Эркин Усманов: Уулдун белеги

  • 27.12.2022
  • 2043

АҢГЕМЕ

«Абдураим пыянкечтин уулу Алижан армиядан посылке жөнөтүптүр». Кайым почто апкелген мындай кабар заматта Яккакоя кыштагына чагылгандай тарады. Элдин баары дүрбөп: «Абдураим пыянкечтин уулу Алижан армиядан посылке салган турбайбы» деп атышты.

Төлөгөн корто: «О Алла, бул кантип эле келесоо Алижан болсун, ыя?».

Мастан кемпир: «Э-э, андай болушу мүмкүн эмес! Ошого акылы жетиптирби?».

Кутбиддин аке: «Бечара Абдураим акеге уулу көрбөгөндү көрсөттү го? Мына эми тагдыр ага боору ооруган окшойт, уулуна армияга барганда акыл кирген экен».

Абдураим пыянкеч: «Таң калыштуу, армияга жөнөткөнүмө бир ай боло элек, посылке салыптыр дейби...»

*     *     *

Яккакоя[1] кенедей кыштак болгондуктан, аны жадагалса облустун картасына чекит менен да белгилеп коюшпаптыр. Ошондонбу, айтор, кечинде аялың менен сүйлөшкөн кепти эртеси эле Пазыл дүлөйдүн чайканасынан угасың. Укканда да көбүртүп-жабыртып айтышат. Бул жердеги эл мына ушундай. Яккакоядагылар эч качан калп айтпайт. Таарынасыңбы, жокпу, чындыкты тарс дедире бетке чапкандай айтып сала беришет. Анысы аз келгенсип бирине бири шумдуктай бир ылакап аттарды коюшат дейсиң, андайдан адам өмүрү өткүчө арылбас. Анан да жөн эле ар кимди артынан шыбаганды жактырышпайт... сүйлөгөндөрү үй-бүлө, балдар, салт-санаа, эмне жакшы да, эмне жаман, жалаң мына ушулар туурасында.

«Төлөгөн кортонун уулу кыйын чыкты. Ташкентте айыл чарба техникасын оңдой турган окууну окуп жатат. Кайтып келсе, куп пайдасы тиет. Кудай өмүрүн берсин!»...

«Мастан кемпир кенже келинин баарынан жакшы көрөт. Анткени ал таң атпай кемпир менен кошо турат, короо шыпырат, таңкы нанүштө даярдайт, малды чыгарат, анан да жакында эле Сегизинчи март майрамына кайненесине жылтыраган маасы белек кылыптыр...». Айтор, ошол күнү Яккакоянын тургундары армия деген кантсе да жакшы нерсе турбайбы деген бүтүмгө келишти. Жигиттер ал жакта кызмат өтөп, көптү көрүп, көп нерсеге көзү ачылат тура. Мына, Абдураим пыянкечтин уулу Алижанга да акыл кирген экен дешти. 

*     *     *

Мен Абдураим акеге эмне үчүн “пыянкеч” же “араккеч” деген ылакап беришкенин айтканды унутуп калган турбаймынбы. Негизи анын мас болуп жүргөнүн эч ким көргөн эмес, болгону фронттон келген соң достору менен чайканада палоо жеп отуруп, бир чыны виного өлө мас болуп калган имиш. Тили булдуруктап, темтеңдеп басалбай калыптыр да, анан арыкка кулап түшүп, бети-башы чамбыл ала ылай болуптур. Эки-үч жигит аны замбилге салып үйүнө жеткиришиптир. Каргыш тийген «пыянкеч» деген ылакап ат ага ошол күнү жармашкан экен. Ал спирт ичимдигин ошондон бери ныпым оозуна албаса да, бирок «пыянкеч» деген ылакап ошо бойдон ага биротоло чапташып калыптыр. 

Эми Абдураим аке жашы улгайып калган киши, эки кыз менен эки уулду эрезеге жеткирди. Кыздары эчак турмушка чыгып кетишкен, кошуна айылдарда турушат. Кез-кезде бала-бакыралары менен машинелерине толуп алышып, атасына келип турушат. Неберелерин Абдураим аке өзү атап койгондой, ал «коңузчалар» чыкпаган кыштакта бир да бак калган эмес.

Ал эми анын эки уулу Рамазан менен Алижан атасы менен кошо жашап турушат. Рамазан кыштакта дүкөнчү, шаардыктарча кийингенди жакшы көрөт, бир карасаң оозун ачпаган түнт, бир карасаң бабырап кеби түгөнбөгөн жыйырма бештеги жигит Рамазан.  

Алижаны болсо... Э, эмнесин айтасың, анын жайын сурабай эле койгон оңдур! Коюу сары кирпиктүү, сыртынан карасаң шыргыйдай узун болбураган копол неме. Кыштакта аны баары жакшы билишет. Cебеби, ал баспаган чыйыр, ал алектенбеген иш калган эмес. Жетинчини бүтүп бүтпөй, чабан болуп жүргөн таякесине жардамчы болом деп тоого кетип калган эле, бир жумадан кийин агасы Рамазан кайра сүйрөп келип мектепке тыгып салган болчу.

Сегизди эптеп бүткөн соң Алижан зоотехниктин окуусун окуйм деп Ташкентке кетти эле, арадан бир ай өтпөй тамтыгы кеткен эски чамаданын көтөрүп кайра кыштакка келип калыптыр. Сурагандарга: «Ал жакта бүт баары тааныш менен экен... Колдогон былатың болушу керек экен!» деп жүрдү. Айтымында, ага техникумда көздөрү тостойгон топтой томолок бир аял: «Ээ, жигитче, сен окууга өткөндөрдүн тизмесинде жоксуң!» - деген имиш, анан кайра баса бериптир.

Ошондо Алижаның түшкүр көздөрү тостойгон, топтой томолок аялдардан өчүмдү алам деген тейде милийса болууну чечиптир. Анан эле эмне болуп кеткенин ким билсин, ал оюнан кайтып, мугалим болом деп чыгат. Муну уккан кыштактагылар кары-жашы дебей күлүп жүрүштү.

Көрсө, кеп мындай болуптур. Так ошол мезгилде кыштактагы мектепке шаардан Сурайё аттуу практикант кыз келип калыптыр. Эми карап турсаң, кыз эмей эле куурчак дейт. Башка киши куругансып ошол кызга так Алижан кургур ашык болуп калбаспы. Эки ай артынан калбай шалпактап ээрчип жүрөт, Сурайё практикасын аяктап кайра кеткенде, Алижан да артынан кошо кеткендей болгон. Үч күн өткөн соң ал сууга түшкөн чычкандай болуп кайра кыштакка келип калыптыр. Досторуна: «Бул оңбогон кыз менин башымды таптакыр айлантып алган экен, ашык болгонумду калп эле билмексен болгон тура», - деп жүрдү.

Бир күнү Алижан чайканада укса да, укпаса да элдин баарына арманын төгүп отурат. Жолу болбой атканына кейип, кайгыга алдырган неме вийнодон бастырат. Ошол учурда агасы Рамазан кирип келип чайканадан сыртка сүйрөп чыгып, жакшылап төпөштөп коюптур. Ошондон эртеси эле кыштакка: «Абдураим-пыянкечтин кичүү уулу БАМга кетет имиш» деген кеп тарады. Бирок Алижан эч кайда кетпей эле эки-үч ай чайканачы Пазыл дүлөйгө, андан кийин фермадагы атасына жардам берип, трактыр менен жер айдап жүрдү... Аскерге чакыруу келбегенде ал дагы кандай иштер менен алектенмек, ким билет.

Ошентип теректей бою бар, бирок теңгедей акылы жок Алижан аскерге кетти. Эми карасаң, бир ай өтпөй атып атасына посылке салып ийгенин.

Ким эмне десе ошо деди, бирок посылкенин келгени чын болуп чыкты.   

*     *     *

Абдураим пыянкеч таң атпай майрамга кийчү кара кастүмүн кийип, медалдарын шаңгырата кошунасы Кутбиддин акенин «Москвичине» отурган бойдон почтону көздөй кетти. Бир нече убакыттан соң ал жактан фанерадан жасалган кутуну колтугуна кысып кайтты. Ал келгенче короосу элге шыкалып, Алижандын көзү начар көргөн чоң энесинен тартып, жайнаган жээндери – “коңузчаларга” чейин жарданып күтүп калышкан экен.

Акыры жашикти ачышты. Аны менен алпурушуп аткан Рамазанды баары тегеректеп алышкан. Рамазан жашиктин капкагын акырын четке алып койду, ичиндегилерди бир сыйра карап чыккандан кийин сөгүнүп жиберди:

– Түү! Келесоо десе!

– Алижан эмне жөнөтүптүр деги? – кемшеңдеп сурады жүзгө чыккан чоң энеси.

Рамазан колун жашикке сунуп ал жактан эски батиңкени жибинен сууруп чыкты да күлдү.

– Мына сизге сүйүктүү уулуңуздан келген белек!

Жанында тургандардан кимдир-бирөө бырс күлдү, анан ортого оор тынчтык чөктү. Аны жанатан бери элдин баарына улам жардана суроолуу караган жүз жаштагы кемпир бузду.

– Жаным балам десе, эмне жөнөтүптүр ыя? – деди ал тиши жок оозун кемшеңдете.

– Батиңке, Батиңке! – деп чурулдап жиберишти «коңузчалар».

– Атасына ыракмат! – кемпирдин каткан өрүктүн кагындай бырыш жүзүндө жылмаюу пайда болду. – Батиңке салыптыр дейсиңерби?

– Ой, бул Рамазан акемдин батиңкеси го! – кыйкырып жиберди Алижандын эжеси Ойимхон.

Рамазан жашиктен улам бир эски буюмдарды чубап сууруй берди, ал жактан өңү өчкөн шым, түлөгөн жүн тумак, эски узун чапан чыкты, анын баарын үйдү да ортодогу жапыз үстөлдүн бетине таштады.

– Вай уулжаным, вай менин алтыным, – деген Алижандын энеси мунун баарын көрдү да эсинен тана кулады.

Ал, анан калаймакан түшкөнүн көр! Короо дуулдап турду. Бирөө Алижандын энесин жөлөп бетине суу чачып, желпүүр менен желпип кирди. Ал бир маалда араң көзүн ачып сурады:

– Өзү тирүү бекен деги?

– Тирүү, тирүү апа, аны кудай алмак беле, шайтан да албайт! – корс этти Рамазан жашиктен дагы бирдемени сууруп чыгып атып.

– Ой, кат да бар окшойт...

– Кана, окучу тезирек, – деди үксүйгөн кашын ары-бери серпкен Абдураим пыянкеч. Рамазан адегенде катка көз жүгүрттү.

– Үн чыгара окуңчу! – деп жиберди чыдамы түгөнгөн аялы Санобар.

Рамазан жөтөлүп алды да окуй баштады:

“Салом алейким, ата, апа! Бул катты силерге уулуңар жоокер Алижан жигиттик парзын аткарып жаткан алыскы Белоруссиядан жазып жатат. Катымдын алгачкы саптарында ден соолугуңуздар жакшыбы деп сурагым келет, анткени ал адамга аба менен суудай керек эмеспи. Иштериңиздер кандай болуп жатат, чарчаган жоксуздарбы? Рамазан агам, Санобар жеңем, Хадича эжем, кошуналар Кутбиддин аке, Мирхамид акелер баары аман-эсен жатышабы?

Ушул жерге келгенде Хадича эжеси чыдай албай кетти:

– Кудайга шүгүр, аман-эсенбиз, үкөжаным, жездең да, жээнжериң да баары аман-соо...

– Сабыр кыла туруңузчу, эже! – деди ачуусу келген Рамазан. Анан дагы жөтөлүп алды да катты андан ары окуду: «Менин кандай жашап атканымды билгиңиздер келсе, менде баары жайында. Армияга аман-эсен жетип алдым. Бул жер токой менен курчалган, абасы биздин кооздугу башкача тууган жерибиз Яккакояныкындай таза экен. Бирок ага жетпейт да баары бир. Мен сиздерди абдан сагындым...»

– Биз да сагындык сени! Биз да... – ыйламсырады Хадичахан.

– Уфф! – кабагын түйдү Рамазан.

Хадичахан ошол замат тынчып калды.

«Биздин командир, - окуганын улантты Рамазан. – Мага сен жакшы жигит экенсиң, шоопурдун окуусун окуйсуң, анан мени машине менен тартасың деди. Форма бергенде командир бизге: «Кийимиңерди үйгө салып жиберсеңер болот», - деди. Башка балдар баарын ыргытып же өрткө жагып салышты. Мен болсо аларды сиздерге салып атам. Ата, бул батиңкени сиз кийгенсиз, Рамазан акем болсо чапаныңызды кийип жүргөн. Тумакты болсо мага эжем алып келген, жездемдики болсо керек. Бул буюмдарды ылгап жатып мен кыштагыбызды, бозсуу дайрабызды, чокусу ак кар баскан тоолорубузду, талааларыбызды эстедим. Ошондуктан эски батиңкелер, жадагалса алардын боосу да көзүмө ушунчалык ысык көрүндү, аларды ыргытканга көзүм кыйган жок. Ата, сиз Белоруссиядагы токойлордо кантип согушканыбызды бизге айтып берген элеңиз, эми ошол сиз айткан токойлорго өзүм жеттим. Сиздерге токойдун эки жалбырагын салып жибердим, башка салар эч нерсем жок. Анда көрүшкөнчө аман туруңуздар, сиздерди сагынып жоокер уулуңуз Абдураим.

Рамазан жашикти аңтарып, аяктан саргарып кеткен эки чоң былбыраган жалбыракты сууруп чыкты да акырын үстөлгө койду. Баары посылкеге, андан чыккан эски-кускуга, алыскы токойдон келген кунарсыз жалбырактарга, Рамазандын колундагы катка унчукпай тигиле карап, ар кимиси өзүнчө ой жорушту.      

Рамазан элдин баарын кыдырата карап чыкты да күлдү:

– Жанатан бери эле посылке деп чуру-чуу түшүп аттыңар эле! Мына посылке, көрө бергиле эми! – деп колдорун чаңдан күбүй бурк этти да чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып тутантты. 

Абдураим акырын үстөлгө басып келди да жалбырактын бирин алып жыттады, ары-бери айланта карап ойлуу минтти:

– Ооба... тааныш жыт. Бул Белоруссиядан экен... Анан кайрадан Рамазанга бурулду: – Сен уулум, мындай дебе! Бул посылке эмес бекен? Өзүң кийип жүргөн чапаның, менин батиңкем...Ал мунун баарын ыргытып ийсе ким эмне демек? Демек ага колу көтөрүлгөн эмес экен да. Демек сенин иниң тууган жерди сагыныптыр, баскан-турган жерлерин, кыштагын, туулган үйүн сагыныптыр. Мекенге болгон сүйүү деп мына ушуну айтат... Сен соода деп атып мындай нерселерди унутуп да калган окшойсуң.

– Алижандын мээси ушуга жеткенден кийин ал азамат экен! – деп кошунасын кубаттап койду Кутбиддин аке. Рамазан кызарып кетти. Балдар менен чоңдор сөрүгө чыгып жайлашып отурушту да, болгон окуяны көпкө дейре талкуулашты. Алар Алижанды, анын кылыктарын эстеп көпкө чейин бирде каткырып, бирде ыйлап, түн бир оокумга чейин кожурашып отурушту.

*     *     *

Эртеси кыштакка: «Абдураим пыянкечтин уулу Алижан белек салып ийиптир, көп шаар-кыштактарды аралап, бирок биздин Яккакоядан артык жерди көрбөптүр. Яккакоя дүйнөдө бирөө эле экен деп жазыптыр. Чыныгы жигит деген мына ушундай болушу керек» деген кептер тарады.

Өзбекчеден которгон Бахтияр ШАМАТОВ

[1] Кыргызча: Жеке дөбө.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз