АҢГЕМЕ
Кээде ушундай бир жаныңды кыйнаган күлкүлүү окуялар боло берет ээ? Күлөйүн десем, жиним келет. Жинимдин келгенине күлкүм келет десең. Ээх! Адамдар качан жөнөкөй жашай алаар экенбиз.
Эл аралык бир долбоордо иштеп калдым. Эмгек акыны алганга келгенде эле азап башталды. Патент алып келишиң керек дешти. Биринчи элден сурап көр дешти. Эч кимден чыккан жок. Анан бухгалтер сен өзүң барып эле ал, башкаларга да патент керек, сеники менен эмгек акысын беребиз дешти. Деги ушу салык, эсеп-чот, дөкүмент дегенде эсим чыгат. Мага жакпайт. Оюң жетип турганга колуң жетпей эле жүрө бере турган, деги адамды ого бетер камап, ошо бетер рамкага салып, төрт бурчтук кылып ийлеп жиберет ко чиркин!
Жакшы эле баш тартайын дедим. Тынч эле жүрө берсем деп. Жок, болбой калды. Акча алыш керек. Тобоо, акчанын зерин карачы ээ? Эмне гана кылдырбайт. Моюнга алыш керек. Биринчи, патентти каякта берет? Аны табыш керек эми. Ала-Арча көрүстөнү тарапта экен...
Барганда жаныма 500 сомдой алып алгам. Ошончо акча берсем керек деп дүңүнөн, өзүмчө чечим чыгарып алып эле жетип бардым. Барсам, элдин баары эле ушул жердеби, адам укмуштай көп экен. Бир сааттай кезек күттүм. Кезегим жеткенде патент баасы 1600 сом дешти. Кап. Эптеп кезек тийсе. Эми кайра кетемби? Барсам эле бере калчудай, башка да иштерди пландап койбодум беле. Мын ссага. Баары өлдү.
Акча табыш керек эми биринчи. Күйөөмө чалдым. Ал бир саат күтүп тур, анан алып барып берем деди. Эмне кылам. Башка арга жок. Аялдамада аны күтүп турдум. Ал келип акчасын берди да, "Бол бат чыга кал! Банкка барышыбыз керек" - деди. "Азыр эле келе калам!" деген бойдон чуркап кеттим. Кайра адамдар үймөлөктөшүп, биринин жүнүн бири жейт. Кезекке туруш керек. Жинимдин кайнаганын сураба. Эптеп кезегим жеткенде паспорттун көчүрмөсүн өткөрүп кел деп кайра жиберди. Аны өткөрүп келсем, кайра киши толтура. Кайра кезегим жеткенде тиги короодо банкка акча төлөп келе кал деп кайра кетирди. Банкта кеминде жыйырмадай киши кезекте турат.
Эми бул кезек келгиче качан? Нервим кашайды. Эми бул кезек жеткиче эмне кылыш керек. Күйөмө телефон чалдым.
- Банкта кезек көп экен, сен кечикпейсиңби?
- Эмне, терминалдан төлөсө болбойт бекен?
- Банкка жиберишти го.
- Күтүп турайын эми. - Жини келгенин билдирбей, араң айтты.
Жарым сааттан ашык турдум. Менин кезегиме жакын калганда, "распечатка иштебей жатат" деп банкты жаап салышса болобу? Бир бала терминалдан төлөдүм деп кетип баратканын көргөм. Терминалдан төлөп көрөйүн деп барсам, алдымдагы аял патентке акча төлөп жатыптыр. Кудай жалгап, ошонун аркасы менен терминалдан акча төлөп келсем, дагы деле кезек. Жаным чыгып кетейин деди. Акыры колго патентти алдым.
Кеч кирип кетти. Күйөм банкка барбай калды. Бухгалтерге патентти алып барып берсем, патенттин пароль менен логинин алсаң, кийинки айда биз өзүбүз узартып турмакпыз да деди. Анысын кайдан билдим. Бир ай өткөн соң мени патентти узартканы бухгалтер кайра жиберди. Жүрөгүм сезип эле турду, дагы мага кыйын болорун. Бирок колдон иш келип турганда уят ко баш тартсам деп, эрдик менен макул болдум. А бухгалтер жасар жүргөн иши, көнүп калган да. “Единица” салып кой дегендей эле патенттин акчасын берди, узартып кой деп.
Кайра баягы жерге бардым. Көнө түшүптүрмүн. Билем, кечке жүрөрүмдү. Эч бир иш пландаган жокмун. Баягы кезек. Кезек күткөнгө көнүп калгамбы, негедир кезегим эрте эле келгенсиди. Орто жашап калган аял окошкада компьютерде отуруп, патент берип жатат.
Мурда тизмеге кирбедим беле, эми оңой эле төлөп кетсем керек деп ойлодум.
- Эже, мен өткөндө патент алгам, узартышым керек. Паспорттун көчүрмөсүн өткөрүп, дагы документ толтуртурбаймынбы?
- Менден алдың беле патентти?
- Кандайча? Мен бердим беле?
- Билбейм, кыскасы ушул окошкадан алгам.
- Эгер менден алсаң анда жөн эле берем, эгер жок болсо паспорттун копиясын өткөрүп келесиң.
Эптеп кезегим жетсе, кайра кезекке тургум келбей, аябай жиним келди.
- Кандайча, ортодо бир база жокпу? Алынган патенттердин тизмеси чыга турган?
- Эмне? - мени жаман көзү менен карады.
- Менден алсаң жөн эле берем, башкадан алсаң кайра кагаз толтурасың дебей эле, адамдарды убара кылбай эле иштесеңер болбойбу?
- Эмне деп эле наалып атасың? Паспорттун копиясын өткөрүп келиш оорбу?
- Бул жер менчик жай эмес да, менден алсаң, андан алсаң деп бөлгүдөй. Эмне биз күнөөлүүбүзбү сизден албаганыбыз үчүн. Ырас, мамлекеттик болгондон кийин, патентти ушул компьютерден алгандан кийин, тизмем ушул жерден чыгышы керек да. - Жиним келип паспорттун көчүрмөсүн, кассага акчасын төлөп келдим.
Келсем, тиги аял мага тилин кайрап калган экен. Аябай сүйүнүп кетти ичинен менин жаңылганыма.
- Мына, сен электрондук патентке төлөбөй, “добровольный патентке” төлөп салыпсың. Тултуңдап кыялыңды көрсөтүп кеттиң эле, түшүнүп, жакшылап сурап алып төкпөйсүңбү. Мен бере албайм эми. “Айыл банкка” барып акчаңды котортуп кел.
- Эже, кайсыга акча төлөнсө, ошол патентти бере бериңиз.
- Жок, мына, бул жактан чыкпай жатпай.
- Туй, эмне кылам эми?
- Банкка барып, чек алып келмейинче бере албайм.
"Таза балээге калдым го, эми банкка барыш керекпи?.. Эмне кылам”. – Өзүмдү өзүм сабырдуулукка чакырып, айыл банкка маршрут менен бардым. Ал жакта кайра КЕЗЕК. Эми мага точно баары бир болуп калды. Кезегимди күтүп отура бердим. Кезегим келгенде келгенимди түшүндүрсөм, бир жаш кыз экен. Жумушка жаңы кирсе керек.
- Сиз заявление жазышыңыз керек, - деп чоюлду.
Өх, жөн эле которуп койсо болбойбу ээ? Кыламыктан бут сынат, буламыктан тиш сынат деген даана ушу бейм.
“Э кокуй, болор-болбос нерсе үчүн эми арыз жазып...” – Ичимден кайра наалып атат окшойм ээ. Токтотчу эй, жазсаң жазасың да. Жаз. Өзүмдү өзүм ичимен урушуп атам.
Бир топ суроолорун берип, анкетасын толтурду.
- Сизге бүгүн кечке, болбосо эртең телефон менен байланышышат. Сиз башка салык кызматына барып, ошол жактан квитанция аласыз.
- Эмнеге, дароо ушул жерден бере албайсыңарбы?
- Жок. Күтүшүңүз керек.
Туй, елки! Даана балекет болду го эми. Кеч кирди. Үйгө кеттим.
Эртеси кайра банкка бардым. Дагы кезек. Сабырым түгөндү. Түз эле качырып барып баягы кыздан сурайын дедим. Ал жок ордунда. Мына ссага! Жанындагы кызга айтсам, он мүнөттөн кийин келет, күтүп туруңуз деди. Күтүп отурам. Жок. Жок. Бир маалда толмочунан келген киши келди. Кыязы, башчысы көрүнөт.
Сабырым түгөндүбү, айтор, ага баарын айттым. Айтсам: "Ал кыз ооруп атат келбейт. Сиз бул жакка эмес, үчүнчү кабатка барасыз. Ал маселени булар карабайт", - десе болобу. Э кокуй, анда кечээтен бери кезекте неге турдум, бир күн мени неге күттүрдү. Кайра бүгүн өзү неге жок? Нервим кашая баштады.
Үстүңкү кабатка көтөрүлүп, бир баладан сурасам:
- А сиз бул маселе боюнча Молодая Гвардия-Жибек-Жолу жактагы налоговаяга барышыңыз керек, - дейт. Жаным ушундай кашайды.
- Силерди карайт деп ушул жакка жиберди го! - жаман көзүм менен карап, аны урушуп кирдим.
- Жок, биз карабайбыз. Биринчи кабатка барышыңыз керек.
- Ошол жактан азыр эле үчүнчү кабатта карайт деп жиберди го! - ыйлагым келди.
- Эже, бул экинчи кабат.
Күлүп жибердим. Ичимен адашканыма сүйүндүм. Элестетсең, эми дагы бир жакка баратканымды.
Үчүнчү кабатка барсам бир жаш кыз жылуу кабыл алып, чоо-жайымды айтсам, жардам бере турган болду. "Өх эми алат окшойм" деп жаным тынып, аны күтүп отуруп калдым.
- Эже, эми сиз бир сааттан кийин келсеңиз болот. Запрос жөнөтүп койдум.
- Эми каякка?!
- Сиздикин текшерип, анан бизге чек жөнөтүшөт. Ал чек келгиче обед болуп калат. Обедден кийин келгениңиз оң.
"Туу-уй! Бир укмуш чек болду го деги бу?!" – Жиним келип тышка чыктым. Эми бир саатта эмне жумушум бүтмөк эле. Биротоло ишимди бүтүрүп кетейин деп эшикке чыгып, көшөрүп бир сааттан ашык күттүм. Эшик суук. Кезекке туруп, кезеги жеткенде түштөнүү болуп калган адамдар турат. Булар деле мендей да. Болбогон бир иш үчүн темселеп...
Эх, дүйнө, дүйнө!
Нурак Абдрахманов атамдан илгери интервью алып жатканда мындай деди эле:
- Атам айтчу, эч качан дүйнөнүн артынан куучу болбо. Анын артынан түшүп көнүп алсаң, өмүрүң убарага малынат деп...
Күйөмдүн айтканы да эске түштү:
- Дүйнө деген бул артынан кыз көрүнгөн карыган кемпир экен да. Аркы дүйнөдөн артынан кууп-кууп, жанына жетип карасаң, карыган кемпирди көргөндөй кайра качат экенсиң...
"Даа, артынан темселетип атпайбы, карасаң..."
Түштөнүү бүтөрү менен кайра кирдим. Барсам баягы кыз жок. Жанындагы кыздар аны кеч келет дешти. Менин чындап жиним келди.
- Ал бир сааттан кийин кел дебеди беле?
- Эмне маселе эле?.
Ага кайра баарын баштан түшүндүрдүм. Кагазды ал кайра жөнөттү.
- Дагы бир сааттай күтүп турасызбы? Чегиңиз келгиче күтүш керек.
"Ух! Мага эми баары бир, надоела уже!" – Сумкаман Абдымомуновдун китебин алып чыгып, башка ишим бүтүп калгансып аны окуп отура бердим. Бир маалда баягы кыз келди. Шаша турган түрү жок.
- А вас помню. Эртең менен келгенсиз ээ? Мен сизге айтайын деп унутуп калган турбаймынбы, сиздин чекти биз бере албайт экенбиз.
"Уужас! Бул эмне деген кордук ыя? Айтчы кудай?" – Башымды жерге салып, ал кызды да карагым келбей:
- Эмнеге? - дедим. Мен эми кыйкыра да албай калдым. Кайгыра да албадым. Алым калбады эч нерсесине.
- Сиз кечээ келишиңиз керек болчу. Бүгүн болсо налоговаяга өтүп кетти.
- Мен кечээ келгем да. Бүгүн кел деген да. А бүгүн ал кыз өзү жок. Ал кыз силерге жибериши керек эле да. Өз ишин билбейт турбайбы. Эмне адамды убара кылат? – "Билбейбиз" дегендей ийин куушуруп тим болушту.
- Эми кайда барам?
- Аламүдүн районунун салык кызматына.
- Ал кай жерде?
- Билбейбиз.
Эшикке чыктым. Эч жагына баргым келбеди. Эч жагына. Интернеттен карасам, Аламүдүн 1 жакта экен. 9-троллейбуска түшүп ал жакка бардым. Милиция формачан кара тору бир жигит:
- Эже, сиз акчаны төлөдүңүз да. Бул деле жарай берет. Патентке төлөгөм деп квитанцияны көрсөтүп коё берсеңиз болот. А муну алмаштырыш үчүн дагы (бир жерди айтты) ошол жакка барып арыз жазышыңыз керек.
"Немогу, немогу"
- Макул, жакшы калыңыз. – Тобоо, ушул баладан жок дегенде түшүнүктүү жооп алдым.
Эми кийинки айда кайра патентке барам. Кайра кезекке турам...
Кечинде үйгө кеч келдим. Жолдор тыгын. Жолдо эле эки саат жүрдүм окшойт.
- Бүгүн жумушка бардыңбы? - деди күйөөм.
- Жок, патент менен жүрдүм.
- Дагы акча аласыңбы?
- Жок. Жөн эле керек болчу.