Кубантай Эрназаров: Олуя

  • 12.11.2022
  • 2606

АҢГЕМЕ

Алмусактан бери Жараткан жер жүзүнө Адам атадан баштап көптөгөн пайгамбарларды жөнөтүп турган. Кээ бир хадистерде пайгамбарлардын жалпы саны 124 миң деп айтылса, башка хадистерде 224 миң пайгамбар жер бетине жөнөтүлгөн деп айтылары маалым. Пайгамбарлардын санынын көптүгүнө карабастан, максаты бир – жер жүзүндөгү пенделерге Кудайдын сөзүн жеткирүү. Ар кайсы мезгилдерде, ар кайсы элдерге, ар кайсы коомдорго жөнөтүлгөн пайгамбарлар да маңдайга жазылган өз тагдырынан буйтап кете алышкан эмес. Эң кызыгы бүтүндөй бир коомго жөнөтүлгөн пайгамбарлардан сырткары, Кудайдын сөзүн жеткирүү үчүн жалгыз адамга жөнөтүлгөн да пайгамбарлар болуптур. Ар бир пайгамбардын өзүнө таандык жашоосунда жашоого өрнөк болор иштери калк арасында оозеки түрдө да, жазма түрдө да байма-бай баяндалып келет.

Кай бир заманда сайраган куш-канаттуулар менен жер үстүндө жайнаган жан-жаныбарлардын тилин түшүнгөн пайгамбар жашаптыр. Башка пайгамбарлар сыңар эл-жер кыдырып Кудайдын сөзүн ошол учурдагы коомго жеткирип, ашуу ашып, суу кечип жүрүп, кечиндеси чакан кыштак четиндеги обочо үйдө жашаган чал-кемпирдин үйүнө түнөп калат. Абышка пайгамбардын ыйман, жашоо, Кудай тууралуу баяндарын муюп угуп, аны өзгөчө ызаат менен коноктойт. 

Эртеси пайгамбар жолго чыгарда, анын олуя экендигин тээ замандан бери көптөрдөн угуп-билип жүргөн абышка андан олуялык сырларды үйрөтүшүн суранып, жаш баладай жолун тороп, кетирбей коёт. Кыраакы пайгамбар олуялык сырды бардык эле пендеге үйрөтө бериштен жер үстүндөгү жашоонун аңтар-теңтер болуп кыяматка айланып кетишин туйса керек, муну анча каалабай турса да, тиги жаш баладай мойтойуп, пайгамбардын жашоосуна ынтызар пенде өлүп-талып суранып жатса, мээримге берешен пайгамбар ары-бери ойлонуп жатып, акыры бул сунушка макул болот. Абышка жаш баладай кудуңдап сүйүнүп, турган жеринде бийлеп жиберет да, пайгамбардын көр-оокатын көтөрүп, аны менен бирге узак жолго чыгат.

Бир нече күн жол жүрүшөт. Тээ ыраактан дүпүйгөн чакан айыл көрүнөт. Пайгамбардын сунушу боюнча ал кыштакчага бурулбастан, кыштакчаны кыйгап өтүшөт. Жайдын толуп турган кези. Жергиликтүү эл дыйканчылык, малчылык менен күн көрөрү шекил. Маңдайда турган адырларда мал кайтарып жүргөн беш-алты эркектин ар жерде сербеңдеп жүргөн карааны көрүнөт. Адырдын этегинде бир нече аял жемге конгон куш сымал ар жерде чөгөлөй олтурушуп, иш менен алек. Жакындай бергенде астейдил карашса буудай аңыздын отоо чөптөрүн кол менен жулуп отоп жатышыптыр. Астыртан салам берип өтүп кетишет. Андан бир аз жүрүшкөндө сугатка буулуп тосулган арыктагы сууга киринип жатышкан чыт курсак балдар көрүнөт. Пайгамбар аябай баласаак эле. Кудай жолунда жүрүп, ар бир кадамын мерчемдеп, ар бир саатын алтынга баалаган пайгамбар мадыра баш балдарды көрөр замат  басыгын жайлатып, аларды кызыгып карап калды.  

- Арыбагыла, балдар,  ̶  аларга жакындап келер замат пайгамбар өзү биринчи салам жолдоду,  ̶   Бала үймөлөктөгөн жерге периштелер чогулуп, жин-шайтандар балдар үнү угулбагыдай жерге качышат. Периштедей таза демиңерден силердин!

Чыт курсактар үчүн бул жашоо да бир тең, пайгамбарың да бир тең эмеспи. Капыстан келе калышкан тиги экөөнү эч капарына алышпастан, суу ичинде чурулдап ойношуп, көңүлдөрү куунак.

- Ыракмат, атаке,  ̶  булардын келгенин байкап калган суу четиндеги кумга оонап жаткан балдардын бирөө алик алса, калгандары аңкайып эчтекеден капарсыз аларды карап калышты.

Пайгамбар чуру-чуу түшүп суу ичинде оюн салып жатышкан көңүлдөрүндө али кыпындай кир жок балакайларды көргөндө, балаасак киши буга маанайы чеч боло, тишин ырсайта күлүп, оюн кызыгына батат.

Ошол маалда суу четинде башка балдар сыңар дырдай чечинип, бирок сууга түшпөстөн башын жерге салып, унчукпастан оюнга кулак төшөп олтурган денеси кыйла олбурлуу бала пайгамбардын көзүнө чалдыкты. Мунун кызыктай абалда олтурганын түшүнбөгөн пайгамбар менен абышка баланын жанына басып келишти.

- Арыба, баатыр,  ̶  ага жакындап келер замат пайгамбар өзү биринчи саламын узатты,  ̶  Эмне сууга түшпөйсүң, каралдым?

Пайгамбардын саламына алик алмак тургай, тиги бала дагы кимдер келе калды дегенсип тияк-биягын каранып алып, дулдуюп жерди тиктеген калыбында мелтиреди. Эмнегедир кабагы салыңкы, бирдемеден чүнчүгөндөй жүзүндө балалык шаттыктын кыпындай изи жок. Өксүктүн изи бар.

- Анын көзү көрбөйт,  ̶  арыда кумда оонап жаткан баягы пайгамбардын саламына али калган бала жооп берди,  ̶  Эки көзү тең…

Байкап карашса, ирмелбеген көздөрдө тирүүлүктүн эч изи билинбейт. Байкуш бала эки көзүнөн тең сокур тура!

- Тагдыр алдында пайгамбар да, пенде да бирдей, кудайдын күнөөсүз пендеси. Акыретте бейиш дарбазасынан кучакташып кезигербиз,  ̶  деп, баланын маңдайына жазылган оор тагдырына баласаак жаны аябай кейиген  пайгамбар баланы чекесинен сүйүп, кудайдан баланын бактысы үчүн көп-көп дуба кылып, анан кетүүгө камынды.

- Улуу урматтуу кудайдын элчиси,  ̶  абышка чый-пыйы чыгып, пайгамбардын жолун тороп, алдына чөгөлөп жиберди.  ̶  Бардык нерсе бир кудайдын колунда экендиги талашсыз. Кудай чексиз мээримге ээ экендиги да талашсыз. Отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгайын. Жараткан тиги балага көз тартуулашына дуба кылыңыз. Мындан асман жерге оодарылып кетпес...

Бир нече күн бою бирге сапарда жүрүп, көңүлүндө эч кири жок, жашы пайгамбардан бир топ улуу киши алдына чөгөлөй суранып жатса, баласаак пайгамбар бир жагынан балдарга кошулуп ойной албай, четте бозоруп олтурган баланын кейпин көргөн соң, буга жок дей албады. Жараткан менен түз байланышып, андан балага көз сурады. Айлана өзгөчө нурга бөлөнүп, баланын көзүнө тээ асман түпкүрүнөн ипичке жашыл нур көзөп кирип жатты. Сайраган сан куштун үнү бир саамга тымтырс боло түштү. 

Бир маалда олбурлуу бала ордунан козголуп, бир нерсеге ишенбегендей эки жагын элеңдей карап, анан кыйкырып жиберди:

- Көзүм! Көзүм көрүп жатат! Көрүп жатам!

Бала кыйкырып сүйүнгөн бойдон балдар киринип жаткан сууга боюн таштады. Кум жээгинде жаткан балдар буга ишенбегендей биринен бири сала сууга секирип түшүп, суу ичи балдардын чуру-чуусуна заматта толуп кетти:

- Көрүп жатат көзү!

- Кана, мени карачы!

- Мени тааныдыңбы?!

- Ооба!

- А меничи?

- Сени да тааныдым!

- Мени көрдүңбү?

- Сени да көрүп жатам!

- Аай-иий!

Эдиреңдеп сүйүнгөн балдар ары жээкте алардын кубанычына ортоктош болуп турган абышканы аңдабай да калышты. Бул убакта пайгамбар ал жерден кетип, бир топко узап калган. Акырында сууга тоңуп үшүгөн балдар, дирт-дирт эте калчылдашып, суу жээгиндеги ысык кумга бир-экиден чыгып келишип, оонай кетишти. Жараткан көз тартуулаган бала эдиреңдеп, кубанычында чек жок. Акырында ал да суудан чыгып, балдар оонап жаткан кумга басып келди.

- Келе бери! – көзү көрүп калган бала жанатан бери кум жээгинде сууга түшпөстөн, өзүнчө ойноп жаткан эки-үч жашар кыздын колунан оюнчугун жулуп алды. Бөбөк ыйлап кирди.

- Ал менин карындашым. Бер оюнчугун,  ̶  кумда оонап жаткан балдардан бирөө ага жакындап келди. – Бер дедим сени!

- Бербейм!

- Бересиң!

- Мэ, сага! – көзү көрүп калган бала карындашына жан тартып, ага жакындай келген баланы мурдун канжалата урду.

- Аа! Мурдум!...,  ̶  бала карындашына кошулуп өңгүрөп ыйлап кирди.

- Өзүңдөн көр! – көзү көрүп калган бала өзүнчө корстон боло кумдагы балдарга басып келди. – Тур, сен!

- Менби? – деди бою узунураак бала негедер андан чочулай.

- Ооба, сен! – деди көзү көрүп баштаган бала жакындап келер замат, ̶  Эң эле кыйыны, күчтүүсү сенби бул жерде?! – деди да бир муштум берип, тигинин мурдунан кан чачырата урду.

- Аа! Мурдум сынды!... – тиги кыйкырган бойдон бетин басып жыгылды,  ̶  Качкыла балдар!... Жаман бала экен! Азыр силерди да урат!

Заматта тоз-тополоң, будуң-чаң. Көзү көрүп калган бала колуна киргени менен калган балдарды сабап, балдар чилдей туш-тарапка качып, тиги алардын артынан кубалаган бойдон кетти.

Ал убакта пайгамбар жолун арбытып, тээ ыраакта эрбеңдеп баратты. Мунун баарын абышка өзү карап турган. Андан соң пайгамбардын артынан энтеңдей чуркап олтуруп, ага жетип барды. Болгон окуяны пайгамбарга айтып берүүдөн уялды. Пайгамбар да муну көкүрөгүнөн туюп билгендей, иштин чоо-жайын сураган жок. Кечки иңирде коо-таштуу адырда баратышканда туш-туштан сереңдеп жарганат чыга калат. Жар боорунда сойлоп узун кара чаар жылан жүрөт. Калжыңдаган чал Жараткан жарганатка көз, кара чаар жыланга бут менен канат беришин пайгамбардан сурангысы келип, бирок бул ирет ойлонуп калды, сураштан коркту.   

Арадан бир топ күндөр өттү. Абышка өзү айткандай пайгамбардын оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып, ак кызмат өтөп, сапарда жүргөндүн жаны бир демекчи пайгамбар да абышкага өз атасындай көнүшүп, ага ылым санап калды. Жолду катар абышкага жаныбарлардын тилин үйрөтүп, абышка да жаныбарлардын көп сөздөрүнө түшүнүп баштады.

Сапарда эми мурункудай ар кайсы жерден көрүнө калчу кыштакчалар жоголуп, эми улуу тоолордун арасында, жан-жаныбарлардан башка кыбыр эткен адам жок жерлерде сапардын учугу уланды. Абасы таза, жай-кышы чокусунан кар кетпеген тоолордон тогошуп түшкөн тунук суусу, мөлтүр булактары толтура жапжашыл бейиштей жайда баратышкан. Куштардын сайрашына кулак тойбойт да, жаратылыштын кооздугунда чек жок. Ушул бейиштей жерди байырлаган элде деле, жан-жаныбарында деле кыпындай капачылык болбогон чыгар деп ойлошту. Чекесине жапжашыл камыш өскөн, суусу тунук, кыздай сулуу көлдүн кооздугуна суктанып баратышкан. Аңгыча көл тараптан аларды өзүнө чакырган үндөрдөн селт этишип, ошол тарапка элейип калышты. Көл тараптан кыйкырган үндөр чыгып жатты:

- Эй, биз жакка тие кеткиле! Кваак-каак-кваак!

- Ой, пайгамбар, бери кел! Кваак-каак-кваак!

- Пайгамбар эмес балакет болсоң да кел бери!

- Эй, чокчо сакал абышка, нымтырабай бассаңчы!

- Кваак-каак-кваак!

Көл жээгинде ызылдап жаткандарга жетип барышса, бири-бирине сөз бербеген, биринен өтүп экинчиси кыйын быжыраган бакалар көрүндү. Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат эмеспи, ээн жайды байырлаган бакалар бейбашка айланышып, адам тургай пайгамбарды көзгө илишер түрлөрү жок. Бок ооз немелер анын ордуна бул экөөнү адам ордуна көрбөй, ар кандай балит сөздөр менен сөгүп, пайгамбарга орсок, абышкага чокчо сакал, таз баш деп ат коюшуп, кыраан-каткырыкка түшүп жатышты.

- Амансыңарбы, тостоктор,  ̶  пайгамбар да тамаша иретинде өзү биринчи салам жолдоду,  ̶  Жалпак башыңар аман болсун, көлүңөргө дайым кут толсун!

- Кош келиңиз, пайгамбар! – бакалар туш-туштан ызылдап салам жолдоп киришти.

- Бейиштей жердеги ыйык көлдү байырлап, бактыңар тоодой тура,  ̶  деди пайгамбар туптунук, жып-жылуу көл ичинде чардап жатышкан бакалардын жашоосуна суктана. – Какыраган чөлдө өз колу менен казып чыгарган бир кудугуна шүгүр кылган коомду да көргөм. Бул көлдү башкарган падыша өтө кеменгер көрүнөт. Ошонун акылмандыгы менен көл касиетин жоготпой сакталып келиптир. Мен ошол…

- Токто, токтоп тур былжырабай! Ой, ушул пайгамбар деген аты болбосо буларың деле бир келжирек болот тура,  ̶  жээкте суу ташбаканын төбөсүнө чыгып олтуруп алган ичи чандайган жашыл бака пайгамбардын сөзүн жыра тартты,  ̶  Бизде кайдагы кеменгер падыша! Чейрек кылымдан бери ушуну кетире албай ич ара согуштан башыбыз чыкпай келет. Дегеле ушу падышадан айтпаган бизди...

Бакалар туш тараптан жаалдап кетишти:

- Туура! Туура!

- Падыша ташбака кетсин!

- Кетсин! Кетсин!

Бул жайды үч жүз жыл башкарып, тунук акылы менен ыйык көлдү соолутпай сактап келе жаткан акылман ташбаканы бул жайдан кетире алышпай чейрек кылымдан бери ич ара согуш жүрүп жатыптыр. Сыягы падыша ташбаканын жүргүзгөн бийлиги менен бул жерди байырлап алышкан бакалардын каалоосу төп келишпегендей. Падышанын оюнда көл касиетин жоготпош үчүн анын тунуктугуна, тазалыгына көбүрөөк көңүл бөлүнүшү зарыл. Ошого көлдүн тазалыгын, ыйыктыгын сактап калуу  үчүн падыша ташбака ар кандай мыйзамдарды киргизип, көлгө чычып-сийгендерди катаал жазага тартып, бул мыйзамдар бакаларга жакпай, ортодо тиреш күч алат. Бакалардын оюнда көл тескерисинче ылайланып, сазга айланса, чымын-чиркей деген балакеттин баары бул жерге учуп келишип, бакаларга түгөнгүс бекер азык табылмак. Жээги ылайланып, ботала чалчыкка айланса, жеңил оокатка кенен тойгон немелер баткакта оонап жатышса андан да сонун эмеспи.

- Сен эми мындай кыл. Эгер пайгамбар экениң чын болсо, бизге жакшы падыша бер,  ̶  ташбаканын төбөсүнө чыгып олтуруп алган баягы бака сөзүн улады,  ̶  Бийлик башына көзүндө оту, көкүрөгүндө жалы бар өткүр, күнү-түнү жаны тынбаган бирөө келсин,  ̶  деди пайгамбарга тостоюп карап,  ̶  Азыр бул шүмшүктү бул жайда бакалар турсун чымын да тоготпойт,  ̶  деди ташбакага карап. Анан ташбаканын башынан ылдый шорголотуп сийип жиберди,  ̶  Алжыган ташбака, дагы төрт жүз жыл өмүр сүргөн акылман имиш.

Мунун кылыгын бакалар дагы кыраан-каткырык, сүрөөнгө алып, күлүп калышты. Ташбака эстүү көздөрүн үргүлөтүп пайгамбарга карады. Баятан бери бакалар эч кимге сөз бербей бакылдап жатышканда, бул бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Кеменгер акылында пайгамбардын улуулугун көкүрөгүндө баамдап, бакалар мазактап жатышканына карабай, башын ташынан чыгарып, пайгамбарга ийилип таазим этти.

- Силерге Жараткан акылман падыша бериптир,  ̶  деди пайгамбар кетип баратып,  ̶  Падышанын айтканын угуп, ыйык көлүңөрдү аздектеп, таза сактагыла. Калганы Кудайдан.

- Ой, сен кайда, пайгамбар?! – анын кетип баратканын көрүп ташбаканын төбөсүнө чыгып алган бака тостоюп карады,  ̶  Жок дегенде биз каалагандай падыша шайлап кетсең, тиги орсок тишиңдин бири кемип калабы?

Көл жээгиндеги бакалар аны коштоп, кетип бараткан экөөнө артынан жаалдап кыйкырып, сөгүнгөн бойдон калышты.

- Сен пайгамбар эмессиң!

- Орсок! Орсок!

- Мунун орсок тишин күбүш керек! Ошондо билет!

- Эй, жанындагы чокчо сакал, алжыган таз баш!

- Кетсин! Кетсин!

- Акыр аягына чейин турабыз!

- Бизге эркиндик керек!

- Эркиндик!

- Акыр аягына чейин!

- Орсок! Орсокту ээрчиген келжирек таз баш!

Алар узап кеткенден кийин асман бүркөлүп, тарс-турс чагылган түшүп, жети күн, жети түн бою токтобой нөшөрлөп жаан жаады. Эмнегедир Жараткан ыйлап жаткандай. Көз жаштай төгүлгөн жаанга ошол аймактагы тарам-тарам созулган сайлар ташкындаган ылайлуу сууга толуп, сайлардан аккан ылайлуу, баткак суулар биригип ташкындаган, ылайлуу дайрага айланды. Кирген дайра өз нугуна өзү ээ боло албай, чалкып жаткан баягы туптунук көлгө келип урунду. Дал ошол киргилденген ылай суунун шары менен өзү аркан бою узун, көздөрүнөн от чачкан, көкүрөгүндө жалы, башында уюган кандай кыпкызыл таажысы бар жоон кара чаар жылан көлгө агып келди. Муну көрүп падыша ташбака коркконунан көздөрүн жуумп, башын ташына катты. Киргилт ташкын суудан сүрүлгөн көлдүн тунук суусу аркан бою көтөрүлүп ташбаканы белгисиз жактарга агызып кетти. Падыша ташбака агып жоголду, качып жоголду.

Сегизинчи күнү жамгыр тып басылып, асман ачылып, чайыттай күн чыкты. Туш-туштан бакалар суу бетине баштарын чыгарып, адатынча чурулдап сайрап киришти. Бакалардын үнүн эшиткен баягы жоон кара чаар жылан көзүнөн от чачып, бир ышкырынып алды да, бакаларды бир четтен соро баштады. Дегеле тоё турган түрү жок. Күнү-түнү тыным албай бакаларды артынан ызгыта кубалап, жеткен жеринде ышкырган бойдон, көздөрүнөн от чача бакаларды тынымсыз оп тарта соруп жатты. Жылан падышанын сүрүнөн корккон көлдүн ак куулары, каркыра-турналар көлдү биротоло таштап, деңизге качты. Асманда тизилип учуп белгисиз тарапка журт издеп кетип баратышкан каркыра-турнанын аягы тыйылбайт.

Абышка менен пайгамбар көп күндөр бою сапарда бирге болушту. Абышка пайгамбарга чын дилинен берилип кызмат өтөдү. Пайгамбар абышканын ак көңүл мамилесине көңүлү жибип, ага жан-жаныбардын тилин үйрөткөнчө жүрүп олтурду дале. Акыры абышканын да сапары карып, артка кетүүгө камынды. Пайгамбар ага батасын берип, жан-жаныбардын тилин аңдаган өнөрү пендеге эч пайда алып келбесин түшүндүрүп, буга көп берилбешин кулагына куюп, жолуна салды. Кетерде экөө кучакташып коштошту. Чал эмшеңдеп ыйлады, пайгамбар ага кайрат берип далысынан таптады.

Абышка канчалаган күндөр бою баскан изин жолду катар кезиккен куштардын сайраган тилинен аңдап, аман-эсен үйүнө кайтып келди. Бир нече ай дайынсыз кеткен чалын көргөндө, кемпири аны тилдеп, босогону аттаар замат беттен алды. Аташкөрөк менен тап берип, абышка жансоогалап там айланып качты. Пайгамбарга кызмат кылып көпкө жүрүп калганын түшүндүрүп, бирок ал үйрөткөн өнөр тууралуу кемпирине ооз ачпады. Бир топ мезгилден бери үйдүн ишин да, сырттын ишин да кылып, үйдө кемпир, сыртта чал болуп, буга көңүлү таш болуп, чалына кекенип жүргөн кемпир муну укканда бир аз жоошуп, унчукпай калды. Алжыган абышка! Өзүң эсен келгейсиң. Калганы жерге кирсин.

Абышка үчүн кадимки тиргилик башталды. Бирок мурдагыдан бир аз башкача. Эми ал короодогу малдын тилин түшүнүп, алардын сөзүн тыңшачу болду. Кеп тыңшар ушакчы чалга айланды. Мына, сага кызыктын баары! Бул малдын жашоосу деле биздикиндей турбайбы. Буларда да дос-душман, көрө албастык, артынан ушактоо, деги койчу, тилин аңдаган адамга жашоосу биздикинен да кызык тура! Ал тургай ар бир малдын жеке жашоосунда болгон окуялар тууралуу ушактарды угуп алып, көздөн жаш акканча жыргап күлчү болду.

Короодогу мал арасында жүргөн ушак кептерге таянсак, эң иштерманы  ̶  күрөң кашка ат, эң эле митаамы  ̶  кара эшек, баарына бирдей жакканы  ̶  жыл бою, күнү-түнү короо кайтарган Алапар ит, ал эми, эң эле жеңил ойлуу, ойсеке – бул таргыл уйдун жанында байлануу турган, эч кимге сыр билгизбегендей түр көрсөтүп, көздөрүн сүзө кепшенген, эмчектери чытыраган, узун кирпик, бакыраң көз ала кунаажын болуп чыкты. Көзүндү сүзбөй жерге кир! Баарынын кыңыр иштеринен маалым – бул тооктордун арасында жаткан чаар короз экен көрсө. Сыягы таң азандан туруп, түнкүсүн там башында баарына көз кырын салып жаткандан улам болуш керек. Калган ушак кептерди өзүн айланчыктап шагырагап жүрүшкөн мекиян тооктордон угат. Кайран чаар короз адалсынган Алапардын ошол тегеректеги көңүлдөш канчык иттеринен бери билет тура!

Бирок жан-жаныбардын тилин билген деле бир жагынан жаман экен. Канчалык аз билсең, ошончолук көп жашарсың деп бекеринен айтылбаган чыгар. Түн бир оокумда абышка ары оонап, бери оонап, уйку дегенден такыр кабар жаткан. Көздөрүн жумат, же мындан көз кургур илинип кетсечи. Кемпири акырын кырылдап коңурук тарта эбак уйкуга кеткен. Чакчайып шыпты тиктеп жата берди. Сырттан үндөр чыгып баштады:

- Тарт! Чамдагыла!

- Бир! Эки! Үч!

- Кеттик!

- Күч бирдикте! Чамдагыла азаматтар!

- Жайында кылган мээнеттин, көрөсүң кышта акыбетин!

Чуру-чуу кыйкырыктан тажап, башын төшөккө катты. Сырттагы үндөр андан бетер катуулады. Шашып-бушуп көлөчүнүн артын тепселей кийип сыртка атып чыкты. Үн чыккан жакка басып барды. Караса бир топ кумурска буудайдын бүтүн башын жабалактап сүйрөп, уюгуна жакындап калышыптыр. Изинен байкап караса, буудай башын тээ аңыздын этегинен бери көздөй бир топ аралыктан сүйрөп келишип, уюктун оозун омуроолоп калышкан. Уюктун үстүндө бир чепейген мамадааны кумурска аларды сүрөөнгө алып, жаагы тынбай кыйкырат:

- Чамдагыла, азаматтар! Аз калды!

- Бир! Эки! Үч!

- Кеттик!

- Көтөр! Көтөр!

- Ырыс алды ынтымак, достор!

Чал аларды ачуулуу, бети-башы дирт-дирт эте карап турду. Жубарымбектер! Же тиргилик ушул кумурскаларга эле керекпи! Таң азандан кечки иңирге дейре иштешсе деле жумуш бир жакка качпайт ко! Буга ачууланган абышка кумурскалар сүйрөп бараткан буудай башын алардан жулуп алганда, коркуп кеткен кумурскалар туш тарапка дыргаяктап качышты. Уюк башында туруп алып, жаагы жарылгыдай кыйкырып жаткан кумурска уюгуна кире качты. Ачуусу али тарай элек абышка колундагы буудай башын алаканы менен мыжыга укалап туруп, уюктан алыс тарапка чачып жиберип, үйдү көздөй жөнөдү.

- Эй, чокчо сакал, бери кара! Кеп бар сенде!

Кетип бараткан абышка артын караса, баягы чепейген кумурска уюк башында ага муштумун кезеп туруптур.

- Бирөөнүн ырыскысын бүлдүргөн кандай уяты жок немесин өзү?! Кичине дебегин мени, көтөрүп чабамын сени! – кумурска абышкага сөөмөй кезеди,  ̶  Малыңды жут алсын да, өзүңдү бир күн жоо чапсын, акмак!

- О, тили заар кумурска!

Абышка өзүн кармана албай, түз уюкту көздөй жөнөгөндө, мамадааны кумурска уюгуна кире качты. Тилиңе тибиртке чыккыр! Чепейген боюңа ченеп сүйлөсөң боло деги! Барды да, кумурсканын уюгун буза тепти. Эр болсоң эми сүйлөп көр! Кумурскага өчөшүп, бузулган уюкту кекене  тиктеп турду. Саар менен туруп караса, кумурскалар түнү бою иштеп, бузулган уюгун оңдоп-түздөп, кайра тургузуп алышыптыр. Эчтеке болбогондой чурулдашып, ар жерде дан чогултуп иштеп жүрүшкөн түндөгү кумурскаларды көрдү.   

Бир күнү кечке маал короодо байланып турган чокусун жегир кара эшек капыстан эле айкырып кирбеспи. Байлоодогу малдын баары аңкайып аны тиктешти.

- Ой, кара башыңды жегир кара эшек, ̶  короо четинде үргүлөп жаткан картаң ит чочуп кетип, башын көтөрүп, кара эшекти жактырбай тиктеди,  ̶  Беймаалда эмне айкырып жатасың?

- Ээ, алжыган досум Алапар,  ̶  деди кара эшек,  ̶  Мен көргөндү ким көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу? Таргыл уйдун жанын алам деп жалаңдап ажал келатат. Ажалды көргөндө кармана албадым.

- Ажал дейсиңби? – таргыл иттин уйкулуу көздөрү умачтай ачылып, эшекти карады. Борс-борс үрдү.

- Ии. Беймарал кепшенип жаткан кургур уй сездиң бекен ушуну?

Муну укканда абышканын шаштысы кетти. Таргыл уй да он чакты торпок тууп, жашы бир топко барып калган. Өлүп кала электе, сатып жиберип пайдаланып калууну чечти. Саарлап турду да, уйду базарга жетелеп жөнөдү.

- Мунуң далай торпок тууп, түзүк эти деле калбаптыр, – деди алып сатар уйдун тияк-биягына өтүп тиктеп. – Он бир теңгеге арзыбайт, жети теңгеге ыраазы болсоң алайын.

- Бар береке, алыңыз!  ̶  деди абышка алып сатардын колун силкий. Дитинде беш теңгеге сураса да бергени жаткан.

Эрте менен сатылган уй эртеден кечке өтпөй турду. Айласы кеткен алып сатар кечке маал уйдун үстүнө бир теңге кошуп, касапчыга сатып жиберди. Касапчы уйду алды да, базардан сыртка жетелеп жөнөдү. Кара эшек айткандай уйдун да ичеер суусу түгөнүп, касапчыны жетегинде эчтекеден бейкапар аны ээрчий жөнөдү. Ажалын ээрчип баратты.

Арадан бир нече күндөр өттү. Бир күнү түн ичинде малдан кабар алганы короого кирсе, демейде таң азандан тамагы айрылгыдай кыйкырган короз түн ичинде катуу-катуу кыйкырып жибербеспи.

- Эй, жүнүңдү түлкү тытып, башыңды түлкү кажып жегир чаар короз, – деди ээсине шыйпаңдап келе калган Алапар корозго ачуулуу тиктеп,  ̶  Түн ичинде кыйкырып, эмне бейкылык болуп жатасың?  

- Эх, шалпаң кулак Алапар,  ̶  деди короз ойлуу,  ̶  Мен туйганды туйдуңбу деги? Сыртта байланып турган күрөң кашканын да күнү бүттү. Ажалы келди жалаңдап. Муну сезгенде каңырыгым түтөп кетти?

- Эмне дейт, кокуй! Күрөң кашка атты айтасыңбы? – ит кулактарын шалпайтып, там башында тооктордун арасында жаткан корозго аңкайып карады. Анан борс-борс үрдү.

- Ии. Кайран күрөң кашка… Эч кимге жамандыгы жок, иштен башы көтөрүлбөгөн момун эле,  ̶  деп короз улутунду.

Муну укканда абышканын тынчы кетти. Он беш асый жашка барып, өзү сыңар карып калган атын өлүп кала электе сатып кутулууну чечти. Муну ойлоп, таң атканча кирпик ирмебей чыкты. Саарлап атты базарга жетелеп жөнөдү.

Базарда күрөң кашканы сураган жан болбоду. Баары эле сүйлөшүп алышкандай, аттын тиштерин ачып көрүп, түксүйгөн, арык ыраңын көргөндө баа бычпастан басып кетишет. Күн түштөн ооп, базардагы адамдардын аягы сээлдеп, эртеден бери аңкайып олтурган абышканын айласы кете баштады.

- Карып, тиштери деле калбаптыр,  ̶  деди баягы касапчы аттын оозун ачып, тиштерине көз жүгүртүп жатып,  ̶   Мингенге муну эми эч ким албайт ко. Өтө арзан сурабайын, он бир теңгеге ыраазы болсоңуз алайын  ̶   деп абышкага суроолуу тиктеди.

- Бар береке!  ̶  деп абышка касапчынын колун силкип жиберди. Эртеден бери олтура берип көчүгү талыган абышка дитинде тогуз теңгени деле көздөп жаткан.

Касапчы он бир теңгени санап берди да, өзү менен ала келген ноктону аттын башына салып, касапкананы көздөй жетелеп кетти. Чаар короз баамдап-туйгандай убагы келгенде күрөң кашка ат да тагдырдан буйтап кете албай, касапчынын жетегинде анын артынан ыкшоо тартып, ыргылжың басып баратты. Ажалын көздөй баратты.

Жай мезгили аяктап, берекелүү күз мезгили баш багып, бак дарактар саргыч тартып, жерге жалбырактар күбүлөт. Там артында жаткан ит кокусунан тура калып, карышкырча асманга карап улуп кирди.

- Эй, алжыган, акмак Алапар,  ̶  деди алабаш кой кашардан башын чыгарып,  ̶  Жок шойкомду баштап, шүйкүмү бузук болуп  короого бөрү чакырып карышкырча улуп жатканың кандай?

- Ээ, момун жаным, алабаш,  ̶  деди Алапар көздөрүнөн мөлт-мөлт жаш чууруп. – Эки ажал бир келсе, амалындын кеткени дейт. Өзүмө келген ажал менен адамга келген ажалды бир көрсөм кантип улубай коёмун, кантип ыйлабай коёмун...

- Адамга дейсиңби? – алабаш кой кашардан башын чыгарган калыбында Алапарды оозун ачып тиктеген бойдон селейди.

- Ии. Жакында эми кожоюн өлөт. Анын артынан мен кетем.

- Ухх, оозуңа кара таш сенин! – алабаш кой каргап-шилеп жиберди.

- Ошондой, досум,  ̶  деди ит кабагы салыңкы. – Кожоюн бечара эшигине капыстан бастырып кирген сан миңдеген жоого таланып, үйүндө өлөт. Жоонун баштап жалгыз ургаачы турат.

- О, кокууй! – деди алабаш кой оозуна башка эчтеке кирбей.

- Напси деген жаман да, напсиңди тыя билбесең, напсиң сага ажал да,  ̶  деп күңкүлдөп алды ит курган.

Күтүүсүз келген ажалдын кабарын укканда, жанатан үргүлөп олтурган абышка ордунан атып турду. Кемпирине муну айтышка жүрөгү даабай, ордунда ары-бери баса берди. Кыжаалаттан улам ошол күнү жарытып деле иш жасаган жок. Кечинде мунун кабарын кемпирине айтайын деп, бирок такыр оозу барбады. Башы чыңала оорутуп, үшкүрүнүп жатып таң атырды.

Таң атты. Чала уйку абышка түшкө дейре башы зыңылдап, кыйратып деле иш жасабады. Түштө араң басып келип, кемпиринин мандайына олтура кетти. Кемпири жүн тытып жаткан.

- Маңдайга жазылган тагдырдан эч ким качып кутулбаган, кемпир,  ̶   деди абышка кыңырылып жатып. Кемпири ага көңүл бөлбөстөн алдындагы жүндү тытуу менен алек. – Менин да ичер суум түгөнүп, бул жалгандан кетер маалым келди.

- Эмне дейт, ботом?! – чочуп кеткен кемпири ишин токтотуп, ага элейип карады. – Эмне дейсиң?

- Менин да ичер суум түгөндү дейм.

- Э, жөн олтурчу, кокуй,  ̶  деди кемпири буга анча маани бербей. – Жаман эркек өлөм деп коркутат болбой…

- Жаман эркегиң өлөм деп коркутпайт, сан миңдеген жоо менен салгылашып баатырларча курман болот, кемпир, ̶   деди кемпиринин сөзүнө териге түшкөн абышка. – Башында ургаачы кол башчы  турган сан миңдеген жоо менен аёсуз салгылаш болот.

Кемпири муну олуттуу кабыл алат деп ойлосо, тескерисинче кемпир олтурган жеринде ыкшып күлүп, ичин кармаган бойдон жерге кулады. Жерде жатып алып да, бир топко ичи эзилип, көзүнөн жаш акканча күлдү.

- Олдо, кемакыл, осурак чалым, аай! – деди кемпир жаткан жеринен туруп баратканча, күлкүсүн араң тыйып. – Көкүрөгү кыртылдап, көчүгү тыртылдап калган сени сан миңдеген колу менен бастырып кирип, чаап кете турган кайсы бейбаш катын болду экен деги!? Охх-иий, курган жаным, кыз кезимден бери ушунтип бир күлсөмчү! Жоо чапканды мындай кой, ачыган жарманы көп ичип, чычкактап өлөт экем десең, анда ишенмекмин, катыгүн!...

Абышка ойлонуп калды. Чын эле муну сан миңдеген жоокери менен бирөө-жарым үйүнө бастырып кирип, өлтүрүп кете турганы акылга сыярлык иш эмес да. Өмүрүндө аял киши өчөшүп кала турган деле жаман ишке барып көргөн эмес. Же эзелтен бери кун доолашып келген душманы болбосо. Өмүрү колго найза кармап, жоого түшүп көргөн жан эмес. Кайран колдор кетмен-күрөк кармап, жер менен салгылашып жүрүп карыды. Ит деле бир топ жыл жашап, карып калбадыбы, ал да мага окшоп алжып калса керек. Алжыган картаң иттин айтканына ишенип алган өзүн апендиге теңеди. Арадан эки-үч күн өтүп, бул күлкүлүү окуясын унутуп калды.

Бир күнү эртең менен туруп, эшик алдында өсүп турган долоно бутагында томолоктошуп дүпүйгөн караанды көрдү. Жакындай келип, баам салып караса, бир жактан качып келген бал аарынын үйүрү экен. Тим койгусу келип, бирок буга напсиси жол бербеди. Өзү буга чейин бал аары кармап көргөн эмес, буларды кап менен кармап, айыл этегиндеги балчыларга сатып жиберүүнү чечти. Колго түшкөн коёнду коё берүүгө болобу. Сарайдан кап алып чыкты да, бети-башын сүлгүгө ороп, долононун астыңкы бутагына чыкты. Топтошкон аары турган бутакты акырын ийип, каптын оозун ачып жиберип, бутактын алдына тосту. Бутакты акырын силкип жибергенде, бутак карс дей сынып, томолоктошкон аары жерге күп дей түштү. Бутакка салмагын салып турган абышка кармана албай буту бутактан тайып, томолоктошкон аарынын артынан удаа кулап барып, күп эте топ аарынын үстүнө кулады. Башы жерге катуу тийип, көздөрү караңгылашып, тура албай, кулаган жеринде жатып калган кезде, кулагына туш-туштан ызылдаган аарылардын үнү угулду:

- Кырсык!

- Бизди өлтүрүп жатат!

- Энеке, энеке! Чабуулга буйрук бериңиз!

- Өлдүк!

- Аа! Белим сынды!

Бир убакта томолоктошкон аарылардын арасынан аары-эне учуп чыкты. Капилеттен кол салган мыкаачы жоону ушунчалык заардуу тиктеп турду да, анан ачуу кыйкырып жиберди:

- Чабуулга! Канкор душманга өлүм болсун!

- Кеттик чабуулга!

- Душманга өлүм!

- Өлүм! Өлүм!

- Аябагыла!

Жаалданган аарылар ургаачы аары-эненин буйругун угар замат, аны эки кылбай өзүндөгү  «канжарды» душманга матырып жиберип, ошону менен өлүп кетишерин билип турушса да, жанкечти аарылар келечек укум-тукумун сактап калуу үчүн керт баштарын өлүмгө сайып абышканы туш-туштан «канжар» менен аёсуз сайгылап киришти. Абышка сан миңдеген «жоонун» алдында өмүр үчүн салгылашып жатып жан берди.

Ошол окуядан бир күн өтпөй Алапар ит белгисиз жактарга кетип дайынсыз жоголду.

Эрназаров Кубантай – 1980-жылы Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылында туулган. 1997-жылы айылдык «Кабылан-Көл» орто мектебин алтын медаль менен аяктаган. Мектепте кыргыз тили жана адабияты, физика, математика сабактарын өзгөчө баалап окуган. 2002-жылы Ош МУнун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 2006-жылга чейин Ош МУда окутуучу болуп иштеген.

2008–2014-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясында (Бишкек ш.) кенже илимий кызматкер, КГУСТАда окутуучу, МУИТ университетинде кафедра башчысы кызматын аркалаган. 2014-жылы Москвадагы Орусия Элдер Достугу (РУДН) университетиндеги Гравитация жана космология илимий институтуна магистратурага тапшырып, 2016-жылы магистратураны артыкчылык диплому менен аяктап, ошол жылы институттун күндүзгү бөлүмдөгү үч жылдык аспирантурага кабыл алынып, 2017-жылы кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда бир жылда жактаган.

Физика-математика илимдеринин кандидаты, физик-теоретик. Илимий эмгектери математикалык физиканын түрдүү маселелерине арналган: Космология (Ааламдын жаралуу жана өнүгүү теориясы), Салыштырмалуулук теориясы, Көп өлчөмдүү тартылуу теориясы. Жалпы 30дан ашуун илимий макаланын автору. Ондон ашуун илимий эмгектери Сингапур, Европа жана АКШнын белгилүү илимий журналдарында жарык көргөн [1]. 2018-жылдан бери РУДН университетинин физика кафедрасында ага окутуучу.

Бош убактысында Дүйнө адабиятын кыргыз тилине которуу менен бирге автордук чакан аңгемелерин РухЭш сайтына жарыялап келет.   

[1]. https://arxiv.org/search/gr-qc?searchtype=author&query=Ernazarov%2C+K+K

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз