчы боло албайм дечи? А эмне, эч убакта сенин каалоолоруң аткарылган эмес беле, мисалы, сен ачууланганда же корккондо?
- Гарри отту карады. Эми андан муну сурашканда... чынында баардык таң калыштуу нерселер Гарри бир нерсеге жинденгенде же корккондо болчу... анын артынан Дадлинин тапандары кубалаганда – кокустан эле эч ким жеткис жерде туруп калган, кандайча болгону түшүнүксүз... ал ошондо кайчылана кыркылган чачы менен мектепке таптакыр баргысы келген эмес, бирок эртеси чачы өсүп кеткеничи... а эң акыркы жолу Дадли урганда Гарри өзү да байкабастан кайра мушташа кетпеди беле. Анан да Дадлини карай боа-констрикторду бошотуп жибергеничи?
- Гарри баш көтөрүп Хагридди карап, анын кубанычтан жүзү нурданып турганын көрдү.
- – Сездиңби? – Хагрид көз кысты. – Гарри Поттер сыйкырчы эмес! Ха! Шашпа, “Хогвартстын” сыймыгына айланасың.
- Бирок Вернон тайжезде күрөшсүз жеңилип берүүнү ойлогон жок.
- – Мен ал тиги жакка барбайт деген жокмунбу? – деди ал. – Ал “Бетон дубалдарына” барат, анан бул үчүн кийин ыраазы болот, көрөсүң. Мен сиздин катты окудум, көрдүңүзбү, ага жанагы болбогон сандырактар керек экен – сыйкыр китептери, сыйкырдуу таякча жана...
- – Эгер ал эмне кааласа сага окшогон магл сымалдар ага жолтоо боло албайт, - Хагрид кыйкырды. – Лили менен Жеймс Поттердин уулу “Хогвартскка” киргизилбейт! Акылыңардан айныдыңарбы?! Гарри ал жакка туулганда эле катталган. Ал дүйнөдөгү эң мыкты сыйкырчылык жана көз боёмочу чеберчилиги мектебине барат. Жети жаштан өттү, ал болсо өзүн ким экендигин дале билбейт. Ал атактуу сыйкырчы Альбус Дамблдордун өзүндөй болууга үйрөнөт...
- – МЕН АНЫ КАЯКТАГЫ БИР АЛЖЫГАН КАРТАҢ ЖИНДИНИН САНДЫРАК СЫЙКЫРЛАРГА ҮЙРӨТҮШҮНӨ АКЧА ТӨЛӨБӨЙМ! – Вернон тайжезде айкырды.
- Бирок ал аябай эле чектен чыгып кетти. Хагрид кол чатырды колуна алып башынан өйдө айланта баштады.
- – ЖОЛ БЕРБЕЙМ, - күрүлдөдү, – МЕН ТУРГАН ЖЕРДЕ АЛЬБУС ДАМБЛДОРДУ МАЗАКТООГО ЖОЛ БЕРБЕЙМ!
- Ал Дадли тарапты кезеп турган кол чатырын шуу эттирип ачты эле, сыя түстөгү жарык “пух” деп, жардыргыч жардырылгандай, металлдын кычыраган үнү чыкты, анан бир секунд өтүп өтпөй Дадли семиз көчүгүн кармаган бойдон оорусуна чыдабай ордунан бийлеп жиберди. Ал артын караганда шымынын аркасынан кылтыйып чыгып калган чочконун куйругу көрүндү.
- Вернон тайжезде бакырды. Ал Хагридди таланган иттей байкуш көзү менен карап, Петуния тайже менен Дадлини башка бөлмөгө киргизип эшикти тарс жапты.
- Хагрид кол чатырын карап, сакалын кармалады.
- – Өзүмдү колго алышым керек, - ал ачуулуу күбүрөндү, – Ооба, баардыгын ишке ашырган жокмун. Аны чочкого айлантып салайын деп ойлогом, өзү эле көрүнүп турбайбы, чочкодон айырмасы жок, андыктан эч нерсе кылууга деле туура келбеди.
- Ал коюу каштарынын астынан Гаррини көзүнүн кыйыгы менен карады.
- – Сен бул жөнүндө “Хогвартстан” эч нерсе айтпа, - өтүнгөңдөй болду. – Мен... мага... ммм... Мага сыйкырчылык менен алектенүүгө болбойт, түшүнөсүңбү. Мага, чын, бир нерсеге гана уруксат беришкен, сени көзөмөлдөөгө, анан катты жеткирүүгө, ушул сыяктуу... анан минтип азыркы иш да жармашып калды...
- – А эмне үчүн сизге сыйкыр менен алектенүүгө болбойт? – деди Гарри.
- – Ох. Эмм, мен өзүм дагы “Хогвартста” окугам, бирок чынын айтсам, мени... чыгарып салышкан. Үчүнчү жылы. Сыйкыр таякчамды теңинен бөлүп, быт-чытын чыгарышты. Бирок Дамблдор мени короо шыпыргыч болууга уруксат берди. Дамблдор, жакшы киши.
- – А сизди эмнеге чыгарып салышты эле?
- – Кеч болуп кетти, эртеңкиге иш көп, - Хагрид өктөм үн катты. – Шаарга барыш керек, китеп, аны-муну сатып алышыбыз керек.
- Ал калың кара күрмөсүн чечип Гарриге берди.
- – Ме, жамын, - деди ал. – Эгер күрмөдөн бир нерсе сайгыласа эмне деп коркпо, чөнтөгүндө кирпилер отурат.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Диагон – аллея
Кийинки күнү эртең менен Гарри эрте ойгонду. Ал жарык кирип калганын билип турса да көзүн ачкан жок.
– “Бул түш”, - деп өзүн-өзү ишендирди, – Түшүмө сыйкырчылар мектебине барарымды кабарлаган Хагрид аттуу дөө кирди. Азыр мен көзүмдү ачсам эле буфетте жаткан болом.
Кокустан эле катуу такылдаган үн угулду.
– А мына, Петуния тайже да келди, - деп ойлоду Гарри. Ал дагы деле көз жумуп жата берди. Кандай сонун түш.
Тык-тык-тык.
– Макул, - Гарри күбүрөндү, – Турайын.
Ал отурду, үстүнөн Хагриддин оор күрмөсү шыпырылып түштү. Кепеге жарык кирип, борооон токтоп, Хагрид болсо сынган керебетте уктап жатыптыр, а терезени тумшугуна гезит тиштеген үкү курч тырмактары менен тыкылдатып турганын көрдү.
Гарри секирип турду. Кубанычтан көктү карай учуп кете жаздады. Ал чуркап барып терезени күч менен ачты. Үкү ичкери учуп кирип, гезитти Хагриддин үстүнө таштады. Ал ойгонууну ойлогон да жок. А үкү канаттары менен Хагриддин күрмөсүнө асыла баштады.
– Ары тур!
Гарри үкүнү кууганына болбой тумшугу менен чокулап күрмөгө асыла берди.
– Хагрид! – Гарри катуу кыйкырды. – Бул жерде үкү жүрөт...
– Ага акы төлөп койчу, - Хагрид керебетте жаткан калыбында күңкүлдөдү.
– Эмне?
– Ага жеткирген нерсеси үчүн акы төлөш керек. Чөнтөктү кара.
– Чөнтөк бирөө эле болгону менен ичинде толгон токой нерселер бар экен: ачкычтар, кандайдыр бир октор, ар түрдүү жиптер, набаттар, чайдын баштыкчалары... акыры кызыктай жасалган тыйындарды уучтап алып чыкты.
– Ага беш нут бер, - деди Хагрид уйкусуроо менен.
– Нут?
– Кичинекей коло.
Гарри кичинекей коло беш тыйынды санап, үкүнүн сунган чеңгелиндеги булгаары капчыкка салды. Андан соң үкү ачык турган терезеден учуп чыгып кетти.
Хагрид оозун ачып катуу эстеди да, өйдө болуп керилди.
– Гарри кыймылдайлы, бүгүн иш көп: Лондонго барыш керек, мектепке керектүү майда-чүйдөлөрдү алыш керек.
Гарри колундагы сыйкырдуу тыйындарды аралаштыра кармап отуруп, оюна бир нерсе түштү, заматта жанатан берки кубанычы кумга сиңген суудай жок болду.
– Эээм... Хагрид?
– Ммм? – деди Хагрид, лакыйган чоң бут кийимин кийип жатып.
– Менин акчам жок да.... Сиз кечээ Вернон тайжезденин айткандарын уктуңуз го... ал сыйкырчылыкка окуу үчүн акча төлөбөйт.
– Бул тууралуу кабатыр болбо, - деди Хагрид туруп чачын тарап, – Сенин ата-энең эч нерсе калтырышкан эмес деп ойлойсуңбу?
– Бирок алардын үйү талкаланып калбады беле...
– Алар эмне, алтындарын байпагына катып коюшту дейсиңби? Жок. Биринчи кезекте биз “Гринготтскка” барабыз. Сыйкырдуу банк. Сосискадан же, муздап да калды, мейли, эч нерсе болбойт... Анан мен дагы таттуу торттон баш тартпайм.
– А эмне сыйкырдуу банктар да болобу?
– Бирөө гана. “Гринготтс”. Аны гоблиндер башкарат.
– Гоблиндер?
– Ооба, сага айтып коёюн, ал банкты тоноого жиндилер да батынбайт. Гоблиндер менен тамашалашууга болбойт, Гарри. Эгер бир нерсе жашырар болсоң, жер жүзүндөгү эң мыкты жер “Гринготтс”, анан балким “Хогвартсты” да айтсак болот. Чынында “Гринготтскка” ансыз деле барышым керек. Дамблдордун тапшырмасы менен. Мектептин иштери. – Хагрид түздөндү. – Маанилүү иштерге адатта мени жиберет. Сени алып келүүдө же “Гринготсдагы” нерсе үчүн... мындай иштерде мага ишенет, билесиңби? Кана, даярсыңбы? Анда жылалы.
Гарри Хагриддин артынан асканын чокусуна чыкты. Асман ачык, деңиз дагы күн нуруна чагылышып турат. Вернон тайжезде жалдап алган кайык мурдагы ордунда турат, бирок суу ташкынынан улам ичине суу толуп калыптыр.
– Сиз бул жакка кантип келдиңиз,- Гарри айланасынан экинчи кайыкты издеди.
– Учуп келдим, - деди Хагрид.
– Учуп?
– Ммм, бирок кайра артка кайык менен эле сүзүп барабыз. Эми сен мени менен чогуусуң, сыйкырлоого болбойт. – Алар кайыкка жайгашканча, Гарри анын кантип учаарын элестетүүгө аракеттенип Хагридди карай берди.
– Ай, баарыбир сууда мынчалык көпкө чайпалаарыбыз өкүнүчтүү, - Хагрид чечкинсиз күңкүлдөдү. – Эгер мен бул процессти бир аз ылдамдатсам, сен “Хогвартстан” бул жөнүндө айтпайсыңбы? – деп Хагрид Гаррини көз кыйыгынан карады.
– Албетте, жок, - Гарри кандайдыр бир сыйкырды көргүсү келип ыкчам жооп берди. Хагрид кайрадан күлгүн кол чатырын алып чыгып эки ирет кайыктын бортун такылдатты эле, кайык жээкти карай зуулдап жөнөдү.
– А эмне үчүн жиндилер да “Гринготтсту” тоноого дити барбайт? - деди Гарри.
– Сыйкырчылык, көзбоёмочулук, - гезитти барактаган калыбында Хагрид кыска түшүндүрдү. Ошол жердеги сейфтердин жашыруун жеринде ажыдаарлар турат дешет. Анан да артка карай жолду дагы табалбай каласың, “Гринготтс” Лондондун алдында миңдеген чакырым алыстыктагы жер астында, түшүнөсүңбү? Жер астынын тереңинде. Жадагалса бир нерсени кытып алсаң, кайра чыга албай ошол жакта ачкадан өлөсүң.
Хагрид “Көзү ачыктын кабары гезитин” окуганча, Гарри отуруп ойлоно берди. Вернон тайжезде аны адамдарга көп суроо бербөөгө үйрөткөн, бирок карманууга абдан кыйын болду, анда өмүрүндө мынчалык көп суроо болгон эмес.
– Дагы сыйкырчылык министирлигин жинди кылышты дайымкыдай, - Хагрид гезит барактап күбүрөндү.
– А эмне ошондой да министирлик барбы?! – Гарринин оозу ачылды, канчалык унчукпайын десе да болгон жок.
– Түшүнүктүү иш, - деди Хагрид. – Түшүнүктүү, Дамблдорду министр кылайын дешти эле, ал “Хогвартсты” эч качан таштабайт, анан картаң ФуЖини алышты. Корнелиус ФуЖи. Өтүкчү, мен ушундайча айтам. Күнүгө кеңеш сурап Дамблдорду үкүлөр менен аткылайт.
– А сыйкырчылык министрлиги эмне иш кылат?
– Алардын негизги иши маглдарга өлкөдө мурдагыдай эле сыйкырчылар менен көзбоёмочулардын көп экенин билгизбөө.
– Эмнеге?
– Эмнеге? Кандайча эмнеге, Гарри! Эгер алар билсе, баардык көйгөйлөрүн сыйкыр жолу менен чечүүнү каалашат. Жок, жакшысы бизди жайыбызга эле коюшсун.
Ошол учурда кайык жээкке акырын келип токтоду, Хагрид гезитин жыйнап, алар таш тепкичтер менен көчөгө чыгышты.
Экөө кичине шаарчадан станцияга жеткенче өткөн-кеткендер Хагридди карап өтүп жатышты. Гарри аларга эч нерсе дей алган жок. Хагрид кадимки адамдардан эки эсе чоң тургай, улам-улам кадимки эле колдонуп жүргөн буюмдарды көргөзө катуу сүйлөп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду:
– Гарри, көрдүңбү? Маглдардын кыялы, а?
– Хагрид? - деди Гарри акырын бышылдап, Хагридден калып калбаш үчүн ага чуркоого туура келди. – Сиз “Гринготтста” ажыдаарлар бар дедиңизби?
– Ошондой дешет. Мен да ажыдаарлуу болгум келет.
– Сиз ажыдаар баккыңыз келеби?
– Өмүр бою каалагамын, кичинемден бери... Бизге бул жакка.
Алар станцияга келишти. Лондонго барчу поюз беш мүнөттөн кийин кетти. Хагрид “маглдардын акчасын” айырмалай албай, Гарриге берип билет сатып келүүсүн өтүндү.
Поюздан аларды мурдагыдан да көп адамдар тиктеди. Хагрид эки отургуч ээледи. Чөнтөгүнөн ачык сары түстөгү шапито сымал калпак менен токугуч алып чыкты.
– Гарри, сенин катың жаныңдабы? – деди Хагрид илмектерди санап жатып.
Гарри чөнтөгүнөн пергамент конвертин алып чыкты.
– Эң жакшы, - деди Хагрид. – Ал катта бизге керектүүлөрдүн тизмеси бар.
Гарри кечээ кечинде байкабаган каттын экинчи бетин которуп ачып, окуй баштады:
“ХОГВАРТС” СЫЙКЫРЧЫЛЫК жана КӨЗБОЁМОЧУЛУК ӨНӨР МЕКТЕБИ
Форма
Окуу жылдын башталгыч класстары үчүн керектүү окуу куралдары:
- Жөнөкөй жумушка роб (кара) 3 даана
- Күнүмдүк бийик учтуу шляпа (кара) 1 даана
- Коргоочу кол кап (ажыдаар терисинен же ошол сымал) 1 даана
- Кышкы мантия (кара, күмүш бүчүлү) 1 даана
Эскертүү: окуучунун кийиминде аты-жөнү кошо тигилсин.
КЕРЕКТҮҮ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ТИЗМЕСИ
Ар бир окуучуда төмөнкү китептер болуусу зарыл:
Миринда Гошок “Сыйкырчылык жыйнагы (биринчи бөлүм)"
Батильда Жукпук “Магия тарыхы”
Адальберт Вафлинг “Сыйкырчылык теориясы”
Эмерик Свитч “Кубулуу. Үйрөнчүктөргө жетекчилик”
Филлида Спора “Миңдеген сыйкырдуу чөптөр жана козу карындар”
Арсениус Жиггер “Сыйкырдуу маңыздар жана уулар”
Ньют Скамендер “Жомоктогудай жандуулар жана алардын жайгашкан жери”
Квентин Трясль “Кара ниеттик күчү: өзүн өзү коргоо жетекчилиги”
КАЛГАН ЖАБДЫКТАР
Сыйкыр таякчасы 1 даана
Казан (калай, өлчөм 2) 1 даана
Флакондор жыйнагы (айнек же хрусталь) 1 даана
Телескоп 1 даана
Жез таразасы 1 даана
Окуучуларга өздөрү менен бирге үкү, мышык же бака алып келүүгө уруксат берилет.
АТА–ЭНЕЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРГА ЖЕКЕ ӨЗДҮК ШЫПЫРГЫ АЛУУГА БОЛБОЙТ
– Ушулардын баарын Лондондон сатып алса болобу? – деди Гарри катуу кыйкырып.
– Саткан жерлерин билиш керек, - деди Хагрид.
Гарри Лондонго бир да жолу барган эмес. Хагрид ал жерлерди билсе да кадимки жол менен барууга көнгөн эмес. Ал алгач эле метронун турникетине тыгылды, андан кийин поюздун отургучтары тар экенине катуу наалыды, анан поюз аябай жай жүрөрүн айтты.
– Билбейм, маглдар сыйкырсыз кантип жашайт, - деди ал кууш, тегеректин баардыгы дүкөндөргө толгон көчөдөн эскалатор менен жогору чыгып баратып.
Хагрид көлөмдүүлүгүнөн жыш бараткан элди оңой эле экиге жиреп өттү, Гарри артынан калбай келе жатты. Алар китеп жана музыкалык аспаптар дүкөндөрү, кинотеатрлардын жанынан өтүштү, бирок бир да жерде сыйкыр таякчасын саткан дүкөн көрүнбөдү. Бул көчө кадимки эле адамдар өтүп жүргөн көчөлөрдүн бири. Кантип эле ушул жердин артында сыйкырдуу алтын кени көмүлсүн? Канакей сыйкыр жыйнактары менен шыпыргы саткан дүкөндөр? Мүмкүн булардын баардыгы тайжезде менен тайженин уюштурган акылсыз тамашасыдыр? Эгер Гарри Дарслилердин үй-бүлөсүндөгү тамашаларды билбесе, болуп жаткан окуяларды да тамаша го деп шектенмек; Хагриддин чындыкка коошпогон айткандарына карабастан ага ишенүүгө өзүн мажбурлады.
– Келдик, - деди Хагрид, бир жерге токтоп, – “Жыртык казан”. Атактуу жай.
Бул жер кичинекей, көздөн далдоо жана комсоо, көп байкалбаган жер экен. Эгерде Хагрид көрсөтпөсө Гарри мындай жерди байкамак эмес. Айтмакчы, көчөдө ары-бери шашкан эл бул жерди эч качан байкашпайт. Алар чоң китеп дүкөнүн, анын жанындагы дүкөндөрдү гана көрүшөт, ал эми “Жыртык казанды” эч качан көрүшкөн эмес. Гарриге бул жерди бир гана Хагрид экөө көрө алчудай туюлду. Бирок бир нерсе айтууга үлгүрбөдү, Хагрид аны ичкериге алып кирип кетти.
Атактуу жай үчүн бул имарат өтө караңгы жана комсоолук кылчудай. Бурчта бир нече картаң аял отурат, алар кичинекей бокалдардан шерри ичүүдө. Алардын бири узун түтүкчө чегип отурат. Кыска бойлуу, таз баш, грек орехине окшогон тиши жок картаң киши бармен менен сүйлөшүп турат. Жаңы меймандар келиши менен күбүр-шыбыр заматта токтоду. Көрүнүшкө караганда Хагрид бул жердин биринчи коногу эмес; ага кол булгалап жылмайышты, а бармен стакан алып сурады:
– Адаттагыдай элеби, Хагрид?
– Иче албайм, Том, жумуш, “Хогвартс”, - деп түшүндүрдү Хагрид, Гаррини ийинден таптай кармап, Гарринин тизеси Хагриддин таптаганынан бүгүлүп кетти.
– О кудай, - деди бармен, Гарринин жүзүнө карап, – Бул... ушундай да болушу мүмкүнбү... “Жыртык казан” кокустан эле катып калды.
– Кудайым өзүң сактай көр, - чал күбүрөндү, – Гарри Поттер... кандай сыймык!
– Ал бардын текчесин шашыла айланып өттү да Гарринин жанына келип, көз жашын агызып, колунан алды.
– Кайтып келишиңиз менен, мисстер Поттер, кайтып келишиңиз менен!
Гарри эмне дешти билбеди. Баардыгы аны карады. Түтүк кармаган аял Гаррини карай жылып келип, колундагы тамеки күлгө айланып калганын да байкаган жок. Хагрид кубанып турду.
Бир аздан соң бардын ичи үстөлдөрдүн кылдыраган үнүнө толду, андан кийин Гарри “Жыртык казандын” ичиндеги баардыгынын колдорун кысып чыкты.
– Дорис Крокфорд, мисстер Поттер, сизди көргөнүмө ишене албай турам.
– Саламатсызбы, мисстер Поттер, саламатсызбы.
– Сиздин колуңуздан кысууга дайыма кыялданып келгем, чексиз кубанычтамын.
– Кубанычтамын, мисстер Поттер, сөз менен жеткире албайм, Диггл, менин атым – Дедал Диггл.
– Мен сизди көргөм! – Гарри Дедал Дигглдин кубанычтан шляпасы шыпырылып түшкөнүн эстеди. – Сиз бир жолу мага дүкөндөн ийилгенсиз.
– Ал билет! – Дедал Диггл тегерегин курчагандарга карап кыйкырды, – Уктуңарбы? Ал мени билет!
Гарри баардыгынын колун кармап учурашты, Дорис Крокфорд кезекке улам-улам тура берди.
Алдыга бозоргон жаш, арык, өтө ачуулуу, диртилдеген киши озуп чыкты. Анын бир көзү тартып турат экен.
– Профессор Квиррелл! – деди Хагрид. – Гарри, профессор Квиррелл “Хогвартста” сенин мугалимиң болот.
– П-п-п-поттер, - профессор Квиррелл кекечтене Гарринин колун кысты. – С-с-с-сиз менен ж-ж-жолукканыма к-к-кандай гана бактылуу эк-к-кенимди сөз менен айтып ж-ж-ж-жеткире а-а-а-албайм.
– Профессор Квиррелл, а сиз кайсы сабактан бересиз?
– К-к-кара ниеттүүлүк к-к-күчүнөн с-с-сактануу, - деди профессор Квиррелл бул жөнүндө айткысы келбегендей акырын гана. – Б-б-бирок с-сизге мунун к-к-кереги деле ж-жок, туурабы, П-п-поттер? – Ал кыжырдана араң күлгөн болду. – С-сиз жабдык с-сатып алууга б-бара жатасыз о-окшойт? А м-мен в-в-вампирлер жөнүндө ж-ж-жаңы к-к-китеп издеп жүрөм. – Бул тууралуу айтып алганына өзү да өкүнгөнсүп туюлду.
Бирок карап тургандар профессор Квирреллны Гарри менен көпкө сүйлөштүргөн жок. Гарри менен сүйлөшүүнү каалагандардан бошонуу үчүн он мүнөтчө убакыт кетти. Акыры Хагрид өктөм үн салды:
– Кетишибиз керек, иш көп. Жүрү, Гарри.
Дорис Крокфорд акыркы жолу Гарринин колун кысып, анан Хагрид экөө бар аркылуу өтүп, тегерегинде отоо чөптөр, жанында таштанды челек турган, өтө чоң эмес, бийик дубалдуу эшиктин алдына келишти.
Хагрид башын төмөн ийип Гаррини карады.
– Мен сага айттым беле? Сен атактуусуң дедим беле? Профессор Квиррелл сени көргөндө титиреди го, ал дайыма эле диртилдеп жүрөт дечи... ошентсе да.
– Ал дайыма ушундай ачуулуубу?
– Ооба, бактысыз бала. Окуп жүргөндө жакшынакай болчу, кийин бир жылга практикага кеткен... Караңгы токойдон вампирлерге жолуккан дешет, анан да сыйкырчы аялдар менен болгон караңгы окуя бар... Ошондон бери ушундай. Окуучулардан коркот, жадагалса өзү окуткан сабагынан да коркот... Кана, кол чатыр кайда калды?
Вампирлер? Сыйкырчы аялдар? Гарринин башы айланды да калды. Хагрид болсо ошол маалда таштанды салчу челек турган дубалдан кыштарды санап жатты.
– Үчөө жогору... Экөө диагонал боюнча...- деп күбүрөдү. – Эми, Гарри, жыл.
Ал дубалды кол чатырдын учу менен үч жолу такылдатты.
Дубал титирей баштап, анан урап түштү, дубалдын чок ортосунда чакан тешик пайда болду, ал тешик уламдан улам чоңоюп, бир секунддан кийин Хагрид бата тургандай чоң өтмөк пайда болду, ал өтмөктүн ары жагынан көчөлөр көрүндү.
– Кош келдиң, - деди Хагрид, – Диагон-аллеяга.
Ал таң калган Гаррини карап жылмайды. Алар тешилген жыртыктан өтүп, ошол учурда Гарри артын караса, тешилген дубал кайра калыбына келип, бүтөлүп жатканын көрдү.
Казандар турган жакын жердеги дүкөндүн айнегине күн жаркырап тийди. “Казандар – бардык өлчөмдө, бардык түрү: сары жез, коргошун кошулган жез, коло, күмүш, аралашма жана бүктөлмө” деген жазуу илинип турат.
– Ммм, бизге дал ушул жер керек, - деди Хагрид, – Бирок биринчи акча алып келели.
Гарри эң аз сегиз жуп көзү болбогонуна өкүнүп келатты. Алар көчөдөн өтүп баратканда Гарри бир эле учурда баардыгын көргүсү келип: дүкөндөрдү, товарларды, соода кылган адамдардын баардыгын көрүп жетишүүгө шашылды. Эки жагын алмак-салмак карап келатты. Ал дарыкананын жанынан өтүп баратып, толук аял башын чайкай: “Ажыдаардын боорунун унциясы он жети сикл! Мына сага!..” дегенин укту.
Жер төлөөдөгү караңгы дүкөндүн үстүндө болсо “Алагай көздүү Үкүлөр Империясы – саргыч, сыйдаң кампачы жана күрөң полярдык үкүлөр” деген жазуу менен бирге жай чыккан шыбыр угулду. Гарри менен тең туш бир канча балдар шыпыргылар тизилген витринанга мурдуларын кошо такап, кызыгуу менен карашты. Алардын бири мындай деди: “Карагылачы! “Нимбус-2000” – акыркы үлгүсү, эң ылдам...”. Алар Хагрид экөө робдор менен мантияларды, Гарри эч качан көрбөгөн телескоп менен кызыктай күмүш аспаптарды, угорь балыгы менен жарганаттын боорлору коюлган бочкалар, сыйкыр китептери жыйыла тизилген дүкөндөрдөн, өрдөктүн канаттарын, пергаменттер, айнек идиштерге куюлган сырдуу суюктуктар, айдын глобустары сатылган дүкөндөрдүн жанынан өтүштү.
– “Гринготтс” – деди Хагрид.
Алар кардай аппак, бийик имараттын алдына токтошту. Жалтыраган коло каалганын жанында пурпур-алтын түстөгү жаркырак топчулуу, ноко бастырылган кийимчен бирөө туруптур...
– Угу, бул гоблин, - деди Хагрид кичинекей бойлуу швейцардын жанынан өтүп баратканда Гарриге башын ийкей, анан алар мрамор тепкичтен чыгып ичкериге киришти. Гоблин болжол менен Гарринин ийининен төмөн келет. Анын жүзү каратору, акылдуу көрүнгөн, чап жаак, анан Гарри байкагандай узун манжалуу. Алар ичкери киргенде Гоблин аларга жүгүндү. Эми келген коноктор ички каалгада пайда болушту, каалганын боорунда төмөнкүдөй жазуулар жазылган эле:
Ээн-эркин кире бер, бейтааныш, бирок эсиңе тут:
Кимде-ким ач көздүк менен күнөө кылса, жаза алат,
Эмгексиз, бекер байлык алгың келсе,
Оңой эмес, аны кайра төлөш керек.
Жер алдында уктап жаткан кен байлыктар,
Эсиңе тут, ал сага тийиштүү эмес.
Ууру, эсиңе кел! Анан билгин, ал жерде жалгыз байлык эмес,
Сага таптакыр кереги жок нерсени кошо табасың.
– Сага айттым беле, бул жерде акылынан айныгандар эле уурулук кылат, - Хагрид каалгадагы жазууга кошумчалады.
Эки Гоблин ийиле экөөнү күмүш каалгага чейин узатты, андан соң алар мрамор залдын ичине киришти. Залда узун бийик текчеде катарынан тизиле бийик буттуу үстөлдөрдө жүздөгөн гоблиндер отурат, алар таразаларга тыйындарды тартып, айрымдары атайын көз айнектери менен баалуу таштарды изилдеп отурушат. Холлдун ар тарабында сансыз каалгалар, ошол эле каалгалардын жанында сансыз гоблиндер кардарлар менен жолугуп, аларды кайра узатып жатышты. Хагрид менен Гарри текчеге жакын келишти.
– Саламатсызбы, - деди Хагрид бошогон Гоблинге, – Биз акча алыш үчүн мистер Гарри Поттердин сейфине келдик.
– Сизде ачкычы барбы?
– Бар, ушул жерде жүргөн, азыр, – Хагрид чөнтөгүндөгү буюмдардын баардыгын Гоблиндин алдына төктү, ошол эле учурда итке берчү каткан нандын күкүмүн кошо септи. Гоблин мурдун чүйрүдү. Гарри ошол маалда жанындагы Гоблин көмүрдөй бийик үйүлгөн лаалдарды (кызыл түстөгү асыл таш) таразага тартып жатканын карап турду.
– А мынакей! – Хагрид акыры ачкычты таап, салтанаттуу түрдө кичинекей алтын ачкычты жогору көтөрдү. Гоблин аны кунт коюп карап чыкты.
– Баары жайында.
– Менде дагы профессор Дамблдордун каты бар, – Хагрид жакасын оңдоп, олуттуу айтты. – Эмне-Экенин-Өзүң Билесиң, жети жүз он үчүнчү бөлүкчө.
Гоблин катты да кунт коюп окуп чыкты.
– Абдан жакшы, - деди да, башын ийкеп Хагридге каты берди. – Сиздерди төмөн карай сактоочу жайга узатып барышат. Цапкрюк!
Цапкрюк дагы Гоблин болчу. Хагрид чөнтөгүнөн алып чыккан ыпыр-сыпырларын кайра салып, Гарри экөө Цапкрюктун артынан бир каалганы көздөй жөнөштү.
– А жети жүз он үчүнчү бөлүкчөдөгү Эмне-Экенин-Өзүң-Билесиң деген эмне? – деди Гарри.
– Айта албайм, - деди Хагрид табышмактуу кымыйып, – Коркунучтуу сыр. Мунун баары “Хогвартстын” иши. Дамблдор мага ишенет. Менин ишим негизинен эле сырдуу жумуш.
Цапкрюк аларга каалганы ачып берди. Гарри алдыларынан дагы бир мрамор зал ачылат деп ойлогон, бирок фонарлар менен жарык кылынган узун таш коридорду көргөндө таң калды. Коридор алда канча узун, ого эле төмөн кеткен рельстин жолу төшөлгөн коридор экен. Цапкрюк ышкырды эле, төмөн жактан рельс аркылуу чакан араба жылып келди. Алар арабага отуруп, Хагрид адаттагыдай эле арабага кыйынчылык менен жайгашты, андан соң ылдыйга жүрүп кетишти.
Алгач алар баш айлантып адаштырган жер алдындагы лабиринт коридор аркылуу баратышты. Гарри жолду жаттап калууга аракеттенди, солго, оңго, оңго, солго, орто жолдон эки айрылыш жол, кайра оңго, солго, бирок бара-бара жолду эстеп калуу кыйындады. Калдыраган араба каякка барышты өзү билет окшобойбу, анткени Цапкрюк аны башкарган да жок.
Бет маңдайдан соккон муздак шамалдан көз ачышып, ачууга мүмкүн эмес, бирок Гарри көзүн жумган жок. Ал бир ирет коридордун терең жагынан жалындын учкундарын көрдү, ажыдаар эмеспи деп кайрылып карады, бирок кеч болуп калды, зуулдап өтүп кетишти. Алар коридор аркылуу тереңдеп кире беришти, эми алар сталактиттер жана сталагмиттер өскөн көлдүн жанынан өтүштү.
– Мен таптакыр билбей жатам, - Гарри арабанын калдыраганынан үнү угулбай кыйкыра сурады, - сталакит менен сталагмиттин ортосундагы айырма эмне?
– Сталагмитте “м” тамгасы бар, - деди Хагрид. – Мындан башкасын сураба, болбосо кусуп жиберем.
Ал чынында эле жапжашыл болуп кетти. Акыры араба кичинекей эшиктин жанына токтогондо, Хагрид титиреген буттарын калыбына келтириш үчүн дубалга сүйөнүп калды.
Цапкрюк эшикти ачты. Ачылган эшиктин ичинен жашыл түтүн буркурады. Түтүн тараганын көргөн Гарринин оозу ачылды. Бөлүкчөнүн ичинде тоодой үйүлгөн алтын тыйындар жатат. Күмүш тыйындар, коло тыйындар.
– Баардыгы сеники, - деди жылмайган Хагрид.
Баардыгы аныкы, укмуш. Дарслилер буларды билбесе керек, эгер билсе мурда эле алып кетишмек. Алар дайыма Гаррини багып, анын кымбатка турганын айтып наалышчу. Көрсө ошончо убакыт жер түбүндөгү өмүр бою жетер байлыктын ээси экенинен, чынында эле өзүнүн кымбатка турарынан кабарсыз жашап келиптир да.
Гарриге бир канча өлчөмдөгү акчаны баштыкка салууга Хагрид жардамдашты.
– Алтындар – бул галлеондор, - деп түшүндүрдү Хагрид. – Бир галлеондо он жети күмүш сикл бар, а бир сиклде жыйырма тогуз нут, баары жөпжөнөкөй. Мына ушундай, мынчасы бир семестрге жетет, калгандары бул жакта жата берсин, коопсуз жерде.
Ал Цапкрюкка бурулду.
– Эми кичипейилдикке, жети жүз он үчүнчү бөлүкчөгө, анан балким мынчалык кууп айдабай, жайлатаарсың?
– Ылдамдык бирдей! - деп кесе сүйлөдү Цапкрюк.
Алар андан ары дагы тереңдей кирип, катуу ылдамдыкта жөнөштү. Барган сайын суук болуп, бурулуштар көбөйө берди. Арабанын катуу үнү менен жер астындагы капчыгайдан өтүштү, анан Гарри арабанын бортунан башын чыгарып төмөнгө карады эле, Хагрид кыйналган каргыл үнү менен кырылдап, аны жакадан тартып кайра киргизди.
Жети жүз он үчүнчү бөлүкчөнүн кулпуланаар ачкыч салчу жери жок экен.
– Четке чыгып тургула! - олуттуу айтты Цапкрюк. Ал каалганын жогору жагына узун манжалары менен акырын тийгенде, эшик оңой эле ачылды.
– Эгерде муну бейтааныш, сырттан келген бирөө жасаса, каалга ичине тартып алат да, камалып калат, - деп түшүндүрдү Цапкрюк.
– А сиз тез-тез текшерип турасызбы, ичинде ким камалып калаганын? - деди Гарри.
– Болжол менен он жылда бир текшерем, - деди Цапкрюк мыйгынан жылмая.
Гарри мындай өтө сырдууу бөлүкчөдө абдан маанилүү жана зор көлөмдөгү байлык сакталса керек деп ойлоп, улам каалгага жакын моюн созду, бери жагы эле тоодой үйүлгөн алмаз таштарды көрөм деп күттү. Бирок каалга ачылып, боппош көрүндү. Бир аздан кийин бөлүкчөнүн ортосунан күрөң кагаздагы киргил тарткан кичинекей таңгак көрүндү. Хагрид таңгакты алып күрмөсүнүн кайдадыр тереңине житирди. Гарри таңгакта эмне барын билгиси келип, бирок кызыгуусун тизгиндеп, сурабаска өзүн-өзү кармады.
– Кана эми, бул тозоктой аңдын ичинен тезинен артка кайталы. Анан мени менен жолдон сүйлөшпө, мен ооз ачпаганым жакшы, - деди Хагрид.
Кайра кайткан жолдо бир аз кыйналган экөө “Гринготтстун” сырткы эшигине келип, жаркырап тийген күнгө чыгышты. Гарри баштыгына толгон акча менен кайда качарын билбеди. Эгер Дарслилерден бери эстечү болсо, азыр ал учурдан алда канча акчасы көп, ошондуктан ага галлеон валютасынын курсу менен фунттун курсун билүүгө да кызыкдар болгон жок.
– Форма сатып алыш керек, - деди Хагрид “Мадам Малкин – Робтор турмуштун бардык талабында” деген жазуу тарапты көргөзүп. – Укчу Гарри, мен барып “Жыртык казандан” бир стакан алсам каршы болбойсуңбу? Жанагы арабаны таптакыр көргүм жок. Жакшы болбой турам.
Ал дагы деле бозоруп, Гарри Хагридге кабатыр боло мадам Малкинге жалгыз кетти.
Мадам Малкин жапалдаш бой, жылдыздуу, кызгылт көгүш түстөгү мантия кийген сыйкырчы аял болуп чыкты.
– “Хогвартска” барасыңбы, алтышка? – деди ал, Гарри бир нерсе айтар болгондо.
– Керектүүнүн баары мына бул жерде, айтмакчы, бизде дагы бир жигит форма кийип көрүп жатат.
Дүкөндүн төр жагындагы отургучта арык чырай, агыш (чачтарына чейин), чапжаак бала туруптур, дагы бир сыйкырчы аял ал баланын узун кара робунун этегин төйнөгүч менен төйнөп жатат. Мадам Малкин Гаррини отургучка тургузуп, узун көйнөк кийигизип, ченеп баштады.
– Салам, - деди тиги бала, - сен дагы “Хогвартскабы”?
– Ооба, - Гарри баш ийкеди.
– Менин атам кошуна дүкөндө окуу китептерин сатып алууда, а апам бул көчөнүн аягынан сыйкыр таяк сатып келмек болду, - деди тиги бала. Анын үнү кулакка жагымсыз экен. – Андан кийин аларды шыпыргылардын жарышын көрүүгө алып барам. Эмне үчүн биринчи класстарга жеке менчик шыпыргы алууга болбойт, таптакыр түшүнбөйм. Баарыбир атамды шыпыргы сатып берүүгө мажбурлаш керек, мен аны кандай болсо да мектепке көтөрүп барам.
Гарри аргасыз Дадлини эстеди.
– А сенин шыпыргың барбы? – тиги бала кайра эле суроо жаадырды.
– Жок, - деди Гарри.
– А сен деги квиддич ойнойсуңбу?
– Жок, - деди Гарри, квиддич эмне экенин ойлонуп.
– А мен ойнойм, атам айтат, эгер мени өзүмдүн коллежимдин оюн тайпасына алышпаса – кылмыш. Айтып коёюн, мен дагы дал ошондой ойлойм. Сен кайсы коллежге барарыңды билесиңби?
– Жок, - ар бир мүнөт сайын Гарри өзүн артта калгандай сезди.
– Чынында эч ким кайсы коллежге барарын так билбейт, бирок мен “Слизеринге” барарыма ишенем. Биздин үй-бүлөнүн баары ошол коллежде окушкан, элестет, “Хуффльпуффка” туш келгениңди. А мен мектептен кетип калмакмын, чын, а сенчи?
– Ммм, - деди Гарри, толугурак бир нерсе айталбаганына кыжаалаттана.
– Тиги кишини карасаң! – деди бала витринага ээк шилтей көргөзүп. Айнек сыртында Хагрид туруптур, арсаңдай күлө эки колундагы балмуздакты кармап кире албастыгын түшүндүргөндөй силкилдете көргөздү.
– Бул Хагрид, - деди Гарри, жок дегенде бир нерсе билгенине кубанып, тиги жагымсыз баланын билбегенин айтканына ыраазы боло, – Ал “Хогвартста” иштейт.
– А-а,- деди тиги бала, – Мен ал жөнүндө уккам. Ал кандайдыр бир кызматчы, туурабы?
– Күзөтчү, - деп оңдоду Гарри. Тиги бала Гарриге барган сайын жакпай баратты.
– Дал ошондой, ошондой. Укканыма караганда ал жырткыч сыяктуу, мектеп аянтындагы кепеде жашайт, кээде мас болуп алып сыйкырлайт, анан өз үйүн өрттөп тынат.
– Менимче, ал эң сонун адам, - деди Гарри супсак гана.
– Койчу? – тиги бала ишенбегендей түр көрсөттү. – А эмне үчүн сен аны менен жүрөсүң? Сенин ата-энең кайда?
– Каза болуп калышкан, - Гарри кыска жооп берди. Ал бул тууралуу сүйлөшкүсү келген жок, болгондо да мына бул мактанчаак менен.
– Кандай жаман, - ал эч кандай эмоциясыз айтты, – Бирок алар биздикилерден болчу э?
– Алар экөө тең сыйкырчы болчу, эгер сен ушул тууралуу сурап жатсаң.
– Менимче, биздикилерден эместерди мектепке таптакыр кабыл албаш керек, туурабы? Алар деген андай эмес да, башкача тарбияланышкан. Элестет, кээси кат алмайынча “Хогвартс” эмне экенин билишпейт. Менимче, мектепке байыркы сыйкырчылардын үй-бүлөсүнөн чыккандарды гана кабыл алыш керек. Айткандай сенин фамилияң кандай?
Бирок Гарри жооп бергенче мадам Малкин айтып жиберди: “Мынакей, сүйкүмдүүм, бүттү”, анан Гарри тиги бала менен болгон сүйлөшүү аяктаганына сүйүнүп отургучтан секирип түштү.
– Мейли, “Хогвартстан” көрүшөбүз, - деди тиги үлгүлүү бала.
Гарри Хагрид алып келип берген балмуздакты үн-сөзсүз отуруп жеди.
– Эмне болду? – деди Хагрид Гарринин абалын байкап.
– Эч нерсе, - деди Гарри калп айтып. Алар пергамент менен сыя сатып алганы токтошту. Сыя түрүндөгү, кат жазганда өңүн өзгөртүүчү калем сапты алганда Гарринин көңүлү көтөрүлдү. Алар дүкөндөн чыгышканда Гарри сурады:
– Хагрид, квиддич деген эмне?
– О кудай, Гарри, сенин караңгы экениңди унутканымды, жадагалса квиддичти билбейсиң!
– Антүүнүн кереги жок, мен ансыз да өзүмдү жаман сезип жатам! – деди Гарри. Анан ал Хагридге мадам Малкиндин дүкөнүндөгү агыш бала жөнүндө айтып берди.
– ... анан да ал маглдардын үй-бүлөсүнөн чыккандар мектепке кабыл алынбаш керек деди...
– Сен маглдардын үй-бүлөсүнөн эмессиң. Ал сенин ким экениңди билсе болмок, анын үй-бүлөсү сыйкырчылар болсо, ал сен жөнүндө жалаякта жатканда эле уккан. “Жыртык казанга” барганда көрдүң го, сенин пайда болушуң менен эмне болду. Ал эмнени билип коюптур, мындай иштерди түшүнбөйт. Мен жолуккан эң мыкты сыйкырчылардын теги маглдар, аларда магия жан дүйнөсүндө жатат. Сенин апаңды эле алалычы! Тайжең менен салыштырып көрчү!
– Макул, эми квиддич деген эмне?
– Ал спорттук оюн. Сыйкырдуу. Эми, эмедей... маглдар жерде чөп үстүндө ойногон хоккей сыяктуу, квиддич шыпыргынын үстүнө отуруп абада ойнолот, ал жерде төрт топ болот, жалпысынан ушундай, эрежелерин дароо түшүндүрө албайсың.
– А “Слизерин” менен “Хуффльпуфф” дегенчи?
– Биздин мектептеги коллеждер. Мектепте жалпы төрт коллеж бар. “Хуффльпуффта” бир гана макоолор окуйт дешет, бирок...
– Мен “Хуффльпуффкка” туш болуп калсамчы, – Гарри капалуу айтты.
– “Слизеринден” “Хуффльпуфф” алда канча мыкты, - деди Хагрид үшкүрө. – Баардык сыйкырчылар, көзбоёмочулар тандаган жол... тандаган жаман жол “Слизеринде” окугандарга тиешелүү. Жаман жол менен кеткендердин баары “Слизериндин” окуучулары. Ким-Экенин-Өзүң –Билесиң дагы.
– Вольд... ой, тиги, Ким-Экенин-Өзүң –Билесиң дагы “Хогвартста” окуду беле?
– Көп жыл мурда, - деди Хагрид.
Алар "Ийри арип менен Сыя тагы" китеп дүкөнүнөн китеп сатып алышты. Дүкөндө шыпка чейин коюлган жыкжыйма китептер тизилүү экен. Өлчөмдөрү да ар түрдүү: баалуу булгаары капталган, көпүрө салынчу плита көлөмүндөй чоң китептерден баштап, жибек оролгон, кенедей тырмак учундай өлчөмдөгү китептерге чейин бар. Китептер табышмактуу сыр белгилер менен жазылган түрүнөн тарта, эч нерсе жазылбаган бош барактуу китептер да бар экен. Жадагалса бул жактагы китептерди көрүүгө эч качан китеп окубаган Дадли да болгон оокатын берип көрүүгө кызыкмак. Хагрид Гаррини китептерден араң ажыратты, болгондо да “Сыйкырлоо жана сыйкырды жандыруу: душманды кантип башын айлантса болот, досторду таң калтыруу. Заманбап кубулуу: чачтын түшүүсү, мамыктай буттар, тилдин жабышчаактыгы жана көптөгөн ар түркүн нерселер” профессор Мститтус Вирусиандан деген китептен күч менен жетелеп чыкты.
– Мен Дадлини кантип сыйкырлаш керектигин билейин дегем.
– Оюң жаман эмес, бирок маглдардын дүйнөсүндө сыйкырлоого болбойт, өзгөчө учурларда гана болбосо, - деди Хагрид. – Анан негизи сен кубулууну ишке ашыра албайсың, ал үчүн окушуң жана окушуң керек.
Хагрид андан тышкары Гарриге таза алтындан казан сатып алууга уруксат берген жок. Бирок анын ордуна жакшынакай, уу ичимдигине кошуучу татымдарды өлчөй турган тараза, бүктөлмө жез телескоп сатып алышты. Андан соң алар кызыктуулугунан, жийиркеничтүү жыттар: чириген капуста, сасыган жумуртка жытына да чыдоого боло турган дарыканага келишти. Полдо шилекей сымал былжырларга толтурулган бочкелер турат; текчелерде чөптөр, кургатылган тамырлар, ачык түстөгү күкүмдөр салынган банкалар үстү үстүнө тизилип; шыпта куштун канаттары, тиштер, тырмактар боолонуп байланыптыр. Хагрид прилавкадагы кишиден уу ичимдигине кошулуучу татымдардын топтомун сураганча, Гарри күмүш түстөгү кериктин бир даанасы бир галлеонго бааланган мүйүзүн жана беш нуттук кибиреген, жаркырак кара көздөрүн кунт коюп карап жатты.
Дарыканадан чыкканда Хагрид дагы бир жолу тизмени карады.
– Эми сыйкыр таякча калды... а айтмакчы, дагы туулган күн үчүн белек бар да.
Гарри аябай кызарып кеткенин сезди.
– Сиз аны сатып бербей деле койсоңуз болот...
– Ооба болот. Билесиңби? Мен сага бир жандык сатып берем. Бака эмес, бака модадан чыккан, аны сенден көрүшсө шылдыңдашат... а мышыктарды өзүм жактырбайм, алардан чүчкүрө берем. Мен сага үкү сатып берем. Баардык балдар үкү алууну самайт, анткени алар пайдалуу, кат ташыйт жана башка.
Жыйырма мүнөттөн кийин алар караңгы, канаттардын шыбырты угулган, алмаз көздөр жаркыраган “Бакыраң көз Үкү Империясынан” чыгышты. Гарри этияттык менен башын канатына катып уктаган, апакай үкү салынган темир торду көтөрүп келатты. Гарри өзүнө-өзү профессор Квирреллны эстетип, кекечтене Хагридге ыраазычылык айтты.
– Болду эми, токтот, - Хагрид кол шилтеди. – Дарслилер сага бир нерсе белек кыларын кудай билет. Бүттү, эми “Олливандерге” баралы, ал жакта жакшы сыйкыр таякчаларды сатат, а сага эң мыктысы керек.
Сыйкыр таякчасы... мына Гарри дал ошону көрүүнү кыялданган.
Акыркы баш багышкан бул дүкөн тар жана чачкын экен. Илинген жазуунун алтындары сыйрылып түшүп калыптыр. Жазууда: “Олливандерлер: б.з.ч 382-жылдан берки сыйкыр таякчаларын даярдап чыгаруучулар” деген жазылуу турат. Витринада пурпур түстүү жаздыкча үстүндө күйүп кеткен жалгыз таякча жатат.
Алар босогону аттаганда тээ төр жактан коңгуроонун шыңгыры угулду. Дүкөн ичи кичинекей экен. Азыр эле "талп" эте Хагрид отурган ичке буттуу отургучту кошпогондо дүкөн боппош. Алар күтүп калышты. Гарри өзүн аябай бекем тартиптеги китепканада тургандай сезди; оюна келген миңдеген суроолорду ичине жутуп, унчукпастан дубал кырындагы ичке кутуларды карап тура берди. Анын эмнегедир далысы чымырап кетти. Бул имарат ичиндеги чаңдар менен сырдуу тынчтык билинбеген сыйкыр шооласын чачып жаткандай.
– Кутман күн, - деди жагымдуу үн. Гарри селт этти. Хагрид да чочуп кеттиби, анткени катуу титиреген үн угулду, Хагрид отургучтан шашыла туруп добуш чыккан тарапты көздөй шашылды.
Алардын алдында күңгүрт дүкөндү толгон айдай туптунук көздөрү менен жарык кылган, балбылдаган, бакыракай көздүү, арыкчырай кары киши турду.
– Салам, - ылайыксыз учурашты Гарри.
– Түшүнүктүү, - деди сатуучу. – Түшүнүктүү. Мен сизди жакында көрөм деп болжогом, Гарри Поттер. – Бул белгилүү болчу. – Сиздин көзүңүз апаңыздын көздөрү. Кечээ ал өзү ушул жерге келип, биринчи сыйкыр таякчасын сатып алган. Мажүрүм талдан жасалган, ондун жарымы ийилчээк. Өзгөчө таң калтырууга аябай жакшы.
Мистер Олливандер Гарриге жакын келди. Гарри ичинен көзүн ирмеп койсо болмок деп ойлоду, улгайган кишинин көздөрү өткүр жана тунук күмүштөй балбылдап турду.
– А сиздин атаңыз өз учурунда кызыл бактын таякчасынын ээси болчу, ал ошону тандаган. Он бир дюйм. Ийилчээк, бекем. Кубултууга эң ылайыктуу. Мен сиздин атаңыз өзү каалап тандаганын айттым, бирок чындыгында, албетте, таякча өзү тандайт.
Мистер Олливандер Гарриге аябай жакын келди, дээрлик бетме-бет, мурундары тийчүдөй абалда. Анын боз түстүү тунук көздөрүнөн Гарри өз жүзүн көрө алды.
– А мына бул жакка болсо керек...
Узун ак манжалары менен мистер Олливандер зигзаг түрүндөгү тырыкты кармалады.
– Өкүнүү менен моюнума алышым керек, мындай ишти жасаган таякчаны качандыр бир убакта мен саткам, - ал ооз учунан күбүрөндү. – Он үч жарым дюйм. Ооба-а... Күчтүү, аябай күчтүү, болгондо да акмактын колуна туш болду... эгер ал таякчанын дүйнөгө ушундай жол менен чыгарын билгенде...
Ал башын чайкады, андан соң гана Хагридди байкады. Гарри жеңилдей түштү.
– Рубеус! Рубеус Хагрид! Сени кайрадан көргөнүмө кубанычтамын... Эмендүү он алты дюйм, ийилген, ошондойбу?
– Дал өзү, сэр, - деп тастыктады Хагрид.
– Жакшы болчу. Бирок аны талкалап салышса керек, сени мектептен чыгарганда э? - деп сурады мисстер Олливандер олуттуу түрдө.
– Эээм... талкалап салышкан, сэр, - деди Хагрид, алмак-салмак улам бир бутуна салмагын салып тынчсыздана. – Жармысы, чынын айтсам, менде калган, - ал кубануу менен айтты.
– Сен аны колдонгон жоксуң деп үмүттөнөм, - Олливандер өткүр көздөрү менен олуттуу карап, бир кашын көтөрдү.
– Жо-ок, сэр, - Хагрид тез жооп берди. Хагрид жооп берип жатып күлгүн кол чатырын бекем кыса кармап алганын Гарри байкады.
– Хм, - деди Олливандер, Хагридди бир карап. – Кана, эми мисстер Поттер. Берчи көрөйүн. – Ал чөнтөгүнөн күмүш басылган кийим ченөөчү метр алып чыкты. Кайсы колуң менен сыйкырлаган ыңгайлуу?
– Эээм... мен көбүнчө оң колум менен жумуш кылам, - деди Гарри.
– Колуңду соз. Мына ушундай.
Сатуучу Гарринин ийининен манжаларына, андан соң кырк муунунан чыканагына, ийининен жамбашына, тизесинен согончогуна чейин, андан кийин башынын өлчөмүн ченеди. Бул манипуляциянын жүрүшүндө ал түшүндүрүп да жатты:
– Ар бир олливандер таякчасынын ичинде күчтүү сыйкырлар жатат, мисстер Поттер. Биз кериктин терисин, феникстин куйрук-канатын жана ажыдаардын жан дүйнөсүнүн кылдарын колдонобуз. Баардык олливандер таякчасы бири-биринен айырмаланат, эки окшош керик же феникс жок. Ошондуктан жогоруда айткандай башка бир сыйкырчынын таякчасын колдонуу менен эч качан мурда багынткан ийгиликке жетпейсиз.
Гарри кийим ченөөчү метр таноолорунун узундугун өзү эле ченеп жатканын кокустан байкаган Мистер Олливандер болсо текчелердин жанында кутуларды алып түшүп жатты.
– Жетиштүү, - деди ал, анан ченөөчү метр шарт токтоду да жерге түшүп, оролуп калды. –Кана эмесе, мистер Гарри Поттер. Мына муну көрүңүзчү. Ак кайың жана ажыдаардын жан дүйнөсүнүн кылдары. Тогуз дюйм. Жакшы, өтө катуу эмес. Алыңыз да серпиңиз.
Гарри таякчасын алып (өзүн акылсыз жана ыңгайсыз сезди) булгалады, бирок мистер Олливандер ошол замат кайра таякчаны алды.
– Далдагай жалбырактуу жыгач жана феникстин канаты. Жети дюйм. Чыпылдак. Көрүңүзчү...
Гарри ал таякчаны серпип көрүүгө жетишпеди, мистер Олливандер муну да колунан жулуп алды.
– Жок-жок... мына, кара жыгач менен кериктин териси, сегиз жарым дюйм, ийилчээк. Кана, кана көрүңүз.
Гарри көрдү. Дагы көрдү. Ал мистер Олливандердин эмнени каалап жатканын кымындай да түшүнгөн жок. Ичке буттуу отургуч үстүнө таякчалар тоодой жыйналды, бирок текчеден канчалык көп кутулардан таякчалар алынган сайын мистер Олливандер ошончолук бактылуу эле.
– Талаптуу кардар, а? Кабатыр болбоңуз, ушулардын арасында сиздин жалгыз таякчаңыз күтүп жаткандыр, биз аны табабы-ыз... кызык... эмне үчүн болбосун...адаттан тыш... аралашма-ийне жалбырактуу жана феникстин канаты, он бир дюйм, жагымдуу, ийкемдүү.
Гарри таякчаны колуна алды. Анан колунун учтарынан өйдө карай жылуулук жүгүргөнүн дароо сезди. Ал таякчаны башынан жогору көтөрүп, таякчанын кыймылы менен абаны чаңдата чубуруп чыккан фейерверкке окшогон алтын жана кызыл түстүү агымды жирей өйдө серпти. Хагрид кубанычтуу үн чыгарып алакан чапты, а мистер Олливандер кыйкырып жиберди:
– Ап, баракелде! Абдан жакшы! Эң сонун! Укмуш! Эми болсо...кызык...өтө кызык...
Ал таякчаны кутуга салып, дагы деле күбүрөнө күрөң кагазга ороду:
– Кызык... кызык...
– Кечиресиз, - деди Гарри, – Бирок эмнеси кызык?
Мистер Олливандер Гаррини тунук көздөрү менен тиктеп калды.
– Мен ар бир саткан таякчамды билем, мистер Поттер. Ар бирин. Сиздин таякчаңызда камтылган феникстин куйрук канаты дагы бир куш канатын берди, болгону бирөөнү гана. А дал ушул таякчанын сизге буйурганы чынында кызык, ошол кездеги анын эжесиндей. О кудай, сиздин тырыгыңызга жооптуу болгондун бир тууган эжесиникиндей.
Гарри шилекейин жутту.
– Ооба, ооба, он үч жарым дюйм. Ойлоп көрүңүзчү! Мындай окшоштук болушу абдан кызык. Эсиңиздеби, таякча сыйкырчыны өзү тандайт... Сизден улуу иштерди күтсөк болот деп ойлойм, мистер Поттер... Акыр аягы, Тиги-Атын-Атоого Болбогон дагы улуу иш жасабадыбы, өтө жаман, бирок улуу.
Гарри калтырап кетти. Мистер Олливандер ага таң калыштуу көрүндү. Гарри таякчага жети алтын галлеон төлөдү, мистер Олливандер ийиле ыраазычылык билдирип сыртка узатып чыкты.
Хагрид менен Гарри, Диагон-аллеядан чыгып, "Жыртык казандын” жарылган дубалын карай артка кайтышканда күн батаарга жакындады. Кайра кайтып келатканда Гарри таптакыр ооз ачкан жок; ага эл ооз ача караганына да, таң калып, жүктөрүн көтөргөн Хагрид менен метродо тизесине коюп келе жаткан темир торчодогу үкүсүн тиктегендерге да эч эле көңүл бурбады, байкаган да жок. Эскалатор менен жогоруга Паддингтонду көздөй... Качан гана Хагрид далысына таптаганда Гарри кайсы жерге келгенин байкады.
– Жолго чыгардан мурда бир нерсе жеп алууга убакыт бар, - деди Хагрид.
Ал Гарриге гамбургер сатып берди, анан алар пластикалык стулдарга отурушту. Гарри эки жагын карады. Эмнегедир баардыгы чындыкка коошпогондой көрүнүп жатты.
– Баары жайында элеби, Гарри? Эмне унчукпайсың? – деди Хагрид.
Гарри оюндагысын кантип түшүндүрүп айтаарын билбеди. Бул дүйнөдөгү эң мыкты туулган күн болчу... анан... ал сөз таппай гамбургерин бурдады.
– Баардыгы мени өзгөчө деп ойлошот, - акыры ал кепке келди. – Баардыгы, “Жыртык казандагы” адамдар, профессор Квиррелл, мистер Олливандер... а мен сыйкырчылык жөнүндө эч нерсе билбейм. Алар кантип менден улуу ачылышты күтүп жатышат? Мен атактуумун, бирок эмне себептен атактуумун – билбейм. Вольд... кечиресиз, ошол түнү менин ата-энем өлгөн күнү эмне болгону эсимде жок.
Хагрид үстөл үстүнөн Гарриге эңкейди. Сапсайган сакалдары менен коюу каштарынын арасынан боорукер көздөрү көрүндү.
– Гарри, сен эң негизгиси коркпо. Көнүп кетесиң. “Хогвартста” бардыгы көнгөн жеринен баштайт, сен дагы жаман адам болбойсуң. Болгону өзүңдөн чыкпа. Бул иш албетте, оңой эмес. Сен эл тандаган кишисиң, а бул дайыма оор. Бирок сага “Хогвартс” жагат, мага азыркыга чейин жаккандай.
Хагрид Гаррини Дарслилерге барчу поюзга салып, ага конверт сунду.
– Бул “Хогвартска” барчу билетиң, - деп түшүндүрдү Хагрид. – Биринчи сентябрь, Кингс-Кросс, бул жерде баары жазылуу.
– Эгер Дарслилерден көйгөй жаралса мага үкүңдү жибер, ал мени кайдан табышты билет... Кана эмесе, көрүшкөнчө Гарри.
Поюз станциядан жылды. Гарри Хагридди карааны алыстаганча карагысы келди; терезеге жабыша тиктеп узатып баратып көзүн бир ирмегенде эле Хагрид көздөн кайым болду.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Тогуздун үчтөн төртү платформасындагы поюз
Дарслилердин үйүндөгү акыркы бир ай өтө жагымдуу өткөн жок. Чын, Дадли Гарриден аябай коркуп калыптыр, ал аны менен бир бөлмөдө калуудан баш тартат, а Петуния тайже менен Вернон тайжезде аны мурункудай буфетке камамак тургай жумуш да жасатышпайт, жадагалса кыйкырышпайт, дегеле сүйлөшүүнү да токтотушкан. Бир чети коркунучтан, бир чети жек көрүүдөн улам сүйлөшпөй турган, эгерде Гарри алар менен бир үстөлдө чогуу отурган болсо, алар үчүн ал отургуч таптакыр жокко эсе.
Мындай жашоо мурдагыдан канча жакшы болсо дагы, бара-бара көңүл чөгөрчү болду.
Гарри көпчүлүк убактысын бөлмөсүндө, үкүсүнүн компаниясында өткөрөт. Ал аны Хедвиг деп атоону чечкен, бул ысымды “Магия тарыхы” китебинен тандаган. Окуу китептер аябай кызыктуу болуп чыкты. Гарри кечкисин көп убакыт китеп окуйт, а Хедвиг каалашынча ачык терезе аркылуу ары-бери учат. Дагы жакшы, Петуния тайже бөлмөнү чаң соргуч менен сордурганды токтотту, болбосо ал Хедвигдин ар кай жактан өлүк чычкандарды алып келгенин көрүп калмак. Күн сайын кечинде Гарри 1-сентябрга калган күндү өзү дубалга илип алган календардан эсептеп, тоголоктоп белгилеп жүрдү.
Августтун акыркы күнү Гарри Кинг-Кросс бекетине жетүү үчүн тайжезде, тайжеси менен сүйлөшүүнү чечип, алар сыналгы көрүп отурган конок бөлмөгө келди. Ал өзү келгенин билдиргендей тамагын жасап жөтөлдү, ошол замат Дадли бөлмөдөн учуп кете жаздады.
– Эээм... Вернон тайжезде...
Вернон тайжезде угуп жатканын билдиргендей бир нерсе деп бурк этти.
– Ммм... эртең мен Кингс-Кросс бекетинде болушум керек, мен “Хогвартскка”... кетип жатам.
Вернон тайжезде дагы бурк этти.
– Сиз мени ал жакка жеткирип коё аласызбы?
Бурк. Гарри мунусу "ооба" деген сөз деп болжолдоду.
– Ыракмат.
Гарри тепкичтен чыгып баратканда гана Вернон тайжезде сүйлөп баштады:
– Сыйкыр мектебине поюз менен барган бул кандай?! А учкуч-килем кайда? Жууп коюштубу?
Гарри унчуккан жок.
– А деги мектеп өзү кайда?
– Билбейм, - деди Гарри эч нерсе билбегенин өзү да ойлоп. Ал чөнтөгүнөн Хагрид берген билетти алып чыкты.
– Мен болгону эртең мененки саат он бирде тогуздун үчтөн төртү платформасынан кетчү поюзга отурушум керек, - ал билетти карап сүйлөдү.
Тайжезде менен тайже аны тиктеп калышты.
– Кайсы платформа?
– Тогуздун үчтөн төртү.
– Каяктагыны айтпачы, - Вернон тайжезде ачууланды. – Тогуздун үчтөн төртү деген платформа жок.
– Билетте ошондой жазылуу.
– Болбогон кеп, - деди Вернон тайжезде, – Болбогон жомок. Психсиңер, мына силер кимсиңер! Шашпа сен да көрөсүң. Мейли, биз сени Кингс-Кросско жеткиребиз. Баарыбир эртең Лондонго баралы дегенбиз, болбосо сени жеткирбейт болчумун.
– А Лондонго эмне үчүн барасыздар? - деди Гарри маекти улантыш үчүн.
– Дадлини бейтапканага алып барабыз, - Вернон тайжезде кыжырдана айтты, – Ал “Смылтингске” барганга чейин жанагы үрөй учурган куйругун жоготуш керек да.
Кийинки күнү эртең менен Гарри таң атпай саат беште ойгонду, андан кийин уктай алган жок. Ал катуу тынчсызданды. Туруп жинсы шымын кийди, бекетке сыйкырчы кийими менен баргысы келген жок. Ал дагы бир жолу тизмени карап, керектүүлөрдүн баардыгы салынганын текшерди, андан соң Хедвик отурган тордун оозун бекем бекитти, анан баарын иреттегенден кийин Дарслилердин ойгонуусун күтүп, бөлмөдө ары-бери баса баштады. Эки сааттан кийин Гарринин чоң сандыгы Вернон тайжезденин авто-унаасынын үстүнө жүктөлдү, Петуния тайжеси Дадлини Гарринин жанына отурууга көндүрдү, андан кийин жүрүп кетишти.
Алар Кингс-Кросс бекетине саат он бир жарымда келишти. Вернон тайжезде сандыкты тартып түшүрүп, арабага салып алдыга түртүп жөнөдү. Бул тайжезде тараптын өтө эле кичипейилдиги болуп кеткенин Гарри ойлоп турду, бирок Вернон тайжезде мыйыгынан жылмайган түрү менен платформанын чыга беришинен токтоду.
– Кана, мына кара. Тогузунчу платформа, онунчу платформа. Тогуздун үчтөн төртү мына бул экөөнүн ортосунда болушу керек, а бирок аны азырынча кура элек окшойт а?
Аныкы туура болуп чыкты. Бир платформанын жогору тарабында чоң пластик тактайчада тогуз саны көрсөтүлүп, кийинкисинде он саны, бирок ортодо эч кандай сан көрүнбөйт.
– Жакшылап оку, - Вернон тайжезде кытмыр жылмая айтты. Ал башка эч сөз айтпастан кетип калды.
Гарри Дарслилердин кетип бара жатканын карап турду. Үчөө аябай каткыра күлүп, шаңдуу баратышты. Гарринин оозу кургады. Эми эмне кылат? Эл аны колундагы Хедвигден улам карай беришти. Бирөө-жарымдан сураш керек ко.
Ал өтүп бараткан бекет кызматкерин токтотту, бирок тогуздун үчтөн төртү платформасын сурай алган жок. Кызматкер буга чейин “Хогвартсты” эч укпатыр, Гарри мектептин кайсы тарапта жайгашканын түшүндүрө албаган соң, Гарри атайын эле акылсыз кейиптенип, кызматкер кыжырдана баштады. Айласы түгөнгөн Гарри акыры он бир нөл-нөлдө келер поюзду сурады, бирок кызматкер мындай поюз жок экенин айтты. Кызматкер акыры күңкүлдөгөн бойдон кетти, кетип баратып болбогон нерселер үчүн убакытты алып, иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпегенин күбүрөндү. Гарри болгон аракетин дүрбөлөң салбоого жумшап, кандай болсо да өзүн колго алууга аракеттенди. Тактайда илинген чоң саат “Хогвартскка” барар поюз кетерине он мүнөт калганын көрсөтүп турат, бирок ал эмне кылышты таптакыр билген жок. Колундагы үкүсү, чөнтөгү толо алтын сыйкыр тыйындары, араң көтөргөн чоң сандыгы менен платформалар ортосунда аңкайып турду.
Хагрид маанилүү кепти айтууну унутуп калганбы, мисалы Диагон-аллеяга кирердеги кирпичтерди такылдаткан сыяктуу. Гарри сыйкыр таякчамды алып, тогуз менен он платформасынын ортосундагы билет текшерген дубалды такылдатсамбы деп ойлоду...
Ошол учурда артынан белгисиз адамдар өттү, алардын сүйлөшкөндөрүн бирин-серин кулагы чалып калды.
– Бардык жерде маглдар, албетте...
Гарри дароо бурулду. Сүйлөп бараткан саргыч төрт бала ээрчиткен толук аял экен. Алардын ар бири так эле Гарриникиндей сандык жана үкүлөрдү арабада сүйрөп алышыптыр.
Гарринин жүрөгү дүкүлдө, тигилердин артынан ээрчий арабасын түрттү. Алар токтогондо Гарри да сөздөрүн угуш үчүн жакын токтоду.
– Кана кайсы платформа? - деди балдардын апасы.
– Тогуздун үчтөн төртү! – деди апасынын колун кармаган кичинекей кыз, ал дагы саргыч чачтуу экен. – Апаке, мен дагы барайынчы...
– Сен али кичинекейсиң, Жинни, суранам, чыр салба. Кел эми, Перси, сен биринчи.
Улуусундай көрүнгөн бала тогуз менен он платформасын көздөй түз жөнөдү. Гарри эч нерсесин өткөрүп жибербөөгө аракеттене көз ирмебей карап, бирок бала платформаны бөлүп турган тосмого жакындаганда, артынан кайдан жайдан эле туристтер тобу пайда болуп, баланы тосуп өтүп кетишти, ошол маалда саргыч бала көздөн кайым болду.
– Фред, кийинкиси сен, - толук аял кезектеди.
– Мен Фред эмесмин, Жоржмун, - жемелеген түр менен айтты. – Урматтуу айым, сиз бизге апа болгонуңуз кандай? Сиз менин Жорж экенимди көрбөй турасызбы?
– Жоржи, кечирип койчу...
– Мен тамашалап койдум, мен Фредмин, - деди да жөнөп кетти. Анын эгизи аркасынан тезирээк шашылуусун айтып кыйкырды, Фред айткандай эле болдубу, бир секунддан кийин эле жок болуп кетти, бирок ал каякка житти?
Анан мына үчүнчү баласы тосмого жөнөдү, андан соң бир көз ирмемде көрүнбөй калды.
Мына бүттү.
– Кечиресиз, - Гарри толук аялга кайрылды.
– Саламатсыңбы, айланайын, - аял жылуу карады, – “Хогвартска” биринчи жолу баратасыңбы? Рон дагы жаңы баратат.
Ал акыркы кичүү уулун көрсөттү. Ал баласы узун бойлуу, арык, олдоксон, эпкинсиз, сепкилдүү, колу-буту тарбайган, мурду узун бала экен.
– Ооба, - деди Гарри, – Билесизби мен, түшүнөсүзбү...билбей жатам...мен кантип...
– Платформага кантип кирериңдиби? - аял мээримдүү айтты, Гарри баш ийкеди.
– Кабатыр болбо, - жоошутту аял, – Сен түптүз эле эки платформанын ортосун карай жөнөшүң керек. Токтобо, сүзүлүп калам деп коркпо, бул өтө маанилүү. Эгер толкунданып жатсаң, чуркап киргениң оң. Кел, сен азыр Рондон мурун жөнө.
– А... макул, - Гарри шашыла макул болду.
Ал жүктөрү салынган арабасын түртүп тосмону карай жөнөдү. Тосмо темирден экен.
Гарри тосмону карай беттеди. Тогузунчу, онунчу платформаны көздөй шашылган эл жолго шыкалды. Гарри ылдамдап жүгүрдү. Ал азыр кирип кетет, анан мына сага укмуш окуя болот, ал күүлөнө арабаны түртүп чуркады, тосмо уламдан-улам жакындап, ал токтой албады, араба башкарууга мүмкүн болбой, бир метр калды, ал көзүн жумуп соккуга даярданды...
Сокку болгон жок... ал дагы деле чуркай берди... көзүн ачты.
Жыкжыйма элге толгон платформада күлгүн паравоз туруптур. Паравоз үстүндө: “Хогвартс Экспресс, он бир нөл-нөл” жазуусу. Гарри тосмо тарапка бурула карап, чоюн темирде “тогуздун үчтөн төртү платформасы” деген жазууну окуду. Ишке ашты!
Кызуу сүйлөшүп бараткан элди паравоз түтүнү каптап, аяктарында түрдүү, түркүн мышыктар бутка илешет. Элдин ызы-чуусу менен сандыктардын кыйчылдаганынан үкүлөр күү-күү эте бири-бири менен нааразы болгондой үн салышып жатышты.
Биринчи келген вагондор окуучуларга толуп, айрымдары терезеден башын чыгарып үй-бүлөсү менен коштошуп жатышты, кээси эң жакшы орундар үчүн күрөшүүдө. Гарри бош орун издеп арабасын алдыга түрттү. Ал бабыраган тоголок жүз баланын жанынан өттү:
– Чоң апа, мен бакамды жоготтум.
– О кудай, Невилль! – картаң аял үшкүрүндү.
Өтө көп эмес кишилердин тобу колунда сандыгы бар баланы курчады.
– Көрсөтчү Ли, көрсөтсөң эми!
Бала сандыктын оозун ачты, сандык оозунан узун, түктүү жандыктын чеңгели көрүнгөндө тегеректеги элдин баары тиктеп калышты.
Гарри кыйынчылык менен топтошкон элдин аралап өттү, ал араңдан зорго бош орунду эң акыркы поюздан тапты. Алгач ал поюзга Хедвигди салды, андан соң сандыгын жүктөдү. Сандыкты поюз тепкичинен көтөрүп киргизүүгө аракет кылды, бирок оор сандыкка күчү жетпеди. Тепкичтен ары түртүп чыгара албай, эки ирет бутуна түшүрүп, оорутуп алды.
– Жардам керекпи? – Тосмодон өтүп бараткан саргыч эгиздердин бири сурады.
– Жакшы болмок, - Гарри бышылдай суранды.
– Эй, Фред! Кел биякка, жардам!
Эгиздердин жардамы менен Гарринин сандыгы купенин бурчунан орун алды.
– Ыракмат, - Гарри ыраазычылык билдирип, маңдай чачтарын өйдө кыла терин аарчыды.
– Бул эмне? – кокустан эгиздердин бири Гарринин зигзаг тырыгын көрсөттү.
– Шайтан алгырдыкы! – деди экинчиси. – Демек, сен...
– Бул ошол, - деди биринчиси. – Ошондойбу? - деди Гарриге.
– Ким? – Гарри түшүнгөн жок.
– Гарри Поттер, - эгиздер хор менен айтышты.
– Аа, ошол, - деди Гарри. – Ой, менмин.
Эгиздер ага көздөрүн тостойто кадалышты, Гарри өзүн өтө ыңгайсыз сезди. Бул ыңгайсыз абалды ары жактан, ачык купенин сыртынан чыккан үн бузуп жиберди.
– Фред? Жорж? Бул жактасыңарбы?
– Баратабыз, апа!
Гаррини бир карап алышып, эгиздер поюздан секирип түшүштү.
Гарри жарымы ачык терезе түбүнөн орун алды, сырттан сары чачтуу үй-бүлөнүн сөздөрү угулуп турду. Алардын апасы чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыкты.
– Рон, сенин мурдуңда бир нерсе турат.
Кичүү уулу бери бурула бергенде апасы бекем кармап, мурдунун учундагы такты сүрттү.
– Апа, коё берчи! – Рон жулкуна бошонууга аракет кылды.
– Аааа, мысыгым Лоннинин муйдунда бий нейсе туйат? – эгиздердин бири ырга салды.
– Жаагыңды басчы! – деди Рон.
– Перси кайда? – деди апасы.
– Тигине келе жатат.
Аларга көркөм басыгы менен улуу баласы жакындады. Ал Хогвартстын кара түстөгү формасын кийип алыптыр, Гарри анын төшүндөгү жалтыраган күмүш түстөгү “С” тамгасы жазылган төш белгисин байкады.
– Мен силер менен узак убакытка кала албайм, апа, - деди бала. – Мен тигил алды жакта, старосталардын эки өзүнчө купесиндемин...
– Аа, Перси старостабы? – деди эгиздердин бири өтө таң калган түр менен. – Бизге айтып койсоң болмок, биз билбей калган турбайбызбы.
– Токто, эстедим, менимче ал бул жөнүндө бир нерсе айткан, - деди экинчи эгизи. – Бир жолу...
– Же эки...
– Жок...
– Жайы бою...
– О, кудай, болдугулачы, - "Перси – староста" колун силкти.
– А эмне үчүн Персиники жаңы форма? – биринчи эгизи дагы деле токтогон жок.
– Анткени ал староста, - деди апасы сыймыктана. – Кана эмесе сүйүктүүм, жакшы оку, жетээриң менен үкү жөнөткөндү унутпа.
Ал Персини өөп жөнөттү. Андан соң эгиздерге кайрылды.
– Эми экөөңөр, силер экөөңөр бул жылы өзүңөрдү жакшы алып жүрүшүңөр керек. Эгер дагы бир жолу даараткана же башканы жардырганыңар боюнча үкүдөн кат алчу болсом...
– Даараткананы жардырып? Биз даараткананы жардырган эмеспиз!
– Бирок идея мыкты экен, апа!
– Эч кандай тамашасы жок. Анан Ронго көз болгула.
– Эч кабатыр болбоңуз, мыська Ронникин биз менен көчөдө калбайт.
– Жаагыңарды баскылачы, – адаттагыдай эле Рон күңкүлдөдү. Анын бою дээрлик эгиздер менен эле тең, а мурдунда дагы деле кызарган так турат.
– А айтмакчы апа, биз азыр эле поюздан кимди жолуктурдук, тапчы?
Гарри терезеден дароо жашынды, тигилер жанатан бери карап турганын байкашпасын деди.
– Биз менен бекетте чогуу болгон кара чачтуу бала ким, билесиңби? Ким экенин тапчы?
– Ким?
– Гарри Поттер!
Гарри кичинекей кыздын үнүн укту.
– Ой, апа, мен поюзга түсүп аны көйсөм болобу? Суйанам, көйүп келейинчи!..
– Сен аны көрбөдүңбү, Жинни, ал силерге зоопарктагы пил эмес, кечке көрө бергидей. Бирок Фред, ал чын эле ошолбу? Сен кантип билдиң?
– Сурадым. Анан анын тырыгы бар экен. Чын эле чагылгандай.
– Байкушум, анын жалгыз жүргөнү таң калыштуу, аны эмнеге жалгыз жүрөт деп койдум эле. Аябай сылык бала турбайбы. Платформага кантип барарын сураган.
– Кандай ойлойсуз, Ким-Экенин-Өзүңүз-Билесиз кандай экени эсинде болду бекен?
Апасы олуттуу боло калды.
– Фред, мен сага бул жөнүндө сөз кылууга тыюу салам. Сураба! Ага биринчи окуу күнүндө бул тууралуу эскертүүнүн эмне кереги бар?!
– Макул, сурабайм.
Ышкырыктын үнү угулду.
– Шашылгыла! – деди апасы, үч баласы дароо поюзга секирип түшүштү. Андан кийин алар апасы менен бетинен өөп коштошуу үчүн терезеден баштарын чыгарышты, а кичинекей карындашы ыйлай баштады.
– Жинни, ыйлаба, биз сага көп үкү жиберебиз.
– Унитаздын капкагын да жөнөтөбүз.
– Жорж!
– Тамаша, апа.
Поюз ордунан жылды. Гарри апасы кол булгалаганын жана кичинекей карындашы ыйлап, поюз менен кошо жарыша чуркап келатканын көрдү.
Кайрылыштан кол булгалагандардын карааны көрүнбөй калды. Терезеден үйлөр кичирейип өтүп жатты. Гарри өтө толкунданып баратты. Ал өзүн эмне күтүп турганын элестете алган жок, бирок эмне күтсө да артта калгандар баарыбир алда канча жогору.
Купенин эшиги ачылып, сарылардын кичүүсү кирип келди.
– Бул жерде бирөө-жарым отурабы? – деди Гарринин маңдайындагы орунду көрсөтүп. – Баардык орундар толуп калыптыр.
Гарри баш чайкады, тиги бала келип отурду. Ал Гаррини бир карады да, кайра эч нерсе болбогондой, билмексенге салып терезеге карады. Мурдундагы так дагы деле кетпептир.
– Салам, Рон.
Эгиздер кирип келишти.
– Биз поюздун орто ченинде болобуз, ал жерде Ли Жордан килейген бөйөн көрсөтөт.
– Макул, - күңк этти Рон.
– Гарри, - деди эгиздин бири, – Биз өзүбүздү тааныштырган жокпуз. Фред менен Жорж Уесли. А бул Рон, биздин инибиз. Эмесе, көрүшкөнчө.
– Көрүшкөнчө! – Гарри менен Рон коштошту. Эшик эгиздердин артынан жабылды.
– Сен чын эле Гарри Поттерсиңби? – Рон шашыла сурады.
Гарри баш ийкеди.
– А... жакшы-ы... а мен тигилердин тамашасы го дегем, - күбүрөндү Рон. – Сенин чынында эле эмең барбы... эми өзүң билгендей... – Гарринин чекесин көрсөттү.
Гарри тырык көрүнгүдөй кылып маңдай чачын көтөрдү. Рон болушунча көздөрүн чоң ачып карады.
– Бул Ким-Экенин-Өзүң-Билесиң кылган?..
– Ооба, - Гарри баш ийкеди, – Бирок менин эсимде жок.
– Таптакырбы? – Рон кызыга сурады.
– Эми болгону жашыл жаркыраган түс гана эсимде, болду.
– Укмуш! – деди Рон. Ал бир саамга Гаррини карап отурду да, кайра эсине келгендей терезе тарапка кылчактады.
– А силердин үй-бүлөңөр сыйкырчыбы? - деди Гарри.
– Эээм... ооба, ошондой окшойт. Апамдын бухгалтер болуп иштеген аталаш байкеси болуш керек, бирок биз ал жөнүндө сөз кылбайбыз.
– А сен сыйкырлаганды мурдатан билсең керек?
Уизлилер Диагон-аллеядагы ак чач бала айткан үй-бүлөлөрдөн экени белгилүү болчу.
– Сен маглдар үй-бүлөсүндө чоңойгонуңду айтышат, - деди Рон. – Алар кандай адамдар?
– Жаман. Албетте, баары эмес. Бирок тайжездем, тайжем жана алардын баласы, бөлөм жаман. Андан көрө үч сыйкырчы бир туугандарым болсо эмне.
– Бешөө, - деп оңдоду Рон. Анын негедир өңү бузула түштү. – Мен үй-бүлөбүздүн ичинен “Хогвартскка” баргандардын алтынчысымын. Кимдир-бирөөлөр мени кимге түзөнүшүм керектигин билиши мүмкүн. Билл менен Чарли мектепти аякташкан. Билл эң мыкты окуучулардан болчу, а Чарли квиддич тайпасынын капитаны болгон. Азыр Перси коллеждин старостасы. Фред менен Жорж көп бейбаштык кылышат, бирок баарыбир жакшы бааларды алышат, анан да көптөр аларды абдан тамашакөй деп жакшы көрүшөт. Менден дагы байкелеримдей эле ийгиликти күтүшөт баары, бирок алардын ийгилигин кайталасам анда эч кандай өзгөчөлүк болбойт ко... Анан момунча байкелериң турганда эч качан жаңы нерсеге жетпейсиң. Формам Биллдики, сыйкыр таякчам Чарлиники, келемишим болсо Персиники.
Рон чөнтөгүнө колун салып боз, семиз келемишти алып чыкты. Келемиш уктап жатыптыр.
– Мунун аты Струпик. Мындан эч кандай пайда жок, бул дээрлик ойгонбойт. Атам Персиге староста болгону үчүн үкү сатып берди, бирок андан кийин алар сатып бере алышпа... эми, мага болсо Струпик тийди.
Рондун кулактары кызарып кетти. Ал ашыкча нерселерди сүйлөп жибердим деп ойлодубу, кайра терезе тарапты карады.
Бирок Гарри ата-энең ашыкча үкү сатып бере алышпаганына уялуунун кереги жок деп эсептейт. Анын деле эч качан акчасы болгон эмес да, эгерде албетте, акыркы айды кошпогондо. Ал Ронго ошентип айтты, андан тышкары ага дайыма Дадлинин эскилерин кийүүгө туура келгенин, туулган күнүндө эч качан белек албаганын айтты.
– ... Хагрид пайда болгонго чейин сыйкырчы экенимди эч билген эмесмин, ата-энем жөнүндө дагы жана Волдеморт...
Рон оозун ачып калды.
– Эмне? – Гарри түшүнбөй калды.
– Сен Ким-Экенин-Өзүң-Билесиңди атынан айттың! – деди Рон бир эле учурда таң калып, коркуп, сыймыктанып дагы. – Мен ким-ким деп ойлоп жатсам, а сен...
– Мен эр жүрөк же ушул сыяктуу болоюн деген деле эмесмин, - Гарри актана баштады. – Болгону минтип атабоо керектигин билген эмесмин. Түшүндүңбү, эмне айтканымды? Мен дагы көп нерсе жөнүндө билишим керек... Мелдешесиңби? - ал биринчи жолу эч кимге айтпай, коркуп жүргөн оюн өзүнө ишенбегендей кошумчалады, – Мелдешесиңби, мен класстагы эң жаман окуучумун.
– Эч нерсе болбойт. Мектепте маглдар үй-бүлөсүнөн чыккан окуучулар көп, алар башкалардан кем калышпай окушат.
Алар сүйлөшкөнчө поюз улам алыстап Лондондон чыгып кетти. Эми терезеден койлор, уйлар жайылган жайлоолор көрүндү. Экөө терезеден алыстап бараткан талааларды карап унчугушпады.
Саат бир жарымдарда эшик шарт ачылып, жүзүндө уячасы бар жылмайган аял купеге баш бага сүйлөдү:
– Балдар, бир нерсе сатып алгыңар келеби?
Эртеден тамак ичпеген Гарри ордунан ыргып турду, Рон болсо кулактары кызара үйдөн бутерброд ала келгенин күңкүлдөдү. Гарри коридорго чыгып кетти.
Ал Дарслилердин үйүндө жашаганда эч качан акча кармап көргөн эмес, балмуздак, таттуу дагы сатып ала алчу эмес. Ошондуктан азыр чөнтөгүндөгү толгон алтын, күмүш акчалары менен арабада канча “Марс” шоколады болсо, баарын сатып алууга даяр, бирок сатуучунун арабасында “Марс” жок экен. Сатуучуда Берти Боттун баардык таттуулары, Друблистин тарсылдактары, шоколодчалар (бака шоколаддар), ашкабакча, торттор, кызыл мыя сыйкыр таякчалар, башка дагы кызыктай нерселер бар экен, мындайды Гарри өмүрүндө көргөн эмес. Ал эч нерседен куру калтырбай көргөндөрүнүн баардыгынан аз-аздан сатып алды да, сатуучуга он бир күмүш сикл, жети коло нут төлөдү.
Гарри сатып алганынын баарын кучагына толтура купеге кирип, бош отургучка таштады. Рон ага таң калды:
– Ушунча ачкасыңбы?
– Өлүп баратам, - Гарри ашкабакчадан чоң кесим тиштеди.
Рон бир нерсе оролгон чакан түйүнчөк алып чыгып ача баштады. Түйүнчөктөн төрт бутерброд чыкты. Ал бутерброддорду бири-биринен ажыратып күбүрөндү:
– Мен сүрсүгөн этти жаман көрөрүмдү апам дайыма унутуп коёт.
– Кел алмашалы, - Гарри ашкабакчаны көрсөттү. – Кел...
– Сага сүрсүгөн эт жакпайт, аябай кургак, - деди Рон. – Апамдын таптакыр убактысы жок, - ал шашыла кошумчалады, – Түшүнөсүң да, беш баласы менен...
– Тартынба, ме ала бер, - эч качан эч нерсеси менен бөлүшүп көрбөгөн, анын үстүнө, чынын айтканда, бөлүшө турган да эч кимиси жок Гарри Ронду чын дилинен кубаттады. Гарриге Рондун жанында отуруп ашкабакча, таттууларды чогуу татуу аябай сонун көрүндү (а бутерброддор унутулду).
– А бул эмне? – Гарри бир куту бакашоколорду алып чыкты. – Бул чыныгы бакалар эмес э? – Чыныгы болсо деле таң калмак эмес.
– Жок, - деди Рон. – Болгону ал жакта кандай карточка экенин карап кой. Болбосо менин Агрипптерим жок.
– Эмнем дейсиң?
– Ой сен билбейсиң да, бакашоколордо дайыма карточка болот, болот ко мындай чогулта турган, ошол карточкаларда атактуу сыйкырчылардын сүрөттөрү бар, аларды чогултса болот. Менде алар беш жүздөй, а Агрипптер да, Птолемей да таптакыр чыкпай койду.
Гарри бакашокону ачып ичиндеги карточкасын алды. Карточкада жарым ай формасындагы көз айнекче, узун күмүш чачтуу, ошол эле түстөгү узун сакал-мурутчан кишинин жүзү чыкты. Сүрөттүн алдындагы жазуу: “Альбус Дамблдор”.
– Демек, Дамблдор деген киши ушул экен да! – деди Гарри.
– Дамблдор жөнүндө таптакыр укпадым дей көрбө! – деди Рон. – Карточкаңды алсам болобу? Мүмкүн ал жакта Агрипп бардыр... ыракмат...
Гарри карточканын аркасындагы жазууну окуду:
Альбус Дамблдор
Азыркы учурда “Хогвартс” мектебинин мүдүрү
Заманбап дүйнөнүн улуу сыйкырчылары тарабынан урмат-сый менен даңкталган Дамблдор, өзгөчө ажыдаардын канын колдонуунун он эки ыкмасын ойлоп табуу аркылуу 1945-жылы каардуу Гриндельвальд сыйкырчысын жеңгени менен аты чыккан, мындан тышкары ал Николас Фламел менен биргеликте алхимия айдыңындагы эмгектери менен белгилүү. Профессор Дамблдор камералык музыкага жана кегл оюнунуна (боулинг) кызыгат.
Гарри карточканы оң бетине которуп карады, бирок таң калыштуусу – Дамблдордун жүзү жок болуп кетиптир.
– Ал жок болуп кетти го!
– Ал ошол жерде кечке турмак беле, - деди Рон. – Бирок ал кайра келет. Карасаң, Моргана чыкты, менде мындан алты даана бар... аласыңбы? Коллекциялап баштасаң болот.
Рондун көздөрү ачыла элек бакашоколорго түштү.
– Ал, алабер, - деди Гарри. – Бирок билесиңби, маглдар түшкөн сүрөттөр ошол бойдон калат, алардын жүзү жок болуп кетпейт.
– Чын элеби? Эмне таптакыр өчпөйбү, тура береби? – Рон аябай таңыркады. –Кызык!
Гарри Дамблдордун кайра карточкада пайда болушун карап отурду, бир нече убакыттан кийин ал пайда болуп жылмайганын байкады. Рон үчүн карточкалардагы сыйкырчыларды карагандан көрө бакашоколорду жеген кызыктуу болду, Гарри болсо алардан көзүн ала албады. Бир аздан соң анын колунда Дамблдор менен Морган гана эмес, Ченгист Вудкрофт, Альберик Груннион, Цирцей, Парацельс жана Мерлиндин жүзү чагылдырылган карточкалар пайда болду. Акыры мурдун тырмаган кельт богинясы Клиоднадан арылып, Берти Боттун бардык таттууларынан турган орехтерин ача баштады.
– Мындан абайла, - деп эскертти Рон. – Бул тамаша эмес, алар чынында бардык таттуулардан турат, арасында шоколад, жалбыз же мармелад сыяктуу кадимкилери да бар, бирок кээсинен шпинат, боор, ичеги-карындар чыгып калат. Жорж бир жолу чимкириктин даамындай орехти жеп алганын кайра-кайра айткан.
Рон орехтер ичинен жашыл орех алып чыгып жакшылап айланта карап, акырын кооптоно тиштеди.
– Беее... мына көрдүңбү? Спаржа (жашылчанын бир түрү).
Бардык таттуулардын орехтерин жеген аябай кызыктуу болду. Гарриге орехтердин ичинен бутерброддун сыр кошулган даамы, кокос, куурулган боб, кулпунай, чөп, кофе жана сардиндин (балыктын бир түрү) даамындагы орехтер туш келди... Аягында Рон таптакыр кармагысы да келбеген боз түстөгү кызыктай орехти ооз тийип көрүүгө эрдик кылды. Орех даамы калемпирдей экен.
Терезе тышындагы пейзаж барган сайын ээнсиреди. Тыкан жыйналган жайыттар артта калды. Эми терезе түбүнөн токойлор, суулар, жашыл дөбөлөр өтүп жатты.
Каалганы бирөө такылдатты. Эшик ачып, Гарри тогуздун үчтөн төртү платформасынан өтүп баратып көргөн тоголок жүздүү бала кирип келди. Бала ыйлап жиберчүдөй турду.
– Кечиресиңер, - деди бала. – Силер менин бакамды көргөн жоксуңарбы?
Рон менен Гарри баш чайкады, бала ыйлактай баштады:
– Бакамды жоготуп алдым! Ал дайыма эле качып кете берет!
– Табылат, - Гарри убада кылды.
– Ооба, - деди тиги бала ыйламсырап, – Эгер көрүп калсаңар...
Ал чыгып кетти.
– Ал эмне мынча тынчсызданат, билбейм, - Рон каш серпти. – Эгерде бакам болсо мен аны тезирээк жоготмокмун. Бирок бир чети Струпигим деле бакадан айырмасы жок.
Келемиш Рондун тизесинде бышылдап уктап жатты.
– Эгер могу өлүп калса, анын тирүү-өлүүсү байкалмак деле эмес, - Рон жаман көзү менен карады. – Кечээ муну кызыктуурак көрүнсүн деп сары түскө боёюн десем, сыйкыр ишке ашпады. Мына кара, азыр көрсөтөм...
Ал сандыгын аңтарып, өтө эскирген сыйкыр таякчасын алып чыкты. Таякча жешилип, чийилип, учунда ак бир нерсе чыгып турат.
– Кериктин терисинин тамтыгы чыгып бүттү. Мейли, бул маанилүү эмес..
Ал таякчасын эми эле жогору көтөргөндө купенин каалгасы дагы ачылды. Бакасын жоготкон бала кирип келди, жалгыз эмес, бир кыз менен. Кыз “Хогвартстын” формасын кийип алыптыр.
– Бака көргөн жоксуңарбы? Невилль жоготуп алды, - деди кыз. Үнү өктөм, башкара сүйлөгөндөй чыкты, ал коюу кара коңур чачтуу, алдыңкы эки тиши орсок кыз экен.
– Биз көргөн жокпуз дедик ко, - Рон кичине кыжырдана айтты, бирок кыз аны уккан жок, ал анын колундагы сыйкыр таякча калды.
– А, демек, силер магия менен алектенген экенсиңер да э? Кана көрөлүчү.
Ал отурду. Рон абдырап калды.
– Мейли эми... - тамагын кыра тазалады.
Маргариткалар, бир ууч күрүч,
Сары талаа, акылсыз келемиш.
Ал таякчаны булгалады, эч нерсе болбоду. Струпик ойгонбостон боз бойдон кала берди.
– Бул чыныгы сыйкыр экенине ишенесиңби? – деди кыз. – Кандай болгон күндө да бул жакшы сыйкыр эмес. Мен бир нече жөнөкөй сыйкырларды жасагамын, баардыгы ишке ашкан. Үй-бүлөмдүн эч кимиси сыйкыр менен алектенбейт, мага каттын келиши күтүлбөгөн белек болду, абдан кубандым, ушунчалык сүйүндүм дейсиңер, эми өзүңөр түшүнөсүңөр да, мага айтышкандай, “Хогвартс” сыйкырчылык өнөрү боюнча эң мыкты мектеп, мен талап кылынган китептердин баардыгын жатка окудум, албетте, бул жетишээрлик эле болсо керек, айтмакчы, менин атым Гермиона Грэйнжер, силердикичи?
Булардын бардыгын токтобостон айтты ал.
Гарри Ронду карады, анын кебетесинен ал дагы кудай жалгап, бардык китептерди жатка окубаганын түшүндү.
– Мен, Рон Уизли, - деп күңкүлдөдү Рон.
– Гарри Поттер, - деди Гарри.
– Чын элеби?! – Гермиона суктана карады. – Мен албетте, сен жөнүндө баарын билем, менде кошумча окуу үчүн китептер бар, анан да сен тууралуу “Заманбап магия тарыхы”, “Караңгы күчтөрдүн жаралуусу жана кулашы”, “Жыйырманчы кылымдын улуу сыйкыры” аттуу китептерде да жазылган.
– Чын элеби? – Гарри башы айлана таң калды.
– О кудай, сен кантип эле билбейсиң, эгер мага тиешелүү болсо ийне-жибине чейин тактап чыкмакмын, - деди Гермиона. – Силер кайсы коллежде окуй турганыңарды билесиңерби? Бул жактан сураштырдым, мени “Гриффиндорго” кабыл алат деп үмүттөнөм, ал баарынан мыкты коллеж дешти; Дамблдор өзү да ошол жакта окуптур, бирок “Равенкло” деле жаман эмес дейм... Мейли эмесе, азыр Невилльдин бакасын издеш керек. А экөөңөр формаңарды кийип алганыңар оң, менин эсебимде бир аздан соң жетебиз.
Ал бакасын жоготкон баланы ээрчитип кетти.
– Билбейм, кайсы коллежге кирем, иши кылып тиги кыз кирген коллежге болбосо экен, - деди Рон. Ал таякчасын кайра сандыкка салды. – Келесоодой сыйкыр! Мага аны Жорж берген. Өлүп кетейин, ал мунун сыйкыр эмес эле болбогон тамаша экенин билген!
– А сенин байкелериң кайсы коллежде? – деди Гарри.
– “Гриффиндор”, - деди Рон. Анан кайра капалана түштү. – Атам-апам да ошол жакта окушкан. Эгер мени башка коллежге киргизишсе, алар эмне дейт билбейм. “Ровенклого” болсо мейли, бирок элестет “Слизеринге” кабыл алышса эмне болот.
– Ал жак Вольд... эме тиги Ким-Экенин-Өзүң-Билесиң окуган коллежби?
– Ооба, - Рон капаланган түр менен отургучка шалдая отуруп калды.
– Билесиңби, менимче Струпиктин муруттарынын учу агарып баратат окшойт, - Гарри анын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылды. – А сенин улуу байкелериң мектепти аяктагандан кийин эмне иш кылышууда?
Мектепти аяктаган соң сыйкырчылар эмне менен алектенээри Гарриге чынында кызык.
– Чарли Румынияда, ажыдаарларды изилдейт, Билл болсо “Гринготтстун” иштери менен Африкада, - деди Рон. “Гринготтс” жөнүндө уктуң беле? “Көзбоёмочулар гезитинде” жазылып жүргөн, маглдар аны чыгарбаса керек... бирөөлөр аны тоноюн дешиптир.
Гарри көздөрүн алайтты.
– Чын элеби? Анан эмне болуптур? Тоногондорго не болуптур?
– Эч нерсе, ызы-чуунун баары ошондон. Аларды кармай алышпаптыр. Атам айтат, “Гринготтстун” кароолунан бир гана күчтүү, каардуу сыйкырчы өтө алат, бирок айтылгандарга караганда ал жактан эч нерсе уурдашпаптыр. Бул аябай таң калыштуу. Билесиңби, бир нерсе болсо баардыгы эле мүмкүн бул иштин артында Ким-Экенин-Өзүң-Билесиң тургандыр деп чочулашат.
Гарри бул жаңылыкты тактап, бышырып, түшүнүүгө аракет кылды. Эми Ким-Экенин-Өзүң-Билесиңдин атын бир жолу укканда коркунучтан денеси чымырады. Ал сыйкыр дүйнөсүнө киргенден кийин ушундай болуш керектигин ойлоду, бирок мурда оңой болчу: “Волдеморт” деп эч нерсе болбой эле айта берчү жана өзүн эң сонун сезчү.
– А квиддичте кайсы тайпага күйөрмансың? – деди Рон.
– Эээм... бирөөсүн дагы билбейм, - Гарри билбегенин моюнуна алды.
– Эмне? – Рон таптаза күйүп кетти. – Эй, токтосоң, бул деген дүйнөдөгү эң мыкты оюн да... – Анан ал берилүү менен оюнду түшүндүрүп кирди: төрт топ тууралуу айтып, тайпадагы жети оюнчунун позицияларын түшүндүрдү, Байкелери менен болгон белгилүү эсте калган оюндардын жүрүшүн, эгер акчасы болсо сатып алгысы келген шыпыргынын маркасына чейин айтты. Ал кызыктуу бир оюндагы учурду айтып жатканда эшик ачылды, бирок бул жолу кирип келгендер бакасын жоготкон бала Невилль эмес, жадагалса Гермиона Грэйнжер дагы эмес эле.
Үч бала кирип келишти, ортодогу баланы Гарри дароо тааныды: бул мадам Малкиндин дүкөнүндөгү ак чач бала. Ал Гаррини Диагон-аллеядагыдан да өтө кызыгуу менен карады.
– Бул чынбы? – бой көтөрө сурады. – Баардыгы бул поюзда Гарри Поттер баратканын айтышты. Ошол сенсиңби?
– Ооба, - Гарри жанындагы эки баланы карады.
Экөө тең толугунан келген дүңкүйгөн балдар экен. Алар ак чач баланын эки жагында жан сакчылардай турушту.
– Айтмакчы, бул Крэбб, а бул Гойл, - Гарринин көзкарашын байкаган ак чач бала сылыктана тааныштырды. – А менин атым Малфой, Драко Малфой.
Рон күлкүсү келип аны жашыруу үчүн акырын жөтөлдү. Драко Малфой Ронду кыжырдана тиктеди.
– Сен эмне менин атымды шылдыңдайсың? А мен сени тааныйм. Атам айткан, Уизлилердин баардыгы сары чачтуулар, а сепкилдүү балдары өздөрүн багууга кудуреттүү балдар деп.
Малфой кайра Гаррини карады.
– Поттер, сен кээ бир сыйкырчылардын үй-бүлөсү башкалардан мыкты экенин жакында билесиң. Сага ылайыксыз адамдар менен дос болуунун зарылчылыгы жок. Дос тандоодо мен жардам берем.
Ал колун сунду, бирок Гарри алик алган жок.
– Өзүм эле ылайыксыз адамдарды айырмалай алам, ыракмат, - сустая жооп берди Гарри.
Драко Малфой кызарган жок, бирок жаагында баарыбир күлгүн түс пайда болду.
– Сенин ордуңда кылдат болмокмун, Поттер, - акырын айтты Малфой. – Сылык болбосоң ата-энеңдин жолун жолдоп каласың. Алар да пайдалууну пайдасыздан айырмалай алышчу эмес. Эгер Уизлидей же жанагы жийиркеничтүү Хагриддей таштандылар менен мамиле кылсаң өзүң кошо булганасың.
Гарри менен Рон ордуларынан жарыша турушту.
– Эмне дедиң? – Рон кыжырданды. Анын жүзү так эле чачынын түсүндөй саргара түштү.
– Сен эмне, бизди токмоктоюн дедиңби? – шылдыңдай сурады Малфой.
– Эгер силер азыр бул жерден жоголбосоңор, - деди Гарри өктөм үн ката. Ичинен жалтактап турса да сыртынан билгизбеген эр жүрөктүүлүк менен. Анын үстүнө Крэбб да, Гойл да, Рон экөөнөн бир топ көлөмдүү болчу.
– А биздин кеткибиз келген жок, туурабы, балдар? Биз курсагыбызды тойгузуп баарын жеп бүтүрдүк, а силерде дагы калыптыр...
Гойл бакашоколорго колун созду эле, Рон атырылып барып Гойлго асылганча болбой, тиги аянычтуу кыйкырык салды.
Анын колунун манжасында курч тиштерин киргизе тиштеп Струпик асылып алыптыр. Крэбб менен Малфой кетенчиктеп, ыйлактаган Гойл болсо келемишти чимириле колунан силкип түшүрүүгө далбастады, акыры Струпик колунан ыргып, терезенин айнегине бир тийгенде, тигилер дароо чыгып жок болушту. Мүмкүн алар таттуулардын арасында келемиш бар деп коркуштубу же кадамдын үнүн укканбы, айтор, алар чыгаар замат Гермиона Грэйнжер кирип келди.
– Силерде эмне болду? – деди ал жерде чачылган таттуулар менен полдон Струпикти куйругунан алып көтөргөн Ронду карап.
– Мунун эси ооп калды окшойт, - деди Рон Гарриге. Андан кийин аны дыкат карап чыкты. – Жок, ишенесиңби, ал кайра уктап калыптыр.
Струпик чынында эле уктап калган.
– Сен мурда Малфой менен жолуктуң беле?
Гарри Диагон-аллеядан жолугушканын айтты.
– Мен булардын үй-бүлөсү жөнүндө уккам. – Ким-Экенин-Өзүң-Билесиң жоголгондо булар биринчилерден болуп биз тарапка өткөн. Аларды сыйкырлап коюшканын айтып актанышкан. Менин атам ишенбейт. Ал айтат, Малфойдун атасы Караңгы Күчтөргө кирүүнү күтүп жүрөт. - Ал Гермионага бурулду. – Сага бир нерсе керекпи?
– Силер эртерек формаңарды кийишиңер керек, мен азыр биринчи вагонго барып кондуктор менен сүйлөштүм, ал биз келип калыптырбыз дейт. Силер мушташкан жоксуңарбы? Болбосо мектепке киргенге чейин эле тарыхка кирип каласыңар.
– Биз эмес эле Струпик мушташты, - Рон Гермионаны жаман көзү менен карады. –Балким, сен чыгып турарсың, биз кийинели.
– Мен бул жакка болгону коридордогу балдар ары-бери чуркашканынан улам киргем, - таарынгандай түшүндүрдү Гермиона. – Мурдуңда кир сыяктуу так турат, көрдүңбү?
Рон Гермионаны дудук кишидей үн-сөзсүз тиктеп узатты. Гарри терезени карады. Кеч кириптир. Асман пурпур-кара түскө боёлуп, тоо-токойлор карааны жакындай баштады. Поюз жүрүшүн жайлатты.
Гарри Рон экөө күрмөлөрүн чечип узун кара робдорун (мантия) кийишти. Байкесинин эски робу Ронго кыска келип калыптыр, ылдый жагынан крассовкалары көрүнүп турду.
Вагондо кулактандырган жаңырык угулду:
– Беш мүнөттөн кийин поюз “Хогвартс” платформасында болот. Сураныч, жүгүңөрдү купелерде калтыргыла, алар мектепке өзүнчө жеткирилет.
Гарри ичи уйгу-туйгу болуп аябай тынчсызданды, байкаса Рон дагы сепкилдеринин астынан жүзү бозоро түшүптүр. Алар таттууларды чөнтөктөрүнө салып, коридордогу балдардын тобуна кошулушту.
Поюз акырын келип токтоду. Балдар эшикке жүткүнүп, кичинекей платформадан түшүштү. Эми алардын төбөсүнөн чырак жарыгы жанды, ошол маалда Гарринин кулагына тааныш үн угулду:
– Биринчи класстар! Биринчи класстар бул жакка! Баары жайындабы, Гарри?
Хагриддин жүндүү башы жайнаган баштардын үстүнөн жылмая көрүндү.
– Кана, кана, мени менен жүргүлө, дагы биринчи класстар барбы? Бутуңарды карап баскыла! Биринчи класстар мени менен жүргүлө!
Тайгаланып, чалынып-чулунуп, балдар Хагриддин артынан тик, кууш бир таман жол менен жөнөштү. Жолдун эки тарабы көзгө сайса көрүнгүс караңгы, Гарри эки тарабы тең жыш токой деп ойлоду. Балдар дээрлик сүйлөшкөн жок. Улам эле бакасын жоготкон бала Невилль кез-кез гана бышактап келатты.
– Бир аздан соң биринчи жолу “Хогвартсты” көрөбүз, - деди Хагрид балдарга, – Мына азыр бурулуштан кийин.
“Ооооо” деген балдардын добушу угулду.
Кууш бир таман жол кокустан аларды капкара көлдүн жээгине алып келди. Көлдүн аркы жээгиндеги көктөгү жылдыздар менен кошо трезелери жаркырап күйүп, бийик асканын чокусунда көп сандаган мунаралуу заңкайган сепил көрүндү.
– Төрт кайыктан көп эмес! – деди Хагрид жээктеги тизилип турган кайыктарды бөлүштүрүп. Невилль менен Гермиона, Гарри жана Рон экөө чогуу бир кайыкка отурушту.
– Бардыгыңар отурдуңарбы? – үн салды Хагрид, өзү жалгыз бир кайыкка отурар алдында. – Эң жакшы, КЕТТИК!
Кайыктар жээктен алыстап, күзгүдөй тунук көлдүн ортосуна жетишти. Балдар унчукпастан аска боорундагы сепилди карап барат. Алар жакындаган сайын сепилдин бийиктигинен баштарын жогору көтөрүп артка чалкалап кароого туура келди.
– Башыңарды ылдый ийгиле! – буйрук берди Хагрид.
Биринчи кайык аскага жакындаганда, бардыгы баштарын төмөн ийе эңкейип, кичинекей кайыктар аларды чырмооктор менен жашырылган үңкүргө алып кирди. Алар сепилдин жер астындагы жолуна алып барар караңгы өтмөк аркылуу жөнөштү, бир аздан соң жээкке чыгышты. Алар шагылдуу жээкке түшүштү.
– Эй! Сенин бакаң мына! – балдар түшкөндөн кийин кайыктарды текшерген Хагрид кыйкырды.
– Ура! – сүйүнгөнүнөн Невилль кыйкырып жиберди.
Хагриддин чырагынын жарыгы менен артынан ээрчишти, акыры тегиз, газон төшөлгөн сепил алдына келишти.
Саякатчылар таш тепкичтер менен чыгып, калың жыгачтан жасалган, кубаттуу бийик дарбазага туш болушту.
– Бардыгыңар бул жердесиңерби? Бака жайындабы?
Хагрид лакыйган муштумун жогору көтөрүп, сепилдин бийик дарбазасын үч жолу такылдатты.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Иргөөчү шляпа
Дарбаза жай ачылды. Босогодо изумруд-жашыл түстөгү мантия кийген узун бойлуу, кара чачы желкесине түйүлгөн сыйкырчы аял туруптур. Анын жүзү өтө сүрдүү болчу, Гарри ал аялды көрүп эле бул аялга каяша кылбоону туура көрдү.
– Биринчи класстар, бул профессор Макгонагалл, - деди Хагрид.
– Ыракмат, Хагрид. Андан ары аларды мен алып кетем.
Ал каалганы кенен ачты. Алар киргендеги холл ушунчалык кенен жана чоң болчу, жадагалса Дарслилердин үйү толук бойдон бул жерге кенен батмак. “Гринготтстукундай” таш дубалдар фонарлар менен жарыктандырылып, шып өтө бийик экен. Моюн созуп деле эч нерсе көралбайсың, а жогору көтөрүлгөнгө, укмуштай кереметтүү мрамор тепкич жайгашкан.
Балдар профессор Макгонагаллдун артынан таш төшөмөлөр аркылуу кең бөлмөлүү жайга салтанаттуу өтүштү. Гарри бара жаткан оң тараптагы эшикте топтошкон адамдардын күңгүрөнгөнү угулду, ал жакка балдар үймөлөктөшүп, бирок профессор Макгонагалл аларды борбордук зал тараптагы кичинекей бош бөлмөгө алып келди. Балдар топтошуп, бири-бирине жакын тизиле, айланага карап туруп калышты.
– “Хогвартска” кош келгиле, - деди профессор Макгонагалл. – Бир аздан соң окуу жылынын башталышына арналган кече башталат, бирок силер Чоң Залдын дасторконуна отурганга чейин силерди коллеждерге бөлүштүрүп иргейт. Иргөө – биздин мектептин негизги салтанаттарынын бири, анткени силер бул мектеп дубалдарынын ичинде болгон соң коллежиңер, силердин үй-бүлөңөр катары саналат. Өзүңөрдүн коллеж имаратында сабак даярдап, уктоочу бөлмөлөрүндө жатып, бош убактыңарды да өз коллежиңердин конок бөлмөсүндө өткөрөсүңөр. Биздин мектепте төрт коллеж бар, алар: “Гриффиндор”, “Хуффльпуфф”, “Равенкло” жана “Слизерин”. Ар бир коллеждин кызыктуу, сыймыктуу тарыхы бар. Ар бир коллежден өз учурунда атактуу сыйкырчылар чыккан. Силер “Хогвартстын” ичинде болгондуктан ар бир ийгилигиңер үчүн коллежиңерге упай кошулат. Ар бир бузган эрежеңер үчүн коллежиңерден упай кемитилет. Окуу жылынын аягында эң көп упай топтогон коллеж аныкталып, өзгөчө кубок менен сыйланат, ал абдан ардактуу сыйлык. Силердин ар бириңер, жакында бөлүнөр коллежиңердин сыймыгы болосуңар деп үмүттөнөм. Иргөөчү салтанат мектептин калган окуучуларынын катышуусунда бир нече мүнөттөн кийин башаталат. Убакытты жөн өткөрүп жибербестен салтанат башталганга чейин өзүңөрдү ирээтке келтирүүнү сунуштайм.
Анын көздөрү Невиллдин сол бүчүлүсүнө каршы-терши илинген мантиясына жана Рондун кир болгон мурдуна кадалды. Гарри чачтарын салаа тарай ирээтке келтирди.
– Мен силерге баары даяр болгондо келем, - деди профессор Макгонагалл, – Тынчтыкты бузбагыла.
Ал чыгары менен Гарри көздөрүн алайта шилекей жутту.
– А коллеждерге кантип иргешет? – Рондон сурады.
– Кандайдыр бир текшерүүлөрдү жүргүзүшөт ко. Фред аябай ооруйт деген, бирок ал тамашалап койсо керек.
Гарринин жүрөгү түштү. Текшерүү? Бардык окуучулардын алдындабы? Бирок ал бир сыйкырды билбейт да, эми ал эмне кылат? Ал келери менен эле текшеришерин күткөн эмес. Таңыркап тегерегиндегилерди карады, башкалар деле так өзүндөй толкунданып, кабатырланган абалда. Гермиона Грэйнжерден башкасынын бары үн-сөзсүз, ал болсо ооздорун кыбырата жаттаган магияларын, сыйкырларын кайталады. Гарри аны укпоого аркет кылды. Ал мынчалык бир дагы ирет тынчсызданып, толкунданган эмес, бир дагы ирет, жадагалса бир жолу белгисиз ыкма менен мугалиминин кийме чачын көк түскө боёп салып, директордун сөгүш катын Дарслилерге алып барганда да мынчалык кабатыр болгон эмес. Гарри жерге отурду. Бир нече секкунддан кийин профессор Макгонагалл келет дагы аны уят кылганы алып кетет.
Анан заматта эле укмуштуудай нерсе болду, бир метрдей жогору секирип кете жаздады. Артында турган балдар да катуу кыйкырып жиберишти:
– Бул эмне?
Гарри башкалар сыяктуу эле коркунучтан дем ала албай калды. Арткы дубалдан жыйырмадай арбак чубалып чыга келди. Аппак, жарым тунук көрүнгөн арбактар биринчи класстарды байкабастан эле бири-бири менен сүйлөшүп киришти. Бир нерсени талашып жатышкандай. Жапалдаш бой, толугураак келген кечил мындай деди: “Аны унут жана кечир, биз ага дагы бир жолу мүмкүнчүлүк беришибиз керек...”
– Ардактуу Кечил, биз Пивзга болгон мүмкүнчүлүктү бербедикпи? Ал баарыбызга көлөкө түшүрүп, анан да билесизби, ал таптаза эле арбак эмес... А силер, бардыгыңар бул жерде не кылып жатасыңар?
Сүйлөп жаткан экинчи арбак кокустан балдарга көңүл бурду.
Эч ким жооп берген жок.
– Толуктоо! – деди Семиз Кечил, бардыгына жылмая. – Иргөөгө барат окшойсуңар?
Бир нечеси баш ийкеди.
– Сиз “Хуффльпуффка” кабыл алынасыз деп үмүттөнөм! – Кечил каалосун айтты. – Мен ошол жакта окугам, түшүнүп жатасыңарбы?
– Тизилгиле! – өктөм үн чыкты. – Иргөө салтанаты башталды.
Профессор Макгонагалл кайра келди. Арбактар бет маңдайдагы дубалдардан биринин артынан бири бөлмөдөн чыгышты.
– Тизилгиле, тизилгиле! - профессор Макгонагалл биринчи класстарды шаштырды, - менин артымдан баскыла.
Бутуна коргошун уюгандай болгон Гарри чачы кумдун өңүндөй баланын артына катарга турду, Рон болсо Гарринин аркасынан ишенимсиз кадам менен бөлмөдөн чыгып, эки кабаттуу каалгадан Чоң Залга киришти.
Гарри дүйнөдө мынчалык таң калтырган керемет жер болорун таптакыр элестеткен эмес. Зал абада каалгыган миңдеген шамдар менен жаркырап, көздүн жоосун алат. Калган окуучулар отурган төрт узун үстөлдө да күйүп турат. Үстөл алтын тарелкалар, күмүш узун буттуу бокалдар менен тамактанууга даярдалыптыр. Залдын төр жагында мугалимдер үчүн дагы бир узун үстөл коюлуптур. Профессор Макгонагалл балдарды үстөлдө отурган окуучулардын маңдайына тизди. Мугалимдердин үстөлү алардын аркасында калды. Бүлбүлдөгөн жарыктай бозоруп, жаңы келген окуучуларды жүздөгөн көздөр карап турушту. Окуучулардын арасында ар жак, бер жактан күңүрт көрүнгөн арбактардын кубулган сөлөкөттөрү пайда болду. Гарри өзүн тиктеген көздөрдөн көзүн ала качып жогору карады. Ал жылдыздарга толгон тукабалуу-кара шыпты көрдү. Гермионанын шыбыраганын укту: “Ал ушинтип сыйкырланып калган, кадимки жылдыздуу асманга окшоп, мен аны “Хогвартстын тарыхынан” окугам.
Ал шып эмес эле кадимки жылдыздуу асмандай көрүндү. Чоң Зал, жогору карай космоско жеткирчү жайдай туюлду.
Профессор Макгонагалл унчукпастан биринчи класстардын алдына төрт буттуу отургучту жайгаштырды. Отургуч үстүнө бийик чокулуу сыйкыр шляпаны койду. Шляпа жамаачыланган, тамтыгы чыккан, аябай кир экен. Петуния тайже мындайды үйүнө сактоого таптакыр макул болмок эмес.
Мүмкүн ал жактан коёнду алып чыгыш керек беле деген Гарринин жүрөгү опкоолжуду. Шляпаны бардыгы карап жатканын байкап, ал дагы дыкат карады. Бир нече секунддан кийин Залды үн-сөзсүз тынчтык басты. Андан соң шляпа кыймылга келди. Анын кырынан оозго окшош жыртык пайда болуп, ырдай баштады:
– Балким мен жакшынакай эместирмин,
Бирок сен сырт көрүнүш менен билбестирсиң.
Менден өткөн жок шляпа акылдуу,
Кыдырып, бүт ааламды сураба.
Тоголок кырдуусу казандай,
А цилиндрлер бийик, узун титандай.
Мага теңдүү иргөөдөн
Эч кими жок ийкемдүү.
Мен үчүн дүйнөдө сыр катылбайт,
Эч кандай сыр менде жашырылбайт.
Кандай кийсең ошол замат билесиң,
Сени кайда окутуш керек сезесиң.
Мүмкүн, “Гриффиндор” тарапка
Жалаң эр жүрөктүүлөр ошол жакта.
Алар кайраттуу жана эр жүрөк,
Кылымдарга атак-даңкты бек көмөт.
“Хуффльпуффка” киришпейт,
Акылсыз анан калпычы.
Хуффльпуффтар ардактуу,
Эмгек менен атактуу.
Картаң акылман “Равенкло”,
Акылман күлүктү кабылдайт.
Сүйсө эгер окууну,
Ал аны тез эле тандайт,
Же балким “Слизерин”
Куулук-шумдук баары бар.
Амал менен дос издеп,
Максатыңа жетесиң.
Эми мени кийгин, бирок коркпогун!
Коопсуз жайдасың, эч кабатыр болбогун.
Колу-бутум жоктугуна карабай,
Ойлоно алам жакшы эле байма-бай!
Шляпа ырдап бүтөрү менен зал шатыраган кол чабууларга толду. Шляпа ар бир төрт үстөлгө ийилип, кыймылсыз туруп калды.
– Демек биз болгону шляпаны кийип көрүшүбүз керек экен да! – Рон шыбырады. – Фредди өлтүрөм, ал баарын жалган айтыптыр, менен да салгылашасың деген.
Гарри болор-болбос жылмайды. Албетте, каяктагы бир сыйкырды жасаганча, шляпаны кийип коюу оңой дечи, бирок баарыбир иргөө бүт мектептин алдында болбой эле койсо. Ырда айтылгандай, шляпа жогорку талаптарды коюп, жөндөмдүүлүккө карайт. Гарри болсо өзүнөн эч кандай жөндөмдүүлүк таба алган жок, өзүн эр жүрөк, сезимтал, акылман, дагы башка ушул сыяктуу каарман сезе алган жок.
Профессор Макгонагалл колуна түрүлгөн узун пергамент кагазын кармап алдыга чыкты.
– Мен аты-жөнүн окуган окуучу отургучка келип иргөө үчүн шляпаны кийсин, - деди ал. – Аббот, Ханна!
Кызыл жүздүү, сары өрүм чачтуу кыз чалынып алдыга чыкты, отургучка отуруп шляпаны кийди, шляпа ошол замат кыздын көзүнө түшө кийилди. Бир мүнөттүк тынымдан кийин:
– “Хуффльпуфф”! – деп жар салды шляпа.
Оң тараптагы үстөлдөн учурашуу кыйкырыктары угулуп, кол чабуулар жаңырды. Ханна ошол үстөл тарапка барып отурду. Гарри арбак Семиз Кечилдин ал кызга кубануу менен кол булгалаганын көрдү.
– Боунс, Сьюзен!
– “Хуффльпуфф” – шляпа дагы кыйкырды. Сьюзен шашып-буша жөнөп, Ханнанын жанына барып отурду.
– Бут, Терри!
– “Равенкло”!
Бул жолку кол чабуулар сол тараптагы үстөлдөн чыкты; Терри үстөлгө барганда бир нече ровенклолуктар ордуларынан туруп, анын колун кыса куттукташты.
“Брокльхерст, Мэнди!”- бул дагы “Равенклого жөнөтүлдү, бирок “Браун, Лаванда” алгачкы жаңы гриффиндордон болуп жөнөдү, сол тараптын эң акырында жайгашкан үстөлдөн кол чабуулар жаңырды; Гарри ошол үстөлдө отурган Рондун эгиз байкелери мышыктын катуу мыёлогон үндөрүн чыгарып жатканын укту.
“Бычешейдер, Миллисент” болсо “Слизеринге” тандалды. Гарри буга чейин “Слизерин” тууралуу уккандарын эстеп, азыр шляпа “Слизеринге” иргеген балдардын баары жагымсыз адамдардай көрүндү.
Анын жүрөгү катуу айланды. Мектепте окуп жүргөндө ар түрдүү оюндар үчүн бөлүштүргөн дене тарбия сабагын эстеди. Аны дайыма эң артында тандашчу, жаман ойногондугу үчүн эмес, башкалар Гаррини жакшы көрөт деп Дадли ойлоп калбашы үчүн.
– Финч-Флетчи, Жастин!
– “Хуффльпуфф”!
Гарри, шляпанын коллеждерге бөлүштүрүп жатканда кээде тез эле жар салса, кээде бир тынымга ойлоно калганын байкады. “Финниган, Симус” бул жакка келатканда Гарринин алдындагы катарда турган чачы кум түстүү баланы шляпа ойлонуп “Гриффиндорго” тандаганга чейин ал отургучта бир саамга отуруп калды.
– Грэйнжер, Гермиона!
Гермиона отургучка учуп барып, шляпаны башына шып кийе салды.
– “Гриффиндор”! – шляпа кыйкырды. Рон абдырап калды.
Гаррини коркунучтуу ойлор каптады. Эгер аны таптакыр тандабай коюушсачы? Эгер шляпаны көзүнө баса кийген бойдон отурса, профессор Макгонагалл башынан шляпаны жулуп алып жаңылыштык болгонун, кайра станцияга жөнөгөнү туура болорун айтсачы?
Дайыма эле бакасын жоготуп жүргөн Невилль Лонгботтомду чакырганда ал жолдон отургучка баратып жыгылды. Шляпа Невилльди каякка жөнөтөрүн көпкө ойлонду. Акыры “Гриффиндор!” деп жар салды. Невилль шляпаны кийген бойдон ордунан тура качты, катуу каткырыктан далбастаган Невилль шляпаны алдынан чыккан “Макдугал, Морагга” бере салды.
Малфой өз атын укканда сыймыктана алдыга чыкты. Анын каалоосу дароо аткарылды: шляпа башына кийилер замат эле кыйкырды: “Слизерин!”
Малфой өзүнө толук канааттана Крэбб менен Гойл тарапка жөнөдү.
Саналуу окуучулар калды.
“Мун”... “Нотт”... ”Паркинсон”... андан соң эгиз кыздар “Патил” жана “Патил”... андан кийин “Перкс, Салли-Энн”... андан соң акыры – Поттер Гарри!
Гарри катардан араң кыбырап козголду, Чоң Залда күбүр-шыбырлар жанданды:
– Ал Поттер дедиби?
– Кадимки Гарри Поттерби?
Шляпаны кийгенге чейин акыркы болуп көргөнү эле Залдагы балдар аны жакшылап көрүүгө аракеттенип, улам алдыга жүткүнгөндөрү болду. Кийинки секунддарда көзүнө баса кийген шляпанын кара ички бетин карап күтүп калды.
– Хмм, - деген жай үндү кулагы чалды. – Оор. Абдан оор. Аябай эр жүрөк, бул белгилүү. Бирок сезимтал, зирек дагы. Талант, ооба, о Кудайым, албетте, анан да өзүн көрсөтүүнү каалайт, мына кызык... Мен сени каякка жиберсем?
Гарри отургучтун кырын эки колу менен бекем кармай жалынды: “Слизеринге” эмес, эмне болсо да “Слизеринге” эмес.
– “Слизеринге” эмес дейсиңби? – коңур үн кайра сурады. – Ишенесиңби? Сен улуу инсан болосуң, ал үчүн сенде баары бар, а “Слизерин” сени түз эле атактуулукка жеткирет, мындан шек санаба. Каалайсыңбы? Жокпу? Кана, эгер ишенимдүү болсоң, анда “Гриффиндор”!
Шляпанын акыркы сөзү залга жаңырганын Гарри түшүндү. Ал шляпаны башынан алып титиреген буттары менен “Гриффиндордун” үстөлүнө барып отурду. Ал үстүнөн оор жүктү алып салгандай болду, бир чети аны тандаганына сүйүнсө, бир чети “Слизеринге” жөнөтпөгөнүнө кубанып жеңилдеди. Толкундантып ага кол чабышып, көбүрөк кыйкыргандай. Староста Перси ордунан туруп шарт колун кысты, ошол учурда Уизли эгиздер болушунча кыйкырып жатышты: “Поттер биз менен! Поттер биз менен!”. Гарри буга чейин бош бөлмөдөн көргөн арбактын маңдайында отурду. Арбак Гарринин колунан таптады, жагымсыз сезимге кабылган Гарри колун муз салынган чакага салгандай болду.
Эми ал төр жактагы Бийик Үстөлдү көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Үстөлдүн эң четинде Хагрид отурат, ал Гаррини көз огу менен кармап алып, эки баш бармагын бирдей көтөрдү. Гарри жооп иретинде жылмайды. Бийик Үстөлдүн ортосундагы алтындан жасалган отургучта Альбус Дамблдор отурат. Гарри аны поюздагы бакашокодон чыккан карточкадагы сүрөттөн улам тааныды. Дамблдордун күмүштөй башы залда жалгыз гана арбактардын өңүндөй жаркырап турду. Андан тышкары Гарри “Жыртык казандан” кездешкен жаш, бирок ачуулуу профессор Квирреллны байкады. Чоң пурпур түстөгү селде менен ал кызыктай көрүнүп, ыңгайсыз отуруп алгандай сезилди. Бул учурда иргелбеген төрт окуучу калды. “Томас, Дин”, Рондон узун бойлуу бала, “Гриффиндордун” үстөлүндөгү Гарринин жанына келип кошулду. “Тюрпин, Лиза” “Равенклону” көздөй жөнөдү, анан Рондун кезеги келди. Байкуш бозоргон-жашыл түргө өзгөрүп кетиптир. Гарри үстөлдүн алдынан манжаларын кайчылаштырып, бир секунддан соң шляпа кыйкырды: “Гриффиндор”!
Гарри башкалар менен чогуу Рон өздөрүнө келип кошулганда катуу кол чапты.
– Эң сонун Рон, укмуш, - Перси Уизли салтанаттуу айтты, бул маалда “Цабини, Блейз” “Слизеринге” тандалды. Профессор Макгонагалл кагазды түрүп, иргөөчү-шляпаны алып кетти.
Гарри алдындагы бош турган алтын тарелканы карады. Ачка болгонун эми эстеди. Поюздан жеген ашкабакчалар анын жашоосунан жүз жыл мурда болгондой сезилди.
Альбус Дамблдор ордунан турду. Ал жашоосунда окуучуларын чогуу көргөндөн өткөн ыракат жоктой, аларды жылмайган жүзү менен көз жүгүртө карады.
– Кош келгиле! – деди ал. –“Хогвартстагы” жаңы окуу жылынын башталышына кош келгиле! Кече башталар алдында бир нече кебим бар. Сөзүм төмөнкүчө болмокчу: Тютя! Рева! Рвакля! Цап! Ыракмат!
Дамблдор ордуна отурду. Бардыгы кыйкырыктар менен кол чабышты. Бирок Гарри күлүш керектигин же күлбөш керектигин түшүнгөн жок.
– Ал эмне мынча жеңил желпи? – ал түшүнбөгөн түр менен Персини карады.
– Жеңил желпи? – Перси кайра сурады. – Ал гений! Ал дүйнөдөгү эң мыкты сыйкырчы. Бирок ал туптуура, жеңил желпи. Картөшкө салайынбы сага?
Гарри таң калганынан оозун ачып калды, үстөлгө дастаркон эчак жазылып калыптыр, тамак-аш көптүгүнөн кол коёрго жер жок. Ал мынчалык даамды эч убакта жеп көргөн эмес: ростбиф (уйдун арка этинен куурулуп жасалган тамак), куурулган жөжө, музоонун эти, сосиска, бекон, стейк, куурулган картөшкө, сууга бышкан картөшкө, фри картөшкө, йоркшир пудинги, буурчак, сабиз, кетчуп жана түшүнүксүз жасалган жалбыз набаты.
Жалпысынан, Дарслилер Гаррини ачка калтырбаса да ал мынчалык ээн эркин каалаганынча жеп көргөн эмес. Мындан тышкары Дадли Гарринин колундагынын барын өзү жегиси келбесе да жулуп алчу. Гарри дүйүм тамактардын бардыгынан (набаттан башкасын) аз-аздан салып тарелкасынын кырына чейин толтуруп жеп баштады. Тамактар ушунчалык даамдуу дейсиң.
– Аябай даамдуу көрүнөт, - деди арбак капалуу үнү менен Гарринин стейк тиштегенин карап отуруп.
– А сизге жегенге болбойбу?
– Мен төрт жүз жылдан бери эч нерсе жей элекмин, - деди арбак. – Албетте, мага тамактын кереги жок, бирок ачык айтканда, тамак-ашсыз жашоо кызыксыз. Өзүмдү тааныштырган жок окшойм? Сэр Николас де Мимси-Порпингтон сиздин кызматта. Гриффиндор мунарасынын резиденциясы.
– Мен сизди тааныйм! – күтүүсүздөн Рон кыйкырып жиберди. – Байкелерим сиз жөнүндө айтып беришкен. – Сиз Башы жок Никсиз да!
– Мени Сэр Николас де Мимси атооңузду туура көрмөкмүн...- арбак салкын маанай менен сөз баштады эле, тигил жактан Симус Финниган сөзгө аралашты:
– Башы жок? Кандайча?
Сэр Николастын кебетеси өзгөрүп, ал күтпөгөн маек уланып кетти көрүнөт.
– А мына мындайча! – деп кыйкырды кыжырдана. Ал сол кулагын кармап кыймылдатты. Башы ошол замат моюнунан үзүлүп барып сол ийинине кыйшайып калды. Кимдир-бирөө башын толук бойдон жулуп алууга аракет кылып, бирок ишти аягына чыгара албаган көрүнөт. Балдар көргөндөрүнө селдейе катып калышты. Көрсөткөн кызыгына маашырланган Башы жок Ник башын кайра ордуна коюп, тамагын жасап мындай деди: “Кана эмесе, жаңы гриффиндорлуктар! Силер бул жылкы кубокту утууга жардам берерсиңер дейм. “Гриффиндор” көптөн бери ута элек. Слизериндиктер кубокту алты жылдан бери утууда. Кандуу Барон такыр киши чыдагыс болуп баратат, анын “Слизеринде” резиденциясы бар.
Гарри “Слизериндин” үстөлүн карады. Үстөлдө өтө эле коркунучтуу, көздөрү жок, үрөй учурган кебетелүү, кан кийимчен арбакты көрдү. А рбак, Гарри байкагандай, кошунасын кыртышы сүйбөй Малфойдун оң тарабында отурат.
– А эмне үчүн анын бүткөн бою кан? – кызыга сурады Симус.
– Мен сураган эмесмин, - сыпайы жооп берди Башы жок Ник.
Баары тамак жеп бүткөндө тарелкада калган тамак-аштар жок, идиштердин баары жаркырап тазаланды. Көз ирмемде көп сандагы балмуздак түрүнөн жасалган десерттер; алма пирогу, ширелүү торт, шоколаддуу эклерлер, кыямдуу пончиктер, трюфелдер, кулпунай, желе, күрүч пудинги пайда болду...
Гарри торттон тоё жегиче эле сөз туугандар тарапка ооду.
– Мен аралаш кандуумун, - деди Симус. – Атам магл. Апам өзүнүн сыйкырчы экенин атама турмушка чыкканга чейин айткан эмес. Мына ага чыныгы белек.
Бардыгы күлүп калышты.
– Невилль, а сенчи? – Рон кызыга сурады.
– Мени чоң апам чоңойткон, ал сыйкырчы, - деди Невилль, – Бирок үйдөгүлөрдүн баары мени магл деп ойлошкон. Аталаш чоң атам Альжи мени сыйкырласын деп дайыма эле күтүүсүздөн шаштымды кетире берчү, бир жолу ал мени Блэкпулдун тумшугунан сууга түртүп, аз жерден чөгүп кете жаздагам. Ошентип сегиз жашка чыкканча чоң атамдын ою ишке ашкан жок. Кийин Альжи чоң атам биздикине конокко келгенде мени буттан алып, экинчи кабаттын терезесинен төбөмдөн ылдый салаңдаткан. Ошондо аталаш чоң апам Енид чоң атама безе таттуусун сунду, чоң атам таттууну алууга жүткүнгөндө байкабастан мени колунан чыгарып жиберди. Бирок мен жыгылган жокмун, бакчадан жолго чейин секирип чыгып кеттим. Алар баары ыраазы болуп, чоң апам сүйүнгөнүнөн ыйлап, эмне кыларын билбей аябай кубанган. Мен бөлмөгө киргендеги алардын кебетесин көрсөңөрбү, алар мен кайра кайтып келүүмө сыйкыр күчүм жетпейт деп ойлошуптур. Альжи чоң атам ушунчалык ыраазы болуп, мага бака сатып берген.
Гарринин каршы тарабында Перси Уизли менен Гермиона окуу жөнүндө сүйлөшүп жатышты. (“Сабактар дароо башталат деп үмүттөнөм, мени баарынан да кубулуу кызыктырат, бир нерсенин башка нерсеге кубулуп өзгөрүшү аябай кызык, албетте, бул аябай кыйын дечи...”; “Силер эң оңой нерселерден баштайсыңар, ширеңкенин ийнеге айланышы же ушул сыяктуулардын кубулушунан...”).
Гарри ысып, уйкусу келип, Бийик Үстөлгө карады. Хагрид узун буттуу бокалды мурдуна такап шимирип атат. Профессор Макгонагалл Альбус Дамблдор менен сүйлөшүп отурат. Башындагы кызыктай, жарашпаган селдечен профессор Квиррелл чачтары майланышып, куш мурун, оорусу бардай кабак чытыган мугалим менен сүйлөшүп отурушканын көрдү.
Баары күтүүсүздөн болду. Куш мурун мугалим профессор Квирреллнын селдесинин үстүнөн Гарринин көзүнө тике карады. Ошондо Гарринин чекесиндеги тырык катуу ачыша ооруду.
– Ой! – Гарри чекесин алаканы менен басты.
– Эмне болду? – Перси кабатырлана сурады.
– Э-эч нерсе...
Оору пайда болору менен эле кайра тып басылды. Азыр болуп өткөн түшүнүксүз көрүнүштөн калган сезимдерден кутулуу кыйын болду, мугалимге Гарри жакпай калгандай сезилди.
– Профессор Квиррелл менен сүйлөшүп отурган мугалим ким? – деди Гарри Персиден.
– А сен Квирреллны тааныйсыңбы? Анын мындай тынчсызданган абалы таң калыштуу деле эмес, а тигил профессор Злей. Ал уу сыйкырлар сабагынан берет, ал баарына белгилүү, Квирреллнын ордун ээлөөнү көздөйт. Андан тышкары Злей Караңгы Күчтөр тууралуу баарын билет.
Гарри бир нече убакытка Злейди карап отурду, бирок ал Гаррини жанагыдан кийин бир да жолу карабады. Акыры десерттер желген соң жок болуп кетти, профессор Дамблдор кайрадан ордунан турду. Баары унчукпай калышты.
– Э-хем, эми бардыгыбыздын курсагыбыз тойгондон кийин дагы бир нече сөз. Семестр башталышы алдында силерге бир нече эрежелерди эскертейин. Биринчи класстар билүүгө тийиш. Сепил тегерегиндеги токойго барууга баардык окуучуларга тыюу салынат. Бул туурасында жогорку класстар да эстеринен чыгарбашы керек.
Дамблдордун жымыңдаган көздөрү эгиз Уизлилер тарапка чагылды.
– Мындан тышкары, көз салуучу мистер Филч эскертип коюумду суранды, танапис учурунда коридорлордон сыйкырлоого тыюу бар. Квиддич үчүн тайпа семестрдин экинчи жумасында түзүлөт. Өз коллеждери үчүн ойноону каалагандар мадам Хучге кайрылууга тийиш. Акырында силерге эскертип коюуга милдеттүүмүн, бул жылы үчүнчү кабаттын коридорунун кирүү эшиги баардык адамдарга жабык, кимде-ким коркунучтуу, үрөй учурган өлүм менен өлүүнү каалабаса эрежени сактоого тийиш.
Гарри күлүп жиберди, башка эч ким күлгөн жок.
– Ал тамашалап жатабы? – акырын шыбырай сурады Персиден.
– Чын эле айтып жатса керек, - деди Перси кабагын чытый Дамблдорду караган бойдон, – Таң калыштуу, адатта бизге тыюу салынган жерге эмнеге барбашыбыз керектигин түшүндүрчү, мисалы, токойдо жырткычтар абдан көп, муну баарыбыз билебиз... Жок дегенде бизге, старосталарга айтып коюуш керек ко...
– А азыр уктоого жөнөгөнгө чейин келгиле, мектеп гимнин ырдайлы! –кыйкыра айтты Дамблдор.
Ошол маалда калган мугалимдердин жылмаюсу жүздөрүнөн жоголгонун байкады Гарри.
Дамблдор сыйкыр таякчасын чымынды желпий куугансып, жеңил серпти эле таякчанын учунан узун алтын түстүү лента учуп чыкты. Анысы үстөлдөн жогору көтөрүлүп, жыландай соймоңдой тилге кирди.
– Ар кимиң өзүңөрдүн сүйүктүү күүңөрдү тандагыла, - деди Дамблдор, – Анан кеттик!
Андан соң баары ырдап кирди:
Хогвартс, Хогвартс, Хогги-Вогги-Хогвартс,
Окуткунуң сен бизди-и-и,
Мейли картаң бололу, мейли таз,
Барыбызга илим менен алпурушуу пайда жана саз.
Башыбыз жыш эмес, тескерисинче бош,
Жалгыз өлүк чымындар, кулактарда желелер,
Бизди, билишибиз керек болгондорго үйрөткүн.
(А эгер унутуп калсак, баарын эстеткин).
Негизгиси сен колуңдан келгенин жаса,
А биз болсо жардам бере алсак беребиз.
Окууга жана мээни иштетүүгө убадабызды беребиз.
Баары ар кандай убакытта ырдап бүтүштү. Акырында эгиз Уизлилер эле ырдап калышты, алар ырдын акыркы сөздөрүн жай созуп, аза күтөр кошокко айландырып жиберишти. Дамблдор акыркы үнгө чейин сыйкыр таякчасы менен дирижёрлук кылды, алар ырдап бүткөндө баары катуу кол чабышты.
– Ах, музыка! – деди Дамблдор көздөрүн жумуп, – Магия биздин жөндөмүбүздөн да күчтүү! Кана эмесе, уктоого жөнөгүлө! Марш!
Гриффиндорлук биринчи класстар топтошкон бойдон Перси старостанын артынан Чоң Залдан чыгып, мрамор тепкич менен жогору көтөрүлүштү. Гарринин буттары коргошун куюлгандай сезилди, бирок бул жолу ал аябай тоюп, чарчагандан болду. Ушунчалык уктоону самап, эч нерсеге кызыккан да, таң калган да жок. Жадагалса балдар коридордон чоң портреттердин жанынан өтүп, портреттегилерди колдору менен көргөзө шыбырашканына да, Перси аларды тосмого жашырылган каалгадан жана дубалдагы килемден эки ирет өткөргөндө да таң калууга дарманы жетпеди... Балдардын бардыгы уйкулары келип эстеп, буттарын сүйрөп, тепкичтен чыгышты. Гарри дагы көп басабызбы деп ойлонуп келатып, кокустан токтой калды.
Абада жыкжыйма, ичке таяктар илинип туруптур, алар жогорудан ыргытыла баштаганда Перси кадам таштады.
– Пивз, - шыбырай түшүндүрдү биринчи класстарга Перси, – Полтергейст.
Перси үнүн катуу чыгарды:
– Пивз, көрүн!
Жооп катары үйлөмө шардан чыккан абанын үнүндөй адепсиз катуу үн чыкты.
– Кандуу Баронду чакырайынбы?
Алакандын шак эткен добушу угулду, анан ачуулуу, кара көздүү, жалжагай ооздуу кичинекей киши пайда болду. Ал буттарын түрктөрчө мандаш токунуп, ичке таяктарды бооруна кыса абада асылуу турду.
– Оооо! - деди ал, мыскыл күлкүсү менен. – Биринчи класстар! Мына сага тамаша!
Күтүүсүздөн балдардын үстүндө туруп ышкырып жиберди. Баары кулактарын жаба ылдый бүгүлө калышты.
– Кет деп атам, Пивз, билип кой, азыр кетпесең баарын Баронго айтам! – деди Перси.
Пивз тилин көрсөтүп, ичке таяктын бирин Невиллдин башына атайылап таштап коюп жок болду. Полтергейст абада учуп баратып, коридордогу аскердик курал-жарактарды кошо калдыратканы алыстан угулду.
– Пивзга жолобой эле койгонуңар оң, - деди Перси жолун улай, – Аны бир гана Кандуу Барон жөнгө салат, Барон болсо жадагалса бизди, старосталарды да укпайт. Мына, келип да калдык.
Коридордун эң аягында күлгүн түстөгү жибек көйнөкчөн семиз аялдын портрети илиниптир.
– Сыр сөз? – деп сурады аял.
– Капут Драконис, - деди Перси.
Портрет өзүнөн өзү жогору көтөрүлдү, анын артындагы дубалдан тешик ачылды. Балдар тешиктен кирип, Невиллди тешиктен өткөрүүгө жардам керек болду, тешиктен өтүп гриффиндорлуктардын мамык отургучтар коюлган тегерек формадагы, жайлуу конок бөлмөсүнө киришти. Перси кыздарды бир эшикти карай жөнөттү, ал жакта кыздардын уктоочу бөлмөлөрү жайгашкан, а эркек балдарды башка бөлмөгө.
Айланма тепкич менен жогору мунаралардын бириндеги бөлмөгө чыккандан кийин балдар керебеттерди көрүштү: балдахиндердин (керебет ж.б. үстүнө жабылуучу кымбат баалуу чатыр) алдында жайгашкан беш керебет кочкул кызыл түстөгү бархаттан экен. Шейшептер капталган. Сүйлөөгө дараметсиз чарчаган балдар уктоочу кийимдерин кийген бойдон керебеттерге сулк кулашты.
– Тамактар даамдуу экен э? – деп күбүрөдү көшөгөнүн артынан Рон. – Ары турчу, Струпик! Жаздыктын тышын чайнап жатат, элестетсең!
Гарри Рондон ширелүү тортту жеп көргөн көрбөгөнүн сурайын деп, бирок ага үлгүрбөй ошол замат уйкуга кетти.
Гарри кечки тамакты чактабай жеген окшойт. Ал кызыктай түш көрдү. Башында профессор Квирреллнын селдеси оролуп, аны менен сүйлөшүп жатты, селде токтоосуз эле “Слизеринге” которулушу керектигин, анткени анын тагдыры ошол жакта экенин айтты. Гарри “Слизеринге” которулууну каалабаганын айтып, селде менен талашып-тартышты; селде Гарри каршы болгон сайын катаалданды. Гарри селдени чечип салууга аракеттенди, бирок тиги тереңдеп, башты кысып оорутту. Ошол маалда Малфой пайда болду, ал Гарринин селде менен алышып жатканын карап күлдү. Малфой куш мурун мугалим Злейге айланып, каткырыгы катуулап, ичиркенткен коркунучка айланып барып заматта көз уялткан жашыл жарык каптады. Титиреп, тердеген Гарри көзүн шарт ача ойгонду.
Ал капталына оодарылып кайра уктады. Эртең менен ойгонгондо, ал көргөн түшүн таптакыр эстеген да жок.
СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
Уу жөнүндөгү илимдин профессору
– Тигине кара!
– Кана?
– Чачы саргыч, бою узун баланын жанындагы.
– Көз айнекченби?
– Анын жүзүн көрдүңөрбү?
– Тырыгын көрдүңөрбү?
Мындай күбүр-шыбырлар салтанаттуу кеченин эртеси эле Гаррини уктоочу бөлмөдөн чыгары менен ээрчиди. Класстарга кирүү үчүн коридордо ар эшиктин алдына балдар чынжырдай тизилип, Гаррини жакшылап көрүш үчүн катары менен өтүштү. Өтүп барып көргөндөр дагы көрүүгө кайра катардын артына туруп жатышты. Мынчалык көп кишинин көңүл борборундагы Гарри өзүн аябай ыңгайсыз сезди. Ал өз классына барчу жолго бүт көңүлүн бурууга аракеттенди.
“Хогвартста” жүз кырк эки тепкич бар: бири кең жана жантайыңкы. Экинчиси кууш жана кычырак. Дагы башкасы жума күндөрү такыр башка жакка алып барат; кээси ортосуна жеткенде жок болот, ал жерди унутпастан секирип өтүш керек. Мындан башка да сыпайылык менен же керектүү жеринен сылап-сыйпап суранбасаң ачылбайт. Айрымдары эшикке окшоп кубулган дубал эшиктер. Андан тышкары, кайсы жер кайда – жаттоо кыйын. Анткени баары бат-баттан орун алмаштырып турат. Дубалда илинген портреттеги кишилер дайыма бири-бирине конокко барышат, аскердик курал-жарактар болсо өздөрү эле кыймылдайт, Гарри буга толук ишенет.
Арбактар жашоого өтө эле тоскоолдук кылат. Сен эшикти ачайын дегенде, кимдир-бирөө каалганы тешип өтүп кирип келгенде, коркпой койбойсуң. Башы жок Ник гриффиндорлук жаңы окуучуларга сыпайылык менен жол табууга жардам берет, а жанагы полтергейст Пивзчу, өзгөчө сабакка кечиккен маалда алдыңан чыкса абалды андан да оорлотот, дубаланган каалгалар, ага кошумча сырдуу тепкичтердин бардыгына туш болосуң. Жадагалса таштанды челекти башыңдан ылдый төгүп, бут алдыңдагы төшөмө килемди күтүүсүздөн тартып алат, бор менен урат же байкатпай астыңан өтүп мурдуңан чоюп: “Чоң мурун!” деп кыйкыра сүйрөп жөнөйт.
Пивздан да жаманы, албетте, эгер салыштырууга мүмкүн болсо, күзөтчү Аргус Филч. Гарри менен Рон биринчи эле күнү эртең менен анын колуна түшүштү. Үчүнчү кабаттагы тыюу салынган коридордо ийгиликсиз дал келүүдөн улам пайда болгон Гарри менен Ронду, Филч кармап алды. Алардын адашып кетип ушул жакка туш болгондоруна Филч ишенген жок, ал тыюу салынган жерди көрүүгө кызыкдар болдуңар, силерди жертөлөөгө таштайм деп коркутту, бирок аларды ошол жерден өтүп бараткан профессор Квиррелл көрүп, куткарып калды.
Филчтин миссис Норис аттуу мышыгы бар, кыржыйган арык, чаңга оонагансып бозоргон, Филчтин өз көзүндөй болгон чакчакай көздүү. Мышык өз алдынча коридор күзөтөт. Кичине эле тыюу салынган сызыктан өтүп эреже бузсаң, ошол замат мышык таң калыштуу түрдө көздөн кайым болуп Филчкке кабар берет, ал болсо бышылдап күйүккөн абалы менен жетип келет. Филч мектептеги сырдуу өтмөктөрдү эң жакшы билчү (эгиз Уизлилерди кошпогондо), ал арбактан да жакшыраак жердин астынан тешип чыгат. Окуучулардын баары аны ынтымактуу түрдө жек көрүшөт, а көпчүлүк балдардын асыл кыялы – миссис Норристин куйругун чоюу.
Бирок эң оор кыйынчылык бир гана класстык бөлмөлөрдү табуу болсо кана! Андай эмес. Сабактардын өзү эле канчалык оор? Гарри сыйкырчылык – бул таякчаны серпип бир нече түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп коюу эместигин тез эле түшүндү.
Ар шаршемби сайын балдар түн ортосунда телескоп менен түнкү асманды изилдеп, жылдыздардын аттарын жаттап, планеталардын кыймылдоо траекторияларын аныктоолору керек. Жумасына үч жолу гербология илимин изилдөө үчүн жапалдаш бойлуу, нык семизинен келген сыйкырчы аял профессор Спроутнын жетекчилиги астында арткы кире бериште жайгашкан күнөсканадан тааныш эмес чөптөр, козу карындар эмнеге колдонулаарын, аларга кандай мамиле керектигин үйрөнүшөт.
Эң кызыксыз сабак, жалгыз арбак мугалимдин магиянын тарыхы сабагы. Профессор Биннз өтө эле картаң, ал бир жолу мугалимдер бөлмөсүндө уктап калып, эртеси сабагына сөөксүз келген. Биннз мыңк-мыңк неме. Же сөздөрү толук угулбайт, а балдар ысымдарды, даталарды чаташтырып, Билгич Эмериканы Ичкич Умерика деп жаза беришет.
Профессор Флитвик дубалоо сабагынын мугалими, абдан кичинекей, ошондон улам кафедрадан көрүнүш үчүн жыйылган китептердин үстүнө чыгып алат. Сабактын биринчи күнү окуучулардын аты-жөнүн менен таанышып жатып, Гарринин фамилиясын окуганда кыйкырган бойдон үстөлдүн алдына кирип кеткен.
Профессор Макгонагалл мектептеги айрым мугалимдер сыяктуу эле өз өзгөчөлүгү менен белгилүү. Гарри туура ойлоптур, ал эреже бузгандарды жазасыз калтырбайт. Талапты катуу койгон акылдуу аял, сабактын биринчи эле күнү балдар отургула дегенин үнүнөн түшүнүп, отурууга зорго уруксат алышты.
– Силер “Хогвартстан” окуй турган кубулуу сабагы – сыйкырлоонун эң оор, коркунучтуу түрү, - деди ал. – Менин сабагымда бейбаштык кылгандар түбөлүккө класс менен коштошот. Бул биринчи жана акыркы эскертүү.
Андан соң үстөлдү чочкого айлантып, кайра калыбына келтирди. Балдар аябай суктанышып, аларга да мындай кубулуу сыйкырын жасоого уруксатты чыдамсыздык менен күтүштү, бирок балдар эмеректи жандыкка айлантуу үчүн али эрте. Ал үчүн көптү билүү керектигин түшүнүштү. Алар дептерлерине көп убакытка кыйын формулаларды жазган соң, ар бирине бирден ширенкенин чийи берилип, аны ийнеге кубултууга тапшырма алышты. Сабактын аягында бир гана Гермиона Грэйнжер ширенкенин түрүн өзгөртө алды. Профессор Макгонагалл ширенкенин күмүш түскө өзгөрүп, учу шиштийе курч болгонун класстагылардын баарына көрсөттү, ал чанда жылмайса да, бул жолу Гермионага жылмайды.
Баары чыдамсыздык менен караңгы, каардуу күчтөрдөн коргонуу предметин күтүштү, бирок профессор Квирреллнын бул сабагы тамаша болуп чыкты. Класс ичи чеснок буркурап; көпчүлүк айткандай, чеснок профессор Квиррелл тарабынан вампирлерди коркутуу үчүн колдонулат. Ага Румыниядан кол салган вампирдин айынан бул жакка кайтууга мажбур болгон. Ал башындагы селдесин окуучуларга, африкалык принц тарабынан бейбаштык кылган зомбилерди жок кылганы үчүн ыраазычылык иретинде тартууланганын айтып берди. Бирок балдар бул окуяга көп ишенген жок. Биринчиден, көп ишке мурдун тыга берген кызыккыч Симус Финниган зомбилер менен күрөшкөнүн кенен айтып берүүсүн суранганда, профессор Квиррелл кызарып сөздү аба-ырайына бурду. Экинчиден, селдеден буруксуган кызыктай жыт чыгып, эгиз Уизлилер профессор Квирреллны баардык жерден коргоо үчүн селде чеснок менен толтурулган деген натыйжа чыгарып коюшкан.
Гарри окуучулардан артта калбай, бардыгы эле өзүндөй деңгээде билишерин түшүнгөндө жеңилдей дем алды. Балдардын көпчүлүгү маглдардын үй-бүлөсүнөн чыккан, өзү сыяктуу эле көпчүлүгү мектепке чакыруу алганга чейин сыйкырчы экенин билишкен эмес. А окуу менен көп алектениши керек болду, жадагалса Рон сыяктуу сыйкырчынын үй-бүлөсүнөн чыккандар да көп окушат.
Жума Гарри менен Рон үчүн өзгөчө күн: алар эртең мененки тамакка Чоң Залга жолдон адашпай, эч кандай тоскоолдуксуз барышат.
– Бизде бүгүн эмнелер бар? – Гарри Рондон сулу акшагына шекер салып жатып сурады.
– Биринчи экөө – уу сабагы, слизериндер менен чогуу, - деди Рон. – Злей “Слизериндин” бөлүм башчысы да. Аларды баарынан артык көрөт дешет, көрөбүз, чынында ошондойбу.
– Анда Макгонагалл да бизди артык көрсө эмне, - деди Гарри. Профессор Макгонагалл “Гриффиндордун” бөлүм башчысы, бирок кечки сабакта үй-тапшырмаларын үйүп бергенге маш.
Ошол учурда почта келди. Азыр Гарри көндү, бирок алгачкы мезгилде Чоң Залга эртең мененки тамак учурунда жүздөгөн үкүлөр үстөл үстүн айлана учуп, кат ээлерин таап, тизелерине кат же посылкаларды таштаганда, Гарри не кыларын билбей шашкалактачу.
Ушул күнгө чейин Хедвик Гарриге бир да почта алып келе элек. Хедвиг үкүканага башка куштар менен эс алганы кетерде, кээде Гарринин кулагынан чымчый өтүп же Гарринин жанынан күкүмдөрдөн чокуп жеп кетет. Бүгүн эртең менен ал кыям менен шекер салынган идиштин ортосуна учуп келип, Гарринин тарелкасына бир бүктөм кат таштады. Гарри катты токтоосуз ачты. Аябай кылдатсыз жазылган кол жазмада төмөнкүчө билдирүү бар экен:
Ардактуу Гарри!
"Күнгө жума, күндүн экинчи жарымында бошсуң, саат үчтө мени менен чай ичкиң келеби? Мектепте өткөргөн алгачкы аптаң тууралуу уккум келет. Жоопту Хедвиктен жөнөт".
Гарри Рондун сыясын алып кагаздын арткы бетине “Албетте, сени менен чай ичким келет, көрүшкөнчө” деп жазып Хедвиктен жөнөттү.
Хагрид менен чай ичишүү өтө пайдалуу болду, Гарри эми жакшылык күтө баштады, болбосо уу жөнүндөгү илим сабагы аны чөктүрүп жиберген. Буга чейин окуусунда Злейдин сабагынан өткөн жагымсыз учур боло элек.
Гарри окуу жылынын башталышындагы кечеде профессор Злейге жакпай калганын сезген. Уу жөнүндөгү сабактын аягында ал мындай ою жаңылыш экенин билди. Профессорго жакпай калбаптыр, профессор Гаррини ушунчалык жек көрөрүн түшүндү.
Уу жөнүндө сабак сепилдин жер төлөлөрүнүн биринде өтөт. Ал жак жогорку кабаттан караганда абдан суук, текчелеринде көп сандаган түркүн жандыктардын спиртте сакталган айнек идиштери тизилип турбаганда деле, жертөлөөнүн өзүнөн денең дүркүрөйт.
Злей Флитвик сыяктуу эле сабакты окуучулардын аты-жөнүн тааныштыруу менен баштады, Флитвикке окшоп Гарринин фамилиясына келгенде тыным жасай токтоду.
– Ах, ооба, - деди ал жай гана, – Гарри Поттер – биздин атак-даңктуу жаңы каараман.
Драко Малфой жана анын жандоочулары Крэбб менен Гойл ооздорун жаап "бырс" эте күлүштү. Злей аты-жөндөрүн окуп бүтүп класстагыларды айландыра карап чыкты. Хагриддин көзүндөй капкара бул көздөрдө күзөтчүнүкүндөй бир дагы боорукерликтин учкуну байкалбайт. Анын ээнсиреп, сумсайган суук көздөрү кудум эле караңгы туннелдерди элестетти.
Силер бул жерге сыйкырдуу дары-дармектерди даярдоодогу так илим менен кылдат искусствону өздөштүрүү үчүн келдиңер, - деп сөз баштады Злей. Ал дээрлик шыбырап сүйлөдү, бирок балдар профессор Макгонагаллдай эле, Злейдин да ар бир сөзүн тыңшап угушту. Злей класс көңүлүн кыйынчылыксыз эле бурдурган жөндөмгө ээ. – Бул жерде акылсыз таякчаларды шилтей берүүнүн кажети жок, бирок көпчүлүк, араңардагылар бул көрүнүштүн магия экенине оңой менен ишенбейт. Ансыз деле мен силерден казанда кайнаган сыйкырдуу сулуулукту, андан чыккан жымыңдаган бууларды, адамдын күрөө тамырларына билинбей кирип, акыл-эсти дубалап, сезимдерди кулга айландырган суюктуктардын укмуштуудай күчүн баалай билүү колуңардан келерин күтпөйм. Мен силерди бөтөлкөлөргө атак-даңк куюуга, эр жүрөктүүлүктүн ширесин чыгарууга, тирүү сууну даярдоого үйрөтөм... Эгер албетте, силер адатта мен окутууга туура келген мээси жок макоолордой болбосоңор.
Мындай жагымсыз сөздөрдөн кийин узак убакытка жымжырттык өкүм сүрдү. Гарри менен Рон таң кала бири-бирин карады. Гермиона Грэйнжер өзүнүн макоо эместигин кайсы секундда болбосун далилдөөгө даярданып, отургучтун кырына чейин ойдолоп отурду.
– Поттер! – деди Злей күтүүсүздөн. – Эгерде майдаланган алтын түстүн тамырын эрмендин ачыткысына себелеп кошсо эмне болот?
– Майдаланган эмненин тамырын эмненин ачыткысына? – Гарри Ронду карады.
Тигинин түрү да Гарриникинен бетер айласы түгөнө катып калыптыр, анткен менен Гермионанын колу абага атып чыкты.
– Билбейм, сэр, - деди Гарри.
Злей мыйыгынан жылмайды.
– Тц-тц... ооба, жалгыз атак-даңк жетишсиз.
Гермионанын көтөрүлгөн колун карап да койгон жок.
– Дагы бир жолу көрөлү. Поттер, эгер ташты таап кел десем кайдан издейт элең?
Гермиона отургучтан тура калчудай колун болушунча жогору көтөрдү. А Гарри безоар ташын элестете алган жок. Ал ыкшыңдай күлгөн Малфой, Крэбб, Гойл тарапты карабаганга аракет кылды.
– Билбейм, сэр.
– Мектепке келгенге чейин китеп ачпаптырсың да, ошондойбу, Поттер?
Гарри бул суук көздөрдөн көзүн албоого аракеттенди. Ал мектепке чейин китептерди окуган, бирок кантип эле Злей “Миңдеген сыйкырдуу чөптөр жана козу карындарда” жазылгандын баарын эстеп калышы керек деп ойлойт?
Злей мурдагыдай эле Гермионанын абада созулган колуна көңүл бурган жок.
– Поттер, көк өтүк менен көк кепичтин айырмасы эмне?
Гермиона ордунан тура калып шыпка чейин жетчүдөй кол көтөрдү.
– Мен билбейм, - деди Гарри, өзүн-өзү тынчтандырып, бир калыпта кармоого аракеттене, – Менимче, Гермиона билет, эмне үчүн өзүнөн сурабайсыз?
Класс дуу күлүп жиберди; Гарри Симустун көзүнө туш келе түштү, ал көзүн кысты. Злей ыңгайсыз абалда калды.
– Отур, - деди ал Гермионага. – Поттер, сиз билбей калган эрмендүү алтын түс аралашма уусунун таасиринин күчтүүлүгүнөн улам ал “тирүү өлүмдүн ууртамы” атка конгон. Безоар ташы эчкинин карынынан алынат жана көптөгөн уулардан сактоого жөндөмдүү. А көк өтүк менен көк кепич, булар бир эле өсүмдүк түрү, аны уу коргошун аташат. Кана, эмне карап калдыңар? Эмне үчүн эч ким жазбай жатат?
Пергаменттин шатыраган үндөрү менен сыянын кыйчылдаган үндөрү биринин артынан бири чыкты. Мындай шатыраган үндөрдүн арасынан Злей жай гана сүйлөй берди:
– “Гриффиндор” коллежинен бир упай кемитилет, Поттер.
Сабак андан ары уланганы менен “Гриффиндордун” абалы оңолгон жок. Злей классты экиден шерикке бөлүп, бардыгына күйүк жараны айыктырууга, өтө оор эмес уу дарысын даярдоого тапшырма берди. Ал классты жер чийген узун кара көйнөгү менен аралай, чалкан жана майдаланган жыландын тиштерин аралаштырып жаткан балдардын ар бирин дыкаттык менен көзөмөлдөдү. Бардыгына, Малфойду кошпогондо (Злейге бир көргөндө эле жаккан сыяктуу), сын-пикир, эскертүү берди. Злей Малфойдун мүйүздүү үлүлдү аябай мыкты жана эң туура кайнатканын бардыгына көрсөтүп жаткан маалда кокустан кайдан-жайдан жашыл түстөгү көз ачыштырган түтүн чыгып кетти. Жертөлөдөгүлөрдүн баары бышкырып, ыкшый жөтөлүштү. Невилль түшүнүксүз жол менен Симустун казанын көмкөрүп салууга жетишти, эми ал экөө даярдаган уу таш полго шырылдап агып, ошол жердеги балдардын бут кийимдерин тешик-тешик кыла күйгүзө баштады. Саналуу мүнөттөрдөн кийин баары отургучтарга чыга качышты. Ууну жаба төгө салган Невилль колу-бутунун ооруганынан калчылдап, титиреп, колу-бутунда коркунучтуу кызыл күйүктөр пайда болду.
– Шайтан алгырдыкы, келесоо! – деп кыйкырган Злей төгүлгөн ууну сыйкыр таякчасы менен тазалады. – Силер оттон казанды чыгарганга чейин эле ийнелерди чүткөргө сайып салсаңар керек.
Невилль бышактай баштады, күйүктөр каңыл жаарын куйкалады.
– Аны медпунктка алып барыңыз, - Злей Симуска буйруду. Ошол замат Невиллдин жанында иштеген Гарри менен Ронду жек көрө карады.
– Сиз, Поттер, эмне үчүн аны токтоткон жоксуз? Артында өзүңүз кандай болоруңузду көрөйүн деппи? “Гриффиндор” сизге ыракмат айтат деп ойлобойм, силер дагы бир упай жоготтуңар.
Бул чектен ашкан адилетсиздик болду. Гарри ооз ачып туруп калды, өз укугун коргоого аракет кыла ооз ачайын деди эле, Рон артынан түрттү.
– Аны менен талашпа, - деп шыбырады, – Злей мындан да коркунучтуу болуп кетерин айтышкан.
Бир сааттан кийин тепкич менен жертөлөдөн чыгып келе жатышты, Гарри аябай көңүлү суз чыкты, болуп өткөн окуяны кайра-кайра эстей берди. Анын айынан окуунун биринчи жумасында эле “Гриффиндорлуктар” эки упай жоготушту, эмне үчүн Злей аны мынчалык жек көрөт?
– Капаланба, - деди Рон. – Злей Фред менен Жоржду деле дайыма жазалап упай кемите берет. Айтмакчы, сени менен бүгүн Хагридге чогуу барсам болобу?
Алар бешке беш мүнөт калганда сепилден чыгып, тыюу салынган токой четиндеги Хагриддин кепесине жөнөштү. Кире бериштеги каалга сыртына арбалет менен эки көлөч илиниптир.
Гарри такылдатты. Үйдөн бир нерсенин калдыраганы, күңгүрөгөндөй жандыктын үнү чыкты. Андан соң Хагриддин күбүрөнө сүйлөгөн “артка, Клык, артка” деген үнү угулду.
Каалга кичине ачылып, Хагриддин түктүү жүзү баш бакты.
– Азыр коё тургула, - деди ал. – Артка дейм, Клык.
Ал кара, чоң, немис иттин моюнчагынан араң тартып кармап, балдарды үйгө зор кыйынчылык менен киргизди.
Хагриддин үйү бир эле бөлмө экен. Шыпта ышталган сан эттер менен кыргоолдор илинген, ачык жагылган от үстүндө жез чайнек кайнап, бурчта калың курак жууркан жабылган чоң, оор керебет жайгашыптыр.
– Өз үйүңөрдөй эле отургула, - деди Хагрид, Клыкты коё берип. Ит дароо Ронго жүткүнө жетип барып анын кулактарын жалап баштады. Хагрид сыяктуу эле Клык да каардуу көрүнгөнү менен чынында андай эмес экен.
– Бул Рон, - деди Гарри, кайнаган сууну чоң чайнекке куюп чай демдеп, тарелкага таштай катуу булочкаларды салып жаткан Хагридге.
– Кезектеги Уизли, ошондойбу? – деди Хагрид Рондун сепкилдерин карап, – Сенин агаларыңды токойдон кубалап жүрүп жарым жылдык өмүрүм кетти.
Таштай токочтор жакындан караганда мейиз кошулгандай таттуу көрүнбөсө, тиштесең тишиң сынчудай катуу экен, бирок Гарри менен Рон таттуу токочтор аябай жаккандай түр көрсөтүп, Хагридге мектептеги алгачкы күндөрү жөнүндө айтып беришти. Клык Гарринин тизесине башын коюп, мантиясын жалап, шалпылдатып шилекей кылып салды.
Хагриддин Филчти “картайган жинди” деп атап айткандарын Рон менен Гарри аябай кубануу менен угуп отурушту.
– Анын мышыгын миссис Нористти Клык менен тааныштырып коюш керек. Билесиңерби, мен мектепке киргенде ал менин артыман ээрчип алат. Филч жөнөтүп коёт окшойт.
Гарри Хагридге Злейдин сабагында болгондорду айтып берди. Хагрид, Рон айткандай эле кабатырланбай коюшун айтты, Злей деген бир дагы окуучуга жакпайт.
– Бирок ал мени тим эле жек көрөт!
– Болбогон кеп, - Хагрид ишенген жок. – Эмнеге жек көрмөк эле?!
Бирок баарыбир Гарриге Хагрид бул сөздөрдү айтып жатып көзүн ала качкандай көрүндү.
– А сенин байкең Чарли эмне кылып жүрөт? – Хагрид Рондон сурады. – Жакшы бала, жаныбарларды жакшы көрөт.
Кызык, ал атайын эле башка сөзгө өтүп кеттиби деп ойлоду Гарри. Рон Хагридге Чарлинин ажыдаарлар менен иш кыларын айтып берди, Гарри үстөл үстүнөн гезиттен айрылган кагазды алды. Бул “Көз боёмочулар гезитинин” кесиндиси экен:
“ГРИНГОТТС” БАНКЫНА КОЛ САЛУУ АРАКЕТИ
31-июлда “Гринготтс” банкында болгон кол салуу аракетин иликтөө иштери уланууда, айтылган маалыматтарга караганда банктагы кол салуу белгисиз кара сыйкырчылар же көзбоёмочулардын колунан келгени болжолдонууда.
Гоблиндер, банк кызматкерлери белгилегендей, банктан эч нерсе уурдалган эмес. Кол салгандар дал ошол күнү алардан эртерек, мыйзам чегинде бошотулган банктын бөлүкчөсүнө кирүүгө аракет кылышкан.
Ошентсе да иликтөө иштери аягына чыкканга чейин биз ал бөлүкчөдө эмне сакталганын коомчулукка жарыялай албайбыз, эгер жагымсыз окуяга кириптер болууну каалабаган баарын бул иштен алыс болууга чакырабыз”, - деп билдирди коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн гоблини.
Гарри эсине түшүрдү: поюздан Рон айтпады беле, кимдир-бирөөлөр “Гринготтсту” тоногондугу тууралуу, бирок бул окуя качан болгонун так айткан эмес.
– Хагрид! – деди Гарри. – Жанагы “Гринготтстагы” кол салуу менин туулган күнүмдө болуптур! Балким биз ошол жакта болгон күнү тонолгондур!
Бул жолу Хагриддин ала качкан көздөрү ачык эле көрүндү. Ал күбүрөнө тилденип, Гарриге токоч алууну сунуштады. Гарри макаланы дагы бир сыйра окуду. "Кол салуучулар дал ошол күнү алардан эртерек, мыйзам чегинде бошотулган банктын бөлүкчөсүнө кирүүгө аракет кылышкан". Хагрид жети жүз он үчүнчү бөлүкчөнү бошоткон, албетте, эгер муну “бошотуу” дей турган болсок, ал бөлүкчөдөн Хагрид кичинекей жалбыз баштыкчасын алган. Чын эле уурулар дал ошол баштыкчанын артынан кууп жүрүшкөнбү?
Гарри Рон экөө албай коюуга батына албай чөнтөктөрү толо таштай катуу токочтор менен сепилди карай кечки тамакка жөнөштү, жолдо Гарри ойлонуп келатты, буга чейин бир дагы сабак мынчалык Хагрид менен болгон чай ичүүдөгүдөй түрдүү ойлорго салган эмес. Демек, Хагрид баштыкчаны так убактысында алып кеткенби? Эми ал баштыкча кайда? Хагрид айткысы келбеген Злей жөнүндө бир нерсе билеби?
ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
Түн ортосундагы дуэль
Эгер мурда Гарриге Дадлиден да аябай жек көргөн балага жолугасың десе эч ишенмек эмес, бирок бул Драко Малфойго жолукканга чейин болчу. Бактыга жараша “Гриффиндордун” биринчи класстары слизериндиктер менен бир гана уу жөнүндөгү сабактан гана жолугушат, ошондон улам Малфойду бат-бат көрүүгө болбоду. Мындай абал, баары окуп үшкүрүнгөн “Гриффиндорлуктардын” жалпы конок бөлмөсүнө илинген кулактандырууга чейин гана созулду. Учуу өнөрүн үйрөнүү бейшембиде башталат. Аны “Гриффиндор” “Слизерин” менен чогуу үйрөнүшү керек.
– Абдан жакшы, - өкүнгөн Гарри какшык менен айтты, – Ушул жетишпей жатты эле. Эми акмак Малфойдун алдында шыпыргы менен турам.
Гарри учууну ушунчалык күткөн, ушунчалык учууну каалаган!
– Эмне үчүн сөзсүз эле акмак менен, - Рон жоошута сүйлөдү. – Албетте, Малфой дайыма квиддичти мыкты ойнооруна мактанып келет, бирок мен мелдешке даярмын, анын айткандарынын баары дөөпүрөстүк.
Малфой чынында эле дайыма учуу жөнүндө айтат. Ал биринчи класстарды квиддич тайпасына кабыл албаарын ишенимдүү жарыялап, узак, кооздолгон, дайыма соңу вертолёттогу маглдарды сүзүп кете жаздаганы менен окшош аяктаган окуяларды айтуудан тажабайт. Бул жаатта Малфой жалгыз эмес: Симус Финнигандын айтуусуна таянсак, ал балачагын шыпыргы минип учуп, айылдардын үстүнөн уччу. Жадагалса Рон дагы, Чарлинин эски шыпыргысын минип, аз жерден дельтаплан менен сүзүшүп калуудан кутулганын уккусу келгендерге айтып берүүгө даяр. Сыйкырчылардын үй-бүлөсүнөн чыккан балдардын баары дайыма квиддич жөнүндө көп сөз кылышат. Рон жадагалса бир бөлмөдө жашаган Дин Томас менен футбол үчүн мушташып кете жаздаган. Учууга мүмкүн болбогон, бир топтун эле артынан кубалап жүргөн анысы эмне оюн экенин Рон такыр түшүнбөйт. Гарри Ронду Диндин керебетинин үстүндө илинген вестхэмдик футбол командасынын плакатын чукуп, оюнчуларды кыймылдоого мажбурлаган жеринен тапты.
Невилль бир да жолу учуп көрбөптүр, чоң апасы шыпыргыга жакын жолотчу эмес. Чоң апасынын мындай кылганына баардык жагынан негиз бар, Гарри өз ичинен, Невилль эки буту менен жерде туруп деле тарыхка кирет деп ойлоду.
Гермиона Грэйнжер учуу сабагында Невиллден кем эмес толкунданды, анткени учмак турсун, учууну китептен үйрөнүүгө болбойт да. Ал бейшемби күнү эртең мененки тамак учурунда китепканадагы “Квиддич кылымдарга” китебинен окуган ар кандай учуу тууралуу кеңештери менен баарынын боорун эзип сала жаздады. Невилль анын ар бир сөзүн шыпыргыда отурганга жардам берет деген ой менен жаттоого аракеттене тыңшады, калгандары Гермионанын лекциясын келген почталар токтотконуна, жеңилдей үшкүрө эс алышты.
Хагриддин кыска катынан кийин Гарриге кат келген жок, муну белгилүү болгондой Малфой тез эле байкады. Малфойдун бүркүт тукумунунан чыккан үкүсү ага күнүгө таттуулар салынган кутуларды алып келет, ал болсо ач көздүк менен жанталаша, кутуну слизериндик үстөлдүн астына ката коёт.
Кампа үкүсү Невиллге чоң апасынан аманат алып келди. Ал аманатты сүйүнүп ачты да, ичинен ак түтүнгө толтурулгандай айнек шарды алып чыкты.
– Бул Эстеткич! – Невилль кубанычтуу кыйкырды. – Чоң апам унутчаак экенимди билет, а бул баарын эстетип турат. Мына карасаңар, эгер колуңарга алып бекем кармасаңар өзү кызарат... Ой! – Анын жүзү бозоро түштү, анткени Эскерткич дароо кыпкызыл болуп кетти, – Эгерде сен бир нерсени унутуп...
Невилль эмнени унутканын эстегенче, “Гриффиндордун” үстөлүнүн жанынан өтүп бараткан Драко Малфой анын колунан Эстеткичти тартып алды.
Гарри менен Рон ордуларынан секирип турушту. Алар ичинен көптөн бери Малфой менен мушташууга шылтоо таппай жүрүшкөн. Тилекке каршы, алдын ала сезгичтик жайы бар профессор Макгонагалл абалды алыстан түшүнүп, заматтын ортосунда балдардын жанында пайда боло калды.
– Эмне болду?
– Малфой менин Эстеткичимди алып алды, профессор.
Четте туруп тилденген Малфой дароо Эстеткичти үстөлгө тоголотуп жиберди.
– Көрөйүн дегем, - сыпайылык менен айтты да, жандоочулары Крэбб менен Гойлдун коштоосунда ары карай жөнөдү.
Түштөн кийин саат үч жарымда Гарри, Рон жана башка гриффиндордун балдары тепкич менен шашыла сыртты карай жүгүрүшү. Алар өмүрүндөгү алгачкы учууга үйрөнүшөт. Сыртта күн ачык, жай гана жел жүрүп турат, балдардын баары тыюу салынган токойдун күңгүрт, каардуу заңкайган дарактары көрүнгөн сепилдин алыс короо бөлүгүндөгү сыйдаң, тегизделген газонго жабыла басып, бут алдыдагы чөптөр жантая басырылды.
Слизериндиктер чогулуп калышыптыр. Жерде тизиле жыйырма шыпыргы жатат. Гарри бир жолу Фред менен Жорж Уизлинин наалыганын уккан, мектептин шыпыргылары өтө жаман. Кээде титиреп, кээде жогору көтөрүлсөң, сол жакка баш бербей алып кетет.
Аңгыча мугалим келип калды, учуу сабагынын окутуучусу жапалдаш бойлуу, чачын ак буурул баскан, кыраакы көздүү мадам Хуч эле.
– Кана, эмнени күтүп турабыз? – деди ал өктөм үн менен. – Ар бириң бирден шыпыргынын туш-тушуна тургула. Тез!
Гарри өзүнө тийиштүү шыпыргыны карады, анын башынан аягына чейин эле сыйрылып, кол тийген жерлери жонулуп калыптыр.
– Оң колуңарды шыпыргы үстүнө созгула, - тизилген окуучулардын бет маңдайына турган мадам Хуч буйрук берди, – Андан соң барыңар “ТУР” деп айткыла.
– ТУР! – тизилген окуучулар хор менен кыйкырышты.
Гарринин шыпыргысы дароо колуна секирип келип кармалды, бирок бардыгыныкы мындай болгон жок. Гермиона Грэйнжердин шыпыргысы ары карай тоголонуп кетти, а Невиллдики болсо таптакыр эле кыймылдаган жок. Балким шыпыргылар деле аттардай болуп коркконуңду билип коюшат чыгар деп ойлоду Гарри; анткени Невиллдин үнү дирилдеп, жерден бутун көтөрүүнү ойлогусу да келбей жатканы байкалып турду.
Мадам Хуч кулап кетпеш үчүн шыпыргыга кантип отурууну, кантип туура кармоо керектигин окуучулардын тизилген катарларын аралай басып көрсөттү. Мугалим Малфойго ал буга чейин дайыма баарын туура эмес кылганын түшүндүргөндө, Гарри менен Рон табалоо кубанычы менен ыракаттанышты.
– Азыр ышкырганда, күч менен жерден жогору көтөрүлөсүңөр, - мадам Хуч түшүндүрүүнү улантты, – шыпыргыны түз кармагыла. Бир нече фут жогору көтөрүлүп, кайра дароо төмөн түшкүлө, ылдыйлаш үчүн алдыга эңкейесиңер. Мен ышкырганда, бир-эки...
Невилль баары учуп кетсе өзү эле жерде уча албай калышын ойлоп, өзүн-өзү токтото албай, мадам Хуч ышкырыкты оозуна жеткиргенче эле жерден көтөрүлдү.
– Артка кайт, ай бала! – ал кыйкырды, бирок Невилль түптүз эле бөтөлкөнүн атып кеткен оозундай жогору учуп, он эки фут... жыйырма фут.
Невиллдин коркконунан өлүктөй боппоз түрүн Гарри көрдү, ал төмөн жакты карап, жүрөгү түшкөнүнөн оозун ачып капталын көздөй ооп баратты, анан эле жерге “ШАЛАК!” кулаган дененин катуу дабышы угулду. Невилль чөп үстүндө бүрүшүп жатыптыр. Анын шыпыргысы барган сайын жогору көтөрүлүп, бир багытты беттеди дагы тыюу салынган токойду карай жай калкып жөнөгөп, көздөн кайым болду.
Невиллден кем эмес бозоргон жүзү менен мадам Хуч Невиллди эңкейе карады.
– Алакан сөөгү сынып кетиптир, - дегенин укту Гарри. – Кана, кел, балакай, тур өйдө, эч кандай коркунуч жок.
Ал калган окуучуларга бурулду.
– Мен баланы амбулаторияга жеткирип келгенче эч кимиңер ордуңардан жылбагыла! Шыпыргылар жаткан ордунда калсын, болбосо “квиддич” дегенге үлгүрбөй “Хогвартстан” ыргыйсыңар. Жүрөгой, кеттик.
Алар кетери менен Малфой шылдыңдаган каткырыгы менен тынчтыкты бузду.
– Тигинин кебетесин көрдүңөрбү, картөшкө салынган каптын кебетесин?
Калган слизериндиктер да каткырышты.
– Жаагыңды басчы, Малфой! – Парватти Патил корс этти.
– Оооо, сен Лонгботтомду коргоп жатасыңбы? – таштай мистийген жүзү менен слизериндик кыз Панси Паркинсонду кемсинте таң калды. – Сага мындай семиз ыйлаактар жагат деп ойлогон эмесмин, Парватти.
– Карасаңар! – Малфой кыйкырып жиберди. Эңкейе жерден бир нерсени колуна алды. – Бул деген жанагы келесоодой эме да, Лонгботтомдун чоң апасы жөнөткөн.
Эстеткичти Малфой өйдө көтөргөндө күнгө жаркырай түштү.
– Бери бер, Малфой, - Гарри жай үн менен айтты. Баары не болуп кетет деп чекчейишти.
Малфой мыйыгынан жылмайды.
– Мен муну Лонгботтом дароо көрүнөө жерге коюш керек деген ойдомун, мисалы... теректин башына?
– Бер деп жатам! – Гарри кыйкырды, бирок Малфой шыпыргысына секирип минип учуп кетти. Көрсө ал калп айтпаптыр, чындыгында эле жакшы учат экен. Бактардын биринин эң бийик бутагына чыгып кыйкырды: “Ме, Поттер, ал!”
Гарри шыпыргыны жерден алды.
– Жок, - кокустан Гермиона Грэйнжер кыйкырып жиберди. – Мадам Хуч бизди кыймылдабагыла деген, сен үчүн биз да жабыркайбыз!
Бирок Гарри Гермионанын кыйкырганына көңүл бурган жок. Анын каны мээсине тээп чыкты. Ал шыпыргыга минип күч менен жерден жогору көтөрүлдү, улам жогору, жогору; шамал анын чачтарын артка учуруп, мантиясы шамалга желбиреди. Ыракаттын толкуну бүт денесин каптап, учуу жөнөкөй да, сонун да сезилди. Ал эч кандай окуусуз эле жок дегенде бир нерсе кылса болорун түшүндү. Шыпыргыны жеңил көтөрүп, дагы жогорулады. Ага ылдый жакта калган кыздардын чаңырган үндөрү менен чебелектей бышылдап кыйкырган Рондун үнү угулуп турду.
Гарри шыпыргыны шарт буруп Малфой менен бетме-бет келди. Малфой селдейип калды.
– Бери бер, - Гарри кайталады, – Болбосо сени шыпыргыңдан ыргытып жиберем.
– Чын элеби, - Малфой жүзүн өзгөртпөгөнгө аракеттене, бирок коркконун жашырбады.
Укмуштуудай жол менен аны кыймылдатууну Гарри билди. Ал шыпыргыга боору менен эңкейип, эки колу менен шыпыргыны кысып, Малфойго найзадай сайылды. Мындайды күтпөгөн Малфой буйтаганга араң үлгүрдү, Гарри шамдагайлык менен шыпыргысына түздөндү. Жерде карап тургандар кол чаап жиберишти.
– Эмне, Малфой, бул жакта Крабдардан да, Гойлддардан да эч ким жокпу? Эми аларсыз не кыласың? – Гарри мазактай кыйкырды.
Малфой да ошентип ойлоду окшойт. Анан бир нерсе ойлоп тапты.
– Эгерде жете алсаң, карма! – деп кыйкырды да айнек шарды жогору карай абага ыргытып, өзү жерди көздөй учуп жөнөдү.
Гарри шарды карап турду, биринчи зуу этип жогору ыргытылган шар эми төмөн түшүп келе жатты. Гарри шыпыргынын башын төмөн каратып, өзү кайрадан эңкейип, эки колу менен бекем кармап, катуу ылдамдык менен шарды кармап калууга артынан төмөн карай зуулдады. Кулагына шамалдын ырылдаганы гана угулуп, жерде карап тургандарга жакындап, жерге бир метрче калганда колун созуп, шарды учурунда кармады. Шыпыргысын түздөгөнгө үлгүрүп, жерге жай салмак менен колундагы Эстеткичти кармай чөпкө конду.
– ГАРРИ ПОТТЕР!
Баланын жүрөгү азыр эле өзү асмандан түшкөндөн да ылдамыраак түштү. Ага Макгонагалл чуркап келе жатыптыр. Гарринин буттары титиреп араң эле көтөрүп турат.
– Эч качан менин “Хогвартстагы” ишимде...
Таң калганынан профессор Макгонагалл сөзгө келе албай калды, анын көз айнеги каардуу көздөрүнө чагылышты: “Сен кантип бардың мындайга, моюнуңду сындырып алсаң эмне болот...”
– Ал күнөөлүү эмес, профессор...
– Унчукпаңыз, мисс Патил...
– Бирок Малфой...
– Жетишет, мистер Уизли. Поттер мени менен жүрүңүз, ылдам.
Гарри аянттан кетип баратып Малфой, Крэбб жана Гойлдун кебетелеринен жеңишти камсыздаган түрлөрүн байкады. Ал сепилди карай шыпылдап, ишенимдүү бараткан профессор Макгонагаллдун артынан макоочо ээрчип кете берди. Эми аны мектептен чыгарып жиберишет, бул айдан ачык. Ал өзүн бир аз да болсо коргогонсуп, бир нерсе сүйлөгөн болду, бирок үнү угулган жок. Профессор Макгонагалл бир да жолу Гарриге кылчайбады; анын артынан калбаш үчүн Гарри дээрлик чуркап алган. Мына баары бүттү. Ал мектепте эки жумага жетпеген убакытка да боло алган жок. Он мүнөттөн кийин буюмдарын жыйнайт. Босогосунан көргөн Дарслилер эмне дешет? Башкы кире бериштин тепкичи менен жогору, ички мрамор тепкичи менен жогору чыгышты, а профессор Макгонагалл дагы деле эч нерсе айткан жок. Ал бет маңдайындагы каалгаларды күч менен шарт ачып, коридордон ишенимдүү кадам шилтеди. Гарри бардыгынан кол жууп, профессор Макгонагаллдын изине түштү. Аны Дамблдорго алып барса керек. Ал мектептен чыгып калган Хагридди эстеди, бирок аны күзөтчү кылып калтырып коюшпады беле. Балким аны да Хагридге жардамчы болууга уруксат беришер? Ал Хагриддин каптарын көтөрүп, мектептегилерди четте карап турганда, Рон жана башка окуучулардын чыныгы сыйкырчы болуп окуп жүргөнүн элестете ичи сыйрылды.
Профессор Макгонагалл класстын каалгасына токтоп, эшикти кичине ачып баш бакты.
– Кечиресиз, профессор Флитвик, Теректи (Вуд) алып турганга мүмкүнбү? Бир мүнөткө?
– Терек? – Гарри кабатырлана ичи туйлады; “ал э мени сабай турган таякпы?”
Бирок Терек (Вуд), профессор Флитвиктин класстык бөлмөсүнөн эч нерседен кабарсыз, таңыркай чыккан, бешинчи класста окуган кең далылуу, москоол бала болуп чыкты.
– Экөөң тең мени менен баскыла, - профессор Макгонагалл буйрук бере экөөнү ээрчитип жөнөдү.
Алар катары менен коридордо ээрчишти. Вуд баратып Гаррини таңыркай карап алды.
– Киргиле.
Профессор Макгонагалл башка класстык бөлмөнүн эшигин ачып киргизди, Пивзду кошпогондо класста эч ким жок экен. Полторгейст бошобой, тактага түшүнүксүз сөздөр жазып жатыптыр.
– Жогол, Пивз! – деди профессор.
Пивз жазып жаткан борду темир таштанды челекке калдырата ыргытты да, күңкүлдөй каргап-шилеп бөлмөдөн чыгып кетти. Профессор Макгонагалл анын артынан эшикти тарс жаап, Вуд менен Гарриге бет маңдай келди.
– Поттер, бул Оливер Вуд. Вуд, мен силерге Тыңчы таптым.
Вуддин бушайман жүзүн кубаныч ээледи.
– Чын элеби, профессор?
– Толук түрдө, - чечкиндүүлүк менен тастыктады профессор Макгонагалл. – Ал тубаса талант. Эч качан мындайды жолуктурган эмесмин. Сиз биринчи жолу шыпыргыны кармадыңыз туурабы, Поттер?
Гарри үн-сөзсүз баш ийкегиледи. Ал эмне болуп жатканын таптакыр түшүнгөн жок, бирок аны мектептен чыгарышпайт окшойт, анын буттарына кайрадан жан кире баштады.
– Ал мына бул нерсени элүү футтук бийиктиктен түшүп келатып кармады, - профессор Макгонагалл Вудге айтып берди. – Жадагалса эч кандай жаракат да алган жок. Чарли Уизлинин өзү да мындайды кыла албайт болчу.
Муну уккан Вуд бар кыялы көз ирмемде орундалган кишиче, жүзүн кубаныч басты.
– Квиддич кантип ойнолорун көрдүң беле? – Вуд толкундана сурады.
– Вуд бизде гриффиндордук команданын капитаны, - профессор Макгонагалл тааныштыра кетти.
– Анын келбети да Издегичке (Тыңчыга) төп экен, - деди Вуд Гаррини айлананы сынай карап. Жеңил, ылдам, ага мыкты шыпыргы тандаш керек профессор, менимче, жетинчи үлгүдөгү “Нимбус 2000” же “Таза Жеңиш” ылайыктуу.
– Мен профессор Дамблдор менен сүйлөшүшүм керек, биринчи класстарга тиешелүү эрежелерди кыя өтүү туурасында. Бирок кудай сактасын, бизге өткөн жылдагыдай команданын кереги жок. Акыркы оюнда слизериндиктер бизди жөн эле тебелеп, таптап салышты, андан кийин Северус Снейпдин бир айча көзүн карай албай жүрдүм...
Профессор Макгонагалл Гаррини көз айнегинин үстүнөн сүрдүү тигиле карады.
– Сизди болгон күчүн жумшап машыгат деп үмүттөнөм, Поттер, болбосо мен жазалоо тууралуу оюмду өзгөртүп жиберишим толук мүмкүн.
Ошол замат жүзүндө күтүүсүз жылмаюу пайда болду.
– Атаңыз сиз менен сыймыктанмак, - деди ал. – Ал өзү квиддичти мыкты ойночу.
– Сен тамашалап жатасыңбы?
Бул түшкү тамак учуру болчу. Гарри Ронго профессор Макгонагалл аянттан алып кеткенден кийинки болгондорду жаңы эле айтып бүттү. Рондун оозунда стейк менен ливер пирогунун кесими бар болчу, бирок ал оозундагыларды чайнаш керектигин таптаза унутуп койду.
– Издегич (Тыңчы)? – ал оозун толтура балдырай кайталады. – Бирок биринчи класстар эч качан... сен эң жаш оюнчу болуп каласың акыркы...
– Жүз жылдагы, - сөздү аяктады Гарри өзү да оозун пирогго толтуруп. Ал бүгүнкү толкундануудан кийин аябай ачка болуптур. – Вуд айтты.
Рон ушунчалык таң калып суктанганынан таптакыр оозуна сөз келбей, жөн гана оозун ача Гаррини карап отура берди.
– Кийинки жумада машыгууларым башталат, - деди Гарри, – Болгону эч кимге айтпа, Вуд сыр бойдон калсын деди.
Залга Фред менен Жорж кирип эле эки жакты карап, Гаррини көрүп ага шашыла жакындашты.
– Азаматсың! - Жорж шыбырады. – Бизге Вуд айтты. Биз дагы тайпадабыз. Биз – коргоочуларбыз.
– Мына көрөсүңөр, бул жылы кубокту сөзсүз биз алабыз, - деди Фред. – Чарли мектепти бүтүп кеткенден бери бир да жолу ута элекпиз, бирок бул жылы команда мыктылардан түзүлүүдө. А сен мыкты оюн көргөзсөң керек, Вуд сен жөнүндө айтам деп жатып аз жерден кекечтенип кала жаздады.
– Мейли анда, биз кетели, Ли Жордан мектептен чыгуучу жаңы жашыруун эшик тааптыр.
– Ал эшик, биз биринчи класста окуп жүргөндө эле таап ачып алган Григорий Льстивонун статуясынын артындагы эшик.
Фред менен Жорж өтө жагымдуу балдар, алар Крэбб жана Гойл жакындарынын коштоосундагы Малфой пайда болгонго чейин кеткенге үлгүрбөй калышты.
– Коштошуучу кечки тамагыбы, Поттер? Магляндияга поюз качан?
– Татынакайларыңдын жанында эр жүрөк экенсиң, - деди Гарри калбаат үн менен.
Албетте, Крэбб менен Гойлда эч кандай татынакайлыктын деле белгиси жок, бирок жакын жердеги Бийик Үстөлдө отурган толгон токой мугалимдердин көзүнчө Рон экөөнө болгону муштумдарын ичинен гана түйүүдөн башка арга жок болчу.
– Сени менен кандай учур болбосун күрөшүүгө даярмын, - деди Малфой. – Эгер коркпосоң, бүгүн кечинде. Сыйкыр дуэли. Эч кандай кошумча каражатсыз, жалгыз сыйкыр таякчалары менен. Сага не болду? Буга чейин сыйкыр дуэли тууралуу укпаганың көрүнүп турат.
– Албетте, уккан, - Рон аралашты, – Мен экинчи номери болом, а сеники ким?
Малфой өз коштоочуларын карады.
– Крэбб, - деп чечим чыгарды Малфой. – Түн ортосу, жарайбы? Олжолуудан жолугабыз; ал тыюу салынбаган жер.
Малфой кеткенде Рон менен Гарри бири-бирин тиктеди.
– Сыйкыр дуэли деген эмне? – деди Гарри. – Экинчи номер болгонуң эмне түшүндүрөт?
– Экинчи номер сенин ордуңду басышы керек, эгер сен өлүп калсаң, - кадыресе көрүнүш сыяктуу эле айтты Рон, пирогго колун сунуп, бирок Гарринин өзгөргөн түрүн байкай коюп, кошумчалады: – Бирок чыныгы дуэлдерде гана каза болушат, башкача айтканда, чыныгы сыйкырчылар менен болгон дуэлде. А силер Малфой экөөңөр жөн эле бири-бириңерге учкунду гана себелей аласыңар. Экөөңөрдө тең зыян келтирүүчү күчтүү магиянын күчү жок да. Ал сени баш тартат деп күткөн, мен буга толук ишенем.
– А эгерде мен таякчаны серпсем, анан эч нерсе болбой калсачы?
– Таякчаңды ыргытасың да, мурдунан ары бир коёсуң, - Рон ойлонгон жок.
– Кечиресиңер.
Балдар баш көтөрдү. Алардын алдында Гермиона Грэйнжер туруптур.
– Бизге тамак жегизишеби деги? – деди Рон ачуулана.
Гермиона ага кымындай да көңүл бурбастан Гарри менен сүйлөшүп кирди.
– Мен кокустан эле силердин Малфой менен сүйлөшкөн сөзүңөрдү угуп калдым...
– Ии тим эле, кокустан, - Рон күбүрөндү.
– Менимче, сен мектепте түн ортосунда уруксатсыз жүрбөшүң керек, өзүң деле ойлосоң, эгер сен кармалып калсаң, “Гриффиндор” канча упай жоготот? А сен сөзсүз кармаласың. Мындай кадамың жеке өзүңдү гана ойлогон өзүмчүлдүккө жатат.
– Бирок бул сага таптакыр тиешелүү эмес, - деди Гарри.
– Жакшы бар, - деп кошумчалады Рон.
Кандай болбосун, мындай кереметтүү күн үчүн жөн эле отуруп калуу татыктуу жыйынтык эместигин ойлоду Гарри, ал керебетте жаткан калыбында Дин менен Симустун уктагандарын тыңшады (Невилль изолятордо калган). Рон ага, “эгерде ал сага каргыш менен сыйкырлай турган болсо, тескери бурулуп кет, анткени мен аны кантип токтотуш керектигин унуттум”, – дегендей кеңештерин керээли кечке берди. Филчтин же миссис Нористин колуна түшүп калуу толук мүмкүн, Гарри өзүнө-өзү жооп берип жатты, ал бир күндө катары менен эки ирет мектеп эрежесин бузат. Бир четинен Малфойдун уятсыз, бетпак бети көз алдында, ал акмакты жекеме жеке чыгып тарбиялап коюудан үмүттөндү. Гарри мындай мүмкүнчүлүктү коё бербейт болчу.
– Он эки жарым, - акыры Рон шыбырады. – Кеттик.
Алар халаттарын кийип, таякчаларын алып, жашырынып уктоочу бөлмөдөн чыгышты, андан соң “Гриффиндордун” конок бөлмөсүнө келишти. Каминде жагылган от дагы деле бүлбүлдөп күйүп, андан тийген шоола жарыктар жыйналбаган отургучтарды уктап жаткан желмогуздарга окшотуп турду. Балдар сыртка чыгарчу портретке жакындап калышкан, кокустан эле жакын жердеги отургучтан каардуу, өктөм үн чыкты: “Ишене албай турам, сенин мындай кадамга барганыңа, Гарри!”.
Жарык жанды. Отургучта түнкү көйнөгү, күлгүн халаты менен Гермиона Грэйнжер отуруптур.
– Сен! – тынчсыздана жини келген Рон кыйкырды. – Бар укта!
– Мен аз жерден бардыгын байкеңе айтып салайын дедим, - кесе жооп берди Гермиона, – Перси деген староста да, ал мындайга жол бербейт болчу.
Гарри айраң калды, эмне үчүн бул дүйнөдө мынчалык тажаткан жабышчаак адамдар болот?!
– Кеттик, - деди ал Ронго. Гарри Семиз Эженин портретин жогору көтөрүп тешиктен өттү.
Бирок Гермиона оңой эле минтип жеңилип калгысы жок. Ал Рондун артынан долуланган каздай эле тешиктен чыкты.
– Сен таптакыр коллежиң жөнүндө ойлогон жоксуң, өзүңдү гана ойлоп, слизериндиктердин кубокту утуп кетишин каалабайм, а сен үчүн бардык упайларыбызды жоготобуз, анын ичинен профессор Макгонагаллдан кубултуу дубасынан алган упайымдын баарын жоготобуз.
– Кетчи.
– Жакшы, бирок силерге эскерттим, силер дагы менин сөздөрүмдү эстейсиңер, поюздан, силерди үйүңөргө кетирип жатканда. Силер деги кандай немесиңер...
Аларга кандай немелер экенин укканга буйрубады. Гермиона Семиз эженин портретин жылдырып, кайра артка конок бөлмөгө кирейин деди эле, бирок портреттеги эже кетип калыптыр. Семиз эже бош убакыттан пайдаланып конокко кеткен, а Гермиона гриффиндорлуктардын сепилинин сыртында калды.
– Эми мен эмне кылам? – Гермиона ичинен дүрбөлөң түшө туруп калды.
– Эмне кылсаң ошо кыл, - деди Рон. – Биз кетишибиз керек, ансыз деле кечигип жатабыз.
Алар коридордун аягына жеткенге чейин эле Гермиона аркаларынан жетип келди.
– Мен силер менен барам, - деди ал.
– Кереги жок.
– Силер эмне мени Филч келип кармап кеткенче күтөт деп турасыңарбы? Эгер кармаса үчөөбүздү тең кармайт, мен силерди токтоткум келгенин айтам, силер далилдеп бергиле.
– Жетишет ушунчалык бет тырмачылык кылган... – Рон кыйкырып баштады.
– Тынчтангыла, экөөңөр тең! – Гарри шыбырай кыйкырды. – Мен бир нерсе уктум.
Жакын жерден бышылдаган кызыктай үн угулду.
– Миссис Норрис? – деди Рон араң дем алып, караңгыда көзүн жүлжүйтө.
Бирок ал миссис Норрис эмей эле Невилль болчу. Ал пол үстүндө бүрүшүп уктап жатыптыр, бирок Гаррилер жакын келгенде чочуп ойгонду.
– Силер мени таап алганыңар жакшы болбодубу! Бул жерде канча отурганымды билбейм, жаңы жашыруун сөздү унутуп коюптурмун, ошол үчүн уктоочу бөлмөгө кире албадым.
– Акырын сүйлө, Невилль. Жашыруун сөз “торопойдун таманы” болчу, бирок ал сага эми жардам бере албайт, Семиз Эже бир жакка кетиптир.
– Колуң кандай болуп калды? – деп сурады Гарри.
– Жакшы, - Невилль колун көтөрдү. – Мадам Помфри бир секундда эле айыктырды.
– Эң жакшы, Невилль, биз азыр бир жакка барышыбыз керек, көрүшкөнчө...
– Мени таштабагыла! – Невилль жалдырады. – Жалгыз бул жерде кала албайм, Кандуу Барон бул жерден эки жолу өттү.
Рон саатын карап, андан соң түйшөлө Гермиона менен Невиллди карады.
– Эгер силер үчүн бизди кармашса, мен Квиррелл айткан Албарстыга каршы каргышты үйрөнүп, аны силерге каршы колдонмоюнча тынчыбайм, - деди.
Гермиона оозун ача, Ронго Албарысты каргышы жөнүндө билерин кабарлайм деди эле, кокустан Гарри катуу шыбырай тыйып, баарын өзү менен чогуу басууга ишарат кылды.
Ай жарыгы тийген чоң терезелүү коридордон араң угулган кадамдар менен төртөө бара жатышты. Коридордун ар бир бурулушунан кокустан Филч же миссис Норриско кездешип калууга Гарри өзүн-өзү даярдап баратты, бирок азырынча балдардын жолу шыдыр. Алар үчүнчү кабатка шашылыш чыгып, катарынан ээрчише уурдана Олжолууга кирип кетишти.
Малфой менен Крэбб келбептир али. Хрусталь олжо салынган шкафтар ай жарыгына жаркырап турду. Кубоктор, сооттор, курал-жарактар жана статуэткалар караңгыда алтын, күмүш түстө шооласын чачып турду. Балдар дубалга жакын чогулуп, бөлмөдөгү бардык эшиктерден көздөрүн албай карашты. Малфой караңгыдан чыга калып күтүүсүздөн дуэлди баштап жиберсе даяр турайын деп, Гарри сыйкыр таякчасын алып чыкты.
Убакыт өтө жай өтүп жатты.
– Кечигип жатат, мүмкүн коркуп кеткендир, - шыбырай божомолдоду Рон.
Кокустан чыккан кошуна бөлмөдөгү үн аларга чакчелекей салчудай болду. Гарри үн чыккан тарапка таякчасын көтөрдү, бирок үн Малфойдуку эмес болчу.
– Жыттаңыз, менин сүйүктүүм, алар бурчтарга жашынып калды го...
Бул Филч болчу, өзүнүн мышыгы миссис Норрис менен сүйлөшүп жаткан. Коркунучка кептелген Гарри жин тийгендей колун булгалап, баары анын артынан тез басуусун ишарат кылды; алар үн-сөзсүз кыбырай басып, Олжолуунун эшигинен чыгышты. Филчтин Олжолууга кирип келатканы угулганда Невиллдин көйнөгүнүн учу жаңы эле коридордун бурчунан жоголгон.
– Алар ушул эле жерде, - шектене чыккан үндү угушту, – Жашынып жатышат окшойт.
– Бул жакка! – Гарри шар айтты.
Коркконунан шашып-бушкан балдар курал-жарактар коюлган узун галереянын артына жашынышты. Буттардын үнүнөн Филчтин жакындап калганы билинди. Күтүүсүздөн Невилль бакырып коё берип, чуркап жөнөдү. Чуркайм деп тайып кеткен Невилль Ронду кармады, экөө ошол жерде турган бир аскердин жалтыраган курал-жарагынын үстүнө учуп түшүштү.
Калдыр-шалдыр чыккан үн сепилге жаңырды.
– КАЧТЫК! – Гарри бакырды.
Анан төртөө тең эч нерсени карабай, жадагалса Филч кууп келе жатабы, жокпу, иши болбостон баштары оогон жакка качып жөнөштү. Гарри алдыга түштү, ал каякка, кайсы жерде баратканын божомолдой да алган жок. Алар дубалга тартылган көшөгөнү жырып өтүшүп, жашыруун өтмөктө пайда болушту. Андан ары чуркаган бойдон Олжолуу бөлмөсүнөн бир нече миль алыстыкта жайгашкан дубалоо бөлмөсүнө кирип кетишти.
– Кетишти окшойт, - деди Гарри деми кыстыккан үнү менен муздак дубалга жанаша сүйөнүп чекесинин терин сүртө. Невилль бүк түшө, кышылдап дем ала отуруп калды.
– Мен... силерге.... айттым беле, - деди Гермиона үзүл-кесил, колун бөйрөгүнө басып, кысылган демин баса эңкейип, – Айттым беле силерге!
– Артка гриффиндор сепилине кайтыш керек, - деди Рон, – Болушунча эртерек.
– Малфой сени текшерди, - деди Гермиона Гарриге. – Сен муну түшүнүп жатсаң керек? Анын бул жакка келейин деген ою да жок болчу, ошентсе да Филч олжолууга бирөө-жарым келерин билген, ага Малфой өзү эле жеткирди.
Гермионанын айткандарына Гарри ичинен макул болсо да, сыртынан моюнга алгысы жок.
– Кеттик.
Бирок кетип калуу оңой болгон жок. Балдар он чакты кадам таштаганга да үлгүрбөдү, каалганын туткасы титиреп, жакын класстык бөлмөдөн так эле бет маңдайларына укмуштуудай нерсе октой учуп түштү.
Бул Пивз болчу. Ал балдарды көрүп кубанычтын кыйкырыгын салды.
– Акырын, Пивз, суранам, болбосо бизди чыгарып салышат.
Пивз кыжырды келтирип ыкшыңдай күлдү.
– Түн ортосунда сейилдеп жүрөбүзбү, биринчи класстар? Тц-тц-тц. Ким ордунда отургусу келбесе, ал кармалгандан да коркпойт.
– Биз кармалбайбыз, эгер сен бизди кармап бербесең. Суранабыз, Пивз.
– Бирок мен Филчке айтууга милдеттүүмүн, болгону милдеттүүмүн, - деди Пивз өтө кейиген түр менен, бирок анын көздөрү мазактай күлүп турду. – Бир гана силердин пайдаңар үчүн.
– Кач жолдон, - деди Рон, колу менен серпип, анын жини келип кетти.
– ОКУУЧУЛАР УКТООЧУ БӨЛМӨНҮН СЫРТЫНДА! – Пивз обонго салды. –ОКУУЧУЛАР УКТООЧУ БӨЛМӨНҮН СЫРТЫНДА, ДУБАЛАНГАН КОРИДОРДО!
Балдар Пивздун алдынан жөрмөлөп өтүшүп, коридордун аркы башындагы эшикти карай болгон күчтөрү менен чуркап бара жатышты, бирок эшик бек экен.
– Бүттү! – деди Рон дирилдеген үн менен, – Бүттү, биз кармалдык.
Аларга жакындан дүбүрт угулду, ал Филчтин Пивздун кыйкырыгынан улам шашыла келе жаткан дүбүртү болчу.
– Ой, тим эле, кайдан бүттү?! Кыймылда бол тезирек, - Гермиона шаштырды. Ал Гарринин колундагы сыйкыр таякчаны жулуп алып эшиктин дубалын такылдатып шыбырады: –Аллоомора!
Дубал кыймылдап, эшик шарт ачылды, алар каалганы кармай калышты да, бат-баттан ичкериге кирип эшикти жаап, кулактарын каалгага такай тыңшашты.
– Алар кайда качышты, Пивз? – деди Филч. – Айт тез!
– “Суранам” десең айтам.
– Жинди болбо, Пивз, айт дейм, алар кайда кетишти?
– “Суранам” демейинче, эч нерсе айтпайм, - зериктирди Пивз жагымсыз чоюлган үнү менен.
– Макул, суранам.
– ЭЧ НЕРСЕ! Ха-хааа! Мен “суранам” демейинче эч нерсе айтпайм дебедимби! Ха-ха-ха-ха! Хааа! – Анан балдар, ачууланган Филчти Пивздун ышкыра четке чыгып, каргап-шилеп, узатканын угушту.
– Бул эшик жабык деп ойлодубу ал? - шыбырады Гарри. – Демек, биз кармалбаганга дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар экен, менимче... жөнчү Невилль! – Жанатан бери Невилль Гарринин жеңинен тарткылап жаткан. –Эмне болду?
Гарри бурулду да эмне болгонун ийне-жибине чейин түшүндү. Бир секундда көргөнүнүн баары түшү деп ойлоп, анын көргөнү өтө эле чектен чыгып кеткен экен: эгер бүгүн кечинде болгондорду эсепке кошсок.
Анын божомолунда алар класстык бөлмөгө тиешеси жок коридордо турушту. Үчүнчү кабаттагы тыюу салынган коридор ал. Анын эмне үчүн тыюу салынганы эми гана түшүнүктүү болду.
Алардын көздөрүнө желмогуз-ит кадалып карап турган. Ит ушунчалык чоң экен, полдон шыпка чейинки бийиктикти ээлептир. Ал үч баштуу, чакчайган, кутурган үчтөн жуп көздүү. Чакырылбаган конокторду көздөй буусун чыгарган чоң таноолуу үч мурундуу; аңкая ачылган үч оозуна салынган жоон жиптен шилекейин чубуртуп селдейди.
Ит алты көзүн алайта дээрлик кыймылсыз турду. Алар дагы деле тирүү тургандарына желмогузду күттүрбөй капыстан пайда боло калышы себеп болгонун Гарри түшүндү. Ошентсе да желмогуздун тез эле өзүнө келип, килейген тулку боюнун ылдыйынан өйдө күн күркүрөгөндөй күрүлдөп баса калышы турган иш болчу.
Гарри каалганын туткасын кыса кармады, ал "же Филч, же өлүм" деген тандоонун биринчисин тандады.
Балдар кетенчиктей берип, артын карабастан каалгадан атып чыгышты, Гарри күч менен эшикти тарс жаап, баары чуркаган бойдон зуу коюшту, алар коридор менен тызылдап учуп бараткандай болушту. Филч аларды башка жактан издегени кеткенби, эч жерде көрүнбөйт, бирок балдар аны ойлошкон да жок. Алар бир гана нерсени каалашты – коркунучтуу желмогуз иттен болушунча алыс кетүү. Алар жетинчи кабаттагы Семиз эженин портретине жеткенче токтобой безелене чуркап келишти.
– Кайда жүрөсүңөр? – деди Семиз эже, балдардын шалпылдаган халаттары менен тынчсыздана тер куюлган кебетелерине шектүү карап.
– Маанилүү эмес, маанилүү эмес, "торопойдун таманы... торопойдун таманы", - деди Гарри деми кыстыга. Андан соң портрет четке карай ачылды. Балдар жалпы конок бөлмөгө шашыла кирип, титирешип креслолорго отура кетишти.
Алар өздөрүн колго алып, кепке келгенче көп убакыт өттү. Невилль өмүр бою тилден калчудай көрүндү.
– Алар эмнени ойлоп жатышат, мындай желмогузду мектепте кармап? – акыры Рон тилге кирди. – Мен тиги иттин ордунда болсом диетага отурмакмын.
Туруктуу дем алуу мүмкүнчүлүгү ызы-чуулуу мүнөзү менен кошо Гермионага кайтып келди.
– Эч кимиңер эч нерсе байкаган жоксуңар э?! – кыжырдана кыйкырды. – Силер эмне, тиги ит эмненин үстүндө отурганын көргөн жоксуңарбы?!
– Полдун үстүндөбү? – божомолдоду Гарри. – Буттарын караган жокмун, башын караганга эле жетишсең кандай.
– Жок, полдо эмес. Ал люктун капкагында отурат. Айдан ачык белгилүү, ал бир нерсе кайтарат.
Гермиона көздөрүн күйгүзө тура калды.
– Ойлонуш керек, силер өзүңөргө аябай ыраазысыңар. А бизди өлтүрүп коюшмак же андан да жаманы чыгарып салышмак. Бирок азыр, эгер каршы болбосоңор, мен уктаганы кеттим.
Рон анын артынан оозун ачып карап калды.
– Жок, биз каршы эмеспиз, - Рон күбүрөдү. – Биз аны күч менен алып кеткенсип...
Ошентсе да Гермионанын сөздөрү Гаррини ойлонууга мажбур кылды. Керебетке барып жатканда да Гарри катуу ойлонду, ит эмнени кайтарып жатат? Хагрид эмне деди? “Гринготтс” - бир нерсени сактоодо дүйнөдөгү эң коопсуз, ишенимдүү жай “Хогвартсты” эсептебегенде...
Жети жүз он үчүнчү бөлүкчөдөгү жалбыздуу таңгак табылды окшойт.
ОНУНЧУ БӨЛҮМ
Хэллоуин
Эртеси күнү таңында чарчаган түрлөрү менен Рон менен Гарри дагы деле мектепте, болгондо да шаңдуу маанай менен жүрүшкөнүн көргөн Малфой өз көзүнө ишенген жок. Чындыгында, эртеси үч баштуу желмогуз менен болгон жолугушуу коркунучтуу деле болбой калды, тескерисинче, кызыктуу, жадагалса алар дагы ошол сыяктуу окуяларга кездешүүнү каалашты. А Гарри Ронго Гринготтстан Хогвартска алынып келген табышмактуу таңгак жөнүндө көргөндөрүн кенен айтып бергенде, алар андан бетер көп убактысын ойлонууга кетирип, мынчалык жашыруун көзөмөлгө алынган ал эмне болгон таңгак?
– Ал таңгактагы аябай баалуу же аябай кооптуу нерсе, - ишенимдүү айтты Рон.
– Же ал баалуу дагы, кооптуу дагы, - Гарри кошумчалады.
Бирок ал табышмактуу таңгакты мүнөздөгөн бир гана анын алакандай көлөмү болчу, андыктан ал эмне экенин божомолдоп табууга мүмкүнчүлүк жок.
Гермиона деле, Невилль деле ит кайтарган люктун астында эмне барына кызыккан бир да сөз айтышкан жок. Невиллдин каалаганы экинчи желмогуз жаныбарга жолобоо болду.
Гермиона Гарри жана Рон менен сүйлөшүүдөн баш тартты, бирок ал баарын билгич жана көйрөң болчу, андыктан Гаррилер анча деле кабатыр болушкан жок. Бирок алар Малфойдон аябай өч алгылары келип амал издешти, кудай жалгап мындай амал дагы бир жумадан кийин почта аркылуу кошо келди.
Адаттагыдай эле эртең менен үкүлөр Чоң Залды каптап учуп келишкенде бардыгынын көңүлү узун, ичке кутуну көтөрүп катуу "үүлөп" учуп келе жаткан алты чоң үкүгө бурулду. Гарри да башкалар сыяктуу кутуга көзү тигилип, ичинде эмне барын ойлонуп карап турганда, үкүлөр түз эле Гарриге келип тизесине кутуну таштаганда көздөрү алайды.
Үкүлөр эки жакка учуп кеткенче артынан дагы бир үкү кутунун үстүнө кат таштап кетти.
Гарри чыдамсыздык менен биринчи кезекте катты окуюн деп конвертти ачканга шашылды, ал туура эле кылыптыр, анткени ал жакта мындайча жазуу бар экен:
“АМАНАТТЫ ҮСТӨЛДӨН АЧПА”
"Кутуда “Нимбус 2000” бар, бирок баардык балдар сенин шыпыргың бар экенин билишин каалабайм, эгер көрүп калышса баары жеке шыпыргылары болуусун суранышат. Оливер Вуд бүгүн сени саат жетиде квиддич спорт аянтчасынан биринчи машыгууга күтөт".
Профессор Макгонагалл
Гарри кубанычын күч менен жашырып, катты Ронго жылдырды.
– “Нимбус 2000”! – деди Рон суктануу менен. – Мага аны кармап көрүүгө да мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Алар эртерек эле эч ким жок жерге барып, биринчи сабакка чейин кутуну ача салалы деп шашыла Чоң Залдан чыгып, бирок жогору жакка көтөрүлүүчү жол Крэбб менен Гойл тарабынан жабылыптыр. Малфой кутуну Гарриден жулуп алып, аны сыйпалап көрдү.
– Шыпыргыбы, - деди ал ичи күйүп. Кыжыры келген түр менен кутуну кайра Гарриге түртө салды, – Бул сага белекке жарабайт, Поттер, биринчи класстарга шыпыргы алганга катуу тыюу салынган.
Рон өзүн кармана албады.
– Байкасаң бул каяктагы бир эски ыпыр эмес, - какшыктай баштады Рон, – Бул “Нимбус 2000”. Сен үйүмдө эмне бар деп жаттың эле? “Комета 260” беле? – Рон Гарри экөө бири-бирин карап алышты. – Алар албетте, жаман эмес, бирок... бул таптакыр үлгүгө кирбейт.
– Сен эмнени билип коюпсуң, Уизли, ата-тегиң “Кометага” тырмагынын учун да тийгизе алышпайт, - Малфой кем калышкан жок. – Коркпо, силер шыпыргыңарды токойдогу куу чырпыктардан эле чогултуп аласыңар.
Рон ага жооп бергенче Малфойдун артынан профессор Флитвик пайда болду.
– Балдар, силер урушкан жоксуңарбы? – ал ичке үнү менен сурады.
– Поттерге шыпыргы жөнөтүшүптүр, профессор, - Малфой дароо эле даттанып кирди.
– Билем, билем, - жымыңдаган көздөрү менен жайдары жооп берди профессор Флитвик, – Профессор Макгонагалл өзгөчө кырдаалдын барын айтты, Поттер. Кана, кайсы үлгү экен?
– “Нимбус 2000”, сэр, - деди Гарри, Малфойдун маанайы түшүп, кыжырданган кебетесин көрүп, кыйынчылык менен күлкүсүн жашырды. – Эгер Малфой болбосо эч качан муну ала албайт болчумун, - деп кошумчалады Гарри муңайымдуу.
Гарри менен Рон жандары жай ала күлүп, жогору көтөрүлүштү. Малфой эч нерсе түшүнбөдү, бирок баарыбир укмуштай ичи күйдү.
– А бирок бул чын да, - деди Гарри алар мрамор тепкичтин үстүнө жеткенде. – Эгер ал Невиллдин Эстеткичин көтөрүп кетпегенде, мени командага алышпайт болчу...
– Анан эми сен эрежени бузуу дайыма сыйлыкка алып келет деп эсептейсиңби? – арт жактан ачууланган үн чыкты. Гермиона тепкичтен чыгып келатып, Гарринин колундагы кутуну карап айтты.
– Сен биз менен сүйлөшпөй жаттың беле? – Гарри эскертти.
– Эми деле сүйлөшпөй эле кой, - Рон кеңеш берди, – Бизде ансыз деле баары жакшы.
Гермиона мурдун чүйүрө жандарынан өтүп кетти.
Бул күнү Гарри сабактарына көңүл бурууга болгон күчүн жумшады. Ал ою менен керебеттин алдында өзүн күткөн шыпыргыга чуркап барып, квиддич аянтчасына биринчи машыгуусуна жетип барды. Кечки тамакта эмне жегенин да байкабады, акыры кутудагы “Нимбус 2000ди” ачаар мезгил да келди, алар Рон экөө жогору карай чыгып кетишти.
– Укмуш, - деди Рон оозун ача, шыпыргы Гарринин керебетинин үстүндө ачылганда.
Жадагалса шыпыргынын үлгүлөрү жөнүндө эч кандай кабары жок Гарри шыпыргысынын чыныда эле теңдеши жок, мыкты шыпыргы экенин түшүндү. Сабы ичке, жалтырак, кызыл жыгачтан жасалып, куйругу кургатылган чырпыктардан тандалып чогултулуптур, зымпыят. Сабынын жогору жагында “Нимбус 2000” деп жазылыптыр.
Гарри саат жетилер чамасында күүгүм талаш сепилден чыгып, квиддич аянтчасына жөнөдү. Буга чейин бир да жолу стадионго барып көргөн эмес. Трибунадагы отургучтар абадагы оюнду көрүү үчүн аябай бийик жайгаштырылыптыр. Оюн талаасынын эки тарабында тең башы илмектүү үчтөн алтын шырык тургузулуптур. Шырыктарды көргөн Гарри, маглдардын балдары самын көбүкчөлөрүн үйлөп чыгара ойногон, кичинекей, башы шакекче түрүндөгү пластмасса таякчаларды элестетти, болгону бул шырыктар элүү метр бийиктикте болчу.
Гарри аябай учкусу келип Вудди күтпөстөн шыпыргысына минди да, жерден көтөрүлдү. О кудай, бул эмне деген сезим, ал бир нече жолу шырыктардын шакекчелеринен учуп өтүп, андан соң оюн талаасын кыдыра учту. “Нимбус 2000” жеңил, кылдат кол тийимге жооп кайтарып, Гарри каалаган тарапка дароо бурулуп жатты.
– Эй, Поттер, түш!
Оливер Вуд келди. Ал чоң кутуну колтугуна кыса кармап турат. Гарри анын жанына келип конду.
– Эң сонун, - деп мактады Вуд жымыңдаган көздөрү менен, – Эми түшүнөм, профессор Макгонагалл эмне жөнүндө айтканын... сен чынында табиятыңдан учууга жөндөмдүү экенсиң. Мен сага болгону оюндун эрежесин гана үйрөтөм, аны бүгүн үйрөнөбүз, андан кийин сен жумасына үч жолу команда менен чогуу машыгасың.
Ал кутуну ачты. Кутуда ар кандай өлчөмдө төрт топ бар экен.
– Демек, мындай, - деп баштады Вуд, – Квиддичтин эрежеси аябай жөнөкөй, ошентсе да ойноо балким жеңил эмес. Оюнда эки команда болот. Ар бир командада жетиден оюнчу. Алардын үчөө Аңчылар деп аталат.
– Үч Аңчы, - кайталады Гарри, а Вуд кутудан ачык кызыл түстөгү шайбанын өлчөмүндөй топ алып чыкты.
– Бул топ Кваффл деп аталат, - түшүндүрдү Вуд. – Аңчылар бул топту бири-бирине ыргытышат, шакекчелердин бирине киргизүүгө аракет кылып, киргизилген гол үчүн он упай берилет. Азырынча баары түшүнүктүүбү?
– Аңчылар упай алуу үчүн Кваффлды шакекчеге ыргытышат, - кайталады Гарри, – Башкача айтканда, бул оюн шыпыргы жана алты шакекчеден турган баскетбол сыяктуу турбайбы.
– А баскетбол деген эмне? – кызыгуу менен сурады Вуд.
– Маанилүү эмес, - шашыла жооп берди Гарри.
– Андан ары. Ар бир командада Сакчы аталган оюнчу болот, мисалы “Гриффиндордун” Сакчысымын. Мен шакекчелерди айлана учуп, башка командага топ киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербешим керек.
– Үч Аңчы, бир Сакчы, - деди Гарри кайталап, баарын дароо жаттап калууга аракеттенди. – Алар Кваффл менен ойношот. Мен муну жаттап калдым. А булар эмнеге керек? – ал калган үч топту көргөздү.
– Азыр көрсөтөм. – деди Вуд. – Мына муну ал.
Ал Гарриге кичинекей, кыска бейсболдун клюшкасындай таякчаны берди.
– Мен азыр Чабуулчулар эмне кыларын көрсөтөм. Бул эки топ Чабуулчулар деп аталат.
Ал кызыл Кваффлдан бир аз кичине эки окшош көмүрдөй кара топту көргөздү. Гарриге ал кутудагы топтор кармалып турган тасмадан жулунуп чыгууга тыпырап жаткандай көрүндү.
– Четке чыгып тур, – деп эскертти Вуд. Өзү жерге чөгөлөй бир Чабуулчуну бошотту.
Чабуулчу топ бошонор замат көкөлөй көтөрүлүп барып кайра түз эле Гаррини көздөй зуу койду. Гарри так эле бет маңдайына келе жаткан топту колундагы клюшка сымал таяк менен урду, топ жогору көтөрүлүп балдардын башынан айланды да, Вудди көздөй багыт алды. Ал топко жүткүнө барып, топту курсагы менен басып жыгылды.
– Билесиңби? – кыйнала сүйлөдү Вуд, учуп чыгууга тыпыраган Чабуулчуну күч менен кармап кутуга коопсуз кыла байлап, – Чабуулчулар айлананы тегеректеп, оюнчуларды шыпыргыдан кулатууга жардам берет. Ошондуктан ар бир командада экиден Коргоочу болот, биздин командадагы Коргоочулар эгиз Уизлилер, алардын милдети өз командасын Чабуулчулардан коргоп, Чабуулчуларды башка командага багыттоо. Кана, бары түшүнүктүүбү?
– Үч Аңчы Кваффлдын жардамы менен гол киргизүүгө аракет кылып, Сакчылар шакекчени кайтарат. Коргоочулар Чабуулчуну өз командасынан алыс кармоого аракеттенишет, - Гарри баарын санап өттү.
– Эң сонун! - Вуд мактады.
– Чабуулчулар бирөө-жарымды өлтүргөн учур болду беле? – деп сурады Гарри, берген суроосу акылсыз угуларынан шек санабай.
– “Хогвартста” эч качан. Жаактарын бир жолу сындыргандар болгон, бирок андан жаманы болгон эмес. Эми командадагы жетинчи оюнчу – Тыңчы. Ал сен. Сен Кваффлга дагы, Чабуулчуга дагы кабатыр болбо...
– Эгер алар менин башымды сындырып салышпаса.
– Коркпо, эгиз Уизлилер Чабуулчулар менен тең ата турушат, эми мындайча айтканда алар өздөрү эле тирүү Чабуулчулардай.
Вуд кутудан эң акыркы төртүнчү топту алып чыкты. Ал Кваффл менен Чабуулчуларга салыштырганда өтө кичинекей, грек жаңгагындай эле экен. Топ жаркыраган алтын түстүү, эки капталында күмүш канаттары бар экен.
– Бул, - деди Вуд, –Алтын Айлакер. Эң негизги топ. Бул топту кармоо өтө кыйын, анткени аябай тез учат. Аны көрүүгө дээрлик мүмкүн эмес. Тыңчынын милдети бул топту таап, кармаш керек. Сага Аңчылардын, Коргоочулардын, Чабуулчулардын жана Кваффлдын араларынан сая өтүп издөөгө, башка команданын Тыңчысынан мурда кармоого туура келет. Анткени эки Тыңчынын бири Айлакерди кармаган командага кошумча жүз элүү упай алып келет, бул дээрлик оюн аяктады дегенди билдирет. Ошондуктан дайыма адилетсиз оюн үчүн Тыңчыларды күнөөлөшөт. Квиддич оюну Айлакер кармалганда гана токтотулат, мындан улам кылымдар бою ойной берсе болот, эң узак ойнолгон оюндук рекорд үч ай болсо керек, оюнчулар уктап эс алышы үчүн аларды алмаштырууга туура келген. Мына ушундай. Суроолор барбы?
Гарри баш чайкады. Ал эмне кылышты түшүндү, бир гана аларды кантип кылыш керектигин түшүнүү калды.
– Биз азыр Айлакер менен машыкпайбыз, - Вуд топту кылдаттык менен кутуга жайгаштырды, – Караңгы кирип, жоготуп алышыбыз мүмкүн. Кел, муну менен көрөлү.
Ал чөнтөгүнөн кадимки голфьтун топтору салынган баштыкты алып, бир нече мүнөттөрдөн кийин алар абага көтөрүлдү. Вуд болушунча топту жогору ыргытып жатты, а Гарри аны кармоого аракет кылды.
Ал бирөөсүн да колдон чыгарган жок, баарын кармап, Вуддин кубанычында чек жок. Дагы жарым саат өткөндөн кийин караңгы кирди, оюнду улантуу мүмкүн болбоду.
– Бул жылы квиддич кубогу биздин атыбыздан жеңилип алынат, - деди Вуд кубанычтуу үн менен сепилге баратып. – Эгер Чарли Уизлинин өзүнөн да мыкты ойносоң таң калбайм, ал Англиянын курама командасында ойномок, эгер шайтан алгыр, ажыдаардын мүйүзүн кармоого кетпесе.
Үй тапшырмасы катарында оюнга жумасына үч жолу машыгып, андан тышкары сабактары менен алпурушкан Гарри “Хогвартскка” келгенден бери эки ай кантип өткөнүн байкабай калды. Сепил ал үчүн Бирючин аллеясынан караганда абдан жакын, өз үйүндөй. Сабактар да аябай кызыктуу, анын үстүнө ар түрдүү чеберчилик негиздерин өздөштүргөндөн кийин бардыгынын кызыгына кирди.
Байкатпастан Хеллоуин кирип келди. Эртең менен ойгонгон балдар коридорго чейин буркураган ашкабак жытын сезишти. Мындан дагы жагымдуусу, дал ошол күнү дубалоо сабагындагы профессор Флитвиктин жарыясы болду, анын ою боюнча нерселерди абага учурууга класс даяр, балдар бул жаңылыкты профессордун колу Невиллдин бакасына жаңсалып, ал абада ракетадай айлана учкан күндөн бери чыдамсыздык менен күтүшкөн. Сабактын бул бөлүгүн үйрөнүш үчүн профессор Флитвик классты экиден жупка бөлүштүрдү. Гарриге Симус Финниган туш келди (Гарри жеңилдей түштү, жанатан бери өзүн карап турган Невиллди байкабаганга аракеттенип). Ал учурда Ронго Гермиона Грэйнжер менен иштешүүгө туура келди. Бул чогуу иштешүүдөн Рондун же Гермионанын кимиси көбүрөк нааразы болгонун айтуу кыйын. Ал Гарриге шыпыргы жөнөтүлгөндөн бери алар менен сүйлөшө элек болчу.
– Биз силер менен буга чейин машыккан, кырк муундун кереметтүү бурулуусун жасаганды унутпагыла! – деди чыйылдаган үнү менен профессор Флитвик жыйылган китептердин үстүнө чыгып алып. – Дароо жеңил силкийбиз, эстеп калдыңарбы? Серпүү жана силкүү. Андан тышкары эң негизгиси, сыйкыр сөздү туура айтуу. “Н” тамгасынын ордуна “в” тамгасын айтып алып, башы уйга айланган Баруффьо сыйкырчыны унутпагыла.
Берилген тапшырма өтө кыйын экен. Гарри менен Симус таякчалары менен дароо силкип жай серпишти, бирок берилген куштун бир тал канаты учмак турсун ордунан да кыймылдабай, үстөлдө жатты. Симус чыдабай кетип канатты сыйкыр таякчасы менен чукуп жибергенде, ал өрттөнүп кетти. Гарри өрттү башындагы шляпасы менен өчүрүүгө аргасыз болду.
Кошуна партада отурган Рон дагы өзгөчө деле ийгиликке жете албады.
– Вингардиум Левиоза! – Рон узун колун жел тегирмендей чимирилте, кокустан эле кыйкырып жиберди.
– Сен туура эмес айттың, - Гермиона урушту. –“Вин-гар-диум Леви-о-за”, “гар” деп айтыш керек, созулган күү менен кетиши керек.
– Анда өзүң айт, ушунчалык акылдуу болсоң, - жини келд Рондун.
Гермиона узун мантиясынын жеңин түрүп, шымалана таякчасын колуна алып:
– Вингардиум Левиоза! – деди
Куштун бир тал канаты партадан көтөрүлүп, төрт футтай жогору каалгып, балдардын үстүндө айланды.
– Эң жакшы! – сүйүнө кол чапты профессор Флитвик. – Баарыңар мисс Грэйнжерди карагыла, ал жасай алды!
Сабактын аягында Рондун сиркеси суу көтөрбөй калды.
– Баары аны жек көргөнү таң каларлык деле эмес, - деди ал Гарриге, окуучуларга толгон коридордо кетип баратышканда, – Чын айтам, бул кыз эмес эле желмогуз.
Гаррини кимдир-бирөө жиреп, түртүп өттү, ал Гермиона экен. Гарри анын жүзүн кокустан карап таң кала, жүзүн жууган жашты көрдү.
– Сенин сөздөрүңдү угуп койду окшойт.
– Укса эмне кылайын? –корс этти Рон, анткен менен Рондун түрү кабатырланган абалга өтүп, Гермионанын ушул убакка чейин достору жогун байкабай койбогондур.
Гермиона кийинки сабакка келген жок, күндүн экинчи жарымында да көрүнбөдү. Чоң Залга Хеллоуинди майрамдоо үчүн бараткан Рон менен Гарри, жолдон Парватти Патил курбусу Лавандага аябай таасирлене, Гермионанын дааратканада эч кимди көргүсү келбей жалгыз калтыруусун суранып ыйлап отурганын айтып жатканын угуп калышты. Рон андан бетер оңтойсуз абалда калып, бир мүнөттөн кийин Чоң Залга кирип барышты. Майрам шаңы аларды дароо эле Гермионаны унуттурду.
Миңдеген тирүү жарганаттар канаттары менен кол чаап шыптарда, дубалдарда чынжырдай тизилип кооздук берип турушту. Ошол эле учурда миңдеген ашкабактардын ичине жарык күйгүзүлүп, шыптан ылдый үстөл үстүндө илинип, Залдын ичин сырдуу күңгүрт жарык толтуруп турат. Жомоктогудай тамак-аштар окуу жылынын башталышындагы кечедегидей эле алтын тарелкаларда күтүүсүздөн пайда болду.
Гарри оозуна боор картөшкөсүн салганда, Залга коркунучтуу бузулган түрү менен башындагы селдесин кыйшайта профессор Квиррелл кирди. Отургандардын баары карап калышты. Ал түз эле профессор Дамблдор тарапка барып, бийик турган үстөлгө жөлөнө калып, оор дем ала күйүккөн деми менен айтты:
– Тролль, жертөлөдө, сиз муну билишиңиз керек деп ойлодум.
Андан соң эси оой текчеден полго түштү. Дүрбөлөң түшүп калышты. Тынчтыкты сактоо үчүн Дамблдордун сыйкыр таякчасынан чыккан бир нече сүрдүү, кочкул кызыл фейерверктер жардамга келишти.
– Старосталар! Ар кимиңер өз коллежиңерди уктоочу бөлмөлөргө алып баргыла! Тез!
Перси кадимки адатына өттү.
– Артыман баскыла! Биринчи класстар, чогуу! Мени уккула, болду, эч кандай тролль бизди коркута албайт! Эми мындай. Артыма жашынгыла да калбай баскыла! Эй, биринчи класстарды өткөрүп жибергиле! Өткөргүлө дейм, мен старостамын!
– Тролль мектепке кантип кириптир? – деп суралы Гарри, тепкичке жеткенде.
– Кайдан билем! Негизи троллдор жеткен макоо келишет. Мүмкүн аларды Пивз коё бергендир, майрам үчүн?
Алардын жанынан топтошкон окуучулар ар тарапка шашыла жүгүрүштү. Хуффльпуффтук окуучулардын арасында жөөлөнүп, түрткүлөнүп бараткан Гарри күтүүсүздөн Рондун жеңинен тарта токтотту:
– Уксаң, мен кокустан эстеп кеттим, Гермиона.
– Эмне Гермиона?
– Анын троллдор тууралуу кабары жок да.
Рон эринин тиштеди.
– Мейличи, эмне болсо дагы! – бир чечимге келди. – Бирок Перси бизди байкабашы керек.
Алар хуффльпуффтардын тобуна өрдөктөй чумкуп кирип, каршы тарапты көздөй эңкейе жүгүрүп, кыздардын бөлмөсү тараптагы коридордун бош тарабына өтүштү.
Бурчка барып араң жашынган алар шашыла баскан кадамдарды угушту.
– Перси! – деди Рон корккон үн менен шыбырап, Гарринин артына жашынган бойдон.
Бирок бурчтан акырын баштарын чыгарып, алар Персини эмес, Злейди көрүштү. Профессор коридордон өтүп, көз ирмемде жок болду.
– Ал бул жакта эмне кылып жүрөт? – Гарри таң калды. – Эмне үчүн башка мугалимдердей жертөлөгө барган жок?
– Оңоюраак нерсе сурачы.
Алар болушунча жай кадам менен коридор аркылуу Злейдин артынан аңдып жөнөштү.
– Ал үчүнчү кабатка барат, - деди Гарри, бирок бул маалда Рон колун кармап жиберди:
– Жыт чыгып жатабы?
Гарри мурдун тартты эле, мурдуна сасыган жыт келди. Мындай жыт коомдук дааратканадагы көптөн бери жуулбаган байпактан гана чыгышы мүмкүн.
Мына ошол жерден алар жай угулган айкырык жана жерди сүрө баскан зор буттун үнүн угушту. Тилден калган Рон колу менен коридордун сол жагын көрсөттү, коридордун аркы башынан аларды көздөй укмуштуудай нерсе жакындай берди. Балдар корккон көздөрүн алайтып, тиги укмуштуу айдын жарыгынан кантип көрүнүп, кантип басып келатканын дубалга жабыша карап турушту.
Бул өтө эле үрөйдү учурган көрүнүш болчу. Троллдун бою он эки фут, териси сыйрып алынгандай, жалаң эти калган денедей жийиркеничтүү бозомук-көгүш тартып, ал денеде кокос жаңгагындай таз башы бар экен. Чеңгели дөңгөчтөй калың, манжалары кыска, ал эми тырмактары оркоюп өскөн. Андан чыккан сасык жыт түшүнүксүз буркурайт. Ал колуна чоң, узун, калың жыгач союлду көтөрүп алыптыр, колунун сөлдөйүп узундугунан тиги союл артында жерде сүйрөлөт.
Тролль бир бөлмөнүн каалгасына токтоп, ичине баш бакты. Ал кымындай мээсин иштеткенге аракеттенди, узун кулактары менен тыңшай калып, босогодон жай аттады.
– Ачкыч каалгада, - күбүрөдү Гарри, – Биз аны ошол жакка кулптап салсак болот.
– Оюң жакшы, - Рон кабагын катуу бүркөп, коркконун жашыра албай кубаттады.
Алар дубалга жабыша басып, сепилдин бөлмөсү тарапка жылышты, тролль чыгып калбаса экен деп корккондорунан ооздору кургады. Ачык каалгага жакындашты калчылдап. Гарри каалгага бир секирип эшикти тарс жаап, кулптаганга жетишти.
– Болду!
Жеңишке жетишкен экөө коридор менен артка кетүүгө камынып, бирок угулган үндөн улам бурчка жеткенге да үлгүрбөй, ачуу кыйкырыктан аз жерден жүрөктөрү токтоп кала жаздады. Ал ачуу кыйкырык жаңы эле экөө кулптаган бөлмөдөн чыкты.
– Жок! – Рон катуу үшкүрүнүп, Кандуу Барондой боппоз кубарды.
– Бул даараткана да! – кокустан эсине түшүрдү Гарри.
– Гермиона!!! – экөө жарыша кыйкырды.
Бул жарыкта алар ушул ысымды баарынан эң аз атоону каалашты, башка арга калган жок. Экөө жүгүрө бурулуп кайра каалгага келип, коркунуч менен дүкүлдөгөн жүрөктөрүн басууга аракеттенип ачкычты бурашты. Гарри эшикти түрттү, андан ары ичине киришти.
Гермиона Гренжэр мына-мына эси ооп жыгылчудай түрү менен айласыз кетенчиктей дубалга жабышты. Тролль дубалдагы жуунгучтарды калдырата сүзүп, кайра жолго түштү.
– Аны алаксытыш керек! – деп кыйкырды Гарри, андан соң суу агып кетиш үчүн кранга тыгылган чүпүрөктү жулуп, сууну болушунча шаркыратып дубалга чачты.
Тролль бир нече метр Гермионага жетпей токтоду. Ал эпсиз калдайып кайрылды да, көздөрү алайып, добуш кайдан чыкканын билүүгө аракеттенип, айланасын карады. Акыры кичинекей кутурган көздөрү Гарриге такалды. Тролль бир аз ойлонуп, андан соң кыймылга келип, Гарри тарапка союлун сүйрөй басты.
– Эй, акмак, мээси жок капкак! – деп бакырды Рон, бөлмөнүн аркы башынан.
Троллду темир түтүк менен бир урду. Түтүк троллдун ийинине тийди, бирок ал сезип да койгон жок, ошентсе да Рондун кыйкырыгын угуп, дагы ойлонуп калды. Гарриге аркасынан кирүүгү мүмкүнчүлүк берип, тумшугун Рон тарапка жийиркеничтүү бурду.
– Бол, кач, бол дейм! – кыйкырды Гарри Гермионага. Аны эшикти көздөй алып чыгууга даярданып, бирок кыймылдоого чамасы келген жок. Дагы деле оозун ачкан бойдон дубалда жабышкан абылында тура берди.
Кыйкырык, ызы-чуулуу жаңырыктан тролль жинди болуп кетти. Ал кайра өкүрүп, баарынан жакын жана эч жакка кача албай турган Ронду көздөй кадам таштады. Гарри бир учурда акылсыз да, эр жүрөктүүлүк да кадамга барды; чуркап барып троллдун далысына секирип, желкесинен кучактады. Тролль мойнунда асылып жүргөн Гаррини сезген жок, бирок мурдунун таноолоруна узун, жыгач бирдемени сайгылап жатканын туйгандай болду. Гарри колундагы сыйкыр таякчасын бекем кармап, көп ойлонбостон желмогуздун таноолоруна тыгып жиберди.
Оорусунан өкүргөн тролль теңселе айланып, колундагы союлу менен серпип булгалады, Гарри болсо анын моюнунда өмүрү менен күрөшүп жатты. Тролль аны каалаган учурунда ыргытып жибериши же союлу менен бир чаап өлтүрүп коюшу мүмкүн эле.
Гермиона коркконунан полго шыпырылып барып отуруп калды. Рон сыйкыр таякчасын алып чыгып, эмне айтаарын өзү түшүнбөй, оюна биринчи келген сыйкыр сөздү кыйкырып жиберди: “Вингардиум Левиоза!”
Союл троллдун колунан чыгып, абага көтөрүлдү, андан соң жай бурулуп келип өз ээсинин башына “даңк” эте кулап түштү. Тролль жайлатылган съемкадай теңселе туруп калды, андан соң чалгы менен чапкандай бети менен күп түштү. Жерге тийген соккудан пол менен дубалдар титиреп кетти.
Гарри өйдө болду. Анын бүткөн бою титиреп, аба жетпей туруп калды. Рон жогору көтөрүлгөн таякчасын ошол калыпта кармаган бойдон өзүн эмне кылып жибергенин билип-билбей, ишенип-ишенбей, алайган көзү менен карап турду.
Гермиона биринчи болуп сүйлөдү.
– Ал өлдүбү?
– Билбейм, - деди Гарри, – Эси ооп калды окшойт.
Ал троллдун таноосунан сыйкыр таягын сууруп чыкты эңкейип. Таякча коюу боз түстөгү клейге окшогон былжырга оролуп калыптыр.
– Беее, троллдун чимкириги.
Ал таякчаны троллдун кыска шымына сүртүп тазалады. Күтүлбөстөн балдардын башын көтөрүүгө мажбур кылган, эшиктин шарт эте ачылганы, катуу басып келе жаткан буттардын үнү угулду. Алар канчалык ызы-чуу чыгарып жиберишкенин билишкен жок, бирок алды жактан ушул сыяктуу соккулар жана троллдордун өкүрүктөрү чыкты. Бир көз ирмемден кийин бөлмөгө профессор Макгонагалл жулунуп кирип келди, артынан Злей пайда болду. Злейди Квиррелл ээрчип келди. Квиррелл троллду бир эле жолу карап, аба жетпеген кыйкырык сала унитаздын үстүнө жүрөгүн мыкчып отуруп калды.
Злей троллго чөгөлөй отуруп карады. Профессор Макгонагалл Гарри менен Ронду карады. Гарри анын мынчалык ачууланган түрүн көргөн эмес. Жадагалса эриндери бозоруп кетиптир. “Гриффиндор” үчүн элүү упай алуу үмүтү Гарринин жүзүнөн заматта жоголду.
– Силер эмнени ойлодуңар? – деди профессор Макгонагалл ачууланган үнү менен. Гарри дагы деле таякчасын өйдө көтөрүп турган Ронду карады. – Дагы жакшы, ал силерди өлтүргөн жок. Эмне үчүн уктоочу бөлмөңөргө барган жоксуңар?
Злей Гаррини жеп жиберчүдөй карады. Гарри полду тиктеди. Азыр анын каалаганы –Рондун эртерек эле таякчасын ылдый түшүрүүсү.
Ошол жерден алсыз үн чыкты:
– Суранам, профессор Макгонагалл, алар мени издеп келишкен.
– Мисс Гренжэр!
Акыры Гермиона өйдө болуп бутуна турду.
– Мен троллду издеп чыккам... Мен... мен өзүм эле баарын жасайм деп ойлогом... билесизби, мен алар жөнүндө окугам...
Рондун колунан таякчасы ыргып кетти. Гермиона Гренжэр ушунча да мугалимге көз көрүнөө калп айтабы?
– Эгер алар мени таап алышпаганда, өлмөкмүн. Гарри троллдун мурдуна таякчасын тыгып жиберди, а Рон троллдун союлу менен анын эсин оодарды. Алардын жардам чакырууга убактысы жок болчу. Бул жакка кирип келишкенде, тролль мени өлтүрөйүн деген.
Гарри менен Рон бул окуя үчүн жаңылык эместей түр көрсөтүүгө аракеттеништи.
– Андай болсо...- профессор Макгонагалл үчөөнө дыкат кадалды, – Мисс Гренжэр, тоолук троллдор менен жалгыз салгылашуу сиздин оюңузга кантип келди? Бул не деген акылсыздык?
Гермиона башын жерге салды. Гарри тилин жутуп алгандай жым. Эч качан эрежени бузбаган Гермиона аларды сактап калуу үчүн эрежени бузгандай түр көрсөттүбү? Бул Злейдин кокустан эле таттуу таратып баштаганындай көрүнүш да. Кантип ушундай болсун?
– Мисс Гренжэр, бул үчүн “Гриффиндордон” беш упай кемитилет, - деди профессор Макгонагалл, – Сизден мындайды күткөн эмесмин. Эгер сиз эч кандай жаракат албаган болсоңуз, Гриффиндордун сепилине жөнөңүз. Окуучулар майрамдык тамакты өз корпустарында жеп жатышат.
Гермиона кетти. Профессор Макгонагалл Гарри менен Ронго бурула карады.
– Эмесе мындай, мурдагыдай эле силер болгону жолдуу чыктыңар деп эсептейм, ошентсе да биринчи класстардын көпчүлүгү мындай чоң тоо троллуна каршы чыгууга батына алышпайт болчу. Ар бириңер коллежиңер үчүн бештен упай топтодуңар. Мен Дамблдорго бул жөнүндө кабарлайм. Кете берсеңер болот.
Балдар шашыла дааратканадан чыгып, эки кабат жогору көтөрүлгөнчө унчугушкан жок. Башкасын айтпаганда да троллдун буруксуган сасык жытынан кутулган жакшы болду.
– Биз он упайдан да жогору иш жасадык, - деди Рон.
– Беш упай, Гермионаны жазалады да.
– Ал азамат, бизди мактады, - моюнуна алды Рон, – Бирок анын өмүрүн сактап калдык да.
– Балким, биз аны тролль менен чогуу камап салбаганда сактоонун деле кажети калмак эмес, - деп эскертти Гарри.
Алар Семиз эженин портретине келишти.
– "Торопойдун таманы", - ичкери киришти.
Конок бөлмө ызы-чууга толуп, эл көп экен. Баары жогору жактан жөнөтүлгөн даамдуу азыктар менен тамактанып жатышыптыр. Гермиона аларды күтүп эшиктин жанында жалгыз туруптур. Ыңгайсыз тыным пайда болду. Бир аздан кийин алар бири-бирине карабай туруп бурк этишти: “Ыракмат” андан соң тарелкаларды карай шашыла жөнөштү.
Мына ошол күндөн баштап Гермиона Гренжэр алардын чыныгы досуна айланды. Дүйнөдө чыныгы дос болбой туруп чогуу баштан өткөрүүгө болбос айрым учурлар бар, анын ичинен он эки футтук троллду жеңүү ошондой учурлардын бири эле.
ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Ноябрь кирип келди, күн суук. Мектепти курчаган тоолор муздай көгүш түскө оронуп, көл үстү тоңгон болотту элестетет. Эртең менен жер бетин кыроо басат. Жогорку кабаттын терезесинен момолой тонду оронгон, колуна жүн кол кап, бутуна укмуштуудай чоң өлчөмдөгү кой терисинен тигилген чокой кийип, квиддич спорт аянтчасында шыпыргыларды оңдоп-түзөп жаткан Хагридди көрүүгө болот.
Квиддичтин сезону ачылды. Гарри жакынкы ишемби күнү узак машыгуудан кийин алгачкы оюнга катышат, “Гриффиндор” “Слизеринге” каршы ойнойт. Оюнду утса гриффиндорлуктар абалын алда канча оңдоп кетмек, анткени мектептин кубогуна ат салышкан талапкерлердин ичинен экинчи орунга көтөрүлүшмөк.
Гаррини командадан эч ким көрө элек, Вуд ага өзүн жашыруун куралдай сыр бойдон сактоосун айткан. Ошентсе да гриффиндорлуктардын жаңы Тыңчысы экени коомчулукка негедир тарап кетти, эми Гарри кимдин ким экенин, кимиси жакшы, кимиси жаман – айырмалай албады. Баары жакшы болот деп жоошуткандарыбы же ылдый жакка матрацтарды алып келип берүүгө чуркагандарыбы?
Гермиона менен болгон достук дурус болду, Гермионасыз ал баардык үй тапшырмаларына кантип жетишмек, азыр ойлосо таптакыр түшүнүксүз, андан тышкары Вуд талап кылган кошумча машыгууларына кантип барат. Анан да ага Гермиона “Квиддич кылымдарга” китебин окууга берди, ал китеп чыныда квиддич жөнүндө маалымат чордону болуп чыкты.
Ал китептен Гарри квиддичте оюн эрежесин бузуунун жети жүз жолу барын билди, ал жети жүздүн баары 1473-жылкы дүйнөлүк чемпиондукта бузулуптур. Тыңчылардын баары эң кичинекей, ыкчам кыймылдаган оюнчулар жана оюндагы эң олуттуу кырсыктуу окуялардын баарына так ошол Тыңчылар дуушар болушкан. Квиддич оюнунда өлүмдөр дээрлик болбойт, бирок оюн учурунда жоголуп кеткендер көп жана алар бир нече ай өткөн соң Сахара чөлүнүн ортосунан табылган.
Гарри менен Рон тоолук троллдон Гермионаны куткарып калгандан бери ал эрежелерди бузууга олуттуу мамилесин бир аз жумшартып, мурдагыдан жагымдуураак адамга өзгөрдү. Гарри биринчи жолу катышар оюн болор күнү ал үчөө танапис учурунда сыртка чыгып үшүп, анан Гермиона тыюу салынса да, кыямдын банкасына салып жүрүүгө боло турган ачык көгүш түстөгү отту сыйкырлап күйгүздү. Алар далыларын отко кактап, тегерете тура калышты. Ошол учурда жандарынан Злей өтүп калды. Гарри анын аксап келе жатканын байкады. Гарри, Рон жана Гермиона отту мугалимдин көзүнөн далдалашып жакын жабыша калышты. Тилекке каршы, Злей алардын күнөөлүү түрүнөн туура эмес бир нерсе жасагандарын байкады. Аксалаңдап балдарга жакын келди шектене. Ал отту байкаган жок, бирок бир кыйкым издеп баштады.
– Сиздин тигил жагыңыздагы эмне, Поттер?
Гарри колтугуна кыса кармаган “Квиддич кылымдарга” китебин Злейге көргөздү.
– Китепкананын китептерин сыртка алып чыгууга уруксат жок, - деди Злей. – Аны мага бериңиз. “Гриффиндордон” беш упай алынды.
– Бул эрежени азыр эле ойлоп тапты ал, - деди ачууланган Гарри Злей узап кеткенден кийин. – Кызык, анын бутуна эмне болгон?
– Эч кабарым жок! Бирок катуу ооруп жатса керек! – деди кыжырданган Рон.
Ошол кечте гриффиндордун конок бөлмөсү бака-шакага толду. Гарри, Рон жана Гермиона терезенин түбүндө отурушту. Гермиона экөөнүн үй тапшырмасын текшерди. Ал эч качан көчүртпөйт (Силер минтсеңер эч нерсе үйрөнө албайсыңар!), бирок Гермионанын тилин табышты, үй тапшырмаларын текшертип, анын артынан туура жоопторун билип алышат.
Гарри тынчсызданып жатты. Ал “Квиддич кылымдарга” китебин кайра алгысы келип, эртеңки оюнга өзүн алаксытууну каалады. Эмне үчүн Злейден коркушу керек? Ал ордунан туруп профессордон китебин алыш керектигин айтты.
– Менден көрө өзүң барганың оң, - Рон менен Гермиона жарыша айтты.
Гарри китепти башка мугалимдердин көзүнчө сурасам Злей баш тартпас деп ойлоду.
Ал мугалимдердин бөлмөсүнө барып эшикти тыкылдатты. Жооп болгон жок. Дагы такылдатты. Жымжырттык.
Балким, Злей китепти ичине калтырып койгондур? Карап көрүш керек. Гарри каалганы түрттү, эшик ачылып, Гарри баш бакты. Анан эле коркунучтуу көрүнүштүн күбөсү болду.
Мугалимдер бөлмөсүндө Злей менен Филч экөө экен. Злей робун тизесинен өйдө түрүп кармап туруптур. Анын бутунда үрөй учурган кан жалаган жараатты Филч таза бинт менен ороп жатыптыр.
– Шайтан алгыр, айбан, - деди Злей. – Айтыңызчы, кичипейилдикке, кандай жол менен бир учурда үч баш менен күрөшүүгө болот?
Гарри каалганы акырын жаап кетип калайын деди эле, бирок...
– ПОТТЕР!
Злей ачуусуна чыдабай дароо көйнөгүн полду карай түшүрө салды. Гарри титиреп шилекейин жутту.
– Мен болгону китебимди кайра алсам болобу, билейин дегем.
– ЖОГОЛ! ЧЫК ЭШИККЕ!
Злей дагы упай кемитип жибербесин деп Гарри чыкканча шашты. Ал жогору карай октой учуп жетти.
– Кана, алдыңбы? – деп сурады Рон, Гарри күйүгө келип Гермиона экөөнүн жанына отурганда. – Сага эмне болду?
Гарри көргөндөрүн шыбырай айтып берди.
– Бул эмнени түшүндүрөт, билесиңерби? – деди аягында шыбырап. – Хеллоуин күнү Злей үч баштуу иттин жанынан өтүүгө аракет кылган! Биз аны көргөндө мына ошол жакка барган, ал тиги желмогуз кайтарган нерсени уурдагысы келген! Шыпыргы менен ант берем, ал баарын алаксытуу үчүн троллдорду өзү мектепке коё берген.
Гермиона көздөрүн алайта карап калды.
– Жок, ал андай ишке барбайт, - деди ал. – Ооба, ал дүйнөдөгү эң таш боор адам, кошулам, бирок ал Дамблдордун өзүнөн бир нерсе уурдаганга барбайт, эгер Дамблдордун өзү ал нерсе эң коопсуз жайда деп эсептеп жаткан болсо.
– Уксаң, Гермиона, сен эмне баардык мугалимдерди аруу-таза апакай ойлойсуңбу? – деди жинденген Рон. – Мен Гарриге кошулам. Мен дагы Злейге ишенбейм. Бирок ага эмне керек? Эмне болгон кызыкты сактап жатат биздин күчүк?
Гарри керебетке жатты, бирок анын башы чечилбеген суроолор менен маң. Невилль эчак эле коңурукка кирген. Гарри болсо уктай албады. Эч нерсени ойлобогонго аракеттенди, өзүнүн эртеңки болор биринчи квиддич оюнуна чыгуу үчүн сөзсүз укташы керек, бирок Злейдин бутундагы жараат Гарри үчүн унутууга оңой болбоду.
Көп өтпөй суук таң да атты. Чоң Зал табитти ачуучу куурулган колбаса жыты менен оюн алдындагы шаңдуу күбүр-шыбырларга толгон.
– Сен сөзсүз тамак жешиң керек.
– Жегим келген жок.
– Жок дегенде бутерброд же, - Гермиона болбой эле кыстады.
– Жей албайм.
Гарри өзүн аябай жаман сезди. Бир сааттан кийин ал оюн талаасына чыгат.
– Гарри, тамак ичпесең, күрөшүүгө күчүң калбай калат, - деди Симус Финниган. –Тыңчыларды дайыма башка команданын оюнчулары түртүп, уруп кетишет.
– Кам көргөнүң үчүн ыракмат, Симус, - ыраазычылык билдирди Гарри, анын колбасаны кетчупкка малып жатканын карап.
Саат он бирге жакын мектептин баары квиддич талаасынын чоң трибунасына чогулушту. Көпчүлүк балдар дүрбү алып алышыптыр. Негизи трибунадагы отургучтар өздөрү эле өйдө жылууга тийиш, бирок ошентсе да кээде оюнга көз салуу кыйын.
Рон менен Гермиона жогорку катарга Невилль, Симус жана вестхэмдин күйөрманы Дин менен чогуу отурушту. Алар Гарриден жашырып, Струпик кемирип салган шейшептин бир жагынан чоң плакат жасап алышкан. Плакатта "Поттер Алга!" деп жазылган. Төмөн жагына сүрөттү жакшы тарткан Дин гриффиндордун символу – арстан түшүрүлгөн. Гермиона бир аз сыйкырлады эле, жазуу жарк-журк эте түсүн өзгөртүп, күйүп-жанды.
Ал учурда Гарри тайпадагылар менен чогуу квиддич формасын малина түстүү робту кийип жатты (слизериндиктердики жашыл түстө болчу).
Вуд тамагын жасап, оюнчулардын көңүлүн бурду.
– Кана, мырзалар, - деп сөз баштады.
– Жана айымдар, - сөзүн бөлдү Аңчы кыз Анжелина Жонсон.
– Жана айымдар, - Вуд макул болду. – Убакыт келди.
– Улуу убакыт, - деди Фред Уизли.
– Биз көптөн күткөн, - деди Жорж.
– Биз Оливердин сөзүн жатка билебиз, - Фред атайын Гарриге түшүндүрө кетти, – Биз өткөн жылдан бери командадабыз.
– Экөөңөр унчукпай тура аласыңарбы, - өктөм үн катты Вуд. – Бул жылы биздин команда мыкты түзүлдү, акыркы көп жылдан бери салыштырганда. Биз утушубуз керек. Мен буга ишенем. Ал көздөрүн кымыңдатты, “Болбосо...” дегендей.
– Мына ушундай. Ийгилик каалайм. Убакыт. Кеттик!
Гарри бөлмөдөн бутум шилтенбей калбаса экен деп тиленип, Фред менен Жорждун артынан чыкты, оюн талаасына чыкканда катуу кыйкырык, кол чабуулар менен коштолгон сүрөөн тосуп алды.
Оюнга мадам Хуч калыстык кылды. Ал талаанын чок ортосунда, эки команданын чогулуусун күтүп шыпыргысын кармап туруптур.
– Силер адилеттүү ойнойсуңар деп үмүттөнөм, - деди ал, баары чогулганда. Гарри бул сөздөрдү “Слизериндин” капитаны алтынчы класс Маркус Флинтке карата айтканын байкады. Гарриге, Маркустун сырткы кебетесинен троллдун каны бардай туюлду. Көз кыйыгы менен трибунадагы топтун арасынан "Поттер Алга!" деген жазуусу бар жогору көтөрүлүп турган плакатты көрдү, ошондо өзүн ишенимдүү сезе баштады.
– Кана эмесе, шыпыргыларга!
Гарри өзүнүн “Нимбус 2000не" чыкты.
Мадам Хуч күмүш ышкырыгын ышкырды.
Он беш шыпыргы көктү карай зуу койду. Оюн башталды!
– Мына андан ары дароо Кваффл “Гриффиндордун” оюнчусу Анжелина Жонсонго тийди, бул кыз кандай гана мыкты аңчы, анан дагы, айдай сулуу...
– ЖОРДАН!
– Кечиресиз, профессор.
Эгиз Уизлилердин досу Ли Жордан бул оюндун комментатору болуп, профессор Макгонагаллдун катуу көзөмөлү алдында комментарий берип жатты.
– Ал өтө жогорку жүрүш менен көзгө көрүнүүдө, эң мыкты пасс Алисия Спиннеттен, бул Оливер Вуддин жакында алып чыккан баалуу табылгасы. Өткөн жылы Алисия кезекте калган, кайра артка Жонсонго жана... жок, Кваффл слизериндиктерге өттү, “Слизериндин” капитаны Маркус Флинт Кваффлды алды, каршы тарапка багыт алды, тоо бүркүтүндөй учуп бараткан кези, мына азыр киргизет..., бирок жок, аны “Гриффиндордун” Сакчысы Вуд токтотту. Кваффл гриффиндорлуктарга өттү, азыр “Гриффиндордун” Аңчысы Кэтти Беллди көрүп турасыздар. Флинттин алдынан укмуштуудай кооз буйтап өтүүсү, кайрадан жогору карай оюн талаасына жана... ОЙ! Бул аябай катуу тийди, тийген жери ооруса керек. Чабуулчу желкесине барып тийди, Кваффл слизериндиктер тарапка өттү, мына көрдүңөрбү? Адриан Пусей шакекчеге шашып барат, бирок анын жолу Фред менен Жорж Уизли урган Чабуулчу менен торолду. Азыр кимиси урганын так айта албайм, эмнеси болсо да “Гриффиндордун” Коргоочулары укмуш оюн көргөзүштү. Кваффл кайрадан Жонсондо, анын жолу ачык. Эч ким жок, ал учуп бара жатат, аны кууй жакындаган Чабуулчулардан буйтай өттү! Мына ал шакекчеге келип калды, кана эми, Анжелина! Сакчы Блетчелли алдынан өтүп жол тороодо, мына ГРИФФИНДОРЛУКТАРДАН ГООООЛ!!!!
Трибунада отурган “Гриффиндордун” күйөрмандары ордуларынан кыйкырык менен тура калышты, “Слизериндин” күйөрмандары болсо ызылдай отуруп калышты.
– Кана, жылгыла.
– Хагрид!
Рон менен Гермиона дөөнү батыруу үчүн болушунча жабышып отурушту.
– Кепеден карап турдум, - деди Хагрид моюнунда илинген чоң дүрбүнү таптай көрсөтө. – Эл менен көргөн жакшы, туурабы? Айлакер табыла элекпи?
– Жоок, деди Рон. – Гарри али эч нерсе кыла элек.
– Эч нерсе эмес, ал шашпай деле койсо болот... Мына сага, - деп күбүрөндү Хагрид, дүрбүсү менен көктү карап Гаррини таап.
Гарри трибунадан алда канча жогору бийиктикте оюн талаасынын үстүндө Айлакердин караанын аңдып айланып жүрдү. Бул Вуд экөө ойлоп тапкан пландын бир бөлүгү гана.
– Айлакерди тапмайынча четте карап тур, - деп дайыма кайталаган Вуд. – Болбосо сага эртелеп эле сокку узата башташат.
Анжелина гол киргизгенде, Гарри өзүн артык баш сезип, бир жолу абада аласалып учту. Андан соң кайра кунт коюп Айлакер көрүнбөйбү деп эки жагын карады. Бир жолу алтын жаркыракты байкады, бирок ал эгиздердин биринин кол саатынын күнгө чагылышуусу болуп чыкты, а дагы башка жолу дал эле өзүнө карай октой учкан ядродой Чабуулчу учуп келе жатканда Гарри буйтай калды. Чабуулчунун артынан ачууланган Фред Уизли жетип келди.
– Баары жакшыбы, Гарри? – кыйкырганга жетишкен Фред ачуулана Чабуулчу Маркус Флинтке багыттай уруп жиберди.
– “Слизерин” Кваффлды алып бара жатат, - быдылдап сүйлөп жатты Ли Жордан, – Аңчы Пусей төмөн түшүп, дароо эки Чабуулчудан кутулду, Уизлилердин экөөнөн тең жана Аңчы Бэллди кыя өтүп учуп келе жаткан... бир секундга коё тургулачы... бул эмне, Айлакер го?!
Адриан Пусей Кваффлды коё бергенде, стадиондо нааразы үндөр күч алды, анткени ал аябай алагды болуп, жаңы эле сол кулагынын түбүндө пайда болгон алтын жаркыракты карап, башын ийинине бурду.
Гарри дагы алтын жаркыракты байкады. Бир көз ирмемде пайда болгон толкундануу сезими менен Гарри жаркырактын артынан төмөн карай сая түштү. “Слизериндин” Тыңчысы Теренс Хиггс да Айлакерди көрдү. Алар Айлакер топту көздөй эки жактан зуу коюп келе жатышты. Баардык Аңчылар өз милдеттерин унуткандай абада асылып, жарышты карап туруп калышты.
Гарри Хиггстан ылдам болуп чыкты, ал кичинекей тоголок топту эми даана көрдү, канаттарын каккылаган тоголок топ жогору көтөрүлүп, ылдамдыгын тездетти...
БАМС!
Ачууланган кыйкырыктар “Гриффиндордун” трибунасынан чыкты. Маркус Флинт атайылап барып Гарринин жолун торой сүздү эле, чимирилген шыпыргынын үстүндөгү Гарри жыгылып кетпеш үчүн шыпыргыны бекем кучактай абада асылып калды.
– Эреже бузулду! – деп кыйкырышты гриффиндордук күйөрмандар.
Мадам Хуч ачууланып Флинт менен сүйлөшүп, “Гриффиндорлуктарга” эркин сокку беришти. Бирок мындай чакчелекей абалдан улам алтын Айлакер көздөн кайым болду.
Ылдый жакта трибунада отурган Дин Томас тура калып кыйкырды:
– Жоголсун оюн талаасынан! Кызыл карточка берилсин!
– Сен эмнени айтып жатасың, Дин? – Рон түшүнгөн жок.
– Кызыл карточка! – ачууланган Дин дагы кайталады. – Футболдо мындай эреже бузууга кызыл карточка берет, оюн талаасынан чыгарып жиберишет!
– Бирок бул футбол эмес да, Дин, - деп эсине салды Рон.
Хагрид да Динге кошулду.
– Эрежени өзгөртүү убагы келди. Дагы бир аз болгондо Гарри жаракат алмак.
Ли Жордан калыстыгын сактай албай калды.
– Эмесе, жийиркеничтүү бейбаштыктан кийин...
– Жордан! – өктөм үнүн чыгарды Макгонагалл.
– Айтайын дегеним, мындай ачык жана бетпактык менен бузулган эрежеден кийин...
– Жордан мен сага эскертип жатам...
– Мейли, мейли. Флинт аз жерден “Гриффиндордун” Тыңчысын өлтүрүп коё жаздады, эми түшүнүктүү болгондой, оюнда баары болот, андыктан “Гриффиндорго” пенальти берилди. Пенальтини Спиннет ишке ашырат жана албетте, эч кандай кыйынчылыксыз киргизди. А биз оюнга андан ары көз салабыз, топ дагы деле “Гриффиндордо”.
Баары Гарри башына ышкыра күү менен жакын келген Чабуулчудан коргоно буйтаган маалда болду. Таптакыр күтүүсүздөн Гарринин шыпыргысы абадагы аңга түшүп кеткенсиди. Кандайдыр бир секунд ичинде ал болду куладым деп ойлоду. Ал титиреп шыпыргынын сабын эки колу, тизелери менен бекем кыса кармады. Өмүрүндө мынчалык корккон эмес.
Шыпыргы кайрадан чумкуй баштады. Ал Гаррини жерге ыргытып жиберчүдөй туюлду. Бирок “Нимбус 2000” каяктагы бир үйрөтүлбөгөн азоо ат эмес, эч себеби жок үстүндөгү ээсин ыргыта салбайт. Гарри артка кайрылып, шакекчеге барып Вудден тайм-аут кылуусун сурангысы келди, бирок ал шыпыргы көзөмөлдөн чыгып кеткендей баш бербеди. Артка кайрылайын деди эле, кайрыла алган жок. Эч жакка бура алган жок. Шыпыргы зигзаг түрүндө ары-бери абада кайсалай берди. Гарри улам барган сайын кулай жаздап араң эле кармана калып жатты.
Ли оюнга коментарий бергенин улантты.
– “Слизерин” оюнга ээлик кылууда, Кваффл Флинттин колунда, Спиннет пасс, Бэлл пасс, Чабуулчудан бетине сокку жеди. Анын мурду сынды окшойт, тамаша профессор, “Слизерин” гол киргизди, о жок!
Слизериндиктер шаттана кубанышты. Эч ким Гарринин шыпыргысы кызыктай болуп жатканын байкабады. Шыпыргы акырындык менен оюн талаасынан алыстатып бара жатты, секирип, чайпалып, улам көктү карай жогорулады.
– Гарриге эмне болду? – Хагрид күбүрөндү. Дүрбүсүнөн карады. – Мен аны билбей калбадымбы, оюнга катышаарын билсем шыпыргы кээде укпай коёрлугун айтат элем... бирок ал мындай...
Кокустан трибунадагы көрүүчүлөр колдору менен Гаррини көргөзө башташты.
Анын шыпыргысы абада чимириле айланып, ушунчалык тездик менен чимирилгендиктен Гарри зорго кармалып турду. Андан соң күү менен кыйкырык чыкты. Шыпыргы шарт бурулуп, Гарри үстүнөн учту. Эми ал шыпыргыда бир эле колу менен асылып турду.
– Мүмкүн аларга Флинт жолун торогондо бир нерсе болуп жүрбөсүн? – деп шыбырады Симус.
– Мүмкүн эмес, - Хагрид кыска жооп берди, үнү дирилдеп чыкты. –Шыпыргыга бир гана кара сыйкыр таасир этет, бала мындайга күчү жетпейт, анын үстүнө бул “Нимбус 2000”.
Бул сөздөрдөн кийин Гермиона Хагридден дүрбүсүн жулуп алып, Гарри тарапка эмес, трибуна тарапка багыттап, кылдаттык менен бирөөнү издеп баштады.
– Сен эмне кылып жатасың? – титиреп бозоргон Рон шашыла сурады.
– Ушуну билгем, - толкунданганынан үшкүрүп жиберди Гермиона, – Злей, ме кара.
Рон дүрбүнү ала койду. Злей каршы тараптагы трибунанын ортосунда отуруптур. Анын көздөрү Гаррини тиктеп, токтоосуз эле эриндери бир нерселерди күбүрөп жатты.
– Ал сыйкырлап жатат, шыпыргыны дубалоодо, - деди Гермиона.
– Эмне кылабыз?
– Эмне кылышты мага калтыр.
Анан Рон ага бир нерсе дегиче Гермиона жок болуп кетти. Рон дүрбүнү кайрадан Гарриге багыттады. Анын шыпыргысы катуу титиреп, Гарри көпкө кармана алчудай эмес. Эгиз Уизлилердин учуп келип Гаррини өздөрүнүн шыпыргысына отургузууга аракет кылгандарын, бирок эч майнап чыкпады. Гарринин жанына бирөө-жарым жакындаса эле шыпыргы силкинип барып өйдө көтөрүлүп, көрүүчүлөр ордуларынан турган боюнча жүрөктөрү түшүп карап турушту. Эгиз Уизлилер, эгер Гарри кулап кетсе тосуп калууга үмүттөнө даярданып, ылдый түшүп тегерене уча башташты. Ал учурда Маркус Флинт Кваффлга ээлик кылып, беш голду катары киргизди, бирок аны эч ким байкаган да жок.
– Бол эми, Гермиона! – тынчсыздана күбүрөдү Рон.
Гермиона отургандарды жөөлөп өтүп, Злей отурган тарапка жете келди. Андан бир катар ылдый жүгүрүп түштү; ал жадагалса профессор Квирреллны түртүп кеткенде да кечирим сураган жок, Квиррелл алдыңкы отургучту мурду менен сүзүп калды. Злейдин артына чуркап барган Гермиона чөгөлөй отура калып, сыйкыр таякчасын алып чыкты, андан соң бир нече сөз айтты. Таякчанын учунан ачык көгүш түстөгү оттун учкундары топ болуп түз эле Злейдин узун мантиясынын алдына түшүп жатты.
Мугалимге өзүнүн күйүп баратканын түшүнүү үчүн болжол менен отуз секунд керек болду. Катуу чыккан “оух” үнү Гермионага баары жайында экенин кабарлагансыды. Отту чогултуп кичинекей айнек идишке салып, чөнтөгүнө салган бойдон кыз кайра кайтты, Злей эмне болгонун эч качан билбейт.
Бул жетиштүү болуп чыкты. Көктө, абада турган Гарри шыпыргысына кайра минүүгө мүмкүнчүлүк алды.
– Невилль, эми көрө берсең болот! – деди Рон. Акыркы беш мүнөттө Невилль Хагриддин күрмөсүнө башын катып бышактай титиреп жаткан.
Гарри жогорку ылдамдык менен жерди карай учуп жөнөдү, анан кокустан эле кусуп жиберчүдөй колдорун титирете оозун алаканы менен жаап калганын бары көрүштү. Ал жерге төрт аяктай конуп жөтөлдү эле, колуна алтын бир нерсе “топ” дей түштү.
– Мен Айлакерди кармадым! – салтанаттуу кыйкырды ал, колундагы топту өйдө көтөрүп. Ошентип оюн иликтенбеген ызы-чуулуу дүрбөлөң менен аяктады.
– Ал аны кармаган жок, жутуп алды, - жыйырма мүнөттөн кийин деле наалыганын уланта берди Флинт. Анын наалыганынан эч жыйынтык чыккан жок. Гарри деген бир дагы эрежени бузбады. Ли Жордан дагы деле оюндун жыйынтыгын айтып кыйкырып жатты: “Гриффиндор” 170:60 эсебинде утту. Гарри байкалгандай булардын эч бирин уккан жок. Ага Рон менен Гермионанын жанында Хагриддин кепесинде ысык чай ичиришти.
– Баарын кылган Злей, - Рон түшүндүрүп жатты. – Гермиона экөөбүз баарын көрдүк. Ал сенден көзүн албай, бир нерселерди күбүрөнө шыпыргыңды дубалап жатты.
– Болбогон кеп, - деди бир аз мурда трибунада болуп өткөндөрдүн бирин да байкабаган Хагрид. – Злей кайсы кубанычына мындайды жасамак эле?!
Гарри, Рон жана Гермиона Хагридге эмне дешти билбей бири-бирин карады. Гарри чындыкты айтууну чечти.
– Мага бир нерсе белгилүү, - деди Гарри Хагридге. – Хеллоуин күнү Злей үч баштуу иттин жанынан өтүүгө аракет кылган. Ал анын бутун тиштеп алыптыр. Биздин оюбузча ал ит кайтарган нерсени уурдайын деп жүрөт.
Хагрид колундагы чайнекти түшүрүп алды.
– Силер Замбиректи кайдан билдиңер?- деди ал.
– Замбирек?
– Ооба, ал менин итим, пабдан таанышкан Грециядагы бир досуман сатып алгам, а өткөн жылы Дамблдор менден сурап алып кеткен, тигини неме... кыскасы кайтарыш үчүн...
– Эмнени? – Гарри чыдамсыздык менен сурады.
– Сен менден эч нерсе сураба, - Хагрид ачуулана баш чайкады. – Аябай жашыруун нерсе, түшүнсөң.
– Бирок Злей аны уурдап кетейин деп жатпайбы.
– Болбогон сандырак, - Хагрид ишенген жок. – Злей мугалим, мындайга барбайт.
– Эмне үчүн ал азыр эле Гаррини өлтүрөм деди? – чыңырып жиберди Гермиона.
Бүгүнкү окуя анын Злейге болгон оюн өзгөрттү.
– Мен каргыш менен кокустукту эң сонун айырмалайм, сүйүктүү Хагрид, мен алар жөнүндө ушунча көп окугам! Каргыш дубасында көздөлгөн нерседен көз байланышын үзбөш керек, Злей жадагалса көзүн ирмеген да жок, мен көрдүм!
– Болбогон нерсе дедим го! – Хагрид ачууланды. – Гарринин шыпыргысына эмне болгонунан кабарым жок, бирок Злей окуучуну өлтүрбөйт! Мына силер, үчөөңөр эмне үчүн уруксатсыз жакка мурдуңарды тыгасыңар! Бул өтө кооптуу! Силер тиги ит менен анын эмне кайтарып жатканын унуткула, иштин баары профессор Думольдор менен Николас Фламелдики...
– Ааа! – деди Гарри. – Демек бул жерде Николас Фламел аттуу ысымдын да тиешеси барбы?
Хагрид оозунан чыгып кеткени үчүн өзүнө өзү жини келип кыжырданды.
ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Көңүлдүн ыйык күзгүсү
Жаңы жыл жакындап калды. Бир күнү таңга маал, декабрдын орто ченинде "Хогвартс", бапылдап жааган аппак карга оронуп калды. Көлдүн бети көк жылгаяк музга айланды, эгиз Уизлилер катуу жазаланды. Алар кардын бүртүкчөлөрүн тилге киргизип, Квирреллнын селдесине урунуп, тийип качып артынан аңдууга сыйкырлашкан. Бурганак, кар аралаш бороондордо, белгиленген даректерге почта жеткирген мурдагы үкүлөрдүн айрымдарын жашоого кайтарып, кайра жөнөтүүдө Хагрид оор түйшүк тартып кам көрүүгө туура келди.
Баары каникулду чыдамсыздык менен күтүштү. Гриффиндордун конок бөлмөсү жана Чоң Зал дайыма ысып, каминдерден от балбылдап турду, бирок коридорун дубалдарын бубак басып, муздак шамал класстык бөлмөлөрдүн терезелерин каккылайт. Эң эле чыдай алгыс сабак оозуңдан көк буу чыккан профессор Злейдин жертөлөдөгү сабагы. Балдар болушунча от жагылган казандарына жакын отурганга аракеттенишет.
– Аябай боорум ооруйт, - деди Драко Малфой бир жолу уу жөнүндөгү сабакта, – Бул каникулду "Хогвартста" өткөрө тургандарга боорум ачыйт. Бир чети айла жок, эмне кылабыз, эгер аларды үйүндө да күткөн эч кими жок болсо.
Бул сөздөрдөн кийин Гаррини теше карады. Крэбб менен Гойл ыкшыңдай күлүштү. Ал учурда балык-арстандын майда омурткаларын өлчөп жаткан Гарри айтылгандарды укмаксанга салып, аларга көңүл бурбоону туура тапты. Квиддич оюнунан кийин Малфойдун таптакыр сиркеси суу көтөрбөй калган. "Слизериндин" жеңилгенин кабыл алгысы жок. Кийинкиде Тыңчы катары Гаррини эмес, баканы алышат, анткени анын оозу кең деген какшык тамашасын дайыма айтчу. Бирок баары Гарринин титиреп, калчылдаган шыпыргыда карманып тура алганына ушунчалык суктанып, дале ооздорунан түшүрбөйт. Акыры Малфойго анын тамашасы эч кимге күлкүлүү эместиги мээсине жетти. Ошондуктан Малфой ичи күйгөн көз артуучулук, жек көрүүсү менен Гарринин толук кандуу үй-бүлөсүнүн жоктугуна байланышкан мазактоого кайтып келүүгө мажбур болду.
Гарри чынында жаңы жылда үйүнө барбоону чечкен. Өткөн жумада профессор Макгонагалл жаңы жылда мектепте калар окуучулардын тизмесин алып жатканда Гарри биринчи болуп жазылган. Бирок ал таптакыр өкүнгөн жок, тескерисинче, өмүрүндөгү эң сонун жаңы жылды өткөрөт. Анын үстүнө Рон дагы байкелери менен мектепте калышат, мистер менен миссис Уизли болсо Чарлиге Румынияга кетишет.
Балдар араң чыдаган уу жөнүндөгү сабактан акыры чыккандан кийин, алар коридордон өтө албай калышты. Анткени жол аябай зор балаты менен тосулуптур. Эби-жөнү жок чоң буттар менен балаты алдындагы катуу күшүлдөгөн үндөн улам балатыны Хагрид көтөрүп келатканын билишти.
– Салам, Хагрид, жардам керекпи?
– Жо-жок, баары жакшы, ыракмат, Рон.
– Сен четке чыгып турсаң болобу, өтүп кеткенге? – Малфойдун суук текебер үнү чыкты. – Эмне, Уизли, иштеп акча табайын дейсиңби? Менин баамымда, сен ансыз деле мектепти аяктагандан кийин короо шыпыргыч болоюн десең керек? Хагриддин кепеси сенин үй-бүлөң жашаган жайдын жанында хансарай эле болуш керек.
Рон жулкунуп барып Малфойго атырылды эле, ошол учурда тепкичте Злей пайда болду.
– УИЗЛИ!
Рон Малфойду жакалай кармаган колун коё берди.
– Малфой өзү күнөөлүү, профессор Злей, - балатынын бутактарынын арасынан Хагриддин түктүү турпаты бери чыкты, – Анын үй-бүлөсүн шылдыңдады.
– Анын себеби маанилүү эмес, "Хогвартста" мушташканга тыюу салынат, Хагрид, - деди Злей араң угулган үнү менен, – "Гриффиндордон" беш упай кемитилди, Уизли, мындан да көп упай жоготпогонуңа сүйүн. Кана, барыңар өткүлө!
Малфой Крэбб, Гойлдар менен бирге коридордон одоно өтүп, балатынын бутактарын сындырып кетишти. Тепкичтерден балатынын ийнелери себелеп баратты.
– Мен ага көрсөтөм, - деди Рон, жиндене Малфойдун артынан карап, – Жакында мен ага бирди көрсөтөм.
– Экөөнү тең жек көрөм, - деди Гарри, – Малфойду дагы, Злейди дагы.
– Койгула эми, кана маанайды көтөрөбүз! Жакында Жаңы Жыл! – Хагрид экөөнүн көңүлүн көтөрүүгө аракет кылды. – Андан көрө билесиңерби эмне кылабыз, жүргүлө мени менен. Азыр Чоң Залга барабыз, ал жак тим эле жомок!
Алар балаты менен Хагриддин артынан ээрчий Чоң Залга кирип барышты, профессор Макгонагалл менен профессор Флитвик залды жасалгалап жатышыптыр.
– А, Хагрид! Акыркы балатыбы, аны тиги аркы башына кой, макулбу?
Зал көздүн жоосун алгандай кооздолуптур. Дубалдарга жапжашыл ийне жалбырактуу гүл чамбарлар илинип, бирдей аралыкта заңкая тургузулган он эки балатынын айрымдары күмүш түстүү кар менен жаркыраса, айрымдары жүздөгөн шамдар менен жасалгаланган.
– Каникулга канча күнүңөр калды? – деди Хагрид.
– Болгону бир күн, - деди Гермиона. – Айтмакчы, Гарри, Рон мен эстедим, түшкү тамакка чейин биз китепканага барып келгенге жетишебиз.
– Ооба, туура айтасың, - деди Рон, жанатан бери профессор Флитвиктин таякчасынан үзгүлтүксүз чыккан алтын шариктерди, гүл чамбарларды караган башын бери буруп.
– Китепканага? – деп таң кала сурады Хагрид балдардын артынан Залдан чыгып. –Болгондо да каникулга кетээрдеби? Окумуштуу болуп кеттиңер го.
– Бул окууга тиешелүү эмес, - жайдары жооп берди Гарри. – Болгону сен айткан Николас Фламел жөнүндө билгибиз келет.
– Эмне? – Хагрид чындап таңыркады. – Уккулачы, силерге аны унуткула дебедим беле? Ал ит кайтарган нерсени табууга силердин азырынча акылыңар жетпейт.
– Биз болгону Николас Фламелдин ким экенин билгибиз келет, - деди Гермиона.
– Балким өзүң эле анын ким экенин айтып коёрсуң, биздин убактыбызды коротпо? – муңая сунуштады Гарри. – Биз миңдеген китептерди тытып чыктык, ал бир дагы китепте жок, жок дегенде сен кичине жардам берчи, мен билем, аны бир жерден окугам.
– Мен эч нерсе айтпайм, - ачуусу келе күңкүлдөдү Хагрид.
– Анда өзүбүз табабыз, - деди Рон, андан соң алар бүкү-түкү абалда калган Хагридди калтырып, китепканага жөнөштү.
Алар чынында Хагрид байкабастан Николас Фламелдин ысымын айтып алган күндөн баштап толгон токой китептерди тытып чыгышты, бир четинен Злей эмнени алгысы келгенин билбей бушайман болушса, экинчи жагынан эмнеден баштаарын, тиги Фламелди кайсы китептен издешти, ал эмне болгон улуу иш жасаганын билбей жатышты. Ал бир дагы китепте "Жыйырманчы кылымдын улуу сыйкырчыларында" да, "Кайсы инсан ким: биздин доордун атактуу сыйкырчылары"; андан кийин "Заманбап дубанын маанилүү ачылышы", "Сыйкырчылыктын жаңы тенденциясы тууралуу этюд" китебинде да анын ысымы эскерилген эмес. Анын үстүнө мектептин чоң көлөмдөгү китепканасын айтпаганда эле он миңдеген китептер; миңдеген текчелер; жүздөгөн кууш узун текчелер күтүп турат.
Гермиона бүгүн карап чыккан китептердин тизмесин алып чыкты, Рон болсо текчелерден ой келди китептерди сууруй баштады. Гарри Жабык Бөлүмгө өттү. Ал көптөн бери Фламел ошол бөлүмдө болуш керек деп ойлогон. Тилекке каршы, тыюу салынган китептерди алуу үчүн мугалимдердин жазуу жүзүндөгү уруксат кагазы керек болчу. Албетте, Гарри мындай уруксат кагазын алууну ойлогон жок. Жабык Бөлүмдө кара дубанын күчтүү магиялары жөнүндөгү китептер сакталат, алар кара сыйкырдан коргонууну үйрөнкөн жогорку класстын окуучуларына гана уруксат берилет.
– Сен бул жактан эмне издеп жатасың, досум?
– Эч нерсе, - деп калп айтты Гарри.
Китепканачы Щипц айым чаң тазалаган куш канат шыпыргысы менен Гаррини тосту.
– Анда сага бул жерден кеткениң оң болот, кана бол, жогол бул жерден.
Оңдуураак шылтоо таба албаганына өкүнгөн Гарри китепканадан чыкты. Алар үчөө тең Щипц айымды Николас Фламелди издөөгө аралаштырбоону эп көрүшкөн. Керектүү маалыматты ал сөзсүз таап берери шексиз дечи, бирок андан сураганда Злейге бул тез эле жетет, балдар тобокелге барууну каалашпады.
Коридордо сандалып, бекерчилерче ары-бери басып жүргөн Гарри көп ишенбесе дагы, Рон менен Гермионанын колунан келет, алар бир нерсе таап чыгат деп ойлоду. Ал китепти табуу иши эки жумага созулганы менен издөө ара-чоло убакытта эле уланып жатты, ошондон улам башка илинчек табылбады окшойт. Эгер китепканада Щипц айымсыз каалаганча убакыт өткөрүшсө, балким маалыматты таап алышмак.
Беш мүнөттөн кийин Рон менен Гермиона баштарын чайкай басып келишти. Балдар түшкү тамакка бет алышты.
– Силер мен жокто да издөөнү токтотпойсуңар, туурабы? – деди Гермиона. – Бир нерсе тапсаңар үкү жибергенди унутпагыла.
– А сен ата-энеңден Николас Фламел жөнүндө сурап көрбөйсүңбү? - деди Рон. – Алардан сурасаң эч нерсе деле болбойбу?
– Эч кандай коркунучу жок, алар экөө тең тиш доктурлар, - деди Гермиона.
Каникул башталды. Гарри менен Ронго Фламел жөнүндө көбүрөк ойлонууга убакыт келди. Эми уктоочу бөлмөдө жалгыз калышты, конок бөлмөдө да киши аз. От жагылган каминдин жанындагы жакшы орундуктар үчүн мушташпайт эми. Алар отко быша турган: пончик, зефир, нандардын баарын узун вилкага кактап жешип, жашоодо ишке ашырышпаса да кыялдарында ар түрдүү күлкүлүү себептер менен Малфойду мектептен чыгарып, оттун жанында саат бою отурушат, бул чынында эле аябай көңүлдүү болчу.
Анан да Рон Гаррини сыйкыр шахматын ойноого үйрөтүп баштады. Бул шахмат фигураларынын тирүү жана оюн талаасында чыныгы аскерлердей салгылашкандарын эсепке албаганда, маглдук шахматка окшош экен. Белгилүү болгондой Рондун шахматы да мурда үй-бүлөсүнүн бирине таандык болчу, кийин ага чоң атасынан тийген. Ошентсе да эски фигуркалар тың, кайраттуу аскерлер болуп чыкты. Рон алардын мүнөзүн ийне жибине чейин жаттап калыптыр, ошондон улам анын аскерлеринен дээрлик эреже бузуу болгон жок.
Гарри Симус Финнигандын шахмат аскерлери менен ойноп, бирок фигуркалары ага ишеним арттырбады. Негизи Гарри шахмат жүрүштөрүн үйрөнө элек болчу, фигуралар ага "мени ал жакка жүрбө, тиги биздин каршы атты көрбөй турасыңбы? Тетигини жүр, биз муну эч бере албайбыз!" деген ар кандай кеңештерин кыйкырып жатышты. Мындай ызы-чуудан Гарри андан бетер өзүн жоготту. Оюндан кийин Гарри эртеңки шаңдуу күндү, салтанаттуу кечки тамакты ойлоп кубана уктаганга жөнөдү, бирок эч кандай белек күткөн жок. Эртең менен ойгонгондо биринчи эле керебеттин аягынан өтө чоң эмес таңгактардын үйүгүн көрдү.
– Жаңы Жылың менен! - деди Рон уйкулуу үн менен, Гарринин керебеттен туруп халатты кийип жатканын угуп.
– Сенин дагы, - деди Гарри. – Карачы! Мен белек алыптырмын!
– Сен эмне, бир кап картөшкө күттүң беле? – өтө осол оюн билдирди, өзүнүн керебетиндеги так эле Гарриникиндей өлчөмдөгү таңгактарды карап.
Гарри үстүндөгү биринчи таңгакты алды. Ал таңгак калың күрөң кагазга оролуптур, бетинде "Гарриге Хагридден" деген жазуу бар экен. Таңгак ичинен жыгачтан эпсиз кесилип жасалган флейта чыкты. Хагрид муну өз колу менен жасаганы даана билинди. Гарри үйлөп көрдү эле, үкүнүн үүлөгөн үнүнө окшош добуш чыкты.
А мына бул экинчи кичинекей баштыкчадагы жазууда:
"Катыңды алдык. Жаңы жылдык белегибизди кабыл ал. Вернон тайжездең жана Петуния тайжең". Жазуусу бар кагаздын артына элүү пенс тыйын кошо тиркелиптир.
– Укмуш, - деди Гарри.
Рон элүү пенс тыйынды көрүп аябай таңыркай кыйкырды.
– Мына, кызык! – деди кыйкыра, - формасы укмуш го! Ушул да акчабы?!
– Сага бердим, - деди Гарри, Рондун таңыркай кыйкырып жатканына каткыра күлүп. – Бул Хагридден, бул тайжезеде менен тайжеден, а бул кимден?
– Мен муну кимден экенин билет окшойм, - деди Рон, кочкул кызыл түстөгү тоголок баштыкты көрсөтө.
– Апамдан. Мен ага айткам, сенин андан эч кандай белек күтпөөрүңдү, анан... о жок! – ал чочуп кетти. – Ал сага дагы "Уизлитер" токуган турбайбы, Уизли свитери.
Гарри шаша-буша таңгакты ачып, изумруд-жашыл өңдөгү колго токулган свитер менен бир куту үйдүн иристерин алып чыкты.
– Жыл сайын ал бизге свитер токуйт, - деди Рон, өзүнө келген ошондой эле таңгакты оодарып, – Мага дайыма кочкул кызыл.
– Эң сонун, - даамдуу иристин бирин жеп көрүп Гарри чын жүрөгүнөн сүйүндү.
Кийинки белек да таттуу болуп чыкты, бир чоң куту бакашоколор Гермионадан келиптир. Акырында ачылбаган бир даана белек калды. Гарри таңгакты алып эмне экен деп ойлоно салмактап көрдү. Таңгак өтө жепжеңил болчу. Гарри аны ачты.
Жеңил, сыйдаң, жалтыраган күмүш-боз түстөгү жупжука кездеме сымал нерсе экен, ал Гарринин колунан полдун үстүнө шыпырылып түштү. Рон аны көрүп тумчугуп калгандай токтоп калды.
– Мындай нерсе жөнүндө уккам, - деди Рон киркирген үнү менен колундагы Гермионадан келген баардык таттуулардын жаңгактары салынган кутуну түшүрүп жиберип. – Эгер бул чынында мен уккан нерсе болсо, анда бул аябай сейрек кездешүүчү баалуу буюм.
– А эмне бул?
Гарри полдон жалтыраган кездемени өйдө көтөрдү, кездеме колго кармаганда кудум эле суудан токулгандай сезилди.
– Бул деген көрүнбөс-жамынгы, - жамынгыны кастарлай шыбырады. – Бул так эле ошол, үстүңө жаап көрсөң.
Гарри жамынгыны үстүнө кийди, Рон кыйкырып жиберди.
– Мына дал ошол! Ылдый жагыңды карасаң!
Гарри ылдый, буттарын карады, буттары көрүнгөн жок. Учуп барып күзгүгө каранды. Күткөндөй эле күзгүдөн өзүн абада илинген башы гана карап туруптур, денеси таптакыр жок, көрүнбөйт. Ал башын дагы жамынгыга катып киргизди, эми өзү жок болуп кетти.
– Бул жакта кат бар экен! – деп кыйкырды Рон. – Кат жерди карай каалгый учту.
Гарри жамынгыны чечип катты кармалады. Катта ичке, ийри-буйру, тааныш эмес кол жазмада бул экен:
"Атаң каза болор алдында бул нерсени мага сактоо үчүн берген. Муну кайра сага кайтарып берүүгө убакыт келди. Пайдалуу иштерге колдон.
Жаңы Жылың көңүлдүү өтсүн."
Аты-жөнү, кол тамгасы жазылбаптыр. Гарри катты ойлонуп карап калды. Рон жамынгыга аябай суктанды.
– Мен бул үчүн эмне болсо да баарын бермекмин, - деп моюнуна алды. – Эмне болсо да. Эй сага эмне болду?
– Эч нерсе, - деди Гарри. Ал өзүн аябай кызыктай сезди. – Жамынгыны ким жөнөттү? Чынында эле бул мурда атамдыкы болгонбу?
Бирок ал бир нерсе айтууга, жадагалса мындан ары ойлонууга да жетишпеди, уктоочу бөлмөнүн эшиги шарт ачылып Фред менен Жорж кирип келишти. Гарри шашкалактай жамынгыны ката салды. Ал өз сезимдерин азырынча башкалар менен бөлүшүүнү каалаган жок.
– Жаңы Жылыңар менен!
– Карасаң, Гарриде да "Уизлитер!"
Фред менен Жорж да колго токулган көкүрөктөрүнүн бир жагында "Ф", бирөөсүнүкүндө "Д" деген тамагалары бар окшош көк свитер кийип алышыптыр.
– Менимче, Гарри үчүн апакем аябай аракеттениптир, - деди Фред колуна свитерди алып, – Демек бөтөн бала деген ушундай болот турбайбы.
– А сен Рон, эмне өзүңдүкүн кийген жоксуң? Ал аябай жылуу, жагымдуу жана ыңгайлуу, кана бол кий, - Жорж буйрук берди.
– Кочкул кызыл түстү жаман көрөм, - күңкүлдөй свитерди кийе баштады.
– Сеникинде тамга жок экен, - Жорж кичүү инисинин свитерин карады, – Апам сени атыңды унутпаарыңды билген окшойт. Ал биздин кимибиз Дред, кимибиз ФорЖ экенибизди билерибиз, анчалык деле акылсыз эместигибиз эсинен чыгып кеткен го.
– Эмне болгон ызы-чуу? – Эшиктен кабагын чытыган түр көрсөтүп, Перси Уизли баш бакты. Ал дагы өзүнө келген белектерди ачып көргөн окшойт, колуна "Уизлитер" кармап алыптыр, аны дароо эле Фред тартып алды.
– Демек, "П", "Староста"! Кана Перси сен да кий, биз кийип алдык, жадагалса Гарриге дагы "Уизлитер" келиптир.
– Мен, кийгим келбейт .... - эгиздер күч менен анын башына свитерди кийгизип жатканда, Перси тумчуккан үнү менен айтып жатты. Мындан кийин старостанын көз айнеги мурдуна түштү.
– Сен бүгүн баарыбир старосталар менен отурбайсың, - деди Жорж. – Жаңы Жыл үй-бүлөлүк майрам.
Эгиздер свитерге чулганган Персини колу-буттан көтөрүп, башын салаңдата сүйрөй уктоочу бөлмөдөн алып чыгып кетишти.
Гарри өмүрүндө мындай укмуш сонун Жаңы жылдык түшкү тамак жеген эмес. Кызарта куурулган жүздөгөн өрдөктөр; тоодой үйүлө куурулган жана сууга бышырылган картөшкөлөр; ичке кичинекей сосикалардан жасалган тамактар; май менен буурчактар салынган идиштер; коюу, жыпар-жыттуу соустар менен чыктар куюлуп, катарынан тизилген күмүш чөйчөктөр; андан тышкары бардык үстөлгө ар бирине үч жарым футтан коюлган көп сандаган сыйкырдуу крекерлер. Бул фантастикалык кооз үстөлдү адаттагы маглдардын Жаңы Жылда жасоочу дасторконуна салыштырууга такыр болбойт. Дарслилердин курулай аракеттенген боор оорурлук дасторконун эле эстейличи, алар Жаңы жылдык дасторконду түрү суук пластмасса оюнчуктар, начар кагаз кол чатырлар менен кооздошчу. Гарри Фред экөө сыйкыр крекерлерин экиге бөлүп, бирок ал жөн эле бөлүнүп калган жок, "бах" эткен катуу үн менен жарылып, көгүш түтүн чыгарып балдарды каптады. Ичинен контрадмиралдык фуражка кийген бир нече тирүү аппак чычкандар чыкты. Бийик үстөлдө башындагы учтуу сыйкыр баш кийимин саман түстөгү гүлдүү баш кийимге алмаштырган Дамблдор отурат, ал азыр эле профессор Флитвик айткан анекдотко көңүлдүү жылмая отурду.
Өрдөктүн артынан дасторконго Жаңы жылдык ысык буу чыккан пунш куюлган пудинг келди. Перси аз жерден анын катып калган бир кесимин жей коём деп тишин сындырып ала жаздады. Гарри Хагридди кызыгуу менен карап отурду. Ал улам-улам шарап талап кылып, балжайган түрү кызаргандан кызарды. Аягы кызыктай көрүнүш менен аяктады, ал профессор Макгонагаллдын алкымынан өөп, тиги Гаррини таң калтырып, кызарып кетти. Акылсыз кыткылыктап күлдү, а шляпасы артына карай шыпырылды.
Ошол учурда Гарри крекерлерден чыккан кызыктуу көрүнүштөр менен жаркырап күйгөн жарылбаган шариктер жана өз алдынча сөөл өстүргөнгө арналган бүт шаймандарга кошулуп берилген жапжаңы сыйкыр шахматтарды белекке алып үстөлдөн турду. Ак чычкандар кайдадыр жок болушту. Гарри, миссис Норис үчүн жаңы жылдык кечки тамак болуп кеткендей жагымсыз сезимдер менен шек санап калды.
Күндүн экинчи жарымында Гарри баардык Уизли бир туугандары менен эшикке чыгып, эч нерсеге карабай, кар менен катуу урушуп ойношту. Андан соң суу болуп, тоңуп энтигишип "Гриффиндордун" жалпы конок бөлмөсүнө, от жагылган камин жанындагы креслаларды карай жүгүрүп келишти. Гарри менен Рон шахмат ойноп, акырында Гарринин шахматтары карс-курс болуп жеңилди. Эгер Перси кандай жүрүш керектигин тырышып үйрөтпөгөндө, ал чын, мынчалык быт-чыты чыга жеңилбейт болчу.
Өрдөк эти менен сэндвич, май, сүт аралашкан челпек нан, жаңы жылдык таттуулардан турган кечки тамактан кийин баары тоюп, уктаганга чейин пайдалуу эч нерсе менен алектенишкен жок. Болгону креслаларда ооналактап, Персинин бүтүндөй гриффиндор сепилин айланып Фред менен Жоржду кууп жүргөнүн кайдыгер карап, эгиздердин энергиялары байкесинин "староста" значогун алып качып кеткенге жакшы эле жетти.
Бул жаңы жыл Гарринин өмүрүндөгү эң көңүлдүү, эң шаңдуу, кызыктуу болду, бирок баарыбир анын ичинен бир нерсе жеп жаткандай сезилди. Ал жөнүндө ойлонууга керебетине барганча убакыт болгон жок. Эми көрүнбөс жамынгычы, аны ким жөнөттү?
Өрдөк менен таттууга тоюп, уйгу-туйгу кылар ичинде кымындай сыр катпаган Рон араң эле керебетинин көшөгөсүн тартканга алы келип, жаздыкка башы тиер замат уйкуга кетти. Гарри кайра туруп керебеттин алдынан көрүнбөс жамынгыны алып чыкты. Бул анын атасына таандык болгон... Ал кездемени жеңил кармалады, жибектен жумшак, абадан жеңил кездеме салааларынан чууруду. Катта "Пайдалуу иштерге колдон" деп жазылыптыр. Азыр эле кийип көрүш керек. Ал керебетинен шыпырла түшүп, жамынгыны жамынды. Өз буттарына карап, ай нурунан көрүнгөн көлөкөнү гана көрдү. Кызыктай сезилди.
Пайдалуу иштерге колдон.
Кокустан эле Гарри акылына келген ойдон улам адаттан тыш сергектикти туйду. Бул жамынгы ага "Хогвартстын" бардык эшиктерин ачат. Караңгы уктоочу бөлмөдөгү анын денесин толкундануу сезимдери басты. Бул жамынгы менен каалаган жакка барса болот, анан да эч кандай Филч эч нерседен шек санабайт.
Рон түшүндө сүйлөнүп жатты. Аны ойготсомбу? Гаррини атасынын жамынгысынан кандайдыр бир нерсе токтотуп турду, ал кандык байланышты сезип, биринчи жолу жамынгы менен жалгыз калгысы келди. Гарри акырын уктоочу бөлмөдөн чыгып, тепкич менен ылдый түшүп, конок бөлмө аркылуу портреттин тешигине келди.
– Ким жүрөт бул жерде? – деп какылдады Семиз Эже. Гарри жооп берген жок. Ал коридорго чыгып тыпылдап тездик менен жөнөдү.
– Каякка барсам? Дүкүлдөгөн жүрөгү менен ойлонду. Кокус анын оюна китепканадагы Жабык Бөлүм түштү. Ал канча керек болсо ошончо убакыт каалаганча Николас Фламел жөнүндө маалымат издейт. Андан соң Гарри жамынгы шыпырылып кетпеш үчүн эки колу менен бекем кармап, китепкананы көздөй жолго түштү.
Китепкана көзгө сайса көрүнгүс караңгы, аябай эле түнөрүп үрөй учурду. Гарри жолду таап, текчелерди сүзүп албаш үчүн чырак күйгүздү. Чырак өзү абада учуп бараткандай көрүндү. Гарри чыракты көтөрүп баратканын көрүп турса да, анын абада бараткандай көрүнүшүнөн денеси чымырады.
Жабык бөлүм китепкананын эң аягынан оң тарапта жайгашкан. Кылдаттык менен аркан тосмодон аттап өтүп, тыюу салынган китептерди карай чыракты өйдө көтөрүп, китептин авторлору менен аттарын окуй баштады.
Китептердин аталыштары ага көп деле маалымат бербеди. Китептин кырындагы сыйрылып, өчүп калган алтын тамгалар менен чегилген жазуулар, Гарри таптакыр укпаган тилде жазылыптыр. Айрым китептерде таптаза эле аты-жөнү жазылбаптыр. Бир китептин тышында шек туудурган канга окшош так карарып турат. Гарринин төбө чачтары гана эмес желке чачтары да тик турду. Мүмкүн ага жөн эле элестеп кеткендир, а балким андай эмес, бирок ал тыюу салынган жерге сырттан башка бирөөнүн келгенин сезгенсип, бирөө келаткандай шыбыртты китеп текчелеринин арасынан дап-даана укту.
Ошентсе да бир нерсе кылыш керек. Гарри чыракты акырын жерге коюп, ылдыйкы текчелерден кызыктуу мукабалуу китептерди карай баштады. Анын көңүлүн чоң кара күмүш мукабалуу китеп бурду. Күч жумшабаса ал өтө оор китеп болгондуктан Гарри аны кыйынчылык менен текчеден сууруп көтөрдү да, тизесине сүйөй кармап бетин ачты.
Тулку бойдо жүгүргөн канды токтотуп койчудай, үрөй учурган катуу өкүрүк чыкты, китепканадагы салтанаттуу тынчтыкты бузган кыйкырык китептен чыккан эле. Гарри шаша-буша китепти тарс жапты, бирок кулакты дүлөй кылчудай өкүрүк бир калыптагы катуу үн менен туш тарапка жаңырды. Гарринин эпсиз кетенчиктегенинен чырак кулап, жарык жалп өчтү. Ал эмне кыларын билбеди, ошол учурда коридордон бирөөнүн басып келатканы угулду. Гарри өкүрүк салган адабий китепти ордуна коё салып эшикти карай жөнөдү. Чыгып баратып коридордон Филчкке жолукту; өңү-түсү жок, жырткыч көздөрү так эле өзүн карап турду. Гарри колу созулган тарапты карай акырын жылт койду, бирок китептин кыйкырыгы кулагында дале жаңырып баратты.
Кокусунан далбастап баратып аскердик курал-жарактарды башы менен сүзүп алды. Бушайманга түшкөн Гарри эртерек эле китепканадан алыс кетүүгө тырышты, жадагалса кайсы жакка чуркашты билген жок. Аскердик курал-жарактар ашканадан алыс эмес жерде экенин билчү, демек, болжолунда ал бешинчи кабаттан жогору жүрөт.
– Эгер менден бирөө-жарым түн ортосунда тентип жүрсө, кабарлашымды сурангансыз, эмесе мындай, кимдир-бирөө китепкананын Жабык Бөлүмүнө кириптир.
Гарри кан тамырларынан кан соолуп баратканын өнө боюнан сезди. Ал азыр кайсы жерде турбасын, Филч, бул жакка келчү жашыруун жолду билген, анткени анын коюн-колтукка кирип жалмаңдаган, жагымсыз куру сыпайы үнү жакындан угулуп, андан да жаманы, Гарринин жүрөгүн түшүрүп, Филчке Злей жооп берди:
– Жабык Бөлүмгөбү? Ошондой дечи, анда алар алыс кетпейт, аларды сөзсүз кармайбыз.
Гарри улам жай жылып, Злей менен Филч кийинки бурчтан көрүндү. Албетте, түнкү саякатчыны көрө алышпайт болчу, бирок коридор кууш, андыктан алар жакындап келсе, Гаррини кармашат. Ал көрүнбөгөнү менен баарыбир дене түзүлүшүнөн айрылган жок да.
Гарри болушунча артка кетенчиктеди. Сол тарабында ачык эшик бар экен, аны сактап калар жалгыз үмүтү ошол. Ал эшиктин ачык кычыгынан демин кысып, каалганы кыйчылдатпаганга аракеттенип жылып кирди. Кудай жалгап бөлмөгө ызы-чуусуз тынч кирип кетти, андыктан эч ким байкаган жок. Филч менен Злей каалганын жанынан өттү, Гарри оор дем ала алардын кадамдары угулбай калганча дубалга жабышып туруп калды. Бул жолу аз жерден колго түшө жаздады. Жашынган бөлмөсүн бир сыйра карап чыкканча бир нече секунд өтүп кетти.
Бул эч ким көптөн бери колдонбой калган класстык бөлмө окшойт. Капкара дубалдарда жазуу тактасынын илинген издери карайып, алыс эмес жерде кагаз салчу куту көмкөрөсүнөн жатат. Бет маңдайдагы дубалда бул бөлмөгө такыр ылайыксыз, башкалардан жашыруу максатында алынып келингендей бир нерсе сүйөлүп турат.
Ал укмуштуудай кооз, бийиктиги шыпка жеткен, тегереги алтынга бууланып, шөкөттөлө оймо-чийме түшүрүлгөн, куштун учтуу тырмактуу буттарынын сөлөкөтүндөгү күзгү болчу. Анын эң башында көрсөтмө жазуу жазылыптыр: "Иов тяин евор косон килен".
Злей менен Филчтеги коркунуч алардын узап кеткен кадамдары менен кошо жоголуп, өзүн көрөм деп ойлогон Гарри акырын күзгүгө жакын келди, бирок күзгүдөн өзүн көрө алган жок. Ошондо Гарри күзгүнүн алдына түз эле бет маңдай келип турду. Ага эки колу менен тең оозун бекем басууга туура келди, антпесе кыйкырып жибермек. Артын шарт бурулуп карады. Анын жүрөгү китеп кыйкыргандагыдан да катуу түрсүлдөп, күзгүдөн жалгыз гана өзүн эмес артында чогулган бир топ элди көрдү. Бирок бөлмөдө өзүнөн башка эч ким жок болчу. Тез-тез үзүл-кесил дем алган Гарри кайра күзгүгө жай бурулду.
Күзгүдө коркконунан боппоз болгон өзү жана анын артында эң аз дегенде он киши турат. Гарри ийининен бурулуп артын карады, дале эч ким жок. Же алар да көрүнбөгөндөрбү? Чындыгында эмне болуп жатат? Көрүнбөгөн кишилерге толгон бөлмөдө туруп, күзгү алардын көрүнүп-көрүнбөгөнүнө карабай баарын көрсөтүп жатабы? Гарри кайра күзгүнү карады. Артында турган аял жылмайып кол булгалады. Гарри колун артка кылып арт жагын кармалай созду. Эгер ал аял чынында аркасында турса анын турпатына колу тиет эле го, алар бири-бирине жапжакын турушпайбы, бирок колу абага эле ары-бери булгаланды, аял жана башкалардын баары күзгүнүн ичинде экен.
Күзгүдөгү аял аябай жакшынакай экен. Чачтары күңүрт саргыч, көздөрү... Гарри, күзгүгө дагы жакын барып, анын көздөрү так эле менин көздөрүмө окшош го деп ойлоду. Ачык жашыл, дал эле өзүнүкү, бирок Гарри көзүнөн аккан жашты байкады; жылмайып, ошол эле учурда аял ыйлап жатты. Узун бойлуу, арык чырай, кара чачтуу киши жанында ийининен кучактап турду. Ал көз айнекчен экен, чачтары үксүйөт. Биринин артында бири, Гарри болсо алардын алдында турду.
Гарри күзгүгө кирип кетчүдөй жакын барды.
– Апа? – акырын дирилдей шыбырады. – Ата?
Алар карап турган бойдон жылмайышты. Гарри акырындап күзгүдөгү башка адамдардын жүздөрүн карады, алардын арасынан так эле өзүнүкүндөй бир нече жашыл түстүү көздүүлөрдү, өзүнүкүндөй бир нече мурунду көрдү. Бир чоң атанын тизелери так өзүнүкүндөй болуп бутунун ичине карай чыгып турат, Гарри өмүрүндө биринчи жолу үй-бүлөсү менен жолукту.
Поттерлер жылмайышып, баары колдорун чогуу булгалашты, Гарри күзгүнү эки алаканы менен жабыша кармап, ичине кирип жакын адамдарын кучактагысы келгендей жан талаша ар бирин карап жатты. Эч нерсеге окшобогон, кимдир-бирөө улуу кубаныч менен улуу кайгыны бир бүтүнгө аралаштырып койгондой түшүнүксүз сезимдерге курчалды.
Канча убакыт турганы белгисиз. Күзгүдөгү көрүнүштөр да жоголгон жок, Гарри көзү тойбой карагандан карап тура берди, кандайдыр бир үн чыкканда гана чыныгы жашоого кайткандай болду. Ал мындан ары бул жерде кала албайт, тезинен уктоочу бөлмөгө кеткенге үлгүрүшү керек. Ал апасын карап шыбырады: "Мен дагы келем" деди да, апасынын жүзүнөн көз карашын тартып алып бөлмөдөн чыгууга шашты.
– Мени деле ойготуп койбойт белең, - таарына бурк этти Рон.
– Жүрү бүгүн барабыз, мен ал жакка дагы барам, анан сага күзгүнү көрсөтөм.
– Мен сенин атаң менен апаңды көрсөм дейм, - кызыгуу менен айтты Рон.
– А мен сенин үй-бүлөңдү көргүм келет, улуу байкелериңди жана дагы башкаларын көрсөтсөң болот.
– Сен аларды ансыз деле көрөсүң, - деп колун силкти, – Жайында биздикине конокко кел. Анын үстүнө тиги күзгү бир гана көзү өткөндөрдү көргөзүшү мүмкүн. Тиги Фламел жөнүндө эч нерсе билинбей калганы өкүнүчтүү. Жок дегенде бекондон жесең боло, эмне эч нерсе жебедиң?
Гарринин тамагынан бир да тиштем тамак өтпөдү. Түндө ал ата-энеси менен жолукту, бүгүн да көрөт. Ал Фламелди ойлогонду да унутту. Фламел ага мындан ары кызыксыз. Акылсыз үч баштуу иттин эмне кайтарганы менен анын иши эмне? Жадагалса Злей ал кайтарган нерсени уурдап кетсе деле ага айырмасы кайсы? Уурдай берсин!
– Сага эмне болду? – деп сурады Рон. – Сен кызыктай болуп турасың.
Баарынан да Гарри күзгү турган бөлмөнү кайра таба албай калуудан коркту. Рон экөө жамынгыга кирип алышып, кечээги жалгыз басканга караганда жай басууга туура келди. Экөө кечээ Гарри китепканадан чыгып келген жолду кайра кайталай басып бөлмөнү табууга аракеттеништи. Алар караңгы коридордо бөлмөнү таппай бир сааттай жүрүштү.
– Тоңуп баратам, - Рон наалыды. – Мүмкүн кайра артка кетебиз, таппасак таппайбыз да.
– Жок! – ышылдай шыбырады. – Сезип жатам, ал ушул эле жерде.
Каршы тараптагы дубалдан тартайган арык арбак аялдар чыга кетишти, алардан башка эч ким жолдон кездешкен жок. Рон буттары муздай тоңгонунан мурчуйгандан мурчуйду, бирок ошол маалда Гарри аскердик курал-жарактарды байкап калды.
– Ал ушул жерде, так ушул жерде!
Алар эшикти ачып киришти. Гарри жамынгыны полго ыргыта салып күзгүгө жүгүрдү.
Мына алар, эне-атасы Гарри пайда болор замат жаркырай чыга келишти.
– Көрдүңбү? – шыбырады Гарри.
– Эч нерсе көргөн жокмун.
– Мына, карабайсыңбы! Кара... мына алар баары...
– Мен сени эле көрүп жатам.
– Мына мындай келип карачы, кел, менин ордума тур.
Гарри күзгүдөн ары жылды, бирок Рон анын ордуна, күзгүнүн бет маңдайына келип, өз үй-бүлөсүн көргөн жок, эми ал кебезден токулган түнкү уктоочу кийимчен жалгыз гана Ронду көрдү. Бирок Рон өзүнүн көрүнүшүнө аябай суктанып туруп калды.
– Мени карачы! – деди кубанычтуу үн менен.
– Сен да өз үй-бүлөңдү көрүп жатасыңбы?
– Жок, мен жалгыз эле, бирок мен азыркыдай эмес, бир аз улуу, анан да мен мыкты окуучумун!
– Эмне?
– Мен... менде так эле Биллдикиндей даража белгиси... а колумда коллеждин кубогу, анан да квиддич кубогу... жана да мен квиддич командасынын капитаны!
Рон кыйынчылык менен укмуштуу көрүнүштөн көзүн алып, кубаныч толгон жүзү менен Гаррини карады.
– Кандай ойлойсуң, бул күзгү келечекти айтабы?
– Кандайча? Менин үй-бүлөмдүн баары каза болгон да, кана мындай болчу көрөйүн...
– Сен кечээ кечке көрдүң го, коё турчу, мен көрөйүн.
– Сен кубок эле кармап турупсуң го, анын эмне кызыгы бар? А мен ата-энемди көргүм келет?
– Түртпөчү!
Күтүүсүз үн коридордон угулду эле, алар талашты токтотушту. Балдар кантип кыйкырып жибергенин өздөрү да байкашпады.
– Тез!
Рон өзүнүн башы менен Гарринин башын жашырганга араң жетишти, а миссис Нористин күйүп турган көздөрү бөлмөнү айланып чыкты. Рон менен Гарри дем чыгарбай, бир гана нерсени ойлоушту: жамынгыны мышыктар көрөбү?
Түбөлүктүү сезилген бир нече убакыт өткөндөн кийин миссис Норис бурулуп, бөлмөдөн чыгып кетти.
– Бул жерде калуу кооптуу, ал Филчке кетсе керек, ал бизди укту же көрдү, мен билип турам. Бол эртерек бул жактан кетели.
Андан соң Рон Гаррини бөлмөдөн сүйрөп чыкты.
Кийинки күнү эртең менен кар дагы деле эрий элек болчу.
– Кел шахмат ойнойлу? – деп Рон сунуштады.
– Ойногум келген жок.
– Анда жүрү, Хагридтикине конокко барабыз.
– Баргым келеген жок... өзүң эле барчы.
– Гарри, сенин эмне жөнүндө ойлонуп жатканыңды билем, тиги күзгүнү ойлоп жатасың. Бүгүн ал жакка барбачы.
– Эмне үчүн?
– Билбейм, болгону ошондой сезилет, анын үстүнө бир канча жолу колго түшүп кала жаздадың. Злей, Филч, миссис Норис алардын баары тегеректи шимшип жүрүшөт. Эгер алдыңан чыгып сүзүшүп калсаңарчы? А эгер жолдон бир нерсени түртүп кетсеңчи?
– Сен так эле Гермионадай болуп жатасың.
– Чынын айтам, Гарри, ал жакка барба.
Бирок Гарринин бир гана каалоосу бар: кайрадан барып сыйкыр күзгүнүн алдында болуу, анан да аны эч кандай Рон токтото албайт.
Үчүнчү жолу ал жолду тез тапты. Бирөө-жарымга жолугуп калып ызы-чуу чыгып кетпесин деп тез баратты, бирок алдынан эч ким чыккан жок. Мына ата-энеси ага дагы жылмайы, чоң аталардын бирөөсү баш ийкеди. Гарри күзгүнүн бет маңдайында полго отурду. Бул түндү үй-бүлөсү менен өткөрүүгө эч нерсе тоскоол боло албайт. Эч нерсе.
Болгону...
– Ммм, сен кайрадан бул жердесиңби, Гарри?
Гарриге ичиндеги организмдеринин баары музга айланып кеткендей сезилди. Ал бурула карады. Дубал түбүндөгү партанын үстүндө дал эле профессор Альбус Дамблдордун өзү отурат. Эртерек күзгүгө жетсем деген дегдөөсү менен анын жанынан кантип өткөнүн да байкабай калган окшойт.
– Мен... мен сизди байкаган жокмун, сэр.
– Аябай таң калыштуу, убактылуу көз ирмем менен жашагандар ушунчалык көрүнбөс болуп барат, - деди Дамблдор, анан Гарри профессордун жүзүндөгү жылмаюуну көрүп жеңилдей түштү.
– Эмесе, - сөзүн улантты Дамблдор, партадан жеңил сыймаланып түштү да, Гарринин жанына отуруп, – Сен, сага чейинкилер сыяктуу эле Көңүлдүн Ыйык Күзгүсүнүн сыйкырын ачтың.
– Мен анын мындай аталаарын билген эмесмин, сэр.
– Бирок сен эми ал эмне кыларын түшүндүң окшойт?
– Ал... эме... мага үй-бүлөмдү көрсөтөт...
– А сенин досуң Ронго болсо алдыңкы биринчи окуучу экенин көрсөттү.
– Кайдан...
– Көзгө көрүнбөө үчүн мага жамынгынын кереги жок, - жайдары жооп берди Дамблдор. – Эми бул Көңүлдүн Ыйык Күзгүсү эмнени көрсөтөрүн билдиңби?
Гарри баш чайкады.
– Эмесе түшүндүрөйүн. Жер жүзүндөгү бактылуу адам Көңүлдүн Ыйык Күзгүсүн кадимки күзгү катары колдонмок, тагыраак айтканда, ал күзгүдөн өзүн кандай болсо ошондой көрмөк. Түшүнүп жатасыңбы?
Гарри ойлонуп калды. Андан соң акырын айтты:
– Ал, биз эмнени кааласак ошону көрсөтөт... биз каалагандын баарын... ошондойбу?
– Ошондой да, андай да эмес, - жай айтты Дамблдор. – Ал бизге жүрөк түпкүрүндөгү эң ыйык, эң үмүтсүз ишке ашпаган каалообузду көрсөтөт. Өмүрүңдө көрбөгөн үй-бүлөңдү, туугандарыңды бет маңдайыңда чогулган абалында көрдүң. Дайыма байкелеринин көлөкөсүндө калган Рональд Уизли өзүн жалгыз, ошону менен бирге мыктылардын мыктысы кылып көрдү. Бирок бул күзгү бизге эч кандай билим да, чындык да бербейт. Көптөгөн адамдар ушул күзгү алдында келечегин өлтүрүшкөн, айрымдары көрсөтүлгөндөрдүн чын, жалганын түшүнө албай акылынан айнышкан.
– Эртең бул күзгү жаңы орунга көчүрүлөт, сенден суранам, Гарри, экинчи бул күзгүнү издебе. Эгер кийин бул күзгүгө туш келип калсаң, эмне күтүп турганын билесиң. Чыныгы жашоону унутуп, булуттарда учуп жүрө берүүнүн кереги жок. Азыр мына бул жакшынакай жамынгыны кийип алып уктоочу бөлмөгө барсаң эмнеге болбосун?
Гарри өйдө турду.
– Сэр... Профессор Дамблдор? Сизден бир нерсе сурасам болобу?
– Түшүнүктүү, сен аны сурап койдуң, - жылмайды Дамблдор. – Ошентсе да андан башка дагы бир суроо берсең болот.
– Сиз бул күзгүдөн эмнени көрүп жатасыз?
– Менби? Өзүм колума калың жүн байпак кармап турганымды көрүп жатам. Байпактар эч качан көптүк кылбайт. Мына дагы бир Жаңы Жыл өттү, а мага бир дагы байпак белек кылышкан жок. Эмнегедир бардыгы эле мага китеп белек кылыш керек деп ойлошот.
Гарри кайра керебетине кайтып келгенде анын оюна, мүмкүн Дамблдор толук ачылып сүйлөшпөгөндүр деген ой келди. Ал жаздыгынан Струпикти түртүп жылдырды. Бирок бир четинен ал суроо аябай эле жекече болчу.
ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Николас Фламел
Дамблдор Гаррини Көңүлдүн Ыйык Күзгүсүн мындан ары издебөөсүнө көндүрдү, көрүнбөс жамынгы жаңы жылдык каникулдун калган күндөрүн сандыкта өткөрдү. Баарыбир Гарри күзгүнү унута албады. Түн ортосунда ага үрөй учурган түштөр кирчү болду. Ата-энеси коркунучтуу жашыл жарык менен жок болуп кетип, чыңырган ачуу үндүн ачууланган каткырыкка айланганын кайра-кайра түшүндө көрчү болду.
– Мына көрдүңбү, Дамблдор туура айткан, ал күзгү чындыгында адамдарды акылынан аздырат, - деди Рон, Гарри ага түнкү үрөй учурган түштөрүн айтканда.
Семестр башталардан бир күн мурда мектепке келген Гермиона болгондорго башкача көз караш менен карады. Үч күн бою коридордо адашып, уктоочу бөлмөдөн чыгып кеткен Гаррини укканда бир чети жүрөгү түшсө ("эгер Филч кармап алса эмне болмок"), бир жагынан Николас Фламелдин ким экенин биле албаганына кайгырды.
Балдар Николас Фламел жөнүндө маалыматты китепканадан табарынан үмүттөр үзүлдү, ошентсе да Гарри мурдагыдай эле анын ысымын бир жерден көргөндөй болду. Жаңы семестрдин башталышы менен алар танапис учурунда он мүнөт китепканага чуркап, кайра кайтып келишти. Бирок тигилерге караганда Гарри издөө иштерине аз убакыт бөлдү, анткени кайрадан квиддич машыгуулары башталган.
Вуд командасын мурдагыдан да катуу машыгууга мажбурлады. Анын жеңишке умтулган күчтүү духун эч нерсе олку-солку кыла албады, жадагалса нөшөрлөп жаап карга айланган жамгыр да. Эгиз Уизлилер Вудди акылынан айныган деп наалып, сууктан титиреп жатышты, бирок Гарри ал учурда капитан тарапта болду. Эгер алар "Хуффльпуффту" утуп кетишсе, "Слизеринди" да акыркы жети жылда биринчи жолу кубок үчүн жеңип чыгышат. Гарри тынбай машыгуунун дагы бир себебин тапты, эгер ал чарчап келип жыга чапкандай уктаса, үрөй учурган түштөрдү аз көрөт.
Бир күнү машыгуудан кийин команда өзгөчө күйүгүп, кулагына чейин тер ага отуруп калышканда, Вуд жаман жаңылык кабарлады. Ансыз деле эгиздерге ачуусу келип, машыгуу учурунда өйдө жактан бомба менен жардырмай болуп, биринин үстүнө бири түшүп, болгондо да шыпыргыдан кулап бараткандай түр көрсөткөн эгиз Уизлилерге ал аябай ачууланды.
– Силер бейбаштыгыңарды коёсуңарбы! – деп бакырды Вуд. – Так ошол үчүн биз оюндан утулабыз! Оюнга Злей калыстык кылат, ал "Гриффиндордон" бир кынтык таап упай кемиткенге болгон күчүн жумшайт!
Жогорудагы окуяда чындыгында Жорж Уизли шыпыргысынан кулап кеткен.
– Оюнга Злей калыстык кылат?! – ирээнжий булдуруктады Жорж, оозуна чейин чачыраган ылайга карабай. – Ал буга чейин квиддич оюнуна калыстык кылды беле? Эгер биз аягында "Слизеринди" жеңерибизди билсе, адилеттүү калыстык кылбайт. Команданын калган мүчөлөрү да Жорждун жанына отуруп, кабактарын чытый кыжырдана башташты.
– А мен эмне кыла алам?! – деди Вуд. – Злей шылтоо таппашы үчүн биз кынтыксыз, мыкты ойношубуз керек, болду.
Булардын баары албетте жакшы деп ойлоду Гарри, бирок Злейдин оюнга таптакыр катышпай коюшун каалады ал. Анын себеби бар, өзгөчө абада жүргөндө...
Машыгуудан кийин баары эч нерсе болбогондой майда-чүйдө сөзгө кирип кетишти, бирок Гарри түз эле гриффиндор конок бөлмөсүн карай жөнөдү. Ал жактан Рон менен Гермионаны тынчтык партиясы үчүн гана шахмат ойноп отурганда тапты. Гермионаны балдардан алыстаткан жалгыз жол шахмат болчу. Ал көп учурда утулуп калат, а Гарри менен Рон анын утулушун өзүнө эле өтө пайдалуу деп табышкан.
– Азыр мага эч нерсе дебе, - күбүрөндү Рон, Гарри барып жанына отурганда, – көңүлүм оюнда... – ал досунун кебетесин көрүп, – Эмне болду? Сенин түрүң үрөйдү учурат ко.
Бирөө-жарым укпасын деп Гарри акырын шыбырай досторуна Злейдин квиддич оюнуна калыстык кылары жөнүндө күтүүсүз жаман кабарын айтты.
– Оюнга катышпа, - деди Гермиона.
– Ооруп калдым деп кой, - деди Рон.
– Бутуңду сындырып алгандай болуп кой, - кеңеш берди Гермиона.
– Бутуңду чындап эле сындырып сал, - деди Рон.
– Андай кыла албайм, - баардык сунуштарды четке какты Гарри. – Бизде менден башка Тыңчы жок. Мен ойнобосом, "Гриффиндор" таптакыр оюн талаасына чыкпай калат.
Конок бөлмөгө Невилль тешиктен башын салып кирип келди. Ал портреттин жыртыгынан кантип киргени дале табышмак. Анын буттары Кишендечү Дуба менен сыйкырланганы бир көргөндө эле түшүнүктүү болду. Ал Гриффиндор сепилинин сан жеткис тепкичтеринен коёндой секирип чыгып, секирип түшсө керек.
Аны көрүп баары каткырды, бир гана Гермиона аны коргой каршы сыйкырга өттү. Невиллдин буттары пружина тагып койгонсуп биринен сала бири титиреп, башынан бутуна чейин калчылдап барып акыры туруп кетти.
– Эмне болду? – деди Гермиона Невиллге басуууга жардам берип, жетелеп барып Гарри менен Рон отурган креслого отургузду.
– Малфой, - Невилль дирилдеген үн менен айтты. – Ага китепканадан жолуктум. Ал мага тажырыйбалуу коён керек дейт, машыкканга.
– Барып, баарын профессор Макгонагаллга айтып сал! – күч менен жиндене айтты Гермиона.
Невилль баш чайкады.
– Ашыкча ызы-чуу чыгышын каалабайм, - деп булдуруктады.
– Сен ага каршы сокку урушуң керек, Невилль! – деп Рон аралашты. – Малфой баштын үстүнөн тебелеп өткөнгө көнгөн, бирок бул ага ыңгайлуу болуш үчүн башты ийип жүгүнүү дегендик эмес.
– Гриффиндорлуктар үчүн жетишерлик деңгээлде эр жүрөк эместигимди эстетүүнүн кереги жок, Малфой муну силер үчүн жасады, - деди деми кыстыккан Невилль.
Анын түрү мына-мына ыйлап ийчүдөй болду. Гарри робунун чөнтөгүнө кол салып, Жаңы жылда Гермиона берген бакашоконун кутусунан калган акыркы бакашокону Невиллге сунду.
– Сен Малфойлордун жыйырмасына тетесиң, - деди Гарри. – Иргөөчү шляпа сени "Гриффиндорго" бөлдү, туурабы? А Малфой кайда? Сасыган "Слизеринде".
Невилль эринин тиштеп, жалооруй жылмая бакашокону аарчый баштады.
– Ыракмат, Гарри... Мен уктаганы барат окшойм... Карточкасын аласыңбы? Чогултчуң беле?
Невилль уктаганы кетти, Гарри карточкада бул жолу кайсы атактуу сыйкырчы чыкканын карады.
– Дагы Дамблдор, - деп күбүрөдү. – Бул карточка мага эң биринчи жолу...
Ушул жерден ал оозун ачып көздөрүн алайткан бойдон катып калды. Карточканын артын карап текстти окуду. Анан акырын башын көтөрө Рон менен Гермионаны карады.
– Мен таптым! – деди шыбырай. – Фламелди таптым! Айтпадым беле мурда, бул ысымды бир жерден жолуктургам! Поюздан, биз бул жакка келатканда! Мына уккула: "Заманбап дүйнөнүн улуу сыйкырчылары тарабынан урмат-сый менен даңкталган Дамблдор, өзгөчө ажыдаардын канын колдонуунун он эки ыкмасын ойлоп табуу аркылуу 1945-жылы каардуу Гриндельвальд сыйкырчысын жеңгени менен даңкы чыккан, мындан тышкары ал Николас Фламел менен биргеликте алхимия айдыңындагы иштери менен белгилүү!
Гермиона селт этти. Ал көптөн бери эң биринчи текшерилген үй тапшырма дептерлерин алганда тынчсыздана титирегениндей бүгүнкүдөй беймаза болгон эмес.
– Ушул жерде тургула! – кыйкырган бойдон уктоочу бөлмөгө жүгүрдү. Убакыт Гарри менен Ронго бири-бирин тынчсыздана тиктегенге эле жетти, андан соң Гермиона колуна көлөмдүү чоң эски китеп көтөрүп келе калды.
– Ушул китептен издеш керектигин эч качан ойлогон эмесмин! – шашыла шыбырады. – Буну китепканадан илгери эле алгам, уктаар алдында окуганга жеңил.
– Жеңил? – Рон ишенбеди.
Гермиона "чышш" деп тыйып, керектүү бетти издеп укмуштуудай тездик менен барактай баштады. Акыры керектүү жерди тапты.
– Мен билгем! Ушундай экенин билгем!
– Айтууга болобу же азырынча жокпу? – деди чыдабаган Рон. Гермиона ага кымындай да көңүл бурган жок.
– Николас Фламел, - салтанаттуу окуй баштады, – Сыйкыр таштын бүгүнкү күндөгү белгилүү жалгыз жаратуучусу!
Бирок бул сүйлөм балдарга Гермиона күткөндөй таасир берген жок.
– Эмне? – Гарри менен Рон жарыша сурашты.
– Силер эмне билбейсиңерби? Уккула, жок, андан көрө өзүңөр окугулачы, мегиле, мына бул жер.
Гермиона китепти алардын алдына жылдырды, Гарри менен Рон окуй баштады.
Орто кылымдардагы алхимия айдыңындагы изилдөөлөр, сыйкыр таш аттуу укмуштуудай күчкө ээ легендарлуу нерсени жасоого жумшалган аракеттер менен белгилүү. Ал таш кандай металл болбосун таза алтынга айландырып жиберүүгө жөндөмдүү деп эсептелинген. Андан тышкары ал таштын жардамы менен ичкен адамга түбөлүктүүлүк тартуулай турган өлбөстүктүн суусундугу Мүрөк Суусун жасоо мүмкүн. Көп кылымдар аралыгында сыйкыр таштын жаралышы тууралуу айың-кептер айтылып келет, бирок чыныгы жалгыз сыйкыр таш атактуу алхимик жана операнын баалоочусу мистер Николас Фламелге таандык. Өткөн жылы өзүнүн алты жүз алтымыш бешинчи туулган күнүн белгилеген Мистер Фламел, алты жүз элүү сегиз жаштагы аялы Перенелл менен бирге Девондо, обочолонгон жашоодо өмүр сүрүп келет.
– Эми түшүндүңөрбү? – деди жанатан Гарри менен Рондун окуп бүтүшүн чыдамсыз күтүп отурган Гермиона. – Ит, Фламелдин сыйкыр ташын кайтарып отурат окшойт. Фламел Дамблдордон ташты катып коюшун суранганынан шегим жок, алар дос да! Фламел ал ташты бирөө аңдып жүргөнүн билген, ошол үчүн "Гринготтстан" алып кетүүнү чечкен!
– Алтын жасаган жана өлүмгө жол бербеген таш, - деди Гарри. – Злейдин алгысы келип жүргөнү таң калыштуу эмес. Ким болсо да алгысы келмек.
– Андан да таң калбай турган нерсе Фламелди "Заманбап магиянын маанилүү ачылыштарынан" таппай койгонубуз, - деди Рон. – Ал алты жүз алтымыш беш жашта болгондон кийин анчалык деле заманбап эмес да, туурабы?
Кийинки күнү эртең менен кырсыктан коргонуу сабагында, тактадан кубулма кишинин тиштөөсүнөн айыгуунун ыкмаларын көчүрүп жазышты. Гарри менен Рон дагы деле сыйкыр таш колдоруна тийип калса эмне кылышмак, ошону талкуулашты. Эгер Рондун колунда сыйкыр таш болсо жеке квиддич командасын түзөрүн айтканга чейин Гарри Злейди да, жакында болор оюнду да эстеген эмес.
– Билесиңерби, баарыбир ойнойм, – деди Гарри чечкиндүү, Рон менен Гермионага. – Эгер оюн талаасына чыкпасам слизериндиктер мени коркоктук кылды, Злейден чочулады деп ойлошот. Мен аларга көрсөтөм!.. Биз утсак, алардын жүзүндөгү мыскыл түбөлүккө өчөт!
– Кийин өзүңдүкүн өчүрүүгө туура келип калбасын, - деди Гермиона.
Оюн жакындады, Гарри достору эмне десе болбой тынчсыздана берди. Команданын калган мүчөлөрү да кабатыр. Албетте, мектептин кубогу үчүн "Слизеринди" жеңүү жөнүндө ой баарын кубанычка бөлөдү, жети жылдан бери утуп көрүшө элек да, бирок мындай оюндун калысы менен жеңишке жетише алышабы – күмөн.
Ага Гарри так ишенбесе да Злейге алардын артынан көзөмөл жүргөндөй сезилди. Байкатпай будуң-чаң чыгаргысы келип жүрөбү? Уу жөнүндөгү илим сабагы апта бою чабуулдук каршы аракет жасоого айланды, Злей Гарриге ушунчалык ырайымсыз мамиле жасалды. Балким алардын сыйкыр таш жөнүндө билип алгандарын сезгендир? Бирок кандай жол менен сезмек эле... Кээде Злейдин оюңду билип коёр жөндөмү бардай, аны ойлогондон да коркту Гарри.
Эртеси Гарри кийим алмаштыргыч бөлмөдөн чыгар алдында ага достору келип ийгилик каалашты. Достору аны тирүү көрөбүзбү, жокпу деп жатышкандай, бул ойдон кийин Гарри өзүн мурдагыдан да жаман сезди. Ал формасын кийип, өзүнүн атактуу "Нимбус-2000"ин алып жатканда, Вудтин сүйлөгөн сөздөрүн араң укту.
Рон менен Гермионанын эмнеге кабактары бүркөлүп кабатыр, эмнеге оюнга сыйкыр таякчаларын алып келишпеди? Мунун бирөөсүн да түшүнбөгөн Невиллдин жанынан трибунага барып орун алышты. Гарри билген эмес, бирок Рон менен Гермиона мурдатан эле Кишендеп коюу дубасын үйрөнүп, бир нече жолу машыгышкан. Бул идеяны Невиллди буттарынан сыйкырлап кишендеп койгон Малфой берген, бирок азыр балдар тиги Гарриге кичине эле зыян келтирер болсо, дубаны Злейге колдонууга даярданышкан.
– Унутпа, Локомотор Мортис, - Гермиона таякчасын жеңине каткан Рондун кулагына шыбырады.
– Мен билем, - кыжыры келе тиштенди Рон. – Тажатпа мени.
Ал учурда Вуд кийим алмаштыруучу бөлмөдөн Гаррини четке чакырып кетти.
– Кан басымыңды көтөргүм келбейт, бирок Айлакерди эч качан мынчалык тез кармоого мажбур болгон эмеспиз. Злей "Хуффльпуффкка" катуу калыстык кылганга жетишкенче оюнду эртерек аягына чыгаруубуз керек.
– Мектептегилер чогулуп калышты! – деп бакырды эшиктен баш баккан Фред Уизли. –Жадагалса Дамблдор да, кечирим сурайм, кыпчылып алыптыр.
Гарринин жүрөгү сальто-мортале ойноп жиберди.
– Дамблдор? – ал кайталай сурап, каалгага жүгүрүп барды. Фред алдабаптыр.
Көпчүлүк арасынан күмүш сакалды байкабай коюу мүмкүн эмес болчу.
Гарри аз жерден каткырып жибере жаздады, ушундай жеңилдей түштү. Эми ал коопсуздукта. Злейдин Дамблдордун көзүнчө ага үстөмдүк кылуусу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.
Балким, ошол үчүн командалар оюн талаасына тизилгенде Злейдин кебетеси каардана өзгөргөндүр, анын түрү Рондун көздөрүнөн да жашына алган жок.
– Злейди буга чейин бир да жолу мынчалык коркунучту көргөн эмесмин, - деп шыбырады Рон Гермионага. – Тигине, учуп чыгышты. Ой!
Кимдир-бирөө Ронду кежигесинен чукуп өттү. Малфой экен.
– Ах, кечирип койчу, Уизли, сени байкабаптырмын.
Малфой оозун кымтый жылмайды. Ал достору Крэбб менен Гойлга кайрылды:
– Кызык, бул жолу Поттер шыпыргысында канча убакыт кармалат болду экен? Мелдешелиби? А сен, Уизли, мелдешесиңби?
Рон жооп берген жок. Злей жаңы эле Жорж Уизли хуффльпуффтукка Чабуулчу менен сокку урганы үчүн аларга пенальтиге уруксат берди. Гермиона көздөрүн жүлжүйтө колдорун тизесине коюп, манжаларын кайчылаштыра, оюнчулардын үстүндө Айлакерди аңдып карчыгадай айлана учуп жүргөн Гарриден көзүн албай отурду.
– Билесиңерби менин көз карашымда, "Гриффиндор" командасына оюнчуларды кандай принциптер менен тандашат? – Малфой так ошол маалда көзгө көрүнбөгөн бир шылтоо менен Злей хуффльпуффтукка дагы бир ирет пенальти берген учурда үнүн катуу чыгара сурады. – Ал жакка аябай боор ооругудай байкуштарды алышат. Мына, мисалы, Поттер, анын ата-энеси жок. Андан кийин Уизли, анын акчасы жок. А сага Лонгботтом командага карай жол ачык, сенин болсо мээң жок.
Невилль кызарып кетти, бирок ошол маалда тартынбастан Малфойдун жүзүнө тике карады.
– Мен сендейлердин он экисине тетемин, Малфой, - мукактана айтты.
Малфой Крэбб, Гойл менен каткырышты, Рон оюндан көзүн албай Невиллди коштоп, күчөтүп жатты:
– Айт, ага айтып сал, Невилль.
– Лонгботтом, мээң алтындан болсо Уизлиден да кедей болмоксуң... Бул дагы бери жагы.
Рондун нерви ансыз деле Гарриге тынчсызданып жатып чектен чыгып кеткен.
– Эй, Малфой, дагы бир сөз...
– Рон! – кокустан Гермиона кыйкырып жиберди. – Гарри!..
– Эмне? Кана?
Гарри көрүүчүлөрдүн уу-дуусу менен коштолгон суктануу кыйкырыктарын чогултуп, күтүүсүздөн эле чукул чумкуу жасады. Гермиона кайчылашкан манжалары менен оозун басып, Гарринин октой учуп жерди карай зымыраганын карап турду.
– Уизли, сүйүнө бер, Поттер тыйынды таап алды, - мазактай айтты Малфой.
Рон калчылдап кетти. Малфой эмне болуп кеткенин түшүнүүгө үлгүрбөдү. Рон анын үстүнөн баса калып эки колун артка кайрып алган. Невилль эмне кыларын билбеди, андан соң отурган отургучунан аттап өтүп жардамга жөнөдү.
– Бол, Гарри! – түз эле Злейди көздөй учкан Гаррини жакшылап көрүш үчүн ордунан туйлаган Гермиона бут алдында жулмалашкан Рон менен Малфойду, Невилль, Крэбб жана Гойл үчөө чырмалыша аралашканын көрбөдү. Түйүлдүктөн чыккан түшүнүксүз үндөрдү да байкаган жок.
Мына ушул көз ирмемде жакын жерден жылт-жулт эткен, күлгүн сымал бир нерсени байкаган Злей асмандан шыпыргысын дал убагында бурууга жетишти. Бир секунддан кийин эле кармалган Айлакерди алаканына кысып, колун салтанаттуу түрдө жогору көтөргөн Гарри чыга келди.
Трибунадагылар бир күү менен тура калышты, бул рекорд эле. Эч кимиси Айлакер мынчалык тез убакытта кармалган бир да оюнду эстей албады.
Айлакерди аябай тез убакытта кармашты.
– Рон! Рон! Каяктасың? Оюн бүттү! Гарри утту! Биз уттук! "Гриффиндор" утту! – кыйкырган Гермиона бийдин ыкмасын жасап, отургучтун үстүнө секирип чыкты. Кайра андан түшө калып арткы орундуктагы Парватти Патилдин кучагына асылды.
Жерди карай бир фут калганда Гарри шыпыргысынан секирип түштү. Болуп өткөндөргө ишене албай жатты. Ал утту, оюн бүттү. Оюн беш мүнөткө араң созулду. Гриффиндорлуктар оюн талаасына биринин артынан бири шыпыргыларынан секирип түшүп жатышты. Гарри жакын жерден эрдин кесе тиштеп, бозоргон Злейдин шыпыргысынан түшкөнүн көрдү, анан ийининен кармаган колду сезип, башын көтөрүп артка кылчая, жылмайган Дамблдордун көздөрүн тиктеди.
– Эң жакшы, - Дамблдор акырын Гарри гана уга тургандай шыбырай мактады, – Күзгүнү сагынбаган мындай абалыңды көрүү кандай жагымдуу... Иш менен алектенипсиң... Азаматсың...
Злей ачууланып жерге чыйт түкүрдү.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин Гарри кийим алмаштыруучу бөлмөдөн жалгыз чыгып, "Нимбус 2000ди" короого алып барганы жөнөдү. Ал көптөн бери мынчалык бактылуу болгон эмес. Ал чындап сыймыктанар иш жасады, эми эч ким ысымы менен атактуу деп айта алышпайт. Кечки аба эч качан мындай таза, мындай ыракаттуу жумшак болгон эмес. Гарринин жүрөгүн билинбеген жагымдуу сезим уялай, оюна акыркы саатта болуп өткөн окуя улам-улам түшүп, нымдашкан чөптү жирей бутун шилтей басып баратты. Аны оюн талаасынан көтөрүп кетүүгө трибунадан жабыла чуркаган гриффиндорлуктар; бир канча алыстыкта биринен-бири ашып секиришген Рон менен Гермиона; мурдунан аккан канга карабай "Ура!", "Ураалап" кыйкырган Рон жүрөт.
Гарри короого келди. Ал короонун каалгасына сүйөнө "Хогвартска" кызарып батып бара жаткан күн шооласынан күйгөн терезелерди карады. "Гриффиндор" жеңди. Ал өзү жеңди, ал Злейге көрсөттү...
Айтмакчы, Злей тууралуу...
Чүмкөмөлүү плащка жашынып, сепилдин тепкичинен ылдый ылдам-ылдам баса бир киши чыкты. Эч кимге көрүнгүсү келбегени ачык көрүнүп турду. Ал тезинен мектеп аянтынан кетүүгө шашыла Тыюу салынган токойго багыт алды. Жеңиштин кубанычы Гаррини жалгыз калтырды, ал бул басыкты жазбай тааныды. Баары кечки тамакта отурганда Злей Тыюу салынган токойго кирип баратат, эмнеге?
Эч нерсени ойлобой эле Гарри шыпыргысына отуруп абага көтөрүлдү. Үн чыгарбай сепил үстүнөн кесип өтүп, Злейдин токойго шашып баратканын көрдү. Гарри артынан сызды.
Жыш токойдун үстүнөн Гарри Злейдин кайда кетип калганын көрбөй калды. Ал токойдун үстүнөн айланып төмөндөй берди, төмөндөй берди, Үн угулганда гана бак-дарактардын башына чейин келип токтоду. Ал акырын учуп келип, бийик ак кайыңдын бир бутагына конду. Колуна шыпыргысын кылдаттык менен бекем кармап ылдый жакта эмне болуп жатканын көрүүгө аракеттенди.
Төмөн жакта, кара топурак аянтта Злей турат, бирок жалгыз эмес. Жанында Квиррелл турат. Гарри анын түрүн көргөн жок, бирок ал адаттагыдан да катуу кекечтенип жатты. Гарри профессорлордун бир да сөзүн өткөрүп жибербөө үчүн кулагын болушунча түрдү.
– ... б-б-билбейм, э-э-эмнеге с-сизге так у-у-ушул же-ерден ж-ж-жолугуш к-к-керек, Злодеус...
– О, мен, биздин сырды сактай алабыз го деп ойлогом, - деди Злей жагымсыз үн менен. –Баарыбир окуучулар сыйкыр таш жөнүндө билбөөгө тийиш.
Гарри дагы ылдый эңкейди. Квиррелл бир нерсе былжырады. Злей сөзүн бөлүп жиберди.
– Сиз тиги Хагрид кармаган айбандан кантип өтүш керектигин билдиңизби?
– Б-б-бирок, Злодеус, мага..
– Квиррелл, эгер сиздин душманыңызга айлансам, бул сизге жакшылык алып келбейт, - баса белгилей маектешине бир кадам жакындады.
– М-мен б-б-билб-бей жат-там, с-с-из...
Үкү катуу үүлөп жибергенинен Гарри аз жерден дарактын бутагынан кулай жаздады. Ал боюн түздөй калганда Злейдин кийинки сөзү угулду: "... сиздин жакшынакай фокус-покусуңузду да. Күтөм".
– Биро-о-к м-мен бил...
– Эң жакшы, - сөзүн кесе айтты Злей. – Жакында маектешүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот, ага чейин ким тарабында экениңизди жакшылап ойлонуп, бир чечимге келиңиз.
Ал башына чүмкөмөсүн кийип, тез-тез басып көздөн кайым болду. Караңгы кирди, бирок Гарри баарыбир Квирреллны көрүп турду. Тиги таштай каткансып, ордунан кыймылдабады.
– Гарри, кайда жүрөсүң? – Гермиона чыңырып жиберди.
– Биздикилер утту! Биздикилер утту! Сен уттуң! – Рон обонго сала ырдай Гарринин далысын черткиледи. – Мен Малфойду көгөрттүм, Невилль болсо жалгыз өзү Крэбб менен Гойлга каршы чыкты. Ал азыр ооруканада, бирок мадам Помфри баары жайында деди. Өзү слизериндиктерге дагы көрсөтөрүн айтты. Баары сени конок бөлмөдө күтүп жатышат, биз ал жакка сага арнап кече уюштурдук, Фред менен Жорж ашканадан таттуулардан тартып көп нерселерди көтөрүп келишти!
– Эми ал маанилүү эмес, - деди Гарри дээрлик угулбай тургандай күбүрөп, – Жүргүлө бош бөлмө табалы, мен силерге ушундай бир нерсе айтып берем...
Ал бөлмөдө Пивздун бар-жогун жакшылап карап чыкты да, эшикти бекем жаап, көргөн, уккандарын баарын айтып берди.
– Биз туура тааптырбыз, чынында эле сыйкыр таш экен, Злей Квирреллны өз тарабына кошулууга мажбурлап жатат. Злей анын Замбиректен өтөр-өтпөстүгүн сурады, анан да ал кандайдыр бир "фокус-покус" жөнүндө айтты, демек ташты бир гана ит кайтарбайт, ал жакта дагы кандайдыр бир сыйкырлар бар, балким бирөө гана эместир. Квиррелл ал жакка Злей өзү өтө албай турган күчтүү дубаны колдонсо керек...
– Анда, сен таш болгону Квиррелл өзү дубаны жандырганга чейин гана коопсуздукта дейсиңби? – деди тынчы кеткен Гермиона.
– Анда таш кийинки шейшембиде жок болот, - үмүтүн үзө айтты Рон.
ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Норберт, норвегиялык арсак тиш
Квиррелл алар ойлогондон да катуу экен. Жума артынан жума өтүп, профессор бозоргондон бозоруп, арыктап кетти, бирок жеңилейин деген ою жоктой.
Рон, Гарри жана Гермиона үчүнчү кабаттын коридорунан өтүп калышканда дайыма каалгага кулактарын такай тыңшап текшерчү болушту, ал жактан мурдагыдай Замбиректин ырылдаган үнү угулат. Злей адаттагыдай каардуу түрү менен жүрдү, мындай көрүнүшү таш дагы деле ордунда экенинин туюнтканы. Квиррелл менен жолугушуп калганда Гарри чын жүрөгүнөн жылмайып, ага кубат бергенге аракет кылат. Рон эми профессордун кекечтигине күлгөнү үчүн уялып жатты.
Гермиона ошол учурда сыйкыр таштан башка иштери менен алектенип жүрдү. Ал окуу планын түзүп, ар кандай таблицаларды чийип, дептерлерине түстүү сыялар менен белгилерди коюп баштады. Гарри менен Рон анын бул кылгандарына каршы деле эмес, эгер Гермиона аларды да ушундай кылып жасоого мажбурлабаса.
– Гермиона, сынактарга дагы жүз жыл бар.
– Он жума, - кесе сүйлөдү Гермиона. – Жүз жыл эмес, жадагалса бир секунд десе да болот, Николас Фламел болсо мени түшүнмөк.
– Бирок биз алты жүздө эмеспиз да, - эскертти Рон. – Сага мунун баарын окуунун эмне кереги бар, ансыз деле баарын билесиң.
– Эмне керегеи бар? Сен эмне акылыңан ажырадыңбы? Түшүнгөн жоксуңбу? Эгер биз бул сынактан өтпөй калсак, бизди экинчи класска көчүрбөйт! Бул аябай жоопкерчиликтүү сынак, мурда даярдансак болмок, мен эмне ойлоп жүрдүм, башым кайда жүрдү... билбейм...
Тилекке каршы, Гермионанын ой толгоосун мугалимдер чачыратып жиберди. Ансыз деле балдарды үй-тапшырмаларга көөмп салышты, жаңы жылдык эс алууга караганда пасхалык эс алуу күндөрү байкалбай өттү. Көкүрөгүңдө дайыма Гермиона асылып турганда окуудан оюңду бөлүү кыйын болду, ал бирде ажыдаардын канын колдонуунун он эки ыкмасын кайталаса, бирде кайра-кайра сыйкыр таякчасын булгалап серпет. Гарри менен Рон бош убактылардын көбүн отуруп, тура калып, ооздорун ачып эстеп, эптеп кошумча тапшырмаларды аткаруу үчүн Гермионанын маңдайында китепканада өткөрүштү.
– Эч качан мунун баарын жаттай албайм, - деди Рон бир күнү үшкүрүнүп. Ал куш сыясын үстөлгө таштап, китепкананын терезесине барып туруп калды. Терезеден чыныгы жаздын алгачкы күнү жаркырап тийди. Асман ачык, жылуу, аба деминен жайдын илеби жыттанат.
Ошол учурда "Миңдеген сыйкыр чөптөр жана козу карындардан" "жырткыч бадьянды" издеп баш көтөрбөй отурган Гарри, Рон кыйкырып жибергенде гана өйдө болду.
– Хагрид! А сен китепканада эмне кылып жүрөсүң?
Хагрид бутун сүйрөй басып, текчелердин арасынан артына бир нерсе жашырып чыкты. Моюнга алыш керек, ал момолой тону менен аябай эпсиз-жөнсүз көрүндү.
– Бул жактан бир нерсе карап жүргөм, - деди балдардын заматта чоктой күйгөн кызыгуусун басаңдатуу үчүн кайдыгер көрүндү. – А силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? - анан дароо шектене сурады, – Силер бул жакта Фламел үчүн эмеспи?
– Биз анын жүз жыл мурда эле ким экенин билгенбиз, - деди сүрдүү түрү менен Рон. – Биз сенин күчүгүң эмне кайтарганын да билебиз, ал сыйкыр та...
– Чшшш! – Хагрид чочуп кетип айланасында эч ким жокпу деп тегерете карады. – Эмне бакырасың, жинди болдуңбу?
– Айтмакчы, биздин сага бир нече суроолорубуз бар, - деди Гарри, – Ташты Замбиректен башка ким же дагы эмнелер кайтарат?
– ЧҮШШШ! – дагы тыйды Хагрид. – Уккула. Мага бир аздан кийин келгиле. Баарын айтам деп убада кылбайм, болгону бул жөнүндө баарына сайрай берүүнүн кереги жок, бул нерсени окуучулар билбеши керек. Мени айтып салды деп ойлошот...
– Анда көрүшкөнчө, - деди Гарри.
Хагрид бутун сүйрөй басып кетип калды.
– Ал аркасына эмнени катып кетти? – ойлоно сурады Гермиона.
– Ташка тиешелүү бир нерсе деп олойсуңбу?
– Кайсы бөлүмдү казып чыкканын карап келейинчи, - Рон сабак даярдоодон бошонгонуна кубанды. Ал бир мүнөттөн кийин колуна жыйылган китеп көтөрө кайра келип, үстөлгө таштады.
– Ажыдаарлар жөнүндө! – деп шыбырады. – Хагрид ажыдаарлар жөнүндө окуптур! Мына карасаңар: "Улуу Британия менен Ирландиянын ажыдаарлары", "Жумурткадан желмогузга чейин", "Ажыдаар багуу маалымат китепчеси".
– Хагрид ажыдаарлуу болууну каалачу, ал мага өзү айткан, биринчи эле жолукканда, - деп Гарри эстеди.
– Бирок бул тыюу салынган да, - деди Рон. – Ажыдаар багуу 1709-жылдын Сыйкырчылык Конвенциясында тыюу салынган, муну баары билет. Сыйкырчылар ажыдаарларын эшикте кармашса, маглдардан кантип жашынышмак эле? Ажыдаарларды колго үйрөтүүгө да болбойт, алар кооптуу. Чарлинин колундагы румынялык жырткыч ажыдаарлардан калган күйүктөрүн көрсөңөр болмок!
– Бирок Англияда жырткыч ажыдаарлар жок болсо керек? – үмүттүү сурады Гарри.
– Албетте, бар, - деди Рон. – Кадимки уэлльстик жана гебридиандык кара ажыдаарлар. Алар магия министирлигине ашыкча жумуш таап чыгышат! Сыйкырчылар ажыдаар көргөн маглдарды унуттуруп сыйкырлоого аргасыз.
– Хагрид эмне ойлоп тапты болду экен?
Бир сааттан соң балдар күзөтчүнүн кепесине жакындап, тумчуланган терезелерине таңгалышты. Хагрид кыйкырды: "Ким бул?". Андан кийин балдарды ичкери киргизип кайра дароо эшикти бекем жапты.
Ичи мончо жаккандай ысык экен. Күн жылуу болсо деле очокто от жагылыптыр. Хагрид чай кайнатып, эчкинин этинен бутерброд жасайм дегенине балдар көнбөдү.
– Кана, эмне сурайын дедиңер эле?
Ар кайсынын башын бирден сурап, айланчыктай берүүнүн мааниси жок болчу. Гарри ток этерин сурады:
– Сыйкыр ташты Замбиректен башка дагы эмнелер кайтарат, айта аласыңбы?
Хагрид кабагын чытты.
– Айта албайм, бул айдан ачык, - кесе айтты. – Биринчиден, өзүм да билбейм. Экинчиден, силер ансыз деле акылдуусуңар, андыктан билсем да айтпайм. Таш ошол жакта тургандан кийин, демек ошондой болууга тийиш. Аны аз жерден "Гринготтстан" уурдап кете жаздады, эми муну билесиңер да, туурабы? Замбирек жөнүндө жана башкаларынан деле алдын ала кабарыңар бар!
– Ой, Хагрид, койчу! Сен бизге айткың келбей жатат, болбосо баарын билесиң. Ал жерде сенин кабарыңсыз эч нерсе ишке ашпайт, туурабы? – жайдары үн менен айтты Гермиона. Хагриддин сакалдары кыймылдап, анын эмнеге жылмайганы түшүнүктүү болду. – Бизге коопсуздук күзөтүн ким камсыздаган, ошол кызык, - сөзүн улантты Гермиона. – Дамблдор жардам суроо үчүн мынчалык кимге ишенет? Албетте, биринчи сага ишенет дечи, бирок сенден тышкары дагы кимге? Бизге ошол кызык.
Ушул сөздөн кийин Хагрид көкүрөгүн керди. Гарри менен Рон ыраазы боло Гермионаны карашты.
– Эми... Бул, эми силерге, эгер айтып койсом эч нерсе болбойт чыгар... Азыр эстейинчи... Ал менден Замбиректи алды... Кийин мугалимдердин бири сыйкыр койду... Профессор Спроут, профессор Флитвик, профессор Макгонагалл, - Хагрид профессорлорду алаканына салгандай манжалары менен санап баштады, – Профессор Квиррелл, анан албетте, Дамблдордун өзү да бир нерсе кылган, бул түшүнүктүү. Токтогулачы, бирөөнү унутуп жатам... А ооба да, профессор Злей.
– Злей?!
– Ммм. Ай уккулачы, эмне тынчыбайсыңарбы? Түшүнсөңөр Злей ташты коргоого жардам берген, аны кайра эмнеге уурдамак эле?!
Анын оюн Рон менен Гермиона бөлүшүп жатканын Гарри билип турду. Злей ташты коргоого өзү да катышкандан кийин, кайсы мугалим кандай сыйкыр колдонду билет да, ага эч нерсени билүүнүн кереги жок. Мүмкүн ал баарын билип, бир гана Квирреллнын сыйкырынан улам Замбиректин жанынан кантип өтүүнү билбесе керек.
– Хагрид Замбиректин жанынан өтүүнү сен эле билесиңби?- тынчы кете сурады Гарри. –Сен эч кимге айтпайсыңбы? Жадагалса мугалимдерге да?
– Эч-эч бир жанга! Бир гана Дамблдор экөөбүз билебиз.
– Демек ушундай, бул да бир нерсени билдирет, - Гарри досторуна акырын айтты. –Хагрид терезени ачса болобу? Мен кайнап баратам.
– Болбойт, Гарри, кечир, - Хагрид көнбөдү. Ал отту карады. Гарри да ошол жакты карады.
– Хагрид! Бул эмне?
Бирок ал эмне экенин болжолдой тапты. Очоктун так ортосундагы чайнектин алдында чакан көлөмдөгү кара жумуртка жатыптыр.
– А булбу! – Хагрид тынчсыздана сакалын кармалай создуктурду, – Бул...э-э-э...
–Муну кайдан алдың Хагрид? – Рон жумуртканы жакшылап көрүүгө отко жакындады. – Бул деген бүтүндөй байлыкка тете.
– Утуп алдым, - деди Хагрид. – Өткөндө кыштактан. Жүз грамм ичкени баргам, бир киши менен карта ойной кеттик. Ал ушундан кутулганына сүйүндү.
– Бирок сен бул сыртка чыкса эмне кыласың? – үрөйү уча сурады Гермиона.
– Эме, мен бул жерден эме... китептен тапкам, - Хагрид жаздыгынын астынан чоң томдук китеп алып чыкты, – Китепканадан алдым. "Ажыдаарды үй шартында кармоонун пайдалары", ыкмалар эскириптир, бирок ошентсе да бул жакта жумуртканы отто кармаш керектиги жазылыптыр, ошондуктан энелери жумурткаларына оттуу дем чыгарышат да. Анан жумурткадан чыккандан кийин жарым саат сайын бир чака балапандын каны менен жасалган коньяктан бериш керек. Мына дагы жумурткасынан анын түрүн кантип аныктайт, меники норвегиялык арсак тиш. Сейрек кездешүүчү түр, мына ушундай.
Өзүнө ушунчалык ыраазы болду, а Гермиона анын кубанычына орток боло алган жок.
– Хагрид, сен жыгач үйдө жашайсың да, - деп эскертти.
Хагрид уккан жок. Ал кыңылдай ырдап очоктогу көмүрдү которуштурганына бактылуу.
Ушундай жол менен балдарда тынчсыздануу жаралды: Хагрид кепесинде тыюу салынган ажыдаарды багып жатканын ким билбей калсын, акыры билинет.
– Кызык, тынч жашоо деген кандай болду экен? – деп Рон үшкүрдү бир күнү. Ал күндөрү күчкө сала баатырдык менен күндө кечинде үй тапшырмаларын аткарып жатышты. Эми Гермиона Гарри үчүн да, Рон үчүн да окуу планын өзү түзүп, балдарды кутуртуп ийбеди.
Бир күнү эртең мененки тамак учурунда Хедвиг Гарриге Хагридден кат алып келди. Катта эки ооз сөз бар экен: "Ал чыгып жатат".
Рон гербология сабагына кирбей, тезинен кепеге барууну сунуштады. Бирок Гермиона бул туурасында уккусу келген жок.
– Гермиона, биз ажыдаардын жумурткадан чыкканын качан көрмөк элек, кийин көрө алабыз деп ойлойсуңбу?
– Сабакка барышыбыз керек, болбосо жагымсыз окуяга тушгабыз. Бул кылганыбыз Хагрид күткөндүн жанында болбогон нерсе, анын эмне менен алектенгени билинсе...
– Акырын! – Гарри шыбырай кыйкырды.
Өтө алыс эмес, бир нече метр алыстыкта Малфой туруптур, ал сөз тыңшаган абалында катты. Ал эмнени угууга жетишти? Кебетеси Гарриге таптакыр жаккан жок. Рон менен Гермиона гербология бөлмөсүнө жеткенге чейин жолду катар талашып барышты, акыры Гермиона чоң танапис учурунда Хагридге чуркап барып келүүгө макул болду. Сабактын бүткөнүн билдирген коңгуроо кагылар замат алар өлчөп жаткан үкүлөрүн таштай салып, токой жээгиндеги кепеге жөнөштү.
Хагрид конокторду кыпкызыл болгон кубанычтуу жүзү менен тосуп алды:
– Ал дээрлик чыгып калды.
Жумуртка үстөлдө жатыптыр. Кабыгынан жаракалар кетип, ичинен бирдеме кыймылдады; анан кызыктай шакылыктаган үн чыкты. Төртөө үстөлгө жакындап, демдерин ичке катып жумурткага үңүлүштү.
Тигиле күткөнгө карабай, катуу чытыраган үндөн улам баары титиреп, көп өтпөй жумуртканын кабыгы бир нече бөлүктөргө ажырады. Үстөлгө ажыдаардын баласы топ дей түштү. Анын кыймылы жагымдуу туюлду. Гарриге жакшынакай ажыдаардын баласы, кара түстөгү, бүктөлгөн жалбыз кол чатырына окшоду. Канаттары аркайган арык денеге салыштырмалуу кыйла чоң, кең таноолуу узун тумшук, курч мүйүздөрү жана бакырайган саргыч көздөрү бар экен.
Ажыдаардын баласы чүчкүрдү эле, таноолорунан оттун учукундары чачырады.
– Жакшынакай экен э? – мырылдады Хагрид. Ал кол созуп ажыдаардын башынан сылайын дегенде тиги курч тиштери менен ырылдап, аз жерден Хагриддин манжасын жулуп ал жаздады.
– Карачы муну! Карагылачы, апасын таанып жатат!
– Хагрид, - деди Гермиона, – Норвегиялык арсак тиштер канчалык ылдамдыкта чоңоюшат?
Хагрид жооп бергиче эле анын өңү коркунучтан бозоруп, жүгүрүп барып терезени карады.
– Эмне болду?
– Бирөө карап туруптур, тигил жактан, пардалардын кычыгынан, бир жаш бала, тигине, мектепти карай тырмаңдап баратат!
Гарри эшикке октой учуп барып көчө тарапты карады. Алыста болсо да тигинин келбетин жазбай тааныды. Малфой ажыдаарды көрүп койду.
Кийинки жумаларда Малфойдун жылмаюусунда бир мандем пайда болду, Гарри, Рон жана Гермиона жандарын коёр жер таппады. Бош убактыларынын көбүн караңгыланган кепеде өткөрүп, Хагридди акыл менен жол табууга үндөштү.
– Аны коё бериш керек, - деди Гарри, – Эркиндикке коё бериш керек.
– Анте албайм, - деп көшөрдү Хагрид, – Бул али кичинекей, өлүп калат.
Балдар ажыдаарды карашты. Болгону үч жумада кичинекей балапан үч эсе чоңойду. Таноолорунан түтүн чыкканычы. Хагрид аны менен ушунчалык алектенип, башка милдеттери унутта калды. Пол үстүндө тооктун жүндөрү менен аралашкан бош бөтөлкөлөр башаламан жатат.
– Анын аты Норберт болот, - Хагрид ажыдаардан жашылданган көздөрүн албай элжирей айтты. – Ал мени таанып калды, мына карасаңар: Норберт! Апаң кана?
– Шариктер чыгырыктын артынан тайып кетиптир, - Рон Гарринин кулагына шыбырай бүтүм чыгарды.
– Хагрид, - Гарри катуу айтты. – Эки жумадан кийин Норбертиң үйүңгө батпай калат. Малфой болсо каалаган маалында Дамблдорго ушактап барат.
Хагрид эрдин тиштеди.
– Мен... мен билем, мага муну бул жерге калтырганга болбойт, бирок азырынча...мен ансыз жалгыз кантем...
Гарри күтүүсүздөн Ронго бурула карады.
– Чарли, - деди ал.
– Сеники да тайып калдыбы, - деди Рон. – Менин атым – Рон, эсиңдеби?
– Жок, Чарли сенин байкең. Румыниядагы. Ажыдаарларды изилдеген. Норбертти ага жөнөтсөк болот. Чарли аны багып, андан соң эркиндикке коё берет.
– Эң мыкты ой! – Рон кубанып кетти. – Сен кандай ойлойсуң, Хагрид?
Акыры Хагрид Чарли менен кеңешүүгө үкү жибергенге макул болду.
Кийинки жума бир жылга созулгандай чоюлду. Шаршемби күнү кечинде Гермиона менен Гарри конок бөлмөдө калышты, калгандары уктаганга кетишти. Портреттин жылдырылган үнү угулганда саат жебеси түн ортосун көргөзүп турган. Тешиктен көрүнбөс жамынгыны чече сала Рон пайда болду. Ал Норберттин курсагын тойгузууга жардам берип Хагриддикинен келген. Норберт эми өлүк келемиштер менен тамактана баштаган, болгондо да челектеп жейт.
– Ал мени тиштеп алды! – Рон кан болгон жүз аарчыга оролгон колун көрсөтүп даттанды. – Мен сыянын канчасын кармайм, канчасын кармай албайм белгисиз! Бул ажыдаардан өткөн шумдукту көргөн эмесмин, Хагриддин бөйпөңдөй эркелеткенин уккандачы, "коёнегим", "мыймыйым", "балыгым"! Мен кетип баратканда ал тиги каракчыга бешик ырын созуп жаткан!
Терезеден акырын каккылаган үн чыкты.
– Бул Хедвиг! – Гарри үкүнү ичкериге киргизгенче шашыла. – Ал Чарлиден жооп алып келиптир!
Үч баш катка үңүлдү:
“Ардактуу Рон! Кандай жүрөсүң? Кат үчүн ыракмат, норвегиялык арсак тишти кубануу менен кабыл алам, бирок аны бул жакка жеткирүү оңойго турбайт. Менимче, эң туура жолу ошол жактан мага жолугар досторумдан берип жибер. Бул жердеги негизги көйгөй, тыюу салынган жандыкты туткандары үчүн кармалып калуулары ыктымал.
Силер арсак тишти ишемби күнү түн ортосунда эң бийик сепилге алып келе аласыңарбы? Алар силерди ошол жакта күтөт жана эч ким көрбөш үчүн түнкүсүн алып кетишет. Жообун болушунча эртерек жөнөткүлө".
Сүүйүм менен, Чарли
Балдар бири-бирин карады.
– Биздин көрүнбөс жамынгыбыз бар, - деди Гарри. – Бул кыйын эместир, жамынгы деле чоң, эки киши Норберт менен бирге кенен батат.
Достор макул болушту, ансыз деле акыркы жума алар үчүн ийгиликсиз болду. Иши кылып Норберт менен Малфойдон кутулуш үчүн баарына даяр болушту. Планды аткарууга камданган маалда кокустук болуп кетти. Эртең менен Рондун тиштелген колу эки эсе шишиптир. Рон мадам Помфриге баруудан кооптонду, эгер ал ажыдаар тиштегенин билип койсочу? Бирок башка айла жок болуп калды. Колунун тиштелген жери коркунучтуу жашыл түскө өзгөрүп калыптыр. Норберттин тиштери уулуу окшойт.
Кечке маал Гарри менен Гермиона оорукананы карай Ронду көрүүгө жүгүрүп барышып, аны аябай кооптуу абалда көрүштү.
– Колум үчүн эле мындай абалга туш болгон жокмун, - деди ал шыбырай, – Колум үзүлүп түшчүдөй ооруп жатат. Малфой мадам Помфриге менден китеп сурап келгенде ал мени аябай шылдыңдады. Мени чынында эле ким тиштегенин баарына айтам деп коркутту. Ит тиштеди дедим, бирок мадам Помфри ишенген жок окшойт. Аны менен квиддич оюнунда мушташпай койсом болмок экен, эми ал өчүн алууда.
Гарри менен Гермиона болгон күчтөрүн жумшап, Ронду тынчтандырууга аракеттеништи.
– Ишембинин түнүндө баары артта калат, - деди Гермиона, бул сөз Ронду тынчтандырган жок. Тескерисинче, ал керебетинен секирип өйдө болуп, тердеп отура калды.
– Ишемби түнүндө! – Рондун үнү титиреди. – Жок, андай болбой эле койсун! Жок! Мен азыр эле эстедим! Чарлиден келген кат Малфой алып кеткен китептин ичинде болчу! Эми ал Норбертти алып барарыбызды билет.
Гарри да, Гермиона да жооп бергенге жетишпеди. Мадам Помфри кирип келип, оорулуу Рон эс алышы керектигин айтты.
– Бир нерсени өзгөрткөнгө өтө кеч, - деди Гарри Гермионага. – Чарлиге дагы бир үкү жөнөткөнгө убактыбыз жок, анан да Норберттен кутулууга акыркы мүмкүнчүлүк бул. Тобокелге барганыбыз туура. Анан жамынгыны алышыбыз керек, жок дегенде Малфой ушул жөнүндө билбесин.
Алар Хагридге акыркы жаңылыктары менен келгенде, Клык кепенин жанында куйругу таңылып отуруптур. Хагрид терезеден сүйлөштү.
– Силерди киргизе албайм, - күшүлдөй айтты Хагрид. – Норберт өспүрүм куракта, бирок аны өзүм жайгарам.
Хагрид Чарлинин каты тууралуу угуп ыйлагысы келди, бирок бир гана кайгырганынан эмес, ошол учурда Норберт анын бутунан бир тиштеди.
– Уууух! Эч нерсе болбойт, эч нерсе, кийимимди эле тиштеди, ойноп! – Али балакай да.
Балакай кепенинин дубалдарын куйругу менен чапкылады, анын серпилген куйругунан терезенин айнектери титиреди. Гарри менен Гермиона бир гана ой менен сепилди көздөй кетишти, ишембиге чейин күтүш керекпи эми?
Эгер бүгүн жасай турган иштерине мынчалык кабатырланып, тынчсызданышпаганда, алар Хагрид менен Норберттин ажырашуусуна кейишмек. Түн караңгы болуп, асманды булут каптады. Балдар бир аз кечигип чыгууга туура келди, анткени кире бериште өзү менен өзү дубалда тенис ойногон Пивздун кетишин күтүштү.
Хагрид Норбертти жөнөтүүгө даярдап, кылдаттык менен себетке салып коюптур.
– Норберт менен кошо келемиштерди да даярдап салып койдум, барганча жолго жетет, - Хагриддин үнү мукактана чыкты. – Анын жакшы көргөн мамалак оюнчугу да ошол жерде.
Себет кычырай кыймылдап кетти. Мамалактын башын жулуп салды окшойт.
– Жакшы бар, Норберт! – Хагрид мукактанды, Гарри Гермионанын жардамы менен себетти көрүнбөс плащ менен жапты, – Апакең сени эч качан унутпайт!
Алар себетти сепилге чейин кантип алып келгендерин өздөрү байкабады. Мүнөттөр чыкылдап, түн жарымы жакындады, анан алар себеттеги Норбертти күч менен көтөрүп, мрамор тепкичинен жогору карай кире бериш бөлмөгө, анан караңгы коридор менен ары кетишти. Дагы бир тепкич жогору, дагы кичинекей эле жол калды, Гарри ачып койгон бул жол тапшырманы жеңилдеткен жок.
– Келип калдык! - деди Гарри сепилдин эң жогорку баскычына жеткенде.
Алды жактан бир нерсе кыбырады, алар аз жерден себетти ыргытып жибере жаздашты. Алар корголоону унутуп, караңгыга жашына калып бири-бирин кармаган эки караанды жакшылап көрүүгө аракеттеништи.
Шотланд халатчан профессор Макгонагалл Малфойдун кулагынан чоё кармап туруптур.
– Эрежени бузгандык! – деп бакырды. –"Слизериндерден" жыйырма упай кемитилди. Мындай жерде түн жарымында сандалып, сен кантип...
– Сиз түшүнбөй калдыңыз, профессор. Бул жакка ажыдаары менен Гарри Поттер келиши керек!
– Капкайдагы болбогон шылтоо! Мындай калпты кантип айтып жатасың?! Бас, сен жөнүндө профессор Злейге кабарлашым керек, Малфой!
Бул окуядан кийин сепилдин эң бийик чокусу ылдый кеткен тепкич бул дүйнөдөгү оңой жолдой көрүндү. Бирок алар сыртка чыкканга чейин жамынгыны чечкенге кудурети келбеди, сыртка чыгып жамынгыны чечкен соң кайрадан эркин дем алганда кубанышты. Гермиона Жигу бийлеп жиберди.
– Малфойду жазалашты! Мен азыр ырдайм!
– Башкасын кылсаң да муну жасаба, - Гарри шашыла айтты.
Малфойдон улам шаңданган экөө күтүп калышты, Норберт себетте тынчы кете баштады. Болжол менен он мүнөттөн соң, караңгыдан жеңил жана үнсүз төрт шыпыргы чыга келди.
Чарлинин достору көңүлдүү компания болуп чыкты. Алар колго жасалган Норбертти алып кетүүгө арналган кичине арабаны Гарри менен Гермионага көрсөтүштү. Баары чогуу Норбертти жайгаштырып, Гарри менен Гермиона колдорун булгалай коштошуп, терең алкыш айтышты.
Акыры Норберт учуп кетти... кетти... кетти.
Гарри менен Гермиона баштарында, колдорунда асылган Норберттен кутулуп, айланма тепкичтен акырын жеңил-желпи түшүштү. Эми эч кандай ажыдаар жок. Малфой болсо жазалданды, мындай жанган бакытты ким өчүрө алат?
Бул акыркы суроонун жообу тепкичтин акырында күтүп турган экен. Жаңы эле караңгылыктан коридорго чыкканда Филчтин турпаты пайда болду.
– Так-так-так, - үнүн өктөм чыгарбастан айтты, – Мына биз да минтип колго түштүк.
Алар көрүнбөс жамынгыны сепилге унутуп калышыптыр.
ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Тыюу салынган токой
Мындан жаманын ойлоп табуу мүмкүн эмес.
Филч эреже бузгандарды биринчи кабаттагы профессор Макгонагаллдын иш бөлмөсүнө алып барды. Алар өздөрүнө буйруган жазаны күтүп, үн-сөзсүз отуруп калышты. Гермиона билинер-билинбес титиреди. Кандайдыр кечирим суроо, актануу, далил табуу сыяктуу түрдүү ойлор экөөнүн башына башаламан келе берди. Гарринин ар бир актанууга ойлоп тапкан амалы улам мурункусунан начарлай берди. Бул жолу ал ийгиликсиз окуядан качуунун жолун таппады. Бурчка такалгандай болушту. Кантип мынчалык кылдатсыз болушту, кантип көрүнбөс жамынгыны унутушту? Профессор Макгонагаллдон аларды актоонун себептерин күтүү мүмкүн эмес эми. Болгондо да түн ортосунда уктоочу бөлмөдөн сыртта, тыюу салынган астрономиялык сепилден шек туудура кармалгандары эмне шумдук? Ал жакка сабак учурунда болбосо, барууга болбойт эле. Бул жерге Норбертти жана көрүнбөс жамынгыны кош, болду, буюмдарыңды жыйнай бер.
Гарри мындан жаманын ойлоп табуу мүмкүн эмес деп жаңылыптыр. Профессор Макгонагалл Невиллди ээрчите кирип келди.
– Гарри! – Невилль классташтарын көрөрү менен жүткүнө жүгүрдү. – Сени таап эскертип коёюн дегем, Малфой силерди кармайм деп жүргөнүн угуп калгам, ал айткан сенде аж...
Айласы куруган Гарри ойлонбой айтылган Невиллдин сөзүн баш чайкай токтотту. Бирок профессор Макгонагалл байкап калды. Ал үчөөнү карап турду, эгер аны Норбертке салыштырсак, ушул учурда ал андан өтүп жалындуу от чыгарып жиберчүдөй.
– Мен силердин мындай кылыгыңарга эч ишенмек эмесмин. Силер астрономия сепилинде болгонуңарды мистер Филч айтып берди. Азыр түнкү саат бир. Түшүндүргүлө.
Гермиона биринчи жолу мугалимдин суроосуна жооп бере албады. Бутун тиктеген боюнча мамыдай катып отурду.
– Эмне болгонун өзүм деле түшүндүрүп бере алам деп ойлойм, - деди профессор Макгонагалл. – Бул үчүн көп акылдын кереги жок. Силер Драко Малфойду жагымсыз окуяга дуушар кылуу үчүн болбогон ажыдаар окуясына ишендирдиңер. Мен аны кармадым. Лонгботтом да силердин жомогуңарга ишенди дешке болобу?
Гарри Невиллдин көздөрүн кармап, айтылгандар калп экенин белгилер менен көрсөтүүгө аракеттенди, анын түрү өлүктөн айырмасы жок эле. Байкуш, бозоргон Невилль досторун куткаруу үчүн түнкү сейил ага кандай азаптуу болгонун Гарри билип турду.
– Аябай ачуум келди, - сөзүн улантты профессор Макгонагалл. – Бир эле учурда төрт окуучу уктоочу бөлмөдөн чыгып сыртта жүрүшөт! Уккан кулак ишенбейт! Мисс Гренжэр, сиз жөнүндө мен жакшы ойдо элем. Мистер Поттер, мен сизди "Гриффиндорду" сыйлайт ко дегем. Үчөөңөр тең жазаланасыңар, ооба, сиз дагы мистер Лонгботтом. Түн ортосунда уктоочу бөлмөдөн сыртта жүргөндөрдү эч бир шылтоо актай албайт. Болгондо да азыркы заманда, бул аябай кооптуу, мындан тышкары "Гриффиндордон" элүү упай кемитем.
– Элүү?! – Гарри тумчугуп калгандай болду. Эми алар квиддич оюнунан топтогон упайларын жоготушат.
– Ар бириңерден элүүдөн, - деди профессор Макгонагалл, узун, шиштей мурдунун таноолорунан деми кысылып.
– Профессор... суранам...
– Сиз мындай кыла албайсыз...
– Мен эмнени кылам, эмнени кылбайм, үйрөтпөңүз, Поттер. Баарыңар тең уктоочу бөлмөңөргө жөнөгүлө. Гриффиндорлуктар үчүн мынчалык кызарган эмесмин.
Алар жүз элүү упай жоготушту. "Гриффиндор" акыркы орунга түштү. Алар бир түндө эле коллеждин кубогун алуу үмүтүн жокко чыгарышты. Гарри ушуну менен жашоосу бүтүп калгандай сезди. Эми эмне кылыш керек, күнөөсүн кантип жууйт?
Гарри таң атканча уктабады. Невиллдин жаздыкка башын катып бышактап ыйлаганын угуп жатты, аны кантип соороторун да билбеди. Невилль өзү сыяктуу эле эртеңки күндү ойлоп жатканын түшүндү. Булар кылганды уккан гриффиндорлуктарга эмне болот?
Эртең менен упайларды көрсөтүүчү бийик кум сааттын жанынан өтөрдө гриффиндорлуктар упайларын көрүп, кандайдыр бир жаңылыштык деп ойлошту. Бир түндө эле жүз элүү упай кайда кетмек? Анан мектеп боюнча жаңылык тарады: эки жолку квиддич оюнунун баатыры Гарри Поттер жана биринчи класстардын айынан упай жоголду.
Эң ардактуу, сүйүктүү Гарри кокустан эле эң жек көрүндү адамга айланды. Жадагалса равенкловтуктар менен хуффльпуффтуктардын ачуусу келди. Анткени алар "Слизериндин" кубоктон айрылуусун каалашкан. Гарри кайда барбасын баары колдору менен көрсөтүп мазакташат. Слизериндиктер, тескерисинче, аны кол чаап кыйкыра тосуп алышат: "Ыракмат сага, Поттер, сенин бул кылганыңды эч качан унутпайбыз!".
Бир гана Рон Гарри тарапта калды.
– Бир жумадан кийин баары унутулду. Коллеж Фред менен Жорж үчүн канча жолу упайын жоготушту, бирок аларды баары жакшы көрөт.
– Бирок эч ким алар үчүн дароо жүз элүү упай жоготкон жок да, туурабы? – деди ичи түтөгөн Гарри.
– Ммм..жок, - деп кошулду Рон.
Абалды өкүнүү менен сактоого кеч болуп калган, бирок Гарри экинчи өзүнө тиешеси жок иштерге кийлигишпөөгө сөз берди. Сүйүктүү-тыңчынын ролун ойноо, болду жетишет. Ал ушунчалык уят болду, ал Вудге барып командадан кетерин айтты.
– Кетем?! – Вуд тарс эте бир тийди. – Мындан кандай пайда? Квиддичтен башка кантип упай топтойбуз? Квиддич акыркы үмүтүбүз!
Бирок квиддичте деле кубаныч жокко эсе болчу. Гарри менен командадагылардын эч кимиси сүйлөшкөн жок, эгер сүйлөшүүгө туура келсе аны "Тыңчы" деп чакырышат. Гермиона менен Невилль да жабыркашты. Албетте, аларга Гарридей жаман болгон жок, анткени алар анчалык атактуу эмес, бирок алар менен да эч ким сүйлөшкөн жок. Гермиона сабак учурундагы активдүүлүгүн таштады, башын ылдый салып жалгыз иштеди. Гарри сынактар жакындаганына сүйүндү. Сынакка даярдануу аз болсо да унуткарууга жардам берди. Алар Рон Гермиона болуп өз ара сүйлөшүп, кечке даярданып, оор кошулма дарылардын курамын эстеп калууга аракеттеништи. Дубалоо, сыйкырлоону жаттап, маанилүү сыйкырчылыктагы ачылыштардын күндөрүн бышыкташты. Болжол менен сынак башталарына бир жума калганда, Гарриге тиешесиз иштерге кийлигишпөө убадасы күтүүсүз сыноого салды. Ал китепканадан чыгып жалгыз келаткан, кокустан коридордун жогорку бөлмөсүнөн кыңкылдаган үн угулду. Бөлмөгө жакындаганда гана үн Квирреллныкы экенин билди:
– Жок, жок, мындай кылбаңыз, суранам...
Кимдир-бирөө аны коркутуп жаткандай. Гарри акырын жакын келди.
– Макул, макул...- деп солуктаган Квирреллны укту.
Кийинки секунддардан кийин класстык бөлмөдөн Квиррелл селдесин түздөй сыртка чыкты. Ал аябай бозоруп, мына-мына ыйлап жиберчүдөй. Ал бат эле кетип калды. Гарри профессор аны байкаганынан да күмөн санады. Гарри кадамдар угулбай калганча күтүп, андан соң класстык бөлмөнү карады. Ал жакта эч ким жок экен, бирок бөлмөнүн аркы башындагы каалга ачык калыптыр. Өзүнө берген тиешесиз иштерге аралашпоо убадасын Гарри бөлмөнүн ортосуна барганда эстеди.
Кандай болгон учурда да, жаңы бөлмөдөн чыгып кеткен Злей экенине Гарри толук ишенди. Алыстаган Квирреллнын кадамынан анын жеңилгенин же эми жеңилерин түшүндү.
Гарри кайра китепканага Гермиона Рондун астрономиясын текшерген жакты көздөй жөнөдү. Гарри досторуна уккандарын айтып берди.
– Демек Злей максатына жеткен экен да! – деди Рон. – Эгер Квиррелл каардуу сыйкырга каршы дубаны жок кылуунун жолун айткан болсо...
– Бирок баарыбир Замбирек бар да, - Гермиона эскертти.
– Балким, Злей Хагридсиз эле Замбиректен кантип өтүш керектигин билгендир, - деди Рон текчедеги китептерден бери буруп. – Үч баштуу зор итти жеңүүнүн жолун көрсөткөн маалымат китептерде болуш керек. Эмне кылалы, Гермиона?
Рондун көздөрү күйүп, жаңы бир укмуштуу окуяны баштоочудай кызыкты, бирок Гермиона Гарриден мурда жооп бергенге жетишти.
– Дамблдорго барыш керек. Муну илгери эле жасашыбыз керек болчу. Эгер өз алдыбызча кадамга барсак, бизди мектептен сөзсүз кууп чыгышат.
– Бирок бизде эч кандай далил жок! – деди Гарри. – Квиррелл биздин сөздөрдү далилдегенге аябай коркок. А Злей Хеллоуинде троллдор кайдан келегени жөнүндө түшүнүгү жок экенин, үчүнчү кабатка жакын да жолобогонун айтат, анан кандай ойлойсуңар, профессорго ишенеби бизгеби? Биз аны жек көрөрлүгүбүз жашыруун эмес. Дамблдор болсо Злейди кетириш үчүн бизди ойлоп тапты деп чечим чыгарат. Филч биз тарапта эмес, алар Злей экөө жакын, негизи ал үчүн мектепте канчалык окуучу аз болсо, ошончолук жакшы. Биздин таш жөнүндө да, Замбирек жөнүндө да билерлигибизди эч ким билбейт, муну унутпаш керек. Биз көпкө түшүндүрүүгө аргасыз болобуз.
Бул сөздөр Гермионаны көндүргөнү менен Рон макул болбоду.
– Эгер абалды кичине терең изилдеп көрсөк...
– Жок, - деди Гарри бир калыпта, – Биз баарын изилдеп салдык.
Ал Юпитердин картасын алдына жылдырып, анын айларынын атын жаттап баштады.Кийинки күнү эртең мененки тамак учурунда Гарри, Гермиона жана Невилль окшош кат алышты:
"Силердин жазаңар бүгүн кечки саат он бирде аткарылат.
Мистер Филч кире бериште күтөт".
Профессор Макгонагалл.
Жүз элүү упайды бир көз ирмемде жоготкон Гарри жаза өтөш керектигин таптакыр унутуп калыптыр. Ал Гермиона эми сабакка керектелген убактысын баары текке кетти деп наалый баштайт деп күткөн, бирок Гермиона бир ооз сөз айткан жок. Ал дагы Гарридей эле жаза адилеттүү деп эсептеди.
Кечки саат он бирде Рон менен Гриффиндор конок бөлмөсүнөн коштошуп, Невиллди алып оозгу бөлмөгө жөнөштү. Филч менен Малфой ошол жакта туруптур, Гарри да жазаланганы таптаза эсинен чыгып кетиптир.
– Мени менен баскыла, - деди чырак күйгүзүп сепилден балдарды алып чыгып бараткан Филч.
– Кана эми, мектеп эрежесин бузар алдында жакшылап ойлоносуңарбы? – ал каардуу көздөрүнүн кыйыгы менен карады. – Ооба-ооба... оор эмгек жана катуу ооруу, мына мыкты мугалимдер, эгер силер менин пикиримди сурай турган болсоңор... Мурдагы жазалоо системасы өзгөрүп кеткени өкүнүчтүү... Колуңардан өйдө карай шыпка бир күн илип койсо, менде чынжырлар да сакталуу, аларды майлап-сүттөп келем, балким керек болуп калат... М-да... эми кетели... качууну ойлобогула, анда силер ойлогондон да жаман болот.
Алар караңгы аянтты кесип өтүштү. Невилль бышактай баштады. Гарри кандай жаза күтүп жатканын болжолдоп баратты. Чынында коркунучтуу жаза берилет окшойт, болбосо Филч мынчалык канааттанбайт болчу.
Ай жарык, бирок аны карай жылган булуттардан улам айлана да, иш да белгисиздикте карайып баратты. Алды жактан жарыгы күйгөн Хагриддин кепесин көрдү. Андан соң алар алыстан кыйкырык угушту:
– Бул сенби, Филч? Бол эрте, башташ керек.
Гарри кичине сергий түштү, эгер бизге Хагрид менен иштешүүгө туура келсе, мүмкүн баары анчалык оор эмес чыгар. Анын сезимдери жүзүнө чыга калдыбы, анткени Филч ошол замат жекирди:
– Тиги каракчы менен бирге акмактын ишин кылабыз деп ойлосоң керек? Жаңылышасың жигит, силер токойго барасыңар, жаңылышсам оңдоп койгула, ал жактан аман-эсен келериңер күмөн.
Аны уккан Невилль катуу солуктады, а Малфой матап койгондой ордунан жылбады.
– Токойго? – Малфой кайталап сурады, болгондо да адаттан тыш кабатырланган үн менен. – Бизге түн ортосунда ал жакка барган болбойт, ал жакта жанагы... кубулма кишилер бар.
Невилль Гарринин робунун жеңине жабышып деми кыстыга кыңкыстады.
– Ал сиздин көйгөй, - деди Филч мазактуу сүйүнүчүн жашырбай. – Аларды, кубулма кишилерди буга чейин ойлонуш керек болчу.
Караңгыдан бат-бат басккан Хагрид чыкты, артынан Клык ээрчий келди. Хагрид колуна чоң жаа кармап, ийинине октору менен саадак асып алыптыр.
– Өх, деги, - деди ал. – Бир жарым сааттан бери күттүм, күттүм. Гарри, Гермиона жакшы элесиңерби?
– Аларга жаш баладай үйрүлө түшкөндүн кереги жок, Хагрид, - Филч тоң маанайда үн катты. – Булар мында жазаланыш үчүн турат, достук маек үчүн эмес.
– Ошондуктан сен кечиктиң да э? – деди Хагрид кабак чытый. – Акыл үйрөттүң да! Ал сенин камкордугуң эмес. Ишиңди бүттүңбү, эми жолуңа түш. Мындан ары өзүм алып кетем.
– Таң атканда келем, - деди Филч, – Булардын эмнеси калат? - кайгыра кошумчалап, сепилди беттеди, караңгыда чырактын секирип баратканы көрүнүп баратты колунан.
Малфой Хагридге бурула карады.
– Мен токойго барбайм, - деди Малфой, Гарри анын үнүнөн чочуп кеткенсиди.
– Барууга туура келет, эгер "Хогвартста" калгың келсе, - ачуулана айтты Хагрид. – Булгадыңбы, тазалаганды да бил.
– Токойго кирүү кызматкерлердин иши, окуучуларга мындай кылган болбойт! Бизди бир нерсени көчүрүп жазганга мажбурлашат деп ойлогом! Эгер атам мага эмне кылдырып жатканын билген болсо...
– Билесиңби, бизде, "Хогвартста" эреже ушундай болгондон кийин, - Хагрид кыжыры келди, – Көчүрүп жазуубу?! Андан эмне пайда?! Андан көрө пайдалуу нерсе жасаш керек же бул жактан жоголуш керек. Эгерде атакеңе сени кууп жибергени көбүрөк жакса, анда жол ачык, баргын да икир-чикириңди жыйнай бер, түшүндүңбү?
Малфой кыймылдаган жок. Хагридди жеп жиберчүдөй тиктеп, кайра жерди карады.
– Ошондой, - деди Хагрид, – Азыр уккула. Бүгүн биз кылар иш аябай кооптуу. Силердин өмүрүңөрдү тобокелге салууну каалабайм. Бул жакка бир мүнөткө келгилечи.
Ал балдарды токой четине алып барып, чырагын өйдө көтөрдү. Калың теректерди имерилме кууш бир таман жолго жарык кылды. Балдар токойго көз чаптырганда, жеңил жел чачтарынан сылап өттү.
– Карагыла, - деди Хагрид. – Тигине жерди көрүп жатасыңарбы? Жаркырайбы? Күмүш сымал. Ал кериктин каны. Бул жумада экинчи ирет ушундай болду. Өткөн шаршембиде кериктин өлүгүн тапкам. Азыр биз тиги жарадар байкушту табууга аракет кылабыз. Мүмкүн сактап калаарбыз.
– Эгер керикти жарадар кылган неме бизди биринчи таап алсачы? – деди Малфой, жүзүндөгү коркунучту жашыра албай.
– Бул токойдо силерге зыян келтирчү эч нерсе жок, эгер бир нерсе болсо артыма же Клыкка жашына каласыңар, - деп тынчтандырды Хагрид. – Анан жолдон чыкпагыла. Эми мындай. Эки топко бөлүнөбүз да издин артынан эки тарапка жөнөйбүз. Кан тигине, тетиги жердин баарында, ал кечээтен бери ушул тегеректе айланып жүрөт.
– Мен Клык менен барам, - Малфой иттин курч тиштерин карап шашыла айтты.
– Макул, - деди Хагрид, – Бирок эскертип коёюн, ал коркунучтуу. Демек, Гарри менен Гермиона мени менен, а Драко, Невилль Клык менен кетсин. Эмесе ким керикти тапса, жашыл учкунду коё берет, сүйлөштүкпү? Таякчаңарды алгыла да мындай кылгыла, азаматтар, мына ушундай. Эгер кимге жардам керек болсо, кызыл учкунду коё бересиңер, анан биз жардамга барабыз, кыскасы абайлагыла, кана жылалы.
Токой караңгы, жымжырт эле. Кичине баскандан кийин эки айрылыш жолго келишти. Гарри, Гермиона, Хагрид сол жакка кетишти, а Малфой, Невилль, Клык оң жакка. Алар унчукпастан буттарынын алдын карап баратышты. Эки жактан ай шооласындай жарык дарак бутактарынан, жалбырактарынан күмүш түстө чагылышып, кериктин баскан издерин туйдуруп турду.
Гарри Хагриддин катуу бушайманга түшкөнүн көрдү.
– А балким кубулма киши керикти өлтүрүп жаткандыр?
– Жок, ушундай ылдамдык мененби, - деди Хагрид. – Керикти кармоо анчейин оңой эмес, алардын табигый жана арбап алчу күчтүү сыйкыры бар. Мен буга чейин жарадар болгон керикти такыр көргөн эмесмин.
Алар эңилчек баскан дүмүргө жакындашты. Гарри жакын жерден агын суунун үнүн укту. Чырмалган талдардын арасынан кеткен жолдон кериктин каны кездешти.
– Гермиона кандайсың? – шыбырай сырады Хагрид. – Коркпо, ал мынчалык жарадар болгондон кийин алыс кетпейт, демек биз аны азыр... ТАЛГА ЖАШЫНГЫЛА!
Хагрид балдарды шап кармап калды, укмуштуудай тездик менен кең, бекем бактын артына жашыра салды. Ал саадагынан жебе алып, жаасын октоду да, куралды алдыга мээледи. Үчөө тыңшай катып калышты. Кимдир-бирөө жакын жерден шуудураган жалбырактардын үстү менен акырын жакындай берди: үн узун көйнөк жерди шыпырганындай угулду. Хагрид караңгыны карай көзүн жүлжүйтө карап тыңшады, бирок бир нече секунддан соң шытыраган үн тып токтоду.
– Билгем, - күбүрөндү Хагрид, – Тыюу салынган бул жакта бирөө бар.
– Ал кубулма кишиби? – деди Гарри.
– Жок, эч кандай кубулма киши эмес, эч кандай керик да эмес, - суз жооп берди. – Кана артыман жүргүлө, бирок кылдат болуш керек.
Алар шырп эткен үндү тыңшай кыбырап басышты. Кокус алды жактан тирүү жандыктай бир нерсе кыбырады.
– Ким бул? – деп кыйкырды Хагрид. – Бери чык, мен куралчанмын!
Анан токойдун берки жайык ачык жерине бир адам чыкты же атпы? Белине чейин киши шекилдүү, сары чач, сакал-муруттуу, бирок белинен ылдый сыйдаң тору аттын тулкусу, узун саргыч куйругу менен турат.
Гарри менен Гермиона таң калгандан ооздорун ачып туруп калышты.
– Бул сенби, Ронан? - жеңилдей үшкүрдү Хагрид. – Кандай?
Ал жакын барып кентавр менен кол алыша учурашты.
– Кутман кеч, Хагрид, - деди Ронан. Анын үнү муңдуу чыкты. – Мени атайын дедиң беле?
– Сактыкка кордук жок, Ронан, - Хагрид жылмая жааны таптады. – Бул жерде, силердин токоюңарда ыплас иш болуп кетиптир. Айтмакчы, бул Гарри Поттер жана Гермиона Грэйнжер. Биздин мектепте окушат. Балдар, бул болсо Ронан. Кентавр.
– Билдик, - Гермиона угулар-угулбас үн катты.
– Кутман кеч, - Ронан учурашты. – Мектепте дечи... Мектептен эмнени үйрөндүңөр?
– Эммм...
– Баарынан кичинеден үйрөндүк, - Гермиона сылык жооп берди.
– Кичине. Бул дагы чоң нерсе, – деп үшкүрдү Ронан. Ал башын жогору көтөрүп көктү карады. – Бүгүн Марс жарык.
– Ага, - деди Хагрид, ал дагы көктү карап. – Ронан, сага жолукканыбыз жакшы болбодубу, бул жакта жарадар керик жүрөт... Сен эч нерсе көргөн жоксуңбу?
Ронан дароо жооп берген жок. Ал көктү көз ирмебестен узакка карап, үшкүрдү.
– Күнөөсүздөр ар дайым биринчи жабыркашат, - деди ал. – Мындай дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет.
– Ооба, - Хагрид каршылык пикир билдирген жок. – Бирок Ронан, сен бир нерсе көрдүңбү? Адаттан тыш ээ, мындай көрүнүш?
– Бүгүн Марс жарык, - Ронан кайталады, ал Хагриддин чыдамсыз шашкалактаган көздөрүнө көңүл бурган жок. – Адаттан тыш жапжарык.
– Ооба, бирок мен адаттан тыш нерсени бул жактагы, жердегини айтам, көктөгү эмес, - Хагрид түшүндүрө кетти. – Демек, сен эч нерсе байкабаптырсың да.
Анан кайрадан Ронан убакытты создуктурду. Акыры оозунан сөз чыкты:
– Токойдо көптөгөн сырлар агып жатат.
Дарактардын кыймылдаганы Хагридди дагы жаа көтөрүүгө мажбурлады, бирок ал дагы кентавр болуп чыкты, Ронанга караганда жырткыч түспөлдөш, кара чачтуу, кара тулку бойлуу.
– Салам, Бейн, - деди Хагрид. – Баары жакшыбы?
– Кутман кеч, Хагрид, ден-соолуктарың жакшы эле болсо керек.
– Жакшы, жакшы. Укчу, мен жаңы эле Ронандан да сурадым... Балким сен акыркы күндөрү бул жерден кызыктай нерселерди байкаган чыгарсың? Керикти жарадар кылышыптыр, бул жөнүндө уктуңбу?
Бейн Ронандын жанына барып турду да, көктү карады.
– Бүгүн Марс жарык, - ал жөн эле жооп берип койду.
– Билем, - Хагрид кыжырланды. – Мейли анда, эгер бир нерсе көрсөңөр айтып койгула, макулбу? Биз кеттик.
Гарри менен Гермиона Хагриддин артынан ээрчиди, алар улам артына бурула кентаврлар токойго кирип кеткенче карап барышты.
– Эч качан, - деди Хагрид, эми ачык эле кыжыры кайнап, – Кентаврлардан түз жооп ала албайсың. Астрономдор да. Айга жакын тургандын баары аларга лампадай көрүнөт.
– Алар бул жакта көппү? – деди Гермиона.
– Аз эмес... Алар негизи обочолонуп турушат, эгер сөз ыргытышууну кааласак, дайыма келишет. Кентаврлар, акылдуу болушат... баарын билет... бирок айтышпайт...
– Биринчи үн да кентаврлардан чыктыбы, кандай ойлойсуң? – суроо салды Гарри.
– Чыккан үн туяктыкындай беле? Жок, мен мындай дейт элем: ал керикти өлтүргөн неме, андай үндү эч качан уккан эмесмин.
Алар жыш өскөн кара талдардын арасынан өтүштү. Гарри улам тынчсызданып артын карай берди. Аларды аңдып жүргөндөй жагымсыз сезим ээрчип алды. Хагрид жанында жаасы менен жүргөнүнө Гарри укмуштай кубанды. Алар жаңы эле кийинки кайрылышка жеткенде Гермиона күтүүсүздөн Хагриддин колунан шап кармай токтотту.
– Хагрид! Карачы! Кызыл учкундар, биздикилерге бир нерсе болуптур!
–Экөөң тең ушул жерде күтүп тургула! – Хагрид чуркап баратып кыйкырды. – Ошол жолдо тургула, мен кайра келем!
Алар Хагриддин жаш бутактарды сындыра өтүп чуркаганын угуп, бири-бирин коркуп карашты. Акыры жымжырттык өкүм сүрдү, бир гана жогору жактан жалбырактардын шыбырты угулуп турду.
– Аларды жарадар кылган жокпу?
– Малфой жарадар болсо мейли, эгер Невиллге бир деме болсо... Аны биз бул ишке кыпчылттык да.
Тажатма мүнөттөр чоюла берди. Угулган үн үрөйлөрүн учурду. Гарри желпиген желдин ар бир үнүн тыңшады. Эмне болду? Калгандары кана? Акыры катуу карсылдаган бутак үнү Хагриддин келгенин билдирди. Артынан Малфой, Невилль менен Клык ээрчий келишти. Хагрид ачуусуна буулугуп алыптыр. Көрсө Малфой тамашалап Невиллдин артынан чочутса, тиги коркконунан кызыл учкунду коё берип жибериптир.
– Эгер биз бир нерсени кармай алсак, чоң ийгилик болот... Ушунчалык ызы-чуу чыгарып жиберипсиңер. Эми мындай. Алмашалы. Невилль, Гермиона мени менен болосуңар, а сен Гарри, Клык жана тиги акмак менен барасыңар. Кечир, - Хагрид Гарринин кулагына шыбырады, – Ал сени коркутканга кыйыныраак болот, а бизге ишти аткарыш керек.
Ушинтип Гарри белгисиз караңгылыкка Малфой, Клык менен сиңип кетти. Алар токойго улам тереңдей кирип, бир таман жолдун аягы көрүнбөй, жыш өскөн чытырман дарактардын арасына жеткенче жарым сааттай жүрүштү. Бул жер Гарриге канга аябай боёлгондой көрүндү. Канды чакалап төгүп койгондой. Байкуш бактысыз жандык бул жерде оорусунан тегерене жан талаша чуркаган өңдөнөт. Гарри эски жыш өскөн бактардын алды жагынан ачык жерди көрдү.
– Карасаң, - деди ал алды жагын көрсөтүп, Малфойду токтото.
Ачык жерде аппак түс жаркырады. Балдар акырындап жакындашты. Ал чынында керик экен, бирок өлүп калыптыр. Гарри мындай сулуу, мындай боор оорутаар назик жанды биринчи жолу көрдү. Жаныбар жерге жыгылган абалында катыптыр. Узун, түптүз, ичке буттары кызыктай тарбайып, сулуу башы капкара жалбырактардын үстүндө берметтей жаркырап жатты.
Гарри кылдаттык менен дагы бир кадам жакындады эле, нымдуу, чылп-чылп эткен үн турган ордунда катырды. Ачык жердин тегерегиндеги бадалдар кыбырады... Караңгылыктан чүмкөмө кийген бир турпат пайда болду. Гарри, Малфой менен Клык таштай катты. Плащ жамынган тиги кериктин жанына келип, башын жарадар болгон кериктин капталына эңкейтип, канын иче баштады.
– ААААААААААААА!
Малфой ачуу кыйкырык салып артын карабай качты, артынан Клык безди. Тиги кан ичкич башын көтөрүп, ууртунан аккан каны менен бери бурулуп, Гарринин көзүнө тике карады. Анан ал өйдө болуп, түз эле балага келе жатты. Гарри коркконунан кыймылдоого да шайманы келген жок. Ошол маалда анын чекесинде жан кейиткен ачуу ооруу пайда болду. Башы мынчалык ооруган эмес; чекесиндеги тырыгы оттой куйкаланып жаткансыды. Көзү жарым жарты көрүп, артка кетенчиктеди. Арттан туяктын такылдаганы угулду. Кимдир-бирөө текирең таскакка салып плащ жамынган немеге атырылды.
Чекесиндеги ооруу ушунчалык сыздап, Гарри бөк түшө чөгөлөй калды. Оору тараганча эки-үч мүнөттөй кетти. Гарри көз ачууга жараганда тиги плащчан жок болуптур. Алдында кентавр турганын көрдү, бирок Ронан да, Бейн да эмес. Бул кентавр алардан жаш, ачык сары чачтуу, турпаты да аппак сыйдаң түстө.
– Жакшы элесиңби? – деди Кентавр Гарриге өйдө болууга жардам берип.
– Ооба, ыракмат, эмне болуп кетти?
Кентавр жооп бербеди. Көздөрү эки акак ташты кадап койгондой тунук, укмуштай көк экен. Ал Гаррини дыкат карап чыкты да, көздөрү кызарып, ысыган тырыгына барып токтоду.
– Сен, бала Поттер, - деди Кентавр, – Хагридге барышың керек. Күндүн бул маалында токойдо кооптуу, өзгөчө сен үчүн. Үстүмө мине аласыңбы? Баарынан ылдам болот.
– Менин атым Фиренце, - Гарри аркасына миниш үчүн кентавр алдыңкы бутуна эңкейди.
Ачык жердин аркы тарабынан дагы бир туяктын үнү угулду. Бир аздан кийин Ронан менен Бейн тердеп, күйүгүп пайда болушту.
– Фиренце! – деди күшүлдөгөн Бейн. – Мен эмнени көрүп турам? Кантип беделиңди төмөн түшүрдүң? Сен кадимки эле маглга окшоп калдың!
– Бул ким, билесиңби? – деди Фиренце. – Бул бала, Поттер. Токойдон канчалык эрте чыгып кетсе, ошончо жакшы.
– Сен ага эмне айтып бердиң? – Бейн чарт-чурт ачуулана сурады. – Фиренце, унутпа, биз кудайдын кудуретине кийлигишпейбиз деп ант бергенбиз. Сен планеталардын кыймылынан эмне болорун окуган жоксуңбу? – Ронан турган ордунан тынчы кете жер тепкиледи.
– Фиренце жакшылык гана каалады, - деди Ронан муңайымдуу.
Бейн ачуулана арткы буту менен мөңкүп кетти.
– Жакшылык?! Анын бизге тиешеси эмне? Кентаврларга бир гана алдын ала айтылгандар тиешелүү! Ээрдин астында эшектей болуп жүрүү биздин иш эмес!
Фиренце ачуусу келип күтүүсүз эле арткы буттарын каарыды, Гарри жыгылып кетпеш үчүн анын ийининен бекем кармады.
– Сен тиги керикти көрбөдүңбү? – Фиренце ачуусуна чыдайбай Бейнге кыйкырды. – Сен аны эмнеге өлтүргөнүн түшүнгөн жоксуңбу? Же эмне, планеталар бул сырды сенден жашырып коюштубу? Керек болсо биздин токойдогу жашырынган ким болсо да, ал үчүн башкалар менен бирге күрөшөм.
Фиренце бурулду да, таскактаган бойдон кетти. Гарри жыгылбоо үчүн ага бекем жабышты, алар токойду аралай Ронан менен Бейнди алыска калтырып зуу коюшту.
Гарри таптакыр эч нерсе түшүнгөн жок.
– Эмне үчүн Бейн мынчалык ачууланды? Анан дагы сиз мени эмнеден сактап жатасыз?
Фиренце жайлай басып, Гаррини бутактарды сүзүп албоо үчүн башын эңкейтүүсүн эскертти, бирок суроого жооп берген жок. Алар талдардын арасынан өтүп бара жатышты, ортодогу жымжырттык көпкө созулду. Фиренце эми аны менен эмнеге сүйлөшкүсү келбейт деп ойлоду. Жыш дарактардын так ортосуна келгенде Фиренце токтоп калды.
– Гарри Поттер, кериктин каны эмнеге колдонулат, билесиңби?
– Жок, - деди Гарри, күтүлбөгөн суроого таң кала. – Биз уу таануу сабагынан мүйүздөрдү жана куйрук чачтарды гана өткөнбүз.
– Керикти өлтүрүү жырткычтык кылмыш болуп саналат, - деди Фиренце. – Мындай ишке баарына кайыл, бирок баарына ээлик кылууну каалагандар гана барат. Кериктин каны тирүү калганга жардам берет, жадагалса өлүмдүн кыл учунда турсаң да аман калууга болот, бирок... аябай кымбат наркта. Өзүңдү сакташ үчүн күнөөсүз, алсыз жанды өлтүрүүгө туура келет, анын каны оозуңа тиер замат өмүрүң жарымына чейин өсөт, бул өмүрдүн ээси ырайымсыз, каргыш тийген жанга айланат.
Гарри Фиренценин желкесиндеги ай шооласынан тийген күмүш түстү карады.
– Бирок мындай айласыз ишке кимдер барат? – күбүрөнө ойлонду. – Кылым бою каргыш тийип жашаганча, өлгөн артык.
– Туптуура, - Фиренце коштоду. – Бирок бул түбөлүк өмүр тартуулап, күч, бийлик берген дагы бир нерсени ичүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо гана туура. Бала Поттер, силердин мектепте учурда эмне жашырылгандыгы сага белгилүүбү?
– Сыйкыр таш! Албетте, Мүрөктүн Суусу! Бирок мен түшүнбөйм, ким...
– Сен кантип эле көп жылдан бери бийликти күтүп, байкуштун жашоосунда өмүр сүрүп, өз саатын күтүп келе жаткан ким экенин билбейсиң?
Катуу муштум баланын жүрөгүн бекем мыкчыды. Жалбырактын шуудураганынан ал Хагриддин биринчи жолуккандагы түндө айткан сөздөрүн уккандай болду: "Өлдү деп айтышат. Болбогон кеп! Мен мындай дейм. Ал өлүп калгандай, анда адамдык касиет жок".
– Сиз, - Гарри тоңуп калгансып үнү араң чыкты, – Воль...
– Гарри! Гарри жакшы элесиңби? Сага эч нерсе болгон жокпу?
Аларды карай Гермиона жүгүрүп келатты. Жанында Хагрид күшүлдөп, желип алыптыр.
– Баары эң сонун, - Гарри дароо жооп берди, өзүнүн эмне дегенин да жакшы түшүнгөн жок, – Хагрид, керик өлүп калыптыр, тигил жакта токойдун ачык жеринде.
– Сени ушул жерден калтырайын, - деди Фиренце, Хагрид керикке шашып бараткан маалда. – Сага бул жер коопсузсуң.
Гарри анын жонунан шыпырыла жерге түштү.
– Ийгилик, Гарри Поттер, - деди Фиренце. – Мурда деле планеталардын айткандарын жаңылыш түшүнүүлөр болгон, жадагалса кентаврлар да жаңылышат. Бул жолкусу да ошондой деп үмүттөнөм.
Ал бурулуп титиреген Гаррини артка калтыра, токойго таскактап кирип кетти.
Рон досторун күтүп отуруп конок бөлмөдө уктап калды. Аны Гарри келип жулкулдатып ойготууга аркет кылды эле, ал квиддичтин оюн эрежеси бузулганы жөнүндө айтып кыйкырып жиберди. Бир нече секунддан кийин Рон көзүн умачтай ачып, Гермиона менен бирге Гарриден токойдо болгон окуяны угуп баштады.
Гарринин отурар чамасы болбоду. Каминдин алдында ары-бери басып, ал дале калтырап жаткан.
– Злей Волдеморт үчүн таш аңдып жүрөт... А Волдеморт токойдо жан сактап жүрөт... Биз буга чейин Злей өзү байыгысы келет деп ойлоп келдик...
– Анын атынан атаганыңды токтот! – Рон коркуп шыбырады, аларды Волдеморт угуп койчудай.
Гарри ага көңүл бурган жок.
– Фиренце мени сактап калды, бирок ал мындай кылбашы керек болчу... Бейн катуу ачууланды... Ал планеталардын айткандарына кийлигишпеши керектигин айтты... Волдеморттун кайтып келатканын планеталар көрсөткөн окшойт... Бейн, Фиренце мени Волдеморттун өлтүрүшүнө аралашпоо керек деп эсептейт... Буну да алар жылдыздардан окушту деп ойлойм.
– Сен деги анын атын атаганды токтотосуңбу! – тынчы кеткен Рон дагы кайталады.
– Мага болгону, Злей ташты алып кетишин күтүү гана калды, - Гарри муну араң айтты, – Ошондо Волдеморт токойдон чыгат, анан мени өлтүрөт... Эмне кылмак элек, жок дегенде Бейн ыраазы болот.
Гермиона корккон жүзү менен отурду, ошентсе да Гаррини тынчтандырып жоошутууга аракеттенди.
– Гарри, Ким Экенин Өзүң Билесиң жалгыз гана Дамблдордон коркот дейт баары. Дамблдор жаныбызда болсо, ал сага тие албайт. Кентаврлар айткандардын баары туура деп ким айтты? Алардын айтканы астрономиялык божомолдор, профессор Макгонагалл айтпады беле, булардын баары магия илиминин так эмес бир бөлүгү.
Таң агарып, балдар дагы деле сүйлөшүп жатышты. Алар уктаганга шалдырап сүйлөөгө алдары келбей калганда гана жөнөштү. Бирок түнкү окуялар дагы деле бүтө элек болчу.
Гарри керебетине келип жамынчысын ачканда алдынан кылдаттык менен бүктөлгөн көрүнбөс-жамынгыны көрдү. Жамынгыга кыска кат кошо тиркелиптир:
ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Сактоочу жайда
Ошол учурду эстеген Гарри баарыбир сынактарды тапшырганын, бирок кантип тапшырганын өзү да жакшы билбейт, каалга мына-мына жулунуп Волдеморт кирип келет деген коркунуч менен жашап, ою бөлүнгөнү менен акыры сынактарын тапшырды. Күн артынан күн өтүп, Замбирек тирүү бойдон жабык эшик артында аман-эсен жүрдү.
Үп болуп күн да ысыды, өзгөчө биринчи класстар жазуу сынактарын берчү чоң класстык бөлмө тумчуктурма ысык. Жазуу сынактарында балдарга көчүрүп жаткандарды айтып туруучу тилдүү, жаңы калем саптарды беришти.
Жазуу жана оозеки сынактардан тышкары практикалык сынактарды тапшырышты. Профессор Флитвик класстык бөлмөгө балдарды бирден чакырып жатты, балдар сынакта ананасты баардык үстөлдөрдөн бийлетиш керек болчу. Профессор Макгонагалл балдардын чычканды тамеки салгычка айлантып, эгер кооз кылып айлантышса кошумча упай берип, тескерисинче, тамеки салгычта муруттары же башка бирдемелери калса, анда упай кемитилет. Злей сынакта баарын кыжырдантып, класстык бөлмөдөн ары-бери басып, жаныңа келип тиктей карап, кежигеңе дем алат. Ушундай акыбалда унуткаруучу уу курамын эстөөгө аракет кылып көр анан.
Гарри болгон аракетин жумшады. Ал Тыюу Салынган токойго баргандан бери чекесиндеги ооруу басылбай, ага чыдап күрөштү. Невилль аны сынактардан улам чыңалып жатат деп ойлоду, бирок мурдагы түнкү жаман түштөр кайра кайтып, эми жашыл түстүү жарык менен ырайымсыз каткырыкка, чүмкөмөлүү уурутунан кан аккан киши да кошулду.
Рон менен Гермиона таш жөнүндө Гарриге караганда азыраак кабатырланышты, балким алар Гарри көргөндү көрбөгөндөн улам же алардын чекеси сыздап оорубагандан улам болсо керек. Аларды сөзсүз Волдеморт тууралуу ой чочутту, бирок алардын түшүнө кирген жок. Алардын Злейдин жаман ойлорун ойлоого же дагы башка божомолдоолор менен алектенүүгө убактылары жок.
Эң акыркы магия тарыхынан сынак жакындады. Кандайдыр бир убакта болбогон суроолорго, сыйкырчылардын акылынан тирүү калгандар же өзү аралаштыруучу казан сыяктуу суроолорго жооп бериш керек, ана – эркиндик! Бүтүндөй бир жума өтсө, сынактар жыйынтыгы жарыяланчу аптадан кийин эркиндик! Профессор Биннздин арбагы акыры көптү күттүргөн "калем сабыңарды салгыла да пергаментти түргүлө" деген сөздү айткандан кийин, Гарри башка балдар менен чогуу кубанычтуу кыйкырды.
– Баары мен ойлогондон да оңой болуп чыкты, - деди Гермиона, баардык окуучулардын тобу менен мектеп алдындагы көк чөптү карай чыгып келатканда, – Айткандай, 1637-жылдан берки Жаш Кубулма Киши тууралуу Сыймык Кодексин деле, Эльфрик Кубаттуунун чыгуусу жөнүндө деле окубай койсом болмок экен.
Гермиона сынактардан кийин жазган жоопторду кайра салыштырып текшергенди жактырчу, бирок Рон анткенден өзүн жеткен макоо сезерин айтты, ошондуктан алар көл жээгине барып, бак түбүнө отурушту. Эгиз Уизлилер Ли Жордан менен кошо көлдүн тайыз жеринде шарпылдап сүзгөн зор кальмаранын мурутунан тартып кыймылдатып жатышты.
– Эми бир да сабак болбойт, - деди Рон кубанычтуу үн менен, чөп башын жулуп отурган калыбында. – Гарри мынчалык кабагыңды бүркөбө, туура эмес жазгандарыбызды билүүгө бизге дагы бир жума бар! Ага чейин эч нерсе ойлобой жүрө берүүгө болот.
Гарринин чекеси тердеп чыкты.
– Мунун баары эмне экенин билсем кана! – Гарри ичинен ойлоду. – Тырык аябай ооруп жатат... Мурда деле ооручу, бирок азыркыдай тез-тез эмес.
– Мадам Помфриге барып кел, - Гермиона кеңеш берди.
– Мен ооруган жокмун, - Гарри түшүндүрүүгө аракеттенди, – Менимче бул эскертүү... Кандайдыр бир өтө коркунучтуу нерсе болуп кетиши ыктымал...
Бирок Ронду тынчсыздандырууга мүмкүн болгон жок, ал үчүн аябай ысык болчу.
– Гарри, кабатыр болбо, Гермиона туура айтат: Дамблдор бул жакта турганда ташка эч ким тие албайт. Андан кийин Злейдин Замбирек жанынан өтүүнү билип алды деп ойлогонго эч кандай негиз жок. Бир жолкусунда анын бутун аз жерден жулуп ала жаздады, экинчи жолу да кайра кирбейт. Анан да Хагрид Дамблдорго чыккынчылык кылар болсо, анда Невилль Англиянын курамасында ойноп кетпейби.
Гарри баш ийкеди, бирок түшүнүксүз сезимден кутула албады. Негедир өтө маанилүү ишти унутуп калгансыйт. Ушундай сезимдерин досторуна түшүндүрөйүн деди, аны Гермиона айтып жиберди:
– Сынактар үчүн ушундай абалдасың. Өткөн түнү тура калып кубулуунун жарым курсун кайталап чыктым, андан кийин гана ал сынакты тапшырып койгонубузду эстебедимби.
Ошентсе да Гарри жүрөк дүкүлдөткөн түшүнүксүз бул сезимдин сынактарга эч тиешеси жоктугун билип турду. Ал көк асмандын алды менен мектепти карай тумшугуна кат тиштеп учуп бараткан үкүнү карап ойлонуп отурду. Ага кат бир гана Хагридден келет. Хагрид эч качан Дамблдорго чыккынчылык кылбайт. Хагрид эч кимге Замбиректин жанынан кантип өтүш керетигин айтпайт... эч качан... бирок...
Өзү да күтүлбөгөн ойдон улам ордунан секирип турду.
– Сен каякка? – уйкусурай сурады Рон.
– Бир нерсе ойлоп, - күңк этти Гарри. Ал катуу бозорду. –Хагридге тезинен жолугуш керек.
– Эмнеге? – Гарринин артынан жетүүгө аракеттене бышылдай чуркаган Гермиона сурады.
– Бул сага бир аз таң калыштуу көрүнгөн жокпу? – Гарри чөп аянтча менен өйдөгө бара жатты, – Хагрид ажыдаар багып алууну кыялданат, анан ага кайдан-жайдан белгисиз адам келе калган, болгондо да чөнтөгүндөгү жумурткасы менен. Чөнтөгүнө ажыдаардын жумурткасын салып сейилдеп жүргөн бир адамды көрсөтчү? Бул сыйкырчылык мыйзамына каршы келери баарына маалым. Ал кандай ийгилик менен так эле Хагридге жолугуп калды? Эмне үчүн муну мурда ойлогон жокмун?
– Эмне жөнүндө айтып жатасың? – Рон түшүнгөн жок, бирок Гарри аянттан токойдун жээгине чейин чуркаган жөө күлүктөн да жаман болуп эч жооп кайтарган жок.
Хагрид кепенин алдында креслодо отуруптур, ал эки жеңин түрүп буурчакты чоң табакка салып жумшартып жатыптыр.
– Салам, - деди ал жылмая, – Сынак тапшырдыңарбы? Чай ичесиңерби?
– Макул, ичебиз, - деди Рон, бирок Гарри аны токтотту.
– Жок, биз шашып атабыз. Хагрид, сенден бир нерсе сурашым керек. Сен Норбертти картадан утуп алган түн эсиңдеби? Сен ойногон кишинин кебетесин билесиңби?
– Эсимдеби? – жайбаракат жооп берди Хагрид. – Ал чүмкөмөлүү жамынгысын такыр чечкен эмес.
Алдыда карап турган олуттуу жүздөрдү көрүп, кашын серпти.
– Эмне, кадимки эле көрүнүш, "Чочко баш" жана ушул сыяктуу укмуштуу элден көөмө жок да, ал деген айылдык сыракана. Баарын көрсө болот. Мыйзамсыз ажыдаар сатуучу, анын эмнеси бар? Анын кебетесин көргөн жокмун, ал чүмкөмөчөн болчу.
Гарри шалдырай барып буурчак салынган табактын жанына жерге отурду.
– Аны менен эмнени сүйлөштүң эле, Хагрид? "Хогвартс" жөнүндө сөз кылдың беле?
– Балким айткандырмын... - Хагрид кабак бүркөй ойлонуп калды. – Ооба... ал эмне жумуш кыларымды сураганынан айттым, бул жакта күзөтчү экенимди... Кайсы жаныбарды баккым келерин сурады... Ажыдаарлуу болууну эңсегенимди айттым... анан... толук эстей албайм, ал мага улам ичимдик алып берип атты... Токточу... А ооба, ал өзүндө ажыдаардын жумурткасы бар экенин, ошол жумурткага карта ойноону сунуштады... бирок ал ажыдаарды бага алаарыма, кийин ыргытып салбашыма ишенгиси келди... Айттым ага, Замбиректен кийин мага бир да жаныбар коркунучтуу эместигин...
– Ал Замбирек жөнүндө сурадыбы? – Гарри үнүн болушунча акырын, жайбаракат чыгарууга аракет кылды.
– Ммм... ооба. Эмне мындай үч баштуу итти баардык жерден көрө бермек беле? "Хогвартстан" да дайыма көрбөйсүң. Эми... анан мен ага Замбиректин жөнөкөй гана сүйкүмдүү ит экенин айттым, албетте, эгер анын жолун билсең ага ырдап же бир музыкалык аспапта ойносоң эле ошол замат уктайт...
Буну айтып алып Хагрид өзү коркунучка кептеле туруп калды.
– Буларды силерге айтпашым керек! - жарылып кетти. – Мен айткандын баарын унуткула! – Эй, силер кайда?
Гарри, Рон жана Гермиона мектептин оозгу бөлмөсүндө катып калганга чейин ооздорун ачкан жок, аларга эшикте жаркырап тийген ысык күн да түнөрүп, суук көрүндү.
– Дамблдорго барышыбыз керек, - деди Гарри чечкиндүү. – Хагрид бейтааныш кишиге Замбиректин жанынан кантип өтүштү айтып коюптур, а чүмкөмөлүү жамынгынын ичинде Злей же Волдеморт болушу мүмкүн. Ал жоопту билүүгө анча кыйналбаптыр, Хагридди мас кылып койгон тура. Дамблдор бизге ишенет деп ойлойм. Балким Фиренце тастыктап берер... Албетте, эгер Бейн уруксат берсе. Дамблдордун иш бөлмөсү каякта?
Алар азыр эле жол көрсөткүч белгини тапчудай эки жагын карашты. Аларга Дамблдордун кайда жашарын эч ким аткан эмес, алар бир да жолу кимдир-бирөөнү мүдүргө жөнөткөнүн угушпаган.
– Биз ...- Гарри баштаганда кире бериштен катуу үн угулду:
– Силер үчөөңөр бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр?
Ал колуна жыйылган китеп көтөргөн профессор Макгонагалл экен.
– Биз профессор Дамблдорго барышыбыз керек эле, - деди Гермиона, анын бул айтканы Гарри менен Ронго эр жүрөктүүлүк менен айткандай көрүндү.
– Профессор Дамблдоргобу? – профессор Макгонагалл аны көрүү адаттагы бир иш эместигин билдиргендей таң кала сурады. – Эмнеге?
Гарри шилекейин жутуп туруп калды, эмне деп жооп бериш керек?
– Бул сыр сыяктуу, - деди Гарри, бирок ал кайра акырындык менен өкүнө баштады, профессор Макгонагаллдын таноолору ачуусунан кыпчыла түштү.
– Профессор Дамблдор он мүнөт мурун чыгып кеткен, - деди ал суз гана. – Ага шашылыш түрдө Магия Министирлигинен үкү келип, ал Лондонго токтоосуз учуп кетти.
– Чыгып кеткен? – Гарри катуу кыйкырды. – Азырбы?
– Профессор Дамблдор улуу сыйкырчы! Поттер, анын иштери көп...
– Бирок бул маанилүү!
– Поттер, силердин кабарыңар Магия Министрлигинен да маанилүүбү?
– Билесизби...- Гарри баарын оюна топтоп кылдаттык менен айтып берүүгө белсенди, – Профессор... бул нерсе сыйкыр ташка байланыштуу...
Профессор Макгонагалл эмне болсо да күткөн, бирок муну эмес. Анын колундагы китептердин баары жерге түшүп, аларды кайра алууга да камынган жок.
– Силер кайдан билесиңер? – деди ал эсин жоготуп бараткандай ооз учунан.
– Профессор, менимче... тагыраак айтканда, Зл... кимдир-бирөө ташты уурдагысы бар. Мен профессор Дамблдор менен сүйлөшүшүм керек.
Ал Гаррини таң калган, ишенбеген түр менен мыйыгынан жылмая карады.
– Профессор Дамблдор эртең келет, - деди ал акыры. – Силердин кандай жол менен таш тууралуу билдиңер... таңмын. Эгер айтканыңар туура болсо да, ал ташты эч ким уурдай албайт, ал бекем жашырылган коопсуз жерде.
– Бирок, профессор...
– Поттер, мен эмне айтып жатканымды билем, - кесе сүйлөп, эңкейип китептерин чогултту. – Аянтка баргыла, күнгө чыгып бир аз эс алгылачы.
Бирок балдар профессорго моюн беришкен жок.
– Ал бүгүн уурдалат, - деген Гарри профессор Макгонагалл укпай тургандай акырын күбүрөндү, – Злей сактоочу жайга бүгүн кечинде кирүүгө аракет кылат. Керек болгондун баарын билет, а бүгүн Дамблдор ага тоскоол боло албайт. Катты ошол жөнөткөн, буга толук ишенем! Магия Министирлиги Дамблдорду көрүшкөндө аябай таң калышат.
– Бирок биз эмне кыла алабыз...
Гермиона айкырып, оозу ачылды. Гарри менен Рон дароо карашты. Аркада Злей туруптур.
– Кутман күн, - деди ал бир калыптагы үн менен.
Балдар унчукпай карап калышты.
– Мындай жаркыраган жылуу күндө силерге мектептин ичинде жүрүүнүн деле кереги жок, - жүзүндө кызыктай жылмаюу пайда болду.
– Биздин жасайлы дегенибиз...- деп баштады Гарри, алар эмне жасоону өзү да биле электе.
– Силер абайлашыңар керек, - Злей эскертти. – Эгер мындай сырдуу кебетеңер менен жүрсөңөр, башкалар силерди дагы бир нерсе жасайт деп шек санашат. А "Гриффиндор" мындан ары упай жоготууга алы жок, туурабы?
Гарри туталанып өрттөндү. Балдар артка бурулуп эшикке жөнөштү, а Злей артынан кыйкырды:
– Эсиңизге тутуп коюңуз, Поттер, дагы бир жолку түнкү сейил болсо, силерди мектептен чыгарып жиберүү үчүн өзүм алектенем. Жакшы баргыла.
Андан соң ал мугалимдер бөлмөсүнө жөнөдү.
Сыртка чыгып, тепкичке жеткенде Гарри тигилерди карады.
– Эмесе мындай, - акырын шыбырады. – Бирөөбүз мугалимдер бөлмөсүнүн жанына барып Злейдин артынан түшүү керек, эгер ал чыкса артынан кошо ээрчиш керек. Эң жакшысы, муну Гермионанын жасаганы оң.
– Эмнеге мен?
– Ачык эле түшүнүктүү болуп турбайбы, - деди Рон, – Сен профессор Флитвикти күтүп тургандай түр көрсөтөсүң. – Ал чыйылдаган үн менен Гермионаны туурады: – Ах, профессор Флитвик, мен аябай кабатырланып жатам, менимче 14б суроосуна туура эмес жооп берип койдум окшойт...
– Болдучу, - Гермиона ачууланды, бирок ал Злейдин артынан аңдууга макул болду.
– А биз үчүнчү кабатты күзөтөбүз, - деди Гарри Ронго. – Кеттик.
Бирок пландын бул бөлүгү ишке ашкан жок. Алар каалгага жакын келгенде аларды көрүп, өзүн-өзү кармай албаган профессор Макгонагалл пайда болду.
– Силерден кутулуу кыйын дейсиңерби! – деп бир тийди. – Болбогон иш менен алектенгенди токтоткула! Эгер экөөңдүн бирөөңдү бул жерден дагы бир жолу көрсөмбү, "Гриффиндордон" элүү упай алып таштайм! Ооба, Уизли, менин, өзүмдүн коллежимден!
Гарри менен Рон жалпы конок бөлмөнү карай сендиректей бет алышты. Гарри болгону "Кантсе да Гермиона Злейдин кайда болорун билип турат" дегенге гана үлгүрдү, ошол замат Семиз Эженин портретинин артынан Гермиона кирип келди.
– Гарри кечир, - Гермиона ыйламсырады, – Колумдан эч нерсе келбеди! Злей сыртка чыкканда эмнеге турганымды сурап, Флитвикти күтүп турганымды айттым. Ал Флитвикти ээрчитип келип, андан жаңы чыктым, Злейдин кайда кеткенин билбей калдым.
– Мына баары бүттү, – Гарри шалдая отуруп калды.
Достору аны карап турушту. Ал бозоруп көздөрү кичине жымыңдай түштү.
– Мен азыр барып, ташты биринчи уурдайм.
– Сен жинди болдуңбу! – Рон кыйкырып жиберди.
– Эч качан! – Гермона да бакырды. – Злей менен Макгонагаллдун айткандарынан кийин да ушинтип ойлодуңбу? Сени чыгарып жиберишет!
– Чыгарса чыгарсын! – Гарри бакырды. – Силер түшүнбөйсүңөрбү? Эгер Злей ташка жетсе, Волдеморт кайтып келет! Силер аз жерден бийликти алаарда эмне болгонун уккан эмессиңерби? Чыгарып жибермек турсун, чыгарганга "Хогвартстын" өзү жок болот! Бул жерди жер менен жексен кылат же кара сыйкыр мектебине айлантат. Жоготор упай менен ошону салыштырууга болобу?! Же "Гриффиндор" кубокту алса эле силерди жана жакындарыңарды тим коёт бекен? Эгер мени ташка жеткенче эртерек кармашса, мен артка Дарслилерге кайтып барам. Волдеморттун мага келишин күтөм, демек, пландалгандан бир аз кечирек өлөм, болгону ошол... Анткени эч качан кара сыйкырга өтпөйм! Мен бүгүн түнү сактоочу жайга барам, мени эч нерсе, угуп атасыңарбы, эч нерсе токтото албайт! Волдеморт ата-энемди өлтүргөн, муну унутпагыла!
Анын көздөрү жаркырап күйүп турду.
– Туура айтасың, Гарри, - деди Гермиона акырын.
– Көрүнбөс жамынгыны алып келем, - деп чечти Гарри. – Аны артка кайтарганым туура болуптур.
– Бирок ага үчөөбүз тең батабызбы? – Рон күмөн санай карап калды.
– Үчөөбүз... тең? – Гарри таң кала карады.
– Койчу эми, эмне, сени жалгыз таштап кетет деп ойлойсуңбу бизди?
– Андай эмес, - жандуу жооп берди Гермиона. – Биздин жардамсыз ташка кантип жетем деп ойлойсуң? Андан көрө мен китептерден бир нерсе карап келейин, балким керектүүлөр чыгып калар...
– Эгер биз кармалып калсак, силерди да чыгарып жиберет.
– Мени, балким, чыгарбайт, - деди Гермиона түнөрө. – Флитвик мага сыр катары айтты, анын сабагынан жүз он эки пайыз алыпмын. Алар мени жөн гана чыгарып жиберүүгө барышпайт.
Кечки тамактан кийин конок бөлмөдөгү креслодо ийнеге отургандай болушту. Аларга эч ким тийген жок. Анын үстүнө гриффиндорлуктар Гарри менен сүйлөшпөйт дагы. Буга бүгүн эле капа болгон жок ал. Гермиона акырын конспектисин жок кылуучу сыйкырга тиешелүү бирдекме чыгып калар деген ойдо гана барактады. Рон менен Гарри дээрлик сүйлөшпөдү. Экөө алдыда күткөн өтө коркунучтуу окуяны ойлонуп отурушту.
Акырындык менен көбү уктаганга кете башташты, бөлмө бош калды.
– Жамынгыны ала бериш керек ко, - күбүрөндү Рон, оозун ачып эстей Ли Жордан кеткенден кийин, – Элдин эң арты болуп кирели. Гарри тепкич жогору жарыгы күйгүзүлбөгөн уктоочу бөлмөгө кетти. Ал жамынгыны алып кетерде көзүнө Жаңы Жылда Хагрид берген флейта урунду. Гарри аны Замбиректи уктатуу үчүн чөнтөгүнө салды, ал ырдаганга эмнегедир шыксыз болчу.
Андан соң конок бөлмөгө шашылды.
– Кана, жамынгыны жамынып көрбөйлүбү, үчөөбүзгө бирдей жетеби, болбосо Филч коридордо буттардын өзүнөн-өзү эле сейилдеп жүргөнүн көрүп калбасын...
– Силер бул жакта эмне кылып жатасыңар? – үн каршы тараптагы бурчтан чыкты. Креслонун артынан колуна кармаган сүйүктүү бакасы Тревор менен Невилль чыга келди.
– Эч нерсе, Невилль, эч нерсе кылбадык, - деди Гарри акырын жамынгыны артына катып.
Невилль классташтарынын күнөөлүүдөй түрлөрүнө кунт коюп тиктеди.
– Дагыбы? – деди ал.
– Жок-жок-жок, - деп жиберди Гермиона. – Андай эмес. Невилль, эмне уктабай отурасың?
Гарри каалганын жанындагы бийик буттуу саатты карады. Алар убакытты коротууга жол бере алышпайт, мүмкүн, так ушул мүнөттөрдө Злей Замбиректи уктатып жаткандыр.
– Силерге чыгууга болбойт, - деди Невилль, – Силерди да кармашат. Анан "Гриффиндор" да жагымсыз абалга кептелет.
– Сен түшүнбөйсүң, - деди Гарри кыстыккан үн менен. – Бул абдан маанилүү.
Бирок Невилль эрежени буздурбоо үчүн олуттуу чара колдончудай темирдей чечкиндүүлүк менен турду.
– Силерди коё бербейм, - деди да шамдагайлык менен портреттин тешигин тосуп алды. – Мен, мен керек болсо мушташам!
– Невилль, - Рондун ачуусу келди, – Портреттен мындай кач, жинди болбо...
– Мени жинди дебе! – Невилль бакырды. Силер эрежени жетишерлик буздуңар! Мага күрөшүү керектигин өзүңөр айткансыңар!
– Ооба, бирок биз менен эмес, - Рон акырын түшүндүрүүгө аракеттенди. – Невилль, сен эмне кылып жатканыңды түшүнбөдүң.
Невиллди карай бир кадам таштады эле, ал Треворду коё берип жиберди, ал болсо заматта караңгылыкка сиңип жок болду.
– Кана, кана ур мени! – Невилль түйүлгөн муштумдарын өйдө көтөрдү. – Мен даярмын!
Гарри Гермионага бурула карады.
– Бир нерсе кылчы, - Гарри айласыздан суранды.
Гермиона алдыга чыкты.
– Невилль, - деди ал. – Мен аябай, аябай өкүнүчтөмүн.
Ал сыйкыр таякчасын көтөрдү.
– Петрификус Тоталус! – таякчаны Невиллге карай кезеп кыйкырды.
Невиллдин колдору капталына карай түзөлө жабышып калды. Буттары ошол бойдон катты. Бүт денеси катып, анан тактадай болуп түптүз эле бети менен жер сүздү.
Гермиона чуркап барып аны көмкөрөсүнөн оодарды. Жаактары карышып калыптыр, сүйлөй алган жок. Бир гана көздөрү чакчайып коркунучтуу тиктеди.
– Сен аны эмне кылдың? – Гарри шыбырады.
– Бүтүндөй каткан дене сыйкыры, - Гермиона боору ооруй айтты. – Эх, Невилль, аябай өкүнүчтөмүн.
– Биз аны жасашыбыз керек, Невилль, түшүндүрүүгө таптакыр мүмкүн эмес, - Рон Невилдин үстүнөн аттап өтүп, жамыныгынын ичине кирди.
Ошентсе да каткан бойдон жаткан Невилль жакшы жөрөлгөдөй көрүнбөдү. Балдар ошол тынчсызданган абал менен жолдон чыккан ар бир эстелик Филч болуп, ар бир соккон жел жогорудан секире түшүп келе жаткан Пивздай көрүндү.
Биринчи тепкичти аттаарда кайдыгерлик менен жогору жакты карай чыгып бараткан миссис Нористи көрүштү.
– Келгиле, аны бир тээп алалычы, жок дегенде бир жолу! – Рон Гарринин кулагына шыбырады, бирок ал баш чайкады. Алар миссис Нористин жанын абай өтүшкөндө, ал аларды фонардай күйгөн көздөрү менен карады, бирок эч нерсе кылган жок.
Үчүнчү кабатка жеткенче андан башка алдынан эч ким чыккан жок. Тепкичтерден жогору көтөрүлгөндө абада Пивз ар нерсени калжырап жатыптыр, ал жерге төшөлгөн килемченин бир башын өйдө көтөрүп алыптыр. Эгер ал тартып жиберсе килем үстүндө бараткан киши кулачудай болуп турат.
– Ким жүрөт? – балдар аны менен бет маңдай келип калганда Пивз күтүүсүздөн сурады. Анын ырайымсыз көздөрү жүлжүйдү. – Мен көрбөсөм да сенин бул жерде экениңди билем. Сен өлүк, кан соргучсуңбу? Же арбаксыңбы? Же окуучубу?
Ал абага жогору учуп чыгып, балдар турган жердин үстүнөн айланды.
– Филчти чакырайынчы, болбосо бул жерде көрүнбөстөр жайнап кетти...
Гарринин оюна кокустан бир нерсе келди.
– Пивз, - кырылдай шыбырады, – Кандуу Барондо жашыруун нерсени сактоого негиз бар.
Пивз коркконунан полго кулап түшө жаздап, бир кадамдай алыстыкта тепкичтердин үстүндө кармалып калууга үлгүрдү.
– Кечирим сурайм, Улуу урматтуу Кандуу, мистер Барон. - Полтергейст чыйпылыктады. – Байкаган жокмун, байкабай калыптырмын, албетте, байкаган жокмун, сиз көрүнбөй турбайсызбы, картаң, акылсыз Дрюзикти кечириңиз. Ал макоонун акылсыз тамашасын кечирип коюңузчу, сэр.
– Менин бул жерде ишим бар, Пивз, - Гарри күрүлдөдү. – Бүгүн түнү бул жерден алыс бол.
– Албетте, сэр, албетте, - Пивз кайрадан абага көтөрүлүп убада берди, – Сиздин ишиңиз ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнөм, сэр! Мындан ары тынчыңызды албайм, сэр... - деген бойдон көздөн кайым болду.
– Укмуш, Гарри! – Рон шыбырады.
Бир аздан соң алар үчүнчү кабаттагы каалга алдында турушту, каалга ачылып калыптыр.
– Мына ушундай болмок, - Гарри акырын айтты. – Злей Замбиректин жанынан өтүптүр.
Ачык эшикти көрүп алар биринчи жолу эмне күтүп турганын ойлошту. Жамынгынын алдынан Гарри өз спутниктерине кайрылды.
– Эгер артка кайткыңар келсе, силерди кармабайм, - деди ал. – Жамынгыны алып кетсеңер болот, ал мага мындан ары кереги жок.
– Акылыңан айныба, - деди Рон.
– Биз сени менен барабыз, - деди Гермиона.
Гарри каалганы түрттү. Ал кыйчылдап ачылды. Алардын кулагына жай чыккан ырылдаган үн угулду. Иттин үч башы жогору көтөрүлүп, үч мурду шимшилей, балдар көрүнбөсө да жыттай баштады.
– Анын таман жагындагы эмне? – шыбырады Гермиона.
– Арфа окшойт, - деди Рон. – Злей калтырып кетсе керек.
– Аспапта ойногонду же ырдаганды токтотсоң эле ит кайра ойгонот окшойт, - деди Гарри. – Кана, киришелиби...
Ал Хагриддин флейтасын оозуна алып үйлөдү. Муну аваз атоо кыйын, бирок биринчи эле нотадан иттин көздөрү сүзүлдү. Гарри дээрлик дем албай үйлөй берди. Акырындык менен ит ырылдаганын токтотуп, буттары бүгүлө, акыры ал капталын карай талп жыгылып, катуу уйкуга кетти.
– Ойногонду токтотпо, - Рон эскертти. Алар акырын жамынгыдан чыгып, полдун алдындагы люкка жакындашты. Уктап жаткан үч баштуу зор итке жакындаган сайын анын деминен ысык, сасыган, иттин жыты уруп жатты.
– Биз люкту ача алат окшойбуз, - деди Рон, иттин башынын ары жагынан моюн созо. – Гермиона, биринчи баргың келеби?
– Жок, баргым келбейт!
– Мейли. – Рон тиштенип, акырын иттин шыйрактарынан аттап өттү. Андан кийин эңкейип люктун шакекчелүү оозунан кармап тартты эле, шарт ачылып кетти.
– Эмне бар экен? – Гермиона чыдабай сурап жиберди.
– Эч нерсе, капкараңгы, эч кандай тепкич да жок, секирүүгө туура келет.
Гарри флейтаны тынбай үйлөгөн абалында Рондун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн кол булгалай, өзүн көрсөттү.
– Сен биринчи барайын дейсиңби? Чындап элеби? – деди Рон. – Анын тереңдиги канча, билбейм. Флейтаны Гермионага бер, ит ойгонуп кетпесин.
Гарри иттен өтүп люкту карады. Түбүнөн эч кандай кабар жок. Гарри люктун кырына отуруп ылдый түштү. Бутун салаңдата манжалары менен асылып турду. Ошондо ал Ронду карап мындай деди:
– Эгер мага бирдеме болсо, артыман келбегиле. Түз эле үкүканага барып, Дамблдорго кат жөнөткүлө, макулбу?
– Макул, - Рон убада кылды.
– Анда бир мүнөттөн кийин көрүшөбүз деп үмүттөнөм.
Гарри колун коё берди. Ал төмөн карай, нымдуу караңгылыкка сүңгүдү. Акыры... ПУХ. Кызыктай үн чыгарчу кычыраган жумшак нерсенин үстүнө түштү. Ал отуруп айланасын карады, көздөрү караңгылыкка көнө албай жатты. Кандайдыр бир өсүмдүктүн үстүнө кулап түшкөнсүдү.
– Баары жайында! – деп кыйкырды, жогору жактан ак чекиттей көрүнгөн жарыкты карап.
Рон дароо секирди. Ал Гарринин жанынан орун алды.
– Бул не балээ? – анын биринчи эле айтканы ушул.
– Билбейм, өсүмдүк окшойт. Секиргенге атайын төшөмө болуш керек.
Жогорку жактан угулган музыка басылды. Катуу арсылдаган үн чыкты, бирок Гермиона секиргенге жетишти. Ал Гарринин бир жагына келип түштү.
– Биз мектептин бир нече тереңдигине түштүк окшойт, - деди Гермиона.
– Бул жерде өсүмдүктүн болушу жакшы болгон турбайбы, - деди Рон.
– Жакшы болгон турбайбы? – Гермиона чырылдап жиберди. – Кебетеңерди карагылачы!
Ал секирип тура калды да көк баскан нымдуу дубалга кетенчиктей барып жабышты. Ал күрөшүүгө туура келди, анткени дал ошол замат анын манжаларына чырмалышкан өсүмдүктүн ичке бутактары оролду. Гарри менен Рон отурган орундарынан жылган жок, анткени алардын буттары эчак чырмалып калган.
Гермиона чырмоок өзүнө жеткенче колдорун эртерек бошотту. Эми ал жан талаша лиана менен алышкан Гарри менен Ронду көрүп жүрөгү түштү. Алар канчалык аракет кылса чырмоок ошончолук бекем жабыша оролду.
– Кыймылдабагыла! – Гермиона буйрук берди. – Бул эмне, билем, бул – Азезилдин Тору!
– Кандай бакыт, эми биз мунун кандай аталаарын билебиз, тынч өлө берсек болот, - Рон кыжырдана, чырмооктон моюнун ала кача артка чегинди.
– Акырын! Муну кантип өлтүрүш керектигин эстөөгө аракет кылам! – деп Гермиона кыйкырды.
– Анда бол эртерек, дем ала албай калдым! – кирилдеген үн менен айтты Гарри, ал болушунча чырмоок менен күрөшүп, көкүрөгүндөгү оромолдордон кутула албайт жатты.
– Азезилдин Тору, Азезилдин Тору... Спроут эмне деп айтты эле? Ал караңгыны жана нымдуулукту жактырат...
– Демек, от күйгүз! – Гарри тумчуга айтты.
– Ооба, албетте, бирок бул жерде отун жок да! – деди Гермиона кол куушуруп.
– Сен акылыңдан аздыңбы? – Рон кыйкырып жиберди. – Сен сыйкырчысыңбы же кимсиң?
– Албетте!- Гермиона кубанды, ошол замат ал сыйкыр таякчасын алып, аны серпти. Бир нерсени күбүрөндү. Көкмөк оттун жалынын өсүмдүктү карай бурду. Муну ал так эле Злейди өрттөгөн сыяктуу жасады. Бир аздан кийин чырмооктор бошоңдоп, от менен жарыктан бүрүшө түштү. Азезилдин Тору акырындык менен тырышкан оромолдорун бошотуп, Гарри менен Рон эркиндикке бошонду.
– Гербологияны кунт коюп окуганың жакшы болбодубу, – деди Гарри дубалды карай Гермионанын жанына барып чекесиндеги терин сүртө.
– Ооба, - деди Рон, – Анан да бул кыйын кырдаалда Гарри гана өзүн жоготпогону кандай жакшы болду, "отун жок" дейт, шумдук...
– Бул жакка, - деди Гарри алды жактагы жалгыз жол өтмөктү көрсөтүп.
Алар өтмөк менен баратып өздөрүнүн баскан кадамдарынын добушунан башка нымдуу дубалдын төбөсүнөн тамган тамчылардын үнүн угушту. Өтмөк төмөн кетет экен, мындан улам Гарри аргасыздан "Гринготтсту" эсине түшүрдү. Ал сыйкырдуу банкты ажыдаарлар кайтарат дегенди эстегенде эси чыкты. Эгер аларга ажыдаар жолукса, чоң ажыдаар, Норберттей эле ажыдаар алар үчүн жетишмек турсун көптүк кылат...
– Угуп жатасыңбы? – Рон шыбырады.
Гарри тыңшады. Жогору жактын бир жеринен шуудураган жана шаңшыган үн угулду.
– Арбак деп ойлойсуңбу?
– Билбейм... Канаттардын каккылап, шатыраган үнүнө көбүрөк окшошуп жатат.
Өтмөктөн чыккандан кийин алардын алдынан бийик шыптуу, жарык зал ачылды. Зал кичинекей алмаздай жаркырап ары-бери тынбай учкан чымчыктарга толуптур. Бөлмөнүн аркы тарабында жоон жыгачтан жасалган бекем каалга жайгашыптыр.
– Биз бөлмө аркылуу өтсөк булар бизге кол салабы? – деди Рон.
– Балким, - деди Гарри. – Сырткы көрүнүштөрүнөн кооптуудай эмес, эгер баары жабылышса анда... кана эмесе баарыбир башка айла жок... мен чуркадым.
Гарри терең дем ала, бетин колу менен жаап октой учуп бөлмөнүн аркы башына чуркады. Ал азыр кичинекей курч тумшуктар менен тырмактар жабылып басып калат деп күткөн, бирок эч нерсе болгон жок. Ал оңой эле каалгага жетти. Каалганын туткасынан тартып ачайын деди эле, бек экен.
Гермиона менен Рон артынан келишти. Алар каалганы түртүштү, тартышты, бирок эшик козголуп да койгон жок, жадагалса Гермиона "Аллоомору" сыйкырын да колдонду.
– Эми эмне кылдык? – Рон кызыга сурады.
– Бул чымчыктар... жөн эле учуп жүрүшкөн жок да мында...- Гермиона ойлоно калды.
Алар чымчыктардын үстүндө жаркырап учуп жүрүшкөнүн карап турушту... Жаркырап?
– Булар чымчык эмес! – Гарри кокустан кыйкырып жиберди. – Ачкычтар! Канаттуу ачкычтар, жакшылап карасаңар! А аларды...- достору ачкычтарды карап турганда, ал тегерегин карады. – Таптым! Мына карасаңар шыпыргылар! Биз бул эшиктин ачкычын кармашыбыз керек!
– Бирок ачкычтар миңден ашык болуп жатпайбы!
Рон сепилди айланта карады.
– Бул жерге чоң калем сап сымал күмүш ачкыч туура келсе керек.
Үчөө шыпыргыларга минип жогору учуп, ачкычтарды кармоого аракет кылышты. Бирок колун созуп канчалык ары-бери булгабасын, сыйкырланган ачкычтар ошончолук тездик менен буйтап, кармоого таптакыр мүмкүн болгон жок.
Баарыбир Гарри бекеринен акыркы жүз жылдын эң жаш Тыңчысы болбоптур. Ал башкалар дароо көрө албаган нерсени тез эле көзү менен кармап алган табигый жөндөмгө эгедер. Бир мүнөттөй ар түркүн ачкычтарды колу менен аралай абада учуп, оор, күмүш канаттуу ачкычты көрдү. Аны бир аз мурда кармап, каалганын оозуна эпсиз тыга салганы билинип калды.
– Ал тигине! – Гарри кыйкырды. – Тетигине, чоң болуп турат, жок, тетиги ачык көк канаттуу, капталындагы бырышкан канаттары менен учуп жүрөт.
Рон Гарри көрсөткөн багытка, шыпка көтөрүлдү, аз жерден шыпыргыдан кулай жаздады.
– Ачкычты курчагыла! – Гарри канаты сынган ачкычтан көз албай кыйкырды. – Рон өйдө жагынан тос, Гермиона ылдыйдан өткөрбөй тур, мен кармап көрөйүн. Кана, болгула!
Рон төмөн карай курчады, Гермиона жогорулай ачкычты тосту, бирок ачкыч экөөнү тең буйтап өттү. Гарри ачкычтын артынан жулкуна умтулду, ачкыч укмуштуудай ылдамдык менен дубалды көздөй сызды. Гарри артынан зуу коюп барып басып калды. Залда Рон менен Гермионанын салтанаттуу кыйкырыктары жаңырды.
Алар бат-баттан жерге түшүштү, Гарри колунан чыгууга жан талашкан ачкыч менен каалгага жүгүрдү. Эшик шарак ачылар замат ачкычтын канаттары бырпырап быт-чыты чыга көздөн кайым болду, аны эки жолу кармашкандыктан канаттары жарабай калыптыр.
– Даярсыңарбы? – Гарри каалганын туткасын кармап эшикти ачаарда сурады. Достор баш ийкеди. Гарри эшик ачты. Кийинки бөлмө ушунчалык караңгы болгондуктан алар биринчи эч нерсе көрүшкөн жок. Бирок босогодон бөлмөгө кадам таштаганда жарык күйүп, укмуштуудай таң каларлык көрүнүшкө туш болушту.
Алар зор көлөмдөгү шахмат тактасынын кырында турушту, алдыларында балдардын боюнан алда канча бийик, кара таштардан чегилген шахмат фигуралары турат. Тактанын каршы тарабында ак таштан чегилген фигуралар көрүндү. Шахматтын ак фигураларынын бети башы жок экени Гарри Рон менен Гермионаны козгоду.
– Биз эми эмне кылышыбыз керек? – Гарри шыбырады.
– Түшүнүктүү эле да, - деди Рон. – Биз тактадан шахмат ойноп өтүшүбүз керек.
Ак шахмат фигураларынын артында кийинки каалга көрүндү.
– Азырбы? – Гермиона тынчы кете сурады.
– Менимче, ошондой, - күбүрөдү Рон, – биз фигуралар катары ойношубуз керек.
Ал кара атка жакындап, кол созуп ордунан жылдырышты. Көз ачып жумганча ат кыймылдап туягын көтөрдү. Үстүндө шлем кийген аскер башын ийип Ронду карады.
– Тиги бетке өтүш үчүн, биз э-э-э силерге кошулушубуз керекпи?
Кара аскер баш ийкеди. Рон досторуна бурулду.
– Ойлонуп көрөйүнчү...- өзүнчө сүйлөндү. – Биз кара пешкалардын ордуна турушубуз керек ко...
Рон ойлонгончо, Гарри менен Гермиона унчукпай турушту. Акыры Рон сүйлөдү:
– Силер таарынбагыла, бирок экөөң тең шахматты начар ойнойсуңар...
– Биз таарынбайбыз, - Гарри анын сөзүн шашыла кести, – Эң негизгиси, эмне кылышыбыз керектигин айт.
– Гарри, сен пилдин ордуна бар, Гермиона сен мунаранын ордуна тур.
– А сенчи?
– Мен ат болом, - деп чечти Рон.
Шахмат фигуралары кунт коюп угуп, ат, мунара жана пил Гарри, Гермиона, Рон турган аянттарды таштап актарга карай бурулушту.
– Оюнда дайыма актар биринчи жүрөт, - деди Рон, каршы тараптын катарын карап. – Так ошондой... карасаңар... Ак пешка эки чакмакка бери жылып калыптыр.
Рон кара фигураларды жетектеди. Алар Рон жүргөн тарапкка унчукпай жыла башташты. Гарринин буттары калтырады. Эгер алар утулуп калышса эмне болот?
– Гарри, төрт чакмак оңго жыл, диагонал боюнча.
Экинчи атын жеп салышканда гана чындап дүрбөлөңгө түшүштү. Ак ханыша аскерлердин бирин жерге кулатып, тактадан ары чыгарып салды. Байкуш анын жетегинен чыга албай көкүрөгүнөн сулап жерде жатты.
– Мага ушундай кылууга туура келди, - Рон актанды. – Эми сен Гермиона, жанагы пилди эркин эле ала берсең болот, кана бол.
Ар бир жолу өздөрүнүн фигураларын жоготкон сайын актар аёосуз болду. Көп өтпөй дубалдын ар тарабында кара фигуралардын быт-чыты чыккан үймөк көрүндү. Гарри менен Гермиона коркунучка кептелгенде Рон эки ирет аз жерден байкабай кала жаздады. Ал өзү толкундай урунуп-беринип такта үстүндө далбастап, актар караларды канча жок кылса, ал дагы ошончо акты жок кылды.
– Жетип калдык, - ал күтүүсүздөн күбүрөдү. – Ойлонуш керек, ойлонуш керек...
Ак ханыша жүзү жок бети менен Ронго бурулду.
– Ооба...- деди Рон жай гана, – Жалгыз жол ушул... Мен жеңилишим керек.
– ЖОК! – Гарри менен Гермиона жарыша кыйкырышты.
– Бул деген шахмат! – Рон дароо жооп берди. – Бир нерсени курмандыкка чалыш керек! Эгер бир чакмакка алдыга жылсам, ал мени жейт, ушундай жол менен гана ханга мат коёсуң, Гарри!
– Бирок...
– Сен Злейди токтоткуң келеби же жокпу?
– Ук, эгер сен шашылбасаң ал ташты алып кетет!
Башка жол жок болчу.
–Даярсыңарбы? – Рон бозоргон, чечкиндүү түрү менен кыйкырды. – Мен жүрдүм, утаарыңар менен шашылгыла!
Ал алдыга кадам таштаары менен ак ханыша атырылды. Ал Ронду таш колу менен башка бир койду, Рон жыга чапкандай сулк кулады. Гермиона бакырып жиберип, бирок өз чакмагынан жылган жок, ак ханыша Ронду четке түрттү. Рондун эси ооп калды окшойт.
Титиреген Гарри үч чакмак солго жылды.
Ак падыша башындагы таажысын Гарринин бут алдына ыргытты. Каралар утту. Шахмат фигуралары ийиле четке чыгып, каалга тарапка жол бошотушту. Гарри менен Гермиона Ронду муңая бир карап, кийинки коридорго өтүштү.
– А эгер ал?...
– Ал жакшы болуп кетет, - деди Гарри, өзүн да ишендирүүгө аракеттенип. – Мындан ары дагы эмне бар деп ойлойсуң?
– Биз Спроутнын сыйкырынан өттүк, ал Азезилдин Тору болчу. Ачкычтар Флитвиктикки окшойт. Макгонагалл шахматтарга жан киргизди, мындан аркысы Квиррелл менен Злейдин сыйкырлары...
Алар кийинки эшикке жакын келишти.
– Эмне кылдык? – шыбырады Гарри.
– Кеттик.
Гарри эшикти түрттү.
Эшикти ачаары менен экөөнүн таноолорун жийиркеничтүү жыт өрдөп, дароо робдору менен мурдуларын жабышты. Көздөрүнүн кычыгынан жаш чыгып, жашка карабай алдыда жаткан троллду көрүштү. Полдо көмкөрөсүнөн жаткан тролль мурда күрөшүүгө туура келген троллдон алда канча зор экен. Тролль муздап калыптыр. Башында кан болгон жарааты көрүндү.
– Муну менен салгылашпай калганыбыз кандай чоң бакыт, - Гарри шыбырай лакыйган буттарынан аттап өттү. – Жүрү эртерек кетели, таптакыр дем жетпей баратат.
Ал кийинки эшикти ачты, экөө эмне күтүп жатканын билүүгө шашыла кызыгышты, бирок ал жакта эч кандай коркунучтуу көрүнүш жолуккан жок, болгону үстөлдө тизилген ар түрдүү өлчөмдөгү бөтөлкөлөрдү көрүштү.
– Злейдин иши, - деди Гарри. – Эмне кылыш керек?
Алар босогодон аттап, ошол замат аркаларынан жалындаган от күйдү. Адаттан тыш пурпурдуу жалын. Ошол мүнөттөрдө кийинки эшикке өтүүчү босогодон да кара кочкул коюу оттун жалыны чыкты. Балдар капканга түшүштү.
– Карачы! – Гермиона бөтөлкөлөрдүн жанында жаткан түрүлгөн кагазды ачты. Гарри анын артында туруп окуду:
Астыңарда жатат коркунуч, коопсуздук алдыда.
Табыш керек аларды, жардам берет экөө гана,
Жетөөбүздүн бирибиз, алга карай алпарат.
Башкабыздын бирөөсү ичээриң менен артка кайтарат.
Сүйлөшөт, чалкан суусундугу куюлган жетөөбүздүн экөөсү.
Катарларга тизиле күткөн, өлтүргүчтөр, дагы башка үчөөсү.
Түбөлүккө түрмөдө калбайм десең, бирин тандагын,
Берели сага жардам катары төрт кыйытма, байкагын:
Биринчиден, уу канчалык куулук менен жашынбасын,
Ал дайым суусундуктун сол жагында аңдагын.
Экинчиси: жайгашкан сенин ар тарабыңда,
Бирок бири да болбойт сага дос, эгер жылсаң алдыга.
Үчүнчүсү: өлчөмдөрү ар түрдүү, баары айтат соттоорун,
Бирок кичинеси, чоңу да, алып барбайт өлүмгө.
Дагы, даамы окшош эгиздей, түзүлүшү коошпойт,
Солдон бери экинчи, анан оңдогу, даамын татсын кыскасы, анан чечим чыгарат.
Гермиона катуу үшкүрдү, Гарри анын акыркы саптарын окугандан кийин жылмайган жүзүн көрүп таң кала карады.
– Эң сонун, - Гермиона жайдары кубанды, – Бул сыйкыр эмес, бул логика, баш катырма. Көптөгөн улуу сыйкырчылардын бир да грамм логикасы жок, алар бул жерде түбөлүккө камакта калышмак.
– Демек, биз дагы камалып калдык да, ошондойбу?
– Албетте, жок, - деди Гермиона. – Бизге керектүү маалыматтын баары бул түрмөк кагазда. Жети бөтөлкө: үчөө уу; экөө шире; бирөөсү бизди кара жалындан өткөрөт, дагы бирөө арттагы пурпур жалындан өтүүгө жардам берет.
– Бирок кайсынысы кайсы экенин кантип билебиз?
– Мага бир мүнөт берчи, ойлоноюн.
Гермиона бир нече жолу ырды окуп чыкты. Бөтөлкөлөрдү айлана өтүп, манжалары менен оозу-мурдун кармалай күбүрөндү. Акыры алаканын шак чапты.
– Түшүндүм, - деди. – Эң кичинекей бөтөлкө бизди кара жалындан өткөрөт.
Гарри кенедей бөтөлкөнү карады.
– Бул бирөөбүзгө араң жетет, - деди Гарри. – Мына кара, бир ууртам эле.
Алар бөтөлкөдөгүнү карашты.
– А кайсынысы пурпур жалындан өткөрүп артка кайтарат болду экен?
Гермиона оң жактагы эң четки тоголок бөтөлкөнү көрсөттү.
– Сен ошону ич, - деди Гарри. – Анан мындай, ук, артка барып Ронду эсине келтир. Ачкычтар турган бөлмөдөгү шыпыргыларды алгыла, алар Замбиректен өтүүгө жардам берет, андан соң үкүканага барып Дамблдорго үкү жөнөткүлө, ал бизге керек. Балким, Злейди бир азга токтотуп турармын, бирок ага тең келер атаандашы эмесмин.
– Бирок Гарри, эгер аны менен чогуу Ким Экенин Өзүң Билесиң да бар болсочу?
– Бир жолу жолум болгон, туурабы? - Гарри тырыгын көрсөттү. – Мүмкүн дагы жолум болор.
Гермионанын эриндери дирилдеп, күтүлбөгөн жерден Гаррини кучактап калды.
– Гермиона!
– Гарри, билесиңби, сен улуу сыйкырчысың!
– Сендей мыкты эмесмин, - деди Гарри, Гермиона коё бергенден кийин ооз учунан тартынчыктай күңкүлдөп.
– Мен! – деди Гермиона. – Китептер! Кошумча зиректик! Мындан да маанилүү нерселер бар, чынчылдык жана эрдик, анан... ой, Гарри! Абайла!
– Биринчи сен ич, - деди Гарри. – Сен кайсынысы кайсы экенин так билесиң.
– Толугу менен таптак! – деди Гермиона. Ал бир чоң ууртам жутуп, калтырап койду.
– Уу эмеспи? – бушайман Гарри шашыла сурады.
– Жок, бирок муздай экен.
– Бар эртерек, таасири кайтып кетпесин.
– Ийгилик, сак бол...
– БАР!
Гермиона артка бурулуп пурпур жалынга кирип кетти. Гарри терең дем ала колуна кичинекей бөтөлкөнү алды. Ал кара жалынга бет маңдай карап турду.
– Мен баратам, - деди бөтөлкөнү какшыта жутуп.
Чынында эле денеси музга айланып кеткенсиди. Гарри бөтөлкөнү ордуна коюп, алдын карай жөнөдү. Ал өзүн өзү кучактады, кара жалын денесине тийип жатканын көрдү, бирок эч нерсе сезген жок. Кандайдыр бир убакта кара жалындан башка эч нерсе көрбөй калды, анан гана залдын кийинки тарабына өттү.
Жерде кимдир-бирөө пайда болуптур, бирок Злей эмес, жадагалса Волдеморт да эмес.
ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Эки беттүү киши
Ал Квиррелл болчу.
– Сизби?! – Гарри селдейип калды.
Квиррелл жылмайды. Анын түрү эч өзгөргөн жок.
– Мен, - деди ал бир калыпта жай гана. – Мен ушул жерден жолугуп калабызбы деп көп ойлонгом, Поттер.
– Бирок мен... Злей деп...
– Злодеус? – Квиррелл каткырды, бирок анын каткырыгы адаттагы кыжырланып тынчы кете титиреген каткырык эмес, тескерисинче, андан муздак, катаал каткырык эле. – Эмне демек элек, ал бул ролго аябай төп келет, туурабы? Ал мени тегерегимдегилерден зор жарганаттай коруганы кандай гана ийгиликтүү болду. Анын жанынан ким б-б-байкуш к-к-к-кекеч п-п-профессор Квирреллдан шек санамак?
Гарри уккан кулагына ишенбеди. Бул чындык эмес, чындык болушу мүмкүн эмес.
– Бирок Злей мени өлтүрөйүн дебедиби!
– Жок, жок, жок. Сени мен өлтүрөйүн дегем. Болгону ошол квиддич оюнунда курдашың мисс Грэйнжер Злейди өрттөгөнгө ушунчалык шашып баратып, кокустан мени буту менен түртүп кетип сени менен болгон көз байланышымды бузуп салган. Дагы бир секунд болгондо шыпыргыңдан ыргыта түшүрмөкмүн. Негизи сен эчак кулап түшмөксүң, эгер Злей менин кол астыман каршы сыйкырын күбүрөбөгөндө, ал сени сактап калган.
– Злей мени сактап калган?!
– Дал ошондой! – суз гана тастыктады Квиррелл. – Ошол оюнда ал эмнеге калыс болду деп ойлойсуң? Экинчи жолу аракет кылбашым үчүн ал мени аңдып көзөмөлдөшү керек болчу. Күлкүлүү, чындыгында... тынчсызданбай коймок беле. Дамблдор барда мен алсызмын... Башка мугалимдер Злейди гриффиндорлуктарга тоскоол болуу үчүн калыс болду деп ойлошту... Бул анын беделине залакасын тийгизди... эң негизгиси жөн гана коротулган убакыт жана жумшалган күч болду, анткени азыр сени баарыбир мен өлтүрөм.
Квиррелл манжаларын кыймылдатты. Абада жиптер пайда болду. Алар Гарриге бекем оролуп байланып калды.
– Сен баарын билүүгө кызыкдар адамсың, мындайларды тирүү калтырганга болбойт. Хэллоуинде мектепте сандалганыңды эле эстейли! Менин түшүнүгүмдө, сен мени таш кандай жол менен кайтарылып жатканын билүүгө баратканымды көргөнсүң.
– Троллдорду сиз коё бердиңиз беле?
– Албетте. Менде троллдорго байланыштуу өзгөчө жөндөм бар, сен бул жакка кире беришти кайтарган немени не кылганымды көрсөң керек? Тилекке каршы, баары пайдасыз эле троллдорду кубалап жүрүшкөндө, Злей менден шек санап, түз эле үчүнчү кабатка жөнөгөн. Ал менден озуп кетти... Жыйынтыгы эмне болду? Сени тролль өлтүрбөгөнү аз келгенсип, тиги үч баштуу акмак Злейдин бутун жакшылап тиштебептир!
– Азыр тынч отургунуң, Поттер! Мен мына бул кызыктуу күзгүнү карап көрөйүн.
Квирреллнын аркасында не турганын Гарри эми түшүндү. Ал Көңүлдүн Ыйык Күзгүсү болчу.
– Бул күзгүнүн жардамы менен ташты табууга болот, - Квиррелл күбүрөдү, кулачын жая күзгүнүн эки жагынан кармады. – Дамблдордон дагы эмнени күтсө болот... бирок ал Лондондо... ал кайтып келгенде, мен алыста болом...
Гарри Квирреллны күзгүгө байланыштырбай, алаксытуу үчүн ага сүйлөп алагды кылууну ойлоду.
– Мен сизди токойдон Злей менен көргөм! – дей салды.
– Ооба, - Квиррелл ары караган бойдон кайдыгерлик менен баш ийкеди. – Ал мени айыптап, канчалык алыс кеткенимди тактоого аракет кылган. Ал дайыма менден шек санайт. Колунда бийлик тургансып мени коркутту, менин тарабымда болсо лорд Волдеморт бар!
Квиррелл күзгүдөн чыгып бери карап, ач көздүк менен Гаррини тиктеди.
– Мен ташты көрдүм... аны менин төрөмө тартуу кылам... бирок ал кайда?
Гарри болгон күчү менен жиптен бошонууга аракеттенди, бирок бошой албады. Баарыбир Квирреллны күзгүдөн алаксытыш керек.
– А мага дайыма Злей мени жек көрчүдөй сезилчү.
– Чынында жек көрөт, - деди Квиррелл, – Кандай гана жек көрөт дейсиң. Ал сенин атаң менен "Хогвартста" окуган, билген эмес белең? Алар бири-бирин көргүлөрү келчү эмес. Бирок ал сени өлтүрөйүн деген эмес.
– Сиздин бир нече күн мурда ыйлаганыңызды укпадымбы, сизди Злей коркуткандай көрүнгөн...
Жанатан бери биринчи жолу Квирреллнын кебетесинде коркунуч пайда болду.
– Кээде, - деди ал, – Мага төрөмдүн буйруктарын аткаруу кыйын, ал улуу сыйкырчы, мен алсызмын...
– Сиздин төрөңүз ошол класстык бөлмөдө сиз менен чогуу болчу дейсизби?! – таң кала үшкүрдү Гарри.
– Мен кайда барбайын ал дайым мени менен, - Квиррелл жайбаракат жооп берди. – Мен аны менен дүйнө жүзү боюнча саякат кылып жүргөндө жолуккам. Анда боорукерлик менен ырайымсыздыкты күлкүлүү түрдө ажыраткан акылсыз өспүрүм болчумун. Боорукерлик да, ырайымсыздык да жок, бир гана бийлик бар, ошол бийликти издегенге күчү жок аябай алсыздар бар... Ошондон бери мен ага ишеним жана чынчылдык менен кызмат кылып келем, бирок көп жолу уят кылдым. Бул үчүн ал мага катаал мамиле жасайт. – Квиррелл селт этип кетти. – Менин төрөм катачылыкты оңой кечиргендерден эмес. Мен "Гринготтстан" ташты уурдай албай калганымда, кожоюнум аябай нааразы болгон. Ал мени жазалады... анан мени дыкат көзөмөлгө алууну чечти...
Квирреллнын үнү барган сайын басаңдап, акыры өчтү. Гарри өзүнүн Диагон-аллеяга барганын эстеди, кантип ошого акылы жетпеди? Ал ошол күнү Квирреллны көрбөдү беле, жадагалса "Жыртык казандан" кол алышып учурашпады беле!
Квиррелл өзүн-өзү тилдеди.
– Түшүнбөйм... Балким таш күзгүнүн ичинде чыгар? Эмне муну сындырыш керекпи?
Гарринин башы акырындап иштей баштады.
Мен азыр баарынан да эмнени каалайм деп ойлоду, ал – ташты Квирреллдан мурда табуу. Азыр күзгүнү карасам ташты кантип таап алаарымды билем, тагыраагы, ал кайда катылганын көрөм! Бирок күзгүнү Квиррелл байкабагандай кылып кантип карайм?
Ал сол жакка акырын жылууга жүткүндү, Квиррелл байкабагандай кылып кылдат кыймылдоого аракеттенди, бирок буттары катуу байлангандыктан Гарри талп жыгылып түштү. Квиррелл ага көңүл бурган жок. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жатты.
– Бул күзгү кандайча иштейт? Кантип таасир берет? Төрөм, мага жардам бериңизчи!
Гарринин бул үндөн жүрөгү опкоолжуду, угулган үн так эле Квирреллнын өзүнөн чыкты:
– Балакайды колдон... баланы колдон...
Квиррелл Гарриге дароо бурулду.
– Түшүндүм. Поттер, бери кел.
Ал алаканын чапты эле чырмала байланган жиптер ошол замат чечилип түштү. Гарри акырын бутуна турду.
– Бери кел, - Квиррелл дагы кайталады. – Күзгүнү карап, эмне көрүп жатканыңды айт.
Гарри Квирреллны көздөй жакындады. Жалган айтыш керек деген аргасыз ой келди. Гарри селдеден чыккан кызыктай жытты сезди. Күзгүнүн алдына келип көзүн жумду да, кайра бир аздан соң ачты.
Ал биринчи күзгүдөн бозоруп корккон өзүн көрдү. Бир нече секунддан кийин күзгүдөгү өзү жылмайды. Андан соң колун чөнтөгүнө салып кочкул кызыл ташты алып чыкты. Анан ал көзүн кысып, кайра ташты чөнтөгүнө салды, мына ошол маалда Гарри өзүнүн чыныгы сырттагы чөнтөгүнө оор бир нерсе салынганын сезди. Ал кандайдыр бир түшүнүксүз жол менен ташка жетти.
– Кана эмне болду? – чыдамсыздык менен сурады Квиррелл. – Эмнени көрүп жатасың?
– Мен Дамблдордун колун кысып жатканымды көрдүм, - Гарри оюнан чыгарды. – Мен... мен мектептин кубогун утуп алдым.
Квиррелл дагы тилдеди.
– Жогол бул жерден, - корс этти. Гарри чөнтөгүнөн таш жүргөнүн сезип күзгүдөн ары жылды. “Качып көрсөмбү?”
Бирок беш кадам алыстаганча эле жанагы өктөм үн чыкты, бирок Квиррелл оозун кыбыраткан да жок.
– Ал калп айтып жатат... калп айтып жатат...
– Поттер, бери кел! – Квиррелл кыйкырды. – Чындыкты айт! Сен жаңы эле эмнени көрдүң? – Дагы өктөм үн катты.
– Аны менен мен сүйлөшөм... бетме-бет!...
– Төрөм, сиз аябай алсызсыз!
– Менин жетиштүү эле күчүм бар... ал үчүн...
Гарри турган ордунда катты, тим эле Азезилдин Торуна кайрадан түшүп калгансыды. Денесинин бир да мүчөсү кыймылга келбеди. Таштай каткан абалында Квирреллнын селдесинин оромолун чечип жатканын тиктеди. Бул эмне? Селде жерге түштү. Селдесиз баш кенедей көрүндү. Кенедей баш моюну менен артка жай бурулду.
Гарри пайда болгон көрүнүштөн катуу кыйкыргысы келди, бирок үн чыгара албады. Баштын арткы жагынан көрүнгөн кежигенин ордунан дагы бир жүз көрүндү. Гарри буга чейин эч көрбөгөн коркунучтуу, үрөй учурган адамдын жүзү. Бети бордой аппак, эки көзү чоктой кыпкызыл, мурду жок, болгону жалпайган эки тешик таноосу гана бар.
– Гарри Поттер...- тиги бет жыландай ышылдады.
Гарри артка чегинейин деди, бирок буттары кыймылга келген жок.
– Көрүп жатасыңбы, кандай абалга келгенимди? – деди бет. – Көлөкө, арбак... Болгону башка денеде гана жашайм... Бактыга жараша, мени өз мээсине, өз жүрөгүнө батыра алгандар дайыма табылып турду... Акыркы күндөрү кериктин каны мага кубат берди... Сен токойдон чынчыл Квиррелл кериктин канын менин ордума ичкенин көрдүң...Азыр колума Мүрөктүн Суусу тийсе өз дене турпатымды түзө алам... Андыктан... Чөнтөгүңдөгү ташты бери бер...
Демек ал билет. Гарринин буттарына кайрадан жан кире баштады. Ал артка кетенчиктеди.
– Акылсызданба, - тиги бет ачуулуу кышылдады. – Андан көрө өз өмүрүңдү сактап, мен тарапка өт... Болбосо сага да ата-энеңдикиндей өлүм туш келет... Алар жалбарып жан соогалап жатып өлүшкөн...
– ЖАЛГАН! – Гарри күтүлбөгөн жерден кыйкырып жиберди.
Волдеморт баланы көргүдөй кылып Квиррелл артына бурулду. Бет мыйыгынан мазактай жылмайды.
– Кандай гана боор оорутар көрүнүш...- деп кышылдады. – Ар дайым эр жүрөктөрдү баалап келгем... Ооба, ата-энең эр жүрөк болчу... Биринчи атаңды өлтүрдүм, ал аягына чейин күрөштү... бирок апаңа сөзсүз өлүүнүн кереги деле жок болчу... ал сени коргоюн деген... Апаңдын өлүмү текке кетпесин десең ташты бер.
– ЭЧ КАЧАН!
Гарри жалбырттап күйгөн эшикти карай секирди. Волдеморт зыңылдады: "Карма!" – дал ошол секунддан кийин Гарри билегин кыса кармаган Квирреллнын алаканын сезди. Ошол замат чекесиндеги тырыгы жан чыдагыс ооруп; башы экиге бөлүнүп кетчүдөй болду. Гарри ачуу кыйкырып, болгон күчү менен күрөштү, анан эле түшүнүксүз жол менен бошонуп кетти. Баш оорусу басаңдап, Квирреллнын кайда кеткенин табууга аракеттене айланасын дыкат карады, ары жакта манжалары көз алдында ыйлаакча шишикке айланып бети-башы оорудан жыйрыла үрпүйүп жаткан Квирреллны көрдү.
– Карма! ЖЕТИП БАРЫП КАРМА! – Волдеморт кыйкырды. Квиррелл жүгүрүп келип Гаррини буттан ала жыгып, моюнунан кармай муунта баштады, Гарри чекесиндеги оорусунан көзү көрбөй, бирок Квирреллнын жан талашып алпурушканы көрүнүп турду.
– Төрөм, мен мындан ары кармай албайм, колум... колум!
Гарринин үстүнө отуруп алып кекиртектеп муунткан колдорун тартып алган Квиррелл колдорун карап эмне кыларын билбеди. Колдорунун териси былжырап, күйүк этине чейин жетиптир, эми жалгыз гана кызарган эттери калыптыр.
– Акмак, анда аны өлтүр, бул ишти аягына чыгар, келесоо!
Квиррелл колун көтөрүп өлүм сыйкырын айтайын дегенде, Гарри алдынан жөрмөлөй суурулуп чыгып, душманынын бетин эки колу менен баса кармады...
– АААААА!
Бети күйгөн Квиррелл анын колунан жулкуна качып чыкты, Квиррелл анын денесине тие албастыгын Гарри ошондо түшүндү. Эгер тийсе эле жан чыдагыс оорууга туш болорун, аман калуунун жалгыз жолу тиги акмакты кармап, чыркырата кыйнаган ооруга туш кылып, өлүмдүн сыйкырын айтууга тоскоол болушу керек.
Гарри секирип барып Квирреллнын колун болгон күчү менен бекем кысты. Квиррелл өкүрүп, жулкунду. Гарринин тырыгы катуу ооруп, көзү көрбөй, бир гана Квирреллнын ачуу чаңырыгы менен Волдеморттун буйругун укту: "ӨЛТҮР! АНЫ ӨЛТҮР ДЕЙМ!" – ый аралаш дагы бирөөнүн үнү угулуп жатты: "Гарри! Гарри!"
Квирреллнын колу уучунан шыпырылып ылдый түшүп баратканын сезди, баары караңгылыкта жок болуп, улам төмөн... төмөн... төмөн жылмышты... Алардын алдынан алтын сымал бирдеме көрүндү. Айлакер! Ал топту кармайын деп, бирок колу оорлошуп көтөрүлбөдү. Көзүн ирмеди. Көрсө ал Айлакер эмес эле көз айнеги экен. Таң калыштуу.
Көзүн дагы ирмегиледи. Альбус Дамблдордун жылмайган жылуу жүзү боштуктан бериге пайда болду.
– Саламатсыңбы, Гарри, - деди Дамблдор.
Гарри аны тиктеп туруп калды. Анан кокустан эсине түштү:
– "Сэр! Таш! Ал деген Квиррелл экен! Таш Квирреллда! Тезирек болуңуз, сэр..."
– Тынчтан, менин сүйүктүү балам, сенин ойлоруң бир аз эскириптир, - Дамблдор жайдары тынчтантты. – Таш Квирреллда эмес.
– А кимде? Сэр, мен...
– Гарри, суранам, тынчтан, болбосо мадам Помфри мени бул жактан кууп чыгат.
Гарри шилекейин жутту. Эки жагын карады. Анан барып бейтапканада жатканын түшүндү. Аппак шейшептүү керебетте жатыптыр, керебетинин жанындагы үстөлдө тоодой үйүлгөн таттуулар жыйылып турат.
– Белектер сенин досторуңдан жана күйөрмандарыңдан, - Дамблдор бактылуу жүзү менен айтты. – Албетте, мектептегилердин баары болуп өткөндөрдөн кабардар, ошондуктан өздөрүнүн кубанычын, суктануусун сени менен тең бөлүшкүлөрү келет, ошентсе да профессор Квиррелл экөөңөрдүн ортоңордогу жертөлөдөгү окуянын майда-чүйдөсү сыр катары жашыруун сакталышы керек. Мага белгилүү болгондой, досторуң мистер Фред менен Жорж Уизлилер сага унитаздын капкагын жөнөтөлү дешиптир. Алар ушундай жол менен маанайыңды көтөрөлү дешкен, мындан күмөн санабайм. Бирок мадам Помфри андайга жол бербейт эмеспи, гигиеналык тазалыкты сактап аны кайра артка жөнөткөн.
– Менин бул жерде жатканыма канча болду?
– Үч күн. Мистер Рональд Уизли менен мисс Грэйнжер сенин эсиңе келгениңди укса аябай кубанышат. Алар катуу кабатыр болушту.
– Бирок, сэр, таш...
– Көрүнүп тургандай, сени бул ойдон жөн эле алаксытуу мүмкүн эмес. Ташпы? Профессор Квиррелл ал ташты сенден алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок. Мен дал убактысында келип токтотууга жетиштим, бирок айтып коёюн, аны өзүң деле ишке сонун ашырдың.
– Сиз ошол жакка бардыңызбы? Сиз Гермионадан үкү алдыңызбы?
– Биз жолдон жолуктук. Лондонго жетерим менен кайра артка кетишим керектигин түшүндүм. Окуя болгон жерге учурунда келип, сенден Квирреллны ажыратууга үлгүрдүм...
– А демек ошол сиз белеңиз?
– Мен аябай кеч келдим деп коркком.
– Ташты бербей коюуга күчүм калбай бараткан...
– Балам, кептин бары ташта эмес, сенде... Бул күрөш сени аз жерден жок кылып коё жаздады. Сени өлдү деп ойлогон көз ирмем болбодубу. Таш болсо жок кылынды.
– Жок кылынды? – Гарри түшүнбөй кайталады. – А сиздин досуңузчу, Николас Фламел?
– Ах, сен, көрсө Николас жөнүндө билет турбайсыңбы? – деди Дамблдор кубанычтуу. – Баарын изилдеп билип чыккан экенсиң, ошондойбу? Николас экөөбүз сүйлөштүк, баары жакшылык үчүн деп чечтик.
– Бирок ал аялы экөө өлүп калат да, туурабы?
– Алар калган жумуштарын аягына чыгарганга чейин Мүрөк Суулары жетет, андан соң туура, алар өлөт.
Гарринин жүзүндөгү таң калган, түшүнбөгөн кебетеси Дамблдорду жылмайтты.
– Сендей жаш адам үчүн бул аябай таң калыштуу көрүнүш, билип турам, бирок Николас менен Перенелла үчүн өлүм узак күндөн кийин келген түш сыяктуу болот. Акыры баарыбир туура уюштурулган акыл-эс үчүн өлүм, кадимки эле, кандай болсо да келе турган кызыксыз окуя. Билесиңби, ал сыйкыр таш чындыгында анчалык деле баалуу эмес. Тек каалагандай акчаң, каалагандай өмүрүң болсун! Мындайды кайсы адам болбосун кааламак, эң жаманы адамдар дайыма өздөрүн бүлгүнгө сала турган нерселерди каалашат.
Гарри жооп берүүгө бир да сөз оюна келбей жата берди.
– Сэр? – деди Гарри Дамблдорду карап. – Азыр эле ойлоп кеттим... Эгер баарыбир таш жок болсо деле Воль... тагыраагы, Ким Экенин Өзүңүз...
– Гарри, аны Волдеморт деп ата. Дайыма баардык нерсени өз атынан атап жүр. Нерсенин атын атоодон коркуу, корккон адамдын коркунучун күчөтөт.
– Макул, сэр. Анда ошол Волдеморт эми кайтып келүүнүн башка жолдорун издейт да, туурабы? Ал өлгөн жок да, ошондойбу?
– Жок, Гарри, өлгөн жок. Ал дагы деле тирүү, өзүнө жаңы дене издеп жүрсө керек. Ал чындап тирүү эмес, аны өлтүрүүгө да болбойт. Ал Квирреллны өлүмгө дуушар кылды. Ал душмандарына да, досторуна да боору оорубайт. Ошентсе да сен бул жолкусунда болгону анын кайтып келүүсүнө бут тостуң, ал канчалык үмүтсүз көрүнбөсүн, баарыбир кийинки салгылаш үчүн өзүнө киши табат, бирок эгер кийинки жолкусунда дагы бир жолу жеңилсе, балким, ал ошондон ары бийликке келбейт.
Гарри баш ийкеди, бирок башы айланып кетти. Анан мындай деди: "Сэр, сизден сурай турган нерсе бар, эгер мүмкүн болсо... бир нерсе тууралуу чындыкты билгим келет..."
– Чындыкты. – Дамблдор үшкүрдү. – Чындык абдан сонун, бирок даамы ачуу, ошондуктан ага өтө кылдат мамиле керек. Ошентсе да сурооңо жооп берем, эгер албетте, менде жооп бербегенге себеп жок болсо, мындай учурда мени кечиришиң керек. Ошол эле учурда калп айтууга да барбайм.
– Макул... Волдеморт менин апамды өлтүрүүгө туура келгендигин айтты, анткени ал мени өлтүрүүгө тоскоол болуптур. Бирок ал эмне үчүн мени өлтүргүсү келген?
Бул жолу Дамблдор катуу үшкүрдү.
– Кап! Сенин биринчи эле сурооңду жоопсуз калтырууга мажбур болдум. Бүгүн эмес. Азыр эмес. Качандыр бир мезгилде сөзсүз билесиң... Ага чейин Гарри, сен бул ойду жайына кой. Сен чоңойгондо... Аны угуу сага канчалык оор болорун билем... сен ал нерсени угууга даяр болгондо баарын билесиң.
Гарри тартышып-талашуу пайдасыз экенин түшүндү.
– Эмне үчүн Квиррелл менин денеме колун тийгизе албады?
– Апаң сени сактайм деп көз жумду. Дүйнөдө Волдеморт түшүнө албаган нерсе бул – сүйүү. Ал апаңдын сага болгон сүйүүсүндөй күчтөрдүн өз издерин калтырып кетерин баамдабайт, акылына сыйдыра албайт. Тырык дагы, андан башка көрүнгөн белгилер... бирок качандыр бир убакта кимдир-бирөө сени катуу сүйсө, ал адам өлгөндөн кийин да сүйүүсү менен коргойт. Ал сүйүү сенин бүткөн боюңду сугарган. Ошондуктан жек көрүүчү, көз артуучу заарга толгон денесин Волдеморт менен бөлүшкөн Квиррелл денеңе колун тийгизе алган жок. Ал үчүн жакшы нерсеге колун тийгизүү өлүмгө тете болду.
Дамблдор терезенин сырткы кырына учуп келген чымчыкка көңүлүн буруп калды, бул мүмкүнчүлүк Гарринин көз жашын жууркандын бир учуна сүртүп алууга шарт түздү. Гарри өзүн колго алган соң сурады:
– А көрүнбөс жамынгыны мага ким жөнөткөнүн билбейсизби?
– Ах, жамынгы... Атаң аны мага калтырып кеткен, а мен, балким сага керек болуп калат деп чечтим. – Дамблдор көзүн кысты. – Пайдалуу буюм... Өз убагында атаң ал жамынгы менен ашканадан май токоч уурдачу.
– Анан дагы бир нерсе...
– Ордуңан турба, - өйдө болуп келаткан Гаррини кайра сүйөй жаткырды.
– Квиррелл айтты, Злей...
– Гарри, профессор Злей.
– Ооба... Ал мени жек көрөрүн Квиррелл айтты. Анткени ал атамды жек көрчү экен. Ошол чынбы?
– Тилекке каршы, алар бири-бирин жакшы көрүшчү эмес. Болжол менен айтканда сен менен мистер Малфойдой болчу. Андан тышкары атаң Злей таптакыр кечире албаган нерсени жасаган.
– Эмне?
– Ал Злейдин өмүрүн сактап калган.
– Эмне?
– Ооба-ооба...- Дамблдор ойлонгон калыбында тастыктады. – Кызык, адамдар эмнеге гана барышпайт, туурабы? Профессор Злей атаңдын алдында карыздар экенин көтөрө албайт... Мен күмөн санабайм: ал бул окуу жылынан баштап сени коргоп келди, анткени ал ушундай жол аркылуу атаң менен эсептешем деп ойлойт. Ошондо гана атаңды толук жек көрүүгө акысы болорун ойлоп келет...
Гарри бул сөздөрдүн терең маанисине кирейин деди, бирок каны башына тээп, ойлонууну токтотууга аргасыз болду.
– Анан, сэр, дагы бир нерсе...
– Бирөө элеби?
– Мен ташты күзгүдөн кантип алып чыктым?
– Мына бул эң жакшы суроо. Ал менин эң мыкты идеяларымдын бири, бул экөөбүздүн ортобузда калсын, эч кимге айтпа. Билесиңби, ташты табууну каалаган, табууну гана, колдонууну эмес, мына ошол ташты ала алмак, а тескерисинче ал, күзгүдөн өзүн ташты таап алганын же Мүрөк Суусун ичип жатканын көрмөк. Кээде өз мээм өзүмдү таң калтырат... Эми суроолор жетишет. Андан көрө сага бул таттууларга көңүлүңдү бурууну сунуштайм. О! Берти Боттун баардык даамдуу жаңгактары! Жаш кезимде бир жолу бул таттуунун кусунду даамданганы туш келген, ошондон кийин жаңгакка кызыгуум начар, бирок азыр мына бул ирис түстүүсүн жесем, эч кандай коркунуч болбосо керек?
Ал жылмайып бир аз айлакерленген түр менен алтын-күрөң түстөгү жаңгакты оозуна салды. Какап кетти да айтты:
– "Кап! Кулку турбайбы!"
Мадам Помфри аябай жагымдуу медайым, бирок өтө катаал аял.
– Болгону беш эле мүнөт, - деп Гарри жалдырады.
– Болбойт.
– Сиз профессор Дамблдорду киргиздиңиз го...
– Киргиздим, бирок ал мүдүр, бул эки башка нерсе. Сен эс алышың керек.
– Эс алып эле жатам, мына турган жокмун, керебетте жатам. Мадам Помфри...
– Мейли, - ал жеңилип берди, – Бирок беш гана мүнөт.
Анан ал Рон менен Гермионаны киргизди.
– Гарри!
Гермиона аны кучагына алууга даяр болчу, бирок карманды, бактыга жараша Гарринин башы дагы деле катуу ооруп жаткан.
– О, Гарри, биз аябай корктук, сени биз... Дамблдор ушунчалык кабатырланды...
– Мектептегилердин баары ушул жөнүндө айтышууда, - деди Рон. – Чынында не болду?
Адатта айың-кептер кызыктуу болот эмеспи, бирок бул окуя ошол окуя жөнүндө айтылган ушактарга караганда алда канча табышмактуу, кызыктуу болгон сейрек окуялардын бири болду. Гарри досторуна баарын айтып берди: Квиррелл, күзгү, таш, Волдеморт жөнүндө. Рон менен Гермиона суктана тыңшаган угуучуларга айланышты. Алар эң сонун айтылган жерлерден "бах" дешип, Гарри Квирреллнын селдени чечкен жерине келгенде Гермиона кыйкырып жиберди.
– Демек эми таш мындан ары жокпу? – Рон акырында сурады. – Эми Фламел өлөбү?
– Мен да Дамблдордон ушинтип сурадым, бирок ал: "Туура уюштурулган акыл-эс үчүн өлүм, кадимки эле, кандай болсо да келе турган кызыксыз окуя" – деди.
– Айтпадым беле, ага бир шарик жетишпейт, акыл-эси жайында эместигин, -Ронго анын каарманынын кем акыл экени жаккандыгы көрүнүп турду.
– А силер ошол күнү эмне болдуңар? – деди Гарри.
– Мен аман-эсен артка кайтып бардым, - деди Гермиона, – Ронго көп убакытка чейин жан киргиздим, андан кийин Дамблдорго кат жөнөткөнү үкүканага жөнөдүк, бирок үкүканага жетпей эле оозгу бөлмөдөн Дамблдорго жолуксак, ал баарын билип коюптур. Ал болгону: "Гарри анын артынан кетти да, ошондойбу?" – деп гана сурады, анан шашыла үчүнчү кабатка жүгүрдү.
– Ал сенин эмне кыларыңды алдын ала билген деп ойлойсуңбу? – деп сурады Рон. – Ошондуктан ал сага көрүнбөс жамынгыны жөнөткөнбү?
– Ой, билбейм, - Гермиона жарылып кетти, – Эгер ал барын билсе... бул өтө коркунучтуу, сен өлүп калышың ыктымал эле да.
– Жок, бул өтө жаман эмес, - деди Гарри ойлонуп. – Дамблдор өтө кызык киши. Менимче, ал мүмкүнчүлүк берейин деген. Менимче ал аз болсо да, көп болсо да баарынан кабары болгон. Биздин эмне кыларыбызды билсе керек, бирок токтотуунун ордуна бизди бир нерсеге үйрөтүүнү чечкен, анан өзү керек учурда келип калды. Анын мага күзгүнүн кантип ишке кирерин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнү кокустук деп ойлобойм. Ал мени Волдеморт менен жолугушууга акылуу деп эсептеген окшойт, эгер колумдан келсе...
– Так ошондой, анын таптаза шариги жок, - Рон сыймыктана айтты. – Укчу, сен окуу жылынын аякташына уюштурулган эртеңки кечеге келишиң керек. Албетте, кубокту слизериндиктер утту дечи, алардын упайы эң жогору, акыркы оюнда да сен болбодуң, "Равенкло" да бизди булгап кетти, бирок баарыбир даамдуу тамак, таттууларды жеп келебиз.
Бул учурда мадам Помфри кирип келди.
– Силер он беш мүнөттөн бери отурдуңар, эми КЕТКИЛЕ! – чечкиндүү айтты.
Гарри уйкусу канып, дээрлик эс алып, айыгып калгандай сезди.
– Мен майрамга баргым келет, - деди Гарри, мадам Помфри үстөл үстүндөгү таттуулар салынган кутуларды оңдоп жыйыштырып жатканда. – Барсам болобу?
– Профессор Дамблдор, сага уруксат бериш керек деп эсептейт, - деди мадам Помфри, ал Дамблдор эч кимге баарын түшүндүрбөй турганын, анын сөзүн эки кыла албасын жана оюндагысын айта албагандай оозун кымтып калды. – Анан да сага бирөө келди.
– Эң сонун, - Гарри сүйүнүп кетти. – А ким келди?
Ал айтаары менен эшиктен Хагрид кирип келди. Ал дайыма имарат ичинде жүргөндө аябай зор көрүнөт. Ал Гарринин жанына отурду да, аны бир карап бышактап кирди.
– Мунун... баары... шайтан алгырдыкы... менин күнөөм! – Хагрид эки алаканы менен бетин жаап бышактады. – Жанагы шүмшүккө Замбиректин жанынан кантип өтүш керектигин өзүм айтып салбадымбы! Өзүм! Жалгыз гана билбеген нерсеси ошол, а мен айтып салдым! Сен өлүп калмаксың! Ажыдаардын жумурткасы үчүн! Эми эч качан колума стакан кармабайм! Мени Магляндияга кууп жибериш керек!
– Хагрид! – деди Гарри күзөтчүнүн бышактап, жашка муунуп, чоң-чоң тамчы көз жаштары сакалына тыпылдаганын көрүп, оозун ачып таңыркай түштү. – Хагрид, ал баарыбир билмек, ал – Волдеморт, сен билбеген күндө деле ал өзү баарын билет болчу.
– Сен өлүп калмаксың! – кайра ыйлады Хагрид. – Анан анын атын атабачы...
– ВОЛДЕМОРТ! – Гарри кыйкырды, Хагрид коркконунан ыйлаганын токтотту. – Мен аны менен таанышмын, атын атай берсем болот. Суранам, Хагрид, өзүңө келчи, биз ташты сактап калдык, ал эми жок, Волдеморт аны уурдай албайт. Бакашоколордон алып же, менде алар аябай көп...
Хагрид мурдун шыр тартып сүрттү да мындай деди:
– Айтмакчы, эми эстебедимби. Сага кичинекей белек алып келбедим беле.
– Эчкинин эти менен сэндвич эмес деп ойлойм, - Гарри тынчсызданды, Хагриддин жүзүндө акыры жылмаюу пайда болду.
– Жо-оок. Муну жасаш үчүн Дамблдор мага мектептен чыгарып жиберүүнүн ордуна бир күнгө эс алуу берген, эми ал маанилүү эмес, мынакей.
Хагрид мукабасы булгаарыдан жасалган кооз китепти сунду. Гарри кызыга китепти дароо ачты. Ичинде сыйкырдуу фотосүрөттөр экен. Ар бир барагында атасы менен апасы жылмайып, аба аркылуу аны өөп жатышты.
– Ата-энеңдин баардык мектептеги жолдошторуна үкү жөнөттүм, кимде алардын кандай сүрөттөрү бар экенин сурадым... Сенде деген бирөө да жок...жактыбы?
Гарри тамагына буулган жаштан жооп бере албады, Хагрид аны түшүндү.
Майрамга Гарри акыркылардан болуп кошулду. Аны мадам Помфри колтуктап келе жатты. Ал күйүп-бышып, бейтабынын акыбалы жакшы деп улам сайын "акыркы жолу" текшерип жатты. Ошондуктан Гарри келгенде Чоң Зал толуп калган. Зал жетинчи жылы мектеп кубогун уткан "Слизериндин" урматына жашыл, күмүш түстө жасалгаланыптыр. Бийик үстөлдүн арткы дубалында слизериндиктердин жыланы түшүрүлгөн чоң желек илинип турат.
Гарри залга киргенде бир көз ирмемге баары тып басыла унчукпай калышты, анан барып кайра катуу дуулдашты. Ал гриффиндор үстөлүнө барып Рон менен Гермионанын жанынан орун алды. Аны көрүүгө ашыгып ордуларынан туруп моюндарын созгон тегерегиндегилерге көңүл бурбаганга аракет кылды.
Кудай жалгап бир мүнөттөн кийин эле Дамблдор келди. Дуулдаган үндөр тып басылды.
– Мына ошентип дагы бир жыл өттү! – Дамблдор кубанычтуу сөз баштады. – А силерге даамдуу татымдарга тиш салганга чейин, картаң чалдын келжирек сөздөрүн угууга туура келет. Өткөн жыл кандай болду? Бул аралыкта силердин акылыңар ар кандай кызыктуу маалыматтарга толду деп үмүттөнөм... Алардын баарын өркүндөтүп тереңдей өөрчүтүү үчүн алдыңарда бүтүндөй бир жай мезгили күтөт... Азыр менин билишимче, баары мектеп кубогун тапшыруу аземин чыдамсыдык менен күтсө керек. Упайлар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү: төртүнчү орунда "Гриффиндор" үч жүз он эки упай; үчүнчү орунда "Хуффльпуфф" үч жүз элүү упай; "Равенкло" төрт жүз жыйырма алты жана "Слизерин" төрт жүз жетимиш эки упай.
Слизериндик үстөлдөн катуу кыйкырыктар коштолгон дүркүрөгөн кол чабуулар жаңырды. Гарри Драко Малфойдун күмүш бокал менен үстөл ургулап жатканын көрдү. Бул өтө кыжыр келтирер көрүнүш эле.
– "Слизерин" эң жакшы, азаматтар, - Дамблдор мактады. – Ошентсе да сөзсүз акыркы окуяларга көңүл бурушубуз керек.
Зал катып калды. Слизериндиктердин жылмаюулары кайдадыр жоголду.
– Кхем, - деди Дамблдор тамагын жасап. – Менде татыктуу жаңы жүздөр үчүн бир нече упайлар бар. Азыр ойлоноюнчу. Эмесе... Баарынан мурда мистер Рональд Уизлиге...
Рон ысып чыкты, ал күнгө какталган чамгырга окшошуп калды.
– ... бул мектепте бир топ жылдан бери алгачкы жолу мыкты ойнолгон шахмат үчүн "Гриффиндорго" элүү упай коштум.
Гриффиндор үстөлүнөн ушундай бир кыйкырыктар чыкты дейсиң, жадагалса жылдыздар да титиреди. Жанында отурган старосталарга Персинин айткандары бул жакка чейин угулду: "Бул менин иним, билесиңерби! Бөбөгүм бул! Макгонагаллдын шахмат тактасынан өтүп кеткен!"
Акыры толкундануулар басаңдады.
– Экинчиден, мисс Грэйнжер... ысык жалындагы муздак логика үчүн "Гриффиндорго" дагы элүү упай коштум.
Гермиона алакандары менен бетин басты. Гарри анын ыйлап жибергенинен катуу шектенди. Гриффиндорлуктар аз жерден өздөрүн жоготуп коё жаздашты. Алар дароо жүз упайга көтөрүлүштү.
– Үчүнчүдөн, мистер Гарри Поттерге, - Дамблдор улантты кебин. Чымын үнү угулчудай жымжырттык өкүм сүрдү. – Анын оор басырыктуу, эр жүрөктүүлүгү үчүн "Гриффиндорго" алтымыш упай коштум.
Дүркүрөгөн кол чабуулар менен кубанычтуу кыйкырыктар кулак тундурду. Жарылып кетчүдөй өрттөнгөндөр эсептеп жиберүүгө жетишип, алар четте туруп эле түшүнүштү, эми "Гриффиндор" төрт жүз жетимиш эки упайга ээ болушту. Так эле "Слизериндиктер" менен тең упай. Алар кубокту бөлүшөт, Дамблдор жок дегенде Гарриге бир упай эле көбүрөк бергенде...
Дамблдор кол көтөрдү. Зал акырындык менен тынчый баштады.
– Эр жүрөктүүлүктүн ар кандай түрлөрү бар, - деди Дамблдор жылмайып. –Душмандар менен күрөшүү үчүн тайманбоо керек, бирок достору менен бирге күрөшкө чыгууга андан да кем эмес эрк керек. Мындай көрүнүш менен мистер Невилль Лонгботтомду он упай менен сыйлайм.
Ушул учурда сыртта бирөө-жарым жүрсө, Чоң Залда жардыруу болду деп ойломок, "Гриффиндор" үстөлүнөн ушунчалык катуу кол чабуулар коштогону залды дүңгүрөткөндөй болду. Гарри, Рон жана Гермиона башкалар менен чогуу кыйкырып, кучак жая секиришти. Күтүлбөгөн окуядан кубарган Невилль жабыла кучактаган көкүрөктөрдүн арасына көмүлүп жок болду. Ал өз коллежине бир да жолу упай алып келген эмес. Гарри дале кубанычтан кыйкырып жатты. Ронду кабыргадан түртүп, катырып койгондой таң калган кебетеси менен өзүнө келе албаган Малфойду көрсөттү.
– Бул эмнени түшүндүрөт, - "Хуффльпуфф", "Равенкло", "Слизериндин" кулашына сүйүнүп бакыргандарды Дамблдор кыйкырып токтотту, – Бизге жасалганы алмаштырууга туура келет.
Ал алаканын шарт чапты. Көз ачып жумганча жашыл түстүү жасалгалар, пурпур түскө, күмүштөр, алтынга алмашты. Слизериндиктердин жыландуу чоң желеги жоголуп, ордун гриффиндорлуктардын алп арстаны ээледи. Злей жасалма жылмайып, профессор Макгонагаллдун колун кысты. Ал Гарринин көз карашын кармады, бала ошол замат Злейдин мамилеси мурдагыдан эч өзгөрбөгөнүн түшүндү. Мектептеги жашоо мурдагы эле калыбына келгендей болду, кийинки окуу жылы тынч өтөт деп үмүттөнүүгө болот, ушунчалык тынч, "Хогвартста" канчалык мүмкүн болсо.
Гарри үчүн бул майрам жашоосундагы эң сонун, эң мыкты майрам болду, квиддич оюнун уткандан да Жаңы Жылдан, тоо троллун жеңгенден дагы эң сонун майрам... Ал эч качан, эч качан бүгүнкү кечти унутпайт.
Гарри жарыяланчу сынактын жыйынтыктарын таптакыр унутуп калыптыр. Ошентсе да аларды жарыялады. Гарри да, Рон да таң калгандай алар сынакты жаман эмес тапшырыптыр. Гермиона белгилүү болгондой, биринчи класстардын ичинен эң мыкты сынактын бааларына ээ болду. Жадагалса Невилль дагы кийинки класска көчүптүр, гербологиядан алган жогорку баасы, уу таануудан коюлган төмөн баасын теңдеп кетиптир. Ушунчалык кеч жеткен макоо Гойлду бардыгы мектептен чыгарат деп ойлошкон, андай болгон жок, аянычтуу. Рон айткандай, бакыт дайыма толук болбойт.
Ошентип күтүүсүздөн шкафтар бошоп, таңылчактар таңылып, Невиллдин бакасы дааратканадан кармалды. Баардык окуучуларга атайын эскертүү таратылды, эс алуу учурунда сыйкыр колдонууга тыюу салынат ("А мен бул эскертүүнү алар унутуп калат деп үмүттөнөм" – деп Фред Уизли кайгыра үшкүрдү). Баарын кайыкка салып көлдөн өткөрүү үчүн Хагрид пайда болду. Алар "Хогвартс-Экспресске" отурушту. Ар нерсени сүйлөшүп, каткырып баратышты. Терезедеги пейзаж барган сайын жашылданып, шаңданып өзгөрүп, маглдардын шаарынан өтө берерде жаңгактардын баардык таттууларын жешти. Сыйкырчылык кийимдерин чечип, маглдук кийимдерин кийишти. Акыры Кингс-Кросстогу тогуздун үчтөн төрт платформасына келишти.
Баардык окуучулар платформадан чыгып кеткенче көп убакыт өттү. Тажрыйбалуу болуп калган тосмонун жанындагы көзөмөлчү маглдар байкап калбаш үчүн балдарды экиден, эң көп дегенде үчтөн өткөрүп, алар жабылган тобу менен капыстан эле дубалдан чыга калышканы кантип болсун.
– Силер жайында меникине келишиңер керек, - деди Рон, – Экөөңөр тең, мен үкү жөнөтөм.
– Ыракмат, - Гермиона ыраазычылык билдирди, – Мага, мен күтө турган нерсе керек.
Достор маглдар дүйнөсүнүн дарбазасына жай кирип барышты, "Хогвартстын" окуучулары шашыла ары-бери чуркап жүрүшөт. Алар кыйкырып жатышты:
– Гарри, көрүшкөнчө!
– Гарри, жакшы кал!
– Атактуулук, - Рон жылмаюусу менен жинине тийди.
– Бир гана мен бараткан жакта эмес, текшерип көрсөң болот, - деди Гарри.
Ал, Рон жана Гермиона болуп дарбазадан чогуу өтүштү.
– Тигине ал, апа, тигине карасаң!
Бул бал тили менен бөйтөңдөй сүйлөгөн Жинни Уизли, Рондун кичүү карындашы, бирок анын жанатан бери көрсөткөнү Рон эмес экен.
– Гарри Поттер! – деп кыйкырды. – Апа, карасаң! Мен көрдүм...
– Жинни, акырын, кыйкырба. Кол менен көрсөткөн жаман болот.
Миссис Уизли балдарды көрүп жылмайды.
– Жыл оор болдубу? – деп сурады.
– Аябай, - деди Гарри. – Иристер менен свитер үчүн ыракмат, миссис Уизли.
– Эч нерсе эмес, садагасы.
– Сен даярсыңбы?!
Бул сөз Вернон тайжезденин оозунан чыкты. Адаттагыдай эле татырандай кыпкызыл, адаттагыдай эле муруттуу, адаттагыдай эле Гарринин жүрүш-турушуна кыжырданган: кадимки элин бекетинде үкү салынган капасы менен чоң сандыгынын жанында турган Гаррини көргөн тайжезде өзүн араң колго алды. Тайжезденин артында Гарринин пайда болушу менен эле чоң коркунучка кептелгендей Петуния тайже менен Дадли үн-сөзсүз кумсарып турушту.
– Сиздер Гарринин туугандары болсоңуздар керек! – деди миссис Уизли.
– Эгер ошондой деш керек болсо ошондой, - деди Вернон тайжезде. – Ай бала, бол эрте, биз бул жерде кечке сандалып жүрө бермек белек.
Ошентти да кетип калды.
Гарри, Рон жана Гермиона экөө менен коштошуу үчүн кармалып калды.
– Жайында көрүшөбүз.
– Сага э-э-эм жакшы эс алышыңды каалайм, - Гермиона тайжезденин оройлугуна таң калып, анын артынан күмөн санай айтты.
– Аракет кылам, - деп жооп берди Гарри, анын достору жүзүндө ойногон жылмаюу жоголуп баратканын көрүштү. – Алар бизге үйдөн сыйкыр колдонгонго болбостугун билишпейт да. Дадли экөөбүз жайы менен эң сонун көңүл ачабыз...
Котормочу боюнча кыскача маалымат: Азиза Сулайман 1995-жылы Талас району, Талды-Булак айылында төрөлгөн. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин филология (түркчө-кыргызча) бөлүмүн аяктаган. 2017-жылдан бери котормо жаатында эмгектенет. Учурда "Аркус" басма үйүндө редактор, корректор. Буга чейин психология, мотивация, бизнес тармактары боюнча китептерди которуп, Гарри Поттердин биринчи китебин 2016-жылы кыргызчалаган.
Аталган китеп түрк жана орус тилдеринен кыргызчаланды, негизги максатым кыргыз тилдүү өспүрүмдөрдүн китепке болгон кызыгуусун арттыруу дейт Азиза.