Бактылуу көпөлөктөр
Алия курбусу экөө соттон чыгышты. Бүттү. Ажырашты. Эми бойдок. Төрт тарабы кыбыла.
– Эч кейибе. Али жашсың. "Көздүү мончок жерде калбайт", – деди курбусу.
Алия үн катпады. Токтоп жол боюндагы розаларды карады. Учуп-конуп кубалашкан эки көпөлөккө көңүлүн бурду.
– Кандай бактылуу көпөлөктөр!? – деди.
– Эмнеси бактылуу?! Алар ашып кетсе эки-үч ай жашайт.
– Ооба. Ошондуктан бактылуу! Урушуп-чырдашканга убактылары жок...
Автобуста
– Сынок, садись сюда, – деди апасы уулуна бош орунду көрсөтүп.
Уулу унчукпай отуруп алды.
– Балам, апаңа орун бербейсиңби?! – дедим мен.
– Мама?.. – Уулу апасына суроолуу карады.
– Ал кыргызча билбейт, – деди апасы мага.
– Түшүнүктүү... – Мен бурулуп терезени карадым.
Учурашуу
Бала менен апа көчөдөн атасынын досуна жолугуп калышты.
– Учураш, уулум...
Бала унчуккан жок.
– Салам айтпайсыңбы?!.
Баласы үн катпады.
– Эмне унчукпайсың? Атаң чоң кишилер менен кантип учурашчу эле?..
Бала күлүп апасына карады да, башкийимин алып жерге бир чапты, анан чоң кишини күчүнүн болушунча курсакка бир койду:
– Оо-уу, челек! Каяктан? Неңди урайын бок курсак, көрүнбөйсүң да? Барсыңбы, собака? Иттей сагындым... – деп тиги кишини киндикке сүзгүлөдү...
06.05.22. Бишкек