Эгемен эл болуш үчүн еврей жолуна түшсөк кантет?

  • 01.08.2022
  • 2329

...“– Ушундай, абышка, — деди Робин Гуд аюуга, желкесиндеги калың жүнүн уйпалап.  – Мен бекер эле аракет кылган окшойм. Көрсө, көңүлдүү Англияда кулдар өтө арбын, адамдар өтө аз турбайбы.”
М.Гершензон, “Робин Гуд” китебинен.

Муса пайгамбар жүүттөрдү (еврей, же Иуда эли) кулчулуктан куткарам деп элин Мисирден ээрчитип чыгып, ээн талаага, эрме чөлгө, адам жашабаган жерге алып келиптир. Бул тууралуу Тооратта жазылган. Жүүт эли эрме чөлдө көчүп-конуп, кыдырып кыйналып-кысталса да кырк жыл сүргүндөгүдөй өмүр сүрүптүр. Көрсө, Муса пайгамбардын айтуусу боюнча, кылымдар бою канга сиңген кулчулуктан кутулуу оңой эмес турбайбы, карыгандар жашоо менен кош айтышкандан кийин гана “мен кулмун” деген ой жаш адамдардын аң-сезимине кирбей калат экен. Анан албетте, жаңы муундагы жаштар эркиндиктин даамын татып алган соң, канын-жанын аяшбай, ал үчүн күрөшкө чыгары белгилүү эмеспи.

А бирок тарыхты карасак, өткөн кылымдын орто ченинде, 1948-жылы гана Израиль аттуу мамлекет пайда болуптур. Ошондо кырк жыл эмес, нечендеген кылымдар бою мекени жок жашаптыр еврей эли. Жыйырманчы кылымга дейре еврейлер аргасыздан бүт дүйнөгө тарап кетиптир, кыргызча айтканда, тентип жүрүшүптүр. Алар иуда динин тутканы үчүн куугунтукка алынып, бөтөн жерде жүрүп, жашап, нечендеген азаптарды баштарынан өткөрүптүр. Жашоодо “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей өтө акылдууларды жактырбагандар да көп болору чын окшойт. Мына, өткөн кылымда эле, 1933–1945 жылдары Гитлер алгач Германияда, анан басып алган жерлериндеги еврейлерди концлагерлерге камап, чиритип, газга ууктуруп, өрттөп, аткылап, элдин 6 миллиондон ашыгын кырыптыр. Бул деген геноцид эмей эмне?!

Эми карасаңар, ушунчалык көп жапа чеккендиктин айынанбы же башка да себеби барбы, мезгил өткөн сайын жүүт элинин акылдуулугу артып келаткандай. Мына далил, еврей эли бүткүл дүйнөдөгү жалпы элдин 0,25 эле пайызын түзөт! Ал эми кийинки эсептөөлөр боюнча жалпы Нобель сыйлыгына ээ болгондордун ичинен 27 пайызы жана шахмат боюнча дүйнө чемпиондорунун 50 пайызы еврейлерден чыккандар экен! Бул эмнени билдирет?!

Карап көрсөм, биздин деле башыбыз жумуру, эки ача бутубуз бар, кыргыздар да кылымдар бою башынан көптөгөн кыйынчылыктарды, азаптарды өткөрүптүр... Алтайлык туугандар: “Кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган? \ Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?” деп бекеринен айтпаса керек. “Манас” эпосунда кыргыздар кичи мекени Алтайдан ашып, Тибеттен ары Бээжинге чейин барып, Урум-Крымга, Ыраакы Чыгышка дейре, жана башка да алыс-жакын жерлерге жеткени айтылат. Кыргыздар жөнүндө тарыхтын актай барактары али толтура. Мисалга, мындан 700 жыл мурда эле Туркиянын Изник шаарын бошотууда кыргыздын жоокерлери душмандын чебине биринчилерден болуп кирип баатырдык менен курман болушканы тарыхта жазылып калыптыр. Түрк боордоштор бул эрдик тууралуу унутпай, мамлекет тарабынан кыргыз жоокерлерине арналып күмбөз курулган, кийин эстелик да тургузулган.

Азыр мына, кудаага шүгүр, өз мамлекетибиз бар, жерибиз бар бейиштин төрүндөй, жашай бер да өнүгө бер! А бирок неге жарыбайбыз, өспөйбүз? Эмне жетишпейт? Мамлекет миллиардаган карыздардан неге кутулалбай жатат?..

Мүмкүн Муса пайгамбардын осуяты боюнча кулчулуктан кутулганыбызга кырк жыл толгондо гана акыл-эсибизге келебизби? Так ошондо жыргал заман башталып жүрбөсүн? Анда эмне, дагы жети жыл күтөбүзбү? Аткаминерлердин алдым-жуттумдугуна дагы жети жыл чыдайбызбы?.. Же кулчулук сезимден биротоло арылуу үчүн кайсы бир чөлгө барсакпы, дагы кырк жыл азап чегип жашасакпы?..

Менимче, биринчиден, кептин баары мектептен башталат, баары алган билимдин сапатына байланыштуу. Кийинки мугалимдер жакшы окуталбады да, жана жарытылуу окутбады. Алгач Акаев келгенде кандай сүйүндүк. Мына эми чыныгы жашоо башталат дегенбиз. Мамлекетти илимдүү, билимдүү физик-академик башкарса биз оңолбогондо ким оңолот деп ойлодук. Айрыктча эл агартуу жаатында чоң секирик (!) болуп, мыкты сабаттуу адистердин доору башталат дедик... Тилекке каршы, ойлогон максатыбыз таш капты. Талап-тоноо заманы, коррупциянын “улуу доору” башталды!

Жетимиш жыл кашыктап чогулткан эл байлыгын жети жылда жексен кылдык, чөмүчтөп чачтык, ичтик, жедик, төктүк!.. Тууганчылык, досчулук, паракорчулук, бажалык, балдызчылык башталды. Майрам үстүндө майрам болуп жатты. Акаевдин айланасындагы кашолоттор, киттер жана  ончакты мафия тобу тойгонуна топук кылбай тойлой берди.

Илим-билим мындай турсун, эл, талканын да, табагын да таппай калды. Аргасыздан Улуу көчмөн элдин, Манастын тукумдары Түндүк тарапка, көнүп калган кожоюндарга көчүп жөнөдү. Ошентип эркиндик алдык деп сайрандап, эркелеген элибиз эчкирип ыйлап кайрадан кул кейпин кийди.

Окуу унутта калды. Мектеп аттуулар “эптеп-септеп” иштеп жатты. Тың мугалимдер коңшу өлкөлөргө иштеп кетти. Алдуулары олчойгон чаар баштыктарын көтөрүп соода-сатыкка өттү. Анан мектепте пенсия курагындагы бир-эки фанаттар жана эт менен челдин ортосунда жүргөн мугалимдер эле калды. Кайсы бирлери билим берип жарытпаса да балдардан салык чогултканды өздөштүрүп алышты. Класс жетекчисине туулган күнүндө алтын сөйкө, он жылдыкта түстүү телевизор же автомат кир жуугуч берүүлөр адатка айланды. Отуз-кырк окуучунун ичинен бир баласы эптеп райондук же облустук олимпиадага илинсе, ошону колко кылып, кайра-кайра айтып, же үч-төрт баласы университетке өтсө (пара менен да) ошолорду үлгү кылып көкөлөткөн күндөр көп болду.

Ошол эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн канчасы бөтөн эл, бөтөн жерде жалданып, малай болуп жүргөндөрүн, канчасы бейбаштыкка барып, ата-энесине дейре кол көтөрүп, кылмыш кылып соттолуп, түрмөгө түшкөндөрүн санаган киши жок... Эми билим алуу тармагындагы реформаны мына ошол эл агартууну “карайтып” жүргөн, мугалим деген наамды татыксыз алып жүргөндөрдөн баштоо керек. Мектеп жанына жолотпой кубалоо керек. Мектептерде жана жогорку окуу жайларында иштегендерди жыл сайын аттестациядан өткөрүү зарылдыгы эбак келип жеткен.

Кыргыздын чыныгы мыйзамдары анын макал-лакаптарында, нарк-насилдеринде... Мына ушуларга жана кыргыз элинин менталитетине карап мыйзамдарды түзүү керек эле. Тилекке каршы, илгерки союздук мыйзамды бир аз өзгөртө коюп токуй салышкандай... АКШ да, атүгүл ар бир штаттын, жердин шартына, элдин менталитетине карап түзүлгөн мыйзамдары бар өзүнчө.

Биринчиден, мыкты жазылган, туура, адилеттүү мыйзам өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Экинчиден, кеп ошол мыйзамдын аткарылышында. Ал үчүн мамлекеттин ар бир атуулу, жараны даражасына карабай мыйзам алдында кыңк этпей баш ийип туруусу зарыл. Мыйзамдын диктатурасы өкүм сүрүшү керек! Үчүнчүдөн, мыйзамдарды мектеп жашынан баштап окутуу керек. Албетте, алгач жашына карап жөнөкөйлөтүп, анан жогорку класстагылар үчүн мектеп программасына киргизилсин. Жогорку окуу жайларында тереңдетип окутулсун. Антпесек, эл жалпы жонунан мыйзам боюнча таптакыр сабатсыз.

Ошол себептен өз укугун билбей үй-мүлкүнөн, акча каражатынан ажырап, ак жерден түрмөгө түшүп, шылуундарга жем болуп жүргөндөрдүн саны улам көбөйүүдө. Күйөөсүнөн күндө таяк жеп жүргөн аялдар жөнүндө айтпасак да түшүнүктүү. Төртүнчүдөн, ошол мыйзамдардын аткарылышын, мындайча айтканда: “Мыйзам буйлаланган төө, каалаган жакка бура бер!” дегендерди, аткаминерлерди үстүнөн көзөмөлгө алган күчтүү орган сөзсүз керек. Ал орган укук коргоо органдардын, соттордун, атургай Президенттин да үстүнөн карай турган укукка ээ болушу абзел.

Мына ушул төрт эле тепкичти аткарсак чыныгы эркиндиктин башаты башталмак. Ал эми баарынан мурда алдыңкы планга тарбия-тартип маселесин коёлук. Ал үчүн алгач ата-энеден баштайлык. Баланы нукура кыргызча тарбиялаганга даярбы. Алгач аттестацияны ата-энеден баштайлык. Алар үй-бүлө курууга, балалуу болууга даярбы? Балдардын санына эле эмес, сапатына да карайлык.

Еврейлердин “көзүрү” мына ушунда, акылдуулугу алардын тартип-тарбиясында жана сабаттуулугунда. Алардын жалпы ортолук интеллект коэффициенти IQ 140ка барабар экен. Мындай көрсөткүч дүйнөдө эч бир элде жок окшойт.

Еврейдин баласы тарбияны эне курсагында жаткандан тартып, төрөлөрү менен ууз сүт аркылуу алат. Бардык тарбия энеден! Еврей кызы бойго жетип  күйөө тандаганда, ооба, кыздар тандайт, жигиттин байлыгына, кызматына, даражасына карабайт экен (абдан таңгалыштуу), анын ай кьюсуна, акылына, интеллектүүлүгүнө, үнөмчүлдүгүнө, юморду сезе билгендигине ж.б.у. сыяктуу сапаттарына карайт. Ай кьюсу азыраак жигиттер аялсыз калбайт, алар башка улуттагы кыздарга үйлөнсө болот. Еврей кыздарын энелери башынан күйөө тандаганга үйрөтүп тарбиялаган. Демек, улут акылмандыгынын ачкычы аялда экен да...

Ошондуктан жакшы эненин тарбиялаган баласы, келечекте улуттун улутманы болуп өсөрүн еврей ата да жакшы билет. Ата-эне баласын эч качан урбайт, тилдебейт (энеңди, атаңды, жерге кир, көргө кир, өлүп кал... ж.б.у.с. сөздөр лексикондо жок), жазалабайт, “чимкирик” деп айпайт, “качан киши болосуң?” дебейт, бурчка да тургузбайт... Кетирген каталарын, бейбаштыгын түшүндүрүп гана коёт. Еврей, мүмкүн ачууланат, эгер баласы чоң ата-энесин укпай, тил албай койсо. Бирок мындай учур өтө сейрек болот экен.

Еврей шерине жана “черная касса” дегенди билбейт. Ал баш көтөрбөй эмгектенгенди гана билет. Ошол себептен еврейлер жарым кылымга жетпей аттын тердигиндей болгон таштак жерин, өлкөсүн гүлдөтүп, оазиске айлантып жибербедиби.

Еврейдин баласы эч качан “жөн эле” деп бош отурбайт. Ал дайыма окууга, илим-билимге умтулат. Мектепке барат, сабакка активдүү катышат, музыкага окуйт, инструментте ойногонду үйрөнөт, техника жана шахмат ийримдерине катышат. Үй тапшырмасын аткарат. Бош убактысын ар дайым үй-бүлө менен өткөрөт. Үлгүлүү үй-бүлө деп еврейлердикин айт. Аларда үй-бүлөдөн өткөн ыйык нерсе жок. Кичүүлөрү улууларын сыйлаган, улуулары кичүүлөрүн урматтаган өтө ынтымактуу калк. Мында, эң башкы роль энеде! Мүмкүн, ошол себептен балдары көпчүлүк учурда апасынын фамилясын алышат.

Чет өлкөдөн келип жарандык алуу да оңой эмес. Эгерде мен Израиль өлкөсүнө барып жашагым келсе, менин апам сөзсүз еврей улутунан болуусу зарыл. Атанын улуту мында башкы ролду ойнобойт. Бойдок жигиттерге чет өлкөлүк кыздарга үйлөнүүгө уруксат берилет, эгер колуктусу иуда динин кабыл алса. 

Биз, кыргыздар, мактануу жагынан эч кимди астыбызга ат салдырбайбыз. Бир-эки жыл мактанбай туралык да, еврейлердин жашоосун изилдеп көрөлүк. Туурабы? Кыскасы, улуттун тазалыгын сактоону, бала тарбиялоону, эмгектенгенди, үнөмдөгөндү ж.б., ошондой эле, эркиндикти баалай билүүнү ушулардан үйрөнсөк... Кандай дейсиңер?

Же өзүбүздүн эле улуттук нарк-насилибизди бекем сактап, колдоно билсек, балдарды нукура кыргызча тарбияласак, мүмкүн биздин улуттук баалуулугубуз ашып-ташып, биз да акылдуу, еврейлерден да жогору турган, мыкты, көсөм улутка айланат белек?! Мына ошондо гана чыныгы эркиндик эмне экендигин  сезет белек? 

Кандай дейсиңер?..

Авазбек ЖУСУПБЕКОВ

P.S: Израиль өлкөсү – аянты 20 770 чарчы км. Калкы 9 549 000 киши. (тыгыздыгы  –1 чарчы км. 413 кишиге).

Кыргызстан өлкөсү – аянты 199 951 чарчы км. Калкы 6 523 529 киши. (тыгыздыгы – 1 чарчы км. 33 кишиге).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз