Зейнолла Кабдолов: Эне жөнүндө

  • 28.09.2022
  • 2648

ЭССЕ

Оо, жашоо, көк асмандын алдында, жер бетинде басып жүргөн эненин кадамдарын сезүүдөн артык бакыт барбы бул дүйнөдө?! Күндүн нуру, таңкы жел, гүлдөрдүн аңкыган жыпар жыты... Булардын баарын көрүүгө сизди жарыкка алып келген эненин кудуреттүүлүгүндө кеп! Жашоодо эне гана сени эч качан таштабайт, ал сени көзүнүн карегиндей карап, кастарлап турат.

Бир гана сен энеңдин карегине бата аласың. Энеңиз жер бетинен көчкөндө бардык жылуулук аны менен кетип, сиз какыраган чөлдө каласыз. Эне! Ал сизди бул жарыкчылыкка жараткан кудурети күчтүү Кудай эне! Тогуз ай толгонуп курсагында көтөрдү. А сиз энеңизден эмне алдыңыз?! Эненин эң бактылуу күндөрү сизди курсагында көтөрүп жүргөн убактары. Же туура эмес айтып жатамынбы?!

Дүйнөдө боюнда бар аял эң сулуу аял эмеспи. Сени тогуз ай көтөргөн энеңди таарынтып алдыңбы?! Сага өмүр бою мээримин төккөн энеңди сен өлүм алдына таштадың, азап чектирдиң, бул кандай кордук экенин түшүнүп жатасыңбы?! Сен, билесиңби, түн уйкусун бөлүп, бешикте күн-түн дебей терметип чыккан энеңе өмүр бою карыздар экениңди! Сен там-туң кадам таштай баштаганда алпештеп кадамыңды санаган энеңдин баркын билдиңби?!

Сен эр жетип жетилгениңде да энең сен үчүн баарына даяр экенин сезесиңби?! Ушундай улуу энеге кандай мамиле жасаганыңды түшүнүп жатасыңбы, адам баласы?! Эне гана баарын кечирет, сенин акылсыздыктарыңды унутат. Сенин адам болушуңа ишенет жана дайыма үмүттөнөт. Энеңдин ошол үмүтүн кантип актайсың?! Энеке – ыйык сөз!

Казакчадан которгон Гүлдана СЕРМИХАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз