АҢГЕМЕ
Мени күтүүсүздөн сууга салып жиберди. Ичиркендим. Алгач үшүгөндөн тулку боюм титиреп, ичке кан тамырларым дирилдеп атты. Бирок бир аздан кийин эле сууга байыр алып, ал тургай бүткөн боюм сергий түштү. Сууга адеп чөмүлгөндө ичиркенип, денең жыйрылат ко, бир болсо ошенттим. Анан колу-бутумду жайып, ыстаканга сыртымды таяп, жайланышып алдым. Ал аңгыча кыз ыстаканды шарт алып, каяккадыр жөнөп калды. Жулкунуп баскан неме экен. Анысын жана, жолдо келатып байкагам.
Ыстакан экөөбүздү чай ичкен үстөл үстүнө койду. Айланама көз жүгүртө баштадым. Үстөл үстү бытырайт. Бош шишелер, салфетка, кружка, бычак, ваза, күзгү, туз салгыч, атыр, дары-дармек, айтор, эмне гана жок. Мен дагы ушул буюмдардын катарын толуктап, бир жерден орун алдым. Деги эле буюму көп үй экен. Дубалдын ар кай жерине асылган картиналар, жасалма гүлдөр, жасалма чымчыктар, сааттар. Ооба, сааттар. Бир бөлмөдө үч саат. Аша чапкандык. Андан башка майда-чүйдө буюмдарды эсептеп болбойт. Сувенирлер, ичимдиктин кооз шишелери, ар түрлүү шамдар. Бөлмө адам жашаган үйгө эмес эле, белек-бечкек саткан дүкөнгө окшоп турат.
Азырак убакыт мурун сыртка чыгып кеткен кыз бөлмөгө баш бакты. Үстөлдүн жанына келип, катарымда турган желим шишеге колун узатты да, капкагын ачып суу иче баштады. Көзүнө урунуп кеттим окшойт. Ылдый болуп мага эңилип: «Адатта бир буюм алаарда, бир жандык багарда, бир өсүмдүк өстүрөрдө Мекениме кетсем, өзүм менен кошо алып кете албайм деп ойлоно берем. Бул жолу кетип калсам, бул эмне болот деп сен жөнүндө ойлонгон жокмун. Жолдо калып, өлүм алдында жаткан гүлгө жашоо берип атам, эмнеси болсо да аны жашатышым керек деп ойлондум» деди. Жалбырактарымдын бирин болор-болбос ийилтип, кызга ыраазычылык билдирдим. Ал мунумду байкаган жок. Басып кетти.
– Ойлонуп, буюм албай жашагандагы абалың ушулбу? – дедим.
– Бул буюмдар меники эмес. Анан калса булар буюм да эмес, таштанды. Менин оюма койсо кана, баарын чогултуп ыргытар элем. Бирок анын жаны ушул буюмдар менен бир бүтүп калган. Акыр-чикирсиз жашай албайт. Бул буюмдар да, бул үй да, жада калса бут алдымдагы топурак да меники эмес. Аныкы. Меники алыста, өз Мекенимде.
Кыз диванга барып отуруп, телевизорду күйгүздү да, үнүмдү уккусу келбегенсип, телевизордун үнүн көбөйттү. Мен кайрадан буюмдарга үңүлдүм. Баарынын үстүндө беш эли чаң. Мынча буюмдун чаңын кантип сүртүп, кантип карамак эле? Анын үстүнө сүйүлбөгөн буюм каралбайт эмеспи. Мен да сүйүлбөй, каралбай калбасам экен.
* * *
Мындан мурунку үйдө сүйүлдүм беле? Жок. Ал жерде деле сүйүлбөптүрмүн. Мени эч бир жан сүйгөн эмес турбайбы. Ошентсе деле адамдарга ыраазымын, сүйүшпөсө да, өлтүрүшкөн жок. Убагында суу берип, ысык аптапта көлөкөгө, ызгаарда жылуу жерге коюп, жакшы бакты. Мен аларга керек элем, балким ошон үчүн багышты. Тагыраагы, товар болчумун. Же «болчубуз», «биз» деп сүйлөсөм бекен? Себеби, апам экөөбүз жашачубуз. Биз жашаган үйдүн короосунда гүл, бак-дарак, өсүмдүк түрү көп эле. Ошол көпчүлүк менен бир жашадык. Көпчүлүк арасында апам, апамдын кучагында мен. Кожойкебиз жумасына бир жолу базарга барат. Андай күнү түндөп өзү менен алып кетер гүлдөрдү, көчөттөрдү даярдап өзүнчө бөлүп, таңга жуук машинеге жүктөп кетет. Кээде ал алып кеткен өсүмдүктөрдүн бир далайы кайрылып келет. Бул жолу мени да апамдын кучагынан бөлүп, белимден ылдый гезитке ороп, базарга кетчүлөрдүн катарына кошту.
* * *
Аял менден башка дагы эки гүл тандады. Тандалып алынган гүлдөрдү кожойке бир баштыкка салып, аялдын колуна карматты. Базар аралап кетип баратабыз.
Аял бир жерге токтоп:
– Помидор канчадан? – деди сатуучу менен соодалашып... – Мага бир кило помидор, бир кило бадыраң бересизби?
– Баштык керекпи?
– Жок, баштыгым бар.
Аял биз отурган баштыктын оозун ачып, бизди аярлай кармап сыртка алып чыкты. «Гүлдөр жанчылып калбасын деп атпаймынбы» – баштыкка алгач бадыраңды анан помидорду салып, эң үстүнө бизди койду. Помидордун үстүндө кетип баратып эле, бир кезде «топ» деп жерге түшүп калдым. Баштык жерге жакын болгону үчүн эч жерим деле ооруган жок. Аял кылчайып артын карабады. Мени жерге түшүрүп алганын байкабай узап кетти. Узап отуруп бир убакта таптакыр көрүнбөй калды. Жолдон ары-бери каттаган эл өтүп атат. Мага эч ким көңүл бөлгөн жок. Бир кезде жанымдан, так кулагымдын түбүнөн бир нерсе «шуу» деп өтүп кетти. Мотоцикл. Белимден ылдый ороп койгон гезиттин бир учу ачылып, шамалга шуудурап баштады. Канча жаттым билбейм. Көзүмдү ачсам, гезит орду түбү менен жок. Шамал учуруп кетсе керек. Ал аңгыча жанымдан бирөө бир-эки кадам өтүп барып токтоду да, артына бурулуп, мени жерден шарт илип алды. Ары-бери айлантып карап: «Бул эмне, гүлбү?» – өзүнө өзү суроо берди. Кыздын колу дары жыттанды. Доктурбу? Оорукчанбы? Ким болсо да «мени кайра ыргытып жибербесе экен» деп тилендим.
* * *
Кечинде эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Үйгө кирген жигит колундагы баштыгын жаныма койду. Мени байкаган жок. Баштыкта жаңы бышкан нан бар экен. Буркурап жыты аңкыганычы. Нан алып келгенине караганда кыздын күйөөсү окшойт.
– Тамак жейсиңби?!
– Жейм да! Мени бирөө тойгузуп жиберди дейсиңби?!
Негедир экөө тең ороңдоп сүйлөштү. Кыз үстөл үстүндөгү буюмдарды колу менен түртүп, бир бурчту бошотту. Бир табакка тамак салып, жигиттин алдына койду да, өзү үстөлдөн четтеп туруп калды.
– Сен жебейсиңби?!
– Жебейм!
– Жебесең деле жанымда отурсаң болбойбу? Ансыз деле күн бою эки бөлөкпүз. Күн өткөн сайын арабыз алыстап барат.
Кыз үндөгөн жок. Унчукпай келип, отургучтун бирин артка жылдырып, күйөөсүнүн маңдайына отурду.
– Биз неге минтип калдык деп бир жолу ойлонуп койсоң боло?
Күйөөсү тамак жеп, сүйлөнө берди. «Бир үйдө жашап, бир төшөктө жатып эле ажырашып баратабыз» – деди да, салфеткага кол узатты. Капыстан ыстаканды көрө калып, «Бул эмне?» деп сурады... сөөмөйү менен мени көрсөтүп.
– Билбейм. Гүл окшойт.
– Кайдан алдың?
– Жолдон таап алдым. Өстүрүп көрөйүн деп сууга салып койдум.
– Өстүрүп көрөйүн деп ээ? Таң калыштуу, кубанычтуу дагы... Баш кошконубузга эки жыл болду. Бир да жолу ушул жер менин үйүм, колумду тийгизейин, бирин эки кылайын, жогун алайын, барын барктайын деп дитиңди бербедиң. Билесиңби, биринчи жолу биздин үй үчүн, биздин жашоо үчүн кылган аракетиң ушул гүл болду.
– Боюмда бар.
– Эмне?!
Жигиттин үнү каргылданып, өзү сүйүнүп, жанатан бери ороңдоп аткан неме дароо өзгөрүп кеткенсиди. Ордунан тура калып кызды кучактап: «Кечирип койчу» – шыбырады. Экөө ошол калыбында үн-сөзсүз көпкө турду. Бир кезде жигит башын көтөрүп, мени карады да, бактылуу жылмайды.
* * *
Азыр балкондомун. Кенен, күнөстүү жерде жашап, тез эле өсүп кеттим. Адамдар сүйгөн нерсесин аздектеп турат экен. Жылдыз топурактын эң мыктысын таап келип, мени күрөң түстүү карапа идишке отургузду. Гезитке оролуп базарда турганда өлүп калар бекем деп коркосуң, ыстакандагы сууда турсаң жашап кетемби деп ойлоно бересиң. А тамырың топуракта тургандабы, өзүңдү ишенимдүү сезет экенсиң... Жылдыз көз жарган маалга гүл ачсам экен.