Түгөлбай Сыдыкбековдун “Табылга” аттуу китебиндеги асыл ойлор топтому. Бул китепке жазуучунун ар кыл жылдары жазылган, учурунда мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган жана жарыяланбаган макалалары топтолгон.
Жазуучунун коомго болгон жекече көз караштары, субьективдүү пикирлери, ары орундуу, ары кызыктуу.
* * *
Мээ – акыл-эстин соолбос казынасы. Ага кам көргөн сайын ал өнүгө берет.
* * *
Жалтанчаак акыл жарыкка эшик ача албайт.
* * *
Коркунуч турган жерде эркиндик жок.
* * *
Коркуп жүрүп акыйкатты таба албайсың. Анткени корккон сайын акыйкаттан өзүң адашасың.
* * *
Кызганчаак акыл сүйүүнү тааныбайт. Анткени кызганчаак сүйүүдөн өзү адашат.
* * *
Өз жыргалын көксөгөн акыл эркиндикке ээ эмес. Анткени ал күнүмдүктүн кулу.
* * *
Тайкы акыл тереңге чабыттаса да ал тайкы боюнча калат. Себеби анын чабыты тайкы.
* * *
Сен өзүңдү өзүң жакшы билбесең эркин да эмессиң. Эркиндикке жете албаган соң сен кубатсызсың.
* * *
Кубатсыздык даңгыр жолду бөгөйт. Чыгармачылыктын шам-чырагын өчүрөт.
* * *
Туура сөз – эркиндикке эшик ачат.
* * *
Акыл туткунда болсо, ал абдан тынч, жайлуу. Ага анча коркунуч жок. Бирок ал ошо кулдуктан бошонбойт.
* * *
Пайдага алданбай ой жүгүрт. Акылың жемиштүү ишти өтөйт.
* * *
Пейли менен Теңирге жүгүнгөн акыл ак ойлойт. Кылмыштан коркот. Пейли менен бийликке жүгүнгөн акыл баш кескенден коркпойт.
* * *
Акылыңды ойготпосоң, ал жаш баладай уктай берет. Бирок бала тынч уйкуда дени сак. Акыл тынч уйкуда магдырак.
* * *
Ар кандай ишенимдин таасирине камалбай, акыл-ой мейкининде элкин сапар чеккен кезде гана киши эркин.
* * *
Өмүр акылманга да, акмакка да бирдей кызык. Айырмасы: акылман кейип өтөт. Акмак күлүп өтөт.
* * *
Биздин мекенибиз адам баласынын келечеги. Ал, келечекте зор, асыл максаттарга жетүүгө шарт түзүп турган уя. Ушул улуу уяда жашап туруп жолдон адашып, өз максатын өтөй албай (жакшылап өсүп келе жатып эле) аксап калган кишилер да бар. Анда билим десе билим, ден соолук десе ден соолук жайында. Ал үчүн мекенибиз көп чыгым да жумшаган. Мына ушундай адамдарга элдик жалпак сөз менен эскертерим: "Адамды тамак аксатат, атты туяк аксатат". Ушундай өз жолунан адашкандарды көргөндө катуу өкүнөсүң. Бул ачык айтканда: мекендин өкүнүчү".
* * *
Жеке кишинин мактанычы – көйрөңдүгү. Керт башындагы чоң кемтик. Жетилбегендик. Наадандык.
* * *
Калк өмүрү, калк мурасы анын ар-намысы. Ага доо кетүү элдин рухий дүйнөсүн кем баалоо. Аны бурмалоо залалдуу көрүнүш. Чегине жеткен наадандык.
* * *
Тил маданияты өнүккөн сайын сөз күчү артып, анын мааниси кенен жана туюнумдуу болот. Туюнумдуу сөз жугумдуу, жугумдуу сөз таасирдүү. Машаага таамай тийген октой сая кетпейт. Кеп арманда, кысыр калбайт!
* * *
Өзүнө пайда тапкан кызыл кекиртектер күч алган сайын ой-сезим мокоду. Маңкурттук күчөдү.
* * *
Чала иш жетилет. Кемтик оңолот. Ансыз илимде, көркөм өнөрдө, деле бардык тармакта өркүндөш болбойт.
* * *
Кемтикти көрүп туруп жайына таштап коюш – биримдикти чачыратар кылмыштуу иш.
* * *
Канчалык өкүнүчтүү болсо да материалдык жактан залал келтирген көз боёмочулукту оңдоо рухий жактан жан дүйнөгө залал келтирген көз боёмочулуктан алда канча жеңил.
* * *
Кызды ала качуу – салтсыздыктан чыккан терс көрүнүштүн жемиши.
* * *
Куру намыска алданган кай бир ата-энелер “Калыңсыз кыз – каадасыз кыз” деген тар түшүнүк намыстарына тийип, жең ичинен болсо да каада күтөт окшобойбу.
* * *
Виктор Гюго: “Мекенге берилген жаратты ар бирибиз жүрөгүбүздө сезебиз”.
* * *
Кемтикти моюнга алуу – чоң адамгерчилик.
* * *
Адамдын жарык дүйнөсү, жараткан жакшы нерселер эскирбейт.
* * *
Бир беткейлик чоң кемчиликке учуратат. Жаңылыштыкка алып барат. Кишини рухий дүйнөдөн бөксө калтырат. Бөксөлүк – кемтик.
* * *
Чындык ишти бузбайт. Түзөйт!
* * *
Өз жерин тааныбаган киши башка жерди баалабайт.
* * *
Өз керт башынын пайдасын издеген адам пайда чыгар багыт те күңүрт тарапта болсо мейли. Ошол жакка жанын сабап жүгүнөт.
* * *
“Түлкү өз ийнине наалыса, анын өз намысы төгүлөт” – деген баба сөзүн эске туткан уул жаттын арамзалык менен алдына уча коюп сыйлашына, ал алданбайт. Тескерисинче, Мекендин жылуусун баалаган уул Ата Журтту өзүнө мурас этет!
* * *
Көрмөксөнгө салган кемтик акыры чоң зыянга чабат.
* * *
Алга өнүккөн коом улам жаңы баскычка көтөрүлгөнүндө, ал таман койгон бийиктик пайдубалсыз болсо, ал сөзсүз урап түшөт. Пайдубалсыз эч бир имарат турбагандай эле, пайдубалсыз маданият да байыбайт, өспөйт.
* * *
Артыкбаш мактоо – жеңилбес алпты ажалга түртүүчү. Чыныгы акылман, чыныгы талант ээлери мактоого муктаж эмес. Акылмандар да, таланттуулар да баарыдан мурда туура, калыс, терең айтылган кеп-кеңештерди каалашат.
* * *
Акын-жазуучуну туура таптоочу киши – калыс, баамчыл, көрөгөч сынчы!
* * *
Албетте, мактоо кишини жумшак сылайт... Бирок ошол жумшак мактоого ынабаган талант чынында эле жалпы элдик мактоого алынат.
* * *
Билимдүүлүк, чеберчилик, байкагычтык, маданияттуулук жазуучудан бир эсе талап кылынса, сынчыдан ал эки эсе талап кылынат. Анткени, сынчы, же тигил, же бул чыгарманы туура талдап, анын авторуна нуска бере турган адам.
* * *
Тил – улуттук маданият. Улуттук байлык. Улуттук мурас!
* * *
Адамга акылынан табылган зор жана эң маанилүү табылгалардын бири – Кудай.
* * *
Тоо ураса, түз болгондой, дарыя кургаса сай болгондой: акылман, таланттуу адам катардан өтсө, анын орду толбосу да чын. Таланттуунун өтөгөн ишин өтөө ар бир кишинин колунан оңой менен келбес.
* * *
Мухтар Ауэзов: “Жаратылыш адамга өмүрдү өтө бир кызганычтык менен бериптир. Өмүр өтө кыска”.
* * *
Киши өнөрү, эмгеги, урпакка калтырган белеги менен сакталат!
* * *
Кара өзгөйлүк менен наадандык, кекчилдик менен ич тардык өнөктөшкөн кездеги өкүмпастык – акты кара этип эле чектелбестен биротоло адилдикти танган зулумдун зулуму болгон деңгелге жеткендигине наалат айтасың. Андан сактанасың.
* * *
Ак ниеттүүлүк, камкордук – адамды эмгекке такшалтат, бүйрөлүккө үйрөтөт!
* * *
Жакшы жолдош чаң жугузбай мактай берген эмес, жуккан чаңды көрсөтүп койгон.
* * *
Акыйкат бар жерде төшөлө калган кошоматчылык деле береке таппайт...
* * *
Поэзия жана көркөм өнөр эч убакта “өлүү байлыкка” айланбайт. Ал: бүгүн да, эртең да, ар дайым коомдук маанилүү милдеттерди аткарып турат!
* * *
Изденүү адам баласынын өмүрүндөгү эң ыйык милдет.
* * *
Изденүү токтолсо, канчалык келечектүү иш болбосун, ал жүдөйт, кылмая тартат, тез карыйт, өлөт.
* * *
Жалпы эле ички дүйнөсү бай адам, оорчулукка эч кандай багынбайт, аны мойнуна да албайт. Ага күлүп карайт.
* * *
Шык – чачылып жаткан кум эмес тура. Сага табият бир чымчым шык арнаса, сен аны жан-дилиң менен асыра!
* * *
Оор шарт чыныгы талантты мокотпойт. Тескерисинче, ал аны курчутат!
* * *
Чыгармачыл адам өз дүнүйөсүн ар дайым таза тутуп жүрсө, илхам андан кетпейт.
* * *
Чыгармачыл адам өзүн жана өз ишин жакшы билбесе, өзүнүн бүтүргөн ишинин баасын баалай билбесе, анда ага кыйын. Анда ал көз карама, жалтак болот.
* * *
Күлкүнүн күчү – бул айыкпас кеселге эм, оор кайгыны жоёт, күч, ишеним, эмгекке шыктандырат.
* * *
Эне үйдүн куту, чырагы, үйдүн касиети. Балдардын энеси, жубайынын жакын досу, жолдошу. Ал гана эмес мен Эне мекен деген сөздү белгилеп айтар элем. Ал асыл, касиеттүү сөз.
* * *
Эл сөзү: “Алкы бузуктун, антына ишенбе!”
* * *
Жумшак орун канчалык термелтсе, канчалык чайкаса, кишиң ошого көнөт экен да, акыл-эс да ошого ыйгарылып, кээде ал да уктайт экен.
* * *
Неси болсо да ушу кызыгы көп дүнүйөдө жазуучу болуш укмуштай арзан да. Иттей кымбат да!
* * *
Жазуучумун деген киши каны-жаны менен жаратылышка сырдашпаса, анда ал анчейин сөз кураштырган бир бечара да. Өз кесибинде бечара болуу – чоң кемтик. Шордуулук.
* * *
Киши өзүнө ишенүү менен ал өзүн өзү алдабаска тийиш. Өзүн өзү алдоо – эки жүздүүлүккө чабат.
* * *
Адам өзүндөгү кем-кемтигин жоё албай келаткандыгынын өзү – адамдагы кемтиктин эң чоңу.
* * *
Кичинемде “тарбия” деген сөздү эң аз уксам керек эле. Анын ордуна “көргөнү жаман” деп айтылган сөз адептүү болушума чоң таасирин тийгизди.
* * *
Баланы тарбиялайбыз деп эле ага курулай акыл-насаат айта бериш менен баланын али уяң акыл-эсине, назик сезимин “зомбулук” этип, тарбиядан аны тажатып коюш оңой. Деле тарбиялык мааниси туура нерсени көп айта берүү баланы кыжырлантаарын мен өзүмдөн улам билемин.
* * *
Киши өзүн өзү тарбиялоо жаш кезден да улгайган сайын керек экен. Киши жаман карышка эч акысы жок.
* * *
Киши пейилиндей татаал дүнүйө жок. Ал, туура жолдо – жарык. Кыйчалышта – караңгы. Киши өз пейилин ар дайым жарык этип тарбиялоо башкы милдети.
* * *
Жалганга алданган кезде киши өзүн-өзү тарбиялай албайт.
* * *
Жазуучу көтөргөн жүк тек чоң таңылчак бүргөндү куурай эмес. Ал жүк: киши дүйнөсү, калк дүйнөсү. Бул жооптуу жана асыл жүктү көтөргөн киши ошо кишинин, калктын касиетин бардык жагынан туура баамдап, кеңири билгенинде жүгү жеңил. Жолу шыдыр!
* * *
Ач көздүк кишинин асылын ыпластап, аны адам катарынан чыгарып салар жаман кесел экен.
* * *
Адамдык жакшы касиеттерден ажыроо – эң чоң жоготуш.
* * *
Жутунган ач көздүк, башкаларга атаандашуу баарыдан мурда ачуу чаңырыкты, уу тилди, көгөргөн долулукту төрөйт экен. Үйдөгү ырыс, берекени качырат.
* * *
Кишинин уясы – үйү. Ошо үйдө бала ыйлабаса, ата-эне сыздабаса, жылуулук кетпесе, ал үй – бакыт-таалайдын түнөгү. Ар бир үйдө ошондой жылуулук болсо экен.
* * *
Киши бир нерсеге дили менен ишенсе, ал аны тынчытпайт.
* * *
Сынчылык сын тагуу эмес. Ийрини түзөтүүгө, тайызды тереңдетүүгө ак дили менен кызмат өтөгөн кең пейилдүү эмгеккор төп адам. Сынчы көрөгөч, кечиримдүү болбосо, ал сынчылык касиетин качырып алат.
* * *
Жазуучу – сынчы. Ал өзүнүн кем-кемтигин, ийгилигин көрө билишке милдеттүү.
* * *
Кашкайган калптардын, калыстыкты билбес кара өзгөйлүктүн кара эпкини адам дилине уюткан чаңдарынан пейилди тазарткыча канча ай, канча жылдар өтөр экен?..
* * *
Озбурлар эпчил, ийилчек, бүгүлчөк. Таланттуулар келегей. Алардын ар биринде өзүнө таандык мүнөздөрү бар. Алар ийилбейт. Кишиге тике карашат. Ачык айтышат. Ырас, арабыздагы “тентектер” да ушулар. Урпактарга белек энчилечүүлөр да ушулар.
* * *
Курулай мактоого эдирейүү – тайыздык. Курулай жамандоого шөлпөйүш – мажирөөлүк.
* * *
Биз кандай жол менен баспайлык, элибиздин тарыхын таанып, өмүрүн бурмаласак – адашкандык.
Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН