Жыргалбек Касаболот: Айтайын десең ит үрөт, айтпайын десең ич күйөт

  • 29.01.2023
  • 2963

ГЭСТЕН ЧЫККАН КЕЙИШ

"ГЭСтерди кошуналар менен бирге курабыз" деген келишимдердин аягы кайра эле Кемпирабадды кармата берген тыянак менен бүтүшү мүмкүн. Аларга пайда, түбү бизге зыян. Кийин рычаг катары колдоно да албай калабыз, өз жерибиздеги объектилерге ээ боло да албай калабыз. "Мынча каражатыбыз кетпедиби" деп туруп кайра эле түбүндөгү ЖЕР маселесин козгошот. Же азыркыдай "негизинен ушулардын эле акчасы кетиптир, биротоло эле өткөрүп берели" дегендер чыгат.

Анан дагы эле өзүбүздүн чоңдор аларга адвокат болуп, "ушундай жакшы киши турганда сыйыбыз менен чечип албайлыбы" деп коңшулардын атынан бизди опузалап, кайра биздин мекенчил жарандарды камап отурган болот. Же эмне, андай болгон жокпу? Танайын десе так ушу тапта түрмөдө отурушат го. "Сизге берели десек каршы чыккандарды кыңк эттирбей басып бердик, эч кабатыр болбой келе бериңиз" деген кеп да? Башка кандай түшүнсө болот?

Коңшулардын бизге карата жүргүзгөн саясатын кыргызда "кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток" деп коёт. "Тең орток" деп жүрүп бүт документтер боюнча Кыргызстандын жери болгон Кемпирабадды берип тынды, бийлик. Эми салына элек ГЭСтерге тең орток кылган атат.

Ошондуктан менин баамымда ГЭСтер тең орток болуп салынганына караганда салынбай эле койгону жакшы. Анын ордуна чакан ГЭС салып, насыядан карызга баткан ишкерлер менен түзүлгөн келишимин өкмөт жөн гана аткарып койсо башкаларына чоң стимул болмок. Жок, өзүбүздүкүн сөзсүз алдайбыз дагы, башкаларга барып жалдырайбыз. Ошону менен катар эле күн, шамал кубаты менен иштей турган технологияларга жол ачсак келечеги алда канча кең болмок. Себеби чоң ГЭСтердин келечеги анча эмес.

Анткени Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө мөңгү азайып келатат. Мөңгү азайды деген кеп – суу азайды деген кеп. Суу азайды деген кеп – чоң ГЭСтерди салуунун зарылчылыгы азайды деген кеп. Калыбына келүүчү энергия булактарына өтпөй, жыл сайын "көмүрдүн тендеринен жей коёлу" дегендер турганда мөңгү ого бетер азаят. Коңшулар да муну эң жакшы билет. Демек, алардын көздөгөнү ГЭСтерден түшчү акча эмес, сууга ээлек кылуу. Кийин Кемпирабаддын мисалында анын түбүндөгү жерге ээлик кылуу.

Дегеле эл аралык мамиледе жылуу сөздүн артында кандай чындык турганын билиш керек. Кошунаң жаман болгону үчүн эмес, алар өз кызыкчылыгын ойлойт. Өзүң жемиңди жедирбеш үчүн.

Ансыз деле кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышынан өзбек тарап утуп, кыргыз тарап утулду. Кыргызстан болсо Өзбекстанга сезон маалында жок дегенде картөшкө сатканга да уруксат ала албай койгон. Бул ошончо кыргыздын маңдай тери күйүп, андан да көбүрөөк кыргыздын акчасы эч тоскоолдугу жок Өзбекстанга кетти деген кеп. Ушул эле бийлик өз дыйкандарыбызды ойлобой, "Коңшуларыбыз суусу жок отурсунбу?" деп жайында сууну Казакстанга агызып жиберген. Расмий түшүндүрмөсүн баарыңар уктуңар. Колунда турган Кемпирабадды, арыгында агып жаткан сууну коргой албаган бийлик чогуу салына турган ГЭСтерге келгенде эле кыйратып ийеби?

Ушунун баарын эске алганда шаңыраңдап сүйүнө турган деле жерде эмеспиз. Мен азырынча эч кандай утуш көрбөй эле турам.

Айтайын десең ит (фейк) үрөт, айтпайын десең ич күйөт деген заман болду. Андыктан бул айтылгандар аркы-беркини ойлоно алган, жүйөлүү сөздү түшүнгөн адамдарга тиешелүү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз