Рахима Кубатбекова: Улуу муундун катачылыгы – салыштыруу

  • 02.08.2022
  • 2199

Билим жана таалим-тарбия берүүдөгү эркиндик (мугалимдер жана ата-энелер өздөрүнүн эски баалуулуктарын келечек ээлерине таңуулабай, жаштардын өз алдынча тандоосуна, өз алдынча чечим чыгаруусуна кантип үйрөнүшү зарыл?

«Адамдын зоболосун билим көтөрөт» деп улуулар баамдагандай илим-билим, тер төгө жасаган аракет гана адамды бийиктиктерге жеткире тургандыгы айдан ачык.  Мындан 80–90-жылдарга бир кылчайып көз жүгүртсөк, ошондогу адамдардын кыялы, изги тилектери ушул заманда ишке ашып турат. Андагы адамдардын илим-билимге болгон кызыгуусу, сабатын жоюу үчүн окууга дилгирленип, окуу десе ичкен ашын жерге коё чуркап, жасаган аракеттеринин акыбети азыркы күндөгү өнүгүүлөргө алып келди. 

Арийне, адам пендеси канчалык илим-билимге эгедер болбосун тарбия, адамдык улуу сапаттар болмоюн жан дүйнөсү жарды болуп, ийгиликтеринин маңызы болбос. Куш эки канаты менен көккө канат күүлөп учкан сыңары, адам баласы дагы билим менен тарбияны эриш аркак алып кетүүсү – анын алдыдагы жакшылыктарга жана ийгиликтерге жетүүсүнө өбөлгө түзөт. Азыркы күндө мамлекетибизде илим-билимге көп басым жасалып, бирок таалим-тарбия маселеси учурдун урунттуу көйгөйү болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Өлкөнүн келечеги жаштар болгон соң, эң оболу таалим-тарбияга көбүрөк басым жасоо зарыл. Башкысы, тарбия жана адамдык улуу сапаттарды аздек тутуп, алган билимди өлкөнүн өнүгүүсүнө, жашоо турмушубуздун жакшырышына колдонсок биз үчүн мындан өткөн ийгилик болбос.

Тарбия маселеси дегенде эле сансыз адамдын сабатын жоюп, аларды илим-билимге эгедер кылып уядан учурган бир окутуучунун сөзү эске түшөт. Ал өз окуучуларына илимди окутуп бирок тарбияга эгедер кылбай калганына абдан өкүнөт. Окуучулары устаттын колунан химия илимин үйрөнүп андан адамга коркунуч алып келүүчү уулу заттарды ойлоп таап, акыры андан адамдар өлүмгө дуушар болушканын айтат. А кай бирлери физика илимин өздөштүрүп курал-жарактарды ойлоп табышып, адамдарга каршы багыт алып жатышканын өкүнүү менен маалымдайт. Демек, мамилекеттин эртеңки келечеги биз ойлогондой болуусу үчүн баарынан мурда таалим-тарбияга көңүл буруу зарыл.

Мурунку советтик доор менен азыркы светтик мезгилдин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Заман өзгөргөн сайын жаш муундарга тарбия берүү жааты да өзгөрөт эмеспи. Мугалимдер жана ата-энелер өз баалуулуктарын келечек муунга таңуулабай, заман талабына жараша тарбия берүүсу абзел. Маселен, айрым ата-энелер балдарына телефон, компьютер өңдүү заман талабына шайкеш келген жабдууларды колдонуусуна каршы болушат. Себеби, совет доорунда андай заманбап технологиялардын жокко эсе болгондугу, экинчиден өспүрүмдөрдүн интернетти туура эмес пайдалануусунан кооптонушат. Бул экинчи маселе азыркы учурдун курч маселесине айланды.     

Тыйындын эки бети болгон сыңары бул интернет желесинин да оң-терс жактары бар эмеспи. Жөнөкөй эле от жагып аны менен жылынып, тамак жасоого  мүмкүн. Туура эмес пайдалуудан өрттөнүп кетүү да толук ыктымал. Азыркы күндө жаш өспүрүмдөрдү интернет, андагы ар түркүн көрүнүштөр тарбиялап жатат. Мисалга алсак атышуу, мушташуу, өлтүрүү жана башка оюндар, видео роликтер жаш өспүрүмдөрдү өзүнө бурууда. Натыйжада, өспүрүмдөрдүн илим-билимге, келечекке болгон көз карашы өчүп, үй-бүлөсүнө кайрымсыз болуп, ой чабытынын баары интернет желесиндеги азгырыктарга кетүүдө. Мындан улам өспүрүмдөрдө текеберлик, кайрымсыздык, жалкоолук, сабатсыздык жана башка эң начар сапаттар өнүгүп келет. Айтылуу Чыңгыз Айтматов агабыздын "Кылым карытар бир күн" романында адамдар кыйноо менен Жоламандын башына шири кийгизип манкуртка айландырса, азыркы күндө көпчүлүк жаштар өз баштарына өзүлөрү шири кийип, келечекке болгон көз караштары тумтак өчүп бара жаткандай...

Жаш өспүрүмдөрдү заман талабына жараша өз алдынча эркин коюу, ошону менен катар ак-караны ылгап, адамдык асыл сапаттарды үйрөтүү зарыл. Азыркы кезде өспүрүмдөргө тарбия берүүдөн мурда ата-энелер да билим алуусу, заманга жараша окуусу керек. Тынымсыз өнүгүп жаткан бул заманда былтыр алган билим быйыл жарактан чыгып, бизди ар дайым жаңы билим алып, окуп-изденүүгө мажбур кылууда. Интернетти өнүктүрүү, окуп үйрөнүү максатында пайдалануу кедергисин тийгизбейт. Атайын окутуу курстар, семинарлар борбор калаабызда болгондуктан ата-энелер онлайн форматта үйдөн телефон аркылуу окуп өзүн ар тараптан өнүктүрсө болот.

Жаш өспүрүмдөргө татыктуу тарбия берип, илим-билимге, келечекке арыштуу кадамын коюп, бийик максаттарына жетүүсүнө багыт  берүүчү бул ата-эне жана мугалим. Өспүрүмдөргө таңуулап же атайын жаза колдонуп окутуунун кажети жок. Аларга өз ата-энеси улуу муун үлгү болуп, окуп жана изденип гана тарбия бере алат. Азыркы заман окуп, изденип жаңы нерселерди ишке ашыруунун заманы болгондуктан жаш-кары дебей окуп изденүү зарыл. Ошондо улуу муун гана балдарга заман талабына жараша таалим-тарбия, аны менен катар илим-билим бере алышат.

"Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет" демекчи, азыркы муун деги эле жаштар өлкөнүн келечеги! Улуу муун жаштарга таяк менен эмес өзүлөрү окуп изденип гана үлгү боло алышат. Ооба, көпчүлүк ата-энелер убагында таяк менен тарбия алышкан. Кандай болгон күндө да азыркы заманда эски ырым-жырымдар менен тарбиялоонун кажети жок. Бала ата-энесин көрүп түзөлөт, алардан үлгү, сабак алат. Андыктан келечек муундун тарбиясы бекем, акылы тунук болуусу үчүн эң биринчи кезекте ата-эне билимдүү, ар тараптуу болуп көп издениши керек.

Атайын ата-энелер жана жаш өспүрүмдөр менен биргеликте китеп окуу жарышы, ар түрдүү интелектуалдык оюндар жаш муундарга бир чети тарбия, бир чети аң-сезимин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Замандын өнүгүшүнө байланыштуу ата-энелерге арналган китептер жарык көрүүдө. Бул дагы бала тарбиялоодо көп пайдасы бар.

Таяк, ур-токмок менен тарбияланган бала менен таяксыз тарбияланган баланын айырмасы бар. Таяк менен тарбияланган бала өз оюн ачык айта албаган түнт, ата-энесинин сөзү менен болуп, өзү чечим чыгара албай калат. Башкача айтканда, бир рамканын ичинде болуп өнүгүп-өсүү жагынан бир топ артта калат. Натыйжада, ийгиликсиз, пайдасы жок, келечекке койгон максаты өчкөн бала болуп чыгат. Андыктан ар бир ата-эне эң оболу баласына тарбия берүүдөн мурун өзү илимдүү, билимдүү, ар тараптан изденген инсан болушу керек.

Улуу муун өспүрүмдөргө кемсинтүү, каргоо, уят сөздөр менен жемелебей накыл сөздөр менен тарбиялап, ар бир иштин жакшы-жаман жагын айгинелеп көрсөтүү менен жаш муундарга өрнөк боло алышат. Элибиз байыртан сөз таптаган, сөз баккан эл. Жаш өспүрүмдөр улуулардын накыл сөздөрү жана макал-лакаптар менен тарбияланса акылы тунук, ой чабыты кеңири, өз алдынча чечим чыгара билген, жакшы-жаманды айгинелей алган муундар тарбияланат!

Өспүрүмдөрдүн тарбиясынын калыптанышына анын курчаган чөйрөсүнүн да таасири чоң. Адамдын билимдүү же билимсиз, ийгиликтүү же ийгиликсиз, жада калса жашоо турмушунун кандай болушу аны курчаган чөйрөдөн көзкаранды. Чөйрөнү ошол эле өспүрүмдөр (адамдар) түзөт. Ар бир ата-эне өз баласына татыктуу тарбия, билим берип, такыбалыкты, адамдык асыл сапаттарды үйрөтө билүү менен чөйрөнү да өзгөртө алышат.

Улуу муундун катачылыгы – салыштыруу. Балдарды башка балдар менен салыштыруу ата-эне менен баланын ортосундагы олуттуу көйгөйлөрду жаратат. Ар бир үй-бүлөнүн тарбиясы жана социалдык абалы ар кандай. Аларды эске албай салыштырып, "эмне үчүн сен андай эмессиң?" деген өңдүү толгон токой суроолорду берүү менен өспүрүмдөрдүн багытын башка жакка буруп, туура жолдон адаштырып алуу толук ыктымал. Салыштыруудан улам көпчүлүк жаштар өз жөндөмүн билбей калышат.

Айрым учурда ата-энеси каалаган кесипке багыт алып, турмушта көп жеңилүүлөргө дуушар болушат. Демек, ата-эне өзү каалаганды эмес баласынын шык, жөндөмүнө карап туура багыт берүүсү керек.

Турмушта төгөрөгү төп келген үй-бүлө болбостур. Пенде болгон соң ката кетирүү ар бирибизге мүнөздүү. Ал эми ошол каталарды убагында оңдой билүү – жакшы нерсе. Эң жакшысы, катаны келтирбөө үчүн алдын ала ойлонуп кам көрүү – бул чоң эрдик. Жаштар эртеңки Кыргызстандын түндүгүнүнүн-түркүгү. Мына ушул түркүк бекем болсун десек, жаш муундарга татыктуу тарбия берүү абзел.

Бойго жеткен ар бир улан-кыз да болочоктогу ата-эне. Ар бир инсан бүгүнкү күндө окуп жана тынымсыз изденүүнүн артында болушу шарт. Биз канчалык каалабасак дагы заман талабы бизди жаңы нерселерди үйрөнүүгө, эң оболу окууга мажбур кылат. Эски ырым-жырымдар, калыптанып калган эски көз караштар менен келечек муунду тарбиялоо чоң ката! Заман талабына жараша жаштарга таалим-тарбия берүү – учурдун талабы!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз