Исирадин Аманбаев: Эшек

  • 16.03.2025
  • 5297

АҢГЕМЕ

Өскөндүн “адам” болуп келем деп кеткенине он үч жылдын жүзү болуптур. Ошондон бери айылга, болгондо дагы, жайлоого эми келди.

Бул жайлоонун аты – Бийик-Төр. Айылдан анча деле алыс эмес болгону менен, жолдору өтө тик. Көчүп баргычакты ооп-жыгылып атып эсиң ооп, көргүлүктү куп гана көрөсүң.

Эң башкысы –жетип алыш. Андан кийинкиси жомоктогудай.

Көк майсаң тулаңды аралап, кымыздык-ышкын терип жеп, тиш какшаткан мөлтүр булакты ичкенде, жаның жыргап жай ала түшөт. Жондорунан кекиликтер жорголоп, кыр-кырлардан уларлар үн алышат. Өйдөлөп өрлөгөн сайын, аскалардан кийиктер үркүп, асман тиреген чокулардын үстүнөн айланып учкан бүркүттөрү шаңшыйт...

Мал-келди карап, көп деле убара боло бербейсиң. Алыс кете алышпай, айланып эле оттоп жүрө беришет.

Өскөн келгенде түш ооп калган эле. Аны он эки жашаар жээни – Совхоз баштап келди. Аттын кара терге түшкөнүнө караганда, аны тындырбай минип келгени көрүнүп турат. Буту үзөңгүгө батпай калганбы, же чарчаганынан атайлап эле түшүрүп койгонбу, айтор, жерге тийип-тийбей салаңдайт. Кийингени да өзгөчө: кызыл куртка, көк джинса, чаар шапке, ак ботас. Мойнунда оролгон жашыл шарф.

  Аттан түшүп, көзүндөгү кара очкисин алып:

  -Саламатсыздарбы?-деп, сыпайы учурашты.

  Жарданып карап турушкандардын эч кимиси тааный алышкан жок. Алар эмес, өзүнүн чоң атасы менен чоң энеси дагы бүшүркөй карашып, анан барып кучактап калышты.

Чоң энеси кеседеги сууну башына айландырып, үч жолу түкүрткөндөн кийин гана боз үйгө киргизди. Бою куркуйуп узарып, жаш эле туруп , чачы дагы суюулуп кетиптир.

Көп өтпөй, учурашабыз деп, жайлоодогу болгон  жандын баары сүрүлүп келишти. Баткандары Ирек аксакалдын боз үйүнүн ичине, батпагандары сыртына отурушту. Бата тиленип, бакырган улактын үнү чыккандан кийин, алдыга дасторкон салынып, үстүнө алып келген базарлыктар чачылды. Кыдырата кымыз сунулуп, көп өтпөй эшиктен ысык куймактар кире баштады.

Баарынын караган көздөрү, тыңшаган кулактары эле– Өскөн.

Жаштары анын кийип келген кызыл-тазыл кийимдерине суктанып көз артышса, карылары мынча жыл кайда жоголуп жүргөнүн уккулары келишип,

сөздүн нугун ошол жака бурушат.

 -Кудая тооба! Убакыттын өткөнүн кара...

 -Оба, десең. Кечээги эле кыбырап чуркап жүргөн бала, мына минтип чоңоюп эр жетип...

- Өңү дагы атасынын эле өзү болуптур – ак куба тартып. Бейиши болгур, ал дагы шаарда окуп-чокуп жүрүп, эми жакшы болуп калганда кете бербедиби...

-Эч нерсе эмес. Кымызга тоюп алып, таң заардан жылкыларды эки-үч жолу айдап келгенде эле бети –башы шамалга туурулуп,   тез эле өңүнө чыга түшөт -деп бирөөсү айтканда,  элдин бары күлүп калышты...

Качан гана чоң атасы - Ирек аксакал:

-Өскөнтай!  Бул жерде олтургандар, сенин ушуга чейин кайда жүрүп, эмне иш кылгандарыңы билгилери  келип турушат. Эгерде, жол келип чарчадым-чаалыктым дебесең, айтып бере гой, айнанайыным –деп айткандан кийин гана, оңдонуп олтуруп, тамагын жасап алып, сөзүн баштады.

   Көрсө, ал айылдан кеткенден кийин мектепти жакшы окуп бүтүрүп, жогорку окуу жайды дагы “кызыл” менен аяктап, ошол жерде мугалим болуп иштеп калыптыр. Үч жылга жетип-жетпей илимдин кандидаты болуп, азыр докторлугунун үстүнөн иштеп жаткан убагы экен. Студент болуп жүргөн мезгилинде эле өзү менен окуган бир кызга үйлөнүптүр. Кайнатасынын аты-жөнүнө караганда, учурдагы абройлуу адамдардын бирөө окшойт. Жашаган жакшы квартирасы бардыгын, келинчегинин колунда кичинекей кызы болгондуктан, келе албай калганын дагы кобурап өттү.

Анын окубаган китеби, көрбөгөн киносу, укпаган музыкасы калбагандай. Көп өлкөлөрдө болуп, алардын жашоо шарттарын, баскан-тургандарын, кийген кийимдерин, минген машинелерин, ал тургай ичкен аштарына чейин айтып отурса, аргасыздан ичиң күйүп, үнсүз баш чайкайсың...

Угуп отургандардын эч кимисинен сөз чыкпай, кыйлага чейин жымжырт боло түштү.Тынчтыкты  кыйпычыктаган чоң энеси бузду:

– Эт бышкычакты алып-жеп отурсаңыздар...

Өскөн ордунан туруп, эшике чыкты.Чөнтөгүнөн ичке узун тамекини алып күйгүзөйүн деп жатып, өңү тааныш эшекти карап туруп калды...

* * *  

Эшек демекчи, Өскөн анда өз атасынан айрылып,  айылда жүргөнүнө үч жылдай болуп калган.

 Мектепке биринчи класска барса, өзү теңдүүлөрдүн баары эле эшек минип жүрүшөт. Алардын үйлөрү алыс экенин кайдан билсин, ыраактан  эле чоң энесин коркутуп-чаң салып келди:

-Чоң атам кайда жүрөт?

-Садагаболойун каралдым!.. Сага эмне болду? Бирөө жарымы тийиштиби?

-Жок.

-Анан эмне болду?

-Эшек керек.

- Ээ, ботом! Эшекти эмне кыласың?

-Минем...

...Мындайда издегениң да оңойлук менен табылбай калат эмеспи. Чоң атасы кыдырып жүрүп, акыры жаңы үйрөтүлгөн коделек сатып алды. Анан кантсин бечара: жалгызынан калган туяк болсо.

Эми, коделектин ошондогу сулуулугун айтпа. Өңү кара болгону менен кулактарынын ичи, көзүнүн айланасы, тумшугу, моюну, ошондой эле курсагынан баштап тушарына чейин апаппак.Тикчийген кулактары, бакырайган  көздөрү, жаңы өсүп келаткан жалы менен кичинекей куйругу – ансайын көркүнө-көрк кошуп турат.

Чоң атасы атайын жасаткан ээр-токумун токуп, үстүнө небересин мингизип, мектепке бир жумадай жетелеп алып барып келип жүрдү.

Кичинекей Өскөндүн ошондогу сүйүнүчүн айтпа. Коделегин ушунчалык жакшы көргөндүктөн, мойнунан кучактап алып, башы-көзүн сылагылап, кээде эч ким жокто акырын өөп да иет. Анысы дагы ажырабай кайда болсо ээрчип алмай болду.

Эки жылда кадимкидей чоң эшекке айланды. Буттары узун. Көкүрөгү менен соорусу кенен .

Бир жолу кыштын күнү мектептен чыкканда, балдар менен жарыштырып калды. Ошондогу анын чуркаганын айтпа. Пай-пай-паай! Жөн эле ат чабым алыска кетти го , чиркин!

-Ой-бой!.. Мындай күлүк эшекти кайдан тапкансың?- дешип, көргөндөр чындап эле баштарын чайкашып, таң калышса, кэ бирлери:

-Сенин эшегиң–эшек эмес эле, ат “маскара”экен го! – дешип, тамаша-чынга аралаштырып, далысына таптап, аябай макташкан.

Айтмакчы, эшегине “Талисман” деген аттын коюулушу дагы кызык. Анда Өскөн алтынчы класска окуп калган мезгили эле. Кышкы каникулда балдар менен эки топко бөлүнүшүп, эшек улак чапмай болуп калышты. Оюндун эрежеси боюнча чүчү кулак тартышканда, Өскөндүн өзүнө №9, эшегине “Талисман” деген ат туш келген.

Анын ошондогу улак таштаганы дагы өзүнчө эле бир эстен кеткис окуя болду: жаңы эле такымга басып “кы!” дегенде, эки-үчөө келип ач “бөлтүрүктөрдөй”асылып калышты. Мындайда, алардын колдорунан суурулуп чыгып кетиштин өзү чоң эрдик эмеспи. Колундагы табылгы камчынын арткы учу менен эшегинин мойнундагы кытыгысын чукуп ийди эле, алдындагы Талисман чыдабай кетип эки-үч жолу мөңкүп жиберди. Заматта жан-жагындагы жабышкандар жапырыла түшүп, топтон суурулуп чыкты. Ошол бойдон кызып чуркап алган “тулпарын” зорго кайрып келип, улакты тай казанга таштап өткөндө:

-Өскөн! Өскөн! Жаша, Өскөн! - дешип, карап отургандардын арасынан кыйкыр-сүрөөнгө алгандары  андан көп;

-Талисман! Талисман! Айда, Талисман! – дешип, кыйрап күлүшкөндөрү мындан көп...

Андан көп өтпөй эле– жазга маал, окуу аяктаган мезгилде, апасы менен анын агасы(таякеси-тагасы) келишип: “Өскөндү шаарга алып кетип, окутпасак болбойт. Ал жактан окуп-чокуп, көп нерсени көрүп-билип, накта адам болуп кайра келет”– деп, абышка-кемпирди алдап-соолап көндүрүшкөн.

Кетип жатканда Өскөн чоң ата-чоң энеси менен коштошуп бир ыйласа, сүйүктүү эшеги – Талисмандын мойнун кучактап алып бир ыйлаган.

Кийин аны, Ирек аксакалдын жээн неберелери ары-бери чапкылашып, отун-сууга минип жүрүштү. Дагы эле күчтөн тайый элек. Эгерде, жакшылап карап минсе дагы он жылдай жашап бергидей кебетеси бар.

* * *

Өскөн башында “жайлоодо бир жума туруп, кымыз ичип кетем” –деп, кыйынсынып аткан эле. Бирок, үч күн өтпөй тажай баштады. Аны байкаган чоң атасы:

-Зерикпей, кыр ашып, тоо аралап, жер көргөнчө, улар улап, кекилик атып келгиле– деп, Чалкуйрук аты менен кара эшек –Талисманды токуп, жонуна кош ооз мылтыгын асынтып, Совхоз жээнин кошуп берди. -Келе жатканда отун ала келгенди унутпагыла...

Талисман чынында эле тың экен – үстүндөгү жол баштап минип бараткан Совхозду кимсиң дебей, өйдөлүшкө карабай кыдыңдап кетип баратат.

Бийиктеген сайын алдыларынан кекиликтер пырпырап учушуп, ал гана эмес, беш-алтоосу “кана, эмне кыла аласыңар?” – дешкенсип, бет маңдайдагы борчук ташка барып, карап отуруп алышты.

Чыдабай кеткен Совхоз:

 – Атпайсызбы ?! – деп, артын карады.

– Эмнеге атат экемин? Атпайм. Таятаң экөөң бул байкуштарды атып, жеп жаман үйрөнгөн экенсиңер. Мага окшогон кыйын мергендер, майда-чүйдө нерселерге огун коротпойт. Мен атсам, чоңдорун атам. Андан көрө айтчы мага, уларлар кайда? – деп, Өскөн адатынча мазактап, ыржайып күлүп койду.

Совхоз “Кекилик аталбаган, улардан айланабы?!” – деп, угуп жүргөн сөзүн айтып ие жаздап барып токтоду.

Анын “таарынычы” үч күн мурда башталган. Ошондо дагы тагасы: “Аттын аты –Чалкуйрук болсо, анан кантип чарчасын” деп, шылдыңдап күлүп, жайлоого жеткичекти бир тындырбай минип отуруп, зоруктуруп жибере жаздаган. Эми карбайсыңбы, атайын туруп беришкен кекиликтерди жөн атпаганын. Дагы, “Уларлар кайда?” – деп койгону күйгүзөт да...

Ошентип жүрүп олтурушуп, кырга чыгышты. Асман чайыттай ачык болуп, күн тийип турганы менен, тоо баштарындагы кардын илебинен келген муздак шамалдын эпкини бетке урат. Тээ алыста, жайы-кышы башынан ак кар, мөңгү кетпеген улуу тоолор шаңкаят. Андан берилеген сайын, учтуу зоокалар, катар-катар таштуу дөңсөөлөр, кабат-кабат колоттор, арчалуу борчуктар, тикендүү черлер...

– Уларлар бир болсо, черлүү колотто гана болушу мүмкүн. Бирок, ал жакка бара турган жол өтө жаман, – деди, Совхоз тагасын карап.

– Аны кайдан билесиң?

– Билем. Бир жолу таятам экөбүз барып отун алып келгенбиз. Ошондо, ал жерден уларлар тынбай сайрап жатканын уккамын.

– Ох-оо! Сен анда азамат турбайсыңбы! Кеттик эмесе! – деп, Өскөн колун алдыга карай жаңсап койду.

 Башында баргысы келбей жаткан Совхоз, бир жагы мактоо сөзгө мардайып кеттиби, экинчи жагы – ал жердеги куураган отундарды оңой чогултуп алаарын эстеп кеттиби, алдындагы эшегин  теминип, жол баштады.

Алгач тууралап бараткан түз жол бир топтон кийин чындап эле татаалдаша баштады. Кээ бир жери өйдө, кээ бир жери чыңк ылдый болсо, кээ бир жери жыландын изиндей ийри-буйру.

Совхоз эшегинен түшүп, жетелеп алды. Өскөнгө карап “сиз дагы...” – деп айткысы келди, бирок, анте алган жок. Себеби, анын келаткан кебетесинде, көнмөк турсун, тескерисинче, кайра аны шылдыңдап бир нерсе айтмакчыдай түрү бар.

Аздан соң коркунучтуу кыяга келип кептелишти. Алдын карасаң – типтик аска.Үстүн карасаң– салаңдаган зоо. Өтө турган жери болсо –жалтыраган жалпак таштын үстүндөгү бир аяк жол.

Совхоз калтаарып туруп калды. Артын караса, Өскөн тагасы “өтө” бер дегенчелик кылып, үндөбөй ээгин кагып койду...

Черлүү-Колоттун ичи, аты айтып тургандай эле, аскадан агып түшкөн сууну бойлой өскөн, жыш тикендүү бадалдарга, жапалак арчаларга толо экен.

Тага – жээн ат-эшектерин коё беришип, өздөрү муздак суудан кере жутуп, көк чөпкө оонап көпкө жатышты.

Бир убакта эсине келе калдыбы:

– Айткан уларыңын дайыны билинбейт да ? деди Өскөн жаткан боюнча башын кыйшайтып, Совхозду ормойо тиктеп.

– Жок го?.. Эмдигичекти сайраш керек эле?..

– Сен эмне?.. Мени, бул жерге атайын эле алдап алып келдиңби, ыя?.. – деп, кекээрлеп сүйлөп, Өскөн жаткан жеринен туруп отурду.

– Ой, жок. Алдабай эле...Баягында таятам менен келгенде, тынбай эле “ышкырып” атышкан болчу. Билбейм, азыр эмне болушканын?–деди, Совхоз чалкалап жаткан боюнча камырабай.

– Анда эмне кылабыз?.. Ушунча убара болуп келгенден кийин, бир нерсени атышыбыз керек да. Эгерде, улар жок болсо, анда алдап алып келген сени атышка тура келет...

Өскөн ордунан туруп жерде жаткан мылтыкты алып октой баштады.

Совхоз алгач, “тагасы калп эле тамашалап атат го”деп ойлоп, аны карап күлүп жаткан. Качан гана мылтыктын оңурайган кош оозу аны карай сунулганда, коркуп кетип, эки колун башына ала коюп, көмкөрөсүнөн жата калды.

“Айт!”дегичекти атылган мылтыктын үнүнөн, ары жакта жүргөн ат кошкуруп, эшек үрктү. Кулак тунуп, тоодон таштар кулады. Коктудан коркуп учкан улардын үнүн эч кимиси уга албай калышты...

Совхоз акырын башын көтөрсө, Өскөн колундагы мылтыгын кармап, аны ырсайып карап туруптур:

– Ии, коркуп кеттиңби? Коркпой эле кой. Сени кантип эле атып таштайын. Бирок, ар бир адам айткан сөзүнө, кылган ишине жооп бериши керек. Сенин бүгүнкү калп чыккан кара сөзүң үчүн, бир коркутуп-жазалап койдум. Эми, мындан кийин эсиңде болот, экинчи мындай кылбайсың! – деп, ары карап басып кетти.

Совхоз денесинин калтыраганын баса албай кыйлага чейин олтурду. Акыры, араң дегенде муздак суудан жутуп, бети-башын чайкап өзүнө келгенден кийин , акырын туруп, айланадагы куураган отундарды чогулта баштады...

* * *

Алар, күн кап ортодон кыйла өтүп калганда кайтышты.

Алдыда,Чалкуйруктун үстүндө, ары карап дүңкүйүп алып, Өскөн кетип баратат. Сүйлөгүсү келбей, дагы чыртыйып калыптыр.

Артында - эшегине отун жүктөп жетелеп алган Совхоз. Анын деле маанайы чөгүңкү. Мылтыктын үнү кулагында дагы эле жаңырып, эстеген сайын ыманы куулдайт.

Баягы, бийик кыядагы сыйда жалпак таштын үстүндөгү жолдон , аттын буттары жаза тайып барып токтоп, тырмышып атып өтүп кетти. Үстүндөгү Өскөндүн чаар шапкеси башынан учуп, ылдый көздөй чимирик атты...

Мурда келгенде, алдынан Совхоз өзү жетелеп, артынан Таятасы жөлөп-таяп атып, эшекти отуну менен кошуп акырын өткөрүп алышкан эле. Эми минтип, артын карабай кетип жаткан тагасына даап  сөз айталбай турганын кара...

Аргасыздан, балалык кылып, жетелеп ийген эшегинин буту тайып, жыгылып, сол капталы менен сүрүлгөн боюнча барып , жар башында турган ташка такалып туруп калды .

Бакырып ыйлап, тырбалаңдап канча аракет кылса деле, өзү жалгыз эч нерсе кыла алгыдай эмес. Эптеп, эбин таап, чыгарып алса болчудай. Бирок, кантип?..

– Эмне болуп кетти?! –деп, жанына келип калган тагасынын үнүн угуп Совхоз сүйүнүп кетти.

Ал эле эмес, суналып жаткан эшектин дагы жүрөгү сезип, кысылып бараткан демине дем кошулуп, сүзүлүп бараткан көздөрүнөн үмүттүн шоолалары көрүндү. Муздап бараткан денесинде жылуулук пайда болуп, бир кездеги бири-бирине кубаныч тартуулаган жакын досунан мээрим күтүп,  жалооруп карады.

  Өскөн ары жагына өтүп , бери жагына өтүп:

– Чатак болуптур! –деп башын чайкап койду.

– Эми эмне кылабыз? – деп, Совхоз жаш аккан көздөрү менен ага жалдырады.

– Эмне кылмак элек?! Мындан башка арга жок! – деп, үстүндөгү таңылган отунду  бир тепти.

Ансыз да жаны кыйналып жаткан эшектин өпкө-жүрөгү үзүлүп кеткендей эле болду.

– Теппе! Теппе дейм! Таятама айтам! – деп, Совхоз анын жаман оюн түшүнө калып, артына жармашты.

– Ээ, сенин!.. Таятаң экөөңөрдү!.. Тур ары, ач кенедей жармашпай! Көрбөй турасыңбы? Бул эми чыкпайт! – деп, Өскөн аны колу менен катуу түртүп ийди дагы, жаткан эшектин алдыңкы буттарынан кармап жылдырып, такалган таштан тартып алды. Башын өөдө каратып , тепкенде тез кете турган кылып түздөдү.

–Тийишпе!.. Эшекке тийишпе деп жатам!.. – деп, озондоп ыйлап алган Совхоздун айласы куруп, ары жакта турган аттын ээр кашында илинген мылтыкка карай чуркады. Ошол мезгилде, Өскөн эки колу менен ташты кармап туруп, эшекти катарынан эки-үч жолу болгон күчү менен тээп калды.

Эшилген шагыл менен кошо “агып” бараткан Эшек, бийик асканын кырына барып чабыла түшүп канжалаган башын токтото албай, үстүндөгү таңылган отуну менен кошо ылдый көздөй зымырап учуп бартты...

Артынан “Талисмаан!”– деген баланын кыйкырыгы менен “тарс!” – деп атылган мылтыктын үнү кыйлага чейин жаңырып турду...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз