Россия империясына жаны сыздап өткөн Арабаев

  • 11.11.2022
  • 3833

АГАРТУУЧУЛУК ИДЕЯЛАРЫНЫН ТАБИЯТЫ

Ишеналы Арабаев улуттук аң-сезимибизде өз элинин тагдырына, келечегине чындап күйгөн, ага жан аябай кызмат кылган атак-аброю бийик агартуучу катары жашайт. Ушул аңыз болуп айтылып жүргөн улутташыбыз жөнүндө жазылган илимий, илимий-популярдуу эмгектер, жакталып-жарыяланган диссертациялар, негизинен анын ошол багыттагы ишмердиктерин ачып берүүгө арналган.

Ушул тизме жакында документалдуу фильм менен толукталды (сценарийин жазган А.Кубатова, тарткан режиссёр Б.Айдаралиев). Фильмде улуу агартуучунун кыргыз билим берүү системасындагы орду, илимий-методикалык ачылыштары кинонун тили менен ошол кезде коомдук процесстердин фонунда образдуу чечмеленет.

Деген менен И.Арабаев тууралуу жарык көргөн эмгектерде анын өмүр баянында, асыресе Октябрь революциясына чейинки бөлүгүндө, такталып-тастыкталууга муктаж маалыматтардын бар экенин ырастаган пикирлер жана кийинки изилдөөлөрдө ошол проблемаларды чечүү зарылчылыгы ашкере актуалдуу деген рационалдуу ойлор да айтылат (Э.Маанаев, А.Осмонкулов “Э.Арабаев – кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана коомдук-саясый ишмери”. Бишкек, 2002-ж.). Арийне, булар илим изилдөөчүлөрдүн бүйүрүн кызыта турган проблемалар. Бирок бизди И.Арабаевдин агартуучулук идеяларынын мотивациясына жана ошол идеяларды И.Арабаевдин материалдаштыра алган-албаганына байланышы бар суроолор кызыктырат. Андыктан биз ушул маселелердин тегерегинде сөз кылууга аракеттенип  көрөлү.

Мотивация булагы – адам жанына бүлүк салган жаңы дүйнө, жаңы тажрыйба экенинен баарыбыз эле кабардарбыз. Аны адамдын өзүнөн, анын жан дүйнөсүнөн, өзү эңсеген ишке арналган сүйүүсүнөн издөө керек деген пикирлер, сыягы, ошондон улам айтылса керек. Ал эми агартуучулук – илим сыңары абстрактуу түшүнүк экенин, бирок ошону менен эле бирге ал турмуш чындыгынын кыртышынан өсүп чыгарын жана аны кайра жаратып-жаңылоо үчүн пайдаланыларын да билип калдык. Анын үстүнө агартуучулук дегениң жандуу турмуш менен бирге өнүгүп-өсүп отурган татаал кубулуш. Ошондон улам биз анын тарыхый кыймылын эсепке алышыбыз керекпи же анын бүгүнкү күндөгү натыйжасын билип коюу менен эле чектелебизби – маселе ушунда. Өнүгүү процессин эсепке алуу – бул диалектиканын негизги талаптарынан. Демек, И.Арабаевдин агартуучулук идеяларынын табиятын ушундай өңүттөн иликтеп-изилдегенде гана натыйжалуу болушу мүмкүн деген ойдобуз.

И.Арабаев жана анын агартуучулук ишмердиги жөнүндө сөз кылганда биз төмөнкү факторлорду көңүлдө тутушубуз керек. И.Арабаев окуп, билим алып жаткан мезгилде Россиянын үстөмдүгү бекемделип, башкаруу бийлигинин муктаждыгынан улам, келгин орустардын шарапаты менен, жергиликтүү элге билим берүү да расмий түрдө жолго коюлуп, кыргыз жергесинде орус, орус-тузем мектептери, мектеп-интернаттар, диний мектептер, орто жана жогорку билим берүүчү исламдык окуу жайлар системасынын иштешине шарт түзүлүп калган. Бул биринчиден. Экинчиден, коомдук формация катары дүркүрөп өнүгүүгө багыт алган капитализм социалдык-экономикалык, башкаруу структураларынан кардиналдуу өзгөрүүлөргө адекваттуу ишмердикти жана ой жүгүртүүнү талап кылган. Мына ушулар билим берүүнү мезгил чакырыгына ылайык уюштурууну шарттаган. Россия христиан дининин жана Батыш цивилизациясынын баалуулуктарына артыкчылык берген жана илимди, билимди, коомду өнүктүрүүнүн индикатору катары караган өлкө.

Анын курамындагы мусулмандар ислам динин тутунуп, ислам канондоруна негизделген диний билим алышкан жана чындыктын негизги булагы Куранда, жашоонун конкреттүү шарттарынын баары анда алдын ала каралган жана аларды чечүүнүн жолдору аныкталган деген ишенимди карманышкан. Бирок поликонфессионалдуу, динге кысым көрсөтүлбөгөн өлкөдө жашаган, диндин, диний-философиялык доктриналардын жана традициялардын өктөм таасирине түздөн-түз кабылбаган жана гезит, китептер аркылуу дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн кабардар Россиянын окумал мусулмандары Батыштын илимий билимге негизделген өнүгүүсүнө кызыгуу менен караган. Исламдык билим берүүнүн траекториясын ошого ылайык өзгөртүүгө багыт алышкан. Сыягы иджтхатты (интеллектуалдык эркин изденүүчүлүктү) жана исламдык билим берүү методологиясын жаңылап-жандандырган жана мусулман мектептеринде диний предметтер менен бирге табигый-гуманитардык предметтерди кошуп окутууга негиз салган “жадидчилик” кыймылынын россиялык мусулмандар чөйрөсүндө өнүм алганы ошондон окшойт.

Чынында бул проблеманы биринчи көтөрүп чыккандар Россиядагы татар диний аалымдары, белгилүү агартуучулар, философтор Габденнасыр Курсави (1776–1812), Шигабутдин Маржани (1818–1889) болгону айтылат. XIX кылымдын экинчи жарымында, XX кылымдын башында россиялык Крымдагы, Уралдагы, Волга боюндагы жана Түркстандагы мусулман мектептерине жайылып, окутуунун жаңы ыкмасы делген “жадидчилик” ушундай аалымдардын идеяларынан тамырланып, өркүндөп өнүккөн экен. “Жадидчилик” эң оболу мусулман мектептериндеги билим берүүнү Батыштын билим берүү системасына жакындаштыруу ишмердигине тиешелүү деп каралары жана ал Россия империясынын чет жакасындагы мусулмандардын тарыхындагы прогрессивдүү этап болуп эсептелери илимий адабияттарда белгиленет. Бирок бул этап жалпы Чыгыш коомунда жүргөн процесстердин натыйжасы экенин да айта кетүү орундуу.

Жогоруда белгиленгендей, капитализм – илимий билимге негизделген өндүрүштү жана өндүрүштүк мамилелерди жараткан, коомдун бардык структураларын ошого ылайыкташып өнүгүүсүн шарттаган система. Ал эми Чыгыш коомунда капиталды бир колго топтогон мураскердик укуктун болушу, корпоративдик ишмердиктин укуктук негизинин жоктугу, диний уюмдардын эбегейсиз материалдык ресурстарын рыноктук экономиканын алкагында пайдаланууга тоскоолдук кылган вакф системасынын орун алышы, маданиятта, илимде жана философияда исламдык диний факторлордун басымдуулук кылышы жана эң негизгиси – мамлекеттүүлүк, анын маанилүү функциялары жалгыз Аллахтын колунда деген мусулмандардын ишениминин аң-сезимде өтө терең орун алышы капитализмдин эреже-тартибинин ишке ашышына бөгөт болгон.

Мындай абал илим-билимди өнүктүрбөй өксүткөн. Ошондон улам Чыгыш окумуштуулары салттуу билим берүү системасын өзгөртүү зарылдыгын жана исламды көп кылымдык катмарланган бурмалоолордон арылтуу үчүн Пайгамбардын жолун жолдоочулар азыркы илимдин жана маданияттын бардык жетишкендиктери менен куралданып, аларды мусулман цивилизациясына кызмат кылганга буруу керектигин ар тараптан анализдеп, жазып чыгышкан (караңыз: Абдырахманов Т.А., Амердинова М.М. Исламский мир: прошлое и настоящее).

Аббасиддердин мамлекетинде өркүндөп өсүп, VIII-XIII кылымдарда ислам илиминин “Алтын кылымы” аталган доор кандайча өнүкпөй калганы тарыхтан белгилүү. Ал эми илимде илгертен бери келаткан “ислам керемети” жана аны өздөштүрүп өркүндөтүүдөн жаралган “грек керемети” деген түшүнүктөр бар. Булардын ой жүгүртүү ыкмасындагы негизги айырмачылык – илимий ойломдун объектисинде жатат. Ислам дүйнөсүндөгү илим (Египет менен Вавилондо) прикладдык мүнөздө болуп, турмуштук керектөөлөрдү канааттандырууга баш ийдирилсе (м: соода, жерди иштетүү), байыркы гректерде илим жана философия жалаң эле прикладдык мүнөздө болбостон, алар таанып билүүгө тиешелүү керектөөлөрдү канааттандырган. Платон ошон үчүн “Республика” деген эмгегинде: “Финикиялык жана египеттик дух пайданы эңсеп жаткан убакта, гректердин духу таанып билүүчүлүккө тартылган”, - деп айтып жатпайбы. Так мына ушул акылдын таанып билсем деп көшөргөн ынтызарлыгы “грек кереметинин” булагы болгон.

Ырас, традициялуу билим берүүдө мусулман менталитетин цивилизациянын ачылыштары менен жетишкендиктерине ылайыкташтыруу процесси XIX кылымда эле башталганын жогоруда айттык. Мында мусулман аалымдары Жамаледдин аль-Афганини (1839–1897), анын жолун жолдогон жана ислам модернизмин негиздегендерден деп эсептелген Египеттин башкы муфтийи Мухаммад Абдону (1849–1905) жана 1908-жылдагы султандын абсолюттук бийлигин жоюп, сөз эркиндигине, прессанын өнүгүшүнө алып келген жаш түрктөрдүн революциясын өзгөчө белгилеп кетсе болот. Ошондо Түркияга Россиянын түрк тилдүү интеллигенциясынын өзүнчө бир толкуну агылып барган. Алардын идеяларынын жана көз караштарынын таралышына, түрк жергесинде интеллектуалдык, саясый турмушка катышуусуна мүмкүнчүлүк болгон. Ислам традициясына терең тамыр жая турган маданий модернизацияны алар түрктөргө ошондо сунушташкан.

Түркияга барып келгендердин бири татар коомунан чыккан агартуучу Исмаил Гаспринский. Ал Франциянын Сорбон университетинде окуп жүргөндө окутуунун аналитикалык-үндүк методу менен таанышып, элине келгенден кийин эскирген мусулмандык билим берүү системасын реформаласам деген кыял менен 1884-жылы Бахчисарайда (Крымда) алгачкы “усулу жадид” мектебин ачкан. 40 күндө 12 окуучуну окуганга, жазганга үйрөтүүгө жетишкен. Анын кабарын уккан мектептер жапырт ошол метод менен иштегенге өтүшкөн. Натыйжада, 200дөн ашык мектеп жаңы методду кабыл алышкан. Жаңы методду жайылтууда И.Гаспринский чыгарып турган (1881-жылдан 1914-жылга чейин) “Таржиман” газетасынын ролу чоң. Анын беттеринде билим берүүнүн, маданиятты жана илимди өнүктүрүүнүн актуалдуу проблемалары, окуу процессин жаңы метод менен уюштуруу маселелери такай чагылдырылып, айрым мектептердин, агартуучу-мугалимдердин тажрыйбалары кабарланып турган. Гаспринский жалаң эле өз идеяларын пропагандалоо менен чектелбей, программаларды иштеп чыккан, окуу куралдарын даярдап, басып чыгарган, өз мектебинде көрсөтмө сабактарды өткөргөн. 1898-жылы Бахчисарайдан басылып чыккан “Балдардын мугалими” аттуу китеби жаңы методдогу мусулман мектептеринде алгачкы окуу китеби катары колдонулган (караңыз: Абдырахманов Т.А., Амердинова М.М.Исламский мир: прошлое и настоящее. Бишкек. 2018-ж.).

Ошентип, И.Арабаев окуунун артынан түшкөн кезде Россиядагы конфессионалдык билим берүү системасында мына ушундай позитивдүү өзгөрүүлөр жүрүп жаткан. Эгерде биз XX кылымдын биринчи он жылдыктарында болуп өткөн россиялык мусулмандардын турмушундагы курч саясый, социалдык окуяларды көз жаздымында калтырып, ислам билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөргө көңүл бурсак, анын XVIII кылымдагы маанилүү маданий кубулуш делген Агартуучулук менен үндөш экенин, ал кеңири жайылган кыймыл катары ислам дүйнөсүнө да таасир тийгизгенин байкайбыз. Немис элинин улуу философу И.Кант: “Агартуучулук – бул адамдын өз эрки менен байланып жүргөн эселек абалынан чыгышы”, - дейт да, анысын мындай чечмелейт: “Өз эрки менен эселек абалына байлануу деген – бул акылдын жетишсиздиги себеп болуп жаткандан эмес, бул аны, акылды, тыштан кимдир-бирөөгө жетелетпей эле пайдаланганга кайратынын, чечкиндүүлүгүнүн жетпей жатканында. Sapere aude – өз акылыңды пайдалангандай кайратың болсун!

Агартуучулуктун девизи мына ушундай (караңыз: Луков Вл.А. История литературы. Зарубежная литература от истоков до наших дней. Изд. “Академия” 2009.). Ошондон улам тамырлап тараган маданий кыймыл катары Агартуучулук турмуш чындыгына болгон активдүү, сынчыл мамилесин Акылдын негизинде позитивдүү программага айлантып, дүйнөнү кайра курууга жана өркүндөтүүгө айкалыштырганы менен айырмаланган, билим алууну алдыңкы планга чыгарган. Европа континентин түп көтөрө өзгөрткөн кыймылдын таасиринен жаралган Россия мусулмандарынын билим берүү чөйрөсүндөгү так мына ушул жагымдуу атмосфера эс тартып калган И.Арабаевди ичтен ээликтирип, кыялын алоолонткон жана интуициясы анын акылын өзүн курчаган дүйнөнү таанып билүүгө жетелеген.

Кочкордун тээ алыскы Күнбатыш айылында анча деле ашып-ташкан оокаты жок, жупуну үй-бүлөдө төрөлгөн (1882-ж.), арка бел болор атасынан ажыраган каргадай баланын тамга таанып, окуганды үйрөнсөм деп, айылдык молдонун үйүндө кызмат кылганы, айылдан алган билимине алымсынбай, Каракол шаарынан окуганы, анысы да көңүлүнө толбой (караңыз: Э.Маанаев, А.Осмонкулов. “Э.Арабаев – кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана коомдук-саясый ишмери”. Бишкек, 2002.; А.Кубатова “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916). 2012) Россиянын Оренбург шаарына барганы анын билим дүйнөсүнүн купуя сырларын билүүнү дегдеткен тилегинин масштабынан кабар берет. Болбосо өз жеринен алган билими менен деле айылдын ардактуу, сыйлуу молдосу болмок. Ал болсо Оренбургдагы “Хусейиния” медресесине өтпөй калганына карабай, айылына кеткен эмес. Түркиядан бир жарым жылдай окуп, анан жер кыдырып, Меккеге жана дагы бир топ шаарларга барган, кайтып келип Уфадагы “Галия” медресесине өтүп, ойлогон оюна жеткен.

“Галия” медресеси жөнүндөгү үзүл-кесил маалыматтарда жана ал жерден билим алгандардын эскерүүлөрүндө медресенин бай китепканасы, анда мезгилдүү басылмалар, Чыгыш жана татар аалымдарынын, орус окумуштууларынын, белгилүү коомдук ишмерлеринин эмгектери, Батыш Европанын агартуучуларынын, философторунун орус, татар тилдериндеги котормолору болгону айтылат. Айрым илимий адабияттардагы маалыматтарга жана ошондо окугандардын эскерүүлөрүнө караганда медреседеги мусулман жаштары билим алуу менен бирге коомдук турмушка активдүү катышкан, тигил же бул саясый партияга ыктап, бийликтин саясатына сын айтышкан. Муну ошол кезде Россияда жана дүйнөдө жүрүп жаткан саясый-социалдык тирешүүлөрдүн жаңырыгы катары кабыл алса болот. Мындай коомдук-саясый ишке И.Арабаевдин да ар кандай формада катышканы, медреседеги изденип окуган, билимдүү, кадыр-баркы калың студент болгону ошол эскерүүлөрдө белгиленет. Бирок И.Арабаевдин өз колу менен жазган материалдары, эскерүүлөрү репрессия маалында өрттөлүп кеткендиктен, көп жылдар бою анын чыгармалары тургай атын атоого тыюу салынгандыктан, анын личность катары калыптануусу кандай өнүккөнүн так айтуу кыйын. Ошентсе да колго тийген маалыматтарга таянып, анын агартуучу катарындагы тарыхый портретин берсе болот. Мында негизги деталь катары анын өжөрлөнүп мыкты окуганын, илимий билим менен бирге классикалык исламдын өзөктүү жоболорунан чыккан нравалык-этикалык принциптерин, тамаддунду (мусулман менталитетин цивилизациянын жетишкендиктерине ылайыкташтыруу) карманганын, Мухаммад пайгамбарыбыздын мусулман дини аркылуу адамзатка жиберген окуусу илимдин жетишкендиктерин пайдаланууну күнөө деп эсептебейт деген ишенимин көрсөтүү зарыл. Мына ушул деталь болчу сапаттар анын агартуучу жана личность катарындагы образына кыргыз интеллигенциясынын ошол кездеги өкүлдөрүнө анча окшобогон касиет берип турат.

Колдо бар материалдардын ичинен 1911-жылы Казан шаарынан биринчи жолу кыргыз тилинде басылып чыккан Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” аттуу поэмасына жазган И.Арабаевдин баш сөзүн көз жаздымында калтыруу мүмкүн эмес. Анткени так мына ушул куш тилиндей макала И.Арабаевдин эмне мынча илим-билимге ынтызар болгонун, анын мотивин чечмелегенге ачкыч болуп берет.

Макаланы ал алдыңкы студент катары таанылып калганда жазган, кол жазманы да басмага өзү даярдаган. Ал кезде Арабаев жер кыдырып, керемет шаарларды көрүп, өз заманына жараша билим жана маалымат алып, чымырканган рухий турмуш менен жашаган, жаш курагына жараша бай тажрыйбага ээ болгон. Анан көр оокаттын айынан көчүп-конуп күн көргөн, илим-билимден кабары жок, мекенине, жерине ээлик кылып алган Россия империясына күнкор элинин тагдырын көрүп, жаны сыздаган. Ары-бери урунуп, андан кутулуунун жолун көрүүгө аракеттенген. Андай жол илим менен билимде экенин, ошондой жол гана коомдун ойлонуу маданиятын, жаратмандык потенциалын өстүрө турганын ал жан дили, бүткүл табияты менен сезген.

Ошондой сезимдердин аптабынан магмадай кайнаган анын муң аралаш ойлору тышка бүркүлүп чыгып, али жазма өнөргө жакшы баш ийе элек дүара тил менен макалада минтип  коомай берилет: “Биздин элде жүргөндө Молдо Кылычтын казалын эшитип, бир аз көңүл көтөрүлүп, бул ааламда нелер бар экени көз алдыбызга келүүчү эле. Ойлочу элем: “Кап, сени! Кудай таала бизди жарык дүйнөгө чыгарса (китеп бастырып чыгарууга, окууга мүмкүнчүлүк ачылса деген мааниде) Кылычтын “Зар заманын” бастырсам, калкыма таратсам дечү элем. Хамда балдарга алиппе окутуп, балдар маанисин билбей: “Молдоке, бул не деген сөз?”- деп сураганда, өзүбүз да маанисин билбей калгандыктан, не айтарды билмейинче, алда бегана бир жооп берип, балдар күлүп, жалгыз калганда көздөрүбүздөн жаштар чыккан убакты болгон эле. Ата, өз тилибизде балдар окурлук китеп бастырсак ай! - деп, мына бул жылдарда, иншалла, аздыр-көптүр Уфаде окуп жаткан кыргыз шакирттери ошол ойлорубузду чыгарууга киришкен элек...” (Молдо Кылыч. Казалдар. Бишкек, 1991).

Мында И.Арабаевдин көңүлүнүн тереңине катылган тилегинин, элинин тагдыры жөнүндөгү жанына жай бербеген ойлорунун пешене-бейнеси баш багып турат. Бул ойлор жөн эле пайда болгон эмес. Алар тирмийип изденүү менен алган билимдин, империянын аймагында кеңири коомдук-саясый резонанс жараткан Россия мусулмандарынын съезддери, “Шабдандын петициясы” сыяктуу рухту ойготуп, сезимди курчуткан окуялардын илебине бышып, ишенимге айланган ойлор. И.Арабаевди элинин тагдырына энчилеш кылып, агартуучулук ишмердикке азгырган идеялык мотив мына ушулар.

1911-жылды И.Арабаевдин тилегинин ишке аша баштаган мезгили десе болот. Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзаласына” удаа ал курсташы Сарсекеев Хафиз менен бирдикте “Алифба йаки төтө окуу” аттуу алиппесин чыгарды, 1912-жылы өзүнүн “Жазуу өрнөктөрү” окуу китебин бастырды. Бул китептер ошол кездеги балдарын окутушкан кыргыз, казак ата-энелердин арасында өтө популярдуу болгону бизге жеткен маалыматтардан белгилүү. Мындай популярдуулук алиппенин жаңы методго (жадидизм) ылайыкталып жазылганында. Аны Исмаил Гаспринскийдин Сорбондо окуп жүргөндө (Францияда) өздөштүргөн жана колдонгон аналитикалык-үндүк методунун үлгүсүндө жазылган алиппе десе да болот. Гаспринский жашаган Крымда билим берүү илгертен жолго коюлган, демек, андай методдун кызматы да ошого шайкеш болгон.

Ал эми ошондой методго негизделген И.Арабаевдин алиппеси кыргыз балдарын сабаттуу кылуу менен бирге, алардын аң-сезиминде төңкөрүш жасаган десек, анчалык деле аша чапкандык кылбайбыз. И.Арабаев Гаспринскийдин аналитикалык-үндүк методуна жаңы мазмун, жаңы багыт берген жана өзүнүн агартуучулук идеяларына ылайыктаган. Ошондон улам бала окуу процессинде тамгалардын ыргак мукамына, алардан куралган сөздөрдүн түшүнүккө айланганына, ал түшүнүктөр уккулуктуу, ырааттуу жайгаштырылган, логикалык жактан негизделген сүйлөмгө айланганына таң калып, андан ары эмне болорун билбей, күтүү, ойлонуу абалында болушкан. Бул таанып билүүнүн чеги. Таанып билүүчүлүктүн эң өркүндөгөн назик түрү – илимий ойлом.

Билим мына ушул жерден башталарын прикладдык психологиядан кабары бар, өзү окуп өздөштүргөн тажрыйбасын, идеяларын каникул убагындагы педагогикалык ишмердигинде апробациялаганга көнгөн И.Арабаев жакшы түшүнгөн. Так мына ошол абал билбегендиктин, билимсиздиктин чегинде турган баланы чымырканып ойлонгонго, ой чабытына эркиндик бергенге, өз абалын анализдегенге көндүрөт. Арийне, бул ичте, рухий дүйнөдө жүрө турган процесс. Ал эми ушул процесстин натыйжалары индивиддин таанып билүүгө тиешелүү керектөөлөрүн канааттандырарын “грек керемети” биздин заманга чейин эле далилдеп койгон.

Табиятынан акылы сергек, өз заманына ылайык билими, коомдук-саясый тажрыйбасы бар, элге сөзү өтүмдүү да, жугумдуу И.Арабаев ошол мезгилде жамырап чыга баштаган түрк тилдүү мусулман газеталарынын бирин жетектеп же партиялардын бирине лидер болуп кетсе деле бедели көкөлөп, аты ооздон түшмөк эмес. Бирок элимди билимдүү кылып, кылымдар бою кендирин кескен караңгылыктан алып чыксам деп сыздаткан тилеги жана көңүлүнө бышырып, аң-сезимине кыттай уюган, жан дүйнөсүн бүтүндөй ээлеп, жашоосунун маңызына айланган ойлору аны, 1913-жылы медресени аяктагандан кийин Ата Мекенине, Тоң районуна катардагы мугалимдикке алып келди. Тоңдо ал балдарды усули-и жадид, мындайча айтканда, Россиядагы мусулман мектептеринде ийгиликтүү колдонула баштаган жаңы метод менен окутту.

Баса, жаңы метод (жадидизм) демекчи. Илимий адабияттарда жадидизмдин ар кандай аныктамалары, концепциялары бар. Биринде жадидизмди өзүнчө кыймыл, реформация дешсе, биринде аны элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн революциялык кыймылдын деңгээлине чыгарып жиберишет. Биринде бул кыймыл али толук илимий баасын ала элек дешет. Мындай концепцияларда рационалдуу ойлор менен бирге, постсоветтик идеологиялык парадигмаларга ориентирленген көз караштар инерциясынын бар экенин да белгилеп кетүү керек. Эң негизгиси, алардын жадидизмди колдонуу объектисин эстеринен чыгарып жибергенинде болуп жатат. Жадидизм, биринчи кезекте, XIX к. ислам коомунда интенсивдүү башталган кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн туундусу.

Эгерде биз исламдык реформанын жана жадидизмдин жаралуу этабын илимий адабияттардагы концепцияларга таянып, резюмелеп айтсак, тарыхый шарт христиан дүйнөсү менен тынымсыз күрөштү талап кылган. Ал маданиятта, илимде жана философияда исламдык факторлордун ролунун басымдуулук кылышына орун берген. Билим берүүнүн проблемалуу талаасында Акыл менен Ишеним бирин-бири толуктагандын ордуна, чечилгис карама-каршылыкка кириптер кылган.

Маданий традициялардын өнүгүшү диний-саясый идеологиянын ролунун басымдуулук кылышына негизделген. Конфликттин очогу рухий-диний чөйрөдө түтөп турган. Батыш дүйнөсүнүн артыкчылыгын териштире келгенде, тарыхый өнүгүү маданият менен динден башка дагы аны алдыга чыгарган нерсе бар экенин көрсөттү. Бул илим жана аны колдоп-коштогон философия экен. Ошентип, исламдык билим берүүнү европалык типте, илимий базага таянып модернизациялоого, анын философиясын негиздөөгө жол ачылган. Бирок Чыгыш агартуучулары Батыштын үлгүсүндөгү билим берүүнү сокур туураганга каршы болушкан. Арийне, бул мусулмандар Батыштын жашоо ыңгайына, маданиятына ооп кетпей, ислам өзүнүн тазалыгын, таасир берүү күчүн сактаса деген аракет. Чынын айтканда, Чыгыш өлкөлөрүнүн билим берүүсүндөгү модернизация жердигинен исламдын нравалык, этикалык, гуманитардык, салттуу баалуулуктарына доо кетирбей, аны европалык типтеги билим берүү менен айкалыштырууга багытталган. Себеби, жаңы жадидчилик методу менен мусулман мектептеринде билим берип жаткандар классикалык исламдын рухий баалуулуктарын, нормаларын сактап, европалыктардын илимий-техникалык билимин өздөштүрүү аркылуу ислам окуучуларынын ушул таанып билүүчүлүккө умтулуусун шыктандырып, таанып билүүгө ынтызарлыгын ойготууну максат кылышкан.

Ошондо алардын илимий негизде ойлонуусуна жол ачылып, Делидеги Ислам изилдөө институтунун окумуштуусу Сайед Вахидуддин айткандай, алар Курандын эрежелеринин жана принциптеринин алкагында тарыхый чакырыкка, өзгөргөн шартка реакция кылуу жана адаптациялануу жөндөмдүүлүгүнө ээ болмок, анан дин деген – бул тарыхый феномен экенин, тарых өзгөрүүлөрдөн, прогресстерден турарын аңдап түшүнмөк деп ишенишкен. Бул идеяны поликонфессионалдуу Россиядагы мусулман мектептеринде татар агартуучулары ишке ашырган. Ошонун натыйжасында мусулман мектептеринин бардык класстарында диний предметтер табигый жана гуманитардык предметтер менен бирге окутулган. Демек, жадидизм исламдык билим берүү системасында мусулман менталитетин Батыш цивилизациясынын илимдеги, техникадагы ж.б. жетишкендиктерине ылайыкташтырууну көздөө аркылуу таанып билүүчүлүк миссияны аткарган. Исламдык билим берүүнүн керектөөлөрүн канааттандырган.

Экинчиден, жаңы метод (жадиддик) менен окутууга өткөн ислам мектептерин светтик билим берген мектептер деп атоо да карама-каршылыктуу пикирди туудурат. Анткени алар исламдык билим берүү менен европалык билим берүүнүн симбиозу сыяктанган мектептер. Билим берүүнүн андай формасы кийин жоюлуп кеткени белгилүү. Мына ошондуктан жадидизм Чыгыштын агартуу системасындагы тарыхый-маданий кубулуш катары исламдык билим берүүнү модернизациялоонун контекстинде гана каралыш керек. Ал өзүнүн объективдүү баасын ошондо алат.

Исламдык билим берүүнүн жаңы методу өз заманында аябай эле эффективдүү болгон көрүнөт. Муну И.Арабаевдин мектебине жалаң эле көл аймагынан эмес, ошондой эле алыскы Кочкор, Нарын ж.б. тараптардан агылып келип, билим алгандардын саны жана ал мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн жазып калтырган эскерүүлөрү айтып турат. Ошолордун айткандарын анализдеп келсең, И.Арабаевдин “Алифба йаки төтө окуу” аттуу китеби өз заманындагы окурмандар массасын таанып билүүнүн территориясына алып чыгып, алардын илимий багыттагы ойломунун горизонтун кеңейткенине, ал эми “Жазуу өрнөктөрү” аттуу эмгеги – коллективдүү билимге ээ кылганына күбө болосуң.

Мындай ойду “Жаңылык” аттуу чоңдор үчүн алиппесинин кызыктуу сейрек окуу китеби катары ЮНЕСКО музейинде сакталганы да ырастап турат. Ким билет, каргашалуу Үркүн окуясы болбогондо, билимдүүлөрдүн саны алда канча арбымак, И.Арабаевдин эңсеген тилегинин орундалышына шарт түзүлмөк. Бирок жалпы улуттун башына түшкөн трагедия анын көңүлүнө бапестеп баккан максаттарына өзгөртүүлөрдү киргизди, ошону менен эле бирге жаралган кырдаал анын личносттук сапаттарынын жаңы жактарын ачты. Аны И.Арабаевдин Кытайга качкан кыргыздарды кайра кайтарууга жана жайгаштырууга байланышкан ишмердигинен көрсө болот.

Түп көтөрө Кытайга качып бараткан кыргыздардын жолдо орус аскерлери тарабынан мыкаачылык менен кырылганын жана айтып түгөткүс азап-тозогун; Кытайга баргандан кийинки кордолгонун; кайра келгенден кийин киндик каны тамган Мекенинен көргөн зордук-зомбулугун сай-сөөгүң сыздабай угуу кыйын. Муну айтып жатканыбыздын себеби, Совет өкмөтүнүн ортомчулугу менен кайра кайтарылган кыргыздардын үй-жайлары жазалоочу падыша аскерлери тарабынан өрттөлүп, кароосуз калган мал-мүлкү, тиричиликке, чарба жүргүзүүгө керектүү шаймандары талкаланып, тонолуп кеткен. Ал аз келгенсип, жерибизге отурукташып, орун-очок алган келгин орустар ичерге ашы, жашаганга үйү жок, кийим-кечектен тозуп келаткан кыргыздарды өз айылына киргизбей же жолдон өткөрбөй кубалап, аң уулагансып атып өлтүрүшкөн.

Ошондой тозокко кабылган улутташтарынын абалына жаны ачып, ичинен күйгөн И.Арабаевдин “Бечара кыргыз бооруңарды унутпагыла!”- аттуу каңырык түтөткөн кабары 1917-жылдын 17-июнундагы “Казак” газетасынын №236 саны аркылуу түрк тилдүү боордошторго тарады, ошол аркылуу орус падышачылыгынын опоосуз мыкаачылыгы көрсөтүлдү. Ал эми большевиктердин шалаакылыгынан кыргыздарга өз жеринде, өз айылында мал катары мамиле кылган келгин орустардын канкордугун И.Арабаев өз колу менен коркпой, жалтанбай Совет мамлекетинин башчысы В.И.Ленинге мындагы абалды төкпөй-чачпай кат менен кабарлаган. Натыйжада, чектен чыккан келгин орустар жергиликтүү бийликтин чечими менен атылган, камалган, элден тартып алган шаймандары, мал-мүлкү элге кайтарылган. Каражат бөлүнүп, ач-жылаңач кыргыздар малдуу, шаймандуу болуп, жай тирилик кылганга шарт түзүлгөн.

Арийне, мындай кадам элимди билимдүү кылып, караңгылыктан алып чыксам деп жанын үрөп жүргөн эр азамат уулдун калкынын тарыхый тагдыры таламайга түшүп турганда жалтанбай жасаган жана эзели эстен чыкпай турган эрдиги. И.Арабаев андан кийин да далай жыл элине аргымак аттай моюбай кызмат кылды. Ошолорду айтып, даңазалуу агартуучу жөнүндөгү макалабызды мактоолордун маашырланткан финишине жеткирип, аяктасак болот эле. Бирок көңүлдү дүпөйүл кылып, же ары кетпей, же бери кетпей туруп алган, ачыгыраак айтсак, И.Арабаев өзүнүн агартуучулук идеяларын толук материалдаштыра алды беле деген ой калып калгансып жатат. Макаланын аягына ошону да кыстара кетсек, орундуу болчудай.

И.Арабаев – өз доорунун адамы. Ал тырмактайынан мусулман дининин духунда тарбияланган жана исламдын нравалык-этикалык категориялары менен ойлонгон. Анын 1917-жылдагы революцияны кандай кабыл алганы белгисиз. Цивилизациялык мааниде алганда большевиктердин идеясы кылымдар бою социалдык-акыйкаттыкты самаган кыргыздарга менталдык жактан жакын болгон. Анан калса совет бийлиги орногон күндөн тартып, элдин сабатсыздыгын жоюуга киришкени маалым.

Ушундай тарыхый шарттын шарапаты менен И.Арабаевдин агартуучулук идеялары жалпы улуттук масштабда материалдашкан. Бирок большевиктердин динди караманча жээриген радикалдуу кадамдары, интернационалдуулукка өтө эле басым жасаганы империялардын зомбулугун көрүп өскөн Арабаевди кабатыр кылган. Табиятынан ыймандуу, уятын таза кармаган адам катары ал дилиндеги дининен баш тарткан эмес. Ошондон жан дүйнөсү карама-каршылыкка жана партиялык циркуляр менен жашагандардын арасында рухий жалгызчылыкка учураган. Бирок тутунган динин, сүйгөн элин кыя албай, өзүнүн ошондой тагдырына моюн сунуп, өз керт башынын кызыкчылыгын курмандыкка чалып, жанынан артык көргөн Ата Мекенине билимин, күчүн жана бүт өмүрүн арнаган, ага кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн.

Абдил ШЕРМАТОВ, И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил боюнча адиси

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз