Дилазык: Адам табиятын тааныткан икаялар

  • 19.07.2022
  • 3406

Мык жана анын издери тууралуу

Мүнөзү абдан начар бир бала бар эле. Атасы, кимдир-бирөөнү таарынткан сайын тактайдын бетине бирден мык кагып тур деп ага бир кап мык берди.

Биринчи күнү бала отуз жети мык кагыптыр. Кийинки күндөрү ачуусун тыйууга аракет кылып, ал мыктарды азыраак кага баштады. Кийинчерээк мык кагууга караганда, өзүн кармануу оңой экенин түшүндү. Ошентип ачуусун толук башкара алган күн келди. Атасы эми өзүн тыйган ар бир күнүм үчүн тактайдан бир мык сууруп алып тур деди.

Күн артынан күн өтүп, акыры бир күнү эшикте бир да мык калган жок. Атасы уулун колунан кармап, тосмого жетелеп келди:

– Балам, мээнет кылганыӊ көрүнүп турат, бирок карачы, тосмодо канча тешик калган, эми ал эч качан мурункудай болбойт...

Икаядан алчу сабак:

Бирөөнү таарынткан сайын, андан кийин жаралар калат. Бирөөгө жаман сөз айтсаң болот, анан сөзүңдү кайтарып ал, бирок жараат түбөлүк калат. Айткан сөзүбүзгө этият бололу.

Жардам берүү тууралуу

Бир жолу көпөлөктүн куурчакчасы адамдын колуна түшүп калат. Ал аны бир нече саат бою карап олтуруп, анын денесин кокондун кичинекей тешигинен кысылып чыга албай кыйналып жатканын көрдү. Кокондон чыгам деп тынбай аракет кылды, бирок жылыш болгон жок. Ал такыр чарчап, алы кетип калгандай болду...

Киши көпөлөккө жардам берүүнү чечти. Ал кайчыны алып, кокону аягына чейин кесип, көпөлөктү оңой эле чыгарып койду, бирок көпөлөктүн денеси бүрүшүп, кичинекей, канаттары бүктөлүп, денесине жабышып калыптыр. Киши аны карап тура берди, ал каалаган учурда канаттарын ачып, учуп кетет деп күткөн.

Бирок ал күткөндөй болгон жок. Көпөлөк майып денеси жана чапталган канаттары менен калып, акыры өлүп тынды. Ал эч качан канатын жайып уча алган жок.

Тиги киши дененин туура формага келиши жана күчтүү денесинде күчтүү канаттардын өсүп чыгышы үчүн коконго кичинекей тешиктен чыгуу үчүн жасаган укмуштуудай аракети зарыл экенин билген эмес.

Икаядан алчу сабак:

Жардамыңыз чындап пайдалуу болоруна ишенбесеңиз жардам бербеңиз. Өзүңүз жаратпаган нерселердин табиятына кийлигишпеңиз. Болбосо сиз жөн эле зыян келтиресиз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз