“Чакчайып тийген күндөн, какыраган чөл калат”. (Араб элинин макалы)
“Акчасы көп инвесторлорлодон, оюлган тоолор калат”. (Кыргыз экономикасы)
ӨСҮҮ
– Биз калктын санын өстүрүүбүз керек! – деди социалдык коргоо министри теледен.
Суукта от жакканга отуну жок, күйөөсү жакында миграцияга кеткен эмчекте баласы бар келин телевизорду өчүрүп койду.
ЖОМОК
– Оо, ал мезгилде кой жүнүнөн ден-соолукка пайдалуу эмнелер гана жасалчу, – синтафон курткасын үшүгөндөн кымтыланып алган чоң ата сүйлөдү. – Ээ бул жомок да. – Эми гана кырккан койлордун жүнүн отко салып жатып сүйлөдү
СҮНӨТТҮН КАНАТЫ
– Апасы, бол тез! Тоокканадан тооктун канатын таап кел.
– Эмнеге?
– Иниңди канат менен кесип, сүннөткө отургузат.
Ал таап келди, канат кандай гана назик...
– Иним ыйлабайт, – деди кыз.
Күйөөсү:
– Бол тез! Курч устараны алып кел.
– Эмнеге?! – Аялы көзү чакчая таң калып карады. Анын оюна канаттан бөлөк эч нерсе келбеген үчүн үлбүрөк-назик канатты гана даярдап койгон. – Устара курч да, – деди бүшүркөп. – Балам ыйлайт эми, – жүрөгү зырылдады.
ЧӨККӨН КЕМЕ
Атасы ылжып мас. Алынын жетишинче илмеңдеп сүйөгөн тестиер кызынын көзүнө жол четиндеги бөтөлкө көрүндү. Бөтөлкө сыртындагы деңизге чөгүп бараткан кеменин сүрөтү көңүлүн бурду. “Атам байкуш чоң эле болуп туруп кичинекей бөтөлкөгө чөккөнүн кара” деди жашын агызган кыз.
МОТИВАЦИЯ
Ал баарынан түңүлдү, баардык тапкан-ташыганынан айрылды. Кеч күздө жалбырагы түшкөн мулуйган дарактын түбүндө көпкө отурду капалуу. Анан ордунан сүйүнүчтүү турду да, даракты сылап койду.
Ал дарак жылыга жалбырагы күбүлүп, кайра жазында көрктөнүп чыгат.
КАЙТАР ДҮЙНӨ
Үчүнчү кызы туулганда төрөт үйүнүн алдында бакырды:
– Үйгө барчу болбо!
Үчүнчү кызынын тою болуп жаткан, ресторанга кире албай бүжүрөп турду.
ЖАРООКЕРЛИК
– Балам, дүкөндү ачасың, тиги эски көйнөгүңдү кийбей эле койчу, – боор ооруп сүйлөдү кайнене.
– Эч нерсе эмес, энеке! Айылда байпакка жетпеген келиндер бар. Мени көрүп өздөрүн кем сезишпесин алар, – ойлуу сүйлөдү келин.
КҮНӨӨ
Ай-күнүнө жетип калганда ичкич күйөөсү экөө жаңжалдашып, наристе куш болду. Бирок акушерка күнөөлүү болуп калды.
ЭНЕ
Кызы телефон албаса коркуп турат. “Күйөөсү менен урушпады бекен”...
ЗАМАН АГЫМЫ
– Апа, тоолор агып баратат ээ? – деди жети жашар кыз машинеде көңүлү айланып баратып.
– Жок кызым, биз агабыз, булар калат, – деди апасы бешенесинен сылап.